www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Илим
0 644

АКШ Сирия бийлигин түрмөдөгү массалык кыргынга жана сөөктөрдү өрттөөгө айыптады

Президент Дональд Трамптын администрациясы Сирия президенти Башар Асаддын өкмөтүн түрмөдөн миңдеген адамдарды массалык түрдө өлтүрүп, алардын сөөктөрүн борбор Дамасктын сыртындагы чоң крематорийде өрттөгөнү үчүн айыптады. АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча башкы дипломаттарынын бири Стюарт Жонстун айтымында, Вашингтон ишенимдүү гуманитардык уюмдардан жана өлкөнүн чалгын жамаатынан алган маалыматтар Дамасктан 45 мүнөттүк жолдо жайгашкан Саедная аскерий түрмөсүндө күн сайын 50дөй адам дарга асылып турганын ишара ...

0 826

Пхеньян рекатанын жаңы түрүн сыноодон өткөрдү.

Түндүк Корея орто жана алыс аралыкка учуучу ракетанын жаңы түрүн ийгиликтүү сыноодон өткөргөнүн билдирип, ал АКШга чейин жете турганын эскертти. Түндүк Кореянын KCNA расмий маалымат агенттиги сыноо ракетанын ири өзөктүк сокку урууга дардыгын текшерүүгө багытталганын жазды. Билдирүүгө ылайык, ракетанын учурулушун Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын жеке өзү көзөмөлдөп, Пхеньяндын аскердик дараметтерин эске албай коюу мүмкүн эмес экенин билдирген. Пхеньяндын 14-майдагы сыноосу ...

1 5711

Күнүнө аспириндин төрттөн бир бөлүгүн ичип туруунун пайдасын билесизби?...

Кан кою болуп кетпеш үчүн 40 жаштан кийин ар бир адам аспириндин төрттөн бир бөлүгүн ичип турушу керек. Кээ бирөөлөр "менин каным көп, донормун венамдан кан берип келдим. Жаман кандарым жок" деп келишет. Чынында венадан алган кан менен далынын үстүнөн алган кандын асман менен жердей айырмасы бар. Дегеним, венадан таза кан чыкса, далыдан, желкеден дээрлик жаман кандар чыгат деп билдирди элдик ...

0 2848

Кош бойлуу учурда эмне себептен бетке сепкил түшөт?..

Аялзатынын кош бойлуу учурунда этек кири келбей калат. Ошол учурда организмдеги жаман кандар бетке чыгып, бетти кара так же сепкил басып кетет. Айымдар жаман кандар бетке чыгып кеткенин билбей көпчүлүк айымдар мындай учурду боюмда болгондо сепкил түшүп кетти деп коюшат дейт элдик даарыгер Кабылжан Юлдашев.  Булак: "NazarNews"

0 929

Тажик студенттери Сауд Арабияга окууга бара албай жатышат...

Сауд Арабиянын светтик окуу жайдарында билим алууга квота берилген 50 тажик студенти окууларына бара албай жатышат. Окуу жылынын аяктап калганына карабастан маселенин качан чечилери дагы деле белгисиз бойдон калууда. Студенттердин бири 2016-жылдын августунда Тажикстандын Билим берүү министрлигинин сынагынан өткөнүн жана ушул жылдын январында Эр-Риядга учуп кетиши керек болгонун билдирди. Айтымында, андан бери беш ай өткөнүнө карабастан ал дагы деле Дүйшөмбүдө калууга ...

0 780

Токио станциясында мечит курулат

Японияда JR East (East Japan Railway Company /Чыгыш аймагынын Япония темир жол фирмасы)Токио станциясында мечит  ачылаарын билдирди. JR Eastтин бул чечимине Түштүк Чыгыш Азия башта болуу менен Японияны зыярат кылган мусулман турист санындагы өсүү себеп болду. JR Eastтын башкы директору Тетсуро Томита өткөргөн пресс – жыйынында : «Японияга көп сандаган мусулман келип жатат. Станцияда да ыбадаттарын кыла ала турган бир жер болушу керек»,- деди. ...

0 1313

Сүлүктүдө 7 метр тереңдиктеги чуңкур пайда болду.

Деги эмне эле болуп жатат өзү? Көчкүсү бир жагынан кыйнаса, бир жагынан суу ташкындары азапты берип айлабызды алты кетирип жатканда эми жер чөгүп кетти. Атап айтканда, кечээ 12-майда, Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын Шахтерская көчөсүндө жер жарылып, кыртышы төмөн карай чөгүп кетиптир. Туурасы 3 метр келген чуңкурдун тереңдиги 7 метрге жетерин ӨКМ кабарлады. Чаламандын чак түшүндө болгон табият кубулушунан зыян тарткандар жок. ...

0 1436

Океандын түбүндө 3 миллиард жылдык табылга

Океандын түбүндө материк табылды. Илимпоздор чыгыш Африкадагы арал өлкө Маврикий жайгашкан жерде үч миллиард жыл мурда материк болгонун белгилешти. Изилдөөчүлөр вулкандык лава ичиндеги кристаллдар аркылуу деңиздин түбүндө сакталган материкке байланыштуу далилдерди аныкташты. Изилдөөнүн алкагында Маврикийде 2,5-3 миллиард жыл мурдагысынан калган кристалл циркон бөлүктөрү табылды. Вулкандык арал болгон Маврикийдин астына жашырынган материкке байланыштуу дагы да көп далилдердин табылаары сөз кылынды. Норвегия, Түштүк Африка, Германия жана ...

0 616

Адам роботтор жасалат

Англиялык илимпоздор адам сымал роботторду коомдук кызматтарда колдонууга боло турган долбоордун үстүндө иштеп жатат. ББСде орун алган маалыматка караганда Middlesex жана Berfordshire университеттеринен академиктер, оорулууларды кароо жөндөмдүүлүгүнө ээ болгон адам сымал роботтордун карыларга камкордук көрсөтүү маселесин чече турганына ишенгендерин сөз кылышты. Адам сымал роботтордун жасалышы үчүн эл аралык топ 2,5 миллион доллардык долбоордун үстүндө иштеп жатат. Сөз жана кыймылдары менен байланыш кура алган ...

12-май 2017, 18:54 | 616
0 761

Суссекс мышык жөнүндө…

Суссекс Университетинин зоологдорунун изилдөөсү боюнча дүйнөдөгү эки чоң мышык – африка арстаны менен борней бозомук сары-ала кабыланы (леопарды) – аларга аңчылык кылуу мүмкүн болбой калгандыктан улам жок болуу коркунучунда турушат. Адистердин айтуусу боюнча, мурда жей турган тамактын жетишсиздигинин айынан чоң мышыктардын жети түрү жоголуп кеткен, буларга Муз доорундагы кылыч тиштүү жолборсту да кошсо болот. Ошондой коркунучтуу жагдай азыр да уланып ...

12-май 2017, 17:53 | 761
0 883

“Зордуктадың” деп таксистти коркутуп акча өндүргөн аялдар тобу кармалды.

Аялдан амал качып кутулбайт экен да. Дегеним, Жалал-Абад шаарында таксистке “зордуктадың” деген жалаа жаап акча талап кылган үч аял кармалды. Бул тууралуу “Спутник” сайты жазып чыкты. Маалыматка ылайык, 24-апрель күнү жергиликтүү жаран зордуктоо боюнча жалаа жабуу менен эки аял акча алганын айтып милицияга кайрылган. Анда окуянын курмандыгы болгон жаран: “Шаарда Токтогул көчөсү менен баратсам бир аял унаама отуруп, баласын шаардан алып, ...

0 571

 Жөргөмүштүн уусу өлүмгө чейин алып барат...

Австралиянын Бирчип районунда ак куйруктуу жөргөмүш чагып алган бир кишинин буттары кесилди. Австралиянын Виктория провинциясындагы Бирчип районунда ак куйруктуу жөргөмүш чагып алган бир кишинин буттары кесилди. Жуманын акырында Мельбурндан Виктория провинциясынын Бирчип районуна туугандарын көргөнү барган Терри Пареханын оң бутун ак куйруктуу жөргөмүш чакты. Буту шишип кеткени үчүн абалды байкаган Пареха, бул райондо жуманын акырында доктур болбогону үчүн жекшемби күнгө чейин күтүүгө арагасыз ...

0 1028

Мыйзам чыгарып, аны көзөмөлдөйт деген депутат өзү пара берип жатса…

Мына сага, шумдук! Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков баласын Бишкек шаарындагы №5-мектеп-гимназияга киргизүү үчүн пара бергенин айтып чыкты. Бул тууралуу, фракция жыйынында республикадагы орто билим берүүчү окуу жайларын 5 күндүк системине өткөрүү боюнча мыйзам долбоору каралып жаткан учурда билдирген ал: “Класстардагы окуучулардын саны 40-42ден ашат. Мектепке кирүү өтө кыйын. Мен пара бергем. Мен! Ал эми карапайым адамдар жөнүндө эмнени айтууга болот?”,-деди. Эгер ...

1 1139

Элден чогулган каражат кайда жумшалат?

Кыргызстандагы уюлдук компаниялары 9-майдагы Жеңиш майрамын утурлай ар бир абоненттин тынчын алып: «Баланча номур менен баланча дарекке СМС жиберсең согуш ардагерлерине 20 сом которсоңуз болот» – деген билдирүүлөрдүн улам кайталап, бир күндү текке кетирбей жазышты. Бул быйылкы эле көрүнүш эмес, жыл сайын ушундай мазмундагы катты жиберип келишүүдө. Анан боорукер элбиз: «Ардагерлерден 20 сомду аямак белек» деп СМС келээри менен акчасын ...

0 796

“Акылдуу” счетчик эмес, “акылдуу” асфальт

Нидерландынын Делфт техникалык университетинин адистери “акылдуу” төшөлгөн жол ойлоп табышты. Анын өзүн калыбына келтирген жана электркарларга заряд берген функциялары бар. “Акылдуу” асфальттын сыры – болоттон (сталь) жасалган була аркылуу ток жиберилет. Мындай төшөлгөн жол бир аз бузулган жерлерди жылытуу жолу менен калыбына келтирет, ошондой эле электромобилдерди жүрүп бараткан жеринен заряд берип турат. Жаңы төшөлгөн жолдун баасы кадимки асфалть жолдон 25% ...

0 622

Чиркей вакцинасы үчүн ыктыярдуулар изделип жатат.

Вакцинаны сыноо эки баскычтан турат АКШнын Улуттук саламаттык сактоо институттары, англиялык эки компания тарабынан иштелип чыккан жана чиркейдин шилекейи аркылуу жуккан бардык ооруларга каршы таасир берүүчү экени айтылган жаңы вакцинанын сыналышы үчүн 60 ыктыярдууну издеп жатат. Улуттук саламаттык сактоо институттарынын Аллергия жана жугуштуу оорулар боюнча иститутунун изилдөөчүлөрү тарабынан ыктыярдууларда өткөрүлө турган сыноонун эки баскычтан тураары белгиленди. Анда жаңы жасалган вакцина менен эмделген ыктыярдуулар ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1619

Түндүк-Казакстан облусунда 234 үйдү суу каптады 

Түндүк-Казакстан облусундагы суу ташкындын кесепетинен 234 үй суу алдында калып, дагы тогузу жарактан чыкты. Жазгы суу ташкындары башталгандан бери жалпысынан аймактын 17 калктуу конушундагы 380 үйдү суу каптаган. Облус акиминин орун басары Антон Федяевдин айтымында, дем алыш күндөрү суу Долматов айылына жетип, бир канча үйдү каптаган. Андан соң Прибережное, Тепличный, Соколовка жана Борневка айылдарындагы турак-жайларды зыянга учураткан. Акимдин орун басары аймакта суунун ...

0 658

Дүйнөдөгү эң узун Кураан жазуусу

Дүйнөнүн эң узун Курааны жазылды. Египетте 700 метр узундугундагы кол жазма Кураан жасалды.   58 жаштагы каллиграф Саад Мухаммед тарабынан жасалган Кураан дүйнөдөгү эң узуну болуп саналат. Мухаммед 700 метр узундугундагы ыйык тексти 3 жылдын ичинде жазып чыкты. Булак: "trt.net.tr"

0 1114

Ысырапкорчулуктан баш тартуу...

Саналуу күндөрдөн кийин окуу жылы аяктайт. Салтка айланып калгандай, бул баягы классташтардын 10 жылдык, 20 жылдык деген шаан-шөкөттөрү менен коштолот эмеспи. Майрамдык кечени уюштурууга бир топ акча кетери белгилүү. Бирок окуучулук кезди эстеп, бир чер жазышып алууга не жетсин дегендер арбын экени талашсыз. Ал эми быйылкы 20 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн арасынан кочкорлук туугандар өзгөчөлөндү. Дегеним, Кочкор районуна караштуу Кара-Суу айылындагы орто мектебин 20 ...

0 702

Иттердин адамдарды багытоосу

Швейцариялык илимпоздор иттердин адамдарды алдай алгандыгын жана өз пайдасы үчүн колдоно аларын ортого салды Швейцариялык илимпоздор жасаган тажрыйба иттердин адамдарды алдай алгандыгын жана өз пайдасы үчүн колдоно аларын ортого салды. Цюрих университетинен илимпоздор ар башка түрлөрдөн 27 итти колдонуу менен тажрыйба жүргүзүштү. Тажрыйба жасап жатканда иттердин алдына бирөөсүндө сосиска, бирөөсүндө токоч, үчүнчүсүндө да бош болгон үч куту коюлду жана иттерге бөлмөдөгү эки ...

0 1102

Эртең орозо башталат...

Бүгүн 10-май шаршембиден бейшемби күнүнө караган түнү касиеттүү Берат түнү белгиленет. Түркиянын Дин иштери төрагасы Мехмет Гөрмез Берат түнүнөн улам жарыялаган билдирүүсүндө: «Напсибиздин чексиз каалоолорун, кызыкчылыктарын жана кумарларын токтото алсак, Кудуреттүү Эгебиз бизге чыныгы эркиндикти берет»,-деп айтты. Гөрмез: «Жаратканыбыздын ырайымы менен 10-май шаршебиден бейшембиге караган түнү жаңы Берат түнү кубанычтуу белгилене турганын жана Исламий булактарда ырайым, кечирүү, түшүнүү деп мүнөздөлгөн Берат түнүнүн кечиримдүүлүктүн, арылуунун ...

10-май 2017, 17:44 | 1102
0 1364

Чолпонкул Арабаев Академияны жетектей турган болсо, жыргаган экенбиз

Илимпоздордун ит жыгылыш интригасы аяктабай, «спектакль» аябай көп актылуу болуп баратат. Чын эй, бир топтон бери Кыргыз Улуттук Илимдер академиясына жаңы жетекчини дайындай албай убарабыз. Абдыганы Эркебаев өз каалоосу менен кызматтан кеткен соң, ал орунга мурунку өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин келе тургандыгы айтылган, бирок, али күнчө дайын жок. Бирөө-жарымдар Чолпонкул Арабаевдин келээрин айтууда. Бирок, бул киши ким жана илимге кандай салым кошконун ...

0 644

Планеталарды жеген жылдыз

Чөйрөдөгү планеталарды өзүнө тартып жуткан жылдыз табылды Илимпоздор жер шарынан 300 жарык жылы алыстыкта жайгашкан, Күнгө өтө окшош болгон жана айланасындагы планеталарды жеген жылдыз табышты. «Astronomy and Astrophysics» журналында жарыяланган изилдөө, Күнгө эгиздей окшошкон жана 6 миллиард жашында экени божомолдонгон «HIP 68468» аттуу жылдыздын чөйрөдөгү планеталарды өзүнө тартып жутканын аныктады. Иликтөөнү жүргүзгөн эл аралык топтон Чикаго университетинин окутуучусу Jacob Bean: «Табылган дилилдер, жакынкы келечекте ...

0 1003

Отко күйгүс жана суюктукта эзилгис кагаз

Кытайлык илимпоздор отко күйгүс жана суюктукта эзилгис кагаз ойлоп табышты. Кытайлык илимпоздор кагаздын түзүлүшүн отко күйгүс жана суюктукта эзилгис кылып алмаштырды. Гонконгдо чыгуучу «South China Morning Post» гезитинде орун алган кабарга караганда Шанхай Керамика институтунун илимпоздору, кагаздын түзүлүшүн өзгөртүш үчүн «hidroksiapatit» деп аталган жана жаныбарлардын тишинин кабыгында жана сөөктөрүндө орун алган кандайдыр бир түрдөгү калцийди колдонушту. Өнүктүрүлгөн кагаздын түрүнүн 200 градустук отко салса ...

0 1291

Кан бузулганда денени жыбыраган курт басып кеткендей сезилет.

Кан алып, адам өмүрүнө коркунуч келтирген илдеттерден алдын алса болот. Мисалы, аялзаты 40-45-50-55 жаштарда климакс болот. Ошол учурда жана андан кийин жок дегенде жылына бир жолу кан алдырып турушу керек. Антпесе этек кири токтоп калгандан кийин айына эки-үч күн этек кири келчү маалда аялдар буулугуп, ачууланып, өзүнө батпай, каардуу болуп калышат. Ошол учурда кан алдырса жеңилденип организм тазаланып, баягыдай каардуулуктун ...

0 4870

"Азыр эмчек рагы менен турмушка чыга элек кыздар да ооруй баштады"

Күлүйпа Жумабекова элдик даарыгер: Дарты аныктагандан алдына киши салбаган, диогнозду мыкты койгон, рактын түрү  менен күрөшкөн Күлүйпа эже менен бул жолу эмчектин рагы тууралуу ой бөлүштүк. -Күлүйпа эже, эмчектин рагы эмнеден улам пайда болот? - Эмчектин рагы эң алгач сезгенүүдөн пайда болот. Маселен, эмчегин чоочутуп алса  же  муздак суу тийип кетсе,  катуу нерсеге уруп алса,  төрөгөндөн кийин  мастапатия пайда кылып алсаң же организмде ...

0 697

Грецияда жаңы байыркы шаар табылды

05-май 2017, 13:01 Гүлжан Шерипбаева

Грецияда археологдор эң аз 2 миң 500 жылдык тарыхка ээ жаңы бир байыркы шаар табылды Грециянын Тесалия аймагындагы Кардича шаарына жакын жерлеринде күтүлбөгөн жерден табылганы белгиленген байыркы шаар аймакта башка бир проекти менен иш алып барган Гетеборг жана  Борнмута университетинин изилдөөчүлөрү тарабынан аныкталды. Грек медиасында жарыяланган  фотографияларда байыркы шаардын тышкы дубалынын калдыктары жана көчөлөрү  ачык түрдө көрүнүп, аймакта эки жума жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө ...

0 982

Адам органы 79га жетти

05-май 2017, 12:35 Гүлжан Шерипбаева

«Ичеги аскыч» же болбосо «мезенцей» деп аталган органдын аткара турган функциясы азырынча белгилене элек Адамдын сиңдирүү системасында жашырынган жаңы бир орган табылды. «Ичеги аскыч» же болбосо «мезенцей» деп аталган органдын аткара турган функциясы азырынча белгилене элек. Жаңы табылган органдын адам денесиндеги бөлүнгөн бөлүкчөлөрдүн топтомунан пайда болгондугу болжолдолууда. Бирок Lancet Gastroenteroloji жана гепатология  журналында   жарыяланган макалада мезенцейдин бир бөлүктөн турган орган экендиги билдирилди. Мезенцей курсактагы ...

05-май 2017, 12:35 | 982
0 910

Компьютерден да кыйын машина...

«Кытай окумуштуулары дүйнөдө биринчилерден болуп кванттык эсептөө машинасын иштеп чыгышты, анын эсептөө кубаттуулугу классикалык компьютерлердин кубаттуулугунан кыйла ашат”,- деп билдирет Синьхуа. “Тесттердин жыйынтыгы боюнча кванттык компьютердин үлгүсүн дискретизациянын жыштыгы эл аралык аналогдордон аз дегенде 2400 көптүк кылат”,-  дейт квант физикасы боюнча кытай окумуштуусу Пан Цзяньвэй. “Ошол эле учурда кванттык компьютердин классикалык алгоритмдин аткаруу ылдамдыгы дүйнөдөгү биринчи эсептегич машинадан жана биринчи ...

0 2448

Эң узакка созулган орозо

Өткөн жылы орозо эң узакка созулган жер- Норвегиянын Тромсё шаары болгон. Күндүн узактыгы 22 саат. 50 миң калктуу шаарда жайкысын эки ай бою күн батпайт. Ооз ачуу убактысы 23:20, ал эми ооз бекитүү убактысы болсо 01:20. Дүйнөнүн жалпысында 1 жарым миллиарддан ашуун мусулман жашаган өлкөлөргө жараша бири-биринен абдан айырмаланган мөөнөттөрдө орозо кармашат. Орозо эң узакка созулган Скандинавия өлкөлөрүнөн Исландияда 21 саат, ал эми Финляндияда 20 ...

04-май 2017, 19:43 | 2448
0 616

Дааватчыларды мыйзам менен тыюуга мүмкүнбү?

03-май 2017, 20:22 Гүлжан Шерипбаева

Тазабек Икрамов, Жогорку Кеңештин депутаты: – Дааватка чыккандар муфтияттын уруксаты менен чыгып жатышат. Дааватка чыгып ичип кеткен, туура эмес жолго түшкөн жарандардын көбү туура жолго түштү. Дааватчыларды мыйзам менен тыйбай, аларды муфтияттын уруксатысыз дааватка чыкпагандай кылып көзөмөлдөө керек. Жарандарды мечитке чакыргандардын эмнеси жаман?.. Же эмне мечит жаманбы? Мечитке барууну каалагандар бар. каалабагандар бар. Каалабагандар барбай койсун. Бул мыйзамды демилгелеген кесиптештерим ашыкча ...

0 585

Дааватчыларды мыйзам менен тыюуга мүмкүнбү?

03-май 2017, 20:18 Гүлжан Шерипбаева

Жолдошбек Бузурманкулов, милициянын полковниги: – Депутаттардын дааватка жол бербөө мыйзамын кабыл алганы жатканы эң туура. Анткени өлкөбүздү бүгүнкү күнү дааватчылар каптап кетти. Этеги жер чийген шалбыраган чапандарды кийип алып сандалып жүргөндөрдү тыюу зарыл. Ал эми мечитке келген элге даават айтышка жол берилет. Анткени, Кудайдын, Алланын, Мухаммед пайгамбарыбыздын сөзүн элге жеткирүү бул молдолордун да, менин да, сенин да, айтор ар бир мусулман ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 581

Дааватчыларды мыйзам менен тыюуга мүмкүнбү?

03-май 2017, 20:15 Гүлжан Шерипбаева

Алмаз Ибраев, Кыргызстандагы Чыгыш университетинин ректору: – Менимче мындай тыюу салган законду кабыл алыштын зарылчылыгы жок. Даават ишин жүргүзүү боюнча керектүү талаптарды койсо болот. Мындай закондун кабыл алынышы мусулмандарга кысым кылуу кооптуулугун жаратат. Булак:"Фабула"

0 521

Дааватчыларды мыйзам менен тыюуга мүмкүнбү?

03-май 2017, 20:11 Гүлжан Шерипбаева

Токтогул Какчекеев, саясат талдоочу: – Конституцияны сыйлап а дегенде Жогорку Кеңештеги жана мамлекеттик мекемелердеги намазканаларды жок кылыш керек. Намазды окуй турган жай бул мечит, мечитте окулууга тийиш. Бул жаатта Кыргызстан азыр Түркмөнстандын тажрыйбасын колдонуу керек болуп турат. Мисалы, Түрмөнстанда мамлекеттик кызматта иштеген жаран динге берилип, динди кызматынан жогору койсо ал жумуштан четтетилет. Мамлекеттик кызматта иштебейт. Ошол сыяктуу бизде да динге берилгендер ...

0 717

Сатурндун салмагы, жаш курагы...

Американын NASA космостук агентчилиги Сатурндун атмосферасы менен анын шакектеринин ортосунан учуп өтүү - эң чоң жетишкендик,- деп Би-Би-Си билдирет. “Бул миссия көптөгөн жаңы жана таңгаларлык жаңылыктарды берет,- дейт Франциядагы Медонедеги Париж обсерватоиясынан Атени Кустени мырза. – Сатурндун атмосферасынын курамы, түзүлүшү, динамикасы жана анын шакекчелери жөнүндө кызыктуу маалыматтарды алабыз деп турабыз”. Миссиянын эң негизги тапшырмасы – Сатурндун жана шакекчелеринин салмагын, ошондой эле ...

0 894

№17-кесиптик лицейде «ачык эшиктер күнү» болду

29-апрель 2017, 16:52 Гүлжан Шерипбаева

Эмгек Кызыл Туу Ордендүү, Ленин комсомолунун сыйлыгынын лауреаты, БУУнун адистештирилген ири мекемелеринин бири болгон – ЮНЕСКОго  ассоциацияланган    мектептеринин мүчөсү   № 17-кесиптик лицейде жыл сайын салттуу өтүлүүчү мектептин бүтүрүүчүлөрү үчүн  «Ачык эшиктер» күнү болуп өттү. Ага орто мектептердин бүтүрүүчүлөрү, окуучулар, алардын ата-энелери, иш берүүчүлөр, тигүү ишканаларынын жетекчилери, шаардагы №21, №35, №85-мектептердин жетекчилери, шаардагы №18, №92, №94-кесиктик лицейдин жетекчилиги, өнөктөштөр жана каалоочулар ...

0 726

Памирбек Казыбаев, Алыкул Осмоновду изилдөөчү, тарыхчы, журналист:«Алыкул Осмонов жашаган үй оңдоп-түздөөгө муктаж»

27-апрель 2017, 08:47 Гүлжан Шерипбаева

Памирбек Казыбаев көп жылдардан бери залкар акыныбыз Алыкул Осмоновдун өмүр жолун, чыгармачылыгын тереңдеп изилдеп келе жаткан белгилүү инсандардын бири. Мындан тышкары акындын үй музейин карап, ал жерге баргандарга айтып берген дагы ушул киши. Памирбек байке эч жерден айлык албай бекер иштеген Алыкулдун фанаты деп билебиз. Алыкулдун бул үй музейи мындан 72 жыл мурун салынган экен. Алыкулдун үйү азыр кандай акыбалда ...

0 2996

Кыргыз боз үйү, Космос жана Салижан Шарипов

20-апрель 2017, 02:32 Гүлжан Шерипбаева

2005-жылы кеч күзүндө Москвадагы «Звездный» космонавттардын шаарчасында сегиз канаттуу заманбап кыргыз боз үйү «Космонавттарды даярдоо борборунун» (ЦПК) жанына тигилген. Кыргыз боз үйү Жер менен Ааламды байланыштырган өзүнчө символиканы, философияны түшүндүргөн, көчмөн элдин уникалдуу жашоо образын чагылдырган эмгек. Мунун маанисине терең түшүнгөн космонавттардын пикири боюнча Боз үй бул жер шаары болсо, анын түндүгүнөн көрүнгөн ачык асман бул чексиз космос ааламы. Ошондуктан алар ...

0 3824

Баткен облусунда Айгүл гүлү гүлдөдү

18-апрель 2017, 23:53 Гүлжан Шерипбаева

Баткен облусунундагы Айгүл гүлү гүлдөдү. Учурда жергиликтүү тургундар корукка алып карашат. Аталган гүл, таажылуу келип, узун жалбырактуу, кочкул кызыл, сары түстө. Жакшылап карасаң гүлдүн ичинен шүүдүрүм тамчыларды байкоого болот. Жергиликтүү калк, сүйкөн эки жаштын көз жашы деп айтышат. Таштуу жерлерде өсүп, тамыры терең жайгашат. Илимий тил менен алганда "Петимум Эдуарда" же орусча "Рябчик Эдуарда" деп аталат. Учурда ...

0 2467

Канат Садыков менен Чынара Адамкуловадан башка кадр жокпу?

17-апрель 2017, 08:22 Гүлжан Шерипбаева

Биздин мамлекетте чиновниктерге жыргал да, кызматка бир илиндиңби, ошол тарапта жүрө бересиң да, бир кызматтан алынса, экинчи кызматы даяр. Жакында эле кызматтан алынган Жусуп Баласагын атындагы КУУнун ректору Чынара Адамкулова кызматтан алынды эле, аз өтпөй Дипломатиялык академиянын ректору болуп «кайра жаралып» чыкты. Бу кызыбыз КУУга ректор болуп келгени, аны колдогондор: «Университетибиз эми оңолот, реформа жүрөт, коррупция жоюлат...» деген жакшы- лыктардан оголе көп ...

0 5037

Абдыганы Эркебаевге үлкөндөр үн катты...

07-апрель 2017, 18:02 Гүлжан Шерипбаева

Академик Абдыганы Эркебаев  улуттук илимдер академиясынын  президенттик кызматынан өз калоосу менен  арызын жазды.  Бирок окумуштуулардын көпчүлүгү  анын ишмердүүлүгүн  колдошуп кетирбей коюшту.  Абдыганы Эркебаев  бул кызматта иштөөгө татыктуубу? Кулубек Бөкөнбаев, окумуштуу: “Абдыганы Эркебаев абдан  саясатта тажырыйбасы бар,  адамкерчиликтүү, уюштуруу жагынан мыкты, күчтүү илимпоз” Бир нерсени бийликтегилер түшүнбөй жатышат. 25 жылдан бери  Илимдер Академиясына илимди изилдөө жүргүзүү үчүн бир дагы тыйын төлөнгөн жок. ...

0 1664

Жоомарт Оторбаев академияга президент болобу?

07-апрель 2017, 13:20 Гүлжан Шерипбаева

Атагынан чатагы көп Улуттук илимдер академиясында да абал жакшы эмес. Академияда 31-мартта жалпы жыйын болуп, академиянын президенти болгону кызматкерлердин ыркын кетирип, кутун учурганы айтылып келген Абдыганы Эркебаев иштен кетүү тууралуу арыз жазганын билдирди. Аны өзү деле моюнга алып, академиядагы азыркы абалды мышык ыйлаарлык абалда деп баалап, жаштарга орун бошотуп берүү керектигин белгиледи. Бирок ал ортодо «кошоматка кой сойгондор» ортодон чыга калып, ...

0 6993

Кыргыз гиннес: Сталинге 3 жолу кирген жалгыз кыргыз Төрөбай Кулатов

26-март 2017, 19:45 Гүлжан Шерипбаева

1. Алгачкы кыргыз фантасты Кусейин Эсенкожоев. Анын “Саякатчы бала” китеби 1937¬жылы, “Родинанын уулу” жана “Үчүнчү шар” деген эки китеби 1938¬жылы жарык көргөн. 17-18 жашында катары менен эки жылда үч китеби жарык көргөн башка жазуучу азырынча кыргыз жазма адабиятынын тарыхында кездеше элек. 2. Кыргыз кыз-келиндеринен эң жаш министр болгон Күлүйпа Кондучалова. Ал 22 жашында маданият министри болгон. 40 жыл бою кызматтык номенклатурадан түшпөй, аялдардын ...

0 1617

Инфаркты алдын алган дары сыноодон өттү

20-март 2017, 19:29 Айдар Нуралиев

Окумуштуулар инфаркты жана инсультту алдын алган инновациялык каражат ийгиликтүү сыноодон өткөнүн айтууда. Дарыны сынаган эл аралык тажрыйбага 27 миң киши катышып, тыянагында бул каражат организмдеги зыяндуу холестеринди азайтарын көрсөткөн. Мындай ийгиликтүү иликтөөдөн кийин ал каражат миллондогон кишилер үчүн колдонууга чыгарылат деп айтылууда. British Heart Foundation деп аталган медициналык кайрымдуулук уюму бул тыянактарды жүрөк ооруларынын клиникалык формасы менен күрөшүүдөгү жетишкендик катары баалаган. Дүйнө жүзүндө жыл ...

0 996

WhatsApp жана Telegram'ды бир сүрөт менен чабуул кылса болору болжолдонууда

17-март 2017, 20:22 Бекболот Тажибаев

Нидерландыдагы Check Point программдык камсыздоо компаниясынын блогунда жарыяланган маалымат боюнча WhatsApp, Telegram жана дагы башка шифр коюлган тиркемелерге бир сүрөт менен чабуул кылуу мүмкүн. Компаниянын иликтөөчүлөрү колдонуучу сүрөттү кабыл алып, аны басканда жиберген адам анын телефон китепчесиндеги номерлерин көрүүгө мүмкүнчүлүк алып, аларга да бул сүрөттү жибере аларын аныкташкан. "Аталган тиркемелердин чыгаруучулары чара көрүшсө да, колдонуучуларга тааныбагандардан келген сүрөттү ачпоо сунушталат. Колдонуучу ...

0 2618

Чагылган менен кездешүү тууралуу кызыктуу маалыматтар

15-март 2017, 01:00 Гүлжан Шерипбаева

Чагылгандын «каардуу» мүнөзүнөн башка табышмактуу сырлары көп. Алсак, кандайдыр бир адамга болгон ашыкча «арзуусу» менен да таң калтырып келет. 1950-жылы «Фейд» журналында төмөндөгүдөй баян жарык көргөн. Бир адам 1899-жылы Торонто шаарында (Италия) өз короосунан чагылган тийип өлөт. Туура 30 жыл өткөндөн кийин так эле ошол жерден ал адамдын баласы чагылгандын курманы болот. А 1949-жылдын 8-октябрында чагылгандык кезектеги сапары ...

0 2240

Сүрөт - Марс планетасында жашоо бар...

14-март 2017, 23:25 Гүлжан Шерипбаева

Марс планетасына барып жашагыңыз келеби анда даярдана бериңиз. Тилекке каршы ал жакта жалгыз жашоого туура келет. Албетте бул тамаша деңизчи. Дегенибиз менен ал жакта өсүмдүк бар экени белгилүү. Бирок көпчүлүк илимпоздорго, адамдар, “Ал жакта өсүмдүк  өстүрүүгө болобу?” деген суроолорду берип келишет. Бул тууралуу Nationalgeographic.kz басылымы кеңири маалымат берди. Нидерландиянын экологдору Марс бетиндеги топурак ...

0 1127

 Кыяс Молдокасымов, тарыхчы, мамлекеттик «Манас» орденинин 2-даражадагы сыйлыгынын ээси: "Атамбайдын атасы Шама тууралуу да маалымат ошол документтин арасынан эле чыгып калды"

11-март 2017, 23:56 Айдар Нуралиев

-Кыяс агай, сыйлыгыңыз кут болсун, “Манас” ордени менен сыйлануу ар кимдин эле бактысына буйруй бербесе керек -Рахмат, ошондой бактыга мен туш болуп отурам. Бул менин тарыхчылык кесибинде эмгектенген 30 жылдык аракетимдин жыйынтыгы деп билем. Тарыхчылык мени такшалтты, элге таанылтты. Такшалтты дегеним, тээ союз учурунда айлап, жылдап Москва, Ленинград, Ташкент, Алматы архивдеринде отуруп, көптөгөн жаңы материалдарга туш болдум. Аларды жазып элге жеткирем ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 665

Илон Маск 2018-жылы эки турист Айга учарын жарыялады

02-март 2017, 06:52 Гүлжан Шерипбаева

Америкадагы жеке менчик SpaceX космикалык компаниясы эки кишини Айга алып барып келүү планын жарыялады. Компаниянын негиздөөчүсү жана жетекчиси Илон Маск космикалык кеменин бул жолку жүргүнчүлөрү кесипкөй астронавттар эмес, космоско учууну каалаган туристтер экенин белгиледи. Алар бул үчүн каражат төлөшкөн. SpaceX жетекчиси бул кишилердин ысымдарын атаган жок. Бири-бири менен жакын тааныш кишилер, бирок "Голливуд жылдыздарынан эмес" деди ал. Бул жылы алар медициналык текшерүүдөн ...

0 783

Айдоочусуз башкарылган унаалар чыкты

23-февраль 2017, 13:13 Айдар Нуралиев

Соңку жылдарда айдоочусуз башкарылган унаа чыгаруу өндүрүшү күтүлбөгөндөй прогресс жаратты. Автоунаа каалаган жерибизге өзү эле алып барып, биз болсо өз ишибиз менен алек болобуз деген эми жомок болбой калды окшойт. Албетте, автоунаалар өз алдынча болуп калганы менен транспорт каражатын толук автоматташтырууга али жете элекпиз. Азырынча айдоочунун катыштыгы баары бир зарыл болуп жатат. Бирок бул жакында өзгөрөбү? Bloomberg маалыматына караганда Ford компаниясы айдоочусуз башкарылган ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83