www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Видеолор
0 1339

ВИДЕО - Мирбек Атабеков: "Мага күнөөсүз баланы карматып, каматып эмне азап?"

Видео 26-октябрь 2019, 12:20 Бакыт Молдалиев

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү ырчы Мирбек Атабеков апасынын үйүнө уурулукка кирип, энесин сабоо менен үйдөн бир нече миң доллар алып чыгып кетүүгө шектелип кармалган адам тууралуу видеокайрылуу жасады. Кайрылууда Атабеков бул боюнча соцтармактарда ар кандай аттарды жамынып, жаман пикир жазгандарга таң калып жатканын айтып, чагымчыл сөздөрдү жазууда сак болууну өтүнөт. Эскерте кетсек, Бишкек шаарында ушул жылдын 6-майына ...

0 4613

ВИДЕО (18+) – Элдик жазалоо! Жеткени жети тепти, жетпегени жерди тепти

Видео 26-октябрь 2019, 11:57 Алтын Булат

Топтошкон эл автоунаадагы адамды сыртка чыгарбай ур-токмокко алышууда. Унаасы деле оңбой калды, өзү соо калбаса керек. Шилтенген кол-буттардан сырткары таш, таяк, темир-тезектер ыргып жатат. Телеграм-каналдардын бирине чыккан бул тасма кайда, качан болгону айтылбайт. Бирок, андагы комментарийлерде айтылганга караганда, эл жергиликтүү криминалды жазалашкан. Ага таянсак, токмок жеп жаткан адам жергиликтүүлөргө тынч жашоо бербей, аларды дайыма коркунучта кармап келген. Бийлик менен тартип ...

0 1448

СҮРӨТ+ВИДЕО – Мүрзө эстеликтеринен пол салган соода үйү талкууда

Видео 26-октябрь 2019, 10:17 Алтын Булат

Кесилген таштардан куралган мозаикалык пол. Анын айрым жерлеринде адамдардын ташка чегилген сүрөттөрү байкалат. Бул көрүнүш, капиталдык оңдоосу жаңы бүтүп, ишке кирген «Алем» соода үйүнө таандык. Муну байкап калган жергиликтүүлөрдүн бири, аны социалдык түйүндөргө таратып, “мүрзө таштары” деген бүтүм чыгарган. Маалыматта, аталган соода үйү Казакстандын чыгышында, тагырагы Уст-Каменогорск облусунда жайгашкандыгы айтылат. Соода борборунун жетекчилиги муну оңдоо ишин жүргүзгөн аткаруучуларга шылтап ...

0 872

ВИДЕО - Дагестандыктар Конор Макрегордун “пачагын” чыгарабыз деп, Москванын мейманканасына топтолушту

Видео 26-октябрь 2019, 10:16 Бакыт Молдалиев

Айтылуу ирландиялык мушкер (ММА) Конор Макгрегор жайгашкан Москванын "Ритц-Карлтон" мейманкасын бир нече ондогон дагестандыктар курчап алышты. Буга Конордун Хабиб Нурмагомедовдун атына айткан сыны себеп болууда. Мында келишкен дагестандыктар Конордун Хабиб тууралуу, андан башка дегеле жалпы дагестандыктар боюнча айткан сөздөрүнө жооп берүүнү талап кылышууда. Окуя боюнча видео соцтармактарга да тарап жатат. "Бүгүн Конордун дагестандыктар ...

0 603

ВИДЕО: “Жинди кыргыз” – жаңы дүйнө чемпиону! Кубанычтан аккан көз жаштар...

Видео 26-октябрь 2019, 09:08 Бакыт Молдалиев

Индонезиянын борбору Жакарта шаарында кечээ, 25-октябрда өткөн аралаш мушташ жана кикбокс боюнча “One Championship Dawn of Valor” турниринде кыргызстандык мушкер, “Жинди кыргыз” каймана аты менен таанымал болгон Камрян Аббасов жарым орто салмакта учурдагы дүйнө чемпиону, швециялык Себастьян Кадестамды ири эсеп менен утуп, жаңы дүйнө чемпиону аталды.  Бул утуштан соң “Жинди кыргыздын” эсеби 16 утушка чыкты. ...

0 368

ВИДЕО - Жалал-Абадда той учурунда "бой" болду

Видео 25-октябрь 2019, 17:50 Бакыт Молдалиев

Интернетте үйлөнүү үлпөтү учурунда жаштардын массалык мушташуусу катышкан видео бүгүн, 25-октябрда тарады. Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгы билдирген маалыматка караганда, окуя аталган областтын Ноокен районунда болгон. Мушташтын кесепетинен ооруканага 23 жана 25 жаштагы эки жаран кайрылган, бирок, бирок алган жаракаттары олуттуу болбогондуктан, алар алгачкы медициналык жардам алган соң кетип калышкан. Ал эми милициянын билдиришинче, бул тууралуу арыз жазуудан жана экспертизадан ...

0 308

АУДИО - ВИДЕО - Ошто курула турган Ломоносов атындагы Москва университетинин филиалынын 3D көрүнүшү жарыяланды

Аудиофайл Видео 25-октябрь 2019, 15:37 Бакыт Молдалиев

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Ош шаарында курула турган Ломоносов атындагы Москва университетинин филиалынын 3D көрүнүшүнүн видеосун жарыялады. Министрлик тараткан маалыматка ылайык, имараттын курулушу бир айдын ичинде башталат. Ишке берилген учурдан тарта аталган окуу жайда колдонмо математика жана информатика, геология, орус тили жана адабияты адистиктери боюнча студенттер окутулат. Эскерте кетсек, Кыргызстанда Москва мамлекеттик университетинин филиалын ачуу жазында Бишкекте өткөн Россиянын ...

0 301

ВИДЕО - Өзбекстандагы бала-бакчалардын биринде тарбиячы балдарды сабап жаткан видео тарады

Видео 25-октябрь 2019, 14:20 Бакыт Молдалиев

Хорезм облусунун Ургенч районундагы бала бакчалардын биринде ата-энелер тарбиячыны балдарды сабоого айыптоодо. Алар видеокөзөмөл камерасындагы жазууларды текшерип чыгышкан. Анда тарбиячы Севара Султанова балдарды сызгыч менен сабап, чымчып, кечке телефон менен сүйлөшүп отурганын көрүүгө болот. Ата-энелер райондук мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын жетекчилиги тарбиячыга карата чара көрбөгөнүн сынга алышууда. Мектепке чейинки билим берүү министрлиги бул боюнча комментарий бере ...

0 575

ВИДЕО - Киев мэри, боксер Виталий Кличко журналистке кол салып, телефонун чаап жиберди

Видео 25-октябрь 2019, 11:05 Бакыт Молдалиев

Украинанын борбору Киев шаарынын мэри, айтылуу боксчу Виталий Кличко эл менен болгон жолугушуулардын биринде ага журналисттин ыңгайсыз суроо бергендиги үчүн ачууланып, анын тартып жаткан телефонун чаап жиберген маалымат видеосу менен бирге тарады. Видеону «Стопкор» аттуу коррупцияга каршылык көрсөтүү кыймылы боюнча коому Фейсбуктагы баракчасына 22-октябрда жарыялаган. Андагы маалыматка ылайык, окуя украин аткаминерлеринин Соломен районунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда орун алган. Видеодо айланасында курчап ...

0 140

ВИДЕО – Шашкан эне люктун капкагын камгактай алып ыргытты

Видео 25-октябрь 2019, 11:16 Алтын Булат

Адамдар басчу жалгыз аяк жол. Колунда түрткөн коляска, жанында 2 жашка чыга элек баласын ээрчиткен эне жай баракат сейилдеп келе жатышат. Ал аңгыча чала жабылган канализациялык люктун үстүн баскан баласы, жылмышып ичине түшүп кетти. Мына эми, шашканда алсызың да күчтүү чыгарын мындан байкап алгыла. Люктун капкагы кеминде 40-50 кг чыгат. Муну мен деген “күчмендер” деле чиренип туруп, араң алып ...

0 146

ВИДЕО - Керээли-кечке компьютерде олтурган кеңсе кызматкерлери кийин кандай акыбалга туш болот?

Видео 25-октябрь 2019, 11:21 Бакыт Молдалиев

Европалык окумуштуулар ыңгайсыз шарттарда 20 жана андан көп жыл иштегенге аргасыз болуп жүрүшкөн кеңсе (офис) кызматкерлери убакыт өткөн сайын кандай ооруларга чалдыгышаарын, дене-түзүлүштөрү, өң-келбеттери кандай болуп калаары тууралуу Эмма аттуу модель жаратып, анын негизинде түшүндүрмө беришти. Анда айтылгандай, окумуштуулар Улуу Британия, Франция жана Германия өлкөлөрүндөгү 3 миң кеңсе кызматкеринин арасында иштөө шарттары, алардын ден-соолуктары тууралуу сурамжылоо жүргүзүшүп, анын натыйжасында ...

0 815

ВИДЕО (18+) – Унаа кыз-жигитти сүзүп, чогуу дубалдан ашып кетишти

Видео 24-октябрь 2019, 17:00 Алтын Булат

Жол жээгинде сүйүшкөндөр кучакташып, өбүшүп жатышат. Ал аңгыча ар жактан жерге тийип-тийбей учуп келе жаткан унаа түз эле тиги жаштарды сүзүп, баары тосмодон ары карай кетишти. Маалыматтарга караганда, окуя кечээ, 24-октябрда Москва шаарынын көчөлөрүнүн биринде болгон. Анда 18 жаштагы жигит, сүйгөн кызын үйүнө узатуу үчүн жол чырагынын жашыл жарыгынын жанышын күтүп турушкан. Мына ошол учурда, тормозу иштебей калган Форд ...

0 433

ВИДЕО - Санкт-Петербургда кыргыз айдоочусу башкарган жүргүнчүлөрү толо кичиавтобус трамвайды сүзүп, оодарылып кетти

Видео 24-октябрь 2019, 16:18 Бакыт Молдалиев

Санкт-Петербургда кыргызстандык Сапарбек Темирбаев аттуу жаран ичи толо жүргүнчүлөрү менен айдап бара жаткан маршруттук кичиавтобусу менен жол чырактын кызылынан өтүп барып трамвайды сүзүп, оодарылган абалда бир нече метрге чейин сүрүлүп токтогон. Бул тууралуу орус басылмалары андагы окуя түшүп калган видеосу менен бирге маалымат таратышууда. Андагы маалыматтарга ылайык, оодарылып кеткен маршруттук кичиавтобустун ичинен 15 адам ар кандай жаракат ...

0 257

ВИДЕО – Айдоочу айымдардан бир шиңгил

Видео 24-октябрь 2019, 15:17 Алтын Булат

- Чыкчы эшикке... Чыкпайсыңбы эми... Тасмада көрүнүп тургандай, унаа ичинде бекинип алган айымды дагы бир айым сыртка чыгара албай убара. Анын каарданган эмоциясы деле байкалбайт. Унаанын күзгүлөрүн жана айнек тазалагычын жөн эле талкалап койду. Ошол эле учурда унаа ичиндегиси “кокуйлап” жардам сурап олтурат. Окуянын маңызына назар салсак, эки айым тең айдоочу. Ал эми жолдогу жол эрежесин бузуу көбүнчө аялдарга ...

0 301

ВИДЕО - Жанар Акаев: "Кылмыш дүйнөсү камалгандан коркпой калды. Себеби..."

Видео 24-октябрь 2019, 14:23 Бакыт Молдалиев

“Криминал боюнча Өкмөт башчы, Ички иштер министрлиги мага эмес, элге - коомчулукка, ишкерлерге жооп берсин!” Бул менин же премьердин жеке маселеси эмес, жалпы жарандардын маселеси. Кылмыш дүйнөсү камалгандан коркпой калды, анткени алар соттон акталып чыгып кетүүнү адат кылып алышкан!” Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев бүгүн парламенттин жалпы жыйынында айтып өттү. Буга чейин депутат Жанарбек Акаев өлкөдө криминал таасирин чыңдап жатканын ...

0 2730

ВИДЕО - Ырчы кызыбыз Самара Каримованын Кремлдеги концерти ийгиликтүү өттү. Куттуктайбыз!

Видео 24-октябрь 2019, 09:01 Бакыт Молдалиев

Кыргыз ырчыларынан эң алгачкы болуп Кремлде “дың бузган” сыймыктуу ырчы кызыбыз, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримованын 23-октябрда Москва шаарында, тагыраагы, Кремль сарайында өткөргөн жеке концерти жогорку деңгээлде аншлаг менен ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу соцтармактарга жарыяланган фото-видеолор далил болууда. Андагы маалыматтарга ылайык, концерттик зал 6 миң орундуу жана Каримованын концертине дээрлик баардык орундар толгон. Ырчыны ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1736

ВИДЕО - Депутат Үмбөталы Кыдыралиев дааваттын өзгөчөлүктөрү тууралуу өзгөчө пикирде

Видео 23-октябрь 2019, 19:26 Бакыт Молдалиев

Жогорку Кеңештин депутаты Үмбөталы Кыдыралиев парламентте Өкмөт тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорунун 1-окууда каралып жаткан учурда дааваттын башка дин агымдарындагы үгүт иштеринен өзгөчөлүктөрү бар экендигине басым жасап, анын ички эрежелерине токтолгон.  “Дааваттын өзүнүн ички эрежелери бар. Анда эч ким бирөө-жарымдын үйүнө кирип алып үгүт иштерин жүргүзбөйт. Алар эшикте ...

0 366

ВИДЕО - Акын Аалы Туткучев эми куудул

Видео 21-октябрь 2019, 15:32 Алтын Булат

Аалы Туткучев дегенде кыргыз-казак эли калпагын кежигеге баса кийип, колундагы комузун күүлөп, сахнадагы каршылашын какшыктап, ай-буйга келтирбей “оодара тартып” жаткан сары төкмө акынды элестетээрибиз бышык. Анткен менен “талант бир сырдуу, миң кырдуу” болот деген ушул Туткучевге жарашып турат окшойт. Себеби, Аалыкеде өнөр көп экен. Эми аны куудулдук, аткаруучулук жана пародия жанрында дагы таанып калганы турабыз. Дегеним, жакында ал “Катын калп айтпайт, ...

0 345

ВИДЕО - Бишкекте 2000ден ашык доллар таап алган бала акчанын ээсинен кайра доллар менен сыйлык алды

Видео 21-октябрь 2019, 14:02 Бакыт Молдалиев

Бишкекте 2200 доллар таап алган Адилет аттуу бала акчанын ээсине кайтарып берди. Бул тууралуу видео соцтармактарга жарыяланды. Анда башка улуттун өкүлдөрү Адилетке “Эркексиң! Эгерде ушул акчанын баарын өзүң эч кимге айтпай иштеткениңде арам болмок, ал эми бул 500 доллар сенин ак ниеттигиң үчүн биз тараптан ыраазычылык менен берилип жаткандыктан, адал болот”, -деп акчаны эки ирет санашып, сыйлык ...

0 173

ВИДЕО - Идрис Айтбаев, акын: “Бүгүн интернетти пайдасыз чукугандар – эртеңки көрдү чукуган жалкоолор!”

Видео 21-октябрь 2019, 11:24 Бакыт Молдалиев

Мындай пикирин кыргыздын белгилүү полиглот төкмө акыны Идрис Айтбаев Жалал-Абад шаарынын борбордук стадионунда өткөн китеп фестивалында жаштарга кайрылып жатып билдирди. Төмөндө видеосун сунуш кылабыз.  

0 113

ВИДЕО - "WhatsApp"ка болгон салык революцияга алып келеби?

Видео 21-октябрь 2019, 10:22 Бакыт Молдалиев

Ливандын борбору Бейрутта өткөн аптанын бейшемби күнү башталган бийликке болгон каршылык акциясы дээрлик баардык өлкө аймагындагы ири шаарларды кучагына алды. Алгач Бейрутта миңдеген митингчилер көчөлөргө чыгышып, автоунаалардын дөңгөлөктөрүн өрттөө менен шаардын түндүк жана түштүк тараптарын бириктирп турган көчөнү бууп салышкан. Кийин “Франс пресс”  дүйнөлүк басылмасы “Учурда Бейруттун көчөлөрү согуш талаасына окшоп турат: өрттөлгөн дөңгөлөктөр, айнектердин сыныктары, таштандылардын чачырандылары... ...

0 629

ВИДЕО - Бишкектик 12 жашар “калькулятор бала” орустардын студенттерин уят кылып, калыстарды жана көрүүчүлөрдү таң калтырды

Видео 21-октябрь 2019, 10:42 Бакыт Молдалиев

Россиянын “Россия-1” телеканалында өтүп жаткан “Таң калычтуу адамдар” телеберүүсүндө Бишкектен барган Арсен Рахымбеков Россиянын жогорку окуу жайларында окуган 3-курстун студенттери менен эсеп чыгарууда жарышып, аларды такыр эле караандатпай койду. Ал бул таланты менен анда олтурган калыстарды жана берүүнүн көрүүчүлөрүн таң калтырды. Арсен Рахымбеков болгону 12 жашта. Мектептен сырткары агасы менен биргеликте Жакшылык Матанов негиздеген "Интеллект” окуу борборунда кошумча билим ...

0 988

ВИДЕО - "Сен билесиңби, мен кимдин кызымын?" - Бишкекте жол кырсыгына себепкер болгон мас кыздардын видеосу тарады

Видео 20-октябрь 2019, 15:31 Бакыт Молдалиев

Бишкекте жол кырсыгына кабылган автоунаанын ичинде кыздар мас абалында болушкан. Бул тууралуу маалымат видеосу менен биргеликте бүгүн соцтармактарга тарады. Автоунаалардын бул кагылышууларынан улам 3 автоунаа жабыр тарткан. Видеодон жол кырсыгына себепкер болду делген автоунаадан чыккан кыздардын бири “Сен билесиңби, мени кимдин кызы экенимди?!” деп башка жабыр тарткан автоунаанын айдоочусуна кыйкырып жатканын көрүүгө болот. Окуя Бишкектин кайсы жерде болгону азырынча ...

0 379

ВИДЕО - Ташкентте миң түстүү “бийчи” фонтан коноктордун “оозун Ошту каратып жатат”

Видео 20-октябрь 2019, 14:27 Бакыт Молдалиев

Sputnik Узбекистан "Tashkent City” аталыштагы парктын ачылышындагы өзгөчө миң түстүү “бийчи” фонтан тууралуу маалыматты видеосу менен бирге жарыялады. Андагы маалыматка ылайык, Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында “Tashkent City” аталыштагы парктын ачылышы болуп, анын башкы кооздук-шөкөтү катары музыка жана сандаган түстүү жарыктардын коштоосунда “бийлеген” лазердик фонтан болгон. Лазердик фонтан көлдүн аймагындагы 1,5 гектар жерди ээлейт. Андан атырылып чыккан суунун бийиктиги 60 метрге чейин жетип, түн ...

0 538

ВИДЕО - Журналисттер Зеленскийдин “эгизин” Москванын метросунан табышты

Видео 20-октябрь 2019, 13:00 Кызгалдак Жакыпова

Украинанын президенти “Зеленскийдин эгизи” деп, социалдык тармактарда интернет колдонуучулардын кызуугусун жаратып жаткан Умидтин сүрөтү тарады. Аны Фейсбуктун колдонуучусу Димтрий Коваленко 16-августа, Москвонын  метросунан тартып алган сүрөтүн баракчасына киргизип, жанына “Чыныгы президент ушундай болуш керек. Жансакчысы, кортежи, жада калса велосипеди жок жүргөн”, - деп жазган. Ал сүрөт жарыялангандан эки ай өткөндөн кийин журналисттер Киевдин метросунда эмес, Москванын метросунда жүргөн Зеленскийдин “түгөйү” ...

0 785

ВИДЕО - Амир Аскаров менен Чолпон Талипбек ютубдан клип талашууда

Видео 20-октябрь 2019, 10:37 Бакыт Молдалиев

Мурда “Non Stop” дуэтинде ырдап келген белгилүү ырчы Чолпон Талипбекти кийинки күндөрү экөө чогуу ырдап, чогуу клипке тартылышкан өнөктөшү ырчы Амир Аскаров сотко берүүгө камынууда. Буга экөөнүн дуэт аткаруусундагы “Жүрөгүм эзилет” аттуу ырдын клибин ютуб каналына жайгаштыруу боюнча автордук укуктары себеп болууда. Себеби, буга чейин аталган клипти экөө тең ютубдагы өз каналдарына жүктөшкөн. Бирок, ушул жылдын 4-октябрында Чолпон Талипбек аталган каналдан Амир ...

0 219

ВИДЕО - Бишкекте аз жерден окуучуларды сүзүп кете жаздаган милиция жоопко тартылабы?

Видео 20-октябрь 2019, 09:04 Бакыт Молдалиев

Кечээ, 19-октябрда Бишкек шаарынын Токтогул жана Тимирязев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө адамдар өтүүчү жол сызыгынан 2 окуучу баланы патрулдук милициянын автоунаасы сүзүп кете жаздаган видеосу интернет айдыңында тараган. Ушул эле күнү видеодогу “башкы каарман” - Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкеринин өздүгү аныкталган жана ага жол эрежесин бузганы боюнча протокол толтурулуп, 3000 сом айып пул салынды. Мындан сырткары аталган кызматкерге карата ...

0 2601

ВИДЕО - Россияда алтын казуучу холдинг курган дамба жарылып, каза болгондордун саны өсүүдө

Видео 19-октябрь 2019, 16:42 Бакыт Молдалиев

Бүгүн, 19-октябрда Россиянын Красноярск аймагындагы Щетиникино айылында жайгашкан дамба жарылып, анда каза болгондордун саны 15ке жетти. Бул тууралуу баардык орус басылмалары жазышууда. Андагы маалыматтарга ылайык, жарылуу жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 6:00дөр чамасында болгон. Сайга дарыясына курулган дамбанын жарылып кетүүсүнөн улам каза болгондордун саны алгач 13 деп берилсе, акыркы сааттарга алардын саны 15ке жетти. Дагы 14 адам ар кандай жаракаттар менен ...

0 732

ВИДЕО - Назарбаев өткөргөн көкпар оюнунун “дүңгүрөгү” дүң болуп жатат

Видео 19-октябрь 2019, 14:49 Бакыт Молдалиев

Казакстандын маалымат каражаттары мурунку президент Нурсултан Назарбаевдин бир тууган иниси Болат Назарбаев Казакстандын түштүк аймагында кичүү уулунун туулган күнүнүн урматына ири көкпар оюнун өткөрүп бергени тууралуу жазышууда. Маалыматтар негизинен телефонго тартылган видеолор аркылуу youtube каналы менен таркап жатат. Бул тууралуу казак бийлигинин башкы оппозициячысы Мухтар Аблязов да билдирүү таратып, анда Назарбаевдин инисин эмнеге вертолет, атайын автоунаалар коштоп, трассалар жабылганы, ...

0 1032

ВИДЕО - Интернетте бир агабыз "иттей" сонун күлкүсү менен элге позитив тартуулап жатат

Видео 19-октябрь 2019, 13:52 Бакыт Молдалиев

Интернет айдыңында кайсы бир отуруш же кече тартылган видео тарады. Кечеде олтургандардын арасындагы бир адамдын элден башкача күлкүсү - бир гана андагыларды эмес, учурда интернетте олтургандардын баарын күлдүрүүгө аргасыз кылып жатат. Видео качан, кайсы жерде тартылганы белгисиз. Бирок, андагы сүйлөшүп жаткан сөздөрдүн диалектисине карасак, видео өлкөбүздүн түштүк аймагында тартылган. Булак: NazarNews.kg

0 315

ВИДЕО - Жалал-Абадда Сирияда согушуп келген жаран кармалды

Видео 19-октябрь 2019, 10:26 Бакыт Молдалиев

Сирияга барып согушка катышып, учурда Жалал-Абадда жашырынып жүргөн 25 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Андагы маалыматка ылайык, 18-октябрда Жалал-Абад ОИИБинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын жана УКМКнын Жалал-Абаддагы облустук башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөөнүн натыйжасында, Жалал-Абад шаарынын 1994-жылы туулган А.Д. аттуу тургуну кармалды. Ал 2014-жылы Түркия мамлекети аркылуу Сирия мамлекетиндеги ...

0 211

ВИДЕО - Чечилбеген чек ара көйгөйү. Бул тууралуу Чубак ажы Жалилов эмне дейт?

Видео 19-октябрь 2019, 10:07 Бакыт Молдалиев

"Чек ара маселесинде да баягы эле каныбызга сиңген “мен кыйынмын”, “сен кыйынсың” деп, ошону баарына далилдегенге жан талашмай. Чек аранын жанына барбай эле, ысык төшөктө аялынын койнунда жатып алып, анын берген кашасын жеп, анан интернеттен “андай кылыш керек, мындай кылыш керек” деп жазып коймой. Адамдарды уруштурганга усталар бар, этият бололу! Качан гана чек ара такталат, ошондо гана көйгөйлөр чечилет. Чек ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 331

ВИДЕО - Бир жумурткадан төрт балапан чыкты

Видео 19-октябрь 2019, 10:05 Алтын Булат

Тооктун жумурткасынан чыккандан кийинки жөжөлөрдүн көлөмү бир алаканга дагы толбойт. Бизге жеткен бул видеону көрүп кытайлардын көп кырдуу ойлоп тапкычтыгына дагы бир жолу таң берип, жакабызды карманып жатабыз. Буга чейин дагы кытайлар резинадан жумуртка, желимден күрүч жасап, тоок эттерин бир заматта чоңойтуп, деги койчу жер-жемиштерди олтурган жеринде эле окшоштуруп ийишкенин көргөн дүйнө эли азыркыга чейин эле “шок” болуп эле ...

0 820

ВИДЕО – Суу түтүгүнөн төрт метрлик кобра чыкты

Видео 18-октябрь 2019, 12:07 Алтын Булат

Кадрда көрүнүп тургандай, бир куткаруучу кобраны жылаңач колу менен эле суудан сууруп чыкты. Бирок беш адам жыландын башынан куйругуна чейин кармап турду. Таиланддын калкттуу аймактарынын биринен табылган бул уулуу жылан учурда атайын корукка кое берилгени айтылууда. Ал эми кобранын адамдар жашаган аймакта жүргөнүн куткаруучуларга жергиликтүүлөр билдиришкен. Белгилей кетсек, “Падышалык кобра” же “гамадрит” деп аталган бул уулуу жыландын жашоо узактыгы ...

0 917

ВИДЕО - Чет элдиктер таксистке 100 миң сом калтырып кетишти

Видео 18-октябрь 2019, 10:12 Алтын Булат

Унаанын ичинде миң сомдуктар жайылып жатат. Кадр артында комментарий кылып жаткан автордун айтымында, болжолу мында 100 миң сом бар. Видео кечээ, 17-октябрдын кечинен бери интернетти жарып жатат. Анда айтылгандай видеого тартып жаткан адам өзү таксист болуп иштейт. Аэропортко алып барган чет элдиктер машинанын салонуна бул акчаларды таштап кетишкен, “алар кайра учуп келип сурашса мен бербей кое алам да”, -дейт ...

0 473

ВИДЕО - Мурунку аялынын буйрутмасы менен ишкердин машинесине баңги зат таштаган эки милиция кармалды

Видео 18-октябрь 2019, 09:27 Бакыт Молдалиев

Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 17-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү таратты. Андагы маалыматка ылайык, окуя ушул жылдын башында, тагыраагы, февраль айында болгон. Ишкердин мурунку аялы анын бизнесин рейдерлик жол менен тартып алуу үчүн милициянын эки кызматкерине - Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын эки кызматкерине акча төлөп, анын машинесине баңги зат таштап каматуусун буйрутма берген. Милиция ...

0 536

ВИДЕО – Бишкектеги лимузиндер көрүстөнү. Кечээ эле байларды ташыган автоунаалар бүгүн селсаяктардын жайына айланды

Видео 17-октябрь 2019, 17:47 Бакыт Молдалиев

Кечээ жакында эле жалаң байларды, чет өлкөлүк ырчыларды жана үйлөнүп жаткан жаш жубайларды ташып, көптөрдүн арзуусу болуп келген “Лимузин” автоунаалары бүгүн модадан калып, Бишкекте өзүнчө “лимузиндер көрүстөнүн” пайда кылды. Бул тууралуу көз карандысыз журналист Владимир Цай соцтармактагы баракчасына видеосу менен биргеликте жарыялады. “Качандыр бир мезгилде байларды, жаңы үйлөнүп жатышкан жубайларды жана чет өлкөдөн келген ырчыларды ташып келген бул автоунаалар бүгүн селсаяктардын (бомж) ...

0 1046

ВИДЕО – Бири “Кудаймын!” деп кокуйлатса, эми мунусу “Президент болом!” деп оолугуп чыкты

Видео 17-октябрь 2019, 13:00 Бакыт Молдалиев

Арстан Алайдын чуусу Жогорку Кеңешке барып, андан ары “экспертизага” жөнөтүлүп турган чакта, бу жактан Кайрат Кыргыз деген “обу жоктонгон” ырчыбыз “Президент болуп калышым мүмкүн” деп чыкты. Бул тууралуу оюн ал "Барс Медиа"га берген маегинде билдирген.   

0 594

ВИДЕО - Өзбекстанда белгилүү ырчынын сахнада акчага көмүлүп-чачылып ырдаган көрүнүшү үчүн лицензиясынан айрыды

Видео 16-октябрь 2019, 10:15 Бакыт Молдалиев

Концерт берүүгө жана телеге чыгууга уруксат берчү "Өзбекконцерт" мамлекеттик мекемеси өзбектердин белгилүү ырчысы Жахонгир Атаджановду мындай укуктан ажыратты. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайты жарыялады. Жергиликтүү басылмалардын тараткан маалыматтарына ылайык, буга ырчынын тармактарга тарап кеткен анын кайсы бир жерде сахнага ырдап жатканда күйөрмандары аны ар тараптан акча менен “көмүп” жаткан көрүнүш себеп болгон. "Жахонгир Атаджанов Орозо айында мораль эмне экенин унутуп, улуттук ...

0 198

ВИДЕО - Жалал-Абадда бийиктиги 45 метр болгон флагштокко өлкөнүн желеги илинди

Видео 15-октябрь 2019, 18:42 Бакыт Молдалиев

Бүгүн, 15-октябрда Жалал-Абад шаарында, тагыраагы, Ош-Бишкек жолундагы айланма жолунун ортосуна бийиктиги 45 метр флагшток орнотулуп, ага өлкөбүздүн желеги илинди. Флагштоктун пайдубалына айтылуу акын Барпы Алыкуловдун, Курманжан Датканын, Абды Сүйөркуловдун жана Бекмамат Осмоновдун сүрөт-элеси түшүрүлгөн. Бул ишти ишкер Имамидин Ташов жасап, мамлекеттен бир тыйын кеткен жок. Мындай желек буга чейин Баткен, Ош, Ысык-Көл областтарына орнотулган болсо, кийинки жылы ...

0 258

ВИДЕО - Нерв жукартып, жин келтирген жолдогу жоруктар

Видео 14-октябрь 2019, 15:48 Алтын Булат

Бишкектин жолдорундагы бир көрүнүш. Ары-бери шашкан айдоочулар. Жолдун аркы бетинен бери карай араң баскан кемпир, жөө адамдар өтчү өтмөктөн өтүп келе жатат. Жанында колтуктаган жигит болбогондо тиги эл ташыган кичиавтобустар уруп эле кетмек окшойт. Бул тасма кайда, качан тартылганы белгисиз, эч комментарийи жок эле Телеграм-каналдардын бирине илинип калыптыр. Балким жолдогу кардардан көзү өткөн автобустардын айдоочулары чоң энени байкабай, байкаса ...

0 281

ВИДЕО - Чубак ажы Жалилов менен Нематулла ажы Жээнбеков “Даанышман” төш белгиси менен сыйланышты

Видео 14-октябрь 2019, 13:15 Бакыт Молдалиев

“Ак ниет – аманат” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан элге жасаган өз эмгектери менен кадыр-барк тапкан кыргыздын айтылуу дин аалымдары Чубак ажы Жалилов менен Нематулла ажы Жээнбековду “Даанышман” төш белгиси менен сыйлады.

0 1352

АУДИО - Надира Нарматова өкмөт башчы Абылгазиевге Кайрылуу кат жолдоду

Аудиофайл Видео 12-октябрь 2019, 20:54 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысы урматтуу Абылгазиев Мухаммедкалый Дүйшөкеевичке КАЙРЫЛУУ КАТ, деп өз пикирин социалдык тармак аркылуу Надира Нарматова жолдоду. УРМАТТУУ МУХАММЕДКАЛЫЙ ДҮЙШӨКЕЕВИЧ! Мен, төмөндө Баткен облусунда жайгашкан чек ара кызмат бөлүгүнүн чек ара кызматкери Муминов Равшанбектин кызмат үстүндө каза болуп, артында калган үй бүлөсүнүн бүгүнкү күндөгү оор абалы жөнүндө сизге кайрылууну туура көрдүм. Баткендеги окуя, чек арачынын өлүмү, үй ...

0 250

ВИДЕО - Тар жолду талашкан автобус

Видео 10-октябрь 2019, 14:57 Алтын Булат

Өзү ичке жол, анын дагы эки чети токтотулган унааларга толгон. Мына ушул жолдо шаардык автобус сыгылып келе жатканын көрүүгө болот бул тасмадан. Тасманы тартып, интернетке жарыялаган Бишкек шаарынын тургунунун жазганына караганда, жол көйгөйү Үсөнбаев менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинде болууда. Шаар бийлиги ушул маселеге көңүл бурушса жакшы болот эле. Минтип ансыз дагы тар жол жээгине туш келди токтоткон унаа ээлерине ...

0 243

ВИДЕО - “Учуучу танк” параддын сахнасын учуруп кетти

Видео 09-октябрь 2019, 17:34 Алтын Булат

Тасмада Индонезиядагы аскердик салтанаттуу жүрүш учуру. Күтүүсүздөн пайда болгон Ми-35П үлгүсүндөгү чабуул жасоочу тик учак жердин чаңын асманга сапырып баратканын көрүүгө болот. Жерге жакын учкан тик учактан пайда болгон күчтүү шамал убактылуу орнотулган темир конструкцияны талкалап, ал анын алдында турган адамдарды басып калган. Анткен менен андан жабыр тарткан жан болбогондугу дүйнөлүк булактардын жазгандарынан улам белгилүү болду. Эске сала кетсек, ...

0 514

Малдын ичеги-карындары сууга ыргытылып жатат

Видео 08-октябрь 2019, 16:19 Алтын Булат

Жайнаган малдын ич эттерин байма-бай сууга ыргытышууда. Бул тууралуу Аламүдүн районуна караштуу Маевка айылынын тургуну тартып алган видеодон белгилүү болду. Анда айтылгандай, видеодогу көрүнүш 7-октябрдан 8ине караган түнү болгон. Анда белгисиз адамдар аталган айылга жакын, Ала-Арча суусуна малдын ич эттерин ыргытып кетишкен. Ошондой эле мындай учур ар 7-10 күндө кайталанып жатканы айтылат. Булак: NazarNews.kg

0 1110

ВИДЕО – “МалаховГ.т!”. Россиядагы “колбаса королунун уулунун” өлүмүнө кыргызстандык намазкөй таксистти күнөөлөшүүдө

Видео 26-сентябрь 2019, 09:03 Кызгалдак Жакыпова

Ушул жылдын 24-сентябрында “Россия 1” телеканалында белгилүү теле алып баруучу Андрей Малахов андагы Александр Маругов аттуу орус жаранын жол кырсыгынан улам каза болгонун айтып, ага кыргызстандык катардагы намазкөй таксистти “сопляк, көп балалуу үй-бүлөдөн чыккан. Бул буйрутмалуу өлүм!”, деп күнөөлөп чыкты. Малаховдон бу кылыгына кыжырданган кыргыз коомчулугу #МалаховГ.т и #maLOHov хештеги менен анын Instagramдагы баракчасына нааразычылыгын жазышууда. Булак: NazarNews.kg

0 1902

ВИДЕО - "Колобок", "томолок", "орусча билбейт" делген спикер тууралуу журналист Эрнис Кыязов эмне дейт? 

Видео 26-сентябрь 2019, 09:03 Кызгалдак Жакыпова

"Болбосо, башка улуттарда бөтөн тилде кандай гана сүйлөөгө аракет кылышпасын, аны туура түшүнүшөт. Бир гана бизде - кыргыздарда кемсинтип сүйлөөгө машпыз". Мындай пикирин "5-каналдын" жетекчиси, айтылуу тележурналист Эрнис Кыязов айтылган өзүнө тийешелүү каналдан айтып чыкты.

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 176

Келемиштер да сууга түшкөндү жакшы көрөт. Чимкентте тартылган видео

Видео 24-сентябрь 2019, 17:32 Айдар Нуралиев

Казакстандын Чимкент шаарында келемиштердин Кошкарата дарыясына түшүп жатканы тартылган видео таркады. Маалыматтарга караганда, Чимкентте бул кемирүүчүлөр көбөйүп кеткен. Аларды жок кылуудан майнап чыкпай келе жатат. Булак: "NazarNews.kg"

0 475

ВИДЕО - Шаки не, анекдот айттыбы? Эмнеге элдер күлүшүп жатышат?

Видео 24-сентябрь 2019, 17:11 Кызгалдак Жакыпова

"Кыргызстан" саясий партиясынын 22-сентябрда өткөн съездинде анын негиздөөчүсү, "Аю" көп тармактуу холдингдин ээси, Улуттук олимпиада комитетинин жетекчиси Шаки же Шаршенбек Абдыкеримовдун анда сүйлөгөн сөзү интернет айдыңында кызуу талкууну жаратты. Анда алкомагнат баш-аягы, мааниси жок сөздөрдү сүйлөп, залдагылардын күлкүсүнө кабылганына, дегеле анын кыргыз саясатында сабатсыз экениндигине басым жасалууда.  

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83