www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аналитика
0 490

Билим министриби же ката министриби? Нарын облусунда ката аттестаттар таратылды

Ката деген Билим, илим  министрлигинде көнүмүш адатка айланды. Нарын облусунун Кочкор районундагы Жунушалы кызы Сайнап орто мектебинде кайрадан ката аттестаттар таратылды. Ката “среднюю реднюю школу” деп кеткен. “Среднюю школу” деген сөздү чала моңол орусча билгендер түшүнөт. Ал эми “реднюю школу” дегенди министр Гүлмира Кудайбердиева новатордук кылып жаңы эле киргизбесе, мындай сөз кыргызда да, оруста да жок. Билим министри мурун бир-эки ...

0 480

АКШ Кой-Таштан кооптонуп турат

АКШнын мамлекеттик департаментинин өз жарандарына болгон Кайрылуусун Кыргызстандагы АКШтын элчилиги жарыя кылды. Бул Кайрылууда республикадагы АКШтын жарандарына Кой-Таш тарапка баруудан карманып турушун сунуш кылат.Бул сактануу дипломатиялык миссиянын сайтында жарык көрдү. Андан тышкары АКШ жарандарына түштүктө Көк-Жар айылына, чыгышта Чоң –Таш айылына баруудан да сактанып турушу айтылат. Ал эми Штаттын өкмөт кызматкерлерине бул тарапка барууга тыюу салынды. Учурда бул тарапта экс-президент ...

0 589

Атамбаев бийликте турганда оңдурган эмес, андан запкы жегендер али тирүү

Бул бийлик атаандаш журналисттерди каматуу ʏчʏн антидемократиялык методдорду колдонгон. Парламент депутаттары эл ыйык туткан Конституцияны бузушуп, журналисттерди жазалап 5 жылга чейин каматуу ʏчʏн Кочкарева даярдаган мыйзамды кабыл алышкан. Мындай антидемократиялык методду ал эмес журналисттерди  ѳлтʏрʏп, кээ бир журналисттерди жазалап сабатып койгон авторитардык мамлекеттер да кабыл алган эмес. Ал эми Фарид Ниязов пресс-катчы болуп турган Аскар Акаевдин заманында «Асаба», «Столица», «Республика» ...

0 724

Ат көтөргөн Кожомкул балбандын тукумдары барбы?

Кожомкул балбандын 130 жылдыгына карата жылкы көтөрүү боюнча мелдеш болду. Кожомкулдун чөбүрөсү Орозалы Кожомкулов 300 килолук атты көтөрүп элдин эсин эки кылды. Мындай мелдеш Кожомкулдун көзү өткөн соң Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү: 1. Күрүчбек уулу Уларбек Бишкектен жылкыны жерден 20 см өйдө көтөргөн. Автобилдин ээси болду. 2. Панфилов районунан Кум-Арык айылынан Байыш Жумабековго таандык болду, ал жерден 15 ...

0 469

Рысалиев-Ирсалиев тандеми премьер-министрдин кекиртегине тыгылган сөөк болобу?

Иманкадыр Рысалиевдин дүбүртү көптөн бери эл оозунда жүрөт. “Ачык өкмөт” эл аралык уюмунун жетекчиси, мунун секретариатынын жетекчиси катары айлыгы 5000 евро эле, бир евронун курсу 78 сом 21 тыйындан болгондо эле айына 380 000 сом айлык алып турган. Жубайы Сабырбекова Таалайкүл “Эргене” коомдук фонду менен рак оорусун көзөмөлдөйм деп өкмөттөн  1 500 000 сомду жана оорулуулардын запкысын азайтам деген шылтоо ...

0 1398

Илмиянов Сегизбаев кармашынан улам, Сегизбаев Ак үйдөн алысыраак УКМКга кетти беле?

Атамбаев президент болуп турганда анын шопуру Илмиянов мамлекеттин рулун башкарып турганы белгилүү. Илмиянов башкаларга жолборс болгону менен, Атамбаевдин алдында чычканга айланчу. Арийне, “Икрам Саттарович” - деп артынан башкалар чуркап, парламенттик, президенттик жана жергиликтүү шайлоолорду жана жогорку эшалондогу кадр маселесин Илмиянов чечип калган. 2011-жылы Жогорку окуу жайында окутуучу болуп иштеп жүргөн Сегизбаев түз эле президенттин кеңешчиси болуп чыга келет. “Чычканга кебек ...

0 357

Трамп диктатор деп кимди айтты же кара жүздүүлөргө төрөөгө тыюу салган Аргентина президентинби?

Японияда болгон дүйнөлүк жыйырма лидердин саммитинен соң, Дональд Трамп Кореяга аттанды. Ал жерден Түндүк Корея менен Түштүк Кореяны бөлүп турган 38 паралеллге барып, Түндүк Корея тарапты аттаган биринчи АКШ президенти болду. Ким Чен Ын менен кайра-кайра жолугушуп жаткан себеби, 2020-жылы АКШда президенттик шайлоо болот, ядролук куралы бар Түндүк Кореяны тизгиндеп туруш керек. Ким Чен Ындын позициясы  эл аралык соодада тыюу ...

0 2320

Кимдердин КСДПда кызматы өйдөлөйт, эмне ксдпчыларга кылмыш кылууга уруксат берилди беле?

КСДПнын накта жүзү кандай эле? Оолуккан Артыков сыяктуулар ГАИ-МАИлерди киши ордуна көрүшчү эмес, жүз миңдеген айлык алып жаткан депутаттардын айлыгын көтөрбөсөк болбойт дечү. СССР убагында парламенттик номенклатура буга окшош алдым-жуттумдарга депутаттык бийлик бермек түгүл, «эки бутун бир кончко салып» койчу. Анткени, ал кезде мыйзам катуу иштөөчү. КСДПда Артыков сыяктуулар көкөлөдү, чоң кызматтарда  болушту, ага да тоюшпай Кыргызстанга ээлик кылгысы келишти. Буга СДПКнын көмүскө ...

0 396

Королдор таймашы: Экс-президент Отунбаева экс-президент Атамбаев жөнүндө эмне дейт?

01-июль 2019, 14:10 Кызгалдак Жакыпова

2010-жылы 7-апрелде бийлик алмашат. Убактылуу өкмөт түзүлүп төрайымына Роза Отунбаеваны шайлашат. Анын биринчи орунбасары болуп Атамбаев шайланат. Арийне, бийликти жалгыз колго топтойм деп жүргөн Атамбаев үчүн Отунбаеваны алдыга өткөзүп жиберүү чоң көйгөй болгон. Ошондуктан, Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүн бул маселени кайра карап чыгууга далалат кылган. Убактылуу Өкмөттүн башына келүүнү самаган.  Атамбаевдин канча кылган аракетине карабай Бекназаров, Текебаев, Шер сыяктуу Убактылуу Өкмөттүн ...

0 653

Чыныгы «лидер» Чыныбай Турсунбеков кимге чыйт түкүрөт?

01-июль 2019, 12:10 Кызгалдак Жакыпова

Булуттан чыккан күнгө окшоп, Бакиевдик бийликтин ордуна жаңы бийлик келип, жаңы парламенттик шайлоо өткөн соң Чыныбай Акуновичтин бейнеси жарк дей түштү. Кыргызстанды мындай койолу, Теңир –Тоодо Аскар Салымбеков, Акылбек Жапаров, Карганбек Самаков, Шаки, Абтандил Кулбараков, Камчыбек Жолдошбаев сыяктуу Турсунбековдон салмагы күчтүү саясатчылар бар. Арийне, тандоо Чыныбай Турсунбековго түштү. Ал «СДПК - биздин доорубуздун акылы, абийири жана ар-намысы» деген принципти туу ...

0 2389

Июль айы кыргыз эсепчилеринин айтуусу боюнча

01-июль 2019, 09:56 Кызгалдак Жакыпова

Азыркыдай аба ырайын билген заман жок кезде деле кыргыздар эсепчилерди карап жашап келишкен. Ушул тапта кыргыздын мыкты адамдары «кыргыздын эсепчилерин» ЮНЕСКОго каттайлы дешип чамынып жатышат. Менин чоң атам Кудаяр уулу Эсенбай (1850-1941) он тогуз-жыйырманчы кылымдын мыкты эсепчиси болгон. Атам чоң атам тууралуу көп нерселерди айтып кеткен. Эл оозунда айтылып жүргөндөрдү жыйнап, барын чогултуп «Эсенбай эсепчи» деген китеп кылдым эле, бул ...

0 2362

«Аташканын» Сапар Исаков сыяктуу «балашкалары» камалса, Дастан Жумабеков сыяктуу «балашкалары» башынан ылдый жугунду куйа баштады

01-июль 2019, 06:23 Кызгалдак Жакыпова

Бийликти «балашкалаштырам» деп Атамбаев салабаттуу саясатчыларды ийнине кийире кубалап, «отур» десе отурган, «осур» десе  осурган «балашкаларды» бийликке топтоду. «Азаттыктан» барып пресс-катчысы болуп жүргөн Акаев гана ЖКга «Аташканын» акчасы менен өткөн соң укпай койду. «Балашка»  «Сапарушка» Исаков өкмөт түзгөндө орун басарлары бүт «балашкалардан» : «Тоша» Абдыгулов, «Душенка» Зилалиев, Темир Жумакадыров (кырсыктан көзү өттү) сыяктуулар болгон. Мал сыяктуу тишин ачып көрүп карыган ...

0 4536

Түрмөнүн «секунданты» Сегизбаев саясатчы эмес, жездеси Атамбаевдин аркасы менен чоң кызмат алган

30-июнь 2019, 14:29 Кызгалдак Жакыпова

Сегизбаевдин Кой-Ташка келишин Путин келгендей даңазалоонун кереги жок, аны менен кошо мурунку ИИМ министри Улан Исраилов келди дейт. Ооба, бир жагы туура экөө тең кызматта турушкан. Экинчи жагынан Атамбаевге мурунку кайниси менен мурунку жансакчысы келиптир. Кайнисин алып барып УКМКны, жансакчысын алып барып ИИМди жетектетип коюш өзү туура эмес. Жансакчысын эл билет, кайнилик жагын айта кетели.  Атамбаевдин биринчи аялынын атасы Теңизбай ...

0 913

Бейшенов бейшеби келип турган, бейшарим жерге министр болдубу?

29-июнь 2019, 17:14 Кызгалдак Жакыпова

Ош-Бишкек деген чоң жол бар ошол убакта унаа, жол министри бейшеби келип турган, бейшарим Жантөрө Сатыбалдиев жол салып жүрүп, Акаев менен бир кабатын бисквит кылып жеп коюшкан. Сатыбалдиев азыр камакта?Акаев жалжаңдап Москвада жүрөт. Унаа, жол министри бейшеби келип турган, бейшарим Нурлан Сулайманов да алкымынан аксап кетип, Эр Төштүктөй жети кабат жердин түбүнө түшүп кеткен? Эми аны Интерполь менен издеген киши да ...

0 1206

Атамбаевдин жан досу Иса Өмүркуловго: «Гүлчөтай, ач жүзүңдү!»

29-июнь 2019, 14:13 Кызгалдак Жакыпова

Иса Өмүркулов Атамбаевди жамандаса оозунан кара көбүк чыга баштады. Логикалык жактан бул туурабы? Иса мырзанын бейиште жашаганы чын: Бишкекте мэр, ЖК депутаты, СДПК фракция жетекчиси болду. Беш-Күңгөйдөгү дачада стакан кагышып отурат деп укчубуз. А чындыгы Иса мырза түсүн өзгөртүп отурганы да чын. Анткени, аны «атакеси» «мышык-чычкан» ойноткон. «Мышыкка-оюн, чычканга-өлүм» -деген кеп бар, кааласа «атакеси» аны нөлөбөй класстын окуучусундай бурчка ...

0 2929

Шаки  Атамбаевди, Бабановду, Максим Бакиевди, Акаевди  багып келди, андан көрө элди бакпайбы?

Шаки деген элдин эсебинен байып жалаң чоңдорду көздөп келген Ат-Башынын кулуну бар. Ат-Башыга аттын башынан эстелигин курганы болбосо элге эч иш жасабай чоңдорду көргөндө шымын булгап, жата калып саламын берип,  соолуп калат. Эми анын мурунку заманын кеп кылбай эле койолу. Максим Бакиевдин алдында мамык төшөк болуп жатканда , бийлик алмашып кетет. Чет мамлекетте качып жүргөн Кубаныч Кадыров келип ИИМ министрине ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
1 4229

 Ак үй  “Мисс-мира” болгонсуп, Атамбаев эмнеге кызматтарга сулуу кыздарды  гана алган?

Атамбаев чоң кызматка алганда башы иштегендерди эмес, башы иштебесе да өңдөрү сүйкүмдүү кыздарды тандап алыптыр. Атамбаев алган сулуу кыздар өз ишин актай албай бардыгы бүгүнкү камакка талапкер. Эми бардыгын айтпайлы ирдүүлөрүн эле айталы: 1. Салянова Аида: 2011-2015-жылдары Башкы прокурор. 2015-жылдан куугунтукталып, азыркы учурда камакта жатат. 2. Жамашева Феруза: 2012-жылдан 2018-жылга чейин Жогорку Соттун төрайымы, Азиз Батукаевди качырганы үчүн ...

0 597

Садырды  Сарууну сапырды деп сары изине түшкөндөр кимдер?

“Кухняда” кужулдап коюшуп куурагандар эмки  “куралдуулар” алдында шоона эшпей калышты. Чет мамлекетте жүрүп Садыр Жапаров Мекенин сагынды, эли аны сагынып тосуп алганы баргандардын арасында камалгандар болду. Талгарбеков деген колхоз-совхозду тараткан кочкор мүйүз кочкорлук саясатчы бар, бир күнү дүүлүгүп кетип эле, бийликти алам деп катуу кыйкырды эле, камактан запкысы көрдү. Өзү жалгыз көргөн жок Марат Султанов ...

0 694

Мени колдойт деген ишенимде жүргөн Путинден Атамбаев үмүтүн үзсө да болот

Атамбаевдин   кол тийбестигинен айрылганын  Путин “досу” ойлоп койдубу?  Буга чейин мени колдойт деген ишенимде жүргөн Орусиядан да Атамбаев үмүтүн үзсө болот. 2016-жылдын башында Орусия Кыргызстан мамилеси катуу курчуп кеткен. Ал эмес “Регнум” басылмасы 2016-жылдын 26-январында  карама-каршылыктын рейтинги боюнча Сауд Аравиясы, Молдовадан ашты деп жазган. 2016-жылы сентябрда Путин иш сапары менен Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстанга келет. Ал мезгилде Үркүнгө ...

0 2128

Атамбаевдин ата-тегин сүргөн “арзыматы” Кытайга кыргызды саткысы келип жатабы?

Кытайдын акыны Ли Бого Кыргызстанда эстелик курууну ойлобошубуз керек, эмнеге? “Дедкасым” Атамбаевдин заманында  ата-тегин Шао-Маого жеткизип Кыргыз Эл Баатырына татыктуумун деп жүргөндө, Атамбаевге санжырасы жакпай калат да  “Манас” орденин эле берип койот. Ал жазган санжырасы жасалма экени белгилүү. Анткени, “Дедкасымдын” жазгандары боюнча Атамбаевдин аталары Ноорузбай Алымбек датка менен катарлаш Коконду алган адам экен. Бир айтканы боюнча аталары Пулатхан менен чогуу ...

1 995

Көп пенсия алгандарга акча кошпой эле, азыраак пенсия алгандарга жакшылап эле кошпойбу?

Байлар акча үчүн ыйлабайт, кээ бир байлар пенсиясын эл үчүн кечип койот. Жамин Акималиев деген кыргыз бар. Ал учурунда депутат, академик болуп жүрүп итапкан пенсия алмак. Бирок ушундай да кыргыздар болот экен, эл ушинтип кыйналып турганда пенсия албайм деп,бюджетке аз да болсо  үнөм кылыптыр. Эми башка деле акчалары жетет эле биздин ач көз чиндерине, наамдарына 100 миңдеп пенсия алып жүрөт. ...

0 319

“Финпол” пара менен колго түштү, “Ишенген кожом сен болсоң, алды-артыңан тал карма” беле?

Ушуларга окшогон адамдарга да ишенип жүрөбүз, бирок УКМКнын укуругу узарып баратат керек болсо финполдун ичинен кан өткөзүп калды. Финполдун ыкчам көзөмөлдөө бөлүмүнүн ачендиги Арзымат Жакишев 5 миң доллар алып жаткан жерден колго түштү. Бул шоркелдей мындай “таттуу акчанын” далайын ишкерлерден сындырып жүрүп көнсө керек, бул ирет да Арзымат “арзыматчылыгын” кылып жанталашканы менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 326 беренси менен ...

0 862

Күзгө жетпей мугалимдердин айлык акысы көтөрүлөбү?

Бул тууралуу президент Жээнбеков 2019-жылдын 11-апрелинде Жогорку Кеңеште элге Кайрылуусунда баса белгилеген. Элге так болуш үчүн орусча айтылган текстинен которбой эле берели: «Зарплата учителей будет повышена осенью, не позднее начала учебного года. Правительство сейчас занято соответствующими расчетами. Бог даст, у наших учителей в школах с нового учебного года будет уже другая зарплата». Президент Жээнбековдун мугалимдердин айлыгын көтөрүп жатканына рахмат. ...

0 405

Коррупцияланышкан жерге келген министр ишти эмнеден баштады?

Айыл чарба министрлигинин коррупцияланышканы тууралуу уу-дуу кеп эмгиче тарай элек. Бул жерде атка минерлер менен алыпсатарлар биригип алышып ЕАЭБге кирбеген Өзбекстан, Тажикстандан айыл чарба продукцияларын ЕАЭБге кирген Орусия, Казакстанга салыгы жок өз товарыбыз жок деп сатышып, кыргыздын имиджин кетирген. Мурун айыл чарба министринин орун басары болуп келген Эркинбек Чодуев министр болор менен ишин айыл чарбада иштеген дыйкандар ...

0 3931

Салянов куугунтуктун айынан саясий өлүмгө кабылганын ИИМде моюнга алышты

Саляновдун өлүмү боюнча ар кандай версиялар айтылып келаткан. Бирок кандайдыр себептер менен саясаттын негизинде өлтүрүлгөн деген версия четке кагылып келаткан. Ички иштер министринин маалымат кызматы Саляновдун өлүмү саясий негизде болгон деп кабарлады. Анткени, аны өлтүргөндөр каракчылык кылып, үйүндөгү оокаттарына тийишкен эмес. Эгер каракчылык кылып киришсе анда, алар үйдү тоноп, үйдөгү кымбат баалуу  дүнүйөлөрдү алып кетишмек. Бул жерден дагы бир версия ...

0 251

Эркектердин укугун БШК төрайымы Шайлдабекова канчага тебелейт?

Эркек байкуштарды биздин мамлекетте гана тебелеп-тепсейт, ал эми демократиялуу мамлекеттерде эркекпи, аялбы, титулдук улуттун өкүлүбү же титулдук улуттун өкүлү эмеспи, жашпы, карыбы ага карабайт. Биздин мыйзамда кандай? Жогорку Кеңешке талапкер болгон партияларда чектөө киргизилген: 1. Бир жыныстуулардын саны 70 пайыздан ашпаш керек, бизде эркектер саясатта басымдуулук кылат, демек аялзатынын саны 30 пайыз болуш керек. 2. 15 пайыз талапкер титулдук калктын өкүлү эмес, ...

0 256

«Жаш келсе парага, кары келсе чарагабы?»

Мурун башкача «Жаш келсе ишке, кары келсе ашка» болчу? «ТЭЦте» авария болуп эл тоңуп турганда Бишкектеги эң кымбат ресторанда баласына той берип, миңдеген кишилерди чакырган, Айбек Калиев бул акчаларды кайдан тапкан? Же анын «ТЭЦ»  менен тиешеси жок беле? Жок дегенде эл тоңуп жатканда тоюн койо турса болмок. Айбек Калиев эксперт болуп жүрүп тез эле 2012-жылы Өнөр жай жана энергетика министринин ...

0 260

Чегирткелер каптай баштады, булардын түбүнө жетпесек болбойт, бирок кандайча?

Чегирткелер кыргызга каптап далай ирет боз үйдүн жабуу, үзүк-боолорунун тамтыгын калтырбай жеп кыргыздарга бүлүк салып кетчү дешчү эле илгеркилер.  Акыркы жылдары химиялык каражаттарды мындай зыянкечтерге каршы колдонуп,  чегирткелердин сансыз тукумунун түбүнө жетип келатабыз. Чегирткелердин 18 жылда бир чыгып каптай турган түрлөрү да бар. Баткен шаарынын айлана –тегерегин чегирткелер каптап айыл-чарба өсүмдүктөрүн жайлап кете баштаптыр. Азыркы учурда химиялык каражаттарды пайдаланып жатса да ...

0 398

Жайкы эс алуу келатат, президенттер кайда барып эс алышат?

Атамбаев быйыл каякта эс аларын билбейм, балким “караңгы жерде” эс алып калар. Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев Эрдоган менен достук мамиледе жүргөндө Түркияга барып Жер ортолук деңизге бутун салып, чөмүлгөндү баалоочу. Бирок, Эрдоган менен достук мамилеси үзүлгөн соң, Кытай, Индия сыяктуу мамлекеттерге барып эс алып калган. Аны туурашып берметтей болгон Ысык-Көлүбүз турса да атка минерлер чет мамлекеттерге барып эс алып ...

0 826

Атамбаев менен Жээнбековдун ортосун эмнеге “кара мышык” аралап кетти?

Кыргыз элинде жакшы салттар бар эле, эки эр чатакташа кетсе, ортосуна аксакалдар түшө калып жараштырып коюшчу. Бүгүнкү жөнөкөй аксакалдарды теңсинбей эч ким укпайт, ал эми атка минер аксакалдар “дүжүр чалдарга” айланышкан. “Дүжүр чалдар” жышма болуп алышкан, ошондуктан экөөнө калыстыкты айткандын ордуна кайра бири-бирине кайраштырып, жышып келатат. Эң эле өкүнүчтүүсү ушул. Атамбаев - Жээнбеков тандеми 2017-жылы президенттик шайлоодо бирге чыгышып, ошол ...

0 687

Ураалап уранды жаптык эле, эми уранды ураалап ачабызбы?

Уран тууралуу жылма сөздөр башталды. Жогорку Кеңеште Уранды иштетүү боюнча маселени өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев көтөрдү.Урандын казылышын колдой турган Кожобек Рысбаев сыяктуу депутаттар деле жок эмес. Ал: «Уранды сатпасак радиоактивдешип кетип, элге зыяны тийет, жаңы технологиялар менен аны казып, ташып жоготуш керек. Уран бул акча, сиздин айлык, биздин айлык. Уранды сатпасак айлыкты каяктан алабыз? Урандан өлүп калабыз деп түшүнбөй эле ...

0 356

Кытай менен дос болсоң, наркескенди ала жүр

Бүгүнкү Кытай курт-кумурскадай жыбырап, калкынын өсүшүн басаңдатуу үчүн ар кандай ыкмаларды колдонуп жатышат.  Кытайдын тамак азыктарында ар кандай генофондго каршы заттар кошулуп жатканы жаңылык деле эмес. Эми кытайлыктар элин азайта албай жатышса, кыргыздарга элдин азайганы зыян, ансыз деле калкыбыздын саны чамалуу. Негизи арзандыгына карап Кытайдан келген азык заттарды албашыбыз керек ал түшүнүктүү. Бирок өзүбүздүн эле алыпсатарлар Кытайдын жасалма ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 508

Айыл чарба министрлиги коррупционерлердин уюгуна айланып кеткенби?

Политехтин «балын соруп» өскөн Акылбек Жапаров деген депутат бар, малга паспорт бербесем асынып өлөм деп жүрчү, жакында курсташын айыл чарба министри кылыптыр. Эми бул министрлик «чапкан аттай» эле кетет деп жүрсөк, накта былыктары чыкты. Айыл чарба министрлигинин атка минерлери менен тил табышып алган кылмышкерлер тобу эл аралык тийиштүү документтерди жасап, ЕАЭСке кирбеген Өзбекстан, Тажикстан сыяктуу мамлекеттерден шектүү айыл чарба продукцияларын сатып ...

0 321

Грузиндер менен кыргыздарды салыштырууга болобу?

Грузия парламенттик шайлоодо босогону алып салды. Эми канча партия парламенттик шайлоого катышса алган добуштарына карай орундар бөлүштүрүлөт.Азыр кыргыздар үчүн грузиндер менен теңелүү мүмкүн эмес. Бизде босогону алып салса Кыргызстандын 200дөн ашуун партиясы бүт катышат. Бул жагын бөркүңүзлөй көрүңүз, анткени 2011-жылы президенттик шайлоого жүздөй киши талапкер болгон. Эми да партия аттуунун бары жабалактап тоскоолдуктар болбосо талапкердигин коюп чыгышы мүмкүн. ...

0 765

Швейцарияга “учуп” кеткен алтындарыбыз кайра артка кайтабы?

Алтынга чуулганып жаткан Кыргызстанда алтындын запасы жок. Кумтөрдө жаткан алтын дүйнөдө жетинчи орунду ээлеп 700 тоннадан ашык алтын бар деп баалашкан. Кумтөр менен келишимди балдардын келечегин ойлоп түзгөндө казынабызда алтындын запасы болмок, болжол менен азыркы тышкы карыздарыбыздан кутулуп калмакпыз. Кумтөр менен төрт-беш келишим түзүлгөн. Бары тең канадалык инвесторлор менен кыргыз бийлигинин кызыкчылыгын көздөгөн. Андан тышкары Макмал жана башка ...

0 1137

Министрлер ката кетире берсе болобу?

Ката жазуу бүгүнкү Билим, илим министринин «кредосуна» айланды. Окуу китептериндеги кетирип жаткан ката тууралуу «бешиктен бели чыккан балдардан» өйдө билет. Орусия президенти Владимир Путин Кыргызстанга иш сапары менен келгенде Орус-кыргыз окумуштуу, илимпоздору чогулуп форум өткөрүшкөн. Мындай уяттуу жерде Билим, илим министри жакшылап көз салып койсо болмок. Бирок, ошол форумда жазылган сөздөр ката жазылып көпчүлүк аны окуган кыргыздар кирерге ...

0 302

Күзүндө айлык көтөрүлүп, “Жөжө санайбызбы” же...

24-июнь 2019, 14:44 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстандын өнөр жайы оор ахыбалда экенин Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков өнөр жай жана ишкерчилик Комитетинин жыйынында баса белгиледи. Анын айтуусунда бул тармакта иш артты көздөй тартып жатат, бул туура эгер Кыргызстан ушул боюнча алга кете берсе, анда эртеңки күнү сызга отуруп калышыбыз мүмкүн. Бүгүнкү күну Кыргызстандын чет мамлекеттерге болгон карызы 5 миллиард долларга чукулдап баратат.  Булардын ичинде Орусия мезгил-мезгили менен ...

0 257

Акаев алып келген кочкорлор кыргызды өнүктүрдүбү?

24-июнь 2019, 13:55 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстанда кайрадан мал чарбачылыгын өстүрүү боюнча ойлор айтыла баштады. Аскар Акаев президент болуп турганда так ушул ой айтылган. Австралиядан кыргыз ала турган карыз акчага меринос кочкорлор алынып келинген. Бул асыл тукум кочкорлорду бир гана Аскар Акаевичтин агасы Асанкул Акаев гана бага алат, башка кыргыз бага албайт дешип, анын көзөмөлдүгүнө беришкен. Иштин жыйынтыгы мындай Австралиядан келген кымбат баага алынган меринос кочкорлор ...

0 394

Медет Садыркуловдон тарбия алганбыз дегендер бар, ал ким болгон?

24-июнь 2019, 11:04 Кызгалдак Жакыпова

 Медет Садыркулов Акаевдин администрация жетекчиси катары Баткен окуясында бир дипломат акча боюнча Бакиевдин бийлиги учурунда териштирилип жатып, капыстан президенттик аппаратка жетекчинин орун басары, кийин Мыктыбек Абдылдаевдин ордуна президенттик аппарат жетекчиси болгон. Медет Садыркуловду абдан таланттуу уюштургуч катары баалангандыр, Курманбек Бакиевдин жеке бийлигин чыңоого, оппозицияны алсыратууга дал ушул фигуранын салымы чоң болгон дешет. Андыктан аны көптөгөн ошол кездеги оппозиция өкүлдөрү деле ...

0 202

Кулматов калп айттыбы же чын эле кедейби?

Бүгүнкү күнү Жогорку Кеңеште экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ишин карап жатышат. Ал да жөн жаткан жок алты миллион мамлекетти алты жыл башкарса да алты жүзгө жетпеген элди чогулта алыптыр. Анын командасында ким бар эле? Мисалы, Бишкек шаарынын экс -мэри Кубанычбек Кулматов жана анын туугандары элди алдап келишкен алар 405 миң сом таптык деп декларацияга жазышкан. Бул тууралуу киреше жана мүлктөр жөнүндөгү декларацияда айтылат.Мамлекеттик ...

0 199

Малайзия –экономикалык жактан кандайча өнүгүп кеткен?

Кызыгы Малайзия да,Кыргыз Республикасы да эгемендүүлүк күнүн бир күндө 31-августта белгилешет. Мурун Малай Федерациясы аты менен белгилүү болгон Малайзия 1957-жылы Улуу Британиядан көз карандысыздыкты алып, эгемендүү мамлекетке айланган. 1963-жылы бул мамлекет британдардын колониясы эсептелген Чыгыш Малайзияны кошуп алып, ошондон баштап Малайзия атала баштаган. Кыргыздар менен окшоштуктары малайлар ислам динин тутушат, мурун соода точкаларында, өндүрүштө жалаң башка улуттун өкүлдөрү ээлеп, титулдук ...

0 564

Атамбаевдин даңазасын чыгарып жүргөндөр бүгүн каякта?

Атамбаев президент болуп турганда өз даңазасын чыгаруу үчүн чоң аракет кылды. Анан тойбой кетти окшойт, ата-тегин даңазалай баштады. “Жарма” тарыхчы молдо “Касымды” чакырып жатпайбы Беш-Күңгөйдөгү дачасына, менин “Ата-тегимди” таап бер деп. Молдо “Касым” Атамбаевди чакырганда жетип барды. Атамбаевди көргөндө бортоктоп барып эле сулк жыгылыптыр. Атамбаевдин жансакчысы кийин ИИМ министри болгон Улан Исраилов бетине суу чачса, ...

0 197

Кыргыздын каргышы кайсы президентке тийет?

Кыргыз мамлекетинде 4 президент алмашты, кимир бирөөлөр 3 эле болгон деп азайтат. Үчпү,  төртпү сумма өзгөрбөйт. Кыргызстан Борбор Азияда бийлик алмаштыруу боюнча чемпион. Бир убакта кыргыздын башында Кудаян деген хан болгон. Кыргызга калмактар басып киргенде ал гареминдеги кыздар менен көңүл ачып, кыргыздын жигиттерин калмакка каршы көтөрбөй койот. Кыргыздар кырылат, биринин атасы, биринин баласы өлөт. Дайнын таппай тирүүлөрү Анжианга тентийт. Жок ...

0 554

Кочкоров Улукбек качан “улуйт” ?

Министрлердин арасында Кочкоров Улукбек деген жаш, жаңы демилге менен иштей турган  министр бар. Жашы деле күн улап эмки жаштарга орун бошотуп баратат, ал эми ишинин үзүрүн ким көрүп жатканы белгисиз. Атамбаев президент кезинде  парламент депутаттарын тандап кийирчү, “Лык.лык, лык семиз лыкылдаган ким семиз” –деп. Атамбаевге кирип барган депутаттар, уруксаты жок эле чөгөлөп жыгылып “Журт атасы” элдин бары жыргап ...

0 336

Бишкекке мэр болуп келгендердин барына кылмыш иши козголду, азыркы мэрдин иши кандай?

Бишкекке мэр болгон Нариман Түлеев камалып келди, Кубаныч Кулматов менен Албек Ибраимовдордун үстүнөн кылмыш иши козголуп, ал эми дагы бир Бишкекке мэр болгон Иса Өмүркуловдун үстүнөн кылмыш иши козголуп соттолгону калганда жандосу Атамбаев президенттик бийлигине таянып  алып калган. Бүгүн Бишкекке өзү кыргыз, бирок кыргызча билбеген Азиз Суракматлов мэр. Суракматовдун өз эне тили кыргыз тилин үйрөнүүгө далалаты чоң, айтарыбыз Феликс Куловго ...

0 137

Биткоинге эл ишенеби?

Азыркы дүйнөдө бардыгы оомалуу-төкмөлүү. Социалдык тармактарды криптовалютага айланган Биткоин интернеттик тармакта чоң оюнга айланган.Биткоиндин  башка акчалардан айрымасы бир ылдый түшүп, бир өйдө көтөрүлүп турат. Бүгүнкү күнү дүйнөдөгү 1 миллард 700 миллион адамга чейин ишенип колдонууда турган Биткоиндин курсу кайрадан көтөрүлүп баратыптыр.Акыркы мезгилде Биткоиндин наркы 2-3 эсе көтөрүлүп баратканы тууралуу атайын маалымат таратып жатышат. Кыргыздарда деле Биткоинди колдонгондор болсо ...

20-июнь 2019, 10:27 | 137
0 1837

Атамбаев өгөй баласына неге ишенбейт, анан эл ага ишенеби?

Раиса Атамбаева Атамбаевдин экинчи никеси экенин элдин баары билет. Ошол эле убакта Атамбаев дагы Раиса айымдын экинчи никеси. Экс-Канайымдын биринчи никесинен кадыресе каруу-күчкө толуп калган уулу бар экени да белгилүү.Экс-ажонун мурдагы шопуру Икрам Илмиянов «кожоюнунун» алты жылдык президенттик мөөнөтүндө үлкөн чиновникке айланып, кадр маселесинен тарта финансы маселесине чейин кийлигишкен таасирдүү фигура болгону белгилүү. Анан ал өлкөбүздө бийлик алмашкандан ...

0 344

“Революциянын бульдозеру” Бекназаровдун бешенеси кимге жакпайт?

“Революциянын бульдозеру” аталган Бекназаровдун турган турпаты бардык бийликке жакпайт. Бул жөнүндө ойлонуштуруп көрөлү: 1. Акаевдин бийлиги учурунда Бекназаровду белин бүктөп камакка тыгып салган. Себеби, Аксылык Түштүктүн кулуну депутат Бекназаров Үзөңгү-Куушту эмне үчүн  Кытайга беребиз деп Акаевдин тамагына тыгылган сөөк болгон. Турдакун Усубалиев, Акылбек Жапаров, Темир Сариев сыяктуу Түндүктүн тың чыкмалары өз жерин Кытайдан “аяшпай” берип жаткан соң Бекназаровго эмне шам? Ушул ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 325

Президенттер ортосунда достук жок, эки эл жакшы болсо жакшы, эки эл жаман болсо жаман

Атамбаев президент болуп турганда: “Путин менин жан кыйбас досум” же “Эрдогандай дос бул дүйнөдө табылбайт” – деп көп айтчу. Путин досу Атамбаев президенттен кеткени келип –кетип эле жүрөт, бирок досун чакырып учурашканын уккан киши жок. Ал эми Эрдоган досу менен Атамбаев бийлик башында турганда эле бири-бирин сүйбөй калган. Атамбаев Эрдоганга каршы чыккан Гүленди колдогон жок, бирок Эрдоган досу менен “Жылкыга ...

0 513

Нобель сыйлыгына канча мусулман татыктуу болгон?

Нобель сыйлыгы эл аралык эң жогорку сыйлык. Жыл сайын эң мыкты илимий иликтөөлөргө, революциялык жаңылык бере турган ачылыштарга жана коомго жана адабиятка сиңирген эмгектери үчүн берилет. 1901-жылы уюштурулган Нобель сыйлыгына миңге жетпеген адам гана лауреат болгон. Ошолордун ичинде төмөнкү мусулмандар бар: Надя Мурад Сексуалдык зордуктоого каршы чыккан Мурад муратына жетип Нобель сыйлыгына ээ болду, деги канча мусулман Нобель сыйлыгын жакында алды.Надя Мурад- ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83