www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Миграция
0 676

Алтымыш миңдей мигранттардын балдарын ким коргойт?

17-август 2017, 18:38 Перизат Кутманалиева

Ооба, миллионго жакын ишке жарамдуу жарандарыбыз алыскы-жакынкы чет өлкөлөргө агылып кетти. Алар алыста калган үй-бүлөлөрүн сагынып, өмүрү жасабаган жумуштарды жасап, башка өлкөлөрдүн курулуштарын куруп, кары- картаңдарын, оорукчандарын, балдарын багуучу болуп, дааратканаларын жууп, короолорун шыпырып, өлүкканаларын кайтарып, дагы башка түрдүү жумуштарда маңдай терлерин төгүп иштеп жүрүшөт. Балдарын ишенген тууган- туушкандарына аманат кылып таштап кетишкен. Бул балдар өз ата-энелерин өтө сейрек көргөн жана ...

0 420

Элчиликти күзөткөн студенттер

17-август 2017, 16:25 Перизат Кутманалиева

Кытайга окууга бараткан кыргызстандык студенттерге виза ачтырууга бир айлык мөөнөт берилди. Өткөн жылы Кытай виза берүү тартибин катаалданткан эле. Ушул тапта кезекке турууга ашыккан студенттер элчилик алдында түнөп калууга да кайыл. Кытай элчилиги виза ачууну дүйшөмбү күнү баштады. Аты-жөнүн атагысы келбеген жигит жекшемби күнү элчиликтен обочо жерде унаада түнөп, таң заардан кезекке турууга чуркаган. Мектепти быйыл гана аяктап, чет өлкөгө окууга ...

0 2587

Якутияда 21 жаштагы ысык-көлдүк жигитти өлтүрүп, бакка асып кетишти

16-август 2017, 10:33 Перизат Кутманалиева

Россиянын Саха Республикасында (Якутия) ашпозчу болуп иштеп жаткан кыргызстандык 21 жаштагы А.Илгизди өлтүрүп, бакка асып кетишти. Маалым болгондой, окуя ушул жылдын 9-10-август күндөрү болгон. Түп районунун Токтоян айылында 1996-жылы туулган А.Илгиз аттуу жигитти белгисиз адамдар Якутиянын Усть-Нера шаарчасындагы токойдун ичинде өлтүрүп, бакка асып кеткен жерден табышты. А.Илгиздин апасы Майрамкүл Сыдыкованын айтымында, Россиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн жардамы менен уулунун сөөгү жолдо келе жатат. «Уулум ...

0 1126

Аты-жөнүн өзгөрткөн мигрант соттолот

16-август 2017, 10:03 Жазгүл Урманбетова

Россияда иштөө үчүн аты-жөнүн өзгөрткөн кыргызстандык соттолот. Бул тууралуу "Смайньюс" билдирет. 34-жаштагы Кыргызстандын жараны Россиянын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндүгүнө айыпталууда. Тергөөнүн билдирүүсүндө, 2014-жылы Петропавловск-Камчаткада номуру жок унааны документсиз айдаган. Сот аны өлкөдөн чыгарып, 2017-жылдын май айына чейин кайра кирүүсүнө тыюу салган. Ал 2016-жылдын ноябрь айында кайра келген. Новосибирск шаарында чек ара кызматы аба майдандан кармап, кайра артка жөнөткөн. Бир ай өтпөй ал аты-жөнүн өзгөртүп Москвага келип, кийин ...

0 636

Кыргыз-казак чек арасында жарандар мыйзамсыз өтүүгө аракет кылганда ок атылып, бир адам каза тапты

14-август 2017, 08:20 Перизат Кутманалиева

Кыргызстандан Казакстанга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган жарандарга ок атылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта казакстандык жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты. Маалыматта караганда, окуя кечээ, 12-августта Тараз аймагындагы чек арада болгон. "Кыргыз-казак чек арасынан 15ге жакын адам мыйзамсыз өтүүгө аракет кылып, чек арачыларга жарандар баш ийбей каршылык көрсөткөн. Чек ара кызматкерлери тарабынан 2 ирет ок чыгарылып, бир адам жарадар болгон. Тартип бузгандар жарадар ...

0 3343

Челябинскиде 18-жаштагы кыргызстандык 24 жаштагы кызды зордуктап кармалды

12-август 2017, 11:29 Перизат Кутманалиева

Кыргызстанда туулган 18 жаштагы жаран челябинскилик кызды зордуктаган. Бул тууралуу Telefact кабарлады. Челябинск шаарынын Калинин районунда 24 жаштагы кызга эртең менен таң атпай 18 жаштагы жигит кол салган. Ал курулуп бүтө элек имараттын жанынан кызды кармап алып зомбулук көрсөткөн. Жабырлануучу укук коргоо органдарына кайрылды. “Шектүү жигит кармалып, кылмыш иши козголду. Ал беш жылдан бери Челябинскиде жашаган Кыргызстанда туулган жаран болуп чыкты”,-деп айтылат ...

0 634

Мыйзамсыз иштеген чет элдик жарандар көбөйүп баратат

06-август 2017, 19:12 Айдар Нуралиев

Миграция кызматынын маалыматына ылайык, быйыл Кыргызстанда иштөө үчүн чет өлкөлүк 14 миң 490 адамга квота бөлүнгөн, азыр анын 75 пайызы толгон. Расмий маалымат боюнча чет өлкөлүк эмгек мигран­ты үчүн дагы 3000 орун бош. Бирок, квотасыз эле Кыргыастанда жүргөндөр, виза мөөңөтүн өткөрүп жашап, эмгек визасыз зле иштеп жаткандар саны он миңдеп саналат деген маселе парламентте да айтылган. Алардын келген максаты аркыл, бир ...

0 806

Жакындары күчтөп күйөөгө бергени жаткан кыргыз кыз Москвадагы №1 психиатриялык ооруканага жатып алган

04-август 2017, 16:51 Перизат Кутманалиева

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москвадагы №1 психиатриялык ооруканадан кыргызстандык кызды чыгарып алууга жардам беришти. Элчиликтин маалыматына караганда, ал ата-энесинин мажбурлап күйөөгө берүү аракетинен качуу максатында ооруканага өзү барган. Оорукананын доктурлары кыз 29-июлда "артынан бирөөлөр куугунтуктаганы, фантастикалык мүнөздөгү таасир этүү тууралуу ойлорго байланышкан психикалык абалдан улам" жаткырылганын айтышты. 2-августта атасы элчиликке кайрылып, кызын мажбурлап ооруканага камап коюшканын айткан жана жардам сураган. Ал эми кыз соңку ...

0 1698

Москвада кыргыз жараны орус аялдын бутун жалагандыгы үчүн кармалды

03-август 2017, 17:58 Перизат Кутманалиева

Москвада полиция Кыргызстандан барган 31 жаштагы адамды, жатаканада өз бөлмөсүндө уктап жаткан аялдын бутун жалагандыгы үчүн кармашты. “Москва” агенттигинин укук коргоо органдарына шилтеме жасап берген маалыматына таянсак, полицияга Сельхозхозяйственная көчөсүндөгү куруучулардын жатаканасында жашаган 31 жаштагы аял телефон менен жардам сурап кайрылган. Анын айтымында, түндө бейтааныш адам, ал уктап жаткан бөлмөгө өзү кирип келип, бутун жалап жана өпкүлөгөн. Жабырлануучу аял ойгонуп кетип, ...

0 1583

Россиядагы мекендешибиз оор абалда жардамга муктаж...

Видео 04-август 2017, 18:23 Гүлжан Шерипбаева

Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Айгыржал айлынын тургуну Ильяз Токтоназаровдун ушул тапта Россияда оор абалда. Мекендешибиз Россия Федерециясына караштуу Долинск шаарчасынан иш убактысында бешинчи кабаттан кулап кетип, мээсинен катуу жаракат алган. Жыйынтыгында  буту баспай, көзү ачылбай 8 айдан бери эч-учун билбей төшөктө. Бул тууралуу маалыматты Россиядагы мекендештерибиз билдирди. Алар, "Ильяз Токтоназаров эч нерсени билбейт. Бир туугандары Ильязды кайра Кыргызстанга алып кете ...

0 2134

Түркиянын чек арасындагы унаанын багажынан кыргызстандык кыз табылды

02-август 2017, 11:25 Перизат Кутманалиева

Түркиянын чек арасындагы унаанын жүк салынуучу бөлүгүнөн (багаж) кыргызстандык аял табылды. Бул тууралуу Нaberler.com маалымдады. Маалыматка караганда, контрабандага шектелип Грузиянын жаранынын унаасы токтотулуп, текшерүүгө алынган. Анын жүрүшүндө унаанын жүк салынуучу бөлүгүнөн кыргызстандык 28 жаштагы аял табылган. Ал Түркияга кирүүгө аракет кылган. Кармалган аял депортацияланат деп билдирет Turmush басылмасы. Булак: NazarNews.kg

0 653

Орусиянын кара тизмесинен жыл аягына чейин 16 миң кыргызстандыкты чыгаруу пландалууда

2017-жылдын аягына чейин азыркы тапта Россия Федерациясынын аймагына кирүугө тыюу салынган 16 миңден ашык кыргыз жарандарын «кара тизмеден» чыгаруу пландалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев бүгүн, 27-июнда, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын 2017-жылдын I жарым жылдыгындагы аткарган иштери» тууралуу маалымат  жыйынында билдирди. «Эмгек мигранттарын маалыматтар менен камсыз кылуу жана аларга укуктук жактан жардам берүү максатында атайын ...

0 2434

Москвада 19 жаштагы кызды сабап кетишти

Россияда 19 жаштагы кыздын сабалгандыгы туурасында тараган маалыматты Кыргызстандын Россиядагы элчилиги териштирди. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматы билдирет. Элчиликтин кызматкерлери Москвадагы шаардык клиникалык ооруканага барды. Ал жерден жабыр таркан 1998-жылы туулган кыргыз жараны М.Ч.га жолукту. Ал баш мээсинен жаракат алган, учурда абалы канааттандырарлык. Бул факт боюнча тергөө иштери жүрүп, анын натыйжасында Россиянын ИИМ тарабынан Москва шаарынын тургуну кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүп ...

0 3902

Москвада кыргызстандык жигит жылаңач кишини сабап, анын жанындагы аялды зордуктоого шектелип кармалды

Москва шаарынын түндүк-чыгыш тарабында жайгашкан көп кабаттуу үйдөгү подъездде бейтааныш аялды зордуктоого шектелип кыргызстандык жигит кармалды. «Москва» агенттигинин маалымдоосу боюнча, полиция кызматына Нижегород облусунда жашаган 45 жаштагы аял кайрылган. Анын айтымында, 22-июль күнү кечинде бирге жашап жүргөн 24 жаштагы жигит менен Алтуфьевск шоссесинде жашаган тааныш адамынын үйүнө барышкан. Бирок, ал таанышы кеч болуп калганын шылтоолоп батиринин эшигин ачкан эмес. Андан кийин мейманга ...

1 3295

Москвадагы жол кырсыктын айынан 22 жаштагы кош бойлуу келин каза болду

23-июль 2017, 17:51 Камчыбек Бостон

Авто кырсык Россиянын Ленинград шаарында болгон. «КИА-Рио» авто унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдун четиндеги тосмодон өтүп барып 30 жумалык боюнда бар 22 жаштагы Алтынайды катуу сүзгөн. Жаракат алган Алтынай ооруканага жеткирилген. Ооруканадан баланы аман алып калуу үчүн кесарево кылышкан. Бирок, баланы сактап калуу мумкүн болгон эмес. Ал эми Алтынайды өмүрүн аман алып калыш үчун доктурлар экинчи жолу операция кылышканы менен ...

0 2278

Москва шаарында сойкулукка шектелип кыргыз жана өзбек кыздар кармалышкан

21-июль 2017, 15:46 Камчыбек Бостон

Москва шаарындагы Текстилчилер көчөсүндөгү үйлөргө рейд жүргүзгөн жергиликтүү полиция сойкулук менен алектенгендер байырлаган притон табышты. Бул тууралуу полиция жергиликтүү маалымат булактарына билдирген. Массаж кызматын көрсөткөн салондун ичинен Орусиянын ар кайсы шаарынан жана Өзбекстан менен Кыргыз өлкөсүнөн барган кыздар кармалган. Аларды кардарларга сексуалдык кызмат көрсөтүүгө шектешүүдө. Арасынан алтооно "сойкулук менен алектенет" деген күнөө менен административдик протокол түзүлдү. "Булар менен катар 51 ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 4332

Түркиядагы кыргызстандык студенттер жана эмгек мигранттары Чубак ажы Жалиловго: “Сиздин жеке амбицияңыз жна кызыкчылыгыңыздын айынан ыңгайсыз абалда калдык…”

Түркияда окуп жаткан студенттер жана анда иштеп жатышкан эмгек мигранттары Чубак ажы Жалиловго анын АКШда Фетхуллах Гүлен менен жолугушуусуна тынчсызданып кайрылуу жасашты. Аны оңдобой беребиз: “Урматтуу Чубак Жалилов. Биз Түркия мамлекетинде билим алып жаткан жүздөгөгн студенттер жана миңдеген мигранттар сизге кайрылабыз. Учурда Түркия мамлекетинде акысыз билим алуу программаларынын алкагында келген миңдеген бакалавр, магистратура жана докторантура даражасындагы студенттер билим алышат. Андан тышкары, эмгек мигранттары болуп ...

0 1708

Орусиянын Думасы Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүн тааныган мыйзамды кабыл алышты

14-июль 2017, 18:47 Камчыбек Бостон

Орусиянын Мамлекеттик Думасы Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүн таануу боюнча мыйзам долбоорду үчүнчү окууда жактырды. Бул тууралуу орус маалымат каражаттары жазып чыкты. Маалыматка ылайык, тиешелүү мыйзамды жыйынга катышкан 363 орус депутаты бир добуштан колдогон. Анын алкагында кыргыз жарандарына Орусиянын аймагында Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү менен автоунаа башкарууга уруксат берилет. Орусияда 1-июндан баштап башка өлкөлөрдүн айдоочулук күбөлүгүнө тыюу салган эреже кирген. Ага бул өлкөдө эмгектенген ...

0 590

Мамдума Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүн тааныган мыйзамды колдоду

Мамлекеттик дума Кыргызстан жарандарынын Орусия аймагында улуттук айдоочулук күбөлүктөр менен иштөөсүнө уруксат бере турган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Өзгөртүүлөр «Жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндөгү» мыйзамга жана Административдик укук бузуулар тууралуу кодекске киргизилди. 1-июндан тарта чет өлкөлүк жарандардын Орусияда улуттук (орусиялык эмес) айдоочулук күбөлүктөрү менен иштөөсүнө тыюу салган мыйзам долбоору күчүнө кирген. 5-июлда Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөдө Кыргызстандын улуттук айдоочулук күбөлүктөрүн ...

0 824

Эл аралык издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жаран кармалды

Жакында Кыргыз Республикасынын Интерполдун улуттук коопсуздук бюросу ИИМдин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жана Чүй облусунун ИИББси менен бирдикте ыкчам-иликтөө иш чарасынын натыйжасында Интерполдо эл арлык издөөсүндө жүргөн жаран кармалды. Издөө сунушун Казакстан Республикасынын Астанадагы Интерполдун улуттук борбордук бюросу киргизген. 2017-жылдын 9-июлунда Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүлгөн атайын рейд учурунда Казахстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 394-берененин 3-бөлүгүнө (мыйзамсыз мигранттардын уюм) ылайык кылмыш ...

0 45547

Россияда ыйлаган баласын сабап өлтүргөн кыргыз жараны кармалды

Россияда катуу ыйлаганы үчүн 2 жаштагы баласын сабаган Кыргыз жараны соттолду. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазышты. Маалыматка караганда, сот Кыргыз жаранын 7 жылга эркинен ажыраткан. Эми ал жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөйт. Айта кетсек, окуя 2017-жылдын февраль айында Тюмень шаарында болгон. Анда 25 жаштагы Кыргыз жараны 2015-жылы туулган баласын катуу сабап салган. Качан баланын абалы оорлоп баштаганда "Тез жардам" чакырышкан. ...

0 2001

Россияда кардарына бычак такаган кыргызстандык кассир кармалды

Россиянын Москва шаарынын түндүк-чыгышында жайгашкан ресторандын кассири жашы жете элек өспүрүмгө бычак менен кол салды. Бул тууралуу «Москва» шаардык жаңылыктар агенттиги билдирди. Маалым болгондой, соода борборунун биринде иштеген кароолчу полицияга кайрылып, ресторандын кызматкери менен кардардын ортосунда чыр чыккандыгын билдирген. Анын айтымында, кызматкердин колунда ашкана бычагы болгон. Окуя болгон жерге келген полиция кызматкерлери кардар менен кассирдин ортосундагы жанжалдын себептерин такташкан. Алдын ала маалыматтарга караганда, ...

0 1405

Орусияда Кыргыз жарандары улуттук айдоочулук күбөлүктөрү менен иштеп калышы мүмкүн

04-июль 2017, 09:39 Камчыбек Бостон

Депутаттар Кыргыз жергесинде орус тили расмий тил болгондуктан, Кыргыз жарандарына улуттук айдоочулук күбөлүктөрү менен иштөөгө уруксат берүү тууралуу кайрылуусун даярдашканын Риа Новости басылмасы жазып чыкты. КМШ өлкөлөрүнүн иштери боюнча Мамлекеттик думанын комитети Орусиянын президенти Владимир Путинге Кыргыз жарандарына улуттук айдоочулук күбөлүктөрүнүн негизинде жеке ишкерлик менен алектенүү укугун берүү маселесин карап чыгуу тууралуу кайрылууну даярдап, аны кароого төмөнкү ...

0 2063

Мигранттардын саны миллионго жетти

Чет өлкөлөрдө мигрант болуп иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 740 миңден ашуун экенин мамлекеттик миграция кызматынын статс-катчысы Нурлан Шерипов билдирди. Анын айтымында, Орусияда жүргөндөрдүн саны 600 миңге, Казакстанда 29 миңге жакын, 15 миңдейи Түркияда жана Түштүк Кореяда 5 миңге чукул кыргыз жараны бар. Орусиянын миграциялык кызматынын «кара тизмесине» киргендердин саны 2015-жылдын январь айына карата 180 миң адам болсо, былтыр бул сан 106 миң болуп ...

0 1901

Ыманбек Суранчиев: “Чет жакта мекендештер ынтымактуу болушубуз шарт”

29-июнь 2017, 12:37 Гүлжан Шерипбаева

Бүгүнкү күндө чет жакта жүрүп бир гана өз ишин алып барбастан мекендештерге ар тараптан колдоо көрсөтүп жардам берип келе жаткан жаштарыбыз, инсандарыбыз көп. Алардын бири Москва шаарында жеке ишкердүүлүктү аркалап келе жаткан Суранчиев Ыманбек Эсенбаевич аттуу кыргыздын мекенчил мырзасы. Бүгүнкү маек ушул инсан тууралуу болмокчу. - Ыман мырза, айтсаңыз канча жылдан бери Орусияда иш алып барып келесиз? - Бул жакта ...

0 813

Орусияда кыргыз мигранттары 30 млн рубль айлыгын ала албай жүрөт

28-июнь 2017, 08:58 Камчыбек Бостон

Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттардын айлык маянасын өз убагында ала албай калышы негизги көйгөйлөрдүн бири. Бул тууралуу кечээ парламентте миграция маселелери талкууланганда маалымат берип жатып Мамлекеттик миграция кызматынын статс-катчысы Нурлан Шерипов билдирди. Анын айтымында, Орусияда жумуш берүүчүлөрдүн топтолгон карызынын эсеби 46 миллион рублге жеткен болсо, азыр анын 16 миллиону гана өндүрүлгөн. Жогорку Кеңеш депутаты Каныбек Иманалиев талкуу учурунда 1 миллион мигрант 25 жыл ...

0 705

Памир кыргыздарынын биринчи тобу Кыргызстанга күзүндө келет

Памир кыргыздарынын паспорттору даяр болбой, Кыргызстанга келүүсү кечеңдеп жатат. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Мамлекеттик миграция кызматынын кайрылгандар боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Жыпара Мамбетова билдирди. Памирде 2010-жылы 3600 кыргыз жашаса, 2016-жылы Чоң Памирде 825, Кичине Памирде 1050 калган. Жыпара Мамбетованын айтымында, Памир кыргыздарынын көпчүлүгүндө паспорту жок. Андыктан жазында келе алышпаган. Күзүндө биометриялык маалыматтарын тапшырганда кыргыз келиши мүмкүн. Анын отузу алты жаштан 16 жашка ...

1 3289

Москвада каза тапкан эки кыргызстандыктын өздүгү такталды

Москвада кудукка түшүп кетип, эки кыргызстандык жаран каза таап, алардын өздүгү такталды. Бул тууралуу бүгүн 23-июнда Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, Россиянын ӨКМнын маалыматы боюнча Москва шаарындагы Кунцево районундагы Боженко көчөсүндөгү агынды суулар топтолгон кудукта иштеп жатып, 5 киши каза тапкан. Алардын экөө Кыргызстандын жарандары болуп чыккан. Алар Ош облусунун: М.С. 1978-жылы туулган, М.А. 1967-жыл туулган. Бүгүнкү күндө ...

1 15157

Россиядагы кафеден кыргыз кыз мыкаачылык менен бычакталды

Москва шаарынын борборундагы кафелердин биринен жаш кызды бычактап өлтүрүүгө шектүү эркек киши кармалды. Россиялык жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдирүүсү боюнча, каза болгон кыз официант болуп эмгектенип жүргөн. Окуя кечээ, 22-июнда күндүз кафенин ичинде болуп, жабырлануучуга бир нече жолу бычак сайылган. Айрым маалыматтар боюнча, оор жаракаттан ошол жерде көз жумган 30 жаштар чамасындагы кыз Кыргызстандан барган. Аны менен шектүү социалдык тармак аркылуу таанышканына ...

0 2348

Атамбаев: "Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү боюнча Медведев менен сүйлөштүм"

23-июнь 2017, 00:28 Камчыбек Бостон

Мамлекет башчы кыргызстандыктардын айдоочулук күбөлүгү боюнча маселени Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолугушууда козгогон. Натыйжада орус өкмөт башчысы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн айдоочулук күбөлүктөрүнүн Орусияда таанылышы боюнча тапшырма бергенин президент Алмазбек Атамбаев 21-июнда Москвада мигранттар менен жолугушууда билдирди: - Мен бүгүн бул суроону Дмитрий Анатольевичке бердим. Беларустарга бул маселени чечип берип, бизге эмнеге чечилбей жатышканын сурадым. Ал ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн айдоочулук ...

0 579

“Интерпол” издөө салган кытай жараны Кыргызстанда жашырынып жүргөн

Кыргызстандын ИИМинин 10-башкы башкармалыгы өз өлкөсүндө издөөдө жүргөн Кытай Эл Республикасынын жараны Кыргызстандын аймагында экени туурасында маалымат алган. Бул туурасында ИИМдин басма-сөз кызматы билдирет. Текшерүү учурунда кытайлык 1971-жылы туулган Х.В. КЭРдин Шандунь провинциясынын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө экени аныкталган. Ал экономикалык мүнөздөгү кылмышка шектүү. Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө чет элдик кармалып, Кытайдын коомдук коопсуздук министрлигинин өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди. Булак: "5news.kg"

0 936

ИИМдин Орусиядагы өкүлү алмашып Аскат Алиевдин ордуна Раим Салимов болду

19-июнь 2017, 17:40 Камчыбек Бостон

Милициянын полковниги Раим Салимов Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Буга чейин Салимов ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары болуп иштеп келген. “Салимовго эки өлкөнүн министрликтеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө жаатында гана эмес, укук бузууларды алдын алуу боюнча дагы активдүү иш алып баруу жоопкерчилиги жүктөлдү” , - деп жазылат мекеме тараткан маалыматта.

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
4 35655

СҮРӨТ - Экс-президент Курманбек Бакиев Москвадагы кыргыздарга ооз ачар өткөрдү

18-июнь 2017, 04:01 Гүлжан Шерипбаева

Бүгүн, Москва шаарында Кыргыз Республикасынын мурдагы Президенти Курманбек Бакиев айлардын ыйыгы болгон Орозо айында Кыргызстандык момун мусулмандарга ооз ачар өткөрүп берди. Келген коноктордун саны 500 дөн ашып, ооз ачарга Москвадагы эмгек мигранттары катышты. Андан сырткары бул жерде орозо айындагы фитр садакасы тууралуу да сөз болуп келген момун мусулмандар жарандардан түшкөн фитр садакасын Москвадагы муфтийдин өкүлчүлүгүнө тапшырышты. Келген конокторго уюштуруучулар Курманбек Бакиевге терең ыраазычылык ...

0 523

Москвада сууга түшүп кеткен кыргыз кызы куткарылды

15-июнь 2017, 14:36 Камчыбек Бостон

Москвада дарыядагы суу тосмого түшүп кеткен Кыргыз жаранынын өмүрүн күзөтчүлөр сактап калышты. Бул тууралуу Москва шаарынын Жарандык коргонуу департаменти маалымдайт. Кечээ, 14-июнда таңкы саат 6.40та шаардын түндүк-батышында «Строгино» станциясынын күзөтчүлөрү кийими менен суу тосмого түшүп кеткен аялга жардам беришкен. Ал 1984-жылы туулган Кыргыз өлкөсүнүн жараны экендиги аныкталып, "Тез жардам" кызматы шаардык ооруканага жеткирген Камчыбек Бостон "Nazarnews.kg"

0 1635

Бишкекте Сириядан келген террорист кармалды

Бишкек шаарынан эл аралык террористтик уюмдун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинен кабарлашты. Кармалган жаран Я.У. атуу кыргыз жараны. 2014-жылдан тартып диверсиялык-террористтик окуулардан өтүп, Сириядагы согушкерлердин катарында согушка активдүү катышып жүргөн. “Я.У. террористтик уюмдун башчыларынан көрсөтмө алып, Кыргызстанда “Куралчан жихад” уюштуруу үчүн уяча түзүү тапшырмасы менен келгени аныкталды. Ошондой эле ал Кыргызстандын аймагында террористтик акт уюштурууну көздөгөн”,-деп айтылат маалыматта. Ал УКМКнын ...

0 1839

Нарындагы жаңжалга байланыштуу чет элдик 2 студент депорт кылынат

Нарындагы жаңжалга байланыштуу чет элдик 2 студент депорт кылынат. Бул туурасында нарындык жаштардын БАУнун мугалимдеринен кечирим сурап барышканда белгилүү болгон. Бүгүн, ак калпак кийгизип, “Манас” китебин берип Нарын шаарынын жаштары Борбордук Азия университетинин мугалимдеринен кечирим сурашты Нарындагы Борбордук Азия университетине келген жаштар аталган окуу жайдын эки мугалиминен кечирим  сурашып, эмоцияга алдырышканын билдиришти. “Биз бүгүн атайын БАУнун окутуучуларынан кечирим сураганы келип, бири-бирибизди кечириштик. Ал ...

0 1335

Учурдун көйгөйү: Мигранттар тагдырдын өгөй балдарыбы?

08-июнь 2017, 02:43 Гүлжан Шерипбаева

Азыркы күндө орусиядагы мекендештерибиз кыйла оор абалда турган чагы. Коомдук транспорттордо жана жеке такси кызматын өтөп жашоосун кечирип келе жаткан биздин бир боорлорубузга жаңы мыйзамдын ишке кирет дегени хаоско алып келди. Ансыз деле оор шартта күн кечирип, үй-бүлөсүн багып, жаркын келечекке шарт түзүп алалы деген кыргызстандыктардын учурдагы абалына кыргыз өкмөтү кайдыгер карамак тургай, бул маселеге "дың" деп да койбогону чындыгында ...

0 885

“Фергана.ру” сайты Кыргызстанда жабылабы

Журналист Улукбек Бабакуловдун “Фергана.ру” сайтына жарыялаган макаласы коомчулукта катуу талкууну жаратты. Аны кыргыз-өзбек улуттарынын ортосундагы мамилеге “чагым таштады” дегендер көбүрөөк болду. Макалада автор “Фейсбук” социалдык тармагынын колдонуучулары тарабынан жазылган пикирлерге орун берген. Ал жакта улуттар аралык кастыкты козуткан пикирлер айтылат. Айрымдар журналист Бабакуловду “эл душманы” атап, “Фергана.ру” сайтын Кыргызстанда жаап салууга чакырышты. 2010-жылдагы кандуу июнь окуясынын 7 жылдыгынын алдында бул макала жарыяланып, ...

0 1843

Москвада каза болгон кыргызстандыктардын дене мүчөлөрүн таштандыга ыргыткан тергөөчү аныкталды

06-июнь 2017, 19:40 Гүлжан Шерипбаева

Москвада каза болгон кыргызстандыктардын дене мүчөлөрүн таштандыга ыргыткан тергөөчү сөгүш алды. Бул тууралуу «Московский комсомолец» билдирди. Маалыматка караганда, Москва шаардык тергөө башкармалыгынын 9-бөлүмүнүн тергөөчүсү дене мүчөлөрдү Царицынск өлүк сактоочу жайына жакын жерге таштаган. Адамдын дене мүчөлөрү (терилер, чачтар, сөөктөр) салынган баштыкты таштанды челектен таштанды ташуучу унаанын айдоочусу таап алган. Баштыктын жанында атайын тактама кагаз кошо ыргытылгандыктан аны ким таштагандыгы дароо аныкталган. ...

1 1227

Орусия Кыргызстандын жашылча-жемишин артка кайтарды

06-июнь 2017, 12:57 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстандан барган 140 тонна жашылча-жемишти Орусия артка кайтарган. Анын себебин «Товарда маркировка жок жана фитосанитардык талаптарга жооп бербейт, ошондон улам артка кайтарылган» деп Орусиянын айыл-чарба көзөмөл башкармалыгы түшүндүргөн. Алардын маалыматында, Кыргызсандан18,5 тонна гилас, 20 тонна өрүк, 23,8 тонна сабиз, 20 тонна пияз, 14 тонна картошка, 1,5 тонна кызылча Новосибирск облусуна келген. Булак: NazarNews.kg

0 1123

Москвада бир нече кызды зордуктоого шектелип кыргыз жараны кармалды

06-июнь 2017, 12:10 Гүлжан Шерипбаева

Москва облусунда кармалган сексуалдык маньяк кыргыз жараны экени айтылууда. Бул тууралуу Орусиянын маалымат каражаттары жазып чыгышты. Алардын айтымында, бир нече күндөн бери Медведков жана Мытищи аймагынын жашоочулары маньяк тууралуу сөздөрдү угуп кооптоно башташкан. "Полиция төрт кызды зордуктаган кишиге издөө жарыялап, жыйынтыгында шектүү адамды кармаган. Тергөөнүн билдирүүсүндө, кылмышка шектүү адам төрт кызга тең бир жерде Мытищи районундагы “Ашан” дүкөнүнүн алдында кол салып, ...

0 1091

Орусияда ишкананын директору пикир келишпестиктен улам кыргыз мигрантына ок чыгарды

05-июнь 2017, 22:56 Гүлжан Шерипбаева

Орусияда ишкананын директору пикир келишпестиктен улам кыргыз мигрантына ок чыгарды. Бул тууралуу Орус басылмалары жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, кечээ, 4-июнда Челябинск облусуна караштуу Магнитогорск шаарында “КАУР” ишканасынын директору менен 30 жаштагы кыргыз жаранынын ортосунда пикир келишпестик пайда болгон. Натыйжада мергенчилик мылтыктан мигрантка эки ок атылып, бири балтырына, экинчиси таманына тийген. Ошондой эле директордун үйүнөн мергенчилик 3 мылтык жана ок дары табылган. Учурда ...

0 985

Москвада белгисиз адам Кыргыз жаранын сабап, колун тиштеп алды

05-июнь 2017, 12:58 Гүлжан Шерипбаева

Москвада белгисиз адам Кыргыз жаранын сабап андан соң тиштеп алган. Мындай маалыматты Орусиянын жалпыга маалымдоо каражаттары жергиликтүү полицияга шилтеме берип жазып чыгышты. Маалыматта жабыркаган адамды Кыргыз жараны дешүүдө. Жабыркаган жаран ага белгисиз адам 4-июнь күнү эртең менен Москва шаарынын борбордук бөлүгүндө кол салганын полицияга билдирген. Ошондой эле аталган маалыматта, белгисиз адам 33 жаштагы мекендешибиздин колун тиштеп жана денесине бир нече майда ...

0 2695

ВИДЕО – Иш издеп дайынсыз жоголгондордун ата-энесинин көз жашы

Видео 05-июнь 2017, 04:10 Гүлжан Шерипбаева

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну 1976-жылы туулган Эрмекбаев Салмоорбек Насирович жана 1978-жылы туулган Абдылдаев Жанарбек Жаанбаевичти жакындары издөө салды видео тасма аркылуу балдарына кайрылуу жасады. Абдылдаев Жанарбек Алматы шаарына 2005-жылы соода кылып жүрүп дайынсыз жоголуп кеткен. Жанарбектин 3 уулу бар. Учурда ата-энеси, бир туугандары зарыгып күтүшүүдө. Эрмекбаев Салмоорбек Насирович, 2015-жылы Екатеринбург шаарында иштеп жүрүп, жанындагыларга “Москвага кеттим” деген боюнча дайынсыз. Салмоорбекти көрүп билгендер ...

0 1050

Лондон шаарындагы окуя учурунда жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында кыргыздардын бар же жок экени такталууда

05-июнь 2017, 01:16 Гүлжан Шерипбаева

Лондон шаарындагы окуя учурунда жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында кыргыздардын бар же жок экени такталууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Белгилей кетсек, бүгүн, 4-июнга караган түнү Лондон шаарындагы көпүрөдө турган адамдарды кичи автобус сүзүп баштаган. Унаа токтогон соң ичинен 3 адам чыгып, элдерди бычак менен сая башташкан. Окуянын күбөлөрү кырсыктан көптөгөн адамдар каза болуп, жаракат алышканын, бир ...

1 2418

Орусияда кыргыз жарандарына айдоочулукка чектөө киргизилеби?

04-июнь 2017, 01:30 Гүлжан Шерипбаева

Учурда Москва шаарында эмгектенип жаткан таксист мекендештерибизге кыйла оор болуп жаткан учур. Эптеп ооокат кылып, күн көрүп, келечек түзүп алалы деп жанталашып иштеп жаткан миңдеген мекендештерибиз ишсиз калды. Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып Кыргызстандын элчилиги тарабынан эч кандай "реакция" дагы боло элек.  Орусиядагы Кыргыз жарандарын кезектеги документтик кыйынчылык каптады. 2017-жылдын 1-июнунан тарта Орусияда ишкерлик кылуу үчүн башка өлкөлөрдүн айдоочулук күбөлүктөрү менен автоунаа ...

0 1180

Орусияда кыргыз милициясынын өкүлчүлүгү ачылат

03-июнь 2017, 14:12 Кызгалдак Жакыпова

Бул тууралуу ИИМдин орун басары Данияр Абдыкаров «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын жыйынында айтты. Анын айтымында, Орусиядагы Кемеров же Новосибирск шаарында ачылат. Булак: NazarNews.kg

0 598

Чет өлкөдө 710 миӊден ашуун мигрант бар

03-июнь 2017, 13:49 Кызгалдак Жакыпова

Бул тууралуу “Өнүгүү-Прогресс” фракциясында тышкы миграция абалы талкууланып жаткан жыйында айтылды. Өкмөт алдындагы мамлекеттик миграция кызматынын орун басары Алмазбек Асанбаевдин маалыматына караганда, азыркы учурда болжол менен 710 миӊден ашуун эмгек мигранты чет өлкөлөрдө жүрөт. Мисалы, Орусияда 616 миӊ, Казакстанда 30 миӊ, Кореяда 14 миӊ, Түркияда 30 миӊ, дагы башка алыскы өлкөлөрдө 20 миӊ эмгек мигранты катталган. Ошону менен катар А.Асанбаев Орусиядагы ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 3037

Москва шаарында бир жума мурун дарыяга чөгүп кеткен 26 жашар кыргыз жигитинин жансыз денеси табылды

03-июнь 2017, 13:10 Гүлжан Шерипбаева

2017-жылдын 24-майында Москванын Хорошёво-Мнёвники районундагы дарыяга 1991-жылы туулган Кыргыз өлкөсүнүн жараны чөгүп кетип, аны издөө иштери жүргөн. Кийинчерээк анын жансыз денеси табылган. Бул кабарды Кыргыздын Орусия Федерациясындагы элчилигинен кабарлашты. "Сууга чөккөн адамды издөөгө Кыргыз элчилигинин расмий билдирүүсүнүн негизинде Москва шаарынын Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан суучулдар келишти. 31-майда дарыянын Шелепихин жээгинен изделип жаткан адамдын жансыз денеси табылды. Ал Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун 26 ...

0 1671

Учурда болжол менен 700 миӊден ашуун Кыргыздын эмгек мигранттары чет өлкөлөрдө жүрөт

04-июнь 2017, 15:05 Гүлжан Шерипбаева

Учурда болжол менен 700 миӊден ашуун Кыргыздын эмгек мигранттары чет өлкөлөрдө жүрөт. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жыйынында мамлекеттик миграция кызматынын орун басары Алмазбек Асанбаев билдирди. Ал билдиргендей, Орусияда 616 миӊ, Казакстанда 30 миӊ, Кореяда 14 миӊ, Түркияда 30 миӊ дагы башка алыскы өлкөлөрдө 20 миӊ эмгек мигранты катталган. Ошондой эле ал Орусиядагы эмгек мигранттарынын көйгөйү болгон “кара тизмеге” кирген ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83