www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бакыт Молдалиев

NazarNews порталында башкы директор жана журналист...

Автордун жаңылыктары (461)

0 490

Бишкекте ооруп жаткан наристе үчүн кыргыз кызы кыргыз тыйынына дары сатпай койду

Видео 27-октябрь 2019, 12:11 Бакыт Молдалиев

Бул тууралуу маалыматты black_list.kg аккаунту Интсаграммдагы баракчасына видеосу менен бирге жарыялады. Анда аталган аккаунтка Алышпаева аттуу жаран “Саламатсыздарбы! Мен 24-октябрда үйдөгү кичинекей наристе үчүн дары алууга Бишкектин Алмата-Түштүк магистраль көчөлөрүнүн кесилишиндеги жайгашкан аптекалардын бирине кирип соода кылайын десем, андагы кыз кыргыз тыйындарын алуудан баш тартып, “тыйындарды акчага алмаштырып кел” деп мага дары сатпай койду. Кокус менин ордумда башка бирөө аргасыз акыркы тыйындарын ...

0 323

Москвада “баатыр” болуп жаткан депутат Баатырбеков “тилден калды”...

27-октябрь 2019, 11:19 Бакыт Молдалиев

Өткөн аптанын дем алыш күндөрү Москва шаарында кичи-футбол боюнча 10-парламенттер аралык мелдеш өтүп, кыргыз депутаттары экинчи орунга ээ болушкан. Анысы го, жакшы, спикерге кошулуп биз дагы куттуктайбыз! Бирок ошол эле оюндар мезгилинде көрүүчүлөр олтурчу жайларда олтурган кыргыз депутаттары өздөрү тарттырып түшкөн сүрөтү коомчулук тарабынан катуу сынга кабылган. Анда Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Алмазбек Баатырбеков адамдар олтурчу олтургучка ...

0 217

ВИДЕО - Кыргызстандык мушкер бразилиялык атаандашын жеңип, "UFC"те алгачкы жеңишти камсыз кылды

Видео 27-октябрь 2019, 10:33 Бакыт Молдалиев

Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев UFC турниринин алкагында бразилиялык Алекс Уайтты жеңип, алгачкы ирет жеке жеңишин камсыз кылды. Беттеш кечээ, 26-октябрда Сингапурда өттү. Үч раунддун жыйынтыгында, калыстардын бир добуштан берген чечими менен жеңиш кыргызстандык мушкердин пайдасына чечилди. Физиев үчүн бул жеңиш - анын UFC те өткөргөн эки беттештин алгачкысы. Ал буга чейин Санкт-Пебербургда өткөн турнирде россиялык ...

0 310

Былтыр кылмышка шектүү катары кармалган айым кечээ Бажы кызматынын төрага орун басарлыгына көтөрүлдү

27-октябрь 2019, 10:17 Бакыт Молдалиев

Мамлекеттик Бажы кызматынын төргасынын жаңы орун басарлары болуп Карашев Замирбек Өскөнович менен Мамбетжунушева Элнура Рыскелдиевна дайындалышты. Муну аталган кызматтын сайтынын сурап-билүү маалымат баракчасынан көрүүгө болот. Ошондой эле Бажы кызматынын басма сөз кызматы айрым жергиликтүү басылмаларга бул маалыматты ырасташкан. Эскерте кетсек, Замирбек Карашев буга чейин “Түндүк” темир бажысын, андан кийин “Манас” бажысын жетектеп келсе, Элнура Мамбетжунушева ошол ...

0 141

ВИДЕО - Кадамжайда Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгы белгиленди

Видео 27-октябрь 2019, 09:18 Бакыт Молдалиев

Баткен облусунун Кадамжай районунда мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгына арналган эскерүү мааракесине президенти Сооронбай Жээнбеков да катышып, сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы өз сөзүндө Абдыкадыр Орозбековдун кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыптандыруудагы өзгөчө ордун белгиледи. Орозбек Абдыкадыровдун 130 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чарага мурдагы премьер-министр Апас Жумагулов, легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов жана башка мамлекеттик ишмерлер, парламентарийлер,  Тажикстан жана Өзбекстандан расмий адамдар, ошондой эле Орозбековдун ...

0 673

Өкмөт башчынын аялы менен депутат айымдын соттук тирешүүсү бүтпөй жатат

27-октябрь 2019, 08:55 Бакыт Молдалиев

Бишкектеги Октябрь райондук сотунда премьер-министр Абылгазиевдин аялы, “Эргене” коомдук фондунун жетекчиси Таалайгүл Сабырбекова менен Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкованын соттук тирешүүлөрү бүтпөй келе жатат. Учурда эки тарап тең маселени тынчтык жолу менен чечүүгө көнбөй турушат. Эми Сабырбекованын жактоочуларынын сунушу менен Строкованын айткан сөзү боюнча сот лингивистикалык экспертиза дайындады.  “Мен азыр дагы ошол эле сөздү кайталай алам. Өзүмдүн айткан сөзүмдөн ...

0 303

Кыргызстан Кытайга 10 жыл мурун 10 миллион доллар гана карыз болсо, учурда ал 1,7 млрд долларга жетти!

26-октябрь 2019, 13:46 Бакыт Молдалиев

Эгемендүү Кыргыз Республикасынын коңшу Кытайга болгон карызынын көлөмү өлкөнүн ички дүң продукциясынын 30%ына чапчып барат. Бул тууралуу Дүйнөлүк экономика институтунун иликтөөлөрүнө шилтеме кылып орус басылмалары жазып чыгышты. Андагы маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын 2008-жылы Кытайга карата карызы 10 миллион доллардан ашкан эмес. Демек, 1,7 млрд доллар карыздын дээрлик баары 11 жыл ичинде үйүлгөн. Расмий Пекин мындай суммадагы карыз акчаларды негизинен Кыргызстандагы энергетика ...

0 1382

ВИДЕО - Мирбек Атабеков: "Мага күнөөсүз баланы карматып, каматып эмне азап?"

Видео 26-октябрь 2019, 12:20 Бакыт Молдалиев

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү ырчы Мирбек Атабеков апасынын үйүнө уурулукка кирип, энесин сабоо менен үйдөн бир нече миң доллар алып чыгып кетүүгө шектелип кармалган адам тууралуу видеокайрылуу жасады. Кайрылууда Атабеков бул боюнча соцтармактарда ар кандай аттарды жамынып, жаман пикир жазгандарга таң калып жатканын айтып, чагымчыл сөздөрдү жазууда сак болууну өтүнөт. Эскерте кетсек, Бишкек шаарында ушул жылдын 6-майына ...

0 1114

"Атамбаевди, КСДПны саткан, каршы көрсөтмө берген адамды үй камагына чыгаруу бул - кош стандарттуулук!"

26-октябрь 2019, 10:37 Бакыт Молдалиев

"Атамбаевди, КСДПны саткан, аларга каршы көрсөтмө берген адамды үй камагына чыгаруу бул - кош стандарттуулук!" Мындай пикирин кечээ, 25-октябрда тергөө менен кызматташууга макул болду деп, сот аркылуу тергөө абагынан үй камагына чыгарылган Атамбаевдин мурунку тарапташы Алга Кылычевге жасалган мамиле боюнча бийлик өкүлдөрүнө карата дагы бир КСДПчы Адил Турдукулов соцтармактагы баракчасына жазды. “Үй камагына чыга турган имишти мурда эле укканбыз. Азыр биз ...

0 900

ВИДЕО - Дагестандыктар Конор Макрегордун “пачагын” чыгарабыз деп, Москванын мейманканасына топтолушту

Видео 26-октябрь 2019, 10:16 Бакыт Молдалиев

Айтылуу ирландиялык мушкер (ММА) Конор Макгрегор жайгашкан Москванын "Ритц-Карлтон" мейманкасын бир нече ондогон дагестандыктар курчап алышты. Буга Конордун Хабиб Нурмагомедовдун атына айткан сыны себеп болууда. Мында келишкен дагестандыктар Конордун Хабиб тууралуу, андан башка дегеле жалпы дагестандыктар боюнча айткан сөздөрүнө жооп берүүнү талап кылышууда. Окуя боюнча видео соцтармактарга да тарап жатат. "Бүгүн Конордун дагестандыктар ...

0 309

Орусияда жоокер өзү менен кошо кызмат өтөгөн 8 жоокерди атып өлтүрдү

26-октябрь 2019, 09:25 Бакыт Молдалиев

Кечээ, 25-октябрда Орусиянын Забайкалье аймагындагы Горный айылында аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан жоокер ага берилген табелдик курал менен чогуу кызмат өтөгөн жоокерлерди атып, качып кетти.   Каргашанын кесепетинен ок тийген жети жоокер окуя болгон жерде мүрт кетишсе, дагы бирөөсү ооруканадан өзүнө келе албай каза болгон. Дагы эки жоокер жеңил жаракат алышкан. Маалыматтарда окуя жергиликтүү убакыт боюнча 18:20да, аскердик бөлүктөгү ...

0 357

Маэда Сигэки, элчи: “Кыргыз мамлекетинин жыргалчылыгына иштөө - мени кубанычка бөлөйт”

26-октябрь 2019, 09:07 Бакыт Молдалиев

Япониянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси болуп жаңы ишке киришкен Маэда Сигэки алгачкы ишин кыргызстандыктарга өзүн тааныштыруу менен бирге эки элдин ортосундагы достукту, экономикалык байланыштарды болгон мүмкүнчүлүктөрүн жумшап, бекемдөө аракеттерин жасаарын айтып баштады. Төмөндө анын кыргызстандыктарга кыргыз тилинде жасаган кайрылуусун беребиз:  - Баарынан мурун элчиликтин ишине колдоо көрсөтүп, шериктеш болгондугуңуздар үчүн ыраазычылык ...

0 636

ВИДЕО: “Жинди кыргыз” – жаңы дүйнө чемпиону! Кубанычтан аккан көз жаштар...

Видео 26-октябрь 2019, 09:08 Бакыт Молдалиев

Индонезиянын борбору Жакарта шаарында кечээ, 25-октябрда өткөн аралаш мушташ жана кикбокс боюнча “One Championship Dawn of Valor” турниринде кыргызстандык мушкер, “Жинди кыргыз” каймана аты менен таанымал болгон Камрян Аббасов жарым орто салмакта учурдагы дүйнө чемпиону, швециялык Себастьян Кадестамды ири эсеп менен утуп, жаңы дүйнө чемпиону аталды.  Бул утуштан соң “Жинди кыргыздын” эсеби 16 утушка чыкты. ...

0 318

Өз тарапташтарын "сатты" деген Алга акыры үй камагына чыкты

26-октябрь 2019, 09:10 Бакыт Молдалиев

Учурда УКМКнын тергөө абагында жаткан мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жакын адамы саналган Алга Кылычев үй камагына чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда Биринчи Май райондук сотунун өкүлү маалымат таратты. Андагы маалыматка ылайык, Кылычев тергөө менен кызматташуу келишимине макул болгон жана анын жактоочусунун берген өтүнүчү менен ал үй камагына чыгарылган. Эскерте кетсек, ушул жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында Атамбаевди кармоо операциясы учурунда эл ...

0 171

Кызыл-Кыяда жаштар арасында Куран окуу жарышы болуп өттү

26-октябрь 2019, 09:11 Бакыт Молдалиев

Бүгүн, 25-октябрда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жаштар арасында Куран окуу боюнча жарыш өттү. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиргендей, Кызыл-Кыя шаардык хатибияты тарабынан уюштурулган сынакка дин кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышып, жарыштын соңунда 1-2-3-орундарга ээ болушкан жеңүүчүлөргө жана активдүү катышуучуларга Кызыл-Кыя шаардык хатибияты тарабынан атайын белектер берилди. Белгилей кетсек, иш-чара жергиликтүү ишкерлердин демөөрчүлүгү менен ишке ашырылган. Булак: NazarNews.kg

0 205

Бакыт Төрөбаев: "Сот-укуктук реформада радикалдуу кадам жасалды"

26-октябрь 2019, 09:14 Бакыт Молдалиев

Бүгүн, 25-октябрда «Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынын жыйынында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган сот-укуктук  реформанын  алкагында, жаңы кодекстерди жана  мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча КР Өкмөтүнүн, Жогорку сотунун, Башкы прокуратурасынын, Улуттук   коопсуздук  боюнча мамлекеттик комитетинин ошондой  эле судьяларды тандоо боюнча кеңешинин жана соттор кеңешинин ишмердүүлүгү каралды. Фракция лидери Бакыт Төрөбаев 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген жаӊы кодекстердин жүзөгө ашырылышы боюнча күч органдарынын жана сот ...

0 388

ВИДЕО - Жалал-Абадда той учурунда "бой" болду

Видео 25-октябрь 2019, 17:50 Бакыт Молдалиев

Интернетте үйлөнүү үлпөтү учурунда жаштардын массалык мушташуусу катышкан видео бүгүн, 25-октябрда тарады. Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгы билдирген маалыматка караганда, окуя аталган областтын Ноокен районунда болгон. Мушташтын кесепетинен ооруканага 23 жана 25 жаштагы эки жаран кайрылган, бирок, бирок алган жаракаттары олуттуу болбогондуктан, алар алгачкы медициналык жардам алган соң кетип калышкан. Ал эми милициянын билдиришинче, бул тууралуу арыз жазуудан жана экспертизадан ...

0 283

Абылгазиев Москвада КМШнын өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышууда

25-октябрь 2019, 16:34 Бакыт Молдалиев

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Россия Федерациясынын Москва шаарындагы иш сапарынын алкагында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынынын чакан курамынын отурумуна катышууда. Жыйын башталардан мурда делегация жетекчилери менен учурашуу, ошондой эле чогуу сүрөткө түшүү аземи болду. Андан соң Кеңештин кеңейтилген курамдагы жыйыны болот, анын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлат. Белгилей кетсек, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын күн тартибине ...

0 271

Атамбаевдин тергөө камагындагы мөөнөтү узартылды

25-октябрь 2019, 16:32 Бакыт Молдалиев

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин абактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда Биринчи Май райондук сотунун билдирүүсүнө таянып, "Кабар" маалымат агенттиги жазды. Андагы маалыматка ылайык, учурда соттук териштирүү жүрүп жаткандыктан судья Э. Каипов айыпталуучуну соттук териштирүүнүн мөөнөтү аяктагыча камакта калтырды. Мыйзам боюнча соттук териштирүүнүн мөөнөтү эки айды түзөт. Чечим Атамбаевдин катышуусуз кабыл алынды. "Эгер ал убакытта иштин каралышы аягына чыкпаса, ...

0 265

Ысык-Көлдөгү туризмди өнүктүрүүгө деп 55 миллион доллар келе жатат!

25-октябрь 2019, 16:58 Бакыт Молдалиев

Эл аралык өнүгүү ассоциациясы Ысык-Көл облусундагы туризмди өнүктүрүү үчүн Кыргызстанга 55 миллион доллар бөлөт. Тиешелүү токтом долбоору ратификациядан өтүү үчүн парламентке жөнөтүлдү. Бул каражат Казакстан менен байланыштырган Түп - "Каркыра" көзөмөл өткөрүү бекетинин ортосундагы жолду оңдоп-түзөөгө жана “Каркыра” туристтик лагерине алып барчу жолду оңдоого жумшалат. Долбоордун алкагында жолдорду тейлей турган техникалар жана кар тазалоочу машиналар сатылып алынат. Каражаттын бир бөлүгү ...

0 339

АУДИО - ВИДЕО - Ошто курула турган Ломоносов атындагы Москва университетинин филиалынын 3D көрүнүшү жарыяланды

Аудиофайл Видео 25-октябрь 2019, 15:37 Бакыт Молдалиев

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Ош шаарында курула турган Ломоносов атындагы Москва университетинин филиалынын 3D көрүнүшүнүн видеосун жарыялады. Министрлик тараткан маалыматка ылайык, имараттын курулушу бир айдын ичинде башталат. Ишке берилген учурдан тарта аталган окуу жайда колдонмо математика жана информатика, геология, орус тили жана адабияты адистиктери боюнча студенттер окутулат. Эскерте кетсек, Кыргызстанда Москва мамлекеттик университетинин филиалын ачуу жазында Бишкекте өткөн Россиянын ...

0 611

АУДИО - Айнуру Алтыбаева, депутат: “Ундун баасы эки эсе көтөрүлүп, эл кыйналып жатат"

Аудиофайл 25-октябрь 2019, 15:19 Бакыт Молдалиев

“Ундун баасы эки эсе көтөрүлүп, эл кыйналып жатат. Монополияга каршы агенттик эмнени карап жатат?” Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда КСДП парламенттик фракциясы Өкмөткө караштуу Монополияга каршы агенттиктин ишмердүүлүгү боюнча маселени кароо учурунда депутат Айнуру Алтыбаева аталган агенттиктин ишин сынга алып жатып айтып өттү. Анын айтымында, ун жана көмүрдүн баасы кескин көтөрүлүп кеткенине карабай агенттик эч кандай чара колдонбой жатат. Алтыбаева агенттиктин директору Шухрат ...

0 328

ВИДЕО - Өзбекстандагы бала-бакчалардын биринде тарбиячы балдарды сабап жаткан видео тарады

Видео 25-октябрь 2019, 14:20 Бакыт Молдалиев

Хорезм облусунун Ургенч районундагы бала бакчалардын биринде ата-энелер тарбиячыны балдарды сабоого айыптоодо. Алар видеокөзөмөл камерасындагы жазууларды текшерип чыгышкан. Анда тарбиячы Севара Султанова балдарды сызгыч менен сабап, чымчып, кечке телефон менен сүйлөшүп отурганын көрүүгө болот. Ата-энелер райондук мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын жетекчилиги тарбиячыга карата чара көрбөгөнүн сынга алышууда. Мектепке чейинки билим берүү министрлиги бул боюнча комментарий бере ...

0 240

АУДИО - Ак-Сууда мектеп жашындагы 300гө жакын ата-энеси жок балдарга кийим-кече таратылды

Аудиофайл 25-октябрь 2019, 13:54 Бакыт Молдалиев

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Теплоключенко айылында мектеп жашындагы 300 жетим балага кийим-кече таратылды. Бул туурасында Ак-Суу районунун баш имам хатиби Асантур ажы Абдрахманов билдирди. “Бүгүнкү болуп жаткан иш-чара “Адеп-ахлак” кайрымдуулук фонду тарабынан өткөрүлүүдө. Хатибият бул фонд менен кызматташып, бүгүнкү күндө район боюнча 300 мектеп жашындагы жетим балдар-кыздарга кийим-кече таратылып, кубанычтарына шериктеш болуудабыз”,- деди Асантур ажы Абдрахманов. Аталган фонддун жетекчиси ...

0 611

ВИДЕО - Киев мэри, боксер Виталий Кличко журналистке кол салып, телефонун чаап жиберди

Видео 25-октябрь 2019, 11:05 Бакыт Молдалиев

Украинанын борбору Киев шаарынын мэри, айтылуу боксчу Виталий Кличко эл менен болгон жолугушуулардын биринде ага журналисттин ыңгайсыз суроо бергендиги үчүн ачууланып, анын тартып жаткан телефонун чаап жиберген маалымат видеосу менен бирге тарады. Видеону «Стопкор» аттуу коррупцияга каршылык көрсөтүү кыймылы боюнча коому Фейсбуктагы баракчасына 22-октябрда жарыялаган. Андагы маалыматка ылайык, окуя украин аткаминерлеринин Соломен районунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда орун алган. Видеодо айланасында курчап ...

0 812

Бекназаровдун чоң баласынын өкүл атасы делген Бабанов эмнеге Бекназаровдун кичүү уулунун тоюна барбай койду?

25-октябрь 2019, 11:12 Бакыт Молдалиев

Руслан Казакбаев уулун үйлөп, элден бата алган тойдо “Текебаев-Атамбаев-Бабанов” тандеми түзүлгөнү тууралуу пикир жаралган. Өткөн жекшемби күнү эки революциянын бульдезору Азимбек Бекназаров көкүрөк күчүгү Токтогулду үйлөп, той берип ошол эле Өмүрбек Бабанов менен Руслан Казакбаевди конокко расмий чакырса да келбей коюшкан. Бул тууралуу “Жаңы Ордо” басылмасы жаңы чыккан санында жазды. “Саясаттагы эл билбеген көп сырлар тойдо ачыктала баштады. Руслан ...

0 172

ВИДЕО - Керээли-кечке компьютерде олтурган кеңсе кызматкерлери кийин кандай акыбалга туш болот?

Видео 25-октябрь 2019, 11:21 Бакыт Молдалиев

Европалык окумуштуулар ыңгайсыз шарттарда 20 жана андан көп жыл иштегенге аргасыз болуп жүрүшкөн кеңсе (офис) кызматкерлери убакыт өткөн сайын кандай ооруларга чалдыгышаарын, дене-түзүлүштөрү, өң-келбеттери кандай болуп калаары тууралуу Эмма аттуу модель жаратып, анын негизинде түшүндүрмө беришти. Анда айтылгандай, окумуштуулар Улуу Британия, Франция жана Германия өлкөлөрүндөгү 3 миң кеңсе кызматкеринин арасында иштөө шарттары, алардын ден-соолуктары тууралуу сурамжылоо жүргүзүшүп, анын натыйжасында ...

0 1284

Нурлан Мотуев: "Камчынын таасири деле калбаптыр. Батукаевден бийлик чочулап, түрмө жетекчилери коркуп турушчу”

25-октябрь 2019, 09:24 Бакыт Молдалиев

“Чынында эле ушундай. Эки жыл мурда менин түрмө жетекчилиги менен салгылашканыма бийлик да, “мыйзамдагы ууру” Камчы да кайдыгер карап коюшкан. Кайра өзүмдү күнөөкөр кылып, бир жыл зонага айдап жиберишкен. Ошондо эле түңүлгөм, “уурунун” таасири деле калбаптыр деп. Батукаев бар кезинде, андан бийлик чочулап, түрмө жетекчилери болсо коркуп турушчу”. Мындай пикирин коомчулукка ар кайсы күтүүсүз кадамдары, чакырыктары менен белгилүү болгон ...

0 1302

Бакыт Төрөбаев: “Мен кайра-кайра депутат болуп келе бергенден уялбайм!”

25-октябрь 2019, 09:07 Бакыт Молдалиев

Мындай маанидеги пикирин Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев “Марал” радиосунун “Айлампа” берүүсүндө радио угармандын суроосуна жооп берип жатып билдирди. Анда угармандардын бири: “Мурунку депутаттар, тагыраагы, кайра-кайра депутат боло бергендер эмне үчүн ал жерден кеткиси келбейт? Эмне, алар депутаттыкты менчиктештирип алганбы? Ошон үчүн партия лидерлери шайлоонун сценарийин өздөрү түзүп жатышат. Анан өздөрү билип, шайлоо тизмесине бул кирсе болот, бул болбойт ...

0 361

Жалал-Абад: Мэриядагы уурулук. Мыйзам билбеген депутаттар...

25-октябрь 2019, 09:28 Бакыт Молдалиев

Аталган шардык кеңештин өткөн сессиясында депутаттар “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгынын башчысы Төлөн Бакировго ишенбөөчүлүк көрсөтүү маселесин карашып, бирок, алар кабыл алган токтом мыйзамсыз экенин шаардык прокуратура көздөрүнө сайып көрсөтүп берип койду. Эми депутаттар жана аларды “көмүскө” тукурган болушу мүмкүн болгон айрым күчтөр эмне кылышаарын билбей, баштарын кашып турган чагы. Ошол эле Төлөнов жергиликтүү аткаруу бийлиги ...

0 566

Өзбекстанда блогер кызды эркектердин көзүнчө жылаңач чечиндиришип, жиндиканага жаткырып коюшкан

25-октябрь 2019, 09:19 Бакыт Молдалиев

21-октябрда Өзбекстандын акыйкатчысы башында турган атайын комиссиянын мүчөлөрү психиатриялык клиникага мажбурлап жаткырылган блогер Нафосат Оллашукурова менен жолугуп чыгышты. Комиссиянын курамындагы активисттердин бири Нафосат Оллашукурованын иши боюнча толук баяндама жакынкы убактарда жарыялана турганын билдирди. - Оллашукурова комиссия мүчөлөрүнүн баардык суроолоруна так жана логикага ылайык жооп берди. Үч саатка созулган сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ал 37 жолу оорулуу эмес экенин айтып, 21 жолу бул клиникадан чыгарууну өтүндү. ...

0 482

Шок! Токмокто эгиз төрөлгөн балдардын бирин врачтар алып, ордуна аборт болгон жансыз денени карматып коюшкан

24-октябрь 2019, 17:11 Бакыт Молдалиев

Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда “Коомдук анализ” ачык коомунун жетекчиси, укук коргоочу Рита Карасартова айтып чыкты. Ал коррупцияга такыр эле чөгүп кеткен медицинадагы кечирилгис, өтө уятсыздык алдамчылык боюнча чындык таппай жүргөн келиндин катын жарыялап, ага кандай жардам берүү керектиги тууралуу коомчулукка кайрылуу жолдоду. Төмөндө чындык таппай чыркыраган ал келиндин укук коргоочуга жазган катын толугу менен беребиз: -Эже, сиздин жардамыңызга муктажмын. Эмне кылышым ...

0 148

Мухаммедкалый Абылгазиев Орусияга кетти

24-октябрь 2019, 16:34 Бакыт Молдалиев

Бүгүн, 24-октябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Россия Федерациясынын Москва шаарына иш сапар менен учуп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. Андагы маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында өкмөт башчы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына, ошондой эле ушул жылдын 25-октябрында өтө турган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги отурумуна катышат. Айтылгандай, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында күн ...

0 462

ВИДЕО - Санкт-Петербургда кыргыз айдоочусу башкарган жүргүнчүлөрү толо кичиавтобус трамвайды сүзүп, оодарылып кетти

Видео 24-октябрь 2019, 16:18 Бакыт Молдалиев

Санкт-Петербургда кыргызстандык Сапарбек Темирбаев аттуу жаран ичи толо жүргүнчүлөрү менен айдап бара жаткан маршруттук кичиавтобусу менен жол чырактын кызылынан өтүп барып трамвайды сүзүп, оодарылган абалда бир нече метрге чейин сүрүлүп токтогон. Бул тууралуу орус басылмалары андагы окуя түшүп калган видеосу менен бирге маалымат таратышууда. Андагы маалыматтарга ылайык, оодарылып кеткен маршруттук кичиавтобустун ичинен 15 адам ар кандай жаракат ...

0 325

ВИДЕО - Жанар Акаев: "Кылмыш дүйнөсү камалгандан коркпой калды. Себеби..."

Видео 24-октябрь 2019, 14:23 Бакыт Молдалиев

“Криминал боюнча Өкмөт башчы, Ички иштер министрлиги мага эмес, элге - коомчулукка, ишкерлерге жооп берсин!” Бул менин же премьердин жеке маселеси эмес, жалпы жарандардын маселеси. Кылмыш дүйнөсү камалгандан коркпой калды, анткени алар соттон акталып чыгып кетүүнү адат кылып алышкан!” Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев бүгүн парламенттин жалпы жыйынында айтып өттү. Буга чейин депутат Жанарбек Акаев өлкөдө криминал таасирин чыңдап жатканын ...

0 1832

Чолпон Абыкеев, жазуучу: “Кыргыз ырлары Кремлде жаңырып тургандын эмнеси жаман?”

24-октябрь 2019, 12:55 Бакыт Молдалиев

Кечээ, 23-октябрда Москванын Кремль сарайында кыргыз ырчысы Самара Каримованын концерти өтүп, бүгүн интернет айдыңында ал концерттин өтүшү тууралуу эки тараптуу пикирлерди жараткан талкуу башталды. Ошентсе да албетте, оң пикирлер басымдуу. Алардын бири, жазуучу Чолпонбек Абыкеев Самарага ийгилик каалап, чыгармачылык жолдун татаал, азабы арбын болоорун, ага чыдаган гана инсан көздөгөн максатына жете алаарын кеңеш катары айткан пикирин жазды. “Самара кызыбыздын Кремлде ...

0 699

"Ош-Бишкек” жолундагы автоунаалардан алынуучу акчалардан миллиондорду кимдер "сугунуп" коюшкан?

24-октябрь 2019, 12:48 Бакыт Молдалиев

Көпчүлүктү кызыктырып келген “Ош-Бишкек” жолундагы тоннелден өткөн автоунаалардан алынуучу төлөмдү автоматташтырылгандан кийин канча акча жыйналаары белгилүү болду. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Жол жана транспорт министрлигинин коллегиялык жыйынында министр Жанат Бейшенов өзү билдирүү таратты. Анын маалыматына ылайык, аталган тоннелден өтүүчү автоунаалардан алынган акча 2019-жылдын 9 айында 48 млн 652,4 сомду түзгөн. Бул былтыркы, 2018-жылдын 9 айына салыштырмалуу 4 млн 579,5 сомго ...

0 1905

Аксыда талашка түшкөн “Падыша-Атаны” сот чечимди кимдин пайдасына чечип берди?

24-октябрь 2019, 11:13 Бакыт Молдалиев

Кечээ, 2019-жылдын 23-октябрь күнү Жалал-Абад областык соту экинчи инстанцияда Аксыдагы Падыша-Ата мамлекеттик коругунда жайгашкан “Падыша-Ата” зыярат кылуучу күмбөздү өз кызыкчылыгын ойлогон жеке кызыкчылыктын тарабына эмес, коруктун, андагы жашаган жергиликтүү Кашка-Суу айылынын жашоочуларынын пайдасына кайрадан чечип берди. Бул тууралуу “Nazarnews”ка бүгүн, 24-октябрда Кашка-Суу айылдык кенешинин депутаты Шекербек Камчыбек уулу билдирди. Анын маалыматына ылайык, Жалал-Абад райондор аралык сотунун өкүмү күчүндө калтырылып, буга чейин ...

0 117

Ички иштер министрлиги өлкөдө кримчөйрөнүн баш көтөрүүгө мүмкүнчүлүгү жок дейт

24-октябрь 2019, 10:22 Бакыт Молдалиев

Бир катар маалыматтык агенттиктер бүгүн, ички иштер министрлигинин дарегине терс сын-пикирлерди айтып, анда криминал баш көтөрүп, ал эми өкмөт алсыз экендигин көрсөтүп, ишкерлер Кыргызстандан чыгып кетип жатышканын, акча каражаттарын чоң компаниялар гана эмес, орто бизнестегилер дагы өлкөдөн чыгарып жатышкандыгын жазышып жатышат. Муну менен катар кримчөйрөсүнүн башчыларын жана УКТ мүчөлөрүн кармап, криминал менен күрөшүүдө саясий эрктин жоктугу белгиленүүдө. Ушуга байланыштуу, ички иштер ...

0 228

Өлкө мектептериндеги башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак берүү мыйзамдаштырылат

24-октябрь 2019, 09:37 Бакыт Молдалиев

23-октябрда Жогорку Кеӊештин жыйынында “Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” мыйзам долбоору 3-окууда каралып, добуш берүүгө жиберилди. Аталган мыйзам долбоорун Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова жалпы жыйынга алып чыккан. Андагы маалыматтарга ылайык, башталгыч класстардын окуучуларына ысык тамак берүү боюнча иш-чаралар өзүнүн актуалдуулугун жана зарылдыгын көрсөттү. Бирок, бул жүрүм мыйзам түрүндө бекитилген ...

0 2774

ВИДЕО - Ырчы кызыбыз Самара Каримованын Кремлдеги концерти ийгиликтүү өттү. Куттуктайбыз!

Видео 24-октябрь 2019, 09:01 Бакыт Молдалиев

Кыргыз ырчыларынан эң алгачкы болуп Кремлде “дың бузган” сыймыктуу ырчы кызыбыз, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримованын 23-октябрда Москва шаарында, тагыраагы, Кремль сарайында өткөргөн жеке концерти жогорку деңгээлде аншлаг менен ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу соцтармактарга жарыяланган фото-видеолор далил болууда. Андагы маалыматтарга ылайык, концерттик зал 6 миң орундуу жана Каримованын концертине дээрлик баардык орундар толгон. Ырчыны ...

0 339

ФОТО - "Сапат" эл аралык билим берүү борбору дагы бир чет өлкөлүк алдыңкы университет менен келишим түздү

24-октябрь 2019, 08:13 Бакыт Молдалиев

Ушул жылдын 22-октябрында Кыргызстандагы эл аралык "Сапат" билим берүү мекемеси Түштүк Кореянын алдыңкы Инха университети (Inha University ) менен билим берүү жаатында кызматташуу келишимине кол койду. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти. Андагы маалыматка ылайык, эми аталган келишимдин негизинде "Сапаттын" бүтүрүүчүлөрү бул университетте түрдүү стипендиялык программалар менен окуй алышат. Кыргызстандагы эл аралык "Сапат" билим берүү борбору окуучуларды сапаттуу окутуу боюнча өлкөнүн сап ...

0 1819

ВИДЕО - Москванын Кремлинде “Эламан” жаңырып, көрүүчүлөр сахнаны “басып” алышты

Видео 24-октябрь 2019, 09:03 Бакыт Молдалиев

Кечээ, 23-октябрдын кечи Москванын жүрөгү болгон Кремль сарайында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримованын концерти аншлаг менен өттү. Бул тууралуу соцтармактарга жарыяланган фото-видеолор далил болууда. Алардын бири катары кыргыздын патриот жигиттеринин бири Мырза Добутов жүктөгөн видеону алсак болот. Анда Ибрагим Жунусовдун тээ илгери популярдуу болгон "Эламан" аттуу ыры жаңырганда, андагы кыргыз көрүүчүлөрдүн аткаруучу менен селфилешүү үчүн сахнаны каптап кеткенин көрө алабыз.

0 1872

ВИДЕО - Депутат Үмбөталы Кыдыралиев дааваттын өзгөчөлүктөрү тууралуу өзгөчө пикирде

Видео 23-октябрь 2019, 19:26 Бакыт Молдалиев

Жогорку Кеңештин депутаты Үмбөталы Кыдыралиев парламентте Өкмөт тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорунун 1-окууда каралып жаткан учурда дааваттын башка дин агымдарындагы үгүт иштеринен өзгөчөлүктөрү бар экендигине басым жасап, анын ички эрежелерине токтолгон.  “Дааваттын өзүнүн ички эрежелери бар. Анда эч ким бирөө-жарымдын үйүнө кирип алып үгүт иштерин жүргүзбөйт. Алар эшикте ...

0 241

Жээнбеков «Ротобо» япон бизнес-ассоциациясынын жетекчилиги менен инвестициялык кызматташтыктын келечегин талкуулады

24-октябрь 2019, 09:18 Бакыт Молдалиев

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-октябрда, Токио шаарында «Ротобо» япон бизнес-ассоциациясынын жетекчилиги менен жолугушуп, анда Кыргызстан жана Япониянын инвестициялык кызматташтыгынын жана ишкерлик чөйрөлөрдүн мамилелерин жакшыртуу келечеги боюнча пикир алышуу болду. «Ротобо» ассоциациясынын өкүлдөрү алар үчүн Кыргыз Республикасынын президенти менен жолугушуу сыймык экенин белгилешип, КМШ, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү инвестициялык кызматташтык жана экономикалык ишмердигин кеңейтүү боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө айтып беришти. Эки өлкөнүн 100дөн ...

0 364

ФОТО - Өкмөт башчы 12 жаштагы "калькулятор бала" менен жолугушуп, ийгилиги менен куттуктады

23-октябрь 2019, 18:29 Бакыт Молдалиев

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 23-октябрда бишкектик жаш математик Арсен Рахымбеков менен жолугушту. Өкмөт башчы Арсенди математика жана менталдык арифметиканы өздөштүрүү менен чоң-чоң жетишкендиктерге жеткени, ошондой эле эл аралык сынактарга жана олимпиадаларга ийгиликтүү катышуусу менен куттуктады. «Өспүрүм кезиңде эле көптөгөн телекөрүүчүлөргө таанылып, алардын жогорку баасына татыдың. Кичинекей кезиңде эле биздин мамлекеттеги өспүрүмдөргө эмгекти сүйүү жана тырышчаактык,  билим алуу жана  жаңы ийгиликтерди багынтуу жагынан үлгү ...

0 489

Парламентте бир партиядан чыгып, кийинки партияларга “тийе” берген “саясий эмелердин” тизмеси жарыяланды. Кимдер алар?

23-октябрь 2019, 17:27 Бакыт Молдалиев

Борбордук шайлоо комиссиясы жалпы кыргызстандыктарга эртеңки – 2020-жылдын 4-октябрында өтүүчү Жогорку Кеңешке карата шайлоого карата старт бергени - парламентте канча жылдан бери ал жактын “кумарын” татып алган карт бөрүлөр көнгөн адат боюнча кезектеги саясий-шахматтык жүрүштөрдү жасоого киришти. Бирок, азырынча ал тууралуу так маалыматтар ачыкка чыга элек болгону менен Kaktus.media буга чейин кайсы депутат кайсы партиялардын канатында күн көрүп, ал ...

0 667

"Бир Бол”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Кыргызстан” партияларын Атамбаев шайлоого жакын өзү эле түзүп салган!

23-октябрь 2019, 15:11 Бакыт Молдалиев

Мындай пикирин саясат талдоочу Табылды Акеров бүгүн, 23-октябрда "Марал" радиосунун суроосуна жооп берип жатып билдирди.  - 2015-жылы “Бир Бол”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Кыргызстан” жана башка партияларды Атамбаев өзү эле түзүп салган. Бул партиялар парламенттик шайлоого 6 ай калганда катталышкан. Ошондуктан “өлкөнү эң алдыңкы мамлекеттердин катарына кошобуз, пенсияны, маянаны чоң өлчөмдө көбөйтүп, Казакстан менен теңейбиз”- деген сыяктуу катуу убадаларды айтышкан. Бул эптеп парламентке өтүү ...

0 287

Синдзо Абэ, Япониянын премьер-министри: «Мен Кыргызстанга барсам, кубанычта болом»

23-октябрь 2019, 14:21 Бакыт Молдалиев

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-октябрда, Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен Токио шаарында жолугушуп, анда кыргыз-япон эки тараптуу кызматташтыктын келечеги талкууланды. Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон алгачкы жолугушуусуна жана анын Японияга визит менен келгенине кубанычта экенин белгиледи. Япониядагы жакында болуп өткөн тайфундун кесепетинен адам курмандыктарына байланыштуу жылуу колдоо сөздөрү үчүн да ыраазычылык билдирди. Парламенттер ортосундагы мамилелер, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу тармактарында ...

0 1626

Экс-депутат Бекназаровдун тоюнда буркурап ыйлап, аксылыктардан кечирим сурады

23-октябрь 2019, 12:39 Бакыт Молдалиев

Бул тууралуу тойдун күбөсү, аксылык аксакалдардын бири Баялы Саркулов бүгүн, 23-октябрда соцтармактагы баракчасына жазды. Төмөндө пикирди толугу менен беребиз: - Бир кезде "Курманжан датка" деген ылакап атка ээ болгон чыныгы коммунист, акыйкаттык, чындык, Кыргыз мамлекетинин бүтүндүгү үчүн зор эмгекти жумшаган Аксы окуясы боюнча эл менен кошо ыйлап, сыздап чындык үчүн күрөшкөн Авлетина Проненко эжекебизди бүгүн көптөр унутуп калды. Кечээ, ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83