www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Спорт
0 161

Кыргызстан-Жапония футбол оюнунун билеттеринин баштапкы баасы канча?

12-ноябрь 2019, 20:48 Айдар Нуралиев

Кыргызстан менен Жапониянын Бишкекте өтө турган футбол таймашына бардык билеттер сатылып бүттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясы билдирди. “Тилекке каршы, биздин стадион бул оюнду көргүсү келген бардык каалоочуларды батыра албайт, ошондуктан күйөрмандар үчүн кошумча аянтча болот” деп айтылат федерациянын билдирүүсүндө. 2022-жылы Катарда футбол боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Ага тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан менен Жапониянын курама командаларынын беттеши Бишкекте 14-ноябрда ...

0 172

Бишкекте оор атлетика боюнча турнир өтүүдө

Видео 12-ноябрь 2019, 13:17 Кызгалдак Жакыпова

Борбор калаада оор атлетика боюнча Олимпиада чемпиону, Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган эл аралык мелдеш өтүп жатат. 11-14-ноябрда Бишкектеги Спорт ордосунда өтүүчү бул турнир Кыргызстанда 32-жолу өткөрүлүүдө. Андан сырткары Кыргызстандын оор атлеттеринен Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын спортчулары  да катышууда. Булак: NazarNews.kg

0 153

Кыргызстандыктар волейбол боюнча эл аралык турнирде коло медалга ээ болушту

12-ноябрь 2019, 12:14 Бакыт Молдалиев

Кыргызстандын “Жаңы-Муун” командасы волейбол боюнча эркектер арасындагы эл аралык турнирде коло медалга ээ болду. Бул тууралуу аталган спорттун федерациясы билдирди.  Турнир Ташкентте өтүп, ага 3 мамлекеттин курама командалары жана Кыргызстандын “Жаңы-Муун” командасы катышкан. “Жаңы муун” үч жолу беттешке чыгып, Түркмөнстандын командасына 1:3, Өзбекстандын командасына 0:3 эсеби менен утулуп калган. Тажикстан курама командасы менен чыккан беттеште 3:2 эсеби менен ...

0 171

Бишкекке түндө самурайлар келди

11-ноябрь 2019, 13:00 Айдар Нуралиев

11-ноябрга караган түнү “Манас” аэропортуна футбол боюнча Япониянын курама командасынын өкүлдөрү келип түштү. Бул рейсте япон курамасынын тренердик жана медициналык штабы, административдик персоналы жана улуттук чемпиондукта ойногон футболчулар келишкен. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан кабарлашты. Маалыматка караганда, чет өлкөлөрдөгү клубдарда ойногон футболчулар башка рейстер менен келишмекчи. Команданы курамы 12-ноябрда толугу менен чогулат. Япония курамасы бүгүн ...

0 204

Эми элестеткиле! Хоккей боюнча курама командабыз Олимпиада 2022 жолдомо алууга жакын калды

11-ноябрь 2019, 11:06 Аман Аскаров

Хоккей боюнча Кыргызстан курама командасы 2022-жылкы Олимпиада оюндарынын тандоо турунда Европанын Босния жана Герцоговина өлкөсүнүн таш талканын чыгарды. Тактадагы эсепти айтсак ишенбейт дагы болсоңор керек. 15:3 эсебинде биздин пайдабызга чечилди. Бул оюн үчүнчү турдун жыйынтыктоочу беттеши болду. Буга чейин Кыргызстан Бириккен Араб Эмирлигин 9:4 жана Люксембургду 5:3 эсебинде утуп, тандоо турунун экинчи баскычына алдын ала өткөн. Тандоо турунун экинчи баскычы ...

0 442

Кыргызстандык Алексей Федосеев аралаш мушташта каршылашынын бетинен тамтык калтырган жок

10-ноябрь 2019, 17:30 Аман Аскаров

Алексеев Федосеев спорт дүйнөсүндө чоң кадыр-баркка ээ кикбоксчу-мушкер. Кыргызстандын, Азиянын, дүйнөнүн үч жолку чемпиону. Өлкөбүздүн желегин далай жолу желбиретти. Чыныгы патриот жигит. Даңазалуу “Гермес профи” спорт клубунда машыккан. Башка мушкерлерге окшоп криминалга аралашпай, өзүн түз алып жүргөн спортчулардын катарында. Жакында ал ММА аралаш мушташ турниринде алгачкы беттешин өткөрүп, аны ийгиликтүү жыйынтыктады. Анын каршылашы Түштүк ...

0 1857

Айсулуу Тыныбековага Toyota Cаmry белек кылышты

10-ноябрь 2019, 13:40 Аман Аскаров

Күрөш боюнча Азия жана дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекованы тааныбаган Кыргызстандык жаран жок болсо керек. Анын жеңиши артында Кыргызстандын желеги далай жерде желбиреди. Нур-Султан шаарында өлкөбүздүн тарыхында алгачкы жолу күрөш боюнча дүйнө чемпиону болду. Аны менен бирге Токио шаарында 2020-жылы өтө турчу жайкы олимпиада оюндарына катышууга жолдомо алган. Андан кийин аны президент кабыл алып батирдин ачкычын ...

0 415

Жагымдуу кабар! Кыргыз футболчулары Араб Эмирлигин жеңди

09-ноябрь 2019, 16:29 Аман Аскаров

19 жашка чейинкилер арасында Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2020-жылы өтө турган Азия чемпионатындагы тандоо турниринде  Бириккен Араб Эмирлигин утту. Ал турнир ушул тапта Иранда өтүүдө. Биринчи оюнда биздин курама Иранга 0:3 эсебинде утулса, Араб Эмирлигин 2:0 эсебинде утту. БАЭ дарбазасына голду Эмир Шыгайбаев (39-мүнөттө) жана Рыскелди Артыкбаев (45-мүнөттө) киргизген. Чечүүчү оюн эртең 10-ноябрда өтөт. Анда Кыргызстан Непал менен ...

0 595

ФОТО - "Сексалю" атыккан Тазабек Икрамов саясаттан машыктыруучулукка оойбу?

09-ноябрь 2019, 16:34 Аман Аскаров

Кадимки эле «Сексалю» атына конгон Тазабек Икрамов деген депутат бар. Чындыгында көп учурда бөтөн сөздөргө тили келе бербейт. Анысын айрымдары “чулдурлук таланты бар” – деп жүрүштү. Өзү деле бир ыңгайсыз жагдайларга көп кабыла бермей жайы бар. Бирок, саясатың курусун, жакында Грузияда ардагерлер арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын намысына жарап бергендигин эч ким тана албайт. Эми ал бул арада өзүнүн ...

0 137

Жаш футболчуларыбыз БАЭ командасын жеңип алды

09-ноябрь 2019, 11:07 Айдар Нуралиев

Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы (U-19) 2020-жылы өтүүчү Азия чемпиондугунун тандап алуу турундагы алгачкы жеңишине жетишти. D тайпасынын тандап алуу раунду бул күндөрү Ирандын Тегеран шаарында өтүп жатат. 8-ноябрда курама командабыз Бириккен Араб Эмираттарынын курамасы менен беттешип, 2:0 эсебинде жеңишке жетишти. Голдорду Эмир Шигайбаев менен Ырыскелди Артыкбаев киргизди. Кыргызстандын футбол ...

0 182

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы бүгүн Өзбекстан менен жолдоштук беттеш өткөрөт 

09-ноябрь 2019, 10:21 Бакыт Молдалиев

Бүгүн, 9-ноябрда Ташкентте Кыргызстан менен Өзбекстандын курама командалары жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул матч  2022-жылы боло турган дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алдындагы даярдык.  Белгилей кетсек, курама командабыз 14-ноябрда Япония менен, ал эми 19-ноябрда Тажикстан менен кезигет. Эки матч тең Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо, Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө болот.  Кыргызстандын курама командасынын оюнчулары тапкан каражатка караганда Өзбекстандын курама командасы ...

0 276

ВИДЕО - Француз-украин футбол фанаттарынын ортосунда мушташ чыкты

Видео 08-ноябрь 2019, 15:38 Айдар Нуралиев

 Украинанын Львов шаарында француздар менен украин фанаттарынын ортосунда  массалык мушташ болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жарыялашты. 7-ноябрь күнү кечки саат 10до Львов шаарында «Александрия» жана «Сент-Этьен» командаларынын беттеши өтмөк. Анын алдында, тактап айтканда 6-ноябрь күнү кечинде  100дөн ашык футбол фанаттарынын ортосунда  уруш чыккан. Фанаттар бөтөлкө ыргытып, айнектерди сындырышкан. Натыйжада 2 полиция кызматкери оор жаракат алган. 12 кишини кармалып, ...

0 199

Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпиондугунун күмүш медалчысы 

04-ноябрь 2019, 09:10 Айдар Нуралиев

Кыргызстандык спортчу Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпиондугунда жаштар арасындагы грек-рим күрөш боюнча финалда утулуп, экинчи орунду алды. Дүйнө чемпиондугу Венгриянын борбору Будапештте өтүп жатат.  ДЧ-2018 күмүш медалга ээ болгон Шаршенбеков 60 килограмм салмакка чейинки категорияда килем үстүнө чыккан. Ал жарым финалда украиналык Жора Абовянды 8:0 эсеп менен жеңип алган. Бирок, алтын медаль үчүн беттеште ал армениялык Армен Меликанга кез келип, ...

0 231

ВИДЕО - Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатында коло медаль утту!

Видео 01-ноябрь 2019, 16:37 Бакыт Молдалиев

Кыргызстандык Айпери Медет кызы Венгрияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында үчүнчүлүктү багындырып, коло медалга татыды. Бул тууралуу чемпионаттын расмий сайты видеосу менен бирге жарыялады. Маалыматка ылайык, кыз-келиндер арасында өткөн күрөш боюнча чемпионатта Айпери алгач италиялык Энрика Риналдини, андан соң канадалык балбан кыз Грейслин Дуганды утуп, жарым финалдык беттеште япониялык Юка Кагамиге упайдан алдырып жиберген. ...

0 532

ВИДЕО - Хабибдин спорттогу карьерасы соңуна чыкканы калды

Видео 31-октябрь 2019, 15:37 Бакыт Молдалиев

ММАнын (аралаш стилде) дагестандык айтылуу мушкери Хабиб Нурмагомедовдун спорттогу карьерасы эки-үч беттештен кийин соңуна чыгышы керек. Бул тууралуу анын атасы жана машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедов ютубдагы “Fight Nights Global” каналына берген маегинде билдирди. Анда Абдулманап Хабибдин кезектеги атаандашы Тони Фергюсен болоорун жана бул беттеш UFC тарыхында мыкты оюн катары калышын кааларын айтат. Ал эми Конордун Хабиб менен реваншы, эгерде, дагестандык ...

0 274

ВИДЕО - Улукбек Жолдошбеков күрөш боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону болду

Видео 31-октябрь 2019, 09:01 Бакыт Молдалиев

Венгриянын борбору Будапешт шаарында ушул күндөрү өтүп жаткан күрөш боюнча “U-23” (23 жаштан ашпагандардын) дүйнө чемпионатында балбаныбыз Улукбек Жолдошбеков алтын медаль тагынып, дүйнө чемпиондугун утуп алды. Улукбек эркин күрөш боюнча 61 килограммга чейинки салмакта финалдык беттеште кечээ, 30-октябрь күнү кечинде индиялык Равиндер Равиндерди 5:3 эсебинде жеңип алды. Кыргызстандык балбан финалга чейин биринчи беттеште түркиялык спортчу Селехаттин ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1332

ВИДЕО - Кандуу беттеш. Каршылашынын бетин трактор тебелеп кеткендей болду

Видео 30-октябрь 2019, 11:47 Аман Аскаров

212 килограммдык “Папа” каймана аттуу мушкер Денис Вильданов алгачкы жолу ММАда беттеш өткөрүп, анда каршылашын ийгиликтүү жеңип алды. Атаандашы болгону 146 кг салмактагы Арнольд Величко болгон. Экөөнү октагондо көргөндөр Величкону айнып калган мушкердей эле көрүштү. Себеби, каршылаштардын айырмасы көзгө урунуп эле тургандай. Бирок канткен күндө дагы өгүздөй болгон Денис Вильдановго каршы чыккан Арнольд Величконун эркине баа берүү керек. Беттеш көпчүлүк күткөндөй эле ...

0 203

Биволго дүйнөнүн супер чемпиону статусу ыйгарылды

30-октябрь 2019, 10:59 Айдар Нуралиев

Орусиялык мушкер Дмитрий Биволго WBA версиясы боюнча дүйнөнүн супер чемпиону статусу ыйгарылды. Бүткүл дүйнөлүк бок ассосиациясы (WBA) жарым оор салмак боюнча дүйнө чемпиону Дмитрий Биволго супер чемпион статусун ыйгарды. Мушкерге жаңы титулду берүү аземи жакынкы убакытта болоору айтылды. Орусиялык мушкер 12-октябрда Чикагодо өткөн акыркы беттешинде доминикалык Ленин Кастильону жеңип, WBA версиясы боюнча дүйнө чемпиону наамын коргоп калган. Анын эсебинде ...

0 122

Соттор да футбол ойной алышат

30-октябрь 2019, 10:41 Айдар Нуралиев

2019-жылдын 28-октябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан “Тамекисиз спорт” урааны алдында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин арасында жыл сайын өткөрүлүүчү Спартакиаданын кичи-футбол боюнча оюндары жыйынтыкталды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, бул мелдешке бардыгы болуп 24 мамлекеттик органдардын кызматкерлеринен куралган 24  команда ат салышкан. Кыргыз ...

30-октябрь 2019, 10:41 | 122
0 165

Таэквондонун жеңүүчүлөрүн тосуп алышты

29-октябрь 2019, 10:09 Айдар Нуралиев

Таэквондо боюнча Кыргызстандын курама командасын күйөрмандар “Манас” аэропортунан салтанаттуу тосуп алышты. Белгилей кетсек, курама командабыз эл аралык мелдеште алдыңкы орунду камсыз кылышкан. Евразия чемпиондугу 24-26-октябрь күндөрү Түндүк Кипрдин Кирения шаарында өткөн. Мелдешке Молдова, Ирландия, Түркия, Македония, Беларусь, Иран, Кипр, Азербайжан, Орусия жана Кыргызстандын спортчулары күчүн сынашкан. Чемпиондуктун жыйынтыгында, өлкөбүздүн намысын коргогон курама командабыздын спортчулары 8 алтын, 8 күмүш жана ...

0 525

Дастан Жумабеков эрежесиз уруш чемпионуна колдонулган унаа берип, "конкретный" мамиле курууда

29-октябрь 2019, 09:50 Аман Аскаров

Кийинки убакытта бардыгы эле спортчуларга жабышты да калды. Айрыкча саясатчыларың дал ушул спортчулардан чеп кургандай. Ар кимиси алына жараша бир федерация менен мамиле кургусу келет. Бул эмнеден болду экен? Жакшылап ойлонуп көрсөң, чиновник, бизнесмендериң келечегин ойлоп, алардан колдоо күтөт окшойт. Алардын катарынан Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков дагы кем калышпайт. Бул үлкөн адам ...

0 216

“Тамекисиз спорт” аталышындагы спартакиада өтүүдө

28-октябрь 2019, 16:56 Айдар Нуралиев

Бишкекте Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин арасында дене тарбия жана спортту пропагандалоо максатында уюштурулган “Тамекисиз спорт” аталышындагы спартакиада өтүүдө. Бул тууралуу Айыл-чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 22-октябрдан 29-октябрга чейинки аралыкта өтүп жаткан спартакиадага Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин кызматкерлери ...

0 310

ВИДЕО - Машыктыруучу футболчуларды жаакка чаап тарбиялоодо

Видео 28-октябрь 2019, 14:58 Айдар Нуралиев

Түркияда футбол боюнча жаштардын  “Кайсери Мейсуспор” командасынын башкы машыктыруучусу Халит Курт оюндан жеңилип калган командасын сабаган. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тараган. Видеодо машыктыруучуга командасынын ойногон оюну жакпай, кийинүүчү бөлмөгө кирип, ар бир баланын бетине уруп чыкканы тартылган. Видео аз убакыттын ичинде социалдык тармактарга жана ЖМКларга тарап кеткен. Социалдык тармактардын колдонуучулары машыктыруучуга “Түркиялык Газмяс”деген ат коюшкан.  Булак: NazarNews.kg

0 172

Авазбек Аманбеков – дүйнө чемпиону!

28-октябрь 2019, 10:29 Айдар Нуралиев

Кыргызстандык кикбоксчу Авазбек Аманбеков WAKO версиясы боюнча кикбокс боюнча дүйнө чемпиондугунда алтын медаль тагынды. Турнир Босния жана Герцеговинанын Сараево шарында өткөн. Аманбеков 57 килограммга чейинки салмакта лоу-кик боюнча таймашкан. Ал 23-октябрда палестиналык мушкерди, 24-октябрда америкалык мушкерди жеңген. Ал эми 25-октябрда жарым финалдык беттеште Мавританиялык мушкерди утуп, финалга жолдомо алган. Финалда ал түркиялык Мухаммед Саит Онсулга туш келип, аны жеңип ...

0 201

Рафаэль Физиев UFC турниринде алгачкы жеңишине жетишти

28-октябрь 2019, 10:13 Айдар Нуралиев

26-октябрда Сингапурда UFC Fight Night 162 эл аралык турниринде мекендешибиз Рафаэль Физиев жеңишке жетишти. Ал 70 килограммга чейинки салмакта америкалык Алекс Уайт менен беттеш өткөргөн. 5 мүнөттүк 3 раунддун жыйынтыгында судьялар бир ооздон Рафаэлди жеңүүчү деп табышты. Муну менен Физиев UFC турниринде алгачкы жеңишке жетти. Ал алгачкы беттешинде орус мушкерине жеңилип калган болчу. Булак: NazarNews.kg

0 214

Кочкораталык клуб тарыхында биринчи жолу чемпион

28-октябрь 2019, 09:38 Аман Аскаров

Футбол боюнча кадимки эле аймактык клуб “Нефтчи” командасы өзүнүн тарыхында биринчи жолу өлкөнүн чемпиону болду. Кечээ, 27-октябрда Жалал-Абад шаарынын “Курманбек” стадионунда футбол боюнча Кыргызстандын кубогу үчүн беттеш өттү. Анда борбор калаанын “Дордой” жана Кочкор-Ата шаарынын “Нефтчи” командалары кезигишкен. Жыйынтыктоочу эсеп 1:0 эсебинде "Нефтчинин" пайдасына чечилди. Бишкектин “Дордой” командасы өз тарыхында 10 ирет чемпион болгон. Кочкораталык клубдун ...

0 183

ВИДЕО - Кыргызстандык мушкер бразилиялык атаандашын жеңип, "UFC"те алгачкы жеңишти камсыз кылды

Видео 27-октябрь 2019, 10:33 Бакыт Молдалиев

Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев UFC турниринин алкагында бразилиялык Алекс Уайтты жеңип, алгачкы ирет жеке жеңишин камсыз кылды. Беттеш кечээ, 26-октябрда Сингапурда өттү. Үч раунддун жыйынтыгында, калыстардын бир добуштан берген чечими менен жеңиш кыргызстандык мушкердин пайдасына чечилди. Физиев үчүн бул жеңиш - анын UFC те өткөргөн эки беттештин алгачкысы. Ал буга чейин Санкт-Пебербургда өткөн турнирде россиялык ...

0 852

ВИДЕО - Дагестандыктар Конор Макрегордун “пачагын” чыгарабыз деп, Москванын мейманканасына топтолушту

Видео 26-октябрь 2019, 10:16 Бакыт Молдалиев

Айтылуу ирландиялык мушкер (ММА) Конор Макгрегор жайгашкан Москванын "Ритц-Карлтон" мейманкасын бир нече ондогон дагестандыктар курчап алышты. Буга Конордун Хабиб Нурмагомедовдун атына айткан сыны себеп болууда. Мында келишкен дагестандыктар Конордун Хабиб тууралуу, андан башка дегеле жалпы дагестандыктар боюнча айткан сөздөрүнө жооп берүүнү талап кылышууда. Окуя боюнча видео соцтармактарга да тарап жатат. "Бүгүн Конордун дагестандыктар ...

0 754

ВИДЕО - Каршылашынын хиджабын түздөгөнгө курчап калышкан

Видео 26-октябрь 2019, 09:34 Аман Аскаров

Кыз- келиндер арасындагы футбол боюнча WAFF чемпионатында “Араб православдык клуб” жана Иорданиянын “Шабаб аль-Ордон” командалары ортосундагы беттеште иорданиялык футболчу оюн учурунда кокустуктан каршылашындагы мусулман кыздын башындагы хиджабын чечип алган. Андан соң, иордания клубунун оюнчулары дароо абалды жеринен талдай калып, каршы команданын оюнчу кызы хиджабын түздөө үчүн аны тегеректеп туруп калышкан. Бул кадам менен алар мусулман ...

0 583

ВИДЕО: “Жинди кыргыз” – жаңы дүйнө чемпиону! Кубанычтан аккан көз жаштар...

Видео 26-октябрь 2019, 09:08 Бакыт Молдалиев

Индонезиянын борбору Жакарта шаарында кечээ, 25-октябрда өткөн аралаш мушташ жана кикбокс боюнча “One Championship Dawn of Valor” турниринде кыргызстандык мушкер, “Жинди кыргыз” каймана аты менен таанымал болгон Камрян Аббасов жарым орто салмакта учурдагы дүйнө чемпиону, швециялык Себастьян Кадестамды ири эсеп менен утуп, жаңы дүйнө чемпиону аталды.  Бул утуштан соң “Жинди кыргыздын” эсеби 16 утушка чыкты. ...

0 255

Аброр Хакимов кикбокс боюнча дүйнө чемпиондугунда коло тагынды

25-октябрь 2019, 18:05 Айдар Нуралиев

Кыргызстандык кикбоксчу Аброр Хакимов WAKO версиясы боюнча кикбокс боюнча дүйнө чемпиондугунда коло медаль тагынды. Турнир Босния жана Герцеговинанын Сараево шарында өтүп жатат. Хакимов 67 килограммга чейинки салмакта лоу-кик боюнча таймашкан. Ал 23-октябрда хорватиялык мушкерди, 24-октябрда испаниялык мушкерди жеңген. Бүгүн жарым финалдык беттеште ал болгариялык мушкерге туш келип, тилекке каршы жеңилип калды. Муну менен ал 3-орунду алып, коло медаль тагынды.

0 232

Авазбек Аманбеков дүйнө чемпиондугунда финалга чыкты

25-октябрь 2019, 17:01 Айдар Нуралиев

Кыргызстандык кикбоксчу Авазбек Аманбеков WAKO версиясы боюнча кикбокс боюнча дүйнө чемпиондугунда финалга чыкты. Турнир Босния жана Герцеговинанын Сараево шарында өтүп жатат. Аманбеков 57 килограммга чейинки салмакта лоу-кик боюнча таймашып жатат. Ал 23-октябрда палестиналык мушкерди, 24-октябрда америкалык мушкерди жеңген. Бүгүн жарым финалдык беттеште Мавританиялык мушкерди утуп, финалга жолдомо алды. Ошондой эле, Аброр Хакимов да финалга чыгуу үчүн бүгүн беттеш өткөрөт.

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 178

Футзал боюнча курама командабыз Азия чемпиондугуна жолдомо алды

25-октябрь 2019, 14:45 Айдар Нуралиев

Кыргызстандын Футзал боюнча курама командасы, бүгүн, 25-октябрда 2020-жылкы Азия чемпиондугунун тандоо турунун алкагында Иран курамасы менен беттешет. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 20:30да башталат. Белгилей кетсек, турнир Ирандын Тебриз шаарында өтүп жатат. Кечээ, 24-октябрда Кыргызстандын курамасы Түркмөнстандын курамасын 3:2 эсебинде жеңген. Бул жеңиши менен курама командабыз Азия чемпиондугуна жолдомо ала алды. Иран менен ...

0 132

ВИДЕО – Шашкан эне люктун капкагын камгактай алып ыргытты

Видео 25-октябрь 2019, 11:16 Алтын Булат

Адамдар басчу жалгыз аяк жол. Колунда түрткөн коляска, жанында 2 жашка чыга элек баласын ээрчиткен эне жай баракат сейилдеп келе жатышат. Ал аңгыча чала жабылган канализациялык люктун үстүн баскан баласы, жылмышып ичине түшүп кетти. Мына эми, шашканда алсызың да күчтүү чыгарын мындан байкап алгыла. Люктун капкагы кеминде 40-50 кг чыгат. Муну мен деген “күчмендер” деле чиренип туруп, араң алып ...

0 142

Спиртсмендер азайып, спортсмендер арбыды

24-октябрь 2019, 17:12 Айдар Нуралиев

Мезгилдер өттү го сенек. Сиздердин деле эсиңиздерде болсо керек. Кайсы бир жылдары эки тааныш кездешти дегичекти бүттү, ыргыта тургансып мээлериндеги баш ооруткан жүктү, жолугушууну "100 грамм" менен белгилеп жиберишчү, ачуу суюктукту ооз аркылуу ашказанды көздөй имеришчү. Азыркы кезде эч ким деле антпей калган, ал тургай, ичип жүргөндөрдүн кээ бири намаз окугандардын алды болуп алган. Албетте, мен айтып жаткан жерим жок ...

0 122

Мушкер судьяны бир уруп оңкосунан түшүрдү

Видео 24-октябрь 2019, 10:18 Айдар Нуралиев

Японияда бирма боксу боюнча Lethwei 14 in Japan турнири учурунда ойго келбеген иш болуп кетти. Тактап айтканда, турнирдин алкагындагы беттештердин бирине калыстык кылып жаткан реферинин нокаутка кетиши болду. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. Маалыматка караганда, 21-октябрда Токиодо өткөн беттештин 7-секундасында судья мушкерлерди ажыратмакчы болуп жакын келип, башына сокку жеп, аңтарылып калган. Рефери бир топко өзүнө келе алган эмес, ...

0 327

ОКУЯНЫН ЧОО ЖАЙЫ - Мирбек Сүйүнбаев: Бирөөнү урсам, аягы жаман аяктайт

23-октябрь 2019, 18:08 Аман Аскаров

Спорт сүйүүчүлөрү кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону Мирбек Сүйүнбаевди жакшы билет. Атактуу “Гермес профи” спорт клубунда Александр Воиновдун алдында машыкчу. Кыргызстан үчүн рингде далай жолу “туруп” берди. Бирок жакында ага карата коңшулары тарабынан арыз түшкөндүгүн эшиттик. Анда спортчунун кошуналары Мирбек Сүйүнбаев алар баш калкалаган аймакка балдар аянтчасын куруп, ал ишке көмөктөшпөгөндөрдү ур-токмокко алып жаткандыгын маалымдашкан.

0 795

Видео – Хабиб Нурмагомедовду атактуу түрк ашпозчусу коркутту

Видео 23-октябрь 2019, 09:07 Айдар Нуралиев

Россиянын мушкери жана UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов атактуу түрк ашпозчусу Бурак Өздемирдин кафесинде болду. Бул тууралуу видео интернет булактарына тарады. Видеодон ашпозчу мушкерди тамашага салганын көрсөк болот. Ал чай ташуучу табакка стакандар менен чай көтөрүп келе жатып спортчунун үстүнө төгүп ала жаздаган сыяктуу кылып тамашалаган. Стаканда чай жок эле бош болгонун билгенде Нурмагомедов менен анын жанындагы достору күлүп калышкан.

0 121

Көк-бөрү боюнча дүйнө чемпиондугу кийинки жылы өтмөй болду

22-октябрь 2019, 13:19 Айдар Нуралиев

Өзбекстанда өтүүчү Көк-бөрү боюнча дүйнө чемпиондугу 2020-жылга жылдырылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Көк-бөрү федерациясынан кабарлашты. Быйыл турнир 20-26-ноябрда Ташкент шаарында өтөт деп пландалган болчу. Эске салсак, бул турнирге кыргыз көкбөрүчүлөрү катышпоону чечкен. Ага оюндун эрежелери өзгөргөнү себеп болгон. Булак: NazarNews.kg

0 178

Кыргызстан ФИФА рейтингинде үч баскычка жогорулады

22-октябрь 2019, 10:07 Аман Аскаров

ФИФАнын рейтинги боюнча Кыргызстан курама командасы 94-орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу Football-rankings.info кабарлайт. Анын маалыматы боюнча Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2022-жылы өтө турган дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турунда эки оюн өткөрүп, экөөндө тең жеңишке жеткендиги ФИФАнын рейтингинде жогорулаганга мүмкүнчүлүк түзгөн. Буга чейин улуттук курама команда 97-орунда болсо эми 94-орунга жогорулады. Белгилей кетсек, 10-октябрда Александр Крестининдин ...

0 124

Кыргызстандагы тоо чокулары дагы бир ысым менен толукталды

21-октябрь 2019, 16:54 Аман Аскаров

Тоо чокулардын бирине Турдакун Усубалиевдин ысымы берилди. 20-октябрда Жаштар иштери боюнча агенттиктин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев башында турган кыргызстандык альпинисттер Кыргыз Ала-Тоосунун борборундагы («Салык» мөңгүсүнүн жанындагы) бийиктиги 4 миң 650 метрге жеткен мурда аты жок болуп келген чокуга чыгып, ал жерге Турдакун Усубалиевдин ысымы жазылган тактаны орнотушту. Аталган иш чара Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун ...

0 592

ФОТО - “Алайдын” африкалык чабуулчусу кыргыз кызга үйлөндү

21-октябрь 2019, 10:45 Бакыт Молдалиев

Оштогу “Алай” футболдук клубунун ганалык чабуулчусу Кожо Жоел кыргызстандык кызга баш кошту. Бул тууралуу “Sport – Акиpress” маалымат агенттиги бүгүн, 21-октябрда сүрөттөрү менен бирге жарыялады. Андагы маалыматка ылайык, үйлөнүү той кечээ, 20-октябрда Токмок шаарында өткөн. Футболисттин аялынын аты-жөнү Айзада Жыргалбекова. Тойго Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын мурунку коргоочусу, дагы бир африкалык оюнчу Даниэл Тэго да чакырылган.

0 588

Каратэ боюнча турнирде массалык мушташ чыкты

Видео 19-октябрь 2019, 13:23 Айдар Нуралиев

Каратэ боюнча турнир учурунда массалык мушташ чыкканы тууралуу видео социалдык тармактарда тарап кетти. Белгилүү болгондой, бул окуя 16-октябрда Ташкент шаарында болгон. Массалык мушташ каратэ боюнча Өзбекстандын кубогу өтүп жатканда чыккан. Учурда каратэ федерациясы менен укук коргоо органдары бул чыр-чатакты иликтеп жатышат. Алдын ала маалыматтарга караганда, мушташ тренерлер менен судьялардын ортосунда чыккан. Булак: NazarNews.kg

0 318

Футзал боюнча Кыргызстандын курамасы Өзбекстандын курамасын ири эсеп менен “сыйлады”

18-октябрь 2019, 14:44 Бакыт Молдалиев

Футзал боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы “Азия-2020” чемпионатына даярдануу алкагында Өзбекстандын курама командасын кабыл алып, конокторду 5:1 эсебинде “сыйлап” койду. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча ассоциациясы маалымат таратты. Маалыматта айтылгандай, учурда футзал боюнча 2020-жылы өтчү Азия чемпионатына даярдык катары Бишкекте окуу-машыгуу иш-чаралары жүрүүдө. Эртең, 19-октябрда Өзбекстандын курамасы менен дагы бир матч өтөт.

0 334

Аскар Жумагулов: "Давай черноглазый, давай!" деп кыз-келиндер кыйкырып турушат"

17-октябрь 2019, 16:18 Айдар Нуралиев

- Аскар ага, ноябрь айында кыргыз волейболунун 90 жылдыгы белгиленгени турат. Волейбол оюнунун ардагери катары айтсаңыз, бул оюнга кантип аралашып калгансыз? - 1959-жылы 18 жаш кезимде андагы Фрунзе шаарында мектепте окуп жүргон кезде баштагам. Балдар спорттук мектебинде Владимир Дитрикс деген машыктыруучунун кол алдында болдук. Топ менен ойноо сырларын, анын керемет жактарын үйрөттү. №1 интернат-мектебинде такай машыгууларды үзгүлтүксүз жүргүзүп атты. ...

0 123

Сүрөт. Кыргыз желегин желбиреткен “Шумкарлар”

17-октябрь 2019, 13:24 Айдар Нуралиев

 2019-жылдын 12-16-сентябрь күндөрү Индияда өткөн “күжүрмөн самбо” боюнча мелдеште Кыргызстандын атынан катышкан жигиттер байгелүү орундарды камсыздашкан. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкерлери да көкүрөктөрүнө медаль тагып келишкен.  Алардын бири Мурзабаев Эмилбек Жаныбекович 1996-жылы 6-октябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Орто-Азия айылында жарык дүйнөгө келген. Аскерден келген соң ...

0 274

Эки Корея өлкөсү футболдон беттешти. Оюнда бир гана ФИФАнын президенти көрүүчү болду

16-октябрь 2019, 11:00 Айдар Нуралиев

Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын футбол боюнча курама командалары Пхеньян шаарында беттеш өткөрдү. Оюнда көрүүчүлөр да, камералар да, голдор да болгон жок. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка караганда, стадиондо бир гана көрүүчү болгон, ал – ФИФАнын президенти Жанни Инфантино. Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын футбол боюнча курама командалары Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу турниринин алкагында жолугушкан. Бул ...

0 124

Монголияны уткан Кыргызстан бир тепкичке көтөрүлдү

16-октябрь 2019, 09:30 Айдар Нуралиев

Жапониянын футбол боюнча курама командасы Тажикистанды 0:3 эсеби менен жеңип алды. Эске салсак, кечээ, 15-октябрда Улан-Батордо болгон оюнда Кыргызстан Монголияны 1:2 эсеп саны менен утуп алган. Ошентип, F  тобундагы Жапония 9 упай, Кыргызстан менен Тажикстан 6 упай, Монголия 3, Мьянма 0 упай бар. Азырынчы Кыргызстан менен Тажикистандын упайлары бирдей, бирок Кыргызстан киргизген голдорунун саны көп болгондуктан тизмеде Тажикистандан өйдө ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 142

Тарыхый окуя. Биринчи жолу марафон 2 саатка жетпей багынды

Видео 15-октябрь 2019, 18:05 Айдар Нуралиев

Кениялык жөө күлүк Элиад Кипчоге марафон аралыгын 2 саатка жетпей багынткан биринчи адам болуп калды. Бул окуя 12-октябрда катталды. Ал 42 чакырым 195 метр аралыкты 1 саат 59 мүнөт 40 секундда чуркап өткөн. Тилекке каршы, бул рекорд деп расмий түрдө катталбайт, себеби Венада өтүп жаткан бул марафон IAAFтын программасына кирбейт. Ийгилик кокусунан эле жаралып калган жок, Кипчоге рекорд жаратууга ...

0 193

Азаматтар! Монголия – Кыргызстан: 1:2. Футболчуларыбыз жеңишке жетишти

15-октябрь 2019, 16:18 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 15-октябрда, 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Монголия курама командасы менен беттеш өткөрдү. Улан-Батор шаарындагы борбордук стадиондо өтө турган оюн Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталган. Оюндун жыйынтыгында 1:2 эсеп саны катталып, Кыргызстан 3 упайга ээ болду. 1-таймда Гүлжигит Алыкулов менен Мирлан Мурзаев атаандаштардын дарбазасына бирден гол киргизишти. Ал эми ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83