www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айдар Нуралиев

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (6697)

0 593

Альбина Имашова, актриса: “Артисттерге карата элдин көз карашы  өзгөрдү”

08-ноябрь 2019, 13:58 Айдар Нуралиев

Театр жана кино жылдызы Альбина Имашованын  кыргыз киносундагы чыгармачылыгы ташкындап турган убагы, ал өзгөчө  тастаңдаган тың жеңелердин образын ийине жеткире  аткарган ролдору менен элибиздин купулуна толуп келет.  NazarNews актриса менен азын-оолак маек курду. - Саламатсызбы, жакында эле Бишкек шаардык кеңешинин Ардак громатасы менен сыйландыңыз, сурайын дегеним, эмгекти баалоо чыгармачылыкты шыктандырабы? - Саламатсыздарбы, маданият күнүнө карата Бишкек шаардык кеңеши Ардак ...

0 268

ВИДЕО - Мушкер автокырсыктан каза болду

Видео 08-ноябрь 2019, 13:27 Айдар Нуралиев

3-ноябрда Аргентинанын Буэнос-Айрес провинциясындагы Тигр шаарында автокырсыктан WBO Latino мунуку чемпиону 44 жаштагы Леонардо Хавьер Гонсалес каза болду. Унааны башкарган мушкердин досу катуу ылдамдыкта айдап бара жатып электр түтүгүнө урунган. Унаанын алдыңкы ордунда отурган Гонсалес ошол эле жерден жан берген, ал эми досу ооруканага жеткирилген. Гонсалес 1995-2013-жылдары профессионалдык бокс менен алектенген. Ал 20 беттеш өткөрүп, анын 15инде жеңишке жетишкен. Булак: ...

0 722

4 жылдан бери шаурма жасаган ашпозчу өзүнүн иштеген жеринин былыктарын айтты

08-ноябрь 2019, 13:10 Айдар Нуралиев

Onliner  YouTube программасына келген ашпозчу бет кап кийип алып иштеген жеринде  кандай былыктар болоорун ачык айтып берди. Ал өз сөзүндө буларга токтолду: “шаурма жасаган жерлердин көпчүлүгү  санитардык талаптарга жооп бербейт. Мен бул жумушка 1 жыл иштегенден кийин, санитардык китепчемди алганмын. Азыркы учурда баардык нерсени акча чечип калган. Көпчүлүк шаурма жасаган жерлерде 3 киши эле иштейт, алар көп нерсеге үлгүрүшпөйт, ...

0 170

Жалал-Абад шаарынын окуучулары эл аралык олимпиададан байгелүү кайтышты

08-ноябрь 2019, 16:35 Айдар Нуралиев

Түркиянын Анталья шаарында 2019-жылдын 27-октябрынан 4-ноябрына чейин болуп өткөн XI эл аралык предметтик олимпиадага Жалал-Абад шаарынын М. Бабкин атындагы №1 мектеп-гимназиясынын 10 окуучусу катышып келишти. Бул тууралуу Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинин жаштар кеңешинин төрагасы Максат Мамасыдыков билдирди. Маалыматка караганда, окуучулар 9 предмет боюнча күч сынашты. 1. Биология 2. Орус тили жана адабияты 3. Математика

0 109

Эң атактуу теке өлүп калды. Эми ага эстелик тургузулмакчы

08-ноябрь 2019, 12:10 Айдар Нуралиев

2015-жылы Амур аттуу жолборс менен достошуп элге таанылган Орусиянын Приморск крайында жайгашкан сафари-парктагы Тимур аттуу теке каза болду. Анын жүрөгү кармап калган. Бул тууралуу аталган парктын сайты жазып чыкты. Маалыматка караганда, Тимур 5-ноябрда Тимур өлгөн. Текени баккан парктын кызматкери Эльвира Головинанын айтымында, Тимурдун күл челеги артыкчылык менен жерге коюлат. Кийин ошол жерге Тимурдун колодон жасалган скульптурасы жасалат. Эске салсак, ...

0 921

Кудайдын белегиби? Африкага барган кечил аялдар кош бойлуу болуп кайтышкан

08-ноябрь 2019, 11:59 Айдар Нуралиев

Италиялык эки кечил аял Африкадан кош бойлуу болуп кайтышты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты. Маалыматтарга караганда, Рим католик чиркөөсү Африкадагы миссионердик сапардан эки кечил аялдын кош бойлуу болуп келгени боюнча өзгөчө окуяны иликтеп баштады. Күнөө кылган аялдар Сицилияда кызмат кылышат, алардын бири бузулган аялдарга жана алардын балдарына жардам берген коомдук институтта иштейт. 34 жаштагы кечил аял ичи ооруганынан ...

0 405

 “Манас” аэропортунда мас кыздар учакты 1 сааттан ашык кармашты

08-ноябрь 2019, 11:36 Айдар Нуралиев

Кечээ, 7-ноябрда “Манас” эл аралык аэропортунда Бишкек-Стамбул каттамы бир сааттан ашык учпай кармалды. Бул кармалуунун себеби, мас абалындагы жүргүнчүлөрдү рейстен алып салуу болгон. Бул тууралуу “Манас” ААКынын басма сөз кызматынан билдиришти. Белгилүү болгондой, лайнер учууга даярданып жатканда, аба кемесинин командири рейстен эки жүргүнчү алынып салууну чечти. Мас кыздар аэропорттогу милиция кызматкерлери тарабынан учактан түшүрүлгөн. Учак 7:00дө учуп кетмек,  бирок  ...

0 144

Дрондор дары-дармек ташып башташты

08-ноябрь 2019, 11:28 Айдар Нуралиев

Дрондор тапшыртма берген кардарлардын үйүнө дары-дармек жеткирип бере баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. АКШда тапшырыктарды аба аркылуу жеткирип берүү башталды. Түндүк Каролинада биринчи жолу дрондун жардамы менен жеткирип берүү иши сынактан өткөрүлдү. Анда дарыканага тапшырык берген кардардын үйүнө учкучу жок эле жеткирилген дары 6 метр бийиктиктен үйдүн алдындагы газонго түшүрүлдү. Тажрыйба ийгиликтүү аяктап, кардар товарларын өз ...

0 70

Кыргызстандын эл аралык резерви 2.2 млрд долларга бааланууда

08-ноябрь 2019, 10:44 Айдар Нуралиев

2019-жылдын акыркы 10 айында Кыргызстандын эл аралык ички резерви 2 млрд 294 млн 86 миңди түзгөн. Бул тууралуу Акчабар Улуттук банктын маалыматына шилтеме берип жазып чыкты. Улуттук банктын маалыматына ылайык, бир ай ичинде өлкөнүн резерви 9.13 млн долларга өскөн. Акыркы беш жыл ичинде (2014-жылдан тарта) 2019-жылдын август айынан сырткары (эл аралык резерв 2 млрд 335 млн 79 миң долларды ...

0 197

Турсунбай Бакир уулу, экс-депутат: "Бизде да коррупционерлерди кытайдай же ислам өлкөлөрдөгүдөй жазалаш керек!

08-ноябрь 2019, 10:35 Айдар Нуралиев

- Турсунбай мырза, бийлик Илмияновду камагандай неге башкаларды жазалай албай жатат. Илмиянов Атамбаевдин кадры болгон үчүн запкы тартып жаткан жокпу? - Сооронбай Жээнбековго чейин президенттер өзүнө караштуу адамдарды камабай, жалаң бөлөк партиядагы, өзүнө жат адамдарды камачу. Эми ажо кечээги эле досторун жана партиялаштарын каматып, ага чейинки президент камагандарды четинен бошотуп жатат. Менимче, бул кыйла адилеттүү болууда. - Коррупция менен ...

0 404

“Кустурулган” акчалар кайрадан уурдалып жатабы?

08-ноябрь 2019, 09:56 Айдар Нуралиев

Муну айта албайбыз. Бирок саясат таануучу Кайрат Осмоналиев президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен коррупционерлерден кайтарылган акчаларды топтоо үчүн ачылган атайын эсептеги акчалар максатсыз жумшалып жатышы ыктымалдыгын айтып чыкты. Бул маалымат тууралуу "Майдан.kg" гезити 6-ноябрда чыккан санында жазып чыкты.  Анын айтымында, атайын эсепти ачуу идеясы эң туура болгон. Бирок эсепке түшкөн акчалардын жумшалуусу ачык көрсөтүлүп, аны жарандар билип, кабардар болуп ...

0 71

Экс-вице-спикер журналисттерди куттуктады

07-ноябрь 2019, 17:00 Айдар Нуралиев

Урматтуу массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Басма сөз жана маалымат күнү менен куттуктайм! Массалык маалымат каражаттары азыркы заманда аябай чоң роль ойнойт, ал эми журналист кесиби чоң жоопкерчиликти талап кылат. Дүйнөдө, өлкөдө жана аймакта болуп жаткан окуялар элге канчалык толук жана калыс чагылдыруу журналисттердин ишинин натыйжасынан көз каранды. Себеби, керектүү жана так маалыматты элге ыкчам жеткирүү ...

0 280

Эмне үчүн эркектер отуруп заара кылышпайт?

07-ноябрь 2019, 14:57 Айдар Нуралиев

Азыркы кезде ар кандай оорулар көбөйүп кетти. Мунун баары экологиядан, аба булганды, тамак-ашта химиялык заттар көп деген эле адамдар. Балким башка себеби бардыр. Биз бул боюнча өзүбүздүн көз карашыбызды окурмандардын алдына коюп көрөлүчү. Адамдар простатит (шейшеби бекип калуу), Аденома простаты (туттугуп калуу), импотент (букан), подагра (муундардын оорусу), гепатит А,В,С,Е (сарык, Боткин оорусу) жана кант диабети жана бөйрөк оорулары менен ...

0 135

Жерге “өзгөчө кырдаал” жарыяланды

07-ноябрь 2019, 14:49 Айдар Нуралиев

Дүйнөлүк коомчулукка  11 миңден ашуун окумуштуулар менен экологдор кайрылуу жасашты. Алар Жер планетасында “өзгөчө кырдаал” жаралганын жана климаттык кризис келгенин, анын тезирээк алдын алуу керектигин билдиришти. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.   Окумуштуулардын айтымында, эгер жакынкы арада абага көмүр кычкыл газын чыгаруунун көлөмүн кыскартпаса, адамзаты азап чегүү алдында турат. Алар 40 жылдык климатты изилдөөсүнүн жыйынтыгына карап мына ушундай ...

0 630

Көзүнө татуировка тарттырам деген кыз сокур болуп калды

07-ноябрь 2019, 14:04 Айдар Нуралиев

Автралиянын Эмбер Люк аттуу жараны көзүнө татуировка жасатам деп сокур болуп калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар бүгүн жазып чыгышты. 24 жаштагы Эмбер Люк аттуу кыз бир нече жылдан бери тышкы келбетин ажыдаардын келбетине окшоштурууга аракет кылып келген. Ал дене түзүлүшүн, төшүн, жүзүн, оозун кулактарынын формасын өзгөрткөн.  Кулактары чоң көзөнөкчө, тили эки ача болуп кесилген Люк мунусунда көзүнүнү түсүн ...

0 188

Замирбек Нуров, блогер: "Биз Сингапурга жетүү үчүн адамдык капиталды чыңдайлы"

07-ноябрь 2019, 13:58 Айдар Нуралиев

- Замирбек, Кыргызстан менен Сингапурга жакшы салыштыруу айттың... - Маалымат чогултуп, изилдөө жүргүзүп, анализ кылып, анан бир нерсе айтса болот. Кыргызстандын территориясы 199 951 кв/км. Элдин саны 6 млн. адам. Калктын ички дүң продукциясы 2500 доллар. Бизнес жүргүзүү боюнча 67-орундабыз (189 өлкө боюнча). Адамзаттык өнүгүү индекси 0.622 (125-орунда) Ал эми Сингапурдун территориясы 719 кв/км. Элдин саны 5,5 млн. ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 275

Эрдоган: «Уялбастан «Исламий террор» сөзүн колдонгон Батыш, эң оболу өзүн күзгүдөн карашы керек»

07-ноябрь 2019, 13:31 Айдар Нуралиев

Анкарадагы Бештепе «Миллет» конгресс жана маданият борборунда Анкара университетинин теология факультетинин 70 жылдык мааракесине катышкан Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган сөз сүйлөдү. Ал АКШнын Сирияда жүргүзгөн оперциясында Багдадинин туннелде өзүн өзү жардырып жок кылганын эске салып: «Биз дагы аялын кармадык бирок биз чуу салган жокпуз. Муну биринчи жолу бүгүн жарыялап жатамын. Ошондой эле Багдадинин карындашын, жездесин да кармадык. Биз ...

0 294

"Бажа-гейттен" кийин Абылгазиевдин жакындары кайрадан бийликти уят кылышты

07-ноябрь 2019, 14:08 Айдар Нуралиев

Өкмөт аппаратында иштеген аткаминерди жана экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрага орун басарын «пара алды» деп айыптаган ишкер Эмир Эмилканов ачыкка чыкты. Видео аркылуу чыккан билдирүүсүндө ал өмүрүнөн кооптонуп турганын белгилеп, Бакыт Калмуратов менен Эмил Жамгырчиев андан акча алганын ачык эле айтып чыкты. Бирок,«өрдөк эти» деген ат менен таанылган иштин экинчи тарабы айыптоолорду, ишкердин айткандарын төгүндөп жатат. Экономикалык ...

0 316

ВИДЕО – Депутаттар мушташа кетишти

Видео 07-ноябрь 2019, 13:12 Айдар Нуралиев

Аэропортто Украинанын Радикалдуу партиясынын лидери Олег Ляшко менен Раданын депутаты Андрей Герус мушташа кетишти. Депутаттардын мушташы социалдык тармактарга тарап кетти. Маалыматтарга караганда, Ляшко менен Геркус Борисполь аэропортунун расмий делегациялар залында жолугуп калышкан. Ляшко Геркусту Кремлдин кызыкчылыгы үчүн иштеп жаткан чыккынчы деп күнөөлөгөн. Бир аз айтышкандан кийин экөө жакалашып, анан мушташа кетишкен. Булак: NazarNews.kg

0 222

Эмил Үмөталиев, Kyrgyz Concept компаниясынын негиздөөчүсү: "ЕАЭБге киришибиздин айынан көп кыйынчылыктар күтүлөт"

07-ноябрь 2019, 13:01 Айдар Нуралиев

- Акыркы убактарда 2020-жылдан тарта автоунаалар гана кымбаттабай, 160 аталыштагы товарлардын баасы көтөрүлөрү тууралуу да айтылууда. ЕАЭБге киришибиздин өйдө-төмөнү тууралуу кандай пикирдесиз? - Мен «ЕАЭБге киребиз» дегенден бери эле пайдасына көзүм жетпей, факторлордун, мисалдардын жана ой жүгүртүүлөрдүн баары көбүрөөк зыян алып келерин далилдер менен бөлүшүп келгем. Андан бери он жылдай убакыт өттү. Ошондон бери массалык маалымат каражаттарына ачык ...

0 237

Максат Сабиров, ЖК депутаты: "Көп партия келип алып, парламентте кырылышып отурса да жаман"

07-ноябрь 2019, 12:44 Айдар Нуралиев

- Максат Эсенович, уран, торий чыккан жерлерди иштетүүгө байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндөгү мыйзам долбоору парламентте чоң талаш-тартышты пайда кылды. Кандай дейсиз, биосфералык аймактарда дегеле кендерди иштетүүгө тыюу салыш керекпи, же кээ бир депутаттар айткандай, радиоактивдүү кендерге гана тыюу салып, калгандарына уруксат бериш керекпи? - Бизде корголгон аймактар бар да. Ал жерде экологияга зыян келтире турган эч кандай өндүрүш ...

0 245

Кылыч Шанаев: “Айыл өкмөт, депутат, акимдер аман эле болгула!”

Видео 07-ноябрь 2019, 12:42 Айдар Нуралиев

Кылыч Шанаев аттуу Фейсбук колдонуучусу Чаткал, Ала-Бука, Аксы райондорунун унаа жолдорунун абалын видеого тартып жеке баракчасына жүктөгөн. Видеонун астына ал “Кудай буйруган күнү жолдорубуз оңолуп калаар. Ага чейин чыдабаска арга жок”, -деп жазган. Анын жазгандары толугу менен төмөндө: “Өкмөткө өгөй регион! 1991-жылдан бери Кыргызстан жол куруу үчүн чет өлкөдөн 3 млрд 700 млн $ кредит алган. Кайсы региондун депутаттары ...

0 576

Рыскелди Момбеков, ЖКнын депутаты: “Саясаттан четтеп, эс алсамбы, чарбачылык иштер менен алек болсомбу...”

07-ноябрь 2019, 12:28 Айдар Нуралиев

– Рыскелди байке, Текебаевди үйүңүзгө чакырып чай бергениңиз аябай саясатташып, ар кандай ракурста талкууланып жатат. Негизи, саясатчылардын чайлашуусу ушунчалык чоң темабы? – «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Чиркешович менен фракция лидери Алмамбет Насыркановичке саясаттагы жолум жанаша келатат. Бул кишилер, Дүйшөн Чотонов үчөө тең кырсыкташты. Кырсыктаганы ошол, кылмышка айыпталышып, оор күндөрдү баштан кечиришти. Ошондон биротоло кутулуша элек болсо да, буюрса ...

0 551

Коррупцияга шектелген Пирматов эми Сулаймановду сатып кетеби?

07-ноябрь 2019, 11:55 Айдар Нуралиев

Убагында Исхак Пирматовду адам кылган, көчөдө жүргөн жеринен кызматка орноштуруп, улам чоңойтуп отурган Азиз Турсунбаев эмес беле? Көрсө, убакыт кимдин-ким экенин далилдейт тура, - деп жазып чыкты "АЗИЯnews" гезити бүгүнкү чыккан санында.  «Кыргызнефтегаздан» Пирматов өлөрчө байып алып, оозу-мурду кыйшайбастан акесин сатканы, аягы оппонент болуп, Ала-Бука районунан добуш талашып калганына кандай баа бересиңер? Кийин «Республика» фракциясынын лидерлигинен Канатбек Исаевди кетирүүнү башташып, интрига кылышып, ...

0 437

Рамзан Кадыров аскер техникасын чыгарып баштады

Видео 07-ноябрь 2019, 11:41 Айдар Нуралиев

Чеченстандын "Болат" ишканасы аскердик багыттагы атайын автоунааларды чыгарууну пландап жатат. Учурда ишкана ар түрдүү аскердик атайын операцияларга ылайыкталган автоунаанын биринчи үлгүсүн жасап чыккан. Тышы ок өтпөөчү материалдан жасалган унаа түрдүү куралдар менен жабдылган. Салону ыңгайлуу келип, ичине кондиционер да орнотулган. Максималдуу ылдамдыгы саатына 120 чакырым. Жарадарларды, жүктөрдү жеткирүүгө, баардык жолдордо жүрүүгө ылайыкталган.  Унаанын салмагы 6 тонна 800 килограмм. Аскердик ...

0 185

Анна Семенович жаңы киного тартылууда

07-ноябрь 2019, 11:18 Айдар Нуралиев

Орусиялык белгилүү ырчы, актриса Анна Семенович Инстаграмм баракчасы аркылуу  жаңылыгы менен  бөлүштү. Ал “Кечээ менин легендарлуу  “Гардемариндер”  фильмине тартылган  биринчи  күнүм болду. Мен сьемка алдында абдан толкундандым,  бирок өзүмдүн кооз костюмумду, кооздугумду, фильмдеги өнөктөштөрүмдүн күчтүү идеясын көрүп, күн бою ырахат алып иштедим. Менин сүйүктүүлөрүм, бизге ийгилик каалап коюңуздар, жакында сиздерди абдан кызыктуу фильм күтөт. Биз болушунча аракет кылабыз”, -деп ...

0 295

Сот зордукчуну бошотуп жибердиби?

07-ноябрь 2019, 11:01 Айдар Нуралиев

“Чүй облусунун Кемин райондук соту оор кылмыштарга күнөөлөнгөн адамдын ишин жаап-жашырып, аны 1 айдын ичинде эркиндикке чыгарып жиберди”. Бул тууралуу  жабырлануучунун Эрлан аттуу бир тууган агасы жергиликтүү басылмалардын бирине маалымдады. Анын айтымында, Чүй облусунун Кемин райондук соту оор кылмыштарга күнөөлөнгөн адамды 1 айдын ичинде эркиндикке чыгарып койгон. Ал сот кылмышка шектүүдөн акча алып, ишин жаап койду деп жатат. Эми ...

0 475

Зарина: "Уулумду таппай калсам кантип жашайм деп коркуп келем"

07-ноябрь 2019, 11:18 Айдар Нуралиев

36 жаштагы Зарина 2018-жылдын 22-декабрында Чүй облустук аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө эгиз уул төрөгөн. Бирок “балаңдын дене табы көтөрүлүп жатат” деп медайым алып кеткен бойдон эне уулун экинчи көргөн эмес. Эки сааттын ичинде “балаң чарчап калды” деп, бирок ымыркайдын сөөгүн көрсөтүшкөн эмес. Он айдан бери Зарина өлгөн бала аныкы эмес экенин, баласын алмаштырып коюшканын далилдей албай келет, - деп ...

0 755

Жумуртка жеш боюнча мелдешкен адам каза болду

07-ноябрь 2019, 10:20 Айдар Нуралиев

Ал досу менен адам баласы 50 бышырылган жумуртка жей алат деп мелдеше кеткен. Эгер ал 50 жумуртканы жесе 2000 (болжол менен 1900 сом) рупия утмак. Мелдеш башталып, ал 41 жумуртка жегенден кийин, алсырап, эсин жоготкон. Ал ошол замат ооруканага жеткирилген менен каза болуп калган. Дарыгерлер анын өлүмүнүн себебин ашыкча тоюп алгандан улам болгонун аныкташкан. Айтмакчы, бул окуя биринчи эле ...

0 183

Тоо сатып алгыңыз келеби? Австралияда 620 миң долларга тоо сатылып жатат

07-ноябрь 2019, 09:38 Айдар Нуралиев

Австралияда Халлен тоосу сатууга коюлду. Тоонун аянты 105,100 чарчы чакырым. Ал тоону мурунку ээлери эс алуу үчүн гана колдонушкан. Алар тоонун бооруна үй курууну кыялданышкан, бирок, кийин пландары өзгөрүп, тоону сатууга коюшканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.  Халлендин аймагы ажайып кооз, түрдүү дарактар жана бадалдар өсөт, ошондой эле ал жакта  Вивенхо көлү да бар. Тоодо коала, кенгуру жана башка ...

0 186

Бишкекте дагы бир эс алуучу  коомдук жай ачылат

06-ноябрь 2019, 18:01 Айдар Нуралиев

Жакын арада  Бишкектин Жал кичирайонундагы көп кабаттуу үйдүн алдында эс алуучу коомдук жай ачылат. Курулуш жүрчү жердин жалпы аянты 786 чарчы метрди түзөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашты. Ал жерге 18 спорттук тренажер, ыңгайлуу отургучтар жана жарыктандыргычтар коюлары күтүлөт. Колдонулбай турган эски футбол ойноочу талааны жаңылап, ишке берүү да пландалууда.  Эске салсак,  эс алуучу жайды куруу боюнча,  BMAsiss ...

0 231

Өмүрбек Текебаев: "ЖМКсыз мамлекеттеги жана коомдогу өзгөрүүлөрдү элестетүү мүмкүн эмес"

06-ноябрь 2019, 17:32 Айдар Нуралиев

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады. Куттуктоодо мындай деп айтылат: - Урматтуу журналисттер жана басма сөз кызматкерлери! Баарыңыздарды кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм! Жалпыга маалымдоо каражаттарысыз мамлекеттеги жана коомдогу өзгөрүүлөрдү элестетүү мүмкүн эмес. Өлкөнү өнүктүрүүгө жана кыргызстандыктардын бакубатчылыгын камсыз кылууга багытталган реформаларды ишке ашырууда сиздердин ролуңуздар зор. Баарыңыздарга чың ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 209

Кыргызстанда биринчи аудиолог бөлмөсү ачылды

06-ноябрь 2019, 17:19 Айдар Нуралиев

Кыргызстандагы алгачкы аудиологдун бөлмөсү 4-ноябрда Октябрь районунун Бириккен Үй-бүлөлүк медициналык борборунда ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, иш-чара КР Саламаттык сактоо министрлигинин, КР Билим берүү жана илим министрлигинин, КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин, "Сорос Кыргызстан" фондунун өкүлдөрү, сурдологдор, сурдопедагогдор, кохлеардык импланты бар балдардын ата-энелеринин катышуусунда өттү. Аудиологдун бөлмөсү  Кыргыз республикасынын кохлеардык импланты бар ...

0 552

Бойго бүтүрбөөчү каражаттар. Кайсынысы ишенимдүү?

06-ноябрь 2019, 17:12 Айдар Нуралиев

Үй-бүлөнү пландаштыруу, күтүүсүз бойго бүтүүдөн сактануу – бул контрацепция. Бүгүнкү күндө кош бойлуулуктан сактануунун ар кандай ыкмалары жана каражаттары бар. Акушер-гинеколог Гүлзина Мадраимова бойго бүтүрбөөчү каражаттар тууралуу айтып берди. Универсалдуу- презерватив Презерватив- бойго болтурбоо каражаттарынын эң универсалдуусу. Презервативдин ден-соолукка зыяны жок. Күтүүсүз кош бойлуулуктан сырткары ВИЧ сыяктуу жыныстык жактан жуугучу түрдүү оорулардан сактайт. Жаштарга ылайыктуу, арзан, жетиликтүү жана колдонууга ...

0 191

Жугуштуу оорулар көбөйдү. Канткенде ооруну жуктуруп албайсыз?

06-ноябрь 2019, 17:10 Айдар Нуралиев

Октябрь айынан баштап, суук түшкөн мезгилде курч мүнөздөгү респиратордук оорулардын  күч алышы белгилүү. Мына ушундан улам, азыркы тапта Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында бейтаптардын саны көбөйгөн. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Жетекчиликтин айтымында, бир күндө орто эсеп менен 200 дөн ашык адам кайрылса, алардын  100гө жакыны  кеңеш алуу же амбулатордук дарылоо менен чектелишет. Демек, бул  жарандардын көбү   жашаган  ...

0 173

Президент Сооронбай Жээнбеков: Турдакун Усубалиев – кыргыз мамлекетинин өзгөчө доорунун, жарк этип, тез өнүккөн тарыхый мезгилинин лидери

06-ноябрь 2019, 16:21 Айдар Нуралиев

«Турдакун Усубалиев — кыргыз мамлекетинин өзгөчө доорунун, жарк этип, тез өнүккөн тарыхый мезгилинин лидери», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-ноябрда, мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине арналган Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан салтанаттуу иш-чарада. Мамлекет башчысынын сөзү толугу менен берилет: «Урматтуу мекендештерим! Сейрек кезде гана бүткүл өлкөнүн тарыхын айрым адамдын тагдырынан ...

0 178

«Электрондук нотариус» маалыматтык системасын ишке киргизүү башталды.

06-ноябрь 2019, 16:19 Айдар Нуралиев

Нотариустардын бирдиктүү реестрин, нотариустук иш-аракеттердин маалыматтык негизин түзүү, «Электрондук нотариус» маалыматтык системасын ишке киргизүү  «Санариптик Кыргызстан 2019-2023» Санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча «Жол картанын» иш-чараларынын алкагында жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. «Электрондук нотариус» маалыматтык системасы иштин ачыктыгын арттырууга, коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга, нотариустардын жүктөмүн азайтууга, алардын ишинин сапатын жогорулатууга, адамдык фактордун таасирин четтетүүгө багытталган. Учурда жарандар ...

0 1237

Боорду тазалап, майды эриткен үч суусундук

06-ноябрь 2019, 16:10 Айдар Нуралиев

Биздин организм тез даярдалуучу тамак-ашты колдонгондо сиңире албай абдан кыйналат экен. Анын ичинде боор жабыркайт. Ошондуктан маал-маалы менен тазалооочу процедураларды аткаруу зарыл. Төмөнкү үч суусундук боорду тазалап, организмде топтолгон май калдыктарын жана токсинди чыгарат деп айтылат. Бул тууралуу "Шамбала" гезити жазып чыкты.   1. Жарым лимон, бир болгар калемпири, бир алма, бир бадыраңдын согун сыгып алып тургузбай ичүү керек. Эгер ...

0 1045

Эрнис Кыязов: “Кош, Чынара! Жараткан сага бейишинен орун берсин!..”

06-ноябрь 2019, 16:05 Айдар Нуралиев

Белгилүү журналист Эрнис Кыязов Фейсбуктагы жеке баракчасына маркум журналист Чынара Токонова тууралуу пост жазды. Анын жазгандары төмөндө толугу менен: ЖАН... ...күз али бүтө элек, а кыш али келе электе Чынара сен ушунтип өмүрүңдүн отуз жетинчи ирмеминде Кудай чакырган экен, кете бердиң... Күзгү суукта гүлү күбүлө элек чөптөргө конгон муздак карды көрүп үшүгөндөй "..ушундай да болот экен ээ.." деп сенин ...

0 136

Пайдалуу кеңеш: Эми сизге чач үчүн чайлардын түрүн сунуштайбыз

06-ноябрь 2019, 16:04 Айдар Нуралиев

1. Бир аш кашык көк чайды эки стакан кайнак сууга жарым саат тыныктырып чыпкалап алып жуулган чачка кайра-кайра сүйкөлөт. Андан кийин чайкабай эле коюңуз. Көк чайдан даярдалган кондиционер чачты жибектей жылмакай жана жумшак кылат. Бул тууралуу "Шамбала" гезити жазып чыкты.  2. Майлуу чач үчүн чайкоочу каражат. Бир стакан коюу демделген кара чайга бир стакан эмендин кабыгынан даярдалган тундурма менен ...

0 1025

Кан коюу болгону коркунучтуубу, эмне кылуу керек?

06-ноябрь 2019, 15:54 Айдар Нуралиев

Айрымдар кан коюу болгондо суюлтуунун табигый жолун билишет. Анткени кан коюу болгондо кан айлануу жайлап, ички органдар, мээге кычкылтек жетпей калат. Балким тромб пайда болушу да мүмкүн. Кан айлануу нормада болушу үчүн жөнөкөй кеңештерди билип алуу зарыл. Бул тууралуу "Шамбала" гезити жазып чыкты.  1. Сууну көп ичүү керек. 85 пайыз адамдар сууну аз ичишет. Бул жерде сөз табигый суу ...

0 148

КСДПнын жаштар канатынын мүчөсүн УКМК кармап кетти

06-ноябрь 2019, 15:38 Айдар Нуралиев

КСДПнын жаштар канатынын мүчөсү Бакыт Абдыкеримовду УКМКга алып кетишти. Бул тууралуу КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Кундуз Ажибекова Фейсбуктагы жеке баракчасына жазып чыкты. Анын жазганына караганда, КСДПнын жаштар канатынын мүчөсү Бакыт Абдыкеримов Бишкектеги “Вкус востока” кафесинде отурганда, эч нерсе түшүндүрбөй эле УКМКга алып кетишкен. “Бакыт – 7-августта жаракат алгандардын бирөөсү. УКМК тарабынан жасалган мына ушундай кадамга кандай түшүнсө болот”, -деп ...

0 439

Пайдалуу кеңеш: Жашартуучу кремдин курамы

06-ноябрь 2019, 15:33 Айдар Нуралиев

70 жаштагы айымга айланасындагылар дайыма 55 жаш беришет эле. Бирок ал айым жаштыктын сырын жашыргандардан эмес экен. Үй шартында аткара турган бырышты жазып, беттин терисин азыктандырып жылмакай көрсөткөн, жаштыктагыдай тамылжыган жүздү сактоонун сырын дайыма эле айта берет, болгону ага ишенип жасап көргөндөр аз болгон. Ишеним менен жасап көрүңүз.! Крем үчүн керек: бир аш кашык бал, бир чай кашык вазелин, ...

0 302

Чөп-чардын пайдасын териштиребиз!

06-ноябрь 2019, 14:32 Айдар Нуралиев

1. Базилик - эң мыкты вируска каршы каражат, мындан сырткары жөтөлдө, астмада, иммундук системаны чыңдоодо пайдалуу. Курамында С витамин жана камфен, эвенгол, цинеол деген эфир майлары бар үчүн табигый антибиотик деп эсептелет. Байыртадан эле инфекцияга каршы каражат экени бааланып, тундурма менен оозду чайкашкан. Дагы жеңил заара айдап чыгаруучу каражат катары кандагы заара кислотасын бөлүп чыгарып бөйрөктү тазалайт. 2. Кинза ...

0 239

Кундуздай кулпурган олоң чач үчүн аз акча коротосуз...

06-ноябрь 2019, 14:14 Айдар Нуралиев

Чач түшүп жатканда жакында таз болуп каламбы деген коркунуч болбой койбойт. Мындай күнгө туш болбос үчүн чач түшкөнүн байкаган күндөн баштап кам көрүүнү унутпайлы. Каалоо болсо кеңеш даяр. Ал үчүн үч аш кашык ромашканын кургатылган гүлү, үч аш кашык лавр жалбырагы жана 100 грамм суу керек. Кайнак сууга ромашка менен лавр жалбырагын салып үч саат тыныктырып, чыпкалап алып чачтын түптөрүнө ...

0 1956

ВИДЕО – Пираньялар өспүрүм баланы жеп кетишти

Видео 06-ноябрь 2019, 13:59 Айдар Нуралиев

Социалдык тармактарда жырткыч саналган пиранья балыктары сууга түшүп кеткен өспүрүмдү жеп салган деген видео таркап жатат. Видео кайсы жерде, качан тартылганы белгисиз. Ошондой эле, өспүрүмдү чын эле пираньялар жегенби же башка нерсе жегенби, так далили жок. Бирок, видеодогу кадрлардан эти жок, сөөгү эле калган денени көтөрүп келип ороп жатканын көрүүгө болот. Сөөк эле калган дененин сыртында кийими бар экени ...

0 405

Нэна: "Үйгө кирип аялдын, эшикке чыгып эркектин жумушун жасайм"

06-ноябрь 2019, 13:39 Айдар Нуралиев

Ырчы, алпаруучу Нэна жакында эле экстремалдуу клип тартып, ал өзгөчө клиптердин катарын толуктады. Бул клип ырчы айымдын чыгармачылыгына эле өзгөчөлүк тартуулабастан, жеке жашоосуна да жаңылык киргизгендей болду. Андагы баш каармандын ролун ойногон жигит Нэнанын колун сураганын ырчы күйөрмандарына өзү кыйыткан, - деп жазып чыкты "Леди.kg" гезити шейшембиде чыккан санында. - Нэна айым, жакында эле “Сенин жаныңда” аттуу экстремалга бай ...

0 210

ВИДЕО - Жалал-Абаддагы жабылды деген сойкукана дагы деле иштеп жатабы?

Видео 06-ноябрь 2019, 13:36 Айдар Нуралиев

Эрзат Шадибеков аттуу Фейсбук колдонуучусу жеке баракчасына Жалал-Абад шаарындагы жабылды деген сойкукана дагы деле иштеп жатканын жазып чыкты.  “Бая күнү эле Спутниктин айланмасынын жанындагы арам базар жабылыптыр деп чын дилден кубандык эле. Кээ бирлер УВДнын жетекчиси "Жабылсын" деп буйрук бериптир деп ага ыраазычылык, алкыш айтып, мактап жатты эле. Бүгүн кайра эле ошол шайтандын уюгу өз ишин улантып ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 194

Мыйзамсыз ташылып келе жаткан тамекилер кармалды

06-ноябрь 2019, 13:18 Айдар Нуралиев

ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келе жаткан 2 762 500 сомдук “Milano” маркасындагы тамеки Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу бажы кызматынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, МБКнын Контрабандага каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери “Түндүк-Чыгыш” бажысынын ...

0 184

Күз жана кызыл алма

06-ноябрь 2019, 13:07 Айдар Нуралиев

Алтын күз. Чындыгында эле азыр айлана-тегеректин баары алтынга чулгагандай сапсары, кызгылтың сары, жашыл сары түстөгү жалбырактарга оронуп ажайып бир сулуулукту, өзгөчөлөнгөн кооздукту тартуулап турса, салкын тарткан күзгү мээлүүн таза аба дагы, адамдын көңүл кушун сергитип көкөлөтөт! Ушул күздө сары алтынга боёлгондой түркүн кооз жалбырактуу, дүпүйгөн калың алма бакты аралап келатып бактарда кыпкызыл болуп бышып, сабагынан үзүлөйүн деп мөлтүрөп турган ...

06-ноябрь 2019, 13:07 | 184
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83