www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аналитика
0 531

Мурдун жакшы аарчыган саясатчы эле “Ата-Мекенге” сүйкөнгөндү өнөр кылып, “Ата-Мекенде” болсо оппозицияны оозанып калышты

Бир кезде “Ата-Мекендин”  атагы таш жарып, Атамбаев, Отунбаева сыяктуу экс-президенттер кыйма-чийме байланышып, ал эмес Атамбаев өкмөт башчысынан түшүп талаалап калганда Текебаев, Жекшенкуловдор “Коомдук парламент” аркылуу оппозицияга кошкон. Атамбаевди акчасына кызыгышып 2009-жылы президенттик шайлоодо БЭКтен жалгыз президентке талапкер кылышкан. Бирок Темир Сариев темтеңдеп талапкер болуп алган. 2009-жылы 23-июлда Атамбаев президенттик шайлоо күнү  талапкердигин алып салган. “Ата Мекен” партиясынын лидерлеринин бири Болот Шерниязов ...

0 569

Аскер курулуштагы «афера»

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы «Аскер курулуш» ишканасы афера менен алектенип келеби? Мамлекет тарабынан каржыланган бул ишкана банкрот алдында, себеби техникаларын ижарага берип, кызматкерлерине айлык маянасын бере албай келет. Бул тууралуу жарым жылдан бери эмгек акысын ала албай жүргөн «подрядчиктер» даттанууда. «Аскер курулуш» ишканасынын гендиректору Майсалбек Абралиев аларды алдап сүт эмгизип, ишкананын кашасын чыгарып жаткан кези экен. Башкы ...

16-июль 2019, 09:44 | 569
0 511

Кочкордо Койлубай уруусу Сапар Исаковду коргоо штабын ачты

Албетте, кырк уруу  кыргыз бар. Арийне, Койлубай кырк уруунун бирөөнө кирбейт,ошентсе да ТЭЦти Кыргызстанга ТВЕА аркылуу алып келүүдө зор эмгек сиңирген, ал кездеги президенттик аппараттын тышкы иштер бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковду   Кочкор районунда  коргоо боюнча штаб ачылды. Экс-премьердин кичи мекениндеги жеке менчик үйлөрдүн бирине ачылган штабга каалоочулар барып, аны абактан бошотууну талап кылган кайрылууга кол коюп келсе болот.

1 961

Жылкы олигархы Иса Өмүркулов мамлекеттик кызматтардын тагдырын чечеби?

Илгери Сарыбай деген бай болгон, ал жылкыларын сугарганда Түптүн суусу соолуп калчу деген сөз бар. Бүгүн жылкылардын олигархы Иса Өмүркулов, анын жылкыларынын тезегин тазалоого эле эки-үч тракторист трактору менен бөлүнүп тазалап жетише албайт турат. СДПКнын фракция жетекчиси катары Иса Өмүркулов СДПКга тиешелүү мамлекеттик кызматтарды өзүм билемдикке салып келатат. Ал күйөө баласынын туулган күнүнө “сюрприз” кылыш үчүн акимдик кызматты бергени эле ...

0 1041

Турганбаевди “Ата-Мекен” ИИМ министри кылган, ошол үчүн ал ЖАМКнын жетекчиси катары “Ата-Мекенди” кыйноого салып жатабы?

Асия Сасыкбаева буга чейин ЖАМК жетекчиси Мелис Турганбаевге жеке кайрылып, Салянованын абалын өз көзү менен көрүп чыгууну суранган. Салянова өзү жана туугандары ага жүрөк илдетинен тышкары пневмония деген диагноз коюлганын айтып жатышат. Мындай абалда аны тергөө абагында калтырып коюу "кыйноого тете", дейт "Ата Мекен" партиясы. "ЖАМКтын ага карата кыйноолор жок эле дегени аны кычкач менен кыйнап же ...

0 3431

Президенттин ЖКдагы экс-өкүлүнүн ажалы буюртма менен болгон жокпу?

Президенттин ЖКдагы экс-өкүлү Молдакун Абдылдаев Көкөмерен иримине үй-бүлөсү менен кирип кетип жубайы менен уулунун сөөгү эки жумадан соң Көкөмеренден табылып, бүгүн жерге берилет. Айта кетишибиз керек, булар менен кошо он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек наристе шейит кетти. Угушубузча ал да жалгыз кызынын көп жылдан бери тилеп жүрүп табылган баласы экен. Тукумун улай турган жалгыз уулу да ушул кырсыктан улам ...

0 2750

Атамбаев Акаевдин кейпин кийип, Путин-Жээнбеков сүйлөшүүсүнөн соң Москвага жөнөйбү?

Президент Жээнбеков акыркы мезгилде чет мамлекеттер менен алакасын чыңдап ички иштерге кийлигише элек. ШКУнун саммити өттү, Бавария-Германияга, Швейцарияга, Орусияга иш сапары менен барды. Бирок, көңүлүнүн борборунда Атамбаев турганы анык. Президенттик аппарат жетекчиси, медиа-менеджер Досалы Эсеналиев деле Атамбаев тарапка катуу киришпегени,бийлик ”Бөрк ал десе, баш алган” мамлекеттик маалымат каражаттарынан башкалары бул ишке кийлигишкен жок. Президент Жээнбеков Путин менен жолугушуу учурунда көп ...

0 257

Коррупция кылган президентин Түштүк Кореяда коркпостон 24 жылга кесип жиберишкен

Пусан шаарында 13 миң Атамбаевге окшогон мульти-миллионери бар. Түштүк  Кореянын атка минерлери, депутаттары калдайган “жол тандабастарды” тандабайт,  кичинекей автоуналар, “лесипеттер” менен эле жүрүшөт. Бийликке мээси иштегендерди тандашат, бизге окшоп сабатсыз болсо да парламентке алып келишпейт. Ошондуктан алар мыйзамдарын натыйжалуу иштетип элин баш ийдирип, тартип орнотуп Кореяны өнүктүргөн. Коррупция кылган президентин Түштүк Кореяда коркпостон камап салышкан. Жолду тоскон кортеж жок.Эли аябай мээнеткеч, ...

0 395

Атамбаев-Жээнбеков тиреши жүрүп жатабы: Азырынча Атамбаев-Мискенбаевдин эле кыйкырыгы угулат

Атамбаев тизмелеп алып келген парламент, Атамбаевдин кол тийбестигин алып, эч кимге унчукпай каникулга тарап кетишти. Сокку жесе бийлик жесин дешсе керек. ИИМ Атамбаевди эки ирет “килемге” чакырды. Лекин, Атамбаев аны көзгө илген да жок, ким Атамбаевге сөз кайрый алмак эле, эртең кокустан ал бийликке кайра келе турган болсо “кашасы” чыкпайбы? Акыркы мезгилдерде Атамбаевдин эле кыйкырыгы угулуп турду, күндүн ысыгынан тажадыбы же ...

0 316

Президент Жээнбековдордун үй-бүлөсүндө Кантөрө Токтоматовдун абройу жогору болгон

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун, Кыргызстандын Украинадагы кыргыз элчиси Жусуп Шариповдун жана Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдордун бир тууган агасы – Кантөрө Токтоматов 2017-жылы апрелде көз жумган. Билермандардын айтуусунда Кантөрө Шарипович адилеттүүлүктү туу тутуп, бардыгына калыс караган адам болуптур.Өзү бир Жогорку Окуу жайынын жетекчиси болсо да инилеринин кызматтан өсүшүнө кам көрүп,кеп-кеңешин айтып келген. Анын ошондой касиети азыркы “дүжүр чалдардан” айырмалантып турчу ...

0 1158

Текебаевди кестирген Маевскийдин аферисттиги кармалып 15 жылга кесилген жатат

Кыргызстанда орусиялык жаран Леонид Маевскийдин аты “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновду кестирген соң дуу чыккан. Алар 2017-жылы Маевскийдин көрсөтмөсүнүн негизинде 1 миллион доллар пара алган деген кине менен коррупцияга байланыштуу айыпталып, сегиз жылга кесилген. Көрсө Маевский накта аферист экен. Орусияда Мамлекеттик думанын мурдагы депутаты Леонид Маевский “Альфа-банктын” кожоюндары Михаил Фридман жана Петр Авенден 50 млн. ...

0 2502

Парламенттик 2020-жылкы шайлоодо кайсы партия келиши мүмкүн?

Кыргыздын өзүнүн тапталган жолу бар, Грузияда парламенттик шайлоодо тосмону алып салышты, ал эми кыргыздарда тосмону алып салса 200дөн ашык партия бардыгы жулунуп шайлоого келишмек. Кыргызстанда азырынча 9 пайыздан өткөн партия гана парламентке келе алат. Эми кайсы партия келиши мүмкүн? 1. Президент Сооронбай Жээнбеков мыйзам боюнча эч бир партияга кирип же колдошуна тыюу салынган. Лекин, анын айлана-чөйрөсү, айрыкча ЖК депутаты Асылбек Жээнбеков ...

0 1063

АУДИО - МЧС министри Алтынбек Сулаймановдун далдоосуна жашынып алып күн көрө берсинби?

Аудиофайл 12-июль 2019, 10:56 Перизат Кутманалиева

Мухаммедкалый Абылгазиев бекер жеринен өзгөчө кырдаалдарды эсине алып 70 чөгүп кеткен кишиге бата кылган жок. Анткени, Бишкекте бүгүн, 12-июлда Борбор Азия мамлекеттеринин өзгөчө кырдаалдар боюнча мекемелеринин аймактык форуму өтөт. Бул иш-чара «Борбор Азия-+Жапония» диалогунун алкагында уюштурулуп жатат. Анда Борбор Азиядагы  өзгөчө кырдаалдардын, жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу, алардын кесепеттерин жоюу багытындагы өз ара кызматташтык ортого салынат.  Учурда ...

0 1399

Асылбек Жээнбеков кайсы партияга кошулат?

Биздин мыйзам боюнча мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун партияга кошулушуна мыйзам жол бербейт. Арийне, парламент депутаты Асылбек Жээнбеков партияга кошулушу үчүн эч бир мыйзам бөгөт боло албайт. Эсеби, ал СДПК партиясынан чыктым десе керек эле, арийне, кайсы партияга кошула турганы тууралуу маалыматтар жок. 2020-жылы парламенттик шайлоо болот, быйыл күзүндө партияга кошулуп, же жаңы партиянын арыгын чаба баштабаса убакыт өтүп жатат. Аргынбек ...

0 262

Путин менен жолугушуу «Кыргызнефтегаз» ишканасы менен «Кыргыз темир жолу» ишканасынын тагдырын чечпейби?

«Кыргызнефтегаз» ишканасы менен «Кыргыз темир жолу» ишканасы Орусияга өтө турган болуп калды окшойт. 2019- жылдын январынан тарта эле «Кыргызнефтегаз» жана «Кыргыз темир жолу» ишканасын Орусияга берүү аракеттери күчүнө кирип, тиешелүү иш кагаздарына кол коюулар жүрүп жатты. Путиндин иш сапары убагында Орусия менен көп багыттар боюнча Владимир Путин менен Сооронбай Жээнбековдун ортосунда кызматташуу деген документтерге кол коюлду. Бул жерде чындап эле ...

0 849

СДПК кимдики: Атамбаевдикиби же Абдырахмановдукубу?

Сагынбек Абдырахманов Көк-Жар айылдык депутат болуп жүргөндө 7-апрель чыга калбаспы, ага чейин жашынып жүргөн “коенбай”, 7-апрелден соң Атамбаевге таянып арстанга айланды. “Атакеси” мурдунан жетелеп депутат кылды, Чүйгө губернатор кылды, “Кыргызалтынды” жалмалатты. Сагынбек Абдырахманов жыргаткан депутат, губернатор боло алган жок. Кайсы жерге Атамбаев тыгып койсо, ошол жерди бүлгүнгө учуратты. Акыры аны алтынга тоюп алсын деп “Кыргызалтынга” алып келсе, бул жерде да ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 587

Сарыбашов  “сарыбаш” ойлору менен Ошту ойрондотмой болду

Ош шаарынын мэри Таалай Сарыбашов башын кол чатырга катып, казиного “крыша” болгондон башка кыйратып деле эч нерсе кылган жок. Баса, илгери фараондор кулдарына кол чатыр көтөртүп алса, бул “сарыбаш” ойлорду кайдан тапканы белгисиз, кошоматчыларына кол чатыр көтөртүп алыптыр. Ош шаарындагы кичирайондордун биринде сойкулук уюштурган көмүскө жай аныкталды. Аны уюштуруучулар укалоо (массаж) салону катары көрсөтүп келишкен. Жергиликтүү тургундар ...

0 548

Отуз жылдык оппозициялык “опуту” бар Текебаев оппозицияга оойбу?

Көчө оппозициясын куп үйрөнгөн Текебаевди көчө оппозициясынын дагы бир лидери Атамбаев каматып тынган. Эми  Леонид Маевскийдин көрсөтмөсү жалган экенин далилдеген жаңы жагдайлар боюнча Жогорку сот 16-июлда Текебаевдин ишин кайра карайт. Сотту утурлай саясий уюмдун өкүлү Асия Сасыкбаева партия лидерине карата чыккан чечим "Ата Мекендин" мындан аркы позициясын аныктарын айтты: "Эгер 16-июлда лидерибизге карата адилет чечим чыкпаса, анда биз оппозицияга кетебиз. ...

0 322

“Бучук” кенине “доляга” отурган Нарын губернатору бучук болуп калбайбы?

Атамбаевдин шопуру, жансакчысы, таразачысы, ашпозчусунан араң кутулуп баратабыз. Эми “жаңы оору” “Дордойдун” короо шыпыргычы кылгылыкты кыла баштады. Кайыпов Аманбай “Дордойдо” короо шыпырып жүргөнүн көргөндөр көп экен, капыстан Нарынга губернатор боло калып, бир гана “Бучук” кенине ЖКнын кен боюнча комитет жетекчиси Кожобек Рыспаев жана аларга учурунда лицензия берген кен иштер боюнча атка минер Зилалиевдер болушуп “доляга” отурушуптур. Кээ бирөө айтат үчөө ...

0 262

Бабановдун «Коопсуз шаары» Абылгазиевдин «Коопсуз шаарына” айландыбы?

2012-жылы ал кездеги өкмөт башчысы Бабанов «Коопсуз шаар» долбоорун элге алып чыккан. Бирок премьер-министрден кеткенине байланыштуу бул долбоор зыңкыйып катып Темир Сариев премьер болгондо пайдалангысы келген. 2019-жылы 12-февралда гана сырткы тонун алмаштырып, Абылгазиевдин «Коопсуз шаары» болуп чыга келди. Абылгазиевдин айтуусунда  «Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн айыппулдун бир бөлүгү «Тез жардам» кызматынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жумшалат. Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый ...

0 258

Атамбаевдин “ТЭЦ” менен байланышы барбы?

Атамбаев президент кезинде 2013-жылы ТВЕА менен кол коюлуп башталган “ТЭЦ” 2017-жылы августта аяктаган. Cапар Исаков өкмөт башына келгенде ТЭЦ бүтүп калган,бирок ал президенттик аппараттын тышкы иштер бөлүмүн жетектеп турганда ТВЕА менен иши болгон. Бишкектин Свердлов райондук соту Бишкек Жылуулук электр борборун (ТЭЦ) оңдоп-түзөө боюнча соттук териштирүүнү улантууда. «Электр станциялары» ишканасынын тышкы байланыш бөлүмүнүн ошол кездеги жетекчиси Маматмуса Үкүбаев сөз сүйлөп, ...

0 356

Текебаевди камактан бошотпосо “Ата-Мекен” оппозицияга өтөт

16-июлда сот Өмүрбек Текебаевди түрмөдөн чыгарбаса «Ата Мекен» партиясы толугу менен оппозицияга өтөт. Бул тууралуу  Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери, «Ата Мекен» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Асия Сасыкбаева билдирди. Ал өлкөдөгү саясий абал, камактагы партиялаштары жана коомдогу курч маселелер боюнча пикири менен бөлүшүп жатып бүгүнкү бийликти чымчылап өттү. Аида Салянованын жазыксыз камалып жатканына басым жасады.Бүгүнкү күнү Атамбаев оппозицияда экени белги лүү ...

0 401

Сооронбай Жээнбеков Швейцарияга эмес, Швецияга барса жакшы болмок, Камчыбек Жолдошбаев жарылып өлө турган жер ушул жер экен

Депутаттын айлыгы 1957-жылга чейин депутаттар айлык алган эмес. Азыр алган айлыктары 40 миң крон же мугалимдердин айлыгы менен барабар. Депутаттар өз айлыгын көтөрө алышпайт. Автопарк Депутат ишине коомдук унаалар менен барат. Эмнеге депутаттар автобуска түшөт деген, Камчыбек Жолдошбаев жарылып өлө турган жер ушул жер экен. Мамлекет аларга “проездной” берет. Мамлекет менчигинде ...

0 648

Сегизбаевдин жездеси ӨКМда калыш үчүн кимге пара берген?

Сегизбаевдин жездеси мына бүгүн-эртең ӨКМга министр болом деп турган убакта, кашайып Атамбаевдин бийлиги тамам болуп калат. Же нандан жок, же нанга сүйкөгөн майдан жок, министр боло турган адам, ӨКМда аз жерден кызматтан жок отуруп кала жаздаган. Ушундай шартта ал 100 миң параны кимдир бирөөлөргө берип, ӨКМда иштеп жатканы тууралуу кеп соцтармактарда жаңырып жатат. Параны ким алган азырынча ...

0 855

Атамбаев жок таяк жегенди сагынган Кожобек Рысбаев, эми кимден таяк жейт?

Атамбаев президент кезинде кен байлыктар боюнча парламент комитетинин жетекчиси Кожобек Рысбаевди кийирип алып курсагына ургулап бир-аз “разминка” кылып алчу экен. Коколой башы менен парламентке келген Кожош Атамбаевдин убагында миллиондогон байлык топтоп, бүгүнкү күндө Алтынбек Сулайманов сыяктууларга артынан күлүп, миллионерлердин алдыңкы сабында. Японияга барып элге шылдың болгону менен,өзү ал жоругун эстесе каткырып күлөт. Эми Атамбаевге тескери карап ушатып калган, аны сабай ...

0 409

Кайсы жерде отурганын билбеген министрден эмнени күтүүгө болот?

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кайсы жерде отурарын эмгиче билбесе керек. Болбосо кире бериш жеринде жазылып турган “Кыргыз ССРинин салматтыкты Сактоо министерствосу” деген жазууну өчүрүп, жаңыча өзгөртүп алмак. Же СССРдин жан таслим болгонуна 30 жыл өткөнүн урматтуу “Кыргыз ССРинин” министри билбейби? Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

1 1159

Али Токтакунов кимдин буюртмасы менен Матраимовго асылып жатат?

“Азаттык” үн алгысы өз пикирин калыс айткан, АКШ Конгрессине тиешелүү маалымат булагы. Арийне, “Азаттыктын” терисин тескери жамынып алып,  кыргыз жарандарын жүйөөсү жок, ошондой эле тиешелүү документтери жок “каралап” жаткан Али Токтакунов сыяктуу кесиптешибиз кимдин буюртмасы менен сайрап жатат? Буга бир көз кырыбызды салып көрсөк.   Финпол соттук өндүрүшкө чейин Али Токтакуновдун тасмасын териштирип көрдү Али Токтакунов 700 млн долларды чыгарып кеткен деп башында ...

0 823

“Азаттык” журналисти Али Токтакунов журналисттик иликтөөдө айтылган бардык документтерди көрсөтүүсү зарыл

“Азаттык” үн алгысынын журналисти Али Токтакунов жөнөкөй журналист эмес белдүү мамлекет АКШнын Конгресси аркылуу каржыланып турган “ Азаттык” үн алгысынын журналисти. Ошондуктан ойдон-тоодон фактыларды алып жаза берүү “Азаттыктын” талабына жооп бербейт. Али Токтакунов иликтөөсүндө кыргыз жаранын каралап, бирок соттук өндүрүшкө чейин териштирүүдө өзү айткандарын өзү документ аркылуу бекемдей алган жок. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик ...

0 367

“Маалымат падышасымын” деп эсептеген “Азаттыкта” бир финансист жокпу?

“Азаттык” жеңилгенин мойнуна албай, элди будуң-чаң кылганды кайра баштады. “Азаттык” өз жаңылыктарында “акчаны алып чыгып кетти” деген сөздү көп колдонуп жатат. “ Чет мамлекетке акча которду” деген терминди “алып чыкты” деген термин менен алмаштырууга болбойт. Минтип каржылык (финансылык) жактан сабатсыз адамдар айтат. “Алып чыкты” деп качан мыйзамсыз табылган акчаларды мыйзамсыз которгондо айтса болот. Финпол азырынча бул акчалар мыйзамсыз экенин бекемдей ...

0 422

Акаевдин башынан, Атамбаевдин башына секирем деп “аксап” калган Талгарбеков

Акаевдин башын тебелеп өскөн Талгарбеков муштумдай кезинде муратына жетип, аспиранттан министрге секирген “экинин бири”. Элдин барын учурунда коммунизмден “кеминизмге” дүргүтүп айдап кирип, эл оокат кылып жүрчү колхоз-совхоздорду жок кылып, демократия деген бул эркиндик, байларга каалашынча ичип жеп, байысын деп эркиндик берсе, кедейлерге деле “дарга асынып өлгөнгө” эркиндик берген Майрам Акаеванын Айыл чарбасы боюнча консультанты болгон. Атамбаевдин заманында мамлекетти башкаргысы келип ...

0 384

Батукаев таштап кеткен “жемден” Турсунбек Акун чокуганын ким билет, Табалдиевге жакшы эле “кусок” тийген дешет

2013-жылы Коопсуздук Кеңешинин катчысы болуп турган Бусурманкул Табалдиевдин Батукаевге тийиштиги бар. Анткени,  Табалдиев ошол кездеги омбудсмен Турсунбек Акунга телефон чалып, «кечээ Батукаев учуп кетти, эч ким интервью бербей жатат, «маалыматтык боштук» болуп калды, акыйкатчы катары журналисттер сурап жатат, комментарий берип коёсузбу» деп айткан. Бирок «мындай-тигиндей айтыңыз» деп көрсөтмө берген эмес. Ал эми Табалдиевден бирдеме үмүт кылган Турсунбек Акун “Батукаев ооруп ...

0 1147

Рейдерлик кылууда Раиса Атамбаева менен катар  Икрамжан Илмиянов да бар экен

Чет элдик компаниянын мүлкүн рейдерлик менен басып алуу ишинде Атамбаевдин эң жакын кишилери, анын аппарат жетекчисинин орун басары болуп турган Икрамжан Илмиянов, Атамбаевдин мурдакы жан сакчысы Эркин Мамбеталиевдин да аралашканы айтылат. Алмазбек Атамбаевдин жубайынын бийлик иштерине мыйзамсыз кийлигишүүлөрү жөнүндө мурда кийин эч бир маалымат чыккан эмес эле. Коомчулуктун көзүнө ал салыштырмалуу алганда таза адам болуп көрүнүп, анын ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1005

“Бишкек” СЭЗдин сезим кайрыктары

«Бишкек» эркин экономикалык аймагын 1996-жылдан 2008-жылга чейин Эмил Ибраимов, 2008-жылдан 2010-жылга чейин Азим Исабеков жетектеген. 2010-жылдан 2011-жылга чейин кийин Бишкекке мэр болгон, азыр камакта отурган Албек Ибраимов башкарган. Андан кийин азыраак убакыт жетекчилик орунга Мирбек Асанакунов, анан бир жылча Бактыбек Кунаев отурган. 2012-жылдан 2015-жылга чейин Орозбек Нусубалиев  мүдүрлүк кылса, азыркы директор Дүйшөн Ирсалиев 2016-жылдан бери башкарып келатат. Эсеп палатасы «Бишкек» ...

0 465

Хизбутчуларды толорсуктан ала турган, үч мамлекет аралашкан Баткенде Орусия дагы бир база ачабы?

Орусиянын Кыргызстандагы аскер-аба базасына кирчүлөр төмөнкүлөр: 1. Кант шаарындагы «Кант» авиабазасы, 2. Каракол шаарындагы байкоо жүргүзүүчү база, 3. Чалдовардагы байланыш түйүнү, 4. Майлуу-Суу шаарындагы автоматтык сейсмикалык пункт. Мурун ар бир обьект өз алдынча болчу. 2012-жылдан баштап бириккен база. 2019 –жылдын 28-мартынан баштап кол коюлган келишим боюнча Чалдовардагы байланыш түйүнү 811,2 гектардан  851,2 гектарга чейин, Каракол ...

0 3168

АУДИО - “Бүргөдөн май сызгырган” спикердин жубайы Кушубекова: Атамбаев, Бабанов сыяктуу “иштиктүү” менеджер

Аудиофайл 08-июль 2019, 12:49 Перизат Кутманалиева

Маалымат жыйынында аялын асмандата мактаган спикер да бар экен. Дастан Жумабековдун аялы Алина Кушубекова Фармацевтикалык товарларды дүңүнөн сатуу менен алектенген «Ал-Био фарм» ЖЧКсынын директору. Өз күйөөсү Дастан Жумабековду мурдунан жетелеп барып Жогорку Кеңешке төрага кылгандан бир жума өткөндөн кийин жубайы Бишкектеги зор компаниялардын бирине директор болгон. Аталган компаниянын төрт жетекчиси бар эле. Алар: Чолпон Кыдырбекова, ...

0 291

“Фейк аккаунттар”  башында Фарид Ниязов турабы же Атамбаевби?

Мамлекетибиздин азыркы саясий абалына байланыштуу Социалдык тармактарды колдонгондордун арасында “фейк аккаунттарга” жамынынп ар кандай ой пикирлерди вайткандар бар. 27-июнда Жогорку Кеңеш мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин «экс-президент» макамын алып, кол тийбестиктен ажыраткан. Ушуга байланыштуу “фейк аккаунттар”  да күч алганы байкалып турат. Албетте, Атамбаевдин  акча каражаттары менен каржыланган “фейк аккаунттар”  үчүн Кыргызстандын келечеги кызыктырбайт, алардын ой пикири элди бири-бирине кайраштыруу болуп саналгандай. УКМК ...

0 1528

Салянованын саламаттыгы начарлап баратат: Бул чындыкпы же акчалуулар камакка барса эле ден соолугу начарлап калабы?

Турсунбек Акун деген бар: “ Батукаевди чыгарбасак 3 күндөн кийин шордуу өлүп калат” –деп жар салган. Арийне, 3 күн эмес алты жыл өттү Батукаев таскактап оюн салып жүрөт. Азырынча Тукең Салянованын ден соолугу боюнча үн ката элек.  “Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары быйыл 3-июнда камакка алынган Салянова Бишкектин 1- май райондук ...

0 4624

Путин эксмамлекет башчылары менен эзилише жолугушат, эмнеге эксдосу Атамбаевден эки жолу буйтап кетти

Италияга барган Путин жаңы мамлекет башчысы менен официалдуу жолуккан соң, эски кесиптеши эске түшүп кетип Берлускони менен кучакташып эзилише жолугушуп, бир топ убакыт балык кармашып черин жазып алышты. Быйыл эле Путин Бишкекке эки жолу келип кетти, бирок эмнегедир Атамбаевди ойлоп койгон жок. Чын эле досу болгондо жолугушуп жок дегенде бир саат сүйлөшүп алмак. Эмне Путин Атамбаевден ошончолук тажаганбы? Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

0 3582

АУДИО - Текебаев болбосо Атамбаев экинчи жолу президент болуп, бүгүн камчы үйрүп турмак

Аудиофайл 05-июль 2019, 16:53 Перизат Кутманалиева

Текебаевди оң жактан да, сол жактан да сындагандар көп, чындыгы Өмүрбек Чиркешович азыркы саясатчылардын саясий жашы боюнча эң сакалдуусу, отуз жылдан бери саясий айдыңда жүрөт. 2010-жылы Бакиевдик бийлик алмашкан соң, ким мамлекетти жетектейт деген тымызын атаандаштык башталат. Отунбаева президент болду, бирок убактылуу бир жарым жылга. Арийне, байлык колунда турган Атамбаев көп аймактарга өз ишенимдүү адамдарын дайындап колун ...

0 413

АУДИО - Атамбаевдик соттун "Серый кардиналы" Манас Арабаев Раиса Атамбаеванын көрсөтмөсү менен иштөөчү экен, Каныбек Бокоевчи? 

Аудиофайл 05-июль 2019, 12:52 Перизат Кутманалиева

Жогорку соттун орун басары Каныбек Бокоев учурдагы соттун “серый кардиналы”  укук коргоо, прокуратура жана сот тармагында аттын кашкасындай эле таанымал. Ал Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында сот, төрага болуп иштеген. Жердиги Алайдан болгондуктан азыр суутулган аттай алчактап турган кези. Сот системасындагы саясый маселелерди чечүүдө Каныбек Бокоев менен Ак үйдөгү үлкөндөр акылдаша турганын эшиттик. Айрыкча кадр маселеси боюнча.

0 1092

АУДИО - “Алыбек алына жараша” дейт Албек Ибраимов Атамбаевдин таразачысы болгону үчүн Бишкекке мэр болду беле?

Аудиофайл 05-июль 2019, 12:12 Перизат Кутманалиева

Көпкөндө да ушул Албек Ибраимов көпкөн, ал уйгур болгонуна карабастан, мен кыргызмын деп куда күткөн. Кудасы Теңир-Тоодон экен Аскар Салымбеков баш болгон басып алчудай алтымыш адам келиптир. Тосуп алуучулардын катарында ал кездеги канайым Раиса Атамбаева эки жашка каалоосун айтты эле, Салымбеков жашып жиберди, кээ бирөө айтат шолоктоп эле ыйлады деп, көрсө канайымдар тост айтып жатканда, көзүнө жаш алгыча сүрөп ...

0 1510

АУДИО - Атамбаев - Жээнбеков тиреши эмне менен аяктайт: Атамбаевдин талаптарына макул болот, Атамбаев камалат же...

Аудиофайл 05-июль 2019, 10:34 Перизат Кутманалиева

Коомчулуктун бүйүрүн кызыткан “Атамбаев Жээнбеков тиреши эмне менен аяктайт” деген маселе: 1. “Бийлик Атамбаевдин койгон талаптарына макул болот”-дегенди карап көрөлү. Бүгүнкү коюлган талаптарга макул болсо, эртең мындан оор талаптарды койо баштайт. Бир кадам алдыга жүткүнгөн бийлик, токтоп калса же артка кетсе аны колдоп турушкан сегменттердин ишениминен ажырап калат. 2. Атамбаев камалат. Атамбаевдин убагында камала турган көп иштер, фактылар болсо ...

0 784

АУДИО - Бекмамат Осмонов иштебеген раистердин мурдун талкалай койсо, Жалал-Абад мэри карамагында адамды сабап койот

Аудиофайл 05-июль 2019, 10:00 Перизат Кутманалиева

Бекмамат Осмонов деген Жалал-Абаддын экс-губернатору  Токтогулдун райкомун жетектеп турганда иштебеген раистерди чакырып алып  мурдун талкалай койчу деп укчубуз. Мураталы Тагаев Жалал-Абад шаарына 2018-жылдын 11-июнунда мэр болгон. Бу да чоң боксер болсо керек, бирок күчүн карамагында карапайым элден чыгарат. Өз туугандарынын сауналарына чакырып алып сабайт. Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев калаанын бир тургунун «сабап койгону» тууралуу ...

0 705

АУДИО - “Оштун императору” казинону жок кылып, элге жүзүн бурабы?

Аудиофайл 05-июль 2019, 09:48 Перизат Кутманалиева

Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовду Ош шаарынын эли унутпайт. Анткени, ал жогорку бийлик жакка баш ийбей өз алдынча Оштун бюджетинин эсебинен айлык акыны көбөйтүп, эл үчүн көптөгөн жакшы нерселерди кылган. Өзүн “Оштун императору” катары санаган Таалайбек Сарыбашев, илгерки императорлордон айырмасы , алар кулдарына желпилдеткич менен желпилдетип койсо, бул кошоматчыларына кол чатыр менен калкалатып койот. Акыркы мезгилде Ош шаарында кумар ...

0 962

Бабанов кайсы тарапка барат?

Саясий орду салмактуу саясатчылардын бири Өмүрбек Бабанов. 2017-жыды президенттик шайлоо учурунда азыр тирешип турган эки тарапты бириктирип туруп аз жерден кан ыйлатып ийе жаздаган. Бүгүнкү күнү Өмүрбек Бабановго болгон кызыгуулар күч ала баштагандай, эмне үчүн? 1. Бир тарабы бийликте турганда Өмүрбек Бабановго өкмөт башчысын берген. Арийне, Өмүрбек Бабановдун реформаторлук иштери кызганыч сезимдерин ойготуп өкмөт башчысынан кетирген. Андан соң бийликтеги чоң мансапка ...

0 126

Депутаттарга жаман сөз айтса жакшы деп эсептешет

Быйылкы жылы парламентке айрыкча көп сын пикирлер айтылды.Спикер депутаттарга сын-пикирлер көп айтылып жатканы алардын эң мыкты иштеп жатканы  деп эсептейт. Жогорку Кеңеш бир жыл ичинде 102 мыйзам долбоорун, 600дөй токтом долбоорун, 20 миңдей элдин кайрылуусун кабыл алып, 3 миңдей жыйын өткөргөн. Өз ишин 27-июнда аяктаган Жогорку Кеңеш  регламентине ылайык, депутаттар 1-июлдан тартып өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жер -жерлерде ...

0 237

Илмиянов мамлекеттин рулун башкарам деп иши сотко өттү

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы шопуру жана мамлекетин рулун башкарган, камактагы Икрамжан Илмияновго карата козголгон кылмыш ишинин материалдары сотко жиберилди. УКМК Илмиянов алдамчылык менен 150 миң доллар акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алган факты тергелип бүткөнүн 3-июлда билдирди. 10-июндагы тергөөнүн жыйынтыгына ылайык, Илмиянов Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү («Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык») боюнча кылмыш жасагандыгы тууралуу маалымдалып, тергөө аягына чыккандыгы жарыяланды. Илмияновду жоопко ...

0 311

ЖК түкүрүккө болгон айыпты кыскарткан, эми жол эрежесин бузгандар үчүн айып кыскарат

Бет кабын эми чече баштаган Жогорку Кеңештин төрагасы бүгүн пресс-конференция өттү. Күзүндө депутаттар кыскартууга белсенип киришет. Ошондой эле күзүндө жол эрежесин бузгандар үчүн айыппулга азыраак пул төлөп калат. Быйылкы жылдын эң үлкөн окуяларынын бири парламенте түкүрүккө болгон айыппулдун көлөмү кыскарды. Бул тууралуу спикер Дастан Жумабеков  баса белгиледи. Азыркы учурда жол эрежесин бузгандар үчүн айып жогору болуп жаткандыктан, түкүрүктөн кийин эле кокодон ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 489

Билим министриби же ката министриби? Нарын облусунда ката аттестаттар таратылды

Ката деген Билим, илим  министрлигинде көнүмүш адатка айланды. Нарын облусунун Кочкор районундагы Жунушалы кызы Сайнап орто мектебинде кайрадан ката аттестаттар таратылды. Ката “среднюю реднюю школу” деп кеткен. “Среднюю школу” деген сөздү чала моңол орусча билгендер түшүнөт. Ал эми “реднюю школу” дегенди министр Гүлмира Кудайбердиева новатордук кылып жаңы эле киргизбесе, мындай сөз кыргызда да, оруста да жок. Билим министри мурун бир-эки ...

0 480

АКШ Кой-Таштан кооптонуп турат

АКШнын мамлекеттик департаментинин өз жарандарына болгон Кайрылуусун Кыргызстандагы АКШтын элчилиги жарыя кылды. Бул Кайрылууда республикадагы АКШтын жарандарына Кой-Таш тарапка баруудан карманып турушун сунуш кылат.Бул сактануу дипломатиялык миссиянын сайтында жарык көрдү. Андан тышкары АКШ жарандарына түштүктө Көк-Жар айылына, чыгышта Чоң –Таш айылына баруудан да сактанып турушу айтылат. Ал эми Штаттын өкмөт кызматкерлерине бул тарапка барууга тыюу салынды. Учурда бул тарапта экс-президент ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83