www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бакыт Молдалиев

NazarNews порталында башкы директор жана журналист...

Автордун жаңылыктары (304)

0 253

Япон депутаттары кыргыз президентине япон дүкөнүнөн алынган кыргыз балын тартуулашты

23-октябрь 2019, 09:10 Бакыт Молдалиев

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков 22-октябрда, Японияга болгон иш сапарынын алкагында Токио шаарында лидери Гэн Накатани жетектеген «Кыргызстан-Япония» парламенттик достук лигасынын мүчөлөрү менен жолугушту. Анда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, анын ичинде парламенттер ортосундагы өз ара мамилелер боюнча пикир алышуу болду. Президент Сооронбай Жээнбеков Япониянын тарыхый окуясы — император Нарухитонун такка отуруу аземине катышуу ал үчүн сыймык экендигин, байыркы япон салттарынын сакталып келиши ага чоң ...

0 126

Кыргызстандын аймагына мунайды автотранспорт менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды

23-октябрь 2019, 09:14 Бакыт Молдалиев

Кыргыз Республикасынын аймагына мунай жана мунайзаттардын айрым түрлөрүн автотранспорт менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салынып, тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматта айтылгандай, мунай жана мунайзаттардын айрым түрлөрүн автотранспорт менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу көмүскө экономиканы кыскартууга жана тиешелүү каттоосу жок, таризделбеген мунайзаттарды өлкөгө ташып келүүгө чектөө ...

0 442

Үйдүн намысы деген эмне?

23-октябрь 2019, 09:21 Бакыт Молдалиев

Улгайган бир кемпир акырын бөлмөсүнөн чыкты. Конок бөлмөсүнөн небереси менен келининин үндөрү угулуп жатты: - Уулум, дасторкон даяр, тамагыңды куюп койдум. Кел, муздап кала электе ичип ал... Муну уккан чоң эне бөлмөнүн бурчуна айылдан кошо көтөрө келген жер төшөктүн үстүнө олтурду. Небереси чоң энесин көрө калып:  - Чоң эне, келиңиз, чогуу тамак ичели, - деди.

23-октябрь 2019, 09:21 | 442
0 143

ФОТО - Президент Сооронбай Жээнбеков Япониядагы мекендештерибиз менен жолугушту

22-октябрь 2019, 19:10 Бакыт Молдалиев

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-октябрда, Японияга иш сапарынын алкагында анда иштеп-окуп жатышкан кыргызстандык мекендештерибиз менен жолугушту. Жолугушуу Токио шаарында болуп өттү.  Мамлекет башчысы кийин Кыргызстанда колдонуу үчүн Япониянын эң жакшы жактарын үйрөнүүгө умтулган мекендештери менен жолугушуп жатканына кубанычта экенин канааттануу менен белгиледи. Аны менен катар президент Япония Кыргызстанга эгемендүүлүк алгандан бери колдоо көрсөтүп келе жатканын, жалпы жардамдын суммасы 1 млрд. АКШ долларынан ашуун каражатты ...

0 351

4-бөлүк: Акаевдин калпы. Барымтадагылар тагдыры. Уурдалган миллиондор. Генералдын көз жашы...(аягы)

23-октябрь 2019, 09:44 Бакыт Молдалиев

Баткен окуясына 20 жыл! Баткен окуясында барымтадагылар туурасында Турсунбай Бакир уулу ой бөлүшөт. (уландысы) - А эмне үчүн ал тууралуу эч ким айткан эмес? - Мен да ошону түшүнбөйм. Бактысы бар экен, Жумабай өзү айтып калып эстетпегенде, калып кете бермек экен. Бирок, азыр эң жакшы мамиле ошол киши менен. Экөөбүздүн мамилебиз жакшы, катташып турабыз, нары ноокаттык кайнагам да болот ...

0 248

“Кудайдын” “периштелерине” 3 миң сомдон айып салынды

22-октябрь 2019, 17:37 Бакыт Молдалиев

Өзүн “Кудай” атап коомчулукка дүрбөлөң салган Арстан Алайдын тарапташтарына коомдук тартипти бузгандыгы жана милициянын талаптарына баш ийбегендиги үчүн ар бирине 3 миң сомдон айып салынды. Бул тууралуу укук коргоочу Рита Карасартова бүгүн маалымат таратты. Маалыматка ылайык, алар салынган айыпты мыйзамсыз деп таап, аны жокко чыгаруу үчүн Биринчи Май райондук сотуна кайрылышты. Ага чейин ушул эле ...

0 127

Кыргыз президенти Япониянын императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышты

22-октябрь 2019, 14:23 Бакыт Молдалиев

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-октябрда, Японияга иш сапарынын алкагында Япониянын императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышты. Такка отургузуу аземи Токио шаарындагы Император сарайында болуп, анын жүрүшүндө Нарухито сарайдын башкы залында императордук такка отурду, императордук наамы жана кызмат кылууга антын расмий кабыл алуу жарыяланды. Салтанатка бир катар мамлекет башчылары, түрдүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, дүйнөнүн 195 өлкөсүнүн дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү катышты. Жергиликтүүлөр белгилешкендей, бул ...

0 295

Атамбаевдин "аталык” системасын бузган Сооронбай Жээнбековго деле азыр оңой эмес..."

22-октябрь 2019, 13:24 Бакыт Молдалиев

Мындай пикирин коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев соцтармактагы өзүнүн баракчасына Казакстандын мурунку президенти Нурсултан Назарбаев менен азыркы президенти Касым-Жомарт Токаевдин акыркы саясий кадамдарына карата биздин мурунку ажо Атамбаев жана учурдагы өлкө башчысы Жээнбеков менен салыштыруу иретинде жазып чыкты.   “Ошентип президент Токаевдин орто жолдогу бийлиги аягына чыкты көрүнөт... кыргызча айтканда "аркандалган аттай" эле акыбалга келип калыптыр... бечара. Казакстанда тээ илгертеден келе жаткан ...

0 74

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Бириккен Араб Эмираттарында жүрөт

22-октябрь 2019, 11:55 Бакыт Молдалиев

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров ушул күндөрү Дубай шаарында өтүп жаткан жашыл экономика боюнча Бүткүл дүйнөлүк саммитке катышуунун алкагында Бириккен Араб Эмиратынын экономика министри, Кыргыз Республикасы менен БАЭ экономикалык кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын тең төрагасы Султан бин Саид Аль Мансури менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. Андагы маалыматка ылайык, тараптар эки өлкөнүн экономикалык жана инвестициялык кызматташуу ...

0 5653

ФОТО - Өмүрү спирт тармагында иштеп келген, килейген фракцияны жетектеген депутат Баатырбеков Москвага кыргыз “элитасынын” жогорку “үлгүсүн” көрсөтүп келди!

22-октябрь 2019, 11:29 Бакыт Молдалиев

Салык кызматынын, өндүрүштү кайрадан иштетүү тармагынын отличниги, салык кызматынын 3-класстагы кеңешчиси, Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын лидери... Түй ата, санай берсек мындан өткөн элита инсан жоктой көрүнөт экен. Депутаттыкка чейин салык кызматтарында, андан кийин жалаң спирт тармагында иштеп келген депутат Алмазбек Баатырбековдун футболдук стадиондо көрүүчүлөр олтурчу олтургучка бутун коюп, камерага “зор!” деген мааниде баш бармагын чыкыйта чыгарып түшкөн сүрөтү интернет колдонуучулар тарабынан ...

0 249

Асановдун ордуна келген Асанов кызматтан кетиши керек! Же ага генерал чини ыйгарышы зарыл. Эмнеге?

22-октябрь 2019, 10:49 Бакыт Молдалиев

Журналисттик иликтөө жана маалыматтардын чын-төгүнүн аныктоо менен иш алып барган factchech.kg сайты август айында Атамбаев чуусу менен кызматтан алынган Курсан Асановдун ордуна - ички иштер министринин орунбасары болуп келген Памирбек Асанов жаш курагына байланыштуу кызматынан кетиши керектигин же болбосо «КР ИИБ тууралуу» мыйзамына ылайык ага “генерал-майор” чини берилиши керектиги тууралуу жазды. Маалыматтарга ылайык, Памирбек Асанов ушул жылдын ...

0 176

“Күлгөнү үчүн кызматтан алынган” Мамытканов министр Чодуевди “чоочутуп” жатат

22-октябрь 2019, 09:14 Бакыт Молдалиев

Айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы жайыт мал чарба жана балык чарба департаментинин жетекчиси Бакытбек Мамытканов журналисттерге жумуштан мыйзамсыз, күлгөнү үчүн эле алынганын айтып, эми министр Эркинбек Чодуевди мыйзамсыз иш аракеттери үчүн сотко берүүнү көздөп жатканын билдирди. Айтымында, анын кызматтан алынуусуна эч кандай себеп болгон эмес. "Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев коллегияда мени өз каалоосу ...

0 145

 Спорт ордосунун жетекчилиги «Элит хаус» деген жазуу кимге ыңгайсыздык жаратып жатканын түшүнбөй жатат

22-октябрь 2019, 09:08 Бакыт Молдалиев

"Олтургучтар толугу менен жасалып сонун көрүнүп калды. «Элит Хаус» деген жазуу кимге ыңгайсыздык жаратып жатканын түшүнгөн жокмун. Концерт көрүп атканда ыңгайсыз болуп атабы же маанайын түшүрөбү? Түшүнүү оор экен. Бирок жалпы жонунан, келгендер «отургучтар ыңгайлуу болуп калыптыр» деп кетип жатышат". Мындай пикирин Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордонун директорунун орун басары Самат Токтоналиев "Азаттык" радиосуна аталган имаратты оңдоп-түзөө иштеринин алкагында көрүүчүлөр олтурчу ...

0 315

"Икигай. Япондордун узак жана бактылуу жашоосунун сыры" кыргызчага которулду. Анын сыры эмнеде?

22-октябрь 2019, 10:24 Бакыт Молдалиев

Дүйнөдө 2016-жылдан бери 1 жарым миллион нускада сатылган "Икигай. Япондордун узак жана бактылуу жашоосунун сыры"(Англисчеси “IKIGAI The Japanese Secret to a Long and Happy Life by HECTOR GARCIA AND FRANCESC MIRALLES”) аттуу китеп кыргыз тилине которулду. Буга чейин 20 тилге которулуп, 54 өлкөдө сатылган китеп, 21-болуп кыргыз тилине которулду. Бул тууралуу Бишкектеги “Кереге” коомдук фондунун аткаруучу директору, аталаган китепти которуу ...

0 593

3-бөлүк: Акаевдин калпы. Барымтадагылар тагдыры. Уурдалган миллиондор. Генералдын көз жашы...(уландысы)

22-октябрь 2019, 10:23 Бакыт Молдалиев

(уландысы) Турсунбай Бакир уулу: “Кыргыз Эл Баатырын күттүрүп, Максим Бакиев менден 1 сааттай Баткен окуясы тууралуу сурады” - ...Экөөбүз сүйлөшүп олтурдук. Ал ыйлап жатат улам. Жүрөгү ооруп жатат дегенинен Душанбеден алган дарымды бердим. Андан башка бир сумка жылуу кийимдерди Жума Наманганиге бердим, “япондорго берип коюңуз, үшүп калышпасын” деп. Анан генералды сүрөткө тартып алайын десем, “мусулмандар сүрөткө түшпөйт” деп Жума болбойт. Акыры жалдырадым: “Жан ...

0 177

Сооронбай Жээнбеков Токиодогу «Tokyo Rope MFG» корпорациясынын ишмердүүлүгү менен таанышты

22-октябрь 2019, 09:57 Бакыт Молдалиев

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-октябрда, Японияга иш сапарынын алкагында Токио шаарында «Tokyo Rope MFG» корпорациясынын башкы кеңсесине барды. Бул тууралуу президенттин расмий сайты маалымат таратты. Андагы маалыматка ылайык, мамлекет башчысы корпорациянын ишмердиги менен таанышып, анын башкармалыгынын төрагасы Шигето Танака менен жолугушуу өткөрүп, ортодо инвестициялык кызматташтыктын келечеги тууралуу пикир алмашуу болду. Президент «Tokyo Rope MFG» жетекчилиги менен 2017 жана 2018-жылдары Бишкектеги жолугушууларда жетишилген макулдашуулардын ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 127

Өкмөт башчы Бишкекте ишкердин уурдалып-өлтүрүлүшү боюнча кеңешме өткөрдү

22-октябрь 2019, 10:05 Бакыт Молдалиев

Бүгүн, 21-октябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев шаардык ишкер Хуфур Абдурахемандын уурдалып жана андан соң өлтүрүлүшү боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө ички иштер министри Кашкар Жунушалиев катышып, анда ал ишкер жоголгондугуна байланыштуу ички иштер органдары тарабынан бардык тиешелүү ыкчам-издөө чаралары көрүлгөнүн, күбөлөр суралып, учурда 4 шектүү тергөө абагына киргизилгенин, аны менен катар кылмышка тиешеси бар, анын ичинде ишкердин унаасын ...

0 621

Уулдарынын тоюна Бекназаров кимдерди, ал эми депутат-айылдашы Эргешов кимдерди чакырды?

24-октябрь 2019, 14:47 Бакыт Молдалиев

Кечээ, 20-октябрда мурунку депутат, мурунку башкы прокурор Азимбек Бекназаров кичүү уулу Токтогулду үйлөп, Бишкектеги «Ала-Тоо» ресторанында дүңгүрөтүп той берди. Тойго урук-тууган, дос-жарлардан сырткары кыргыз саясатынын “лөктөрү” да келип, эки жашка бакыт каалап кетишти. Бүгүнкү чыккан басылмалардын маалыматтарына таянсак, тойго экс-президент Роза Отунбаева, экс-депутат Өмүрбек Текебаев, мурунку президенттин аппарат жетекчиси, өлкөнүн түштүк аймагынын “саясий кардиналы” Үсөн Сыдыков, ...

0 340

ВИДЕО - Бишкекте 2000ден ашык доллар таап алган бала акчанын ээсинен кайра доллар менен сыйлык алды

Видео 21-октябрь 2019, 14:02 Бакыт Молдалиев

Бишкекте 2200 доллар таап алган Адилет аттуу бала акчанын ээсине кайтарып берди. Бул тууралуу видео соцтармактарга жарыяланды. Анда башка улуттун өкүлдөрү Адилетке “Эркексиң! Эгерде ушул акчанын баарын өзүң эч кимге айтпай иштеткениңде арам болмок, ал эми бул 500 доллар сенин ак ниеттигиң үчүн биз тараптан ыраазычылык менен берилип жаткандыктан, адал болот”, -деп акчаны эки ирет санашып, сыйлык ...

0 99

Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Токиого барды

21-октябрь 2019, 13:43 Бакыт Молдалиев

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-октябрда, иш сапары менен  Токио шаарына (Япония) барды.  Сооронбай Жээнбеков Япониянын императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышат. Ошондой эле иш сапардын алкагында, Кыргыз Республикасынын президентинин Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен эки тараптуу жолугушуусу пландалган. Мындан тышкары, президент Сооронбай Жээнбеков Япониянын ири корпорацияларынын жетекчилери жана Японияда жашаган мекендештерибиз менен жолугушуулары болот. Булак: NazarNews.kg

0 348

Абылгазиев “өрдөк эти” менен өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басарын иштен алды

21-октябрь 2019, 13:02 Бакыт Молдалиев

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Бакыт Калмуратовду кызматтан четтетти. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө айтылат. Андагы маалыматта, «Мухаммедкалый Абылгазиев териштирүү учурунда Бакыт Калмуратовдун дарегине айтылган айыптоолорго байланыштуу укук коргоо органдары адилет жана калыс тергөө жүргүзүшү керек деп эсептейт» деп айтылат. Эске сала кетсек, буга чейин айрым маалымат каражаттары аткезчилик жол менен ...

0 200

Кыргыз маданияты бүгүн: "Пулуң болсо, кулуңмун!"

22-октябрь 2019, 12:46 Бакыт Молдалиев

Кыргыз интернет айдыңында Бишкектин чок ортосунда жайгашкан Кожомкул Кааба уулу атындагы спорт ордосунун оңдоп-түзөө иштеринен кийинки көрүнүш жарыяланып, анда аталган спорт сарайдын жетекчилиги, маданият министрлиги, Кыргызстандын аткаруу бийлиги жана оңдоп-түзөө иштерине көмөк көрсөткөн мекеме сынга кабылды. Сүрөттө көрүнүп тургандай, демөөрчүлүк кылган компания өз аталышын ар бир олтургучка балчайтып жаза берген. Мындан улам интернет колдонуучулардын кыжыры кайнап, “Эми эмне, Элит-хаус ...

0 165

ВИДЕО - Идрис Айтбаев, акын: “Бүгүн интернетти пайдасыз чукугандар – эртеңки көрдү чукуган жалкоолор!”

Видео 21-октябрь 2019, 11:24 Бакыт Молдалиев

Мындай пикирин кыргыздын белгилүү полиглот төкмө акыны Идрис Айтбаев Жалал-Абад шаарынын борбордук стадионунда өткөн китеп фестивалында жаштарга кайрылып жатып билдирди. Төмөндө видеосун сунуш кылабыз.  

0 599

ФОТО - “Алайдын” африкалык чабуулчусу кыргыз кызга үйлөндү

21-октябрь 2019, 10:45 Бакыт Молдалиев

Оштогу “Алай” футболдук клубунун ганалык чабуулчусу Кожо Жоел кыргызстандык кызга баш кошту. Бул тууралуу “Sport – Акиpress” маалымат агенттиги бүгүн, 21-октябрда сүрөттөрү менен бирге жарыялады. Андагы маалыматка ылайык, үйлөнүү той кечээ, 20-октябрда Токмок шаарында өткөн. Футболисттин аялынын аты-жөнү Айзада Жыргалбекова. Тойго Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын мурунку коргоочусу, дагы бир африкалык оюнчу Даниэл Тэго да чакырылган.

0 110

ВИДЕО - "WhatsApp"ка болгон салык революцияга алып келеби?

Видео 21-октябрь 2019, 10:22 Бакыт Молдалиев

Ливандын борбору Бейрутта өткөн аптанын бейшемби күнү башталган бийликке болгон каршылык акциясы дээрлик баардык өлкө аймагындагы ири шаарларды кучагына алды. Алгач Бейрутта миңдеген митингчилер көчөлөргө чыгышып, автоунаалардын дөңгөлөктөрүн өрттөө менен шаардын түндүк жана түштүк тараптарын бириктирп турган көчөнү бууп салышкан. Кийин “Франс пресс”  дүйнөлүк басылмасы “Учурда Бейруттун көчөлөрү согуш талаасына окшоп турат: өрттөлгөн дөңгөлөктөр, айнектердин сыныктары, таштандылардын чачырандылары... ...

0 610

ВИДЕО - Бишкектик 12 жашар “калькулятор бала” орустардын студенттерин уят кылып, калыстарды жана көрүүчүлөрдү таң калтырды

Видео 21-октябрь 2019, 10:42 Бакыт Молдалиев

Россиянын “Россия-1” телеканалында өтүп жаткан “Таң калычтуу адамдар” телеберүүсүндө Бишкектен барган Арсен Рахымбеков Россиянын жогорку окуу жайларында окуган 3-курстун студенттери менен эсеп чыгарууда жарышып, аларды такыр эле караандатпай койду. Ал бул таланты менен анда олтурган калыстарды жана берүүнүн көрүүчүлөрүн таң калтырды. Арсен Рахымбеков болгону 12 жашта. Мектептен сырткары агасы менен биргеликте Жакшылык Матанов негиздеген "Интеллект” окуу борборунда кошумча билим ...

0 116

Кыргыз президенти япон императорун такка отургузуу аземине катышуу үчүн Японияга учуп кетти

21-октябрь 2019, 08:53 Бакыт Молдалиев

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 20-октябрда, иш сапар менен Японияга учуп кетти. Сооронбай Жээнбеков Япониянын Императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышат. Айрым маалыматтарга ылайык, ал азем эртең, 22-октябрда Япониянын борбору Токидо өтөт. Ошондой эле иш сапардын алкагында, Кыргыз Республикасынын президентинин Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен эки тараптуу жолугушуусу пландалган. Мындан тышкары, президент Сооронбай Жээнбеков Япониянын ири корпорацияларынын жетекчилери жана Японияда жашаган мекендештерибиз, ...

0 977

ВИДЕО - "Сен билесиңби, мен кимдин кызымын?" - Бишкекте жол кырсыгына себепкер болгон мас кыздардын видеосу тарады

Видео 20-октябрь 2019, 15:31 Бакыт Молдалиев

Бишкекте жол кырсыгына кабылган автоунаанын ичинде кыздар мас абалында болушкан. Бул тууралуу маалымат видеосу менен биргеликте бүгүн соцтармактарга тарады. Автоунаалардын бул кагылышууларынан улам 3 автоунаа жабыр тарткан. Видеодон жол кырсыгына себепкер болду делген автоунаадан чыккан кыздардын бири “Сен билесиңби, мени кимдин кызы экенимди?!” деп башка жабыр тарткан автоунаанын айдоочусуна кыйкырып жатканын көрүүгө болот. Окуя Бишкектин кайсы жерде болгону азырынча ...

0 369

ВИДЕО - Ташкентте миң түстүү “бийчи” фонтан коноктордун “оозун Ошту каратып жатат”

Видео 20-октябрь 2019, 14:27 Бакыт Молдалиев

Sputnik Узбекистан "Tashkent City” аталыштагы парктын ачылышындагы өзгөчө миң түстүү “бийчи” фонтан тууралуу маалыматты видеосу менен бирге жарыялады. Андагы маалыматка ылайык, Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында “Tashkent City” аталыштагы парктын ачылышы болуп, анын башкы кооздук-шөкөтү катары музыка жана сандаган түстүү жарыктардын коштоосунда “бийлеген” лазердик фонтан болгон. Лазердик фонтан көлдүн аймагындагы 1,5 гектар жерди ээлейт. Андан атырылып чыккан суунун бийиктиги 60 метрге чейин жетип, түн ...

0 1876

Аскар Акаев: “Жеңиш жана Хан-Теңири чокуларын өзүбүзгө алып калганыбыз өтө маанилүү болду”

20-октябрь 2019, 13:11 Бакыт Молдалиев

Бул тууралуу пикирин Кыргызстандын алгачкы ажосу Аскар Акаев “Азия news” басылмасынын кабарчына жооп берип жатып билдирди. “Кыргыз-кытай чек ара маселеси XIX кылымда, падышалык Россия жана Цинь кытай империясы тушунда эле пайда болгон. Бул маселе өткөн кылымдын 60-жылдарында өтө курч абалга жеткен. Ошондо СССРдин өкмөт жетекчиси Алексей Косыгин жана Кытай өкмөт жетекчиси Чжоу Энлай чек арада талаш бар экенин расмий ...

0 249

Аскаров: "Кытай-Кыргызстан кызматташтыгы болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлге жетти"

20-октябрь 2019, 12:27 Бакыт Молдалиев

Бул тууралуу Замирбек Аскаров Кытай Эл Республикасынын 13-чакырылыштагы Бүткүл Кытай эл өкүлдөрү кеңешинин Туруктуу комитетинин төрагасынын орун басары Шэнь Юэюэ менен эки тараптуу жолугушуу учурунда билдирди. «Учурда эки өлкөнүн кызматташтыгы болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлге жетти. Эки мамлекеттин башчылары тыгыз жана ишенимдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой жылуу достук мамиледе. Быйыл тараптар бири-бирине жогорку денгээлдеги сапарларды жасап, анда Кыргыз Республикасынын ...

0 281

БШК Жогорку Кеңешке шайлоо кайсы күнү өтөөрүн, ага канча миллион сарпталаарын жарыялады

20-октябрь 2019, 12:25 Бакыт Молдалиев

Борбордук шайлоо комиссиясы Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү эске алуу менен 2020-2021-жылдары шайлоолордун графигин жарыялады. Андагы плдандаштырылган графикке ылайык: 2020-жылдын 12-апрели - 30 жергиликтүү кеңешке шайлоо (алардын ичинен - 25 айылдык кеңеш жана 5 шаар: Ош, Каракол, Балыкчи, Токмок, Майлуу-Суу). 2020-жылдын 4-октябры – Жогорку Кеңешке шайлоо. 2021-жылдын 11-апрели - 418 жергиликтүү кеңешке шайлоо, анын ичинде: -386 кеңешке ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 403

Мамлекеттик менчиктеги жер тилкелерин берүү тартиби бекитилип, мурунку токтомдор күчүн жоготту

20-октябрь 2019, 11:29 Бакыт Молдалиев

Мамлекеттик менчиктеги жер тилкелерин берүү тартиби жөнүндө жобо бекитилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, мамлекеттик менчиктеги жер тилкелерин берүү тартиби жөнүндө жобо айыл чарба, жайыт жерлеринин мамлекеттик фондунун, мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө коруктагы аймактардын, ден соолукту чыңдоочу багыттагы жаратылыштык аймактардын жерлеринен башка мамлекеттик менчиктеги жерлерди жеке жана юридикалык ...

0 348

Бишкектеги ишкерди өлтүрүүгө милиция кызматкерлеринин катыштыгы барбы?

20-октябрь 2019, 11:17 Бакыт Молдалиев

Бишкектеги “Мадина” кафесинин ээси, 38 жаштагы ишкер Хуфур Абдурахеманды өлтүрүп, Кочкор тарапка көөмп салган кылмышка шектүүлөрдүн арасында мурда милицияда иштеген эки милиция кызматкери да бар. Бул тууралуу жергиликтүү ар кайсы басылмалар “өздүк булактарыбыз билдирди” дегенге таянып жазышууда. Бирок, бул тууралуу Бишкек милициясы тараткан расмий маалыматта да айтылат. Андагы маалыматка үңүлсөк, кылмышка шектүүлөрдүн арасында Нарын областында 1964-жылы туулган К.Э. аттуу жаран пенсиядагы ...

0 782

ВИДЕО - Амир Аскаров менен Чолпон Талипбек ютубдан клип талашууда

Видео 20-октябрь 2019, 10:37 Бакыт Молдалиев

Мурда “Non Stop” дуэтинде ырдап келген белгилүү ырчы Чолпон Талипбекти кийинки күндөрү экөө чогуу ырдап, чогуу клипке тартылышкан өнөктөшү ырчы Амир Аскаров сотко берүүгө камынууда. Буга экөөнүн дуэт аткаруусундагы “Жүрөгүм эзилет” аттуу ырдын клибин ютуб каналына жайгаштыруу боюнча автордук укуктары себеп болууда. Себеби, буга чейин аталган клипти экөө тең ютубдагы өз каналдарына жүктөшкөн. Бирок, ушул жылдын 4-октябрында Чолпон Талипбек аталган каналдан Амир ...

0 218

ВИДЕО - Бишкекте аз жерден окуучуларды сүзүп кете жаздаган милиция жоопко тартылабы?

Видео 20-октябрь 2019, 09:04 Бакыт Молдалиев

Кечээ, 19-октябрда Бишкек шаарынын Токтогул жана Тимирязев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө адамдар өтүүчү жол сызыгынан 2 окуучу баланы патрулдук милициянын автоунаасы сүзүп кете жаздаган видеосу интернет айдыңында тараган. Ушул эле күнү видеодогу “башкы каарман” - Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкеринин өздүгү аныкталган жана ага жол эрежесин бузганы боюнча протокол толтурулуп, 3000 сом айып пул салынды. Мындан сырткары аталган кызматкерге карата ...

0 223

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Кыргызтесттен» кандай балл алды?

20-октябрь 2019, 08:32 Бакыт Молдалиев

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү менен бирге «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесине барып, мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктаган тестирлөөдөн өттү. Өкмөт башчы С1 жогорку деңгээли боюнча тест тапшырып, тестирлөөнүн баардык негизги критерийлери боюнча эң жогорку балл алды. Премьер-министр ошондой эле «Кыргызтест» мекемесинин иши жана кыргыз тилин үйрөнүүдөгү ыкмалардын негиздери менен таанышты.

0 1086

Ноокатта төрөткананын 5 миллион сомдук оңдоп-түзөө иштерин бир эле үй-бүлө бүтүрүп берип койду

19-октябрь 2019, 19:28 Бакыт Молдалиев

  Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүндөгү төрөт үйү толугу менен капиталдык оңдоо иштери бүттү. Кызыгы, төрөт үйүнүн бул оңдоо иштерине кеткен чыгымдарды – жалпысынан 5 миллион сомду бир үй-бүлө – Азимжан Баатыров аттуу жергиликтүү аксакал уулдары менен биргеликте көтөрүшкөн. Ага кошумча кайрадан ачылуу аземине “Тез жардам” автоунаасын белекке тапшырышкан. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров соцтармактагы өзүнүн баракчасына ...

0 2561

ВИДЕО - Россияда алтын казуучу холдинг курган дамба жарылып, каза болгондордун саны өсүүдө

Видео 19-октябрь 2019, 16:42 Бакыт Молдалиев

Бүгүн, 19-октябрда Россиянын Красноярск аймагындагы Щетиникино айылында жайгашкан дамба жарылып, анда каза болгондордун саны 15ке жетти. Бул тууралуу баардык орус басылмалары жазышууда. Андагы маалыматтарга ылайык, жарылуу жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 6:00дөр чамасында болгон. Сайга дарыясына курулган дамбанын жарылып кетүүсүнөн улам каза болгондордун саны алгач 13 деп берилсе, акыркы сааттарга алардын саны 15ке жетти. Дагы 14 адам ар кандай жаракаттар менен ...

0 720

ВИДЕО - Назарбаев өткөргөн көкпар оюнунун “дүңгүрөгү” дүң болуп жатат

Видео 19-октябрь 2019, 14:49 Бакыт Молдалиев

Казакстандын маалымат каражаттары мурунку президент Нурсултан Назарбаевдин бир тууган иниси Болат Назарбаев Казакстандын түштүк аймагында кичүү уулунун туулган күнүнүн урматына ири көкпар оюнун өткөрүп бергени тууралуу жазышууда. Маалыматтар негизинен телефонго тартылган видеолор аркылуу youtube каналы менен таркап жатат. Бул тууралуу казак бийлигинин башкы оппозициячысы Мухтар Аблязов да билдирүү таратып, анда Назарбаевдин инисин эмнеге вертолет, атайын автоунаалар коштоп, трассалар жабылганы, ...

0 1013

ВИДЕО - Интернетте бир агабыз "иттей" сонун күлкүсү менен элге позитив тартуулап жатат

Видео 19-октябрь 2019, 13:52 Бакыт Молдалиев

Интернет айдыңында кайсы бир отуруш же кече тартылган видео тарады. Кечеде олтургандардын арасындагы бир адамдын элден башкача күлкүсү - бир гана андагыларды эмес, учурда интернетте олтургандардын баарын күлдүрүүгө аргасыз кылып жатат. Видео качан, кайсы жерде тартылганы белгисиз. Бирок, андагы сүйлөшүп жаткан сөздөрдүн диалектисине карасак, видео өлкөбүздүн түштүк аймагында тартылган. Булак: NazarNews.kg

0 1188

Бишкектеги “Мадина” кафесинин ээсинин өлтүрүлүп, көмүлгөн сөөгү Кочкордон табылды

19-октябрь 2019, 12:09 Бакыт Молдалиев

Дээрлик 15 күндөн бери дайынсыз болуп, туугандары жана милиция тарабынан изделип жаткан Бишкектеги “Мадина” кафесинин ээси, 38 жаштагы ишкер Хуфур Абдурахемандын сөөгү Нарын облусунун Кочкор районунан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда белгилүү болду. Маалыматтарга ылайык, анын өлүмүнө шектүү катары 5 жаран кармалган жана алардын көрсөтмөсү менен Кочкор районунда анын көмүлгөн сөөгү табылды. Ал эми анын машинесин кара ...

0 2249

 Аскар Акаев: "Төңкөрүш болбогондо, күзүндө Кыргызстанды бир да доллар тышкы карызы жок өлкө катары кийинки президентке өткөрүп кетмекмин"

19-октябрь 2019, 11:18 Бакыт Молдалиев

Мындай пикирин Кыргызстандын алгачкы президенти Аскар Акаев "Азия news" басылмасына берген маегинде билдирди.  Анда ал эгемендүү Кыргызстандын алгачкы жылдарында сырттан канча акча карыз алгандыгы, канчасы кечирилгени, кандайча 2005-жылдын күзүндө Кыргызстанды тышкы карыздардан толук кутулта ала турган пландары болгону тууралуу кеп салат.  "Эгемен Кыргызстандын алгачкы 14 жылында (өтө оор мезгилде) чет жактан биз 1,8 млрд. доллар карыз алганбыз. Анын 550 млн. ...

0 288

Өзбекстанда сырттан келчү кымбат автоунааларга бажы төлөмү жоюлуп жатса, Кыргызстанда 11 эсе көбөйгөнү турат

19-октябрь 2019, 10:46 Бакыт Молдалиев

Өзбекстанда импорттогу бажы салыктары жана өлкөгө алып келинген товарларга салынуучу кошумча салыктарга өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда. Андагы маалыматтарга ылайык, 2020-жылдын 1-январынан баштап Өзбекстанга ташып келинүүчү кымбат автоунаалар, тагыраагы, заводдон чыкканына 2 жыл болгон, баасы 40 миң доллардан жогору жеңил автоунааларга 20 пайыздык бажы төлөмдөр жокко чыгарылат. Ал эми Кыргызстанда тескерисинче, 2020-жылдын 1-январынан тарта өлкөгө ...

0 313

ВИДЕО - Жалал-Абадда Сирияда согушуп келген жаран кармалды

Видео 19-октябрь 2019, 10:26 Бакыт Молдалиев

Сирияга барып согушка катышып, учурда Жалал-Абадда жашырынып жүргөн 25 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Андагы маалыматка ылайык, 18-октябрда Жалал-Абад ОИИБинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын жана УКМКнын Жалал-Абаддагы облустук башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөөнүн натыйжасында, Жалал-Абад шаарынын 1994-жылы туулган А.Д. аттуу тургуну кармалды. Ал 2014-жылы Түркия мамлекети аркылуу Сирия мамлекетиндеги ...

0 204

ВИДЕО - Чечилбеген чек ара көйгөйү. Бул тууралуу Чубак ажы Жалилов эмне дейт?

Видео 19-октябрь 2019, 10:07 Бакыт Молдалиев

"Чек ара маселесинде да баягы эле каныбызга сиңген “мен кыйынмын”, “сен кыйынсың” деп, ошону баарына далилдегенге жан талашмай. Чек аранын жанына барбай эле, ысык төшөктө аялынын койнунда жатып алып, анын берген кашасын жеп, анан интернеттен “андай кылыш керек, мындай кылыш керек” деп жазып коймой. Адамдарды уруштурганга усталар бар, этият бололу! Качан гана чек ара такталат, ошондо гана көйгөйлөр чечилет. Чек ...

0 287

"Коррупция менен күрөшөбүз!" деген ураанды айтууга мындан ары эч кимдин моралдык укугу жок

19-октябрь 2019, 10:06 Бакыт Молдалиев

Бул тууралуу мурунку Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев соцтармактагы өзүнүн баракчасына жазып чыкты. "Коррупция менен күрөшөбүз" - деген ураанды айтууга мындан ары эч кимдин моралдык укугу жок... күрөштүн жыйынтыгы ушундай болуп жаткандан кийин... Пара алып, анысы далилденип 12 жылга соттолгон кылмышкер бир жылда бошоп, эркиндикке чыгып жатса, эми президент Сооронбай Жээнбеков элге чыгып эмне деп айтат, билбейм... ...

0 141

Нурбек кары Орунбаев: «Өзүңдө жок нерсени балаңа кантип үйрөтөсүң?..»

19-октябрь 2019, 10:08 Бакыт Молдалиев

Мындай пикирин Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев "Жасем ал Сани" атындагы мечитте, 18-октябрь күнү «Өзүнүн жанын өзү кыюу (Суицид)» темасындагы жума баянында айтып өттү. «Чындыгында суицид маселесинин себептери көп. Технологиянын өнүгүүсү менен өзүнүн жанын өзү кыйгандардын саны жана себептери да артты. Ата-энелер биздин келечегибиз болгон жаш өспүрүмдөргө өз мээримин төгүп, туура тарбиялоосу зарыл! Бирок ата-эне өзү ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 206

Атамбаевден "экс-президент" макамын алуунун мыйзамдуулугу каралат

19-октябрь 2019, 09:18 Бакыт Молдалиев

Жогорку соттун Конституциялык палатасы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден экс-президент деген макамды алуунун Баш мыйзамга ылайыктуулугун 23-октябрда карайт. Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) маалымат кызматы билдирди. Жогорку Кеңеш быйыл 27-июнда «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиги» жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизип, Алмазбек Атамбаевди экс-президент деген макамдан ажыраткан. Парламенттин мындай чечимин Атамбаев таануудан баш тартып, Конституциялык палатага кайрылган. Алмазбек Атамбаев Конституциялык палата ...

0 432

“Кудайга” кылмыш иши козголду

19-октябрь 2019, 10:14 Бакыт Молдалиев

Бишкек милициясы тарабынан айтылуу “Зима не будет” - Арстан Алайдын "Кудаймын" деп айткан сөзү боюнча "расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар ортосундагы кастыкты козутуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын билдирди. Андагы маалыматтарга ылайык, бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Эскерте кетсек, буга чейин “Зима не будет” ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83