www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ден-соолук
0 72

Йога депрессиядан чыгарат

22-ноябрь 2019, 16:51 Бакыт Молдалиев

Окумуштуулар депрессия менен жабыркаган 30 адамдын ден-соолугуна 90 күн байкоо жүргүзүп, йога менен алектенүү депрессияга жардам берерин аныкташкан. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Маалыматка караганда, Бостон университетинин алдындагы медицина мектебинин окумуштуулары йога менен машыгуу жана дем алуу көнүгүүлөрүн жасоо аз убакыттын ичинде депрессия, санаркоодон арылууга жардам берерин аныкташты.  Адистер үч ай ичинде клиникалык депрессия менен жабыркаган 30 кишинин ден соолугуна ...

22-ноябрь 2019, 16:51 | 72
0 122

Борбо кызы Рабия, табып: "Табыпчылык менен көзү ачыктын айырмасы чоң"

22-ноябрь 2019, 16:53 Айдар Нуралиев

Жыйырма алты жылдан бери табыпчылык менен алектенип, тамыр кармап бейтаптарга шыпаа берген Рабия айым менен маек. - Рабия айым, канча жылдан бери табыпчылык менен алектенип келесиз? - 1995-жылдан баштап ооруган адамдарды көрө баштадым. Ошондон бери түрдүү оорулууларга шыпаа берип, колдон келишинче сыркоолордун оорудан сакайып кетишине жардам берип келем. Эл көрүп, табыпчылык менен алектенгениме быйыл жыйырма алты жыл болуп ...

0 147

ТАГДЫР: "Бир бөйрөгүм жок, доктурлардын каршылыгына карабай 2 бала төрөдүм"

22-ноябрь 2019, 16:11 Айдар Нуралиев

Ичкиликтин запкысын менчелик тарткан жан жоктур Бир бөйрөгүм жок. Оорунун азабынан эрте жашымда эле алдыргам. Алсызмын, ага карабай турмушка чыгып 2 балалуу болдум. Улам-улам ооруй берип кайын журтумду, жолдошумду тажатып алсам керек, акыркы убактарда жолдошум "Сенден тажадым, оорукчан аял багам деп өмүрүм өттү" - деп көп айта турган болуп калды. Сыркоолой берет дешпесин деп, доктурлардын каршы болгонуна карабай бир ...

0 198

ВИДЕО - Төбө чачың тик турат. "Жаңы кудай" Арстан Алайдын Лебединовкадагы кеңсеси

Видео 22-ноябрь 2019, 14:08 Аман Аскаров

Арстан Алай көптөн бери көрүнбөй, аты чыкпай калды деп жаттык эле. Көрсө ал азыр өтө маанилүү иш менен алектенип жаткан учуру экен. Катарына жаңы күчтөрдү топтоп, өзүнүн "пенделерин" “тарбиялап” жаткан маалы окшойт. Айтсак, анын Лебединовка айылында бир укмуштуудай кеңсеси бар экен. Ал жерге чогулгандар Арстан Алайды кудайдай эле тутуп, ага сыйынышат дагы окшойт. Чогулгандар бир ооздон “жаңы кудай Арстан Алай -  керемет ...

0 94

Министр Чолпонбаевге баары бирби?

22-ноябрь 2019, 11:16 Айдар Нуралиев

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге карата Жогорку Кеңештин комитетинде гепатитти дарыгерден жуктурган адам чыркыраган чындыкты айтып министрди жемеледи. Ал өз сөзүндө: "Мен тишимди алдырып жатам, бир жерим кесилип калат, мен силерге жуктуруп жатам, силер түшүнүшүңөр керек, ыйлашым керек болуп жатат. Аны алып келип сатып мен бизнес кылгым келген жок. Мен болгону силерге жугуп калбасын деп вакцинацияны сурап жатам. Вакцинация ...

0 134

Өкмөт аке сүйүнчү! Бишкекте үч эм төрөлдү

21-ноябрь 2019, 18:00 Алтын Булат

Борбор калаанын №4 төрөт үйүнүн дарыгерлери үч эмди жарык дүйнөгө алып келишти. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы “NazarNews.kg” маалымат агенттигине билдирди. Маалыматта айтылгандай, 46 жаштагы Айнура Жайнакова аттуу шаар тургуну салмагы 1,75 килограмм жана 1,27 килограмм келген эки кыз, ошондой эле 1,45 килограмм болгон уул төрөгөн. Мындан сырткары бул эненин өспүрүм курактагы эки уулу бар экени белгиленет.

0 174

Элнура Кулуева: "Эми кезек министр Космосбек Чолпонбаевге келди..."

21-ноябрь 2019, 17:49 Айдар Нуралиев

Журналист Элнура Кулуева Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин короосуна таш ыргытты. "Эми кезек Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге келди... Урматтуу министр Космосбек Сариевич, сиз саламаттык сактоо системасында көп нерсени көрбөй жатасыз. Сизям иштебей жатасыз деп кесе эле айтабыз. Кыргызстанда 500 миң адам гепатит менен ооруйт деген маалымат чыкты. Сариевич Саламаттык сактоо системасын талкалап, бүлдүрдү деп ар бир тешиктен уксаңыз ...

0 175

Насыйкат Карыпбекова: “Небереме зээним кейип, оорукчан болуп бүттүм"

21-ноябрь 2019, 17:31 Айдар Нуралиев

Кочкор районунун Туз айылында жыйырма жаштагы небересин баккан эне жашайт. Өзү жетимиш жашка таяп калса да мүмкүнчүлүгү чектелген небересин карап келет. Буга чейин Азизанын дары-дармегине, кем-карчына экөөнүн пенсиясын жумшап келген. Бирок күн өткөн сайын небересинин абалы оорлошуп, кайрымдуу адамдардан жардам сураганга муктаж болуп отурат. Эне-баланын тагдырына кайдыгер карабагандар кол сунарына үмүтүбүз чоң, - деп жазып чыкты "Леди.kg" гезити. “Балдарды ...

0 114

Кант диабетине чалдыккандардын саны мурдагыга караганда 3-4 эсе көбөйдүбү?

21-ноябрь 2019, 20:13 Бакыт Молдалиев

Бүгүн кант диабетин алдын алуу жана дарылоодогу социалдык өнүгүү маселесин кароо боюнча Бишкекте жыйын өткөрүлүп, жыйынга коомдук уюмдар менен бийлик өкүлдөрү катышты. Кыргызстанда кант диабети оорусуна чалдыккандардын саны 240 миңге жакын. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев Бишкекте өткөрүлгөн жыйында айтты. Каратаевдин айтымында, кант диабетине чалдыгып каттоодо тургандардын саны 60 миңдей адам. Бул мурдагыга караганда 3-4 ...

0 131

Замир Айылчиев, дипломат: "Түркиядагы ишкерлердин, мигранттардын көйгөйлөрү, үндөрү жогору жакка жетпей келет"

21-ноябрь 2019, 15:03 Айдар Нуралиев

- Замир мырза, Түркиянын Стамбул шаарындагы Кыргызстандын башкы консулдугу кызматын аткарып жаткан Эркин Сопоковдун иши чырлуу аяктады. Ал орунга талапкерлигиңди сунуштап жаткан экенсиң. Ал жактагы көйгөйлөрдү чечүүгө кандай идеялар бар? - Бул кечээ, же бүгүн эле жаралган идея эмес. Мурда Түркияда беш жылга жакын эл аралык компанияларда иштегем. Кесибим боюнча дипломатмын. Кыргызстандын мигранттарынын көйгөйүн жонтерим менен түшүнөм. Ал жактагы көптөгөн ...

0 144

Акылбек Усупбаев: "Биздин жогорку чиновниктер жалганчы фирмаларды коргоп жатышат"

21-ноябрь 2019, 11:05 Айдар Нуралиев

- Тармактык маркетингдердин «Здоров» аттуу бетмайлары сиздин атыңыздан реклама болуп жүрөт. Бейтаптар буга ишенээр-ишенбесин билбей, бизге кайрылышты... - Бул «Здоров» деген бетмайды жайылткандар интернеттен чыгып жатат. Орусиянын фирмалары экен. Биздин мамлекетте врачтар дарыларды каалагандай реклама кылганга акысы жок. Бизде клиникалык протокол деп коёт, дартка жараша белгиленген дарылар бар. Мунун баарын жайылткандар - алдамчылар. Орусия, Украина ж.б. өлкөлөрдөн бизге ...

0 1238

ВИДЕО - Ошто аксакал абышка шилекейи куюлганча мас болуп, ат минип шаар аралап жүрөт

Видео 20-ноябрь 2019, 17:20 Аман Аскаров

Бүгүн аба-ырайынын кескин өзгүрүшү адамдардын дене табын жогорулатып, магниттик толкундар айрым жарандарга терс таасирин тийгизип жатат окшойт. Бишкек шаарында чакалайдын чак түшүндө, калаанын чок ортосунда жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерине белгисиз адам бычак менен кол салса, Ош шаарынын борбордук аянтында шилекейи куюлганча мас болгон, аксакал эле адам ат минип шаар аралап жүрөт.  Булак: NazarNews.kg

0 882

Кытайда чума жайылып баштадыбы?

20-ноябрь 2019, 16:55 Айдар Нуралиев

Кытайлык үч кишиге чума оорусу жуккан.  Бул тууралуу  чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалыматтарга караганда, чума оорусун жугузган  3 кишини  текшерүүдөн өткөргөндө, эки кишинин диагнозу өпкө чумасы деп табылса, бир кишиники бубон чумасы экени аныкталган. Бул бир эле оорунун эки формасы. Анын козгогон бактерия Yersinia pestis  деп аталып, бул бактерияны келемиштерде болуучу бүргө алып жүрөт. 12-ноябрда өпкө чумасына чалдыккан ...

0 170

Сарык оорусунан сак бол...

20-ноябрь 2019, 16:02 Айдар Нуралиев

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда он айда гепатитти 6600 киши жугузуп алган. Бул көрсөткүч 2018-жылга салыштырмалуу 10,2%га аз. Алардын 94%га жакыны илдеттин А түрүнө кабылгандар. Өткөн жылдын ушул маалында вирустук гепатиттин 7200учуру катталган. Гепатит дарты боорду жабыркатып, адамды алсыратат. Жалпы катталгандардын басымдуу бөлүгүн 14 жашка чейинки балдар түзөт. Вирустук гепатит А оорусунун булагы оорулуу адам болот. Оору турмуш-тиричиликтеги ...

20-ноябрь 2019, 16:02 | 170
0 238

ТАГДЫР: "Телефондун кесепетинен оорукчан адамга айландым"

20-ноябрь 2019, 16:09 Айдар Нуралиев

Учурда коомдук транспортто бараткан элдин баары жалаң кол телефон менен алек болушкандыгы баарыңыздарга эле маалым болсо керек. Ал эми тепефондун зыяны тууралуу баяндасак өзүнчө эле гезиттин бир бетин ээлечүдөй. Андыктан биз бүгүн телефондогу оюндун кесепетинен психикалык жактан жабыр тартып, ден-соолугунан ажырай баштаган Тыныбек мырзанын төмөндөгүдөй баянын жарыяламакчыбыз. - деп жазып чыкты "Багыт.kg" гезити.  - Менин бул баянымды окугандар алгач "кантип ...

0 173

Депрессиянын үч негизги белгиси

20-ноябрь 2019, 09:31 Айдар Нуралиев

Алгачкы белгилеринин бири уйкунун жана тамактануунун бузулушу менен байланыштуу. Түн ортосунда ойгонуу, тамактан баш тартуу же көп тамактануу көйгөйлөр жана негизсиз тынчсыздануулар депрессиянын башталышынан кабар берет, - деп жазып чыкты "Шамбала" гезити. Маанайдын өзгөрүшү - бул экинчи белги. Эгер адам күнү бою өзүн башкача сезип жатса, анда ойлонууга негиз бар. Буга мезгил алмашуу да кирет. Жылдын белгилүү бир убакытында жалпы моралдык абалдын начарлоосуна да көңүл ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 112

Таттууну көп жебеңиз...

20-ноябрь 2019, 09:09 Айдар Нуралиев

- Тиш менен бүйлөнү таза кармоо өтө маанилүү, анткени бекем жана соо тиштер тамакты чайнап, жакшы сиңирүү үчүн керек. Тиш менен бүйлөнү жакшы караса, алар ооруга чалдыкпайт. Курт жеген тиштеги инфекция дененин башка бөлүктөрүнө тарап, коркунучтуу ооруларга алып келиши мүмкүн. Тиш менен бүйлөнү сактоо үчүн: Таттууну көп жебеңиз, ошондой эле таттуу суусундуктарды көп ичүү да сунушталбайт. Күн сайын тишиңизди щетка менен жакшылап тазалаңыз. Элдик ...

20-ноябрь 2019, 09:09 | 112
0 257

БОЛГОН ОКУЯ: Сокурдун сезими

19-ноябрь 2019, 18:04 Айдар Нуралиев

Мен ушунча жашка келгени көчөдө жүргөндө канча гана көзү көрбөгөн сокур адамдардын таяк менен басып бараткандарын көрдүм. Бирок дегеле анча маани да берген эмесмин. Бир жолу ошондой көзү көрбөгөн адам менен сүйлөшүп, баарлашып отуруп алар жөнүндө мага башкача таасир калтырды. Чындыгында адам баласы өзүнө ар кандай оору-сыркоолорду, балээ-салээлерди өзү чакырып алат. "Сактансаң Кудайым сактайт" дегендей бардык нерселерге аяр, кылдат ...

0 355

Оттун касиетине эмне үчүн ишенбейсиз?

19-ноябрь 2019, 16:37 Айдар Нуралиев

Байыртадан эле улуулар от өзгөчө касиет-күчкө ээ экенин билишкен, От жагып үйдү гана жылытпастан үйдөгүлөрдү жаман күчтөрдөн, кесепеттен, сырткы таасирлерден, мейкиндикти негативден сактай алабыз деп ишенишкен. Мындан кийин заңгыраган үйлөрдүн ичинде да эмне үчүн заманбап таш очокто өчпөс от күйүп турарын түшүнсө болот. Ал эми от жага албаган шаардыктар үчүн шам кызмат кылат дешет, - деп жазып чыкты "Шамбала" гезити.

0 882

ВИДЕО - Гепатитке кабылган жаран министрдин таш-талканын чыгарды. Депутат Момбеков отставканы сунуштады

Видео 19-ноябрь 2019, 13:24 Аман Аскаров

Жогорку Кеңештин комитет жыйынына бүгүн Гепатит Д оорусун дарыгерлерден жуктуруп алган жаран келип, Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге чыркырап кайрылды. Ал буга чейин далай жолу министрдин кабылдоосунда болууга аракет көргөн бирок анын жардамчылары ар кандай шылтоо менен министрге жолуктурбай жүргөн. Оорулуу адамдын айтымында ал беш жыл аралыгында дарылануу үчүн бир миллион сомдон ашык каражатын жумшаган. Ооруну болсо алдын алуу боюнча ...

0 226

Жер-жемишти туура жеп пайдасын көрүңүз

18-ноябрь 2019, 17:26 Айдар Нуралиев

Жемиштер күнүмдүк тиричиликте адамдын организмине керектүү шекердин нормасын толтуруу жөндөмүнө ээ. Мындан тышкары кандай жемиш жебеңиз, ал витаминге бай келет дагы, ички органдардын жакшы иштөөсүнө өбөлгө түзөт. Ал үчүн жемиштин кайсы түрүн жана кандай убакта жеш керек экенин билип алган оң, - деп жазып чыкты "Леди.kg" гезити. Жер-жемишти кантип туура жеш керек? 1. Эгерде жемиштин кандай түрү болбосун ачкарын ...

0 215

ФОТО - Кыргызстанда 60 миң тургун тейлөөчү, борборлоштурулган оорукана салынууда

18-ноябрь 2019, 15:10 Айдар Нуралиев

Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров менен депутат Айбек Алтынбеков Базар-Коргон районундагы жумушчу иш сапарынын алкагында Могол айыл өкмөтүнүн аймагынын Ооган-Талаа айылында курула турган ооркананын пайдубалын түптөө иш-чарасына катышты. Иш-чарага вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери, коңшу айылдардын тургундары катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Депутат Милан Бакиров оорукананын 1956-жылы курулган мурдагы имараты 1990-жылы жараксыз ...

0 151

Антибиотиктерди туура колдонуу өмүрдү сактайт

18-ноябрь 2019, 14:42 Бакыт Молдалиев

Мына ушул теманын алкагында Кыргызстанда антибиотиктерди туура колдонууну маалымдоо боюнча жумалык башталды. Жумалык 18-ноябрдан 23-ноябрга чейин өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарага багытталган пресс-конференция 2019-жылдын 18-ноябрында Эл аралык "Ала-Тоо" университетинде өткөрүлүп, ага БССУнун жетекчиси Назира Артыкова, КР ССМинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башкы адиси Бактыгуль Исмаилова, ФАО өкүлчүлүгү жана ветеринардык кызматтын өкүлдөрү катышышты. Адистердин айтымында, антибиотиктерди колдонуунун алдында кылдат ...

0 1003

Мурат Суталинов баспай калды

18-ноябрь 2019, 10:59 Аман Аскаров

Мурдагы УКМКнын төрагасы, 7-апрелдеги каргашалуу окуялар боюнча күнөлүү деп 20 жылга эркинен ажыратылган Мурат Суталинов баспай калды. Мындай маалыматты жергиликтүү басылмалардын бирине анын дарыгери, Улуттук онкология борборунун доктуру Турусбек Абдылдаев билдирген. -Ал текшерүүлөрдөн өтүүдө. Суталинов кабыл алып жаткан дарылардын ачык көрүнүштөгү башка органдарга тескери таасири тийип жаткандыгы (побочные эффекты) байкалууда. Анын кесепетинен ал азыр баса албай ...

18-ноябрь 2019, 10:59 | 1003
0 260

Кофе курсактагы балага өтө зыяндуу

16-ноябрь 2019, 15:00 Айдар Нуралиев

Кош бойлуу кезде кофе ичкенге болбойт. Бул тууралуу АКШнын улуттук институтунун окумуштуулары изилдөөсүнүн жыйынтыгына таянып жарыялашты. Окумуштуулар боюнан түшкөн 1200 аялга  эксперимент жүргүзүшкөн. Изилдөөдө аялдардын канынын курамында  кофеиндин саны көбөйүп кеткендигин байкашкан. Эксперттер кош бойлуу кездин баштапкы  8 жумалыгына чейин кофе ичүү өтө кооптуу экендигин билдиришкен. Кофеиндин ар бир 100 миллиграммы түйүлдүктү салмагынан 72 граммдан кемитип тураарын, мындан тышкары, ...

0 419

Жазгүл: “Алты бала менен таштандынын боюнда жашап келебиз”

16-ноябрь 2019, 14:59 Айдар Нуралиев

Жаштайынан кыйынчылыктар менен күн кечирип келе жаткан Жазгүл алты баланын энеси. Ушул заманда тамга тааныбыган эне балдарынын сабаттуу болушун абдан кыялданат. Тилекке каршы, кыялдары канчалык бийик экенине карабай жашоосу таштандынын боюнда, булганган абага уугуп ѳтүп жатат, - деп жазып чыкты "Леди.kg" гезити. “Эне тарбиясын кѳрбѳй ѳстүм” Мен Ош облусуна караштуу Кызыл-Кырман айылынан болом. 27 жаштамын. Үй-бүлөдө төрт бир туугандын ...

0 243

Айнуру Алтыбаева, ЖК депутаты: "Насвай сатууга таптакыр тыюу салынышы мүмкүн"

16-ноябрь 2019, 14:47 Айдар Нуралиев

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева насвай, тамеки тартууга бөгөт коюу боюнча мыйзам долбоорун сунуш кылып жатат. Ошол боюнча кеңири маек курдук, - деп жазып чыкты "Ачык саясат" гезити. - Айнуру айым, тамеки, насвай боюнча жаңы мыйзам долбоорун жазып, сунуштап жатасыздар. Ошол мыйзам боюнча элге жеткиликтүү кылып түшүндүрүп берсеңиз? - Биздин жаңы мыйзам долбоорубуздун негизги концепциясы - элибиздин ден ...

0 475

Нуриза Кичинебатырова: "Балдарымдын тоңуп отурганын көрүп жүрөгүм сыгылат"

16-ноябрь 2019, 12:36 Айдар Нуралиев

Бүгүн биз сөз кылчу бул үй-бүлө турмуштун оор запкысына кабылган. Каарманыбыз жашоодо жөлөк-таяк болчу жолдошунан ажырап, беш баласын жалгыз өзү канатына калкалап, тарбия берип, ошолордун бактысы үчүн күрөшөп келаткандыгын айтып кейиди, - деп жазып чыкты "Леди.kg" гезити. «Жарытылуу тамак жебей балдарымдын баарынын каны аз, алсыз болуп калышты» - Гезит беттеринен, интернеттен оор дартка чалдыккан, жардамга муктаж адамдарга жасаган кайрымдуулук ...

0 206

Динара Аляева: "Онкологиялык оорусу бар балдарга камкордук көрүлбөй калды"

14-ноябрь 2019, 12:31 Айдар Нуралиев

- Динара айым, балдар онкологиясындагы 35 млн. сомдук дары жетишсиздиги тууралуу айтып чыктың. Бийликтен камкордук көрүлүп жатабы? - Дары-дармек көйгөйү ар убак болуп келген. Учурда да курч маселелердин бири. Бирок, тилекке каршы, өкмөт дагы, министрлик дагы эсеп-кысап менен оорулуу балдарга камкордук көргөн жери жок. Мисалы, балдардын онкологиялык ооруларына болгон дары жетишсиздиги депутаттардын капарларына да келбейт. Онкологиялык ооруларга чалдыккан ...

0 179

Өлкөдөгү көзгө басар пластикалык хирургдардын бири Султан Тукешов менен маек...

13-ноябрь 2019, 18:04 Айдар Нуралиев

Султан Тукешов өлкөдөгү көзгө басар пластикалык хирургдардын бири. Он жылдан ашуун убакыттан бери ал адамдардын сырткы келбетине оңдоп-түзөө киргизип келет. Бир күндө бир нече операцияны башынан өткөргөн хирург эмне себептен бул тармакты тандап алганын төмөндө айтып берди. - Султан Конокбекович, сейрек кездешүүчү кесипти тандоого сизге ким түрткү болду эле? Мен Ысык-Көлдүн Тоң районунан болом. Көбү ата-энеңдин жолун жолдодуңбу ...

0 302

Резина, пластик буюмдарды күйгүзсөң "өлдүм" дей бер

13-ноябрь 2019, 14:08 Аман Аскаров

Былтыр кышында Бишкектин төбөсүн кара түтүн каптаганы эсиңерден чыга элекпи? Шаар тимеле кара түтүнгө оролуп, андан улам дем алуу органдарынын оорулары менен жабыркаган жарандар ооруканага көп кайрылган. Көбү анда ал смогдун (кара түтүн) себебин автоунаалардын көптүгү, андан чыккан түтүн менен байланыштырган. Бирок, кийинчерээк адистер автоунаалар бөлүп чыгарган түтүн смогдун пайда болушуна олуттуу деле таасир бербей тургандыгын бир ооздон билдиришкен.

0 166

6460 майып балага 6387 ассистент кызмат көрсөтөт

13-ноябрь 2019, 11:58 Айдар Нуралиев

Бүгүнкү күндө дайыма бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж болгон 6460 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балага 6387 жеке ассистент социалдык кызматтарды көрсөтүп жатат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.  Баланын үй-бүлөнүн курчоосунда болуу укугун камсыз кылууга жана өз алдынча кыймылдай албаган, майыптуулуктун оор формасындагы балдардын ата-энелерине колдоо көрсөтүү максатында жеке ассистенттин жаӊы кызматы Кыргызстанда 2019-жылдын 1-январынан ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 492

Рактын биз анчейин көңүл бурбаган белгилери

12-ноябрь 2019, 20:15 Айдар Нуралиев

Учурда канчалык медицина өнүкпөсүн, онкологиялык оорулар адам өлүмүнүн негизги себептеринин бири бойдон кала берүүдө. Эң өкүнүчтүүсү, дарт өзү тууралуу кеч маалымат бергенинде. «Адамдар рактан коркушат, бирок анын алгачкы белгилерин издөөдөн эринишет» дешет онколог-дарыгерлер. Анын сыңарындай, денедеги биз көрүп-билип, бирок эч эле капарыбызга албаган белгилерден улам организмде залалдуу шишиктин очогу бар экенин баамдап, оорунун алдын алууга толук мүмкүн. Ич көбүү ...

0 228

Адамдын организми 24 саат бою иштейт

12-ноябрь 2019, 18:03 Айдар Нуралиев

Түнкү саат бирде: Өзгөчө ушул убакта адам таттуу уйкуда уктап жатса да, организми ар кандай ооруларга сезимтал болот. Болор-болбос дабышка да ойгонушу мүмкүн. Бул тууралуу "“Факты.kg” гезити жазып чыкты.  Түнкү экиде: Боордон башка дененин бөлүктөрү пассивдүү абалда болушат. Боор болсо, так ушул маалда организмдеги ууларды өлтүрөт. Эгерде ушул учурда сизден уйку качып жаткан болсо, эч убакта кофе же чай ичпеңиз. Андан ...

0 1332

Биринчи жолу кара терилүү адам бетин алмаштырды

12-ноябрь 2019, 14:38 Айдар Нуралиев

Бетин алмаштырган биринчи кара терилүү адам. Операция 16 саатка созулуп, ага 45 врач катышкан. Мындай маалыматты уккандар поп-король Майкл Жексончу, ал деле бетине операция жасатып, ак терилүү болбоду беле деген суроо туулушу ыктымал. Бирок бул жолу биринчи жолу кара терилүү адамга дал өзүнүкүндөй бет коюлду. Ошентип Калифорниянын 68 жаштагы жашоочусу Роберт Челси биринчи жолу бетин алмаштырган кара терилүү адам ...

0 759

ВИДЕО - Москвалык дарыгер Самат Курманкуловдун абалына так мүнөздөмө берди

Видео 12-ноябрь 2019, 13:57 Аман Аскаров

Кечээ күнү Москва шаарынын реабилитациялык борборлорунун биринде дарылануусун улантып жаткан Чүй ОИИББнин башчысы Самат Курманкуловго Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев барып, президент тарабынан ыйгарылган “Эрдик” медалын колуна тапшырып келген. Курманкулов дарыланып жаткан борбордун башкы дарыгери Татьяна Шаповаленко бейтаптын абалы тууралуу Коомдук биринчи каналдын журналисттерине төмөндөгүлөрдү айтып берди.  “Бейтап учурда акырындык менен басат, көнүгүүлөрдү өз алдынча аткарууга дарамети жетет. Өзү отурат, турат, ...

0 197

Жаш кан адамды жашартабы?

12-ноябрь 2019, 13:11 Айдар Нуралиев

Калыбы, америкалык окумуштуулар жашартуу үчүн улгайган кишилерге жаш кан куйган. Орто кылымдагы ыкманы эми эстешти көрүнөт. Алар жаш бойдон калсам дегенде ак эткенден так эткен кардарларга өздөрүнүн кызматы 8 миң доллар эле турарын билдиришет. Экспериментаторлордун ишендирип айтканына таянсак, эгерде организмге дайыма ден соолугу чың, жаш адамдын донор каны куюлуп турса, анда ал 10-20 жылга жашарат имиш. Анткен менен классикалык ...

12-ноябрь 2019, 13:11 | 197
0 231

Күнболот Момоконов: "Ата-бабалардын наалаты, Жер Эне ыйы, Жараткандын жакшы көрбөс кусуру күчтүү болоор"

12-ноябрь 2019, 12:34 Айдар Нуралиев

ТАЛАСТЫ ТАЛКАЛООНУН ТАРЫХЫЙ КҮНҮ Таластагы Жерүй кенинде алтын казуу аракетинин башталышы катары биринчи жардыруу ишин ишке ашырды. Бул күн Таластагы таза аймакты, касиеттүү Манас атабыздын ыйык жерин, Айтматовдун апачык ааламын талкалоонун биринчи күнү. Эл ойлобос эрендердин башкы байлык Эл, алардын саламаттыгы, балдардын келечеги таза экология, таза шыңгыр суу экенин түшүнбөгөндүктөрүнүн тарыхый күнү. Улам мурунку акылсыз бийлигинин кетирген кемчилигинин айынан, ...

0 332

"Эрдик" медалынын ээси өз алдынча басып, сүйлөй баштады

11-ноябрь 2019, 12:00 Аман Аскаров

7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылынан мажбурлоо түрүндө тергөөгө алып келүү операциясы учурунда башына таш тийип кийин комага түшүп, андан ары дарыланууга Москвага жөнөтүлгөн Чүй ОИИББинин башчысы Самат Курманкулов өз алдынча сүйлөп жана баса баштады. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиргендей, Курманкулов акырындык менен басып, айрым көнүгүүлөрдү жасап калды. Андан сырткары, буга чейин Самат Курманкулов үн ...

0 154

 Күзгү депрессияны эмнелер чакырат? Мелатонин, серотонин, дофамин

11-ноябрь 2019, 11:03 Айдар Нуралиев

Жыл мезгили менен адамдын маанайынын кандай байланышы бар деп ойлойбуз. Албетте, кээ бир сезимтал адамдардын жашоосунда бул абдан чоң ролду ойноору белгилүү. Мисалы, жаздын келиши менен бак-дарак гүлдөп, аба ырайы дагы жылуу болгонго жан дүйнөң жаңыланып, көңүл да көтөрүңкү болот эмеспи. Ал эми күз келери менен күн сууктап, эки күндүн биринде жамгыр нөшөрлөп жаай берет. Ошондуктан күз мезгилинде адамдардын ...

0 742

«Байкалбаган инфаркт» кандай болот?

10-ноябрь 2019, 17:06 Айдар Нуралиев

Көкүрөгүбүз сайгылашып, кан басым көтөрүлүп, дем кыстыгуу… Болжолу биздин инфаркттын белгилери тууралуу элестөөбүз ушундай болсо керек. Жүрөк кармап калган учурдагы башка белгилер — колдогу, моюндагы оору, баш айлануу, муздак тер. Бирок ар дайым эле ушундай боло бербейт. Окумуштуулар мындай белгилер байкалбаган дагы инфаркт болорун көрсөтүүдө. Гарвард университетинин окумуштуулары мындай учурлар дарыгерлер болжогондон дагы көп болорун айтып чыкты. Жүрөктөн приступ ...

0 468

Бий алманын пайдасын билесизби?

10-ноябрь 2019, 15:01 Айдар Нуралиев

Бий алманын пайдалуу касиеттери жөнүндө кеп кылчу болсок, элдик медицина эске түшөт. Анын мөмөсү боор, ашказан, көк боор, радикулит жана ревматизм ооруларын дарылоодо кеңири колдонулат. Бий алманын курамында картаюунун алдын алуучу заттар, стресс менен күрөшуүдө чоң мааниге ээ антиоксиданттар бар. Пектин жана тамак-аш булалары организмди оор металлдардан жана зыяндуу заттардан, ашыкча холестеринден арылтат. Тамак сиңирүүнү жакшыртат. Бий алманын курамында ...

0 1998

СҮРӨТ - Мелис Турганбаевдин авторитетин "полго" кимдер түшүрдү? Көрүңүз!

20-ноябрь 2019, 14:19 Аман Аскаров

Генерал Мелис Турганбаевди билбеген адам жок го чиркин. Шаардык милийсаны башкарды, республикалык милийсаны башкарып, ички иштер министри болду. Андан кийин ушул жылдын февраль айынан тартып жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси болду. Жакында Грузияда ардагерлер арасында күрөш боюнча финалдык беттеште америкалык атаандашын жеңип, дүйнө чемпиону дагы болду. Эми эмне дейсиңер? Ушундай даражалуу адамдын сүрөтү чапталган арак ...

0 581

Көк чай менен кара чайдын канчалык айырмасы бар?

10-ноябрь 2019, 13:36 Айдар Нуралиев

Айрымдар алар эки башка жалбырактан жасалат деген да ойдо жүрүшү мүмкүн. Бирок көк чай менен кара чай бир эле жалбырактан чогултулуп, иштетүүдө гана бөлүнөт. Кара чай кантип пайда болот? Ал табигый шартта, күндүн, шамалдын жана нымдуулуктун негизинде өзгөрүп, кара түскө ээ болот. Ал эми көк чай жашыл кезинде чогултулуп, ачуу ысык бууга кармалып, кычкылдануу процессинде чай көк-жашыл өңдү кармап ...

0 2910

ВИДЕО - Уят сөздөр бар! Көрсөң эми бооруң эзилет. Аюу аңчылардын унаасын...

Видео 09-ноябрь 2019, 14:20 Аман Аскаров

Ар бир эркек өмүрүндө балык уулоого же аңчылыкка чыкса керек. Албетте, андай “иш чарага” баргандар чоң олжо менен кайткылары келет эмеспи. Кээде күтүлбөгөн кырдаал дагы жаралышы толук мүмкүн. Жашоо ошону менен кызыктуу балким. Төмөндөгү видеонун каармандары дагы аң уулоого чыккандыр. Бирок, алардын планын күтүлбөгөн жерден пайда болгон аюу бузуп койгон сымал. Кыскасы, тасманы көргөнү дагы көрбөгөнү дагы арманда. Булак: ...

0 277

Асыл таштар ден соолукка кам көрөт. Алмаз, топаз, янтарь, малахит...

09-ноябрь 2019, 12:32 Айдар Нуралиев

Агат – калкан бездин иштешин жакшыртат. Дем алуу, тамак сиңирүү органдарындагы вирустарды өлтүрүп жок кылат жана жүрөк, кан-тамыр, муун системаларын калыпка келтирет. Жөтөлгө да пайдасы зор. Радиациядан эң мыкты коргойт. Алмаз – зат алмашууну, мээдеги кан айланууну калыпка салат. Дене табын түшүрүү касиетине ээ, ошондой эле алсыздануудан, чарчап-чаалыгуудан арылтат. Бирюза – эң күчтүү табигый таш болуп эсептелет. Анткени ал ...

0 778

4 жылдан бери шаурма жасаган ашпозчу өзүнүн иштеген жеринин былыктарын айтты

08-ноябрь 2019, 13:10 Айдар Нуралиев

Onliner  YouTube программасына келген ашпозчу бет кап кийип алып иштеген жеринде  кандай былыктар болоорун ачык айтып берди. Ал өз сөзүндө буларга токтолду: “шаурма жасаган жерлердин көпчүлүгү  санитардык талаптарга жооп бербейт. Мен бул жумушка 1 жыл иштегенден кийин, санитардык китепчемди алганмын. Азыркы учурда баардык нерсени акча чечип калган. Көпчүлүк шаурма жасаган жерлерде 3 киши эле иштейт, алар көп нерсеге үлгүрүшпөйт, ...

0 302

Эмне үчүн эркектер отуруп заара кылышпайт?

07-ноябрь 2019, 14:57 Айдар Нуралиев

Азыркы кезде ар кандай оорулар көбөйүп кетти. Мунун баары экологиядан, аба булганды, тамак-ашта химиялык заттар көп деген эле адамдар. Балким башка себеби бардыр. Биз бул боюнча өзүбүздүн көз карашыбызды окурмандардын алдына коюп көрөлүчү. Адамдар простатит (шейшеби бекип калуу), Аденома простаты (туттугуп калуу), импотент (букан), подагра (муундардын оорусу), гепатит А,В,С,Е (сарык, Боткин оорусу) жана кант диабети жана бөйрөк оорулары менен ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 159

Жерге “өзгөчө кырдаал” жарыяланды

07-ноябрь 2019, 14:49 Айдар Нуралиев

Дүйнөлүк коомчулукка  11 миңден ашуун окумуштуулар менен экологдор кайрылуу жасашты. Алар Жер планетасында “өзгөчө кырдаал” жаралганын жана климаттык кризис келгенин, анын тезирээк алдын алуу керектигин билдиришти. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.   Окумуштуулардын айтымында, эгер жакынкы арада абага көмүр кычкыл газын чыгаруунун көлөмүн кыскартпаса, адамзаты азап чегүү алдында турат. Алар 40 жылдык климатты изилдөөсүнүн жыйынтыгына карап мына ушундай ...

0 227

Кыргызстанда биринчи аудиолог бөлмөсү ачылды

06-ноябрь 2019, 17:19 Айдар Нуралиев

Кыргызстандагы алгачкы аудиологдун бөлмөсү 4-ноябрда Октябрь районунун Бириккен Үй-бүлөлүк медициналык борборунда ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, иш-чара КР Саламаттык сактоо министрлигинин, КР Билим берүү жана илим министрлигинин, КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин, "Сорос Кыргызстан" фондунун өкүлдөрү, сурдологдор, сурдопедагогдор, кохлеардык импланты бар балдардын ата-энелеринин катышуусунда өттү. Аудиологдун бөлмөсү  Кыргыз республикасынын кохлеардык импланты бар ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83