www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аналитика
0 2291

АУДИО- Видео - Атамбаев ыргыткан таш Матраимовго тийип жатат? Атамбаевдин байлыгы чукул арада текшерилиши керекпи?

Аудиофайл Видео 30-май 2019, 18:51 Кызгалдак Жакыпова

Алптар таймашыбы же “шарфтар” таймашыбы, ыргытылган таштын бары эле Раим Матраимовдун башына келип тийип жаткан учур. Акыркы мезгилдеги далилге эч таянылбай туруп, Матраимовдун кызматынан кетип, ал эмес кылмыш иштери козголгону жөнүндө жалган “беш өрдөк” маалыматтар тарап кетти. Ошондуктан, Матраимов тууралуу “беш өрдөккө“ беш аргумент келтирели: 1- аргумент: Матраимов Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлык кызматына 2015-жылы Алмазбек Атамбаевдин бийлиги учурунда  келген. ...

0 390

АУДИО - Борбор Азияда президенттер “тактыдан” кеткен соң каякка барышат?

Аудиофайл 30-май 2019, 12:24 Кызгалдак Жакыпова

Борбор Азияда бийлик Кыргызстандан тышкары дээрлик авторитардык нукта. Ошондуктан, Борбор Азияда өмүрү өткүчө бийлик башында турган өзгөчө “конституциялык монархия” тибинде “демократия” түзүлгөн. Алсак: 1. Сапармурад Ниязов менен Ислам Каримов түбөлүк бийликте болушуп, экөөнүн бийлигин табыт гана ажыратты. 2. Аскар Акаев, Курманбек Бакиевдер Борбор Азиядан алыска кетишкен. 3. Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев Башмыйзамдын ...

0 557

АУДИО - Окуу китептеринен кеткен катага ким жооп берет? Гүлмүңдөгөн Гүлмирабы?

Аудиофайл 30-май 2019, 11:03 Кызгалдак Жакыпова

Акыркы мезгилде көп министрлер отурган ордуларынан ооп, каникул алдында бир тазалануудан өтүштү. Сооронбай Жээнбеков президент боло электеги министрлердин саны азайып баратат, алардын бири Гүлмира Кудайбердиева. Бир эле учурда Бүткүл дүйнөлүк Банктын «Билим берүү тармагында реформаларды колдоо» долбоорунун негизинде 33 наамдагы 3 миллион окуу китеби чыгарылган. Билим берүү министрлиги тарабынан «Билим компьютерс» ЖЧКсы контракт түзгөн. Контаркттын негизинде контракт түзгөн «Билим ...

0 648

АУДИО - Байыркы кыргыз эсепчилери июнь айына кандай баа берген...

Аудиофайл 30-май 2019, 10:01 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыздар Ай менен Үркөрдүн биригүүсүн тогоол, ал эми тогоолдон тогоолго чейинки убакыт аралыгын тогоол ай деп аташкан. Июнь айынын башталышында Үркөр таң алдында биринчи жолу чыгып, Ай-Үркөр жылы башталат. Бул айдагы тогоол таң алдында болуп, бир жылы көрүнүп, бир жылы көрүнбөгөндүктөн 1-ай “арсар ай” деп аталат. Азыркы мезгилде Үркөр горизонттон июнь айынын башталышында чыгат. Эсенбай эсепчинин заманынан бери бир ...

0 195

Мыйзам бузулуп министрлер шайландыбы?

Татыктуу өкмөт мүчөлөрү келдиби же “тактыга” отуруп алып тайтаңдай турган өкмөт мүчөлөрү келиштиби, Жогорку Кеңештин отурум жыйынында айыл чарба жана мелиорация министри, экономика министри жана өкмөттүн аппарат жетекчиси сыяктуу талапкерлер добушка салынды. Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев баш болуп мыйзамга көп көңүл бургусу келишпейт. Мыйзамды мындай койолу мыйзам менен келген өкмөт атка минерлери барыбыз туу туткан Конституцияга да эч көңүл бургусу ...

0 726

Атамбаевдин же Жээнбековдун көзүн тазалап кетсе ким жооп берет?

Албетте, Кудай бетин ары кылсын “Форумда” болуп жаткан жакындагы билдирүүлөр же бийлик жактан удургуп жаткан кубаттуу күчтөр, жалпы калкты ар кандай түкшүмөлгө салып жатат. Акыркы он жылдан бери кыргыз саясий элитасында, өкмөттө, депутаттык корпустарда дайындалган кадрлар кесиптик жактан өтө такшалган адамдар эмес, тааныш-тамырлары аркылуу өйдөлөп, өнтөлөп жылып келаткан бечел, бечара, сабатсыз адамдар болгондуктан, элдин жашоо-турмушу оңдолмок түгүл, артка кетип сомдоло ...

0 341

Сот залынан айыпталынуучу Каржы министрлигинин өкүлүнүн оозун кантип жапты?

Бирде ысып, бирде муздап келаткан, бир учурда жан-дүйнөнү козгоп кылмыштуулуктун апогейине жетип, кайра салкындап турган ЖЭБ (ТЭЦ) иштери боюнча Свердлов районунда С.Исаковдун, Ж.Сатыбалдиевдин, О.Лаврованын, О.Артыкбаевдин, А.Калиевдин, С.Авазовдун, Ж.Назаровдун, Т.Бримкуловдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму ишин улантты. Айыпкер болуп жаткан Жантөрө Сатыбалдиев Каржы министрлигинин өкүлү Азамат Исаковго кредиттик келишим менен субсидиалдуу келишимдин ортосунда кандай айырмасы бар экенин сурады. ...

0 279

АУДИО - Коррупциянын коркунучтуу дабышы кайсы жерде жаңырат? Ак үй тараптанбы же...

Аудиофайл 29-май 2019, 13:46 Кызгалдак Жакыпова

Коррупция коркунучтуу оюн экен, так эсебин ким билет, бирок Башкы прокуратуранын айтымына караганда 2018 – жылы коррупция аркылуу кымтылган акчалардын саны 3 млрд 489 млн 515 миң 800 сомго жетти.  Бакытбек Садыгалиев аттуу Башпрокуратуранын бакыйган улуу прокурорунун айтымында коррупция кылгандардын саны  миллиарддан ары кетет. Бул, албетте,  билинген гана коррупциянын жыты, билинбеген коррупциялар канча экенин ким билет? 2018-жылы коррупцияга таянып  “коркуратып” ...

0 394

АУДИО - “Досуңдан тоок алсаң,каз байла”, өкмөт башчысы болсоң,каз байлабасаң да акча байла

Аудиофайл 29-май 2019, 10:36 Кызгалдак Жакыпова

Үймө-үй жылаңайлак катышып, ичте кир болуп бараткан ойлорун ортого бөлүшкөн, Канат Исмаилов деген премьер-министр Абылгазиевдин эң жакын досу бар. Мухаммедкалый мырза жакында  Канат Исмаиловдун "ОргТехСтрой" компаниясына тендери жок эле Билим берүү министрлигине тиешелүү болгон Ысык-Көлдөгү "Санат" пансионатын ремонт кылганга 300 миллион сом бөлгөн.Эгер кандосу болбогондо карапайым айлыкка жетпей жаткан, эл сыяктуу эле кыйналып жашамак.Балким, ал досторун акчага маарытам ...

0 812

Дүйнөдө эки сүйгөн элим болсо, бири кыргыз...Жоктон көрө жогору дейби?

Буга окшогон таамай сөздү Казакстандын мурунку президенти Нурсултан Назарбаев баса белгилеген. Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков Нур-Султан шаарына барып президент Токаев менен жолугушту. Назрбаев менен жолугушуусу күтүлүүдө. СССР Сосна СССР сосна жыттанып туруучу. «Эркин республикалар бекем союзу...» деп, СССРдин Гимни ушундай башталар эле. 1917-жылы Улуу Октябрь Социалисттик революциясы болуп, 1922-жылы декабрь айында СССР ...

0 470

АУДИО - Күйүүчү майлар 50%га чейин контрабанда, 90 - жылдарга кетип баратабызбы?

Аудиофайл 28-май 2019, 17:16 Кызгалдак Жакыпова

Имиш-имиштерге караганда Акылбек Жапаров мурун  ким президент болсо өкүл ата кылам деп жүрсө, акыркы мезгилде кудалашам деген далалаттарды  кыла баштаган. 90-жылдары Аскар Акаев президент кезинде политехти бүтүргөн Акылбек мырза Акаевдин жакын адамдары менен туугандашып, экономика жаатына оогон. 1993-жылы  Жумабек Ибраимов, Абдыганы Эркебаев, Амангелди Муралиев жаш Акылбек Үсөнбековичти ошол кездеги “лык, лык семиз”деген оюндагыдай  далыга чаап тандап жаңы түзүлгөн КСДП партиясынын ...

0 431

АУДИО - “Ашуудан” өтөөрдө сенатор Байпакбаев байпагын тескери кийе баштады

Аудиофайл 28-май 2019, 16:02 Кызгалдак Жакыпова

“Ашуудан ат алмаштырбайт, бирок эшектерди алмаштыра берет” –деген кеп бар. Мурунку президент Аскар Акаев “Ашуудан ат алмаштырбайт”-деген шылтоо менен төрт ирет президенттик шайлоого түшүп, бешинчи ирет президент болоордо аңтарылган. Ошондон соң эл алдында шайлоого бараткан учур, “ашууга” чыгып бараткан учур катары элес калтырат. Эмки жылы кыргыз парламенти  “ашуудан” өтөт, депутаттардын көпчүлүгү “чөптөн бийик, тайдан жапыз” болушуп электорат алдында бөйпөлөңдөй башташты. ...

0 198

Экстремисттер уюгу Кыргызстанда барбы?

  Акыркы мезгилдерде дүйнөлүк аренада “экстремизм” деген сөз тарап, экстремисттер бул ислам динин туткандар деген сөз конок алууда. Москванын жана бардык Орустун патриархы Кирилл Страсбургда жаңы ачылган православдар чиркөөсүн ачып жатып, ошол эле ачылышка катышып жаткан католиктердин епискобунун алдында: “Биз христиандар...” –дегени сөзүн угуп жаткан христиан эместердин жүрөгүн муздатты. Улуу диндер христианчылык да, ислам да Азиядагы семит элдеринен чыккан. Бирок, тарыхтын ...

0 312

УКМКнын укуругуна ким ээ болот?

  "Уулум сага айтам УКМК сен ук, кызым сага айтам КГБ сен ук” –деген кеп бар. УКМКнын ата-теги “КГБ” учурунда Москванын буюртмасы боюнча жер-жерлерде  бийликке көз кырын салып турган. Владимир Рябокондон соң Кыргызстандагы “үч тамганын” жетекчилиги титулдук калктын өкүлүнө өтүп, советтик акыркы “кгбчы” Асанкулов Жумабекке болгон. 1991-жылы бул кызматка Бакаев Анарбек келип, көп жыл иштеген соң, авариядан улам оор абалга кабылып, ...

0 740

АУДИО - Атамбаев эмнеге "супер президент" болбой калды?

Аудиофайл 28-май 2019, 13:08 Кызгалдак Жакыпова

Борбор Азияда президенттик түшүнүк тууралуу өзүнүн айырмачылыгы бар. Бул өзгөчөлүүлүктү алгач Атамбаев баштаган. Ал 2016-жылы 16-декабрда 2020-жылга чейин мыйзам боюнча оңдолбой турган Башмыйзамга референдум өткөзөт. Бул референдум боюнча президенттин көп ыйгарым укуктары өкмөт башчысына өтөт. Башмыйзамда көп өзгөртүүлөр кирет, алардын бири Премьер-министр парламенттеги фракция жетекчиси менен биргеликте кызмат орундарын дайындоого укук алат. Бул өзгөртүүлөр менен Атамбаев президент менен премьер-министрдин ...

0 2786

Колуңуздагы 5 миң сомдук акчанын тарыхын билесизби? 2009-жылы Курманбек Бакиев президент болуп турганда...

Так ошол 5 000 миң сомдук акча 2009-жылдагы сомдор эң мыкты улуттук валюта болгон. Эми тарыхына көз жүгүртүңүз... 1991-жылдын декабрь айында СССРди Орусиянын президенти Ельцин, Украина президенти Кравчук жана Белорус Жогорку Советинин төрагасы Шушкевич бөлүп салган соң, 1992-жылы инфляциянын деңгээли 2000%дан ашык чекке жеткен. Кыргызстан КМШда биринчилерден болуп 1993-жылы улуттук валютанын киргизилишинен улам гана ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 331

Жүрөк тилген автордук берүүлөр жок

09-май 2019, 14:48 Айдар Нуралиев

Мындан кыйла жыл мурун теле каналдардын техникалык базасы начар кезде адамды кайдыгер калтырбаган автордук теле көрсөтүүлөр көрарманга тартууланчу эле. Маселен, маркум Болот Макетаевдин “Тагдыр” автордук берүүсү далай тескери жааттагы маселени оңго келтиргенин көргөнбүз. Оор камераларды ийинге салып, жөө-жалаң айылдарды түрө кыдырып көйгөйлүү турмушту келиштире тарткан Бокемин шакирти калбаптыр артында. Эгерде анын тажрыйбасын алган бирөө-жарым болгондо ошол көрсөтүү башкача нукта болсо ...

0 565

Камалган генералдардын кимиси катуу чайналды?

09-май 2019, 12:09 Айдар Нуралиев

Кыргызстанда жоокеринен генералы көп экендиги талашсыз. Кээ бир генералдарды капыстан той-тамашадан жолуктуруп калсаң таң калбай кое албайсың. Деги бул генерал каякта жүргөн деп оозуң ачылары шек жаратпайт. Бирок, ошондой анча таанымал эмес лампастуу шым кийгенге татыктуу болгондор батынып мактана алышпайт. Себеби, алар “крышасы” аркылуу чоң жылдызды тагынууга “муктаж” болушкан. Эң биринчилерден болуп камалган Феликс Куловдун башына “көлөкө” түшүрүш үчүн тунгуч президент ...

0 930

Лидери жок партиялардын таасири жоголот

Парламенттик шайлоону партиялар аркылуу өткөрүүнү колго алганыбызды бирөөлөр туура көрсө, ага ичи чыкпагандар да бар. Кандай деп омуроолобойлу, акылдуусунбайлы, баары бир эмки шайлоонун ажаатын деле партиялар ачаары талашсыз. Кыска убакытта өзгөчө бир шайлоо жасап жибериш деген мүмкүн эмес. Реформа киргизем деп чамынгандардын мурдуна чүлүктү салып койчулар бар экенин кантип танбыз? Азыр кимдин заманы? Ким кыргызстанда таасирдүү? Аларга каршы турууга күч ...

0 359

Дымактуулар зам эмес, "сам" болгусу келишет

09-май 2019, 10:45 Айдар Нуралиев

Майлуу кызматта жүргөндөрдүн амбициясы аттын башындай болору белгилүү. Жаралган кырдаалдан улам кызматтан чегингендер улам кыбырай башташты. Алмаз Акматалиев, Абдыганы Эркебаев, Мавлян Аскарбеков, Өмүрбек Суваналиевдерге  азыркы бийлик парпыратып жарыгын чачты акыры. Анткени булар бир ишке жарап берери күмөндүк жаратпайт. Карыса деле бир улакты же козуну жара тартууга жарап коюшат, чынбы?  Демек,  кыйладан бери ак үйдү көз талыгыча карагандарга четинен кызмат бериле баштады. ...

0 288

Кытып алмайлар, буйтап кетмейлер токтобойт

06-май 2019, 16:54 Айдар Нуралиев

Экономикалык кылмыштар туурасында эч ким кеп кылбай калды. Баары эле коррупцияны бучкактап жыгылууга энтеңдейт, бирок анын куйругун да кармай албай бозала болуп жатышканы айдан ачык көрүнүп калууда. Ириде мындай кармашты өлкө жетекчилери башкаларга сабак болчудай сыпатта айгинелеп койсо калгандары ошол чыйырга түшкөн бойдон күрөштү күчөтүп жиберишмек. Тилекке каршы 35 тургай бир коррупционердин изине түшө албай тамашага алынып кеткендигин бийлик моюндашы керек. ...

0 377

Жаштар бийликке келди эми багыт өзгөрбөйбү? Кыргызстан менен Украинанын айрымачылыгы

26-апрель 2019, 10:11 Кызгалдак Жакыпова

Украина менен Кыргызстандын айырмачылыктары: 1. Бизге салыштырмалуу Украинада абал курч, ал жерде АКШ менен Орусия тирешип турушат. Президенттик шайлоолордо эки күч кагылышат. Президентке талапкер адамдар Батышка же Орусияга кадам таштаган программалар менен чыгышат. Кыргызстанда негизги басымды Москвага жасашат. 2. СССРдин он беш республикасынын бири болушкан. Украина Орусия курамына 1654-жылы кошулса, Кыргызстан эки кылымдан кийин официалдуу ...

0 850

Жээнбековдун досу жана мураскери ким?

03-апрель 2019, 18:10 Кызгалдак Жакыпова

Саясатка ой-толгоолор Кыргызстан эгемендик алганы саясий-экономикалык кризистен арыла албай келет. Саясий кризистен десем туура болор. Арабаны аттын алдына чиркеп саясат менен гана алпурушуп келебиз. Анткени, экономикабыз шал ооруга чалдыгып, араңжан абалда. Экономиканын мындай өлүк жан абалы саясий режим үчүн жагымдуу жагдай жаратууда. Дегеним, саясат экономиканын “айыгып”, өсүп-өнүгүүсүнө кызыкдар эмес. Себеби, жемкорлукка ушундай илең-салаң абал жагымдуу. Көзкандысыздыка жетишкени  инфляция менен девальвацияны эске ...

0 1360

Бизде адам укугу корголобу ?

12-апрель 2018, 16:46 Перизат Кутманалиева

«Ата Мекен» фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаев атайын кызматтарга Белизден келген документтердин «жасалма» экенин далилдеп берди. Документтер Текебаев өз өнөктөштөрү менен "Мегаком"компаниясын сатууга аракет кылган деген мааниде болчу. Бирок мунун баары арык аттап, суу кечпей калды. Учурунда экс президент Атамбаев айтты эле "Эгерде бул документтер жалган болсо Сегизбаев жоопко тартылат " деп.  Маевский болсо мен Текебаевге пара берген эмесмин деп прессконференция бериптир. Кыскасы Абдиль ...

12-апрель 2018, 16:46 | 1360
0 1338

Коррупция менен күрөштө эл президентибиз Сооронбай Жээнбековду колдойт

12-апрель 2018, 18:49 Перизат Кутманалиева

Атамбаев менимче келесоо эмес, бирок Кремлдеги кожоюндарынын айткандарын кыңк этпестен аткара берип элдин каргышына калып отурат. Анын азыркы абалын терекке чыгып, бутакка отуруп, бутактын түбүнөн аралап салган апендиге окшоштурууга болот. Бул бир Кыргызстанга сайып койгон куурайга окшоп функциясын аткарды орустар үчүн. Кыргызстан үчүн пайда алып келчү бир да долбоорду ишке ашырган жок. Баары ойрон болду. Алынган гранты болобу, кредити болобу ...

0 1634

Жумабеков "жумуртка бышты, бышкан жок" дедиби

24-январь 2018, 11:19 Перизат Кутманалиева

Эбак чечилил калган маселени элдин алдына ачык айтпай, бүдөмүктөнтүү саясатчылардын анык иши эмеспи. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков “парламент тарайт-тарабайт” деген сөздөр тууралуу пикирин билдирип мунун артында азыркы депутаттарды атайын жаман көрсөтүү кызыкчылыгын көздөгөн саясатчылар турушу мүмкүн деп эсептерин айтты. Журналисттер менен жолугушууда ал азыркы парламентти таркатууга себеп жоктугун, эгер кайра шайлоо болсо курулай гана чыгымга алып келерин, парламентти таратуу керекпи же жокпу, мыйзам ...

1 1688

Давоско президент барышы керек эле го? Эмнеге Сапар Исаков барды?...

24-январь 2018, 10:32 Перизат Кутманалиева

Өкмөт башчысы Сапар Исаков Швейцариянын Давос шаарында өтүүчү Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумга жөнөп кетти. Бул форум дүйнөдөгү эң маанилүү иш чаралардын катарына кирет. Бул жылы ага 60тан ашык өлкөнүн президекттери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Экономикалык форум өлкө башчыларынын орчундуу маселелерди – экономикалык жааттагы көйгөйлөрдү көзмө көз отуруп чечишип алууга мүмкүнчүлүк берет. 23-26-январга чейин өтө турган форум­га Кыргызстандын делегациясын өкмөт ...

0 1806

Калыкбек Султанов "мэр болсом"- деп кыялданып

Таалайдын тайкүлүк аргымагы алтын така менен так маңдайга тепкен чиновниктерибиз арбын. Качан көрсөң, май-көл, сүт-көлдүн үстүндө жүрөт. Алсак өкмөт башчынын кеңешчиси Калыкбек Султанов жакынкы күндөрү Бишкек шаарына мэр болуп келет деген сөздөр желдей тарап, кызуу талкууланууда. Бирок, баштагы акылы менен эмес, капчыгынын калыңдыгы аркылуу бийликке аралашкан бул жигит транспорт жана жолдор министри болуп иштеген маалда кыйраткан эмес. Демек, ал жүрүшү менен калаа башына ...

0 1395

Айтмаматка эмнеге асылып жатышат?

18-январь 2018, 10:37 Перизат Кутманалиева

Кыргыз өлкөсүнүн экинчи борбору болгон Оштун өзгөчө стратегиялык мааниси бар. Ошондуктан кимиси бийликти мыкчып хан болуп келер замат түштүктүн борборуна көзү түшөт. Анткени элдин басымдуу бөлүгүн ээлеген аймактын ролу зор экенин акылы тунук киши илгиртпей билет. Бул шаардын мэринин кадыр-баркы канчалык болорун илгери Мелис Мырзакматов тастыктап кеткен. Керек болсо аял президентти тоотпой койгонун, өзүм каалаганымды аткарам деп оолукканын эмдигиче кеп ...

0 2054

Чалчыкта калган Төрөбаев

16-январь 2018, 13:59 Перизат Кутманалиева

«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаев президенттик шайлоодон кийин катуу сынды. Азыркыга дейре өзүнө келе албай жүрөт. Ишенген «президенти» Өмүрбек Бабанов кара башын калкалап, саясаттан кеткенин айтып, куйрук түйүп чыга берди. Чалчыкта Төрөбаев калды. Учурда ишен­ген адамдарынан кол жууп, асман чапчыган амбициясы быркыранып, алапайын таппай турат. Кийинки парламенттик шайлоодо «Өнүгүү- Прогресс» партиясы Жогорку Кеңештин босогосун аттабай турганы анык болгондон кийин, тегерегиндеги акчалуу, дымактуу, ...

16-январь 2018, 13:59 | 2054
0 1858

Индира Жолдубаева кытайлар менен кызматташкандан сообу?

16-январь 2018, 12:36 Перизат Кутманалиева

Миңге жакын Кытай жаранына Кыргызстанда иштөөгө мыйзамсыз уруксат берилген. Ар бир уруксат кагазынын баасы 5 миң доллар турганы Жогорку Кеңештеги кор­рупция боюнча жыйында белгилүү болду. Анда депутат Кенжебек Бокоев: «2016-жылы кызматтык жасалмалуулук боюнча кылмыш иши козголду эле. Анда Кыргызстандагы 996 Кытай жаранына өлкөдө жүрүүгө уруксат берген мыйзамсыз документтер аныкталган. Ыкчам маалыматтар боюнча ар бир чет элдик жаран мына ошондой документ алуу ...

0 1091

Этиканы билбеген алкы бузук Айтмамат Кадырбаев

16-январь 2018, 09:54 Перизат Кутманалиева

"Ормон опузаны" жакшы көргөн, бирок кыйратып иш кылбаган Ош шаарынын мери Айтмамат Кадырбаев деген бар. Ырысы тоодой экен, экинчи борбор саналган эң маанилүү шаардын мери болуп олтурат. Жакында эле Каракол шаарынын мери баш болгон делегация тажрыйба алмашуу деген жүйөө менен Ошко барышты. Кайран Айтмамат кол алдындагы кызматкерлерди тосуп алгандай тосуп алды. Болбосо статусу бир. Экөө тең мер. Өзү кабинетинин төрүнө олтуруп алып, Караколдон ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1652

Чубактын кунундай чубалган токулма жалаалардын артында турган киши эмнеден коркот ?

28-декабрь 2017, 18:14 Перизат Кутманалиева

  Жогорку Кеңештин депутаты, экс баш прокурор Аида Салянованын атасынын иниси Калыйбек Саляновго коюлган жөнү жок дооматтын атайын токулган жалаа экендиги юрист эмес жөнөкөй адамга деле көрүнүп турат. Бар болгону эки жолу жүз көрүшкөн экен Камила аттуу кыз менен, андан кийин 7-8 жолу телефон чалыптыр ал кыз. Муну табуляграмма менен иштешип да башка жоолукканын аныктай алышкан жок. Ал эми саунанын ээси ...

0 931

Мамлекеттин мүлкүнөн ажыраган Казаков

25-декабрь 2017, 14:49 Перизат Кутманалиева

Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Болсунбек Казаков жылдын аягына жетпей кызматынан кол жууду. Ал буга чейин Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигин да башкаргандыгын баса белгилеп кетмекчибиз. Дегеле кайсы кызматка барса да бул аткаминер өзүн мыкты жетекчи катары көрсөтө алган жок. Азыр Казаковго иш козголот деген маалымат көп айтылып жатат. Булак: "Жаңы Ордо"

0 1140

5 млн сомдук өкүмдөр бир күндө чыкканы табышмак болууда

25-декабрь 2017, 12:31 Перизат Кутманалиева

Узап бараткан жылдын акыркы айы окуяларга бай болду. Айрыкча саясатта жүргөн адамдар аралашкан иштер менен. Тапандай болуп такылдаган Шыкмаматов кєптєрдїн шаштысын кетирип жатты эле. Анын да үнүн басуу үчүн эптеп илинчек таап, кылмыш ишин токуй коюп, сотко жеткизип алып, кандай чечимди чыгарууну билбей, баштары катып атты эле, акыры ага 5 млн сом айып пулду мамлекеттин казынасына төлөп коюп, эркин жүрө бер дегендей кылышты. Карганбек ...

0 2373

Карганбектен ким өч алды?

22-декабрь 2017, 20:19 Перизат Кутманалиева

Карганбек Самаков он жылга эркинен ажыратылды. Мунапыстын негизинде жети жылга кыскарып, абакта үч жылга кыскарып, абакта үч жыл жатмай болду. Ал эми уулу Кубанычбек Самаков үй-мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылга эркинен ажыратылды. Карганбек Самаковго “Аламүдүн районун караштуу Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединов айыл аймактарынан 262 гектар жерди мыйзамсыз трансформациялап алган” деген айып менен 2015-жылдын 14 майында кылмыш иши козголгон. Баарынан да Самаковдун ким ...

22-декабрь 2017, 20:19 | 2373
0 2455

Аркарларды аткан прокурор кайрадан кызматка келди

22-декабрь 2017, 19:46 Перизат Кутманалиева

Аркарларды аткан прокурор кайрадан кызматка келди 2015-жылы Кадамжай районунун прокурорунун орун басары Алтынбек Акимбаев жана прокуратура кызматкерлери атркарды атып, сүрөткө түшүп, ал сүрөттөр социалдык түйүндөрдө кызуу талкууга алынып, коомчулукту дурбөткөн эле. Алтынбек Акимбаев кызыл китепке кирген аркарларды, тоо-текелерин атып, көңүл ачкан. Коомчулуктун ызы-чуусунан кийинаталган кызматкер кызматтан төмөндөтүлуп, Кызыл-Кыянын прокруатурасына кеткенин укканбыз. Кылган окуясы унуткарылды дегенби же кожосу күчтүүбү, айтор, Акимбаев кайрадан ...

0 1295

Жээнбековдун өзүнчө партия түзгүсү келип жатканы эмнени каңкуулайт

22-декабрь 2017, 17:36 Перизат Кутманалиева

Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы Асылбек Жээнбеков өз алдынча партия түптөгүсү келип жатканын бир топ массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты. “Жел болбосо чөптун башы кыймылдабайт” демекч, Асылбек мырзанын көз карандысыз болгусу келип жатканын себебин айтпаса да түшүнүктүү болуп турат. Сооронбайга караганда Асылбеги тирикараак эмеспи, саясый оюнду эмитеден баштаганы жатыптыр. Тынч болгой эле. Булак: "Ачык саясат"  

0 688

Улуттук банк Абдыгуловго, Бажы Кулматовго менчикке берилеби?

22-декабрь 2017, 17:01 Перизат Кутманалиева

Толкунбек Абдыгулов кайрадан Улуттук банктын төрагасы болуп дайындалды. Мындан улам Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков, “Улуттук банкты Абдыгуловго, Бажы кызматын Кулматовго 49 жылга менчикке берели. Кулматов экөөңөр бийликтин эрке баласы болдуңар. Силерден башка киши калбай калгансып, айланып эле бироөң банкка, бирөөң бажыга келип каласыңар”, - деп нараазы болду. Толкунбек Абдыгулов Улуттук банкка торага болуп иштеп жатып, вице-премьерликке барган. Эми кайрадан Улттук банкка ...

0 706

Исаковдун командасы ишти тарта албай калды

22-декабрь 2017, 16:25 Перизат Кутманалиева

Премьер – министр Сапар Исаковдун англисче сүйлөгөн, планшет кармаган командасы ишти тарта албай жатышат. Планшетти ар бир жаран кармай албайт. Мейли байлардын шарты бар., ал эми карапайым катмарда планшет эмне экенин билбегендер бар. Ошол себептүү дароо эле Американы курам дебей, кичине элдин маселесин чечүүдөн баштаса жакшы болот беле. Өзү деле асмандан түшкөн эмес да, Нарындын сары баласы. Элге азыр көмүр керек, ...

0 934

Президент коррупцияга каршы күрөштү качан баштайт

22-декабрь 2017, 16:13 Перизат Кутманалиева

Сооронбай Жээнбеков “президент болуп келээрим менен 35 коррупционерди камайм” деди эле. Президент болгонун бир айдын жүзу болду. Азырынча бир дагы коррупционерди камакка ала элек. Чечкиндүү кадамдар дагы баштала элек. Коомчулук болсо андан үмүт артып отурат. Жыйынтык болсо экен эми. Булак: "Ачык саясат"  

0 633

Зилалиевге жаңы жылда жаңы кызмат берилеби?

22-декабрь 2017, 11:51 Перизат Кутманалиева

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев кызматынан кетти. Анын милдетин орун басары Бакыт Мураталиев убактылуу аткарып турат. Эми Зилалиев дагы кайсыл кызматка дайындалат болду экен. Жаңы жылда жаңы кызмат алат го бул жигит. Бийлик Дүйшөндү бош койчу эмес эле. Улам бир нерсенин ичинен чыга калып жатып бир топ эле таанылып калды кайран бала. Бийликке жакканына караганда тетик көрүнөт. Булак: “Ачык саясат”

0 1329

Сапар Исаковдун өкмөтү гүлдөбөй эле куурап баштады…

21-декабрь 2017, 16:32 Перизат Кутманалиева

Сапар Исаковдун «технократпыз» деген өкмөтү дайындалып атканда, «буларың декабрда эле таркатылат, президент ким болуп шайланбасын, Атамбаевдин балапандарын кетирет» деген кеп тарады эле. Эми карабайсыздарбы, ошол сөздүн анык мааниси чыкканын… Биринчи, шайлоо иштери менен Таласка жөнөгөн вице-премьер Темир Жумакадыров жолдо каза болду. Жумакадыров шайлоо штабына жетекчи болуп, Дүйшөнбек Зилалиевдин ордуна дайындалганын кантип айтпайбыз? Зилалиев Баткендеги жыйында ачыктан ачык Сооронбай Жээнбековго үндөгөнүн «Азаттыктын» ...

0 600

Кимдин сакасы айкүр конду?

21-декабрь 2017, 12:20 Перизат Кутманалиева

Ыргыткан сакасы айкүр конгондордун ичинде азыркы өкмөт башчы Сапар Исаков турганы кадиксиз. Анын биринчи орун басары Аскарбек Шадиевдин сакасы текеникиндей эңкей экен. Тарыхта биринчи жолу бир буту өкмөттөгү, экинчи буту парламенттеги кызматкерди жолуктуруп жатабыз. Антсе да маянаны өкмөттүн казынасынан аларын билдик. Дагы бир орун басар Даир Кенекеев болсо шайлоонун эпкини аркылуу келип өпкөсүн басты. Анткени анын чырылдап айткан калыс кеби ...

21-декабрь 2017, 12:20 | 600
0 1296

Атамбаевдин ыры популярдуу болуп баратат

21-декабрь 2017, 11:31 Перизат Кутманалиева

Кезинде көп кырдуу инсан экендигин Владимир Путин деле жашырган эмес. Кантсе да Алмазбек Атамбаевдин саясаттан тышкаркы аракеттерине ичи жылыган окшобойбу. Өткөндө өзбектердин жылдызы Фарух Закиров болсо экс-ажонун “Кыргызстаным” деген ырын кыраатына келтире аткарганын угуп, кыйла таң калган жайыбыз бар. Бул ирет болсо ошол ырды Азербайжандын композитору, ырчысы Озан Араз Элсес аткарыптыр. Ырдын коңур үн менен аткарылышы ого бетер ажаатын ачыптыр. Ал ...

0 867

Мурашев эсеп билеби?

21-декабрь 2017, 09:21 Перизат Кутманалиева

Саясат Айыл чарба, тамак аш жана  меллиорация министри Нурбек Мурашев сабатсыздыгын дале далилдеп келет. Кече жакында парламент алдында депутаттын суроосуна жооп берип жатып, «Министрдин айдоочусунун айлыгы 45 миң сомдун тегерегинде » деп айтты. Мурашевдин кагаз калем алып эсептегенге мээси жетпесе министирликтеги эсепчилерди чогултуп алып, эсептеттирсе болмок. Министрликтин айдоочусу 14 миң сом айлык алаарын, күнүмдүк бөлүнгөн  бензинди акчага айлантса айына ошол сумма ...

21-декабрь 2017, 09:21 | 867
0 2382

Кыргызстанды сызга отургузган Иван Грозныйдын “кайра тирилиши” кандай кабыл алынат?

20-декабрь 2017, 16:42 Перизат Кутманалиева

Бийликтан даамы ушунчалык таттуу болобу же кечээки ордун башкалар ээлеп калгандыгына кызганып жатабы, кыскасы экс-президент А.Атамбаевдин саясатка кайра кайтып келери тууралуу билдирүүсү көпчүлүгүбүздү таң калтырууда. Анын бул ат жүрүшү алгач өзүнүн КСДП партиясын жетектөөдөн башталары белгилүү болду. Бийлик партиясы жаңы жылдын алгачкы айынын соңунда кезектеги курултайга чогулуп, партияга төрага шайлашат экен. Азырынча партиянын жетектөөгө бир гана талапкер – экс-президент А.Атамбаев каралып ...

0 1215

“Жакшы баланын” Башкы прокуратурага кайрылып жатышын актануу аракети деп гана түшүнүүгө болот…

20-декабрь 2017, 14:55 Перизат Кутманалиева

Экс-президент Курманбек Бакиев жана анын бир туугандарынын түгөнбөгөн дүнүйө-мүлкү дале болсо бөлүштүрүлүп бүтө элек. Баарынан кызыгы, 2010- жылы бийликти колго алган Убактылуу өкмөт тарабынан “Бакиевдердин байлыгы улутташтырылсын” деген декларация иш жүзүндө күчүн жоготуп, “ууруну каракчы тоногондой”, азыркы бийликтегилер тарабынан итбекер менчиктештирилип же са­тып алынууда. Өткөндө Бишкектин Скрябин көчөсүндөгү 1 га. жакын участокту “мурдагы ээсине бергиле” деген буйрук бере коём деп, Мамле­кеттик каттоо ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1413

Элге жек көрүндү Сариева экинчи кызматга келбесин

20-декабрь 2017, 11:58 Перизат Кутманалиева

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Эльвира Сариева дегенди кайдан-жайдандыр таап алып, Аны акыркы 4-5 жыл аралыгында ар кайсы кызматга дайындап жакшы эле эркелетти. Жэ ал үмүттү актап тыңыраак иштеп берсечи. Тажрыйбасы нөл болсо да Билим берүү министри, вице-премьер, президенттик аппаратта бөлүм башчы, акырында президенттин аппараттын башчысынын орун басары да кылды. Бул жылдары Сариева эл тарабынан бир да жакшы сөз укпады. Катуу сынга кабылып, элге ...

0 817

“Реформа планшеттен башталат”

19-декабрь 2017, 16:56 Перизат Кутманалиева

Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин ар бирине бирден планшет берилет. Бул тууралуу бүгүн, премьер-министр Сапар Исаков жол коопсуздугун сактоо боюнча тузүлгөн комиссиянын жыйынында айтты. Бул тууралуу: «Бүгүнкү күнү тартип бузган айдоочуларга протокол кагаз жүзүндө толтурулуп келет. Эми планшет аркылуу системалык негизде толтурууга өтөт. Каражат бюджеттин эсебинен бөлүнөт. Бул система эрежени бузган айдоочунун идентификациялык номурун сактап калат. Мында акча берип соодалашууга дагы болбойт. ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83