www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Спорт
0 332

Лионель Месси 5-жолу "Алтын бутсанын" ээси болду

19-декабрь 2018, 10:17 Жазгүл Урманбетова

Испаниянын "Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Месси 5-ирет "Алтын бутсанын" ээси болду. Аталган сыйлык Мессиге тапшырылганы "Барселонанын" расмий сайтына жарыяланды. Футболчу Испания чемпиондугунун 2017-2018-жылдагы 36 оюнунда 34 гол киргизип, байгени жеңген. Месси үчүн бул байге карьерасындагы бешинчи "Алтын бутса". Ал буга чейин 2010, 2012, 2013 жана 2017-жылдары жеңген. Анын башкы атаандашы Криштиану Роналду бул байгени 4 ирет алган. Булак: NazarNews.kg

0 1381

ФОТОРЕПОРТАЖ - Шайлообек Атазов алтын кубок утту

14-декабрь 2018, 22:29 Кызгалдак Жакыпова

Түштүк Кореянын Инчон шаарында өтүп жаткан Эл аралык достук машыгуу сбору жыйынтыкталды. Бул тууралуу маалыматты Түштүк Кореядан атактуу чемпион Шайлообек Атазов бүгүн, 14-декабрда NazarNews.kg маалымат агенттигине билдирди. --"Бүгүн, Түштүк Кореянын Инчон шаарында өтүп жаткан Эл аралык достук машыгуу сборунда биздин спортсмендер мелдеште 1 алтын 2 күмүш медаль утушуп, кубанычыбыз койнубузга батпай турабыз. Бул жакта мелдеш гана эмес 15 күндүк машыгуу болуп ...

0 603

Муз тепкен бийчи кыз башы менен кулап түштү

10-декабрь 2018, 12:08 Жазгүл Урманбетова

Америкалык спортчу көркөм муз тебүүдө өнөктөш кызын башы менен жерге кулатып алды. Бул кокустук Канаданын Ванкувер шаарындагы көркөм муз тебүү боюнча Гран-при мелдешинде болду. Көркөм муз бетүү учурунда АКШлык спортчулар Тимоти Ледук жана Эшли Кейн эки жолу жыгылышты. Экинчисинде Ледук кызды кармай албай Эшли Кейн башы менен музду сүзгөн. Бирок, эч нерсеге карабай жуптар өнөрүн акырына чейин тарттулап беришти. Булак: NazarNews.kg

0 510

Роналду жана Мессини артка калтырган футболчу

04-декабрь 2018, 08:54 Кызгалдак Жакыпова

Хорватиялык футболчу Лука Модрич Европанын футбол ассоциациясы тарабынан берилүүчү “жылдын мыкты футболчусу” наамын алып, “алтын топ” менен сыйланды. Натыйжада, Модрич он жылдан бери бул сыйлыкты эч кимге бербей келе жаткан Криштиану Роналду жана Лионель Мессини артка калтырды. 180ден ашык өлкөнүн журналисттеринин добуш берүүсүнүн жыйынтыгында Лука Модрич 759 упай топтоду. Экинчи орунду 476 балл менен португалиялык Криштиану Роналду ээледи. Ал эми франциялык ...

0 1002

Өмүркулов КСДПны Атамбаевден ажыратуу тараптагыларга өткөнү чындык экен

26-октябрь 2018, 14:12 Кызгалдак Жакыпова

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери, партия лидери Атамбаевдин жакын досу Иса Өмүркулов дагы досунан биротоло ажыроо чечимин чыгарса керек. Ал “Атамбаевсиз КСДП” урааны менен чыгып, партиядан экс-президентти кууп чыгууну көздөгөн Сагынбек Абдрахманов баштаган топ менен жолугушканда ичтеги кайнап жаткан бугунун четин чыгарыптыр. Иса Өмүркулов демилгечилерге “Силер эч кимден коркпой чыктыңар. Көздөгөн максатыңар, көтөргөн идеяңар, жасап жаткан ишиңер туура. Партияны ууру-кескилерден, КСДПны ...

0 1617

ВИДЕО: Хабибтин “зыңк” күйөрманы элдин “пачагын” чыгарууда...

Видео 18-октябрь 2018, 09:39 Кызгалдак Жакыпова

Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегордун ортосундагы беттеш 6-октябрда Лас-Вегас шаарында өткөндүгү менен анын кызыгы дагы деле тарай элек. Учурда Хабиге күйөрмандык кылган адамдын мушкерге өзгөчө жан тарткандыгы интернет айдыңында өтө популярдуу болуп, көргөндөрдүн боорун эзип, жылмаюу тартуулоолдо... Булак: NazarNews.kg

0 689

Кыргызстандык Шахман Сулейманов — кол күрөш боюнча дүйнө чемпиону

16-октябрь 2018, 12:00 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстандык спортчу Шахман Сулейманов Түркиядагы турнирде кол күрөш (армрестлинг) боюнча дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Аталган турнир кечээ, 15-октябрь күнү Анталия шаарында башталган. Мелдештин биринчи күнүндө 18-21 жаштагы спортчулар сол колду күрөштүрүү боюнча күч сынашты. Ал эми Ш.Сулейманов 60 кг чейинки салмактагы 14 спортчунун арасында таймашты. Ал атаандаштарынын ...

0 476

СҮРӨТ: Жогорку Кеңештин депутаттары жана Өкмөт мүчөлөрү кичи футбол боюнча мелдешишти

15-октябрь 2018, 08:57 Кызгалдак Жакыпова

Мелдешке тараптардан экиден команда катышты. Таймаштын ар бир бөлүгү 20 мүнөттөн турду. Оюндун соңунда, Өкмөт мүчөлөрүнөн куралган  биринчи команда 1-орунду багындырып алтын медаль жана кубок менен сыйланса, эл өкүлдөрүнун командалары  2­ - 3-орунду ээлеп, күмүш жана коло байгенин ээси болушту. Ал эми төртүнчү орунду ээлеген министрлер кабинетинин экинчи комондасынын оюнчулары атайын сертификат менен сыйланышты. Булак: NazarNews.kg

0 1107

Макгрегордун дагы беттештен кийин алчу 3 млн. долларлык сый акысы тоңдурулат

09-октябрь 2018, 15:16 Кызгалдак Жакыпова

Комиссия ирландиялык спортчунун россиялык команданын өкүлү Зубайра Тухугов менен мушташканын да иликтейт. Невада штатынын Атлетикалык комиссиясы (NSAC) Хабиб Нурмагомедовдон тышкары Конор Макгрегорго да каршы арыз жазат. Бул тууралуу комиссиянын төрагасы Энтони Марнелл ESPN телеканалына интервью берип жатып билдирди.  Анын айтымына караганда, комиссия Макгрегордун спарринг-өнөктөшү Дилон Дэнис менен болгон Нурмагомедовдун мушташын гана эмес, ирландиялык спортчунун россиялык команданын өкүлү Зубайра Тухугов менен мушташканын да иликтейт. Марнелл NSAC видеожазылмага анализ жасап, мушташтын катышуучуларына ...

0 1866

ВИДЕО: Хабиб менен Конордун беттеши, Асел менен Нурландын тоюндай эле болду го бүтпөгөн..

Видео 08-октябрь 2018, 19:37 Кызгалдак Жакыпова

Коомчулук көптөн күткөн Хабиб Нурмагамедов менен Конор Макгрегордун беттешинде Хабиб чемпиондук курун сактап кала алды.  Мындан да кызыгы Хабибдин тарапташтары аны канчалык колдоого алып сый көрсөтөөрүн билдирүү үчүн, ар кандай ойго келбеген кылык жоруктары менен элдин эсинде калууда. Алардын бири саясатчы Камчыбек Ташиевдин жазганы элди кыраан күлкүгө салды. Саясатчы өз сөзүндө “Хабиб өзүбүздөн экен го, тосмодон ашып түшүптүр”- деген сөзү менен күндүн жылдызы ...

0 4011

ВИДЕО: Хабибдин беттешинен кийин Камчыбек Ташиев күндүн жылдызы болду

Видео 08-октябрь 2018, 11:35 Кызгалдак Жакыпова

Коомчулук көптөн күткөн Хабиб Нурмагамедов менен Конор Макгрегордун беттешинде Хабиб чемпиондук курун сактап кала алды. Буга чейин Конордун тарапташтары Хабибдин командасына жана жеке өзүнө кемсинтүүлөрдү айтып келишкен. Кемсинтүүлөргө кабылган Хабиб атасына ,динине, улутуна шек келтирген Конордун тарапташтарына кулак салбай келген кечээ Лас-Вегаста өткөн UFC 229 турниринин алкагында Нурмагомедов Макгрегорду муунтуу ыкмасы менен жеңип, наамын коргоп калган. Беттештен кийин Нурмагомедов ачуусу менен буга ...

0 976

Хабиб – Конор: акыркы он саат

06-октябрь 2018, 17:58 Кызгалдак Жакыпова

Эки мушкер бүгүн таңда таразага түшкөн соң, көптөн күткөн мушташ өтө турганы анык болду. Мына ошентип Хабиб менен Конордун мушташына саналуу сааттар калды. Азыр спорт сүйүүчүлөр "ким жеңет?" деген суроонун тегерегинде талашып-тартышып жаткан кези. Эки дөөнүн мушташын кимдир бирөө Интернетке чыгарса, UFC катуу чара көрө турганын эскертти. Андыктан бүйүр кызыткан таймашты лицензия алган телеканалдардан гана көрүүгө болот. Алардын катарында КТРК-Спорт каналы да бар. Мушташка ...

06-октябрь 2018, 17:58 | 976
0 525

Азаматсың, Нуртемир!

28-сентябрь 2018, 16:02 Перизат Кутманалиева

Жакшы кабар уктук. Кыргызстандык 9 жашар хоккейчи, «Алга» (Бишкек) курама командасынын оюнчусу Нуртемир Сулайманов Нью-Йорк шаарындагы «Aviator» хоккей клубунун негизги курамында ойной баштаптыр. Окурмандардын деле эсинде болсо ке­рек, былтыр хоккей боюнча Кыргызстан­дын өспүрүмдөр командасы АКШда өткөн Barrington Ice Arena эл аралык кубогун жеңип алышканы. Ошондо чечүүчү жеңиш шайба­сын ушу Нуртемир киргизгени айтылган. Ушундан уламбы, ал быйыл жайында «Нью-Йорк Рейнджерс» хоккей ...

28-сентябрь 2018, 16:02 | 525
0 725

Чемпион Төрөкан Багынбай уулун жакындары Ош шаарынан тосуп алды

22-сентябрь 2018, 14:52 Перизат Кутманалиева

Индонезияда өткөн Жайкы Азия оюндарында жиу-житсу боюнча алтын байгенин ээси болгон Төрөкан Багынбай уулун Ош Эл Аралык аэропортунан тосуп алышты. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, спортчунун ата-энеси, жакындары, шаар жаштары жана спорт сүйүүчүлөр спортчуну аскердик оркестрдин коштоосунда салтанаттуу тосуп алышты деп билдирет Азаттык. ​- Өлкөбүздүн, сүйүктүү шаарыбыздын намысын чет өлкөдө коргоо мен үчүн сыймык. Бизди ушундай мелдештерге жиберип, жетишкендиктерде колдогон, ата-энелерибизге, Ош шаарынын ...

0 744

МакГрегор Нурмагомедовду оңой эле утарына ишенет

21-сентябрь 2018, 17:51 Кызгалдак Жакыпова

Конор МакГрегор атаандашы  Хабиб Нурмагомедовду оңой эле жеңип, UFC чемпиондук наамын кайтарып аларын билдирди. 20-сентябрдагы “тиктешүү” салтанаты учурунда экөө кайым айтыша да кетишти. Залга бир бөтөлкө виски көтөрө кирген МакГрегор апрелдеги окуяны улам эске салып жатты. Анда мушкер бир топ шериктери менен Нурмагомедов отурган автобуска кол салып, терезесин талкалаган. Орусиялык мушкер атаандашына караганда өзүн токтоо кармап отурду. - Бул акыркы тогуз айдагы үчүнчү ...

0 602

Өзбекстанда көк-бөрү боюнча биринчи дүйнөлүк чемпионат өтөт

10-сентябрь 2018, 11:15 Кызгалдак Жакыпова

2019-жылы Өзбекстанда тарыхта биринчи болуп көк-бөрү боюнча дүйнөлүк чемпионат өтөт. Мындай маалыматты Кыргызстандын Көк-бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов таратты. Бул боюнча 8-сентябрда Ысык-Көлдө Өзбекстандын Көк-бөрү федерациясынын жетекчилиги жана Өзбекстан спорт министрлигинин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр болду. “Азырынча дүйнө чемпионаты кайсы шаарда жана кайсы күндөрү өтөөрү белгисиз, бирок чечим кабыл алынды. Турнир көк-бөрүнүн эрежелери боюнча тайказан менен өтөт”, - деп билдирди Ж.Саматов. Жолугушууда Дүйнөлүк көчмөндөр ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1580

Көк бөрүдөн көк «пар» чыгаргысы келген баурдастар ай!

08-сентябрь 2018, 15:22 Кызгалдак Жакыпова

Көк бөрү. Бул оюн кыргыз элинин ата-бабалардан бери­келе жаткан, жедеп каныбызга сиңген улуттук оюндарыбыз­дын бирден-бири. Ушу тапта Ысык-Көлдөөтүп жаткан Көч­мөндөр оюнунун бүйүр кы­зыткан бул оюнуна азыркы тапта бүт кыргыз эли назарын салып турат. Ал арада так ушу көк бөрү боюнча казак баур­дастар адатынча тейтеңдеп чыгышты, кайдагы ойдо жок талаптарды коюп. Буга баа­рыбыз күбө болдук. Биринчи­ден алар Көчмөндөр оюнунун эрежесинде көрсөтүлгөн ...

0 12535

ВИДЕО: Казак көкпарчыларынын мококтугу өз элинде да катуу сынга кабылды

Видео 08-сентябрь 2018, 12:15 Кызгалдак Жакыпова

Былтыр Казакстанда өткөн ЭКСПО-2017 жарманкесинин алкагында Көк-бөрү боюнча дүйнөлүк чемпионат болгон. Ага катышкан кыргыз көк-бөрүчүлөрүн финалда казак көкпарчылары камчылап, таяктап жүрүп жеңишти эптеп эңип кетишкен болчу.Алардын кыргыз жигиттерин аёосуз камчылап жатышканы видеотасмаларда даана көрүнүп турат. Ага чейин болуп жүргөн көк-бөрү мелдештеринде кыргыздардын үстөмдүк менен ойноп келиши, өзгөчө 2016-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында казак оюнчуларынын кыргыздарга 15:3 эсеби менен жеңилиши чыныгы лидердин ...

0 3599

ВИДЕО: Акматбек Келдибеков: Иззат Артыков чыныгы спортчу экенин далилдей алды

Видео 08-сентябрь 2018, 14:27 Кызгалдак Жакыпова

Быйыл Индонезияда өткөн XVIII Жайкы Азия оюндарында Кыргызстандын курама командасы чоң ийгиликтерге жетишти. Медалдардын саны боюнча 22-орунду ээледи: 3 алтын, 6 күмүш, 12 коло медаль алдык. Кыргызстандан 100 ашуун спортчу спорттун 26 түрү боюнча ат салышты. Жеңүүчүлөрдүн арасында оор атлетчи Иззат Артыков да бар, ал 69 кг салмак категориясында ат салышып, 18 аттандаштын арасынан 3-орунду алып келди. Иззат Артыков бул ...

0 14042

ВИДЕО: Көк-бөрүчү Талас Бегалиев казак көкпарчыларын катуу сындады

Видео 07-сентябрь 2018, 10:24 Кызгалдак Жакыпова

Көк-бөрү федерациясынын мурдагы өкүлү Талас Бегалиев казак командасы өзбектерге атайын утулуп калды деп сындады. Ал финалда казак көк-бөрүчүлөрү атайын кыргыздарга чыккысы келбей, оюнду берип коюшканына ичи ачышып, казак жигиттерине ачуу сөздөрүн жаадырды. Бегалиев казак оюнчулары отурган кичи автобуска барып, алардын намысына катуу бүлүк салып чыкты. -Эркекче кылбай койдуңар бул жагын, эркекче ойносоңор болмок. Былтыр жакшынакай барып, силерди сыйлап ойноп бергенбиз, бүт ...

0 612

Айсулуу Тыныбекова Азия оюндарынын алтын медалын алышы мүмкүн

06-сентябрь 2018, 11:35 Перизат Кутманалиева

Орхон Пуревдорж жана Айсулуу Тыныбекованын алтын үчүн күрөшү. 20-август, 2018-жыл. Индонезия. Индонезияда өткөн Азия оюндарында кыз-келиндер арасындагы күрөштө 62 килограммга чейинки салмакта биринчи орунду алган монголиялык балбан кыз Орхон Пуревдорж "кызытма колдонгон" деген негизде алтын медалдан ажыратылды. Азия Олимпиада кеңеши анын анализинде "станозолол" препараты табылганын кабарлады. Эрежеге ылайык, эми алтын медаль бул беттеште экинчи орунду алган кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбековага берилиши керек. Азия оюндары ...

0 1492

Он жылдан кийин адам баласы жоголуу коркунучуна кептелет

05-сентябрь 2018, 20:05 Кызгалдак Жакыпова

Он жылдан кийин адам баласы жоголуу коркунучуна кептелет. Бул билдирүүнү кытай окумуштуулары Гоби чөлүн изилдеп жатып, көптөгөн вирус менен бактерияны аныктагандан кийин айтып чыгышты. Адистердин сөзүнө ылайык, какыраган чөлдө кылымдар бою өмүргө коркунуч туудурган микроорганизмдер жашап келген, бирок акыркы жылдары алардын активдүүлүгү күчөөдө. Жыл өткөн сайын аба ырайынын өзгөрүшү жана шамалдын таасири менен вирустар атмосферанын катмарына сиңип, кайра жаан аркылуу жерге ...

0 1060

Казакстандын көк бөрү боюнча командасына алар айткандай эч кандай шарт коюлган эмес, - Көк бөрү федерациясы

05-сентябрь 2018, 11:39 Перизат Кутманалиева

Казакстандын көк бөрү боюнча командасына алар айткандай эч кандай шарт коюлган эмес. Бул тууралуу Кыргызстандын көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов Sport АКИpress басылмасына берген маегинде билдирди. Буга чейин Казакстандын көкпар боюнча федерациясынын президенти Ерлен Оспанов казак көк бөрүчүлөрүнүн Көчмөндөр оюндарындагы биринчи мелдешке чыкпай коюшканын түшүндүрүү учурунда «Кыргызстан бизге аттарды камсыздап берди, бирок биздин курама командада алардын адамдары ойношу керек деген ...

0 4148

"Тай казанды алып салгыла, көк пар ойногула, ат бергиле, башка командаларга кыргыздар кошулбасын"... Казактар кыжырды кайнатканда

Видео 04-сентябрь 2018, 19:47 Перизат Кутманалиева

"Тай казанды алып салгыла, көк пар ойногула, ат бергиле, башка командаларга кыргыздар кошулбасын,"- деген бүгүн казактардын көк бөрү командасы элдин кыжырына тийди. Казактардын талаптарын соц тармакта ар ким ар кандай сындап жаткан убак.  Алардын бири Баяна Кулова: - "Тай казанды алып салгыла, көк пар ойногула, ат бергиле, башка командаларга кыргыздар кошулбасын"... Казактардын ушул талаптарын угуп тамтаңдатпай эле кууп ийгилечи. Ушул турган жерге ат алып ...

0 718

Казакстан көкбөрүчүлөрү оюнга даяр экенин билдиришти

04-сентябрь 2018, 15:31 Кызгалдак Жакыпова

Казакстандын Көкбөрү федерациясы 3-сентябрда Красноярск командасы менен оюнга эмне үчүн чыкпай койгонун түшүндүрүп, алар мелдештерге чыгуу үчүн үч талап койгонун билдирди. Аталган өлкөнүн Көкбөрү федерациясынын президенти Эрлен Оспановдун “Азаттыкка” билдиришинче, биринчи талап - көкбөрүнү тай казаны жок ойноо болсо, экинчиси - башка өлкөлөрдүн көкбөрүчүлөрүнүн арасында кыргыз оюнчулары кошулбашы керектиги тууралуу талап болгон. Ошондой эле казак тарап көкбөрүчүлөрүнө атты кыргыз тарап камсыздап бериши керектигин ...

0 630

Огуң ондукка тийсин, Аида!

03-сентябрь 2018, 13:03 Перизат Кутманалиева

Чүлүктөй ийилип, жаа, жебени бут манжасы менен кар­мап туруп, жебени бутага таамай аткандыгы менен Гиннес китебине кирген, (бул окуяны дүйнөлүк ЖМК дүңгүрөтүп жазып чыгышкан) Аида Акматова бул ириет да Ұбул ири­ет дегенибиз ал 2016-жылы өткөн II Дүйнөлүк Көчмөн­дөр оюнунун шаанисин чыгарып, далайларды таң калты­рган. Буюрса, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда да чет эл­ден келген меймандардын ооздорун ачыраары талашсыз! Аиданын дагы ...

03-сентябрь 2018, 13:03 | 630
0 672

Президенттин кубогун "Бакубат-Талас" командасы алды

30-август 2018, 17:13 Перизат Кутманалиева

Көкбөрү боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин 2018-жылдагы кубогун Таластын "Бакубат-Талас" командасы алды. Бүгүн, 30-августта Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданында болгон финалдык таймашта таластык көкбөрүчүлөр Ысык-Көлдүн "Толкун" командасын 1:0 эсебинде жеңди. Оюндагы жалгыз улакты "Бакубат-Талас" командасынын оюнчулары 1-таймда тайказанга таштаган. Бул мелдеште 3-орунду “Сары-Өзөн Рассвет” командасы алды. Бүгүн, 30-августта 3-орун үчүн болгон оюнда Чүйдүн улакчылары “Бакай-Ата Шыралжын” командасын 4:0 эсебинде жеңди. Президенттин кубогуна арналган көкбөрү ...

0 827

Азия оюндарынан медаль тагынгандар канча сом менен сыйланат?

28-август 2018, 15:56 Перизат Кутманалиева

Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарында жеңүүчү болгон жана медаль тагынган спортчулар канча сом сыйлык алары белгилүү болду. Маалым болгондой, алтын медаль тагынган спортчуларга 1 млн 250 миң сом берилет. Учурда Кыргызстандын курама командасынын эсебиде эки алтын бар. Алардын бирин жеңил атлетчи Дарья Маслова тагынса, экинчисин жиу-житсу боюнча Төрөкан Багынбай уулу алган. Ал эми күмүш байге ээлерине мамлекет 750 ...

0 2008

ВИДЕО: Оштон келген 14 жаштагы кикбоксчу рингде каза болду

Видео 27-август 2018, 11:16 Перизат Кутманалиева

Чүй облусунун Токмок шаарында 17-19-август күндөрү кикбоксинг боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлүп жатканда Ош облусунан келген 14 жаштагы спортчу каза болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти. Алардын айтымында, каза болгон 14 жаштагы спортчу атаандашы менен рингге чыккан. «Мелдеш Токмок шаарындагы балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде өткөрүлүп жаткан. Болжол менен саат 11:30-12:00 чамасы болчу. Каза болгон бала токмоктук 14 жаштагы ...

0 802

Ура! Кыргызстан экинчи алтын алды

25-август 2018, 20:47 Кызгалдак Жакыпова

Кыз-келиндер арасында 10 миң метрге чуркоодо жеңүүчү болгон Дарья Маслова. Кыргызстандык жеңил атлетчи Дарья Маслова ушул күндөрү Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында 10 он миң метрге чуркоодо алтын медал тагынды. Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак жарыш бүгүн, 25-августта өттү. 10 миң метр аралыкты Маслова 32:07.23 убакытта чуркап өткөн. 2-орунду бахрейндик жөө күлүк Сумма Еунисе (32:11.12), 3-орунду Кытайдын өкүлү Жанг Дешун (32:12.78) ...

0 3965

Биринчи алтын! Кыргызстандык Төрөкан Багынбай уулу жиу-житсу боюнча алтын медаль утту

24-август 2018, 16:28 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстандык спортчу Төрөкан Багынбай уулу Жайкы Азия оюндарында жиу-житсу боюнча алтын медаль утуп алды. Бул Кыргызстандын капчыгындагы азырынча жалгыз алтын байге. Ал финалда Бириккен Араб Эмираттарынын өкүлү Талиб Алькирби менен беттешти. Буга чейин 1/16 финалдан баштап ирандык, казакстандык, түркмөнстандык жана таиланддык спортчуларды жеңип алган. Төрөкан Багынбай уулу Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында жиу-житсу боюнча мелдеште финалга чыккан. Ал жиу-житсунун не-ваза ...

0 944

Азиада-2018: Кыргызстан тогуз медаль топтой алды

23-август 2018, 09:58 Перизат Кутманалиева

Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарында Кыргызстандын курама командасынын капчыгында учурда 4 күмүш жана 5 коло медаль бар. Бул көрсөткүчтөр өлкөнү жалпы командалык рейтингде 19-орунга жайгаштырды. 22-августта кечинде балбан Үзүр Жусупбеков коло медаль алды. Ал “Азаттыкка” курган маегинде финалдык бөлүккө чыгуу үчүн күрөштө утулуп калганына ызаланып турганын айтты. Азия оюндарынын алкагында күрөштүн түрлөрү боюнча мелдештер жыйынтыктады. Анткен менен кыргыз спортчуларынын самбо, кикбокс, дзю-до жана ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 372

Азия оюндарында Кыргызстандын эсебине алгачкы байгени Магомед Мусаев алып келди

20-август 2018, 09:43 Перизат Кутманалиева

Балбан Магомед Мусаев Индонезияда өтүп жаткан жайкы Азия оюндарында Кыргызстандын эсебине алгачкы байгени алып келди. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча комитетинин маалымат кызматы билдиргендей, 19-августта 97 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Мусаев финалда ирандык Алиреза Каримимачиани менен таймашып, 6:0 эсебинде жеңилип 2-орунду алды. Финалдык таймашка чейин Магомед Мусаев үч беттеш өткөрүп, атаандаштарын уткан. Алгач түркмөнстандын балбаны Зиямухаммет Сапаровду 8:2, чейрек ...

0 1002

Эки океан тогошкон жерде

18-август 2018, 17:11 Перизат Кутманалиева

18-августтан тарта 2-сентябрга чей­ин Тынч океан менен Инд океаны кесилиш­кен жерде, Инденое­зиянын Жакарте жана Палембанг шаарла­рында XVIII Азия оюн­дары старт алат, 2-сен­тябрга чейин. Каныбек капитан XVIII Азия чемпионатында Кыргызстан спорттун 28 түрү боюнча ат салышат. Учурда машыктыруучулар, дарыгерлер, расмий жетекчилерди кошкондо 202 делегация учуп кетишкени айтылууда. Алардын ичинен 149у спортсмендер. Команданын капитаны болуп грек-рим стилиндеги балбан Каныбек Жолчу­беков дайындалды. ...

18-август 2018, 17:11 | 1002
0 778

Атамбаев жеңишке жетти

18-август 2018, 11:26 Перизат Кутманалиева

10 жаштагы биздин кичинекей кыргызстандык Селим Атамбаев Бириккен Араб Эмираттарынын борбору Абу-Дабиде өткөн шахмат боюнча эл аралык турнирде 10 жашка чейинкилер арасындагы тайпада биринчи орунду ээледи. Булак: "Айгай-пресс"

18-август 2018, 11:26 | 778
0 471

Кыргыз спортчуларына жол ачкан Канат Бегалиев

Аталган рубрикабыздын бүгүнкү коногу 2008-жылы Бээжин олимпиадасында күмүш медаль тагынып кыргыздын атын чыгарып, намыс коргоп, желегибизди бийик желбиреткен спорт чебери Канат Бегалиев болмокчу. Спортчу туурасында… Канатбек Бегалиев 1984-жылы 14-февралда Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айылында туулган. Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген спорт чебери. Бээжин олимпиадасында жараткан ийгилиги үчүн мамлекет тарабынан Даңк медалы менен 2008- жылы сыйланган. Үй- бүлөлүү, ...

0 1470

Канат Бегалиев менен Жалил Атамбаевдин иши жүрүшүп, ити чөп жей баштады

15-май 2018, 15:00 Гүлжан Шерипбаева

Канат Бегалиев Кыргызстандын күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти болуп дайындалды. Мындай чечим федерациянын жетекчилеринин 12-майдагы отурумунда кабыл алынган. Буга чейин аталган кызматты мурдагы депутат Дамирбек Асылбек уулу аркалап келген. Ал 2018-жылдын февраль айында аткезчиликке шектелип Казакстанда кармалып, камакка алынган болчу. Ал эми Ош шаарынын акчалуу олигархы, Жалил Атамбаев грек-рим күрөшү боюнча КРнын федерациясынын вице-президенти болуп дайындалды. Мурда бул кызматты Марат Назарбеков аркалап келген.  Ошентип Канат Бегалиев ...

0 884

Шайлообек Атазов: "Жарым финалга чыктык"

05-апрель 2018, 21:06 Гүлжан Шерипбаева

Роccия Федерациясынын Сургут шаарында өтүп жаткан мелдеште кыргызстандыктар жарым финалга чыкты. Бул тууралуу маалыматты жеринен Шайлообек Атазов билдирди. "Россиянын Сургут шаарында  өтүп жаткан Эл аралык мелдеште 5 мамлекет жана Россиянын 18 шаарынан мыкты спортчулар катышууда. Кыргызстандын мушкерлери оор беттешүүлөрдөн утуп жарым финалга чыгышты. Жеңилүү ызаасын тарткандар да бар. Сургут кыргыз диаспорасы жаштар коомунун өкүлдөрү келишип кызуу колдоого алышууда", дейт Шайлообек Атазов. Булак: NazarNews.kg

0 601

Футбол: Бишкекте бүгүн Кыргызстан менен Индия беттешет

27-март 2018, 17:29 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 27-мартта Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргызстан менен Индиянын футбол боюнча улуттук курама командалары беттешет. Мелдеш кечки саат сегизде башталат. Аны "КТРК-Спорт" каналы түз көрсөтөт. Бул оюн - 2019-жылы Бириккен Араб Эмирлигинде өтө турган футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарынын 3-айлампасынын акыркы беттештеринин бири. Билеттер 22-марттан баштап 250-500 сомдон сатылууда. Эки команда былтыр 13-июнда Индияда беттешип, Кыргызстан 1:0 эсебинде утулган. Кыргызстандын ...

0 2096

ВИДЕО: Депутат Искендер Гаипкулов Азия чемпиону Акжол Махмудовго 100 миң сом акчалай сыйлык тапшырды

Видео 24-март 2018, 12:51 Гүлжан Шерипбаева

Кечээ, 23-мартта Ош облусунун Араван районунда грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатын жеңип алган Акжол Махмудовду куттуктоо аземи  болуп өттү. Салтанатуу азем, Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Гаипкулов жана Кубанычбек Нурматовдун демилгеси менен уюштурулду. Бул иш-чара менен катар эле Чек-Абад айыл өкмөтүндө Нооруз майрамы дагы белгиленди. «Ош» эл аралык аэропортунан грек-рим күрөшү боюнча Азиянын чемпиону Акжол Махмудовду Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш ...

0 909

СҮРӨТ- Журналист: "Канатбек Бегалиев, сиздей трайбалисттер сөздөн, сыйдан айлансын!"

23-март 2018, 10:59 Айдар Нуралиев

Нооруз майрамына карата борборубузда өткөрүлгөн спорттук мелдештер бул ирет да чуу менен коштолду. Көк-бөрүнү көрүү үчүн келген эл ат майданга эл батпай бири-бири муштап, милиция кызматкерлерине ээ жаа беришкен жок. Мындан улам эл арасында жана кыргызга белгилүү инсандар да ооз көптүрө сүйлөгөндөрдүү журналист коомчулугу кызуу сындашты. Алардын бири журналист Баяна Кулова өз баракчасына:  "Атактуу балбаныбыз Канатбек Бегалиев "Ээн оодугун карматып ...

0 403

Сүрөт - Жалал-Абадда республикалык универсиада өтүүдө

Өлкөнүн жогорку окуу жайларында окуган студенттер арасындагы универсиада областтар арасынан биринчи ирет Жалал-Абад шаарында өтүп жатат. Кечээ 13-март күнү Жалал-Абад шаарындагы Эл Аралык Университетте жогорку окуу жайлар арасындагы республикалык универсиаданын салтанаттуу ачылышы болду. Бул спорттук мелдештерге ар кайсы аймактардагы 17 жогорку окуу жайларынан келишкен командалар катышууда. Жалпысынан суденттерден турган 19 команда спорттун 6 түрү – волейбол, кичи футбол, эркин күрөш, кыз-келиндер ...

0 630

Робин Дикин казакстандык Геннадий Головкинди "катынга" теңеди

11-март 2018, 16:26 Гүлжан Шерипбаева

Британиялык мыкты боксчу Робин Дикин казакстандык Геннадий Головкинди "катынга" теңеди. Бул тууралуу Prosports.kz-ке жазып чыкты. "Сен Билли Джо Сондерстен качып жүрөсүң сен — "катынсың"! Сондерс — накта чемпион!" — деп жазган Робин Дикин Геннадий Головкиндин сүрөтүнө. Британиялык боксчу көпчүлүккө бокс майданында жеңүүчү катары эмес жеңилүүчү катары таанымал. Ал бокс аренасына 55 жолу чыкса, эки эле жолу каршылашын жеңген.   

0 784

"Мен жаздан сүйүү күтпөйм"

03-март 2018, 13:26 Жазгүл Урманбетова

Мээрим Момунова, Кыз-келиндер арасында күрөште Азиянын бир нече жолку чемпиону: Мен бул жаздан сүйүү күтпөйм, анткени менин сүйүктүү адамым бар. Жүрөгүмдө сүйүү жашайт деп койсом ашыкча болбойт. Быйылкы жаз келери менен мелдештер башталат. Март, апрель айлары толугу менен мелдештерге арналат.  Мамлекеттин намысы турган жерде кайдагы сүйүү? Жеке жашоомду негизи спортко аралаштырбайм. Мен үчүн мекенди сүйүү биринчи орунда турат. Буюрса элибиздин намысы ...

03-март 2018, 13:26 | 784
0 573

Кыргызстандык грек-рим боюнча балбандар Азия чемпионатында биринчиликти багындырды

01-март 2018, 16:17 Жазгүл Урманбетова

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы Бишкекте өткөн Азия чемпионатында жалпы командалык эсепте 1-орунду алды. Чемпионаттын жүрүшүндө 10 комплект медаль ойнотулду. Мелдештин жыйынтыгында Кыргызстандын балбандары бир алтын, үч күмүш жана төрт коло байге алды. Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, жогоруда аталган көрсөткүч менен Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы жалпы 157 упай топтоп, командалык эсепте 1-орунду алды. Эки алтын, бир ...

0 524

Мелдеште жеңгендер Көчмөндөр оюндарына катышат

24-февраль 2018, 16:48 Жазгүл Урманбетова

5-6-март күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында алыш күрөш боюнча өлкө чемпионаты өтөт. Мелдеште быйылкы сентябрь айында өтүүчү III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына спортчулар тандалат. Бул тууралуу Жаштар иштери жана спорт агенттигинин маалымат бөлүмү билдирди. Мелдеш кыздар жана балдар арасында өткөрүлүп өлкөнүн бардык аймактарынан балбандар катышат. Чемпионатты өткөрүүгө мамлекеттен 158 миң сом бөлүнгөн. 2018-жылы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-сентябрда башталат. Ачылышы Чолпон-Ата ...

0 646

Бусурманкул Абдибаит уулу Максим Девничти жеңди

24-февраль 2018, 13:46 Жазгүл Урманбетова

Кыргызстандык Бусурманкул Абдибаит уулу M-1 Challenge уюмунун мурдагы чемпиону Максим Дивничти утуп алды. Кечээ Москвада өткөн M-1 Ghallenge 88 аралаш мушташ турниринин алкагында өз атаандашын жеңип алган. Турнирге Кыргызстандан эки мушкер барган. Мушташ үч раунддан туруп, жыйынтыгында жеңиш Абдибаит уулу тарапта болгон. Эске сала кетсек, Кыргызстандын атынан барган экинчи мушкер Ринат Саякбаев Бразилиялык атаандашы Рубенилтон Перейреден утуп калган. Белгилей кетүүчү жагдай, турнирге Саякбаевдин ...

0 617

Дастан Жумабеков Валентина Шевченкого саат белек кылды

16-февраль 2018, 17:52 Жазгүл Урманбетова

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков спорттун эрежесиз мушташ багытына кошкон салымы үчүн Валентина Шевченкону атайын энчилүү саат менен сыйлады. Сыйлыкты тайбокс, бокс жана дзюдо боюнча эл аралык класстагы спорт чебери Валентина Шевченконун апасы Елена Шевченко спикердин колунан 16-февралда алды. Спортчу өзү машыгууларга байланыштуу келе албаганын парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Валентина Шевченко 29 жашта, учурда Перу өлкөсүндө машыгат. Таймаштарга Перунун жана ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 481

20дай өлкөлөрдүн спортчулары "допинг" (кызытма) колдонот

15-февраль 2018, 17:06 Жазгүл Урманбетова

Дүйнөдө бери дегенде жыйырмадай өлкө кызытма колдонот. Бул тууралуу Москвадагы антидопинг лабораториясынын мурдагы директору Григорий Родченков американын CBS каналында “60 мүнөт” программасында айтып чыкты. Григорий Родченков пикири боюнча спорттогу алдамчылык адам баласынын табиатына тийешелүү нерсе. Родченков " - Ооба, качандыр бир убакта Олимпиадалык оюндар таза болуп калаар. Анткени, адам баласынын табиаты менен күрөшүү оор нерсе. Бул биздин күнөөлөрүбүз.Спорттун тийешеси жок.10-15 % ...

0 1023

ВИДЕО - Атактуу футболчу Криштиану Роналдунун үйүн көрүңүз...

Видео 07-февраль 2018, 16:07 Гүлжан Шерипбаева

«Реа́л Мадри́д» клубунун чабуулчусу, португалиялык футболчу Криштиану Роналду 33 жаш туулган күнүндө ышкыбоздоруна үйүн көргөздү. Атактуу футболчу автоунаа чогулткандан башка эмнелерге кызыгат өзүңөр көрүп көргүлө. Эсиңиздерге сала кетсек, Криштиану Роналду «Реа́л Мадри́д» футбол клубунда 2009-жылдан бери ойноп келатат. Ушул убак аралыгында ал эки жолу Испаниянын чемпиону, эки жолу Кубок жана өлкөнүн Суперкубогун, үч жолу Лига Чемпиондугун жеңип алган. Өткөн айда португалиялык ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83