www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Расмий кабарлар
0 112

Дастанбек Жумабеков Түркиянын депутаты Хабибе Очал менен жолугушту

21-октябрь 2019, 15:41 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 21-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Хабибе Очал менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматка караганда, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын 27-чакырылышынын депутаты Хабибе Очал Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чакыруусу менен белгилүү профессор Фуат Сезгинге арналган эл аралык симпозиумга катышуу үчүн Бишкекке келген. 

0 55

Кыргызстандын жаш тескөөчүлөрүнүн командасы Россияда өтө турган ЖКЖТ отряддарынын мамлекеттер аралык слётуна катышат

21-октябрь 2019, 14:15 Айдар Нуралиев

Кыргызстандын жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн (ЖКЖТ)командасы IX жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү отрядынын мамлекеттер аралык слетуна катышат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматка караганда, бул жылы Кыргызстанды Бишкек шаарынын Биринчимай районунун №49 мектебинин ЖКЖТ отряды көрсөтмөкчү. Балдар бир жыл бою Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын тескөөчүлөрунө биздин республиканын жолдору менен көчөлөрүндө балдардын коопсуз жүрүм-турумун ...

0 661

Сооронбай Жээнбеков Россиянын президенти Владимир Путинге көңүл айтты

19-октябрь 2019, 18:20 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-октябрда, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путинге Красноярск крайында дамбанын жарылышынан адам курмандыктары болгонуна байланыштуу көңүл айтты. «Красноярск крайында дамбанын жарылышынан улам адамдардын курман болгону тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун жакындары жана туугандарына чын ниеттен көңүл айтуумду, ал эми жабыркагандарга тез сакайып кетүүсү ...

0 198

Сооронбай Жээнбеков: Балдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, карыларга кам көрүү – коомубуздун негизин түзгөн асыл наркыбыз

19-октябрь 2019, 15:00 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-октябрда Кыргызстандын социалдык коргоосунун жана кесиптик бирликтеринин кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул туралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти: «Урматтуу социалдык коргоонун жана кесиптик бирликтердин кызматкерлери!Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын социалдык коргоосунун жана кесиптик бирликтеринин кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм! Сиздердин эмгегиңиздер, ар бир адамга жана анын үй-бүлөсүнө боорукерлик менен  ...

0 199

Сооронбай Жээнбеков энергетика тармагынын мыкты кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды

19-октябрь 2019, 10:18 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-октябрда, Токтогул ГЭСин реабилитациялоонун биринчи фазасынын аякташына байланыштуу салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө энергетика тармагынын мыкты кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды. Анын ичинде «Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер» наамы төмөнкүлөргө ыйгарылды: — Дайыров Темиркул Айтмырзаевичке — «Түндүк-электр» ачык акционердик коомунун башкы директорунун техникалык маселелер боюнча биринчи орун басары; — Машрапов Асылбек Андалбековичке — Жалал-Абад жогорку вольттуу электр тармактары ...

0 216

Сооронбай Жээнбеков: Биздин улуттук энерготутумубуз евразиялык рынокто атаандаштык жөндөмүнө ээ болушу керек

18-октябрь 2019, 18:14 Айдар Нуралиев

«Биздин улуттук энерготутумубуз евразиялык рынокто атаандаштык жөндөмүнө ээ болушу керек», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-октябрда, Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоорунун 1-фазасынын жыйынтыкталышы менен таанышуу учурунда. Мамлекет башчысы белгилегендей, коңшу мамлекеттер менен аймактык кызматташууну толук түрдө ишке ашырууга, CASA-1000 долбоорунун алкагында электр энергиясын экспорттоо боюнча милдеттерибизди толугу менен аткарууга даяр болушубуз зарыл. «CASA-1000 долбоорун натыйжалуу ...

0 180

Сооронбай Жээнбеков Күрп-Сай ГЭСине Турдакун Усубалиевдин атын ыйгарууну колдойт

18-октябрь 2019, 16:37 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-октябрда, Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоорунун 1-фазасынын жыйынтыкталышына байланыштуу салтанаттуу иш-чарада Күрп-Сай ГЭСине мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин ысмын ыйгаруу идеясын колдой турганын белгиледи. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. «Энергетиканын юбилейин белгилөө учурунда Турдакун Усубалиевди эскерип кетүү абзел. Анын Күрп-Сай ГЭСинин курулушуна кошкон салымы баа жеткис. Ошол үчүн аталган станцияга Турдакун Усубалиевдин ысмын берүү ...

0 333

Президент КР БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды

16-октябрь 2019, 17:15 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-октябрда, КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды. Өлкөнүн шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу, 2020-2021-жж. Жогорку Кеңешке жана жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого даярдыктын жүрүшү маселелери талкууланды. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымдагандай, жакынкы эки жылдын ичинде шайлоо мыйзамдарына ылайык өлкөдө төмөнкү шайлоолорду өткөрүү пландалган: 2020-жылдын апрелинде 31 жергиликтүү кеңешке шайлоо (айылдык жана шаардык), 2020-жылдын ...

0 220

Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту

14-октябрь 2019, 19:20 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-октябрда, Баку шаарында (Азербайжан) Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТТМКК) Жетинчи жыйынына катышуунун алкагында Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту. Жолугушуу Баку шаарына учуп келээри менен Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортунда өттү. Кыргызстан менен Казакстандын эки тараптуу кызматташтыгы боюнча пикир алышуу болду. Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевдин Түрк кеңешинин ардактуу төрагасы ...

0 182

Сооронбай Жээнбеков Бакуга учуп келди

14-октябрь 2019, 18:17 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-октябрда, эки күндүк иш сапары менен Баку шаарына (Азербайжан) Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТТМКК) Жетинчи жыйынына катышуу үчүн келди. ТТМККнын кезектеги жыйынында түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы ар тараптуу мамилелердин, анын ичинде маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык кызматташтыктын өнүгүү маселелери талкууланат. Эске салсак, ТТМККда төрагалык кылуу Кыргыз Республикасынан Азербайжан Республикасына өтөт. Ошондой эле ТТМКК жыйынына катышуунун алкагында ...

0 175

КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

12-октябрь 2019, 09:35 Айдар Нуралиев

Ашхабад шаарында (Түркмөнстан) Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин (КМШ МБК) жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. КМШга катышкан мамлекеттердин башчылары төмөндөгү документтерге кол коюшту: 2020-жылкы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине төрагалык жөнүндө; Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү жөнүндө; Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Стратегиялык экономикалык кызматташтыгы боюнча ...

0 296

Аликбек Жекшенкулов Кыргызстандын Армениядагы элчиси болуп дайындалды

11-октябрь 2019, 17:41 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Жекшенкулов Аликбек Жекшенкулович Москва шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Армения Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Булак: NazarNews.kg

0 155

Бакыт Жусупов Кыргызстандын Словакиядагы жана Чехиядагы элчиси болуп дайындалды

11-октябрь 2019, 17:28 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси, Кыргыз Республикасынын Венгрия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси, Кыргыз Республикасынын Словения Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси, Кыргыз Республикасынын ЕККУдагы жана Вена шаарындагы жана башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү Жусупов Бакыт Алиевич Вена шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз ...

0 383

Самаргүл Адамкулова жаңы кызматка дайындалды

11-октябрь 2019, 17:12 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Адамкулова Самаргүл Эркиновна Эль-Кувейт шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Бахрейн Падышалыгындагы жана Иордания Хашимит Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Булак: NazarNews.kg

0 152

Президент Сооронбай Жээнбеков КМШ МБК жыйынына катышууда

11-октябрь 2019, 13:28 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-октябрда, Ашхабад шаарында (Түркмөнстан) Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин (КМШ МБК) кезектеги жыйынына катышып жатат. Жыйында Шериктештиктин алкагында кызматташууну тереңдетүү маселелери талкууланууда. Андан соң КМШ мамлекеттеринин башчылары кызматташуунун актуалдуу маселелерин кеңейтилген курамда талкуулашат. Булак: NazarNews.kg

0 109

Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстандын президенти менен жолугушту

11-октябрь 2019, 12:23 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-октябрда, Ашхабад шаарында (Түркмөнстан) Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин (КМШ МБК) жыйынынын алкагында Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту. Кыргызстан жана Түркмөнстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана артыкчылыктуу багыттары талкууланды. Сооронбай Жээнбеков Гурбангулы Бердымухамедовду КМШдагы төрагалыгынын ийгиликтүү аякташы менен куттуктады. Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташууну активдештирүү боюнча жакынкы мезгил ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 120

Сооронбай Жээнбеков Ашхабадка КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн учуп кетти

11-октябрь 2019, 07:42 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-октябрда, Ашхабад шаарына (Түркмөнстан) Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин (КМШ МБК) кезектеги жыйынына катышуу үчүн учуп кетти. КМШ МБК кезектеги жыйынында Шериктештиктин алкагында кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде КМШга катышкан мамлекеттердин Стратегиялык экономикалык кызматташуу Декларациясынын долбоору талкууланат. Ошондой эле КМШ МБК жыйынына катышуунун алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулардын өтүшү күтүлүүдө.

0 196

Сооронбай Жээнбеков бир катар өлкөлөрдүн элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды

09-октябрь 2019, 16:59 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-октябрда, Япония, Гана Республикасы, Испания Королдугу, Молдова Республикасы, Шри Ланка Республикасы жана Бахрейн Королдугунун атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды. Мамлекет башчысы ар бир элчини жеке Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердигинин башталышы менен куттуктап, алардын кесиптик тажрыйбасы өлкөлөр ортосундагы мамилелердин өнүгүүсүнө көмөктөшөрүнө ишенимин билдирди. Президент Сооронбай Жээнбеков дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жаңы башчылары менен ...

0 135

Сооронбай Жээнбеков Түрк академиясынын Президенти Дархан Кыдырали менен жолугушту

09-октябрь 2019, 12:14 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали менен жолугушту. Жолугушууга Түрк академиясынын өкүлү, профессор Кадыралы Конкобаев катышты. Билим берүү жана илимий изилдөөлөр чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы 2018-жылы Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүүдө жана «Манас» эпосун кеңири жайылтууда көрсөткөн көмөгү үчүн Түрк академиясына ыраазычылык билдирди. Сооронбай Жээнбеков ошондой эле түрк тарыхы, ...

0 110

Сооронбай Жээнбеков: Бишкектеги ШКУ Саммити дипломатиялык кызматкерлердин кесипкөйлүгү жана кыргызстандыктардын колдоосу менен ийгиликтүү өттү

08-октябрь 2019, 17:28 Айдар Нуралиев

«Бишкектеги Шанхай кызматташтык уюмунун Саммити дипломатиялык кызматкерлердин кесипкөйлүгү жана кыргызстандыктардын колдоосу менен ийгиликтүү өттү», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-октябрда, Бишкек шаарында 2019-жылдын июнь айында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешине даярдык көрүү жана өткөрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде. Мамлекет башчысы өткөн ШКУ Саммити өлкөнүн саясий жашоосундагы ири окуя ...

0 104

Сооронбай Жээнбеков Азербайжандын премьер-министринин биринчи орун басары Ягуб Эюбов менен жолугушту

08-октябрь 2019, 08:16 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков, 7-октябрда, өлкөгө Кыргызстан менен Азербайжан ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык биргелешкен жыйынына катышуу үчүн келген Азербайжан Республикасынын премьер-министринин биринчи орун басары Ягуб Эюбов менен жолугушту. Өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелердин азыркы абалы жана келечеги тууралуу пикир алышуу болду. Мамлекет башчысы Кыргызстан Азербайжан менен мындан ары да өз ара ишенимге жана сыйга ...

0 174

Сооронбай Жээнбеков Кувейттин Улуттук Ассамблеясынын спикери Марзук Али Аль-Ганем менен жолугушту

07-октябрь 2019, 15:34 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Кувейт Мамлекетинин Улуттук Ассамблеясынын спикери Марзук Али Аль-Ганем менен жолугушту. Эки тараптуу кызматташуунун келечеги, анын ичинде Кыргызстан жана Кувейттин парламенттер аралык мамилелери талкууланды. Президент Сооронбай Жээнбеков Кувейт менен болгон эки тараптуу кызматташууну тереңдетүү өлкөнүн тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, аны мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди. Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы соода-экономикалык ...

0 205

Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефону аркылуу сүйлөштү

05-октябрь 2019, 11:32 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 5-октябрда, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө президент Сооронбай Жээнбеков президент Эмомали Рахмонду туулган күнү менен куттуктап, бекем ден соолук, бакубатчылык жана ийгиликтерди каалады. Мамлекет башчылар ошондой эле кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыктын абалын жана келечегин талкуулашты.

0 258

Эрмек Ибраимов жаңы кызматка дайындалды

04-октябрь 2019, 16:03 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибраимов Эрмек Султанович Минск шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин уставдык органдарындагы Туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.  

0 156

Президент Сооронбай Жээнбеков: Мугалимдеги жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүк, өз кесибин сүйүү, өлкө жана келечек муун алдында жоопкерчилик — эң зарыл сапаттар

04-октябрь 2019, 11:23 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республиканын Президенти Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосун бүгүн, 4-октябрда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Досалы Эсеналиев Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүп жаткан Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада окуду. Куттуктоо сөзү: «Урматтуу билим берүү кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Санарип коомду ...

0 102

Төрага Дастанбек Жумабеков Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеӊешинин (ТӨКК) Башкы катчысы Багдад Амреев менен жолугушту

04-октябрь 2019, 09:28 Айдар Нуралиев

Кечээ, 3-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеӊешинин (ТӨКК) Башкы катчысы Багдад Амреевди кабыл алды. Бул тууралуу ЖК Басма-сөз кызматы билдирди.  Төрага Дастанбек Жумабеков Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеӊешин түзүү тууралуу Нахчиван келишиминин кабыл алынгандыгынын 10 жылдыгынын алкагында жолугушуп жатканына кубанганын билдирип, кеңештин Башкы катчысы Багдад Амреевдин жемиштүү ишмердүүлүгүн баса белгиледи. “Кыргыз тарап ...

0 117

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчылары “Евразиялык континенттин транзиттик потенциалы” форумунун ишине катышышты

02-октябрь 2019, 09:02 Айдар Нуралиев

Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин жана ошондой эле Молдова жана Иран башчылары, 1-октябрда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын алкагында Армениянын Ереван шаарында «Евразиялык континенттин транзиттик потенциалы» форумунун жыйынтыктоочу сессиясынын ишине катышышты. Евразиялык экономикалык комиссиянын Төрагасы Тигран Саркисян талкууланган маселелер жөнүндө айтып берип, Форумдун негизги натыйжаларын чыгарды. «Евразиялык континенттин транзиттик потенциалы» форумунун жыйынтыктоочу декларациясын Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян окуду.

0 170

Еревандагы ЖЕЭК жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

01-октябрь 2019, 21:03 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 1-октябрда Ереван шаарында (Армения) өткөн Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин (ЖЕЭК) жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту: Евразия экономикалык форуму жөнүндө; ЕАЭБ Сотуна кайрылууда чарбалык субъектилер төлөгөн пошлинанын өлчөмүн бекитүү жөнүндө; Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин 2014-жылдын 10-октябрындагы № 79 чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө; 2018-жылы ЕАЭБ бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет ...

0 145

Сооронбай Жээнбеков: ЕАЭБ рыногунда тоскоолдуктарды жоюу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүшү керек

01-октябрь 2019, 19:21 Айдар Нуралиев

«ЕАЭБ рыногунда тоскоолдуктарды жоюу боюнча биздин Өкмөттөр тиешелүү чараларды көрүшү керек», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-октябрда, Армениянын Ереван шаарындагы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кеңейтилген курамындагы жыйынында. Мамлекет башчысы 5 жылдын ичинде бирдиктүү бажы аймагы түзүлүп, экономиканын дээрлик бардык чөйрөлөрүндө макулдашылган саясат жүргүзүлүп жатканын, экономикалык өнүгүүгө жана ЕАЭБ мамлекеттеринин элдеринин бакубатчылыгын жогорулатууга жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылганын ...

0 161

Президент Сооронбай Жээнбеков: ШКУ Башкы прокурорлорунун отуруму региондогу коопсуздук жана мыйзамдуулукту сактоо чөйрөсүндөгү кызматташтыкка кошумча дем берет

01-октябрь 2019, 16:17 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 1-октябрда, Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Башкы прокурорлорунун 17-жыйыны өтүүдө. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун отурумдун катышуучуларына жолдогон сөзүн КР Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Досалы Эсеналиев окуду. Төмөндө текст толугу менен: «Урматтуу ШКУга мүчө мамлекеттердин Башкы прокурорлорунун 17-жыйынынын катышуучулары! Меймандос кыргыз жергесинде сиздерге салам жолдогонума чын дилден кубанычтамын! ШКУ бүгүнкү күндө ар кыл чөйрөлөрдө кызматташуунун механизмдерин ...

0 230

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинди КЭР түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгы менен куттуктады

01-октябрь 2019, 10:30 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1- октябрда, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинди КЭР түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгы менен куттуктады. «Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге жана Сиз жетектеген Кытай элине Кытай Эл Республикасынын түзүлгөн күнүнүн 70 жылдыгына байланыштуу жылуу куттуктоолорду жана чын ниет каалоолорду жолдоо мага абдан чоң канааттануу алып келет. Кытай Эл Республикасы түзүлгөн күндөн баштап өткөн жылдар ...

0 136

Сооронбай Жээнбеков: "Улуу муундун өлкөнүн өнүгүшүнө, элдин бакубат жашоосуна арнаган эмгегин бийик баалайбыз"

01-октябрь 2019, 09:34 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-октябрда, кыргызстандыктарды Эл аралык карылар күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: «Урматтуу мекендештерим! Кадырман карыялар! Сиздерди Эл аралык карылар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! "Карысы бардын ырысы бар", „Карынын сөзүн капка сал“ деп кыргыздар эзелтеден бери кары адамдарды терең урматтап, аларга өзгөчө аяр мамиле жасап келишкен. Биз улуу муундун өлкөнүн өнүгүшүнө, элдин бакубат ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 162

Президент Сооронбай Жээнбеков Ереван шаарында ЖЕЭКтин кезектеги жыйынына катышат

30-сентябрь 2019, 13:44 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 30-сентябрь – 1-октябрда Ереван шаарында (Армения) Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышат. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди. Ал белгилегендей, ЖЕЭК жыйындары адаттагыдай тар жана кеңири курамда өтөт. «Бул саммиттин өзгөчөлүгү – анын алкагында Кыргызстандын ишкерлик чөйрөсүнүн өкүлдөрү дагы катыша турган “Евразиялык континенттин транзиттик потенциалы” Эл аралык ...

0 163

Президент Сооронбай Жээнбеков ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян менен жолугушту

27-сентябрь 2019, 17:38 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-сентябрда, Евразиялык экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян менен жолугушту. Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигиндеги мүчөлүгү алкагында кызматташтыктын актуалдуу темалары талкууланды. Президент Сооронбай Жээнбеков Тигран Саркисянды Бишкектеги «Евразия жумалыгы» эл аралык форумунун ийгиликтүү өтүүсү менен куттуктады. Евразиялык аймакта ишкердикти өнүктүрүү боюнча коюлган милдеттерди практикалык ишке ашырууга сезилээрлик салым кошоруна ишенимин билдирди. Президент ЕАЭБ алкагында өлкөлөрдүн ...

0 230

СҮРӨТ - Сооронбай Жээнбековдун Ысык-Көл облусуна иш сапары

26-сентябрь 2019, 19:43 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-сентябрда, иш сапары менен Ысык-Көл облусунда болду. Иш сапардын алкагында Мамлекет башчысы Жети-Өгүз районунун жашоочулары менен жолугушту. Сооронбай Жээнбеков анын президенттик ишмердигинин артыкчылыктуу багыттары, өлкөнү өнүктүрүүнүн алдыңкы милдеттери жөнүдө кеңири айтып берди. Жолугушуу «суроо-жооп» форматында өттү. Жергиликтүү жашоочулардын суроолоруна Мамлекет башчысынын Жети-Өгүз районунун жашоочулары менен баарлашуусуна катышкан тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери дагы ...

0 191

Президент Сооронбай Жээнбеков Жети-Өгүз районундагы ирригациялык системаларды калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты

26-сентябрь 2019, 14:01 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-сентябрда, Ысык-Көл облусуна иш сапарынын алкагында Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна жана Оргочор айылдарындагы ирригациялык системаларды калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев аталган ирригациялык объектилерде иштерди жүргүзүү үчүн Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен 128,2 млн сом бөлүнгөнүн маалымдады.  Калыбына келтирүү иштеринин толук жыйынтыкталышы ...

0 277

АУДИО - Президент Сооронбай Жээнбеков: Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акча каражатын эми аймактардагы авариялык мектептерди оңдоого жумшайбыз

Аудиофайл 26-сентябрь 2019, 12:37 Айдар Нуралиев

«Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акча каражатын эми аймактардагы авариялык мектептерди оңдоого жумшайбыз», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун жашоочулары менен жолугушуусунда. Ал коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акча каражаттары үчүн Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылганын, бул акча каражатынын эсебинен Бишкек шаарында 7,  Чүй облусунда 7, Ош шаарында бир  — окуучулар батпай жаткан жалпы 15 мектепке кошумча корпустарды ...

0 600

Президент Сооронбай Жээнбеков кайрадан жумушчу сапары менен кетти

26-сентябрь 2019, 08:46 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына иш сапарларын улантууда. Бүгүн, 26-сентябрда, Мамлекет башчысы жумушчу сапары менен Ысык-Көл облусунда болот. Сооронбай Жээнбеков Жети-Өгүз районунун жашоочулары менен жолугушат. Мындан тышкары Президент экспортко багытталган ишканалардын ишмердиги менен таанышып, таза суу, ирригация жана айыл чарба объектилерин көрүп чыгат. Булак: NazarNews.kg

0 245

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Новосибирскидеги жаңы Башкы консулу Калдарали Маматалиевди кабыл алды

24-сентябрь 2019, 16:18 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Новосибирскидеги жаңы Башкы консулу Калдарали Маматалиевди кабыл алды. Жолугушууда Мамлекет башчысы Россиянын аймагында убактылуу же туруктуу жашап жүргөн Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыздоо жана ошондой эле Кыргызстан жана Россиянын региондор аралык байланыштарын өстүрүүнүн маанисин белгиледи. Ошондой эле баарлашуу учурунда Президент Калдарали Маматалиевге бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди. Буга чейин Кыргыз ...

0 202

Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы инвестициялык кызматташтык өнүгүүдө

24-сентябрь 2019, 14:14 Кызгалдак Жакыпова

«Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы инвестициялык кызматташтык өнүгүүдө», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-сентябрда, Бишкек шаарында өтүп жаткан кыргыз-түрк бизнес-форумунда. Мамлекет башчысы эки өлкөлөнүн ортосунда көп жылдар бою түптөлүп, барган сайын бекемделип жаткан саясий өнөктөштүк бийик деӊгээлге жеткенин белгиледи. «Азыр Түркия менен өз ара ишенимге негизделген өзгөчө мамиле түзүлдү. Натыйжада, кыргыз-түрк соода-экономикалык мамилелери жакшы темпте өнүгүп ...

0 153

Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиянын падышасын куттуктады

23-сентябрь 2019, 17:50 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-сентябрда, Сауд Арабиясынын Королу, Эки Ыйык мечиттин көзөмөлдөөчүсү Салман бин Абдел Азиз Аль-Саудду жана өлкөнүн элин Сауд Арабия Королдугунун улуттук майрамы — Королдуктун биригүү күнү менен куттуктады. «Кыргыз Республикасы менен Сауд Арабия Королдугунун ортосундагы өз ара колдоого жана ишенимге негизделген кызматташуу эки элдин бакубаттыгы үчүн мындан ары да өнүгө берет деп терең ишенем. Бул салтанаттуу ...

0 291

Президент Сооронбай Жээнбеков: Манас бабабыз калтырып кеткен улуу биримдик осуяты – бүгүн да актуалдуу

22-сентябрь 2019, 16:21 Кызгалдак Жакыпова

«Манас бабабыз калтырып кеткен улуу биримдик осуяты — бүгүн да актуалдуу», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков , 21-сентябрда, Талас облусундагы «Манас — Ордо» Кыргыз улуттук тарыхый-маданий комплексинде өткөн Биринчи Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземинде. Оюндардын алкагында спорттук мелдештер 16-сентябрда, маданий иш-чаралар  19-сентябрда башталган. Бүгүн Улуттук көчмөндөр оюндары салтанаттуу азем менен аяктайт. Президент Сооронбай Жээнбековдун сөзү:

0 535

СҮРӨТ - КР Президентинин Аппаратынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы сейил бактардын биринде ишембилик өткөрүштү

21-сентябрь 2019, 14:46 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармалыгынын кызматкерлери жана «Эко Деми» коомдук фонду бүгүн, 21-сентябрда, Бишкек шаарындагы «Жаштар» сейил багынын аймагында ишембилик өткөрүштү. Иш чара Дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында өттү. Сейил бактын аймагы тазаланып, таштандылар чыгарылды. Булак: NazarNews.kg

0 290

Президент Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады

21-сентябрь 2019, 09:08 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков, 20-сентябрда, телефондук сүйлөшүүдө Айсулуу Тыныбекованы жана анын машыктыруучусу Нурбек Изабековду Нур-Султан (Казакстан) шаарында өткөн аялдар күрөшү боюнча Дүйнөлүк чемпионатындагы жеңиши менен куттуктады. Президент Айсулуу Тыныбекова Кыргызстандын эгемендүүлүк алгандан берки тарыхында алгачкы жолу аялдар күрөшү боюнча дүйнөнүн биринчи чемпиону болгонун баса белгиледи. Анын жеңиши бүт Кыргызстан үчүн сыймык экенин айтты. Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекова өзүнүн ...

0 160

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Россиянын Президенти Владимир Путин эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты

20-сентябрь 2019, 18:30 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-сентябрда, Оренбург облусуна болгон бир күндүк иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту. Кыргызстан жана Россиянын эки тараптуу кызматташтыгынын азыркы абалы, актуалдуу маселелери жана келечеги талкууланды. Россиянын Президенти Владимир Путин өлкөлөрдүн бардык багыттары боюнча эки тараптуу кызматташтыгы уланып жатканын белгиледи. Ийгиликтүү өнүгүп жаткан экономикалык кызматташтыкка көңүл бурулууда — 2018-жылдын жыйынтыгы ...

0 124

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Оренбург шаарына барды

20-сентябрь 2019, 15:01 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-сентябрда, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен бир күндүк жумушчу сапары менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Кургак жер аскерлер топторунун катышуусунда биргелешкен практикалык иш-аракеттер өтө турган Оренбург шаарына (Россия) келди. Өткөрүлүп жаткан машыгуулардын негизги максаты – азыркы мезгилдин шарттарында аскердик аракеттерди жүргүзүүгө үйрөтүү, союздаш мамлекеттердин аскердик башкаруу органдарынын ыкчам шайкештигин жогорулатуу. Ошондой ...

0 185

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Оренбург шаарына учуп кетти

20-сентябрь 2019, 11:23 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-сентябрда, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен бир күндүк жумушчу сапары менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Кургак жер аскерлер топторунун катышуусунда биргелешкен практикалык иш-аракеттер өтө турган Оренбург шаарына (Россия) барат. Өткөрүлүп жаткан машыгуулардын негизги максаты — азыркы мезгилдин шарттарында аскердик аракеттерди жүргүзүүгө үйрөтүү, союздаш мамлекеттердин аскердик башкаруу органдарынын ыкчам шайкештигин жогорулатуу. Ошондой ...

0 174

Сот-укуктук реформаны ишке ашырууга катышкан мамлекеттик органдардын кезектеги жолугушуусу болуп өттү

19-сентябрь 2019, 18:35 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Досалы Эсеналиевдин тапшырмасы менен сот-укуктук реформанын максаттары жана милдеттери үчүн тышкы жардамды колдонууну жакшыртуу маселелери боюнча түзүлгөн координациялык аянтчанын базасында сот-укуктук реформаны ишке ашырууга катышкан мамлекеттик органдардын кезектеги жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда азыркы практикалар анализденип, сот-укуктук реформа чөйрөсүндө тышкы жардамды колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу, анын ачыктыгы жана отчеттуулугу, долбоорлорду кайталабоо, кабыл алып жаткан тараптын ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 179

Президент Сооронбай Жээнбеков Кувейттин финансы министри Наиф Фалах Мубарак Аль-Хаджраф менен инвестициялык кызматташтыктын келечегин талкуулады

19-сентябрь 2019, 18:31 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-сентябрда, Кувейт Мамлекетинин финансы министри Наиф Фалах Мубарак Аль-Хаджраф менен жолугушту. Өлкөлөр ортосундагы финансылык жана инвестициялык кызматташтыктын келечеги талкууланды. Мамлекет башчысы Кувейт менен эки тараптуу аракеттенишүүнү өстүрүү Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи. Сооронбай Жээнбеков Кувейт тарапка экономикалык жана финансылык көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди. Атап айтканда, стратегиялык инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда ...

0 861

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат

19-сентябрь 2019, 11:17 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-сентябрда, кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка өлкөнүн Көз карандысыздыгынын күнүнө карата кол коюлган. Көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлер Султан Ибраимов жана Төрөбай Кулатовго «Ак-Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83