www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Расмий кабарлар
0 228

Палестина Президенти Махмуд Аббас Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады

11-август 2019, 11:19 Кызгалдак Жакыпова

Палестина Мамлекетинин Президенти Махмуд Аббас Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады. «Палестина Мамлекетинин, анын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан кирип келген Ийд Аль Адха майрамы менен чын жүрөктөн куттуктоо мен үчүн зор кубаныч тартуулайт. Биз улуу Алладан суранаарыбыз, Сизге жакшылык жана бакубатчылык, жалпы биздин улуу улуттарыбызга өсүп өнүгүүсү ыроолосун. Чын дилибизден чыккан ...

0 229

Алжир Президенти Абделкадер Бенсалах Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады

11-август 2019, 11:13 Кызгалдак Жакыпова

Алжир Демократиялык Республикасынын Президенти Абделкадер Бенсалах Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады. «Алжир элинин жана Өкмөтүнүн, жеке өзүмдүн атымдан кирип келген Эйд эль-Адха ыйык майрамы менен чын дилден чыккан куттуктоолорду жолдойм. Бул ыйык майрамда Сиздин өлкөңүздөгү боордош элге, ошондой эле жалпы ислам уммасына жакшылык жана Жараткандын колдоосун суранам. Сиздин жогорку урматыңызга бардык жакшылыктарды ...

0 204

Кувейт Эмири Сахаб-аль-Ахмад аль-Жабир аль-Сахаб Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады

11-август 2019, 11:11 Кызгалдак Жакыпова

Кувейт Эмири Сахаб-аль-Ахмад аль-Жабир аль-Сахаб Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады. «Сизди Курман айт майрамы менен чын жүрөгүмдөн куттуктаймын. Бул майрам дүйнөдөгү мусулман уммасына тынчтык, жакшылык жана бакубатчылык алып келишин Алла-Тааладан тилеймин. Сизге бекем ден соолук, Сиздин өлкөгө жана элиңизге мындан ары өнүгүп-өсүүнү каалаймын, " — деп айтылат Кувейт Эмиринин куттуктоосунда.  

0 209

Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти Бин Заед Аль Нахаян Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады

11-август 2019, 11:09 Кызгалдак Жакыпова

Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти Бин Заед Аль Нахаян Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады. «Сизди Иъйд Ал Адха (Курман айт) майрамы менен куттуктап, чын дилимден тилектеримди айтып жатканыма абдан кубанычтамын. Бул майрам Сизге бакыт, бекем ден соолук жана дос кыргыз элине жакшылык, гүлдөп өсүүнү, ошону менен бирге биздин араб жана ислам элине ...

0 235

Казакстандын туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады

11-август 2019, 11:08 Кызгалдак Жакыпова

Казакстан Республикасынын туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады. «Казакстан элинин атынан жана өз атымдан Сизди жана Кыргызстан элин ыйык Курман айт майрамы менен куттуктайм! Ыйык Курман айт майрамы молчулукту жана кайрымдуулукту алып келет, бүткүл адамзатты улуу дөөлөттөргө чакырат. Ыйык майрам Казакстан жана Кыргызстан элдеринин достугунун жана кызматташтыгынын уланышына ...

0 437

Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстандын элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады

11-август 2019, 11:06 Кызгалдак Жакыпова

Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстандын элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады. «Курман айт майрамына (Ид Аль — Адха Аль — Мубарак) байланыштуу менин чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жана эң жакшы каалоо-тилектеримди кабыл алып коюңуз. Илгертен тынчтык, биримдик, боорукерлик жана кайрымдуулук сыяктуу түбөлүктүү адамдык баалуулуктарды даңазалаган ыйык майрам бүт мусулман калкынын арасында өз ара ...

0 347

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады

11-август 2019, 11:05 Кызгалдак Жакыпова

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады. «Кыргыз жана өзбек элдеринин өзгөчө кубаныч менен тоскон, кылымдардан берки келе жаткан жаркын Курман айт майрамына байланыштуу Сизге өзүмдүн чын жүрөгүмдөн чыккан куттуктоолорумду жана жакшы каалоо-тилектеримди багыштоо мен үчүн ырахат алып келет. Жакында Бишкек шаарындагы биздин ачык жана достук маанайдагы сүйлөшүүлөрдүн ...

0 257

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады

11-август 2019, 10:54 Кызгалдак Жакыпова

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман  айт майрамы менен куттуктады.  «Сизди жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктайм! Кайрымдуулук, боорукердик жана  өз ара жардамдашуу сыяктуу бийик дөөлөттөргө чакырган бул ыйык майрам береке жана молчулук алып келсин. Курман айт биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достуктун жана өз ара ишенимдин салттарына негизденген  биримдиктин жана ...

0 575

Сүрөт - Президент Сооронбай Жээнбеков Курман айт күнү Бишкек шаарындагы мечиттердин бирине барды

11-август 2019, 10:52 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-августта, Курман айт майрамына байланыштуу Бишкек шаарынын борбордук мечитине барып, Айт намазга катышты.  

0 290

Президент Сооронбай Жээнбеков: "Коомубуздун ынтымагы бекем, ыйманы таза болуп, бардык кыргызстандыктарды жакшылык жылоолоп жүрсүн!"

11-август 2019, 10:50 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-августта, кыргызстандыктарды Курман Айт майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосун Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Досалы Эсеналиев Бишкек шаарынын эски аянтында Айт намаз учурунда окуду. Куттуктоонун тексти: "Урматтуу мекендештерим! Кадырлуу мусулман агайын туугандарым! Ар бириңиздерди ыйык Курман Айт майрамыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Бүгүн – Кудай Таала  өз пенделерине ыроологон  эң улуу ...

0 719

Догдурбек Нургазиев 64 жаш курагында дүйнөдөн кайтты

10-август 2019, 14:24 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз маданияты орду толгус жоготууга учурады. 2019-жылдын 9-августунда катуу оорудан кийин Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, профессор Догдурбек Нургазиев 64 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Нургазиев Догдурбек Бакасович 1955-жылы 28-мартта Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Чоң-Кызыл-Суу айылында туулган. 1978-жылы Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайын, 1985-жылы Москвадагы В. И. Суриков атындагы көркөм сүрөт институтун, 1997-жылы Көркөм сүрөт академиясынын аспирантурасын бүтүргөн. Догдурбек Нургазиев Кыргызстандын ...

0 253

Кыргызстандын жана Түркиянын Өкмөттөрүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында кызматташтык жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

09-август 2019, 16:40 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 20-июнунда кабыл алынган. Аталган Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте түрк тарапка көрсөтүлгөн Макулдашуунун ...

0 314

Кыргызстандын жана Түркмөнстандын Өкмөттөрүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында кызматташтык жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

09-август 2019, 16:10 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 23-августунда Ашхабад шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстандын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 20-июнунда кабыл алынган. Аталган Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте түркмөн тарапка көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө ...

0 193

Президент Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБ Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин делегация башчылары менен жолугушту

09-август 2019, 16:06 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-августта, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында ЕАЭБ Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин делегация башчылары менен жолугушту. Мамлекет башчысы Кыргызстанга келген Өкмөт башчылары менен учурашып, баарын Биримдик жөнүндө Келишимге кол коюунун 5 жылдыгы жана евразиялык интеграция идеясынын 25 жылдыгы менен куттуктады. «Бул мезгилдин ичинде ЕврАзЭБ күчтүү жана натыйжалуу интеграциялык бирикме болуп калды. Товарларды, кызмат көрсөтүүнү, капиталды ...

0 219

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолугушту

09-август 2019, 11:24 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-августта, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргызстанга Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келген Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушту. Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр кезинде Дмитрий Медведев менен сүйлөшүүлөр жана жолугушуулар жылуу маанайда эсте калганын белгиледи. «Мен ар дайым Сиздин колдооңузду сезчүмүн. Кыргызстанда Сизди соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык өнүгүүгө кыйла салым кошкон ...

0 968

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө Жарлыкка кол коюлду

09-август 2019, 11:22 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө Жарлыгына кол койду. Жергиликтүү кеңеш тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы шайланбагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын  64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  49-беренесинин 6-бөлүгүн жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 569

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу cүйлөштү

08-август 2019, 18:36 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, 8-августта, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу cүйлөштү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар учурдагы актуалдуу маселелерди жана алдыдагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын алкагында боло турчу иш-чараларды талкуулашты.

0 401

Президент Сооронбай Жээнбеков: Атамбаев тарабынан ок атуучу курал колдонулганына карабай, атайын күчтөр аягына чейин ок чыгарган жок

08-август 2019, 18:20 Кызгалдак Жакыпова

«Атамбаев тарабынан ок атуучу курал колдонулганына карабай, атайын күчтөр аягына чейин ок чыгарган жок», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-августта, Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында. Мамлекет башчысы абалды курчутпоого чаралар көрүлгөнүн өзгөчө белгиледи. «Кан төгүлбөсүн деп желим ок колдонулду. Бийликтин кадыр-баркы төгүлсө да, мекендештерибиздин каны төгүлбөсүн дедик», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков. Президент айтылган фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, ...

0 368

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү

08-август 2019, 15:16 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-августта, КР Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Мамлекет башчысы белгилегендей, Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарынын талаптарын одоно түрдө четке кагып, тергөө иштерин мыйзам алкагында аткарууга катуу куралчан каршылык көрсөткөн.  Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Кыргыз Республикасы укуктук мамлекет. Мамлекеттин милдети — бардык жарандар мыйзамдын талаптарын кынтыксыз сактоосун камсыз кылуу. Мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө ...

0 2385

Казакстандын Президенти Касым – Жоомарт Токаев Кыргызстандагы абалга көз салууда

08-август 2019, 13:28 Кызгалдак Жакыпова

Казакстандын Президенти Касым –Жоомарт Токаев Кыргызстандагы абалга абай салып турат. Бул тууралуу маалыматты Казакстандын мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Берик Улан өзүнүн социалдык тармагына жазып чыкты.   “Казакстандын Президенти Кыргызстандагы болуп жаткан окуяга кылдаттык менен көз салып жатат. Мамлекет башчысы кошуна мамлекеттеги болуп жаткан окуя Кыргыз Республикасынын ички иши деп билдирди. Касым-Жоомарт Токаев кырдаал мыйзам чегинде кырдаал жөнгө салынаарына ...

0 3297

ЧУКУЛ КАБАР: Президент Сооронбай Жээнбеков 8-августта Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт

08-август 2019, 00:55 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 7-августта өзүнүн кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн токтотуп, Бишкек шаарына жөнөп кеткен. Мамлекет башчысы азыр Бишкек шаарында. 8-августта, эртең менен Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт. Булак: NazarNews.kg

0 242

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

07-август 2019, 17:01 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына („Күрөө жөнүндө“, „Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 12-июнунда кабыл алынган. Аталган Мыйзамдын максаты — турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин түзүү жана ишке ашыруу үчүн ченемдик укуктук негиздерин түзүү. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн ...

0 171

"Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

06-август 2019, 20:10 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2019-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Ушул Мыйзамдын максаты топтолмо пенсиялык фонддор чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү жолу менен топтолмо пенсиялык фонддордун рыногун өнүктүрүү болуп саналат. Алсак, Мыйзамда каралат: — акционердик коом түрүндөгү ...

0 599

Жерди пайдалануу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

06-август 2019, 17:51 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Жерди пайдалануу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 20-июнунда кабыл алынган. Мыйзамдын максаты байланыш курулмаларын жайгаштыруу үчүн жер участокторун алуу жана аны жөнөкөйлөтүү тартиби менен байланышкан учурдагы көйгөйлөрдү чечүү болуп саналат. Бүгүнкү күндө маалыматташтыруу чөйрөсүндөгү жана электр байланыш тармагындагы башка ...

0 339

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөр киргизилди

05-август 2019, 15:45 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Жарлыкка кол койду. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө» Жарлыгына төмөнкү ...

0 270

Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнөн запаска бошотуу, мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө Жарлыкка кол коюлду

05-август 2019, 11:21 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2019-жылдын сентябрь-ноябрында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Жарлыкта «Коргоо жана Кыргыз Республикасынын ...

0 351

Сүрөт - КР Президентинин алдындагы Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин биринчи жыйналышы

02-август 2019, 17:24 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, 2-августта, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин биринчи жыйналышы болуп өттү. Кеңеш Президент Сооронбай Жээнбековдун 2018-жылдын 19-ноябрындагы Жарлыгы менен түзүлгөн, аны түзүү чечими «Мекендештер-2018» Мекендештердин форумунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган. Кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү жана Россия, Казакстан, Түркия, Катар, Түштүк Корея, АКШ, Украина, БАЭдеги мекендештер ...

0 316

2018-жылы мекендештер, эмгек мигранттары жана жергиликтүү ишкерлер Кыргызстандын аймактарынын өнүгүүсүнө 6,1 млрд. сом салым кошушту

02-август 2019, 13:22 Кызгалдак Жакыпова

«2018-жылы мекендештер, эмгек мигранттары жана жергиликтүү ишкерлер Кыргызстандын аймактарынын өнүгүүсүнө 6,1 млрд. сом салым кошушту», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-августта, Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин биринчи жыйналышында. Бул каражаттар төмөнкү максаттарга багытталган: — 374 өндүрүш жана кайра иштетүүчү ишканалар; — 373 социалдык объекттер курулуп, оңдолгон. — 170 километрден ашык жол оңдолгон; — 96 ичүүчү суу түтүктөрү ...

0 218

Сооронбай Жээнбеков: "Биздин мекендештерибиздин өлкөнүн өнүгүүсүнө кошо турган мүмкүнчүлүгү абдан жогору"

02-август 2019, 12:48 Кызгалдак Жакыпова

«Биздин мекендештерибиздин өлкөнүн өнүгүүсүнө кошо турган мүмкүнчүлүгү абдан жогору», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-августта, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин биринчи жыйналышында. Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү: «Урматтуу Кеңештин катышуучулары! Ардактуу мекендештерим! Ата-Журтубузга — керемет Кыргызстаныбызга кош келиңиздер! Алыстан ат арытып келгениңиздерге кубанычтабыз. "Туулган жердин топурагы алтын" дейт элибиз. "Мекеним" дегенде ...

0 220

Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын Премьер-министри менен жолугушту

01-август 2019, 17:09 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-августта, Кыргызстанга иш сапары менен келген Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Ариповду кабыл алды. Жолугушууда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, анын ичинде чек ара, энергетика, аймактар жана парламенттер аралык кызматташуу маселелери талкууланды. Сооронбай Жээнбеков кыргыз-өзбек кызматташтыгын тереңдетүү өлкөнүн тышкы саясаты үчүн дайыма артыкчылыктуу багыт катары караларын билдирди. Президент бардык тиешелүү ...

0 209

Данияр Иманалиев: "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө Мыйзам жеке сектор үчүн тоскоолдуктарды кыскартат"

01-август 2019, 15:43 Кызгалдак Жакыпова

«Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) жөнүндө Мыйзам жеке сектор үчүн тоскоолдуктарды кыскартат», — деп баса белгиледи КР Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев кечээ Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тарабынан кол коюлган «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына комментарий берип жатып. Данияр Иманалиев өзгөртүүлөр жеке өнөктөштү тандоо процедурасы жана ошондой эле долбоорлорду кароо мөөнөттөрүн оптимизациялоого таандык болорун ...

0 321

"Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш жөнүндө" Жарлыкка өзгөртүүлөр киргизилди

01-август 2019, 11:49 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 19-ноябрындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Жарлыкка кол койду. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарындагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу токтом кылынат: »Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 232 Жарлыгына төмөнкүдөй ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 137

Сооронбай Жээнбеков: "Биз алдыбызга 2024-жылга чейин өлкөнүн бардык аймактарын таза суу менен камсыз кылабыз деген милдетти койгонбуз"

31-июль 2019, 19:22 Кызгалдак Жакыпова

«2024-жылга чейин Кыргызстандын бардык аймактарын таза суу менен камсыз кылабыз деген милдетти койгонбуз. Ошонун үстүндө иштеп жатабыз», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-июлда, Чүй облусунун Панфилов районундагы Панфилов айылында элетти таза суу менен камсыз кылууну туруктуу өнүктүрүү долбоорун ишке киргизүү аземинде. Мамлекет башчысы калктуу пункттарды таза суу менен камсыз кылуу бүгүн курч көйгөйлөрдүн бири экенин, ...

0 181

Сооронбай Жээнбеков: "Атамбаевдин иши Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында чечилүүгө тийиш"

31-июль 2019, 19:16 Кызгалдак Жакыпова

«Атамбаевдин иши Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында чечилүүгө тийиш», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-июлда, Чүй облусунун Панфилов районунун жашоочулары менен болгон жолугушууда, элдин суроосуна жооп берип жатып. «Учурда кыргызстандыктарды мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тегерегиндеги кырдаалга карата менин көз карашым кызыктыраарын билем. Анын айланасындагы акыркы окуялар, күбө катары суракка чакырылып жатканы — бул мыйзам ченемдүү көрүнүш деп ...

0 158

Данияр Иманалиев: "Бизде жыл сайын электр энергиясын колдонуу көбөйүп жатат"

31-июль 2019, 14:51 Кызгалдак Жакыпова

«Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү инвестициялык ишмердик үчүн  жагымдуу шарттарды түзүүнү карайт, анткени инвесторлор үчүн айырмачылыгын толуктап берүү коэфициенттери кайрадан каралып чыкты», — деп белгиледи КР Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев кечээ Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон «Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү ...

0 146

Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун Панфилов районунун жашоочулары менен жолугушууда

31-июль 2019, 12:33 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарына болгон өзүнүн сапарын улантууда. Бүгүн, 31-июлда Мамлекет башчысы Чүй облусунда жумушчу сапары менен болуп, Панфилов районунун жашоочулары менен жолугушууда. Сооронбай Жээнбеков  аймактарды өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча кыскача айтып берип, аймактарда ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттар түзүп жаткандыгын белгиледи. Президент ишкердик үчүн берилген жеңилдиктер, өлкөнүн экспорттук дараметин арттыруу, каржы институттары тарабынан ...

0 328

КР Салык кодексине өзгөртүлөр киргизилди

30-июль 2019, 17:53 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 26 - июнунда кабыл алынган. Аталган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Салык кодекси 2515 - берене менен толукталды, ага ылайык жеке менчик медициналык уюмдар тарабынан бөйрөктүн терминалдык баскычтагы өнөкөт жетишсиздиги бар адамдарга гемодиализ кызматтарын көрсөтүү берими КНСтен  (кошумча ...

0 620

«Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

29-июль 2019, 19:30 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 26-июнунда кабыл алынган. Бул Мыйзам алименттик милдеттенмелер боюнча карызкорлордун айрым маселелерин жөнгө салуу жолу менен эне жана бала институтун коргоого багытталган. Тактап айтканда, алименттик милдеттенмелер боюнча карызкорлор тууралуу ...

0 178

«Атаандаштык жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

29-июль 2019, 19:28 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 12-июнунда кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын жакшыртуу, ошондой эле анын ченемдерин Евразия экономикалык бирлигинин «Атаандаштык жөнүндө» Моделдик мыйзамына шайкеш келтирүү максатында кабыл алынган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 22-июлундагы № 116 «Атаандаштык жөнүндө» Мыйзамына айрым өзгөртүүлөр жана ...

0 266

Сооронбай Жээнбеков «Комуз күнү жөнүндө» Жарлыкка кол койду

29-июль 2019, 14:29 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Комуз күнү жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Жогорку технологиялар ылдам өскөн шарттарда улуттук маданиятты сактап калуу мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун ишинин маанилүү багыттарынын бири болуп эсептелет. Улуттук маданият коомду андан ары консолидациялоо жана Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөө үчүн шарттарды түзөт. Кыргыз элинин руханий маданиятынын ажырагыс бөлүгү катары салттуу музыканы комузсуз элестетүү мүмкүн эмес. Комуз ...

0 210

«Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду

29-июль 2019, 13:48 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Мыйзамга кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 19-июнунда кабыл алынган. Аталган Мыйзамдын максаты — укук колдонуу практикасын эске алуу менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (мындан ары — МЖӨ) жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жакшыртуу, ошондой эле МЖӨ долбоорлорун даярдоо процессинде жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана мөөнөттөрдү кыскартуу.  Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып ...

0 350

Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмондун Кыргызстанга иш сапары жыйынтыкталды

28-июль 2019, 13:46 Кызгалдак Жакыпова

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 28-июлда өзүнүн иш сапарын жыйынтыктап, Кыргызстандан учуп кетти. «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан Эмомали Рахмонду Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков узатты. Эске салсак, Тажикстандын Исфара шаарындагы сүйлөшүүлөрдөн кийин мамлекет башчылары сүйлөшүүлөрдү Ысык-Көл облусунун Чолпон - Ата шаарында улантышты. Эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелери, анын ичинде мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесси талкууланды.

0 438

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан жана Россия жаш лидерлери Форумунун катышуучулары менен жолугушту

28-июль 2019, 12:50 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-июлда Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан жана Россия жаш лидерлери Форумунун катышуучулары менен жолугушуп, алар менен эркин маектешти. Мамлекет башчысы Россия Президенти Владимир Путиндин 2019-жылдын март айындагы Кыргызстанга визитин, анда эки тараптуу кызматташтыктын көп маселелери, анын ичинде Кыргызстан жана Россия жаштарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси да талкууланганын эске салды. Президент жаш лидерлердин Форуму эки өлкөнүн ...

0 351

Сүрөт – Тажикстан Президенти Эмомали Рахмондун Кыргызстанга иш сапары

27-июль 2019, 14:54 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу боюнча кечээ, 26-июлда Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарына иш сапары менен келди. Ысык-Көл облусундагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда Эмомали Рахмонду Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Сүйлөшүүлөрдү жалгаштыруу менен мамлекеттер башчылары эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана кеңейтүүгө эки жактын тең даяр экендигин билдиришти, Кыргызстан менен Тажикстандын өз ара ...

0 244

Президент Сооронбай Жээнбековдун Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрү Чолпон-Ата шаарында уланды

27-июль 2019, 12:04 Кызгалдак Жакыпова

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун жана Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун сүйлөшүүлөрү уланды. Сооронбай Жээнбеков меймандос кыргыз жеринде, Кыргызстандын бермети Ысык-Көлдүн жээгинде Эмомали Рахмон менен жылуу учурашты. «Сиздин келишиңиз өз ара пайдалуу кызматташтыкты активдештирүүгө кошумча түрткү болот. Өз ара толук түшүнүүнүн жана ишенимдин кырдаалында өткөн  кечээги сүйлөшүүлөргө биз канааттандык», — деп белгилеп, Сооронбай Жээнбеков анын ...

0 247

Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди

26-июль 2019, 19:23 Кызгалдак Жакыпова

Тажикстан Республикасынын Президенти  Эмомали Рахмон бүгүн,  26-июлда Кыргызстанга иш сапары менен келди. Ысык-Көл облусундагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда Эмомали Рахмонду Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп чыкты. Эртең, 27-июлда Чолпон-Ата шаарында эки тараптуу кызматташтыктын бардык маселелери, анын ичинде чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча сүйлөшүүлөр уланат. Эске салсак, бүгүн Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу ...

0 275

Жээнбеков: "Кыргызстандын жана Тажикстандын бир тууган элдери илгертен эле тынчтыкта жана ынтымакта жашап келген жана бүгүн да жашап жатышат"

26-июль 2019, 15:46 Кызгалдак Жакыпова

«Кыргызстандын жана Тажикстандын бир тууган элдери илгертен эле тынчтыкта жана ынтымакта жашап келген жана бүгүн да жашап жатышат», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн,  26-июлда кыска мөөнөттүү иш сапарынын алкагында Тажикстандын Исфара шаарында Тажикстан Республикасынын Президенти  Эмомали Рахмон менен жолугушууда.  Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү жолугушууну тарыхый жолугушуу катары баалай турганын белгиледи. «Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекет башчылары эгемендик жылдары ичинде ...

0 279

Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон жолугушту

26-июль 2019, 11:51 Айдар Нуралиев

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 26-июлда Ак-Сай менен Ворух айылынын чек арасында жолугушуп, чек арага жакын жайгашкан айылдын элдери менен сүйлөшүштү. Бул тууралуу Азаттык билдирди. Президенттин басма сөз кызматы эки өлкөнүн башчыларынын жолугушуусу Исфара шаарында, андан соң Чолпон-Ата шаарында уланарын билдирди. Мунун алдында Сооронбай Жээнбеков Баткен облусунун Ак-Сай айылында жергиликтүү тургундар менен жолугуп, чек ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 284

Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү соттордун укугу тууралуу Жарлыка кол койду

25-июль 2019, 18:26 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо жана аларды Жалал-Абад, Ош, Талас облустук сотторуна жана Бишкек шаардык сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө Жарлыктарга кол койду. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши тарабынан КР Жогорку сотуна 1, Жалал-Абад облустук сотуна — 1, Ош облустук сотуна — 3, Нарын  облустук сотуна ...

0 824

Дамир Сагынбаев: "Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал Президент Сооронбай Жээнбековдун көзөмөлүндө турат"

25-июль 2019, 16:30 Кызгалдак Жакыпова

«Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал Президент Сооронбай Жээнбековдун көзөмөлүндө турат», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бүгүн, 25-июлда Мамлекет башчысынын жетекчилиги астында өткөн чек ара коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралар тууралуу жумушчу кеңешменин жыйынтыгында. Дамир Сагынбаев азыркы учурда Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдары окуянын себептерин бирге иликтөө, жаңжалдын чыгышына күнөөлүүлөрдү аныктоо, келечекте чек арада чыр-чатактарга ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83