www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айдар Нуралиев

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (6209)

0 1246

ФОТО - Турдакун Усубалиевдин раритет унаасы кимге буйруду?

21-октябрь 2019, 19:09 Айдар Нуралиев

Кече, 20-октябрда Кочкор районунда Турдакун Усубалиевдин алгачкы унаасы “Бадырак” фирмасынын жетекчиси Өмүралиев Бакай Асылбековичке  берилди. Унаа 43 жылдан бери айдалбай Абдылдаев Жуманасырдын унаа токтотуучу жайында турган. Бул илгерки унаа көпчүлүктүн кызыгын артып, талашка түшкөн. Ошого карбастан унаанын ээси райондук бизнесменге берүүнү чечкен. Раритет унааны белек кылган Абдылдаев Жуманасыр менен маек курдук: Жуманасыр Буларович бул Турдакун Усубалиевдин алгачкы унаасы сиздин ...

0 292

Назми Байзакова: " Кыздарымдын тапичкесин машинама тумар кылып салып алам"

21-октябрь 2019, 17:42 Айдар Нуралиев

-1999-жылдан бери машина айдап келе жатам, ошондо быйыл туптуура 20 жыл болуптур. Өзүмдүн апам дагы машина айдагандыктан, кичинекей эки жаш курагымдан баштап апам конокко бара жатканда алдына отуруп алчу элем. Ал учурда унаа айдаган айымдар дээрлик жокко эсе болчу. Ошондуктан жолдо бара жатканда элдин бары таң калып карап калышчу эле. Ошондон болсо керек, машина айдоого болгон  кызыгуум бала кезимен эле ...

0 62

Пара алганга шектелген прокурор менен тергөөчү СИЗОго киргизилди

21-октябрь 2019, 17:35 Айдар Нуралиев

Кылмышка шектелип кармалган Жети-Өгүз райондук прокурорунун орун басары менен аталган райондун ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү УКМКнын СИЗОсуна киргизилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту кабыл алган. Эске салсак, 2019-жылдын 16-октябрында УКМК менен Башкы прокуратура биргеликте өткөрүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынны жүрүшүндө Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында алган ...

0 87

Австралиялык гезиттер бүгүнкү санынын биринчи беттерин боёп чыгарышты

21-октябрь 2019, 16:54 Айдар Нуралиев

Австралиялык негизги гезиттердин баары бүгүнкү санынын биринчи беттерин боёп чыгарышты. Бул жергиликтүү журналисттердин бийликтин журналисттерге маалымат берген булактарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу аракетине каршы кампаниясы. Дал ушул убакта өкмөт журналисттерге маалымат берген булактар тууралуу мыйзам долбоорун карап жатат. Журналистердин айтымында, кандай гана маалымат болбосун алар билүүгө жана элге жеткирүүгө укуктуу. Ошондой эле, бийлик финансылык, саясий компаниялар жана климаттын өзгөрүшү  жана ...

0 152

Чиновниктер Тесла минип калышы мүмкүн

21-октябрь 2019, 17:58 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев электр кыймылдаткычы бар транспорт каражаттарын колдонууну өбөлгөлөө жана 2019-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасында кубаттоо инфраструктурасын түзүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү буйругуна жакында эле кол коюлган. Айтылып жаткан документ бир катар салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрдү жоюу боюнча өбөлгөлөөчү чараларды киргизүү жолу аркылуу ...

0 167

Парламенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда болобу?

21-октябрь 2019, 16:14 Айдар Нуралиев

16-октябрда президент Жээнбеков БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алып, алдыдагы шайлоолор боюнча сүйлөшкөн. Анда Шайлдабекова Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо келерки жылы октябрь айында болот деп президентке маалымат берген. Бирок, ал жолугушууда президент шайлоо өз убагында болуш керек деп БШК төрайымынын сөзүн бекемдеген эмес. Расмий маалыматта андай сөз жок. Ошондуктан парламенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда болот экен, ал эмес ...

0 131

Белгилүү журналист Аслан Сартбаев Кубан Мамбеталиевди “.ычкак” деди

21-октябрь 2019, 15:45 Айдар Нуралиев

"Кечээги Бакиевдин “куйругу” Кубан Мамбеталиев кыргыз журналистикасы боюнча ойду-тоону сүйлөп, өзүнчө баа бериптир". Мындай пикирин “Азия Ньюс” гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев өзүнүн социалдык баракчасына жазып чыкты.  "Бул азыр алжып эле калбаса, эскертип коеюн, кандуу режимде Улуу Британияда элчи болчу. Дал ошол кезде биз: Бабырбек Жээнбеков, Кенжебек Арыкбаев, Рыскелди Момбеков, Манас Осмон, Назгүл Мамытова ж.б. журналисттер коомчулуктагы акыйкатты ачыктап, күрөшкөнбүз да! ...

0 80

Дастанбек Жумабеков Түркиянын депутаты Хабибе Очал менен жолугушту

21-октябрь 2019, 15:41 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 21-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Хабибе Очал менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматка караганда, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын 27-чакырылышынын депутаты Хабибе Очал Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чакыруусу менен белгилүү профессор Фуат Сезгинге арналган эл аралык симпозиумга катышуу үчүн Бишкекке келген. 

0 48

Кыргызстандын жаш тескөөчүлөрүнүн командасы Россияда өтө турган ЖКЖТ отряддарынын мамлекеттер аралык слётуна катышат

21-октябрь 2019, 14:15 Айдар Нуралиев

Кыргызстандын жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн (ЖКЖТ)командасы IX жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү отрядынын мамлекеттер аралык слетуна катышат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматка караганда, бул жылы Кыргызстанды Бишкек шаарынын Биринчимай районунун №49 мектебинин ЖКЖТ отряды көрсөтмөкчү. Балдар бир жыл бою Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын тескөөчүлөрунө биздин республиканын жолдору менен көчөлөрүндө балдардын коопсуз жүрүм-турумун ...

0 40

ИИМ Академиясынын курсанттары ант беришти

21-октябрь 2019, 13:42 Айдар Нуралиев

2019-жылдын 19-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.А. Алиев атындагы Академиясынын плацында биринчи курстун курсанттарынын ант берүүсүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, бул күнү ИИМдин Академиясынын курсанттары элине жана Мекенине өзүнүн берилгендигин далилдеген антын беришти. Салт боюнча салтанаттуу иш-чара ИИМдин Академиясынын Туусун көтөрүү менен башталды. Ал эми иш-чаранын коноктору катары ички ...

0 28

Каталонияда “таштанды” митинги өтүп жатат

21-октябрь 2019, 13:35 Айдар Нуралиев

Каталонияда жүздөгөн адамдар Барселона шаарынын борборунда унаа өтүүчү жолдорду жаап, жерге отуруп алып митингге чыгышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.  Маалыматка караганда, испаниялык өкмөттүн имаратына ыргытуу үчүн митингчилер атайын баштыкка таштандыларды салып келишкен.  Эске салсак, бир нече күндөн бери активисттер Каталониядагы көз карандысыздык боюнча өткөн референдум үчүн 9 жылдан 13 жылга чейин эркинен ажыратылган чиновниктерди бошоткула ...

0 74

Голливуд жылдызы Женнифер Лоуренс турмушка чыкты

21-октябрь 2019, 12:48 Айдар Нуралиев

Голливуд актрисасы Женнифер Лоуренс сүрөт галереясынын директору Кука Марониге турмушка чыкты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты. Маалыматка караганда, үйлөнүү той Род-Айленд штатына караштуу Ньюпорт шаарында жайгашкан 1894-жылы курулган хан сарайда болгон. Үйлөнүү тойго 150 конок катышып, анын ичинде актриса Эмма Стоун, Эшли Олсен, Эми Шумер жана ырчы Адель дагы болгон.  Жаш жубайлардын кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөнү ...

0 178

Ата, апа, “эшек” деп көп тилдечү элеңер, эшек болуп чоңойдум

21-октябрь 2019, 12:36 Айдар Нуралиев

“Эшек!”, “Кебетең кантет, чочко!”, “Ары турчу, колуңан бок да келбейт!”, “Айтканды укпайсыңбы, сөзгө аралашпай жөн тур” ж.б. Бул сөздөрдү бир күндө миң жолу укчумун. Ата-энем турса да, мээримге зар болуп чоңойдум. Алар мени эркелетип, жакшы көрөрүн айтышчу эмес. Кичинемде көз жашымдын баарын төгүп койгон окшойм, азыр ыйлай да албайм. Кокустан чыны сындырсам же тамак төксөм, дароо бекиткенге шашчумун. Байкалбай ...

0 122

Ишкерди өлтүргөндөр СИЗОго киргизилди

21-октябрь 2019, 11:50 Айдар Нуралиев

Бишкектеги “Мадина” кафесинин ээси Хуфур Абдурехманды өлтүргөнгө шектелгендер СИЗОго киргизилди. Бул тууралуу укук коргоо органдары кабарлашты.  Маалыматка караганда, мындай чечимди Бишкектин Свердлов райондук соту кабыл алган. Белгилүү болгондой, ишкерди өлтүрдү деп шектелген 4 жаран (арасында мурунку милиция кызматкерлери да бар) СИЗОго киргизилген, ал эми бул кылмышка жалпысынан 8 киши шектелип жатат. Эске салсак, дээрлик ...

0 205

Басков мейманканада бир күн болууга 2,5 миллион рубль коротту

21-октябрь 2019, 11:39 Айдар Нуралиев

Орусиянын белгилүү ырчысы Николай Басков Монте-Карлодогу мейманканалардын биринде үй-бүлөсү менен бир күн болууга 2,5 миллион рубль коротту. Ырчы ошону менен катар эле 43 жаш туулган күнүн белгилөөнү чечкен. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.  Маалыматка караганда, Басков апасы менен биргеликте эки бөлмөлүү жана өзүнүн китепканасы бар номерге отурукташкан. Николайдын айтымында, ал көптөн бери ушундай тынч эс алууну кыялданып жүргөн. 

0 233

Мугалимдердин айлыгын эсептөө эми автоматташтырылат

21-октябрь 2019, 10:43 Айдар Нуралиев

Буга чейин борборлоштурулган бухгалтериянын кызматкерлери айлык акыны которуу эсебин кагаз түрүндө  жүргүзүп келген болсо, эми мугалимдердин айлык маянасын эсептөөдө автоматташтырылган бирдиктүү системага өтүү пландаштырылууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин  басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, эсеп палатасы, прокуратура, каржы полициясы текшерүү учурунда мыйзам бузуу фактылары катталганын тастыктайт. Көбүн эсе эмгек акынын жана стимулдук фондду негизсиз коротуу, каражатты ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 104

“Путин менен гана сүйлөшөм”. Орусияда казак жараны чыр салды

21-октябрь 2019, 10:20 Айдар Нуралиев

Казакстандын 29 жаштагы жараны Иркутск облусунун түндүгүндөгү нефть компаниялардын бирине жумушка орношууга барып, орношо албай калган. Ал ойлогондой кызматты баш тартышкан. Ошондо ал үйүнө кайтып келе жатып арак ичип, мас абалында поездге отурууга аракет кылганда, аны поездге отургузбай коюшкан. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.  Маалыматка караганда, кыжырданган адам Лена станциясындагы бийиктиги 20 метр болгон жарык берүүчү фонарь ...

0 136

Башына коробка кийип тапшырган сынак талкууга алынууда

21-октябрь 2019, 10:29 Айдар Нуралиев

Индиянын  колледждеринин  биринде  студенттерди башына коробка кийгиздирип экзамен  тапшыртышты. Бул тууралуу “The Times of India” басылмасы жарыялады. Андагы маалыматтарга ылайык, студенттердин билимин текшергиси келген директор ушундай амалкөйлүккө барган. Ал эми  тапшырмаларды көрүү жана аны аткаруу үчүн  коробканын маңдайын  кесип коюшкан. Окуу жайдын директору бул жөн гана эксперимент болгондугун, эксперимент студенттердин каалоосу менен ишке ашкандыгын айткан. Ал эми Индия өкмөтү ...

0 111

Ишкерди өлтүргөндөрдүн арасында мурунку милиционерлер да бар

21-октябрь 2019, 09:46 Айдар Нуралиев

Дээрлик 15 күндөн бери дайынсыз болуп, туугандары жана милиция тарабынан изделип жаткан Бишкектеги “Мадина” кафесинин ээси, 38 жаштагы ишкер Хуфур Абдурахемандын сөөгү Нарын облусунун Кочкор районунан табылган. Бишкек ШИИББи берген маалыматка ылайык, Свердлов РИИБинин кызматкерлери спецназ менен биргеликте кылмышка шектүүлөрдүн изине түшкөн. 18-октябрда Бишкектин аймагынан кылмышка шектелип, Нарын облусунда 1964-жылы туулган К.Э., Бишкек шаарында 1990-жылы туулган Ш.У., Ысык-Көл облусунда ...

0 115

Макгрегор 20 жаштагы кызды зордуктады деп шектелип жатат

21-октябрь 2019, 09:32 Айдар Нуралиев

Белгилүү ирландиялык UFC мушкери Конор Макгрегорго сексуалдык зордук-зомбулук көрсөттү деген шек менен иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирди. Маалыматка караганда, зордуктоо Дублиндеги сыра ичүүчү жайлардын  бириндеги унаа токтоотуучу жайда болгон. Жабырлануучу 20 жаштагы кыз. Ал мушкерге каршы арыз жазган-жазбаганы белгисиз, бирок окуянын күбөлөрү көрсөтмө беришкен. Азыркы тапта Макгрегорго полиция расмий айып кое элек жана ал ...

0 220

Арыктоо үчүн туура тамактануу

20-октябрь 2019, 15:54 Айдар Нуралиев

Туура тамактануу – бардык оорулардын алдын алып, ден соолугуңузду чыңдайт. Туура тамактануу – канчалаган диеталарды кармап, бирок арыктай албай жүргөн болсоңуз, арыктоого шарт түзөт. Кыскасы, туура тамактануу – сиздин узак жашооңуздун кепилдиги. Тоок пирогу Кандай азыктар керек? Тооктун төш эти: 500 г Кефир: 1 стакан (200 мл) Жумуртка: 1 даана Катуу сыр: 100 г Туз, мурч Кантип жасалат?

0 615

Алтынбек: "Жубайымдын мамилеси неге өзгөрдү?"

20-октябрь 2019, 14:39 Айдар Нуралиев

Жашоодо ойго келбеген нерселер көп болот экен. Адам кыялында тээ айга чейин учуп барып, жашоосун идеалдаштырып алат тура. Бирок баары биз ойлогондой эмес, жаманы дагы, жакшысы дагы эриш аркак тура бул турмуштун. Бутума турам, там алам, машина алам деп жумуш менен алпурушуп жүрүп жашым кантип өтүп кеткенин деле сезбей калыптырмын. Ата-энемдин «бизди келиндүү кылсаң боло» дегенин деле аңдабай жүрө ...

0 278

Айнура Нурлан кызы: Намаз окууну үйрѳтүүчү жайнамазды ойлоп таптык

21-октябрь 2019, 09:00 Айдар Нуралиев

Айнура Нурлан кызы: «Намаз окууну үйрѳтүүчү жайнамазды ойлоп таптык», деп "Леди.kg" гезитине маек курган. Айнура да ѳз жолунда изденүүнү баалаган, элге пайдам тийсе деп эмгектенген жаштардын бири. Анын табылгасы калың элге пайдасын тийгизеринде шек жок. --Эң алгач бул жайнамаз кандай формада экени кызык болуп жатат? Биздин жайнамаз кадимки жайнамаздардын кѳлѳмүндѳй эле кѳлѳмдѳ. Эл ойлогондой электрондук эмес. Бир айырмасы, ...

0 375

Социалдык тармактар үй-бүлөнү кантип бузат?

20-октябрь 2019, 13:42 Айдар Нуралиев

Социалдык тармактар адамга жаңы, кызыктуу маектештерди табуу үчүн керек. Бирок айрымдар ага өтө эле көп убакыт бөлүп, башка максатта колдонушат. Социологдор ажырашып жаткандардын 50 пайызы өздөрүнүн үй-бүлөсүнүн бузулушуна дал ушул социалдык тармактарды күнөөлөшөрүн айтышат. Минтип отурса жакында ажырашуулардын негизги себеби болуп калары деле талашсыз. Негизи, социалдык тармактар үй-бүлөнүн бузулушуна кандай таасир этет? Түгөйүн башкалар менен салыштырат. Социалдык тармактардагы лентаны ...

0 747

Байлыкка курман болгон бакыт

20-октябрь 2019, 12:48 Айдар Нуралиев

Таң менен базардын күр-шар жашоосу жанданды. Адатта бул маалда орундарды ижарага алып иштеткен карапайым сатуучулар гана келишет. Ал эми анын ээлери, салыкчылар түшкѳ маал пайда болушат. Ошол себептен азыр базардын ичине чейин жулкуна кирип келип токтогон капкара жолтандабас унаа кыбыраган сатуучулардын кѳңүлүн бурду. Унаанын ичинен жѳнѳкѳй спорт кийимин кийген кара кѳз айнекчен чепейген киши жеңил түштү. Бул – Мунарбек. ...

20-октябрь 2019, 12:48 | 747
0 1163

Нурай: “Тукумумдагы ооруну жашырып тумушка чыгышым туурабы?”

20-октябрь 2019, 11:52 Айдар Нуралиев

Бул катты алыскы Орусиянын бир шаарынан жазып жатам. Башкалар үчүн турмуш куруу таттуу кыял болуп жүрүп, кубаныч менен ишке ашат. Ал эми мен үчүн турмушка чыгуу деген нерсе баш катырган маселе болуп келет. Бул темага келгенде ойго тунам да калам. Жыл жаңырса 33 жашка толом. Ырас, мен үй- бүлѳлүк бакыттан кечигип келатам. Мындан да кеч болуп калбаса экен деп ...

0 550

ФОТО - Өлтүрүп, көөмп коюшкан. Ишкерди өлтүргөнгө шектүүлөр кармалды

19-октябрь 2019, 19:11 Айдар Нуралиев

Дээрлик 15 күндөн бери дайынсыз болуп, туугандары жана милиция тарабынан изделип жаткан Бишкектеги “Мадина” кафесинин ээси, 38 жаштагы ишкер Хуфур Абдурахемандын сөөгү Нарын облусунун Кочкор районунан табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Свердлов РИИБинин кызматкерлери спецназ менен биргеликте кылмышка шектүүлөрдүн изине түшкөн. 18-октябрда Бишкектин аймагынан кылмышка шектелип, Нарын облусунда 1964-жылы туулган К.Э., Бишкек шаарында 1990-жылы туулган Ш.У., ...

0 244

Ангелина Гагарина:"Башкаларды шыктандырам деген максатыма жеттим"

19-октябрь 2019, 18:57 Айдар Нуралиев

"Кыргызстан сулуусу-2019" сынагына катышып, вице-мисс наамын утуп алган , 19 жаштагы Ангелина Гагарина башынан өткөргөн кыйынчылык күндөрү жана "Кыргызстан сулуусу-2019" сынагына катышуусу тууралуу "Леди KG" гезитине айтып берди. "Бийлегенге муундарым чоюлуп калды деп ойлогом" - 2011-жылдын жай айына чейин менден өткөн бактылуу адам жок эле. Ата-энемдин сүйүктүү кызы, жалгыз эжемдин сүйкүмдүү сиңдисимин. Апам мени кичинемден бийге берип, "Ак кайың" ...

0 251

Премьер-министр мамлекеттик тилди канчалык билет?

19-октябрь 2019, 18:25 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн мүчөлөрү менен бирге «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесине барып, мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктаган тестирлөөдөн өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, өкмөт башчы С1 - жогорку деңгээли боюнча тест тапшырып, тестирлөөнүн бардык негизги критерийлери боюнча эң жогорку балл алган. Премьер-министр ошондой эле «Кыргызтест» мекемесинин иши жана кыргыз тилин үйрөнүүдөгү ыкмалардын ...

0 482

Дамба жарылган кырсыкта каза болгондордун арасында кыргыз жарандары жок

19-октябрь 2019, 17:48 Айдар Нуралиев

Красноярск крайынын Щетиниск айылда Сайба дарыясында алтын иштетилип чыгарылып жаткан артелде тосмо жарылып кетип, бир топ жарандар дайынсыз жок болуп, каза болгон. Каза болгондордун арасында кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлү Гүлбарчын Байымбетованын берген маалыматына караганда, РФнын ӨКМнин Красноярск крайы боюнча башкы башкармалыгынын тиийштүү бөлүмү менен элчиликтин Красноярск шаарындагы кеңсесинин кызматкери байланышып, ...

0 107

Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгы белгиленет

19-октябрь 2019, 18:07 Айдар Нуралиев

26-октябрда Баткен облусунда Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгы белгиленет. Мааракенин алкагында, А.Орозбеков тууралуу даректүү тасма даярдалып, илимий-практикалык конференция өткөрүү, театрлаштырылган сахнада оюн көрсөтүү, концерттик программа жана спорттук иш-чараларды өткөрүү пландалууда. Маалым болгондой, А.Орозбековдун 130 жылдык иш чарасын уюштуруу жана өткөрүү планына ылайык, облуста А.Жалилов атындагы көчөгө асфальт төшөлүп, А.Орозбеков атындагы музейдин тегереги көрктөндүрүлдү. Ага байланыштуу, Кадамжай шаарындагы А.Орозбеков атындагы көчөнүн ...

0 735

Асель Турдалиева: “Рулга отурардан мурун сөзсүз куран окуйм”

19-октябрь 2019, 17:34 Айдар Нуралиев

- Мен 2005-жылдан тартып руль башкарып жүрөм. Ошондон бери көп эле жолу унааларымды алмаштырдым. Азыркы машинамдын маркасы Тойота Кэмри. Ушул машинам менин көңүлүмдөн түнөк тапты десем болот. Аялзатына ылайыктуу унаа экен деп калдым. Айдаганга абдан ыңгайлуу, жумшак машина. Өзүмө кандай көңүл буруп карансам, машинама дагы ошончолук маани берем. Анан сөзсүз түрдө ар бир рулга отурардын алдында куран окуп туруп ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 165

Майкөл-сүткөлдөн арылбаган бактылуу "вирус" Салайдин Айдаровбу?

19-октябрь 2019, 16:16 Айдар Нуралиев

Салайдин Айдаров деген депутат бар экенин билесиңерби? Билбесеңер деле керек. Элден жаа бою качкан неме, кандай жолун таппасын Жогорку Кеңешке кирип алып отурат. "Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү Салайдин Айдаров 2015-жылы мандат алып келген. 4 жылдан бери төрт маселе көтөргөнгө жараган жок.  Депутат деген макамына маашырланып, күн өткөрүп, ЖКга кирип-чыкканына кубанып олтурат.  Кезинде бул эргул Бакиевдин акчаларын адалдап тургандардын бири деген ...

0 261

Кыргызстанда канча мугалим бар экенин жана бир мугалимге канча окуучу туура келээрин билесизби?

19-октябрь 2019, 16:16 Айдар Нуралиев

2018-жылы республиканын билим берүү чөйрөсүндө өлкөнүн калкынын 9 пайызга жакыны эмгектенген. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматка караганда, азыркы убакта Кыргызстанда 4 миңден ашуун мектепке чейинки, жалпы билим берүү, баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдары иштейт. Алардагы 1,7 млн. тарбиялануучуларды, окуучуларды жана студенттерди тарбиялоону жана билим берүүнү 108 миңге жакын педагогдор камсыз кылат. 2018/2019-окуу жылынын ...

0 724

3 жылдан бери жүрбөгөн унаа үчүн бензин менен айдоочусуна 500 миң сом короткон

Видео 19-октябрь 2019, 15:52 Айдар Нуралиев

Чүй облусуна караштуу Панфилов районунун Орто айыл өкмөтүнүн жетекчилиги 2016-жылдан бери жүрбөгөн Нива унаасына 500 миң сомдой чыгаша кетиргени тууралуу видео Фейсбук баракчасына жарыяланды. Маалыматка караганда, бул унааны оңдоого жана күйүүчү майына жылына 170 миң сом кетет. Айыл өкмөт башчысы инисине шопур кылып айлык берет экен. Ал эми айыл өкмөттүн бюджети болгону 3 миллион сом экен. Булак: NazarNews.kg

0 588

Жээнбековду өзүнүн командасы жарга түртөбү?

19-октябрь 2019, 15:18 Айдар Нуралиев

Мына ушундай темадагы макаласын казактардын "Политазия" сайты жазып чыкты. Биз төмөндө ал макаланы айрым кыскартуулар менен бермекчибиз. Жээнбековдун президенттик мөөнөтүнүн экинчи жылы аяктап бараткан чакта көңүл жубатарлык эмес алгачкы жыйынтыктарды чыгарууга болот. Жээнбековдун командасы президенттин жемиштүү ишин республикалык деңгээлде камсыз кыла алган жок, учурдагы өлкө башчысынын ишинин оң жыйынтыктарын жарандарга байкалган жок. Мындай натыйжасыз иштин себеби эмнеде? 1. Алсыз кадрдык курам. Жээнбековдун айланасында ...

0 191

Сооронбай Жээнбеков: Балдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, карыларга кам көрүү – коомубуздун негизин түзгөн асыл наркыбыз

19-октябрь 2019, 15:00 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-октябрда Кыргызстандын социалдык коргоосунун жана кесиптик бирликтеринин кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул туралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти: «Урматтуу социалдык коргоонун жана кесиптик бирликтердин кызматкерлери!Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын социалдык коргоосунун жана кесиптик бирликтеринин кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм! Сиздердин эмгегиңиздер, ар бир адамга жана анын үй-бүлөсүнө боорукерлик менен  ...

0 290

Коррупцияга каршы күрөштү соттор талкалап жатышат

19-октябрь 2019, 14:05 Айдар Нуралиев

УКМК кызматкерлери 2018-жылдын 2-ноябрында Мамлекеттик каттоо кызматынын автоунааларды жана айдоочулар курамын каттоо боюнча Бишкек шаардык бөлүмүнүн башчысы Насирбек Алмаматовду коррупциялык ишмердиги боюнча кармап, “Автоунааларды каттоо жана кайра каттоо иштеринде, айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык схема түзгөн” деп айып койгону жалпы журтка маалым. Ал көп убакыттан бери күнүнө 100 миң сомду пара катары алып келгени айтылган. Көп өтпөй,  2019-жылдын 25-мартында Октябрь ...

0 518

Каратэ боюнча турнирде массалык мушташ чыкты

Видео 19-октябрь 2019, 13:23 Айдар Нуралиев

Каратэ боюнча турнир учурунда массалык мушташ чыкканы тууралуу видео социалдык тармактарда тарап кетти. Белгилүү болгондой, бул окуя 16-октябрда Ташкент шаарында болгон. Массалык мушташ каратэ боюнча Өзбекстандын кубогу өтүп жатканда чыккан. Учурда каратэ федерациясы менен укук коргоо органдары бул чыр-чатакты иликтеп жатышат. Алдын ала маалыматтарга караганда, мушташ тренерлер менен судьялардын ортосунда чыккан. Булак: NazarNews.kg

0 192

Аскар Акаев Кыргызстанга келүү үчүн алынын жетишинче кошоматтын камчысын чаап жатабы?

19-октябрь 2019, 13:25 Айдар Нуралиев

Кыргызстандын экономикасын тыптыйпыл кылып талкалап, айыл жана дыйкан чарбалардан тарта завод-фабрикалардын бирин калтырбай саттырып, өлкөнү сөөк өчтү душмандан бетер карандай сызга отургузуп качып кеткен Аскар Акаев жергиликтүү басылмалардын биринен жагымпоздук кылып  жаңшанып, бир топ кишиге кошоматтын коюн союптур. “Чү” деген жерден эле президентке жагалданып: “Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн өнүгүүсү үчүн бардык аракетин көрүп жатат” дептир. Дагы бир тобун мактаптыр. Андан ...

0 306

Сауд Арабиясында жол кырсыгына кабылгандардын арасында кыргыз жарандары жок

19-октябрь 2019, 12:58 Айдар Нуралиев

Сауд Арабиясына умрага барып жол кырсыгына кабылгандардын арасында кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчилиги билдирди. Эске салсак, 16-октябрда Сауд Арабияга умрага бараткан 36 зыяратчы жол кырсыгынан каза болгон. Маалыматка караганда, кырсык Медина административдик окургундагы аль-Акхаль айылында болгон. Анда зыяратчылар отурган автобус жүк ташуучу унаа менен сүзүшүп, өрттөнүп кеткен. Каза болгондордон сырткары дагы төрт адам ...

0 1456

Жин аялга ашык болгондо. Дагы кайсы учурда адамга жин кирет?

19-октябрь 2019, 12:49 Айдар Нуралиев

Кайсы учурда жин кирет? Бул тууралуу жинолог Сулайман Кочкорбаев айтып берди. Жин кирүүнү себептери: Эркек жиндин аялга ашык болуп калуусу же аял жиндин эркек кишиге ашык болуп калуусу.   Инсандын жинге зыян берип койгондо, мисалга, жиндин үстүнө ысык суу төгүп жибериши же бийиктен жин үстүнө катуу түшүүсү.  Сыйкырчылар тарабынан инсандарга магия аркылуу жиндерди жиберүүсү. Жиндин инсанга зулум кылышы, башкача айтканда ...

0 484

Москвадагы мигранттар чек ара чырынан каза болгон чек арачынын апасына жардам беришти

19-октябрь 2019, 12:03 Айдар Нуралиев

Москвадагы мигранттар чек ара чырынан каза болгон чек арачынын апасына жардам беришти. Бул тууралуу Фейсбук колдонуучусу Зулпидин Нурматов өз баракчасына жазды. Анын жазганына караганда, ал Москва шаарында иштеп жүргөн мекендештердин чогулткан акчасын Равшан Муминовдун апасына тапшырган. Булак: NazarNews.kg

0 2707

УКМКга кулак кагыш: Гүлзат Аалиева эми этеги менен ЖК депутаты Улугбек Ормоновду чаптыбы?

19-октябрь 2019, 12:09 Айдар Нуралиев

Фейсбук тармагында Гүлзат Аалиева деген катталуучу бар. Буга чейин ал бир нече жолу түндүк-түштүк маселесин көтөрүп, социалдык тармакта эки тарап кылып чабыштырып келген. Учурда Гүлзат айымдын чабыштырмай адаты дагы башталып, “УЛУГБЕК ОРМОНОВДУН АЛЫ АРКАЛЫКТАРГА ЭЛЕ КЕЛЕБИ?” деген тема менен пост жүктөдү. Мындай ич ара кагылышуу макалага УКМК качан көңүл бурат? Төмөндө Гүлзат Аалиеванын макаласы толугу ...

0 338

Өлкө экономикасы артка кетти

19-октябрь 2019, 11:17 Айдар Нуралиев

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусунун натыйжаларын анализдеп сынга алды. Депутат өлкөбүздүн аталган уюмга кошулганына 4 жылдын жүзү болгонун белгилеп, акыркы 8 айдын жыйынтыгы боюнча талдоо жүргүзгөнүн билдирди. Ал өз сөзүндө 8 айдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын экспорту төмөндөп кеткенин  айтты. Республика боюнча өнөр жайдын флагманы болгон кийим тигүү тармагында экспорт 60 пайызга азайган. Ал эми сыртта жүргөн ...

19-октябрь 2019, 11:17 | 338
0 113

Баткенде көмүр бир айда бир жарым миң сомго кымбаттады

19-октябрь 2019, 11:15 Айдар Нуралиев

Чекене баалардын күн сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде Республиканын 18 калк жашоочу пункттары боюнча 2019-жылдын 17-октябрына карата көмүрдүн орточо керектөө бааларынын талдоосу жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматка караганда, өткөн жуманын ичинде көмүрдүн орточо республикалык баалары бир тонна үчүн 27,04 сомго же 0,6 пайызга жогорулады. Аймактардын тиги же бул калк жашаган аймактарынын рынокторунда көмүрдүн чекене ...

0 114

Илон Маск Лукашенко менен кызматташпай койду

19-октябрь 2019, 11:06 Айдар Нуралиев

Беларустун тышкы иштер министри Владимир Макей өлкө чет өлкөлүк компанияларга Беларуста электромобилдерди өндүрүүнү сунуштаганын айтып чыкты. Арасында Илон Масктын да компаниясы бар. Ал «Биз чынында эле “Тесла” компаниясы менен мамиле кылууга аракет кылдык. АКШдагы элчилигибиздин өкүлдөрү аталган компаниянын өкүлдөрү менен сүйлөшкөн, бирок, сүйлөшүүлөр андан ары өнүккөн жок. Анын айтымында, Беларуста электромобиль өндүрүү боюнча башка да чет өлкөлүк компанияларга кайрылышкан. Булак: ...

0 66

Министр Жунушалиев ИИМдин Коомдук кеңешинин кезектеги отурумуна катышты

19-октябрь 2019, 10:02 Айдар Нуралиев

2019-жылдын 18-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Борбордук аппаратында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин кезектеги отуруму өтүп, ага Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Жунушалиев, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Памир Асанов, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Нурбек Жангабылов, Бишкек ШИИББдин башчысы, милициянын полковниги Канат Жумагазиев, Кыргыз Республикасынын ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 314

СҮРӨТ: Кыргызстандык дарыгерлер Памирде төрөт кабыл алышты

19-октябрь 2019, 10:17 Айдар Нуралиев

Кыргызстандан барган акушер-гинеколог Индира Мырзалиева Памирде шериктештик төрөт кабыл алды. Бул тууралуу КРнын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик миграция кызматы билдирди. Маалыматка караганда, кыргызстандык дарыгерлер Ооганстандагы Кичи жана Чоң Памирдин жашоочуларына гуманитардык жана медициналык жардам көрсөтүшүп жатышкан. Индира Мырзалиева Кыргызстандан Памирде шериктештик төрөт кабыл алгандардан биринчиси болду. 13-октябрда 2700 граммдык наристе төрөлдү. Төрөт жеңил болуп, эне менен баланын абалы канаатандыраарлык. Акушер-гинеколог ...

0 189

Сооронбай Жээнбеков энергетика тармагынын мыкты кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды

19-октябрь 2019, 10:18 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-октябрда, Токтогул ГЭСин реабилитациялоонун биринчи фазасынын аякташына байланыштуу салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө энергетика тармагынын мыкты кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды. Анын ичинде «Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер» наамы төмөнкүлөргө ыйгарылды: — Дайыров Темиркул Айтмырзаевичке — «Түндүк-электр» ачык акционердик коомунун башкы директорунун техникалык маселелер боюнча биринчи орун басары; — Машрапов Асылбек Андалбековичке — Жалал-Абад жогорку вольттуу электр тармактары ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83