www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айдар Нуралиев

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (6697)

0 346

Атамбаевдин эркеси Жээнбековду каматам дейт

11-ноябрь 2019, 11:01 Айдар Нуралиев

Темирлан Султанбеков деген бар. КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү. Акыркы убакта Атамбаевге жакын адам болуп көрүнүп, Жээнбековдорго каршы сөз сүйлөй калып жүрөт. Бул ирет дагы өзгөчөлөнөйүн дегенби, айтоор, эми Асылбек Жээнбековду каматам деп оолугуп калыптыр. Ал бул тууралуу Фейсбуктагы жеке баракчасына жазып чыккан. Анда ал Башкы прокуратурага Асылбек Жээнбековго карата кылмыш ишин козгоо боюнча арыз жазганына 20 күн ...

0 1313

ВИДЕО: Соцтармакта тараган чочкого окшогон кой жөнүндө билгиңиз келеби?

Видео 11-ноябрь 2019, 11:04 Айдар Нуралиев

Акыркы учурларда социалдык тармактарды ар кандай тасмалар тарап коомчулуктун үрөйүн учурууда. Алсак, кулагы чочконукуна окшош семиз койлор тууралуу тасма тарап, «Кытай кой менен чочкону аргындаштырып, Орто Азияга жиберип жатат. Бул койдун эти өтө кооптуу. Бул чочко менен аргындаштырылган койдон колбаса жасалып жатат. Мындай чочко менен аргындаштырылган койлор Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанга экспорттолууда. Жакындарыңарга жибергиле!», деген маалымат 3 мамлекетке тараган.

0 114

 Күзгү депрессияны эмнелер чакырат? Мелатонин, серотонин, дофамин

11-ноябрь 2019, 11:03 Айдар Нуралиев

Жыл мезгили менен адамдын маанайынын кандай байланышы бар деп ойлойбуз. Албетте, кээ бир сезимтал адамдардын жашоосунда бул абдан чоң ролду ойноору белгилүү. Мисалы, жаздын келиши менен бак-дарак гүлдөп, аба ырайы дагы жылуу болгонго жан дүйнөң жаңыланып, көңүл да көтөрүңкү болот эмеспи. Ал эми күз келери менен күн сууктап, эки күндүн биринде жамгыр нөшөрлөп жаай берет. Ошондуктан күз мезгилинде адамдардын ...

0 471

Эксперттер спирт ичимдиктерин кайсы өлкө көп ичерин айтышты

11-ноябрь 2019, 10:26 Айдар Нуралиев

Алкоголь ичимдигин эң көп ичкен өлкө деп Литва табылган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Эксперттер алкоголь ичимдиктерин эң көп колдонгон 10 мамлекетти аташты. Анда сатылган ичимдиктерди өлкөнүн калкынын санына бөлгөндө, ар бир адамга канча литрден туура келээрин эсептеп чыгышкан. 1. Литва. Ар бир  тургунуна орточо эсеп менен жылына 12,3 литр спирт туура келет. 2. Автралия - 11,8 ...

0 1165

ВИДЕО - Маркум Майра Керим кызынын уулу төкмө Акжолтой Канат каза болду

Видео 11-ноябрь 2019, 10:29 Айдар Нуралиев

Жаш төкмө акын, обончу, маркум төкмө акын Майра Керим кызынын өнөрүн уланткан уулу Акжолтой Канат уулу кырсыктан көз жумду. Бул боюнча акын Бердибек Жамгырчиев өзүнүн социалдык баракчасына жазып чыкты.  Маалыматтарга таянсак, Акжолтой Канат уулу Балыкчы-Кочкор унаа жолунда автокырсыкка учурап, анын кесепетинен үч адам каза болсо, дагы бир адам оор абалда ооруканага жеткирилген.  Булак: NazarNews.kg

0 456

Качкын Булатов:"Кылмыш топтору мамлекеттик кызматкерлерге кол салганы туурабы?"

11-ноябрь 2019, 10:18 Айдар Нуралиев

Укук коргоочу Качкынбек Булатов учурдагы “каралардын” кадамын айтып,  «Мадина» базарындагы жеке ишкерди мисал кылып, «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын башкы директору К.Ашырбаевдин өмүрүнө бандиттер кол салганына кабатырланганын билдирди. Булатов өлкөдө «каралардын» кадамы барган сайын өлкөдө күчөп жаткандыгын айтып NazarNews.kgге пикирин билдирди. - Жакында Кыргыз Республикасынын президенти С.Ш.Жээнбеков коргоо кеңешинин жыйынында тоо кен өндүрүшүндө орун алган коррупция жана анын уламдан улам күчөп жаткандыгы жөнүндө ...

0 897

Комузчу Нурзат Орозалиева көз жумду

11-ноябрь 2019, 09:18 Айдар Нуралиев

Комузчу, бир нече күүлөрдүн автору Нурзат Орозалиева 44 жашында оорудан улам каза болду. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти. Маалыматка караганда, комузчу кечээ, 10-ноябрда көз жумган. Нурзат Орозалиева комузчу эле эмес, күүлөрү менен да белгилүү. Ал акыркы мезгилде Кыргыз улуттук консерваториясында эмгектенип келген. NazarNews.kg маалымат агенттигинин эмгек жамааты Нурзат Орозалиеванын жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат. Булак: ...

0 634

«Байкалбаган инфаркт» кандай болот?

10-ноябрь 2019, 17:06 Айдар Нуралиев

Көкүрөгүбүз сайгылашып, кан басым көтөрүлүп, дем кыстыгуу… Болжолу биздин инфаркттын белгилери тууралуу элестөөбүз ушундай болсо керек. Жүрөк кармап калган учурдагы башка белгилер — колдогу, моюндагы оору, баш айлануу, муздак тер. Бирок ар дайым эле ушундай боло бербейт. Окумуштуулар мындай белгилер байкалбаган дагы инфаркт болорун көрсөтүүдө. Гарвард университетинин окумуштуулары мындай учурлар дарыгерлер болжогондон дагы көп болорун айтып чыкты. Жүрөктөн приступ ...

0 171

Жеке ветеринарлардын бирдиктүү реестри түзүлүүдө

10-ноябрь 2019, 16:31 Айдар Нуралиев

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги ушул жылдан баштап жеке ветеринарлар Ветеринардык палатанын бирдиктүү реестрине каттала баштаганын билдирди. Аталган палата ветеринария тармагында иштеп жаткан жеке ветеринарлардын ишин жөнгө салууну көздөйт. Учурда 873 ветеринар каттоодон өттү. Жогорку же атайын-орто ветеринардык билими бар дагы 2 миңден ашык адис каттоодон өтөт деп күтүлүүдө. Андан кийин алар жеке ветеринардык ишин жүргүзүүгө ...

0 274

Ок менен ойногон Болот Шер

10-ноябрь 2019, 16:06 Айдар Нуралиев

Болот Шер деген депутатыбыз да өлө «оригинальный» адам. Эми сүйлөгөнүн айтпай эле коелу. Тим эле көркөм окуу боюнча сынакка катышып жаткандай таасир калтырат. Бирок, баарынан укмуш кылыгы али жоопсуз калганына эл да, балким өзү да түшүнбөй атса керек. Эсиңиздерде болсо керек, жердеш иниси Өмүрбек Бабанов өкмөт башчы болуп турганда мародерчулук чуусу чыгып, ага Болот Шердин ла аты аралашкан. Ошондо ...

10-ноябрь 2019, 16:06 | 274
0 199

Сооронбай Жээнбеков Жаштар күнү менен куттуктады

10-ноябрь 2019, 15:45 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-ноябрда, өлкө жаштарын Жаштар күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоо тексти: «Урматтуу жаштар! Кымбаттуу достор! Сиздерди Жаштар күнү менен куттуктайм! Жаштар — коомубузду жаңылоонун, өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги кыймылдаткычы. Кыргызстандын жаштары — активдүү, илим-билимге жакын, жаңылыктарды жаратууга дилгир муун катары жетилип келатат. Сиздер спорт, маданият, билим алуу чөйрөлөрүндө жеңиштерге жетип, эл аралык аренада Кыргызстандын ...

0 188

Адамды жүзүнөн тааный турган камераларга коомчулук каршы

10-ноябрь 2019, 15:23 Айдар Нуралиев

Кыргызстандагы “Жарандык көзөмөл комитети” кыймылы адамды жүзүнөн тааный турган камераларды орнотууга каршы чыкты. Курамына белгилүү укук коргоочулар жана жарандык активисттер кирген кыймыл тараткан билдируүүдө мындай видеокөзөмөл системасы адамдын укугуна жана жашоосуна “кооптуу кийлигишүү” — деп аталды. Укук коргоочу Динара Ошурахунова “Азаттык” радиосуна билдиргендей, бул ыкманын ачыктыгы жана жарандар үчүн коопсуздугу камсыздалмайынча адамды бетинен тааный турган системага мораторий жарыялоо керек:

0 362

Бий алманын пайдасын билесизби?

10-ноябрь 2019, 15:01 Айдар Нуралиев

Бий алманын пайдалуу касиеттери жөнүндө кеп кылчу болсок, элдик медицина эске түшөт. Анын мөмөсү боор, ашказан, көк боор, радикулит жана ревматизм ооруларын дарылоодо кеңири колдонулат. Бий алманын курамында картаюунун алдын алуучу заттар, стресс менен күрөшуүдө чоң мааниге ээ антиоксиданттар бар. Пектин жана тамак-аш булалары организмди оор металлдардан жана зыяндуу заттардан, ашыкча холестеринден арылтат. Тамак сиңирүүнү жакшыртат. Бий алманын курамында ...

0 1575

Аба ырайы: кар жаайт

10-ноябрь 2019, 14:36 Айдар Нуралиев

«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 11-ноябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -3…+2, күндүз 3…8; Таласта түнкүсүн 0…-5, ...

10-ноябрь 2019, 14:36 | 1575
0 510

Көк чай менен кара чайдын канчалык айырмасы бар?

10-ноябрь 2019, 13:36 Айдар Нуралиев

Айрымдар алар эки башка жалбырактан жасалат деген да ойдо жүрүшү мүмкүн. Бирок көк чай менен кара чай бир эле жалбырактан чогултулуп, иштетүүдө гана бөлүнөт. Кара чай кантип пайда болот? Ал табигый шартта, күндүн, шамалдын жана нымдуулуктун негизинде өзгөрүп, кара түскө ээ болот. Ал эми көк чай жашыл кезинде чогултулуп, ачуу ысык бууга кармалып, кычкылдануу процессинде чай көк-жашыл өңдү кармап ...

0 275

Саясаттагы “скорпиондор”

10-ноябрь 2019, 13:24 Айдар Нуралиев

Скорпион (24-октябрь-22-ноябрь) жылдызында төрөлгөндөр күчтүү характери менен өзгөчөлөнөт. Булар айтылбай турган сырларды сактай алат. Дүйнөнү жакшы жакка өзгөрткөнгө аракет кылган адамдар болуп саналат. Башкалар сынган учурда, скорпиондорду сындыруу мүмкүн эмес. Алар өзгөлөрдөн майтарылбас духу менен өзгөчөлөнө алат. Баштаган ишин аягына чыгарган эмгекчил келишет. Бийлик менен акчаны жакшы көрүшөт. Өзүнүн жылдызы жанчу мезгилди күтүп, учуру келгенде баардык күчү менен аракетке ...

10-ноябрь 2019, 13:24 | 275
Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 755

Мамлекеттик кызматтык орундар ачыктан ачык сатылып... “Менин долямды бербейсиңби?!”

10-ноябрь 2019, 12:42 Айдар Нуралиев

Мамлекеттик кызматтык орундар ачыктан ачык сатылып, базардагыдай эле соодалашып-бааланып, ар бир кызматтык орундун семиз-майлуулугуна жана киреше берүүчү булактарынын байлыгына жараша бааланып келгендиги жаңылык деле эмес. Ал тургай, бул жагдай тээ демократ-президент Аскар Акаевдин тушунда эле терең тамыр жайып, кийинки президенттердин тушунда гүлдөп-өсүп кеткендиги маалым… Мына, эми чейрек кылымдан соң, ошол мөмөлөрү уулуу болгон даракты картая баштаганда кыйып салуу же ...

0 261

Акча эмнелерди сүйөт, эмнелерди сүйбөйт?

09-ноябрь 2019, 18:29 Айдар Нуралиев

Эмне үчүн бир адамда акча көп, экинчисинде аз, бирөө бай, башкасы кедей? Анткени бай адамдар акчага кандай мамиле жасоону жашы билишет. А сизчи? Акча сизди сүйөбү? Билгиңиз келсе төмөнкү тесттен өтүңүз. 1 Сизде көп суммадагы акча бар. Сиз: а) мындан да көп акча табуу үчүн аракет кыла бересиз; б) иштейсиз, бирок көп эмес; в) каалаган нерсеңизди сатып алып акчанын баарын ...

0 592

Сапар Исаков айыптоонун далилдеринин таш-талканын чыгырды!

09-ноябрь 2019, 18:09 Айдар Нуралиев

Бишкек ЖЭБди реконструкциялоону териштирүү боюнча соттук иште соттолуучуларды суракка алуу башталды. Биринчи болуп мурдакы премьер-министр Сапар Исаков чыгып сүйлөп, айыптоонун далилдеринин таш-талканын чыгарды. Сөзүнүн башында Исаков кылмыш ишинин материалдарында тергөөнүн Бишкек ЖЭБди арзаныраак реконструкциялоого болмок деген билдирүүсүн тастыктай турган эч кандай жүйөөлөрдүн жоктугуна көңүл бурду. Андан кийин бул боюнча Кытай жана Дүйнөлүк Банк менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн тарыхын кенен чечмелеп ...

0 196

Табылды Акеров: "Кыргызстанда кыргыз тилинин маселеси толук кандуу чечиле элек. Себеби?"

11-ноябрь 2019, 13:24 Айдар Нуралиев

– Табылды мырза, 7-ноябрды дайыма майрам катары белгилеп келдик. Бирок, СССРдин кулаганына 30 жылдай болуп калды. Кыргызстан бүгүн эгемендүү өлкө. 7-ноябрь майрамы эмнеси менен белгилүү жана кайсы окуялар менен байланыштырсак болот? – Эң биринчи кезекте 1918-жылкы октябрь социалисттик революциясы кыргыздарга улуттук мамлекеттүүлүгүн түптөөгө жол ачкан. Бирок, бул ошол кездеги кыргыз интеллигенциясы үчүн оңойго турган эмес. Ошол мезгилде, казак туугандар ...

0 202

Кызыл-Кыянын мафия жолдору

09-ноябрь 2019, 17:49 Айдар Нуралиев

«Санжыра» борбору республикабыздын 7 облусунун 453 айыл округунун 1906 айыл-кыштактарын жана 29 шаарларын кыдырышып, андан сырткары чет өлкөлөрдө Евразиянын 58 мамлекеттер, республикалар, автономиялык облустар жана райондордо жайгашкан эл арасындагы ар кандай кызыктуу тарыхый-санжыра окуяларды жана архивдик материалдарды чогултушуп, кыргыздын 40 томдук тарыхый-санжыра китептерин жазышууда. Буга чейин Баткендин — 212, Таластын — 93, Чүйдүн — 347, Ысык-Көлдүн — 168 айыл-кыштактарын ...

09-ноябрь 2019, 17:49 | 202
0 360

Бөдөш Мамырова:“Өз каада-салтын сактаган тарыхы терең эл “жетеленме калк” болуп калдыкпы”

09-ноябрь 2019, 17:27 Айдар Нуралиев

“Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу” деп улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов таасын ой  калтырып кетти. Анткени адам деген атты сактап жашоо үчүн адамдын жан дүйнөсүнүн, дилинин, көкүрөктөгү ички туюмунун, кулк-мүнөзүнүн тазалыгы менен жасаган иш-аракети дал келиши кажет. Адамдык сапатты бийик тутуп жашоо кечирген адамдар сейрек. Бүгүнкү каарманым мына ошол сейректердин бири. Чынжырдын сапаты эң жука жеринин бекемдиги менен ...

0 5402

“Көзү ачык аялдар жиндер менен жыныстык катнаштарга барышып, ыплас иштерди жасашат”

09-ноябрь 2019, 17:08 Айдар Нуралиев

Кара күчтөр, арбактар, үй ээси, рухтар, албарсты, басырык – булардын баары жиндер ааламы катары саналат. Бул аалам ар кандай сырлары менен адам баласын кызыктырып келген. Алтургай айрым учурларда азыткы азгырып, жаш балдарды уурдап кеткен (!) деген маалыматтар эл оозунда айтылып калган учурлар кездешет. Бул кандай аалам? Эмне себептен адам баласына кол салат? Себеби эмнеде? Ушул суроолорго төмөнкү макалада жооп ...

0 1733

Жанар Акаев: " Бүтүндөй система өзгөрөт, Жогорку Кеңеш жаңыланат... "

09-ноябрь 2019, 16:57 Айдар Нуралиев

Жанар Акаев, эркин депутат: “Жогорку Кеңешти түп тамырынан жаңылоонун жолун сунуштадык”, деп "АЗИЯnews" гезитине маек курган. Парламент депутаты Жанар Акаев менен жакында эле Улуу Британиядагы атактуу Оксфорд университетине болгон сапары, шайлоо мыйзамдары жана кылмыш дүйнөсүнө айтылган сын-пикири тууралуу маектештик. -Британиянын парламентинин депутатынын жупуну кабинетин интернетке жарыялап, баарыбызды таңгалдырдың. Чын эле алардын эл өкүлдөрү, отурган кабинеттери абдан жөнөкөй, жупуну бекен?

0 1610

Адиль Турдукулов Атамбаев тууралуу пикирин айтты

09-ноябрь 2019, 16:41 Айдар Нуралиев

Адиль Турдукулов, активист: “Атамбаевдин Алга Кылычев, Икрам Илмиянов сыяктуу тилалчаак бирок саткын, же дөөпөрөс шопур, жансакчыларына бийликтин чоң бөлүгүн берип койгонунда”, деп "Жаңы Ордо" гезитине маек курган. – Адиль мырза, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин улуу уулу Сеид “Автомаш-Энерго” ишканасын укук коргоо органдары мыйзамсыз текшерип жатат деп билдирип, коомчулукка кайрылуу жолдоду. Сиз Атамбаев президент болуп турганда эле ушул ишкананы текшериш ...

0 367

Кубанычбек Жумалиев: "Альтернативалык жолго Атамбаевдин атын сыймыктануу менен ыйгаралы"...

09-ноябрь 2019, 16:28 Айдар Нуралиев

Кезинде Акаевдин лаборанттыгынан премьер-министрлик креслого дейре жеткен Кубанычбек Жумалиев Кыргызстандагы жолдорду жонуп жүрүп топтоп койгон байлыгын көбөйтүп, тажрыйбалуу бизнесмен атыккан соң, кайра саясатка аттанып, Жогорку Кеңештин депутаты болуп, сайран куруп олтурат. Чындыгында Кубанычбек мырзанын убагында Акаев менен биргеликте бир катар китептерге авторлош болуп, экөө жакшылык-жамандыкта жакшы катышкан жакын санаалаштардан болгондуктан, азыркы убакка чейин мамилесин үзбөй келерин билебиз. Акаевдин арты ...

22 213

Талантбек Салиев жаңы кызматка дайындалды

09-ноябрь 2019, 16:17 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Салиев Талантбек Тагаевич Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Талантбек Салиев 1975-жылы туулган, жогорку билимдүү. 1997-жылдан тартып улуттук коопсуздук органдарында  түрдүү кызмат орундарда  анын ичинде жетекчилик кызматтарда кызмат өтөп келген.  Булак: NazarNews.kg

0 180

Айбек Мырза: “Бийликтин эл алдындагы жоопкерчилигин орнотом десе, эл да өзүнүн эркин көргөзүш керек”

09-ноябрь 2019, 16:13 Айдар Нуралиев

Айбек Мырза, активист: “Бийликтин эл алдындагы жоопкерчилигин орнотом десе, эл да өзүнүн эркин көргөзүш керек”, деп "Жаңы Ордо" гезитине маек курган. – Айбек, Улутчул Мекенчил күчтөр Курултай өткөрөбүз деп жатканыңар белгилүү. Качан өткөрөлү, кандай маселени алып чыгалы деп пландап жатасыңар? – Курултай качан, кайсыл жерде өтөт, күн тартибине кандай маселелер коюлат, жакын арада жарыялайбыз. 24-ноябрда эски аянтта боло турган ...

0 1017

Гүлшайыр Садыбакасова, КРнын эл артисти: “Концертте көрүүчүлөр күтпөгөн сюрприздер бар...”

09-ноябрь 2019, 16:13 Айдар Нуралиев

Бул каарманымдын чыгармачылык чыйыр жолу ары татаал, ары кызыктуу. Эгер көрүүчү профессионалдуулуктун тартибинде коюлган  концерт менен кошо жашап көрсө, анда ошол кесипкөйдүн эмгеги. Мыкты жетекчинин күчтүүлүгүн мындан билгиле, ал кандай кырдаалга туш келбесин өзүнүн иш билги мүнөзү менен жеңип кете алат. Ийгилик мүмкүнчүлүктү ишке ашыруудан көз каранды. Иш жүзүнө ашкан мүмкүнчүлүк кайра-кайра жаңы ийгиликти чакырат. Ошентип, ийгиликтин арты менен ...

0 266

Мамбет Мамакеев: “Тунгуч президентибиздин Кыргызстанга кайтып келчү мезгили бышып жетти”

09-ноябрь 2019, 16:02 Айдар Нуралиев

Мамбет Мамакеев: “Тунгуч президентибиздин Кыргызстанга кайтып келчү мезгили бышып жетти”, деп "Жаңы Ордо" гезитине маек курган. -Тунгуч президентибиз Аскар Акаевдин эркин кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө эмгеги зор. Олуттуу бир пикирди эске сала кетейин. Кыргыз улуттук илимдер академиясынын 50 жылдык мааракесине (1993-ж.) КМШ өлкөлөрүнүн ири окумуштуулары келишкен. Украина илимдер академиясынын президенти, Социалисттик эмгектин эки жолку баатыры Борис Патон ошондо мага айтты ...

0 171

“Кун” кыйырга таркайт

09-ноябрь 2019, 15:56 Айдар Нуралиев

Журналист жана жазуучу Бекен Назаралиевдин буга чейин “Баткен туткуну”, “Кун” аттуу эки китеби жарык көрүп, коомчулукта жылуу пикирлерди жараткан. Китепке карата белгилүү акын-жазуучуларыбыздын ой-пикирлери массалык маалымат каражаттарында жарыяланып келди. Түйшүгү түмөн журналисттик кесип менен көркөм прозаны айкалыштырган Б. Назаралив турмуштук чоң тажрыйбасы бар жазуучу экендигин өз чыгармалары менен ишенимдүү далилдей алды. Эми, Б. Назаралиевдин өткөн жылы жарык көргөн “Кун” ...

09-ноябрь 2019, 15:56 | 171
0 186

Тамаев дегенди тааныйсызбы?

09-ноябрь 2019, 15:51 Айдар Нуралиев

“Фейсбук” баракчасында Кыргыз темир жолу мамлекеттик ишканасынын аскерлештирилген кайтаруу (ВОХР) кызматынын башчысы Тамаев Нурлан дегендин “жоругу” кызуу талкуу жаратып жатат. “Атың чыкпаса, жер өрттө” демекчи, жоругу жерде калгыр Тамаев өзүн даңазалоонун уникалдуу жолун ойлоп тааптыр. Тактап айтканда, темир жолдун боюндагы өзү жетекчилик кылган имараттын алдына өз атын түбөлүккө калтыруу максатында орноткон “Эстелиги” коомчулук талкуусуна түшүп турган кез. Буга мамлекеттик ...

09-ноябрь 2019, 15:51 | 186
Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 325

Адам ысымы - бул тагдыр. Маңкурт, Чомотой, Үлүл, Балтажутар...

09-ноябрь 2019, 15:04 Айдар Нуралиев

Макалада адам ысымдарынын коюлушу, ага маани берүү, жоопкерчилик менен мамиле жасоо керектиги, ысым адамдын тагдырына байланыштуу боло тургандыгы иликтенет, - деп жазып чыкты "Шамбала" гезити. Негизги сөздөр: адам, ысым, ат, тагдыр, улут, коом, келечек. Байыркы Орхон-Энисай таш эстеликтериндеги Гүл тегинге арналган чоң жазууда мындай бир окуя сүрөттөлгөн. Бир кезде түрктөрдүн мамлекети кыйрап, эли-журту, кытайлардын ээлигине өтүп, кыздары күң, уулдары ...

0 1177

“Антошкадагы” 3 жолу жарылуу тууралуу күбө жашыруун айтып берди

09-ноябрь 2019, 15:38 Айдар Нуралиев

Кечээ, 8-ноябрда Бишкектин Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде жайгашкан “Антошка” тез татым кафеси жарылып, өрттөнүп кеткен. Кырсыктан 15 адам жабыркаган, алардын жетөөсү кичинекей балдар. Ошондой эле, окуя болгон жерде кафенин бир кызматкери каза болгон. "Антошка" кафесинин маңдайында жайгашкан "Ала-Тоо" кинотеатрынын аты-жөнү жашыруун болуусун каалаган кызматкери NazarNews.kg агенттигинин кабарчысы, Дилде Шатановага көргөндөрүн төмөнкүчө айтып берди: "Мен кечээ жумушта болчумун, түштөрдө ...

0 150

Алмаматов дагы деле кармала элек

09-ноябрь 2019, 14:27 Айдар Нуралиев

Ири өлчөмдөгү пара менен кармалып соттолгон Транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо боюнча Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Насирбек Алмаматов дагы деле кармала элек. Муну жергиликтүү басылмалардын бирине Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин маалымат кызматкери Айбарчын Батырбекова билдирди. Анын маалыматы боюнча, учурда Алмаматовду издөө иштери Кыргызстандын аймагында жүрүп жатат. Белгилей кетсек, ушул жылдын март айында Транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын ...

0 146

Жарды ой же жаттама билим

09-ноябрь 2019, 14:07 Айдар Нуралиев

Нурболот Азаматов аттуу студент Фейсбуктагы жеке баракчасына билим берүү тууралуу өзүнүн оюн жазган. Ал “балдардын канаттарын кыркууга, чектөөгө, кыйнап эле бир калыпка сала берүүгө жол бербесек” деген оюн билдирген. Жаңычылдыкты каалаган, билим берүүнү жакшыртууга аракет кылган, балдарды тарбиялоодо башка жолду колдонуу керектиги тууралуу анын жазгандары толугу менен төмөндө: “Студент болгонума толук эки ай болду. Ушул убакыт ичинде бир нерсени ...

09-ноябрь 2019, 14:07 | 146
0 132

Волочкова  имиджин өзгөрттү

09-ноябрь 2019, 13:09 Айдар Нуралиев

Орусиялык белгилүү актриса, балерина Анастасия Волочкова өзүнүн Инстаграмм баракчасына тармал чачтарынан арылып, жаңы стили менен жылуу свитер кийип түшкөн сүрөтүн жүктөгөн. “Менин жаңылануум кандай экен?..” –деп суроо салган балерина. Анын айтымында, сырткы көрүнүшүн стилист Павел Назаров менен сүрөтчү Андрей Бацуев иштеп чыгышкан. Волочкованын баракчасындагы катталуучулары аны мактап жатышат. Булак: NazarNews.kg

09-ноябрь 2019, 13:09 | 132
0 279

“Антошканын” арендатору кармалды

09-ноябрь 2019, 12:32 Айдар Нуралиев

Бишкек милициясы тарабынан “Антошка” кафесинин арендатору кармалды. Бул тууралуу борбор шаардын ИИББинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Бишкек ШИИББинин тергөө кызматы тарабынан тергөө иштерин жүргүзүү учурунда 1963-жылы туулган К.А. аттуу “Антошка” кафесинин арендатору кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда сот чейинки өндүрүштүн алкагында иликтөө иштери жүрүп жатат. Тиешелүү соттук жана өрт-техникалык экспертизалар дайындалган. Булак: NazarNews.kg

0 245

Дрондун айынан аэропорт бир сааттан ашык ишин токтотту

09-ноябрь 2019, 12:14 Айдар Нуралиев

Учуп-конуу тилкесинде учууга даярданып жаткан учактар бир сааттан ашык токтоп калышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Япониянын Кансай аэропорту бүгүн эртең  менен,   дрондун айынан бир сааттан ашык ишин токтотту. Буга аэропорттун жанында дрондун учуп жүргөнүн аэропорттун кызматкери  байкап калганы себеп болгон. Бул бир нече авиарейстердин токтошуна алып келди. Аэропорт толук текшерүүдөн өткөнгө чейин, 27 рейсти башка аэропортко ...

0 226

Асыл таштар ден соолукка кам көрөт. Алмаз, топаз, янтарь, малахит...

09-ноябрь 2019, 12:32 Айдар Нуралиев

Агат – калкан бездин иштешин жакшыртат. Дем алуу, тамак сиңирүү органдарындагы вирустарды өлтүрүп жок кылат жана жүрөк, кан-тамыр, муун системаларын калыпка келтирет. Жөтөлгө да пайдасы зор. Радиациядан эң мыкты коргойт. Алмаз – зат алмашууну, мээдеги кан айланууну калыпка салат. Дене табын түшүрүү касиетине ээ, ошондой эле алсыздануудан, чарчап-чаалыгуудан арылтат. Бирюза – эң күчтүү табигый таш болуп эсептелет. Анткени ал ...

0 146

Мыйзамсыз балык уулаган браконьер кармалды

09-ноябрь 2019, 12:03 Айдар Нуралиев

“Ысык-Көл” мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлери мыйзамсыз балык уулап жаткан жаранды кармашты. Мыйзамсыз балык уулоо өзгөчө корголуучу “Ысык-Көл” жаратылыш коругунун аймагында жүргүзүлгөн. Бул тууралуу өкмөткө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги билдирди. Маалыматка караганда, кармалган жаран Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айылынын тургуну С. А. болуп чыкты. Кармаганда анын жанынан 8 даана сиг-лудога балыгы чыккан. Бул ...

0 83

«Каникул» рейди өткөрүлдү

09-ноябрь 2019, 11:53 Айдар Нуралиев

Сузак РИИБнин демилгеси менен азыркы эс алуу учурунда жаш өспүрүмдордүн арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында 7-8-ноябрь күндөрү атайын профилактикалык «Каникул» рейди өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, рейддин жүрүшүндө атайын каттоодо турган жана соода тармагында эмгектенип жаткан жаш өспүрүмдөр, алардын ата-энелери менен жолугушуулар уюштурулду. Алардын каникул мезгилиндеги абалы жана эс алуу күндөрүн ...

09-ноябрь 2019, 11:53 | 83
0 132

Жаш футболчуларыбыз БАЭ командасын жеңип алды

09-ноябрь 2019, 11:07 Айдар Нуралиев

Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы (U-19) 2020-жылы өтүүчү Азия чемпиондугунун тандап алуу турундагы алгачкы жеңишине жетишти. D тайпасынын тандап алуу раунду бул күндөрү Ирандын Тегеран шаарында өтүп жатат. 8-ноябрда курама командабыз Бириккен Араб Эмираттарынын курамасы менен беттешип, 2:0 эсебинде жеңишке жетишти. Голдорду Эмир Шигайбаев менен Ырыскелди Артыкбаев киргизди. Кыргызстандын футбол ...

0 132

Илбирстерди саноонун жаңы ыкмасы иштелип чыкты

09-ноябрь 2019, 10:49 Айдар Нуралиев

Бул методология илбирс байырлаган 12 өлкөнүн 20дан ашуун курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча уюмдарынын адистери, илимпоздору, саясатчылары тарабынан иштелип чыкты. Мунун негизинде Кыргызстандын тоолуу аймактарында байырлаган Ак илбирстин саны боюнча илимий негизделген так маалыматты алууга мүмкүндүк түзүлдү. Бул тууралуу өкмөткө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги билдирди. Маалыматка караганда, учурда жаңы методология Мамлекеттик агенттиктин жетекчилигинин ...

0 150

Ибраимов менен Кулматов жаңы жылды абактан тосушат...

09-ноябрь 2019, 10:35 Айдар Нуралиев

Бишкектин экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун камактагы мөөнөтү кийинки жылдын 6-январына чейин узартылды. Бул тууралуу 4-ноябрдагы сот отурумунда белгилүү болду, - деп жазып чыкты "Ачык саясат" гезити 8-ноябрда чыккан санында. Сот жараянында экс-мэрлер көрсөтмө берүүдөн баш тартышкан. Алар «негизсиз коюлуп жаткан айыптар үчүн эч кандай актанбаш керек» деп айтышкан. Кийинки сот 6-ноябрда уланат. Экс-мэрлердин ишин Бишкектин Ленин райондук ...

0 181

Түштүк Корея 16 кишини өлтүрдү деп шектелген Түндүк Кореянын эки жаранын өткөрүп берди

08-ноябрь 2019, 17:30 Айдар Нуралиев

Түштүк Корея Япон деңизинде 16 кишини өлтүрдү деп шектелген эки балыкчыны Түндүк Кореяга өткөрүп берди.  Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты. Маалыматка караганда, 20 жаштардагы эки кылмышкер кечээ өз өлкөсүнө депортация кылынды. Түштүк Корея кылмышкер качкындарды биринчи жолу экинчи өлкөгө өткөрүп берди. Кореяны кайра бириктирүү боюнча министрлик аларды эл аралык мыйзамдын негизинде жооп бериши керек экендигин жана ...

0 334

Милиция: “Антошка” кафесинде эки газ баллон жарылган

08-ноябрь 2019, 16:47 Айдар Нуралиев

“Антошка” кафесинде эки газ баллон жарылган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришти. Маалыматка караганда, бүгүн болжол менен саат 13:45 чамасында патрулдук кызматтын кызматкерлери “Ала-Тоо” кинотеатрынын жанында жарылууну жана ага удаа өрт чыкканын көрүшкөн. Кызматкерлер ошол замат жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга байланыштуу тиешелүү аракеттерди көрүшкөн. Кафенин кардарларын эвакуация кылууну уюштуруп, өрт чыккан жер курчалган. Учурда окуя болгон жерде Биринчи Май РИИБинин ...

0 265

Өкмөт башчы өрттүн себебин тыкыр изилдөөгө тапшырма берди

08-ноябрь 2019, 15:46 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Саламаттык сактоо министрлигине бүгүн Бишкек шаарында кафеде чыккан өрттүн кесепетинен жабыркагандарга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүү жана дарылоо боюнча чараларды көрүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Маалыматка караганда, өкмөт башчы тиешелүү мамлекеттик органдарга Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги жарылуунун жана андан улам тез татым жайынын өрттөнүүсүнүн себептерин тыкыр иликтеп чыгуу ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 263

ВИДЕО - Француз-украин футбол фанаттарынын ортосунда мушташ чыкты

Видео 08-ноябрь 2019, 15:38 Айдар Нуралиев

 Украинанын Львов шаарында француздар менен украин фанаттарынын ортосунда  массалык мушташ болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жарыялашты. 7-ноябрь күнү кечки саат 10до Львов шаарында «Александрия» жана «Сент-Этьен» командаларынын беттеши өтмөк. Анын алдында, тактап айтканда 6-ноябрь күнү кечинде  100дөн ашык футбол фанаттарынын ортосунда  уруш чыккан. Фанаттар бөтөлкө ыргытып, айнектерди сындырышкан. Натыйжада 2 полиция кызматкери оор жаракат алган. 12 кишини кармалып, ...

0 926

ИГИЛ өспүрүмдөр үчүн тиркемеге өлүктөрдү сүйрөп жүргөн видеолорду жарыялаган

08-ноябрь 2019, 15:09 Айдар Нуралиев

TikTok тармагына көчөдө өлүктөрдү сүйрөп жүргөн видеолор жарыяланып кеткен. TikTok социалдык тармагынын тиркемеси Ислам мамлекетинин пропагандалык видеороликтерин жарыялаган колдонуучуларды өчүргөн. Аталган социалдык тармактын дүйнө жүзүндө 500 миллиондой колдонуучусу бар. TikTok платформасы колдонуучуларга 15 секундалык видеороликтерди түзүүгө жана бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул тиркеме айрыкча өспүрүмдөр арасында популярдуу. Террордук уюмдардын мындай видеолорду таркатышы биринчи жолу болуп жаткан жок. Буга чейин да ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83