www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Расмий кабарлар
0 3300

ЧУКУЛ КАБАР: Президент Сооронбай Жээнбеков 8-августта Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт

08-август 2019, 00:55 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 7-августта өзүнүн кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн токтотуп, Бишкек шаарына жөнөп кеткен. Мамлекет башчысы азыр Бишкек шаарында. 8-августта, эртең менен Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт. Булак: NazarNews.kg

0 246

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

07-август 2019, 17:01 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына („Күрөө жөнүндө“, „Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 12-июнунда кабыл алынган. Аталган Мыйзамдын максаты — турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин түзүү жана ишке ашыруу үчүн ченемдик укуктук негиздерин түзүү. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн ...

0 175

"Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

06-август 2019, 20:10 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2019-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Ушул Мыйзамдын максаты топтолмо пенсиялык фонддор чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү жолу менен топтолмо пенсиялык фонддордун рыногун өнүктүрүү болуп саналат. Алсак, Мыйзамда каралат: — акционердик коом түрүндөгү ...

0 601

Жерди пайдалануу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

06-август 2019, 17:51 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Жерди пайдалануу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 20-июнунда кабыл алынган. Мыйзамдын максаты байланыш курулмаларын жайгаштыруу үчүн жер участокторун алуу жана аны жөнөкөйлөтүү тартиби менен байланышкан учурдагы көйгөйлөрдү чечүү болуп саналат. Бүгүнкү күндө маалыматташтыруу чөйрөсүндөгү жана электр байланыш тармагындагы башка ...

0 347

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөр киргизилди

05-август 2019, 15:45 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Жарлыкка кол койду. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө» Жарлыгына төмөнкү ...

0 274

Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнөн запаска бошотуу, мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө Жарлыкка кол коюлду

05-август 2019, 11:21 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2019-жылдын сентябрь-ноябрында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Жарлыкта «Коргоо жана Кыргыз Республикасынын ...

0 354

Сүрөт - КР Президентинин алдындагы Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин биринчи жыйналышы

02-август 2019, 17:24 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, 2-августта, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин биринчи жыйналышы болуп өттү. Кеңеш Президент Сооронбай Жээнбековдун 2018-жылдын 19-ноябрындагы Жарлыгы менен түзүлгөн, аны түзүү чечими «Мекендештер-2018» Мекендештердин форумунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган. Кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү жана Россия, Казакстан, Түркия, Катар, Түштүк Корея, АКШ, Украина, БАЭдеги мекендештер ...

0 319

2018-жылы мекендештер, эмгек мигранттары жана жергиликтүү ишкерлер Кыргызстандын аймактарынын өнүгүүсүнө 6,1 млрд. сом салым кошушту

02-август 2019, 13:22 Кызгалдак Жакыпова

«2018-жылы мекендештер, эмгек мигранттары жана жергиликтүү ишкерлер Кыргызстандын аймактарынын өнүгүүсүнө 6,1 млрд. сом салым кошушту», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-августта, Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин биринчи жыйналышында. Бул каражаттар төмөнкү максаттарга багытталган: — 374 өндүрүш жана кайра иштетүүчү ишканалар; — 373 социалдык объекттер курулуп, оңдолгон. — 170 километрден ашык жол оңдолгон; — 96 ичүүчү суу түтүктөрү ...

0 222

Сооронбай Жээнбеков: "Биздин мекендештерибиздин өлкөнүн өнүгүүсүнө кошо турган мүмкүнчүлүгү абдан жогору"

02-август 2019, 12:48 Кызгалдак Жакыпова

«Биздин мекендештерибиздин өлкөнүн өнүгүүсүнө кошо турган мүмкүнчүлүгү абдан жогору», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-августта, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин биринчи жыйналышында. Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү: «Урматтуу Кеңештин катышуучулары! Ардактуу мекендештерим! Ата-Журтубузга — керемет Кыргызстаныбызга кош келиңиздер! Алыстан ат арытып келгениңиздерге кубанычтабыз. "Туулган жердин топурагы алтын" дейт элибиз. "Мекеним" дегенде ...

0 221

Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын Премьер-министри менен жолугушту

01-август 2019, 17:09 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-августта, Кыргызстанга иш сапары менен келген Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Ариповду кабыл алды. Жолугушууда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, анын ичинде чек ара, энергетика, аймактар жана парламенттер аралык кызматташуу маселелери талкууланды. Сооронбай Жээнбеков кыргыз-өзбек кызматташтыгын тереңдетүү өлкөнүн тышкы саясаты үчүн дайыма артыкчылыктуу багыт катары караларын билдирди. Президент бардык тиешелүү ...

0 211

Данияр Иманалиев: "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө Мыйзам жеке сектор үчүн тоскоолдуктарды кыскартат"

01-август 2019, 15:43 Кызгалдак Жакыпова

«Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) жөнүндө Мыйзам жеке сектор үчүн тоскоолдуктарды кыскартат», — деп баса белгиледи КР Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев кечээ Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тарабынан кол коюлган «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына комментарий берип жатып. Данияр Иманалиев өзгөртүүлөр жеке өнөктөштү тандоо процедурасы жана ошондой эле долбоорлорду кароо мөөнөттөрүн оптимизациялоого таандык болорун ...

0 323

"Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш жөнүндө" Жарлыкка өзгөртүүлөр киргизилди

01-август 2019, 11:49 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 19-ноябрындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Жарлыкка кол койду. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарындагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу токтом кылынат: »Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 232 Жарлыгына төмөнкүдөй ...

0 146

Сооронбай Жээнбеков: "Биз алдыбызга 2024-жылга чейин өлкөнүн бардык аймактарын таза суу менен камсыз кылабыз деген милдетти койгонбуз"

31-июль 2019, 19:22 Кызгалдак Жакыпова

«2024-жылга чейин Кыргызстандын бардык аймактарын таза суу менен камсыз кылабыз деген милдетти койгонбуз. Ошонун үстүндө иштеп жатабыз», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-июлда, Чүй облусунун Панфилов районундагы Панфилов айылында элетти таза суу менен камсыз кылууну туруктуу өнүктүрүү долбоорун ишке киргизүү аземинде. Мамлекет башчысы калктуу пункттарды таза суу менен камсыз кылуу бүгүн курч көйгөйлөрдүн бири экенин, ...

0 184

Сооронбай Жээнбеков: "Атамбаевдин иши Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында чечилүүгө тийиш"

31-июль 2019, 19:16 Кызгалдак Жакыпова

«Атамбаевдин иши Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында чечилүүгө тийиш», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-июлда, Чүй облусунун Панфилов районунун жашоочулары менен болгон жолугушууда, элдин суроосуна жооп берип жатып. «Учурда кыргызстандыктарды мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тегерегиндеги кырдаалга карата менин көз карашым кызыктыраарын билем. Анын айланасындагы акыркы окуялар, күбө катары суракка чакырылып жатканы — бул мыйзам ченемдүү көрүнүш деп ...

0 160

Данияр Иманалиев: "Бизде жыл сайын электр энергиясын колдонуу көбөйүп жатат"

31-июль 2019, 14:51 Кызгалдак Жакыпова

«Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү инвестициялык ишмердик үчүн  жагымдуу шарттарды түзүүнү карайт, анткени инвесторлор үчүн айырмачылыгын толуктап берүү коэфициенттери кайрадан каралып чыкты», — деп белгиледи КР Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев кечээ Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон «Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү ...

0 148

Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун Панфилов районунун жашоочулары менен жолугушууда

31-июль 2019, 12:33 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарына болгон өзүнүн сапарын улантууда. Бүгүн, 31-июлда Мамлекет башчысы Чүй облусунда жумушчу сапары менен болуп, Панфилов районунун жашоочулары менен жолугушууда. Сооронбай Жээнбеков  аймактарды өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча кыскача айтып берип, аймактарда ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттар түзүп жаткандыгын белгиледи. Президент ишкердик үчүн берилген жеңилдиктер, өлкөнүн экспорттук дараметин арттыруу, каржы институттары тарабынан ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 330

КР Салык кодексине өзгөртүлөр киргизилди

30-июль 2019, 17:53 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 26 - июнунда кабыл алынган. Аталган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Салык кодекси 2515 - берене менен толукталды, ага ылайык жеке менчик медициналык уюмдар тарабынан бөйрөктүн терминалдык баскычтагы өнөкөт жетишсиздиги бар адамдарга гемодиализ кызматтарын көрсөтүү берими КНСтен  (кошумча ...

0 641

«Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

29-июль 2019, 19:30 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 26-июнунда кабыл алынган. Бул Мыйзам алименттик милдеттенмелер боюнча карызкорлордун айрым маселелерин жөнгө салуу жолу менен эне жана бала институтун коргоого багытталган. Тактап айтканда, алименттик милдеттенмелер боюнча карызкорлор тууралуу ...

0 179

«Атаандаштык жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

29-июль 2019, 19:28 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 12-июнунда кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын жакшыртуу, ошондой эле анын ченемдерин Евразия экономикалык бирлигинин «Атаандаштык жөнүндө» Моделдик мыйзамына шайкеш келтирүү максатында кабыл алынган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 22-июлундагы № 116 «Атаандаштык жөнүндө» Мыйзамына айрым өзгөртүүлөр жана ...

0 266

Сооронбай Жээнбеков «Комуз күнү жөнүндө» Жарлыкка кол койду

29-июль 2019, 14:29 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Комуз күнү жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Жогорку технологиялар ылдам өскөн шарттарда улуттук маданиятты сактап калуу мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун ишинин маанилүү багыттарынын бири болуп эсептелет. Улуттук маданият коомду андан ары консолидациялоо жана Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөө үчүн шарттарды түзөт. Кыргыз элинин руханий маданиятынын ажырагыс бөлүгү катары салттуу музыканы комузсуз элестетүү мүмкүн эмес. Комуз ...

0 211

«Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду

29-июль 2019, 13:48 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Мыйзамга кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 19-июнунда кабыл алынган. Аталган Мыйзамдын максаты — укук колдонуу практикасын эске алуу менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (мындан ары — МЖӨ) жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жакшыртуу, ошондой эле МЖӨ долбоорлорун даярдоо процессинде жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана мөөнөттөрдү кыскартуу.  Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып ...

0 353

Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмондун Кыргызстанга иш сапары жыйынтыкталды

28-июль 2019, 13:46 Кызгалдак Жакыпова

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 28-июлда өзүнүн иш сапарын жыйынтыктап, Кыргызстандан учуп кетти. «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан Эмомали Рахмонду Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков узатты. Эске салсак, Тажикстандын Исфара шаарындагы сүйлөшүүлөрдөн кийин мамлекет башчылары сүйлөшүүлөрдү Ысык-Көл облусунун Чолпон - Ата шаарында улантышты. Эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелери, анын ичинде мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесси талкууланды.

0 441

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан жана Россия жаш лидерлери Форумунун катышуучулары менен жолугушту

28-июль 2019, 12:50 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-июлда Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан жана Россия жаш лидерлери Форумунун катышуучулары менен жолугушуп, алар менен эркин маектешти. Мамлекет башчысы Россия Президенти Владимир Путиндин 2019-жылдын март айындагы Кыргызстанга визитин, анда эки тараптуу кызматташтыктын көп маселелери, анын ичинде Кыргызстан жана Россия жаштарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси да талкууланганын эске салды. Президент жаш лидерлердин Форуму эки өлкөнүн ...

0 354

Сүрөт – Тажикстан Президенти Эмомали Рахмондун Кыргызстанга иш сапары

27-июль 2019, 14:54 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу боюнча кечээ, 26-июлда Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарына иш сапары менен келди. Ысык-Көл облусундагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда Эмомали Рахмонду Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Сүйлөшүүлөрдү жалгаштыруу менен мамлекеттер башчылары эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана кеңейтүүгө эки жактын тең даяр экендигин билдиришти, Кыргызстан менен Тажикстандын өз ара ...

0 246

Президент Сооронбай Жээнбековдун Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрү Чолпон-Ата шаарында уланды

27-июль 2019, 12:04 Кызгалдак Жакыпова

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун жана Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун сүйлөшүүлөрү уланды. Сооронбай Жээнбеков меймандос кыргыз жеринде, Кыргызстандын бермети Ысык-Көлдүн жээгинде Эмомали Рахмон менен жылуу учурашты. «Сиздин келишиңиз өз ара пайдалуу кызматташтыкты активдештирүүгө кошумча түрткү болот. Өз ара толук түшүнүүнүн жана ишенимдин кырдаалында өткөн  кечээги сүйлөшүүлөргө биз канааттандык», — деп белгилеп, Сооронбай Жээнбеков анын ...

0 248

Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди

26-июль 2019, 19:23 Кызгалдак Жакыпова

Тажикстан Республикасынын Президенти  Эмомали Рахмон бүгүн,  26-июлда Кыргызстанга иш сапары менен келди. Ысык-Көл облусундагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда Эмомали Рахмонду Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп чыкты. Эртең, 27-июлда Чолпон-Ата шаарында эки тараптуу кызматташтыктын бардык маселелери, анын ичинде чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча сүйлөшүүлөр уланат. Эске салсак, бүгүн Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу ...

0 276

Жээнбеков: "Кыргызстандын жана Тажикстандын бир тууган элдери илгертен эле тынчтыкта жана ынтымакта жашап келген жана бүгүн да жашап жатышат"

26-июль 2019, 15:46 Кызгалдак Жакыпова

«Кыргызстандын жана Тажикстандын бир тууган элдери илгертен эле тынчтыкта жана ынтымакта жашап келген жана бүгүн да жашап жатышат», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн,  26-июлда кыска мөөнөттүү иш сапарынын алкагында Тажикстандын Исфара шаарында Тажикстан Республикасынын Президенти  Эмомали Рахмон менен жолугушууда.  Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү жолугушууну тарыхый жолугушуу катары баалай турганын белгиледи. «Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекет башчылары эгемендик жылдары ичинде ...

0 281

Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон жолугушту

26-июль 2019, 11:51 Айдар Нуралиев

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 26-июлда Ак-Сай менен Ворух айылынын чек арасында жолугушуп, чек арага жакын жайгашкан айылдын элдери менен сүйлөшүштү. Бул тууралуу Азаттык билдирди. Президенттин басма сөз кызматы эки өлкөнүн башчыларынын жолугушуусу Исфара шаарында, андан соң Чолпон-Ата шаарында уланарын билдирди. Мунун алдында Сооронбай Жээнбеков Баткен облусунун Ак-Сай айылында жергиликтүү тургундар менен жолугуп, чек ...

0 293

Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү соттордун укугу тууралуу Жарлыка кол койду

25-июль 2019, 18:26 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо жана аларды Жалал-Абад, Ош, Талас облустук сотторуна жана Бишкек шаардык сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө Жарлыктарга кол койду. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши тарабынан КР Жогорку сотуна 1, Жалал-Абад облустук сотуна — 1, Ош облустук сотуна — 3, Нарын  облустук сотуна ...

0 829

Дамир Сагынбаев: "Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал Президент Сооронбай Жээнбековдун көзөмөлүндө турат"

25-июль 2019, 16:30 Кызгалдак Жакыпова

«Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал Президент Сооронбай Жээнбековдун көзөмөлүндө турат», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бүгүн, 25-июлда Мамлекет башчысынын жетекчилиги астында өткөн чек ара коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралар тууралуу жумушчу кеңешменин жыйынтыгында. Дамир Сагынбаев азыркы учурда Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдары окуянын себептерин бирге иликтөө, жаңжалдын чыгышына күнөөлүүлөрдү аныктоо, келечекте чек арада чыр-чатактарга ...

0 214

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон визиттер менен алмашат

25-июль 2019, 15:41 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 26-июлда Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча Исфара шаарына кыска мөөнөттүү жумушчу визит менен барат. Бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди. Ал мамлекеттер башчыларынын бул сүйлөшүүлөрү пландуу экенин, мындай жолугушуулар үзгүлтүксүз болуп турарын баса белгиледи. Данияр Сыдыков сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу кызматташтыктын олуттуу маселелери, анын ичинде чек ...

0 220

Президент Сооронбай Жээнбеков чек ара коопсуздугу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү

25-июль 2019, 15:32 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-июлда чек арада, анын ичинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде коопсуздукту камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө  жумушчу кеңешме өткөрдү. Мамлекет башчысы чек ара коопсуздугун камсыз кылуу, кошуна өлкөлөр менен кызматташтыкты өркүндөтүү, чек ара боюндагы райондордо жашаган өлкө жарандарынын жашоосу үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзүү мамлекеттик саясаттын эң башкы артыкчылыктарынын бири бойдон калаарын ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 186

Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан грант берүү жөнүндө № 2 макулдашуу ратификацияланды

25-июль 2019, 08:44 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы „Ден соолук кербени (Кыргыз Республикасы)“ долбоорун каржылоо үчүн Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан грант берүү жөнүндө № 2 макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 27-июнунда кабыл алынган. Аталган Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы ...

0 1203

Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтуусунда "мамлекет каттуу өнүктү" көз тийбесин "тьфу-тьфу""

24-июль 2019, 18:08 Айдар Нуралиев

Биз экономикалык стимулдаштырууда ички ресурстарды активдүү колдоно баштадык. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында билдирди. «Бүгүн жыйында ички күн тартибиндеги өтө актуалдуу маселелер каралат. 2019-жыл Өкмөт үчүн макроэкономиканы турукташтырууда, социалдык кырдаалды жакшыртууда конкреттүү кадамдарды жасоочу жыл болуп турат. Коомдун актуалдуу маселелерин чечүүдө Өкмөткө Кыргыз Республикасынын Президенти жана Жогорку Кеңеш чоң колдоо көрсөткөндүгүн баса ...

0 301

Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктады

24-июль 2019, 14:06 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, 24-июлда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен жылуу куттуктап, ага чың ден соолук, бакубаттык жана мындан аркы ийгиликтерди каалады. Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, достукту жана ынак кошуналык мамилелерди бекемдөөгө кошкон олуттуу салымын ...

0 251

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркия Парламентинин депутаты Йылдырым Тугрул Түркешти кабыл алды

23-июль 2019, 17:17 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын Улуттук улуу жыйынын депутаты Йылдырым Тугрул Түркешти кабыл алды. Сооронбай Жээнбеков эки тараптуу кызматташтыктын азыркы абалы менен канааттануу билдирди жана Кыргызстан үчүн Түркия бир тууган жана дос өлкө экенин белгиледи. Президент  2018 - жылы Кыргызстан менен Түркия ортосундагы стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку кеңештин 2014 - жылдан бери өтпөй калган жыйыны өткөнүн эске ...

0 214

Президент Сооронбай Жээнбеков Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун (ЕТӨФ) директору Андрей Широковду кабыл алды

23-июль 2019, 16:11 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-июлда Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун долбоордук блогунун аткаруучу директору Андрей Широковду кабыл алды. Биргелешкен социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү жана өнүгүүгө багытталган кызматташтыктын келечеги талкууланды. Президент Сооронбай Жээнбеков Токтогул ГЭСин реаблитациялоо жана энергетикалык, инвестициялык долбоорлор боюнча Кошумча Макулдашууну ишке ашыруу республикада энергетикалык кубаттуулуктун көлөмүн арттырууга мүмкүнчүлүк берерине ишене турганын билдирди. Президент ошондой ...

0 254

Президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиясынын парламентинин спикери менен жолугушту

22-июль 2019, 17:26 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-июлда Кыргызстанга расмий визит менен келген Сауд Арабия Королдугунун Аш-Шура Мажлисинин спикери Абдалла бин Мухаммад Аль Аш-Шейх менен жолугушту. Эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, анын ичинде өлкөлөр ортосундагы парламенттер аралык өз ара аракеттешүүнүн мындан аркы келечеги талкууланды. Президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиясы — Кыргыз Республикасы үчүн артыкчылыктардын бири экенин, достук мамилелерге акыркы жарым ...

0 340

Радик Батыршин "Данакер" ордени менен сыйланды

22-июль 2019, 16:38 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-июлда «Мир» Мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын төрагасы Радик Батыршинди кабыл алды. Жолугушууга ошондой эле «Мир» Мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын Кыргызстандагы Улуттук филиалынын директору Динара Сүймалиева да катышты. Президент Сооронбай Жээнбеков «Мир» Мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын төрагасына «Данакер» орденин тапшырды. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы менен Радик Батыршин КМШ өлкөлөрүнүн элдери ортосундагы маданий байланыштарды жана достукту бекемдөөгө кошкон ...

0 235

Сүрөт – Башкы штаб "Сары-таш — 2019" тактикалык машыгуунун экинчи этабын өткөрдү

21-июль 2019, 11:31 Кызгалдак Жакыпова

20-июлда Ош облусунун Алай районундагы «Сары-таш» машыгуу майданында «Сары-таш — 2019» атайын тактикалык машыгуунун жыйынтыктоочу  этабы өттү. Машыгуу Куралдуу Күчтөрдүн планы боюнча Мамлекеттик чек ара кызматынын, Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн катышуусу менен өткөрүлдү. Машыгуунун жүрүшүнө Кыргыз Республикасынын Президенти, өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн Жогорку Башкы командачысы Сооронбай Жээнбеков байкоо жүргүздү. Президент курал-жарактар, ...

0 217

Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун алыскы айылдарына барды

21-июль 2019, 11:12 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактары боюнча өзүнүн жумушчу сапарын улантууда. 20-июлда ал Ош облусунун Алай районундагы  алыскы Сары-Таш жана Күн-Элек айылдарына барды. Аталган айылдар деңиз деңгээлинен 3250 метр бийиктикте жайгашкан, Мамлекет башчысы менен жолугушууда актуалдуу маселелер айтылды.  Айылдыктарды түйшөлткөн негизги маселелердин бири — мектеп көйгөйү. Алсак, Сары-Таш айылындагы № 39-орто мектеп авариялык абалда, Күн-Элек айылында мектептин жаңы ...

0 309

Президент Сооронбай Жээнбеков Ош шаарындагы жаңы Калкты тейлөө борборуна барды

20-июль 2019, 10:21 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков , 19-июлда Ош шаарында жаңы Калкты тейлөө борбору — 2ге  барды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын (ММК) төрагасы Алмаз Мамбетов  Калкты тейлөө борбору Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында ачылып жатканы жөнүндө Мамлекет башчысына маалымат берди. Анын иши жаңы форматта жүргүзүлөт, бул жерде паспорт берүү кызматы жана жарандык актыларды каттоо боюнча ...

0 258

Токтогул ГЭСин реаблитациялоого инвестициялык насыя берүү жөнүндөгү кошумча макулдашуу ратификацияланды

20-июль 2019, 10:18 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2019 жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган,             2015-жылдын 31-июлундагы „Токтогул ГЭСин реабилитациялоо.           2-фаза“ долбоорун каржылоо үчүн Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө № 4 макулдашууга № 1 Кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду.

0 243

ЦАРЭС 1 жана 3, 2- фаза долбоорун кошумча каржылоо жөнүндөгү макулдашуу ратификацияланды

20-июль 2019, 10:12 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Зайым берүү жөнүндө макулдашууну (Стандарттык операциялар (жеңилдетилген шарттарда) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2 — Кошумча каржылоо) жана 2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант берүү жөнүндө макулдашууну (Атайын операциялар) (Бириктирүүчү ...

0 236

Сүрөт - Президент Сооронбай Жээнбеков Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова менен жолугушту

19-июль 2019, 16:32 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июлда СССР спортунун эмгек сиңирген чебери, узундукка секирүү боюнча Олимпиада чемпиону Кыргызстанда төрөлгөн Татьяна Колпакова менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Мамлекет башчысы Кыргызстанга келгени жана Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакованын наамындагы сыйлыгына жеңил атлетика боюнча салтка айланган эл аралык турнирге катышканы үчүн  атактуу спортчуга ыраазычылык билдирди. Президент 1980-жылы Москва шаарында өткөн ...

0 256

Ли Нак Ён: "Кыргызстанга 7 млн. долларлык жардам берүүгө даярбыз"

18-июль 2019, 19:21 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-июлда Кыргызстанга расмий визит менен келген Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён менен жолугушту. Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын келечеги талкууланды. Мамлекет башчы өлкөдөгү социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүп жатканы үчүн Түштүк Кореяга ыраазычылык билдирип, Корея эл аралык кызматташтык боюнча агенттиктин (КОИКА) алгылыктуу ишмердигин белгиледи. Өткөн жылдары Кыргызстанга берилген гранттык ...

0 224

Президент Сооронбай Жээнбеков Корея Республикасынын Премьер-министри Ли Нак Ен менен жолугушту

18-июль 2019, 16:44 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-июлда Кыргызстанга расмий визит менен келген Корея Республикасынын Премьер-министри Ли Нак Ен менен жолугушту. Өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын келечеги талкууланды. «Бул акыркы 28 жыл ичиндеги, биздин өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулгандан берки Корея Республикасынан жогорку деңгээлдеги алгачкы визит. Сиздин визитиңиз өлкөлөр ортосундагы достукту бекемдөөгө жана өз ара аракеттешүүнү активдештирүүгө өбөлгө болот», — ...

0 223

Президент Сооронбай Жээнбеков Германия Канцлери Ангела Меркелди туулган күнү менен куттуктады

18-июль 2019, 15:01 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, 17-июлда Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркелди туулган күнү менен куттуктады. Куттуктоо телеграммасында мындай деп айтылат: «Сиз кыргыз-герман кызматташтыгын өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө чоң салым кошуп келе жатасыз. Тажрыйбалуу дүйнөлүк лидер катары Европа континентинде гана эмес, бүткүл дүйнө жүзүндө тынчтыкты жана өсүп-өнүгүүнү камсыз кылууда Сиздин кошкон жеке салымыңыз баа жеткис. Кыргыз эли Сиздин эгемендүү ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 341

Олег Панкратов Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси болуп дайындалды

16-июль 2019, 16:23 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-июлда кол койгон Жарлыкка ылайык Панкратов Олег Михайлович Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси болуп дайындалды.  

0 279

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнү санариптештирүү боюнча милдеттерди ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты

16-июль 2019, 16:19 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-июлда Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин (МТБМК) төрагасы — Мамлекет башчысынын кеңешчиси Дастан Догоевди жана МТБМКга караштуу «Электрондук өз ара аракеттешүү борбору» мамлекеттик ишканасынын директору Нурия Кутнаеваны кабыл алды. Президентке өлкөнү санариптик трансформациялоо боюнча милдеттердин аткарылышы тууралуу маалымат берилди. «Санарип Кыргызстан» санариптик трансформациялоо Концепциясын ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83