www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аналитика
0 240

 Атамбаевди колдогон кишилер болду беле?

18-ноябрь 2019, 12:13 Темирлан Келдибеков

Атамбаевди колдогон кишелер көп эле, бирок көпчүлүгү анын көчүгүнө суу куяп келатат: Эмил Каптагаев, Атамбаевдин Ысык –Көл облусундагы губернатору, - Эмилбек мырза Атамбаевди жамандаса асман жарылып кетет. Каптагаев 2010-жылы- Убактылуу Өкмөттүн президенттик аппараттын жетектеп турганда Убактылуу Өкмөттүн биринчи премьер-министри  Алмазбек Шаршенович  болгон. Каптагаевге ушул кишиден сак болуңузчу деген көп эле билдирүүлөр бар эле. Каптагаев ынанган эмес, Атамбаев келсе гана Кыргызстан өсөт ...

0 230

Мен миң ирет митингге чыксам да, бийлик бригадирликти да бербейт, кээ бирөө бир жолу митингге чыкты эле, бийлик губернаторлукту берип жиберет

18-ноябрь 2019, 10:54 Темирлан Келдибеков

Турмуш өзү айланып келет. Дооронбек Садырбаевди ким билбейт, ал киши чындыктын өзү болгон, чындыкка каршы кишинин душманы болгон. Бир учурда дайыма Жантөрө мырзанын жетегинде жүргөн  “куурчактар” эми өз алдынча башкарууга деле жарай алган жок. Анткени, “кукловоду” Атамбаев ал бир убакта бийликти чоюп отурбадыбы отурбадыбы.  2007-жылы Жантөрө Сатыбалдиев бийликке келген.Бакиевдик бийликтин убагында Дооронбек Садырбаев айткандай: “ Мен миң ирет митингге чыксам ...

0 134

Маалымат «королдору»: Ким маалымат майданын тейлей алат?

16-ноябрь 2019, 17:51 Темирлан Келдибеков

Көп заманда,  элге туура эмес мамиле кылып келген Жыпар Жекшеев туура кылды, ал КТРКнын Байкоо кеңешинин жетекчилигинен  кетти. Бул “Лёдь тронулся” –деген кепке алып келет. Жекшеев кезинде Акаевдин туусун көтөрүп аким болгон, анан “чиновник” болуп жүрүп эскирген. Кеп анда эмес, бүгүн Атамбаев “бөк десе өк этип, бүк  десе  бүк эткен” “хамелеондордон” кутулуш керек. Туурасы ”фейк” же жалган дүйнөсү катары биздин мамлекетти курчап алгандардан ...

0 917

Эл ун кымбаттады деп кайгырып жатса, миллиарддардын ээси өкмөт башчыларынын балдарына баары бир

16-ноябрь 2019, 17:23 Темирлан Келдибеков

121 млрд 145  млн. сом  мурунку Атамбаевдин премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин арестке алынган машиналары гана, үйүнүн эсебин айтсак дагы ашып кетет. Бул дүнүйөлөрдү Сатыбалдиев тиги дүйнөгө ала кетмек беле, өлсө ал деле нанга жетпей жүрүшкөн  адамдарга окшоп, жылаңач бир кепин менен кетет. Жантөрө Сатыбалдиев камакка алынарда Кыргыз курортологиясына эс алганы жатат, кызыгы, эч нерсеси жок пенсионерлердей бюджеттин эсебинен бекер ...

0 106

Бүгүн майрам, бүгүн той: Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев, туулган күнүңүз менен Сооронбай Шарипович

16-ноябрь 2019, 10:35 Темирлан Келдибеков

Аскар Акаев 1944-жылы туулган, 2005-жылы алтымыш бир жашында бийлик менен  ыйлап коштошкон. Курманбек Бакиев 1949-жылы туулган, 2010-жылы бийлик менен алтымыш бир жашында “красиво” коштошкон. Роза Отунбаева 1950-жылы туулган, 2011-жылы алтымыш бир жашында бийлигин өткөзүп берген. Алмазбек Атамбаев  1956-жылы туулган, алтымыш бир жашында 2017-жылы бийлигин өткөзүп берген. Алтымыш бир жашка толгон Сооронбай Шарипович Жээнбековду ...

0 203

Элди башкарууну мага окшогон кеӊкелеске ишенип берип койгон экен

16-ноябрь 2019, 08:43 Темирлан Келдибеков

Аз бирок саз, катуу уктаган экемин. Жоготкон тʏштѳрʏмдʏ эстеп кѳрѳйʏн десем, кумдай чачырап кетиптир. Кол шилтеп койдум да, Шолом-Алейхемдин "Коммивояжерын" окуй баштадым. Кызыктуу жазылган китеп экен, бирок бары бир еврейдин жыты жыттанып турат. Китеп окуп жатканым менен кѳӊʏлʏмдѳ кѳксѳгѳн оюмдун бары ал жѳнʏндѳ, канчалык китепти кунт коюп окуганга аракет кылганым менен, эмне окуп жатканым ѳзʏмѳ тʏшʏнʏксʏз болуп турду… Ж. ...

0 827

Текебаев абактан бошоор менен бийликти даңазалап кирген, эми ким менен кызматташат?

16-ноябрь 2019, 07:31 Темирлан Келдибеков

Жашаймын түбөлүккө Муканбет дос Дайыма жарык чачкан күнүм белең Сен барда жалаа жок да, үйүм кенен. Жашаймын сени менен Муканбет дос, Түбөлүккө картайбаган сүйүүм менен.   Кайырма: Кыялдарга батам түркүн Муканбет  дос мага сүйкүм. Бүт  өмүргө шерик болуп, Мен бошогон ошол бир күн. Оо, премьер өмүрлөшүм, Мени бошоткон көңүлдөшүм, Сен бар үчүн бактылуумун.   Атамбаевдин эч нерсе эмес камаганы, Атымды булгап мени жамандады. Апирист Маевский досу экен, Ал жакта толуп турат амал дагы. Кайырма: Кыялдарга батам түркүн Абылгазиев  мага сүйкүм. Бүт  өмүргө ...

1 493

Зулпукаров парламентке кайсы партия канча пайыз менен өтөрүн билеби?

15-ноябрь 2019, 08:44 Темирлан Келдибеков

Тизме түзүү алдында парламентке жарыша турган партиялар чогулуп алышып тизме тактап жатышат: - Конституция боюнча 50 пайыздан ашпайбыз, мыйзамды сактайлы «Биримдик» партиясына  50 пайыз! –дейт Төрөбай Зулпукаров. - «Республикагачы?» -дейт Өмүрбек Бабанов эки жагын алаңдап карап. - «Өнүгүү-Прогресс» партиясы менен биригип 20 пайыз, жасалма оппозиция болосуңар! - «Бир бол» партиясыначы? -деп суроо берет Алтынбек Сулайманов. - «Улуттар Биримдиги» менен ...

0 282

Экс-президенттер: Атамбаев камакта “махабат” катын жазып отурат, Назарбаев согушкандарды жараштырууда

14-ноябрь 2019, 11:31 Темирлан Келдибеков

Беш жылдан бери тытышып келаткан бир тууган орус-украин мамилесин жөнгө салуу үчүн Норман форматы түзүлгөн. Бүгүн саясатчылар Норман форматы тууралуу кеп кылып да жатышат. Деги булар эмнени түшүндүрөт? Азуулуу саясатчылар эле эмес, карапайым эл да бул эмне экенине кызыгып жатышкандай.   Норман форматы Норман форматы 2014-жылдын 6-июнунда Нормандияда Франция, Орусия, Германия жана Украина мамлекеттердин ортосунда түзүлгөн. Крымдагы жана Чыгыш Украинадагы Донбасс, Лугансктагы окуяларды ...

0 317

Мадумаров жаңы революциянын “Ленини” болгону калганбы?

13-ноябрь 2019, 12:05 Темирлан Келдибеков

Мадумаров 7 пайыздык парламенттик тосмодон өтпөй калган, эми 9 пайыз ага өтө оор болуп калат окшойт. 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо Адахан Кимсанбаевич 7 пайыздык тосмого чукулдап барып, парламентке өтө албай калган. 2011-жылы Мадумаров президенттик шайлоого аттанат, Адахам Кимсанбаевичтин күчү күч экен, Камчыбек Ташиевди бир аз артка калтырып, лекин Алмазбек Атамбаевге алдырып, экинчи орунда келген. Үчүнчү ирет 2015-жылы Кыргызстанды титиреткен олигарх Аскар Салымбеков ...

0 333

Чындык караны кара дейт, акты ак дейт: Акматбек Келдибеков, Алмазбек Атамбаев

13-ноябрь 2019, 14:30 Темирлан Келдибеков

Кыргыз элинде “Кыңыр иш кырк жылда билинет” деген сөз бар. 2013-жылы Миллерге Кыргыз газын 1 долларга  саткан учур болгон. Кыргыз эли түшүнгөн жок, айтайын десе оозу бүтөлү. Эмнеге бекер бербейт, же 1000 долларга сатып, өтө жакырга жардам берилбейт? Бирок, кыргыз элинин оюн түшүнгөн, буга чейин парламенттин спикери катары көп түйшүктүү көйгөйлөрдү чечип келген Акматбек Келдибеков  элдин оюн түшүнүп, парламенттин бийик ...

0 1330

Текебаев "мыйзамдагы ууру" Камчы Көлбаев менен кошуна

13-ноябрь 2019, 13:57 Темирлан Келдибеков

Парламентти өз жайытындай сезип калган эл өкүлү Өмүрбек Текебаев бийликтегилерди кезек менен коркутуп, криминалдар менен күрөшөм деп 2010-жылы шайлоодон өтүп келген. Ал парламент отурумунда ИИМдин жетекчилерине өкүм сүйлөп, кримавторитет делип жүргөн Камчыбек Көлбаевдин Кырчын жайлоосуна барып депутаттар менен кошуна боз үйдө конок болгонун сындап, "эмне, биз менен атаандашкысы барбы анын?!" деп жаны кашайган. Албетте, кантсе да укукту жадыбалдай окуп, ...

0 325

Өкмөт башчысынын уулдары кандай жашашат?

12-ноябрь 2019, 15:04 Темирлан Келдибеков

Өз мекенин сатып, каршылаш мамлекетке уялап кеткен Илья  Медведев - Орусия  Федерациясынын премьер-министри Дмитрий Медведевдин жыйырма төрт жаштагы  уулу. Медведев АКШнын жараны, АКШ болсо Орусияны душман катары көрүп Орусиялык жарандарды кара тизмеге алып, камап келатат. Таң калычтуусу, Орусиянын өкмөт башчысы Медведевдин уулун кармамак түгүл мыкты бизнесмен кылып алышкан же Трамп менен ЦРУ аны билбейт дейсиздерби?

0 328

Унпуруш депутаттар ундун баасынын көтөрүлүшүнө кызыкдарбы?

12-ноябрь 2019, 10:23 Темирлан Келдибеков

Ундун наркынын өсүшү кыргыздын бай катмарына эмес, кыргызстандыктардын 90 пайызын түзгөн орто жана жакыр катмарына түздөн-түз келип тишине тийип жатат. Парламентте дээрлик бирин-экин орто катмарлардан болбосо, калганы Атамбаевдин аркасы менен депутат болуп келишкен кыргыздын чириген байлары. Парламент депутаттарды элдин камын ойлогон жок, алар өз капчыктарын ойлошуп, ун тармагына болгон салыктык жеңилдетүүлөр аркылуу 650 миллион сомду бөлдүрүп алышкан. Кана жыйынтыгы? ...

0 472

Премьер Абылгазиевди туугандарынан, бийликти күрт жээни, Бабановдон сакта!

12-ноябрь 2019, 07:11 Темирлан Келдибеков

Кыргыз элин “светтин” өчкөнүнөн сакта, Евросоюзга Киевдин көчкөнүнөн сакта! Террорчулардын жаман огунан сакта, Бийликти күрт жээни, Бабановунан сакта! Атамбаевди “чачылгандан” сакта, Сапар Исаковду сатылгандан сакта! Зилалиевди миллиондогон пачкалардан сакта, Сатыбалдиевди 100 миллиард сомдук “тачкалардан” сакта! Текебаевди шайлоодо добуштан сакта, Трамп менен НАТОну орустан сакта! Мигранттарды скинхэд, такырлардан сакта, Мусулмандарды баптист, капырдан сакта! Митинг десе жолотпой куугандардан сакта, Премьер Абылгазиевди туугандардан сакта! Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

0 461

Өзбектерди ОшМУдан окутуп коррупция жыттанган Каныбек Исаков аткарылбас убадаларды берип жибердиби?

11-ноябрь 2019, 13:09 Темирлан Келдибеков

Билим берүү министри Каныбек Исаковдун коррупция менен күрөшүүгө моралдык укугу барбы? Эң коррупцияга баткан университеттин ректорунун министр болгону туурабы? Каныбек мырза, Ош мамлекеттик университетин жетектеп турганда 2019/20-окуу жылына кабыл алууда 1-класстан баштап латын алфавитинде окуп, орто мектепти аяктаган өзбекстандык 1500гө жакын абитуриенттерди ОшМУнун медицина факультетине кабыл алган. Бул факты аталган жогорку окуу жайда коррупция гүлдөп жатканын түшүндүрөт. Ар бир өзбекстандык ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 614

Текебаев Рыскелди Момбеков сыяктуулардын деликатес тамактарына эттенип баратабы?

11-ноябрь 2019, 11:31 Темирлан Келдибеков

Атамбаев жөн жерден шорлотуп, камактын “шорпосун” татып келген  Өмүрбек Чиркешович Чотонов менен чиркелип алып, тамактын жаагын айрып жүргөндөй. Отуз жылдан бери  кыргыз саясатына белчесинен баткан Текебаев камактан чыккан соң Нельсон Мандела, Сальвадор Далиге айланып кыргыз саясатынын бүркөк жерлерин ачып, кызуу кандуулук менен кайрадан саясаттын “олимпине” чыгат деп болжоп келинген. 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо Атамбаевдик бийлик канчалык бут тоспосун ...

0 265

97 пайыз кыргыз жашаган облустун борборунда 80 пайыз орус класстар барбы?

11-ноябрь 2019, 10:09 Темирлан Келдибеков

Кыргызстанда абдан көйгөйлүү маселелер туулуп жаткан. Ачык нерсени жаап салууга болбойт, ал эмес президент Сооронбай  Жээнбеков күйгөнүнөн белгилеп жаткандай, ата-энелер өз балдары менен кыргыз тилинде сүйлөшпөй калды деп. 2019-жылдын 23-сентябрында президент Жээнбеков мамлекеттик тил майрамына арналган салтанатта олуттуу билдирүү жасап, кыргыз тилинин өлкөдөгү абалына, анын статусуна, мындан ары өсүп-өнүгүшүнө өзгөчө маани берип, бул багытта абалды өзгөртүү үчүн ...

0 455

Убактылуу Өкмөт: Атамбаев камалганы ага ыктай баштады

06-ноябрь 2019, 09:04 Темирлан Келдибеков

Жакында президент Сооронбай Жээнбеков Убактылуу Өкмөттү тобу менен чакырып баарлашкан. Анткени Алмазбек Шаршеновичке бийлик алып келгендер  ал президент болгон соң анын командасынан запкы жешкен. Бирок, тагдырдын тайкылыгын кара, учурда абактан үй камагына бошотулган Өмүрбек Текебаев кечээ аны каматкан Атамбаевге жан тартып тургансыйт, бул саясий жүрүш каякка алып барат?.. Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

0 924

Атамбаевдин камакта да бир Бабановдук алы бар

05-ноябрь 2019, 11:08 Темирлан Келдибеков

Атамбаевдин заманында супер жасакерине айланган Бабанов деген парламенттик “желдет” бар. Калп айтуу боюнча абсолюттук чемпиондон өйдө Бабанов, жалган убадаларды берип жатса, эч ким чыдап тура албай ага добуш салып жиберет. Атамбаевдин заманында эле Бабановдун айткан калптарын эсептесек кырк эшекке жүк болот. Атамбаевдин жасалма оппозициясына айланган Бабанов элди алдоонун устаты катары, ар бир айылга спорттук комплекс куруп, көпчүлүк айылдын мектептерин ...

0 1873

Аскар Салымбековду Улуу Британиянын ханышасы Елизавета эмнеге чакырып жатат?

05-ноябрь 2019, 09:36 Темирлан Келдибеков

Аскар Салымбеков кайда? Бразилия, Сеул, Лондондо. Эмне кылып жүрөт? Кыргыз футболун, өстүрөм деген ойлордо. Ханыша Елизавета, чакырып калат тойлорго. Камчыбек Жолдошбаев кайда? Ак үйдө, Көк үйдө, көмүрүндө. Депутаттар автобуска түшсө урушат, көңүлүндө. Анткени, автобуска түшпөптүр өмүрүндө. Жеке ишкер, Аскар Салымбеков Улуу Британиянын ханышасы Елизавета llнин Рождество кечесине барат. Бул туурасында ал өзүнүн Инстаграмм баракчасына жазды: “Ханыша Елизавета llден Рождество ...

0 749

Элден жийиркенип, чоңдор жүздөшүүдөн ичиркенген Атамбаев катуу ойлоно баштадыбы?

04-ноябрь 2019, 11:15 Темирлан Келдибеков

Мамлекеттик бийлик колунда турганда ал жийиркенген жалпы элди мындай коёлу, депутат, министр, губернаторлор жолугуудан ичиркенип турган  Алмазбек Шаршенович же эми гана катуу ойлоно баштаганбы: «Мен кадр маселесинен жаңылдым» -деп башын муштагылап жатат дейт. Ал мамлекет башында турганда ага атаандаш маалыматтардын Атамбаев кадр саясатынан жаңылып жатат деп кан-какшаганы кулагынын тышынан кетип, «ушак» деген символикалуу ат коюп койчу. Журналисттерди, алардын ичинде ...

0 764

Жээнбековдун туулган күнү жакындап келатат, кошоматчылар компоюп унчугушпайт

04-ноябрь 2019, 09:35 Темирлан Келдибеков

Сооронбай Шариповичтин президент болгонуна көздү ачып-жумгуча эки жылдан ашык убакыт өтүп кетти. Жээнбековдун 2019-жылдын 16-ноябрында 61 жылдыгын өткөзбөй эле коюшубуз керек. Акаев менен Бакиев маараке өткөзөбүз дешип, 61 жашында оңкосунан кетишкен, Атамбаев менен Отунбаева 61 жашында президенттикти өткөзүп берди. 2019-жылдын 16-ноябрында бийликтин жаңыдан кызыгын көрө баштаганда Жээнбеков да 61 жашка толгону жатат. Негизи кыргызда алтымыш бир жаш символикалуу, дайыма ...

0 288

Өнүкпөй калган "Өнүгүү"...

02-ноябрь 2019, 15:05 Айдар Нуралиев

Кыргызстан парламенттик башкарууга кадам таштоо менен партиялык системанын күч-кубат алышына шарт түздү. Саясий амбициясы бар акчалуу, элге төбөсү көрүнгөндөрдүн көбү 2010-жылдан кийин бирден партия түзүп саясатка аттанышты. Мына ошолордун катарында Бакыт Төрөбаев да бар. Алгач "Республика" партиясынан депутат болуп келген Төрөбаев өзү бий, өзү кожо болууну эңсеп, өзгөлөрдөй эле амбициясын тизгиндей албай "Өнүгүү-Прогресс" партиясын түзүүгө жетишти. Партиялык  түзүлүштү изилдеп, ...

02-ноябрь 2019, 15:05 | 288
0 4517

Рысбекти көргөндө өң-алеттен кетип, кан кусуп, шымына сийип жиберген Бабанов кимдерди бириктирген жатат?

29-октябрь 2019, 13:09 Темирлан Келдибеков

Учурдагы бийликке каршы аттанышып, кичинекей болсо да көнгөн “истеблишменттин” бекер тамагын жалап калалы деген түбөлүк  номенклатуранын адамдары бириккени туру. Анткени, булар бирден парламенттик шайлоого барышса жолдон “бөрүлөр” жеп койчудай. Тарыхка кайрылалы, 2005-жылы Бабанов саясатка жаңы аттанганда аны колдоп жүргөн Айдар Акаев ата, мамасы менен бийлик менен кош айтышпай Москвага кетет. Бабанов Айдар Акаев менен достугун үзөт. Президенттикке талапкер катары ...

0 3983

Таластагы салгылашуу ааламдагы эң ири он салгылашуунун бири болуп эсептелеби?

28-октябрь 2019, 14:29 Темирлан Келдибеков

Таң калса болот, Таластагы салгылашуу тууралуу угуп эле жүрөбүз, ал Азияда эле эмес, Евразияда да эмес, тарыхтагы эң ири он салгылашуунун бири деп эсептелет экен. Бала кезден тарыхка үңүлүп, окуу китептеринен Таластагы салгылашуу тууралуу бир ооз кеп тапчу эмеспиз. Тарых боюнча Римди баш ийдирген Адил атабыз (Атилла) басып алганын, Муз үстүндө орустар менен крестчилердин ортосундагы салгылашууну, Куликовдогу ...

1 560

Өкмөт башчысы Мукан Абылгазиев кайсы партияга мүчө?

28-октябрь 2019, 10:00 Темирлан Келдибеков

2007-жылдан баштап бир округдан бир мандат алгандан партиялык системага өткөнбүз: Игорь Чудинов, “Ак Жол”; Данияр Үсөнов,  “Ак Жол”; Алмазбек Атамбаев, КСДП; Өмүрбек Бабанов, “Республика”; Жантөрө Сатыбалдиев, “Өнүккөн Кыргызстан”; Жоомарт Оторбаев, “Ата-Мекен”; Темир Сариев, “Ак Шумкар”; Сооронбай Жээнбеков, КСДП; Сапар Исаков, КСДП; Мухаммедкалый Абылгазиев? Эми ар бир өкмөт башчысына ...

1 724

Кайсы партия  парламенттик шайлоодо жеңишке жетишет?

28-октябрь 2019, 10:53 Темирлан Келдибеков

 2020-жаңы жылдын алдында партия лидерлери  Зулпукаров, Текебаев, Сулайманов үчөө келатышса Аяз ата казылган чуңкурда отурат дейт. - Бул чал эмне бул жерде отурат? – дейт кээ бир министрлерди фракция лидери катары өзү дайындап, мансапка көзү тунарган Алтынбек Сулайманов. - Партияң «Бир бол» аталганы менен, элди бириктире албайт экенсиң, - дейт Аяз ата. - Бул чал эмне эле деп атат? - ...

0 546

Атамбаев өгөй баласына ишенбей, бизнесин Бельяниновго табыштап келгенби?

24-октябрь 2019, 15:14 Темирлан Келдибеков

Камакта жаткан экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өмүрлүк жары Раиса Атамбаева Теңизбаевадан кийин анын экинчи никеси экенин элдин баары билет. Ошол эле убакта Алмазбек Атамбаев дагы Раиса айымдын экинчи никеси экенин көп адам биле бербейт. Экс-ханайымдын биринчи никесинен кадыресе каруу-күчкө толуп калган уулу бар экени да белгилүү. Экс-ажонун мурдагы шоопуру Икрам Илмиянов «кожоюнунун» алты жылдык президенттик мөөнөтүндө үлкөн чиновникке ...

0 399

Атамбаевдин оозуна айланган Мээрбек Мискенбаев «Рубикон» тууралуу эмне деген?

24-октябрь 2019, 11:13 Темирлан Келдибеков

Атамбаев эмне деп буйруса ошону тоту куштай кайталап оозуна айланган  «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин өкүлү Мээрбек Мискенбаев деген бар. Акаевдин күйөө баласы Тойгонбаевдин гезиттеги үлүшү сот аркылуу конфискацияланууга тийиш эле. Акаев-Тойгонбаев кланы кезинде «Рубикондун» 50% А.Рябушкин менен аялы Г. Рябушкинадан сатып алганын А.Кимдин жактоочулары ырасташкан. Рябушкиндердин үй-бүлөсү гезиттеги өз үлүшү үчүн 300 миң доллар алган экен. Демек Рябушкиндер энчисин толук ...

0 547

Жаңы түзүлгөн партия “Биримдик” кыргыз элин биримдикке жеткире алабы?

24-октябрь 2019, 09:31 Темирлан Келдибеков

Парламенттик шайлоо алдында бийлик партиясы түзүлөт, бул КСДПны кошпогондо кыргыз элине адат болуп калган. КСДП 1993-жылдын октябрында Жумабек Ибраимов, Абдыганы Эркебаев тарабынан Аскар Акаевге “кол бала” партия катары түзүлгөн. Ал эми Акаевдин үй-бүлөсү түзгөн “Алга, Кыргызстан” 2005-жылдагы парламенттик шайлоо алдында  бир ай калганда түзүлсө, Бакиевдин “Ак Жол” партиясы да 2007-жылдагы парламенттик шайлоо алдында түзүлгөн. Жаңы түзүлгөн партия “Биримдик” шайлоого ...

0 240

"Жерүй" шайлоо алдында саясий куралга айландыбы?

23-октябрь 2019, 14:46 Айдар Нуралиев

Кыргызстанда 2020-жылы болчу саясий жарышка даярдык акырындык менен күч ала баштады. Партиялар жана саясатчылар кайрадан электораттын саясий упайына ээ болууга аракеттене башташты. Айрымдары эл менен жолугушууга аймактарга аттанышса, кээ бири эски схема менен иштеп, жарандардын аң-сезимине чабуул жасашууда. Ошондуктан жакын арадан бери саясатчылар алтын кен казуучу жайлар темасын активдүү апыртып жатышканы таң калычтуу эмес. Бул жолу алар "Альянс Алтын" ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 285

Парламенттин, жеке Асылбек Жээнбековдун Бишкек ТЭЦи боюнча күнөөсү барбы?

23-октябрь 2019, 12:07 Айдар Нуралиев

"Фактыларды бурмалоо", "Коомдук пикирдин нугун буруу", "Көңүл буруунун борборун башка бирөөгө буруу" сыяктуу маалыматтык согуш талаасында калыптанып калган "тактикалар" бар экени ырас. Бул "тактикаларды" учурда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин маалыматчылары, тарапташтары эч тартынбастан эле, апачык пайдаланышууда. Мисалы, Атамбаевдин эң жакын адамдарынын бири болгон эл өкүлү Ирина Карамушкина буга чейин парламент отурумунда: "Эмне үчүн Бишкек ТЭЦин модернизациялоого алынган кредиттик келишимди ...

0 428

Парламенттик шайлоо алдында кээ бирөөнө кылмыш иштери жаңырышы мүмкүн

23-октябрь 2019, 11:49 Темирлан Келдибеков

2015-жылы боло турган шайлоодо алдыда келиши же өтпөй калышы мүмкүн лидерлер кимдер: Алмазбек Атамбаев, КСДПнын лидери: 2015-жылкы парламенттик шайлоодо 432 миң 846 добуш же 27,56 пайыз менен 38 мандат алып биринчи орунда келген. Бул шайлоо алдында КСДП экиге бөлүнүп кетти. КСДПнын бир жагынын лидери Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн кылмыш иштери козголуп жатат жана жоопкерчиликтен кутулуп кетиши күмөн. Дагы бир КСДПнын лидери Сагынбек ...

0 144

Таластагы "таза суу" ишканасындагы "былыктар"

23-октябрь 2019, 10:02 Айдар Нуралиев

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын 21 шаарында "Таза суу" программасы боюнча учурда 193 миллион еврого долбоорлор ишке ашырылып жатат. Мамлекеттик   бюджеттен 2019-жылга   калкты   ичүүчү таза суу менен камсыздоого 350 миллион сом каралган. 2018-жылы 250 миллион сом, ал эми 2014-жылы 25 миллион сом гана бөлүнгөн. Канчалык акча көп болгон жерде, ошончолук алкымсоолук же коррупциялык   иштер,   кала берсе кай бир кызыкчылыктар үчүн  кайым ...

0 462

9 пайыздык босого 2015-жылы болгондо азыр кайсы партиялар ЖКда отурмак?

22-октябрь 2019, 15:05 Темирлан Келдибеков

Мурун 9 пайыздык босого болгондо: КСДП 44, «Республика — Ата-Журт» — 34, «Кыргызстан» — 24, «Өнүгүү-Прогресс» — 18 мандатка ээ болушуп, ал эми «Бир Бол” менен «Ата Мекен» ЖКга өтпөй калмак. Грузияда парламентке өтүш үчүн босогонун баарын алып салды, Кыргызстанда болсо Атамбаевдин ой-сунушу менен 7 пайыздан 9 пайызга көтөрүлгөн. Кызыгы, Атамбаевдин бул сунушу өзүнүн СДПК партиясына ушул шайлоодо жолтоо болот. ...

0 706

Автономдуу каталондуктар менен автономия алабыз деген оштук өзбектердин кандай өзгөчөлүктөрү бар?

22-октябрь 2019, 12:45 Темирлан Келдибеков

Алгач Испания менен Кыргызстандын айырмачылыгын байкайлы. Испания 46 миллион калкы бар, бир жыныстуу никеге уруксат берилген мамлекет. Мындайча айтканда Испанияда эркек менен эркек, аял менен аял үйлөнө берет. Испания Англиядан мурун деңизди өзү ээлеген, Латын Америкасында португалиялыктар басып алган Бразилиядан башкасын испандар басып алган. Арабдар ислам динин жайылтып жатканда Испанияны басып кирген, бирок Европа ойгонуп кетип, мусулмандарды ...

0 873

Күнөөлүүлөрдү дайындайт: Атамбаев менен Сапар Исаков күнөөлүүлөрбү же “дайындалгандарбы?”

21-октябрь 2019, 12:19 Темирлан Келдибеков

Байыркы Римде Калигула деген император болгон. Мамлекет башчысы каалаган адамына күнөө тагып, көзүн тазалап, каалаган адамын маскаралап, шылдыңдап койчу экен. Адамдарга караганда акылдуу деп өзүнүн минген атын сенатка депутат кылып отургузуп койгон. Аны аты эмне мыйзам чыгарганын ким билет, бирок сенатка кадимкидей катышып, айлыгын алып турчу экен. “Күнөөлүүлөрдү дайындаган” балким андан мурун башталгандыр, бирок Калигула “Күнөөлүүлөрдү дайындаганды” сүйчү экен. Алмазбек Атамбаевдин ...

0 1500

Кышында светтер эртең менен, кечкисин, күнүгө эки маал өчүп турат деген кеп тарады, каңшаарбы же...

18-октябрь 2019, 12:29 Темирлан Келдибеков

Тажикстанда авторитардык режим, ошондуктан бийликтегилери светтерин чет мамлекетке сатып байышса, карапайым элинин светтери маал-маалы менен өчүрүлүп турат. Бизде парламенттик бийлик, светтин өчүп-өчпөгөнүнө премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жооп бериш керек. Эгер жарык өчө турган болсо, анда кыжырданган эл Абылгазиев эмес балакет болсо да  өкмөт башынан алып түшөт. Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдан бери бийликте, үчүнчү жылга аяк басты. Аста секин келатат, 2016-жылы Казакстандан ...

0 1826

Мирзиёев чиновниктерине тойго баруусуна тыюу салды, кыргызда аткаминерлер тойго көп барат

17-октябрь 2019, 14:28 Темирлан Келдибеков

"Бардыгы бирдей той берет. Эгер бир жетекчи, аким, прокурор, салыкчы норманы буза турган болсо, ошол күнү түрмөгө камайм, көрөсүңөр. Бапыратып үйлөнүү үлпөт той берүү үчүн акчаны кайдан алып жатат? Мунун бардыгы уурдалган акча! Тойго 110-120га чейин гана киши чакырылат. Эң көп дегенде 150 киши келип, ал дагы атайын комиссиянын уруксаты менен болот. Башкача той болбойт", — деп президент сөз ...

0 2051

Экс-премьердин артист жубайы ректор болгону менен, чет элдик студенттер керебет талашып мушташууда

17-октябрь 2019, 12:44 Темирлан Келдибеков

 “Артистти аялым дебе, шопурду күйөм дебе”, –деген сөз бар. Артистти ректор да кылбаш керек экен. Кубанычбек Жумалиев Акаевдин өкмөтүн башкарып соргон акчаларына бизнес жасап, валюта алыш үчүн пакистандыктарды көптүрүп, Бишкекте медициналык университетти ачкан. Анан тааныштыкка салып анын ректорлугуна өзүнүн койнунда жаткан жубайы, аткаруучулугу менен элге таанылган Роза Аманованы коет. Роза Аманова сахнага обон созуп кетип, бул университетте ...

0 2428

Элчилердин айлыгы бир райондун мугалимдерин чогултуп келгендеги бир айлыгыбы?

17-октябрь 2019, 12:28 Темирлан Келдибеков

Өзгөчө жана атайын ыйгарым укуктуу элчи Болот Отунбаев 2019-жылы айлык маяна түрүндө   3 432 793,7  сом алган жана айлык акыларынын деңгээли боюнча элчилердин жана консулдардын сап тизмесинде биринчи орунду ээлейт. № Аты-жөнү Айлык акы  Башка кирешелер  Кыймылдуу мүлкү Кыймылсыз мүлкү 1. Отунбаев Болот (АКШ, Канада)  3 432793    -      Toyota Land Cruiser, 2008-жылы чыккан, V-4.7  Үй — 160 ...

0 1017

Бир үй-бүлөдөн 3 депутат болгон учур кыргыздарда болгон

16-октябрь 2019, 16:02 Темирлан Келдибеков

Учурунда Апсамат Масалиев парламент депутаты болуп турганда, анын уулу Исхак Масалиев жана күйөө баласы Эркинбек Матыев, дээрлик бир уядан үч депутат бар эле. Орто жүздүн төрөсү Кунанбай баласы Абайга суроо салат экен: -Эй, балам атадан кем туулган уул болот экен, атага тең туулган уул болот, атадан артык туулган уул болот экен. Сен өзүңдү кимисине кошосуң?-деп. -Мен атадан артык туулган ...

0 1619

Кой-Таштагы “баррикадачы” Атамбаевге кимдер мал союп келген?

16-октябрь 2019, 13:50 Темирлан Келдибеков

Жайдын эң аптап учурунда мурунку президент Атамбаев Кой-Таштагы көздүн жоосун алган, Шаки Абдыкеримов куруп берген резиденциясында баррикада түзүп, курчанууда жатканын билебиз. Аны менен кошо бүгүн сагызгандай сайрап, Атамбаевди сатып жаткан “Баатырлар”, ЖК депутаттары, Атамбаевди бийликке алып келип чоң кызмат алабыз деп үмүт эткендер болушкан. Алар эмне ачка жүрүшмөк беле. Кой-Ташта казан болк-болк кайнап, күнүгө бука, жылкы союлуп, аны “коргоочулар” бекер эт, казы-карта, ...

0 505

Көккө сыйынган мээ кайкы Арстан Алай качан ислам динин тутунат?

16-октябрь 2019, 12:19 Темирлан Келдибеков

Теңир-Тоого ислам дини көп ирет келген: 1. Ислам дини жаңы кирип араб халифаты күчүндө турган VII—VIII кылымдарда Мавераннахрга жеткен. Азыркы Кыргызстандын өрөөн, чөлдөрүнө ислам динин кабыл алышып, бул аймактагылар ислам динин ошондон бери бекем тутат. 2. 840-жылы уйгур мамлекетин талкалаган соң, азыркы Кыргызстандын аймагында Карахандардын мамлекети орногон. Арстан хан (840 — 893), Базар хан (893 — 920),  Акуулхан (893—940), 920-жылы ягма уруусунун ...

0 1844

Калыстыктан тайган министр Каныбек Исаков эми жакындарына “Кыргыз Эл Баатырын” берсин

15-октябрь 2019, 14:01 Темирлан Келдибеков

Каныбек Исаковдун мойнуна өкмөттүн “серый кардиналы” Эмил Бузурманкулов минип алып, Оштон сүйрөп министрге алып келген экен. Айласыздан айтылган сөз. Анткени, Билим жана илим министри 23-жаштагы жакынына “кол ийрисине тартып кетип” студенттик скамейкадан турар менен “Жыл мугалимин” алып берип, ага шылтоолоп “Эл агартуу отличнигин” алып бергени анын уятсыздыгы. Эгер калыс, адилет болсо: “Биздин мамлекетте жүз миңдеген мугалимдер армиясы бар. Алардын ичинде ...

0 381

Атамбаевдин Пархати деген “пацан” досу ким деги?

15-октябрь 2019, 13:17 Бакыт Молдалиев

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин “сыйкырдуу”, ары сырдуу бизнес өнөктөшү Субихи Пархатинин кармалышы коомчулукта резонанс жаратты. Себеби, Атамбаевдин коррупцияга шектелип жаткан кылмыш иштеринин бири дал ушул Пархатиге байланыштуу жана анын кармалышы менен эми дагы буга чейин белгисиз болгон көпчүлүк сырлардын ачыкка чыгышы күтүлүүдө. Себеби, Пархати саясатчы эмес. Ага акча үчүн эми Атамбаев эмес, өз башынын эркиндиги кымбат тураарын жакшы ...

0 693

Атамбаевди спикер Жумабеков туурады

15-октябрь 2019, 08:03 Темирлан Келдибеков

Жогорку Кеӊештин спикери Дастанбек Жумабеков үстүбүздөгү жылдын Москва шаарында өткөн 42 километр 195 метрлик дистанциядагы эл аралык марафонго катышкан генерал-майор Кемел Кыязовго энчилүү саат тапшырды. Төрага Дастанбек Жумабеков генерал-майор К.Кыязовду мыкты көрсөткүчкө жетишкендиги менен куттуктады. К.Кыязов 42 километр 195 метр аралыкты 4 саат 1 мүнөттө чуркап өткөн. Жогорку Кеӊештин Төрагасы генерал-майор жаш муундарга мыкты өрнөк болуп келгендигин жана мыкты үлгү ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1069

Мародерсуңар деп  “Ата-Мекенди” шыбап жүргөн Бабанов эмнеге чамгарактап калды?

14-октябрь 2019, 12:13 Темирлан Келдибеков

Бабанов, Зарылбек Рысалиев, Юсупов болуп бирөөлөр оозун тырмагансып “Ата-Мекен” партиясын “мародерсуңар” деп айтып жүрүшкөнүн унутуп калгандай. “Ата-Мекендин” лидерлеринин бири Болот Шер шердигин кылып Бабановго эки ок берип жана “эгер менин мародерлугумду далилдебесең бир ок чекеге барып кадалсын” деген катты жазып жиберген. Бабанов Болот Шердин мародер экенин далилдей алган жок, бирок “Ата-Мекен” партиясынын мүчөлөрү Райкан Төлөгөнов, Турат Мадылбековдордун 2010-жылы 7-апрелинде ...

0 1217

Турдакун Усубалиев эмнеге өз жашын жашартып алган?

14-октябрь 2019, 12:09 Темирлан Келдибеков

Усубалиев 1916-жылдын аягында  1917-жылдын башында  кыргыздар Кытайга үркүп барган мезгилде Сабитахун деген уйгурдун үйүндө туулуптур дешет. Ошондуктан, анын аты Турдакун деп коюшса керек. Кээ бирөөлөр айткандай ал уйгур эмес, Калыгул Бай уулунун небересинин небереси. Кыргызстан КП БКнын биринчи секретары болсо да “өз көлөкөсүнөн өзү коркуп”, бабасы Калыгулдун “Замана” тууралуу жазгандарын чыгаргандан корккон. Михаил Горбачев  кайра куруу желаргысын алып келгенде да ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83