www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Спорт
0 1852

Путиндин жубайы Алина Кабаева "аралаша" баштадыбы?

07-февраль 2018, 14:20 Гүлжан Шерипбаева

Орусиялык атактуу гимнаст Алина Кабаева олимпиада программасын өзгөртүүнү каалап жатат. Бул тууралуу “Lenta.ru” сайтты шилтеме жасап Заман.кж сайты жазып чыкты. Кабаева спорт дагы көрүнүктүү, жарык жана жаркын болушу керек деп эсептейт. Олимпиада чемпиону жана дүйнөдө көркөм гимнастика боюнча биринчи элчиси Алина Кабаева олимпиадалык оюндардын программасына олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу менен чыкты. Ал спорттогу баа берүү системасын дагы карап чыгууну айтууда. Кабаева “Өкүнүчтүүсү ...

0 874

​Бокс мээлейи базардан өтпөй калуу коркунучунда турат

06-февраль 2018, 22:52 Гүлжан Шерипбаева

Эл аралык олимпиада комитети (МОК) боксту 2020-жылдагы Олимпиада оюндары программасынан чыгарууну пландап жатат. Мындай чечимди спорт уюмунун президенти Томас Бах ТАСС агентигине билдирди. Бул тууралуу заман.кж сайты жазып чыкты. Маалыматка ылайык мындай чечим Эл аралык бокс ассоциациясынын(AIBA) жетекчилигинин абалына жараша күн тартибине коюлуп, өзүнчө териштирүү иштери баштатылган. Эл аралык олимпиада комитети(МОК) бокс боюнча олимпиадалык беттешүүлөрдө калыстар тобунан дагы шектенүүдө. Бокс уюмунун ...

0 446

2020-жылы Токиодо өтүүчү олимп оюндарынын катарынан бокс алынып салышы айтылууда

05-февраль 2018, 18:35 Жазгүл Урманбетова

Эл аралык Олимпиада комитети 2020-жылы Япониянын Токио шаарында өтүүчү олимп оюндарына боксту четтетиши мүмкүн. Бул тууралуу аталган уюмдун башчысы Томас Бахка таянып чет элдик басма сөз каражаттары жазышууда. Маалыматтарга ылайык, бокс 2018-жылы Аргентинанын Буэнос-Айрес шаарында өспүрүмдөр арасында өтүүчү олимп оюндарынан да бокс алынышы мүмкүн. Бахтын айтымында, учурда аталган комитет эл аралык Бокс ассоциациясын каржылоону токтоткон. “Бокс ассоциациясынын рейтингинин төмөндөп кетиши, мындан сырткары башкаруу системи ...

0 550

Кыргызстан футзал боюнча Таиланд менен беттешет

05-февраль 2018, 10:21 Жазгүл Урманбетова

Кытай Тайбэйинде өтүп жаткан футзал боюнча Азия чемпиондугунун тайпалык оюндарында Кыргызстандын улуттук курама командасы Таиланд курама командасы менен беттешет. Оюндар 6-февралга белгиленген. Кыргызстандыктар 4-февралда Иордания командасын 3:1 эсебинде жеңип алышты. Өлкөнүн Футбол федерациясынан билдиришкендей, Азия чемпиондугунун тайпалык тандоо оюндарында Кыргызстан D тобунда Ливан, Иордания жана Таиланд курама командалары менен ойнойт. Эскерте кетсек, футзал деген оюн 1920-жылы пайда болгон. ал жабык жайда ...

0 521

Жалал-Абадда окутуучулардын спартакиадасы аяктады

29-январь 2018, 12:49 Перизат Кутманалиева

Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) профессор-окутуучулар курамы жана кызматкерлери арасында өткөрүлгөн спартакиада ийгиликтүү аяктап, жеңүүчүлөр ректорат тарабынан алкоолорго татыды. Бул тууралуу ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы билдирди. Спартакиадага окуу жайдын структуралык бөлүмдөрүнөн 6 команда катышып, волейбол, баскетбол, стол тенниси, чатыраш, комбинацияланган эстафета, гиря көтөрүү, бильярд, аркан тартышуу боюнча мелдештер абдан кызуу өттү. Оюнчулар да, күйөрмандар ...

0 559

Жалал- Абадда дагы бир спартакиада башталды

23-январь 2018, 12:34 Перизат Кутманалиева

Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ)  спорт залында окуу жайдын профессор-окутуучулар курамы жана кызматкерлери арасында спартакиаданын салтанаттуу ачылышы болуп, ага окуу жайдын структуралык бөлүмдөрүнөн 6 команда катышууда. Бул тууралуу ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы билдирди. ЭАУ ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыковдун айтымында, спартакиада окутуучуларда ден-соолук менен бирге жамааттагы ынтымакты, кызматташтыкты да чыңдайт. -Бул спартакиада ...

0 1506

Министирликтин алдында түзүлгөн Шумкар атайын полктун төрт жылдыгы белгиленди

17-январь 2018, 13:47 Перизат Кутманалиева

Жалал-Абадда Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин алдында түзүлгөн атайын багыттагы полкунун “Шумкар” өзүнчө ротасынын 4 жылдыгы белгиленди. Майрамдык иш-чаранын алкагында атайын полктун кызматкерлери келген конокторго жана өздүк курамга өздөрүнүн ыкчам аракетинин натыйжасында аскердик күжүрмөн даярдыктарын көрсөтүп беришти. Андан соң мыкты кызмат кылган кызматкерлерге ОИИБнын башчысы А.Мамасейитовдон жана жергиликтүү бийлик тарабынан ардак грамоталар менен сыйланышып, алкыш алышты. Мындагы иш-чаранын өтүшү жана атайын полктун аткарган ...

0 598

Дастанбек Жумабеков спортчу Бусурманкул Абдибаит уулун энчилүү саат менен сыйлады

16-январь 2018, 09:08 Перизат Кутманалиева

15-январда Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков спорттогу өзгөчө жетишкендиктери үчүн спортчу Бусурманкул Абдибаит уулун энчилүү саат менен сыйлады.    Ата-мекендик спортчуларыбыз өзүнүн ийгиликтери менен өлкөбүздү таанытып жатканын белгилеген Дастанбек Жумабеков, алардын талыкпас эмгегинин арты менен Кыргызстандын желеги дүйнөнүн ар кайсы бурчунда желбиреп жаткандыгын кошумчалады. Ошондой эле ал Бусурманкул Абдибаит уулуна арбын ийгиликтерди каалап, дагы да алдыңкы орундарды багынта берүүсүн тиледи. Эске салсак, ...

0 819

Жалал-Абад: “Ден-соолук – 2018” аталышындагы кышкы спартакиадасынын жыйынтыгы чыгарылды

15-январь 2018, 14:47 Перизат Кутманалиева

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучуларыжана кызматкерлери арасында өткөрүлгөн “Ден-соолук – 2018” аталышындагы кышкы спартакиадасынын жыйынтыгы чыгарылды. Жеңүүчүлөргө окуу жайынын ректораты сыйлыктарды тапшырды. Мыктылар Ысык-Көл облусунда болуучу “Ден соолук – 2018” спартакиадасына катышуучулар жолдомо алышты. Бул тууралуу ЖАМУнун ректоратынан билдиришти. Спартакиадага окуу жайдын 360дан ашуун кызматкерлери катышып, спорттун алтытүрү боюнча 9 команданын ортосунда таймаш жүрдү: алар - кичи футбол, стол үстүндөгү ...

0 511

Жалал-Абад: Спартакиаданын алгачкы жеңүүчүлөү аныкталды

13-январь 2018, 09:30 Перизат Кутманалиева

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы арасында “Ден-соолук – 2018” аталышындагы спартакиаданын алкагында шахмат боюнча мелдештер өтүп, чыгарылды. Ага жалпысынан эркектерден 18, аялдардан 16 шахматчы катышты. Таймаштын жыйынтыгында эркектер арасында биринчиликти окуу жайынын ректораты багындырды. Алар - шахматчылар Кеңешбек Усенов жана Жеңиш Куваков. Экинчиликти Жалал-Абад колледжи ээледи: шахматчылар Марип Бекешов жана Идирис Абдуллаев. Ал эми үчүнчү орунду медицина факултети багындырды: шахматчылар Жунус Ташболотов ...

0 535

ЖАМУда Спартакиада өтүп жатат

12-январь 2018, 18:48 Перизат Кутманалиева

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы арасында «Ден-соолук- 2018» аталышындагы спартакиада өтүп жатат. Спорттук мелдеш бир жума бою жүрүп, 13-январда жыйынтыкталат да, жеңүүчүлөрдүн аты аталат. Бул тууралуу ЖАМУнун ректораты билдирди. Алынган маалыматка караганда, спорттук олимпиадага беш факультеттин, эки колледждин, университеттин админстрациясынын окутуучулары жана техникалык- тейлөө кызматкерлери катышууда. Ал эми таймашка 9 команда катышып, жалпы 360дан ашуун окутуучулар күч сынашууда. Спартакиадада спорттун алты ...

0 560

Валентина Шевченко UFC рейтингинде биринчиликти сактап калды

04-январь 2018, 12:28 Жазгүл Урманбетова

Кыргызстандык Валентина Шевченко Ultimate Fighting Championship (UFC) рейтингинде биринчи орунду сактап калды, -деп маалымдалат UFC сайтында. Жаңыланган рейтинг UFC 219 турниринин жыйынтыгы боюнча 2018-жылдын 1-январында жарыяланган. Турнир Лас-Вегаста өтүп, анда бизден Валентина Шевченко катышкан. Дүйнөлүк рейтингде аялдар арасында 61,5 кг салмактык категория боюнча биринчи орунда Шевченко, андан кийин Холли Холм, үчүнчү орунда Джулианн Пенья (АКШ) турат. Маалымдалгандай, Шевченконун кийинки беттеши 3-февралда “UFC Fight ...

0 631

Кытайда өткөрүлгөн таймашта Кыргызстандын жараны 14 миң марафончунун ичинен биринчи келди

03-январь 2018, 19:56 Жазгүл Урманбетова

Кытайдын Куньмин шаарында эл аралык ШКУ марафону өтүп, анда Кыргызстандын жараны биринчи болуп келди. Бул спорт иш-чарасына 27 өлкөдөн 14 миңден ашуун киши катышкан. 42 чакырымдык алыстыкка кыргызстандык Адилет Кыштакбеков биринчи болуп келди. Ал аталган аралыкты 2 саат 23 мүнөт 21 секундада багындырган. Жеңүүчүлөргө сыйлыктарды ШКУнун башкы катчысы Рашид Алимов тапшырган. Ошондой эле кыргызстандык жеңил атлетчилерди колдоо үчүн Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин өкүлдөрү келишкен.

0 489

2017-жылдын мыкты беттеши - кыргыздын балбаны катышкан мелдеш!

03-январь 2018, 13:47 Жазгүл Урманбетова

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызcтандын 2 балбаны катышкан мелдеш 2017-жылдагы дүйнөнүн мыкты беттеши деп саналды. Бул тууралуу бириккен дүйнөлүк күрөштүн маалымат кызматы билдирет. Анда, Кыргыз балбаны Акжол Махмудов менен АКШлык Камал Амир Баинин жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугундагы беттеши дүйнө рейтингинде 2-орунду ээледи. Эске салсак, Акжол Махмудов 74 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, жарым финалдык беттеште жаракат алганы менен, финалдык беттешке чыккан. Ал америкалык балбанга туш келип ...

0 456

Роналду 4 - жолу жылдын футболчусу

30-декабрь 2017, 09:52 Перизат Кутманалиева

2017  дүйнөлүк футбол сыйлыктары аземинде жылдын футболчусу сыйлыгын Реал Мадриддин португалиялык футболчусу Криштиану Роналду алды. Дубай спорт кеңеши, Европа Клубдар Биримдиги жана Европа футболдук менеджерлер биримдиги 2010 -  жылдан бери уюштуруп келген Дүйнөлүк футбол сыйлыктары Бириккен Араб Эмирликтеринин Дубай шаарында өткөрүлгөн азем менен ээлерине тапшырылды. 2017 – жылы Испания клубу Реал Мадриддин формасы менен УЕФА чемпиондор лигасы, УЕФА супер кубогу, Испания биринчи ...

0 1027

ВИДЕО - Унаа жуучу жайда иштеген жигит кикбокс боюнча дүйнө чемпиону болду

Видео 16-декабрь 2017, 18:34 Айдар Нуралиев

Унаа жуучу жайда иштеген өзбекстандык жигит кикбокс боюнча дүйнө чемпиону болду деп жазат өзбекстандык сайттар. Алардын берген маалыматында, Шер Мамазулунов аттуу Өзбекстандын жараны буга чейин шаардагы унаа жуучу жайлардын биринде иштеп, машыгуулардын көбүн иш жеринде өткөргөн. Спортчунун айтымында, унаа жууп иштеп да чемпион болсо болот.  "Менин чемпион болушума жумушумдун зыяны эмес, тескерисинче пайдасы чоң" деп билдирген. Булак: NazarNews.kg  

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 607

Кыргызстандык дзюдочулар Кытайда алтын медаль утушту

06-декабрь 2017, 13:55 Гүлжан Шерипбаева

Кыргызстандык дзюдочулар Иса Жумабеков жана Илимбек Курманбеков Кытайда өткөн дзюдо боюнча мелдеште жеңүүчүү болушту. Бул тууралуу Марал радиосу билдирди. Кытай мамлекетинин Гуанчжоу шаарында 2-декабрда өткөн ачык чемпионатта Иса Жумабеков 81 кг чейинки салмактык категория боюнча төрт жолу таймашка чыгып, алдын медаль утту. Андан сырткары, 66 кг чейинки салмак боюнча чыккан Илимбек Курманбеков да алтын медаль тагынды. Ачык чемпионатка Кытайдын аймактарынан Кыргызстан, Казакстан, Орусия ошондой ...

0 801

Бишкектин жаш хоккейчилери АКШда алтын медал тагынышты

05-декабрь 2017, 10:48 Гүлжан Шерипбаева

Бишкек шаарынын хоккей боюнча тогуз жашка чейинки жеткинчектерден куралган командасы АКШнын Чикаго шаарында өткөн Barrington Ice Arena 2017 кубогунда жеңүүчү аталып, алтын медал алышты. Маалыматтарга караганда, бүгүн, 5-декабрда эртең менен бишкектик хоккейчилер финалдык мелдешке катышты. Анда алар Ice Dogs  командасы менен беттешип, мелдеш 5:5 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Ал эми дарбазага шайба чабуу боюнча буллиттер сериясында Бишкек курамасы 7:8 эсебинде утуп ...

0 666

Канат Бегалиев "Спорттун отличниги" наамын алды

29-ноябрь 2017, 13:13 Гүлжан Шерипбаева

Канат Бегалиев "Спорттун отличниги" наамын алды. Ага күбөлүк менен төш белги бүгүн, 29-ноябрда тапшырылды. Бул тууралуу Марал Радиосу билдирди. Канатбек Бегалиев 2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиадада күмүш байгеге ээ болгон. 2012-2017-жылдары Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу болгон. Бүгүн, 29-ноябрда ал Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучулук кызматынан өз арызы менен бошотулду. Булак: NazarNews.kg

0 1003

СҮРӨТ - ВИДЕО - Атазовдордон дагы бир балбан чыкты!

Видео 09-ноябрь 2017, 15:02 Айнура Абдиназарова

Спорттун “кикбоксинг” түрү боюнча дүйнөнүн бир нече чемпиону, Ош шаарынын экс-депутаты Шайлообек Атазовдун 16 жаштагы иниси Рамазан Атазов “Дзюдо” боюнча өспүрүмдөр ортосунда болуп өткөн Россия биринчилигинде коло медаль тагынды. Ал, Россияда иштеп жашаган Шайлообек Атазовдун бир тууган агасынын уулу. Буга чейин дагы шаардык деӊгээлдеги мелдештерде, өспүрүмдөр ортосундагы биринчиликтерде ийгилик жаратып, көптөгөн медалдардын ээси болгон. Спортчулардын арасында Рамзан “Атазов младший” деген ысым ...

0 1560

Рамазан Атазов: "Күрөшүп жатканда көз алдымда атаандашым эмес Кыргызстан турат"

05-апрель 2018, 21:00 Гүлжан Шерипбаева

-Спорт тармагында жаш болсо дагы чыдамкайлык менен күрөштү ойлогон Кыргызстандын белгилүү чемпиону Шайлообек Атазовдун иниси Рамазан Атазовдун патриоттук сезимин козгоп, сөзгө тарттык... -Рамазан, биздин баамыбызга караганда өтө эле патриот көрүнөсүң. Дегеле Кыргызстан, кыргыз элим деп күйүп-жанып турганыңда эмне кеп бар? Дегеним Кыргызстанда деле жашабайт экенсиң?... - Өзүм 2001-жылы төрөлгөнмүн. Атактуу чемпион Шайлообек Атазовдун иниси боломун. Аны менен сыймыктанып, агамдын жолун жолдоп келе ...

0 688

Сүрөт - Жалал-Абадда спортчуларга сыйлыктар тапшырылды

19-октябрь 2017, 13:09 Гүлжан Шерипбаева

Жалал-Абад шаарындагы Токтосун Тыныбеков атындагы областтык филармонияда областын мыкты спортчуларын сыйлоо иш-чарасы болуп өттү. Ага Жалал-Абад шаарынын 1-вице-мэри Турдалы Темирбаев жана өкмөттүн  областтагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдер катышты. Жалал-Абад облусунун спортчулары быйылкы жылы Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөрүлгөн  “Манас оюндарында” жана Түркмөнстан мамлекетинин Ашхабад шаарындагы V Азия оюндарында мыкты көрсөткүчтөрдү камсыз кылышкан спортчуларга сый-урмат көрсөтүлүп, акчалай сыйлыктар тапшырылды. Жалал-Абад ...

0 549

Айдана Оторбаева Россиянын Красноярск шаарынан 1 жумалык кароодон өтүп келди

12-октябрь 2017, 22:36 Гүлжан Шерипбаева

Кыргызстан курама командасынын оюнчусу Айдана Оторбаева Россиянын Красноярск шаарынан 1 жумалык кароодон өтүп келди. 2018-жылдын башынан тарта футболчу кызыбыз Россиянын жогорку лигасында "Енисей" айымдар футбол клубунда оюн жүргүзө баштайт. Португалия курама командасынын жана "Реал" клубунун чабуулчусу Криштиано Роналдону кумир туткан Айдана өзү да 7 номер кийип чабуулда ойнойт. Эске сала кетсек, Айдана Оторбаева чет өлкөлүк клубдун намысын коргой баштаган биринчи кыргыз легионер ...

0 502

Сузак районунда спорттун бир нече түрү боюнча мелдештер өткөрүлдү

29-сентябрь 2017, 11:15 Перизат Кутманалиева

Кечээ, 28-сентябрь күнү Сузак районунун борборунда 500дөн ашык спортсмендердин катышуусунда спорттук иш-чара болуп өттү. Бул туурасында жеке ишкер Алаяр Бостонов билдирди. Анын берген маалыматына караганда, аталган иш-чарага райондун бардык аймактарынан, Жалал-Абад облусунун район-шаарларынан жана Бактенден, Тажикстандан келген спортсмендер катышты. Спорттун алыш, самбо, волейбол, баскетбол, футбол түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлдү. Футбол боюнча 67 команда катышса, алыш күрөшүнө Баткен облусунан, Тажикстандан келген балбандар күч ...

0 440

Өлкөбүздө рекорд коюуу үчүн 5 миң адам бир учурда турникке тартынат

27-сентябрь 2017, 10:47 Жазгүл Урманбетова

Дүйнөлүк рекорд коюу үчүн беш миң адам бир эле учурда турникке тартынышы керек. Бишкек шаарында эң узун турник тургузулуп, ага бир эле убакта беш миң адамдын тартынуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу Street Workout Kyrgyzstan федерациясы билдирди. Маалыматка ылайык, демилге ишке ашса анда дүйнөлүк рекорд коюлат. "Иш-чара Улуттук олимпиада комитетинин, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин, ошондой эле Street Workout Kyrgyzstan федерациясынын демилгеси ...

0 669

Беш мүнөт баскан ден соолукка пайдалуу

26-сентябрь 2017, 18:11 Жазгүл Урманбетова

Азыр стол кучактап күн өткөргөн адамдардын саны көбөйдү. Бирөөлөр жумушуна байланыштуу күн бою стол кучактап отурса, жаш муун көп убактысын интернет дүйнөсүндө өткөрөт. Ушул адамдар ар саат сайын беш мүнөт ары-бери басып, денесин жана буту колун жазып алса, мээси сергип, көңүлү көтөрүлүп, концентрациясы калыбына келип, курсагым ача баштады деген сезими мокойт. Муну АКШнын Колорадо университетинин Аншьюз медициналык кампусу (The University of ...

0 644

Азия оюндарында кыргыз спортчулары дагы алты медалга ээ болушту

26-сентябрь 2017, 03:24 Айдар Нуралиев

Ашхабадда өтүп жаткан жабык имараттагы V Азия оюндарында кыргыз спортчулары алыш бел боо күрөшүнөн дагы алты медаль алышты. Анын үчөө алтын, экөө күмүш, бирөө коло. Бул туурасында мелдештин расмий сайтында маалымдалат. Ошондо Кыргызстандын курама командасынын байге куржунунда 41 медаль болду. Анын алтоосу алтын, 13ү күмүш, 22и коло. Ал эми жалпы командалык эсепте 33 өлкөнүн ичинен 10-сапка көтөрүлдү.  23-сентябрда алыш бел боо ...

0 11380

Кыңыр иш кырк жылда эмес, кырк күндө эле аныкталабы?

24-сентябрь 2017, 03:00 Айдар Нуралиев

Жакында эле Астанада өткөн Көк пар оюну боюнча Дїүйнөлүк мелдеште өз тайпасындагылардын тарпын чыгарып, аларды ири эсеп менен утуп, анан эле Казахстандын курама командасы менен болгон финалдык оюнда эмнегедир баштагы ыкчамдыктарын көрсөтө алышпай биздин көк бөрүчүлөр бушайман болгонун баарыбыз эле көрбөдүкпү. Анан мындай көрүнүштү “көк пардагы” жаңы эрежелерден көрүп жатып калдык го. Баарынан кызыгы дал ошол финалдык беттешүү болорго бир күн ...

0 673

Майлуу-Суудагы 10 класcттын окуучулары кик боксинг менен машыгып эл аралык мелдештерде жеңиштерди багындырып келет

21-сентябрь 2017, 14:54 Перизат Кутманалиева

Майлуу-Суу шаарынын №5-орто мектебинин 10 классынын окуучулары Калматов Алишер жана Урматбек уулу Улукбек спорттун кикбоксинг түрү менен машыгып эл аралык мелдештерде жеңиштерди багындырып келет. Бул тууралуу аларды талыкпай машыктырып жаткан, машыктыруучусу  Майлуу-Суу шаарынын тургуну 27 жаштагы Жаныбеков Бекназар айтып берди. Мен 2001-жылдан бери спорттун кикбоксинг түрү менен машыгып көптөгөн мамлекеттерге барып ийгилик жаратып келгем. Азыркы учурда 2012-жылдан бери Майлуу-Суу шаарында фитнес клубдун биринде инструктор ...

0 726

Чолпонаталык Боровиктер унаа жарышын өткөрүп жатышат

16-сентябрь 2017, 18:27 Жазгүл Урманбетова

Чолпон-Ата шаарындагы бир туугандар Максим жана Алексей Боровиктер өз демилгеси менен унаа жарыш өткөрүп жатышат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Максим Боровик маалымдады. Анын айтымында, жарышка 40 адам өз унаалары менен катышып жатат. Ал мындай жарыштарга Москва шаарында иштеп жүргөндө көп жолу катышып, өз жеринде да жарыш уюштурууну кыялданчу. Кыялын бир тууганы экөө ишкер ашырып жатат. Булак:.turmush.kg

0 606

Валентина Шевченко UFC рейтингинде биринчиликти сактап калды

16-сентябрь 2017, 16:19 Жазгүл Урманбетова

Кыргызстандык Валентина Шевченко UFC рейтингинде биринчиликти сактап калды. Бул тууралуу ufc.com сайтында маалымдалат. Рейтингдин жаңыланган тизмеси 13-сентябрда жарыяланган. Экинчи орунда Холли Холм, үчүнчүдө Джулианна Пенья, төртүнчүдө Джулианна Пенья. Ал эми бешинчи орунга Ронда Роуз илинген. Аманда Нуньес болсо абсолюттук чемпион. Ал рейтингден сырткары. Белгилей кетсек, Шевченко менен Нуньестин беттеши 9-сентябрда UFC 215 турниринин алкагында Канаданын Эдмонтон шаарында өткөн. Мелдеш Нуньестин жеңиши менен аяктаган. Булак: Кабар

0 671

Азия оюндарына катыша турган жүздөн ашуун индиялык спортчу аэропорттон өткөрүлгөн жок

15-сентябрь 2017, 03:09 Айдар Нуралиев

Ашхабаддагы V Азия оюндарына катышуу үчүн жол алган жүздөн ашуун индиялык спортчу Дели эл аралык аэропортунан өткөрүлгөн жок. Маалыматтарга караганда, алар мелдешке катышуу үчүн Индиянын Спорт министрлигинен атайын уруксат алышкан эмес. Аэропорттон өткөрүлбөгөн спортчулар күрөш, самбо, жиу-житсу, спорттук бийлер, салттуу күрөш, бел күрөш боюнча мелдешке катышышмак. Спорттук оюндардын бул түрлөрү Индия Олимпиада Ассоциациясы тарабынан таанылган эмес. Бейшембиде спортчуларга уруксат берүү боюнча процедуралар башталганы ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 868

Фудбол боюнча 5 -сентябрда Бишкекте боло турган Кыргызстан-Мьянма беттеши токтотулду

04-сентябрь 2017, 12:37 Камчыбек Бостон

2019-жылдагы Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында 5-сентябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүүчү Кыргыз-Мьянма беттеши токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда футбол боюнча Кыргыз өлкөсү-Мьянма беттешинин алкагында маалымат жыйында белгилүү болду. Мындай чечимди Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сапар Исаков кабыл алган. Беттештин токтотулганынын себебин оюн учурунда террордук акт уюштурулушу мүмкүн деген кооптонуу менен түшүндүрүштү. Ал эми оюнду көрүү үчүн билет сатып алган ...

0 964

Москвада Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнө карата кыргыз күрөш өтөт

30-август 2017, 02:08 Айдар Нуралиев

Урматтуу Мекендештер! Урматтуу спорт сүйүүчүлөр! Баарыңыздарды 31-август күнү, Кыргыз Республикабыздын Эгемендүүлүгүнө карата Москвада өтө турган чоң Кыргыз Күрөшүнө чакырабыз! Күрөш Москва шаарында өтөт. Бул тууралуу маалыматты Москва шаарындагы кабарчыбыз Илимбек Исраилов билдирди. Дареги: Метро Юго-Западная. Шолохова үй номуру 1. Күрөшкө келип, көрүп эс алып кетиңиздер! Сурап билүү телефону: +79653870612 Илимбек Исраилов, NazarNews.kg Москва шаары

0 529

Мария Шарапова экинчи "ракетканы" утуп алды

29-август 2017, 13:20 Жазгүл Урманбетова

 US Openдин ачылышында Мария Шарапова экинчи "ракеткасын" утуп алды. Румыниянын теннисчиси Симона Халепти АКШнын ачык чемпионатында утту. Байгенин жалпы утушу - 50,4 $ млнду түздү жана ал Нью-Йоркто өттү. 30-жаштагы россиялык теннисчи айым атаандашын 6:4, 4:6, 6:3 менен жеңди.US Open өткөргөн бардык мелдештеринде Теннис ассоциациясынын Аялдардын арасында 146-орунда турган Мария биринчи раунддан утулган эмес.Ал эми экинчи раундда аталган теннисчи Венгриянын теннисчиси -Тима Бабош менен беттешет.  Эске салсак, Шарапова 15 айлык спорттон допинг ...

0 531

Будапештте өлкөбүздөн барган дзюдо боюнча мелдеште улуттук курама катышууда

29-август 2017, 12:40 Жазгүл Урманбетова

Кыргызстандын дзюдо боюнча Улуттук курамасы Будапештте (Венгрия) өтүп жаткан дзюдо боюнча дүйнөлүк мелдеште катышууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КРнын дзюдо боюнча улуттук федерациясынын вице-президенти Абай Молдокан билдирди. Дүйнөлүк чемпионат 28-августтан 3-сентябрга чейин уланат. Анда 130 өлкөдөн 800 спортчу катышууда. Дзюдо боюнча дүйнөлү чемпионат 1956-жылдан бери өткөрүлүп келет.  Булак: Кабар  

0 515

Виктория Полюдина жеңил атлетикадан жеңип, 13 миң АКШ долларын алды!

29-август 2017, 11:02 Жазгүл Урманбетова

Жакында Астана (Казакстан) шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) эл аралык марафону болуп өттү. Анда Кыргызстандык спортчу жеңил атлетика боюнча Виктория Полюдина Астанада өтуп жаткан марафондон жеңишке жетишти. Ал 42 чакырым 195 метрди 02:37:45 секунд аралыгында чуркап өткөн. Анда, 50гө жакын спортчу катышып, жарышка 5 миңге жакын адам катышкан. Алар, 42 жана 10 чакырым жана 2017 метр аралыкка жарышка чыгышкан. Баш байге 13 миң АКШ ...

0 586

Спортчуларга чапан менен калпактын эмне кереги бар?

28-август 2017, 20:18 Жазгүл Урманбетова

Кыргызстандын спортчуларына сандыкта катылып калган калпак менен белекке беришет. ал бергендери да чак эмес, -деп бир катар мекенибиздин желегин желбиретип келген азаматтардын ата-энелери арызданышууда. Жакында эле, атын айткысы келбеген спортчунун ата-энеси Бишкекке чейин аларды чакырып, берген белектери ушундай болсо, албетте эч кандай жыйынтык чыкпайт дешет алар. Жок дегенде жолуна тыйын берип коюшса болмок деп нааразы болушат. "Андан көрө витамин берип коюшса, бир ...

0 1484

Талас Бегалиев Бабановдун көк бөрүчүлөр менен жолугушуусу боюнча пикирин билдирди

28-август 2017, 18:55 Перизат Кутманалиева

Улуттук курама команданын жетекчиси Талас Бегалиев Астанада өткөн Көк пар оюну боюнча дүйнөлүк мелдештин жыйынтыгы туурасында бүрсүгүнү пресс-конференция өткөрүшөрүн билдирди. Талас Бегалиев Өмүрбек Бабановдун көк бөрүчүлөр менен жолугушуусун төмөндөгүчө билдирди. Өмүрбек Бабанов Кыргызстандын көк бөрүчүлөрү менен 5 мүнөттөй гана сүйлөштү. Эч кандай жашыруун жолугушуу болгон эмес, баары ачык-айкын эле өттү. Келип балдарыбыздын колун кармап, дем-күч берип, колдой турганын билдирип кетти. Ал жолугушууга ...

0 1149

Мейвезер: Мен “бийлеп жүрүш” үчүн өзүмө ылайыктуу атаандашты тандадым”

28-август 2017, 16:33 Перизат Кутманалиева

“Америкалык мушкер Флойд Мейвезер кечээки жеңишинен кийин рингдеги карьерасынын аяктаганын маалымдады”,-деп кабарлайт “Lenta.ru”. «Бүгүнкү бокс кечи менин акыркы жекеме-жеке чыкканым. Мен “бийлеп жүрүш” үчүн өзүмө ылайыктуу атаандашты тандадым”,-деди Мейвезер. Айта кетсек, америкалык мушкер буга чейин эки жолу-2007 жана 2015-жылдары карьерасын аяктаганын маалымдаган эле. Эскерте кетсек, кечээ Мейвезер АКШынын Лас-Вегас шаарында ММА боюнча ирланд Конор Макгрегорго каршы мушташып, 10-раунда техникалык нокаут менен жеңди. Бул мушташ ...

0 1996

ВИДЕО - Икрамжан Илмиянов: «Урматтуу көкбөрүчүлөр! Эч нерсе ойлонбогула, болгону чебер ойноп койгула. Баары сүйлөшүлгөн, баары чечилген!»

Видео 28-август 2017, 15:39 Гүлжан Шерипбаева

Кыргызстандын көкбөрүчүлөрү  Казакстандын курамасына дүйнө чемпиондугун 1:4 эсебинде алдырып коюшту.  Учурда бул тема соцтармактарда кызуу талкууга түшүп, спорт күйөрмандары тарабынан ар кайсы кандай пикирлер айтылууда. Ал тургай Көкбөрү федерациясынын президенти Икрамжан Илмияновдун Астанага барып кыргыз көкбөрүчүлөрү менен кезигишүү маалында аларга берген кеп-кеңешинин видеосу жарыяланып, чоң талкуу жаратты. Тасмада Икрам мырза, «Урматтуу көкбөрүчүлөр! Эч нерсе ойлонбогула, болгону чебер ойноп койгула. Баары сүйлөшүлгөн, баары чечилген!» деп айткан. Демек, Икрам мырзанын "көкбөрүчүлөрдүн ...

0 805

Икрам Илмиянов: "Көкпардан жеңилгенибизге өкүнбөйбүз"

28-август 2017, 15:10 Камчыбек Бостон

Астанада көкпар боюнча өткөн дүйнө чемпионатында Кыргызстандын көк бөрү боюнча курамасы экинчи орунду алып калышы өкүнүчтүү эмес. Мындай пикирин өлкөнүн Көк бөрү федерациясынын президенти Икрам Илмиянов "Азаттык" радиосунун казак кызматына комментарий берип жатып айтты: - Утулбай жүргөн команда же спортчу аз. Казактардын көкпар оюнунун эрежелери биздин көк бөрүдөн башкача болгонуна карабай, бул дүйнөлүк чемпионатта кыргызстандыктар чеберчилигин көрсөтүштү. Максат орун алууда эмес, ...

0 631

Казакстан көкпар мелдештинде биринчи орунду алды

27-август 2017, 23:27 Айдар Нуралиев

Астанадагы көк бөрүнүн казакча түрү - көкпар боюнча алгачкы дүйнө чемпиондугунда биринчи орун үчүн Казакстан менен Кыргызстан беттеши казак оюнчуларынын жеңиши менен аяктады. Казак оюнчулары Кыргызстандын курама командасын 4:1 эсебинде жеңип алды. Натыйжада Казакстан командасы көкпар боюнча биринчи дүйнө чемпиондугунда жеңүүчү болду. Кыргызстан экинчи орунду алып, күмүш медалга ээ болду. Үчүнчү орунга Кытайдын командасын 2:1 эсебинде жеңген тажик оюнчулары чыкты. Мелдештин жыйынтыгы ...

0 1798

Көк бөрү: Кыргыз- Казак көк-бөрүчүлөрүнүн финалдык беттешүүсү аяктады. Эсеп 4-1

27-август 2017, 18:23 Камчыбек Бостон

Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Көк бөрү боюнча дүйнө чемпионатында Кыргыз өлкөсү менен Казакстандын курама командаларынын финалдык беттешүүсү аяктады. Оюнга токтоло кетсек.  Оюндун 4-мүнөтүндө Казакстандын көк бөрүчүсү Темирхан Айтпаев эсепти ачты. Оюндун 7-жана 10-мүнөттөрүндө Казакстан тарап 2 упай алып, эсепти 3:0.кылды.  Кыргыз тараптан 19-мүнөттө Рустам Тыналиев эсепти ачты. "Казанат" ат оюндары талаасында өтүп жаткан көк бөрү оюнунда 10 мүнөттүк алгачкы ...

0 863

Мушкер Флойд Мэйвезер Конор Макгрегорду нокауд менен жеңип алды

27-август 2017, 11:18 Камчыбек Бостон

Мушкер флойд Мэйвезер UFC уюмунда эки салмак категориясындагы чемпиону Конор Макгрегор менен беттешип жеңүүчү аталды. 10-раунда Мэйвезер атаандашын нокауд абаалына кетирип чемпиндук курун тагынды. Булак: NazarNews.kg

0 547

Көк бөрү: Кыргызстан жана АКШ курамаларынын беттеши аяктады, эсеп 11:6

25-август 2017, 16:43 Камчыбек Бостон

Астана шаарындагы "Казанат" ат майданында көк бөрү боюнча өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз улакчылары АКШ курамасы менен беттеши орун алды. Беттеште биздин жигиттер алдыга чыгып оюнду 11:6 эсебинде аякташты. Булак: NazarNews.kg

0 537

Айсулуу Парижде өткөн чемпионатта коло медаль алды

24-август 2017, 12:37 Жазгүл Урманбетова

Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова Парижде өткөн дүйнө чемпионатында коло медаль алды. Ал 58 кг чейинки салмак категориясында Кытай спортчусу Нининг Ронгду 6:5 эсебинде жеңген. Бүгүн Мээрим Жуманазарова 69 кг салмагындагылар арасында беттешет. Кыргызстандын башка спортчулары – Айпери Медет (75 кг чейин) жана Назира Марсбек кызы (55 кг чейин) – жакшы натыйжа көрсөтө алышкан жок. Эми эркин күрөш боюнча балбандардын мелдеши күтүлүүдө. Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курамасы ...

0 689

Айсулуу Тыныбекова менен Айпери Медет кызы таймашка чыгат

23-август 2017, 11:00 Жазгүл Урманбетова

Францияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын үчүнчү күнүндө айымдар арасында таймаш башталды.  23-августта 55 кг, 58 кг, 63 кг жана 75 кг салмакка чейинки салмак даража боюнча балбан кыздар күч сынашат. Бүгүн килем үстүнө Кыргызстандын спортчулары — Азиянын чоңдор арасында эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова, жаштар арасында дүйнө чемпиону Айпери Медетбек кызы жана Назира Марсбек кызы чыгат. Таймаш Бишкек убактысы боюнча ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 742

Кыргызстандык көк бөрүчүлөр Өзбекстанды 11:2 эсебинде утту

22-август 2017, 13:41 Перизат Кутманалиева

Казакстанда өтүп жаткан көк бөрүнүн казакча түрү - көкпар боюнча дүйнө чемпиондугунун экинчи турунда Кыргызстан менен Өзбекстандын командалары беттешип, 11:2 эсебинде кыргыз көк бөрүчүлөрү жеңишке жетти. Оюндун биринчи таймында 4:0 эсебинде Кыргызстандын командасы алдыга чыкты, ал эми экинчи таймда жети гол кыргыз тараптын, экөө өзбек тараптын пайдасына жазылды. Буга чейин Кыргызстандын командасы мелдештин 1-турунда Монголия курама командасын 4:0 эсебинде жеңип алган. Эртең ...

0 612

Көк бөрү боюнча мелдеш бүгүн өтөт

22-август 2017, 11:01 Жазгүл Урманбетова

Көк бөрү боюнча дүйнөлүк биринчиликте Кыргызстандын курама командасы бүгүн, 22-августта, Өзбекстандын курама командасы менен беттешет. КРнын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирет. Эске сала кетсек, Кыргызстан Монголиянын курама командасын 4:0 эсебинде жеңди. Белгилей кетсек, дүйнөлүк биринчиликте бардыгы болуп 12 өлкө катышууда. Өзбекстан, АКШ, Түркия, Тажикстан, Монголия, Азербайжан, Россия, Венгрия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан жана Ооганстан. Булак: NazarNews.kg

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83