www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Расмий кабарлар
0 63

Сооронбай Жээнбеков балет бийчилери менен жолугушту

15-ноябрь 2019, 08:42 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков балет артисттери, жубайлар Надырбек уулу Канат жана Ирина Сапожникова менен жолугушту. Мамлекет башчысы аларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып, бейформал маанайда баарлашты, алардын профессионалдык ишмердигине кызыкты. Мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатып, президент Сооронбай Жээнбеков бул алардын көп жылдык талыкпас эмгектеринин натыйжасы экендигин өзгөчө белгиледи. «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти» ардактуу наамы Мамлекеттик академиялык Мариинск театрынын Приморск филиалынын балет ...

0 76

Борбор Азия өлкөлөрүнүн кеңешмеси каякта өтөт?

13-ноябрь 2019, 19:48 Кызгалдак Жакыпова

Борбор Азия өлкөлөрүнүн экинчи кеңешмеси 27-ноябрда Ташкентте өтөрү пландалууда. ТАСС агенттиги маалымдагандай, бул тууралуу Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев 12-ноябрда билдирген. Нурсултан Назарбаев Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан ортосунда чечилбеген маселелер бар экенин айткан. «Кагылышуулар болууда, кишилер өлүүдө», – деген ал. 2017-жылы Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев БУУнун Башкы Ассамблеясынын 72-сессиясында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын бейформал жолугушуусун өткөрүүнү демилгелеген. Булак:NazarNews.kg

0 131

Сооронбай Жээнбеков Париж макулдашуусун ратификациялоо тууралуу КР Мыйзамына кол койду

12-ноябрь 2019, 20:59 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2015-жылдын 12-декабрында Париж шаарында кол коюлган Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Алкактык конвенциясы боюнча Париж макулдашуусун ратификациялоо тууралуу» КР Мыйзамына кол койду. Бул боюнча ал 12-ноябрда өткөн «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгы. Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюму менен кызматташуусунун жыйынтыктары жана келечеги» форумунда билдирди. Мамлекет башчысы өлкө глобалдык экологиялык коркунучтарды ...

0 184

ФОТО - ЖК Төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча кеңештин кезектеги жыйыны өттү

12-ноябрь 2019, 16:56 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 12-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.  Төрага Дастанбек Жумабеков жетекчилик кылган жыйынга кеңештин мүчөлөрү, Өкмөттүк мекемелердин, бир катар коомдук уюмдардын жана ишкердик чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты. Алгач ишкердик субъектилерин текшерүү тартибине байланышкан мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралып, Төрага Дастанбек Жумабеков ишкердик ...

0 287

Касым-Жоомарт Токаев Кыргызстанга эмне себептен келет?

12-ноябрь 2019, 16:44 Кызгалдак Жакыпова

Касым-Жомарт Токаев 27-ноябрда Кыргызстанга келет. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.  Чынгыз Айдарбеков Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) жыйынына даярдыктардын алкагында аткарылып жаткан жумуштар жөнүндө билдирди. Ушул жылдын 28-ноябрында Бишкекте Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтө турчу иш-чарага Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстандын мамлекет башчыларынын жана Армениянын премьер-министринин катышуусу күтүлүүдө.    Булак:NazarNews.kg  

0 154

Депутат Марлен Маматалиев Алай районунда иш сапары менен болду

12-ноябрь 2019, 15:09 Айдар Нуралиев

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Алай районунун Үч-Дөбө айылына мурда бир келгенде үй-бүлөлүк дарыгерлер борборун курдуруп берүүнү убада кылып кеткен. Натыйжада, эл аралык фонддун көмөгү, депутаттын жеке кийлигишүүсү менен жаңы имарат тургузулуп, пайдаланууга берилип отурат. Бул үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору эл аралык фонддун жана депутаттын жеке каражатынын эсебинен курулган. Бюджеттен кезек күтүп отурбай минтип жаркыраган имараттын курулуп калганы айылдыктар үчүн, ...

0 121

Жээнбеков: "Өлкөдө экологиялык таза электр энергиясына өтүү үчүн олуттуу потенциал бар"

12-ноябрь 2019, 14:50 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2015-жылдын 12-декабрында Париж шаарында кол коюлган «БУУнун  Климаттын өзгөрүшү жөнүндө Рамкалык Конвенциясы боюнча Париж макулдашуусун ратификациялоо жөнүндө» КР Мыйзамына кол койду. Бул боюнча ал 12-ноябрда өткөн «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгы. Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюму менен кызматташуусунун жыйынтыктары жана келечеги» форумунда билдирди. Мамлекет башчысы өлкө глобалдык экологиялык коркунучтарды токтотуу боюнча дүйнөлүк коомчулуктун ...

0 179

ФОТО - Дипломатиялык кызматтын бир катар кызматкерлери сыйланышты

12-ноябрь 2019, 13:22 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-ноябрда, дипломатиялык кызматтын бир катар кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды. Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси дипломатиялык рангы берилди: — Жунусов Ибрагим Коджоназаровичке — Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси.  Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи элчиси дипломатиялык рангы берилди: — Ниязалиев Нуран Садыровичке — Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басарына; — Алымкулов ...

0 116

Президент: Биздин дипломаттарга жана мамлекеттик органдарга жаңы багыттагы иштерди күчөтүү боюнча жаңы милдеттер коюлат

12-ноябрь 2019, 11:00 Айдар Нуралиев

“Биздин дипломаттарга жана мамлекеттик органдарга жаңы багыттагы иштерди - экологиялык дипломатияны күчөтүү боюнча жаңы милдеттер коюлат”, - деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-ноябрда, «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине 75 жыл. Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюму менен кызматташуусунун жыйынтыктары жана келечеги» форумунда. Мамлекет башчысынын сөзү толугу менен берилет: “Урматтуу дипломатия кызматкерлери! Ардактуу ардагерлер! Урматтуу айымдар жана ...

0 194

Кыргызстанга гранттык негизде 50 млн АКШ доллары өлчөмүндө финансылык жардам берилет

11-ноябрь 2019, 17:43 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын   8-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы —  1-чакан программа боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамга кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 24-октябрында кабыл алынган. Азия өнүктүрүү банкынын Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы соода жана инвестициялар чөйрөсүндө атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу, чакан жана орто ...

0 198

Президент министр Айдарбековду кабыл алды. Эмне кеп болду?

11-ноябрь 2019, 17:01 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-ноябрда, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбековду кабыл алды. Тышкы иштер министри ушул жылдын 27-ноябрында боло турган Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапарына карата даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат берди. Мындан тышкары, Чынгыз Айдарбеков Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) жыйынына даярдыктардын алкагында аткарылып жаткан жумуштар жөнүндө билдирди. Ушул жылдын 28-ноябрында Бишкекте ...

0 208

Өлкөнүн облустук жана райондук сотторуна судьяларды дайындоо тууралуу жарлыктарга кол коюлду

11-ноябрь 2019, 14:16 Алтын Булат

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү соттордун судьяларын Нарын жана Талас облустук сотторуна, Чүй облусунун Кемин райондук сотуна, Ош облусунун Алай, Араван, Кара-Кулжа, Ноокат жана Чоң-Алай райондук сотторуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө жарлыктарга кол койду. Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековго Кыргыз Республикасынын судьяларын тандоо боюнча кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна 1 талапкер, Нарын облустук сотуна 2 ...

0 236

Сооронбай Жээнбеков Жаштар күнү менен куттуктады

10-ноябрь 2019, 15:45 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-ноябрда, өлкө жаштарын Жаштар күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоо тексти: «Урматтуу жаштар! Кымбаттуу достор! Сиздерди Жаштар күнү менен куттуктайм! Жаштар — коомубузду жаңылоонун, өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги кыймылдаткычы. Кыргызстандын жаштары — активдүү, илим-билимге жакын, жаңылыктарды жаратууга дилгир муун катары жетилип келатат. Сиздер спорт, маданият, билим алуу чөйрөлөрүндө жеңиштерге жетип, эл аралык аренада Кыргызстандын ...

22 224

Талантбек Салиев жаңы кызматка дайындалды

09-ноябрь 2019, 16:17 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Салиев Талантбек Тагаевич Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Талантбек Салиев 1975-жылы туулган, жогорку билимдүү. 1997-жылдан тартып улуттук коопсуздук органдарында  түрдүү кызмат орундарда  анын ичинде жетекчилик кызматтарда кызмат өтөп келген.  Булак: NazarNews.kg

0 220

Сооронбай Жээнбеков журналисттерди Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады

07-ноябрь 2019, 11:57 Темирлан Келдибеков

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-ноябрда, журналисттер жана басма сөз кызматкерлерин Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти: «Урматтуу журналисттер жана басма сөз кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайм! Маалымат — коомдук турмуштун ажырагыс бөлүгү. Коомдун ачыктыгын, мамлекеттик чечимдердин айкындыгын,   жарандарыбыздын объективдүү маалыматка болгон муктаждыгын камсыз кылууда маалымат ...

0 123

Сооронбай Жээнбеков: Турдакун Усубалиев – кыргыз мамлекетинин өзгөчө доорунун, жарк этип, тез өнүккөн тарыхый мезгилинин лидери

06-ноябрь 2019, 13:09 Темирлан Келдибеков

"Турдакун Усубалиев — кыргыз мамлекетинин өзгөчө доорунун, жарк этип, тез өнүккөн тарыхый мезгилинин лидери", — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-ноябрда, мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине арналган Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан салтанаттуу иш-чарада. Мамлекет башчысынын сөзү толугу менен берилет: "Урматтуу мекендештерим! Сейрек кезде гана бүткүл өлкөнүн тарыхын айрым адамдын тагдырынан бөлүп кароого болбой турган ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 230

Сооронбай Жээнбеков Турдакун Усубалиевдин небереси Эрмек Усубалиев менен жолугушту

05-ноябрь 2019, 15:47 Алтын Булат

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесинин алдында анын небереси Эрмек Усубалиев менен жолугушту. Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесинин алкагындагы иш-чаралар, анын ичинде бир катар маданий жана илимий иш-чаралар, эскерүү кечелери, биографиялык басылмаларды даярдоо боюнча пикир алышуу болду. Мамлекет башчысы Турдакун Усубалиев жөнүндө эскерүүлөрү менен бөлүшүп, анын кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө, ...

0 209

Сооронбай Жээнбеков маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктады

02-ноябрь 2019, 14:39 Аман Аскаров

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-ноябрда, маданият жана искусство ишмерлерин кесиптик майрамы — Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти: «Урматтуу маданият жана искусство ишмерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Маданият кызматкерлеринин  күнү менен чын дилимден  куттуктайм! Маданият — коомдук жүрүм-турумдун нормаларынын системасы, ыймандуулук жана интеллектуалдык байлыктын,  элибиздин дүйнө таанымынын казынасы. Сиздер улуттук асыл дөөлөттөрүбүздү, кылымдардан  бери келе жаткан нарктуу ...

0 354

Президент ИИМдин бир катар кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

01-ноябрь 2019, 12:15 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-ноябрда, кыргыз милициясынын 95 жылдыгына карата Ички иштер органдарынын бир катар кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматка караганда, кызматтык милдетин үлгүлүү аткаргандыгы, ошондой эле кылмыштуулукка каршы күрөшүү ишине жана коомдук тартипти камсыздоого кошкон олуттуу салымы үчүн «Даңк» медалы менен төмөнкүлөр сыйланды: Аширходжаев Эркебек Джумабекович — Кыргыз Республикасынын Ички иштер ...

0 110

Соронбай Жээнбеков: "Бизнести коргоо, ишкерлерди колдоо — баарыбыздын милдетибиз"

01-ноябрь 2019, 12:12 Айдар Нуралиев

"Менин милициям мени коргойт" деген ишенимди ар бир жарандын көкүрөгүнө орнотуу — эң башкы милдет», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-ноябрда, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. Мамлекет башчысынын сөзү толугу менен берилет: "Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери жана аскер кызматчылары! ...

0 170

Төрага Дастанбек Жумабеков Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гарретт менен жолугушту

28-октябрь 2019, 18:36 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 28-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Улуу Британиянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Чарльз Гарретти кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштардын учурдагы абалы, парламенттер аралык кызматташтык маселелери талкууга алынды. Төрага Дастанбек Жумабеков алгач элчини Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, мамлекеттер ...

0 155

 Дастанбек Жумабеков Жапониянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Маэда Сигекини кабыл алды

28-октябрь 2019, 18:31 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 28-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Жапониянын Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Маэда Сигекини кабыл алды.  Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Алгач Төрага Дастанбек Жумабеков Маэда Сигекини Жапониянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.   “Кыргызстан Жапония менен өз ара кызыкчылыкка шайкеш ...

0 250

АУДИО - Президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик каттоо кызматынын 10 жылдык юбилейи менен куттуктады

Аудиофайл 25-октябрь 2019, 13:19 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик каттоо кызматын 10 жылдык юбилейи менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Мамлекет башчысынын куттуктоосун бүгүн, 25-октябрда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев  Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан салтанаттуу иш-чарада окуду. Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти: «Урматтуу мекендештерим! Быйыл Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик ...

0 141

Президент Сооронбай Жээнбековдун Японияга болгон иш сапарынан сүрөттөр

24-октябрь 2019, 12:03 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков 21-23-октябрда иш сапары менен Японияга барды. Мамлекет башчысы Япониянын императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышты. Токио шаарындагы Император сарайында өткөн такка отургузуу аземине дүйнөнүн 195 өлкөсүнөн мамлекет башчылары, түрдүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышты. Сапардын алкагында президент Сооронбай Жээнбеков Япония президенти Синдзо Абэ менен жолугушуп, анда кыргыз-япон эки тараптуу өз ара ...

0 150

Президент Сооронбай Жээнбеков  дипломатия кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

24-октябрь 2019, 11:38 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-октябрда, өлкөнүн дипломатия кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти: «Урматтуу дипломатиялык кызматкерлер жана ардагерлер! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Дипломатия кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм! Сиздер мамлекетибиздин улуттук кызыкчылыгын эл аралык аренада коргоонун  алдыңкы сабында турасыздар. Кыргыз Республикасы прагматикалык, көп векторлуу жана ырааттуу тышкы саясатты жүргүзүп келет. Биздин тышкы саясатыбыз өлкөбүздүн узак ...

0 176

Сүрөт. Президент Сооронбай Жээнбеков Токио шаарындагы «Toshiba Energy Systems and Solutions» компаниясынын заводуна барды

23-октябрь 2019, 15:12 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-октябрда, Японияга иш сапарынын алкагында Токио шаарындагы «Toshiba Energy Systems and Solutions» компаниясынын башкы кеңсесине жана заводуна барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматка караганда, мамлекет башчысы заводдун гидротурбиналарды жана генераторлорду чыгаруу боюнча ишмердиги жана өндүрүштүн жүрүшү менен таанышты. Компаниянын жетекчилиги менен баарлашууда президент Кыргызстан менен Япониянын эки тараптуу экономикалык кызматташтыгын ...

0 197

Дастанбек Жумабеков Түркиянын депутаты Хабибе Очал менен жолугушту

21-октябрь 2019, 15:41 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 21-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Хабибе Очал менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматка караганда, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын 27-чакырылышынын депутаты Хабибе Очал Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чакыруусу менен белгилүү профессор Фуат Сезгинге арналган эл аралык симпозиумга катышуу үчүн Бишкекке келген. 

0 103

Кыргызстандын жаш тескөөчүлөрүнүн командасы Россияда өтө турган ЖКЖТ отряддарынын мамлекеттер аралык слётуна катышат

21-октябрь 2019, 14:15 Айдар Нуралиев

Кыргызстандын жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн (ЖКЖТ)командасы IX жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү отрядынын мамлекеттер аралык слетуна катышат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматка караганда, бул жылы Кыргызстанды Бишкек шаарынын Биринчимай районунун №49 мектебинин ЖКЖТ отряды көрсөтмөкчү. Балдар бир жыл бою Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын тескөөчүлөрунө биздин республиканын жолдору менен көчөлөрүндө балдардын коопсуз жүрүм-турумун ...

0 772

Сооронбай Жээнбеков Россиянын президенти Владимир Путинге көңүл айтты

19-октябрь 2019, 18:20 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-октябрда, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путинге Красноярск крайында дамбанын жарылышынан адам курмандыктары болгонуна байланыштуу көңүл айтты. «Красноярск крайында дамбанын жарылышынан улам адамдардын курман болгону тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун жакындары жана туугандарына чын ниеттен көңүл айтуумду, ал эми жабыркагандарга тез сакайып кетүүсү ...

0 236

Сооронбай Жээнбеков: Балдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, карыларга кам көрүү – коомубуздун негизин түзгөн асыл наркыбыз

19-октябрь 2019, 15:00 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-октябрда Кыргызстандын социалдык коргоосунун жана кесиптик бирликтеринин кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул туралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти: «Урматтуу социалдык коргоонун жана кесиптик бирликтердин кызматкерлери!Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын социалдык коргоосунун жана кесиптик бирликтеринин кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм! Сиздердин эмгегиңиздер, ар бир адамга жана анын үй-бүлөсүнө боорукерлик менен  ...

0 259

Сооронбай Жээнбеков энергетика тармагынын мыкты кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды

19-октябрь 2019, 10:18 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-октябрда, Токтогул ГЭСин реабилитациялоонун биринчи фазасынын аякташына байланыштуу салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө энергетика тармагынын мыкты кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды. Анын ичинде «Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер» наамы төмөнкүлөргө ыйгарылды: — Дайыров Темиркул Айтмырзаевичке — «Түндүк-электр» ачык акционердик коомунун башкы директорунун техникалык маселелер боюнча биринчи орун басары; — Машрапов Асылбек Андалбековичке — Жалал-Абад жогорку вольттуу электр тармактары ...

0 263

Сооронбай Жээнбеков: Биздин улуттук энерготутумубуз евразиялык рынокто атаандаштык жөндөмүнө ээ болушу керек

18-октябрь 2019, 18:14 Айдар Нуралиев

«Биздин улуттук энерготутумубуз евразиялык рынокто атаандаштык жөндөмүнө ээ болушу керек», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-октябрда, Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоорунун 1-фазасынын жыйынтыкталышы менен таанышуу учурунда. Мамлекет башчысы белгилегендей, коңшу мамлекеттер менен аймактык кызматташууну толук түрдө ишке ашырууга, CASA-1000 долбоорунун алкагында электр энергиясын экспорттоо боюнча милдеттерибизди толугу менен аткарууга даяр болушубуз зарыл. «CASA-1000 долбоорун натыйжалуу ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 257

Сооронбай Жээнбеков Күрп-Сай ГЭСине Турдакун Усубалиевдин атын ыйгарууну колдойт

18-октябрь 2019, 16:37 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-октябрда, Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоорунун 1-фазасынын жыйынтыкталышына байланыштуу салтанаттуу иш-чарада Күрп-Сай ГЭСине мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин ысмын ыйгаруу идеясын колдой турганын белгиледи. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. «Энергетиканын юбилейин белгилөө учурунда Турдакун Усубалиевди эскерип кетүү абзел. Анын Күрп-Сай ГЭСинин курулушуна кошкон салымы баа жеткис. Ошол үчүн аталган станцияга Турдакун Усубалиевдин ысмын берүү ...

0 350

Президент КР БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды

16-октябрь 2019, 17:15 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-октябрда, КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды. Өлкөнүн шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу, 2020-2021-жж. Жогорку Кеңешке жана жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого даярдыктын жүрүшү маселелери талкууланды. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымдагандай, жакынкы эки жылдын ичинде шайлоо мыйзамдарына ылайык өлкөдө төмөнкү шайлоолорду өткөрүү пландалган: 2020-жылдын апрелинде 31 жергиликтүү кеңешке шайлоо (айылдык жана шаардык), 2020-жылдын ...

0 259

Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту

14-октябрь 2019, 19:20 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-октябрда, Баку шаарында (Азербайжан) Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТТМКК) Жетинчи жыйынына катышуунун алкагында Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту. Жолугушуу Баку шаарына учуп келээри менен Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортунда өттү. Кыргызстан менен Казакстандын эки тараптуу кызматташтыгы боюнча пикир алышуу болду. Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевдин Түрк кеңешинин ардактуу төрагасы ...

0 203

Сооронбай Жээнбеков Бакуга учуп келди

14-октябрь 2019, 18:17 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-октябрда, эки күндүк иш сапары менен Баку шаарына (Азербайжан) Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТТМКК) Жетинчи жыйынына катышуу үчүн келди. ТТМККнын кезектеги жыйынында түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы ар тараптуу мамилелердин, анын ичинде маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык кызматташтыктын өнүгүү маселелери талкууланат. Эске салсак, ТТМККда төрагалык кылуу Кыргыз Республикасынан Азербайжан Республикасына өтөт. Ошондой эле ТТМКК жыйынына катышуунун алкагында ...

0 194

КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

12-октябрь 2019, 09:35 Айдар Нуралиев

Ашхабад шаарында (Түркмөнстан) Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин (КМШ МБК) жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. КМШга катышкан мамлекеттердин башчылары төмөндөгү документтерге кол коюшту: 2020-жылкы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине төрагалык жөнүндө; Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү жөнүндө; Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Стратегиялык экономикалык кызматташтыгы боюнча ...

0 329

Аликбек Жекшенкулов Кыргызстандын Армениядагы элчиси болуп дайындалды

11-октябрь 2019, 17:41 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Жекшенкулов Аликбек Жекшенкулович Москва шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Армения Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Булак: NazarNews.kg

0 177

Бакыт Жусупов Кыргызстандын Словакиядагы жана Чехиядагы элчиси болуп дайындалды

11-октябрь 2019, 17:28 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси, Кыргыз Республикасынын Венгрия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси, Кыргыз Республикасынын Словения Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси, Кыргыз Республикасынын ЕККУдагы жана Вена шаарындагы жана башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү Жусупов Бакыт Алиевич Вена шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз ...

0 432

Самаргүл Адамкулова жаңы кызматка дайындалды

11-октябрь 2019, 17:12 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Адамкулова Самаргүл Эркиновна Эль-Кувейт шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Бахрейн Падышалыгындагы жана Иордания Хашимит Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Булак: NazarNews.kg

0 198

Президент Сооронбай Жээнбеков КМШ МБК жыйынына катышууда

11-октябрь 2019, 13:28 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-октябрда, Ашхабад шаарында (Түркмөнстан) Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин (КМШ МБК) кезектеги жыйынына катышып жатат. Жыйында Шериктештиктин алкагында кызматташууну тереңдетүү маселелери талкууланууда. Андан соң КМШ мамлекеттеринин башчылары кызматташуунун актуалдуу маселелерин кеңейтилген курамда талкуулашат. Булак: NazarNews.kg

0 124

Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстандын президенти менен жолугушту

11-октябрь 2019, 12:23 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-октябрда, Ашхабад шаарында (Түркмөнстан) Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин (КМШ МБК) жыйынынын алкагында Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту. Кыргызстан жана Түркмөнстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана артыкчылыктуу багыттары талкууланды. Сооронбай Жээнбеков Гурбангулы Бердымухамедовду КМШдагы төрагалыгынын ийгиликтүү аякташы менен куттуктады. Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташууну активдештирүү боюнча жакынкы мезгил ...

0 140

Сооронбай Жээнбеков Ашхабадка КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн учуп кетти

11-октябрь 2019, 07:42 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-октябрда, Ашхабад шаарына (Түркмөнстан) Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин (КМШ МБК) кезектеги жыйынына катышуу үчүн учуп кетти. КМШ МБК кезектеги жыйынында Шериктештиктин алкагында кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде КМШга катышкан мамлекеттердин Стратегиялык экономикалык кызматташуу Декларациясынын долбоору талкууланат. Ошондой эле КМШ МБК жыйынына катышуунун алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулардын өтүшү күтүлүүдө.

0 216

Сооронбай Жээнбеков бир катар өлкөлөрдүн элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды

09-октябрь 2019, 16:59 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-октябрда, Япония, Гана Республикасы, Испания Королдугу, Молдова Республикасы, Шри Ланка Республикасы жана Бахрейн Королдугунун атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды. Мамлекет башчысы ар бир элчини жеке Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердигинин башталышы менен куттуктап, алардын кесиптик тажрыйбасы өлкөлөр ортосундагы мамилелердин өнүгүүсүнө көмөктөшөрүнө ишенимин билдирди. Президент Сооронбай Жээнбеков дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жаңы башчылары менен ...

0 159

Сооронбай Жээнбеков Түрк академиясынын Президенти Дархан Кыдырали менен жолугушту

09-октябрь 2019, 12:14 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали менен жолугушту. Жолугушууга Түрк академиясынын өкүлү, профессор Кадыралы Конкобаев катышты. Билим берүү жана илимий изилдөөлөр чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы 2018-жылы Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүүдө жана «Манас» эпосун кеңири жайылтууда көрсөткөн көмөгү үчүн Түрк академиясына ыраазычылык билдирди. Сооронбай Жээнбеков ошондой эле түрк тарыхы, ...

0 133

Сооронбай Жээнбеков: Бишкектеги ШКУ Саммити дипломатиялык кызматкерлердин кесипкөйлүгү жана кыргызстандыктардын колдоосу менен ийгиликтүү өттү

08-октябрь 2019, 17:28 Айдар Нуралиев

«Бишкектеги Шанхай кызматташтык уюмунун Саммити дипломатиялык кызматкерлердин кесипкөйлүгү жана кыргызстандыктардын колдоосу менен ийгиликтүү өттү», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-октябрда, Бишкек шаарында 2019-жылдын июнь айында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешине даярдык көрүү жана өткөрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде. Мамлекет башчысы өткөн ШКУ Саммити өлкөнүн саясий жашоосундагы ири окуя ...

0 127

Сооронбай Жээнбеков Азербайжандын премьер-министринин биринчи орун басары Ягуб Эюбов менен жолугушту

08-октябрь 2019, 08:16 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков, 7-октябрда, өлкөгө Кыргызстан менен Азербайжан ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык биргелешкен жыйынына катышуу үчүн келген Азербайжан Республикасынын премьер-министринин биринчи орун басары Ягуб Эюбов менен жолугушту. Өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелердин азыркы абалы жана келечеги тууралуу пикир алышуу болду. Мамлекет башчысы Кыргызстан Азербайжан менен мындан ары да өз ара ишенимге жана сыйга ...

0 190

Сооронбай Жээнбеков Кувейттин Улуттук Ассамблеясынын спикери Марзук Али Аль-Ганем менен жолугушту

07-октябрь 2019, 15:34 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Кувейт Мамлекетинин Улуттук Ассамблеясынын спикери Марзук Али Аль-Ганем менен жолугушту. Эки тараптуу кызматташуунун келечеги, анын ичинде Кыргызстан жана Кувейттин парламенттер аралык мамилелери талкууланды. Президент Сооронбай Жээнбеков Кувейт менен болгон эки тараптуу кызматташууну тереңдетүү өлкөнүн тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, аны мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди. Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы соода-экономикалык ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 224

Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефону аркылуу сүйлөштү

05-октябрь 2019, 11:32 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 5-октябрда, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө президент Сооронбай Жээнбеков президент Эмомали Рахмонду туулган күнү менен куттуктап, бекем ден соолук, бакубатчылык жана ийгиликтерди каалады. Мамлекет башчылар ошондой эле кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыктын абалын жана келечегин талкуулашты.

0 274

Эрмек Ибраимов жаңы кызматка дайындалды

04-октябрь 2019, 16:03 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибраимов Эрмек Султанович Минск шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин уставдык органдарындагы Туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.  

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83