www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аналитика
0 349

«Жаңы СССРди»  ким башкарат?

Замана кандай кары, кандай керең, Закымдап учкан сайын түбү терең. СССР өлкөсүнө ханды издеп, Ельцин. Б КМШга келет экен.   «СССРди» кыңк эткизбей башкарууга, Баш болуп СССРге жаш, карыга. Ишенген өз күчүнө «президенттер» Келсин  деп өзүн-өзү сындатууга.   Лукашенко президентке «дед» карап-карап, Кеп жебес президенттерди бирден санап. Эскерип Шушкевичти «самоотвод» деп, Тизмеден өзүн-өзү чийип салат.   Сынга эч толбоймун деп жүрөк даабай, Келе албай турган экен ажо далай. Шарт эле жөнөйт экен угар менен, Пашинян  таланты зор, заади ...

0 236

Эки кишинин ичи дыркырап өтүп жаткандай бири Трамп, бири Атамбаев

ШКУнун болуп жаткан саммитинин учурунда эки кишинин ичи дыркырап өтүп жаткандай бири Трамп, бири Атамбаев. Трамп болсо көптөн бери ШКУнун атаандашына айланган Путиндин ар бир баскан изи Трамптын ичин өткөзүп, ичи күйгөндөн  туз эжалап жиберет. Ал эми Атамбаевге эмне жок, кечээ эле президент болуп туруп ШКУнун саммиттерин өткөзүп жүрбөдү беле. Бүгүн саммитке каршы боогону менен «богуна куурай» ...

0 262

50 млн калкы бар уйгурлар Кытайда бир автонмиялуу район, 3 млн калкы бар кыргыздар мамлекет

Байыркы замандарда кыргыз эли айыл-апа, тууган-туушкан болуп жашашкан. Бул адат азыр да элет жеринде сакталуу. Бирок шаарларда, райондун борборлорунда жана мурун башка улуттун өкүлдөрү жашап көчүп кеткен жерлерде кыргыз эли аралашып эле жашап калышты. Ошондуктан, кошунанын баркы көтөрүлүп калды. Айта турган оюбуз биздин кошуна мамлекеттер тууралуу. Кытай  Сооронбай Жээнбеков Кытайдын жетекчиси Си Цзиньпин ...

0 233

“Кытыгыстан” –ШОСко мүчө мамлекет башчылары кантип эс алышат?

Шанхай кызматташтык уюунун мамлекет башчылары Бишкекте саммит өткөзүп жатат, бир кезде тыныгуу убакыт болуп калды. Кой көптөн бери жолугуша элекпиз, бир жакшы черибизди жазып анекдот айтып алалы дешет.  Шанхай кызматташтык уюунун мамлекет башчылары дайыма жолугуп бири-бирине анекдот жүрүшүп анекдотторду жатка билип калган. Ошондуктан, убакытты үнөмдөш үчүн анекдотторго номер коюп алышкан. Орусиянын мамлекет башчысы Путин анекдот баштайт: -Жыйырма эки! –дейт, угуп отургандар ...

0 256

Сагынбаеваны сагынсаңыздар Батукаевге бата берген ошол

Сагынбаева Саламаттыкты сактоо министри болуп туруп: “Азиз Батукаев өлгөнү калды, аны бошотбосок болбойт” –деп, медициналык бүтүм чыгартып, боштондукка чыгарган. Ал кезде президент Алмазбек Атамбаев болгон, ал эми анын экинчи аялы Раиса Атамбаева Татарстанга барып, ошол кезде ал жактын президенти Миннихановго : “ Душа моя Татарстан” -деп чыйылдаган. Чыйылдаса чыйылдай берсин, бирок ал кезде ал президенттин жубайы эле да, болгондо да ...

0 301

Кары келсе парламентке, жаш келсе ишке

Карылардын ичинде да мыктылар бар. Ошол мыктылардын бири Мыктыбек Абдылдаев. Созолонуп ырдаган Абдылдаев совет мамлекетинен бери келаткан “бийлик сүйгөн” алмашкыс кадр. Өзүн гана ойлобойт ага-инилерин бийлик тарапка вице-премьер, депутат,  Бишкекке мэр кыла жүрөт. Акаев президент кезинде Мыктыбек Абдылдаев Башкы прокурор эле, бирок эмнегедир Бакиевдин учурунда президенттик аппаратты башкарып орун басары Медет Садыркуловго бийликти бийлетип койгон. 2010-жылы “Ата-Журт” партиясына ыйлактап жатып, ...

0 238

Парламент эми каникулга кетер алдында ойгонду

Зеленский комик болсо да Украинада Порошенконун ордун алып президент болду. Эң биринчи аракети парламентти жайлады, анткени Рада мурунку президент Порошенконун парламенти экен. Бизде болсо кандай? 2017-жылы 24 – августта ал кезде президентке талапкер болуп жаткан Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчысынан кетти. Анын ордуна Сапар Исаков өкмөт башчысына көрсөтүлдү. Парламентте отурган депутаттар 99 пайыз менен жүздөрү кызарбай Сапар Исаковдун талапкердигин колдоп беришти. ...

0 325

Матраимовду колдогон Атамбаев, эмнеге анын артынан “кара пиар” издеп калды?

Улукбек Ормонов, Раим Матраимовдор элге жакшылык кылып жатат. Ушул кезге чейин Алмазбек Атамбаев атасы Шаршенге элди чакырып куран окутту деген кеп жок. Окутпаса койсун, илгери ал президент кезинде айт күнү  Чүйдүн губернатору айтылуу трайбалист Кеңеш Кулматовдун улуу Кубанычбек Кулматов барат. Албетте, Кубанычбек мырза илгери Кыргызстандын прокурорунун орун басары болуп туруп, Токмоктогу “мафиянын” ана башы  Бостоновду колдогон апасы Сакен Кыдыралиевадан ...

0 408

ШОСко мамлекет жетекчилери келди, Атамбаевдин “сөөлөтү” жок го?

Жакында Казакстандын борбору Нур-Султанда ЕврАзЭСтин  жыйыны болду. Экс-президент Нурсултан Назарбаевди чакырышып, Белорус мамлекет башчысы Александр Лукашенко аны мактады эле,  отургандардын оозу ачылып калды. Лукашенко ар кимди мактай бербейт, ал Бээжинге Си Цзиньпиндин чакыруусу менен чоң форумга барып, бирок аягын күтпөй кетип калган. Анын себебин талдоочулар Путин менен кайым айтыша кеткенине байланыштырган. Нур-Султанга барып Нурсултан акени өлө мактаганы, балким Путин менен ...

0 451

Атамбаевдин калпы жана чындыгы (экс-президенттин сөзүн талдайбыз)

11-июнь 2019, 11:18 Кызгалдак Жакыпова

8-июнда КСДП партиясы “Коррупция менен реалдуу күрөш!” деген аталыштагы митингин өткөрдү. “Форумга” чогулгандар өтө көп болгон жок. Митинг “отуруу” форматында өттү. Сахнанын ролун аткарган тепкичтин айланасына, жанына отургучтар коюлуп, ал жакка митингчилер отурушту. Партиянын активисттери, Атамбаевдин камактагы жакын адамдарынын туугандары жана алардын жактоочулары сөз сүйлөштү. Атамбаев эң акырында чыгып, эки тилде 40 мүнөткө жакын сүйлөдү. Бул тууралуу Elgezit.kg маалымат агенттиги ...

0 1017

Соттун «Телибай тентеги» Арабаев «араалаган» Кытайлык бизнесменге ыдык көрсөткөн Маманов качан бошотулат?

11-июнь 2019, 06:34 Кызгалдак Жакыпова

 Манас Арабаев сотту тескеп турганда жалаа менен далайлар камалып кеткен. Кыргыз олигархтарынын ичинен таланттарды колдогон Рустам Маманов сыяктуу жана элден жеген акчасын ач көздүк менен эч кимге жылдырбаган, «Чык татытпас Чынарбайлар» акча үчүн жанталашып өлө турган сасыкбай көпөстөр да бар. Рустам Маманов көп таланттарды колдоду. Мисалы, Келдибек Ниязовду, Асель Турдалиеваны, Бек Борбиевди, Рахман Разыковду, Гүлнара Кахарованы, Диля Момунованы, «Бешилик"- куудулдар ...

0 1962

Батукаев камалып жатып кыргыздардын кулагын кессе, камактан соң 6 жылдан кийин Батукаев тууралуу сурак бергендер сунала баштады

10-июнь 2019, 18:50 Кызгалдак Жакыпова

Эмне атка минерлер камак десе эле ооруп калышабы же чын эле атка минерлер оорукчанбы? Батукаевди бошотууга активдүү катышкан ал кездеги Башкы прокурор Аида Салянова камакта жатып ооруп калса, ал кездеги ЖАМКтын ачендиги, аны узатууга узанып киришкен Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасынын реанимиция бөлүмүндө жатып калды. Эгер Батукаев боюнча суракка барбаса анда ...

0 1963

Ирсалиевдердин ыры чыга баштады, анткени таякеси Абылгазиев тайап, Соцфондду менчиктештирип алгандай

10-июнь 2019, 15:50 Кызгалдак Жакыпова

Абылгазиев тууганчыл өкмөт башчысы экенин элдин бары билет. Ал жээндерине «кукловод»  экенине дагы бир далил. Анын жээни Рахатбек Ирсалиев Акылбек Жапаровдун кланын тоңкойто чаап, Кочкордон бир нече ирет депутат болгон. Бабанов Өмүрбектин өмүрлөш досу, бирок негедир өз досун эмес 2017-жылы президентттик шайлоодо Атамбаевди колдоп, Бабановго каршы чыккан. Анткени СДПК мүчөсү, "Юнис-Курулуш" курулуш компаниясынын, "Альба", “Стройиндустрия”,  Wintech  ишканаларын, Кочкор автовокзалын менчиктештирип ...

0 577

Чыңгыз чексиздикке кетти, бирок зор таланты менен кыргыз элинин жаман жактарын дүйнөгө таратып кетти...

10-июнь 2019, 12:34 Кызгалдак Жакыпова

Ал компартияны сындап, бирок компартиядан жакшылык көргөн СССРдеги бирден-бир адам. Сталин, Хрущевдер  Бунин, Куприн, Булгаков, Ахматова, Пастернак сыяктуу партияны сындагандарды сыздатчу. Бир гана Айтматов өз учурунда пайдаланып кетти. Ажал кайра чексиздикке алып кетет. Демек, Айтматов да чексиздикке кетти. Орустун улуу акыны Пушкин өз өмүрүндө жыргаган эмес, аялы көзүнө чөп салган, Дантес аны эркектин катарынан чыгарып “мүйүздүү” кылып, ит аткандай атып ...

0 618

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу: Кимдер каршы, кимдер колдойт?

10-июнь 2019, 09:03 Кызгалдак Жакыпова

Президент менен өкмөт башчысынын пикири эки башка болгону биздин мамлекетте эле болсо керек. Бул темир жол курулуп калса Кытайдан Европага поюздар бажактап каттап калат,ортодо Кыргызстандын бюджетине 2 млрд түшүп турат. Эгер Кытайдын стандартындагы темир жолдон биздин стандаттагы темир жолго жүктү оодарыш үчүн станция Кыргызстанга курулса эл жумуш менен камсыз болот. Кытай океанды айланып же Орусия, Казакстан аркылуу ...

0 2339

Айтбаевдер өздөрүн ак сөөк сезишип, балдарын эмнеге эл менен ойноттурган эмес?

10-июнь 2019, 06:26 Кызгалдак Жакыпова

Президенттер Жээнбеков, Атамбаев, Бакиев, Акаев, биринчи секретарлар Масалиев, Усубалиев, Раззаковдор калың элдин катмарынан чыгышкан. Ал эми Айтбаевдер өздөрүн ак сөөк сезишип, балдарын эл менен ойноттурган эмес? Алардын тарбиясында эшке чыгып булганыч, сасыган көчөдөгү балдар менен ойноо уят болгон. Айтбаевдерге ак сөөк атка минерлердин балдары менен гана “интеллигенттүү” ойношуп, “ таптаза” жүрүш керек болгон. Деги Айтбаевдер деген ким? Совет учурунда Сыдыгалы ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 2875

“Эки дөө кармашса, ортосундагы кара чымын же президент “өлөт”

09-июнь 2019, 09:51 Кызгалдак Жакыпова

Биз билгени Салымбеков канча президент менен иштешпеди. Эми да парламенттик шайлоонун босогосунда турабыз. “Эмгек” партиясы козголобу,козголсо ким менен жарышка чыгат? Же азык элинин дагы бир “азуулуусу”, Ош базар менен Кара-Кеченин көмүрүнөн төө көтөрө алгыс дүнүйө жыйнап, автобуска эл менен кошо түшкөн депутаттарга боору ооруган үкасы ак шейшеп жамынып, “арбак” болуп чыга калбайбы деп чоочуйбу? Салымбеков “Дордойу” менен жүз миңдеген кыргыздарды ...

0 1033

“Жылкыга карап ышкырган” жылкы мүнөз Жылкыбаевдин “жылымтык” осурагы Ошту жыргатабы?

08-июнь 2019, 15:12 Кызгалдак Жакыпова

“Жылымтык” осурак сасык болот, жылымтык Жылкыбаев жылып Атамбаевге, жылып Жээнбековго кирип жүрүп Ошто ордун бекемдеп алды. “Жылкыга карап ышкырып, акчага карап иш кылган” Жылкыбаев Бостерини боздотуп, “бүргөнүн майын сызгырып, кумурсканын ичегисин артып жүрүп” элдин байлыгын топтоп алган. Байлык болгон соң бийликке жулунуп Эмилбек Каптагаевди капталынан мыкчып түшүп Ысык-Көлгө губернатор болгон, машинасын жөн айдай албаган Жылкыбаев ГАИлерге кор болуп жүрүп Атамбаевдин ...

0 933

Мамлекеттик кызматкерлер каякка барышат?

08-июнь 2019, 07:37 Кызгалдак Жакыпова

Санай берсек тизме көп, булардын кимиси “абийир туткуну” (узник совести), кимиси коррупционер болгон: Атамбаев Алмазбек –Экс-президент, Жээнбековдун заманында куугунтукталды. Отунбаева Роза –Экс-президент, Атамбаевдин заманында куугунтукталды. Бакиев Курманбек –Экс-президент, Отунбаеванын заманында куугунтукталды. Акаев Аскар –Экс-президент, Бакиевдин заманында куугунтукталды. Текебаев Өмүрбек –Экс-спикер, Атамбаевдин заманында камалды. Келдибеков Акматбек –Экс-спикер, Атамбаевдин заманында камалды. Нарматова Надира –Экс- вице-спикер, Атамбаевдин заманында куугунтукталды. Бабанов Өмүрбек –Экс-премьер, Атамбаевдин заманында куугунтукталды. Исаков Сапар –Экс-премьер, Жээнбековдун заманында камалды. Сатыбалдиев Жантөрө ...

0 624

Миллиардаган дайны жок жоголгон акча эми 8-июнда митингде чачылабы?

07-июнь 2019, 11:34 Кызгалдак Жакыпова

КСДП партиясы 8-июнда саат 11-де «Форумдун» имаратынын алдында өлкөбүздө жүрүп аткан коррупцияга каршы күрөшкө каршы митинг болот. АША КСДП партиясынын төрагалыгынан да, мүчөлүгүнөн да кеткенин жар салган. Бирок КСДП партиясынын жетекчиси башка, штаб жетекчиси Фарид Ниязов 8-июнда боло турган митингге өзүнүн жеке кызыкчылыгында өткөрө турган митингине көбүрөөк адам топтоо үчүн киши башына 5000 сомдон акча таратып жатат имиш деген кеп ...

0 633

Абылгазиевдин жээнин шайлоочулар жетекчиликке өткөзбөй коюшту

07-июнь 2019, 10:27 Кызгалдак Жакыпова

Чаян эң жырткыч жаныбар, алар төрөлө элек жатып энесинин ашказанын тешип чыгышат. Киши - чаяндар андан да коркунучтуу, алар бийлик тепкичинен өсүшүнө колдоо көрсөткөн адамдарды “кидать” этип чоң мансапка жетишет. Анан жыбыратып кийинки кызматтарга тууган-уруктарын чогулта баштайт. Абылгазиевдин чоң атасы багып алган жээни Саралаевди, ал элге жек көрүмдү болуп политехтен кубаланып келсе да, философия институтуна директор кылыш үчүн тиешелүү адамдар ...

0 1048

Уран унутулуп баратканда Абылгазиев уран кенин иштетүүнү баштаган жатабы?

07-июнь 2019, 07:51 Кызгалдак Жакыпова

Абылгазиев тоо-кен тармагындагы кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү. Премьер-министр бир катар кендерди ишке киргизүү процессин тездетүүнү, инвесторлорго көйгөйлүү маселелерди чечүүгө жана четтетүүгө аракеттешүүнү тапшырды. Ал кен, өнөр жай министри Эмил Осмонбетовду катуу каарып, тиешелүү көрсөтмөлөрдү берип, ишке киргизиле турган ар бир кенге “урунттуу” жетекчини бекитүүнү жана аларга жеке жоопкерчиликти жүктөөнү талап кылды. «Кен иштетүүгө сынактарды өткөрүүнүн ...

0 751

Кытайлык гараж башчысынын айлыгы 800 миң сом, мурдун балта кеспеген унаа министри Жанат Бейшеновдун улутташтары 8 миң сом алат

07-июнь 2019, 05:45 Кызгалдак Жакыпова

Кытай 7-июнда чек арасын жабат, биротоло жаап салсын кытайлыктарын кийирбей. Анткени, Кыргызстанда кытайлык гараж башчысы 800 миң сом алат экен, кыргыздардын орточо айлыгы 8000 сом, андан да аз алат. Аудиттин эсептегенине караганда Бишкек—Кара-Балта жолунда иштеген гараж башчысынын айлыгы 800 миң сом же 11 миң 500 доллар, заправщиктин айлыгы 400 миң сом же 5700 доллар экен. Булардын көзөмөлүндө 10 эле машина ...

0 845

Путин берген “байталды”,  кыргыздар пайдаланганы байкалды

06-июнь 2019, 15:12 Кызгалдак Жакыпова

Былтыркы жылдын аягы менен Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болуп Аликбек Жекшенкулов дайындалган, ал дайындалар менен Москваны көздөй сызып, Путинди Кыргызстанга алып келүүгө даярдыктар башталган. 2019-жылдын мартында Путиндин Бишкекке иш сапарынын алдында орус тарап кыргыз мигранттарына мунапыс жарыялай турган чечим чыгарган. Мамлекеттик миграциялык кызматтын айтымына караганда, Орусияда коркунучка кабылган 200 миң Кыргызстандын жараны жашай турган. Бул мунапысты 105 миң кыргызстандык пайдаланып, дагы ...

0 611

Экс - министр окуу китептери үчүн кейип жүрсө, министрдин мурдун балта кескен жок

06-июнь 2019, 13:34 Кызгалдак Жакыпова

3 миллион окуу китебинен кеткен катага ким жооп берет? Бакиевдин убагында Каныбек Осмоналиев деген Билим министри болгон. Окуу китептериндеги каталар тууралуу аябай кейип жүрөт. Чындыгы бар мектеп окуучулары китепти карап жазганды үйрөнүшөт, эгер китепте ката болсо алар өмүр боюу ката жазып калышат. «Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат» ушундай ката окуу китеби менен окуган окуучулардан эмнени күтүүгө болот? Ал эми ...

0 2557

Батукаевди качырган күнөөнү Атамбаевге шылтаган, экс омбудсмен Турсунбек Акун Салянованы колдоду

06-июнь 2019, 12:36 Кызгалдак Жакыпова

Батукаевди качыргандыгы үчүн Атамбаев күнөөлүү, экс Башкы прокурор Аида Салянованын чыпалактай да күнөөсү жок экен. Керек болсо ошол кезде омбудсмен болуп туруп “Батукаев ооруп өлгөн жатат, чыгарбасак байкуш өлүп калат”деп тоту куштай сайрап отурган Турсунбек Акундун да опол тоодой жүгү бар. Принципиалдуу позициясы бар Салянова Башкы прокурор катары кыргыздарды “түрмөнүн түбүнө” чиритип, параша жедирип жатканда айыпкерлерди колдоочу Турсунбек Акун кайда ...

0 746

Орокко балка урулду

06-июнь 2019, 08:29 Кызгалдак Жакыпова

Сокулук районундагы Орок айылындагы өспүрүм балдардын мушташынан улам оор абалдагы экөө ооруканага жеткирилген.Ушундан улам эки топтун ортосунда кагылыш болуп үйлөрдүн терезеси талкаланып, үйүп койгон чөптөр өрттөнүп, милиция кызматкерлери келип тиешелүү адамдарды кармады.Милиция кызматкерлери тарабынан кармалган 31 адамдын жыйрма төрт адам милдеттенмелер менен бошотулду. Кенен таанышсаңыздар: svodka.akipress.org/news:1550400?f=cp Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

06-июнь 2019, 08:29 | 746
0 1455

Аида Салянова камалды, артында кимдер бар?

06-июнь 2019, 07:44 Кызгалдак Жакыпова

Алмазбек Атамбаевдин Башкы прокурору катары президент болгондон 2015-жылы 22-январга чейин шылтоо менен кылмышы жок адамдарга иш козгоп катуу резонанс туудурган. Алсак Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Акматбек Келдибеков, Нариман Түлеев, Урмат Аманбаева жана башка көп «саясий туткундарга» кылмыш ишин козгогон. Батукаевди бошотууда көрүнүктүү роль ойногон.  2009- жылы  Салянова Юстиция министринин милдетин аткарып жатып, ал кездеги өкмөт башчысы Данияр Үсөновдун көрсөтмөсү менен «Кумтөрдүн» ...

0 667

Кытыгыстан – Эң көп калп айткан президент ким?

05-июнь 2019, 16:35 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстандын мурунку президенттери жолугуп калышып: ”Ким көп калп айтат?” –дешип мелдеше кетет. -Мен бир жолу аңчылыкка чыгып, учуп бараткан өрдөктөрдү аттым эле, бапыратып беш өрдөктү катар атыптырмын, бешөө талп этип жыгылып калса болобу, -дейт экс-президент Акаев. - “Беш өрдөк” жакшы, бирок катары менен учуп бараткан беш өрдөктү атса болот. –дешет. -Мен бир жолу аңчылыкка чыгып, качып бараткан кийикти аттым эле, кулагы менен туягына ...

0 506

Мирзияев орозо айтта аш даярдап жатат

05-июнь 2019, 12:47 Кызгалдак Жакыпова

Өзбекстандын президенти  Шавкат Мирзиёевдун хоббилеринин бири аш басуу, бул тууралуу анын улуу кызы Саида Мирзиёева билдирген: “Кээ бир учурда папам үй бүлөлүк дасторкон үчүн аш даярдайт. Биз ага жардам беребиз. Айтыңыздар маараке болсун!”- деп. Эскерте кетчү нерсе Саида Мирзиёева февраль айында жарык дүйнөгө келген маалымат жана массалык коммуникациялар агентчилигинин директорунун орун басары болгон. Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

0 304

“Тооктун түшүнө таруу кирсе”, Акаев менен Жапаровдун түшүнө Кытай кирет

05-июнь 2019, 12:22 Кызгалдак Жакыпова

Кытайдын 4 бөлүмү Үзөңгү-Куушту кармата берген, Кытайга жан тарткан депутаттарга миллиондогон юань берди дечи. Өткөндө Кытай жетекчиси Си Цзиньпин келгенде Акылбек Жапаровго ыраазы болгондой. Эмнеге ага Кытай ыраазы? Себеби Акаев Кытайга 1936 Ватикан сыяктуу мамлекет бата турган Үзөңгү-Куушту кармата берерде Акылбек Жапаров сыяктуу ЖК депутатынын эмгеги аябай сиңген. Арийне, Акылбек Жапаров бул жерди Кытайга кармата бергенин эми сезгендей. Анткени, Акаев ...

0 196

Ислам дини чыныгы тынчтыктын дини

05-июнь 2019, 07:03 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыздар байыртадан ислам динине баш койгон эл. Чынгызхандын тукумдары динди сакташкан эмес, ошондуктан кимиси кайсы дин болсо ошого кирип кетип, акыры анын кубаттуу мамлекети жок болду. Ал эми кыргыздар ислам дини Борбордук Азияга киргенден баштап ислам динине ык коюшкан. Байыртадан келаткан кыргыздын каада-салтын, теңирчилик ыйык ишенимин исламга бурушкан. Бирок, акыркы мезгилде ислам дининде да жаңы түзүлгөн агымдар чыга баштады. Мусулмандардын ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 287

Кытыгыстан: Тосмо болбосо бийлик «Чыңгызхандыкы» болмок

04-июнь 2019, 16:07 Кызгалдак Жакыпова

Бар экен экен, жок экен, илгери, илгери Кытыгызстан мамлекетинде Чыңгызхан пайда болот. Ал Эркебаласын чакырып алып: -Чыныгы Чыңгызхан 7 киши менен бийликти алган, мен 6 жарым эле киши менен бийликти алам. –дейт. -Алты го алты, жарымды кандай түшүнсө болот? -деп таң калат Эркебала. -Жарым деп «эт менен челдин ортосунда жүргөн» адамдарды айтабыз. Адам дейли десек айбанга окшош, айбан дейли десек адам болуп жатпайбы. ...

0 741

«Дед Молдокасым» Кытайга каттап президенттин ата-тегин Барсбек каганга жеткизген жатабы?

04-июнь 2019, 14:11 Кызгалдак Жакыпова

Этияттанбай эл аралык этиканын арзыматчылык нормасын «суперликке» тапшырып, туалетке барса да ким бийликке келсе ошондон уруксат сурап, ат тезегин кургатпай Кытайга жылаңайлак каттап жүргөн президенттин алдындагы «Мурас» фондунун жетекчиси бар. «Дед Хасан» Орусиянын ОПГсын титиретип тургандай эле «Дед Молдокасым» кыргыздын тарыхын титиретип калды. Кыргыздын байыркы эл экенин эч ким танбайт, бирок жоктон тапкансыган «Дед Молдокасым» тарыхчы болсо да араң мээсине ...

0 324

 Жуковдун бюстун Харьковдо  талкалашты, Сталин болсо өзүнө бюст орноткон  Алиясбек Алымкуловду кошуп аттырып жибермек

04-июнь 2019, 10:19 Кызгалдак Жакыпова

Атамбаевдин Алиясбек Алымкулов деген министри болгон, эл алдына барып: «Мен болбосом Бакиевдик бийликти эч ким ала алмак эмес. Атамбаев, Текебаев дегендер СИЗОдо жатышкан, апчем жашынып жүргөн. Мага окшогон Апрель революциясынын чыныгы баатырына Кыргыз эл баатырын берүү аздык кылат. Мага Таласка бюст орнотпосо окшошпой калат» -деп жүрүп бюст орноткон. Кызык, 2010-жылдын 7-апрелине чейин Алиясбек Алымкулов эмне кылып жүрдү экен? Же Орусияда ...

0 652

ШКУнун саммити учурунда толорсуктан алып, Атамбаев каршылык митинггине даярданып жатат

04-июнь 2019, 08:21 Кызгалдак Жакыпова

Рыспектен соң кылмышкерлер дүйнөсү саясатка катышпаса, саясат тузу жок шорподой болуп баратат. Ошондуктан, Жуңго башында турган кылмышкерлер дүйнөсү активдешип, ал эмес  «вор» Камчы Көлбаев менен сүйлөшүүлөр болот дешет. Эмне деген «разборка» болорун ким билет, жакында Путин, Си Цзиньпин, Токаев, Рахмон башында турган ШКУ саммити Бишкекте болот. Астанада өткөн ЕврАзЭС саммитинде мурунку президент Назарбаевке ардактуу орун берип, мактап-сактап сөз берди. Биздин ...

0 625

Акимдикти жакын адамына туулган күнүндө гүл сыяктуу «падарить» эткен ким?

04-июнь 2019, 08:31 Кызгалдак Жакыпова

Ким бийликке келсе да «египеттин мумияларындай» болуп, үн катпай, бирок «кошоматчылардын генералиссимусу» наамына чейин жеткен Иса Өмүркуловдеген жепутат бар. Атамбаевди атасы алып келген бийлик эмес экенин түшүнсө да «Журт атасы» деп, жата калып кошомат айтып жүрдү. Ал кызматынан бошоорменен  туалеттеги заңга теңеп, президент Жээнбековго арзыматчылыгы менен көңүлүнө жакты.Ушул чычканга кебек алдырбаган Иса Өмүркулов окшогон кошоматчылар көптүргөн Атамбаев элди эзип жибергенде, ...

0 840

Курмантай Абдиевдин «Кара-Кулжасы» кудайдын кайсы таноосунан түшкөн?

03-июнь 2019, 15:48 Кызгалдак Жакыпова

«Атан өлсө тайлак бар, кому жерге калбасын» дегендей мурунку соттун «серый кардиналы» Манас Арабаев УКМКнын колуна түшкөнү менен, бүгүнкү сот системасынын жаңы көзүрү пайда болгон. Соттон кутулуу үчүн баа космостук ылдамдык менен көтөрүлүп  баратканы Конституциялык палатанын соту Курмантай Абдиев сыяктуулардын күлкүсүн келтирип, «Серый кардинал» болумуш болуп жүрөт: «Сот системасын өзүм билем, анткени Кара-Кулжалыкмын» деп керсейет. Эмне мынча дөөгүрсүнүп, мактанарын билбейм, ...

0 385

Бийликтегилери официалдуу тилде, эли өз тилинде сүйлөшкөн Индия

03-июнь 2019, 14:00 Кызгалдак Жакыпова

 Кыргыздын Индияга болгон тааныштыгы Искендер Зулкарнайндан башталган.  Ал биздин доорго чейин эле Индияга жортуул менен баратып, кыргыз жеринин четин аралап өтүп бизден жаңгак ала кетип, “грек жаңгагы” деген ат менен тарыхка калтырган. Бабур бабабыз Индияга барып, Индиянын көп аймагын басып алып султан болгон. Союз убагында Индиянын премьер-министрлери Индира Ганди, Раджив Гандилер болушуп экөө тең мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Ал убакта Индия ...

0 788

Сот системасынын «сарый кардиналы» УКМК тарабынан колго түштү

03-июнь 2019, 12:26 Кызгалдак Жакыпова

Атамбаевдин заманында жылмая күлүп, кем акыл сотторду  мурдунан жетелеп алып, мурундарына мурунтук салып, жондоруна ээр токуп, үстүнө шап минип, мыйзамдын эки тизгин, бир чылбырын колуна кармап, сот реформасын кыдыңдата минип алып,  эми болсо дымы чыкпай калган Манас Арабаев деген болгон. Канчалаган адамдарды күнөөсү жок соттоп, соттун барын сатып алган бул шум соттолгондордун убал-сообун билбей калган. 2019-жылдын 2-июнунда «Коррупция» беренеси менен ...

0 323

SOS! Премьердин жакындары, «кой»  тибиндеги макулуктар бийликти каптап келатат

03-июнь 2019, 11:53 Кызгалдак Жакыпова

Мурунку ажо менен менен колтукташып кыргызды соруп, мансапка жетем деп, абакка чукулдап, коңулдан чыккан коңуздай, котур ташын койнунан алып чыгып, вице-премьерге жеткен соң элге жагынуу максатында опурталдуу сөздөрдү сүйлөп, өкмөттөн куулуп чыккан. Корголоп жашынып жаткан кезде бийлик алмашып, кийинки ажо менен колтукташып өкмөттү соруп, элди дүрбөтүп коюп, жең ичинен ар кимден коньяк ичип, жакындарын кызматка койгондугу үчүн, ооз ачып элди ...

0 1013

Өңгөлөр чырпык тигип чынар кылат экен, мурун тигилген чынар Кудайбердиеванын учурунда  куурап баратат

02-июнь 2019, 08:44 Кызгалдак Жакыпова

 Ким бийликке келсе да «тоок сүйүүсүн» арнап, тоголонуп жүрүп «марионеткасына» айланган «маслоед» -министр – Гүлмира Кудайбердиева. Боконосу ката элек убакта Акаев - Бакиевдин заманы өтүп кетти. Атамбаев заманында «боконосун катыра» коюп, каймакты кайдан калпып жешти сезе койду. Атамбаевке шыпылдап жүгүнүп, ыйынып отуруп министрге жетти. Өзү жалгыз жүргөн жок бир үйүр аке-үкаларын коштой жүрдү. Бийлик келет,кетет, а байлык болсо кала берет ...

0 2447

Рыспек жок кыргызды коргогон, Батукаев ток кыргызды кордогон – 2

01-июнь 2019, 11:00 Кызгалдак Жакыпова

Кылмышкерлер дүйнөсүнүн чыгааны болсо да Рыспек Батукаев баш болгон чечендердин кысымынан Кыргызстанды коргогон. Анын мындай аракети саясатка аралашуу боюнча жол ачып берген. 2005-жылдагы бийлик алмаштырууда көмүскө болсо да Рыспек чоң роль ойногон. А2005 –жылдагы парламенттик шайлоодо анын иниси Тынчтыкбек Акматбаев парламентке депутат болуп келет. Анын иниси ЖКда комитет жетекчиси катары түрмөлөрдү кыдырып жүрүп 2005-жылы күзүндө Рыспектин  айыгышкан душманы Батукаев тарабынан ...

0 533

Кыргызстан «Абылгазиевдин модели» эмес, Малайзиянын модели менен өнүксө болмок

01-июнь 2019, 07:06 Кызгалдак Жакыпова

«Абылгазиевдин модели» кандай? Абылгазиев 2018-жылдын 20-апрелинде өкмөт башына келди. Арийне, өз командасы жок болгондуктан,  жооптуу кызматтарды беттерин тултуйтушуп, түстөрүн «хамалеончо» өзгөртүшүп, терисин тескери кийишип мурунку өкмөт башчынын адамдары ээлеген бойдон калды. Кызыгы Малайзия да, Кыргыз Республикасы да эгемендүүлүк күнүн бир күндө 31-августта белгилешет. Мурун Малай Федерациясы аты менен белгилүү болгон Малайзия 1957-жылы Улуу Британиядан көз карандысыздыкты алып, эгемендүү мамлекетке айланган. ...

0 2511

Батукаев кааласа кыргыздарды өлтүрүп же кулактарын кесип койчу - 1

Кийинки муун Батукаевдин ким экенин билбей калышы мүмкүн. Акаевдин заманында Токмоктун кулуну  “вор” наамын алган Азиз Батукаев кыргыз жеринде төрөлүп өссө да, бир боор чечен “мафиясын” чакырып келип, кыргыз ишкерлерин басмырлап, ар бирине салык салып, Кыргызстанды чечен мафиясынын колуна салып бергиси келген. Ага каршы кыргыз жигити “Вор” намына жете элек болсо да кылмыш дүйнөсүндү “авторитети” чоң Рыспек Акматбаев чыккан. Ал ...

0 451

Суунун башында туруп, “суусатылган аттай” суусап калдык

Өзбекстан менен Казакстан 50 млрд куб сууну пайдаланып 1 тыйын да төлөшпөйт. АКШ Канададан суу акысын төлөп суу алат экен. Дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө да акысын төлөшүп суу алышат. Парламент кабыл алган «Суу кодекси», «Суу жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөргө кол коюлду. Бул мыйзамдарда Ташкен менен Нурсултандын суунун акысын берүү деген түшүнө кирбестигин түшүндүк. Эгер сууга Ташкен, Нурсултан акы төлөшсө бюджетке чоң ...

0 465

Пекинге коркунуч туудурган кыргыздар карызын төлөй албай калышабы?

Кыргыздар байыркы эл. Жакында президент Бээжинге барган иш сапарында кыргыздын байыркы тарыхы 800 жылга узарды. Биздин заманга чейин 1000 жыл мурун Кытайды ата-бабалырыбыз титиретип туруптур. Бул тууралуу Кытайдын летописинде жазылып калыптыр. Буга сүйүнсөк болот. Арийне, азыркы күндө чабалдыгыбыздан кыргыз элин жарга такап турган маселе бар. Бул так ошол мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин учурундагы Кытайдан алган карыз. Кыргызстандын тышкы карызы ...

0 535

“Кытыгыстан” - Кимдердин колу камкаймакта?

Замбирек менен аткансып, заман тамтаңдап турганда элдин капчыгын өз капчыгындай көрүп, жакындарынын капчыгын калыңдатып тургандардын караандары көрүнүп турат? Ушундай заманда Кытыгыстан мамлекетинин өкмөт башчысы Муха А,букайса парламент жетекчиси Мастан Чумабекүп менен масилеттешип калат. -Мастан Клоунбекүпич кимдин жакындарынын колдору май-талканда,меники же сиздикиби? Менин бажам Иванкадр Рысь  башкасын койолу "Ачык өкмөт" долбоорунун жетекчиси катары 5 000 евро алып келди.

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 877

Десант менен “меценаттын” тиреши же эмнеге ал кездеги президент алайлыктарды капырга теңеген?

Атамбаевдин заманы гүлдөп,бүрдөп кемелине келип турганда, “кыйт” эткен адамдарды кытыгылап “караңгы үйгө” камап койчу. Башкаларды учуру келгенде айтарбыз, 2013 – жылы ноябрда “Кыргызгазын” 1 долларга баалаганы үчүн парламентте нааразычылыгын билдирген, парламенттик Кыргызстандын биринчи спикери Акматбек Келдибеков камакка алынат. 2014-жылдын жайдын башталышы менен Келдибековду колдогон Алай толкуп чыкканда Ош-Эркечтам жолун бууп салган. Алай аймагында эмне үчүн жол тосууга чыгышкан? Мунун башкы ...

0 284

Абылгазиевди өнүктүрөбүзбү же ачыккан өлкөбүздү өнүктүрөбүзбү?

Өлкө өнүкпөсө туруп турат, өзүбүздүкүлөр буттан тура берсин деген заманда жашап жатабыз окшойт. Юрий Гагарин ааламда космоско биринчи учкан космонавт. Анын мындай эрдиги үчүн Саясий бюро өзү кийлигишип капитан Гагаринди майорго алып барбай түз эле подполковник наамын берген.Премьер-министр Абылгазиевдин бизнесин караган "финполдо" орун басар болуп иштеген өкүл баласы “летуха” эле болгон? Абылгазиев кадырын-салып жүрүп капитанга көчүргөн. Анан ал Гагариндей эрдик ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83