www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Спорт
0 369

СҮРӨТ - Муштуму гана эмес, сексуалдуулугу менен  да ММАны багындырган мергенчи кыз

06-декабрь 2019, 14:21 Айдар Нуралиев

Лена Овчинникова Львовдо жашап, машыгат. Чемпион кыз тизмеде 11-позицияны ээлеп турат. Украиналык Лена Овчинникованы ММАнын эң сексуалдуу мушкер кыздарынын бири. Анын эсебинде спорттун ар кандай түрү боюнча 13 жеңиш бар. Көптөгөн жеңиштердин артынан "Мергенчи" (Охотница) деген титулга ээ болгон. Мурда ал муай-тай жана кик-боксинг менен алектенген. Лена азыркы учурда Bellator промоушенде эң жеңил салмакта чыгат. Акыркы жолу спортчу англиялык ...

0 151

"Алтын топтун" ээси ким болду?

03-декабрь 2019, 12:56 Айдар Нуралиев

"Барселона" клубунун жана Аргентина курама командасынын оюнчусу Лионель Месси 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча "Алтын топтун" ээси болду. Бул тууралуу  чет элдик басылмалар жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Париж шаарында “Алтын топту” тапшыруу аземи   2-декабрда болуп  өткөн.   Лионель Месси үчүн бул сыйлык алтынчы болуп, дүйнөдө жок рекордду койду. Ал "Алтын топ" сыйлыгын буга чейин 2009, 2010, 2011, 2012 жана 2015-жылдары ...

03-декабрь 2019, 12:56 | 151
0 181

ИИМдин  аскер кызматкери  кикбоксинг боюнча дүйнө  чемпион болду

03-декабрь 2019, 10:38 Айдар Нуралиев

ИИМдин аскер кызматкери, ички коопсуздук кызматынын жоокери,  кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу ИИМдин ички коопсуздук кызматынын басма сөз кызматы кабарлады. 2019-жылдын  30-ноябрында  Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин жекеме- жеке күрөш тобунун кол башчысы, ага лейтенат Авазбек Аманбеков Түркиянын Анталия шаарында өтүп жаткан кикбоксинг дүйнө чемпионатынын финалдык кездешүүсүндө 57кг салмактагы дүйнө чемпиону болду.   Авазбек Аманбековдун жетишкендиктерин айтып берди.  • Кикбоксинг ...

0 154

Легендарлуу Каныбек Осмоналиевге  Орусия сыйлык тапшырды

03-декабрь 2019, 09:56 Айдар Нуралиев

1980-жылдагы Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү Каныбек Осмоналиев жалпы Орусиялык “Национальное величие” сыйлыгы менен сыйланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Оруксмиядагы  элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, сыйлоо аземи 29-ноябрда Москва шаарында болуп, ЕАЭСтин юбилейине туш келгендиктен  сыйлык тапшыруу аземи СССР учурундагы жана постсоветтик мезгилде ийгилик жараткан кишилерге тапшырылды. Кыргызстандын атынан "Ар-намыс жана кадыр барк" номинациясынын лауреаты болуп ишкер, меценат Аскар Салымбеков ...

0 221

Кыргызстандык спортчу кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону болду

02-декабрь 2019, 14:57 Айдар Нуралиев

Кыргызстандык спортчу Авазбек Аманбеков кикбоксингдин WAKO версиясы боюнча дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Кикбоксинг федерациясы кабарлады. Маалыматка  ылайык, аталган чемпионат 27-ноябрдан 1-декабрга чейин Түркиянын Анталия шаарында өттү. Авазбек Аманбеков 57 килограммга чейин салмакта күч сынашып, финалда түркмөнстандык Пыгы Сылабовду жеңип, дүйнө чемпиону аталды. Аманбеков ...

0 251

ВИДЕО - Кыргызстандын "танкасы" орусиялык мушкерди жеңип алды

Видео 02-декабрь 2019, 10:35 Айдар Нуралиев

Танк каймана аты менен белгилүү кыргызстандык мушкер Жыргалбек Чомонов Москвада өткөн FMR Fighting Championship FFC турниринде орусиялык Иван Арацкийди жеңип алды. 1-декабрда өткөн турнирге Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикистандын, Орусиянын, Азербайжандын, Грузиянын, Ирандын жана Афганистандын спортчулары катышты. Иш-чара Pamir Fighters жана  "Акбар" мушкерлер клубунун колдоосу менен Орусиянын мигранттар Федерациясы уюштурган. Турнирде Кыргызстандын атынан 4 спортчу катышты. Бирок, жеңишке бир гана Чомонов ...

0 291

ВИДЕО - Самбо боюнча өткөн турнир массалык мушташ менен коштолду

Видео 02-декабрь 2019, 09:01 Бакыт Молдалиев

Кечээ, 1-декабрь күнү Ингушетияда өткөн күжүрмөн самбо (боевой самбо) боюнча өткөн турнир массалык мушташ менен коштолду. Бул тууралуу маалыматты андагы турнирди көрүүгө баргандардын бири видеосу менен бирге Твиттерге жарыялады. “Ингушетияда самбо боюнча өтүп жаткан турнир учурунда коңшу Чеченстандан келген коноктор менен жергиликтүүлөрдүн ортосунда массалык мушташ чыгып кетти. Мушташка баары – турнирге катышып жаткан спортсмендер, көрүүчүлөр, ...

0 417

ВИДЕО - Алтынбек Мамашев Алматыда казакстандык мушкерди жыга чаап, нокаут менен утуп алды

Видео 30-ноябрь 2019, 09:42 Бакыт Молдалиев

Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан аралаш мушташ боюнча “ACA 102” турниринде кыргызстандык “Золотой” каймана ысымы менен белгилүү мушкер Алтынбек Мамашев казактардын бирден-бир күчтүү мушкери саналган Гойти Дазаевге каршы чыгып, аны биринчи раундда эле нокаут менен утуп алды.   Раунддун орто ченинде “Золотойдун” Гойтинин жаагына таамай соккон мушу аны жыгылууга аргасыз кылды жана анда бет талаштыра тепкен соккусу ...

0 336

ВИДЕО - Кыргызстандык Тайсон казакстандык мушкерди жеңип алды

Видео 30-ноябрь 2019, 09:09 Айдар Нуралиев

Тайсон каймана аты менен белгилүү, ММА мушкери Канат Келдибеков казакстандык Думан уулу Алтынбекти жеңип алды. Аралаш мушташ турнир Absolute Championship Akhmat (ACA) и Alash Pride уюмдарынын алкагында  29-ноябрда Нур-Султанда өттү. Кыргызстандык мушкер 61 кг чейинки салмактагы категорияда чыгып, үч раунд өткөрүп, калыстардын чечими менен жеңүүчү аталды. Буга чейин Келдибеков ACA (Absolute Championship Akhmat) турнирин алкагында чечниялык Дуквах Астамировду да ...

0 228

Макгрегор жакында беттешке чыгаары белгилүү болду. Ким менен?

29-ноябрь 2019, 10:02 Айдар Нуралиев

UFCнин жетекчиси Дана Уайт  ирландиялык мушкер Макгрегор орто салмакта келишим түзгөнүн ырастады. Беттеш 2020-жылдын 18-январында UFC 246 турниринин алкагында өткөрүлөт. Макгрегор октагонго акыркы жолу 2018-жылы күзүндө чыккан. Ал эми орто салмакта 2016-жылдан бери чыга элек. 31 жаштагы мушкер октагонго кайтаарын  октябрда Москвада болгон пресс-конференцияда жарыялаган. Ошондой  эле Макгрегор  Хабиб Нурмагомедовдон реванш алгысы келерин да жашырган эмес. Ал 2018-жылдын октябрь ...

0 229

ФИФА рейтинги: Кыргызстан курамасы канчанчы орунда?

28-ноябрь 2019, 17:51 Айдар Нуралиев

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы 2022-жылы өтүүчү дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турунун алкагында ноябрда 3 беттеш өткөрдү. Анын бири жолдоштук беттеш болсо, экөө расмий. Эскерте кетсек,  9-ноябрда Ташкентте кыргыз курамасы Өзбекстан курама командасы менен беттешип, 1:3 эсебинде жеңилген. Япония менен өткөн оюнда Кыргызстан 0:2 эсебинде утулган, ал эми Тажикистан командасы менен тең чыккан. Жыйынтыгы: эки жеңилүү ызасы, бир тең чыгуу.

0 376

СҮЙҮНЧҮ! "Ерем" спортклубунун өкүлү Азат Усеналиев англиялык атаандашын жеңип чемпион болду

28-ноябрь 2019, 11:55 Айдар Нуралиев

Беларустун Минск шаарында өткөн эл аралык мелдеште "Ерем" спортклубунун өкүлү Азат Усеналиев чемпион болду. Бул тууралуу "Ерем" спортклубунун машыктыруучусу Шайлообек Атазов билдирди. Анын маалыматына караганда, "А" категориясындагы бокс боюнча эл аралык мелдеш 11-17-ноябрь күндөрү Беларустун Минск шаарында өткөн. Азат Усеналиев Испания, Беларусь, Украина мушкерлерин утуп, финалга чыккан. Финалдык беттеште англиялык мушкерди жеңип чемпиондук наамга ээ болду. Бул турнирдин жеңүүчүлөрү ...

0 223

Жеңилбес эки мушкер качан беттешет?

28-ноябрь 2019, 11:16 Кызгалдак Жакыпова

Хабиб Нурмагомедов менен Флойд Мейвезер экөөнүн беттеши 2020-жылдын январь айында өткөрүү даярдалган. Бул тууралуу Хабибдин менеджери Али Абдель Азиз билдирди.  Анын айтымында, беттешти Сауд Арабиясында өткөрүү пландалган.  “Башында ушундай пландап жатканбыз, бирок спорттун чоң атасы Дана Уайт бул планды бир азга сыр кылып калтырып турууга Флойдду көндүргөн. Менин оюмча Флойд азыркы доордун улуу мушкери. А Дана Уайт болсо тарыхтагы ...

0 173

Кикбоксинг боюнча дүйнөлүк чемпионатка Кыргызстандан 9 спортчу катышууда

27-ноябрь 2019, 12:22 Айдар Нуралиев

Учурда Кикбоксингдин WAKO версиясы боюнча өткөрүлгөн Дүйнөлүк чемпионатка Кыргызстандын курама командасы катышууда. Аталган мелдеш Түркиянын Анталия шаарында 26-ноябрда башталды. Курама командада Тахира Марасулова жетектеген 9 спортчу бар. Алар: 57 кг салмакка чейинки Авазбек Аманбеков жана Чыңгыз Бегматов, 60 кг салмакка чейинки Рустам Ибраимов, 63 кг салмакка чейинки Элдияр Аманкулов, 63,5 кг салмакка чейинки Шухрат Абдураимов, 65 кг салмакка чейинки ...

0 203

"Дордойдун" оюнчусу Муролим Ахмедов Бангладештин футбол клубуна кетти

26-ноябрь 2019, 18:35 Айдар Нуралиев

Кыргызстандын улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Муролим Ахмедов «Дордой» клубунан кетип, Бангладештин командасында ойнойт. Бул туурасында Кыргызстандын Футбол федерациясы билдирди. Ахмедов Бангладештин чемпионатынын премьер-лигасында ойной турган Saif Sprorting Club Ltd клубу менен келишим түзгөнү айтылат. Ал «Дордойдун» курамында ойноп жаткан маалда команда эки жолу (2018,2019-жылдары) Кыргызстандын чемпиону болгон. Ошондой эле Кыргызстандын кубогун жана супер кубогун утуп алган. Буга чейин ...

0 361

ВИДЕО - Дарбазачы өз дарбазасынан топ тээп, атаандаштарына гол киргизди

Видео 26-ноябрь 2019, 09:23 Айдар Нуралиев

Мексиканын «Гвадалахара» футбол клубунун дарбазачысы Хосе Родригес улуттук чемпиондукта укмуштуудай гол киргизе алды. бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка караганда, 24-ноябрда Мексиканын чемпиондугунун 19-турунун алкагында «Гвадалахара» өз талаасында «Веракрус» клубун кабыл алган. Оюндун негизги убактысы аяктап, кошумча берилген убакытта бурчтан тебүү жаралган, ошондо «Веракрус» клубунун дарбазачысы да атаандаштарынын дарбазасы тарапка жөнөгөн. Бурчтан чыгарып берүүнүн жыйынтыгында, топ Родригестин колунда ...

0 142

Мадина Мирлан кызы: "Сооронбай Шарипович эл аралык мелдеште жараткан ийгилигибизди куттуктап, колдоо көрсөттү"

23-ноябрь 2019, 16:59 Айдар Нуралиев

Жакында эле кыз-келиндер арасында спорттун волейбол түрүнөн Азия мамлекеттеринин борбордук аймагы боюнча чемпионаты Бангладештин Дакка шаарында болуп өттү. Кыргызстан курамынын топ чапкычтары коло медалды багынтышты. “Салам-Алик” командасында ойногон Мадина Мирлан кызы чемпионатта “Мыкты оюнчу” деп табылды. Мадина карындашыбыз чемпионаттын жүрүшү тууралуу, волейбол оюнуна кандайча келгенин жана келечеги тууралуу айтып берди. -- Мадина, Азия мамлекеттеринин борбордук аймак боюнча чемпионатта коло ...

0 251

Шахмат федерациясында чыңалуу күч алды, аягы эмне болот?

23-ноябрь 2019, 16:17 Айдар Нуралиев

КР шахмат федерация экиге бөлүнгөнү турат. Учурдагы президенти Милан Турпанов менен вице-президенти Талант Мамытовдун ортосунан кантип “кара мышык” өтүп кеткенин билбей турабыз. Бир тарабы Миланды жактап, анын мүмкүнчүлүгү чектелген акыл-эс оюнчуларын ар дайым колдоп келгенин айтып, акыркы учурда Кыргызстандын шахматчылары байма-бай эл аралык турнирлерге жиберип турганын, дагы-дагы алгы иштерин тизмектеп атышса, бир тарабы КР шахмат федерациясында каржылык маселесинен мүчүлүштүк ...

0 158

Келдибек Жамбылга күрөш үйрөтөт

23-ноябрь 2019, 11:54 Айдар Нуралиев

Жамбыл эригип Оштон Келдибек акесине телефон чалат: - Келдибек аке, Айсулуу кызыңыздын алтын медалы менен куттуктайм. Айсулуу бул жолу алтын тагынаарына ишендиңиз беле? - Жамбыл, ишенгем, чач адамдын көркү дейт. Айсулуу бул сапар дүйнөлүк мелдешке өзүнүн алгачкы чач жасалгасы менен барды. Өңүн да өзгөрткөн жок. Көрдүңбү, анан аягы алтын менен бүттү. - Мурунчу? - Мурун Айсулуу сары, ак чачтар ...

0 1133

ВИДЕО - Айтылуу "Мелис байке" "хити" кайра сахнада. Унута элексиңерби?

Видео 23-ноябрь 2019, 10:37 Аман Аскаров

Айтылуу “Мелис байке” терминин унута элексиңерби? Ак түстөгү Lexus унаанычы? Чодронованычы? Булар 4-5 жыл мурун жергиликтүү хит-параддын сап башында болгон. Анда аталган унаанын айдоочусу Чодронова атуу айым жайдын аптаптуу ысыгында унаасы менен жолдо жүрүүнүн бир дагы эрежесин сактабай, калаа тургундарынын өмүрүнө коркунуч жараткандыгынан улам МАИ кызматкерлери тарабынан кармалып, жарга такалганда “Мелис байкеме айтам” деп кыялын ...

0 385

Кол күрөш жылдызына айланган сулуу

22-ноябрь 2019, 15:25 Кызгалдак Жакыпова

Екатерина Никишева дүйнөлүк армрестлинг  жылдызы. Орусиянын Новосибирск шаарында туулуп өскөн спортчу жакында эле дүйнө чемпионатында экинчи жолу алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыкты.  Екатеринанын айтымында, ал кол күрөш менен алектенем деп ойлогон эмес.  “Негизи бул кокусунан болуп калган. Мен биринчи мелдешке чыкканда эрежелерди жакшы билбей эле чыккам. ...

0 424

ВИДЕО – Мирзиёевдин күйөө баласы Хабиб Нурмагомедовдун урматына дасторкон жайды

Видео 22-ноябрь 2019, 15:07 Алтын Булат

Стол жайнаган түрдүү өзбек татымдары – мунун баары орусиялык белгилүү балбан Хабиб Нурмагомедов үчүн жайылган дасторкон. Анын учурда Ташкентте жүргөнү айтылууда. Социалдык түйүндө пайда болгон бул видеодо, баш аягы 12 тамактын түрү жазылган тамак-аштын тизмесин спортчуга, Өзбекстандагы Аралаш мушташ ассоциациясынын башчысы Отабек Умаров тааныштырып жатканын көрүүгө болот. Айтмакчы, Умаров президенттин кичүү кызы Шахноза Мирзиёеванын жолдошу, президенттин күйөө баласы. Ошондой ...

0 180

Валентина Шевченконун кийинки беттеши качан жана кайсы жерде болору белгилүү болду

22-ноябрь 2019, 12:46 Кызгалдак Жакыпова

Жеңил салмактагы UFC чемпиону Валентина Шевченко титулин коргоп калуу үчүн эми америкалык Кэтлин Чукагян менен беттешет. Бул тууралуу MMAJunkie басылмасы жазып чыкты.  Маалыматка ылайык, эки мушкер 2020-жылдын 8-февралында АКШнын Техас штатындагы Хьюстон шаарында өтө турган UFC 247 турниринде беттешишет.  Ушул жылдын август айында Валентина Шевченко америкалык Лиз Кармушту жеңип экинчи жолу титулун коргоп калган. Биринчисинде Жессика Айды техникалык нокаут ...

0 126

Нурадин Рустамбек уулу, Азия чемпиону: "Финалга чыккычакты абдан оор болду"

20-ноябрь 2019, 18:03 Айдар Нуралиев

11-ноябрдан 17-ноябрга чейин Монголиянын борбор калаасы Улан-Батордо болуп өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатынан биздин спортчулар ийгиликтүү кайтып келишти. Бул таймашта 18 жаштагы Нурадин Рустамбек уулу 69 кг салмакта Азия чемпиону болуп баарыбызды кубантты. Ал төрт мушкер менен бет келишип финалдык беттешүүдө Өзбекстандан барган Нурислом Исмаиловду, болгондо да учурдагы Азия чемпионун утуп алган. 19-ноябрда эртең мененки саат 9.30да Улан-Батор-Бишкек багытындагы ...

0 282

Камчыбек Ташиев, Улуттук бокс федерациясынын вице-президенти: "Биздин мамлекетте чоң майрам"

20-ноябрь 2019, 17:54 Айдар Нуралиев

11-ноябрдан 17-ноябрга чейин Монголиянын борбор калаасы Улан-Батордо болуп өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатынан биздин спортчулар ийгиликтүү кайтып келишти. Бул таймашта 18 жаштагы Нурадин Рустамбек уулу 69 кг салмакта Азия чемпиону болуп баарыбызды кубантты. Ал төрт мушкер менен бет келишип финалдык беттешүүдө Өзбекстандан барган Нурислом Исмаиловду, болгондо да учурдагы Азия чемпионун утуп алган. 19-ноябрда эртең мененки саат 9.30да Улан-Батор-Бишкек багытындагы ...

0 158

Абдыкулова Дарика, Нурадин Рустамбек уулунун апасы: "Эненин жүрөгү назик болот экен"

20-ноябрь 2019, 17:50 Айдар Нуралиев

11-ноябрдан 17-ноябрга чейин Монголиянын борбор калаасы Улан-Батордо болуп өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатынан биздин спортчулар ийгиликтүү кайтып келишти. Бул таймашта 18 жаштагы Нурадин Рустамбек уулу 69 кг салмакта Азия чемпиону болуп баарыбызды кубантты. Ал төрт мушкер менен бет келишип финалдык беттешүүдө Өзбекстандан барган Нурислом Исмаиловду, болгондо да учурдагы Азия чемпионун утуп алган. 19-ноябрда эртең мененки саат 9.30да Улан-Батор-Бишкек багытындагы ...

0 1319

Кыргызстан-Тажикстан беттешинде куудулдун уулу Гүлжигит Алыкуловго чоң ишеним артылды

20-ноябрь 2019, 09:08 Аман Аскаров

Кечээ,19-ноябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Катар-2022 Дүйнө чемпионатындагы тандап алуу оюндарынын алкагында футбол боюнча Кыргызстан курама командасы Тажикстан командасы менен оюн өткөрдү. Тилекке каршы, оюн биздин күйөрмандар күткөн жыйынтыкка алып келген жок. Тажикстан биринчилерден болуп эсепти ачты. Экинчи тайм бирде тажик, бирде кыргыз командаларынын үстөмдүгүндө өтүп, 83 мүнөттө гана биздин курама команда эсепти теңегенге жетишти. Беттеш 1:1 эсебинде аяктады.

0 179

Кыргызстан менен Тажикстандын футболчуларынын беттеши тең чыгуу менен аяктады

20-ноябрь 2019, 08:19 Кызгалдак Жакыпова

2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында өткөн беттеште алгачкы голду тажик футболчусу Жахонгир Эргашев 16-мүнөттө киргизди. 83-мүнөттө Кыргызстандын коргоочусу Тамирлан Козубаев эсепти теңеди. Тандоо оюндарынын 2-баскычынын алгачкы беттешинде Кыргызстандын курама командасы 5-сентябрда Дүйшөмбү шаарында Тажикстанга 0:1 эсебинде жеңилген эле. Футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычында Кыргызстан F тайпасында Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия ...

0 614

Видео – Нурмагомедов: ”...бир аял майыпта деле бар болушу мүмкүн”

Видео 19-ноябрь 2019, 17:44 Кызгалдак Жакыпова

UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун атасы жана машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедов орусиялык “Мир” телеканалына берген интервьюсунда экинчи аял алайын деп жатканын билдирди. “Менин аялым бар, мага ал менен ыңгайлуу. Бирок дагы үчөөнө сунуш кылса болот. Экинчиси катарда турат. Үчүнчүсү туурасында билбейм, болобу же болбойбу. Алла талла эркектерге кайрылган: эки, үч, төрт аял алгыла. Ал эми бир аял майыпта деле барболушу мүмкүн”,- ...

0 768

Кыргызстандык жигит бодибилдинг боюнча эл аралык мелдеште жеңүүчү аталды

19-ноябрь 2019, 14:28 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстандык Шербек Токтомушев бодибилдинг боюнча Diamond Cup — 2019 эл аралык турнирде жеңүүү аталды. Сынак 15-ноябрдан 18-ноябрга чейин Индиянын Аурангабад шаарында өткөн. Ага 15 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан. Шербек Токтомушев 90 кг жогорку салмакта эң мыкты аталган. Ал эми жалпы орунда коло медальга ээ болду. Ошондой эле ал Arnold Classiстин кадыр-барктуу сынактарына катышууга атайын Pro-картасын алды.  Булак: NazarNews.kg          

0 239

Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары,  буга чейин  канча жолу беттешкен?

19-ноябрь 2019, 09:49 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:00дө беттешет.  Белгилей кетсек, 2022-жылы өтө турган дүйнө чемпионатына Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы  F тайпасында Тажикстан, Япония, Мьянма жана Монголия командалары менен ойноп жатат. Футбол боюнча чемпионаттын финалдык бөлүгү 2022-жылы Катар мамлекетинде өтөт.  Эске салсак, Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары   буга чейин  жалпысынан 13 жолу ...

0 219

Футбол: Бишкекте борбордук көчөлөр жабылат

18-ноябрь 2019, 17:07 Темирлан Келдибеков

Эртең Бишкекте футболдук беттешке карата айрым көчөлөрдө унаа кыймылы чектелет. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Эске салсак, футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында, эртең Кыргызстан менен Тажикстандын футбол боюнча курама командалары беттешет. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:00до башталат. Кечки саат 17:00дөн баштап Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин, Фрунзе ...

0 203

Тажикстандык футболчулар Бишкекке келди

18-ноябрь 2019, 14:29 Айдар Нуралиев

Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясы маалымдады. Тажикстандык оюнчулар 17-ноябрь күнү келишкен. 18-ноябрда эки команданын машыктыруучулары журналисттер үчүн басма сөз жыйынын өткөрүшөт. Анда Кыргызстандын улуттук курама командасынын машыктыруучусу Александр Крестинин жана Тажикстандын улуттук курамасынын машыктыруучусу Усмон Тошев алдыда боло турган оюн, ага даярдык тууралуу кеп кылмакчы. 19-ноябрда Кыргызстан менен Тажикстандын футбол боюнча улуттук курама командалары Бишкекте ойношот. Тажикстандын командасы өткөн ...

0 230

Монголияда өткөн беттеште Азия чемпиону ким болду?

17-ноябрь 2019, 17:53 Кызгалдак Жакыпова

Нурадин Рустамбек уулу 10-17-ноябрга чейин Монголияда өткөрүлгөн спорттун бокс түрү боюнча Азия чемпиону болду. Маалыматка караганда жаштар арасында өткөрүлгөн беттеште Азия биринчилигинин финалдык бөлүгүндө өзбекстандык боксчу Нурислом Исмоиловду жеңип алган. Боксчулар 69 килограмм салмактагылар арасында күч сынашышкан. Улан-Батор шаарында өткөн мелдешке Кыргызстандан тогуз спортчу барган. Буга чейин, өткөн жылы Рустамбек уулу Нурадин Азия биринчилигинде коло медаль алган. Булак:NazarNews.kg      

0 236

А сиз билесизби? Белгилүүлөрдүн белгисиз тагдыры...

16-ноябрь 2019, 11:52 Айдар Нуралиев

Стив Жобс, Аpple компаниясынын негиздөөчүсү Тарыхый жеңилүүсү: Дүйөнөгө белгилүү бизнесмен Стив Жобс Стэнфорд университетинен айдалган. Мындан тышкары өзүнө тиешелүү компанияда жумушунан айдалган.  Ийгилигинин тарыхы: Айдалгандан соң башка компания ачкан. Ал NeXT Inc деп аталган. Кийинчерээк аны 429 миллион долларга сатып, Аpple компаниясын башкаруу укугун кайра сатып ала алган.  Билл Гейтс, Microsoftтун негиздөөчүсү: Тарыхый жеңилүүсү: Гарварддагы окуусун таштап салган. Анын ...

0 313

Өзбекстандык экс-дүйнө чемпиону орус мушкерине машыктыруучу болду

15-ноябрь 2019, 17:47 Айдар Нуралиев

Өзбекстандык супер оор салмактагы мушкер, экс-дүйнө чемпиону Руслан Чагаев орус мушкерин машыктырмакчы болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты. Маалыматка караганда, Өзбекстандын атынан чыгып жүргөн Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоциациясынын (WBA) версиясы боюнча мурунку чемпиону Руслан Чагаев мушкерлердин “Ноакуттар падышасы” шоусунда орусиялык мушкер Фатима Дудиеваны машыктырмай болду. Фатима Дудуева 14-ноябрда Санкт-Петурбург шаарында өткөн турнирде польшалык Дорота Норекти жеңип алган. Көрүүсүндөгү ...

0 783

Алмазбек Акматалиев: "Кыргызстан жеңиптир, көрсө, туугандар! Жеңишибиз кут болсун!"

15-ноябрь 2019, 15:38 Айдар Нуралиев

Кечээки футболдо утулсак да, көзгө көрүнбөгөн бир ЧОҢ жеңишке жетишиптирбиз: оюн бүткөндөн кийин стадиондогу бардык күйөрмандар бирөө калбай стадионду тазалап, таштандыларды чогултуп, пакеттерге салып, өзүлөрү менен кошо ала кетиптир... Футбол эмне, футбол бул оюн! Таштандыларды чогултуп кетүү болсо оюн эмес! Бул реалдуу турмушубузда ЖАҢЫ салт, үрп-адат калыптанып калганынын үлкөн белгиси! Кыргызстан жеңиптир, көрсө, туугандар! Жеңишибиз кут болсун! Алмазбек Акматалиев, ...

0 236

ФОТО-ВИДЕО - Эл аралык мелдеште эки мушкерибиз финалга чыкты

Видео 15-ноябрь 2019, 14:03 Айдар Нуралиев

Беларустун Минск шаарында 4 күндөн бери өтүп жаткан "А" категориясындагы бокс боюнча эл аралык мелдеште 2 мекендешибиз буга чейинки атаандаштарын жеңип, финалга жолдомо алышты. Бул тууралуу "Ерем" спортклубунун машыктыруучусу Шайлообек Атазов билдирди. Анын маалыматына караганда, 57 килограммга чейинки салмак ченинде Мунарбек Сейитбек уулу жана 52 килограммга чейинки салмак ченинде "Ерем" спортклубунун өкүлү Азат Усеналиев атаандаштарын жеңип финалга чыгышты. Белгилей ...

0 481

ВИДЕО – Ушундай нокаутту көрдүңүз  беле? Казак мушкери атаандашын башкача ыкма менен муунтуп жеңди

Видео 15-ноябрь 2019, 10:46 Айдар Нуралиев

Казакстандык мушкер Ерназ Мусабек ММА боюнча дүйнө чемпиондугунун жарым финалына чыкты. Турнир Бахрейнде өтүп жатат. Жарым финалга өтүү үчүн Ерназ Мусабек октагондун ээси Мансур Магомедов менен кез келген. Беттеш биринчи раундда эле аяктап, казакстандыктын пайдасына чечилди. Ал атаандашынын муунтуп, эсин оодарып койгон. Мансур Магомедов бошоп кетүүгө жакшы эле аракет кылды, ал тургай Ерназды жерден көтөрүп, кайра жерге таштаганга да ...

0 573

ФОТО - "Итбай-чотбайды" оюнга чогулткан Абылгазиев. Апас Жумагулов отурат "довольный" түр менен

15-ноябрь 2019, 12:08 Аман Аскаров

Кечээ, 14-ноябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо футбол боюнча Кыргызстан менен Япония курама командалары беттешти. Бирок, азыр кеп оюн тууралуу эмес. Оюндун коноктору тууралуу сөз кылалы деп турабыз. Бардыгыбыз күбө болгондой, оюнга премьер-министр өзү катышып, “12-оюнчу” болуп берди. Аны беттешке коштоп “итбай-чотбайдын” калың тобу барды. Бирок эң эле кызыктырган бир фигура отурду, убагында бардыгын кыйратып койгонсуп, “довольный” түр менен. Ал ким? Ал ...

0 209

Мухаммедкалый Абылгазиев футбол боюнча кураманы колдоо үчүн стадионго барды

15-ноябрь 2019, 08:41 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 2022-жылы өтө турган дүйнөлүк чемпионатка тандоо турунун алкагында Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Япониянын командасы менен беттешкен Кыргыз Республикасынын футбол боюнча курама командасын колдоо үчүн стадионго барды. Өкмөт башчы Д. Өмүрзаков атындагы стадиондо эки команданын футболчуларынын оюнун көрдү. Белгилей кетсек, 2022-жылы өтө турган дүйнө чемпионатына Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы  F тайпасында Тажикстан, Япония, ...

0 274

Футбол: Жапония Кыргызстанды утту

14-ноябрь 2019, 19:41 Айдар Нуралиев

Бүгүн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн Кыргызстан жана Жапониянын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттешинде жапон футболчулары эки гол киргизип жеңишке жетти. 2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында болгон беттештин 39-мүнөтүндө Кыргызстандын дарбазачысы Кутман Кадырбеков жапон футболчусуна карата орой ойноду деген негизде айып тобун тебүү дайындалып, бул мүмкүнчүлүктү Жапон оюнчусу Такуми Минамино колдон ...

0 185

Футбол: 39-мүнөттө эсепти кимдер ачты?

14-ноябрь 2019, 19:16 Кызгалдак Жакыпова

Жапон футболчусу Такуми Минамино 39-мүнөттө айып тобун тээп, эсепти ачты. Учурда биринчи тайм аяктады. Бүгүн, 14-ноябрда 2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан менен Жапониянын курама командалары ойноп жатат. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 17:15те башталган. 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычы 5-сентябрда башталган. Кыргызстан F тайпасында Тажикстан, Жапония, ...

0 232

Футбол. Япония менен беттешке кайсы оюнчулар чыгат?

14-ноябрь 2019, 16:42 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 14-ноябрда 2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан менен Япониянын курама командалары беттешет. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо, саат 17:15те башталат. Учурда Японияга каршы ойной турган Кыргызстан курамасынын негизги оюнчулары белгилүү болду. Алар: Валерий Кичин, Темирлан Козубаев, Мустафа Юсупов, Виктор Майер, Гүлжигит Алыкулов, Едгар Бернхард, Мирлан Мурзаев, Бекжан Сагынбаев, Фархат Мусабеков, Алимардон ...

0 233

Футбол федерациясы: “Стадионго дубалдан ашып кирбегиле!”

14-ноябрь 2019, 13:39 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, 14-ноябрда 2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан менен Жапониянын курама командалары беттешет. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо, саат 17:15те башталат. Кыргызстандын Футбол федерациясы оюнга билети жок күйөрмандар стадионго келбей эле койсун деп алдын ала өтүндү. «Стадионго мыйзамсыз жол менен кирүүгө же дубалдан ашып түшүүгө аракет кылбаңыздар. Австралиянын курама командасы менен ...

0 204

 Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган оор атлетика боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды

14-ноябрь 2019, 12:22 Айдар Нуралиев

Кечээ, 13-ноябрда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда (Бишкек шаары) дүйнөнүн төрт жолку, Европанын эки жолку чемпиону, олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү, СССРдин эмгек сиңирген спортчусу Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган оор атлетика боюнча эл аралык мелдеш эркектер арасындагы төрт салмак менен жыйынтыкталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнѳ караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди. Түшкө чейин 89 ...

0 358

Мелис Турганбаевге жаңы наам ыйгарылды

14-ноябрь 2019, 12:11 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнѳ караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги спорттун ардагерлерине спорттук наамдарды ыйгарды. Бул тууралуу аталган агенттиктин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, коллегиянын чечими менен 5 спортчуга ардагерлер арасында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери наамы ыйгарылды. Тизме: 1. Чынарбек Изабеков – эркин күрөш; 2. Мелис Турганбаев – эркин күрөш; 3. Талайбек Масабиров – ...

0 387

Купальникчен Шевченкого баары суктанууда

14-ноябрь 2019, 10:40 Бакыт Молдалиев

ММА мушкери Антонина Шевченко өзүнүн Инстаграмм баракчасына жарыялаган укмуш сүрөтү элдин назарында. Фотосессия АКШнын батышында жайгашкан Лас-Вегас шаарында өткөн.  Шевченконун купальникчен түшкөн сүрөтү Жениффер Лопеске окшошуп калган. Социалдык тармактын колдонуучулары мушкердин сүрөтүнө суктанып, жылуу пикирлерин калтырууда. Булак: NazarNews.kg

0 235

Кыргызстан-Жапония футбол оюнунун билеттеринин баштапкы баасы канча?

12-ноябрь 2019, 20:48 Айдар Нуралиев

Кыргызстан менен Жапониянын Бишкекте өтө турган футбол таймашына бардык билеттер сатылып бүттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясы билдирди. “Тилекке каршы, биздин стадион бул оюнду көргүсү келген бардык каалоочуларды батыра албайт, ошондуктан күйөрмандар үчүн кошумча аянтча болот” деп айтылат федерациянын билдирүүсүндө. 2022-жылы Катарда футбол боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Ага тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан менен Жапониянын курама командаларынын беттеши Бишкекте 14-ноябрда ...

0 256

Бишкекте оор атлетика боюнча турнир өтүүдө

Видео 12-ноябрь 2019, 13:17 Кызгалдак Жакыпова

Борбор калаада оор атлетика боюнча Олимпиада чемпиону, Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган эл аралык мелдеш өтүп жатат. 11-14-ноябрда Бишкектеги Спорт ордосунда өтүүчү бул турнир Кыргызстанда 32-жолу өткөрүлүүдө. Андан сырткары Кыргызстандын оор атлеттеринен Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын спортчулары  да катышууда. Булак: NazarNews.kg

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83