www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Илим
0 223

Окумуштуулар эмне себептен наристелер ыктытаарын айтышты

13-ноябрь 2019, 15:23 Айдар Нуралиев

Дем алуу ритми бузулганда баланын  баш мээсине сигнал жетип, наристе  ыктыта баштайт. Лондон университетинин окуумуштуулары Clinical Neurophysiology журналына изилдөөлөрүнүн жыйынтыгын жазып чыгышты. Ыктытуу баланын мээсинин иштешине жардам берет, ыктыткан учурунда бала дем алуу органдарынын үстүңкү жана астыңкы диафрагмасын башкарганга аракет кыла баштайт. Наристе төрөлгөндөн кийинки 30-жумадан 42-жумага чейинки убакта активдүү ыктытат. Кызыгы, энесинин ичинде жаткан бала тогуз айынан эле ...

0 102

ВИДЕО – Өлүп жок болгон делген жаныбар камерага түшүп калды

Видео 13-ноябрь 2019, 10:05 Айдар Нуралиев

Эми окумуштуулар жаныбардын бул түрү кайра ачылды деп жатышат. Окумуштуулар Вьетнамдын жунглисинен кичинекей ача туяктуу жаныбар – оленекту табышты. 30 жылдан бери бул жаныбарды биротоло жок болгон эсептеп келишкен. Вьетнамдык биологдор жергиликтүү тургундардан алар оленекторду бир нече жерден көргөнү тууралуу маалымат алышкан. Окумуштуулар өлкөнүн түштүгүндөгү токойлорго ондогон фотокапкан коюшуп, жыйынтыгында оленектор тартылган эки миңдей сүрөт алышкан. Оленектор түркүмүндөгү Tragulus ...

0 192

Дизайнерлер «тирүү» кийим ойлоп табышты

11-ноябрь 2019, 15:42 Айдар Нуралиев

Дизайнер Йин Гао айланасындагыларга жооп кайтарып, бир учурда  кичирейип же чоңоюп, ар түрдү формага өзгөрүлүүчү «тирүү» кийим ойлоп тапты.  Бул тууралуу чет элдик басылмалар жарыялашкан. Маалыматка караганда, кооздук түрүндөгү майда камералар микрокомпьютер менен байланышып, түрдүү түстөгү өңдөрдү чыгарышат. Алар айлана чөйрөдө болуп жаткан нерселер жөнүндө маалымат чогулткан соң, силикон астындагы механизм ишке кирет. Ал ар түрдүү формаларга айланып, өңүн ...

0 154

Жарды ой же жаттама билим

09-ноябрь 2019, 14:07 Айдар Нуралиев

Нурболот Азаматов аттуу студент Фейсбуктагы жеке баракчасына билим берүү тууралуу өзүнүн оюн жазган. Ал “балдардын канаттарын кыркууга, чектөөгө, кыйнап эле бир калыпка сала берүүгө жол бербесек” деген оюн билдирген. Жаңычылдыкты каалаган, билим берүүнү жакшыртууга аракет кылган, балдарды тарбиялоодо башка жолду колдонуу керектиги тууралуу анын жазгандары толугу менен төмөндө: “Студент болгонума толук эки ай болду. Ушул убакыт ичинде бир нерсени ...

09-ноябрь 2019, 14:07 | 154
0 211

Жалал-Абад шаарынын окуучулары эл аралык олимпиададан байгелүү кайтышты

08-ноябрь 2019, 16:35 Айдар Нуралиев

Түркиянын Анталья шаарында 2019-жылдын 27-октябрынан 4-ноябрына чейин болуп өткөн XI эл аралык предметтик олимпиадага Жалал-Абад шаарынын М. Бабкин атындагы №1 мектеп-гимназиясынын 10 окуучусу катышып келишти. Бул тууралуу Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинин жаштар кеңешинин төрагасы Максат Мамасыдыков билдирди. Маалыматка караганда, окуучулар 9 предмет боюнча күч сынашты. 1. Биология 2. Орус тили жана адабияты 3. Математика

0 151

Дрондор дары-дармек ташып башташты

08-ноябрь 2019, 11:28 Айдар Нуралиев

Дрондор тапшыртма берген кардарлардын үйүнө дары-дармек жеткирип бере баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. АКШда тапшырыктарды аба аркылуу жеткирип берүү башталды. Түндүк Каролинада биринчи жолу дрондун жардамы менен жеткирип берүү иши сынактан өткөрүлдү. Анда дарыканага тапшырык берген кардардын үйүнө учкучу жок эле жеткирилген дары 6 метр бийиктиктен үйдүн алдындагы газонго түшүрүлдү. Тажрыйба ийгиликтүү аяктап, кардар товарларын өз ...

0 64

«Росатом» 2024-жылы кванттык компьютер чыгарат

07-ноябрь 2019, 15:03 Алтын Булат

Орусиянын «Росатом» мамлекеттик корпорациясы кванттык компьютер иштеп чыгууда. Бул тууралуу айтылган маалыматтарда, беш жылга созулган долбоорго жалпысынан 24 миллиард рубль керектелет. Аталган корпорациянын башчысы Екатерина Солнцеванын айтымында, бул сумманын 13,3 миллиарды Орусиянын бюджетинен бөлүнөт. Ал эми калган 10,4 миллиардды «Росатомдун» жеке каражатынан жана башка компаниялардын каржылык колдоосунда ишке ашары күтүлүүдө. Ал эми корпорациянын кванттык компьютер долбоорунун жетекчиси Руслан Юнусовдун ...

0 223

ВИДЕО - Нанотехнология. Автоунаа айнегин тазалоочу жаңы ыкма табылды

Видео 06-ноябрь 2019, 12:10 Алтын Булат

Нөшөрлөп жааган жамгыр, жолдо кетип бара жаткан унаанын айнек тазалагычы жипке байланган. Жиптин экинчи учу каптал терезе аркылуу ичкери кирип, аны салондо олтурган жүргүнчү башкарып бара жатат. Мына ушундай жаңы ыкманы даңазалаган видео кайда качан тартылганы белгисиз. Бирок ал социалдык тармакта тарап, тапкычтардын талантына коомчулук жакшы пикир калтырышууда. Булак: NazarNews.kg   

0 1209

Өзгөндө өзбек тили мамлекеттик тилби?

29-октябрь 2019, 13:34 Айдар Нуралиев

Социалдык тармактарда Өзгөн шаарындагы №2 Ленин атындагы орто мектебинин кире беришинде өзбекче тактай илинип турганын талкуулап жатышат. Кыргызстанда кыргыз тили мамлекеттик тил болсо, орус тили расмий тил деп эсептелет. Ошондуктан ушул эки тилде гана көрнөк-жарнактар жазылышы керек эле да. Эмне үчүн көрнөк өзбек тилинде жазылган деп башыбыз маң. Бул боюнча Билим берүү жана илим министрлигинен жооп күтөбүз. Булак: NazarNews.kg

0 200

Бишкекте Борбордук Азиядагы Америка университетинин Инновациялык колледжи ачылды

28-октябрь 2019, 13:01 Бакыт Молдалиев

26-октябрда Кыргыз өкмөтү, Американын Бард колледжи жана USAID уюму менен өнөктөштүктө заманбап колледж түзүлдү жана окуу корпусу азыркы билим берүү инфраструктурасына ылайык трансформацияланды. Анда Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков: "Бул колледж эң акыркы технологиялар менен жабдылган, дүйнөлүк алдыңкы инновациялык табылгалардын, прогрессивдүү тажрыйбалардын негизинде түзүлгөн билим берүүнүн өзгөчө үлгүсү болду. Айрыкча окуу аудиторияларынын, лабораториялардын кенендиги, жарыктыгы, эмеректердин жайгашуусу, түстөрдүн гаммасына ...

0 264

Улуттук университет кимдин уйкусун бузуп жатат?

26-октябрь 2019, 10:53 Айдар Нуралиев

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен бир канчалаган саясатчылар, академик-окумуштуулар, залкар инсандар билим алып чыккан. Куттуу окуу жайда кимдер гана жетекчилик кылган жок. Бирок азыркы тапта иштин көзүн билген Канат Садыков белчеге баткан дотациядан чыгаруу аракетин көрүүдө. Алсак жакынкы арада Индия мамлекети менен келишим түзүп, окуу жайга инвестиция тарткандыгы тууралуу маалымат чыкты. Бирок, бул кимдир бирөөлөрдүн түн уйкусун бузууда. ...

0 283

АУДИО - ВИДЕО - Ошто курула турган Ломоносов атындагы Москва университетинин филиалынын 3D көрүнүшү жарыяланды

Аудиофайл Видео 25-октябрь 2019, 15:37 Бакыт Молдалиев

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Ош шаарында курула турган Ломоносов атындагы Москва университетинин филиалынын 3D көрүнүшүнүн видеосун жарыялады. Министрлик тараткан маалыматка ылайык, имараттын курулушу бир айдын ичинде башталат. Ишке берилген учурдан тарта аталган окуу жайда колдонмо математика жана информатика, геология, орус тили жана адабияты адистиктери боюнча студенттер окутулат. Эскерте кетсек, Кыргызстанда Москва мамлекеттик университетинин филиалын ачуу жазында Бишкекте өткөн Россиянын ...

0 137

Медициналык окуу жайлар казынадан миллиондорду кыңырып жатабы?

24-октябрь 2019, 11:53 Аман Аскаров

Кыргызстанда чет элдик жарандарга билим берген медициналык окуу жайлар салыкты жетиштүү түрдө төлөбөй жаткандыгын эл өкүлү Аида Исмаилова парламенттин бүгүнкү жыйынында айтып чыкты. Анын маалыматы боюнча, бул багытта билим алган чет элдиктер чоң каражат төлөп билим алышат. Айтсак, алардын бир жылдык билим алуусу 150 миң сомго чейин жетет экен. Аны тактоо үчүн депутат Исмаилова мамлекеттик ...

0 222

Укуктук жактан өзүңүздү текшерип көрүңүз. Кимисиники туура?

24-октябрь 2019, 11:44 Алтын Булат

Юридикалык окуу жайлардын биринде мугалим студенттерге бир кемпирдин кошунасынын алма багы боюнча жазган арызын териштирип чыгууну сунуштады. Арызда: Кемпир чарбагын бөлүп турган дубалдын түбүнө жоогазын гүлүн өстүрөт. Ал эми анын ары жагында кошунасынын алма багы бар. Алманын кээ бир салаңдап өскөн бутактарындагы бышкан мөмөлөр гүлдү талкалап жататканы жөнүндө жазылат. Студенттердин ортосунда талкуу башталат. Айрымдары: "Алма кошунага тиешелүү болгондон кийин ...

0 225

ФОТО - "Сапат" эл аралык билим берүү борбору дагы бир чет өлкөлүк алдыңкы университет менен келишим түздү

24-октябрь 2019, 08:13 Бакыт Молдалиев

Ушул жылдын 22-октябрында Кыргызстандагы эл аралык "Сапат" билим берүү мекемеси Түштүк Кореянын алдыңкы Инха университети (Inha University ) менен билим берүү жаатында кызматташуу келишимине кол койду. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти. Андагы маалыматка ылайык, эми аталган келишимдин негизинде "Сапаттын" бүтүрүүчүлөрү бул университетте түрдүү стипендиялык программалар менен окуй алышат. Кыргызстандагы эл аралык "Сапат" билим берүү борбору окуучуларды сапаттуу окутуу боюнча өлкөнүн сап ...

0 243

Каныбек Осмоналиев: "Кыргызстанда убагында Жек Лондон сүрөттөп жазган "Алтын лихорадкасы" башталды!"

24-октябрь 2019, 09:17 Айдар Нуралиев

Билим берүү тармагын ийне жибине чейин билген профессор Каныбек Осмоналиевди кепке тартып, билимди экспорттоонун оң жана терс жактары тууралуу "Майдан kg" гезитине маек курду. - Каныбек агай, акыркы мезгилде Кыргызстандан медицина тармагы боюнча билим алгандардын саны көбөйө баштады. Билимди экспорттоп, акча тапканыбыздын келечекте мамлекетке кедергиси тие турган терс жагы жокпу? - Билим берүү кызматын экспорттоо - бул ар кандай өлкөнүн ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 163

Мектеп фондусу мыйзамдаштырылабы?

23-октябрь 2019, 10:59 Алтын Булат

“Ата-энелердин чөнтөгүнө кол салуучу мыйзам бул”. Мына ушундай пикирин депутат Улукбек Ормонов парламентин бүгүнкү, 23-октябрдагы “Ар түрдүү маселелер” жыйынында айтып чыкты. - Негизи керектүү мыйзам, бирок эртең мектепке барган балага айтышат, төккүн деп. Ушул нерсени алып келип азыр мына министр баш болуп мыйзамдаштырып жатасыңар. Өзүңөрдүн чыгарган буйругуңарга каршы келип жатат”, - деп Ормонов нааразы болду. Муну менен депутат мектептерде ...

0 535

Мугалимдердин айлыгын эсептөө эми автоматташтырылат

21-октябрь 2019, 10:43 Айдар Нуралиев

Буга чейин борборлоштурулган бухгалтериянын кызматкерлери айлык акыны которуу эсебин кагаз түрүндө  жүргүзүп келген болсо, эми мугалимдердин айлык маянасын эсептөөдө автоматташтырылган бирдиктүү системага өтүү пландаштырылууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин  басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, эсеп палатасы, прокуратура, каржы полициясы текшерүү учурунда мыйзам бузуу фактылары катталганын тастыктайт. Көбүн эсе эмгек акынын жана стимулдук фондду негизсиз коротуу, каражатты ...

0 246

Башына коробка кийип тапшырган сынак талкууга алынууда

21-октябрь 2019, 10:29 Айдар Нуралиев

Индиянын  колледждеринин  биринде  студенттерди башына коробка кийгиздирип экзамен  тапшыртышты. Бул тууралуу “The Times of India” басылмасы жарыялады. Андагы маалыматтарга ылайык, студенттердин билимин текшергиси келген директор ушундай амалкөйлүккө барган. Ал эми  тапшырмаларды көрүү жана аны аткаруу үчүн  коробканын маңдайын  кесип коюшкан. Окуу жайдын директору бул жөн гана эксперимент болгондугун, эксперимент студенттердин каалоосу менен ишке ашкандыгын айткан. Ал эми Индия өкмөтү ...

0 341

Кыргызстанда канча мугалим бар экенин жана бир мугалимге канча окуучу туура келээрин билесизби?

19-октябрь 2019, 16:16 Айдар Нуралиев

2018-жылы республиканын билим берүү чөйрөсүндө өлкөнүн калкынын 9 пайызга жакыны эмгектенген. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматка караганда, азыркы убакта Кыргызстанда 4 миңден ашуун мектепке чейинки, жалпы билим берүү, баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдары иштейт. Алардагы 1,7 млн. тарбиялануучуларды, окуучуларды жана студенттерди тарбиялоону жана билим берүүнү 108 миңге жакын педагогдор камсыз кылат. 2018/2019-окуу жылынын ...

0 1174

Садык Алахан: "Себаттын" ою түз эмес экендигин башында эле билгем”

12-октябрь 2019, 15:18 Айдар Нуралиев

Садык Алахан, филология илимдеринин доктору: “Себаттын» ою түз эмес экендигин башында эле билгем”, деп "Жаңы Ордо" гезитине маек курган. --Садык агай, Сиз өмүр бою агартуу тармагында эмгектенип келатасыз. Ал эми Кыргызстан Эгемендүүлүккө жеткен алгачкы жылдары өлкөбүздүн билим берүү тармагына кирген “Себат”, азыркы Сапат” мектептеринин ордуна кандай баа бересиз? --Ар нерсе жөн жерден эле пайда болбойт да. 1990-жылдары коммунисттик идеологиянын ...

0 240

Эл өкүлү Улуттук университетти жоюуну сунуштады

11-октябрь 2019, 13:49 Аман Аскаров

Кыргыз Улуттук универститетин толугу менен жабуу керек деген сунуш айтылып жатат. Болгондо дагы парламенттин ичинде айтылган сөз. Тагыраагы эл өкүлү Евгения Строкова Улуттук университеттин базасында медициналык факультеттин ачылышы пландалып жаткандыгын угаары менен негедир чалкасынан кетиптир. Анан туруп ректоруна бир асылды. Аны кетириш керек, жалпы жамаатты айдаш керек деди. Анын ою боюнча учурдагы ректор медициналык факультетти ...

0 168

Окумуштуу жаңы табылган митеге аялынын атын ыйгарды

09-октябрь 2019, 17:16 Айдар Нуралиев

Африка тропигинде жашаган ири мите курт-кумурсканын жаңы түрү табылды. Алар жумурткасын личинкалардын денесине ташташары белгилүү болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка караганда, финн окумуштуулары Африкада жашоочу митенин жаңы эки ири түрүн таап, изилдеп чыгышкан. Финляндиядагы Турку университетинин окумуштуусу Тапани Хопкинстин айтымында, табылган митенин бирине зебрага окшош болгону үчүн Epirhyssa quagga деп ат коюшкан. Экинчисине болсо Тапанинин Йоханна ...

0 315

Бактыгүл Жапар кызы: “Министр Исаков менен тааныштыгым жок”

09-октябрь 2019, 16:22 Айдар Нуралиев

NazarNews.kg маалымат агенттиги “Министр Каныбек Исаковдун жакыны 23 жашар мугалим “Билим берүү отличнигин” алды” деген аталышта макала чыгарган. Анда иштеп жатканына болгону 3 жыл болгон 23 жаштагы мугалим “Билим берүүнүн отличниги” наамын алганы боюнча жазылган эле. Бул макала коомчулукта чоң талкуу жараткан. Билим берүү жана илим министрлиги болсо министр Каныбек Исаков менен мугалимдин эч кандай тууганчылык жайы жоктугун билдирген.

0 669

ВИДЕО - "Сооронбай Жээнбеков ааламдын мыйзамын билбейт, Арстан Алай ааламдан буйруган"

Видео 08-октябрь 2019, 11:02 Аман Аскаров

Таттуу жана Сагындык аттуу эки жаран кимге видео кайрылуу жөнөтүп жаткандыгын биз деле түшүнгөн жокпуз, президенткеби, элгеби же ааламгабы? Алардын айтымында, азыр өлкөнүн иши жүрүшпөй жаткандыгына жалгандык себепкер экен. Андан сырткары, учурдагы президент ааламдын мыйзамын билбейт, ал эми Арстан Алай бардыгын кыйратат имиш. Бардыгын жогорудагы видеодон көрүп, жыйынтык чыгарып алсаңыздар болот.  Булак: NazarNews.kg

0 155

Президент таланттуу балдардын келечегине кайдыгерби?

04-октябрь 2019, 14:54 Алтын Булат

“Мен сиз менен учурашканыма кубанычтамын”. Ушинтип кыргыз роботу президент Сооронбай Жээнбеков менен саламдашты. Бул робот электротехникасы өнүккөн жапон, корей же кытай өлкөлөрүнөн келген жок. Ал кадимки кыргызстандык эле мектеп окуучуларынын ойлоп тапкычтыгынан жаралган. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Бишкекте өткөн «Борбордук Азиядагы санарип трансформациясы» аттуу конференциясынын алдында белгилүү болду. Мындан улам интернетте талкуу катуу жүрүп жаткан учур. Көпчүлүгү таланттуу, акылдуу ...

0 280

Арзыбек Кожошев мугалимдерди майрамы менен куттуктады

04-октябрь 2019, 09:25 Айдар Нуралиев

Урматтуу мугалимдер! Сиздерди майрамыңыздар менен куттуктайм. Мугалим мөмөлүү дарак демекчи ар бир мугалимдин артында сиздерге таазим этип, сиздерди сыйлаган, сиздерди сүйгөн окуучулар бар. Мугалимдик кесип бир жагынан ардактуу болсо, экинчи жагынан ошончолук жооптуу. Себеби билим берүү, таалим-тарбия жана агартуу тармагын өркүндөтүү ишинде мугалимге өзгөчө милдет тагылган. Сиздердин мээнетиңиздер элибиздин билимдүү болуп, турмушта өз жолун таап, бакубат жашоосуна арналат. Ардактуу ...

0 444

Контейнер эмне болуптур, мончодо окуган балдар бар

03-октябрь 2019, 11:57 Алтын Булат

“Каркырадагы эски мончодо окуп жаткан балдардын тагдырына кайдыгер карабоого чакырамын”. Муну бүгүн 3-октябрдагы парламенттин пленардык жыйынында депутат Аида Касмалиева айтты. Касмалиеванын айткандарына караганда, Түп районуна караштуу Санташ айыл өкмөтүндөгү айылдардын аралыктары алыс. Окуучулар 3-5 чакырым аралыктан келип-кетип окушат. Анын ичинде Каркыра айылынын окуучулары 15 чакырым алыстыкка барып окууга муктаж. Башталгыч класстын 16 окуучусу учурда эски мончодо окуп жатышат. Окуу ...

0 965

ВИДЕО - “Сүйлөгөн баш”. Бөлөк планеталыктын башы көл жээгинен табылды

Видео 30-сентябрь 2019, 15:09 Алтын Булат

Эки көз менен оозу даана байкалып, мурдунун орду чуңкурча болгон жана айланта калканчасы бар белгисиз баш. Ал суу жээгиндеги кум-ташка аралаша жатканын көрүүгө болот. Бул табылганы орусиялык уфологдор Нибиру планетасына таандык болушу мүмкүн деп айтышууда. Изилдөөчүлөрдүн тыянагына ылайык, бул аннунак – Нибиру жашоочусунун бир башында эле жер жүзүн жок кылып жиберүү коркунучу бар. Интернет колдонуучулардын бири табылганы өзүнө каттатып ...

0 1186

ВИДЕО – Белгисиз объектинин асмандагы көрүнүшү түрдүү талаш жаратууда

Видео 30-сентябрь 2019, 14:03 Алтын Булат

Эч кыймылсыз асманда илинип турган каралжын түстөгү шакекче. Кечээ, 29-сентябрда интернетте пайда болгон бул видео кадр, социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларын ар кандай жоромолдорго түртүүдө.  Тагыраагы, таң калыштуу кадрды Москва областынын  Селятино шаарынын тургуну тартып алып, аны социалдык түйүндөрдүн бирине жүктөгөн. Мындан улам социалдык түйүндөрдүн ырым-жырымга ишенген колдонуучулары бул айлананы – параллелдик дүйнөнүн дарбазасы дегенге чейин жетишкен. Ал эми бул айтылгандарга ...

0 248

Акыры агартуучулар жеңди, белиңди бекем буу ата-эне!

27-сентябрь 2019, 15:03 Алтын Булат

КРнын Билим берүү министри Каныбек Исаков, мектептердеги акча топтоолорго каршы эмес. Болгону ал ата-энелердин социалдык абалын карап, турмуш шарты начарларды каражат топтоодон бошотуу сунушун айтты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, жаңы министр Сокулук районундагы мектептердеги ар кандай чогултууларга каршы болгон ата-энелер жана мектеп директорлору менен райондук билим берүү жетекчисинин катышуусунда жыйын куруп, жогорудагыдай пикирин ...

0 457

Депутат мектеп окуучулары “что” деп да туура жаза албай дейт го. Өзүчү?

25-сентябрь 2019, 12:57 Айдар Нуралиев

Кыргызстандагы мектептердин окуучулары “что” деген сөздү да туура жаза албайт. Бул тууралуу депутат Максат Сабиров парламент отурумунда билдирди.   Ал Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбековага кайрылып, мектептердин билим деңгээлин текшерүүчү ведомстволук комиссия барбы деп кызыкты. Ар бир окуу жай аккредитация аларын жана алар аны ар беш жыл сайын узартып турушат деген жооп уккан соң, депутат ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1507

Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын саны кыскарат

24-сентябрь 2019, 15:25 Аман Аскаров

Мектепте окуучулардын турмуш-тиричилигине тиешеси жок предметтер бар. Алардын саны кыскарат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билдирди. Анын айтымында орто билим берүү мекемелеринен сырткары жогорку окуу жайларда дагы көйгөйлөр арбын. Айтсак, мамлекеттик ЖОЖдордун санын кыскартуу керек. Анткени, айрым ЖОЖдор жүз студент менен эле иш алып барган учурлар катталган. Андыктан, келечекте мындай окуу жайлар оптималдаштырылып, илимий-изилдөөлөрдү жүргүзгөн ...

0 702

Кытай кара жумуш менен Түркия билими менен дүйнө жүзүн басабы?

23-сентябрь 2019, 09:08 Айдар Нуралиев

Көпчүлүк жаштар чет элде билим алгысы келет. "Чет элде эмне үчүн окугуӊуз келет" - деген суроого көпчүлүк жаштар: биринчиден, чет-тилин үйрөнү, анан сапаттуу билим алып, жакшы маяналуу жумушка орношуу - дейт. Ал эми мен сиздерге Түркия тууралуу айтып берейин. Түркияда билим сапаты кандай студенттер үчүн кандай шарттар түзүлгөн. Чындыгында салыштыруудан артыкчылык менен кемчилик жакшы байкалат. Андыктан Кыргызстандын билим жана ...

0 156

Окумуштуулар дүйнөдөгү эң чоң саламандраны табышты

18-сентябрь 2019, 14:01 Айдар Нуралиев

Окумуштуулар дүйнөдөгү эң чоң саламандраны табышты. Анын узундугу 2 метрге чейин жетиши мүмкүн. Лондондогу зоологиялык коомдун жана Лондон табият таануу музейинин изилдөөчүлөрү ХХ кылымда чогултулган жерде-сууда жашоочулардын ДНК-үлгүлөрүн изилдеп чыгып, жаңы ачылыш жасашты. Окумуштуулардын ою боюнча бул жаңы ачылышы дүйнөдөгү эң чоң амфибия болушу ыктымал. Бул саламандралар 2 метр узундукка чейин жетиши мүмкүн экендигин айтышты. Булак: "NazarNews.kg"

0 204

ВИДЕО - Жүрүп бараткан унаага эки жолу чагылган тийди

Видео 17-сентябрь 2019, 15:30 Нурбек Айдар

Жүрүп бараткан унаага эки жолу чагылган тийип, бактыга жараша эч ким жабыр таркан жок. Маалыматтарга караганда, бул окуя Орусиянын Новосибирск шаарынан Бердск шаарына бараткан трассада болгон. Машинага чагылгандын тийгени анын артында бараткан унаанын видеорегистраторуна тартылып калган. Эки жолу чагылган тийгенде айдоочусу унаасын токтоткон. Белгилүү болгондой, чагылган тийгенден эч ким жабыр тарткан эмес.

0 941

Балээ болду. Эми помидор да жей албай калабызбы?

16-сентябрь 2019, 17:08 Нурбек Айдар

Стивен Гандри аттуу америкалык кардиолог “Өсүмдүктөрдүн парадоксу” аттуу китебинде көптөгөн витамин жана минералдар болгонуна карабастан помидорлор ден соолукка зыянын тийгизиши мүмкүн деп жазган. Адистин айтымына караганда, помидорлордо адамдын ден соолугуна олуттуу коркунуч келтире турган заттар да бар. Сөз өсүмдүктөр зыянкечтерден коргонуу үчүн бөлүп чыгара турган лектиндер жөнүндө болуп жатат. Кардиологдун ырасташынча, дал ушул лектин организмге кирген соң, зыяндуу бактерияларды ...

0 264

ВИДЕО - Бразилияда дайверлер өтө чоң анакондага туш келишти

Видео 14-сентябрь 2019, 09:45 Нурбек Айдар

Бразилияда дарыяда сүзүп жүргөн дайверлер өтө чоң анакондага жолугуп калган. Анаконда дарыянын түбүндө сүзүп жүргөн. Бартоломео Бове менен Хука Игарапе Бразилиядагы Формоза дарыясын изилдеп жүрүшүп, өтө чоң анакондага туш келип калышкан. Дайверлердин айтымында, анаконданын узундугу 7 метрден кем эмес. Өмүрлөрү үчүн коркунучтуу болсо да, чыдабаган дайверлер жыланга болушунча жакын барышкан. Анаконда суу астында өзүн тынч алып жүргөн жана адамдар менен ...

0 457

Косинус, котангенс. Ким аны жашоосунда колдонду?

11-сентябрь 2019, 18:19 Алтын Булат

"60 градус косинуска эмне барабар?”. Мына ушундай суроо Каныбек Исаковдун Билим берүү жана илим министрине талапкерлигин кароо учурунда депутат Дастан Бекешов тарабынан берилди. Өз кезегинде Исаков филология тармагынын адиси экенин, ошондуктан бул суроого жооп бере албасын айтты. Бирок, депутат Бекешов бул мектеп программасында бар экенин эскертип, анын кереги бар же жок экенин эч ким түшүндүрүп бере албай жатканын кошумчалады.

10 10664

Гүлмира Кудайбердиева Билим берүү министрлигине Тазабек Икрамовду сунуштады

05-сентябрь 2019, 10:42 Кызгалдак Жакыпова

Мурдагы Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева ЖК депутаты Тазабек Икрамовго телефон чалып: --Тазабек, мен 2016-жылдан бери КР Билим берүү министрлигинин кызматын аркаладым. Тапталдым, такшалдым, каталарды эсепке албаганда мындай караганда баардык көз караштарым 2х2=4 болду. Мындай сандык көрсөткүчкө башың деле оорубайт, айланып келип ушул сан чыга келет. Ката жазсаң деле унчукпай иштей бер. Мен, сени министрликке сунуштайын, - дейт Гүлмира айым.

0 269

Экс-министр Каныбек Осмоналиев: “Билим берүү тармагын акча жасоо менен алмаштырып алышты”

04-сентябрь 2019, 15:15 Алтын Булат

Бүгүн, 4-сентябрда Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева кызматынан бошотулду. Буга чейин Гүлмира Кудайбердиева билим тармагында бир нече мүчүлүштүктөрдү кетирип, коомчулуктун сынына кабылып келген. Мына ушул билим, илим тармагына кандай реформалар зарыл экенин адистерден сурап көрдүк. Бул жолу биз мурунку билим берүү министри Каныбек Осмоналиевге суроо узаттык. - Каныбек ...

0 420

ВИДЕО: Окумуштуулар «Дориан» бороонунун чок ортосун видеого тартып алышкан

Видео 04-сентябрь 2019, 14:57 Алтын Булат

«Дориан» бороону АКШнын бир топ аймагын астын-үстүн кылып, дагы деле күчүн жогото элек. Көпчүлүк эл бороондон коргонуунун айласын таппай жатканда, окумуштуулар бороонду изилдөө үчүн чыгышкан. Учактын бортундагылар, АКШ метеорогиялык чалгындоочу 53-эскадрону менен Океанды жана атмосфераны изилдөө улуттук башкаруу тобу. Алар метеорологдор үчүн эң керектүү маалымат топтоо үчүн бороондун чок ортосуна аттанышкан. Алар күтпөгөн асмандагы көрүнүштөр, таң калычтуу кубулуштарды өзүңөр ...

0 174

Мектептин директору Гүлнара Актайлакованын демилгеси менен кыргыз класс ачылды

02-сентябрь 2019, 17:48 Кызгалдак Жакыпова

Борборубуз Бишкектеги № 62 мектеп-гимназиясында кыргыз класстын жоктугунан айрым ата-энелер нааразы болуп келишкен. Учурда, Бишкектеги № 62 мектеп-гимназиясында чоң түйшүктөрдүн арты менен кыргыз класс  ачылды. Мектеп директору Гүлнара Актайлакова 1-класстын босогосун аттагандарды жылуу куттуктап, дагы бул класска ваканттык орундар бар экенин белгиледи. Бул тууралуу маалыматты саясый Активист Аманбол Бабакулов билдирди. Белгилей кетсек, кыргыз класс аталган мектептин директорунун жардамы аркылуу ачылган. ...

0 71

АУДИО - Кыргызстанда быйыл 156 миң окуучу 1-класска барат

Аудиофайл 02-сентябрь 2019, 12:52 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн жаңы окуу жылы башталды. Билим жана илим минстрлигинин маалыматына караганда, 2019-2020-окуу жылына 156 миңден ашуун бала 1-класска барды. Өлкө боюнча жалпы окуучулардын саны 1 миллион 300 миңди түзөт, ал эми мектептердин саны 2 мин 265. Булак: "NazarNews.kg"

0 331

АУДИО - ФБРдин мурдагы агенти интернетте эмнелерди кылбоо керек экенин жазды

Аудиофайл 30-август 2019, 13:30 Кызгалдак Жакыпова

Колдон келсе интернеттен купуя жеке сырларды жазышпай эле койгон жакшы. Желедеги ар бир аракет сакталып калат. Ал тургай браузерди тазалап, жеке каттарыңызды өчүргөн күнү деле. Мындай пикирдеги Жек Шафер менен Марвин Карлинстер, “Атайын кызматтардын жагымдуу методикасын жандырабыз” аттуу китебининде жазып кетишкен. Анда атайын кызматтар сиздин жеке маалыматтарыңызга кандай кырдаалда, кантип ээлик кылып аларын жазышкан. Кызык бекен, анда  кыскача берип ...

0 277

Жалал-Абад: Мугалимдердин август кеңешмеси өттү

29-август 2019, 17:49 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, Жалал-Абад шаарында “Кыргызстандагы билим берүүнүн заманбап багыттары” аталышындагы мугалимдердин август кеңешмеси өттү. Ага калаанын вице-мэри Руслан Алтымышев, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев жана 400дөн ашуун мектеп  мугалимдери катышты. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынан маалымдашты. Жыйындын жүрүшүндө катышуучуларга алгач 2018-2019-жылдагы шаардагы   мектеп турмушундагы жетишкендиктер  тууралуу видео слайд көрсөтүлдү. Аны менен катар шаардык  билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев ...

0 776

АУДИО - Жерге эки чоң астероид учуп келе жатат

Аудиофайл 28-август 2019, 12:50 Кызгалдак Жакыпова

14-сентябрда бир эле убакта эки чоң астероид Жерге жакындап келет. Бул тууралуу НАСА кабарлады.   Астероиддердин 2000QW7 аталган биринин диаметри 290 метрден 650 метрге чейин. НАСАнын маалыматына ылайык, ал планетага 5,3 миллион чакырым алыстыкка чейин жакындап келет. Ошол эле күнү болжол менен ушундай эле аралыкка чейин 2010CO1 асттероиди да жакындап келет. Бул астероиддин диаметри 120 метрден 260 метрге чейин ...

0 207

Тынч океандын үстүндө ири көлөмдөгү “Пемза аралы” пайда болду

27-август 2019, 18:32 Кызгалдак Жакыпова

Тынч океандын үстүндө чарчысы 150 квадраттык километр келген, калыңдыгынан суу дээрлик көрүнбөгөн Пемза (ред.: вулкан айнеги) калкып жүрөт. Бул көлөм дээрлик 20 футболдук аянтчага барабар. Мындай маалыматты Би-би-си жазып чыкты. Ал маалыматтарга таянсак, пемза ушул август айынын башында яхтачылар тарабынан табылган. Эксперттердин көз карашында бул суу астындагы вулкандын атырылып чыгуусунан жаралышы мүмкүн. Пемза бир караганда кадимки ташка окшош келет. ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 452

Быйыл качан окуу башталары белгилүү болду

26-август 2019, 18:01 Кызгалдак Жакыпова

Быйыл Кыргызстанда жаңы окуу жылы 2-сентябрда башталат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады. “1-сентябрь – Билим күнү бул жылы жекшемби күнгө туш келгендиктен, 2-сентябрда саат 9:00дө бардык мектептерде салтанаттуу чогулуштар жана сабактар болот. Расписаниеге ылайык, сабактар 3-сентябрда башталат”, деп айтылат маалыматта. Булак: "NazarNews.kg"

0 112

Мектепке электрондук каттоо дагы 4 шаарда ишке киргизилет

22-август 2019, 11:56 Кызгалдак Жакыпова

Эмки жылдан тарта баланы мектепке кабыл алуу боюнча электрондук каттоо дагы 4 шаарда ишке киргизилмекчи. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, 2020-жылдын 15-февралынан баштап Ош, Жалал-Абад, Токмок жана Кара-Балта шаарларынын тургундары балдарын мектепке кабыл алуу боюнча электрондук каттоого тура алышат. Белгилей кетсек, баланы мектепке электрондук каттоо учурда Бишкек шаарында гана иштейт. Долбоор башталгандан бери жалпы 15 ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83