www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ден-соолук
0 323

Рактын биз анчейин көңүл бурбаган белгилери

12-ноябрь 2019, 20:15 Айдар Нуралиев

Учурда канчалык медицина өнүкпөсүн, онкологиялык оорулар адам өлүмүнүн негизги себептеринин бири бойдон кала берүүдө. Эң өкүнүчтүүсү, дарт өзү тууралуу кеч маалымат бергенинде. «Адамдар рактан коркушат, бирок анын алгачкы белгилерин издөөдөн эринишет» дешет онколог-дарыгерлер. Анын сыңарындай, денедеги биз көрүп-билип, бирок эч эле капарыбызга албаган белгилерден улам организмде залалдуу шишиктин очогу бар экенин баамдап, оорунун алдын алууга толук мүмкүн. Ич көбүү ...

0 169

Адамдын организми 24 саат бою иштейт

12-ноябрь 2019, 18:03 Айдар Нуралиев

Түнкү саат бирде: Өзгөчө ушул убакта адам таттуу уйкуда уктап жатса да, организми ар кандай ооруларга сезимтал болот. Болор-болбос дабышка да ойгонушу мүмкүн. Бул тууралуу "“Факты.kg” гезити жазып чыкты.  Түнкү экиде: Боордон башка дененин бөлүктөрү пассивдүү абалда болушат. Боор болсо, так ушул маалда организмдеги ууларды өлтүрөт. Эгерде ушул учурда сизден уйку качып жаткан болсо, эч убакта кофе же чай ичпеңиз. Андан ...

0 999

Биринчи жолу кара терилүү адам бетин алмаштырды

12-ноябрь 2019, 14:38 Айдар Нуралиев

Бетин алмаштырган биринчи кара терилүү адам. Операция 16 саатка созулуп, ага 45 врач катышкан. Мындай маалыматты уккандар поп-король Майкл Жексончу, ал деле бетине операция жасатып, ак терилүү болбоду беле деген суроо туулушу ыктымал. Бирок бул жолу биринчи жолу кара терилүү адамга дал өзүнүкүндөй бет коюлду. Ошентип Калифорниянын 68 жаштагы жашоочусу Роберт Челси биринчи жолу бетин алмаштырган кара терилүү адам ...

0 472

ВИДЕО - Москвалык дарыгер Самат Курманкуловдун абалына так мүнөздөмө берди

Видео 12-ноябрь 2019, 13:57 Аман Аскаров

Кечээ күнү Москва шаарынын реабилитациялык борборлорунун биринде дарылануусун улантып жаткан Чүй ОИИББнин башчысы Самат Курманкуловго Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев барып, президент тарабынан ыйгарылган “Эрдик” медалын колуна тапшырып келген. Курманкулов дарыланып жаткан борбордун башкы дарыгери Татьяна Шаповаленко бейтаптын абалы тууралуу Коомдук биринчи каналдын журналисттерине төмөндөгүлөрдү айтып берди.  “Бейтап учурда акырындык менен басат, көнүгүүлөрдү өз алдынча аткарууга дарамети жетет. Өзү отурат, турат, ...

0 143

Жаш кан адамды жашартабы?

12-ноябрь 2019, 13:11 Айдар Нуралиев

Калыбы, америкалык окумуштуулар жашартуу үчүн улгайган кишилерге жаш кан куйган. Орто кылымдагы ыкманы эми эстешти көрүнөт. Алар жаш бойдон калсам дегенде ак эткенден так эткен кардарларга өздөрүнүн кызматы 8 миң доллар эле турарын билдиришет. Экспериментаторлордун ишендирип айтканына таянсак, эгерде организмге дайыма ден соолугу чың, жаш адамдын донор каны куюлуп турса, анда ал 10-20 жылга жашарат имиш. Анткен менен классикалык ...

12-ноябрь 2019, 13:11 | 143
0 182

Күнболот Момоконов: "Ата-бабалардын наалаты, Жер Эне ыйы, Жараткандын жакшы көрбөс кусуру күчтүү болоор"

12-ноябрь 2019, 12:34 Айдар Нуралиев

ТАЛАСТЫ ТАЛКАЛООНУН ТАРЫХЫЙ КҮНҮ Таластагы Жерүй кенинде алтын казуу аракетинин башталышы катары биринчи жардыруу ишин ишке ашырды. Бул күн Таластагы таза аймакты, касиеттүү Манас атабыздын ыйык жерин, Айтматовдун апачык ааламын талкалоонун биринчи күнү. Эл ойлобос эрендердин башкы байлык Эл, алардын саламаттыгы, балдардын келечеги таза экология, таза шыңгыр суу экенин түшүнбөгөндүктөрүнүн тарыхый күнү. Улам мурунку акылсыз бийлигинин кетирген кемчилигинин айынан, ...

0 282

"Эрдик" медалынын ээси өз алдынча басып, сүйлөй баштады

11-ноябрь 2019, 12:00 Аман Аскаров

7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылынан мажбурлоо түрүндө тергөөгө алып келүү операциясы учурунда башына таш тийип кийин комага түшүп, андан ары дарыланууга Москвага жөнөтүлгөн Чүй ОИИББинин башчысы Самат Курманкулов өз алдынча сүйлөп жана баса баштады. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиргендей, Курманкулов акырындык менен басып, айрым көнүгүүлөрдү жасап калды. Андан сырткары, буга чейин Самат Курманкулов үн ...

0 128

 Күзгү депрессияны эмнелер чакырат? Мелатонин, серотонин, дофамин

11-ноябрь 2019, 11:03 Айдар Нуралиев

Жыл мезгили менен адамдын маанайынын кандай байланышы бар деп ойлойбуз. Албетте, кээ бир сезимтал адамдардын жашоосунда бул абдан чоң ролду ойноору белгилүү. Мисалы, жаздын келиши менен бак-дарак гүлдөп, аба ырайы дагы жылуу болгонго жан дүйнөң жаңыланып, көңүл да көтөрүңкү болот эмеспи. Ал эми күз келери менен күн сууктап, эки күндүн биринде жамгыр нөшөрлөп жаай берет. Ошондуктан күз мезгилинде адамдардын ...

0 655

«Байкалбаган инфаркт» кандай болот?

10-ноябрь 2019, 17:06 Айдар Нуралиев

Көкүрөгүбүз сайгылашып, кан басым көтөрүлүп, дем кыстыгуу… Болжолу биздин инфаркттын белгилери тууралуу элестөөбүз ушундай болсо керек. Жүрөк кармап калган учурдагы башка белгилер — колдогу, моюндагы оору, баш айлануу, муздак тер. Бирок ар дайым эле ушундай боло бербейт. Окумуштуулар мындай белгилер байкалбаган дагы инфаркт болорун көрсөтүүдө. Гарвард университетинин окумуштуулары мындай учурлар дарыгерлер болжогондон дагы көп болорун айтып чыкты. Жүрөктөн приступ ...

0 383

Бий алманын пайдасын билесизби?

10-ноябрь 2019, 15:01 Айдар Нуралиев

Бий алманын пайдалуу касиеттери жөнүндө кеп кылчу болсок, элдик медицина эске түшөт. Анын мөмөсү боор, ашказан, көк боор, радикулит жана ревматизм ооруларын дарылоодо кеңири колдонулат. Бий алманын курамында картаюунун алдын алуучу заттар, стресс менен күрөшуүдө чоң мааниге ээ антиоксиданттар бар. Пектин жана тамак-аш булалары организмди оор металлдардан жана зыяндуу заттардан, ашыкча холестеринден арылтат. Тамак сиңирүүнү жакшыртат. Бий алманын курамында ...

0 1895

СҮРӨТ - Мелис Турганбаевдин авторитетин "полго" кимдер түшүрдү? Көрүңүз!

11-ноябрь 2019, 10:58 Аман Аскаров

Генерал Мелис Турганбаевди билбеген адам жок го чиркин. Шаардык милийсаны башкарды, республикалык милийсаны башкарып, ички иштер министри болду. Андан кийин ушул жылдын февраль айынан тартып жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси болду. Жакында Грузияда ардагерлер арасында күрөш боюнча финалдык беттеште америкалык атаандашын жеңип, дүйнө чемпиону дагы болду. Эми эмне дейсиңер? Ушундай даражалуу адамдын сүрөтү чапталган арак ...

0 530

Көк чай менен кара чайдын канчалык айырмасы бар?

10-ноябрь 2019, 13:36 Айдар Нуралиев

Айрымдар алар эки башка жалбырактан жасалат деген да ойдо жүрүшү мүмкүн. Бирок көк чай менен кара чай бир эле жалбырактан чогултулуп, иштетүүдө гана бөлүнөт. Кара чай кантип пайда болот? Ал табигый шартта, күндүн, шамалдын жана нымдуулуктун негизинде өзгөрүп, кара түскө ээ болот. Ал эми көк чай жашыл кезинде чогултулуп, ачуу ысык бууга кармалып, кычкылдануу процессинде чай көк-жашыл өңдү кармап ...

0 2783

ВИДЕО - Уят сөздөр бар! Көрсөң эми бооруң эзилет. Аюу аңчылардын унаасын...

Видео 09-ноябрь 2019, 14:20 Аман Аскаров

Ар бир эркек өмүрүндө балык уулоого же аңчылыкка чыкса керек. Албетте, андай “иш чарага” баргандар чоң олжо менен кайткылары келет эмеспи. Кээде күтүлбөгөн кырдаал дагы жаралышы толук мүмкүн. Жашоо ошону менен кызыктуу балким. Төмөндөгү видеонун каармандары дагы аң уулоого чыккандыр. Бирок, алардын планын күтүлбөгөн жерден пайда болгон аюу бузуп койгон сымал. Кыскасы, тасманы көргөнү дагы көрбөгөнү дагы арманда. Булак: ...

0 238

Асыл таштар ден соолукка кам көрөт. Алмаз, топаз, янтарь, малахит...

09-ноябрь 2019, 12:32 Айдар Нуралиев

Агат – калкан бездин иштешин жакшыртат. Дем алуу, тамак сиңирүү органдарындагы вирустарды өлтүрүп жок кылат жана жүрөк, кан-тамыр, муун системаларын калыпка келтирет. Жөтөлгө да пайдасы зор. Радиациядан эң мыкты коргойт. Алмаз – зат алмашууну, мээдеги кан айланууну калыпка салат. Дене табын түшүрүү касиетине ээ, ошондой эле алсыздануудан, чарчап-чаалыгуудан арылтат. Бирюза – эң күчтүү табигый таш болуп эсептелет. Анткени ал ...

0 741

4 жылдан бери шаурма жасаган ашпозчу өзүнүн иштеген жеринин былыктарын айтты

08-ноябрь 2019, 13:10 Айдар Нуралиев

Onliner  YouTube программасына келген ашпозчу бет кап кийип алып иштеген жеринде  кандай былыктар болоорун ачык айтып берди. Ал өз сөзүндө буларга токтолду: “шаурма жасаган жерлердин көпчүлүгү  санитардык талаптарга жооп бербейт. Мен бул жумушка 1 жыл иштегенден кийин, санитардык китепчемди алганмын. Азыркы учурда баардык нерсени акча чечип калган. Көпчүлүк шаурма жасаган жерлерде 3 киши эле иштейт, алар көп нерсеге үлгүрүшпөйт, ...

0 283

Эмне үчүн эркектер отуруп заара кылышпайт?

07-ноябрь 2019, 14:57 Айдар Нуралиев

Азыркы кезде ар кандай оорулар көбөйүп кетти. Мунун баары экологиядан, аба булганды, тамак-ашта химиялык заттар көп деген эле адамдар. Балким башка себеби бардыр. Биз бул боюнча өзүбүздүн көз карашыбызды окурмандардын алдына коюп көрөлүчү. Адамдар простатит (шейшеби бекип калуу), Аденома простаты (туттугуп калуу), импотент (букан), подагра (муундардын оорусу), гепатит А,В,С,Е (сарык, Боткин оорусу) жана кант диабети жана бөйрөк оорулары менен ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 136

Жерге “өзгөчө кырдаал” жарыяланды

07-ноябрь 2019, 14:49 Айдар Нуралиев

Дүйнөлүк коомчулукка  11 миңден ашуун окумуштуулар менен экологдор кайрылуу жасашты. Алар Жер планетасында “өзгөчө кырдаал” жаралганын жана климаттык кризис келгенин, анын тезирээк алдын алуу керектигин билдиришти. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.   Окумуштуулардын айтымында, эгер жакынкы арада абага көмүр кычкыл газын чыгаруунун көлөмүн кыскартпаса, адамзаты азап чегүү алдында турат. Алар 40 жылдык климатты изилдөөсүнүн жыйынтыгына карап мына ушундай ...

0 210

Кыргызстанда биринчи аудиолог бөлмөсү ачылды

06-ноябрь 2019, 17:19 Айдар Нуралиев

Кыргызстандагы алгачкы аудиологдун бөлмөсү 4-ноябрда Октябрь районунун Бириккен Үй-бүлөлүк медициналык борборунда ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, иш-чара КР Саламаттык сактоо министрлигинин, КР Билим берүү жана илим министрлигинин, КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин, "Сорос Кыргызстан" фондунун өкүлдөрү, сурдологдор, сурдопедагогдор, кохлеардык импланты бар балдардын ата-энелеринин катышуусунда өттү. Аудиологдун бөлмөсү  Кыргыз республикасынын кохлеардык импланты бар ...

0 560

Бойго бүтүрбөөчү каражаттар. Кайсынысы ишенимдүү?

06-ноябрь 2019, 17:12 Айдар Нуралиев

Үй-бүлөнү пландаштыруу, күтүүсүз бойго бүтүүдөн сактануу – бул контрацепция. Бүгүнкү күндө кош бойлуулуктан сактануунун ар кандай ыкмалары жана каражаттары бар. Акушер-гинеколог Гүлзина Мадраимова бойго бүтүрбөөчү каражаттар тууралуу айтып берди. Универсалдуу- презерватив Презерватив- бойго болтурбоо каражаттарынын эң универсалдуусу. Презервативдин ден-соолукка зыяны жок. Күтүүсүз кош бойлуулуктан сырткары ВИЧ сыяктуу жыныстык жактан жуугучу түрдүү оорулардан сактайт. Жаштарга ылайыктуу, арзан, жетиликтүү жана колдонууга ...

0 195

Жугуштуу оорулар көбөйдү. Канткенде ооруну жуктуруп албайсыз?

06-ноябрь 2019, 17:10 Айдар Нуралиев

Октябрь айынан баштап, суук түшкөн мезгилде курч мүнөздөгү респиратордук оорулардын  күч алышы белгилүү. Мына ушундан улам, азыркы тапта Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында бейтаптардын саны көбөйгөн. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Жетекчиликтин айтымында, бир күндө орто эсеп менен 200 дөн ашык адам кайрылса, алардын  100гө жакыны  кеңеш алуу же амбулатордук дарылоо менен чектелишет. Демек, бул  жарандардын көбү   жашаган  ...

0 1265

Боорду тазалап, майды эриткен үч суусундук

06-ноябрь 2019, 16:10 Айдар Нуралиев

Биздин организм тез даярдалуучу тамак-ашты колдонгондо сиңире албай абдан кыйналат экен. Анын ичинде боор жабыркайт. Ошондуктан маал-маалы менен тазалооочу процедураларды аткаруу зарыл. Төмөнкү үч суусундук боорду тазалап, организмде топтолгон май калдыктарын жана токсинди чыгарат деп айтылат. Бул тууралуу "Шамбала" гезити жазып чыкты.   1. Жарым лимон, бир болгар калемпири, бир алма, бир бадыраңдын согун сыгып алып тургузбай ичүү керек. Эгер ...

0 138

Пайдалуу кеңеш: Эми сизге чач үчүн чайлардын түрүн сунуштайбыз

06-ноябрь 2019, 16:04 Айдар Нуралиев

1. Бир аш кашык көк чайды эки стакан кайнак сууга жарым саат тыныктырып чыпкалап алып жуулган чачка кайра-кайра сүйкөлөт. Андан кийин чайкабай эле коюңуз. Көк чайдан даярдалган кондиционер чачты жибектей жылмакай жана жумшак кылат. Бул тууралуу "Шамбала" гезити жазып чыкты.  2. Майлуу чач үчүн чайкоочу каражат. Бир стакан коюу демделген кара чайга бир стакан эмендин кабыгынан даярдалган тундурма менен ...

0 1035

Кан коюу болгону коркунучтуубу, эмне кылуу керек?

06-ноябрь 2019, 15:54 Айдар Нуралиев

Айрымдар кан коюу болгондо суюлтуунун табигый жолун билишет. Анткени кан коюу болгондо кан айлануу жайлап, ички органдар, мээге кычкылтек жетпей калат. Балким тромб пайда болушу да мүмкүн. Кан айлануу нормада болушу үчүн жөнөкөй кеңештерди билип алуу зарыл. Бул тууралуу "Шамбала" гезити жазып чыкты.  1. Сууну көп ичүү керек. 85 пайыз адамдар сууну аз ичишет. Бул жерде сөз табигый суу ...

0 444

Пайдалуу кеңеш: Жашартуучу кремдин курамы

06-ноябрь 2019, 15:33 Айдар Нуралиев

70 жаштагы айымга айланасындагылар дайыма 55 жаш беришет эле. Бирок ал айым жаштыктын сырын жашыргандардан эмес экен. Үй шартында аткара турган бырышты жазып, беттин терисин азыктандырып жылмакай көрсөткөн, жаштыктагыдай тамылжыган жүздү сактоонун сырын дайыма эле айта берет, болгону ага ишенип жасап көргөндөр аз болгон. Ишеним менен жасап көрүңүз.! Крем үчүн керек: бир аш кашык бал, бир чай кашык вазелин, ...

0 309

Чөп-чардын пайдасын териштиребиз!

06-ноябрь 2019, 14:32 Айдар Нуралиев

1. Базилик - эң мыкты вируска каршы каражат, мындан сырткары жөтөлдө, астмада, иммундук системаны чыңдоодо пайдалуу. Курамында С витамин жана камфен, эвенгол, цинеол деген эфир майлары бар үчүн табигый антибиотик деп эсептелет. Байыртадан эле инфекцияга каршы каражат экени бааланып, тундурма менен оозду чайкашкан. Дагы жеңил заара айдап чыгаруучу каражат катары кандагы заара кислотасын бөлүп чыгарып бөйрөктү тазалайт. 2. Кинза ...

0 240

Кундуздай кулпурган олоң чач үчүн аз акча коротосуз...

06-ноябрь 2019, 14:14 Айдар Нуралиев

Чач түшүп жатканда жакында таз болуп каламбы деген коркунуч болбой койбойт. Мындай күнгө туш болбос үчүн чач түшкөнүн байкаган күндөн баштап кам көрүүнү унутпайлы. Каалоо болсо кеңеш даяр. Ал үчүн үч аш кашык ромашканын кургатылган гүлү, үч аш кашык лавр жалбырагы жана 100 грамм суу керек. Кайнак сууга ромашка менен лавр жалбырагын салып үч саат тыныктырып, чыпкалап алып чачтын түптөрүнө ...

0 152

Сасык тумоо жана вирустук оорулардын республикадагы эпидемиологиялык абалы

06-ноябрь 2019, 12:55 Темирлан Келдибеков

2019-жылдын 44-жумасында, 28-октябрдан  4-ноябрга чейин курч респиратордук вирустук инфекциялар боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу. Өткөн 43-жумага салыштырмалуу  1,8%га төмөндө инт.көрсөткүч 55,4 түздү  (3503 учурга салыштырмалуу 3439 учур катталды). Ал эми былтыркы жылдагы 44-жумага салыштырмалуу 10,1%га төмөн катталды (2018-ж. 44-жумада инт.көрсөткүч 60,5 түзгөн). Бул тууралуу КР саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан сасык тумоого каршы 150 ...

0 1099

Жыныстык катнашта болгон эмесмин, бирок тез дүүлүкчү болдум. Бул нормалдуубу?

02-ноябрь 2019, 17:03 Айдар Нуралиев

Окурмандын суроосу: - Ассалам алейкум. Жашым 22де, бойдокмун, жыныстык катнашта болгон эмесмин. Негедир акыркы кезде болбогон эле нерселерге дүүлүгө турган болдум. Өзүмдү өзүм эч качан канааттандырбайм. Бойдок эркек үчүн бул нормалдуубу? Же ден соолугумда кандайдыр бир көйгөй барбы? Адистин жообу: Азат Бейшенов, уролог: - Алейкум ассалам. Бойдок эркектер үчүн мындай өзгөрүүлөр күтүлгөн нерселер. Жыныстык катнаш башталгандан кийин ...

0 536

Карылыкты тездетүүчү күнүмдүк адаттар

02-ноябрь 2019, 14:03 Аман Аскаров

Баарыбыз эле 60-70 жаш курагыбызда деле жаш көрүнүүнү кыялданабыз. Тилекке каршы, бул кыялыбыз дайым эле иш жүзүнө аша бербейт. Өз жашыбыздан улуу көрүнүүгө биринчи кезекте өзүбүз калыптандырган адаттар күнөөлүү. Ал адаттар кайсылар? Бул тууралуу Аймээрим Курбаналиевдин пайдалуу кеңешине көңүл бурсак. Бир убакта бир нече ишти башыңызга үйүп аласыз. Көп адамдар бир нече ишти бир маалда аткаруу жакшы деп ойлошот. Мындай адатыңыздын ...

0 192

ФОТО: Футболчу Дурак. Өмүр баянындагы кызыктуу жагдайлар

02-ноябрь 2019, 13:50 Алтын Булат

Түркиянын Нигде шаарында (ред. орусча түшүнүк, Нигде - эч жерде) 1987-жылдын 1-апрелинде төрөлгөн футболчунун бар экенин билчү белеңиз?.. Албетте, бул алгач тамаша сыяктуу сезилет. Бирок, андай эмес. Ишенбесеңер төмөндөгү сүрөттү карасаңар, же бул тууралуу “Гуглдан” "сурай калсаңар" эле чын экенине ынанасыңар. Бул жигиттин “Википедиядагы” өмүр баянында мына ушундай кызыктуу жагдайлар бар экен. Абдулла Дурак — түркиялык футболчу, «Ризеспор» клубунун ортоңку ...

0 165

Оорулууга жан кайгы, дарыгерге пул кайгы

24-октябрь 2019, 16:33 Алтын Булат

Кыргызстандын баш мыйзамында “медицина бекер” деп жазылганы менен, ал гүлдөгөн бизнеске айланганы анык. Бул маселени парламенттин бүгүнкү 24-октябрдагы “Ар түрдүү маселелер” жыйынында депутат Максат Сабиров да айтып чыкты. - Мына бизге миңдеген каттар келип жатат. Депутаттардан жардам сурап атышат, “операцияга акча бергиле, саламаттыкты сактоо кызматына жазып кичине арзандатып бергиле” – деп. Бирок биздин айлабыз кетип билбей жатабыз. Кайсы тариф ...

0 617

Жөтөлгө каршы эң жеңил пюрени үй шартында жасайбыз

23-октябрь 2019, 11:11 Айдар Нуралиев

Кыш жакындап, күн сууктай баштаганда, сасык тумоо оорусу күч алат. Сасык тумоо менен ооруп, жөтөлүп калган учурда кымбат дары-дармекке акча коротуп отурбастан, жөнөкөй эле үй шартында колдонуп жүргөн азыктардан сироп жасасаңыз болот. Ал үчүн болгону 0,5 кг сабиз менен 3 же 4 кашык бал керектелет. Сууга бышкан сабизди майдалап пюре кылып  аласыз дагы, ага балды кошосуз даяр болгон сиропту ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 315

Арыктоо үчүн туура тамактануу

20-октябрь 2019, 15:54 Айдар Нуралиев

Туура тамактануу – бардык оорулардын алдын алып, ден соолугуңузду чыңдайт. Туура тамактануу – канчалаган диеталарды кармап, бирок арыктай албай жүргөн болсоңуз, арыктоого шарт түзөт. Кыскасы, туура тамактануу – сиздин узак жашооңуздун кепилдиги. Тоок пирогу Кандай азыктар керек? Тооктун төш эти: 500 г Кефир: 1 стакан (200 мл) Жумуртка: 1 даана Катуу сыр: 100 г Туз, мурч Кантип жасалат?

0 1652

ВИДЕО - Күнүмдүк колдонулган памперстен курт чыкты

Видео 15-октябрь 2019, 10:44 Айдар Нуралиев

Социалдык түйүндөрдө памперстин ичинен курттар чыккан видео таркады. Тасмага таяна турган болсок, аталган окуя Казакстанда болуп өткөн.  Кыска тасмада, белгисиз казак жарандары балдар жалаягын кайчы менен кескенде  ичинен майда курттар чыгып жатканын көрүүгө болот. Окуя качан, кайда болгону тууралуу азырынча так маалымат жок. Тасма Фейсбук социалдык тармагына 24 саат мурун жүктөлгөн.  Булак: NazarNews.kg

0 306

КАТАРАКТА ДАРЫЛОО: Чечекей бир гана жолу алмаштырылат

13-октябрь 2019, 11:51 Айдар Нуралиев

Катарактанын баштапкы, жетиле элек, жетилген жана өтүшүп кеткен стадиялары бар. Алгачкы 3 стадиясында операция жолу менен дарылап айыктырууга болот. Өтүшүп кеткен катарактада чечекейдин кабыкчаларынын булачалары сүт өңдөнгөн суюктукка айланып жумшарып кетет. Чечекейдин ядросу тереңге чөгүп, ошол суюктукта ары-бери жылып калат. Оорунун бул түрүндө көрүүнү калыпка келтирүүгө мүмкүн эмес.    Баштапкы катарактада атайын көз айнек же линза тагынуу сунушталып, тамчылатуучу ...

0 311

Жатын моюнчасынын эрозиясынан 2 аптада сакайса болот

12-октябрь 2019, 19:31 Айдар Нуралиев

Эрозия жатын моюнчасынын былжырынын жаракатка кабылуусу. Тагыраак айтканда, жатын моюнчасынын жарасы. Жара ачык кызыл түстө жана тоголок формада болуп, диаметри 2 миллиметрден 2 сантиметрге чейин жетиши мүмкүн. Оору көбүнчө билинбей өтөт. Болгону, кээде жыныстык катнаш учурунда оорутууну жаратып, азыраак канашы мүмкүн. Жара пайда болгондон кийинки 2 апта ичинде дарылап жок кылуу керектелет. Эгер аял дарыланбаса же чала дарыланып, жара ...

0 766

Саламаттыкты сактоо министрлиги: “Бейтап ооруканадан улам качып кетип жатат”

10-октябрь 2019, 15:14 Айдар Нуралиев

"NazarNews.kg" сайтына ушул жылдын 8-октябрында «АБАЙЛАҢЫЗ СҮРӨТ - Космосбек Чолпонбаев жада калса тыйыны жок бир адамды айыктыра албайт анан кантип министр?» деген аталыштагы маалымат жарыяланган болчу. Анда Бишкек шаарындагы №4 ооруканада жаткан оорулуу тууралуу сөз болгон. Аталган ооруканада 3-даражадагы күйүк менен дарыланып жаткан 26 жаштагы жигитти дарыгерлер карабай жатканы айтылган. “Сестра Земли” аттуу Фейсбук колдонуучусунун билдиришинче, акчасы жок болгондуктан ...

0 259

Кытайлык окумуштуулар картайтпоочу жемишти аташты

02-октябрь 2019, 10:45 Айдар Нуралиев

Кытайлык окумуштуулар картаюуну жайлата турчу жемишти атады. Зат алмашууну жакшыртып, клеткалардын жаңыланып турушу үчүн экзотикалык архат жемишин жеш керек. Анын мөмөсү организмди жашартуудан тышкары жөтөлдү жана баш ооруну да айыктырат. Архаттан сырткары авокадо, кокос, балык, брокколи, жаңгак жана жер-жемиштер да өмүрдү узартат. Архат – бул ашкабактар түркүмүндөгү көп жылдык чөп түрүндөгү лиана. Мекени – Түштүк Кытай жана Түндүк Таиланд. ...

0 1160

Сизге кирне кирди беле? Оозуңузду чоң ачып эсингенде кирне бастырып көргөнсүзбү?

30-сентябрь 2019, 09:26 Айдар Нуралиев

Кыргыздарда ден соолукту сакайтуучу ырым-жырымдар көп. Алсак көпчүлүк адамдар оозун чоң ачып, эсинип, башы айланып кусуп калганда, ата-энелерибизи "кирне кирип кеткен окшойт, кирнечиге бастырып кел" дешет. Кирнечи өз ырым-жырымдарын жасагандан кийин заматта сакайып, өзүнө келе калган инсандар толтура. Айрымдар бул көрүнүшкө ишеним көрсөтпөй сыр бербегени менен ишенбеске арга дагы айла дагы жок. Бүгүн биз, академик, парапсихолог, эниоинженер Лариса Асанбекованын кирне тууралуу макаласын ...

0 307

Тажикстанда төрөттүн саны азайтылат

27-сентябрь 2019, 12:23 Алтын Булат

Тажикстандын калкынын саны 9 миллион. Бирок алар төрөттүн санын кескин азайтуу кадамына өттү. Бул калктын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу эмес. Расмий бийлик мунун себептерин айымдардын ден соолугуна кам көрүү катары баалайт. Ал эми айрым адистер маселенин түйүнүн ал өлкөдөгү басымдуу болгон жакырчылыкка байлашууда. Маселе медицинанын жардамы менен чечиле турган болду. Бул тууралуу Тажикстандын саламаттыкты сактоо министрлиги билдирген маалыматтарга таянсак, катары ...

0 273

Үйгө кедейчиликти чакырган эң коркунучтуу бөлмө гүлдөрү

23-сентябрь 2019, 13:53 Айдар Нуралиев

Жакында окумуштуулар тобу көптөгөн изилдөөлөрдү жүргүзүп көрүп, бардык эле үй өсүмдүктөрү коопсуз жана ден соолукка пайдалуу эмес экендигин аныкташты. Белгилүү болгондой, флораны сүйүүчүлөрдүн үйлөрүндө уулуу гүлдөр да бар экен. Мына ошол уулуу гүлдөрдүн эң коркунучтууларын атайбыз. 1. Цикламен (персиялык) Эң уулуу бөлүгү - бул өсүмдүктүн уругу жана тамыры. Булардын жаңы ширеси кычыштырууну же теринин сезгенүүсүн пайда кылышы мүмкүн. 2. ...

0 923

СҮРӨТ - Индиянын тургуну мүйүзүн кестирди

18-сентябрь 2019, 12:54 Айдар Нуралиев

 Индиянын тургуну мүйүзүн кестирди. Анын башына “Шайтандын мүйүзү” деп аталган 10 сантиметрдей болгон мүйүз чыгып алган. Беш жыл мурун ал башын уруп алгандан кийин мүйүз чыга баштаган экен. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты. 74 жаштагы Шьям Лал Ядав мурда чач тарачтарга эле кыскартып жүрө берчү экен да, акыры хирургдарга жардам сурап кайрылганга аргасыз болгон. Индиянын Сагар шаарынын дарыгерлери ...

0 269

Организмди тез картайтуучу азыктар

18-сентябрь 2019, 08:35 Кызгалдак Жакыпова

Организмдин картаюусу – качып кутулууга мүмкүн болбогон процесс. Ошондой болсо да убакытка караганда жашоо образыбыз, зыяндуу адаттарыбыз биздин карылыгыбызга көбүрөөк салым кошот. Тез картаюунун негизги себептеринин бири – зыяндуу тамак-аш. Алардын айрымдары сырткы көрүнүшүбүзгө таасир этсе, айрымдары ички органдардын картаюу процессин тездетет. Ал азыктар кайсылар? УГЛЕВОДДОР Торт, булочка сыяктуу таттуу азыктар, газдалган суусундуктар жана ун азыктары углеводдуу азыктар болуп ...

0 940

Балээ болду. Эми помидор да жей албай калабызбы?

16-сентябрь 2019, 17:08 Нурбек Айдар

Стивен Гандри аттуу америкалык кардиолог “Өсүмдүктөрдүн парадоксу” аттуу китебинде көптөгөн витамин жана минералдар болгонуна карабастан помидорлор ден соолукка зыянын тийгизиши мүмкүн деп жазган. Адистин айтымына караганда, помидорлордо адамдын ден соолугуна олуттуу коркунуч келтире турган заттар да бар. Сөз өсүмдүктөр зыянкечтерден коргонуу үчүн бөлүп чыгара турган лектиндер жөнүндө болуп жатат. Кардиологдун ырасташынча, дал ушул лектин организмге кирген соң, зыяндуу бактерияларды ...

0 273

Мезотерапия – таз болуунун алдын алат

15-сентябрь 2019, 13:17 Кызгалдак Жакыпова

Кулпурган чач ар бир аялдын сыймыгы. Бузулган аба ырайы, стресс, экологиялык жактан таза эмес азыктар, туура эмес жашоо образы чачтын өсүүсүн жайлатып, тамырын алсыздандырат. Замандын талабына жараша учурда мезотерапия ыкмасы жакшы өнүгүүдө. Бул терапия кандай жасаларын борбордогу “Асем bеаuty” сулуулук салонунун дарыгер-косметологу Айтунук Оморова айтып берди. --Айтунук, сулуулуктагы мезотерапия ыкмасы тууралуу кененирээк айтып берсеңиз?  --Мезотерапия — бул хирургиялык эмес, ...

0 288

Ангинадан абайлаӊыз…

14-сентябрь 2019, 10:07 Кызгалдак Жакыпова

Азыркы мезгилде 3 кишинин бири ангина оорусунан жапа чегип, тамагы ооруп, тамак бездери шишип суудан башка тамак иче албай, ар кайсы дарыларды ичип жүрүшөт. Ал оорунун эмнеден улам пайда болоорун, дарылоо жолун жана алдын алууну бул макаладан окуӊуз. Ангинадан жүрөк, бөйрөк жабыркайт. Ангинадан  муундар, жүрөк, кулак, бөйрөк, лимфа түйүндөрү жабыркайт. Анда негизинен, бадам сымал без сезгенип жабыркайт. Ангина — ...

14-сентябрь 2019, 10:07 | 288
0 156

Кандай адамдарга балык жегенге болбойт?

13-сентябрь 2019, 10:09 Нурбек Айдар

Сельдь – пайдалуу касиеттеринин көптүгү боюнча мактана ала турган уникалдуу балык. Бирок, ошого карабастан аны пайдаланууда айрым каршы көрсөтмөлөр да бар. Көпчүлүгүбүз бул балыкты туз менен пайдаланабыз, мындайча айтканда, туздалган балыкты жейбиз. Ошондуктан аны этияттап жеген туура, себеби, болгону 1 грамм туз эле 100 миллилитрге чейин суюктукту чыгарбай кое алат. Ошондуктан дарыгерлер гипертониктерге жана бөйрөк оорулары менен ооруган адамдарга ...

0 1096

Алма уксусу жүзүӊүздү аппак кылат…

13-сентябрь 2019, 07:57 Кызгалдак Жакыпова

Жүздүн эстетикалык көйгөйү ар кайсы жаш куракта, ар кандай себептер менен пайда болот: гормоналдык бузулуу, ички органдардын иштөөсүнүн бузулушу, дерматологиялык оорулардын жыйынтыгында. Болбосо, бетибиз келишимдүү, чырайлуу болуп турганын ким каалабасын! Натуралдуу алма уксусу- колго жасалган миңдин дабасы. Ал беттеги тактарга, майда бырыштарды кетирүүгө жакшы. Элдик тажрыйба менен жасалган алма уксусун үй шартындагы косметикага  колдонууну сунуштайбыз. Алма уксусун кантип колдонууга ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 223

Жалал-Абад: Жугуштуу ооруулардын алдын алуу аракеттери көрүлүүдө

11-сентябрь 2019, 16:22 Кызгалдак Жакыпова

Эпизотияга каршы жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарын, жапырт ууланууларын жана анын таркап кетишинин алдын алуу максатындагы иш аракеттер күчөтүлөт. Бул багытта Жалал-Абад шаарынын аймагындагы менчигинин түрүнө карабай мал союлуучу жайларда түшүндүрүү иштери жүрдү. Ага шаардын вице-мэри Руслан Алтымышев жана тийиштүү тармактардын адистеринин катышуусунда аталган жайлардын санитардык тазалыгы, белгиленген эрежелердин сакталышы каралды. Жеринде жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн алкагында кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча эскертүүлөр берилип, ...

0 188

Окумуштуулар эң коркунучтуу кан тобун аныкташты

11-сентябрь 2019, 15:20 Алтын Булат

Гарвард университетинин окумуштуулары изоантигендер тутумундагы AB (IV) – кан группасы эң коркунучтуу деген жыйынтык чыгарышты. Алардын изилдөөсүндө белгилүү болгондой, бул чанда кездешчү төртүнчү топтогу терс канды алып жүрүүчүлөр, онкологиялык оорулар менен башкалардан көбүрөөк жабыр тартышат. Статистика боюнча, мындай топтогу канды алып жүрүүчүлөр дүйнө жүзүндөгү элдердин 8 пайызын түзөт. Иликтөөлөргө ылайык, алардын чандасы гана балалуу болуу рахатын татышат жана бала жаралган ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83