www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Спорт
0 264

Көк-бөрүдө акча көп жүгүрөбү?

27-сентябрь 2019, 16:58 Аман Аскаров

Көк-бөрү боюнча Өзбекстанда өтө турчу дүйнөлүк чемпионатка Кыргызстандын курама командасы барбай турган болду. Мелдеш Ташкент шаарында өтмөк. Көрсө, биздикилер мындай чечимди кечээ, 26-сентябрда көк-бөрү федерациясынын жыйынында кабыл алышкан. Анын негизги себеби болуп, чемпионат жаңы эреже менен уюштурул жаткандыгында экен. Жаңы эреже боюнча кыргыздардын салттуу тайказандын ордуна жөн гана чийме чийилип, эки тайм ар бири 20 мүнөткө созулат. ...

27-сентябрь 2019, 16:58 | 264
0 231

Алтын кыз – Айсулуу! Былтыркы Азия оюндарында чемпион болгонун моюнга алышты!

26-сентябрь 2019, 11:31 Бакыт Молдалиев

Элибиздин көзгө басаар дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова былтыр, 2018-жылкы Индонезияда өткөн Азия оюндарында чемпион  болгону тууралуу Олимпиада кеңеши расмий маалымат таратты. Андагы маалыматтарга ылайык, 62 килограмм салмакта күрөшкө түшкөн Айсулуунун башкы атаандашы, монголдук Орхон Пуревдрождун жеңиши – анын допинг-тесттен туура өтпөй калышы менен четке кагылды. Муну менен биздин кызыбыз Айсулуу Тыныбекова 2018-жылдагы Азия ...

0 466

ВИДЕО - Салык төлөөчүлөр машыктыруучу Изабековго батир ыйгарууга каршы эмес

Видео 26-сентябрь 2019, 09:09 Аман Аскаров

Кыргызстандыктар күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекованын машыктыруучусу Нурбек Изабековго дагы батир берүүнү сунуштап жатышат. Кечээ күнү президент Соооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекова анын ата-энеси жана машыктыруучусун кабыл алып, спортчуга үч бөлмөлүү батир белек кылып, машыктыруучусун акчалай сыйлаган болчу. Мындан улам социалдык тармакта Изабековго дагы батир берүүнү колдогондордун саны арбып, салык төлөөчүлөрдүн эсебинен батир берүүгө каршы эмес экендиктерин билдиришүүдө. Ал учурда ...

0 137

ФОТО - Дүйнө чемпиону Айсулууну ажо ата-энеси менен бирге кабыл алып, ага 3 бөлмөлүү үй белек кылды!  

25-сентябрь 2019, 21:29 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Републикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-сентябрда, аялдар күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова, анын машыктыруучусу Нурбек Изабеков, ата-энеси Болот Тыныбеков жана Гүлпар Тыныбекова менен жолугушту. Мамлекет башчысы Айсулуу Тыныбекованы Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында аялдар күрөшү боюнча 1-орунду ээлеп, Кыргызстандын эгемендик жылдарында эң алгачкы дүйнө чемпиону болушу менен куттуктады. «Сенин алтын медалың — бул кыргыз спортунун, Кыргызстандын чоң ийгилиги, баарыбыз абдан ...

0 1438

Айсулуу Тыныбековага президент белек кылган батирди көргүңүз келеби?

25-сентябрь 2019, 16:47 Аман Аскаров

Күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова жаңы батиринен апасы экөө селфи кылышты. Ал инстаграмдагы өзүнүн баракчасына “ооба, мына ушул” – деп сүрөт жүктөгөн. Белгилей кетсек, бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбековага Бишкек шаарынан үч бөлмөлүү батир белек кылган. Андан сырткары, машыктыруучусу Нурбек Изабеков акчалай сыйлыкка татыган. Булак: NazarNews.kg

0 401

Президент Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды

25-сентябрь 2019, 13:54 Аман Аскаров

Күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова үч бөлмөлүү батирлүү болду. Анын сертификатын бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков тапшырды. Ал эми анын машыктыруучусу Нурбек Изабеков акчалай сыйлыкка татыды. Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова Казакстанда өткөн күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта 62 килограммга чейинки салмакта чемпион наамына татыган. Андан сырткары ал,  2020-жылы Токиодо өтө турчу жайкы Олимпиада оюндарына катышууга лицензия утуп алган. Булак: NazarNews.kg ...

0 731

Африкалык футболчу кыргыз кызына үйлөнөт

24-сентябрь 2019, 16:49 Айдар Нуралиев

«Алай» футбол клубунун чабуулчусу, 21 жаштагы ганалык футболчу Кожо Жоэль кыргыз кызына үйлөнөт. Бул тууралуу аталган клуб Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. Маалыматка караганда, болочок жубайлардын тою Токмоктогу «Гавайи» ресторанында 20-октябрда өтөт. Африкадагы Гана өлкөсүнүн футболчусу Кожо Жоэль 2018-жылдан бери Оштун «Алай» футбол клубунда ойноп келе жатат. Былтыр ал Кыргызстандын чемпиондугунда 26 гол киргизип, мыкты бомбардир болуп табылган. Эске салсак, буга чейин да ...

0 235

ВИДЕО - “Көк бөрү” федерациясы улакчылардын акчасын бербей, сертификат менен гана алдап коюшабы?

Видео 24-сентябрь 2019, 11:46 Кызгалдак Жакыпова

Мындай маалыматты кечээ, 16-сентябрдан 22-сентябрга чейин Талас шаарында өткөн Улуттук көчмөндөр оюнунан соң анда катышкан көкбөрүчүлөрдүн (улакчы) бири айтып, ал видео интернетке тарады. Анын айтымында, көкбөрүчүлөр ар кайсы мелдештерге ар кимден карыз алып катышышат. Бирок, уткан акчаларын аталган улуттук спорттун түрү боюнча федерация убагында бербейт. Атүгүл, 31-август, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө карата өткөрүлгөн мелдештин да байге акчаларын ушул убакка чейин алышпаптыр. Биз бул боюнча ...

0 125

Жылдын мыкты футболчусу аныкталды

24-сентябрь 2019, 10:12 Айдар Нуралиев

ФИФАнын версиясы боюнча “Барселонанын” чабуулчусу Месси эң мыкты футболчу деп табылды. Сыйлык тапшыруу аземи Милан шаарында болуп өттү. Бул сыйлыкка Мессиден сырткары Криштиану Роналду менен Виржил ван Дейк да ат салышкан. Месси өткөн сезондо “Барселона” менен бирге Испаниянын чемпиону болгон, чемпиондукта Месси 36 гол жаратып, Европа чемпиондуктарындагы эң мыкты бомбардирге берилүүчү “Алтын бутса” сыйлыгын алган. Булак: "NazarNews.kg"

0 2805

СҮРӨТ - Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекованы кимдер тосуп алышты?

21-сентябрь 2019, 17:56 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, 21-сентябрда “Манас” аэропортунан кечээ Казакстанда күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугун утуп алган Айсулуу Тыныбекованы Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын башчысы Досалы Эсеналиев, вице-премьер-министр Замирбек Аскаров, Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова баш болгон бийлик өкүлдөрү, журналисттер жана Айсулуунун күйөрмандары тосуп алышты. Аэропорт алдында жогоруда айтылган бийлик өкүлдөрү куттуктоо сөздөрүн айтышып, Айсулуунун ийгилиги менен баардык кыргызстандыктар кубанып турушканына токтолушту. Сөз кезегинде Айсулуу Тыныбекова тосуп алгандарга ...

0 435

УКО: Кыргыз күрөшү боюнча жеңүүчүлөр аныкталды (тизме)

21-сентябрь 2019, 16:07 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, 20-сентябрда Улукттук көчмөндөр оюндарынын алкагында Таласта өтүп жаткан кыргыз күрөшү боюнча оюн жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Спорт, дене-тарбия жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин тараткан маалыматына ылайык, улуттук кыргыз күрөшүнө өлкөнүн 7 облусунан жана Ош, Бишкек шаарларынан баары болуп 63 балбан 7 салмак категорияда катышты. Төмөндө байге фондусу менен бирге жеңүүчүлөрдүн тизмесин сунуштайбыз: 55 килограмм салмакка ...

0 248

Көк бөрү. Чүй облусу биринчиликти багындырды

21-сентябрь 2019, 12:49 Айдар Нуралиев

Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Финалга Ош облусу менен Чүй облусунун командалары чыгып, жыйынтыгында Чүй командасы 14:1 эсебинде жеңишти камсыздады. Ал эми үчүнчү орун үчүн болгон беттеш Талас облусу менен Бишкек шаарынын командалары ортосунда болуп, анда Талас облусунун командасы утуп үчүнчү орунду алган. Булак: "NazarNews.kg"

0 185

Көк бөрү: Талас облусу үчүнчү орунду алды

21-сентябрь 2019, 12:03 Айдар Нуралиев

Улуттук көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча мелдеште Талас облусунун командасы үчүнчү орунду алды. Бул команда Бишкек шаарынын командасын 11:2 эсебинде утту. Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча 9 команда ат салышкан. Финалда Ош облусу менен Чүй облусунун командасы биринчиликти талашат. Булак: "NazarNews.kg"

0 567

ВИДЕО - "Ордуңуздардан турууңуздарды өтүнөбүз. Кыргыз Республикасынын гимни жаңырат!"

Видео 21-сентябрь 2019, 16:36 Кызгалдак Жакыпова

Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынган Айсулуу Тыныбекованын урматына Кыргызстандын гимни жаңырды. Бул кыргыз спортунун тарыхындагы Дүйнө чемпионатындагы алгачкы алтын медаль. Эске сала кетсек, Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасындагы күрөштө 62 килограмм салмакта чыгып, финалга чейин Мексика, Япония, Украина жана Түндүк Кореянын балбан кыздарынын үстүнөн таза жеңишке жетишсе, финалда дүйнөнүн жана Европанын учурдагы чемпиону Тайбе Мустафа Юсейинди ...

0 1126

Айсулуунун күйөрманы дүйнө чемпиондугу менен куттуктап, Бишкектен үй тартуулады!

21-сентябрь 2019, 08:50 Кызгалдак Жакыпова

Кечээ, 20-сентябрда Казакстанда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында кыргыз тарыхында алгач ирет дүйнө чемпиондугун утуп алган кызыбыз Айсулуу Тыныбековага соцтармактар аркылуу миңдеген алкыштар айтылууда. Алардын арасында өз үй-бүлөсүнүн атынан жана ал ээлик кылган компаниянын атынан ага батир белек тартуулаган кыргыз жигити да чыкты. “Саламатсызбы, Айсулуу! Сиздин утушуңузга кубанып, сүйүнүчүбүз койнубузга батпай, өзүбүз уткандай болуп үй-бүлөм менен толкунданып олтурабыз. Сиз 10 жылдан бери кыялданган максатыңызга ...

0 1107

Азаматсың! Айсулуу Дүйнө чемпиону болду!

20-сентябрь 2019, 18:58 Айдар Нуралиев

Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Айсулуу Тыныбекова намысты бербей, буга чейинки Дүйнө чемпионун финалда утуп, чемпион аталды! Казакстандын Нур-Султан шаарында Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатат. Кыз-келиндер арасында 62 килограмм салмакта балбаныбыз Айсулуу Тыныбекова кечээ 4 ирет килемге чыгып, баарында жеңишти камсыздады. Алгач, мексикалык Алехандра Ромеро Бонилланы, андан соң япониялык Юкако Каваини утуп алды. Ал эми чейрек финалда украиналык Юлия Ткачты ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 206

Көк-бөрү: Ош облусу менен Чүй облусу финалга чыкты

21-сентябрь 2019, 11:59 Айдар Нуралиев

Улуттук көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча Ош облусу менен Чүй облусунун командасы финалда биринчиликти талашат. Бүгүн, 20-сентябрда Талас шаарындагы Райкан Алканов атындагы ат майданында болгон жарым финалдык беттештерде, Чүй облусунун командасы Талас облусунун көк-бөрүчүлөрүн жеңип, финалга жолдомо алды. Ош облусунун командасы да Бишкек шаарынын командасын жеңип финалга аттанды. Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында Көк-бөрү боюнча 9 команда ат салышууда. Чүчү кулак ...

0 143

Триатлет Айваз Оморканов алтын медаль утту

20-сентябрь 2019, 12:52 Айдар Нуралиев

Мекендешибиз триатлет Айваз Оморканов Кытайда өткөн Ironman 70.3 жарышында алтын медаль утуп алды. Ал 15-сентябрда Кытайдын Сиань шаарында өткөн жарыштагы жарым темир дистанциясын (1,9 чакырым сууда сүзүү, 90 чакырым велосипедде, 21 чакырым чуркоо) 3 саат 40 мүнөт 18 секундда багындырган. Бул жетишкендиги менен 23 жаштагы Оморканов 18-24 жаштагы спортчулар арасында 1-орунду ээлеп, алтын ...

0 246

Учурдагы Дүйнө жана Европа чемпиону. Айсулуунун каршылашы тууралуу

20-сентябрь 2019, 10:40 Айдар Нуралиев

Казакстандын Нур-Султан шаарында Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатат. Кыз-келиндер арасында 62 килограмм салмакта балбаныбыз Айсулуу Тыныбекова кечээ 4 ирет килемге чыгып, баарында жеңишти камсыздады. Алгач, мексикалык Алехандра Ромеро Бонилланы, андан соң япониялык Юкако Каваини утуп алды. Ал эми чейрек финалда украиналык Юлия Ткачты жеңип, жарым финалга чыкты. Ал эми жарым финалда түштүк кореялык Йонг Сим Римди утуп, финалга чыккан. ...

0 305

Мына сага! Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты

19-сентябрь 2019, 18:04 Айдар Нуралиев

Казакстандын Нур-Султан шаарында Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатат. Кыз-келиндер арасында 62 килограмм салмакта балбаныбыз Айсулуу Тыныбекова бүгүн 4 ирет килемге чыгып, баарында жеңишти камсыздады. Алгач, мексикалык Алехандра Ромеро Бонилланы, андан соң япониялык Юкако Каваини утуп алды. Ал эми чейрек финалда украиналык Юлия Ткачты жеңип, жарым финалга чыкты. Ал эми жарым финалда түштүк кореялык Йонг Сим Римди ...

0 163

Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарына жолдомо алды

19-сентябрь 2019, 18:06 Айдар Нуралиев

Казакстандын Нур-Султан шаарында Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатат. Кыз-келиндер арасында 62 килограмм салмакта балбаныбыз Айсулуу Тыныбекова бүгүн үч ирет килемге чыгып, баарында жеңишти камсыздады. Алгач, мексикалык Алехандра Ромеро Бонилланы, андан соң япониялык Юкако Каваини утуп алды. Ал эми чейрек финалда украиналык Юлия Ткачты жеңип, жарым финалга чыкты. Бул жеңиш менен Тыныбекова жарым финалга чыгып, Токио-2020 Олимпиадасына ...

0 140

Панда Пекинде өтүүчү Олимпиада-2022 оюндарынын талисманы болду

18-сентябрь 2019, 19:06 Айдар Нуралиев

Олимпиада-2022 кышкы оюндарынын уюштуруу комитети мелдештердин расмий талисманын көрсөттү. Ал Бин Двень Двень аттуу панда болду. Ал эми Паралимпиада оюндарынын талисманы болуп кытай фонары формасындагы Сюэ Жун Жун аттуу адам болду. Олимпиада 2022-жылы 4-февралдан 20-февралга чейин Пекин шаарында өтөт. Паралимпиада да ошол эле жерде 4-марттан 13-мартка чейинки убакытта өтмөкчү. Булак: "NazarNews.kg"

0 110

Дүйнө чемпиондугу мушкерлерибиз үчүн ийгиликсиз болду

18-сентябрь 2019, 11:32 Айдар Нуралиев

Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы Орусиянын Екатеринбург шаарында өткөн бокс боюнча дүйнө чемпиондугунан ийгиликсиз кайтышты. 9-сентябрда башталган турнирге биздин алты мушкерибиз катышкан. Бул мушкерлерибиздин ичинен Азат Усеналиев менен Өмүрбек Бекжигит уулу гана 1/8 финалга чыга алышты. Бирок, 1/8 финалда Өмүрбек Бекжигит уулу да, Азат Усеналиев да жеңилүү ызасын тартып калышты. Булак: "NazarNews.kg"

0 114

Мирлан Мурзаев “Дордойго” кайтып келди

17-сентябрь 2019, 18:00 Нурбек Айдар

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын жана "Дордой" футболдук клубунун чабуулчусу Мирлан Мурзаев Түндүк Кипрдин командасы менен түзгөн келишимин бузуп, “Дордойго” кайтып келди. Кыргыз Премьер-Лигасы билдиргендей, Түндүк Кипрдин Футбол федерациясы ФИФА тарабынан таанылган эмес. Ошондуктан, бул чемпиондукта Мурзаев ойносо, улуттук курама команда үчүн Азия жана Дүйнө чемпиондуктарынын тандоо турларында ойной албай калмак. Булак: "NazarNews.kg"

0 159

Улуттук көчмөндөр оюндары. Көк-бөрү боюнча алгачкы жыйынтыктар чыкты

19-сентябрь 2019, 13:34 Нурбек Айдар

Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында Көк-бөрү боюнча 9 команда ат салышууда. Чүчү кулак кармоонун жыйынтыгында бул 9 команда 3 тайпага бөлүнгөн. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кабарлады. Маалыматка караганда, спорттук оюндар 16-сентябрда саат 16:00дө Райкан Алканов атындагы ат майданында башталган. Көк-бөрү боюнча мелдештин жыйынтыктары: 1-күндүн жыйынтыгы:

0 527

ММА мушкери мушташ учурунда бычакталып каза болду

12-сентябрь 2019, 13:14 Нурбек Айдар

Сентябрдын 10унан 11инен караган түнү массалык мушташ учурунда бычактан алган жараатынан улам 23 жаштагы Муслимбек Омонов каза болду. Ал кикбокс боюнча Өзбекстандын жети жолку жана дүйнөнүн чемпиону болгон. Ошондой эле маркум ММА боюнча Азия чемпиону да болчу. Маалыматка ылайык, Ташкент шаарындагы кафелердин биринен эркектерден турган эки топ арасында пикир келишпестик орун алган. Анан алар сыртка чыгып мушташканга чейин ...

0 339

UFC чемпиону Валентина Шевченко элди Матраимовдордун турнирине чакырды

12-сентябрь 2019, 12:37 Нурбек Айдар

UFC чемпиону Валентина Шевченко видеокайрылуу жасап, анда элди Матраимовдор өткөрүп жаткан турнирге чакырды. Эске салсак, 15-сентябрда Ош шаарында Бүткүл дүйнөлүк ММА (WEF) кулатуу эртаймаш федерациясы турнир өткөрөт. Мелдешке Орусия, Өзбекстан, Украина, Азербайжан жана Беларустук белгилүү спортчулар катышуусу күтүлүп жатат. Бул турнирди EREM спорт клубу уюштуруп жатат. Белгилүү болгондой, аталган спорт клубу Матраимовдорго тиешелүү. Булак: "NazarNews.kg"

0 263

Көчмөндөр оюндарынын ачылуу-жабылуу аземи болбойт

12-сентябрь 2019, 10:45 Нурбек Айдар

16-21-сентябрь аралыгында Таласта өтө турган Улуттук көчмөндөр оюндарынын ачылуу-жабылуу салтанаты болбойт. Бирок, Улуттук көчмөндөр оюндарынын урматына 21-сентябрь күнү салтанаттуу иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, Улуттук көчмөндөр оюндары дароо эле спорттук мелдештер менен башталат. Жалпысы спорттун 10 түрү боюнча мелдештер өтөт. Ошондой эле этношаарча, этнобазар, кол өнөрчүлөр базары жана башка көптөгөн иш-чаралар "Манас Ордо" ...

0 173

Шумахер 6 жылдык комадан кийин эсине келди

12-сентябрь 2019, 09:38 Нурбек Айдар

Белгилүү автожарышчы Михаэль Шумахер 6 жылдык комадан кийин эсине келди. Ал 2013-жылы лыжа тээп жүрүп, башынан жаракат алып, комага түшкөн. Ошондон бери эсине келе элек болчу. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды. Маалым болгондой, 50 жаштагы спортчу Париждеги Жорж Помпиду атындагы ооруканалардын биринде эсине келген. "Формула-1" жарышынын 7 жолку чемпионунун эсине келгенин оорукананын кызматкерлери тастыктаган. Булак: "NazarNews.kg"

0 3803

Хабибдин аялы ким? Спортчу аялынын жүзүн эч кимге көрсөтө элек

11-сентябрь 2019, 12:42 Нурбек Айдар

Орусиялык мушкер, UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун аялы тууралуу ушул убакка чейин маалыматтар жокко эсе. Үйлөнүү тоюнда да анын жүзү жабык болгон. Социалдык тармактарда да таптакыр сүрөтү жок. Бирок, телеграмм каналдардын бири спортчунун жеке жашоосу тууралуу жазып чыкты. Андагы маалыматтарга караганда, UFC чемпионунун аялынын аты Патимат. Хабиб экөөнүн таанышканына көп болгон. Экөө алыс тууган, бир айылдан болот жана бир мектепте ...

0 102

Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна тандоо туру: Тайпада Тажикстан алдыга чыкты

11-сентябрь 2019, 09:30 Нурбек Айдар

10-сентябрда Футбол боюнча 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугуна жана 2023-жылкы Азия Кубогунун тандоо турниринин F тайпасында экинчи тур өттү. Кыргызстандын курамасы бул турда оюн өткөргөн жок. Анда Япония Мьянманы 2:0 эсебинде утса, тажикстандыктар монголдорду 1:0 эсебинде жеңди. Турнирдин алгачкы турунда биздин футболчуларыбыз тажиктерге жеңилип калган эле. Кечээки жеңиши кошулуп тажиктер 6 упай менен тайпада биринчи орунга чыкты. Андан кийин үчтөн упай менен Япония ...

0 229

ВИДЕО - Кыргызстандык өзбек улутундагы мушкер өзбек мушкери Рузибоевди беттешке чакырды

Видео 10-сентябрь 2019, 09:50 Алтын Булат

Өзбекстандын Бухара шаарында болуп өткөн беттеште улуту өзбек кыргызстандык мушкер Журабек Тешебоев атаандашын 30 секундда жеңип алды. Ошол эле жерден ал Нурсултан Рузибоевди рингге чакырды.  "Мына мен келдим. Кыргызстанда болуп өткөн окуяны барыңар билесиңер. Нурсултан кай жерде мушташам десе, аны менен ошол жерде беттешем. Кыргызстан алга!" -деди Тешебов.  Эске салсак, Өзбекстандык мушкер Нурсултон Розибоев Кара-Суудагы беттеште жеңилүү ызасын тарткан. ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 188

Валентина Шевченконун кытайлык мушкерге жообу: “Көзүңдү ач!”

09-сентябрь 2019, 12:49 Нурбек Айдар

UFCнин жеңил салмак боюнча жаңы чемпиону кытайлык Вейли Чжан Валентина Шевченко менен беттешкиси келгенин дагы билдирди. Ал алгач бразилиялык мушкер Жессика Андрадени жеңер менен эле Шевченко менен беттеште күчүн сынап көрүүнү каалаганын айткан эле. Кечээ жакында ал Твиттер аркылуу дагы бир жолу мекендешибизди беттешке чакырды. Буга жооп кылып Шевченко: “Урматтуу Вейли, сен чемпион болгонуңа болгону эки күн болду, бирок ...

0 110

Кыргызстандык жөө күлүк Юлия Андреева Олимпиадага жолдомо алды

09-сентябрь 2019, 09:27 Нурбек Айдар

Кыргызстандык жөө күлүк Юлия Андреева 2020-жылы Токиодо өтүүчү Олимпиада оюндарына катышуу үчүн жолдомо алды. Ал 8-сентябрда Нур-Султан шаарында өткөн эл аралык марафонго катышып, биринчи орунду ээлеген. Муну менен ал Токио Олимпиадасына жолдомо алган кыргызстандык экинчи спортчу болуп калды. Буга чейин сууда сүзүү боюнча 19 жаштагы Денис Петрашов эки дистанцияда лицензия утуп алган. Булак: "NazarNews.kg"

0 64

Кыргызстандын Алыш күрөшү боюнча курама командасы дүйнөлүк оюндарда биринчиликти багындырды

07-сентябрь 2019, 11:52 Нурбек Айдар

Түштүк Кореянын Чунгджу шаарында 1-2-сентябрда өткөн уруш өнөрлөрүнүн дүйнөлүк оюндарында Кыргызстандын Алыш күрөшү боюнча курама командасы 2 алтын, 2 күмүш жана 2 коло медалга ээ болуп, командалык эсепте биринчи орунду багындырды. Мадаминбек Шаршеналы уулу менен Нагира Сарбашова биринчи орунду багындырса, Камолиддин Абдурахимов менен Нурзат Бактыяр кызы күмүш медаль тагынышты. Ал эми Элдияр Сексенбаев жана Элзада Момунжанова үчүнчү орунду камсыздап, ...

0 367

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев волейбол боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү менен жолугушту

06-сентябрь 2019, 18:21 Айдар Нуралиев

Өкмөт башчы аларды Катманду шаарында (Непал) өткөн  Борбордук зонадагы Бешинчи Азия чемпионатындагы жеңиши менен чын жүрөктөн куттуктады. «Силердин жеңишиңер кыргызстандыктарды кубандырып, мамлекет үчүн бул чыныгы белек болду. Баарыңарды маанилүү жана ишенимдүү жеңишиңер менен куттуктайм. Волейболчулардын укмуштуудай чеберчилиги жана мыкты оюну, машыктыруучунун жогорку кесипкөйлүгү биздин командага өлкөбүздө волейбол ыкчам өнүгүп жатканын далилдөөгө шарт түздү. Ар бириңерге кооз жана чыныгы спорттук ...

0 621

АУДИО - Айрымдар кытайлык спортчу кыздарды эркек деп шек санашууда. Сизчи?

Аудиофайл 06-сентябрь 2019, 17:45 Нурбек Айдар

Кытайлык спортчу кыздарды ушуну менен экинчи ирет эркектер деп шек санашууда. Массалык маалымат каражаттары Ляо Мэньсюэ жана Тун Цзенхуань деген жөө күлүк кыздарга көңүл бура башташты. Буга Кытайда өткөн 400 метрге чуркоо мелдешинде эки спортчу кыздын алдыңкы эки орунду ээлеши себеп болгон. Бул экөө башкаларга караганда марага 2 секундага тез келишкен. Бул кыздардын эркек болушу мүмкүн деген шек саноо ...

0 124

Футболчуларыбыз Тажикстандын командасынан жеңилип калды

06-сентябрь 2019, 09:20 Нурбек Айдар

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Тажикстандын оюнчуларына 1:0 эсебинде утулуп калды. Оюндун 42-мүнөтүндө тажик футболчусу Алишер Жалилов гол киргизе алды. Кыргызстандын курамасы канча аракет кылганы менен эсеп саны өзгөргөн жок. Белгилей кетсек, кечээ, 5-сентябрда, Тажикстандын Душанбе шаарында 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатынын тандоо турунун экинчи баскычынын алкагында беттеш болуп өттү. Кыргызстандык команда F тайпасына ...

0 169

АУДИО - Кичин үйлөндү. Команда капитанына жеңиш белек кыла алабы?

Аудиофайл 05-сентябрь 2019, 18:12 Нурбек Айдар

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын капитаны Валерий Кичин үйлөнүп жатканына байланыштуу Тажикстан курамасы менен болгон беттешке катыша албаганы белгилүү болду. Минск шаарынын “Динамо” командасынын оюнчусу бүгүн өзүнүн Инстаграм баракчасына үйлөнүү тоюнан сүрөт жүктөдү. Тажикстанга каршы чыга турган Кыргызстандын курамасынын тизмесинде Кичин жок болчу, аны Футбол федерациясы Кичин үй-бүлөлүк себептерден улам курамга чакырылбагандыгы менен түшүндүргөн. Буга чейин Кичин ...

0 524

Хабиб Нурмагомедов Пуарье менен болгон беттештен канча акча алат? Атасы жооп берди

05-сентябрь 2019, 15:15 Нурбек Айдар

UFC мушкери Хабиб Нурмагомедовдун атасы жана машыктыруучу Абдулманап Нурмагомедов уулунун Дастин Пуарье менен беттешкени үчүн канча гонорар аларын айтты. “Пуарье менен болгон беттеш үчүн берилүүчү гонорар Макгрегор менен болгон беттеште алган гонорардан 3 – 3,5 эсе көп болот. Биз майда-чүйдө үчүн беттешпейбиз. Конор менен беттешүү үчүн 2 миллион алуу – биз үчүн аз. Себеби биз азыр мыктыбыз”, -деген Абдулманап Нурмагомедов РИА ...

0 147

АУДИО - Бүгүн Кыргызстан менен Тажикстандын футболчулары беттешет

Аудиофайл 05-сентябрь 2019, 14:39 Нурбек Айдар

Тажикстандын Душанбе шаарында бүгүн, 5-сентябрда Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө Кыргызстандын улуттук курама командасы Тажикстан менен беттеш өткөрөт. Оюн 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугунун жана 2023-жылкы Азия чемпиондугунун тандап алуу оюндарынын алкагында өтөт. Футболчуларыбызга ийгилик каалайбыз! Булак: "NazarNews.kg"

0 392

ВИДЕО - Валентина Шевченко Генри Сехудону “муунтуп” салды

Видео 05-сентябрь 2019, 12:54 Нурбек Айдар

Мушкер мекендешибиз Валентина Шевченко өзүнө чакырык таштаган Генри Сехудону “муунтуу” жолу менен утуп алды. Экөө Абу-Даби шаарында жолугуп, тамашалуу беттеш өткөрүшкөн. Экөөнүн беттешинен сүрөттөрдү “Акыркы император” атка конгон Фёдор Емельяненко да өз баракчасына жайгаштырып, “Бул болуп өттү! Бүгүн түнү тарыхтагы улуу беттеш болуп өттү. ММА боюнча гендер аралык биринчи дүйнө чемпиону Валентина Шевченкону куттуктайбыз!” деп жазган. Белгилей кетсек, 7-сентябрда ...

0 154

Кыргыз теннисчиси Ксения Палкина мелдештин жеңүүчүсү аталды

04-сентябрь 2019, 15:20 Нурбек Айдар

Кыргыз теннисчиси Ксения Палкина Казакстандын Алматы шаарында өткөн эл аралык мелдеште жеңүүчү болду. W25 Almaty деп аталган мелдеш 26-августтан 1-сентябрь аралыгында өткөн. Ксения Палкина жекелик мелдеште ийгилик жарата албай калган менен жуптар арасындагы мелдеште грузиялык София Шапатава менен биргеликте чыккан. Алар катарынан төрт жеңишке жетишип, мелдешинин жеңүүчүсү аталышты. Булак: "NazarNews.kg"

0 3145

Көлдө сүзүп бара жатып жоголгон Эркин Асрандиевди «русалка» куткарып калган

02-сентябрь 2019, 18:42 Кызгалдак Жакыпова

Балык болуп Ысык-Көлдү сүзүп өтмөкчү болуп дайынсыз жоголуп, сегиз сааттан кийин табылган Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиев коомчулукта өзүн бир пиар кылып алды. Ошентип Асрандиевди «русалка» куткарып, 8 саатта «океандан» куткаруучулар таап, өзү коомчулукка тизе бүгүп рахмат айтты. Албетте бул сөз тамаша, бирок айрым жарандар Асрандиевдин бул жоругун «пиар» катары айтып сындап киришти. Активист Темирлан Ормуков, "табылыш үчүн ...

0 110

Виктор Майер Германиядагы мелдеште жеңиш алып келген гол киргизди

02-сентябрь 2019, 17:12 Нурбек Айдар

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын оюнчусу, коргоочу Виктор Майер Германиянын чемпиондугунун жаңы сезонунда экинчи голун киргизди. 30-августта жана 1-сентябрда сүйүүчүлөр арасында 4-тур болуп өткөн. Анын алкагында «Оберлига Вестфален» жана «Виденбрюк» командасы беттешип, «Оберлига Вестфален» 2:1 эсебинде жеңишке жетти. Бул оюндун 43-мүнөтүндө Майер гол киргизген. Бул гол Майер үчүн жаңы сезондо 2-гол болуп калды. Андан мурун ал «Шпрокхефелге» каршы оюнда ...

0 83

Көк-бөрү: “Достук” жеңишти багындырды

02-сентябрь 2019, 12:12 Кызгалдак Жакыпова

31-августта Чолпон-Ата шаарынын ат майданында өткөн көк-бөрү боюнча президенттин Кубогуна арналган мелдеште Жогорку Лиганын финалында "Ынтымак" менен "Достук" командалары күч сынашты. Оюн өтө курч маанайда өтүп, жыйынтыгында Оштун "Достук" командасы 3:2 эсебинде жеңишке жетишти. Ошондой эле, мелдештин мыкты улакчысы деп “Достук” командасынын оюнчусу Манас Ниязов табылды. Булак: "NazarNews.kg"

0 1917

ВИДЕО – Оруссияда өткөн жеткинчектердин хокей мелдеши массалык мушташ менен аяктады

Видео 31-август 2019, 17:52 Кызгалдак Жакыпова

Жеткинчектер арасындагы хокей мелдеши Саратовдо өткөрүлгөн. Турнирдин жүрүшүндө «Кометой» (Самара) жана «Аксай» (Ростов областы) командалар ортосундагы мелдеш мушташ менен аяктады. Мушташ бир минутадан көбүрөөк болгону айтылууда. Анткен менен ойундун жыйынтыгында судялар тобу эч кимисине жаза колдонушкан эмес. Самаралыктар 7:3 эсебинде жеңүүчү болушкан. Бул албетте “Хокей-спорту!”. Мындан жаманы балдар компьтер оюндарынан улам ырайымсыз болуп баратканын унутпайлы. Булак: NazarNews.kg

0 227

Кытайлык кыргыз жигити Кытайдын баскетбол боюнча улуттук курамасында

30-август 2019, 17:11 Кызгалдак Жакыпова

Кытайда жашаган этникалык кыргыз жигити Кыраанбек Макен уулу 2019-жылдын дүйнө чемпиондугуна катышуучу баскетбол боюнча Кытайдын улуттук курамасына кирди. Дүйнө чемпиондугу 31-августта Кытайда 32 команданын катышуусунда башталат. Кыраанбек Макен уулу Кытайдын баскетбол боюнча курамасынын катарында 5-15-июлда АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн NBA командалары катышкан мелдешке катышып келген. Булак: "NazarNews.kg"

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 131

Көк-бөрү: “Сары-Өзөн” үчүнчү орунда

30-август 2019, 15:10 Кызгалдак Жакыпова

Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк-бөрү боюнча президенттин кубогуна арналган мелдеште “Сары-Өзөн” үчүнчү орунду алды. Мелдештин 3-орун үчүн болгон беттешинде “Сары-Өзөн” “Кара-Буура” командасына кез келген болчу. Бүгүн, 30-августта өткөн беттеште “Сары-Өзөн” 6:1 эсебинде жеңишке жетти. Эске салсак, бул мелдештин финалына адаттагыдай эле “Ынтымак” менен “Достук” командалары чыккан. Эки команданын бүйүр кызыткан беттеши эртең, 31-августта орун алмакчы. Булак: "NazarNews.kg"

0 137

"Погба, кет!" Футболчу коркутууларга дуушар болууда

30-август 2019, 15:11 Кызгалдак Жакыпова

“Манчестер Юнайтед” клубунун машыгуу базасында орнотулган белгиге белгисиз вандалдар “Погба, кет!” деп жазып кетишкен. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматтарга караганда, Англия премьер-лигасында “Манчестер Юнайтед” “Вулверхэмптонго” каршы оюнда Погба пенальтиден гол жарата албай койгондон кийин ал каралоолорго дуушар болгон. Бул беттеш 1:1 менен жыйынтыкталып, Погба 68-мүнөттө пенальтиден гол киргизие албай койгон. Бул матчтан кийин 26 жаштагы ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83