www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Миграция
0 2327

Россияда сууга чөгүп бараткан кызды куткарып калган кыргызстандык жигит каза болду

Россиянын Сахалинск облусунун Корсаков районунда кыргызстандык жигит сууга чөгүп каза болду. Окуя кечээ, 29-июлда саат 16:25 чамасында болгонун россиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыкты. Басылмалардын маалыматына караганда, окуя болгон жерди кароо учурунда облустун борборунда жашап жаткан Кыргызстандын 17 жаштагы жараны достору менен көлгө барганы белгилүү болгон. Эс алуу учурунда алардын арасындагы кыз сууга түшүп жатканда чөгүп баштаган. Аны куткарып ...

0 4368

КР жарандарын Анталияга жумушка орноткон компаниянын үстүнөн арызданышууда

Кыргызстандыктарды чет өлкөгө жумушка орноштурган компания эки жума мурда Анталияга 12 адамды жиберген. Бирок алар келишимдеги маяна жана шарттары жок жатаканага, жумушчу визасы колуна тийбей, мыйзамсыз жүргөнүнө нааразылык билдиришти. 50гө чукул улан-кызды Түркиянын Анталия шаарына жумушка орноштурам деп акчасын алып, бирок убадасынан тайды делген "Езекия" компаниясынын үстүнөн дагы арыздануулар түштү. Ага ылайык, бул компания мындан эки жума мурда 12 кыргызстандыкты Түркиянын Кемер районунун Бельдиби ...

0 2089

Москвада Кыргызстандык кылмышкерлер балдарды барымтага алышкан

Москвада эки кылмышкер уурулукка кирип, бир үй-бүлөнү барымтага алышкан. Үчүнчү кабатта жайгашкан батирге каракчылар талап-тоноо максатында кирген. Ичинде аял эки баласы менен болгон. Бирок, апасы качып чыкканга үлгүрүп, жардам чакырган. Наркотикалык мас абалында болгон кылмышкерлер полициянын колго түшүп берүү талабынан баш тартып, эки баланы барымтада алып алган. Барымтадагылар бошотулуп, кылмышкерлер кармалганы айтылууда. Орус маалымат булактарында каракчылар кыргызстандыктар экени айтылат. Булак: NazarNews.kg

0 560

Испанияда кармалган орусиялык кримтөбөлдөн кыргыз паспорту табылды

Испанияда кармалган орусиялык кримтөбөл Кыргызстандан мыйзамсыз түрдө паспорт алган. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады деп билдирет Азаттык. Маалыматка ылайык, быйыл январда издөөдө жүргөн Орусиядагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Борис Матузный Испанияда кармалган. Анын жанынан Кыргызстандын эки паспорту табылган. Бул иш боюнча Кыргызстандын ички иштер органдары иликтөө иштерин жүргүзүп, натыйжада ал паспортторду мыйзамсыз түрдө 2016-жылы Сузак райондук калкты каттоо жана паспорттоштуруу ...

0 757

Кыргызстанды миграция таанытат

Кыргызстан – ЕАЭБдин ичинде эмгек миграциясынын өсүүсү токтобой уланып жаткан жалгыз өлкө. Мындай көрсөткүч Экономикалык саясат институтунун иликтөөсүндө аныкталган. Эксперттердин ырасташынча, Орусияга агылган мигранттарынын саны боюнча Кыргызстан Өзбекстан, Белоруссия, Украина жана Молдовадан кийинки 4-орунда, ЕАЭБдин өлкөлөрүнүн сап башында турат. Ал эми ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын балдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Марат Сапаевдин малыматында, кылмыш кылган балдардын 80% мигранттардын балдары. Анын айтымында, ...

0 8471

Москвадагы балдар аянтчасында кыргызстандык келиндин асынып турган өлүгү табылды

Россиянын Москва шаарында балдар аянтчасында 24 жаштагы кыргызстандык келин асынып турган абалда табылды. Бул тууралуу Москва шаарындагы Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов билдирди. Анын айтымында, 9-июль күнү таң эрте социалдык тармактар аркылуу Москвадагы балдар ойноочу аянтта асынып турган келиндин сүрөтү интернетке тарап кеткен. Андан кийин каза болгон келин кыргызстандык 24 жаштагы А.Айгерим экени аныкталган. Окуя Пожарный көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин ...

0 2428

Москвада кыргыздар жапырт камакка алынып жатабы?

10-июль 2018, 20:09 Кызгалдак Жакыпова

10-июлда Москванын Таганский районунда кыргызстандык мигранттар камакка алынып жатканын укук коргоочу Валентина Чупик маалымдаган. «Терезеси жок, тар бөлмөгө камакка алышууда. Жетимиштей адамды кармап, көбү 5-10 миң рубль пара берип чыгып жатышат. Азыр ал жакта отуздай адам бар, баары кыргыздар. Алар таңкы алтыдан бери камакта. Тамак-аш, суу берилбейт, даараткана жок. Адамдарга эч нерсе түшүндүрүшкөн жок, котормочу жок, консулдар менен байланыштырышпайт» деп жазган "Фейсбук" социалдык түйүнүндө ...

0 736

Орусияга кыргыздарды кулчулукка Эркинаалы деген аттуу жаран алып барган

19-март 2018, 14:05 Жазгүл Урманбетова

Орусиянын Рязань облусунда Кыргызстандын 13 жараны кулчулукта жүргөндүгүн ИИМ тастыктады.  Эмгек мигранттарынан келип түшкөн арыз боюнча Мамлекеттик миграция кызматы тиешелүү министрликтер менен бирге аталган облуска барып иштин чоо-жайын аныкташкан. Окуя ушул жылдын март айында болуп, аталган аймакта  чындыгында жумуш берүүчүлөр кыргыз жарандарынын паспортун тартып алып, мыйзамсыз иштетип, аны менен катар аларга айлык акыларын бербей жатышкандыгы тастыкталган.   ААК «Февраль» коому тигүү цехин ачып, анда 100 адам эмгектенип, ...

0 2554

АКШда кыргыз жараны кардарларынан оралдык секс талап кылганы үчүн кармалды

Кыргызстандандык жаран Чикаго шаарында мыйзамсыз адамды кармап турганы үчүн кармалган.  Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыккан. 27 жаштагы Мурасбек Э Чикагодо таксист болуп иштейт. Тергөөнүн маалыматы боюнча ал 24 жаштагы мас кардарын бир сааттан ашыгыраак мыйзамсыз кармап турган. Ал убакта кыздан оралдык сексти талап кылган. Кардарынын телефонун алып калган  Мурасбек Э телефонго туташкан сигналдан улам кармалган. Булак: NazarNews.kg

0 3509

Түркияда кайниси муунтуп өлтүргөн кыргызстандыктын өлүгү мекенине жөнөтүлдү

Түркияда кайниси муунтуп өлтүргөн кыргызстандыктын өлүгү мекенине жөнөтүлдү. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, кыздын өлүгүн атайын фирманын өкүлдөрү алып кетишкен. Эске сала кетсек, Мехмет Четин Катеринди күйөөсүнүн көзүнө чөп салып жүрөт деп шекшип жүргөн. Мына ушул күмөн ойлор менен аны муунтуп өлтүрүп койгон. Окуя болгон соң ал полицияга өзү барган жана кылмышын моюнга алган. Полиция Мехмет Четиндин үйүнө барып маркум аялдын сөөгүн табышкан. Маркумдун ...

0 1204

19 жаштагы мекендешибиз Орусияда зордукталды

Россияда дагы бир кыргыз кызы кордолду. Бул тууралуу Россиянын ЖМКлар жазышууда. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, Эч нерсе оюнда жок кыз тааныш баласынын унаасына отурган. Кыз унаага отургандан кийин, кыздын каршылыгына карабастан белгисиз жакка айдап кетишкен.  Кызды белгисиз батирлердин бирине алып барышып зордуктаган. Кыз болгону 19 жашта болгон.  Шектүүлөрдүн өздүгү такталып, учурда иликтөө иштери жүрүүдө. Булак: NazarNews.kg

0 924

Күйөө бала: "Салмондун апасы менин жашоомо көп киришчү, андан өч алуу үчүн уулун өлтүргөм"

01-март 2018, 15:44 Жазгүл Урманбетова

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында киши колдуу болуп каза болгон 11 жаштагы Салмон Мадумаровдун апасы убактылуу кармоочу жайдан чыгарылды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты. "16-февраль күнү тергөөчүлөр маркум Салмон Мадумаровдун апасынын кылмышка тиешеси жоктугун аныктап, аны бошотушкан. 26-январда футбол ойногону чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгон Салмондун өлүмүнө апасынын тиешеси бар деп полиция кызматкерлери кармашкан. Анткени апасы уулун диний билим алууга Түркия мамлекетине жиберүүнү көздөп ...

0 770

Кыргызстанга Түштүк Кореядан 116 адамга эмгек келишими келди

01-март 2018, 11:27 Жазгүл Урманбетова

Миграция кызматынан Корея багыты боюнча иштеген өкүлү Нагима Ашымбекованын “Азаттык” радиосуна билдиришинче, жыл башынан бери Кыргызстанга Түштүк Кореядан 116 адамга эмгек келишими келди. Бул өткөн жылдарга салыштырмалуу 30-40 келишимге көп. Ушу тапта Кореяга жумушка кетчүлөрдөн тилди билүү деңгээлин аныктаган тест алына баштады. Кыргыз жарандарын Түштүк Кореяда жумушка орноштуруу боюнча атайын программа мындан туура он жылдай мурун башталган. Анын негизинде жыл сайын Түштүк ...

0 793

Санкт-Петербургда өлтүрүлгөн 11 жаштагы кыргызстандык баланын өлүмүнүн чоо жайы аныкталды

28-февраль 2018, 19:01 Перизат Кутманалиева

Россиянын Санкт-Петербург шаарында өлтүрүлгөн 11 жаштагы Салмон Мадумаровдун апасы камактан бошотулду. Бул тууралуу россиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыкты. Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, 5-февралда каза болгон баланын апасы — 39 жаштагы Н.Мунавар адам өлтүрүү беренесинин негизинде козголгон кылмыш иштин алкагында камакка алынган. 16-февраль күнү тергөөчүлөр аны камактан бошотуу боюнча сотко өтүнүч кат жолдошту. «Полиция кызматкерлери анын 26-январь күнү ...

0 1160

Түркияда кыргызстандык аял 25 жылга кесилди... Кордукка чыдабаган мекендешибиз күйөөсүн жоолук менен муунтуп качып кеткен

28-февраль 2018, 12:31 Перизат Кутманалиева

Түркияда кыргызстандык аял чогуу жашаган коньялык эркекти өлтүрүүгө айыпталып 25 жылга эркинен ажырады. Бул тууралуу өлкөнүн жергиликтүү басылмасы Haberler жазып чыкты. Окуя 2016-жылдын август айында болгон. 24 жаштагы эркектин сөөгү өзүнүн батиринен табылган. Кийин негизги шектүү катары аны менен чогуу жашаган 23 жаштагы кыргызстандык аял кармалган. Ошондой ...

0 687

Мигранттын сөөгүн алып келүү канча турат?

23-февраль 2018, 08:49 Перизат Кутманалиева

Учурда чет жерде каза болгон эмгек мигранттын сөөгүн мекенине алып келиш үчүн мамлекет мыйзам боюнча 30 миң сомго чейин акча-каражат бөлөт. Бирок бул акчаны алыш өзүнчө эле бир азап. Биринчиден, эмгек мигранты экенин тастыкташ керек. Экинчиден, Мамлекеттик миграциялык кызматка шартка байланыштуу 16га чейин документтерди тапшырыш керек. Бюрократиялык талаптардын бардыгын аткарганга бардыгынын эле чыдамы жете бербейт. Ошондуктан көбү жакындарынын сөөгүн үйгө ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1062

Сөөктү мекенге алып келүүдө транспорттук чыгымдардын ордуна 50 миң сом берүүнү сунуш кылдык, - Алмаз Асанбаев

17-февраль 2018, 14:44 Жазгүл Урманбетова

Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары Алмаз Асанбаев миграция жаатындагы маселелер тууралуу мындай дейт: - Былтыр чет өлкөдө каза болгон 245 жарандын сөөгү келди. Бул элчиликтерден, Чек ара жана Бажы кызматтарынан, диаспоралардан Мамлекеттик миграция кызматы тактаган маалымат. Алардын ичинен 51 арыз түшкөн, чыгымдарын өкмөт төлөп берди. Бул мамлекеттик бюджетте каралган 1 миллион 600 миң сомдун тегерегиндеги каражат. Бирок, менимче, бул жетишсиз. ...

0 610

Каракчылык боюнча шектелген 22 жаштагы Икрамжанды бошотуу үчүн 200 миң рубль сурашкан

15-февраль 2018, 12:10 Жазгүл Урманбетова

Москвада каракчылык боюнча шектүү катары камакка алынган кыргызстандык Икрамжан Акрамжан уулунун туугандары ага жалган жалаа жабылганын, аны бошотуш үчүн полиция кызматкерлери акча доолаганын айтышууда. 22 жаштагы Икрамжанды полиция 12-февралда батирден кармап кеткен. Муну Арстанбаптагы атасы Акрамжан белгисиз бирөөлөр телефон чалып, уулун бошотуш үчүн 200 миң рубль сураганда гана билген. - Мага баламдын телефону менен чалышты. "Балаңыз орусча билбейт экен, мен котормочумун. Жарым саатта 200 миң рубль ...

0 588

Орусияда мигранттарды массалык түрдө кармашууда

13-февраль 2018, 16:37 Жазгүл Урманбетова

Орусияда полиция тарабынан мигранттардын документтерин текшерүү жүрүүдө. Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчилигине полиция тарабынан 44 кыргыз жараны кармалганы боюнча маалымат түшүп, элчиликтин кызматкерлери Текстильщик районундагы ички иштер бөлүмүнө барган. Кармалгандардын жашаган жериндеги каттоосу боюнча документтери текшерилип, андан соң 35 жаран бошотулганын 8-февралда, ал эми 9 жаран Орусиянын миграциялык мыйзамдары бузганы аныкталып, алардын документтери сотко жиберилген. "Протоколдорду биргелешип кароонун натыйжасында аларды “кара ...

0 645

ВИДЕО:220 миң рублди ээсине кайтарып берген мекендештерибизге - алкыш!

Видео 05-февраль 2018, 15:03 Жазгүл Урманбетова

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Барпы айылында өскөн Авазбек Балтабаев 1 жылдан бери Россиянын Москва шаарында таксист болуп эмгектенип жатат. Ал мындан бир жума мурун өмүрүндө эстен кеткис окуяга туш болду.  37 жаштагы Авазбек мындан бир жума мурун досу Нурис Дүйшөбаев менен бирге «Отрадное» метрополитен станциясы тараптагы банктын алдына барганда 220 миң рубль (Кыргызстандын Улуттук банкынын учурдагы курсу боюнча 3 ...

0 844

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековго, баардык бийлик бутактарына мигранттар КАЙРЫЛУУ жасады

29-январь 2018, 18:39 Гүлжан Шерипбаева

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековго, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын премьер министри Сапар Исаковго, Россия жергесинде жүргөн мигранттардын атынан кайрылуу ачык кат. Урматтуу эл башчылары, элдин депутаттары, силерден эл күткөндөн эч жооп болбогонунан, мигранттарды камсыздандыруу боюнча(страховка) баарыңарга бир кайрылуу жөнөтөлү деп чечтик. Азыр өзүңөр билгендей Кыргызстандын 30% ашык калкы бөтөн жерлерде мигрант болуп, өз арабаларын өздөрү ...

0 966

Москвада 12 жаштагы кызды бычактаган кыргызстандык 16 жылга кесилди

18-январь 2018, 12:04 Перизат Кутманалиева

Москвада, 1 жаштагы кызды кыйнап өлтүргөн кыргызстандык жаранга карата, күчөтүлгөн тартиптеги абакка 16 жылга кесүү өкүмү чыкты. Бул тууралуу «МК» билдирди. Басылманын маалыматына ылайык, каргашалуу окуя 2016-жылы 24-декабрда болгон. 20 жаштагы Жылдыз аттуу кыргызстандык кыз үйүнө сүйүктүүсү, 21 жаштагы Чыңгызды алып келген. Кийин экөө сүйлөшпөй калганда жигит кыздын батиринде калган кийим-кечегин алайын деп Жылдыздын үйүнө келет. Үйдө кыздын кичүү сиңдиси бар ...

0 2255

Аялдар – баласындай балдардын, эркектер – апасындай аялдардын коюнунда жуурулушуп...

15-январь 2018, 13:29 Перизат Кутманалиева

Жашоошун шары, элдин агымы менен Москвага келип, кой дээр кожосу жок, күнүгө дискотекадан чыкпай мас болуп жүргөн улан-кыздардын тагдырынан корком. Жалган жашоого бир жаралып, жашоонун даамын татпай, эненин ууз сүтүн бир оозанбай таштандыга ташталып, ит мышыкка жем болуп, никесиз төрөлгөн наристелердин көз жашы, убалынан корком. Ичкиликке берилип, метролордун айланасында таштанды пиволорду чогултуп ичип жүргөн кыргыз жигиттерибиздин өң-алеттен кеткен абалынан корком. ...

0 1248

Бодрумда сойкулук менен алектенген Кыргызстандык кыздар кармалды

12-январь 2018, 16:22 Перизат Кутманалиева

Түркиянын Бодрум шаарында сойкулук менен алектенген Кыргызстандын 3 жараны кармалды. Бул тууралуу haberler.com жазып чыкты. Маалыматка караганда, полиция кызматкерлери сойкукана уюштурган 3 адамды жана 6 сойкуну кармашкан. Кармалган 6 сойкунун үчөө Россиянын, экөө Кыргызстандын жарандары болгон. Жыйынтыгында көмүскө жайга айланган мейманкана жабылып, айып салынды. Кыргызстандын жараны — 34 жаштагы У.Р. мындан 2 ай мурун өзүнүн өлкөсүнөн Стамбул шаарына ...

0 1129

22 жаштагы кыргыз кызды зордуктаган Түркиянын жараны 30-жылга түрмөгө жолдомо алды

10-январь 2018, 11:33 Перизат Кутманалиева

Түркиянын Haberler.com агенттиги билдирген маалыматга таянсак, 3-январда Түркиянын Сарыер районунда түрк жараны Фатих Й. Кыргызстандык 22 жаштагы кызды зордуктаганы үчүн 30 жыл түрмөгө кесилди. 2017-жылдын 26-августунда түнүндө 22 жаштагы студент кызды Стамбулдун метросунан “Аязага” станциясына чыкканда Фатих Й. кармап алып “добушуңду чыгарсаң, өлөсүң!” деп кызды зордуктап, телефонун алып койгон. Сотто Фатих күнөөсүн мойнуна албай койгон. Сот аны 30 жылга түрмөгө кести. Анын ичинде зордуктоо фактысы боюнча 18 ...

0 1550

Москвада киши колдуу болуп каза тапкан Кыргызстандыктардын бири 37 бири 38 жашта гана болгон

09-январь 2018, 13:02 Перизат Кутманалиева

Москвада Кыргызстандын эки жараны киши колдуу болгон сөөгү суу жээгинен табылды. Бул тууралуу КМШ аймагында уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш иштерин координациялоо боюнча бюронун директорунун орун басары Аскат Алиев Facebook баракчасы аркылуу билдирди. Алар 2017-жылдын 29-декабрында өз үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Бул боюнча маркумдун жакындары 30-декабрда Москва шаарынын полициясына арыз менен кайрылышкан. "Биринин сөөгүн 30-декабрда Москва облусунун Жуковский шаарында Наркомвод ...

0 546

Мыйзамсыз миграция уюштургандар катуу жазаланат

08-январь 2018, 14:17 Жазгүл Урманбетова

КРнын өкмөтү Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү менен мыйзамсыз миграция уюштургандарга карата жазаны күчөтүүдө. Ички иштер министрлиги мыйзамсыз миграция уюштургандарды 3 жылга чейин эркинен ажыратууну сунуштоодо. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Азыркы мыйзам боюнча Кыргызстанда мыйзамсыз миграция уюштургандарга 30–60 миң сом (400−800 доллар) айып пул салынат.Миграция мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Алмаз Асанбаев бул Кыргызстанга болгон иммиграцияга гана эмес, кыргызстандыктарды чет жакка мыйзамсыз ...

0 635

Анкарадагы кыргыздар Жаңы жылды кандай тосту

01-январь 2018, 14:42 Перизат Кутманалиева

Түркиянын борбор шаары Анкарада кыргызстандыктардын жаңы жылдык иш-чарасы өттү. Иш-чараны Анкарада жашаган ишкер айым Айжан Жорупбекова Алыч уюштуруп, бир канча кыргыз ишкер демөөрчүлөр колдоо көрсөтүштү.  Иш-чараны Анкарада окуган магистрант Адилет Абишев алып барды. Иш-чарага Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрахим Жунусов менен элчилик кызматкерлери, Түркияда иштеген жана окуган кыргыз жарандары катышты. Элчи Ибрагим Жунусов келе жаткан «Ит» жылынын кыргыз ...

0 1508

Москванын Текстильщик районунан 30 жердешибиз кармалган

28-декабрь 2017, 10:42 Жазгүл Урманбетова

Москвада эки кыргызстандык жасалма документ боюнча сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу КРнын РФгы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, 25-декабрда Москванын Текстильщик районунда полиция Кыргызстандын 30 жаранын кармаган. КР элчилигинин өкүлдөрү окуя болгон жерге барып, кармоонун себеби пландык чет элдик жарандардын документтерин каттоо болуп саналган. Билдирүүгө ылайык, элчиликтин өкүлдөрү келгиче 19 адам кое берилген. “Калган 11 КР жараны миграциялык мыйзамды бузгандыгы аныкталган. Протоколдорду ...

0 540

“Мигрантка телефон чал” аттуу акция башталды

18-декабрь 2017, 12:58 Перизат Кутманалиева

18-декабрь - Эл аралык мигрант күнүнө карата Ош жана Жалал-Абадда “Мигрантка телефон чал” деп аталган акция башталды. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруп жаткан ISEDA коомдук фондунун өкүлү Айнура Мамажунус кызы “Азаттыкка” билдирди. Акциянын алкагында миграция боюнча адистер жана юристтер Жалал-Абад шаарында жана Ош шаарында, эки облус аймагындагы калктуу конуштарда жана эл көп топтолгон базарларда мигранттарга жана алардын жакындарына укуктук кеңештерди беришет. Долбоордун ...

0 3052

Аскар Акаевден Ала-Букалык Барчын Наралиева сыйлык алды

08-декабрь 2017, 19:03 Гүлжан Шерипбаева

Мекендештер: А.Акаевден сыйлык алган 22 жаштагы Барчын Москвада элечек кийген кыздардын бий тобун ачты Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Келте айылында өскөн 22 жаштагы Барчын Наралиева Москва шаарында кыргыздардын маданият борборунда эмгектенип жатат. Ал жерде улуттук кийимдерди тигип, көргөзмөлөргө алып чыгат. Бул кызматынын арты менен мурунку президент Аскар Акаев менен жолугуп, анын колунан сыйлоо баракчасын алганын кошумчалады. «Узчулук өнөр биздин каныбызда ...

0 4463

ВИДЕО - Москвадагы кыргыз жарандары кыргыздарды тоноп качкан

Видео 22-ноябрь 2017, 18:30 Гүлжан Шерипбаева

Москва шаарында Беговая метросунда жайгашкан батирлердин биринде, 1989-жылы туулган, өзүн Асаналиев Элдияр тааныштырган, ижарага батир алган жаран, 2 күн жашап, батирдеги бирге жашаган жердештеринин баалуу буюм, телефон, ноутбуктарын банк карталарын уурдап, жабырланычууларга олуттуу зыян келтирип изин жашырып кеткен. Маалыматтарга караганда Асаналиев Элдияр, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Жеңиш айлынын тургуну. Бул тууралуу маалыматты КР ИИМнин РФдагы өкүлчүлүгү Аскат Алиев Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 19896

Жаңы ажого ат арытып алыстан кат келди

23-октябрь 2017, 08:47 Камчыбек Бостон

Сооронбай Жээнбековго кат!!! Саламатсызбы биздин жаңы ажоо! Сиз бийликтин күчү менен ажоо болдузбу, же эл шайладыбы эми баркы жок. Сизден суранарыбыз, сиз эми кеткен ажоонун жолун улабай өз акылныз жана ыйманыңыз менен иш уланатың! Элдин кайрылуусун четке какпай! Өз мөөнөтүңүз бүткөнчө! Эски бийликтин маскасын чечиңиз! Кыргыз эли кыйналып кетти бизден жакшы билесиз!   Карапайым эл каяка барат коррупция күчөп турса! Өз ...

0 2278

Азамат Төкөров: "Беш жылдан бери жүрөмүн, белгилеп алып быйылды"

26-октябрь 2017, 14:13 Камчыбек Бостон

Көз көрүп оңой-кыйынды, Көкүрөк жутуп ыйымды. Чаалыгып иштен чарчасам, Чекеме сүртүп тыйынды. Беш жылдан бери жүрөмүн, Белгилеп алып "быйылды". Талаада тентип темтеңдеп, Эки сом тапсам энтеңдеп. Желкеге түшкөн түйшүктү, Жеңимди түрүп, жеңсем деп. Быйыл да калдым кеталбай, Эмдиги жылы кетем деп. Айталбай ичте бугумду, Алыска таштап туурумду. Баралбай жакшы-жаманга, Пеш тутуп беш сом пулумду. Темселеп жүрөм талаада, Жетелеп жүрбөй уулумду. Иштейм деп кетип атасы, Иштейм деп кетип апасы, Айылда калган балдардын, Ичинде канча капасы. Жыйырма жылда билинер, Бүгүнкү күндүн катасы. Сөгүлүп санга санаасы, Тентиди кыргыз, ...

0 2688

Москва муфтийи мигранттардан кооптонууда

21-октябрь 2017, 04:14 Камчыбек Бостон

Орусияда өзбекстандык мигранттарга бир катар жеңилдиктер берилет, ал эми тажикстандык мигранттардын арасында радикалдашуу коркунучу пайда болду. EurAsia Daily басылмасы "Тажикстан кумсаларды каттоого алды" деп жазат. Атайын тизмеге 370ке жакын кумса кирген. Бул жарандардын кумса экени министрлик жүргүзгөн "Ыйман" жана "Тазалык" аттуу атайын операциялардын алкагында аныкталган. Бийлик өкүлдөрү аларда ВИЧ илдетин жуктуруп алуу коркунучу жогору болгондуктан ыкчам каттоого алынганын маалымдашкан. Тажикстан ...

0 747

Жети жыл ичинде 35 миң чет элдик Кыргызстандын жарандыгын алган

02-октябрь 2017, 11:22 Жазгүл Урманбетова

2010-2017-жыл аралыгында 35 миң 110 адам Кыргызстандын жарандыгын алды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Алардын маалыматында, жарандык алгандардын 90 пайызы Өзбекстан жана Тажикстандан келишкен. Калган 10 пайызы — Россия, Казакстан, Украина, Армения, Азербайжан, Грузия мамлекеттеринин тургундары. Алыскы чет өлкөлөрдөн көбүнчө Ооганстан, Иран, Ирак, Пакистан, Кытай жана Түркия мамлекеттеринен келишет. 2017-жылдын биринчи жарымында жарандык алуу үчүн 2 миң 315 арыз түшкөн. Булак: 24.kg

0 632

2017-жылы Түркияга Кыргызстандан барган мигранттардын саны көбөйдү

26-сентябрь 2017, 12:04 Жазгүл Урманбетова

2017-жылы Түркияга жумуш издеп барган биздин өлкөдөн мигранттардын агымы кескин түрдө көбөйдү. Бул тууралуу Алматыда өткөн процессте (ВВДЛ)  миграция кызматынынТүркиядагы өкүлү  Сезилимиз Рамазан билдирди. Анын айтуусу боюнча  2017-жылы Түркиянын жарандыгын  КРсынын  5 миң 123 жараны алган. «Ал эми 2016-жылы 1 миң 582 кыргызстандык Түркиянын жарандыгын алса, в 2015-жылы эки миң 363 адам алган», — дейт Сезилимиз Рамазан. Булак: NazarNews.kg

0 711

СҮРӨТ-Орусияда окуп жаткан КРнин студенттерине Сүймѳнкул Чокморов атындагы стипендия тапшырылды

21-сентябрь 2017, 11:59 Перизат Кутманалиева

Екатернибург шаарындагы Урал Федаралдык университетинде окуп жаткан алдыңкы 3 студенттке Сүймѳнкул Чокморов фонду тарабынан «Сүймѳнкул Чокморов стипендиясы» тапшырылды. Студенттерди сыйлоо аземине Екатеринбург шаарынын башкы консулу Бообек Салимжанов, Сүймѳнкул Чокморов атындагы коомдук фонддун жетекчиси Сагынбек Абдрахманов, УРФУнун биринчи проректорунун жардамчысы, педагогика илимдеринин доктору Пономарев Александр Владимирович, «Кыргызстан жердештер уюмунун» жалпы мүчѳлѳрү жана мугалимдер менен студенттер катышты. Мында Сүймѳнкул Чокморов атындагы коомдук фонддун жетекчиси ...

0 8803

Кыргыз жигитти Москвада зордуктап кетишти

18-сентябрь 2017, 17:32 Перизат Кутманалиева

Кыргызстандык жигитти Москвада зордуктап кетишти. Бул тууралуу «Ньюинформ» сайты маалымдайт. 1992-жылы туулган Кыргызстандын жараны Москвада полицияга кайрылган. Ал арызында Өзбекстандан келген таанышы аны коркутуп, сабап, зордуктаганын айткан. Анын көрсөтмөсү менен ички иштер кызматкерлери Өзбекстандын 1991-жылы туулган жаранын кармашты. Сурак учурунда ал кылмышын мойнуна алгандыгы кабарланат.  Иш козголуп, тергөө жүрүп жатат. Булак: "24.kg"

0 1027

Орусияда окуп жаткан КРнын студенттери менен Екатеринбург шаарынын консулунун жолугушуусу ѳттү

18-сентябрь 2017, 17:00 Перизат Кутманалиева

Екатеринбург шаарынын консулу Орусияда окуп жаткан КРнын студенттери менен жолугушту. Бул тууралуу Екатеринбургдагы  «Кыргызстандык жердештер уюмунун»  пресс катчысы Калыйнур Калмурза уулу билдирди. Бул жолугушуу Урал Федерациялык университетинде КРнын студенттери уюшкан «Кыргызстандык жердештер уюмунун» демилгеси менен ѳткѳрүлдү. Жолугушунун максаты жердештик ынтымака жана жаштардын биримдигине арналды .  Жолугушууга Екатеринбург шаарынын башкы  консулу Салимжанов Бообек Эркинбекович,  «Кыргызстан-Урал» кыргыз диаспорасынын жетекчиси Каримов Камчыбек Камбарович жана орусияда ...

0 507

Москвада кыргызстандык мигрант унаада калган уюлдук телефонду жана 548 евролук бут кийимди кайтарып бергиси келет

15-сентябрь 2017, 18:16 Перизат Кутманалиева

Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары кыргызстандык  мигрант Асан Жусуповдун кылган ишин талкуулап жатышат. Ал Москвада таксист болуп иштейт жана унаада жүргүнчү таштап кеткен уюлдук телефонду жана 548 евролук бут кийимди кайтарып бергиси келет.      Соцтүйүндүн колдонуучусу Жылдыз Осмонова айдоочу славян түспөлдүү 25-30 чамасындагы жигитти издеп жатканын жазды, ал 9-сентябрда унаа жалдап Шереметьево аэропортуна барган.  Кабарда Асан Жусуповдун  телефон номери: +7 977 947 50 79 ...

0 1234

ВИДЕО-Эртең Москва шаарында Болот Мамбетовду эскерүү иш чарасы болот

Видео 15-сентябрь 2017, 14:10 Перизат Кутманалиева

Аскат Алиев деген Фейсбук колдонуучусу Москва шаарындагы мекендештерди  Мамбетов Болот Мамбетовичтин 110-жылдык маарекесине чакырат. Мен Болот Мамбетович чоң-атабыз жөнүндө билбей жүрүпмүн. Эми гана жакындан таанып, түшүнүк алып билип калдым. Кыргыздар эч убакта бири-бирин унутуп четте калтырган эмес. Аскат Алиев өзүнун Фейсбук баракчасы аркылуу төмөнкү кайрылууну калтырган. Урматтуу Москва шаарындагы мекендештер! 2017-жылдын 16-сентябрда саат 11.00 дө Москва шаарында Рябиновая көчөсү 20 да жайгашкан “Кунцева” көрүстөнүндө кыргыз ...

1 1327

Айкөкүл Асылбек кызы: “Адилетсиз бийликке арманымды айтып ыйлагым келди”

10-сентябрь 2017, 21:36 Гүлжан Шерипбаева

Мен тээ бала кезимде мектеп партасын кучактап, тарых сабагынан берген агайымдын айткандарына кулак төшөп кызыгуу менен угуп олтурар элем. Агайымдын айткандары мага жомок сыяктуу сезилчү. Эми ойлосом ал тарых барактарына кандуу тамгалар менен жазылган окуялар жомок эмес, ачуу чындык экен. Так ошондогу тарыхтын кандуу окуялары, чыркыраган окуялардын баары адилетсиз бийликтин курмандыгы болгон бейкүнөө кеткен биздин ата-бабалар тура. 79 жыл мурун сталиндик кандуу ...

0 529

Өзбекстан Кыргызстан менен чек аранын 80% макулдашылганын билдирди

04-сентябрь 2017, 09:13 Перизат Кутманалиева

Кыргыз-өзбек чек арасынын 80 пайыздан ашыгын бекитүү боюнча өткөөл келишимдин долбоору даярдалып, макулдашылды. Бул тууралуу Өзбекстандын өкмөтү билдирди. Маалыматка караганда, тараптар чек ара тууралуу келишим боюнча макулдашуудан тышкары мамлекеттер аралык документке дагы тиешелүү сунуштарды даярдашкан. 21-августтан 31-августка чейин алгач Бишкекте, андан кийин Ташкентте чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча эки өлкөнүн жумушчу топторунун жолугушуулары өткөн. 28-августта Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Өзбекстан менен ...

0 581

Кыргыз жараны соттолмой болду

02-сентябрь 2017, 20:01 Жазгүл Урманбетова

Ржевде (Россия) полиция кызматкерине пара берүүгө аракет кылган кыргызстандык адам 6 айга кесилмей болду. Бул тууралуу Pasmi.ru маалымдады. Маалыматка караганда, соттук отурумда кылмыш 2017-жылдын 18-майында болгондугу такталды. Полиция тарабынан кыргызстандык жаран Россиянын миграциялык мыйзамдарын бузуп жүргөндүгү такталган. Ал жоопкерчиликке тартылбоо үчүн полицияга 15 миң рубль берүүгө аракет жасаган. Бирок полиция кызматкери акчаны алуудан баш тарткан. Сот ага карата 6 айга камакка алуу ...

02-сентябрь 2017, 20:01 | 581
0 2359

ВИДЕО-Турцияда көп кабатуу үйдөн секирген кыздар Кыргыз жарандары эмес

Видео 30-август 2017, 11:42 Перизат Кутманалиева

Интернетке Турциянын Анкара шаарында эки кыргызстандык кыз көп кабатуу үйдөн сектрип кетип каза болду деген билдирүү жана видео тасма тарады. Айрым маалымат булактары боюн таштаган кыздар  жигит талашып мындай кадамга барганы тууралу жазып чыгышты.Балким бул жана божомол,кыргыз кыздар эмес. Видеону 18 жашка чейинкилер жана "нерви жукалар" көргөнгө болбойт. КР ТИМ бул  жагдайга жооп берди Айымкан Кулукеева  Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү   Кечээтен бери кээ ...

0 457

Эки кыз көп кабаттуу үйдүн балконунан секирип кетти

30-август 2017, 10:22 Перизат Кутманалиева

Кечээ, 29-августта эки кыздын көп кабаттуу үйдүн балконунан секирип кеткени тууралуу видео интернетке тарады. Видеодо бир кыздын жерде жатканын, экинчиси боюн таштап жибергенин көрүүгө болот. Бирок окуя качан жана кайсы өлкөдө болгону тууралуу так маалымат жок. Бирок айрым интернет колдонуучулар окуя Түркиянын Анкара шаарында болгонун, кыздар Кыргыз жараны экенин айтышууда. Бул тууралуу Кыргыз мамлекетинин Түркиядагы элчилигинин консулу Айжан Табалдиева менен ...

0 621

Россия миграция мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүдө

30-август 2017, 10:05 Жазгүл Урманбетова

Россия миграция мыйзамдарына өзгөртүү киргизип жатат.  Административдик кодекске жаңы беренелер киргизилип, ал Владимир Путиндин кароосуна жөнөтүлдү.  Ага ылайык чек араны мыйзамсыз кесип өткөн чет элдик жарандар жана транспорттук каражат 2 миңден 5 миң рублга чейин айып пул төлөйт.  Буга чейин юридикалык жактар жана кызмат ээлери гана айып пул төлөшчү.  Булак:NazarNews.kg

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 941

Москвада Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнө карата кыргыз күрөш өтөт

30-август 2017, 02:08 Айдар Нуралиев

Урматтуу Мекендештер! Урматтуу спорт сүйүүчүлөр! Баарыңыздарды 31-август күнү, Кыргыз Республикабыздын Эгемендүүлүгүнө карата Москвада өтө турган чоң Кыргыз Күрөшүнө чакырабыз! Күрөш Москва шаарында өтөт. Бул тууралуу маалыматты Москва шаарындагы кабарчыбыз Илимбек Исраилов билдирди. Дареги: Метро Юго-Западная. Шолохова үй номуру 1. Күрөшкө келип, көрүп эс алып кетиңиздер! Сурап билүү телефону: +79653870612 Илимбек Исраилов, NazarNews.kg Москва шаары

0 652

Москвада сын айткан тажик мигранттын кулагын тиштеп алышты

22-август 2017, 13:21 Перизат Кутманалиева

Москвада Тажикстандан барган эмгек мигранты жергиликтүү аялдардын бирине сын айтып койгондугу үчүн анын күйөөсү тарабынан катуу сабалды. Анын бир нече тиши түшүп, сол кулагынын жарымы тиштелген. Тажикстандык мигрант Махмадулло Давлатзода ити Москвадагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдындагы гүлдөргө заңдаган аялга сын айткан. Жооп катары ал кыйкырып, мигрантты кемсинткен. «Мен анын бул кыйкырышы менен айтышыбыз бүттү го деп ойлогом. Бирок эртеси чымыр денелүү ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83