www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бакыт Молдалиев

NazarNews порталында башкы директор жана журналист...

Автордун жаңылыктары (298)

0 336

Баткенде жергиликтүү тургунду өз үйүнөн атып кетти

30-октябрь 2019, 09:05 Бакыт Молдалиев

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Бешкент айылында 25 жаштагы жергиликтүү тургун мылтыктын огунан алган жаракаттан улам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда аталган облустун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымат таратты. Маалыматта айтылгандай, окуя 27-октябрда болгон. Каза болгон жаран 27-октябрдын түнүндө, саат 00:30тар чамасында үйүнөн сыртка чыгып, кайра кирип бара жатканда аркасынан белгисиз кылмышкер тарабынан ок атылган. Аткан адам ...

0 106

Президент министр Каныбек Исаков менен билим берүү тармагы боюнча пикир алышты

29-октябрь 2019, 19:34 Бакыт Молдалиев

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-октябрда, билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковду кабыл алды, анда мамлекет башчысы билим берүү тармагы өлкөнүн өнүгүү процессинде маанилүү орунду ээлей турганын эске салды. Жолугушууда билим берүүнүн сапатын эл аралык стандарттарга ылайык жакшыртуу, мектептерди сапаттуу окуу китептери менен камсыз кылуу, курулушу бүтө элек жана авариялык мектептердин абалы, билим берүү объектилеринин жетишсиздиги сыяктуу көйгөйлөргө көңүл бурулду жана аталган ...

0 237

ВИДЕО - Жаңы үйлөнүп жаткан бала апасынын бутунан өпкөн видео талкууга түштү

Видео 30-октябрь 2019, 08:59 Бакыт Молдалиев

Инстаграмдагы “миллионер” OMKS аккаунту бүгүн жарыялаган “Мындайга бир гана апалар татыктуу” аталыштагы бул видео талкууга түштү. Анда жаңы үйлөнүп жаткан кыргыз жигити апасынын бутунан өөп жатканын көрүүгө болот.  

0 250

ВИДЕО - Алтынбек Сулайманов: “Өкмөт, чыккынчылык кылып жатасыңар!”

Видео 29-октябрь 2019, 18:52 Бакыт Молдалиев

“Бир жылда ички карыздан 12 миллиард сом алып жатасыздар, урматтуу Кубатбек Айылчиевич. Ал сумманы 18%дын тегерегинде алсаңар, демек, пайыздын өзүнө эле 2 миллиард сом төлөнүп жатат. Мына, “Россия-кыргыз өнүгүү фондунда” акча жатат, али күнгө чейин толук иштетилбей. Эмнеге андан албайсыңар? Өкмөт өзүңөр 4%дан бересиңер да, ал эми тиги жактан 18%дан алып жатасыңар. Бул кандай? Бул деген - чыккынчылык! Бул ...

0 875

Сойку экендиги тууралуу “имиштерди” уккан атасы өз кызын өлтүрүп салды

29-октябрь 2019, 17:56 Бакыт Молдалиев

Бакунун Ясамаль районунда 27 жаштагы кыз өз атасынын колунан каза тапты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда. Андагы маалыматтарга ылайык, Азербайжандын Массали районунун 57 жаштагы тургуну Ильгар Паша оглу Гурбанов атайын Баку шаарына барып, кызы Айсель Мамедли менен жолугушат. Жолугушуудагы сүйлөшүү учурунда экөөнүн ортосунда жаңжал чыгып, атасы кызынын төшүнө, мойнуна жана ичине бычак сайып жиберген.

0 690

ВИДЕО - Кесиптешинин аялын коркутуп, пара алган тергөөчүнү кармап жаткан видео жарыяланды

Видео 29-октябрь 2019, 17:13 Бакыт Молдалиев

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы менен ИИМдин Ички иликтөө кызматы биргелешкен иш-чараларынын натыйжасында Бишкектеги Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүнүн тергөөчүсү пара менен кармалган. Эми Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы бүгүн, 29-октябрда тергөөчүнүн өзү менен бирге иштеген кесиптешинин мурунку аялын телефондон коркутканы, андан соң пара алып жаткан жеринен кармалгандагы боюнча видеосун  таратты. Маалыматта айтылгандай, тергөөчү кесиптешинин мурунку аялынын автоунаасын мурунку күйөөсүнө ...

0 553

Чыныбай эмнеге чындыгын айтпай, Өкмөт менен элди алдап жүрөт?

29-октябрь 2019, 16:06 Бакыт Молдалиев

Мыйзам боюнча Кыргызстандын депутаттары бир учурда ишкерлик кылууга жана башка мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салганы менен азыр болбоду дегенде 37 депутат депутаттык кресло менен ишкерликти айкалыштырып келет. Алардын бири - Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы, КСДП партиясынан депутат болуп келген Чыныбай Турсунбеков. Bulak.kg басылмасы депутат Турсунбековдун декларациясы менен ачык булактардан алынган маалыматтарга таянып жасаган иликтөөсүн жарыялады. Анда Турсунбеков депутаттык менен биргеликте ...

0 375

ВИДЕО - Кожобек Рыспаев: “Баарыбыздын эле кулагыбыз делдейип турган учур”

Видео 29-октябрь 2019, 13:03 Бакыт Молдалиев

"Кайсы партия менен келээрим белгисиз. Баарыбыздын эле кулагыбыз делдейип турган учур. Анын үстүнө мени КСДП фракциясынан чыгарып коюшкан. Сунуштар келип жатат, бирок чече элекмин". Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын тизмеси менен келген, “элита”, “кой”, “ток, ой, бок курсак” каймана ысымдары менен коомчулукка белгилүү болгон депутат Кожобек Рыспаев “Kaktus.media"нын журналисттеринин “Кийинки шайлоодо шайлоого катышасызбы” деген суроосуна жооп берип жатып билдирди.

0 142

Кыргыз президенти Эрдоганды Түркия Республикасынын күнү менен куттуктады

29-октябрь 2019, 11:59 Бакыт Молдалиев

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-октябрда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганды Түркия Республикасынын күнү менен куттуктады. «Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди Түркия Республикасынын Улуттук майрамы — Түркия Республикасынын күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы стратегиялык кызматташтыкка жана ишенимге негизделген мамилелерибиз боордош элдерибиздин бакубаттыгы үчүн мындан ары да өнүгө берет деп терең ишенем. ...

0 311

ВИДЕО - Өзбекстанда экскаваторлорду "Андижан полкасына" бийлетишти

Видео 29-октябрь 2019, 11:23 Бакыт Молдалиев

Бул тууралуу видеону жергиликтүү басылмалардын бири соцтармактарга таратты. Тилекке каршы, видео качан жана Өзбекстандын кайсы жеринде тартылганы тууралуу маалыматтар жок.  

0 298

ВИДЕО - Канат Исаев: «Сен калп айтып жатасың» деп Айтматова менен акыйлашып отурмак белем

Видео 29-октябрь 2019, 11:00 Бакыт Молдалиев

“Партиялаш, санаалаштар менен акылдаштым. Айтматова менен «сен калп айтып жатасың, бул жөн эле каралоо» деп акыйлашып отурмак белем. Мыйзам чегинде ошол айткан сөздөрүн сотто далилдеп берсин, а мен болсо бардыгы калп экенин далилдеп берем”. Мындай пикирин “Кыргызстан” партиясынын экинчи ирет лидери болуп шайланган мүчөсү Канат Исаев «Азаттык» радиосунун «Эки — бир» телеберүүсүндө билдирди. Эскерте кетсек, буга чейин, тагыраагы, өткөн апта ...

0 617

"Чык таттырбас" Чыныбай эми чыркыраганы калды

29-октябрь 2019, 09:53 Бакыт Молдалиев

Башкы прокуратура Бишкектеги ликер-арак заводунун мыйзамсыз банкротко кептелиши боюнча мурун жабылып калган кылмыш ишин кайрадан жандандырып, сотко чейинки өндүрүштүк иштерди жүргүзүүнү Улуттук коопсуздук кызматына тапшырды. Бул тууралуу коомдук активист Мелис Аспеков аны тасыктаган документ менен бирге соцтармактагы өзүнүн баракчасына жарыялады. Аспековдун ырасташынча, мурунку спикер, КСДП партиясынан парламентте депутат болуп олтурган Чыныбай Турсунбеков бир мезгилдери Бишкек ликер-арак заводу менен «АкылИнвестБанкты» рейдерлик жол ...

0 561

ВИДЕО - Макрегор Конордун жабык пресс-конференциясында дагестан аны бөтөлкө менен чаап жиберди

Видео 29-октябрь 2019, 09:21 Бакыт Молдалиев

Конор Москвада журналисттерге жабык пресс-конференция берип жаткан учурунда аны бир дагестан улутундагы жаран бөтөлкө менен чаап жибергени, ал эңкейе коюп бөтөлкө тийбей калганы боюнча видео интернетке тарады. Анда бөтөлкө ыргыткан дагестан: “Эмне үчүн биз (дагестандар –ред.) коркокпуз!? Сага менин атам, менин агам эмне кылды? Акмак! Оозуңду жаап жүргүн, акмак!” деп кыйкырып жатканын көрүүгө болот. Эскерте кетсек, 24-октябрда Конор Макгрегор ...

0 126

Эрдоган республика майрамынын 96-жылдыгына карата билдирүү жасады

29-октябрь 2019, 09:12 Бакыт Молдалиев

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, 29-октябрь Республика майрамынын 96-жылдыгынын урматына өз билдирүүсүн жарыялады. Билдирүүсүндө Эрдоган улут жана мамлекет катары тарыхый күрөштүн ичинде экенибизди белгилеп: «Боштондук согушубуздун окшошун башкача ыкмалар менен жүргүзүүдөбүз», -деди. Аны менен катар ал бир кылымдык шаңдуу өтмүшкө ээ боштондук согуштун жеңишке жетишүүсүндө жана жаңы мамлекеттин түзүлүүсүндө милдет алган Гази Мустафа Кемал Ататүрк баш болгон баатырларды урматтоо менен эскерди.

0 241

Мектеп мугалимдеринин айлык акысын эсептөө толук автоматташтырылат

29-октябрь 2019, 08:53 Бакыт Молдалиев

Өлкөбүздүн мектептеринде жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде мугалимдердин жана кызматкерлердин айлык акысын эсептөө толук автоматташтырылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты. Анда айтылгандай, санариптештирүү жылынын алкагында, жакын арада министрлик мектеп мугалимдеринин айлык акысын эсептөөнү толук автоматташтырууга өткөрөт. Учурда бул багытта даярдык иштери жүрүп, программалык камсыздоо үчүн техникалык талаптар иштелип чыкты. Ноябрь айынан баштап бул ...

0 1079

ВИДЕО - Арстан Алай эми Путин, Эрдоган, Мирзиёев, Назарбаевге кайрылуу жасады

Видео 29-октябрь 2019, 09:05 Бакыт Молдалиев

“Айтылуу” Арстан Алай кыргыз бийлигин “алып бүтүп”, эми жалпы түрк жана орус тилдүү элдерге жана алардын лирдерлери саналган Путин, Эрдоган, Назарбаев,  Мирзиёев, Токаевге видеокайрылуу жасады. Анда ал бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө болуп жаткан ар кандай терс көрүнүштөрдү кыргыздар гана сактап калаарын айтып, өзүн “Кудай” экенин дагы бир ирет жар салды. Булак: NazarNews.kg    

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 140

Бишкектин кээ бир аймактарында газ өчүрүлөт

29-октябрь 2019, 09:06 Бакыт Молдалиев

30-октябрдан 1-ноябрга чейин Бишкек шаарынын М.Горький, Тыныстынов, Кулатов жана Панфилов көчөлөрү чектелген аймагында газ берүү убактылуу токтотулат.  Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Анда айтылгандай, мындай чара, жер үстүнөн алынып өткөн төмөн басымдуу газ түтүктөрүнө  жаңы түтүктөрдү туташтыруу иштери жүргүзүлгөнү менен байланыштуу. Ондоп-түзөө иштери эки күнгө созулуп, убактылуу 342 абонент көгүлтүр отунсуз болот жана бул үчүн «Газпром Кыргызстан» ишканасынын «Бишкекгаз» ...

0 316

ВИДЕО - Айтматова Канат Исаевдин өлкөдөгү алгачкы китепкананы кантип сатып жибергенин жарыялады

Видео 29-октябрь 2019, 09:01 Бакыт Молдалиев

Жогорку Кеңештин V чакырылышында парламентке "Ата Мекен" партиясы аркылуу депутат болуп келген, учурда "Үмүт-2020" элдик кыймылынын жетектеген Ширин Айтматова "элиталарга" арналган кезектеги видео-иликтөөсүн жарыялады. Анда ал Токмокто 1912-жылы, Кыргызстанда алгачкы болуп курулган китепкананы учурунда аталган шаардын мэри болуп иштеп турган Канатбек Исаев болбогон баага кантип, кимдерге сатып жибергени, шаардын мурунку маданият бөлүмүнүн жетекчиси Сабира Турусбекова канткенде аны саттырбай алып калуу ...

0 89

Президент Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Мариповду кабыл алды

28-октябрь 2019, 19:14 Бакыт Молдалиев

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-октябрда, Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповду кабыл алды. 2019-жылдын 9 айынын аудитордук иш-чараларынын натыйжалары, текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча мамлекеттик финансы каражаттарын калыбына келтирүү иштери тууралуу маалымат угулуп, улуттук аудит системасын жакшыртуу боюнча чаралар талкууланды. Мамлекет башчысы улуттук жана мамлекеттик программаларды натыйжалуу ишке ашыруу максатында конкреттүү объектке байланып аудит өткөрүүдөн алыстап, тематикалык аудиттерди өткөрүүгө өтүү керектигин белгиледи.  Мындан ...

0 936

Сапар Исаков: “Чечим чыгарып, бизди атып эле салгыла!”

29-октябрь 2019, 09:04 Бакыт Молдалиев

Бүгүн, 28-октябрда уланган Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча ачылган кылмыш иши боюнча соттук отурумга түшкү тыныгуудан кийин мурунку премьер-министр Сапар Исаков келип ушундай деп айтты. Аталган иш боюнча Инара Гилязетдинова судьялык кылууда. “Урматтуу сотко төрайымдык кылуучу, өзүмдүн кызыкчылыгым үчүн көрсөтмө берүүгө даярмын”, - деген Исаков сотко ЖЭБди модернизациялоодо кеткен чыгымдардын коэфицентин чыгарып эсептеген Хафизов менен жасалма документ жасаган Асановду да алып ...

0 267

Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиcсиянын курамы бекитилди

28-октябрь 2019, 16:45 Бакыт Молдалиев

Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссиянын курамы бекитилип, тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссия 2019-жылдын 8-ноябрына чейинки мөөнөттө талапкерлерге сыйлыктарды ыйгаруу жөнүндө чечимди кабыл алышы зарыл. Эске салсак, Чынгыз Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгы ...

0 912

Албек Ибраимов: “Жээнбековдун рейтингин көтөрүү үчүн мектеп курулушун тездеткенбиз”

28-октябрь 2019, 16:51 Бакыт Молдалиев

Бишкектеги Ленин райондук сотунда шаардын мурунку мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун соттук процесстери уланууда. Бирок, бүгүнкү соттук отурумда экөө тең суроолорго жооп берүүдөн баш тартышты. Анткен менен Албек Ибраимов жогорудагыдай билдирүү жасады. Ибраимов “Калыс-Ордодогу” мектептин курулушун эртерээк бүтүрүү үчүн шаар бюджетинен 104 миллион сом акча каражатын бөлүп берүү үчүн кол койгонуна - андагы КСДПдан президентикке талапкерлигин коюп жаткан Сооронбай Жээнбековдун рейтингин көтөрүү ...

0 272

Төрөбай Зулпукаров, депутат: “Аткаминерлер менен бизнесмендер көбүрөөк салык төлөшү керек”

28-октябрь 2019, 15:57 Бакыт Молдалиев

“Мүмкүнчүлүгү бар аткаминер жана бизнесмендер көбүрөөк салык төлөшү керек”. Депутат Төрөбай Зулпукаров мындай сунушун Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин бүгүн, 28-октябрдагы жыйынында айтты. Эл өкүлү бирок мунун жалпы элге тиешеси жок болушу зарыл экенин белгиледи. - “Ашкере байлыкка" салык деген бар. Ошону сиздер күчөтүңүздөр. Мүмкүнчүлүгү бар чиновник жана бизнесмен көбүрөөк салык төлөшү керек. Бирок жалпы элге жайылтылбагандай болушу ...

0 947

ВИДЕО - Зеленскийдин өзбек “түгөйү” анын чочко этин жегенден башка бардык ролдорун аткарууга даяр

Видео 28-октябрь 2019, 15:11 Бакыт Молдалиев

“Сиз эмнеге мага окшошсуз?” Россиянын НТВ телеканалына конок болуп чакырылган Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин “эгизи” - өзбекстандын мигрант Умиджан Исабаев журналисттин “Зеленский менен жолугушуп калсаңыз эмне суроо берет элеңиз?” дегенине ушинтип жооп кылды. Буга чейин ошол эле Россиянын “Россия-1” телеканалынын “60 мүнөт” берүүсүндө Умиджан тууралуу көрсөтүлүп, анда ал Зеленский азырынча жогорку бийлик кызматында тургандыктан анын ролун сценада аткара берүүгө ...

0 200

Бишкекте Борбордук Азиядагы Америка университетинин Инновациялык колледжи ачылды

28-октябрь 2019, 13:01 Бакыт Молдалиев

26-октябрда Кыргыз өкмөтү, Американын Бард колледжи жана USAID уюму менен өнөктөштүктө заманбап колледж түзүлдү жана окуу корпусу азыркы билим берүү инфраструктурасына ылайык трансформацияланды. Анда Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков: "Бул колледж эң акыркы технологиялар менен жабдылган, дүйнөлүк алдыңкы инновациялык табылгалардын, прогрессивдүү тажрыйбалардын негизинде түзүлгөн билим берүүнүн өзгөчө үлгүсү болду. Айрыкча окуу аудиторияларынын, лабораториялардын кенендиги, жарыктыгы, эмеректердин жайгашуусу, түстөрдүн гаммасына ...

0 295

ВИДЕО - Аксыда “багы ачылбаган” бала-бакчалар көйгөйүн министр чече алабы?

Видео 28-октябрь 2019, 12:14 Бакыт Молдалиев

“Аксыдагы айыл өкмөттөрдүн баары дотацияда олтурат. Ал эми жаңы курулган же ремонт талап кылынуучу бала-бакчаларга шарттарды түзүп берүүдө ар кандай коомдук уюмдар макул болушканы менен алар айыл өкмөттөрдөн чыгымдардын 25-30%ын көтөрүү талаптарын коюшууда. Алар дотацияда болгондуктан толугу менен жогорку аткаруучу бийлик органдарына көз каранды. Төлөп берүү мүмкүнчүлүктөрү жок. Ушул маселени силердин министрликпи же өкмөтпү, айтор, кимиңер болсо ...

0 220

Коом "күзгүсү": депутат Жыргалбектики эле жыргал тура!

28-октябрь 2019, 11:28 Бакыт Молдалиев

Парламентте аркар, кулжа, тоо теке, бугу-маралдарды атууга уруксат бойдон калтырган мыйзам кабыл алынгандан кийин соцтармактарда депутаттарга болгон нааразычылык дагы күчөдү. Ал гана эмес, алардын айрымдарынын сейрек кездешүүчү жаныбарларды атып, курмандыгы менен түшкөн сүрөттөрү жарыяланууда. Алардын бири - Жогорку Кеңештеги катардагы депутат гана эмес, «Республика - Ата-Журт» фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов. Анын бул сүрөтү качан, кайсы жерде тартылганы белгисиз, ал эми тарапташтарынын ...

0 283

Алтыбаеванын шайлоо алдындагы айлакерлиги: депутат айым кантип элди чууга салгысы келип жатат?

28-октябрь 2019, 10:07 Бакыт Молдалиев

“Ундун баасы эки эсеге көтөрүлүп, эл кыйналып жатат” деп келе жаткан шайлоо алдында кыйкырып чыккан КСДПчы депутат айым Айнуру Алтыбаеванын сөзүн Өкмөт “калп!” деди.  Өкмөт тараткан расмий маалыматтарга ылайык, былтыр ушул октябрь айында буудай унунун биринчи сорттогу бир килолук баасы 23,7 сомду түзгөн болсо, быйыл ал баа 28,1 сомго жеткен. Тагыраагы, ундун баасы былтыркыга салыштырмалуу депутат айым айткандай эки эсеге эмес, ...

0 188

Өзбекстанда хиджаб кийген кыз-келиндер катуу текшерүүгө алынууда

28-октябрь 2019, 09:39 Бакыт Молдалиев

Өзбекстан аэропортторунда хиджабчан жүргүнчүлөрдү текшерүү күчөтүлдү. – Паспорттук көзөмөл бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жоолук салынган кыз-келиндерди гана сүрөткө тартып, калгандарды жөн гана коё берип жатышты. Бирок орой мамиле жасашкан жок, – деди ташкенттик жүргүнчүлөрдүн бири. Өзбекстандагы эл аралык аэропорттордун кызматкерлери чет өлкөлүктөр эмес, республиканын гана жарандары текшерүүдөн өтүп жатканын билдиришти. Бирок алар текшерүү кайсы укуктук ченемдин негизинде жүрүп жатканын түшүндүрүп бере ...

0 2436

Өз кызынан үч балалуу болгон 81 жаштагы абышка кылмышын мойнуна алды

28-октябрь 2019, 09:42 Бакыт Молдалиев

Британиялык аял 81 жаштагы атасынан 3 жолу кош бойлуу болуп, 3 бала төрөгөн. Аял өлөөр алдында атасынын өзүнө жасаган адепсиз иш-аракеттери тууралуу күйөөсүнө айтып кеткен. Өз кезегинде күйөөсү ДНК текшерүү жасатып, натыйжасын полицияга кабарлаган. Натыйжада адепсиз атасы 4 жылга соттолду. Каза болгон аял Ашраф Хандын 4 кызынын бири болгон. Ал Пакистанда төрөлгөн. Аял турмушка чыгаар алдында атасы менен бирге Бредфорд шаарына ...

0 147

Абдыкадыр Орозбековдун мааракесине өкмөт бир тыйын бөлбөй, карапайым калк акча чогултту. Канчадан?..

28-октябрь 2019, 09:13 Бакыт Молдалиев

Совет доорунда наабайчылыктан Кыргыз ССР Борбордук Аткаруу Комитетинин төрагалыгына, андан ары, 1925-жылдан 1937-жылдын октябрь айына дейре Кыргызстандын мамлекет башчысы, азыркыча айтканда президенттикке чейин жеткен Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдык мааракесинин спорт оюндарына кыргыз бийлиги бир тыйын бөлбөй, баардык чыгымдарды анын жердештери көтөрдү. Бул тууралуу Баткен областынын жергиликтүү тургундары соцтармактарга жазышууда. Андагы маалыматтарга ылайык, мурунку Охна, азыркы Орозбеков айыл өкмөтүнүн аймагындагы ...

0 1427

ВИДЕО - Бекмамат Осмоновдун карындашы Улуттук банктын төрагасын уят кылды. Канда бар окшойт...

Видео 28-октябрь 2019, 15:04 Бакыт Молдалиев

Легендарлуу саясатчы, жетекчи Бекмамат Осмоновдун Жогорку Кеңештеги Айнура Осмонова аттуу карындашы бар. Канда бар окшойт, сүйлөгөндөрү, койгон суроо-талаптары орундуу, так. Каяктагы айрым эркек популист депутаттардан "өлсө өлүгү артык" дегендей. Мына ушул депутатыбыз өткөн апта этеги Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук банктын төрагасы, илимдүү-билимдүү делген Толкунбек Абдыгулов менен вице-премьер-министр Замирбек Аскаровдун уятын чыгарды. Анда банктын төрагасы депутат айымдын "Бүгүнкү күндө банкоматтар менен канча ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 195

АКШнын Ак үйү Трамп Багдадинин кантип өлтүрүлгөнү тууралуу видеону карап олтурган сүрөтүн жарыялады

28-октябрь 2019, 09:19 Бакыт Молдалиев

АКШнын Ак үйү Дональд Трамптын “Ислам тобунун” лидери Абу Бакр аль-Багдади кантип өлтүрүлгөнүн карап олтурган сүрөтүн жарыялады. Сүрөттө - стол башында Трамп, жанындагылар вице-президент Майк Пенс, коргоо министри Марк Эспер, улутук коопсуздук кызматынын кеңешчиси Роберт О’Брайен жана штабдардын бириккен комитетинин төрагасы Марк Мили Багдадинин кандай жагдайда, кантип өлтүрүлгөнү тууралуу видеону карап турган кадр. Буга чейин Трамп аталган топтун башчысы аскерлерден ...

0 278

Сот Сапар Исаковду Атамбаевдей "эркелетпейм" деди

28-октябрь 2019, 09:21 Бакыт Молдалиев

УКМКнын Тергөө абагында жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаков сотко келүүдөн баш тартса, күч менен алып келинет. Мындай чечимди Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча ишти карап жаткан Свердлов райондук сотунун судьясы Инара Гилязеддинова кабыл алганын аталган соттон кабарлашты. 25-октябрда Исаков убактылуу кармоочу жайдын камерасынан чыгуудан жана сот отурумуна катышуудан баш тарткан. Муну мурдагы премьер-министр ЖЭБ боюнча иштеги айрым күбөлөрдүн суралбай жатканына нааразылык ...

0 607

ВИДЕО - Зеленский Донбасстагы украин согушкери менен кайым айтышты: “Мен каяктагы бир лох эмесмин”

Видео 27-октябрь 2019, 16:03 Бакыт Молдалиев

Украинанын куудул президенти Владимир Зеленский кечээ, 26-октябрда Донбасстагы Золотое айылында болуп, андагы Украинанын улуттук гвардиясынын курамына кирген “ батальонун” бир аскери менен кайым айтышты. Зеленскийдин ал жакка барган максаты - анда орустар менен согушуп жаткан украиналык ыктыярчылар менен ал жактан аскерлерди чыгарып кетүү темасында сүйлөшүү болчу. Себеби, буга чейин, тагыраагы, 1-октябрда Минксиде болгон үч тараптуу сүйлөшүүлөрдө ...

0 205

ВИДЕО: Instagram-блогер “Субону” Бишкекте жүздөгөн фанаттары “өлдү-өлдү” болуп тосуп алышты

Видео 27-октябрь 2019, 13:36 Бакыт Молдалиев

Кечээ, 26-октябрда “Субо” каймана аты менен белгилүү болгон Instagram-блогер Субхан Мамедов Бишкекке келип, аны шаардагы соода борборлордун биринде бир нече жүздөгөн жаштар кыйкырык, ызы-чуу менен тосуп алышты. Бул көрүнүшкө таң калганын Мамедов соцтармактагы өзүнүн баракчасына жазды. Жолугушууда ал күйөрмандары үчүн бир нече айфон телефондорун ала келгенин да айтат. Видеодон бишкектин фанаттардын анын атын айтып кыйкырышып, ал түшкөн автоунааны курчап тегеректеп алышып, аны ...

0 195

ФОТО - “Лента кескич дүжүр” депутаттар Жумгалда эмненин ачылышында жүрүшөт?

27-октябрь 2019, 12:41 Бакыт Молдалиев

“Жумгалда мектеп же бала-бакча ачып жатышкансып дагы лента кесүүгө депутаттар келишиптир. Ушунча чуунун эмне кереги бар? Чаектеги аянтты тосуп, лампа коюп, анда төрт олтургуч орнотуп, анан да кышында гүл тигип койгон жердин ачылышы болуптур. Ага болсо 2,3 миллион сом кетти дешиптир. Уялсаңар боло!.. Шайлоо келе жатат деп эле баары-жоктун ашмалтайын чыгарып бүтмөй болдуңар го?..” Мындай пикирин Элиза Асылбекова аттуу интернет колдонуучу бүгүн, ...

0 382

Бишкекте ооруп жаткан наристе үчүн кыргыз кызы кыргыз тыйынына дары сатпай койду

Видео 27-октябрь 2019, 12:11 Бакыт Молдалиев

Бул тууралуу маалыматты black_list.kg аккаунту Интсаграммдагы баракчасына видеосу менен бирге жарыялады. Анда аталган аккаунтка Алышпаева аттуу жаран “Саламатсыздарбы! Мен 24-октябрда үйдөгү кичинекей наристе үчүн дары алууга Бишкектин Алмата-Түштүк магистраль көчөлөрүнүн кесилишиндеги жайгашкан аптекалардын бирине кирип соода кылайын десем, андагы кыз кыргыз тыйындарын алуудан баш тартып, “тыйындарды акчага алмаштырып кел” деп мага дары сатпай койду. Кокус менин ордумда башка бирөө аргасыз акыркы тыйындарын ...

0 292

Москвада “баатыр” болуп жаткан депутат Баатырбеков “тилден калды”...

27-октябрь 2019, 11:19 Бакыт Молдалиев

Өткөн аптанын дем алыш күндөрү Москва шаарында кичи-футбол боюнча 10-парламенттер аралык мелдеш өтүп, кыргыз депутаттары экинчи орунга ээ болушкан. Анысы го, жакшы, спикерге кошулуп биз дагы куттуктайбыз! Бирок ошол эле оюндар мезгилинде көрүүчүлөр олтурчу жайларда олтурган кыргыз депутаттары өздөрү тарттырып түшкөн сүрөтү коомчулук тарабынан катуу сынга кабылган. Анда Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Алмазбек Баатырбеков адамдар олтурчу олтургучка ...

0 185

ВИДЕО - Кыргызстандык мушкер бразилиялык атаандашын жеңип, "UFC"те алгачкы жеңишти камсыз кылды

Видео 27-октябрь 2019, 10:33 Бакыт Молдалиев

Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев UFC турниринин алкагында бразилиялык Алекс Уайтты жеңип, алгачкы ирет жеке жеңишин камсыз кылды. Беттеш кечээ, 26-октябрда Сингапурда өттү. Үч раунддун жыйынтыгында, калыстардын бир добуштан берген чечими менен жеңиш кыргызстандык мушкердин пайдасына чечилди. Физиев үчүн бул жеңиш - анын UFC те өткөргөн эки беттештин алгачкысы. Ал буга чейин Санкт-Пебербургда өткөн турнирде россиялык ...

0 273

Былтыр кылмышка шектүү катары кармалган айым кечээ Бажы кызматынын төрага орун басарлыгына көтөрүлдү

27-октябрь 2019, 10:17 Бакыт Молдалиев

Мамлекеттик Бажы кызматынын төргасынын жаңы орун басарлары болуп Карашев Замирбек Өскөнович менен Мамбетжунушева Элнура Рыскелдиевна дайындалышты. Муну аталган кызматтын сайтынын сурап-билүү маалымат баракчасынан көрүүгө болот. Ошондой эле Бажы кызматынын басма сөз кызматы айрым жергиликтүү басылмаларга бул маалыматты ырасташкан. Эскерте кетсек, Замирбек Карашев буга чейин “Түндүк” темир бажысын, андан кийин “Манас” бажысын жетектеп келсе, Элнура Мамбетжунушева ошол ...

0 101

ВИДЕО - Кадамжайда Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгы белгиленди

Видео 27-октябрь 2019, 09:18 Бакыт Молдалиев

Баткен облусунун Кадамжай районунда мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгына арналган эскерүү мааракесине президенти Сооронбай Жээнбеков да катышып, сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы өз сөзүндө Абдыкадыр Орозбековдун кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыптандыруудагы өзгөчө ордун белгиледи. Орозбек Абдыкадыровдун 130 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чарага мурдагы премьер-министр Апас Жумагулов, легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов жана башка мамлекеттик ишмерлер, парламентарийлер,  Тажикстан жана Өзбекстандан расмий адамдар, ошондой эле Орозбековдун ...

0 643

Өкмөт башчынын аялы менен депутат айымдын соттук тирешүүсү бүтпөй жатат

27-октябрь 2019, 08:55 Бакыт Молдалиев

Бишкектеги Октябрь райондук сотунда премьер-министр Абылгазиевдин аялы, “Эргене” коомдук фондунун жетекчиси Таалайгүл Сабырбекова менен Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкованын соттук тирешүүлөрү бүтпөй келе жатат. Учурда эки тарап тең маселени тынчтык жолу менен чечүүгө көнбөй турушат. Эми Сабырбекованын жактоочуларынын сунушу менен Строкованын айткан сөзү боюнча сот лингивистикалык экспертиза дайындады.  “Мен азыр дагы ошол эле сөздү кайталай алам. Өзүмдүн айткан сөзүмдөн ...

0 283

Кыргызстан Кытайга 10 жыл мурун 10 миллион доллар гана карыз болсо, учурда ал 1,7 млрд долларга жетти!

26-октябрь 2019, 13:46 Бакыт Молдалиев

Эгемендүү Кыргыз Республикасынын коңшу Кытайга болгон карызынын көлөмү өлкөнүн ички дүң продукциясынын 30%ына чапчып барат. Бул тууралуу Дүйнөлүк экономика институтунун иликтөөлөрүнө шилтеме кылып орус басылмалары жазып чыгышты. Андагы маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын 2008-жылы Кытайга карата карызы 10 миллион доллардан ашкан эмес. Демек, 1,7 млрд доллар карыздын дээрлик баары 11 жыл ичинде үйүлгөн. Расмий Пекин мындай суммадагы карыз акчаларды негизинен Кыргызстандагы энергетика ...

0 1320

ВИДЕО - Мирбек Атабеков: "Мага күнөөсүз баланы карматып, каматып эмне азап?"

Видео 26-октябрь 2019, 12:20 Бакыт Молдалиев

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү ырчы Мирбек Атабеков апасынын үйүнө уурулукка кирип, энесин сабоо менен үйдөн бир нече миң доллар алып чыгып кетүүгө шектелип кармалган адам тууралуу видеокайрылуу жасады. Кайрылууда Атабеков бул боюнча соцтармактарда ар кандай аттарды жамынып, жаман пикир жазгандарга таң калып жатканын айтып, чагымчыл сөздөрдү жазууда сак болууну өтүнөт. Эскерте кетсек, Бишкек шаарында ушул жылдын 6-майына ...

0 1034

"Атамбаевди, КСДПны саткан, каршы көрсөтмө берген адамды үй камагына чыгаруу бул - кош стандарттуулук!"

26-октябрь 2019, 10:37 Бакыт Молдалиев

"Атамбаевди, КСДПны саткан, аларга каршы көрсөтмө берген адамды үй камагына чыгаруу бул - кош стандарттуулук!" Мындай пикирин кечээ, 25-октябрда тергөө менен кызматташууга макул болду деп, сот аркылуу тергөө абагынан үй камагына чыгарылган Атамбаевдин мурунку тарапташы Алга Кылычевге жасалган мамиле боюнча бийлик өкүлдөрүнө карата дагы бир КСДПчы Адил Турдукулов соцтармактагы баракчасына жазды. “Үй камагына чыга турган имишти мурда эле укканбыз. Азыр биз ...

0 858

ВИДЕО - Дагестандыктар Конор Макрегордун “пачагын” чыгарабыз деп, Москванын мейманканасына топтолушту

Видео 26-октябрь 2019, 10:16 Бакыт Молдалиев

Айтылуу ирландиялык мушкер (ММА) Конор Макгрегор жайгашкан Москванын "Ритц-Карлтон" мейманкасын бир нече ондогон дагестандыктар курчап алышты. Буга Конордун Хабиб Нурмагомедовдун атына айткан сыны себеп болууда. Мында келишкен дагестандыктар Конордун Хабиб тууралуу, андан башка дегеле жалпы дагестандыктар боюнча айткан сөздөрүнө жооп берүүнү талап кылышууда. Окуя боюнча видео соцтармактарга да тарап жатат. "Бүгүн Конордун дагестандыктар ...

0 289

Орусияда жоокер өзү менен кошо кызмат өтөгөн 8 жоокерди атып өлтүрдү

26-октябрь 2019, 09:25 Бакыт Молдалиев

Кечээ, 25-октябрда Орусиянын Забайкалье аймагындагы Горный айылында аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан жоокер ага берилген табелдик курал менен чогуу кызмат өтөгөн жоокерлерди атып, качып кетти.   Каргашанын кесепетинен ок тийген жети жоокер окуя болгон жерде мүрт кетишсе, дагы бирөөсү ооруканадан өзүнө келе албай каза болгон. Дагы эки жоокер жеңил жаракат алышкан. Маалыматтарда окуя жергиликтүү убакыт боюнча 18:20да, аскердик бөлүктөгү ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 324

Маэда Сигэки, элчи: “Кыргыз мамлекетинин жыргалчылыгына иштөө - мени кубанычка бөлөйт”

26-октябрь 2019, 09:07 Бакыт Молдалиев

Япониянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси болуп жаңы ишке киришкен Маэда Сигэки алгачкы ишин кыргызстандыктарга өзүн тааныштыруу менен бирге эки элдин ортосундагы достукту, экономикалык байланыштарды болгон мүмкүнчүлүктөрүн жумшап, бекемдөө аракеттерин жасаарын айтып баштады. Төмөндө анын кыргызстандыктарга кыргыз тилинде жасаган кайрылуусун беребиз:  - Баарынан мурун элчиликтин ишине колдоо көрсөтүп, шериктеш болгондугуңуздар үчүн ыраазычылык ...

0 590

ВИДЕО: “Жинди кыргыз” – жаңы дүйнө чемпиону! Кубанычтан аккан көз жаштар...

Видео 26-октябрь 2019, 09:08 Бакыт Молдалиев

Индонезиянын борбору Жакарта шаарында кечээ, 25-октябрда өткөн аралаш мушташ жана кикбокс боюнча “One Championship Dawn of Valor” турниринде кыргызстандык мушкер, “Жинди кыргыз” каймана аты менен таанымал болгон Камрян Аббасов жарым орто салмакта учурдагы дүйнө чемпиону, швециялык Себастьян Кадестамды ири эсеп менен утуп, жаңы дүйнө чемпиону аталды.  Бул утуштан соң “Жинди кыргыздын” эсеби 16 утушка чыкты. ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83