www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Спорт
0 180

ВИДЕО - UFCнин мурунку чемпиону көчө мушташында нокаутка учурады

Видео 30-август 2019, 15:24 Кызгалдак Жакыпова

UFCнин эки дивизионунун мурунку чемпиону Би Жей Пенн дагы ызы-чуунун очогунда калды. Бул сапар да интернетке анын кезектеги көчөдө мушташкан видеолору тарады. Анын биринде Пенн бир эркекти сабап жатканы тартылса, экинчисинде өзү нокаутка учураган жери тартылган. Маалыматтарга караганда, мурунку чемпион Гавайидеги барлардын биринде достору менен чогуу эс алып отуруп, бардагы кардарлардын бири менен анын ортосунда чыр-чатак жаралган. Экөө сыртка чыгып мушташа ...

0 230

Чемпион сууга чөгүп каза болду

30-август 2019, 14:30 Кызгалдак Жакыпова

Орусиянын Красноярск шаарында муздак сууда сүзүү боюнча чемпион жана рекордсмен каза болду. Аталган аймактын спорт министрлигинин мааыматы боюнча, 64 жаштагы Николай Петшак 27-августта Енисей дарыясында машыгып жатып, сууга чөгүп кеткен. Николай Петшак муздак сууда сүзүү менен 40 жылдан ашуун убактан бери алектенип келет. 1994-жылы муздак сууда көп туруу боюнча дүйнөлүк рекорд койгон. 2012-жылы болсо муздак сууда сүзүү боюнча дүйнө ...

0 147

АУДИО - Спорттун беш түрү улуттук реестрге киргизилди

Аудиофайл 30-август 2019, 12:55 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын спорттун түрлөрүнүн жана спорттук сабактарынын улуттук реестрине дагы 5 спорттун түрү киргизилди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен маалымдашты. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-декабрындагы №701 «Спорттун түрлөрүн жана спорттук сабактарды Кыргыз Республикасынын спортунун түрлөрүнүн жана спорттук сабактарынын улуттук реестрине киргизүү эрежелерин жана аны жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтомун аткарууда Кыргыз Республикасынын спорттун ...

0 154

Биздин сары кыз дагы алтын медаль тагынды

30-август 2019, 09:38 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова Беларустун Минск шаарында 29-августта өткөн мелдеште биринчи орунду камсыздады. Ал 10 миң метр аралыкты 32 мүнөт 21 секундада багынта алды. Мелдеште экинчи орунду беларустук жөө күлүк Нина Савина ээлесе, үчүнчү орун да беларустук спортчу Ирина Сомовага буюрду. Булак: "NazarNews.kg"

0 152

EREM менен «Салам-Алик» пляж волейболу боюнча чемпион болду

29-август 2019, 17:43 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз волейболунун 90 жылдыгына арналып, Ысык-Көлдө өткөн Кыргызстандын пляж волейболу боюнча чемпиондук 29-августта жыйынтыкталды. Анда, EREM жана «Салам-Алик» командалары чемпион болушканын волейбол федерациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, эркектер арасындагы турнирде, Өмүр Жунусов жана Уларбек Маматкулов курамында турган EREM-1 командасы биринчи орунду багындырса, Нурислам Медетбек уулу жана Ибрахим Матраимовдор курамына кирген EREM-2 командасы үчүнчү орунга жетишкен. Ал эми экинчи орунду Альберт ...

0 224

Рекорд коймокчу болгон жарышчы аял каза болду

29-август 2019, 12:16 Кызгалдак Жакыпова

Америкалык жарышчы Жесси Комбс жаңы рекорд жаратам деп каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматтарга ылайык, 27-августта жарышчы айым реактивдүү автоунаа менен ылдамдыкта аялдар арасында жаңы рекордду багындырам деп жатып авариядан каза болгон. 36 жаштагы жарышчы буга чейин деле бир нече рекорд жараткан. 2013-жылы саатына 632 чакырымды багындырып, 48 жыл сакталып келген аялдар арасындагы рекордду ...

0 177

Эржан Тургумбеков – Евразия чемпиону

28-август 2019, 15:41 Кызгалдак Жакыпова

Мекендешибиз Эржан Тургумбеков 24-августта Орусиянын Челябинск шаарында өткөн мелдеште профессионалдар арасында Евразия чемпиону аталды. Бул эл аралык турнирде мекендешибиз 59 килограммга чейинки салмак ченинде украиналык Георгий Лашко менен беттешкен. Жыйынтыгында, Эржан Тургумбеков судьялардын чечими менен атаандашынан ЕВР версиясы боюнча Евразия чемпионунун курун тартып алды. Ушул эле беттештин алкагында мекендешибиз Акжол Сулайманбек уулу да ...

0 157

Серена Уильямс Мария Шарапованы дагы талкалады

27-август 2019, 11:04 Кызгалдак Жакыпова

Орусиялык теннисчи Мария Шарапова Нью-Йоркто өтүп жаткан Чоң шлем сериясындагы US Open турниринде биринчи эле айлампада америкалык Серена Уильямска жеңилип калды. Муну менен Серена Уильямс Шарапованы 20-ирет жеңип жатат, мурда 2 ирет жеңилген эле. Серена Уильямс учурда дүйнөнүн сегизинчи ракеткасы саналат, ал эми Шарапова аялдар рейтингинде 87-орунда. Бул турнирдеги жеңилүүсү менен эми ал алдыңкы жүздүккө кирери да күмөн жана ...

0 203

Оңолбек Каныбек уулу эң пайдалуу оюнчу деп табылды

26-август 2019, 16:46 Кызгалдак Жакыпова

Волейбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын капитаны Оңолбек Каныбек уулу 2019-жылкы Азиянын Борбордук зонасы боюнча мелдештин эң пайдалуу оюнчусу деп табылды. Оңолбек Каныбек уулу матчтагы бардык турнирлерди жеңип, Кыргызстандын курамасынын эң натыйжалуу оюнчусу болуп, турнирдин MVP (баалуу оюнчу) деп аталды. Каныбек уулу 2017-жылы да ушул эле турнирде эң натыйжалуу оюнчу деп табылган эле. Ошондой эле, Жамалидин Мусаев да бул ...

0 490

ВИДЕО - Элмурза Сатыбалдиев, Кыргызстандын волейбол федерациясынын президенти: “Жеңишке жеткенибизде кубанганымдан ыйладым”

26-август 2019, 13:07 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы Азиянын Борбордук зонасы боюнча чемпионаттын жеңүүчүсү аталды. Мелдеш ушул жылдын 19-августунан 24-августуна чейин Непалдын борбору Катманду шаарында 7 команданын катышуусунда өткөн. Кыргыз волейболунун өнүгүшүнө чоң салым кошкондордун бири, туура 10 жылдан бери Кыргызстандын волейбол федерациясын жетектеп келе жаткан, “өзүм саясатчы болбосом да, саясат мени саясатчы деп атап алган” деген Элмурза Сатыбалдиев спортчуларыбыздын жеңиши тууралуу ...

0 290

ВИДЕО - Жеңиш менен кайткан волейболчуларды кол чабуулар менен тосуп алышты

Видео 26-август 2019, 12:27 Кызгалдак Жакыпова

Кечээ, 25-август күнү волейбол боюнча курама команда чемпионаттан кайтып келди. Өлкөбүздүн волейбол боюнча курама командасы Азиянын Борбордук зонасы боюнча чемпионатка катышып, биринчи орунду камсыздаган. Жеңүүчүлөрдү тосуп алууга “Манас” аба майданына волейболчулардын жакындары, волейбол боюнча федерациянын өкүлдөрү менен кошо көптөгөн күйөрмандар да барышкан. Күйөрмандардын көпчүлүгү колдоруна Кыргызстандын желегин кармап алышса, дагы бирлери бүгүнкү күндүн каармандарына гүл берип жатышты. Курама команданын ...

0 502

Элмурза Сатыбалдиевге: Адал эмгек астыңа ат, үстүңө тон

26-август 2019, 10:26 Кызгалдак Жакыпова

Эр жүрөктүүлүк, берешендик, жоомарттык, тайманбастык кыргыз уулуна таандык асыл сапаттар. Мына ушундай мыкты сапаттардын ээси Элмурза Сатыбалдиев. Аны көпчүлүк сөзү менен иши дал келген туруктуу жана 2010-жылдагы окуядан соң башкалардай болуп сатып же качып кетпеген, сот жообуна жооп берип, башына келген ишти көтөрө билген инсан катары баалашат. Юридика илимдеринин кандидаты, КРнын Эмгек сиңирген юристи, генерал-лейтенант, мурдагы башкы прокурор Элмурза ...

0 270

Волейболчуларыбыз Азияда ийгилик жаратты

26-август 2019, 10:28 Кызгалдак Жакыпова

Өлкөбүздүн волейбол боюнча курама командасы Азиянын Борбордук зонасы боюнча чемпионаттын жеңүүчүсү аталды. Мелдеш ушул жылдын 19-августунан 24-августуна чейин Непалдын борбору Катманду шаарында 7 команданын катышуусунда өттү. Кыргызстандын курама командасы тайпалык баскычта Непал менен Мальдив аралдарынын курама командаларын 3:0 эсебинде жеңип, жарым финалга чыккан. Жарым финалда бул зонанын учурдагы чемпиону Түркмөнстандын курама командасы менен беттешип, аны да 3:0 эсебинде жеңип ...

0 376

Кыргызстандын волейбол боюнча курамасы Азия чемпиондугунун финалына чыкты

22-август 2019, 18:15 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасы бүгүн 2019-жылдын Борбордук зонасындагы командалар арасында Азия чемпиондугунун финалына чыкты. Турнир Непалдын борбору Катманду шаарында өтүп жатат. 22-августта жарым финалда биздин кураманын оюнчулары бул зонанын учурдагы чемпиону Түркмөнстандын курамасы менен беттешип, 3 сетте тең жеңишке жетишти. Эске салсак, Кыргызстандын курама командасы тайпалык баскычта Непал менен Мальдив аралдарынын курама командаларын уткан. Эми финалдык беттеш 24-августта ...

0 193

Месси үч ай оюндан четтетилип, 1500 доллар айыппулга жыгылды

07-август 2019, 09:10 Кызгалдак Жакыпова

Бул тууралуу чет элдик ММКлар жазып чыкты. Алардын айтымында, бүгүн, 6-июлда, коло байге үчүн Чили менен Аргентинанын курама командалары беттешип жатканда Месси Медел менен чырдаша кетип, кызыл кагаз алган. Жыйынтыгында, Мессини үч айга оюндан четтетилип, 1500 доллар айыппулга жыгылган. Булак: NazarNews.kg

0 299

Акжол Сулайманбек уулу дүйнөлүк чемпионатка аттанды

01-август 2019, 12:38 Кызгалдак Жакыпова

WBA Asia чемпиону, мушкер Акжол Сулайманбек улуу дүйнөлүк чемпионатка аттанды. Кезектеги беттешүү 24-августта Россияда өтөт. Ага чейин ал орусиялык Сергей Ковалев жана британиялык Энтони Ярд менен беттешет. Анын башкы атаандашы жакында белгилүү болуп, жарыяланат. Булак: NazarNews.kg

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 228

Денис Петрашов Токио-2020 олимпиадасына жолдомо алды

22-июль 2019, 15:29 Кызгалдак Жакыпова

Ушул күндөрү Түштүк Кореянын Кванжу шаарында сууда сүзүү боюнча 18-дүйнө чемпионаты өтүп жатат. 21-июлда Денис Петрашов брасс стилинде 100 метр аралыкка жарышка чыгып, 87 спортчунун ичинен 28-орунду ээледи. Бул тууралуу Кыргызстандын Сууда сүзүү федерациясы билдирди. Петрашов аралыкты 1 мүнөт 94 секундада сүзүп өтүп, олимпиадалык нормативди толтурду жана жолдомого ээ болду. Бул - кыргызстандык спортчуларга 2020-жылы Токиодо өтө турган олимп ...

0 1167

СҮРӨТ - ВИДЕО - Шайлообек Атазов: “Райым Матраимовдун жигиттери атаандаштарын татамиге жаткыра чапты”

Видео 22-июль 2019, 12:12 Кызгалдак Жакыпова

Дагестанда 15-20 июль күндөрү СССРдин спорт чебери Магомед Гамзаевдин жаркын элесине арналган 18-ирет өтүп жаткан РФнын класс "А" турниринде 4 кыргыз мушкери финалдык беттешүүгө чыкты. Алардын ичинен "ЕРЕМ" спорт клубунун эл аралык класстагы спорт чеберлери катышып, кыргыз элин кубанта турган байгелүү орундарды алды. Бул тууралуу маалыматты "ЕРЕМ" спорт клубунун жетекчиси Шайлообек Атазов билдирди. --Саламатсызбы, кыргыз элин кубанткан жаңылыктар бар ...

0 232

Дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылды

20-июль 2019, 18:34 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү машыктыруучулардын эмгек акысын – 50%, дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын – 20% көбөйттү. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул маалымат тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Кабыл алынган токтом 1500 дөн ашуун машыктыруучулардын жана дене тарбия жана спорт мекемелеринин 400 гө жакын кызматкерлеринин эмгек акысын көбөйтөт. Белгилей кетсек, ...

0 320

Жуманазарова Тыныбекованын жолу менен...

17-июль 2019, 18:18 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова Таиланддын Чонбури шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында алтын медал тагынды. Кыргызстандын атынан бул күнү Назира Марсбек кызы (59 кг.) жана Мээрим Жуманазарова (68 кг.) килемге чыгып, экөө тең финалдык таймашка чейин жетти. 68 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Жуманазарова алгач чейрек финалда таиланддык Йаринда Эйрлангды 10:0, жарым финалда кытайлык Цинг Лини ...

0 724

ФОТО – Валентина Шевченко бикиничен сүрөткө түшүп, денесиндеги чаянды көрсөттү

21-июнь 2019, 15:47 Айдар Нуралиев

UFC чемпиону Валентина Шевченконун Инстаграмдагы катталуучуларынын саны  1 000 000 го жеткен. Белгилей кетсек, спортчу Инстаграмда аудиториясы миллионго жеткен дүйнөдөгү сегизинчи колдонуучу болду. Ал жакында эле Америкада UFC 238 турниринде Жессика Айды нокаутка кетирүү менен чемпиондук титулун коргоп калган. Булак:NazarNews.kg

0 244

Футбол: "Copa America-2019" турнири башталды

15-июнь 2019, 15:47 Айдар Нуралиев

Түштүк Америкада негизиги континенталдык кубок деп саналган Копа Америка турнири башталды. Түндө турнирдин ачылышында Бразилия менен Боливия өлкөлөрү ойноду. Бул матчта үй ээлери Боливияны 3:0 эсебинде утуп, алгачкы үч упайга ээ болушту. Бразилиядан башка «А» тайпасында Венесуэла жана Перу командалары бар. Ал эми «В» тайпасында; Аргентина, Колумбия, Парагвай, Катар; Ошондой эле «С» тайпасында; Уругвай, Чили, Эквадор, Жапония өлкөлөрү камтылды. Быйылкы Копа Америка турнири Бразилиянын Рио-де-Жанейро, ...

0 1843

«Спецназдар» ок чыгарышты: Путинди кайтарып жүргөндөр Бишкекке эмнеге келишти?

Бишкек шаарындагы ИИМге караштуу «Динамо» спорт комплексинде 16-май күнү КМШ өлкөлөрүнөн келген «спецназдар» арасында курал атуу боюнча эл аралык мелдеш болуп өттү. Аталган мелдеш кызматтык милдетин аткарууда көз жумган «Альфа» бөлүмүнүн кызматкерлеринин элесине арналып, Улуттук коопсуздук кызматынын генералы, «Альфанын» алгачкы командири Артур Медетбеков башында турган «Альфа-антитеррор» коомдук бирикмеси тарабынан өткөрүлдү. Уюштуруу комитетинин төрагалыгына Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Бакчиев дайындалып, ...

0 1385

Сахабадагы күрөштө баш байгени Өзбекстандык балбан алды

Улуу Жеңиштин урматына бир топ жылдан бери Ноокат районундагы Сахаба сейил багында 9-май күнү 20-30 миңдей адамдардын катышуусу менен алыш күрөшү өткөрүлүп келет. Күрөштү эл аралык чоң деңгээлге чыгарган ыраматылык Баяман Эркинбаевдин эмгеги зор болгон. Кийин ЖКнын депутаты Алтынбек Сулайманов да 11 жыл күрөштү өткөрүп, элге майрам тартуулап, балбандарды колдоп келген. Ал эми быйылкы күрөштү КРнын алыш белбоо күрөш ...

0 352

Валентина Шевченко алгач  ирет чемпиондук  титулун коргоого даярданууда

09-май 2019, 14:30 Айдар Нуралиев

Кыргызстандан чыккан спортчу Валентина Шевченко алгач  ирет  UFC чемпиондук титулун коргоого даярданууда. Аталган мушташ жеңил салмактуулар дивизионунда UFC 238 турнири 8 нен 9-июнга караган түнү Чикагодо өтөт. Шевченконун  атандашы  американын  жеңил салмактагылар арасындагы №1 спортчусу Джесика Ай болмокчу. Азыр Шевченко Лас-Вегаста UFC  Performance  Institute  залында машыгууда. Валентинага машыгууга башкы машыктыруучусу Павел Федотов, ...

0 289

 “Көк бөрү” командаларынын оюнчулары мушташты

08-май 2019, 11:31 Айдар Нуралиев

7-майда Жеңиш күнүнө карата Көкбөрү федерациясы уюштурган көкбөрү оюнунун республикалык турнирде  улакчылар арасында уруш чыкты. “Достук” командасынын оюнчусу Манас Ниязов менен “Сары-Өзөндүн” улакчысы Нурбек Юсупов мушташа кеткен. Экөө аттын үстүнөн жөөлөшүп, кийин жерге түшүп мушташа кеткен. Урушка башка оюнчулар да ат үстүнөн аралашып, бири-бирин жөөлөшүп, кийин эки улакчыны ажыратып калышты. Оштун «Достук» командасы ...

0 577

Раатбек Санатбаев тирүү болгондо бүгүн 50 жашка толмок

07-май 2019, 14:28 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 7-майда атактуу балбан, грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер, Кыргызстандагы XX кылымдын эң мыкты балбаны аталган,  дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси, Азиянын эки жолку чемпиону, Азия оюндарынын эки жолку күмүш байге уткан Раатбек Санатбаев көзү тирүү болгондо 50 жашка чыкмак. Атактуу балбанды жакындан жакшы билген спорт журналисти  Кабыл Макешов ал тууралуу эскерет. Каман алптын урпагы Белгилүү балбан Раатбек Санатбаев 1969-жылы ...

0 316

Роналдунун апасы сыймыктанган билдирүү таратты

07-май 2019, 10:55 Айдар Нуралиев

Португалиянын курама командасынын жана италиялык  “Ювентустун” чабуулчусу Криштиану Роналдунун 64 жаштагы апасы Долореш Авейру уулунун жарата элек ийгилктерине сыймыктанып, Твиттерге билдирүү калтырды. Апасы, Ювентус Роналду келгиче 20 жыл эч кандай ийгиликке жете алган эмес, Роналду келиши менен команда кризистен чыгып, кайрадан чемпион аталгандыгын жазган. Менин уулум, менин сыймыгым – деп сыймыктанарын билдирди. Белгилей ...

0 424

Хиджабы жок рингге чыккан Ирандык боксер кыз соттолот

03-май 2019, 16:20 Айдар Нуралиев

Ирандык боксер кыз Садаф Хадем рингге хиджабы жок чыкканы үчүн соттолуп кетиши мүмкүн экендигин Eurosport агенттиги билдирет. Маалыматка ылайык, Садаф Хадемдин машыктыруучусу  эркек адам болгондугу үчүн да күнөөлөнүдө. Хадем – эларалык деңгээлдеги беттештерди жеңген алгачкы Ирандык кыз болуп эсептелинет. Учурда спортчу жана машыктыруучусу Францияда калууда жана аталган өлкөдөн башпаанек суроодо. Булак:NazarNews.kg

0 4015

ФОТОРЕПОРТАЖ - Райымбек Матраимовдордун үйүнө “аткаминерлер” батпай калды

Бүгүн, Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда “Матраимов Исмаил” атындагы фонду уюштурган жыл сайын өтүүчү волейбол жана футбол оюндары боюнча мелдеш өттү.   Аталган мелдешке аттуу-баштуулар калбай барды. Эми атактуу Матраимовдор уюштурган турнирге барган конокторду көз жүгүртүп кынап, сүрөттөрдү сүйлөтүп баштайлы. Алгач айтылуу даңкы далайга кеткен, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин оозунан күнү–түнү түшпөгөн Райымбек ...

0 796

ВИДЕО - Шайлообек Атазов, “ЕРЕМ” спорт клубунун вице-президенти: “Миллиондогон калкы бар мамлекеттердин арасында Кыргызстандын аты аталды”

Видео 01-май 2019, 12:41 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстанда спортко кызыккан жаштарды дүйнөгө таанытууда болгон күч-аракетин жушмап келе жаткан “ЕРЕМ” спорт клубунун вице-президенти, спорттун эки түрүнүн чебери, Бокс боюнча дүйнөлүк чемпион, спорттун отличниги Шайлообек Атазовдун жакындагы ийгилиги тууралуу кепке тартык. --Саламатсызбы Шайлообек мырза, алдыңызда тоодой бийик максаттар менен атаандаштарын желкеден көтөрүп жерге жабыштара чаап, далысын жерге тийгизе турган эр азаматтарды тарбиялап баштаптырсыз. Алдыдагы максаттарды албетте Кудайдан башка ...

0 655

Бакытбек Атаханов, "ЭРЕМ" спорт клубунун кик бокс боюнча тренери: "Келекчек муундарды спортко шыктандырыш керек"

27-апрель 2019, 15:30 Кызгалдак Жакыпова

Бакытбек Атаханов, "ЭРЕМ" спорт клубунун кик бокс боюнча тренери. Учурда 60ка жакын балдарды спорт менен машыктырып келет.  --Учурда канча баланы машыктырып жатасыз? --Азыр бизде 60 га жакын бала К-1, кик-бокс менен тай-бокска машыгып жатат. Машыктырууда алардын эпчилдигине карап тандап алабыз. Кээ бири бир ай же бир жылда даяр болуп калат. Дайыма машыгып жүргөн балдар күнүнө эки маал машыгуу кылышат. ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 304

Боотаева жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатынан күмүш тагынды 

21-апрель 2019, 19:13 Айдар Нуралиев

Кыргызстандык балбан Малика Боотаева жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатында күмүш байгеге ээ болду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине спортчу өзү кабарлады. Дүйнө чемпионатында Боотаева 62 килограмм салмакта күч сынашып, натыйжада экинчи орунга татыган. Алтын медалды украиналык спортчу алса, коло байгени колумбиялык балбан алды. Анын айтымында, мелдеш  20-апрелде, Абу-Даби шаарында башталды, эми 27-апрелде жыйынталмакчы.  34 жаштагы Малика Боотаева былтыр дагы дүйнө биринчилигинен күмүш ...

0 409

Кирешелүү мушкерлердин сап башында кимдер турат?

17-апрель 2019, 15:29 Айдар Нуралиев

1.ФЛОЙТ МЭЙУЭЗЕР – $1 200 000 000 Бул легендарлуу мушкердин каймана аты “Мистер акча” деп коюшат. Ал рингдеги 50 мелдешке катышып, баарын жеңип алган. Бир гана мисалы, Мэнни Пакьяо менен болгон таймаштан 180 000 000 $ алган. 2. ЖОРДЖ ФОРМАН – $230 000 000 Мурдагы профессионал боксчу Жордж Форман бардык кирешелерин рингден тапкан. Андан кийин ишкерлик кылып, китеп да жазган. 3. МЭННИ ПАКЬЯО – ...

0 385

Ясемин Адар 4-жолу Европа чемпиону болду

14-апрель 2019, 15:14 Айдар Нуралиев

Күрөш боюнча Европа чемпионатында кыздар арасында 76 килогарммда мелдешке чыккан улуттук спортчу Ясемин Адар, алтын медалга ээ болду. Румыниянын баш калаасы Бухарестте өткөрүлгөн Европа чемпионатында кыздар арасында 76 килограмм финалда австриялык Мартина Куентти 6-1 эсебинде жеңген улуттук спортчу Ясемин Адар алтын медалга жетишти. Ясемин Адар Европа чемпионатында удаама-удаа 4-жолу алтын медалга ээ болду. Булак: NazarNews.kg    

0 330

Валентина Шевченко UFC уюму менен жаңы келишимге кол койду

01-апрель 2019, 17:35 Айдар Нуралиев

Макулдашууга ылайык, Шевченко UFC турниринин алкагында бир нече беттеш өткөрөт. Аралаш эр уруш боюнча кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFC уюму менен жаңы келишимге кол койду. Бул тууралуу ESPN порталы жазды. Жаңы келишимге ылайык, Шевченко UFC турниринин алкагында бир нече беттеш өткөрөт.  "Биз Валентина үчүн пайдалуу болгон келишимге кол койдук. UFC менен болгон мамиле жакшырып баратат", — деди спортчунун менеджери Роджер Аллен. Жакында ...

0 359

Кыргыз жөө күлүктөрү Малайзияда беш алтын байге алды

01-апрель 2019, 15:13 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстандык жеңил атлеттер Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында өткөн эл аралык жарышта беш алтын, бир күмүш байгеге ээ болушту. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдиргендей, мелдеш 30-31-март күндөрү өттү. Кыргызстандын намысын бул мелдеште төрт жөө күлүк коргоду. Гүлшанай Саттарова 800 метрге жана 1500 метрге чуркап, эки алтын медаль тагынды. Мусулман Жоламанов 800 метрге чуркоодо 2-орунду, 1500 ...

0 9311

Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев Лондондо өткөн джиу-джитсу боюнча турнирде алтын медаль жеңип алды

29-март 2019, 21:38 Кызгалдак Жакыпова

Социалдык тармактарда КР мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин джиу-джитсу мелдешинде жүргөнү жарыяланган. Маалыматтарга таянсак, Максим Бакиев (Max Bakaev) деген ат менен турнирге  катышып, Carlson Gracie Surrey залынын атынан 88,3 кг салмакта күч сынашкан. Көпчүлүк сүрөттөгү Максим Бакиев эмес экендигин айтса, Factcheck сайты Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев экенин тастыкташкан. Аскат Тейиттин айтымында Максим Бакиев, Лондондо ...

0 206

Кыргызстандык суучулдар Словакиядагы Гран-приде ийгиликтүү күч сынашты

05-март 2019, 16:43 Кызгалдак Жакыпова

Маалыматтарга караганда, эл аралык мелдештин үчүнчү күнүндө Кыргызстандын курама командасы үч медаль утту. Елизавета Рогожникова эркин стилде 200 метрге сүзүүдө күмүш медаль тагынып, Кыргызстандагы рекордду 2.06.89 убакыт менен жаңылады. Владислав Шулико баттерфляй ыкмасында 100 метрге сүзүп, алтын медаль алды. Денис Петрашов брасс ыкмасы менен сүзүүдө 50 метр аралыкта биринчи орунду камсыздады. Словакиядагы Гран-при – Олимпиада-2020 үчүн лицензиялык мелдеш. Булак: NazarNews.kg

0 451

Депутаттардын көк бөрүсү уланууда

23-февраль 2019, 15:19 Айдар Нуралиев

23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө карата Бишкектин "Ак-Кула" ат майданында көкбөрү оюну өтүп жатат. Оюнду парламенттин төрагасы Дастан Жумабеков ачты. Бул ирет өкмөт мүчөлөрү менен депутаттардан куралган командалар улак тартып жатышат. Жалпысынан төрт команда катышкан оюнда журналисттерден, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен да түзүлгөн командалар катышууда. Учурда өкмөт өкүлдөрү менен спорт агенттигинен куралган командалар беттешип жатат. Азырынча эсеп 2:2. Мелдешти өткөрүү демилгесин ...

0 543

Сенсация жараткан кыргыздар...

22-январь 2019, 16:59 Жазгүл Урманбетова

Футбол боюнча Азия кубогундагы беттештердин алкагында финалдын 1/8 бөлүгүндө Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) футболчуларынын оюну плей-оффко чыккандыгы эле биз үчүн чоң жеңиш.  Оюнду 3:2 эсеби менен Бириккен Араб Эмираттары утту. Беттешке Кытайлык калыс Фу Минг кызмат көргөзгөн. Оюндун жүрүшүндө, оюндун калысы Бириккен Араб Эмираттарына көз көрүнө эле тартып койгону көрүнүп турду. ФИФА калысы Бахадыр Кочкоровдун айтымында, БАЭ командасынын кийирген биринчи ...

0 771

Мелдешке катышканы үчүн эле ар бири 200 жүз миң сом алат

22-январь 2019, 15:50 Жазгүл Урманбетова

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасына мелдешке катышкандыгы үчүн 200 миң доллар сыйлык тапшырылат. Бул тууралуу Азия футбол конфедерациясынан билдирди. Футбол тааласында 22 миллионер топ тээп жүргөнү баарына маалым. Бирок, медалдын жакшы дагы, жаман да жагы бар эмеспи. Футболчулардын да карьерасы 30-35 жашка барганда эле токтоп калат.  Маалыматка ылайык, ар бир барган команда сыйлыкка ээ болот. Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg

0 537

Калыстык калыстыгын кылбай койду, желегибиз дагы бир башкача көрүндү

22-январь 2019, 12:03 Жазгүл Урманбетова

Кыргызстандын улуттук курама командасы Бириккен Араб Эмираттарына каршы оюн өткөргөн. "Ак шумкарлар" 3:2 эсеби менен БАЭдан утулуп калды. Матч Абу-Даби шаарынын “Зайед Спорт Сити” спорт стадионунда өткөн. Букмекерлердин БАЭнын эсебине болгон төлгөсүнө карабастан оюн абдан кызыктуу жана оор болду. “Ак шумкарлар” атаандаштарына өздөрүн ким экендигин көрсөттү. Кураманын устаты Александр Крестинин оюнчуларды абдан жакшы даярдап, Азия Кубогуна алып келип, плей-оффко өткөргөн. Кыргыз футболчуларынын оюну ...

0 510

Азия Кубогу: 21-январда "Ак шумкар" Бириккен Араб Эмираттары менен ойнойт

21-январь 2019, 10:45 Жазгүл Урманбетова

20-январда кечинде Азия кубогундагы финалдын 1/8 бөлүгүнүн оюндары башталды. Буга чейин Кыргызстан менен бир тайпада ойногон кытай футболчулары жекшембиде Таиланд менен кездешип, 2:1 эсебинде утуп, 1/4 финалдык бөлүккө жолдомо алды. Иран командасы Оманды 2:0 эсебинде ишеничтүү жеңип, кийинки финалдык бөлүккө өттү. Ал эми Иордания оюнга чейин Вьетнамдан күчтүү болгону менен кечээ негизги убакытты 1:1 эсебинде жыйынтыктап, пенальтиден 4:2 эсебинде утулуп, чемпионат менен ...

0 291

Сооронбай Жээнбеков: "Улуттук команда Азия Кубогунда өлкөбүздү жакшы көрсөтүп жатат»

16-январь 2019, 14:41 Жазгүл Урманбетова

Мамлекет башчысы бүгүн өтө турган Кыргызстан-Филиппин беттешинин алдында ийгиликтерди каалап, Кыргызстандын футбол боюнча курамасынын Азия Кубогуна катышып жатканы быйылкы жылдагы эң чоң спорттук окуялардын бири экенин белгиледи. «Биздин футболдук команда биринчи жолу ушундай абройлуу чемпионатка катышып жатат. Командага айтып коюңуз, ар бир кыргызстандык сыяктуу мен да биздин команданын күйөрманымын жана сиздердин жеңишиңиздерди каалайм. Футбол боюнча биздин улуттук команда Азия Кубогунда өлкөбүздү жакшы ...

0 1955

Жыргалбек Саматов көк бөрүнү тайказан менен ойнойбу же тайказансыз...

12-январь 2019, 12:52 Кызгалдак Жакыпова

Жакынкы аралыкта Өзбекстандын борбору Ташкентте Эл аралык көк бөрү федерациясынын конгресси өтүп, ага Кыргызстандан саясаттан ик-жиксиз жоголуп кеткен Болот Шер менен Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов катышып келди. Конгресске Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Россиянын субъектилери, Монголия, Афганистан, АКШ жана Түркия мамлекеттеринен өкүлдөр катышкан. Отурумда атайын көк бөрү оюнунун эрежелери такталып, көк бөрүнү тайказан менен же тайказансыз ойноо боюнча маселе каралып, ...

0 374

Футбол: Кыргызстан-Корея беттешет

11-январь 2019, 11:28 Жазгүл Урманбетова

Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан Футбол боюнча Азиянын Кубогуна арналган беттештердин бүгүн, 11-январдагы тайпалык раундунун 2-турунда 3 матч белгиленген. Бүгүнкү оюнду Дубай шаарында Палестина менен Австралиянын курама командалары башташат. Бишкек убактысы боюнча саат 19:30да Абу-Даби шаарында Кытай жана Филиппин курама командалары оюн талаасына чыгышат. Бишкек убактысы бонча саат 22:00дө Аль-Айн шаарындагы стадиондо Кыргызстандын футболчулары Азия Кубогундагы экинчи беттешти Кореянын командасына ...

0 1892

"Түкүрүк революциясы" "жаңы" толкундун башталышыбы же коомго жаңы бурулуш алып келеби?

07-январь 2019, 11:51 Кызгалдак Жакыпова

Социалдык тармактарда “Түкүрүк” боюнча кабыл алынган  мыйзам кызуу талкууга алынып, бийликке болгон нараазычылык күчөдү. Аттуу-баштуулар  жогорку маселеге токтолуп, саясатчы Эмилбек Каптагаев бул мыйзамдын жыйынтыгынан “жакшылыктын” жышаанын көрбөгөндүгүн жазган. --Тиги 2010-жылкы "Араб жазы" деп аталган революциялык толкундун башында Кыргыз Эли турду деп айтылып жатты эле, эми "ТҮКҮРҮК революциясы" дегендей "жаңы" толкундун башында да туруп калабызбы деген кооптонуу жаралды...кечетен берки ФБдагы кабарларды окуп ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 572

2018-жылы кыргыз спортчулары жалпысынан 415 медалга ээ болушту

25-декабрь 2018, 15:26 Жазгүл Урманбетова

Кыргызстандык спортчулар өтүп бараткан жылы эл аралык спорттук-массалык иш-чараларда 415 медаль алып келди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жылдык жыйынтыгында маалымдалды. Жалпы медалдардын ичинен 103ү алтын, 114ү күмүш жана 198и коло медалдар. Ал эми ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын арасындагы курама команданын мүчөлөрү мелдештерде 6 медалга, анын ичинен 5 күмүш жана 1 коло медалга ээ ...

0 319

Cпорт комитети жылды жыйынтыктады

19-декабрь 2018, 16:47 Жазгүл Урманбетова

Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети жыл ичинде өзгөчөлөнгөн спортчуларга, машыктыруучуларга, спорт ардагерлерине, баш калаадагы спорттук мектептерге “Жылдын мыктысы” наамдарын, ардак грамоталарды жана акчалай сыйлыктарды тапшырды. Бишкек шаардык спорт комитетинин тандоосу менен бильярдчы Дастан Лепшаков, жеңил атлет Дарья Маслова, оор атлет Ызат Артыков, балбан Жоламан Шаршенбеков, дзюдочу Эрлан Шеров, паралимпиадачы Жыргал Оросбаев, сууда сүзүүчү Владислав Шулико, шахматчы Шаадат Момуналиева “жылдын ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83