www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Расмий кабарлар
0 437

АУДИО - Президент Сооронбай Жээнбеков борбор калаанын түштүк жагындагы жаңы парктын атын «Ынтымак» деп коюуну сунуштады

Аудиофайл 30-август 2019, 14:08 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-августта, Бишкек шаарынын түштүк тарабындагы жаңы парктын ачылышында анын атын «Ынтымак» («Дружба») деп атоону сунуштады. «Бул жерге өлкөнүн бардык булуң-бурчунан биздин мекендештерибиз өздөрүнүн бош убактысын өткөрүү үчүн келишет. Ата-энелер балдары менен эс алышат. Биз үчүн эң башкысы — бул ынтымак, биримдик жана достук. Ошондуктан сейил бакты „Ынтымак“ деп атоону чечтик. Бул борбордун тургундарын ...

0 251

АУДИО - Президент Сооронбай Жээнбеков: Биз Бишкекке жашыл шаар деген аталышын кайтарып беребиз

Аудиофайл 30-август 2019, 14:15 Кызгалдак Жакыпова

«Биз Бишкекке жашыл шаар деген аталышын кайтарып беребиз», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-августта, Бишкек шаарынын түштүк тарабындагы Ч.Айтматов проспектиси менен А.Масалиев көчөсүнүн кесилишинде жаңы сейил бактын ачылышында. Мамлекет башчысы бишкектиктерди жана борбордун конокторун шаардын турмушундагы маанилүү иш чара менен куттуктады. «Күн сайын парктын жанынан өтүп баратып, анын курулушунун жүрүшүн байкап жүрдүм. Кызматкерлер менен ...

0 123

Президент Сооронбай Жээнбеков Эркин Европа/Азаттык Радиосунун Президенти Джейми Флайды кабыл алды

29-август 2019, 19:34 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-августта, Эркин Европа/Азаттык Радиосунун Президенти Джейми Флайды кабыл алды. Мамлекет башчысы Джейми Флайды жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктады жана анын ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады. Президент белгилегендей, Кыргызстан демократиянын принциптерин жана ачыктыкты жогору баалайт, өлкөдө массалык маалымат каражаттарынын эркин жана толук кандуу иштөөсү үчүн бардык зарыл шарттар бар. Сооронбай Жээнбеков сөз эркиндигин бекемдөө күчтүү жана ...

0 109

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Кыргызстандагы Элчиси Карим Кокрекбаевди кабыл алды

29-август 2019, 19:32 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-августта, Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Карим Кокрекбаевди анын өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Мамлекет башчысы Карим Кокрекбаевдин Кыргызстандагы жемиштүү ишмердигин белгилеп, анын эки мамлекеттин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, союздаштык, бир туугандык жана ынак коңшулаштык мамилелерди бекемдөөгө кошкон салымын белгиледи. Президент Сооронбай Жээнбеков Карим Кокрекбаевге бардык жакшылыктарды жана ...

0 632

Баткен облусунун Кадамжай районунун Кереге-Таш айылынын тургуну Мурзапаша Маматов “Даңк” медалы менен сыйланды

29-август 2019, 13:48 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык аймагынын калкынын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган Ак-Корум-Кереге-Таш ирригациялык каналын куруу боюнча социалдык маанилүү долбоорду демилге кылгандыгы жана ишке ашыргандыгы үчүн долбоордун автору, Баткен облусунун Кадамжай районунун Кереге-Таш айылынын тургуну  Мурзапаша Маматов «Даңк» медалы менен сыйланды. Ушул эле Жарлык менен «Кыргызстандын жаңы айыл кыймылы» коомдук ...

0 105

Саламаттык сактоо тармагынын чет өлкөлүк бир катар кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланды

29-август 2019, 12:31 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, саламаттык сактоону, калкты медициналык тейлөөнү жана Кыргыз Республикасынын медицина чөйрөсүндөгү кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле өлкөнүн региондорун социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө катышкандыгы үчүн саламаттык сактоо тармагынын чет өлкөлүк бир катар кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланды. «Достук» ордени менен: Джошибаев Сейтхан — кардиохирург, Казакстан Республикасынын Тараз шаарынын «Кардиохирургия ...

0 146

Бир катар жарандар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды

29-август 2019, 12:32 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйналышын даярдоого жана өткөрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланды: «Даңк» ордени менен Тилегенов Бактыбек Сабырович   –       Бишкек шаардык мэриясынын маданият башкармалыгынын эл аспаптар оркестринин башкы дирижеру; берилсин: «Кыргыз Республикасынын эл артисти» деген ардактуу наам Осмоналиев Рахатбек Муталиповичке

0 88

Президент Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду

29-август 2019, 12:20 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө карата «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.  

0 234

Президент Сооронбай Жээнбеков «Аль Бавани Ко ЛТД» компаниясынын аткаруучу директору Фахер Аль Шавафаны кабыл алды

28-август 2019, 18:23 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-августта, «Аль Бавани Ко ЛТД» компаниясынын аткаруучу директору Фахер Аль Шавафаны кабыл алды. Экономиканын түрдүү секторлорунда инвестициялык кызматташтыктын келечеги талкууланды. Мамлекет башчысы өзгөчө белгилегендей, Кыргызстан чет элдик инвесторлор үчүн ар дайым ачык жана өлкөнүн социалдык-экономикалык долбоорлорун ишке ашырууда чет элдик өнөктөштөрдүн инвестицияларын кабыл алууга даяр. Президент аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү, таза суу менен камсыз ...

0 246

АУДИО - Президент Сооронбай Жээнбеков: Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акча каражаты мамлекеттин келечеги болгон балдар үчүн мектептерди курууга жумшалууда

Аудиофайл 27-август 2019, 18:27 Кызгалдак Жакыпова

Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айылындагы орто мектепте жана Бишкек шаарындагы № 12 мектеп-гимназиясында коррупцияга каршы күрөш боюнча Бирдиктүү депозиттик эсептин каражаттарыныгн эсебинен жаңы корпустар курулат. Бүгүн, 27-августта, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен аталган мектептерде жаңы корпустарды курууга капсула салуу аземи болуп өттү. Иш-чараларга жергиликтүү тургундар, мугалимдер, куруучулар катышты. Сокулук районунун Орок айылында Мамлекет башчысы айылдыктар жана ...

0 896

Кыргыз Республикасынын илиминин эмгек сиңирген ишмери Шукуров Эмил Жапарович дүйнө салды

24-август 2019, 10:17 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстандын илими орду толгус оор жоготууга учурады. 2019-жылдын 23-августунда 82 жашка караган курагында көрүнүктүү окумуштуу-эколог, география илимдеринин доктору, профессор, биология илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Кыргыз Республикасынын илиминин эмгек сиңирген ишмери Шукуров Эмил Жапарович дүйнө салды. Эмил Шукуров 1938-жылы туулган. Кыргыз мамлекеттик университетин «биолог-зоолог» адистиги боюнча бүтүрүп, Москва мамлекеттик университетинин биология-кыртыш таануу факультетинин аспирантурасын аяктаган. 1963-2000-жылдары ...

0 342

Президент Сооронбай Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж

23-август 2019, 16:32 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-августта, «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаровду кабыл алды. Өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөө, энергетикалык тармакты реформалоо, алдыдагы кыш мезгилине даярдык боюнча чаралар талкууланды. «Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж, шаарлардын жана аймактардын тургундары үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз болушу керек», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков. Мамлекет башчысы экономика тармактарына, ишкерлик субъектилерине ...

0 206

Сүрөт — Президент Сооронбай Жээнбековдун Нарын облусуна болгон эки күндүк иш сапары

22-август 2019, 19:49 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 21-22-августта эки күндүк иш сапары менен Нарын облусунда болду.  Мамлекет башчысы Ак-Талаа районунун жашоочулары менен жолугушуп, мамлекеттик аймактык өнүгүү саясаты, айыл чарбасын жана аймактарды колдоо боюнча финансы институттарынын ишмердиги, жер-жерлерге инвестицияларды тартуу, таза суу жана ирригация боюнча долбоорлор, сот-укутук реформанын жүрүшү, коррупция менен күрөшүү чаралары, өлкөнү санариптештирүү ж. б. жөнүндө айтып берди. Президент менен болгон жолугушууда ...

0 179

Президент Сооронбай Жээнбеков: "Мамлекеттик кызматка жеке байлык топтоо үчүн келбейт"

22-август 2019, 17:33 Кызгалдак Жакыпова

 «Мамлекеттик кызматка жеке байлык топтоо үчүн келбейт», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-августта Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун тургундары менен жолугушууда. Мамлекет башчысы тилекке каршы, чейрек кылым ичинде бийлик эшелонундагы коррупция эң негизги улуттук көйгөй болуп калганын белгиледи. «Бийликке — өлкөнү өнүктүрүү үчүн эмес, байлык жыйноо, шайлоодо кетирген каражатын эселеп кайрып алуу үчүн келгендер көбөйүп ...

0 98

Президент Сооронбай Жээнбеков: Алыскы райондордун инфраструктурасын жакшыртуу ар дайым мамлекеттин көңүл борборунда болот

22-август 2019, 17:34 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-августта, Нарын облусуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Ак-Талаа районундагы жолдордун реконструкциясы жана мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов Нарын-Баетов, Куртка-Соң-Көл, Акталчат-Казарман айылдарындагы жолдорго, Кулубай жана Султаналиев көчөлөрүнө асфальт төшөө боюнча маалымат берди. Жалпысынан Ак-Талаа районунда 8,5 чакырым ички жолдоруна асфальт төшөлөт. Жумуштарды 2019-жылдын сентябрь ...

0 127

Президент Сооронбай Жээнбеков: Соттук-укуктук реформанын негизги максаты — эл талап кылган акыйкат

22-август 2019, 16:36 Кызгалдак Жакыпова

«Соттук-укуктук реформанын негизги максаты — эл талап кылган акыйкат жана калыс сот адилеттигине жетишүү», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-августта Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун тургундары менен жолугушууда. Мамлекет башчысы сот системасын, укук коргоо органдарын тазалоо, мыйзамдарды өркүндөтүү иштери күчөтүлгөнүн белгиледи. «Эми соттук процесстердин баары ачык-айкын болот, мурдагыдай көмүскө  болбойт. Санариптик инфраструктура, видеобайкоо артыкчылыктуу тартипте ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 112

Президент Сооронбай Жээнбеков Ак-Талаа районундагы ирригациялык долбоорлор менен таанышты

22-август 2019, 14:44 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-августта Нарын облусуна иш сапарынын алкагында Ак-Талаа районундагы ирригациялык долбоорлор менен таанышты. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев Ала-Буга, Жаман-Даван  жана Куртка дарыяларындагы суу объектилерин куруу жана калыбына келтирүү боюнча пландар тууралуу айтып берди. Суткалык жөнгө салуучу бассейндерди куруу жана азыр пайдаланылып жаткан ирригациялык каналдарды калыбына келтирүү каралууда. ...

0 113

Президент Сооронбай Жээнбеков Нарын облусунун Ак-Талаа районунун жашоочулары менен жолугушуу өткөрүүдө

22-август 2019, 14:36 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-августта, Нарын облусуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Ак-Талаа районунун жашоочулары менен жолугушуу өткөрүүдө. Мамлекет башчысы Ак-Талаа районунун чоң потенциалын белгилеп, анын алыскы тоолуу район катары дагы Кыргызстандын башка аймактары менен биргеликте өнүгөрүн айтты. Президент ак-талаалыктарга бүт республикада аймактарды өнүктүрүү боюнча өткөрүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө айтып берди. Бул жер-жерлерде, айылдарда бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү ...

0 311

Президент Сооронбай Жээнбеков: Аймактарды өнүктүрүү саясаты биринчи кезекте өлкөнүн экспорттук потенциалын кеңейтүүгө багытталган

22-август 2019, 08:02 Кызгалдак Жакыпова

«Аймактарды өнүктүрүү саясаты биринчи кезекте өлкөнүн экспорттук потенциалын кеңейтүүгө багытталган, анын ичинде кайра иштетүү өнөр жайынын дагы», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, 21-августта, Нарын шаарындагы «Сүт-азык» ЖАКнын сүттү кайра иштетүүчү ишканасынын ачылышында. Мамлекет башчысы мындай ишканалар облустардын социалдык-экономикалык абалына жакшы таасир тийгизерин, жаңы жумушчу орундары жана жергиликтүү дыйкандардын продукциясын өткөрүү пункттары түзүлөрүн канааттануу менен белгиледи.

0 210

Нарын шаарынын тургундарынын 97 пайызы таза суу менен камсыз болушту

21-август 2019, 19:05 Кызгалдак Жакыпова

Нарын шаарынын тургундарынын 97 пайызы таза суу менен камсыз болушту, 40 пайызы канализация системасын пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Нарын шаарын таза суу менен камсыздоо жана канализация системасын калыбына келтирүү боюнча долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү менен тааныштыруу учурунда маалым болду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев ...

0 211

Президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Нарын облусуна барат

21-август 2019, 12:51 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына иш сапарларын улантууда.  21-22-августта Мамлекет башчысы иш сапары менен Нарын облусуна барат.  Нарынга иш сапарынын алкагында Президент калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригация системаларын калыбына келтирүү долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышат. Региондун инфраструктуралык жана социалдык-экономикалык мааниси бар объектилерине барат.  Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбеков алыскы Ак-Талаа районунун тургундары менен жолугушат.

0 127

2019-жылы Кепилдик фондунун каражаттарынын 78 % аймактык долбоорлорго багышталды

20-август 2019, 19:32 Кызгалдак Жакыпова

«2019-жылы Кепилдик фондунун каражаттарынын 78% аймактардагы насыялоого жана гарантияларды берүүгө багышталды», — деп билдирди бүгүн, 20-августта, «Кепилдик фонду» ААК башкармалыгынын төрагасы Малик Абакиров. Ал баса белгилегендей, 2019-жылы Фонддун ишмердигинде негизги багыт болуп аймактык долбоорлорду колдоо болуп эсептелет. Жалпысынан бүгүнкү күндө 460 млн сомдон ашуун суммага 300 долбоор каржыланды. Мындан тышкары, Малик Абакиров берилген гарантиялардын суммасы 173% көбөйгөнүн белгиледи, эгерде 2018-жылдын 7 ...

0 293

«Айыл банк» ААК жана «РСК Банк» ААК региондордогу айыл чарбасын каржылоонун үлүшүн көбөйтүштү

20-август 2019, 19:31 Кызгалдак Жакыпова

«Айыл банк» ААК жана «РСК Банк» ААК жетекчилери бүгүн, 20-августта Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында регионалдык долбоорлорду жана айыл чарбасын каржылоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып беришти. «Айыл банк акыркы 3-4 жыл ичинде коммерция, соода, курулуш чөйрөлөрүндөгү бизнес-долбоорлорду каржылаган. Азыр бул абалды оңдоп жатабыз. Анткени биздин милдетибиз — каражаттардын 60 пайыздан кем эмесин айыл чарба тармагына ...

0 161

Кыргыз-Россия Өнүктүрүү фонду 2019-жылдын 7 айында 2,7 млрд сомго аймактык долбоорлорду каржылады

20-август 2019, 19:30 Кызгалдак Жакыпова

2019-жылдын 7 айында Кыргыз-Россия Өнүктүрүү фонду 4,4 млрд сомго долбоорлорду каржылады, анын ичинен 2,7 млрд сом аймактарга каржыланды. 2018-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 2 эсе көбөйгөнү байкалууда. Бул тууралуу бүгүн, 20-августта, Кыргыз-Россия Өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев билдирди. Ал баса белгилегендей, каржылоонун көп бөлүгү аймактарга багытталууда, аймактарды өнүктүрүү саясатынын алкагында Талас, Нарын жана Баткен облустарында стартап-каржылоо боюнча өзүнчө ...

0 222

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн финансылык институттарын аймактарды өнүктүрүүнүн кыймылдаткычы болууга чакырды

20-август 2019, 16:53 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-августта, Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фондунун (РКӨФ) төрагасы Эркин Асрандиевди, «Кепилдик фонд» ААК төрагасы Малик Абакировду, «Айыл Банк» ААК төрагасы Бактыбек Шамкеевди жана «РСК Банк» ААК төрагасы Азизбек Оморкуловду кабыл алды. Өлкөнүн финансы институттарынын жетекчилери 2019-жылдын 7 айынын ичинде долбоорлорду каржылоонун көлөмү жана жеңилдетилген насыяларды берүү жөнүндө маалыматты беришти. Атап айтканда, РКӨФ 7 айда 4,5 ...

0 967

31 калктуу конуштарына айыл статусу берилди

19-август 2019, 17:57 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош жана Талас облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2019-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Аталган мыйзамдын максаты — айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү, анын ичинде: Баткен областы: — Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен ...

0 314

Президент Сооронбай Жээнбеков: «Манас айылы» борбор калаанын маданий дөөлөтү боло алат

16-август 2019, 17:57 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы «Манас айылы» маданий-этнографиялык комплекстин абалы менен таанышты. Комплекске барганда, Президент туура башкаруу жана каражаттарды тартууда «Манас айылы» Бишкек шаарынын маданий дөөлөтү боло алаарына ишенимин билдирди. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов «Манас айылын» жаңы форматта калыбына келтирүү боюнча кызматташууга жергиликтүү инвесторлор кызыгып жатканын билдирди. Ал «Манас айылы» Кыргыз Републикасынын Маданият, маалымат ...

0 131

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит менен жолугушту

16-август 2019, 12:38 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын ишкердик иштин субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адам (Бизнес-акыйкатчы) Робин Орд-Смит менен жолугушту. Өкмөт башчы Робин-Орд-Смитти жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, коюлган милдеттерге жетишүүгө ийгилик каалады. Анын айтымында, Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы мурдагы элчиси, башка жооптуу кызматтарда тажрыйбасы бар Робин-Орд-Смиттин Бизнес-акыйкатчы кызматына талапкерлиги – бул бизнес-коомчулук жана ...

0 274

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

15-август 2019, 17:31 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу« Мыйзамдын макулдашылган вариантына кол койду. Мыйзам 2019-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Аталган мыйзамдын максаты — жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдарынын ченемдерин жакшыртуу. Мыйзам төмөндөгү маселелерди чечүүнү караштырат: — жергиликтүү өз ...

0 218

Президент Сооронбай Жээнбеков: "Атамекендик товарларды чет өлкөлөрдүн рынокторуна чыгаруу – маморгандар менен бизнестин биргелешкен милдети"

15-август 2019, 15:16 Кызгалдак Жакыпова

«Атамекендик товарларды чет өлкөлөрдүн рынокторуна чыгаруу — маморгандар менен бизнестин биргелешкен милдети», — деп белгиледи  Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-августта «Бишкек» Эркин экономикалык аймагына барып, экспортко багыт алган бир катар атамекендик ишканалардын иши менен таанышканда. Мамлекет башчысы өндүрүштүк процессти, чыгарылган пролукцияларды көрүп, алардын жетекчилигинин көйгөйлөрүн укту. «Салкын» ЖЧКсынын байпак өндүрүү боюнча ишканасынын жетекчиси бул ишканага 20 миллион ...

0 136

Банктык аманаттарды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди

15-август 2019, 08:49 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2019-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты контракттык турак жай-сактык каражаттар системасынын катышуучуларынын турак жай-сактык аманаттарын (депозиттерин) милдеттүү коргоого алуу системасынын иши боюнча укуктук нормаларды түзүүгө багытталган. Аманаттарды (депозиттерди) коргоо системасы, гарантиялык учур ...

0 320

Президент Сооронбай Жээнбеков: "Турдакун Усубалиевдин өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымы баа жеткис"

13-август 2019, 17:24 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-августта, Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү менен кеңешме өткөрдү. Мамлекет башчысы Турдакун Усубалиевдин өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө болгон өзгөчө салымын белгиледи. «Турдакун Усубалиев өлкөнү жетектеген чейрек кылымдын ичинде Кыргызстанда көп өзгөрүүлөр болгон, агрардык өлкөдөн биз индустриалдык өлкөгө айландык. ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 342

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү

12-август 2019, 17:49 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, 12-августта, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки жана көп тараптуу кызматташуунун маселелерин жана буга чейинки макулдашуулардын ишке ашыруусун талкуулашты. Түркия Республикасынын башчысы кыргызстандыктарды жана Президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктап, тынчтык жана бакубатчылык каалады. Президент Сооронбай Жээнбеков дагы Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоганды ...

0 216

Палестина Президенти Махмуд Аббас Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады

11-август 2019, 11:19 Кызгалдак Жакыпова

Палестина Мамлекетинин Президенти Махмуд Аббас Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады. «Палестина Мамлекетинин, анын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан кирип келген Ийд Аль Адха майрамы менен чын жүрөктөн куттуктоо мен үчүн зор кубаныч тартуулайт. Биз улуу Алладан суранаарыбыз, Сизге жакшылык жана бакубатчылык, жалпы биздин улуу улуттарыбызга өсүп өнүгүүсү ыроолосун. Чын дилибизден чыккан ...

0 219

Алжир Президенти Абделкадер Бенсалах Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады

11-август 2019, 11:13 Кызгалдак Жакыпова

Алжир Демократиялык Республикасынын Президенти Абделкадер Бенсалах Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады. «Алжир элинин жана Өкмөтүнүн, жеке өзүмдүн атымдан кирип келген Эйд эль-Адха ыйык майрамы менен чын дилден чыккан куттуктоолорду жолдойм. Бул ыйык майрамда Сиздин өлкөңүздөгү боордош элге, ошондой эле жалпы ислам уммасына жакшылык жана Жараткандын колдоосун суранам. Сиздин жогорку урматыңызга бардык жакшылыктарды ...

0 195

Кувейт Эмири Сахаб-аль-Ахмад аль-Жабир аль-Сахаб Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады

11-август 2019, 11:11 Кызгалдак Жакыпова

Кувейт Эмири Сахаб-аль-Ахмад аль-Жабир аль-Сахаб Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады. «Сизди Курман айт майрамы менен чын жүрөгүмдөн куттуктаймын. Бул майрам дүйнөдөгү мусулман уммасына тынчтык, жакшылык жана бакубатчылык алып келишин Алла-Тааладан тилеймин. Сизге бекем ден соолук, Сиздин өлкөгө жана элиңизге мындан ары өнүгүп-өсүүнү каалаймын, " — деп айтылат Кувейт Эмиринин куттуктоосунда.  

0 195

Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти Бин Заед Аль Нахаян Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады

11-август 2019, 11:09 Кызгалдак Жакыпова

Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти Бин Заед Аль Нахаян Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады. «Сизди Иъйд Ал Адха (Курман айт) майрамы менен куттуктап, чын дилимден тилектеримди айтып жатканыма абдан кубанычтамын. Бул майрам Сизге бакыт, бекем ден соолук жана дос кыргыз элине жакшылык, гүлдөп өсүүнү, ошону менен бирге биздин араб жана ислам элине ...

0 222

Казакстандын туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады

11-август 2019, 11:08 Кызгалдак Жакыпова

Казакстан Республикасынын туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады. «Казакстан элинин атынан жана өз атымдан Сизди жана Кыргызстан элин ыйык Курман айт майрамы менен куттуктайм! Ыйык Курман айт майрамы молчулукту жана кайрымдуулукту алып келет, бүткүл адамзатты улуу дөөлөттөргө чакырат. Ыйык майрам Казакстан жана Кыргызстан элдеринин достугунун жана кызматташтыгынын уланышына ...

0 420

Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстандын элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады

11-август 2019, 11:06 Кызгалдак Жакыпова

Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстандын элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады. «Курман айт майрамына (Ид Аль — Адха Аль — Мубарак) байланыштуу менин чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жана эң жакшы каалоо-тилектеримди кабыл алып коюңуз. Илгертен тынчтык, биримдик, боорукерлик жана кайрымдуулук сыяктуу түбөлүктүү адамдык баалуулуктарды даңазалаган ыйык майрам бүт мусулман калкынын арасында өз ара ...

0 335

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады

11-август 2019, 11:05 Кызгалдак Жакыпова

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады. «Кыргыз жана өзбек элдеринин өзгөчө кубаныч менен тоскон, кылымдардан берки келе жаткан жаркын Курман айт майрамына байланыштуу Сизге өзүмдүн чын жүрөгүмдөн чыккан куттуктоолорумду жана жакшы каалоо-тилектеримди багыштоо мен үчүн ырахат алып келет. Жакында Бишкек шаарындагы биздин ачык жана достук маанайдагы сүйлөшүүлөрдүн ...

0 246

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады

11-август 2019, 10:54 Кызгалдак Жакыпова

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман  айт майрамы менен куттуктады.  «Сизди жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктайм! Кайрымдуулук, боорукердик жана  өз ара жардамдашуу сыяктуу бийик дөөлөттөргө чакырган бул ыйык майрам береке жана молчулук алып келсин. Курман айт биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достуктун жана өз ара ишенимдин салттарына негизденген  биримдиктин жана ...

0 564

Сүрөт - Президент Сооронбай Жээнбеков Курман айт күнү Бишкек шаарындагы мечиттердин бирине барды

11-август 2019, 10:52 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-августта, Курман айт майрамына байланыштуу Бишкек шаарынын борбордук мечитине барып, Айт намазга катышты.  

0 279

Президент Сооронбай Жээнбеков: "Коомубуздун ынтымагы бекем, ыйманы таза болуп, бардык кыргызстандыктарды жакшылык жылоолоп жүрсүн!"

11-август 2019, 10:50 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-августта, кыргызстандыктарды Курман Айт майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосун Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Досалы Эсеналиев Бишкек шаарынын эски аянтында Айт намаз учурунда окуду. Куттуктоонун тексти: "Урматтуу мекендештерим! Кадырлуу мусулман агайын туугандарым! Ар бириңиздерди ыйык Курман Айт майрамыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Бүгүн – Кудай Таала  өз пенделерине ыроологон  эң улуу ...

0 683

Догдурбек Нургазиев 64 жаш курагында дүйнөдөн кайтты

10-август 2019, 14:24 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз маданияты орду толгус жоготууга учурады. 2019-жылдын 9-августунда катуу оорудан кийин Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, профессор Догдурбек Нургазиев 64 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Нургазиев Догдурбек Бакасович 1955-жылы 28-мартта Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Чоң-Кызыл-Суу айылында туулган. 1978-жылы Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайын, 1985-жылы Москвадагы В. И. Суриков атындагы көркөм сүрөт институтун, 1997-жылы Көркөм сүрөт академиясынын аспирантурасын бүтүргөн. Догдурбек Нургазиев Кыргызстандын ...

0 245

Кыргызстандын жана Түркиянын Өкмөттөрүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында кызматташтык жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

09-август 2019, 16:40 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 20-июнунда кабыл алынган. Аталган Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте түрк тарапка көрсөтүлгөн Макулдашуунун ...

0 305

Кыргызстандын жана Түркмөнстандын Өкмөттөрүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында кызматташтык жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

09-август 2019, 16:10 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 23-августунда Ашхабад шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстандын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 20-июнунда кабыл алынган. Аталган Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте түркмөн тарапка көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө ...

0 181

Президент Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБ Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин делегация башчылары менен жолугушту

09-август 2019, 16:06 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-августта, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында ЕАЭБ Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин делегация башчылары менен жолугушту. Мамлекет башчысы Кыргызстанга келген Өкмөт башчылары менен учурашып, баарын Биримдик жөнүндө Келишимге кол коюунун 5 жылдыгы жана евразиялык интеграция идеясынын 25 жылдыгы менен куттуктады. «Бул мезгилдин ичинде ЕврАзЭБ күчтүү жана натыйжалуу интеграциялык бирикме болуп калды. Товарларды, кызмат көрсөтүүнү, капиталды ...

0 208

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолугушту

09-август 2019, 11:24 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-августта, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргызстанга Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келген Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушту. Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр кезинде Дмитрий Медведев менен сүйлөшүүлөр жана жолугушуулар жылуу маанайда эсте калганын белгиледи. «Мен ар дайым Сиздин колдооңузду сезчүмүн. Кыргызстанда Сизди соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык өнүгүүгө кыйла салым кошкон ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 957

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө Жарлыкка кол коюлду

09-август 2019, 11:22 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө Жарлыгына кол койду. Жергиликтүү кеңеш тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы шайланбагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын  64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  49-беренесинин 6-бөлүгүн жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз ...

0 548

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу cүйлөштү

08-август 2019, 18:36 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, 8-августта, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу cүйлөштү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар учурдагы актуалдуу маселелерди жана алдыдагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын алкагында боло турчу иш-чараларды талкуулашты.

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83