www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Расмий кабарлар
0 206

Сооронбай Жээнбеков: Элибиз жергиликтүү деңгээлде чечилчү маселени борбордук бийликке айтууга мажбур болгон жагдайды анализдөө керек

27-февраль 2019, 17:12 Перизат Кутманалиева

«Эмнеге элибиз жергиликтүү деңгээлде чечилчү маселени борбордук бийликке айтууга мажбур? Мына ушул жагдайды анализдөө керек», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-февралда, Бишкек шаарында өтүп жаткан «Кыргыз Республикасы: региондук өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» аттуу конференциясында. Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө аймактарды комплекстүү өнүктүрүү боюнча системалуу жана бирдиктүү саясат жоктугун, мамлекеттик жана райондук органдардын ортосунда өз ара тыгыз аракеттенүү байкалбаганын белгиледи. «Көпчүлүк ...

0 188

Сооронбай Жээнбеков Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдоганды туулган күнү менен куттуктады

26-февраль 2019, 14:59 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоганды туулган күнү менен куттуктады. «Туулган күнүңүзгө байланыштуу чын жүрөктөн куттуктоолорумду жана жылуу каалоолорумду кабыл алыңыз. Бүгүнкү күндө Түркия өзүнүн өнүгүү жолун таап, түрк элинин жыргалчылыгына багытталган ишенимдүү кадамдарды жасап жатат. Сиз жүргүзүп жаткан мамлекеттик кайра түзүүлөр жана реформалар өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, элдин бакубаттыгын жогорулатууга жана эл аралык аренада Түркиянын аброюнун бекемделишине өбөлгө болууда. Достук, ...

0 382

Колдонуудан чыккан медициналык калдыктар кантип жок кылынат?

26-февраль 2019, 08:52 Кызгалдак Жакыпова

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин бүгүн, 25 – февралдагы жыйынында  “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү үчүнчү окууда каралды. Бул темада баяндама жасаган тармактык комитеттин төрайымы Г. Молдобекованын айтымында, медициналык калдыктарды, курамында сымап элементи бар буюмдарды коопсуз тартипте жүгүртүү иштери укуктук талаада иреттештирилмекчи. Талкууда депутат Т.Икрамов колдонуудан чыккан медициналык буюмдардын жок кылынышы (утилизацияланышы) багытындагы иш аракеттердин ...

0 207

ЕАЭБ менен анын мүчө-мамлекеттеринин жана Кытайдын ортосундагы Соода-экономикалык кызматташуу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

26-февраль 2019, 08:45 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 17-майында Астана шаарында кол коюлган бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө-мамлекеттеринин жана экинчи тараптан Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Соода-экономикалык кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 23-январында кабыл алынган. Аталган Макулдашуунун максаты ушул Макулдашууда камтылган чөйрөлөрдө кызматташууну камсыз кылуу аркылуу Тараптардын ортосундагы экономикалык мамилелерди андан ...

0 224

Россиянын Кыргызстандагы Элчиси Андрей Крутько «Даңк» медалы менен сыйланды

25-февраль 2019, 16:03 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө кошкон зор салымы үчүн Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Крутько Андрей Андреевич «Даңк» медалы менен сыйланды. Булак: NazarNews.kg

0 319

Сооронбай Жээнбеков: Мекенди коргоо — Кыргызстандын ар бир жаранынын ардактуу милдети жана ыйык парзы

23-февраль 2019, 14:28 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Мекен коргоочуларынын күнүнө карата куттуктоосу. «Урматтуу мекендештер! Баардыгыңыздарды Мекен коргоочуларынын күнү менен чын дилимден куттуктайм! Мекенди коргоо — Кыргызстандын ар бир жаранынын ардактуу милдети жана ыйык парзы. Бүгүнкү жаркын майрам өлкөбүздүн бардык муундарынын башын бириктирип, бабаларыбыздын жакшы салттарын улап келет. Ушул күнү биз санжыралуу тарыхыбызга алтын тамгалар менен жазылып, жүрөгүбүздө терең сакталып келген ата-бабаларыбыздын эрдиктерине терең таазим этебиз. Улуу Ата Мекендик ...

0 226

Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад шаарындагы экспортко багытталган тигүү фабрикасынын ишмердүүлүгү менен таанышты

22-февраль 2019, 09:28 Перизат Кутманалиева

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-февралда, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы “Баяна Стиль” тигүү фабрикасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.  Фабриканын ишмердүүлүгү тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэри Мурат Тагаев жана ишкананын негиздөөчүсү Абдибаки Имаров, ошондой эле директору Айсулуу Абжапарова маалымат беришти. Фабрика 2018-жылы түзүлгөн, кийим тигүү менен алектенет жана шаардагы эң ири адистештирилген ишкана болуп саналат. Фабрикада 32 киши иштейт, алардын ...

0 276

Сооронбай Жээнбеков: Калкты таза суу менен камсыз кылуу Стратегиясынын алкагында 653 калктуу конуш таза суу менен камсыз болот

21-февраль 2019, 14:57 Айдар Нуралиев

“Жакынкы 5 жылда Кыргызстандын бардык аймактары таза суу менен камсыз болот. Калкты таза суу менен камсыз кылуу Стратегиясынын алкагында 653 калктуу конуш таза суу менен камсыз болот”, - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-февралда, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда. Мамлекет башчысы ал президенттик шайлоо убагында бардык аймактарды таза суу менен камсыз кылуу боюнча берген убадасын ...

0 357

Президент Баткенге бир күндүк иш сапары менен барды

20-февраль 2019, 16:58 Кызгалдак Жакыпова

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун Баткен облусундагы бир күндүк жумушчу сапары башталды. Ушу тапта президент Кызыл-Кыя шаарынын жана Кадамжай районунун активи менен жолугушуп жатат. Андан кийин ал Өтүкчү айылында жаңы ачылып жаткан "Факел" чек ара тозотунун имаратынын ачылышына катышат. Булак: NazarNews.kg

0 312

Сүрөт - Депутаттар Курманжан Датканын музейинен кабар алды

19-февраль 2019, 09:43 Перизат Кутманалиева

18-февралда Жогорку Кенештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитети Ош облусунда көчмө жыйын өткөрүүдө. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы сөз кызматы билдирди. Көчмө жыйындын алкагында комитет мүчөлөрү Гүлчө айылындагы Курманжан Датканын музейинде болуп, тарыхый-маданий жайдын абалынан кабар алышты. Белгилей кетсек, аталган музейде Курманжан Датканын колдонгон буюмдарынан баштап, уулдары Камчыбек менен Абдылдабектин кымкап чепкендерине чейин сакталган. Улуу ...

0 407

Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылышынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу  иш чара

16-февраль 2019, 09:12 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти, Куралдуу Күчтөрдүн башкы командачысы  Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-февралда Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылышынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу  иш чарага катышты. Президент Ооган согушунун ардагерлеринин  аскердик милдетин аткаруудагы эрдигине таазим этип, алардын эрдиги Мекенди коргоонун бийик үлгүсү болуп кала берерин билдирди. Ошондой эле Ооган согушунан  кайтпай калгандардын, мекенине келгенден кийин курман болгондорду эскерип, үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтты. Алардын жаркын элесин эскерүү үчүн ...

0 294

Сооронбай Жээнбеков: Ооган согушуна катышкан аскерлердин эрдиги Мекенге кызмат кылуунун, мекенчилдиктин, Мекенин коргоонун үлгүсү болуп кала берет!

15-февраль 2019, 11:43 Айдар Нуралиев

«Ооган согушуна катышкан аскерлердин эрдиги жаштарыбыз үчүн Мекенге кызмат кылуунун, мекенчилдиктин, Мекенин коргоонун үлгүсү болуп кала берет!», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти, Куралдуу Күчтөрдүн Башкы командачысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-февралда Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылышынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу чогулушта. Мамлекет башчысы көп улут өкүлдөрүнөн турган Советтик армиянын катарында жети миңден ашык кыргызстандыктар өз м лдетин аткарганын, өлүмдөн коркпой, баатырдыктын үлгүсүн ...

0 234

Сооронбай Жээнбеков министр Гүлмира Кудайбердиева менен өлкөдөгү билим берүүнүн сапатын жогорулатуу маселесин талкуулады

15-февраль 2019, 09:44 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-февралда өлкөнүн билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны кабыл алды. Өлкөдөгү жалпы, баштапкы, атайын орто жана жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатуу маселелери талкууланды. Гүлмира Кудайбердиеванын маалыматы боюнча 1390 мектепке чейинки мекемелерде 187 миң бала тарбияланат. Оптимизациянын натыйжасында мектептердин алдында 7358 бала окуган мектепке чейинки 100 билим берүү мекемелери ачылган. 2018-жылы Аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында 10 миң ...

0 200

Сооронбай Жээнбеков Кытайдын Кыргызстандагы Туруктуу жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сяо Цинхуаны кабыл алды

15-февраль 2019, 09:31 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-февралда, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Туруктуу жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сяо Цинхуаны өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аяктаганына байланыштуу кабыл алды. Мамлекет башчысы кыргыз тарап эки тараптуу кызматташууга жана көп тармактуу стратегиялык өнөктөштүккө абдан чоң маани берерин белгиледи. «Биз урматтуу Си Цзиньпин менен болгон достукту жана эки өлкө элдеринин ортосундагы достукту баалайбыз. 2019-жыл кыргыз-кытай мамилелериндеги маңыздуу жылдардан болот. ...

0 301

Сооронбай Жээнбеков министр Жанат Бейшенов менен өлкөнүн жол-транспорт комплексинин узак жана кыска мөөнөткө өнүктүрүү маселелерин талкуулады

13-февраль 2019, 17:16 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-февралда өлкөнүн транспорт жана жол министри Жанат Бейшеновду кабыл алды. Жанат Бейшенов Министрликтин 2018-жылдын жыйынтыктары, транспорт жана жолдор тармагында аткарылган жумуштар, жол-транспорт комплексинин узак жана кыска мөөнөттүү өнүгүү пландары, анын ичинде өлкөнү Туруктуу өнүктүрүү стратегиясы жана аймактарды өнүктүрүүнүн багыттарына ылайык аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча республиканын кичи шаарлары жана айылдарында жалпы ...

0 246

Сооронбай Жээнбеков Кытайдын Кыргызстандагы Туруктуу жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сяо Цинхуаны кабыл алды

12-февраль 2019, 18:17 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-февралда, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Туруктуу жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сяо Цинхуаны өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аяктаганына байланыштуу кабыл алды. Мамлекет башчысы кыргыз тарап эки тараптуу кызматташууга жана көп тармактуу стратегиялык өнөктөштүккө абдан чоң маани берерин белгиледи. «Биз урматтуу Си Цзиньпин менен болгон достукту жана эки өлкө элдеринин ортосундагы достукту баалайбыз. 201 9-жыл кыргыз-кытай мамилелериндеги маңыздуу жылдардан болот. ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 317

Улан Абилов КР Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды

12-февраль 2019, 17:09 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык,  Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Исмаилов Анарбек Касымович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу  ээлеген кызматынан бошотулду. Президенттин башка Жарлыгы менен Абилов Улан Женишович Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Улан Абилов 2014-жылдан тартып аталган бөлүмдүн эксперти болуп эмгектенген, ал эми 2018-жылдын февраль айынан тартып ...

0 253

Сооронбай Жээнбеков тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды

11-февраль 2019, 17:27 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-февралда өлкөнүн тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды. Кыргызстанда алдыда өтө турган эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы иш-чаралар боюнча маселелер, ошондой эле өлкөнүн тышкы иштер ведомствосунун алдында турган актуалдуу пландар менен маселелер талкууланды. Министр Чыңгыз Айдарбеков министрликтин Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин 2019-жылдын март айындагы Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарына, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиньдин ...

0 296

Сооронбай Жээнбеков Ирандын Президенти Хасан Роуханини Революция күнү менен куттуктады

11-февраль 2019, 13:57 Перизат Кутманалиева

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роуханини ислам ыңкылабынын жеңишинин 40 жылдыгы менен куттуктады. «Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана Иран элин ислам ыңкылабынын жеңишинин мааракелүү 40 жылдыгы менен куттуктайм. Кыргыз Республикасы Иран Ислам Республикасы менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң маани берерин канааттануу менен белгилейм. Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достук мамилелер элдин жыргалчылыгы үчүн ...

0 420

Сооронбай Жээнбеков Владимир Путин менен жолугушту

11-февраль 2019, 08:20 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 9-февралда Россия Федерациясынын Сочи шаарына болгон бир күндүк иш сапарынын алкагында Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшү тууралуу президенттик аппарат билдирди. Мамлекет башчылары эки тараптуу маселелерди талкуулашты. Мындан тышкары 2019-жылдын март айынын аягына пландалган Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик визити талкууланды. Владимир Путин Сооронбай Жээнбековго анын чакыруусун кабыл алып, Сочиге кыска, бирок абдан мазмундуу иш сапары менен ...

0 300

Сооронбай Жээнбеков ТүркПАнын Башкы катчысын жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңешинин Башкы катчысын кабыл алды

09-февраль 2019, 08:32 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-февралда Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясынын башкы катчысы Алтынбек Мамаюсуповду кабыл алды. Сооронбай Жээнбеков Алтынбек Мамаюсуповду ТүркПАнын Башкы катчысы кызматына дайындалышы менен куттуктап: «Сиздин келишиңиз менен Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттер аралык кызматташтыгы жана көп тараптуу мамилелердин мындан ары дагы жакшыруусуна жана жогорку деңгээлге чыгарына ишенем», — деп билдирди. ТүркПА Башкы катчысы Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык процессинде оң ...

0 407

Сооронбай Жээнбеков телефондон Путинге эмнелерди айтып берген?

08-февраль 2019, 09:42 Айдар Нуралиев

7-февралда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашып, буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча жана ошондой эле Владимир Путиндин Кыргыз Республикасына боло турчу мамлекеттик сапары тууралуу пикир алмашышты. Булак: NazarNews.kg

0 308

Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Макулдашуу-Кат ратификацияланды

07-февраль 2019, 17:12 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 2-мартында Бишкек шаарында кол коюлган 2013-жылдын 30-декабрындагы Кыргыз Республикасы менен Саламаттык сактоодогу натыйжалардын негизинде инновациялык ыкма боюнча донорлордун көп тараптуу трасттык фондунун администратору катары чыккан Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашууга (Саламаттык сактоодогу натыйжалардын негизинде каржылоонун пилоттук долбоору) (Грант №TF013310) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Макулдашуу-Катты ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 13-декабрында ...

0 244

Сооронбай Жээнбеков Бишкектин орто окуу жайларына барды, ЖОЖдордун жетекчилиги жана студенттери менен жолугушту

07-февраль 2019, 09:56 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-февралда Бишкек шаарындагы жалпы билим берүү мекемелеринин абалы менен таанышып, № 69 жана № 12-мектептерге барды.  Мамлекет башчысы № 69-мектептин класстык бөлүмдөрүн карап чыгып, окуучулар менен маектешти. Мектеп окуучулары Президент Сооронбай Жээнбековго предметтик сабактардын кандай өтүлөөрүн көрсөтүштү. Ошондой эле окуучулар улуттук аспаптарда ойноп, гимнастикалык көнүгүүлөрдү көрсөтүштү.  № 12-мектепте Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов борбордогу мектептердин абалы тууралуу маалымат берди.  Президент ...

0 271

Сооронбай Жээнбеков Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпинди Жаз майрамы менен куттуктады

05-февраль 2019, 12:38 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинди Жаз майрамы менен куттуктады. «Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди Жаз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктаймын! Жакында эле Кытай реформа жана ачык саясат жүргүзгөндүгүнүн 40 жылдыгын майрамдады. Бул саясатты жүргүзүүдө Сиздин мамлекетиңиз таасирдүү ийгиликтерге жетип, аймактык жана эл аралык иштер боюнча маанилүү ролду ишеничтүү аткарып келет. Буга үстүбүздөгү жылы Кытай Эл Республикасында өтө турган ...

0 290

Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө Мыйзамга кол коюлду

05-февраль 2019, 12:34 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 27-декабрында кабыл алынган. «Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө» Мыйзамдын максаты мамлекеттик дотация механизмин киргизүү аркылуу артыкчылыкка ээ болгон айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жогорку сапаттагы сертификатталган үрөндөрүн өндүрүү жана сатуу үчүн Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларына жагымдуу шарттарды түзүү жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттук сертификатталган үрөндөрүн айылдык товар ...

0 276

Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын майрамдоо жөнүндө Жарлыкка кол койду

05-февраль 2019, 09:10 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-февралда көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгын майрамдоо жөнүндө Жарлыкка кол койду. Жарлыктын максаты —  Кыргызстандын экономикалык, социалдык жана маданий жактан калыптануусуна көрүнүктүү салым кошкон Турдакун Усубалиевдин элесин түбөлүккө калтыруу жана анын туулган күнүнүн 100 жылдыгын майрамдоо. Иш чараны эң жогорку улуттук деңгээлде даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлөт, ошондой эле иш-чараларды ...

0 386

Сооронбай Жээнбеков РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушту

04-февраль 2019, 14:08 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-февралда Бишкекке расмий визит менен келген Россия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушту. «Биз россиялык досторубуз менен жолугушканга ар дайым кубанычтабыз. Сиздин расмий визитиңиз маанилүү саясий окуянын — Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик визитинин алдында өтүп жатат», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков, министр Сергей Лавров менен жылуу учурашып. «Владимир Владимировичтин мамлекеттик визити биздин өлкөлөр ортосундагы ...

0 307

Сооронбай Жээнбеков: Корчубек Акназаровдун өмүр жолу, өрнөгү эчендеген жаш муундарга үлгү, чоң сабак болуп кала берет

04-февраль 2019, 09:05 Кызгалдак Жакыпова

«Корчубек Акназаровдун өмүр жолу, өрнөгү эчендеген жаш муундарга үлгү, чоң сабак болуп кала берет!», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-февралда көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Корчубек Акназаровду акыркы сапарга узатуу зыйнатында. Мамлекет башчысы жалпы журттун аксакалы, замандын залкарларынын бири Корчубек Акназаров менен түбөлүк коштошуу, бул жаратылыштын мыйзамы болсо дагы элге, мамлекетке эбегейсиз зор салым кошкон ушундай инсандардын өтүп ...

0 619

Сооронбай Жээнбеков Кашкар Жунушалиевди кабыл алып эмне тапшырма берген?

02-февраль 2019, 12:12 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-февралда өлкөнүн ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алды. Ички иштер министри 2018-жылдын жыйынтыгы жана 2019-жылга карата пландар тууралуу айтып берди. Сот-укуктук реформанын алкагында милдеттерди ишке ашыруу, коррупция менен күрөшүү, ички иштер органдарынын катарын таза эмес кызматкерлерден тазалоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди. Анын маалыматына ылайык, 2019-жылдын январында 10 миңден ашуун кылмыштар жана жоруктар ...

0 367

Некролог - Корчубек Акназаров

02-февраль 2019, 09:38 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстан эли орду толгус оор жоготууга учурады. Элибиздин татыктуу уулу, көрүнүктүү советтик-партиялык, коомдук ишмер, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери, Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаров 97 жашка караган курагындадүйнөдөн кайтты. Корчубек Акназаров 1922-жылы 1-августта Талас областына караштуу Бакай-Ата районунун Кызыл Октябрь айылында туулган. Эмгек жолун 1941-жылы айылдык жети жылдык мектепте мугалим болуп иштөө менен баштаган.  К. Акназаров 1943-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, 1-Беларусь фронтунда ...

02-февраль 2019, 09:38 | 367
0 308

Сооронбай Жээнбеков: "Үч бийликтин бутагы эриш-аркак, биргеликте иштесе, мамлекетибиз өнүгөт"

31-январь 2019, 12:36 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-январда КР Жогорку Кеңешинин жыйынында КР Өкмөтүнүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышты. Кыргыз Республикасынын финансы министри Бактыгүл Жеенбаева жана транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов ант беришти. Мамлекет башчысы жаңы өкмөт мүчөлөрүн ант бериши менен куттуктап, ант беришкен министрлер буга чейин  жооптуу иштерде иштеп, аздыр-көптүр тажрыйба топтогондорун, тажрыйбасын жана билимин колдонуп, эл күткөн ийгиликтерди алып келээрине ишенгенин белгиледи. Сооронбай ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 280

Сооронбай Жээнбеков: Биз жер казынасын пайдалануу чөйрөсү коррупцияланбаган, ак ниет инвесторлор үчүн жагымдуу болушуна шарт түзүшүбүз керек

30-январь 2019, 19:11 Кызгалдак Жакыпова

«Биз жер казынасын пайдалануу чөйрөсү коррупцияланбаган, ак ниет инвесторлор үчүн жагымдуу болушуна шарт түзүшүбүз керек», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-январда КР Коопсуздук Кеңешинин жыйынында. Жыйында «Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» маселеси каралды. Мамлекет башчысы жерибиздин жаратылыш байлыктарынын жоопкерчиликсиз жана сарамжалсыз пайдаланылып жатканына бөгөт коюу — бул келечекке болгон негизги камкордук экенин белгиледи. «Кендерди казып ...

0 236

Сооронбай Жээнбеков: Тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүүгө жана кошумча инвестицияларды тартууга коррупциялык жол менен лицензия берүү практикасы тоскоол болуп жатат

30-январь 2019, 13:20 Кызгалдак Жакыпова

«Тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүүгө жана кошумча инвестицияларды  тартууга коррупциялык жол менен лицензия берүү практикасы тоскоол болуп жатат „, — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2019-жылдын 30-январында, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин жыйынында. Анда ‚Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө‘ маселе талкууланууда. Мамлекет башчысы жер казынасын сактоо,  жаратылыш байлыктарын коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу — улуттук коопсуздукту ...

0 322

Кызык, жаңы мыйзамдардан паракор аткаминерлерибиз кантип коргонот болду экен?

30-январь 2019, 08:41 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 20-декабрында кабыл алынган. Мыйзам жарандардын эркиндиктерин жана укуктарын коргоого, коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген жарандарды куугунтуктоодон коргоону камсыз кылууга жана бул адамдарды коргоо үчүн укуктук жана уюштуруучулук негиздерин белгилеп, калктын мамлекетке жана анын түзүмдөрүнө болгон ишенимин бекемдөөгө багытталган. Ошондой эле ...

0 452

Кыргызстан менен Түркия Өкмөттөрүнүн ортосундагы Социалдык камсыз кылуу жөнүндө келишим ратификацияланды

29-январь 2019, 14:24 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 9-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыз кылуу жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол коюлду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 20-декабрында кабыл алынган. Аталган Келишимде эки өлкөнүн жарандары үчүн социалдык камсыздоо жаатында тең укуктарды түзүү каралган. Келишимге жана Келишимди ишке ашыруу боюнча Административдик макулдашууга ылайык эки өлкөнүн ...

0 216

Сооронбай Жээнбеков Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповду кабыл алды

29-январь 2019, 09:07 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-январда, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповду кабыл алды. Улукбек Марипов Эсептөө палатасынын 2018-жылдагы ишмердигинин алдын ала жыйынтыктары, ошондой эле 2019-жылдагы мамлекеттик жогорку аудит органынын пландары тууралуу маалымат берди. Эсептөө палатасынын төрагасы белгилегендей, Эсептөө палатасынын эскертүүлөрүн аткаруу боюнча аудит объектилеринин иш-чаралар планына ылайык, төлөөлөрдүн ордун толтуруу Эсептөө палатасынын такай көзөмөлүндө турат. Мамлекет башчысы укук коргоо органдары ...

0 193

Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Digital CASA — Кыргыз Республикасы» долбоорун  Каржылоо жөнүндө макулдашуу  ратификацияланды

28-январь 2019, 09:08 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 2-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну („Digital CASA — Кыргыз Республикасы“ долбоору) ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 27-декабрында кабыл алынган. Мыйзам 2018-жылдын 2-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуунун күчүнө кириши ...

0 398

Сооронбай Жээнбеков: Ленинград шаарын фашисттердин курчоосунан толук бошоткон күн 900 күндүк курчоодо калган адамдардын Жеңишке болгон үмүтүн жандырып, ишенимин ойготкон

26-январь 2019, 09:30 Кызгалдак Жакыпова

«Ленинград шаарын фашисттердин курчоосунан толук бошоткон күн 900 күндүк курчоодо калган адамдардын Жеңишке болгон үмүтүн жандырып, ишенимин ойготкон», — деп айтылат Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун 27-январда белгилене турчу Ленинградды фашисттердин курчоосунан толук бошотуу күнүнө карата кайрылуусунда. Мамлекет башчысынын атынан кайрылууну бүгүн, 25-январда КР Президентинин Аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев Бишкектеги Лениград Блокадачыларынын эстелигинин жанында өткөн эскерүү митингинде окуду. Төмөндө Мамлекет башчысынын кайрылуусу толугу менен ...

0 664

Президент Сооронбай Жээнбековдун бир күндүк иши

25-январь 2019, 23:15 Кызгалдак Жакыпова

1. Жанат Бейшенов Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министри болуп дайындалды Жанат Бейшенов Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министри болуп дайындалды. Атайын жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койду. 2. Президент Сооронбай Жээнбеков Украина, Индия, Куба, Словакия жана Ливандын Элчилеринин Ишеним грамоталарын кабыл алды Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-январда Украинанын Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Валерий Жовтенко, Индия Республикасынын Толук жана Ыйгарым ...

0 356

Сооронбай Жээнбеков футбол боюнча Улуттук курама команданын оюнчуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

25-январь 2019, 09:11 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-январда өлкөнүн футбол боюнча Улуттук курама командасынын оюнчуларына жана машыктыруучуларына мамлекеттик сыйлыктарды жана КР Президентинин энчилүү сааттарын тапшырды. Мамлекет башчысы курама команданын мүчөлөрүнө, машыктыруучуларына, дарыгерлерге жана Ата Мекендик футболдун өнүгүшүнө салым кошкондордун бардыгына ыраазычылык билдирип, аларга жаңы бийиктиктерди багындырууну каалады. КР Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов кыргыз футболун колдоп, командага көңүл бурганы үчүн Президентке ыраазычылык билдирип, Кыргызстанда футбол ...

0 358

Сооронбай Жээнбеков: "Жүрөктөрүбүз сыймыкка жана футболчулардын эң сонун оюну, жигиттерибиздин мекенчилдиги жана каармандыгы үчүн ыраазы болуу сезимдерине толуп турат"

24-январь 2019, 17:30 Кызгалдак Жакыпова

«Бул күндөрү биздин жүрөктөр өлкөбүз үчүн сыймыктануу жана силердин эң сонун оюнуңар, мекенчилдигиңер жана каарман эмгегиңер үчүн ыраазы болуу сезимдерине толуп турат», — деди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-январда Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук курама командасынын спортчуларын мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо аземинде. Мамлекет башчысы ушул күндөрү өлкөбүздө көтөрүңкү маанай орноп, ар бир кыргызстандык мекенчилдик жана сыймыктануу сезимдерине бөлөнгөнүн баса белгиледи. «Силер өлкөбүздүн намысын ...

0 308

Данияр Сыдыков: Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик визити 2019-жылдын март айынын аягында болоору күтүлүүдө

24-январь 2019, 09:09 Кызгалдак Жакыпова

«Кыргыз-россиялык мамилелерди, союздаштыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү илгерилетүү, достукту бекемдөө жана экономикалык долбоорлорду алга жылдыруу максатында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинди Кыргыз Республикасына мамлекеттик визит менен келүүгө чакырган. Азыр тараптар бул маселенин үстүндө иштешүүдө. Россия Президентинин Кыргызстанга мамлекеттик визити 2019-жылдын март айынын аягында болоору күтүлүүдө», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр ...

0 186

Сооронбай Жээнбеков министр Улукбек Кочкоров менен мамлекеттик социалдык кызматтарды көрсөтүүнүн автоматташтырылган системасын ишке ашыруу маселелерин талкуулады

24-январь 2019, 09:06 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-январда өлкөнүн эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровду кабыл алды. Эмгек жана социалдык коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын талаптарын ишке ашыруу маселелери талкууланды. Министр мамлекеттик социалдык кызматтарды көрсөтүүнү автоматташтырууну ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берди. Президент Сооронбай Жээнбеков «Санариптик Кыргызстан» бирдиктүү санарип платформасынын жана ведомстволор аралык электрондук «Түндүк» системасынын негизинде мамлекеттик социалдык кызмат көрсөтүүнүн ...

0 468

Сооронбай Жээнбеков министр Улукбек Кочкоров менен мамлекеттик социалдык кызматтарды көрсөтүүнүн автоматташтырылган системасын ишке ашыруу маселелерин талкуулады

23-январь 2019, 16:11 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-январда өлкөнүн эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровду кабыл алды. Эмгек жана социалдык коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын талаптарын ишке ашыруу маселелери талкууланды. Министр мамлекеттик социалдык кызматтарды көрсөтүүнү автоматташтырууну ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берди. Президент Сооронбай Жээнбеков «Санариптик Кыргызстан» бирдиктүү санарип платформасынын жана ведомстволор аралык электрондук «Түндүк» системасынын негизинде мамлекеттик социалдык кызмат көрсөтүүнүн ...

0 279

«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

23-январь 2019, 09:10 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 6-декабрында кабыл алынган. Кабыл алынган Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамынын ченемдериндеги карама-каршылыктарды, кемчиликтерди жана боштуктарды жокко чыгаруу, Евразия Экономикалык Биримдигинин укуктук ченемдик актылары менен гармонизациялоо жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ...

0 390

Сооронбай Жээнбеков УКМК төрагасы Идрис Кадыркуловду кабыл алды

22-январь 2019, 16:52 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-январда өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы Идрис Кадыркуловду кабыл алды. УКМКнын өткөн жылдагы ишмердигинин натыйжалары, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы жана 14-декабрындагы чечимдерин ишке ашыруунун алкагында коюлган тапшырмаларды аткаруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды. УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов Кыргызстан жарандарынын коопсуздугун камсыздоо, ички жана тышкы коркунучтарга, эл аралык терроризмге жана диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча ...

0 291

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын парламентинин депутаттары менен жолугушту

22-январь 2019, 08:27 Кызгалдак Жакыпова

Үстүбүздөгү жылдын 21-январь күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын парламентинин депутаттары Джевдет Йылмаз жана  Лютфи Элванды кабыл алды. Президенттик Аппараттын тараткан расмий маалыматтарына ылайык, бул жолугушууда 2018-жылдын сентябрь айында Бишкекте болуп өткөн Кыргызстан-Түркия жогорку жетекчилеринин стратегиялык кызматташуу боюнча кеңешинде макулдашылган маселелерди ишке ашыруу жумушу талкууланды.  Бул талкууланган маселелердин негизгилери болуп соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу, маданий жана билим ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 383

Ломбарддардын иштөө тартиби өзгөрдү

21-январь 2019, 09:08 Кызгалдак Жакыпова

Ломбарддардын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизилди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Ломбарддардын иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 22-ноябрында кабыл алынган.  Мыйзам «Ломбарддардын иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин жоболорун Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 341-беренесине ылайык келтирүү максатында кабыл алынган. Ага ылайык эгерде зайымчы белгиленген мөөнөттө зайымды тындырбаса, ...

0 406

Төрага Дастанбек Жумабеков менен Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ха Таёк эки өлкө ортосундагы кызматташтык маселесин талкуулады

19-январь 2019, 09:37 Айдар Нуралиев

18-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Корея Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ха Таёкту кабыл алды. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы ар тараптуу кызматташтыктын азыркы абалы жана байланыштардын келечеги тууралуу пикир алмашты. Төрага Дастанбек Жумабеков саясий байланыш жана парламенттер аралык кызматташтык жогорку деңгээлде өнүгүп жатканын белгилеп, бул ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83