www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аналитика
0 606

Жакындарына кызматтарды таратып берип курсагы ачкан премьер-министр Жалал-Абадка жөнөдү

15-август 2019, 09:17 Кызгалдак Жакыпова

Жалал-Абаддын уйкучу губернатору Кыянбек Сатыбалдиев буюрса жыйында кенен уктап алмак болду. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жакындарын өзгөчө жакшы көрөрү тууралуу дудуктан башкасынан бары кеп кылып жатат. Ал айылдашы, арак десе так секирген, кулкуну чоң Кулматовду өзүнө кеңешчи кылып алган. Бул тууралуу кеп болот. Ал эми миллион долларды кулк этип жутуп коюп, кылмыш иши козголсо да басып коюп, Абылгазиевдин ...

0 2550

Алтынга бөлөнгөн, “Атамбаев деп тост айтпагандарга өлүм” деп кыйкырган Аалы Карашев Атамбаев камалганы думугуп калды

14-август 2019, 09:16 Кызгалдак Жакыпова

“Күн тийген жердин күкүгүнө” айланышкан Карашевдер машиналарын зуулдап айдашып, жөнөкөй адамдарды кумурскадай тебелеп кете беришет. Анткени, Атамбаев барда аларга жоопкерчилик, сот деген болгон эмес. Деги эле Атамбаев эмес, Акаевдин учурунда Тогуз-Торого аким болгон Азим Карашев “Макмалалтындын” алтындарын ээлеп, ошол кездеги Конституциялык соттун өлбөс төрайымы Чолпон Баекова менен кудалашып, калыңына Исанов көчөсүндөгү заңгыраган хансарайларды берген. Чолпон Баекова да ...

0 966

Кош, Москва, уулуң кетти, майданга: Өмүрбек Бабановдун “көмүскө” өкмөтү

14-август 2019, 08:06 Кызгалдак Жакыпова

Өмүрбек Бабанов- президент; Бакыт Төрөбаев – премьер-министр; Баймуратов Калдарбек Шакирович- “серый кардинал”; Турускулов Жыргалбек-спикер; Кубат Болотканов –биринчи вице-премьер; Иминов Фархат-президенттин кеңешчиси; Канат Исаев - Президенттик аппарат жетекчиси; Жээнчороев Мирлан -Президенттик аппарат жетекчисинин орунбасары; Бокоев Кенжебек-Башкы прокурор; Алтынай Өмүрбекова-вице-премьер; Руслан Казакбаев – тышкы иштер министри; Байпакбаев Экмат- өнөр жай, энергетика министри; Мурат Соорбеков- Маданият, маалымат министри; Исаева Динара-Чүйдүн губернатору; Сабиров ...

0 549

Бабанов Бас-Бөлтөктөгү бок-сактан арылмайын иши илгерилебейт

13-август 2019, 09:06 Кызгалдак Жакыпова

Бабанов 2011-2012-жылдары премьер-министр болгон. Анын кол алдында “Республика” фракциясын жетектеген Канат Исаев дегени Бабановдун артын чукулап жүрүп, Бабановго ор казышкан Өмүрбек Текебаев, Камчы Ташиевдер менен биригип аргымагы менен кошо өкмөт башчыдан оодарып салышат. Тагдырдын жазмышыбы же саясатчыларда бет жокпу ушул саясатчылардын бары Бабанов өкмөттөн түшкөн соң бири тандем түзсө, бири партия түзүп, бири колдоп, уялышпай биригип жүрүштү. Бабанов Бас-Бөлтөктөгү ...

0 2416

Бийликтин барын оң канат ээлеп алды президент оң-Адигине, премьер оң –Моңолдор…

13-август 2019, 07:53 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызда бардык уруулар арыш-теркек бийликте болушкан. Азыркы күнү президенти деле, премьери деле оң канат. Башкаларда «бычакка саптуу жигиттер жокпу?» Республикабызда жыйырманчы кылымда гана не деген мыктылар тарыхтын терең тамырында өздөрүнүн түбөлүктүүлүгүн көрсөтө алышты. Калыгул олуя айтыптыр: «Сарбагышка (азыркыча Оң канатка) бийлик удаа келбейт, бирок үзүлбөйт» деп. Исхак Раззаковдон баштап Кыргыз Республикасын кыргыздар жетектей баштады: Исхак Раззаков (1950-1961) ичкилик, Турдакун ...

0 1764

Абылгазиев Кадыржан Батыровдун жакындарын эмнеге өзүнө кеңешчи кылып алды?

12-август 2019, 11:00 Кызгалдак Жакыпова

Абылгазиевдин жердеш байкеси Шамшыбек Медетбеков деген шумпай бар. Бул бир кезде Турсунбек Чыңгышевге жардамчы болуп, анын кыргыздын алтындарын Акаев менен биригип Швейцарияга учак менен ташуусуна  жардамын тийгизген. Ушул алтындардын эсебинен эбегейсиз байлыкка жетип, Чыңгышев экөө кытайдын “Хэнфен” банкын Кыргызстанга алып келишкен. Кыргыздын алтынын эсебинен байыган мульти-миллионер Нарынга губернатор болуп калат. Медетбеков учурунда Кочкор районун кайсап тойбогон ач көз Кулматов ...

0 2293

Атамбаевдин көзүн тазалап коюшу да мүмкүн, бирок бул эч кимге упай алып келбейт

12-август 2019, 10:14 Кызгалдак Жакыпова

Атамбаевдин кийинки тагдыры кандай болот, буга саресеп салып көрөлү: Атамбаевди Бельянинов сыяктуу адамдар сөзгө көндүрүп Орусияга алып кетет. Бул айрыкча Орусия үчүн стабилдүү вариант. Кыргызстандын союздаш катары тынч турганы Орусиянын саясатына туура келет. Арийне, өз башын куткарып аны колдогондорду “тегирменге” салып берип кетип калса колдоочулары андан үмүтүн үзүшүп, бир гана акчасына кызыккандар калышат. Атамбаевдин СИЗОдо жаткан мөөнөтүн улам узартып ...

0 304

Миллионер Зилалиев Атамбаевге таянып кендерди казып алуу үчүн 1542 лицензияны ит бекерге берген, лицензиялардын 179у алтынга байланыштуу

09-август 2019, 11:05 Кызгалдак Жакыпова

Дүйшөнбек Зилалиев 2013-жылдын 25-июлунан 2017-жылдын 25-августуна чейин Геология агенттигин, кийин кайтадан түзүлгөн Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетин жетектеген. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча Зилалиев жетекчи болуп турганда жалпысынан 1542 лицензия берилген. Алардын ичинен: Кенди иштетүүгө — 678; Чалгындоого — 678; Кен байлыктарды издөөгө — 183; Жыйноого — 10 (минералдык, коммерциялык максатта ...

0 1144

“Эки дөө кармашса, ортосунда кара чымын өлүптүр” дейт, Бабанов “эки дөөнүн” кармашынан пайдаланып келе калайын десе камалат экен

09-август 2019, 09:48 Кызгалдак Жакыпова

УКМК саясатчы Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертти. «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Кыргызстандагы акыркы саясий кырдаалга байланыштуу Бишкекке учуп келүүнү чечкен.Партиянын атынан таратылган билдирүүдө президент Сооронбай Жээнбековду жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди маселени тынчтык жана мыйзам жолу менен диалог аркылуу чечүүгө чакырыгы ташталган. Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. ...

0 493

Кыргыздын 24 Баатыры, кимиси татыктуу, кимиси татыксыз?

07-август 2019, 14:29 Кызгалдак Жакыпова

Чыңгыз Айтматов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Төлөгөн Касымбековдор кыргыз элине гана эмес, бүт түрк дүйнөсүнө таанымал белгилүү гений калемгерлер. Тургунбай Садыков, Сабира Күмүшалиева, Асанхан Жумакматов, Дооронбек Садырбаев, Бексултан Жакиев  кыргызга кеңири аты чыккан адамдар. Салижан Шарипов Кыргызстандан чыккан космонавт.Турдакун Усубалиев, Абсамат Масалиев, Исхак Раззаковдор республиканын жетекчилери, Мамбет Мамакеев, Эрнст Акрамов, Миталип Мамытов белгилүү ден соолук жарчылары, Таштанбек Акматов ...

0 374

“Сары баланын” сары күзү же Сапар Исаков да “элдик республика” түзөбү?

07-август 2019, 10:48 Кызгалдак Жакыпова

Атамбаев Кой-Ташта коргонууга алынып, штаб уюштуруп, “Кой-Таш Элдик Республикасын” түзөбүз деп дырылдап жатканда, ой келет экен. Анткени, Кой-Ташта элдик штаб уюштурар менен Кочкордо БНК деген эң арзан тамак бере турган жерге Сапар Исаков да штаб ачкан. Атамбаевден айырмасы Кой- Ташка баргандар Атамбаевке келген бекер этке кокосунан тоюшат. Ал эми Сапар Исаковдун штабына баргандарга эч нерсе жок, бирок БНКга арзан тамак ...

0 283

Дача-СУда эл өлүп жатса, сотка уурдаган мародерлор чыккан

07-август 2019, 09:35 Кызгалдак Жакыпова

“Бүлүнгөндөн бүлдүргү алба” –дейт кыргыздар. Бүлүнгөндөн бүлдургү тургай сотка да талашып алышыптыр. 2017-жылдын 16-январында таңкы жети жарым чамасында түркиялык компанияга таандык «Боинг-747» үлгүсүндөгү жүк ташуучу учак Бишкектин түндүк тарабындагы «Манас» аба майданынын жанына кулап түшкөн. Кырсыктын айынан аба майданынын жанындагы Дача-СУ айылынын 35 тургуну, андан тышкары учактагы төрт учкуч мерт болгон. Кырсыкта куткаруу иштерине ӨКМдин кызматкерлери да ...

0 356

Президент эс алууга кетип, Өкмөттөгүлөр кызмат бөлүштү...

06-август 2019, 15:52 Кызгалдак Жакыпова

«Өгүздүн оюу чөптө, өкмөттүн оюу көптө» дегендей Өкмөт башчысы Мухаммедкалый АБЫЛГАЗИЕВ өкмөттө жыйын өткөзүп,  президент эс алууга кетти эми кандай иштейбиз деп калат: -Кандай иштесек ошондой эле иштейбиз, ар бир иштин өз убагында бүтүшүн каалайм! - дейт алгач сөздү биринчи вице-премьер министр Кубатбек БОРОНОВ алып; -Тажикстан тарап тынчыбай турат, тажиктерге жер берип ...

0 460

Атамбаевчил “Койташская Народная Республика” түзүлсө, Бишкек талкаланабы?

06-август 2019, 12:21 Кызгалдак Жакыпова

“Ойноп сүйлөсө да, ойлоп сүйлөш керек”. Атамбаев нөлөбөй класстын окуучусу эмес, канча жылдан бери саясатта келаткан, анын ичинде алты жыл мамлекет башында болгон. “Койташская Народная Республика”-деп дүүлүгүп калыптыр. Украинадан бөлүнүп Донбасс, Луганск “Донбасская Народная Республика” –ДНР,  “Луганская Народная Республиканы” –ЛНР түзүшөт. Ошол түзүлгөн күндөн баштап бул жерде кан төгүлгөн согуш, канчалаган адамдар бекер набыт болушту. Шаар-айыл бүлгүнгө учурады, адамдардын ...

0 756

Парламенттик шайлоодо эски фракциялардын иши бүтүп, жаңы партиялардын келиши күтүлөт

05-август 2019, 13:59 Кызгалдак Жакыпова

Башкы себеби эски Атамбаевдик партиялар электораттын ишеничтерин актай алышпай, убадаларына турушпай, элдин ишеничинен ажырады. 2020-жылкы шайлоодо дээрлик эски парламенттик партиялар кайра келбей калышы мүмкүн. Бирден санайлы: СДПК –Азыркы бийликтин номур бир атаандашына айланат. Эмитен ал экиге бөлүндү. Бул партиядан көп саясатчылар чыгып кетишти жана шайлоого чейин чыга бермекчи. РАЖ –Эки тең төрагасы болгон. Ташиев 2015-жылдагы шайлоодон соң “Ата-Журтун” өз алдынча алып кетти. Бабанов ...

0 445

Вице-премьер Разаковду парламентте “Тажик тыңчысы” –деп аташкан, премьер Абылгазиевди “Өзбек тыңчысы” деп аташабы?

05-август 2019, 09:38 Кызгалдак Жакыпова

“Кытай кыл менен мууздаса” өзбектер пахта менен мууздамай болду. Кыргызстанга 100 миллион доллар насыя бермей болушту, премьер Абылгазиевдин ага-туугандары мурунку жегендерине тойбой ач калса керек, ал сыймык (гордость) дегенди унутуп жалжайа күлүп, бул акчаны алмай болду. Эскерте кетчү нерсе Мухаммедкалый мурза бир гана Жээнбековдун алдында күлөт. Өзбекстан 100 миллион долларды бекер эле бере коймок беле. “Суу, жер” –деп жыландын тилин кылтыйтты: Суу ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1644

Сапар Исаков эски шефи Бакиев 70 жашка толгондо куттуктадыбы же...

02-август 2019, 15:20 Кызгалдак Жакыпова

Сапар Исаков оригиналдуу саясатчы, анткени ал башка өкмөт башчылары Бабанов, Сатыбалдиев, Оторбаев, Сариев, Жээнбековдон айырмаланып 2010 –жылдын 6 -апрелинде Максим Бакиев менен бирге Вашингтонго учуп кеткен. Кайра келгенде тез өзгөрүлдү. Бийлик алмашып кээ бирөөлөр камалып, кээ бирөөлөр куугунтукталып жатканда Сапар Исаков “суудан таза” чыкты, “тазалыгынан” да, кечээ эле институттун мугалиминен бийлик тарапка Бакиевдер алып келгенине карабастан, Атамбаевдин “любимчик Сапарушкасына” айланды. Логикалык ...

0 1551

Атамбаевдин “мисси” Мискенбаев  Минскини карап мисирейе баштады

02-август 2019, 11:07 Кызгалдак Жакыпова

Путинден шапалак жеген соң Атамбаев менен жубайы Раиса Атамбаева тишин кимге кычыратарын билбей турган. Кыргызстандын экспрезиденти Курманбек Бакиев 70 жашка чыгып, анын мааракеси менен куттуктап «New TV» жана «NUR TV» телерадиокомпаниялары чыгышкан. Атамбаевдин “ишенген кожосу” Путин эми башка адамдын “ишенген кожосуна” айланган. “Атамбаевдин иши Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында чечилүүгө тийиш”, - деп белгилеген президент Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун жашоочулары менен ...

0 1185

Путин “браты” бир аз эмдеп койсо керек, Атамбаев оозунан сөз түшүп экспрезиденттерге сөз ыргытып калыптыр

01-август 2019, 14:52 Кызгалдак Жакыпова

Атамбаевдин “ишенген кожосу” Путин “Тынчтан”дегенден бери тынчтанып баратат. “Атамбаевдин иши Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында чечилүүгө тийиш”, - деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун Панфилов районунун жашоочулары менен болгон жолугушууда элдин суроосуна жооп берип. Алмазбек Атамбаев Жээнбеков жөнүндө эмес 2010-жылга чейинки мамлекет башчысы Курманбек Бакиев тууралуу тасманын Кыргызстандагы телеканалдардан көрсөтүлүшү боюнча комментарий берди. Ал Кой-Таштагы үйүндө, “элдик штабда” чогулган тарапташтары менен жолуккан ...

0 2887

Жээнбековдун комментарийине Атамбаев жооп берди,бирок Бакиев жөнүндө, Путиндин Орусияга кетип кал дегенине көнсө керек

01-август 2019, 15:00 Кызгалдак Жакыпова

Атамбаев 2007 - жылы Бакиевдин өкмөт башчысы болгон. Азбы, көпбү иштеген бирок мурунку президенттик аппарат жетекчиси Медет Садыркулов “Бул иштебей эле ар кимден бир нерсе доолап жүрөт экен” дегенинен улам кызматынан четтеттип салган. Бүгүн экс президент Алмазбек Атамбаев 2010-жылга чейинки мамлекет башчысы Курманбек Бакиев тууралуу тасманын Кыргызстандагы телеканалдардан көрсөтүлүшү боюнча комментарий берди. Ал Кой-Таштагы үйүндө, “элдик штабда” чогулган тарапташтары ...

0 1929

Атамбаев Путиндин сөзүн угуп,  Орусияга барып тынч жашап калабы?

Путинге да Кыргызстандын стабилдүүлүктө, тынч жашаганы керек. Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаевдин ызы-чуу болуп турганы ага да кызык эмес. Ошондуктан, ал Атамбаевке кеңешин айтып, ортого данакер болуп берди. Бирок Путиндин кеңешин Атамбаев угабы же көңүлүнүн сыртында калтырабы, бул башка кеп.  Атамбаев Путиндин сөзүн укса Орусияга барып тынч жашап калат. Атамбаев биринчи кеткен президент эмес, эгер ал кетсе бирткеден кийин унутулуп ...

0 387

Президенттин үкасы Асылбек Жээнбеков «Улуу журт» партиясына карап качан чүчкүрөт?

Адигине аттанды. Кимдин, кимдин заманы Адигиненин заманы болуп турат. Кээ бир кыргыздар бизде оң, сол, ичкилик деген үч партияны гана көргүсү келет. Анда башка улуттар кайсы партияга кошулат? Кыргызда кырк ууру бар, ушунун бири Адигине, адигиненин тукумунан Сооронбай Жээнбеков президент, 2017-жылы «Жээнбеков Теңизбай» -деп Теңизбайды кара пиарлап аткандар, бүгүн Адигинеге кошулуп Аргынбек Малабаев баштаган «Улуу журт» партиясын түзүшкөн. «Ат  түгүндөй ...

0 3583

Байлар да ыйлайт, Атамбаевдин аркасы менен байлыкка жеткен Икрам Илмиянов соттолгону турат

31-июлда Бишкектин Октябрь райондук соту экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси, камактагы Икрамжан Илмияновдун ишин карай баштайт. Илмияновго козголгон кылмыш ишинин материалдары сотко жөнөтүлгөнүн УКМК 3-июлда билдирген. Маалыматка караганда, Илмиянов алдамчылык жолу менен 150 миң доллар акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алганы үчүн айыпталып жатат. Тергөөнүн жыйынтыгына ылайык, Илмиянов Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (“Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык”) боюнча кылмыш жасаганы тууралуу маалымдалган. Мурдагы президент ...

0 439

Атамбаевдин өрттү кечсе да сактап калгысы келген бийликке арнаган ыры

Карайм Ак үй  карааныңдан кагылып, Аяйм Ак үй Жээнбековдон тарыгып. Ырдай берем атыңды атап Кой-Ташта, Калгычакты үнүм бүтүп карагып. Ырдай берем атыңды атап Кой-Ташта, Калгычакты үнүм бүтүп карагып.   Дайым мага кубат берет элесиң, Уктаганда түшкө дайым киресиң Өзүң үчүн өрттү кечип жүрөмүн, Эх, бийлигим аны качан билесиң? Өзүң үчүн өрттү кечип жүрөмүн, Эх, бийлигим аны качан билесиң?   Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

0 800

Мелис Мырзакматовдун 2014-жылы 10-апрелинде Атамбаевге каршы уюштурган козголоңунда жеңилип калып Уран Ботобековго айтканынан

Көрүшкөнчө көздөрүңдөн чагылган, Революция  жакка салган менин көпүрөм. Кыргыз эли сага барбай жаңылган, Жетпей калып бийлик жакка ө өкүнөм.   Кайырма: Кимге айтып күйүтүмдү, Кимге барып өтүнөм. Революция ойлоп күнү-түнү, Кимге айтып күйүтүмдү, Кимге барып өтүнөм.   Таанышкыча табышмактуу Революция Тандап кеттиң дагы башка өлкөнү. Таба албайм кайрылганда айт чынын Артык бекен башка жердин көркөмү.   Кайырма: Арбалсаң да бир келерсиң, Ала-Тоону көргөнү. Революция деп эркелерсиң Арбалсам да бир келермин, Ала-Тоону көргөнү.   Кала берем Орусияда сени эстеп, Жүрсө экен деп алыс жерде аман-соо. Кыргыз жерге ...

0 479

Жаныңды тынчытпаган –тирүүчүлүк, жарыңдан ысык турган – тирүүчүлүк: Алым Токтомушев

Алым Токтомушев жок бешинчи жылга кадам таштадык. Ал ким эле кийинки муун билбей калышы мүмкүн, ошол үчүн эскере кетели. Белгилүү калемгер, акындардын алпы Дүйшөн Керимов эскерип кетиптир: «Салижан Жигитов менен Алым Токтомушев  бир эле китеп чыгарып элдин жүрөгүндө калды» -деп. Союз убагында  ар бир сөзгө калем акы же гонорар төлөп турчу. Ошол кезде жазгандарын эч ким окубаган Муса Жангазиев сыяктуу калемгер ...

0 1874

Атамбаев ортого түшкөн Путинден улам Жээнбеков менен кайра достошуптур

Атамбаев иши бүткөнүн сезди, анткени кечээки досу президент Жээнбеков менен кырчылдашып акча менен Кой-Ташта бир-эки ай элди тамак берип бакты. Арийне, кеткен акчасына ичи өттүбү, кайынагасы коррупционер Андрей Бельяниновду ортого салып Путин менен жолугушту. Путин кыскача: “Көчүгүңдү кыс болбосо сен да камаласың, азыркы бийликти колдош керек”-деп кесе жооп берди. Атамбаевде эки жол калды: 1. Азыркы бийликти колдош керек, анда азыр колдоп ...

0 493

Атамбаев Путинсиз “шал” болуп каларын дагы бир жолу далилдеди

Атамбаевди коррупционер кайынагасы Андрей Бельянинов бийликтен катып Кант аркылуу алып кетти, эми Акаевдин кейпин кийип калышы мүмкүн. Алмаз Атамбаев качса кошо качабыз дешкендерди  качырбай, мындайды башынан өткөрүп калган эл, чек аранын “тешиктерин” бекитип эл алдында жооп бергидей кылабыз деп жатышат.   Атамбаев эмнеге “кызматка жараксыз” - деген жолдомо жаздырып алган 2013- жылы июнда президент Алмазбек Шаршенович Түркияга иш сапары менен барганда, ...

0 418

Июль айында саясатчылардын ичинде караланып же макталып ким көп чыкканынын рейтинги

1. Атамбаев. А. – Бийлик ЖМКлары жамандап көп чыкты, “Атамбаевчил” ЖМКлар мактады, калыс ЖМКлардын көпчүлүгү жамандады. 2. Абылгазиев.М. - Бийлик ЖМКлары мактап көп чыкты, “Атамбаевчил” ЖМКлар жаман сөз көп ыргытты, калыс ЖМКлардын көпчүлүгү жамандады. 3. Кудайбердиева.Г. - Бийлик ЖМКлары калыс мамиле кылышты, “Атамбаевчил” ЖМКлар түкүрдү, калыс ЖМКлардын көпчүлүгү жерге киргизе жамандады 4. Жээнбеков.С. - Бийлик ЖМКлары мактап көп чыкты, “Атамбаевчил” ЖМКлар жаман сөз ...

0 4263

Атамбаевдин Москвага кетер алдында СИЗОдогу Сапар Исаковго жазган каты

Бийлик барда акчаң жакшы, бийлик жокто качкан жакшы. Эмненидир мен сага арноом керек, Көз көрүшү бовойт го кайрадан бир, Ал күндөргө түбөлүк калгым келет, Ак үй жакка кайрадан баргым келет.   Кайырма: Сен кайдасың бул күндө, мен кайдамын, Боз жоргодой таң ашчу жайдакталдым. Биз жоголдук экинчи кайрылбайбыз, Сен кайдасың  Сапарушка, мен кайдамын. Булак:  Элегия,  Обону: Түгөлбай Казаковдуку   Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»  

0 3505

Банк ячейкасынан бир КАМАЗ толтура балтайган долларларды кимдер алышты эле?

Банк ячейкасынан бир КАМАЗ толтура акча жүктөлүп келген. Бул акчалар кимдир бирөөлөр салышкан жалпы баасы 21 млн. долларлык, 2010-жылы мурунку бийликтегилер менен катар жөнөкөй граждандардын да акчалары болгон.  Мурунку премьер-министр Данияр Үсөнов үй-бүлөсү менен, Михаил Надель, Коргоо министри Бактыбек Калыев, Жаратылыш ресурстары министри Капар Курманалиев, Нургүл Абдыразакова, Ким, Ульяна Пак жана башкалардыкы. Алгандардын арасында Атамбаевдин аты угулбайт. Анткени ага сунуш ...

0 503

Алмаз Шаршенович шаршембиде Орусияга кетет, кайра кайырылып келеби же Акаев-2 болуп калабы?

Экс президент Алмазбек Атамбаев 22-июль күнү тарапташтары менен жолугушуу учурунда Орусияга шаршемби күнү кетерин айтты. Бирок кимдердин чакыруусу менен барарын ачык айткан жок. “Бүгүн дүйшөмбү, балким шаршембиде кетем. Кайсы жактан, кантип кетем чакырып жаткан тарап чечет”, - деди Алмазбек Атамбаев. Буга чейин ИИМ үч жолу Атамбаевди суракка чакырып, бирок ал баруудан баш тарткан. 22-июль күнү Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө ички иштер министринин орун ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 2198

Он жыл мурун Атамбаевге “катын болуп кал” –деп, кимдин жоолук салгысы келген?

Он жыл мурун 2009-жылдын 23-июлунда президенттик шайлоо учурунда күтүлбөгөн жерден Алмаз Атамбаев менен Жеңишбек Назаралиев президенттикке талапкерлигин алып салат. Ошол мезгилде БЭКтин талапкерин колдоп жаткандар бүт «шок» болгон. Эмне себептен эки-үч ай будуң-чаңды чыгарып, так шайлоо күнү эки талапкер чалкасынан кетти? Ал эмес “Ата-Мекен” партиясынын мүчөсү Болот Шерниязов ызасына чыдабай Атамбаевке салынып ал деп жоолук берип жибериптир. Бул аял ...

0 4303

Менин милициям мени коргойбу же өз кара башын коргойбу?

Абды Суталинов –Мурат Суталиновдун атасы катары тарыхта калды. Темирбек Акматалиев - Акаевдин кеминдик иниси экономист «бухарик» тоюз «Бухарин» Темикең «ИИМди экономисттин көз карашы менен кароо үчүн» баргандай. Бакирдин Субанбеков ( 2002-2005) – Кара-Балта шаарынын пивзаводун министрлигине таянып «приватташтырып» Кытайдын «Джунда» мунайзат кайра иштеттүү заводуна 3 миллион долларга сатып алууну сунуш кылган. Кытайлыктар муну угуп шок болушканы менен Субанбеков өз ...

0 775

Сапар Исаковду камабай эле коюшса, Абылгазиев менен татырактап бий бийлемек беле?

Сапар Исаковду татырактатып бийлетпей камап коюшту. Абылгазиевдин оюна койсо Сапар Исаковду эч качан камамак эмес. Анын камалышына ал эмес Абылгазиевдин “серый кардинал” жээни Дүйшөн Ирсалиевдин да алы жеткен жок. Жээнбеков Атамбаев беле  Дүйшөн Ирсалиевдин сөзүн уккан. Жакында Дүйшөн Ирсалиевдин эжеси, Абылгазиевдин апасынын көзү өттү. Жаткан жери жайлуу болсун! Абылгазиев эми сыналгыга чыгып “Менин айлым” деген долбоор укмуш, ар бирибиз кичи мекенибизге ...

0 810

Бабанов сойку аялдай болуп кайсы эрге тийерин билбей калды

Бабанов уктап жатса түшүнө акча кирген бизнесмен. Саясатка ал 2005-жылы кошулган, кошулар менен Куловдун штабына кирип Түндүк-Түштүк маселесин курчуткан абиси Атамбаевдин кол алдына кирген. 2005-жылы президенттикке талапкер Курманбек Бакиев менен Куловдон тышкары дагы бир топ саясатчынын бири Жусупбек Шарипов болгон. Билген кишиге ал азыркы президенттин акеси. Сооронбай Шарипович Жусупбек Шариповду колдоду беле же Атамбаев аркылуу Куловду колдоду беле, ал тарыхта ...

0 645

“Жер тыңшаар” Мамыт жер сатпайт, Токон Мамытов жер сатуунун устаты

Парламент Токон Мамытовду жаштар жок калгансып Акыйкатчылыкка шайлап чекилик кылды. Бул карыган карышкыр дүйнөдө жер сатуу боюнча рекорд койгон адам. Өз жерин сатмак беле кыргыздын жерин сатат да. Коргоо министрине орун басар кезде Үзөңгү-Куушту сатпасак үзүлүп өлөбүз деп жүрүп Кытайга сатып жиберип, Кытайдын Төртүнчү бөлүмүнөн түбөлүккө жеткидей дүнүйө топтогон.  Ага тойгон жок. Бакиевдин заманында Коопсуздук Кеңештин төрагасы катары Казакстанга жерди ...

0 1367

Президенттин акеси Жусуп Шарипов Акаевге эмнеге шыйпалаңдап калды?

Президенттин акеси Жусуп Шариповду кудайга теңеп жаткандар көп. Акаевдин заманында Кантөрө Токтомамбетов компартияда инструктор болуп жүргөн үкасын түртүп жүрүп Ошко мэр кылат, анан Акаевдин көзүнө чалдыктырып Ысык-Көл, Жалал-Абадка губернатор кылат. Бакиев менен президент талашам деп чалынат, ал эмес бир тууган үкалары Атамбаев колдогон Куловду колдоп кетишет. Эми бул деле Украинада элчи болуп карап жатып алган жок, кайын-журту Асылбаштын адамдары кыргыздын асыл ...

0 4245

Атамбаевге Кой-Ташка мал союп келгендер кимдер?

Атамбаев Кой-Ташта бекер эт жеп,бекер тамакка кыныккандарды багып жүрдү. Булардын арасында бийликтин тыңчылары деле бар. Кеп анда эмес, кеп Атамбаев буларга малды өзү союп бербейт экен. Атамбаевге жасакерлери мал союп берип жатканын эшиттик. Азыркы эсеп менен Кочкордон, Ат-Башыдан, Казакстандан, Арашандан, ал эми Кой-Таштын балдары 5-6 жолу мал союп беришкен деп жатышат. Муну тиешелүү органдар өздөрү текшерип алар. Биз сарасеп салып ...

0 1002

Кокус Атамбаев кайрадан бийлик башына келсе, ким кайсы орунга отурат?

Атамбаев Алмазбек – Мыйзам боюнча экспрезидент саясатка аралашпайт. Бийликке кайра келсе Атамбаев мыйзамсыз суперпрезидент болот да: оң колу менен президентти, сол колу менен премьерди башкарып турат. Сапар Исаков – президент; Мээрбек Мискенбаев –Өкмөт башчы, экс парламент депутаты; Ирина Кармушкина – спикер, депутат; Фарид Ниязов - Президенттик аппарат жетекчиси; Дүйшөн Ирсалиев - Президенттик аппарат жетекчисинин орун басары; Адил Турдукулов – Вице-премьер; Темирлан Султанбеков –Бишкектин мэри; Рита Борбукеева –Ысык-Көлдүн губернатору; Алга ...

0 1965

Кайсы экспрезиденттин үйү кымбат: Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев

Экспрезиденттердин арасында элди соруп, приватташтырып, элдин энчисин менчиктеп алган президенттердин катарында Акаев менен Атамбаев турат. Акаев- Туалеттен өйдө менчиктештирүү ишине Майрам Акаева кийлигишчү. Эл оокат кылып келаткан колхоз-совхоздорду Эл аралык Валюталык Фонд карызга акча бериш үчүн жоюп жиберип, көпчүлүктү жакырлыкка түрткөн. Көз жоосун алган укмуш китепканасын эле кошоматчылар канчага куруп беришкен? Атамбаевдин башкасын койолу Шаки кошоматчы куруп берген резиденциясы эле эмне деген ...

0 739

Ташиевдин ташы өйдөлөп баратабы же сөгөнөөк, чоң муштум  куда-мэр тууралуу

Белдүү саясатчынын бири Камчыбек Ташиевдин үкасы Шайырбек Ташиев 2018-жылы 11-июнда куда-мэрге талапкер Мураталы Тагаевге каршы чыккан, бирок ал 18 добуш менен мэрдикти алып кеткен. Тагаев кимге таянарын ким билет журналисттерди сөгүп, ал эмес Жалал-Абадда журналисттерге тыюу салып салган. Чоң муштум мэр Тагаев “Тагай бий” саунасына жакпай калган адамдарын алып кирип алып көпкөнүнөн сабайт дешет. Жалал-Абадда мэрликти кудаларга тарттырып жиберген Ташиевдин ...

0 786

“Жуматаеванын иши” же Абылгазиевдин кадрларды жайгаштыруу схемасы-2

Өкмөт башчы Абылгазиевдин кадр саясаты алешем экендигин дудуктан  башкасынын бары айтып жатышат. Эми өкмөт башчылыкка бир келип жатса жакын туугандарын кызматка койбогондо эмне кылат Мухаммедкалый Дүйшекеевич? Бир гана Атамбаевдин маалыматы бул тууралуу чучук же талкан сугунуп алгансып унчугушпайт. Себеби, Абылгазиев ары караса Атамбаев, бери караса Жээнбеков деп желпинип турган неме экен. Абылгазиевдин кадрларды жайгаштыруу схемасы төмөнкүдөй: 1. Жакын туугандарынын кызматын бажасы Рысалиев ...

0 1076

Акаевдин премьери Жумалиев эмнеге Түндүк-Түштүк жолуна Атамбаевдин атын койобуз деп талпынып чыкты

Жумалиев аспирант эле болчу, бирок бул аспирант зав. кафедра Акаевге жагып калат. Ал Масалиевден президенти тартып алган соң аспиранттарына кызмат бере баштайт. Кызматтан тышкары, өзү сүйүп жүргөн кыздарын, аспиранттарына экинчи аял кылып алдырат. Балким Акаевден кызганып Майрам Акаева алдыргандыр, эптеп мурду менен тынып жүргөн Жумалиевке да премьер-министрликти берген, бирок сегиз айга жетпей Кыргызстанды дефольтко учуратып кызматынан кеткен. Анан айныгансып Алтынбек ...

0 1097

Текебаевдин бошотулушуна Атамбаевге “Эл Баатырын” берем деген “Ата-Мекен” фракциясынын депутаты Сайдулло Нышанов неге сүйүнбөйт?

“Ата-Мекен” партиясынын мүчөсү Сайдулло Нышанов 2010-жылы эл көрбөгөн жыргалдын барын көргөн. Ага чейин Өмүрбек Абдырахманов келип тамак алып берер бекен деп жолун карап күн көргөн Сайдулло Нышанов бийлик алмашар менен БНК бензин куючу тармагын бүт басып алып чириген байга айланган. 2017-жылы күзүндө “Ата-Мекен” фракциясынын депутаты Сайдулло Нышанов президентин өткөрүп жаткан Алмазбек Атамбаевге “Кыргыз Республикасынын Эл Баатырын” бербесе муунуп өлөм ...

0 1239

“Ирсалиевдердин кланы” түрткөн атамбаевчил Абылгазиев канчага өкмөт башчы болот?

Тууганчыл Абылгазиевди “Ирсалиевдердин кланы” Атамбаевдин заманынан бери түртмөлөп келатат.Арийне, 2017-жылы президенттик шайлоодо Ирсалиевдер эки талаада иштешти. Алар күндүз ачык Сооронбай Жээнбековдун талапкердигин колдосо, түнкүсүн жашыруун Өмүрбек Бабановдун талапкердигин колдошкон. Эмне үчүн далилдеп беребиз. Жыйынтыгы Ирсалиевдер “крыша” болуп турган Теңир-Тоодо шайлоо участкаларынын алды 70-90 пайыз Бабановго добуш салып беришти. Бул тууралуу маалыматты БШКдан алса болот. Демек Ирсалиевдер жакшы иштешкен. Эмне үчүн ...

0 456

“Өнүгүү - Прогресс” партиясы бийликке жагымпооздук кылбаса, 2020-жылы шайлоодон өтпөйт

“Өнүгүү - Прогресс” партиясы Кыргызстандын коммунисттер партиясынан Исхак Масалиевди кошуп алып шайлоо “кыл көпүрөсүнөн” 2015-жылы араң өткөн. 2017-жылы президенттик шайлоодо Бабановду президент, өзүн өкмөт башчысы катары сезгени менен аз жерден “сынып” кала жаздады. Шайлоодон жеңилер менен Бакыт Төрөбаев Атамбаевге жасакерленип жатып, балакеттен аман-эсен калган. “Өнүгүү - Прогресс” партиясы эң сабатсыз партия экенин “Билим берүүнүн отличниги” Икрамов Тазабек далилдеп койду. Тазабек мырза ...

0 764

РАЖ депутаты Динара Исаева терисин хамалеончо кантип өзгөртөт?

1. Данияр Үсөнов деген өкмөт башчысы болгон. Анын үй-бүлөсүн бузуп, Динара Исаева токолдукка тийип алган. 2. Премьер Данияр Үсөновдун убагында Динара Исаева үлпөт тоюн өткөзөт. Президент турса да өзүнө, күйөөсү премьер Данияр Үсөновго алтындан таажы кийгизип, элге көпкөндүк менен мактанып  чыгышат. 3. Нурлан Сулайманов сыяктуу министрлер тамак ташыгычтын милдетин аткарып калышат. 4. Данияр Үсөнов бийликтен түшөр менен өңүн өзгөртүп, аны “кидать” этет да, ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 350

Атамбаев-Түлеев тиреши качан пайда болгон?

2007-жылдын октябрында Атамбаевге “Данакер” орденин тагып өкмөт башынан кетирет. Атамбаев же бийликке кошула албай, же оппозицияга кошула албай ай талаада калат. Жекшенкулов-Текебаев тандеми Коомдук парламент түзүп жатышкан, Атамбаевди филармонияга чакырып келишип оппозицияга кошушат. Арийне, Атамбаевдин эки көзү бийликте эле. 2008-жылы жазында ал кездеги президент Курманбек Бакиев Германияга дарыланууга кетет. Кыргызстанда Адахам Мадумаров, Акылбек Жапаровдордун “ ...

0 1460

“Бир бол” эмнеге эмки 2020-жылкы парламенттик шайлоодо 9 пайыздык тосмодон өтпөй калышы мүмкүн

“Бир бол” партиясы Атамбаевдин тизмеси менен келген партия. Азыр Атамбаевдин кол тийбестигин алып салып, бийликке жаңы президентти да ээлик кылбай, Алтынбек Сулайманов чоң-чоң кызматтарды өзү “крышовать” этип турат,ошондуктан жаңы бийлик деле аны сүйгөн жок. “Бир бол” эмнеге эмки 2020-жылкы парламенттик шайлоодо 9 пайыздык тосмодон өтпөй калышы мүмкүн: 1. “Бир болду” 2015-жылкы парламенттик шайлоого, ага чейин “Республика” партиясында саясий технолог катары дасыгып ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83