www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бакыт Молдалиев

NazarNews порталында башкы директор жана журналист...

Автордун жаңылыктары (298)

0 172

Бишкекте ооруган балдарга чогултулган миң доллардан ашык акча уурдалган

08-ноябрь 2019, 10:39 Бакыт Молдалиев

Кыргызстанда кайрымдуулук кутучаларынан акча урдаганга каршы “Үмүттү уурдаба” деген акция жүрүп жатат. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири жана Help the children кайрымдуулук фондунун директору Елена Конева билдирди.  Фонд Кызыл жарым ай коому менен биргеликте флешмоб киргизди.  Коневанын айтымында, акыркы айларда кайрымдуулук кутучалардан миң доллардан ашык акча уурдалган.  “Бул акчалар онкологиялык оору менен жабыркаган балдарга арналган. Биз милицияга арыз жаздык. Уурулардын ...

0 321

Сүрөт - Лос-Анжелесте кыргызстандыктар негиздеген кинофестивал старт алды

08-ноябрь 2019, 09:52 Бакыт Молдалиев

Лос-Анжелесте бешинчи Эл аралык Азия кинофестивалы старт алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты. Маалыматка караганда, кинофестивал кинорежиссер Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген. Калыстардын төрагасы болуп “Даңазалуу доор” сериалынын жылдызы Мерьем Узерли (Хюрем султан) шайланды. Фестивалдын ачылышында АКШда жашага кыргызстандыктар жана АКШдагы Кыргыз Республикасынын элчиси Болот Отунбаев катышты.  “Оскар” сыйлыгына койгон талапкерлер фестивалда ...

0 2130

Мурундар сүйлөйт! Мурдуңузга карап өзүңүздү билип алыңыз (тест)

02-ноябрь 2019, 17:02 Бакыт Молдалиев

Адамдын сырткы келбети менен ички дүйнөсү бири-бири менен тыгыз байланышта экендиги эчак далилденген. Азыр бул суроо менен физогномика илими алектенет. Ал эми сиздин мурдуңуздун формасы кандай? 1. Чоң мурун Чоңдугунан улам көзгө дароо илинет. Мурундун кырында бир да ийилген жери жок. Учу төмөн карай салаңдап турат. Нубийлердин муруну сыяктуу формага ээ болсо да, бул адамдар оптимист келишет. Жардамга муктаж адамдарга ар дайым ...

0 1151

Жээнбеков: “Коррупциянын символу катары Райымды мага жабыштырып жатышат”

02-ноябрь 2019, 16:40 Бакыт Молдалиев

Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери менен болгон  жолугушуусунда айтты. Анда президентке кайрадан эле “Райым миллион” тууралуу суроо берилип, ажо аталган суроого жооп кайтарды. - Райымды баары мага жабыштыргысы келишкен, тилекке каршы, андай максаттары ишке ашпай калды. Албетте, мен аны тааныйм. 2010-жылы мен Ош областына губернатор болуп дайындалганда Азимбек Бекназаров ал тууралуу маселени ...

0 4498

ВИДЕО - Шок! Кыргыз түрмөсүндө кылмышкерлер түрмө кызматкерин сабап жаткан видео тарады

Видео 02-ноябрь 2019, 15:37 Бакыт Молдалиев

Кыргызстандагы Ички иштер министрлиги менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматтын ортосундагы маалыматтык тирешүү күчөп жатат. Кимиси кандай “косяк” кетирген билбейбиз, бирок, ортодо абдан чоң “салгылашуу” жүрүүдө. Дал ушул тирешүүдөн улам бүгүн, 2-ноябрда “Түрмө кызматкерин кылмышкерлер сабап салышты” деген темада видео тарады. Чын-бышыгы тууралуу албетте, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы маалымат берип коер... Айрым маалыматтар боюнча видео Жаңы-Жердеги №19-түрмөдө тартылган. Бирок, албетте, ...

0 179

ФОТО - Президент журналисттер менен жолугушуп, пикир алышууда

02-ноябрь 2019, 14:40 Бакыт Молдалиев

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-ноябрда, Кыргыз Республикасынын массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери жана өлкөдө аккредитациядан өткөн чет элдик ММК корреспонденттери менен жолугушууда. Президент Сооронбай Жээнбеков жолугушуу башталышында ММК жетекчилерин алдыда боло турган Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады. Жолугушуу «суроо-жооп» форматында өтүп жатат. Булак: NazarNews.kg

0 388

Кыргыздын атка, ой, “эшекке минерлеринин” иш сапарына канча акча кетип жатат?..

02-ноябрь 2019, 14:14 Бакыт Молдалиев

Ким болбосун чөнтөгүн “текшерип”, акчасынын эсеп-кысабын алып жүргөн “Акчабар” сайты бул ирет мамлекеттин бюджетинин эсебинен кыргыз чиновниктери канча акчаларды командировка деген шылтоо менен сапырып жүргөнүн жарыялады.    Эми сандарга карайлы: Аталган агенттиктеги маалыматка ылайык, ушул жылдын 9 айында мамлекеттик кызматерлердин бир суткалык чыгымдарына 228 миллион, мейманкаларга 309 миллион, жол чыгымдарга 312 миллион сом, мындан ...

0 695

Абылгазиевдин Өзбекстанда кандай, кайсы документтерге кол койгону эмнеге айтылбай жатат?

02-ноябрь 2019, 14:07 Бакыт Молдалиев

Ташкент шаарына (Өзбекстан Республикасы) иш сапар менен барган Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышууда. Анда өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын күн тартибинде Шанхай кызматташтык уюмунун ишмердүүлүгүн мындан ары карай өркүндөтүүгө багытталган соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү бир катар маанилүү маселелер белгиленген. Тар жана кеңири курамда өтө турган жыйындын жыйынтыгы боюнча бир ...

0 368

Абдыгуловдуку “акпы?” Эмнеге Улуттук банктын төрагасы элдин эсебинен (бюджеттен) үй алып жашашы керек?..

02-ноябрь 2019, 13:56 Бакыт Молдалиев

Кыргызстандын Улуттук банкы анын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун аталган банктан жеке үй алган карызын кечип жибергенин тастыктады. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда “Азаттык”  маалымат таратты.   Андагы маалыматтарга караганда, Улуттук банк өздөрүнүн кызматкерлеринин социалдык тараптан колдоо катары үй алганга жана азык-түлүктөрүнө да жардам берип турат экен. Ал эми банк кызматкери иш учурунда 1, 2-топтогу майыптыкты алса, банк ...

1 2051

ВИДЕО - Ош милициясынын “шефи” шоопурлардан акча сындырууну талап кылууда

Видео 02-ноябрь 2019, 13:39 Бакыт Молдалиев

Соцтармактарда Ош шаарынын кайгуул (мурунку МАИ) милициясынын кызматкерлери жетекчисин менен иш алдында шоопурлардан “акча сындыруу” планы, эгер ал аткарылбаса инспекторлор өз жанынан алдын ала акча бер турганы тууралуу видео тарады. Шумдугуң кур! Бирок, муну баарыбыз эле билебиз. Кашкар деген гана министр кашайып билбей-укпай жатат, Абылгазиевди го айтпасак да белгилүү. Ал азырынча эшектин тушоосун да чече албай ...

0 900

“Голубой” экенин мойнуна алган дарыгер дайынсыз жоголду

02-ноябрь 2019, 13:40 Бакыт Молдалиев

Ушул жылдын 21-октябрында өзүнүн салттан тышкаркы сексуалдык аракеттерин мойнуна алган түркмөнстандык жигит дайынсыз жоголду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар маалымат таратышты. Андагы айтылгандарга карасак, ал баланын аты-жөнү Касымберди Гараев жана ал кардиология клиникалык илимий борбордо дарыгер болуп иштеп келген. Өткөн апта этеги, тагыраагы, 24-октябрда жергиликтүү полиция Касымбердини өзүнө чакырып, андан үч ата муунун тактап сураган. Бул - Түркмөнстандын «үч-арка» деген ...

0 1177

92 жаштагы эне аны карылар үйүнө өткөрмөкчү болгон уулун атып салды

02-ноябрь 2019, 13:42 Бакыт Молдалиев

Баягы эле Американын 48-штаты катары саналаган Аризона шаарында жашаган 92 жаштагы кемпир өз уулу аны карылар үйүнө өткөрөйүн деп жүргөнүн билип, аны өз колу менен атып салды. Анна Блессинг өзү жарык дүйнөгө алып келген баласынын кантип мындай кадамга барганы жатканын ойлоп, кайгыга батат. Натыйжада ал дүйшөмбү күнү эрте менен халатынын чөнтөгүнө эки тапанча салып барып уулу менен жолугат. Кары ...

0 279

Жок дегенде өз документин ырастай албаган кайран КЫРГЫЗ. Тигилер эл аралык сотко беребиз деп жатышат?..

02-ноябрь 2019, 13:45 Бакыт Молдалиев

Кыргызстанда электрондук паспорт даярдоо боюнча тендерде жеңип чыккан литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы маселе оң жагына чечилбесе, эл аралык арбитражга кайрыла турганын дагы бир жолу эскертти. Ишкана буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин атына чырды тынч жол менен чечүү ниетин билдирип кат жибергенин, бирок ушуга чейин эч кандай жооп болбой жатканын кабарлады. «Гарсу Пасаулистун» катында, аталган компания кыргыз ...

0 388

ВИДЕО - Улукбек Кочкоров: "Жарандарыбызга берген жардамыңыздарды Алла Таала эселеп кайтарган болсун”

Видео 01-ноябрь 2019, 19:56 Бакыт Молдалиев

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин аракети менен жана “Ассанабил” кайрымдуулук фондунун каржылыгы астында Сокулуктагы мүмкүнчүлүгү чектелген  жарандардын башын бириктирген коом мүчөлөрү үчүн жаңы имараттын курулушу башталды. Бул тууралуу министр Улукбек Кочкоров өзү соцтармактагы баракчасы аркылуу маалымат таратты. - Мындан туура бир жыл мурда, мен жаңыдан министрлик кызматка келгенде Сокулуктагы жаш майыптардын башын бириктирген коомдун жашоо-шарты менен таанышкан элем. Энчиленген тагдырына ...

0 281

Казакстандын вице-премьери 100 000 сомдон ашык айлык алаарын жарыялады. Бизде канча алышат?

01-ноябрь 2019, 18:21 Бакыт Молдалиев

Казакстандын билим берүү жана илим боюнча вице-премьер-министри Шолпан Каринова канча айлык аларын жарыялады. Жергиликтүү Tengrinews басылмасына берген маегинде ал “Биздин айлык системасында мамлекеттик кызматтын стажына карайт. Мен бүгүнкү күнү 600 000 теңге (1543$) айлык акы алам”, -деп эмгек акысын ачыктаган. Эми анысын кыргыз сомуна чаксак, сумма 106 миң 467 сомду түзөт экен. А биздечи? Чиновниктерибиз канча айлыкка иштешет? Ушул ...

0 775

9 жаштагы жээнин зордуктаган киши 16 жылга соттолду

01-ноябрь 2019, 16:56 Бакыт Молдалиев

Зордуктоо биринчи жолу 2019-жылдын 1-февралында болгон. Мас киши кызды алдап үйүнө алып барып, бычак такап, арам оюн ишке ашырган. Бир жарым айдан кийин ал жашы жете элек өспүрүмдү балта менен коркутуп, дагы зордуктап койгон. Бул тууралуу Өзбекстандын басылмалары жазышууда. Анда айтылгандай, Самарканддын тургуну тогуз жаштагы жээнин эки сапар зордуктаганын жазышты. Ал кызды бычак жана балта менен коркуткан. Айыпталуучуга кылмыш иши козголуп, Самарканд ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 240

ВИДЕО - Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатында коло медаль утту!

Видео 01-ноябрь 2019, 16:37 Бакыт Молдалиев

Кыргызстандык Айпери Медет кызы Венгрияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында үчүнчүлүктү багындырып, коло медалга татыды. Бул тууралуу чемпионаттын расмий сайты видеосу менен бирге жарыялады. Маалыматка ылайык, кыз-келиндер арасында өткөн күрөш боюнча чемпионатта Айпери алгач италиялык Энрика Риналдини, андан соң канадалык балбан кыз Грейслин Дуганды утуп, жарым финалдык беттеште япониялык Юка Кагамиге упайдан алдырып жиберген. ...

0 256

“Кыргызнефтегазга" эмнеге бийликтин тиши өтпөйт? Же эмне, анын милдетин Өкмөт алды беле?

01-ноябрь 2019, 16:03 Бакыт Молдалиев

Жалал-Абаддагы “Контент-медиа” коомдук фондусунун суроо-талабы боюнча быйылкы май айынан бери “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому бербей келаткан маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү октябрь айында берди. Быйыл, 27-май күнү Жалал-Абад шаарындагы “Контент-медиа” коомдук фондунун жетекчиси Жалил Сапаров “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун жетекчиси Рашит Бостоновго кат жүзүндө суроо-талап менен кайрылып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында ушул компания тарабынан 2016-2018-жылдары өндүрүлгөн ...

0 485

Ооруканага түшкөн аял: “Күйөөм төшөктө кыйнаганды жакшы көрөт”

01-ноябрь 2019, 15:46 Бакыт Молдалиев

“Күйөөм зордуктай берет, ошон үчүн алдыртып таштайын деп жатам...” деген сөздү укканда эрксизден бурулуп карадам. Мени менен чогуу бир палатада жаткан үч келин дагы бурулуптур. Жүдөө кийинген келин өз окуясын айтып отурду. Мен: “Неге алдырасың? Кудайдан коркпойсуңбу?” дедим чыдабай. Келин: “Күйөөм алдырып ташта деп жатат. Анын үстүнө, өткөндө кан кетип, катуу кыйналдым. Ушинтип жүрүп, эртеңки күнү бир жери майып ...

0 493

Кара-Кече" мафиясы: “Кыргызкөмүрдүн” директорун кимдер "чаап" кетти?

01-ноябрь 2019, 15:33 Бакыт Молдалиев

Бишкектин “Тунгуч” кичирайонунда 30-октябрдын түнү “Кыргызкөмүрдүн” директорун белгисиз жарандар сабап кетишти, болгондо да арматура менен. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди. 30-октябрдын түнү Аширбаев спорттук залдан чыккан учурда беткапчан эки адам келип, темир арматура менен сабап салышкан. Анын жанында кымбат баалуу телефон жана акча да болгон. Бирок, кылмышкерлер алардын бирине да тийишкен эмес. Аталган факты боюнча ...

0 562

ВИДЕО: Суракматовдон сурайлычы: Муну кайсы жинди кылган?

Видео 01-ноябрь 2019, 12:54 Бакыт Молдалиев

Социалдык тармактарда Бишкек шаарындагы кызык жагдай тартылган видео тарап жатат. Анда шаар тургундарынын бири Медеров көчөсүндөгү (Панфилов көчөсүнүн кесилишине бир аз жетпей) бир үйдүн кире бериш жерине "зебра" - жөө адамдар өтчү белгини бир канча боёк менен, мээнет кетирип жол белги койгону көрсөтүлөт. Кызыгы, ал белги бир гана үйгө кирчү жолдо, эч кандай машине өтө турган жер эмес. ...

0 439

Бүгүн милиция күнү: Парламенттеги генералдар жана “жетим жүгүрүк”. Кимдер алар?.. Майрамыңыздар менен!

01-ноябрь 2019, 15:30 Бакыт Молдалиев

Бүгүн, 1-ноябрда Кыргызстанда милициянын түзүлгөнүнүн 95 жылдыгы майрамдалууда. Бул салтанатка карата өлкө боюнча ар кандай иш-чаралар уюштурулуп, аталган орган кызматкерлерин, ардагерлерди куттукташып, сыйлашуулар башталды. Биз да элден калбай, ар бир катардагы милиция кызматкеринен тартып, башкы милиция Жунушалиевге чейин куттуктообузду айтабыз. Ал эми көпчүлүккө кызык болгон суроо бул – “Учурда Жогорку Кеңеште канча милиция депутат болуп олтурат?”. Жооп кылалы. Жогорку ...

0 2438

Кайран гана Канат, ууру күйөө балаңа же аны жашырган сага башка, элге башка мыйзамбы?

01-ноябрь 2019, 09:43 Бакыт Молдалиев

Жогорку Кеңеште “Кыргызстан” партиясынын лидери катары барып, андан соң бир нече убакыт СИЗОго да олтуруп чыкканга үлгүргөн Канат Исаевдин Улуттук коопсуздук кызматта иштеген күйөө баласы андагы сейфте сакталып турган, бир нече кылмыш иштерине күбө болчу 200 миң долларды уурдап, ордуна жасалма акчаларды коюп койгон. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда Акиpress агентиги “Репортер” бөлүмүнө элден келген маалыматтарга таянып жазып чыкты. Мына сага! ...

0 975

Кыздардын жүрөгүн жибитүүчү жигиттердин шаблон сөздөрү

01-ноябрь 2019, 09:05 Бакыт Молдалиев

Кыз менен жигит үй-бүлө куруп, үйлөнөйүн деп жүргөн убакта өздөрүн дүйнөнүн эң бактылуу адамдарындай сезет. Алардын келечекке түзгөн пландары менен ой-тилектери көп болот. Бири-бирине ант берип, “үйлөнгөндө мындай кылам, андай кылам” деп убада берет. Бир гана нерсе, ошол айтылган сөздөрдүн баары үй-бүлөлүү болгондон кийин унутулат, же күчүн жоготот. Муну үйлөнөйүн деп жүргөн жаштардын шаблон сөздөрү деп атап, ошондой “кулактан ...

0 268

Американын депутаттары Трампты президентиктен кетиребиз деп чыгышты

01-ноябрь 2019, 08:31 Бакыт Молдалиев

АКШнын Өкүлдөр палатасы президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо ишине байланышкан иликтөөнүн кийинки баскычын баштоого жол ачкан резолюцияны колдоду. Жөнөкөй көпчүлүк менен кабыл алына турган резолюцияны 232 депутат колдоп, 196 каршы добуш берди. Ага негизинен бардык республикачылар жана эки демократ каршы болду. Добуш берүүгө төрт эл өкүлү катышкан жок. Палатада демократтар көпчүлүктү түзөт. Резолюция ачык угууларды өткөрүүгө, жабык жыйындардагы көрсөтмөлөрдүн ...

0 11631

ВИДЕО (18+) - Аскердик бөлүктө кыргын салган жоокердин окуя болгонго чейин кордолгон видеосу тарады

Видео 01-ноябрь 2019, 09:14 Бакыт Молдалиев

Орусиянын Коргоо министрлиги тарабынан Забайкальеде ушул айдын 25-октябрында Шамсутдинов аттуу жоокер өзүнүн кызматташтарын жана эки офицерди атып өлтүргөн окуя боюнча түзүлгөн комиссия ал жоокердин аскер бөлүктөгү бир офицер менен жекече чатагы болгон деген жыйынтык чыгарды. Бул тууралуу орустардын айрым маалымат агенттиктери жазып чыгышты. Бирок, комиссиянын документтери расмий жарыялана элек. Буга чейин ошол эле Коргоо министрлиги анын мындай кадамга барышы жоокердин ...

0 197

Саясатчылар эми Твиттерден Фейсбукка "көчүшөт?". Сыры эмнеде?

31-октябрь 2019, 15:45 Бакыт Молдалиев

Twitter социалдык түйүнү мындан ары саясий жарнамаларды жарыялоодон баш тартууга ниеттенүүдө. Компания мындай чечимин «бул сыяктуу маалыматтар сатылбашы керек» деп түшүндүрдү. Twitter компаниясынын башчысы Жек Дорсинин билдиришинче, сервисте шайлоого талапкерлердин жарнамалары жана саясий темадагы кулактандыруулар 22-ноябрдан тарта жарыяланбайт. Twitter түйүнүнүн атаандашы болгон Facebook жакында саясий рекламаларга киргизилген тыюудан баш тарткан. Компаниянын башчысы Марк Цукербергдин пикиринде, жарандардын өз оюн эркин ...

0 538

ВИДЕО - Хабибдин спорттогу карьерасы соңуна чыкканы калды

Видео 31-октябрь 2019, 15:37 Бакыт Молдалиев

ММАнын (аралаш стилде) дагестандык айтылуу мушкери Хабиб Нурмагомедовдун спорттогу карьерасы эки-үч беттештен кийин соңуна чыгышы керек. Бул тууралуу анын атасы жана машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедов ютубдагы “Fight Nights Global” каналына берген маегинде билдирди. Анда Абдулманап Хабибдин кезектеги атаандашы Тони Фергюсен болоорун жана бул беттеш UFC тарыхында мыкты оюн катары калышын кааларын айтат. Ал эми Конордун Хабиб менен реваншы, эгерде, дагестандык ...

0 499

Өзбекстанда кызы зордукталган мугалим аял экинчи жолу өзүнө кол салды

31-октябрь 2019, 14:41 Бакыт Молдалиев

15-сентябрда Кашкадарыя облусунун Касан районунда 40 жаштагы мугалим асынып өлүүгө аракет жасаган. Аны мектептен келген кызы көрүп, аман алып калган. Бул мугалим аял былтыр, 2018-жылы да өзүнө өрт койгон. Маалыматка караганда, анын 14 жаштагы кызын зордуктаган киши жазага тартылган эмес, айылда болсо анын үй-бүлөсү тууралуу айың кептер тараган. Буга байланыштуу ал өз жанын кыйгысы келген. Ал эми кызы болсо ...

0 10496

Москвада “Камап коюшту, алып кеткиле!" деген кыздын кылыгы... УЯТ!!!

31-октябрь 2019, 16:24 Бакыт Молдалиев

Москвада “Камап коюшту, алып кеткиле! Даректи билбейм, суу эле берип жатат” деген кыргыз кыздын калпы чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда “Кыргыз Республикасынын мигранттарын колдоо” фондунун директору Тимур Саралаев билдирип, соцтармактагы баракчасына жазып чыкты. Маалымат төмөндө толугу менен: - Медалдын экинчи тарабы болот. Тилекке каршы, ушундай болуп калды. Кыргыздар Москвага келгенде кыргыздарга алданат (жасалма документтерди, табиятта жок арзан батирлерди сунуштап, ...

0 328

ВИДЕО: УКМК Кара-Көлдөгү сот менен милиция жетекчисинин пара менен кармалган видеосун жарыялады

Видео 31-октябрь 2019, 14:19 Бакыт Молдалиев

Кара-Көл шаардык сотунун судьясы менен Кара-Көл шаарынын ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары пара алуу учурунда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы видеосу менен бирге жарыялады. Маалыматка караганда, 2019-жылдын 1-октябрында ИИМдин Ички иликтөө кызматына И.Ф. аттуу жаран кайрылган. Анда ал Кара-Көл шаарынын ИИБ кызматкери Кара-Көл шаардык соту Ы.П. менен биргеликте кылмыш ишинин оң өкүм чыгаруусу үчүн 100 миң сом пара ...

0 958

11 жаштагы кызды үчүнчү аял кылып алган имам айып пул төлөп кызды өзүнө калтырды

31-октябрь 2019, 14:16 Бакыт Молдалиев

11 жашар кыз менен нике кыйып, бүтүн интернет колдонуучуларды кыжырданткан 41 жаштагы малайзиялык имам айып пул төлөп кутулуп кетти. Имамдын бир нече аял алууга уруксаты жок болгондуктан, ал шарият боюнча 900 ринггит (15 147,8 сом) айып пул төлөгөн. Белгилей кетсек, Малайзияда 11 жаштагы кыз менен 41 жаштагы эркек никелешкен эле. Кыздын ата-энеси жакырчылыктан кыйналгандыктан, кыздарын эрте турмушка беришкен. Алар бир гана ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 379

Ошто жаштары 100гө таяп калышкан аксакалдар кантип “жить кылып” жүрүшөт?

31-октябрь 2019, 12:22 Бакыт Молдалиев

“Бирбайке” аккаунту менен соцтармактарда ар дайым позитивдүү маалыматтарды таратып келген Данияр Чормошев аттуу инсан бул ирет өлкөбүздүн түштүк аймагынын борбору болгон Ош шаарындагы аксакалдардан алган мыкты таасирлери менен пикир бөлүштү. Анда ал Ош шаарындагы аксакалдардын ар дайым жарык маанайда жүрүшкөнү, достукка бекемдиги, өткөн иштерге эч бир көңүл чөктүрө беришпегендиктери, балким ошол себептерден улам алардын алды 100гө таяп, “кичүү” инилери ...

0 370

Депутат Төрөбай Зулпукаров: “Мамлекеттик лотереядан” жүз миллиондор түшөт дедиңер эле, кана түшкөнү?”

31-октябрь 2019, 11:25 Бакыт Молдалиев

2016-жылы мамлекет пайда тапсын деген ниетте “Мамлекеттик лотерея” ишканасы түзүлүп, анын бутуна тургузуу максатында 10 млн сом бөлүнгөн, ал эми 2018-жылы жылы 20 млн сом берилген. Ошондон бери ал компаниянын таптакыр дайыны чыкпай калды. Деги ал азыр эмне кылып жатат? Компания мамлекеттик бюджетке кандайдыр бир пайда алып келиши керек да. Биз ошондо жалпы эле кумар оюндарына тыюу ...

0 976

Абылгазиев иштен кетпей туруп, Алтынай Өмүрбекова кантип премьер-министр болуп калды?

31-октябрь 2019, 10:57 Бакыт Молдалиев

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жарандардын электрондук кайрылууларынын порталы болгон өкмөттүн расмий сайты өкмөт жетекчиликтеринин аты-жөндөрүн жазууда чоң саясий ката кетирип, ал бир нече ири маалымат агенттиктерине тарады. Анда аталган сайт “Өкмөттүн жетекчилиги” бөлүмүндө социалдык тармакты тейлеген вице – Алтынай Өмүрбекованы “премьер-министр” деп жазган. “Ошондо Абылгазиев менен бирге Кыргызстанда эки премьер-министр барбы? -деп суроо салат айрым агенттиктердин окурманы. Учурда сайтта аталган ...

0 1433

Сапар Исаков: “Атамдын атын булгагым келбейт”

31-октябрь 2019, 10:13 Бакыт Молдалиев

"Менде эч кандай акча, банк эсептери жок. Дагы жакшы, баардык досторум да бай эмес, карапайым жөнөкөй адамдар. Болбосо алардын мүлктөрүн да мага шылтоолоп камакка алып коюшмак. ЖЭБ боюнча коррупция болгон болсо аликүнчө ал акчаларды табышмак. Негизи эле бул айыптоо – биз тарабынан уурдалды делген 111 миллион доллар туралуу сөздөр менин кадыр-баркымды тебелеп жатат. Мынчалык кордогондон көрө адамды ...

0 295

ВИДЕО - Улан Примов, депутат: “Акчасын берип жатса, Кыргызстанда уран казганга эмне үчүн жок дешибиз керек?

Видео 31-октябрь 2019, 09:01 Бакыт Молдалиев

"Биосфералык экоаймактарга макул, уран, торийди казууга тыюу салалы. Бирок, жалпы Кыргызстан боюнча уран казууга тыюу салуу менен биз келечекке, экономикага, инвестицияга бөгөт коюп жатабыз. Эгерде баардык технологиялык мүмкүнчүлүк менен коопсуздукту сактап, тиешелүү төлөмдөрүн төлөп берип жатса, биз эмне үчүн жок дешибиз керек?.." Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты (КСДП) Улан Примкулов парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

0 293

ИИМ "бийлик өкүлдөрүнүн уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы жок" дейт го. Чынбы?..

31-октябрь 2019, 09:01 Бакыт Молдалиев

Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов учурда бийлик өкүлдөрүнүн уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы жок экенин билдирди. - Криминалдын бийлик өкүлдөрү жана саясатчылар менен байланышы бар деген пикирлерге кошулбайм. Курманбек Бакиев бийликте турган 2007-2008-жылдары байланыш болгон. Мен Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча резонанстуу ишти иликтөөгө катышкам. Анын жыйынтыгында бийликтин, криминалдын жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнөн турган 27 адам жоопкерчиликке тартылган. Ошондо ...

0 278

ВИДЕО - Улукбек Жолдошбеков күрөш боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону болду

Видео 31-октябрь 2019, 09:01 Бакыт Молдалиев

Венгриянын борбору Будапешт шаарында ушул күндөрү өтүп жаткан күрөш боюнча “U-23” (23 жаштан ашпагандардын) дүйнө чемпионатында балбаныбыз Улукбек Жолдошбеков алтын медаль тагынып, дүйнө чемпиондугун утуп алды. Улукбек эркин күрөш боюнча 61 килограммга чейинки салмакта финалдык беттеште кечээ, 30-октябрь күнү кечинде индиялык Равиндер Равиндерди 5:3 эсебинде жеңип алды. Кыргызстандык балбан финалга чейин биринчи беттеште түркиялык спортчу Селехаттин ...

0 914

“Шоопурдун” камакка алынган үй-мүлктөрү жарыяланды (тизме)

30-октябрь 2019, 17:41 Бакыт Молдалиев

Бүгүн, 30-октябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда Президенттик аппараттын мурунку орун басары Икрамжан Илмияновдун иши боюнча сот отуруму жыйынтыкталып, анда чыккан өкүмгө ылайык, үй-мүлкү конфискациялануу менен өзү 7 жылга эркинен ажыратылды. Мындан башка 160 миң сом айып пул салынды. Ага катар Илмияновдун туугандарынын Баткен областында жана Бишкек шаарындагы өзүнө, туугандарына катталган бир катар кыймылсыз мүлктөрү камакка алынды. Төмөндө сот ...

0 2560

Бандит, чаласпортик, сабатсыздардын парламентке баруусуна бөгөт коюу керек!

30-октябрь 2019, 16:04 Бакыт Молдалиев

Мындай пикирин Бишкектеги Биринчи Май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков "24.kg" маалымат агенттигинин парламенттин иштөө мөөнөтүн кыскартуу тууралуу сурамжылоосуна жооп берип жатып билдирди. - Бандиттерди, чала спортчуларды, окуй же сүйлөй албагандарды, жер саткандарды, соодагерлерди, түшүнүксүз адамдарды Жогорку Кеңешке алып келбеш керек! Ошондуктан Жогорку Кеңештин сапатын көтөрүү үчүн, мөөнөтүн кыскартып эмес, шайлоо мыйзамын оңдоп-түзөө керек. Тилекке каршы, жергиликтүү кеңештеги, Жогорку Кеңештеги депутаттар дагы «эптеп кийинки, эмдиги шайлоодон ...

0 173

Электр энергиясы менен жылуулук тарифи мурдагы боюнча калабы же өзгөрөбү?

30-октябрь 2019, 14:55 Бакыт Молдалиев

"Кечээ таза суунун наркы 1 сомго кымбаттады. Эми электр энергиясы менен жылуулук тарифи мурдагы боюнча калабы же өзгөрөбү, ушуну ачык айта аласызбы?" Жогорку Кеңеште экономика тармактарын жана калкты 2019-2020-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Өкмөттүн иши жөнүндө маалымат угулуп жатканда депутат Тариел Жоробеков тиешелүү агенттиктин жетекчисине ушундай суроо салды. Отун-энергетикалык комлексин жөнгө салуу агенттигинин башчысы Таалайбек Нурбашев жаңы тарифтик саясат кабыл алынганча, ...

0 354

Икрамжан Илмияновдун үй-мүлкү конфискацияланып, өзү 7 жылга “кетти”!

30-октябрь 2019, 12:11 Бакыт Молдалиев

Бүгүн, 30-октябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси, “шоопур” каймана ысымы менен коомчулукка белгилүү болгон Икрамжан Илмияновго соттун өкүмү чыкты. Соттун өкүмүнө ылайык, Икрамжан Илмияновдун үй-мүлкүн конфискациялоо менен өзү 7 жылга эркинен ажыратылды. Сот бул өкүмүн Илмияновдун күнөөсү толук далилденгендиктен ушундай чечимге келгенин билдирди. Аны менен катар Илмиянов Грамовичке 10 миң сом төлөп бермей болду. Ошондой эле анын ...

0 810

Илмиянов соттогу акыркы сөзүндө тергөөчүлөрдүн, УКМКнын калптарын дагы бир ирет айтып өттү

30-октябрь 2019, 11:49 Бакыт Молдалиев

Бүгүн, 30-октябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда кылмыш иши каралып жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновго сот акыркы сөз берди. Илмиянов акыркы сөзүндө күбөлөр аны дегеле тааныбашын, ал гана эмес жабырлануучубуз дегендер да кийин интернеттен көрүп таанышкандарын айтып, “Баары жалган айыптоолор! Болбосо 30 күбөнүн ичинен болгону Чыныбек Анарбек уулун гана тааныйм. Аны да тергөөдө менин жардамчым кылып коюшуптур. ...

0 209

Бакыт Төрөбаев: “Өкмөттөгүлөр мыйзам долбоорлорун туздап, кууруп жешеби?”

30-октябрь 2019, 10:42 Бакыт Молдалиев

 “Биз сот-укуктук реформа боюнча жаңы жылдан тартып эле талкууларды кылып келебиз, кечээ да терең талкууладык. Мына, Башкы прокуратура, УКМК, министрликтер абдан көп иштерди жасашып, мыйзам долбоорлорун  иштеп чыгышытыр. Эми ошол мыйзам долбоорлорунун баары учурда өкмөттүн аппаратында жатат. Эмне алар мыйзам долбоорлорун туздап, кууруп жешеби? Бизге тезирээк алып келишпейби”. Мындай пикирин депутат Бакыт Төрөбаев бүгүн, 30-октябрда өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында ...

0 141

"Кыргызстандагы адал эт паркы" долбоорун колдой турган мекеме менен макулдашуу жактырылды

30-октябрь 2019, 10:24 Бакыт Молдалиев

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети “Кыргыз Республикасындагы адал эт паркы” долбоорунун техника-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн техникалык жардам алууга грант берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкы жана Жеке секторду өнүктүрүүнүн ислам корпорациясынын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Экономика министрлигинин маалыматына караганда, азыркы учурда өлкө аймагында этти кайра иштетүү боюнча ...

0 349

ВИДЕО - Жогорку Кеңеште ким 1 миллион 200 миң долларга мандат сатып алып, тымпыйып олтурат, ыя?..

Видео 30-октябрь 2019, 09:40 Бакыт Молдалиев

Бул тууралуу маалыматты журналист Кудрет Тайчабаров президентке алдыда болуучу парламенттик шайлоо тууралуу видеокайрылуу жасап жатып таратты. Анда журналист “Бир Бол”, “Өнүгүү-Прогресс” партиялары парламентке Атамбаевдин командасынын долбоору катары барганын, ошон үчүн аталган партиядан депутат болгондор бийликке ийкемдүү, тил алчаак экендигин көрсөткөнүн айтат. Аны менен катар Тайчабаров аталган эки партия кайсы күндөрү, кайсы жерде түзүлгөнүн, тизмеге кимдер кирбей калганын, ким 1 ...

0 289

Өзбекстанда МАИ кызматкерин машинеси менен сүйрөп кеткен айдоочу кармалды

30-октябрь 2019, 09:00 Бакыт Молдалиев

Сурхандарыя облусунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторун автоунаасынын капотунда сүйрөп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасы маалымат таратты. Маалыматка караганда, 28-октябрда 35 жаштагы айдоочу тартип сакчысынын талабына баш ийбей, аны "Lacetti" үлгүсүндөгү автоунаасынын капотунда 10 метрге чейин сүйрөп кеткен. Натыйжада жол инспектору жаракат алган. Учурда айдоочуга карата “Бийлик өкүлүнө каршылык кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголду. Булак: NazarNews.kg

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 356

ВИДЕО - Журналист президентке парламенттик шайлоо боюнча кайрылуу жасады

Видео 30-октябрь 2019, 09:01 Бакыт Молдалиев

Журналист Кудрет Тайчабаров алдыда келе жаткан, 2020-жылдын күзүндө Жогорку Кеңешке өтүүчү шайлоодо кимдер келиши керек экендиги тууралуу пикирин айтып, аны президент калыс, тарыхта жакшы из калтыруучу мүмкүнчүлүгү бар катары колдоп берүүсүн өтүнүп, видеокайрылуу жасады. Анда журналист мисал катары айрым жаңы жүздөрдүн, жаңы муундун өкүлдөрүнүн тизмесин да тизмектейт жана эгерде, мындай чечкиндүү кадамдар жасалбаса, Кыргызстан олигархтардын туткунунда кала берээрин билдирген.  Мындан ...

0 254

Россияда Өзбекстандын 25 жараны кулчулуктан бошотулду

30-октябрь 2019, 09:03 Бакыт Молдалиев

Россиянын Ростов-на-Дону шаарындагы өзбек консулдугунун кызматкерлери Астрахань облусунда кулчулукта жүргөн 25 өзбек жаранына документтерин жана айлыктарын алып берүүгө жардамдашты. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымат таратты. Мекеменин маалыматына караганда, 24-октябрда жарандардын кайрылуусуна байланыштуу Астраханда көчмө кабыл алуу уюштурулган. - Консул Хужабахлил Асамов менен өзбек диаспорасынын башчысы Баходир Аминов Астрахань облусунун Харабалин районуна барып, 25 өзбек жараны ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83