www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Расмий кабарлар
0 189

Президент Сооронбай Жээнбеков ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян менен жолугушту

27-сентябрь 2019, 17:38 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-сентябрда, Евразиялык экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян менен жолугушту. Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигиндеги мүчөлүгү алкагында кызматташтыктын актуалдуу темалары талкууланды. Президент Сооронбай Жээнбеков Тигран Саркисянды Бишкектеги «Евразия жумалыгы» эл аралык форумунун ийгиликтүү өтүүсү менен куттуктады. Евразиялык аймакта ишкердикти өнүктүрүү боюнча коюлган милдеттерди практикалык ишке ашырууга сезилээрлик салым кошоруна ишенимин билдирди. Президент ЕАЭБ алкагында өлкөлөрдүн ...

0 252

СҮРӨТ - Сооронбай Жээнбековдун Ысык-Көл облусуна иш сапары

26-сентябрь 2019, 19:43 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-сентябрда, иш сапары менен Ысык-Көл облусунда болду. Иш сапардын алкагында Мамлекет башчысы Жети-Өгүз районунун жашоочулары менен жолугушту. Сооронбай Жээнбеков анын президенттик ишмердигинин артыкчылыктуу багыттары, өлкөнү өнүктүрүүнүн алдыңкы милдеттери жөнүдө кеңири айтып берди. Жолугушуу «суроо-жооп» форматында өттү. Жергиликтүү жашоочулардын суроолоруна Мамлекет башчысынын Жети-Өгүз районунун жашоочулары менен баарлашуусуна катышкан тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери дагы ...

0 206

Президент Сооронбай Жээнбеков Жети-Өгүз районундагы ирригациялык системаларды калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты

26-сентябрь 2019, 14:01 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-сентябрда, Ысык-Көл облусуна иш сапарынын алкагында Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна жана Оргочор айылдарындагы ирригациялык системаларды калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев аталган ирригациялык объектилерде иштерди жүргүзүү үчүн Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен 128,2 млн сом бөлүнгөнүн маалымдады.  Калыбына келтирүү иштеринин толук жыйынтыкталышы ...

0 300

АУДИО - Президент Сооронбай Жээнбеков: Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акча каражатын эми аймактардагы авариялык мектептерди оңдоого жумшайбыз

Аудиофайл 26-сентябрь 2019, 12:37 Айдар Нуралиев

«Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акча каражатын эми аймактардагы авариялык мектептерди оңдоого жумшайбыз», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун жашоочулары менен жолугушуусунда. Ал коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акча каражаттары үчүн Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылганын, бул акча каражатынын эсебинен Бишкек шаарында 7,  Чүй облусунда 7, Ош шаарында бир  — окуучулар батпай жаткан жалпы 15 мектепке кошумча корпустарды ...

0 629

Президент Сооронбай Жээнбеков кайрадан жумушчу сапары менен кетти

26-сентябрь 2019, 08:46 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына иш сапарларын улантууда. Бүгүн, 26-сентябрда, Мамлекет башчысы жумушчу сапары менен Ысык-Көл облусунда болот. Сооронбай Жээнбеков Жети-Өгүз районунун жашоочулары менен жолугушат. Мындан тышкары Президент экспортко багытталган ишканалардын ишмердиги менен таанышып, таза суу, ирригация жана айыл чарба объектилерин көрүп чыгат. Булак: NazarNews.kg

0 264

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Новосибирскидеги жаңы Башкы консулу Калдарали Маматалиевди кабыл алды

24-сентябрь 2019, 16:18 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Новосибирскидеги жаңы Башкы консулу Калдарали Маматалиевди кабыл алды. Жолугушууда Мамлекет башчысы Россиянын аймагында убактылуу же туруктуу жашап жүргөн Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыздоо жана ошондой эле Кыргызстан жана Россиянын региондор аралык байланыштарын өстүрүүнүн маанисин белгиледи. Ошондой эле баарлашуу учурунда Президент Калдарали Маматалиевге бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди. Буга чейин Кыргыз ...

0 223

Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы инвестициялык кызматташтык өнүгүүдө

24-сентябрь 2019, 14:14 Кызгалдак Жакыпова

«Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы инвестициялык кызматташтык өнүгүүдө», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-сентябрда, Бишкек шаарында өтүп жаткан кыргыз-түрк бизнес-форумунда. Мамлекет башчысы эки өлкөлөнүн ортосунда көп жылдар бою түптөлүп, барган сайын бекемделип жаткан саясий өнөктөштүк бийик деӊгээлге жеткенин белгиледи. «Азыр Түркия менен өз ара ишенимге негизделген өзгөчө мамиле түзүлдү. Натыйжада, кыргыз-түрк соода-экономикалык мамилелери жакшы темпте өнүгүп ...

0 171

Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиянын падышасын куттуктады

23-сентябрь 2019, 17:50 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-сентябрда, Сауд Арабиясынын Королу, Эки Ыйык мечиттин көзөмөлдөөчүсү Салман бин Абдел Азиз Аль-Саудду жана өлкөнүн элин Сауд Арабия Королдугунун улуттук майрамы — Королдуктун биригүү күнү менен куттуктады. «Кыргыз Республикасы менен Сауд Арабия Королдугунун ортосундагы өз ара колдоого жана ишенимге негизделген кызматташуу эки элдин бакубаттыгы үчүн мындан ары да өнүгө берет деп терең ишенем. Бул салтанаттуу ...

0 328

Президент Сооронбай Жээнбеков: Манас бабабыз калтырып кеткен улуу биримдик осуяты – бүгүн да актуалдуу

22-сентябрь 2019, 16:21 Кызгалдак Жакыпова

«Манас бабабыз калтырып кеткен улуу биримдик осуяты — бүгүн да актуалдуу», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков , 21-сентябрда, Талас облусундагы «Манас — Ордо» Кыргыз улуттук тарыхый-маданий комплексинде өткөн Биринчи Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземинде. Оюндардын алкагында спорттук мелдештер 16-сентябрда, маданий иш-чаралар  19-сентябрда башталган. Бүгүн Улуттук көчмөндөр оюндары салтанаттуу азем менен аяктайт. Президент Сооронбай Жээнбековдун сөзү:

0 561

СҮРӨТ - КР Президентинин Аппаратынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы сейил бактардын биринде ишембилик өткөрүштү

21-сентябрь 2019, 14:46 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармалыгынын кызматкерлери жана «Эко Деми» коомдук фонду бүгүн, 21-сентябрда, Бишкек шаарындагы «Жаштар» сейил багынын аймагында ишембилик өткөрүштү. Иш чара Дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында өттү. Сейил бактын аймагы тазаланып, таштандылар чыгарылды. Булак: NazarNews.kg

0 303

Президент Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады

21-сентябрь 2019, 09:08 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков, 20-сентябрда, телефондук сүйлөшүүдө Айсулуу Тыныбекованы жана анын машыктыруучусу Нурбек Изабековду Нур-Султан (Казакстан) шаарында өткөн аялдар күрөшү боюнча Дүйнөлүк чемпионатындагы жеңиши менен куттуктады. Президент Айсулуу Тыныбекова Кыргызстандын эгемендүүлүк алгандан берки тарыхында алгачкы жолу аялдар күрөшү боюнча дүйнөнүн биринчи чемпиону болгонун баса белгиледи. Анын жеңиши бүт Кыргызстан үчүн сыймык экенин айтты. Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекова өзүнүн ...

0 179

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Россиянын Президенти Владимир Путин эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты

20-сентябрь 2019, 18:30 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-сентябрда, Оренбург облусуна болгон бир күндүк иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту. Кыргызстан жана Россиянын эки тараптуу кызматташтыгынын азыркы абалы, актуалдуу маселелери жана келечеги талкууланды. Россиянын Президенти Владимир Путин өлкөлөрдүн бардык багыттары боюнча эки тараптуу кызматташтыгы уланып жатканын белгиледи. Ийгиликтүү өнүгүп жаткан экономикалык кызматташтыкка көңүл бурулууда — 2018-жылдын жыйынтыгы ...

0 132

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Оренбург шаарына барды

20-сентябрь 2019, 15:01 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-сентябрда, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен бир күндүк жумушчу сапары менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Кургак жер аскерлер топторунун катышуусунда биргелешкен практикалык иш-аракеттер өтө турган Оренбург шаарына (Россия) келди. Өткөрүлүп жаткан машыгуулардын негизги максаты – азыркы мезгилдин шарттарында аскердик аракеттерди жүргүзүүгө үйрөтүү, союздаш мамлекеттердин аскердик башкаруу органдарынын ыкчам шайкештигин жогорулатуу. Ошондой ...

0 198

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Оренбург шаарына учуп кетти

20-сентябрь 2019, 11:23 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-сентябрда, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен бир күндүк жумушчу сапары менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Кургак жер аскерлер топторунун катышуусунда биргелешкен практикалык иш-аракеттер өтө турган Оренбург шаарына (Россия) барат. Өткөрүлүп жаткан машыгуулардын негизги максаты — азыркы мезгилдин шарттарында аскердик аракеттерди жүргүзүүгө үйрөтүү, союздаш мамлекеттердин аскердик башкаруу органдарынын ыкчам шайкештигин жогорулатуу. Ошондой ...

0 192

Сот-укуктук реформаны ишке ашырууга катышкан мамлекеттик органдардын кезектеги жолугушуусу болуп өттү

19-сентябрь 2019, 18:35 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Досалы Эсеналиевдин тапшырмасы менен сот-укуктук реформанын максаттары жана милдеттери үчүн тышкы жардамды колдонууну жакшыртуу маселелери боюнча түзүлгөн координациялык аянтчанын базасында сот-укуктук реформаны ишке ашырууга катышкан мамлекеттик органдардын кезектеги жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда азыркы практикалар анализденип, сот-укуктук реформа чөйрөсүндө тышкы жардамды колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу, анын ачыктыгы жана отчеттуулугу, долбоорлорду кайталабоо, кабыл алып жаткан тараптын ...

0 203

Президент Сооронбай Жээнбеков Кувейттин финансы министри Наиф Фалах Мубарак Аль-Хаджраф менен инвестициялык кызматташтыктын келечегин талкуулады

19-сентябрь 2019, 18:31 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-сентябрда, Кувейт Мамлекетинин финансы министри Наиф Фалах Мубарак Аль-Хаджраф менен жолугушту. Өлкөлөр ортосундагы финансылык жана инвестициялык кызматташтыктын келечеги талкууланды. Мамлекет башчысы Кувейт менен эки тараптуу аракеттенишүүнү өстүрүү Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи. Сооронбай Жээнбеков Кувейт тарапка экономикалык жана финансылык көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди. Атап айтканда, стратегиялык инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 879

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат

19-сентябрь 2019, 11:17 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-сентябрда, кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка өлкөнүн Көз карандысыздыгынын күнүнө карата кол коюлган. Көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлер Султан Ибраимов жана Төрөбай Кулатовго «Ак-Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен ...

0 165

Президент Сооронбай Жээнбеков АФК президенти Салман бин Ибрагим Аль Халифа менен жолугушту

18-сентябрь 2019, 16:04 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-сентябрда, Азия футбол конфедерациясынын (АФК) президенти Салман бин Ибрагим Аль Халифа менен жолугушту. Футболду өнүктүрүү жана аны өлкөдө мындан ары дагы кеңири жайылтуу боюнча пикир алмашуу болду. Президент Сооронбай Жээнбеков Азия аймагында футболду өнүктүрүүгө багытталган АФКнын ишмердигин жана реформаларын канааттануу менен белгиледи. Мамлекет башчысы Кыргызстанда футбол спорттун эң белгилүү массалык түрү болуп саналарын, ...

0 142

Сооронбай Жээнбеков ирригация жана калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты

18-сентябрь 2019, 14:22 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиевди жана Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошевди кабыл алды. Суу менен камыздоо чөйрөсүнүн учурдагы абалы жана көйгөйлөрү, ишмердиги, өлкөнүн ирригациялык системалар түйүнүн жана суу менен камсыз кылуу системаларын реконструкциялоо жана кеңейтүү ...

0 153

Руслан Бийбосунов Россиянын Сибирь жана Урал федералдык округдарын камтыган консулдук округу менен Екатеринбург шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулу болуп дайындалды

17-сентябрь 2019, 12:54 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Бийбосунов Руслан Мэлсович Россия Федерациясынын Сибирь жана Урал федералдык округдарын камтыган консулдук округу менен Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулу болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Президентинин башка Жарлыгына ылайык, Салимжанов Бообек Эркинбекович Россия Федерациясынын Сибирь жана Урал федералдык округдарын камтыган консулдук округу менен Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулу кызматынан бошотулду.

0 174

Чынгыз Эшимбеков Кыргызстандын Катар Мамлекетиндеги Элчиси болуп дайындалды

17-сентябрь 2019, 12:51 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Эшимбеков Чынгыз Казыбаевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Булак: NazarNews.kg

0 180

Калдарали Маматалиев Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу болуп дайындалды

17-сентябрь 2019, 12:47 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Маматалиев Калдарали Капарович Россия Федерациясынын Алтай Республикасынын, Алтай крайынын, Кемеров, Новосибирск, Омск жана Томск облустарынын аймактарын камтыган консулдук округу менен Новосибирск шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулу болуп дайындалды. Булак: NazarNews.kg  

0 181

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча кеңешме өткөрдү

17-сентябрь 2019, 10:54 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-сентябрда, Президенттин Аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков жана КР Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков менен кыргыз-тажик мамлекеттик чек арада түзүлгөн абал боюнча жумушчу кеңешмесин өткөрдү. Мамлекет башчысы Баткен облусундагы чек ара участогунда чыр-чатак пайда болгондон баштап, толук ыкчам маалымат алып турганын баса ...

0 177

Президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеевди кабыл алды

16-сентябрь 2019, 17:37 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеевди кабыл алды. Жолугушуу «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата болду. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата өткөрүлө турчу майрамдык иш-чаралар жөнүндө айтып ...

0 140

Муктар Джумалиев Кыргызстандын Люксембургдагы Элчиси жана Түндүк Атлантика келишим уюмундагы Туруктуу өкүлү болуп дайындалды

14-сентябрь 2019, 09:10 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, 13-сентябрда кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы, Нидерланддар Королдугундагы жана Франция Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын Европа Бирлигиндеги, БУУнун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюмундагы (ЮНЕСКО) жана Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмдагы (ХКТУ) Туруктуу өкүлү Джумалиев Муктар Кабылбекович Брюссель шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз ...

0 104

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик финансыларды башкаруу чөйрөсүндөгү азыркы абал боюнча маалымат менен таанышты

13-сентябрь 2019, 16:32 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-сентябрда, өлкөнүн финансы министри Бактыгүл Жеенбаеваны кабыл алды. Министр Бактыгүл Жеенбаева мамлекеттик финансыларды башкаруу чөйрөсүндөгү азыркы абал боюнча маалымат берди. Атап айтканда, Президент республикалык бюджеттин чыгаша жана киреше бөлүгүн аткаруунун жүрүшү, салыктык кирешелердин түшүүсү, сот-укуктук реформаны, ипотекалык насыялоону, райондук маанидеги жолдорду, социалдык турак жай объектилерин курууну, күз-кыш мезгилине даярдык иш-чараларын каржылоо, жергиликтүү бюджеттердин ...

0 126

Президент Сооронбай Жээнбеков Япониянын Кыргызстандагы Элчиси Ёсихиро Ямамураны кабыл алды

12-сентябрь 2019, 15:17 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-сентябрда, Япониянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ёсихиро Ямамураны дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Мамлекет башчысы Япониянын Элчисине өз ара ишеним жана урматтоого негизденген кыргыз-япон мамилелерин өнүктүрүүгө кошкон жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирди. «Кыргызстан Япония менен болгон ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет. Бул жылдары биз өз ара пайдалуу кызматташууну ...

0 300

Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары дайындалды

12-сентябрь 2019, 11:36 Кызгалдак Жакыпова

Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун атына судьялардын кызматтарына дайындоо боюнча сунуштар келип түшкөн — Нарын облустук сотуна 2 талапкер, Талас облустук сотуна 2 талапкер, Ош облустук сотуна 1 талапкер, Бишкек шаардык сотуна 1 талапкер, Чүй облусунун шаардык жана райондук сотуна — 11 талапкер боюнча. 2019-жылдын 5-сентябрында Мамлекет башчысы айрым талапкерлер менен баарлашты. Анын натыйжасында жана ...

0 136

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары чөйрөсүндөгү кээ бир маселелер жөнүндө» Жарлыкка кол койду

12-сентябрь 2019, 11:25 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары чөйрөсүндөгү кээ бир маселелер жөнүндө» Жарлыкка кол койду. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык токтом кылынат: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарына сунуш кылуунун, сыйлоонун, тапшыруунун, дубликаттарын берүүнүн, ыйгаруу жана сыйлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жокко чыгаруунун тартиби жөнүндө ...

0 386

Каныбек Исаков Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри болуп дайындалды

11-сентябрь 2019, 18:28 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-сентябрда кол койгон Жарлыкка ылайык, Исаков Каныбек Абдуваситович Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри болуп дайындалды. Булак: NazarNews.kg

0 200

Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргыз комузу кайгы-кубанычыбызды, баскан баяндуу жолубузду күүгө салып, кылым сапарын карытып, муундан-муунга өтүп, рух табериги катары сакталып келди

09-сентябрь 2019, 19:48 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Комуз күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосун бүгүн, 9-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Досалы Эсеналиев Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында  «Таңшы комуз» аттуу гала-концертте окуду. Мамлекет башчысынын куттуктоо сөзү: «Урматтуу мекендештерим! Ардактуу салтанаттын катышуучулары! Элибизди өлкөбүздө биринчи жолу расмий белгиленип жаткан Комуз күнү менен чын дилимден куттуктайм! Көөнөргүс мурастары жана бай ...

0 191

Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстан Президенти Эмомали Рахмонду жана тажик элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

09-сентябрь 2019, 11:46 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-сентябрда, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмонду жана тажик элин Тажикстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. «Кыргызстан элинин жана өзүмдүн атымдан Сизди жана жалпы тажик элин Тажикстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм! Бүгүнкү күндө Сиздин даанышман жетекчилигиңиз менен Тажикстандын социалдык жана экономикалык жааттагы жетишкен олуттуу ийгиликтери өзгөчө кубандырат. Кыргызстан менен Тажикстан элдеринин кызыкчылыгы үчүн ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 308

Президент Сооронбай Жээнбеков Үсөнбек Ниязбековдун үй-бүлөсүнө «Эрдик» медалын тапшырды

06-сентябрь 2019, 14:25 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-сентябрда, Үсөнбек Ниязбековдун апасы — Өктөм Мамаева, жубайы — Назира Базарбаева, бир тууганы — Асанбек Ниязбеков жана уулу — Тимур Ниязбеков менен жолугушту. Мамлекет башчысы 2019-жылдын 7-августундагы окуяларда курман болгон Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери, полковник Ниязбековдун жакындарына көңүл айтып, Үсөнбек бүт өмүрүн Мекенге кызмат кылуу, жарандардын коопсуздугун жана өлкөдөгү тартипти ...

0 141

АУДИО - Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Республикасынын Элчиси Комил Рашидовду кабыл алды

Аудиофайл 05-сентябрь 2019, 17:32 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-сентябрда, Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Комил Рашидовду өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аяктоосуна байланыштуу кабыл алды.  Мамлекет башчысы белгилегендей, бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек кызматташтыгы жогорку деңгээлде турат, стратегиялык өнөктөштүк орнотулду, ынак кошуналык мамилелер бекемделип, өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү көбөйүүдө, биргелешкен ишканалар түзүлүп, чекара кызматташтыгы өнүгүп жатат. Ал Комил Рашидовго өлкөлөр ортосундагы ...

0 311

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн антикоррупциялык пландарды иштеп чыгууга киришти

04-сентябрь 2019, 17:56 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы антикоррупциялык иш-чараларды ишке ашыруунун алкагында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин «2019-жылды  региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү Жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциялык тобокелчиликтерди изилдөөгө киришти. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы жүргүзүлгөн мониторингдердин жана кырдаалды талдоонун негизинде Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын бардык облустары жана Бишкек, ...

0 358

Президент Сооронбай Жээнбеков Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту

04-сентябрь 2019, 15:54 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту. Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, социалдык-экономикалык, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы Өкмөттүн социалдык оң жана терс көрүнүштөргө, күнүмдүк жашоодогу ар кыл чакырыктарга тез реакция кылып, тиешелүү чараларды ыкчам көрүшү зарылдыгын белгиледи. Президент Өкмөттүн негизги милдети — экономиканы өнүктүрүү, элдин жашоосун ...

0 358

АУДИО - Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков менен жолугушту

Аудиофайл 03-сентябрь 2019, 18:37 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков менен өлкөнүн парламентинин кезектеги сессиясы башталганына байланыштуу жолугушту. Өлкөнүн мыйзам чыгаруучу базасын жана республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жакшыртуу боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы Жогорку Кеңештин Төрагасын өлкөнүн парламентинин кезектеги сессиясынын башталышы менен куттуктап, анын депутаттар үчүн өзгөчө маанисин белгиледи, анткени ал Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы ...

0 145

АУДИО - Салык төлөбөгөндөргө эми айып пул салынат

Аудиофайл 03-сентябрь 2019, 12:17 Алтын Булат

Турак жай, автоунаа салыктарын төлөө мөөнөтү 2-сентябрда аягына чыкты. Бул тууралуу Салык кызматы тараткан маалыматтарда айтылат. Ага ылайык, эми салыкты кечиктирген жеке тараптар 1000 (миң) сом өлчөмүндө, юридикалык тараптар 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө административдик айып пулу менен кошо төлөйт. Ошондой эле кечиктирилген ар бир күн үчүн дагы туумдары бар.

0 107

Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёевди жана өзбекстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

01-сентябрь 2019, 17:49 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-сентябрда, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевди жана жалпы өзбек элин Өзбекстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. «Сиздин даанышман жетекчилигиңиз менен Өзбекстан Республикасы региондук жана эл аралык маселелерде кылган чечкиндүү кадамдарынын натыйжасында дүйнөлүк аренада татыктуу орунду ээледи. Бүгүнкү күндө биздин мамлекеттердин кызматташтыгы болуп көрбөгөндөй бийик деңгээлге чыкты. Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы стратегиялык ...

0 298

Сүрөт - Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтындагы Эгемендүүлүк күнү

31-август 2019, 16:28 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-августта, Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык иш-чараларга катышты. Иш-чара кыргыз мамлекеттүүлүгүн негиздөөгө салым кошкон тарыхый инсандар жөнүндө театралдаштырылган прологдон башталды. Президент Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө мекендештерди майрамы менен куттуктап, көз карандысыздык ата-бабалардын каны менен кошо айланып, жаны менен кошо жашаган, муундан муунга жеткен улуу дөөлөт экенин, өлкөдөгү тынчтык жана ...

0 331

АУДИО - Кореянын Президенти Мун Чжэ Ин Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Аудиофайл 31-август 2019, 15:42 Кызгалдак Жакыпова

Корея Республикасынын Президенти Мун Чжэ Ин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. «Жыл өткөн сайын кыргыз-корей достук мамилелери түрдүү тармактарда өз ара аракеттенишүү менен тыгыз, туруктуу өнүгүүдө. Биздин өлкөлөр мындан ары дагы тыгыз кызматташуусун тереңдетип, бекемдеп, өз ара пайдалуу жана келечекке багытталган мүнөз берет деп үмүттөнөм. Эки өлкөнүн ортосундагы достук мындан ары дагы ...

0 129

АУДИО - Афганистандын Президенти Мохаммад Ашраф Гани Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Аудиофайл 31-август 2019, 15:35 Кызгалдак Жакыпова

Афганистан Ислам Республикасынын Президенти Мохаммад Ашраф Гани Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. «Эгемендүүлүк күнү менен Сизди жана дос Кыргызстан элин Афганистан элинин атынан куттуктайм. Ушул жылы дос Кыргыз Республикасына иш сапар менен келүүгө мүмкүнчүлүк болгонуна кубанычтамын. Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында Сиз менен жолугуп биздин өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара байланышты жана кызматташууну жогорулатуу ...

0 109

АУДИО - Пакистан Президенти Ариф Алви Кыргызстандын элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Аудиофайл 31-август 2019, 15:30 Кызгалдак Жакыпова

Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Ариф Алви Кыргызстандын элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. «Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктоо мага зор кубаныч тартуулайт. Пакистан менен Кыргызстандын ортосунда күчтүү тарыхый, маданий жана диний жакындыкка негизделген тыгыз жана бир туугандык мамилелер бар. Ал мамилелерди мындан ары да көптөгөн тармактарда өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Эки өлкөнүн ортосунда болуп келген ...

0 158

АУДИО - Италиянын Президенти Серджо Маттарелла Кыргызстандын элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Аудиофайл 31-август 2019, 15:32 Кызгалдак Жакыпова

Италиянын Президенти Серджо Маттарелла Кыргызстандын элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. «Улуттук майрамдын мааракесине байланыштуу Италия элинин атынан жана өзүмдүн атымдан Сизге жана чыныгы достук мамилелер менен байланышкан Кыргыз Республикасына өнүгүү каалоолору менен куттуктоо жиберүүгө мага жагымдуу мүмкүнчүлүк берилип жатат. Бул достук мамилелерибиз мындан ары да бекемделе берет деп ишенемин. Италия Европа Биримдиги менен Кыргызстандын ...

0 173

АУДИО - Бельгия Королу Филипп Кыргызстандын элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Аудиофайл 31-август 2019, 15:39 Кызгалдак Жакыпова

Бельгия Королу Филипп Кыргызстандын элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. «Кыргыз Республикасынын Улуттук майрамына байланыштуу улуу урматтуу Сизге жана Сиздин мекендештерге куттуктоолорумду жолдоймун. Сиздерге бакыт жана ден соолук каалаймын», — деп белгиленет Бельгиянын Королунун куттуктоосунда. Булак: NazarNews.kg

0 85

АУДИО - Венгрия Президенти Янош Адер Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Аудиофайл 31-август 2019, 15:37 Кызгалдак Жакыпова

Венгрия Президенти Янош Адер Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. «Кыргыз Республикасынын улуттук майрамына байланыштуу Сизге жана Сиздин мамлекеттин бардык жарандарына чын дилимден куттуктоолорумду жана эң жакшы каалоолорумду билдирем. Кыргыз Республикасы биздин Борбор Азия регионундагы маанилүү өнөктөшүбүз болуп саналат. Венгер тараптан биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө ар дайым даярбыз жана ...

0 65

АУДИО - Румыния Президенти Клаус Вернер Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Аудиофайл 31-август 2019, 15:27 Кызгалдак Жакыпова

Румыния Президенти Клаус Вернер Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. «Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгы күнүнө байланыштуу Сизге жана кыргыз элине тынчтыкты жана бакубаттулукту каалоо менен куттуктоолорумду билдирем. Майрам күнү мен биздин өлкөлөр ортосундагы ар кыл чөйрөлөрдөгү мамилелери румын жана кыргыз элдеринин жалпы жыргалчылыгы үчүн өнүгө жана бекемдей бере турганына ишеним билдирем», — ...

0 111

АУДИО - Индиянын Президенти Рам Натх Ковинд Президент Сооронбай Жээнбековду жана кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Аудиофайл 31-август 2019, 15:23 Кызгалдак Жакыпова

Индия Республикасынын Президенти Рам Натх Ковинд Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана өлкөнүн элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. «Индия жана Кыргыз Республикасынын ортосундагы мамилелер жылуулук жана эркиндик менен мүнөздөлөт. Биз жалпы тарыхый байланыштарга негизделген жалпы демократиялык баалуулуктарды жана өз ара мамилелерди тең бөлүшөбүз. Биздин ШКУ жана башка көп тараптуу форматтардагы уланып жаткан кызматташуубуз сиздердин аймактагы кызматташууну алдыга жылдырууга көмөктөшөт», ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 146

АУДИО - Испания Королу Фелипе Кыргызстандын элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Аудиофайл 31-август 2019, 15:20 Кызгалдак Жакыпова

Испания Королу Фелипе Кыргызстандын элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. «Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүн майрамдоого байланыштуу, мен, Испан Өкмөтү жана эли өзүнүн чын дилден чыккан куттуктоосун жолдойт. Кыргыз элинин бакубатчылык, тынчтык жана өсүп өнүгүүсү үчүн менин эң жакшы каалоолорумду кабыл алыңыз», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында. Булак: NazarNews.kg    

0 117

АУДИО - Египет Президенти Абдель Фаттах Аль Сиси Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстандын элин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Аудиофайл 31-август 2019, 15:14 Кызгалдак Жакыпова

Египет Араб Республикасынын Президенти Абдель Фаттах Аль Сиси Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстандын элин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. «Ушул жагымдуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, биздин дос өлкөлөрүбүздүн жалпы кызыкчылыктарына жетишүү максатында өлкөлөрдүн кызматташтык мамилелерин бардык тармактарда бекемдөө боюнча биргелешкен иштердин ишке ашырууну өзгөрүүсүз карманаарыбызды ырастайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында. Булак: NazarNews.kg

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83