www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аналитика
0 270

Эркектердин укугун БШК төрайымы Шайлдабекова канчага тебелейт?

Эркек байкуштарды биздин мамлекетте гана тебелеп-тепсейт, ал эми демократиялуу мамлекеттерде эркекпи, аялбы, титулдук улуттун өкүлүбү же титулдук улуттун өкүлү эмеспи, жашпы, карыбы ага карабайт. Биздин мыйзамда кандай? Жогорку Кеңешке талапкер болгон партияларда чектөө киргизилген: 1. Бир жыныстуулардын саны 70 пайыздан ашпаш керек, бизде эркектер саясатта басымдуулук кылат, демек аялзатынын саны 30 пайыз болуш керек. 2. 15 пайыз талапкер титулдук калктын өкүлү эмес, ...

0 263

«Жаш келсе парага, кары келсе чарагабы?»

Мурун башкача «Жаш келсе ишке, кары келсе ашка» болчу? «ТЭЦте» авария болуп эл тоңуп турганда Бишкектеги эң кымбат ресторанда баласына той берип, миңдеген кишилерди чакырган, Айбек Калиев бул акчаларды кайдан тапкан? Же анын «ТЭЦ»  менен тиешеси жок беле? Жок дегенде эл тоңуп жатканда тоюн койо турса болмок. Айбек Калиев эксперт болуп жүрүп тез эле 2012-жылы Өнөр жай жана энергетика министринин ...

0 263

Чегирткелер каптай баштады, булардын түбүнө жетпесек болбойт, бирок кандайча?

Чегирткелер кыргызга каптап далай ирет боз үйдүн жабуу, үзүк-боолорунун тамтыгын калтырбай жеп кыргыздарга бүлүк салып кетчү дешчү эле илгеркилер.  Акыркы жылдары химиялык каражаттарды мындай зыянкечтерге каршы колдонуп,  чегирткелердин сансыз тукумунун түбүнө жетип келатабыз. Чегирткелердин 18 жылда бир чыгып каптай турган түрлөрү да бар. Баткен шаарынын айлана –тегерегин чегирткелер каптап айыл-чарба өсүмдүктөрүн жайлап кете баштаптыр. Азыркы учурда химиялык каражаттарды пайдаланып жатса да ...

0 400

Жайкы эс алуу келатат, президенттер кайда барып эс алышат?

Атамбаев быйыл каякта эс аларын билбейм, балким “караңгы жерде” эс алып калар. Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев Эрдоган менен достук мамиледе жүргөндө Түркияга барып Жер ортолук деңизге бутун салып, чөмүлгөндү баалоочу. Бирок, Эрдоган менен достук мамилеси үзүлгөн соң, Кытай, Индия сыяктуу мамлекеттерге барып эс алып калган. Аны туурашып берметтей болгон Ысык-Көлүбүз турса да атка минерлер чет мамлекеттерге барып эс алып ...

0 830

Атамбаев менен Жээнбековдун ортосун эмнеге “кара мышык” аралап кетти?

Кыргыз элинде жакшы салттар бар эле, эки эр чатакташа кетсе, ортосуна аксакалдар түшө калып жараштырып коюшчу. Бүгүнкү жөнөкөй аксакалдарды теңсинбей эч ким укпайт, ал эми атка минер аксакалдар “дүжүр чалдарга” айланышкан. “Дүжүр чалдар” жышма болуп алышкан, ошондуктан экөөнө калыстыкты айткандын ордуна кайра бири-бирине кайраштырып, жышып келатат. Эң эле өкүнүчтүүсү ушул. Атамбаев - Жээнбеков тандеми 2017-жылы президенттик шайлоодо бирге чыгышып, ошол ...

0 703

Ураалап уранды жаптык эле, эми уранды ураалап ачабызбы?

Уран тууралуу жылма сөздөр башталды. Жогорку Кеңеште Уранды иштетүү боюнча маселени өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев көтөрдү.Урандын казылышын колдой турган Кожобек Рысбаев сыяктуу депутаттар деле жок эмес. Ал: «Уранды сатпасак радиоактивдешип кетип, элге зыяны тийет, жаңы технологиялар менен аны казып, ташып жоготуш керек. Уран бул акча, сиздин айлык, биздин айлык. Уранды сатпасак айлыкты каяктан алабыз? Урандан өлүп калабыз деп түшүнбөй эле ...

0 360

Кытай менен дос болсоң, наркескенди ала жүр

Бүгүнкү Кытай курт-кумурскадай жыбырап, калкынын өсүшүн басаңдатуу үчүн ар кандай ыкмаларды колдонуп жатышат.  Кытайдын тамак азыктарында ар кандай генофондго каршы заттар кошулуп жатканы жаңылык деле эмес. Эми кытайлыктар элин азайта албай жатышса, кыргыздарга элдин азайганы зыян, ансыз деле калкыбыздын саны чамалуу. Негизи арзандыгына карап Кытайдан келген азык заттарды албашыбыз керек ал түшүнүктүү. Бирок өзүбүздүн эле алыпсатарлар Кытайдын жасалма ...

0 515

Айыл чарба министрлиги коррупционерлердин уюгуна айланып кеткенби?

Политехтин «балын соруп» өскөн Акылбек Жапаров деген депутат бар, малга паспорт бербесем асынып өлөм деп жүрчү, жакында курсташын айыл чарба министри кылыптыр. Эми бул министрлик «чапкан аттай» эле кетет деп жүрсөк, накта былыктары чыкты. Айыл чарба министрлигинин атка минерлери менен тил табышып алган кылмышкерлер тобу эл аралык тийиштүү документтерди жасап, ЕАЭСке кирбеген Өзбекстан, Тажикстан сыяктуу мамлекеттерден шектүү айыл чарба продукцияларын сатып ...

0 328

Грузиндер менен кыргыздарды салыштырууга болобу?

Грузия парламенттик шайлоодо босогону алып салды. Эми канча партия парламенттик шайлоого катышса алган добуштарына карай орундар бөлүштүрүлөт.Азыр кыргыздар үчүн грузиндер менен теңелүү мүмкүн эмес. Бизде босогону алып салса Кыргызстандын 200дөн ашуун партиясы бүт катышат. Бул жагын бөркүңүзлөй көрүңүз, анткени 2011-жылы президенттик шайлоого жүздөй киши талапкер болгон. Эми да партия аттуунун бары жабалактап тоскоолдуктар болбосо талапкердигин коюп чыгышы мүмкүн. ...

0 772

Швейцарияга “учуп” кеткен алтындарыбыз кайра артка кайтабы?

Алтынга чуулганып жаткан Кыргызстанда алтындын запасы жок. Кумтөрдө жаткан алтын дүйнөдө жетинчи орунду ээлеп 700 тоннадан ашык алтын бар деп баалашкан. Кумтөр менен келишимди балдардын келечегин ойлоп түзгөндө казынабызда алтындын запасы болмок, болжол менен азыркы тышкы карыздарыбыздан кутулуп калмакпыз. Кумтөр менен төрт-беш келишим түзүлгөн. Бары тең канадалык инвесторлор менен кыргыз бийлигинин кызыкчылыгын көздөгөн. Андан тышкары Макмал жана башка ...

0 1145

Министрлер ката кетире берсе болобу?

Ката жазуу бүгүнкү Билим, илим министринин «кредосуна» айланды. Окуу китептериндеги кетирип жаткан ката тууралуу «бешиктен бели чыккан балдардан» өйдө билет. Орусия президенти Владимир Путин Кыргызстанга иш сапары менен келгенде Орус-кыргыз окумуштуу, илимпоздору чогулуп форум өткөрүшкөн. Мындай уяттуу жерде Билим, илим министри жакшылап көз салып койсо болмок. Бирок, ошол форумда жазылган сөздөр ката жазылып көпчүлүк аны окуган кыргыздар кирерге ...

0 305

Күзүндө айлык көтөрүлүп, “Жөжө санайбызбы” же...

24-июнь 2019, 14:44 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстандын өнөр жайы оор ахыбалда экенин Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков өнөр жай жана ишкерчилик Комитетинин жыйынында баса белгиледи. Анын айтуусунда бул тармакта иш артты көздөй тартып жатат, бул туура эгер Кыргызстан ушул боюнча алга кете берсе, анда эртеңки күнү сызга отуруп калышыбыз мүмкүн. Бүгүнкү күну Кыргызстандын чет мамлекеттерге болгон карызы 5 миллиард долларга чукулдап баратат.  Булардын ичинде Орусия мезгил-мезгили менен ...

0 268

Акаев алып келген кочкорлор кыргызды өнүктүрдүбү?

24-июнь 2019, 13:55 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстанда кайрадан мал чарбачылыгын өстүрүү боюнча ойлор айтыла баштады. Аскар Акаев президент болуп турганда так ушул ой айтылган. Австралиядан кыргыз ала турган карыз акчага меринос кочкорлор алынып келинген. Бул асыл тукум кочкорлорду бир гана Аскар Акаевичтин агасы Асанкул Акаев гана бага алат, башка кыргыз бага албайт дешип, анын көзөмөлдүгүнө беришкен. Иштин жыйынтыгы мындай Австралиядан келген кымбат баага алынган меринос кочкорлор ...

0 400

Медет Садыркуловдон тарбия алганбыз дегендер бар, ал ким болгон?

24-июнь 2019, 11:04 Кызгалдак Жакыпова

 Медет Садыркулов Акаевдин администрация жетекчиси катары Баткен окуясында бир дипломат акча боюнча Бакиевдин бийлиги учурунда териштирилип жатып, капыстан президенттик аппаратка жетекчинин орун басары, кийин Мыктыбек Абдылдаевдин ордуна президенттик аппарат жетекчиси болгон. Медет Садыркуловду абдан таланттуу уюштургуч катары баалангандыр, Курманбек Бакиевдин жеке бийлигин чыңоого, оппозицияны алсыратууга дал ушул фигуранын салымы чоң болгон дешет. Андыктан аны көптөгөн ошол кездеги оппозиция өкүлдөрү деле ...

0 207

Кулматов калп айттыбы же чын эле кедейби?

Бүгүнкү күнү Жогорку Кеңеште экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ишин карап жатышат. Ал да жөн жаткан жок алты миллион мамлекетти алты жыл башкарса да алты жүзгө жетпеген элди чогулта алыптыр. Анын командасында ким бар эле? Мисалы, Бишкек шаарынын экс -мэри Кубанычбек Кулматов жана анын туугандары элди алдап келишкен алар 405 миң сом таптык деп декларацияга жазышкан. Бул тууралуу киреше жана мүлктөр жөнүндөгү декларацияда айтылат.Мамлекеттик ...

0 203

Малайзия –экономикалык жактан кандайча өнүгүп кеткен?

Кызыгы Малайзия да,Кыргыз Республикасы да эгемендүүлүк күнүн бир күндө 31-августта белгилешет. Мурун Малай Федерациясы аты менен белгилүү болгон Малайзия 1957-жылы Улуу Британиядан көз карандысыздыкты алып, эгемендүү мамлекетке айланган. 1963-жылы бул мамлекет британдардын колониясы эсептелген Чыгыш Малайзияны кошуп алып, ошондон баштап Малайзия атала баштаган. Кыргыздар менен окшоштуктары малайлар ислам динин тутушат, мурун соода точкаларында, өндүрүштө жалаң башка улуттун өкүлдөрү ээлеп, титулдук ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 570

Атамбаевдин даңазасын чыгарып жүргөндөр бүгүн каякта?

Атамбаев президент болуп турганда өз даңазасын чыгаруу үчүн чоң аракет кылды. Анан тойбой кетти окшойт, ата-тегин даңазалай баштады. “Жарма” тарыхчы молдо “Касымды” чакырып жатпайбы Беш-Күңгөйдөгү дачасына, менин “Ата-тегимди” таап бер деп. Молдо “Касым” Атамбаевди чакырганда жетип барды. Атамбаевди көргөндө бортоктоп барып эле сулк жыгылыптыр. Атамбаевдин жансакчысы кийин ИИМ министри болгон Улан Исраилов бетине суу чачса, ...

0 201

Кыргыздын каргышы кайсы президентке тийет?

Кыргыз мамлекетинде 4 президент алмашты, кимир бирөөлөр 3 эле болгон деп азайтат. Үчпү,  төртпү сумма өзгөрбөйт. Кыргызстан Борбор Азияда бийлик алмаштыруу боюнча чемпион. Бир убакта кыргыздын башында Кудаян деген хан болгон. Кыргызга калмактар басып киргенде ал гареминдеги кыздар менен көңүл ачып, кыргыздын жигиттерин калмакка каршы көтөрбөй койот. Кыргыздар кырылат, биринин атасы, биринин баласы өлөт. Дайнын таппай тирүүлөрү Анжианга тентийт. Жок ...

0 565

Кочкоров Улукбек качан “улуйт” ?

Министрлердин арасында Кочкоров Улукбек деген жаш, жаңы демилге менен иштей турган  министр бар. Жашы деле күн улап эмки жаштарга орун бошотуп баратат, ал эми ишинин үзүрүн ким көрүп жатканы белгисиз. Атамбаев президент кезинде  парламент депутаттарын тандап кийирчү, “Лык.лык, лык семиз лыкылдаган ким семиз” –деп. Атамбаевге кирип барган депутаттар, уруксаты жок эле чөгөлөп жыгылып “Журт атасы” элдин бары жыргап ...

0 342

Бишкекке мэр болуп келгендердин барына кылмыш иши козголду, азыркы мэрдин иши кандай?

Бишкекке мэр болгон Нариман Түлеев камалып келди, Кубаныч Кулматов менен Албек Ибраимовдордун үстүнөн кылмыш иши козголуп, ал эми дагы бир Бишкекке мэр болгон Иса Өмүркуловдун үстүнөн кылмыш иши козголуп соттолгону калганда жандосу Атамбаев президенттик бийлигине таянып  алып калган. Бүгүн Бишкекке өзү кыргыз, бирок кыргызча билбеген Азиз Суракматлов мэр. Суракматовдун өз эне тили кыргыз тилин үйрөнүүгө далалаты чоң, айтарыбыз Феликс Куловго ...

0 144

Биткоинге эл ишенеби?

Азыркы дүйнөдө бардыгы оомалуу-төкмөлүү. Социалдык тармактарды криптовалютага айланган Биткоин интернеттик тармакта чоң оюнга айланган.Биткоиндин  башка акчалардан айрымасы бир ылдый түшүп, бир өйдө көтөрүлүп турат. Бүгүнкү күнү дүйнөдөгү 1 миллард 700 миллион адамга чейин ишенип колдонууда турган Биткоиндин курсу кайрадан көтөрүлүп баратыптыр.Акыркы мезгилде Биткоиндин наркы 2-3 эсе көтөрүлүп баратканы тууралуу атайын маалымат таратып жатышат. Кыргыздарда деле Биткоинди колдонгондор болсо ...

20-июнь 2019, 10:27 | 144
0 1844

Атамбаев өгөй баласына неге ишенбейт, анан эл ага ишенеби?

Раиса Атамбаева Атамбаевдин экинчи никеси экенин элдин баары билет. Ошол эле убакта Атамбаев дагы Раиса айымдын экинчи никеси. Экс-Канайымдын биринчи никесинен кадыресе каруу-күчкө толуп калган уулу бар экени да белгилүү.Экс-ажонун мурдагы шопуру Икрам Илмиянов «кожоюнунун» алты жылдык президенттик мөөнөтүндө үлкөн чиновникке айланып, кадр маселесинен тарта финансы маселесине чейин кийлигишкен таасирдүү фигура болгону белгилүү. Анан ал өлкөбүздө бийлик алмашкандан ...

0 347

“Революциянын бульдозеру” Бекназаровдун бешенеси кимге жакпайт?

“Революциянын бульдозеру” аталган Бекназаровдун турган турпаты бардык бийликке жакпайт. Бул жөнүндө ойлонуштуруп көрөлү: 1. Акаевдин бийлиги учурунда Бекназаровду белин бүктөп камакка тыгып салган. Себеби, Аксылык Түштүктүн кулуну депутат Бекназаров Үзөңгү-Куушту эмне үчүн  Кытайга беребиз деп Акаевдин тамагына тыгылган сөөк болгон. Турдакун Усубалиев, Акылбек Жапаров, Темир Сариев сыяктуу Түндүктүн тың чыкмалары өз жерин Кытайдан “аяшпай” берип жаткан соң Бекназаровго эмне шам? Ушул ...

0 334

Президенттер ортосунда достук жок, эки эл жакшы болсо жакшы, эки эл жаман болсо жаман

Атамбаев президент болуп турганда: “Путин менин жан кыйбас досум” же “Эрдогандай дос бул дүйнөдө табылбайт” – деп көп айтчу. Путин досу Атамбаев президенттен кеткени келип –кетип эле жүрөт, бирок досун чакырып учурашканын уккан киши жок. Ал эми Эрдоган досу менен Атамбаев бийлик башында турганда эле бири-бирин сүйбөй калган. Атамбаев Эрдоганга каршы чыккан Гүленди колдогон жок, бирок Эрдоган досу менен “Жылкыга ...

0 525

Нобель сыйлыгына канча мусулман татыктуу болгон?

Нобель сыйлыгы эл аралык эң жогорку сыйлык. Жыл сайын эң мыкты илимий иликтөөлөргө, революциялык жаңылык бере турган ачылыштарга жана коомго жана адабиятка сиңирген эмгектери үчүн берилет. 1901-жылы уюштурулган Нобель сыйлыгына миңге жетпеген адам гана лауреат болгон. Ошолордун ичинде төмөнкү мусулмандар бар: Надя Мурад Сексуалдык зордуктоого каршы чыккан Мурад муратына жетип Нобель сыйлыгына ээ болду, деги канча мусулман Нобель сыйлыгын жакында алды.Надя Мурад- ...

0 282

Президенттерди ким башкарат?

Борбор Азиянын түркүгү болуп келген, союз убагында Орто Азия аталган мамлекеттер бар. Булар демократия жолуна түшкөн, чын эле Борбор Азияда демократия орноду беле? 1. Өзбекстан, президенти Шавкат Мирзияев. Шавкат Мирзияев 2003-жылы Ислам Каримовго жагып өкмөт башчысына келген. Ошол бойдон өкмөт башчысы катары ак кызматын аткарды. 2016-жылы Ислам Каримов бу дүйнөдөн өткөн соң Өзбекстанга президент болду. Азыркы күндө мамлекетти туура жолго алпарам ...

0 149

Марксисттик көз караштагы Байпакбаев товарларды кымбаттатуу үчүн жаралганбы?

Бензинди кымбаттатабыз, бала бакчасына тамакка элден акча чогултабыз деген элге каршы мыйзамдарды ойлоп тапкан Байпакбаев дагы “Балп” этип  байпагын тескери кийди. Маркстын “Капиталына” сугарылып өскөн Экмат Жүрүкбаевичтин товар-акча-товар деген идеяны туу тутканы көрүнүп турат. Эми ал кыргыз ишкерлерине бут тоскон мыйзамдарды даярдап турмушка ашырганы турат. Экмат Жүрүкбаевичтин марксисттик көз карашы  боюнча Кыргызстанда өндүрүлгөн пиво продукцияларына акциздик марка ...

0 414

ЖК депутаттары элге мыйзам даярдайбы же көчөдөгү “хулигандардай” мушташ үчүн келгенби?

Депутаттар ортосундагы мушташ Атамбаевдин бийлиги учурунда көнүмүшкө айланган. Депутат Алтынбек Сулаймановдун “Ата-Журтчулар” менен мушташканы, СДПКчы депутат Мадеминовдун “Ата-Мекенчи” депутат Текебаев менен мушташканы учурунда катуу резонанс туудурган.  Эмки мушташтын башкы каарманы Канат Кедейканович. Кедейкан го бир күн бийликте турганы үчүн тарыхта калган. Канат мырза канатын жайып Токмокто жерди казактарга карматып жиберген, башына күн түшкөндө мэриңди урдум деп дубалдан секире качкан. Бабановдун ...

0 285

Канжар Кадыралиевди буюртма менен айыптаган кылмыш иштери токтоду

Санжар Кадыралиев деген 3-чакырылыштагы парламенттин депутаты болгон. Ал мажоритардык шайлоо учурунда өз шайлоо округунда мен деген лөктөрдү сызга отургузуп, парламентке келген. Кадыралиев 4-парламентке да депутат болгон. Бирок, ошол кезде Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча чындыкты айтканы үчүн таламандын - тал түшүндө атып кетишкен. Анын карындашы Ыргал Кадыралиева агасынын жолун жолдоп 5-чакырылыштагы парламентке депутат болуп келип, жаштыгына салып ошол кезде бийлик башында ...

0 1128

«Маңкага бучук үйүр” деген кеп бар, эмнеге ката жазган 24 жашар жигитти министр кеңешчи кылып алды?

Кыргызстанда идеология барбы деген ой туулат. Болсо идеологиянын башаты Билим, илим министри болуш керек. Биз татаал заманда жашап жатабыз, жакында президент Жээнбеков чек арачылар менен жолугушуп жатып, диний экстремист-террорчулардын күч алып баратканын баса белгиледи. Кыргызстанда калктын 80 пайызы ислам динин тутат деген кеп бар. Биз салттуу исламды, мындайча айтканда ислам дини менен катар кыргыздын каада-салтын кошо ала жүрөбүз. Бизди корейлер, ...

0 861

Мародерчуларды марага жеткизбей койгон Зарылбек Рысалиев

2010-жылы апрелде бир топ курмандыктар менен бийлик алмашты. Ал мезгилдеги көпчүлүк маалыматтан алган кабарлар боюнча өз жанын аяган жок. Бирок, эмнегедир саясат айдыңынын башында турган кээ бир “саясий чөөлөр” ушундай учурдан пайдаланып, өлүп жаткандарга кайгырып өкүрбөстөн, өз капчыгынын калыңдашын көздөп, Бишкекте мародерчулук кылышкан. Бул “чөөлөр” эртең эле өз партияларына каршы иш чыгарып жатканын жатканын унутуп, Бишкекти талап-тоношту. Бул иштер ошол ...

0 462

ЖКда Атамбаевдин кол тийбестиги каралат, бирок депутаттардын көбүн ал алып келген, кимдерди?

Атамбаевдин кол тийбестигин алып салууда ушул маселе козголду, кайсы партиядагы депутаттардын келиши үчүн Атамбаев ак батасын берген? Кээ бир депутаттардын айтуусунда “Ата-Мекен” партиясынан тышкары 5 фракциянын депутаттарын тандалган соң Атамбаев тарабынан кароодон өткөн. Мүмкүн, “Бир бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов: Игорь  Чудинов, Акылбек Жапаров, Кубанычбек Жумалиев сыяктуу депутаттарды Атамбаевдин кароосу жок эле өзүм алып келгем деп чыкты бул туурадыр. Кайсы ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 241

Өзбекстандан келеби, Тажикстандан келеби дарбыз алсаңыз, сертификатын сураңыз

Илгери Салижан Жигитов дарбыздар жөнүндө ода жазган. Бирок Кыргызстанда дарбыздардын убагы келе элек. Азырынча Өзбекстан, Тажикстанда бышып келе баштаган дарбыздар же күнөөсканаларда бышкан дарбыздар сатыла баштады. Дарбыз каяктан бышса ошол жактан бышсын, бирок азыркы күндөгү дарбыз саткандар үчүн эмес, дарбыз алган көпчүлүк үчүн жакшы жаңылык, дарбыз аларда ким сатып жатат, каяктан сатып жатып, эскирип кетип ичти албайбы  дайынын билип алыш ...

0 393

Запкы көргөндөр Атамбаевди жамандаса мейли эле, ал бийликте турганда «бейиште» жашагандар да жамандай баштады

Усубалиевди эл акыны Майрамкан Абылкасымова, Атамбаевди депутат Иса Өмүркуловдор «Журт атасы» деп кошоматтанышты. Ал эми Акаевди маркум Барчынбек Бугубаев: «Эй кыргыздар Акаевди ата дейли» -деп коркутту. Кыргыздардын барынын жүрөгү түшүп кетип «Ата» дей баштады эле, жалгыз эле Саяковский чыгып Акаевди Ата десең, Майрамды мама деп ал деп сес көрсөттү. Атамбаевди «Журт атасы» деп даңазалап жүргөн  Иса Өмүркулов бүгүн Атамбаевди карап ...

0 417

“Азаттыктын” Раим Матраимов тууралуу иликтөөсүнө “5 канал” эмне деди?

“Өтүкчүнүн өтүк ултарганы дурус”, ар кимдин өз иши бар. Арийне, акыркы мезгилдерде саясатчысыбы, мурунку президентпи, же башка тармактын кызматкериби бардыгы журналист болуп кетишти. Туура, баары өзүн “кара пиардан” сактагысы келип жатат. “Азаттык” үн алгысы социалисттик идеологиянын эң башкы душманы болгон. Ошондуктан, “Азаттыкты” түптөгөн Азамат Алтайды угууга бир гана Кыргызстанда эмес, бүт чоң аймакта тыюу салынган. Заман өзгөрүлгөн соң, “Азаттык” суурулуп ...

0 310

Ташиев Ак үйдүн тосмосунан кайрадан секире алабы?

Камчыбек Ташиев бийликти алмаштыруу максатында 2012-жылдын 3-октябрында Ак үйдүн тосмосунан секирүүгө далалат кылган. Бул аракети үчүн Ташиевдердин үстүнөн кылмыш иши козголуп, Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов үчөө  сегиз ай “параша” жеп чыккан. Атамбаевдин сыртта жүргөнүнөн пайдаланып Курманбек Зулушев буларды актап жиберген. Ташиевди  Ак үйдүн тосмосунан секирүүгө эмне мажбур кылган? Мунун обьективдүү жана субьективдүү себептери бар. Субьективдүү себептери мындай: 1. Жеке адамдык ...

0 605

Улукбек элге сактаган, Албек миллион татканган, чет элге кеткен “Дастандан”...

“Дастан” ишканасы да Орусияга өтүп кеткен, мындай колун майлап туура эмес иш кылганы үчүн Бишкектин мурунку мэри Албек Ибраимов Кылмыш-Жаза кодексинин 171-беренеси боюнча ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгаруу боюнча кылмыш иши козголгон. Деги эле Атамбаевдин убагында Бишкек мэрине жарыган жокпуз. Мурунку мэрлер Иса Өмүркулов, Кубаныч Кулматовдорго да кылмыш иши козголгон. СССР тараган соң жакшы завод -фабрикалар бүлүнүп, таланып тонолду, темир-тезектерин ...

0 594

“Кытыгыстан” – Атамбаев дагы эмнеге күнөөлүү?

ШОСко келген конокторду узатып  жатышып президент Жээнбеков менен премьер-министр Абылгазиевдин кызматтык машиналары капыстан кагылыша кетишет. Ошол замат учкан куштай жетип келген МАИ кызматкери менен экс-президент Атамбаев бул кырсыкка күнөөлүү болуп табылат.  Атамбаевди мейли күнөөлүү табышсын, өз кызматын аткарып жүргөн МАИ кызматкери күнөөлүү табылып кызматынан кол жууганы аянычтуу. Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

0 969

Акматбек Келдибеков эмне үчүн Атамбаевдин түшүнө кирет?

Алмазбек Атамбаев маймыл жылында туулган, Акматбек Келдибеков 60 жылда бир келген «огненный конь". Маймыл менен жылкынын кайнаса каны кошулбайт,  маймылдар шылдың болгондон башка эч нерсеге жарабай калат. 2011-жылы Өкмөт башчысы Алмаз Атамбаев болгон. Аны фракция лидерлери Текебаев, Кулов, Ташиев өкмөт башынан кетире турган болгондо, так ушул Келдибеков туура сөздү айтып коргоп калган. Ошондо Атамбаев: «Кыргыздарда үчкө бөлүнөт. Оңдон Акмат мырза спикер, ...

0 367

Ат-Башыда кар жаады, Салымбеков менен Жолдошбаевдин кар менен иши жок

«Зима не будет» деп коюшуп эле атбашылыктар жайдын дал ортосунда кар жаадыра берет. Ат-Башынын мыктылары Шайлообек Дүйшеев, Аскар Салымбеков, Камчыбек Жолдошбаев, Шаки Абдыкеримов, Накен Касиев сыяктуулар Бишкекке корголоп, Ат-Башынын атын укканда качышат. Бишкекке келип алышып эки-экиден жулмалашып урушат. Ал эми Ат-Башынын 1936 Ватикан мамлекети бата турган жерин Кытайларга кармата беришти. Анан да Таластык ...

0 687

Кытайга Үзөңгү-Куушту бергени үчүн байып, башкаларды сасыктар деп Чүйдөн кубалаган Сариев

Темир Сариев аттуу өкмөт башчысы болгон, түпкү аталары Жумгалдан коллективдештирүү учурунда Чүйгө көчүп келишип, Солтонун Жоочалышына кошулган. «Жаманды коногу бийлейт» дегендей Cокулуктан оштуктарды кубалаган ушул болгон. Акаевдин заманында парламент депутаты катары Үзөңгү-Куушту Кытайга беребиз деп үзүлө чуркаган. Ал эмгеги үчүн азыр Бишкек мэриясынын айлана-тегерегиндеги Киев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин зор имаратты бүт менчикке ...

0 393

Алмазбек Атамбаев мурунку кесиптештери менен жолуга алган жок

Жакында эле Нур-Султан шаарында ЕврАзЭС мамлекеттерин жыйыны болду. Экс-президент Нурсултан Назарбаев бул жыйынга катышып, ЕврАзЭС тарабынан уюшулган чоң уюмга президент болуп, ага кошумча бүт түрктөрдүн да бир уюмуна жетекчи болду. Алмазбек Атамбаев ШОС болоор алдында элди дүрбөтүп митинг уюштурам деп жатып, өзүнүн мурунку кесиптештеринин алдына кадыр-баркы кеткендей. Ал эмес Атамбаев дос деп эсептеген ...

0 345

«Жаңы СССРди»  ким башкарат?

Замана кандай кары, кандай керең, Закымдап учкан сайын түбү терең. СССР өлкөсүнө ханды издеп, Ельцин. Б КМШга келет экен.   «СССРди» кыңк эткизбей башкарууга, Баш болуп СССРге жаш, карыга. Ишенген өз күчүнө «президенттер» Келсин  деп өзүн-өзү сындатууга.   Лукашенко президентке «дед» карап-карап, Кеп жебес президенттерди бирден санап. Эскерип Шушкевичти «самоотвод» деп, Тизмеден өзүн-өзү чийип салат.   Сынга эч толбоймун деп жүрөк даабай, Келе албай турган экен ажо далай. Шарт эле жөнөйт экен угар менен, Пашинян  таланты зор, заади ...

0 235

Эки кишинин ичи дыркырап өтүп жаткандай бири Трамп, бири Атамбаев

ШКУнун болуп жаткан саммитинин учурунда эки кишинин ичи дыркырап өтүп жаткандай бири Трамп, бири Атамбаев. Трамп болсо көптөн бери ШКУнун атаандашына айланган Путиндин ар бир баскан изи Трамптын ичин өткөзүп, ичи күйгөндөн  туз эжалап жиберет. Ал эми Атамбаевге эмне жок, кечээ эле президент болуп туруп ШКУнун саммиттерин өткөзүп жүрбөдү беле. Бүгүн саммитке каршы боогону менен «богуна куурай» ...

0 261

50 млн калкы бар уйгурлар Кытайда бир автонмиялуу район, 3 млн калкы бар кыргыздар мамлекет

Байыркы замандарда кыргыз эли айыл-апа, тууган-туушкан болуп жашашкан. Бул адат азыр да элет жеринде сакталуу. Бирок шаарларда, райондун борборлорунда жана мурун башка улуттун өкүлдөрү жашап көчүп кеткен жерлерде кыргыз эли аралашып эле жашап калышты. Ошондуктан, кошунанын баркы көтөрүлүп калды. Айта турган оюбуз биздин кошуна мамлекеттер тууралуу. Кытай  Сооронбай Жээнбеков Кытайдын жетекчиси Си Цзиньпин ...

0 233

“Кытыгыстан” –ШОСко мүчө мамлекет башчылары кантип эс алышат?

Шанхай кызматташтык уюунун мамлекет башчылары Бишкекте саммит өткөзүп жатат, бир кезде тыныгуу убакыт болуп калды. Кой көптөн бери жолугуша элекпиз, бир жакшы черибизди жазып анекдот айтып алалы дешет.  Шанхай кызматташтык уюунун мамлекет башчылары дайыма жолугуп бири-бирине анекдот жүрүшүп анекдотторду жатка билип калган. Ошондуктан, убакытты үнөмдөш үчүн анекдотторго номер коюп алышкан. Орусиянын мамлекет башчысы Путин анекдот баштайт: -Жыйырма эки! –дейт, угуп отургандар ...

0 255

Сагынбаеваны сагынсаңыздар Батукаевге бата берген ошол

Сагынбаева Саламаттыкты сактоо министри болуп туруп: “Азиз Батукаев өлгөнү калды, аны бошотбосок болбойт” –деп, медициналык бүтүм чыгартып, боштондукка чыгарган. Ал кезде президент Алмазбек Атамбаев болгон, ал эми анын экинчи аялы Раиса Атамбаева Татарстанга барып, ошол кезде ал жактын президенти Миннихановго : “ Душа моя Татарстан” -деп чыйылдаган. Чыйылдаса чыйылдай берсин, бирок ал кезде ал президенттин жубайы эле да, болгондо да ...

0 296

Кары келсе парламентке, жаш келсе ишке

Карылардын ичинде да мыктылар бар. Ошол мыктылардын бири Мыктыбек Абдылдаев. Созолонуп ырдаган Абдылдаев совет мамлекетинен бери келаткан “бийлик сүйгөн” алмашкыс кадр. Өзүн гана ойлобойт ага-инилерин бийлик тарапка вице-премьер, депутат,  Бишкекке мэр кыла жүрөт. Акаев президент кезинде Мыктыбек Абдылдаев Башкы прокурор эле, бирок эмнегедир Бакиевдин учурунда президенттик аппаратты башкарып орун басары Медет Садыркуловго бийликти бийлетип койгон. 2010-жылы “Ата-Журт” партиясына ыйлактап жатып, ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 238

Парламент эми каникулга кетер алдында ойгонду

Зеленский комик болсо да Украинада Порошенконун ордун алып президент болду. Эң биринчи аракети парламентти жайлады, анткени Рада мурунку президент Порошенконун парламенти экен. Бизде болсо кандай? 2017-жылы 24 – августта ал кезде президентке талапкер болуп жаткан Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчысынан кетти. Анын ордуна Сапар Исаков өкмөт башчысына көрсөтүлдү. Парламентте отурган депутаттар 99 пайыз менен жүздөрү кызарбай Сапар Исаковдун талапкердигин колдоп беришти. ...

0 325

Матраимовду колдогон Атамбаев, эмнеге анын артынан “кара пиар” издеп калды?

Улукбек Ормонов, Раим Матраимовдор элге жакшылык кылып жатат. Ушул кезге чейин Алмазбек Атамбаев атасы Шаршенге элди чакырып куран окутту деген кеп жок. Окутпаса койсун, илгери ал президент кезинде айт күнү  Чүйдүн губернатору айтылуу трайбалист Кеңеш Кулматовдун улуу Кубанычбек Кулматов барат. Албетте, Кубанычбек мырза илгери Кыргызстандын прокурорунун орун басары болуп туруп, Токмоктогу “мафиянын” ана башы  Бостоновду колдогон апасы Сакен Кыдыралиевадан ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83