www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Спорт
0 203

Рафаэль Физиев UFC турниринде алгачкы жеңишине жетишти

28-октябрь 2019, 10:13 Айдар Нуралиев

26-октябрда Сингапурда UFC Fight Night 162 эл аралык турниринде мекендешибиз Рафаэль Физиев жеңишке жетишти. Ал 70 килограммга чейинки салмакта америкалык Алекс Уайт менен беттеш өткөргөн. 5 мүнөттүк 3 раунддун жыйынтыгында судьялар бир ооздон Рафаэлди жеңүүчү деп табышты. Муну менен Физиев UFC турниринде алгачкы жеңишке жетти. Ал алгачкы беттешинде орус мушкерине жеңилип калган болчу. Булак: NazarNews.kg

0 226

Кочкораталык клуб тарыхында биринчи жолу чемпион

28-октябрь 2019, 09:38 Аман Аскаров

Футбол боюнча кадимки эле аймактык клуб “Нефтчи” командасы өзүнүн тарыхында биринчи жолу өлкөнүн чемпиону болду. Кечээ, 27-октябрда Жалал-Абад шаарынын “Курманбек” стадионунда футбол боюнча Кыргызстандын кубогу үчүн беттеш өттү. Анда борбор калаанын “Дордой” жана Кочкор-Ата шаарынын “Нефтчи” командалары кезигишкен. Жыйынтыктоочу эсеп 1:0 эсебинде "Нефтчинин" пайдасына чечилди. Бишкектин “Дордой” командасы өз тарыхында 10 ирет чемпион болгон. Кочкораталык клубдун ...

0 193

ВИДЕО - Кыргызстандык мушкер бразилиялык атаандашын жеңип, "UFC"те алгачкы жеңишти камсыз кылды

Видео 27-октябрь 2019, 10:33 Бакыт Молдалиев

Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев UFC турниринин алкагында бразилиялык Алекс Уайтты жеңип, алгачкы ирет жеке жеңишин камсыз кылды. Беттеш кечээ, 26-октябрда Сингапурда өттү. Үч раунддун жыйынтыгында, калыстардын бир добуштан берген чечими менен жеңиш кыргызстандык мушкердин пайдасына чечилди. Физиев үчүн бул жеңиш - анын UFC те өткөргөн эки беттештин алгачкысы. Ал буга чейин Санкт-Пебербургда өткөн турнирде россиялык ...

0 872

ВИДЕО - Дагестандыктар Конор Макрегордун “пачагын” чыгарабыз деп, Москванын мейманканасына топтолушту

Видео 26-октябрь 2019, 10:16 Бакыт Молдалиев

Айтылуу ирландиялык мушкер (ММА) Конор Макгрегор жайгашкан Москванын "Ритц-Карлтон" мейманкасын бир нече ондогон дагестандыктар курчап алышты. Буга Конордун Хабиб Нурмагомедовдун атына айткан сыны себеп болууда. Мында келишкен дагестандыктар Конордун Хабиб тууралуу, андан башка дегеле жалпы дагестандыктар боюнча айткан сөздөрүнө жооп берүүнү талап кылышууда. Окуя боюнча видео соцтармактарга да тарап жатат. "Бүгүн Конордун дагестандыктар ...

0 794

ВИДЕО - Каршылашынын хиджабын түздөгөнгө курчап калышкан

Видео 26-октябрь 2019, 09:34 Аман Аскаров

Кыз- келиндер арасындагы футбол боюнча WAFF чемпионатында “Араб православдык клуб” жана Иорданиянын “Шабаб аль-Ордон” командалары ортосундагы беттеште иорданиялык футболчу оюн учурунда кокустуктан каршылашындагы мусулман кыздын башындагы хиджабын чечип алган. Андан соң, иордания клубунун оюнчулары дароо абалды жеринен талдай калып, каршы команданын оюнчу кызы хиджабын түздөө үчүн аны тегеректеп туруп калышкан. Бул кадам менен алар мусулман ...

0 603

ВИДЕО: “Жинди кыргыз” – жаңы дүйнө чемпиону! Кубанычтан аккан көз жаштар...

Видео 26-октябрь 2019, 09:08 Бакыт Молдалиев

Индонезиянын борбору Жакарта шаарында кечээ, 25-октябрда өткөн аралаш мушташ жана кикбокс боюнча “One Championship Dawn of Valor” турниринде кыргызстандык мушкер, “Жинди кыргыз” каймана аты менен таанымал болгон Камрян Аббасов жарым орто салмакта учурдагы дүйнө чемпиону, швециялык Себастьян Кадестамды ири эсеп менен утуп, жаңы дүйнө чемпиону аталды.  Бул утуштан соң “Жинди кыргыздын” эсеби 16 утушка чыкты. ...

0 268

Аброр Хакимов кикбокс боюнча дүйнө чемпиондугунда коло тагынды

25-октябрь 2019, 18:05 Айдар Нуралиев

Кыргызстандык кикбоксчу Аброр Хакимов WAKO версиясы боюнча кикбокс боюнча дүйнө чемпиондугунда коло медаль тагынды. Турнир Босния жана Герцеговинанын Сараево шарында өтүп жатат. Хакимов 67 килограммга чейинки салмакта лоу-кик боюнча таймашкан. Ал 23-октябрда хорватиялык мушкерди, 24-октябрда испаниялык мушкерди жеңген. Бүгүн жарым финалдык беттеште ал болгариялык мушкерге туш келип, тилекке каршы жеңилип калды. Муну менен ал 3-орунду алып, коло медаль тагынды.

0 238

Авазбек Аманбеков дүйнө чемпиондугунда финалга чыкты

25-октябрь 2019, 17:01 Айдар Нуралиев

Кыргызстандык кикбоксчу Авазбек Аманбеков WAKO версиясы боюнча кикбокс боюнча дүйнө чемпиондугунда финалга чыкты. Турнир Босния жана Герцеговинанын Сараево шарында өтүп жатат. Аманбеков 57 килограммга чейинки салмакта лоу-кик боюнча таймашып жатат. Ал 23-октябрда палестиналык мушкерди, 24-октябрда америкалык мушкерди жеңген. Бүгүн жарым финалдык беттеште Мавританиялык мушкерди утуп, финалга жолдомо алды. Ошондой эле, Аброр Хакимов да финалга чыгуу үчүн бүгүн беттеш өткөрөт.

0 185

Футзал боюнча курама командабыз Азия чемпиондугуна жолдомо алды

25-октябрь 2019, 14:45 Айдар Нуралиев

Кыргызстандын Футзал боюнча курама командасы, бүгүн, 25-октябрда 2020-жылкы Азия чемпиондугунун тандоо турунун алкагында Иран курамасы менен беттешет. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 20:30да башталат. Белгилей кетсек, турнир Ирандын Тебриз шаарында өтүп жатат. Кечээ, 24-октябрда Кыргызстандын курамасы Түркмөнстандын курамасын 3:2 эсебинде жеңген. Бул жеңиши менен курама командабыз Азия чемпиондугуна жолдомо ала алды. Иран менен ...

0 140

ВИДЕО – Шашкан эне люктун капкагын камгактай алып ыргытты

Видео 25-октябрь 2019, 11:16 Алтын Булат

Адамдар басчу жалгыз аяк жол. Колунда түрткөн коляска, жанында 2 жашка чыга элек баласын ээрчиткен эне жай баракат сейилдеп келе жатышат. Ал аңгыча чала жабылган канализациялык люктун үстүн баскан баласы, жылмышып ичине түшүп кетти. Мына эми, шашканда алсызың да күчтүү чыгарын мындан байкап алгыла. Люктун капкагы кеминде 40-50 кг чыгат. Муну мен деген “күчмендер” деле чиренип туруп, араң алып ...

0 149

Спиртсмендер азайып, спортсмендер арбыды

24-октябрь 2019, 17:12 Айдар Нуралиев

Мезгилдер өттү го сенек. Сиздердин деле эсиңиздерде болсо керек. Кайсы бир жылдары эки тааныш кездешти дегичекти бүттү, ыргыта тургансып мээлериндеги баш ооруткан жүктү, жолугушууну "100 грамм" менен белгилеп жиберишчү, ачуу суюктукту ооз аркылуу ашказанды көздөй имеришчү. Азыркы кезде эч ким деле антпей калган, ал тургай, ичип жүргөндөрдүн кээ бири намаз окугандардын алды болуп алган. Албетте, мен айтып жаткан жерим жок ...

0 128

Мушкер судьяны бир уруп оңкосунан түшүрдү

Видео 24-октябрь 2019, 10:18 Айдар Нуралиев

Японияда бирма боксу боюнча Lethwei 14 in Japan турнири учурунда ойго келбеген иш болуп кетти. Тактап айтканда, турнирдин алкагындагы беттештердин бирине калыстык кылып жаткан реферинин нокаутка кетиши болду. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. Маалыматка караганда, 21-октябрда Токиодо өткөн беттештин 7-секундасында судья мушкерлерди ажыратмакчы болуп жакын келип, башына сокку жеп, аңтарылып калган. Рефери бир топко өзүнө келе алган эмес, ...

0 332

ОКУЯНЫН ЧОО ЖАЙЫ - Мирбек Сүйүнбаев: Бирөөнү урсам, аягы жаман аяктайт

23-октябрь 2019, 18:08 Аман Аскаров

Спорт сүйүүчүлөрү кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону Мирбек Сүйүнбаевди жакшы билет. Атактуу “Гермес профи” спорт клубунда Александр Воиновдун алдында машыкчу. Кыргызстан үчүн рингде далай жолу “туруп” берди. Бирок жакында ага карата коңшулары тарабынан арыз түшкөндүгүн эшиттик. Анда спортчунун кошуналары Мирбек Сүйүнбаев алар баш калкалаган аймакка балдар аянтчасын куруп, ал ишке көмөктөшпөгөндөрдү ур-токмокко алып жаткандыгын маалымдашкан.

0 824

Видео – Хабиб Нурмагомедовду атактуу түрк ашпозчусу коркутту

Видео 23-октябрь 2019, 09:07 Айдар Нуралиев

Россиянын мушкери жана UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов атактуу түрк ашпозчусу Бурак Өздемирдин кафесинде болду. Бул тууралуу видео интернет булактарына тарады. Видеодон ашпозчу мушкерди тамашага салганын көрсөк болот. Ал чай ташуучу табакка стакандар менен чай көтөрүп келе жатып спортчунун үстүнө төгүп ала жаздаган сыяктуу кылып тамашалаган. Стаканда чай жок эле бош болгонун билгенде Нурмагомедов менен анын жанындагы достору күлүп калышкан.

0 125

Көк-бөрү боюнча дүйнө чемпиондугу кийинки жылы өтмөй болду

22-октябрь 2019, 13:19 Айдар Нуралиев

Өзбекстанда өтүүчү Көк-бөрү боюнча дүйнө чемпиондугу 2020-жылга жылдырылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Көк-бөрү федерациясынан кабарлашты. Быйыл турнир 20-26-ноябрда Ташкент шаарында өтөт деп пландалган болчу. Эске салсак, бул турнирге кыргыз көкбөрүчүлөрү катышпоону чечкен. Ага оюндун эрежелери өзгөргөнү себеп болгон. Булак: NazarNews.kg

0 185

Кыргызстан ФИФА рейтингинде үч баскычка жогорулады

22-октябрь 2019, 10:07 Аман Аскаров

ФИФАнын рейтинги боюнча Кыргызстан курама командасы 94-орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу Football-rankings.info кабарлайт. Анын маалыматы боюнча Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2022-жылы өтө турган дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турунда эки оюн өткөрүп, экөөндө тең жеңишке жеткендиги ФИФАнын рейтингинде жогорулаганга мүмкүнчүлүк түзгөн. Буга чейин улуттук курама команда 97-орунда болсо эми 94-орунга жогорулады. Белгилей кетсек, 10-октябрда Александр Крестининдин ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 130

Кыргызстандагы тоо чокулары дагы бир ысым менен толукталды

21-октябрь 2019, 16:54 Аман Аскаров

Тоо чокулардын бирине Турдакун Усубалиевдин ысымы берилди. 20-октябрда Жаштар иштери боюнча агенттиктин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев башында турган кыргызстандык альпинисттер Кыргыз Ала-Тоосунун борборундагы («Салык» мөңгүсүнүн жанындагы) бийиктиги 4 миң 650 метрге жеткен мурда аты жок болуп келген чокуга чыгып, ал жерге Турдакун Усубалиевдин ысымы жазылган тактаны орнотушту. Аталган иш чара Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун ...

0 607

ФОТО - “Алайдын” африкалык чабуулчусу кыргыз кызга үйлөндү

21-октябрь 2019, 10:45 Бакыт Молдалиев

Оштогу “Алай” футболдук клубунун ганалык чабуулчусу Кожо Жоел кыргызстандык кызга баш кошту. Бул тууралуу “Sport – Акиpress” маалымат агенттиги бүгүн, 21-октябрда сүрөттөрү менен бирге жарыялады. Андагы маалыматка ылайык, үйлөнүү той кечээ, 20-октябрда Токмок шаарында өткөн. Футболисттин аялынын аты-жөнү Айзада Жыргалбекова. Тойго Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын мурунку коргоочусу, дагы бир африкалык оюнчу Даниэл Тэго да чакырылган.

0 595

Каратэ боюнча турнирде массалык мушташ чыкты

Видео 19-октябрь 2019, 13:23 Айдар Нуралиев

Каратэ боюнча турнир учурунда массалык мушташ чыкканы тууралуу видео социалдык тармактарда тарап кетти. Белгилүү болгондой, бул окуя 16-октябрда Ташкент шаарында болгон. Массалык мушташ каратэ боюнча Өзбекстандын кубогу өтүп жатканда чыккан. Учурда каратэ федерациясы менен укук коргоо органдары бул чыр-чатакты иликтеп жатышат. Алдын ала маалыматтарга караганда, мушташ тренерлер менен судьялардын ортосунда чыккан. Булак: NazarNews.kg

0 329

Футзал боюнча Кыргызстандын курамасы Өзбекстандын курамасын ири эсеп менен “сыйлады”

18-октябрь 2019, 14:44 Бакыт Молдалиев

Футзал боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы “Азия-2020” чемпионатына даярдануу алкагында Өзбекстандын курама командасын кабыл алып, конокторду 5:1 эсебинде “сыйлап” койду. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча ассоциациясы маалымат таратты. Маалыматта айтылгандай, учурда футзал боюнча 2020-жылы өтчү Азия чемпионатына даярдык катары Бишкекте окуу-машыгуу иш-чаралары жүрүүдө. Эртең, 19-октябрда Өзбекстандын курамасы менен дагы бир матч өтөт.

0 337

Аскар Жумагулов: "Давай черноглазый, давай!" деп кыз-келиндер кыйкырып турушат"

17-октябрь 2019, 16:18 Айдар Нуралиев

- Аскар ага, ноябрь айында кыргыз волейболунун 90 жылдыгы белгиленгени турат. Волейбол оюнунун ардагери катары айтсаңыз, бул оюнга кантип аралашып калгансыз? - 1959-жылы 18 жаш кезимде андагы Фрунзе шаарында мектепте окуп жүргон кезде баштагам. Балдар спорттук мектебинде Владимир Дитрикс деген машыктыруучунун кол алдында болдук. Топ менен ойноо сырларын, анын керемет жактарын үйрөттү. №1 интернат-мектебинде такай машыгууларды үзгүлтүксүз жүргүзүп атты. ...

0 130

Сүрөт. Кыргыз желегин желбиреткен “Шумкарлар”

17-октябрь 2019, 13:24 Айдар Нуралиев

 2019-жылдын 12-16-сентябрь күндөрү Индияда өткөн “күжүрмөн самбо” боюнча мелдеште Кыргызстандын атынан катышкан жигиттер байгелүү орундарды камсыздашкан. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкерлери да көкүрөктөрүнө медаль тагып келишкен.  Алардын бири Мурзабаев Эмилбек Жаныбекович 1996-жылы 6-октябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Орто-Азия айылында жарык дүйнөгө келген. Аскерден келген соң ...

0 284

Эки Корея өлкөсү футболдон беттешти. Оюнда бир гана ФИФАнын президенти көрүүчү болду

16-октябрь 2019, 11:00 Айдар Нуралиев

Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын футбол боюнча курама командалары Пхеньян шаарында беттеш өткөрдү. Оюнда көрүүчүлөр да, камералар да, голдор да болгон жок. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка караганда, стадиондо бир гана көрүүчү болгон, ал – ФИФАнын президенти Жанни Инфантино. Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын футбол боюнча курама командалары Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу турниринин алкагында жолугушкан. Бул ...

0 135

Монголияны уткан Кыргызстан бир тепкичке көтөрүлдү

16-октябрь 2019, 09:30 Айдар Нуралиев

Жапониянын футбол боюнча курама командасы Тажикистанды 0:3 эсеби менен жеңип алды. Эске салсак, кечээ, 15-октябрда Улан-Батордо болгон оюнда Кыргызстан Монголияны 1:2 эсеп саны менен утуп алган. Ошентип, F  тобундагы Жапония 9 упай, Кыргызстан менен Тажикстан 6 упай, Монголия 3, Мьянма 0 упай бар. Азырынчы Кыргызстан менен Тажикистандын упайлары бирдей, бирок Кыргызстан киргизген голдорунун саны көп болгондуктан тизмеде Тажикистандан өйдө ...

0 150

Тарыхый окуя. Биринчи жолу марафон 2 саатка жетпей багынды

Видео 15-октябрь 2019, 18:05 Айдар Нуралиев

Кениялык жөө күлүк Элиад Кипчоге марафон аралыгын 2 саатка жетпей багынткан биринчи адам болуп калды. Бул окуя 12-октябрда катталды. Ал 42 чакырым 195 метр аралыкты 1 саат 59 мүнөт 40 секундда чуркап өткөн. Тилекке каршы, бул рекорд деп расмий түрдө катталбайт, себеби Венада өтүп жаткан бул марафон IAAFтын программасына кирбейт. Ийгилик кокусунан эле жаралып калган жок, Кипчоге рекорд жаратууга ...

0 208

Азаматтар! Монголия – Кыргызстан: 1:2. Футболчуларыбыз жеңишке жетишти

15-октябрь 2019, 16:18 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 15-октябрда, 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Монголия курама командасы менен беттеш өткөрдү. Улан-Батор шаарындагы борбордук стадиондо өтө турган оюн Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталган. Оюндун жыйынтыгында 1:2 эсеп саны катталып, Кыргызстан 3 упайга ээ болду. 1-таймда Гүлжигит Алыкулов менен Мирлан Мурзаев атаандаштардын дарбазасына бирден гол киргизишти. Ал эми ...

0 167

Монголия – Кыргызстан: 0:2. 1-таймдын жыйынтыгында футболчуларыбыз алдыда

15-октябрь 2019, 15:01 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 15-октябрда, 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Монголия курама командасы менен беттешүүдө. Улан-Батор шаарындагы борбордук стадиондо өтө турган оюн Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталды. Учурда оюндун 1-таймы аяктап, 0:2 эсеп саны менен футболчуларыбыз алдыда. Гүлжигит Алыкулов менен Мирлан Мурзаев атаандаштардын дарбазасына бирден гол киргизишти. Тандап алуу оюндары ушул жылдын ...

0 254

Түз эфир: Кыргызстан-Монголия. Ак шумкарларды сүрөп туралы!

Видео 15-октябрь 2019, 14:33 Бакыт Молдалиев

2022-жылы Катарда өтчү дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндар алкагында Монголия-Кыргыз беттеши башталды. Оюн “F” тайпасындагы 4-турдун алкагында өтүүдө. Кыргызстандын курама командасынын бул оюну үчүнчү болуп саналат. Оюнду Ливандын калыстар тобу тейлешүүдө.  

0 191

“Ак шумкарлар” бүгүн тайпада экинчи орунга көтөрүлүшү мүмкүн

15-октябрь 2019, 11:52 Айдар Нуралиев

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы бүгүн, 15-октябрда, 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында, Монголия курама командасы менен беттешет. Улан-Батор шаарындагы борбордук стадиондо өтө турган оюн Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталат. Курама командабыз Мьянмага каршы матчтан кийин Улан-Баторго учуп кеткен болчу. Тандап алуу оюндары ушул жылдын 5-сентябрында башталган. Кыргызстандын «Ак шумкарлары» алгачкы беттешинде Тажикстанга 0:1 эсеби ...

0 307

Турганбаевди кантип тосуп алышты?

14-октябрь 2019, 14:40 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 14-октябрда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өздүк курамы, күйөрмандар жана журналисттер Мелис Турганбаевди тосуп алышты. Аны бүгүн эрте менен “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунан салтанаттуу түрдө тосуп алышты. Эске салсак, 11-октябрда мурдагы ИИМ министри, учурдагы ЖАМКтын төрагасы Мелис Турганбаев Грузиянын Тбилиси шаарында өткөн күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпиондугунда 55-59 жаштагылар арасында алтын медалды утуп, биринчиликти камсыз кылды. Ал эркин күрөш ...

0 660

Өзбекстанда өтчү дүйнөлүк “көкпар” оюндарына Кыргызстан кыз-келиндердин командасын жөнөтөлүбү?

14-октябрь 2019, 12:30 Бакыт Молдалиев

Мындай бир чети какшык, бир чети чындыкка жакыныраак пикирин көкбөрү дегенде ичкен ашын жерге койгон кыргыз кызы Гүлдөй Разакова соцтармактагы баракчасына жазып, ал кызуу талкууга түштү. - "Дүйнөлүк" деген атка жамынып алып, бирок заты Казакстандын ички турнири болгон "көкпар"оюндары Өзбекстандын Кашка-Дарыя районунда өтөөрү белгилениптир. Биздин шумкардай шукшурулган жигиттерибиз бөрүнү бөлтүрүктөй ат үстүнө бөктөрүп ойнойт. Көк бөрү - чыныгы эрендердин эр оюну. ...

0 384

ШОК! ВИДЕО - Кыргыз ардагер балбан атаандашын "вертушкага" чапты

Видео 12-октябрь 2019, 13:07 Аман Аскаров

Грузияда ардагерлер арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатат.  “Мурдагы чекист, мурдагы опер же мурдагы спортчу болбойт” деген сөз чын экен. Кыргызстандын курамасындагы Караев аттуу ардагер спортчубуз венгриялык атаандашын анча-мынча жаш балбандар жасай албаган “вертушка” ыкмасына салып ыргытты. Албетте, жеңишти дагы камсыз кылды. Айрымдарынын ооздору ачылып отурат... Булак: NazarNews.kg

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 156

Кыргыз футболчулары Монголияга жөнөп кетти

12-октябрь 2019, 11:25 Айдар Нуралиев

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Мьянмага каршы матчтан кийин Улан-Баторго учуп кетти. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан кабарлашты. Курама командабыз 15-октябрда Монголиянын курама командасы менен беттешмекчи. Оюн жергиликтүү саат менен 16:00дө, Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталат. Эске салсак, тайпанын 3-турдук оюндары 10-октябрда өткөн. Бишкекте кыргыз футболчулары Мьянманы 7:0 эсебинде утса, Япония өз үйүндө Монголияны 6:0 эсебинде уткан. Булак: NazarNews.kg

0 264

"Манастан Чубак кем бекен?" - деген Мелис Турганбаевдин жеңиши

12-октябрь 2019, 10:19 Аман Аскаров

Жакында Грузияда ардагерлер арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионатында 41-45 жаштагылар арасында коло медалды Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов багындарып келген. Ага удаа мурдагы ИИМ министри, учурдагы ЖАМКтын төрагасы Мелис Турганбаев “Манастан Чубак кем бекен” – дедиби, айтор ошол эле Грузиянын Тбилиси шаарында өткөн мелдеште 56-60 жаштагылар арасында алтын медалды утуп, биринчиликти камсыз кылды. Ал эркин күрөш боюнча атаандаштарынын бирин ...

0 159

Кыргызстан – Мьянма: 7:0. Кызыктуу оюндан кызыктуу сүрөттөр

11-октябрь 2019, 09:00 Айдар Нуралиев

Кечээ, 10-октябрда кыргыз футболчулары 2022-жылы өтүүчү Дүйнө чемпиондугунун жана 2023-жылы өтүүчү Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Бишкекте Мьянманы беттеш өткөрдү. Футболчуларыбыз атаандаштарына өздөрүн көрсөткөнгө таптакыр мүмкүнчүлүк берген жок. Биринчи таймда эле эсеп саны 5:0 болду. Экинчи таймда дагы эки гол кирип, жыйынтыгында эсеп саны - 7:0 болду. Эдгар Бернхардт 3 гол, Алимардон Шукуров 2 гол киргизсе, Гүлжигит Алыкулов ...

0 86

Бүгүн кыргыз футболчулары мьянмалыктар менен беттешет

10-октябрь 2019, 10:07 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 10-октябрда саат 20:00дө Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кыргыз футболчулары Мьянманын футболчулары менен беттешет. Бул 2022-жылы өтүүчү Дүйнө чемпиондугунун жана 2023-жылы өтүүчү Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында өтөт. Бул беттеште мурунку оюнда катышпай калган курама команданын капитаны Валерий Кичин ойнойт, ал эми Азамат Байматов жаракатына байланыштуу ойной албай турганы айтылды. Бул Кыргызстандын тандап алуу оюндарынын алкагында өтүүчү ...

0 240

ВИДЕО - Тазабек Икрамов түрк балбанын кантип жеңгендигинин видеосу жарыяланды

Видео 09-октябрь 2019, 11:31 Аман Аскаров

Грузиянын Тбилиси шаарында күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпионаты өтүүдө. Андагы видеолор Бириккен күрөш дүйнөсү тарабынан YouTube каналга жүктөлгөн. Ал жерде ким катышып, ким Кыргызстандын намысын коргоду дебейсизби? Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов! Дал өзү! Билим берүүнүн мыктысычы... Ал 70 килограммга чейинки салмакта дүйнө биринчилигинде коло медалды багындырды. Үчүнчү орун үчүн ал килем үстүнө түркиялык балбан Орхан Тикач менен кез келип, аны ...

0 163

Эл агартуунун отличниги күрөштөн коло медаль алды

09-октябрь 2019, 09:17 Айдар Нуралиев

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов ардагерлер арасында күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда коло медаль утуп алды.   Ардагерлердин дүйнө чемпионаты 8-13-октябрь аралыгында Грузиянын баш калаасы Тбилиси шаарында өтүүдө. 45 жаштагы Тазабек Икрамов грек-рим күрөшү боюнча 70 килограмм салмакта күч сынашты. Булак: NazarNews.kg

0 1046

Өзбек мушкери беттештен кийин каза болду

Видео 08-октябрь 2019, 09:27 Айдар Нуралиев

Өзбекстандык ММА мушкери Бекзод Нурматов 4-октябрда Грозный шаарында өткөн Absolute Championship Akhmat 100 турниринде орусиялык мушкер Беслан Исаев менен беттешкенден кийин каза болуп калды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар өзбек мушкеринин жакындарына шилтеме берип жазып чыгышты. Маалыматка караганда, 5 мүнөттүк 3 раунддун жыйынтыгында Исаев жеңишке жетишкен. Бекзод Нурматов беттештен кийин инсульт болуп, комага түшүп калган. 7-октябрга караган түнү каза болгон. ...

0 473

Валентина Шевченко Голливудду багындырат

05-октябрь 2019, 14:05 Айдар Нуралиев

UFC чемпиону Валентина Шевченко киного тартыла тургандыгын билдирди. Ал бул тууралуу  Твиттердеги баракчасына жазды. Анда ал Голливуд актрисасы Хэлли Берри менен чогуу түшкөн сүрөтүн жарыялап, астына актриса менен таанышканына жана кино долбоор боюнча бирге иш баштаганына кубанычта экендигин жазган. Ошондой эле, Шевченко актриса менен чогуу тамак ичип аткан сүрөттү да жарыялаган. Эмне демекчибиз, спортчубузга кино жаатында да спорттогудай ийгиликтерди жаратып, Голливудду багындыруусун кааламакчыбыз. Булак: ...

0 190

Кыргыз “Тайсону” жеңишке жетти

04-октябрь 2019, 16:30 Айдар Нуралиев

Мушкер Канат Келдибеков Чеченстанда өткөн АСА (Absolute Championship Akhmat) мелдешинде жеңишке жетти. Беттеш бүгүн, 4-октябрда Грозный шаарында болуп өттү. Белгилүү болгондой, "Тайсон" каймана аты бар Келдибеков 61 килограмм салмакта орусиялык мушкер Дукваха Астамиров менен беттеш өткөргөн. 5 мүнөттүк 3 раунддук беттеште Келдибеков активдүүлүгүн көрсөттү. Жыйынтыгында калыстар кыргыз мушкерин жеңүүчү деп тапты. Бул Келдибеков үчүн карьерасындагы 13-жеңиши. Булак: NazarNews.kg

0 138

5 спортчуга “Эл аралык класстагы спорт чебери” наамы берилди

04-октябрь 2019, 12:40 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү спорттук классификациясына ылайык, 5 спортчуга “Эл аралык класстагы спорт чебери” наамы, 8 спортчуга “Кыргыз Республикасынын спорт чебери” наамы берилди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди. Ага ылайык Эл аралык класстагы спорт чебери наамы берилген спортчулар: Элза Абдыкадырова, 1993-жылы туулган, спорт түрү – алыш; Уулкан Алибай кызы, 1995-жылы ...

0 178

Кыргызстандык машыктыруучу мушташтан улам каза болду

02-октябрь 2019, 14:38 Айдар Нуралиев

Бүгүн Орусиянын Кемерово облусуна караштуу Ленинск-Кузнецкий шаарында бокс боюнча кыргызстандык машыктыруучу Болот Атакулов өзүнө келбей ооруканада каза болду. 25 жаштагы Болот шаардагы барлардын биринде бирөө менен мушташа кетип катуу жаракат алган. Бул тууралуу «Газета Кемерово» басылмасы жазып чыкты. Маалыматка караганда, кылмышка шектүү кармалып, анын үстүнөн кылмыш иши козголгон. «Ал өзүнө келген, бирок организми ...

0 142

Казак-грузин спортчулары массалык түрдө мушташа кетишти

Видео 02-октябрь 2019, 11:20 Айдар Нуралиев

Грузия менен Казакстандын америкалык футбол боюнча курама командаларынын жолдоштук беттеши массалык мушташ менен аяктады. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. Маалыматка караганда, Казакстандын пайдасына 22:12 эсебинде беттеш аяктарына аз калганда, грузиндердин бири атаандашын уруп жиберген. Жабырлануучунун шериктери ошол замат ага болуша кетип, ортодо массалык мушташ чыккан. Мушташка запастагы оюнчулар да аралашкан. Булак: NazarNews.kg

0 139

Мьянмага каршы ойноочу футболчулардын аты-жөндөрү жарыяланды

01-октябрь 2019, 10:35 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы 2020-Дүйнө чемпиондугуна тандоо турларынын алкагында Мьянма жана Монголияга каршы ойной турган Кыргызстандын курама командасынын тизмесин жарыялады.   Кыргызстан – Мьянма матчы 10-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Андан соң ошол эле замат курама командабыз Улан-Баторго учуп кетип, Монголиянын курамасы менен беттеш өткөрмөкчү. Кыргызстандын курама командасынын тизмеси: Дарбазачылар: Валерий Кашуба, Павел Матяш, Кутман Кадырбеков ...

0 166

Футболдук бир оюнда 56 гол кирди

30-сентябрь 2019, 16:33 Айдар Нуралиев

Бразилияда гол өтө көп кирген оюн болуп өттү. Рио-де-Жанейро штатында аялдар арасындагы футбол боюнча «Фламенго» жана «Греминьо» командалары беттешип, жыйынтыгында «Фламенго» атаандашын 56:0 эсебинде утуп алды. Бул футбол тарыхында голдордун жыйынтыгы боюнча экинчи орунда. Ал эми эң көп гол кирген оюн 2002-жылы Мадагаскарда катталган. Анда, командалардын бири экинчисин 149:0 эсебинде жеңген. Бирок, анда жеңилген команда судьянын чечимине каршы болуп, ...

30-сентябрь 2019, 16:33 | 166
0 194

Бишкектеги Олимпиадалык резервдер мектеби 48 млн сомго ремонттолуп, жаӊы эмеректер менен жабдылды

30-сентябрь 2019, 15:20 Айдар Нуралиев

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин депутаттары Бишкек шаарындагы Олимпиадалык резервдер мектебинде көчмө жыйын өткөрүп, мурда берилген тапшырманын аткарылышын текшерди. Эске салсак, 2018-жылы 28-майда тармактык комитет спорт мектепбинин абалы менен таанышкан. Анда депутаттар окуу корпусу, жатаканасы, спорт комплексинин абалы өтө начар экенине, курулгандан бери капталдык ремонттон өтпөгөнүнө, спорттун инвентарлардын эскилигине күбө болушкан. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеӊештин Басма ...

0 237

Айсулуу Тыныбекова рейтингдин башына чыкты

28-сентябрь 2019, 09:36 Нурбек Айдар

Балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова Күрөш боюнча дүйнөлүк бирикменин (United World Wrestling) версиясы боюнча аялдар арасында 62 килограмм салмак ченинде биринчи орунга чыкты. Бул боюнча уюмдун сайтында маалымдалды. Эске салсак, Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Айсулуу Тыныбекова намысты бербей биринчи орунду камсыздап, дүйнө чемпиону аталган. Булак: NazarNews.kg

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 264

Көк-бөрүдө акча көп жүгүрөбү?

27-сентябрь 2019, 16:58 Аман Аскаров

Көк-бөрү боюнча Өзбекстанда өтө турчу дүйнөлүк чемпионатка Кыргызстандын курама командасы барбай турган болду. Мелдеш Ташкент шаарында өтмөк. Көрсө, биздикилер мындай чечимди кечээ, 26-сентябрда көк-бөрү федерациясынын жыйынында кабыл алышкан. Анын негизги себеби болуп, чемпионат жаңы эреже менен уюштурул жаткандыгында экен. Жаңы эреже боюнча кыргыздардын салттуу тайказандын ордуна жөн гана чийме чийилип, эки тайм ар бири 20 мүнөткө созулат. ...

27-сентябрь 2019, 16:58 | 264
0 231

Алтын кыз – Айсулуу! Былтыркы Азия оюндарында чемпион болгонун моюнга алышты!

26-сентябрь 2019, 11:31 Бакыт Молдалиев

Элибиздин көзгө басаар дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова былтыр, 2018-жылкы Индонезияда өткөн Азия оюндарында чемпион  болгону тууралуу Олимпиада кеңеши расмий маалымат таратты. Андагы маалыматтарга ылайык, 62 килограмм салмакта күрөшкө түшкөн Айсулуунун башкы атаандашы, монголдук Орхон Пуревдрождун жеңиши – анын допинг-тесттен туура өтпөй калышы менен четке кагылды. Муну менен биздин кызыбыз Айсулуу Тыныбекова 2018-жылдагы Азия ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83