www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саясат
0 2515

ФОТО - Өлтүрүлгөн Саймаити Фейсбукта көп кыргыз саясатчылары менен "достукта" болгонбу? Айрым ысымдар

17-ноябрь 2019, 17:52 Аман Аскаров

Стамбулда атылган жеке ишкер Айеркен Саймаити Кыргызстанда издөөдө жүргөндүгү тууралуу маалымат бардыгында эле бар. Ага карабай Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулу  Эркин Сопоков аны менен тыгыз мамиледе болуп келген экен. Аны социалдык тармактарда жарыяланган сүрөттөрдөн көрүп, билип бүттүк. Элестеттиңерби? Кыргызстандын чет өлкөдөгү расмий өкүлү издөөдө жүргөн адам менен тыгыз кызматташууда болгондугун. Анан калса айрым такталбаган маалыматтар ...

0 849

ФОТО - ВИДЕО - Консул Сопоковдун уулу, Зулпукаровдун консультанты Азамат убагында пара алып кармалган

Видео 17-ноябрь 2019, 15:19 Аман Аскаров

Стамбулда өлтүрүлгөн Айэркен Саймаитинин артынан Кыргызстанда далай кызыктуу фактылар ачыкка чыгып жатат. Интерполдун линиясы менен эл аралык издөөдө жүргөн Айэркен Саймаити Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Эркин Сопоковдун унаасы менен жүргөндүгүнөн коомчулук кабардар. Эркин Сопоков анын ишмердүүлүгүн атайын кызматтын өкүлдөрү текшерүүгө алып, Стамбулга бара жаткандыктарын угуп качып кетти. Эми дагы бир факт ачыкка чыгып жатат. ...

0 2070

Мелис Мырзакматов кайтып келди

17-ноябрь 2019, 13:07 Аман Аскаров

10-ноябрь күнү NazarNews.kg сайтында “Мотуевдин чымыр денесин тарткан Мырзакматов илбирс секиригине камданууда” – деп жазганбыз. Анда Мырзакматовдун кадыр-баркы Ошто дагы деле күч. Анын баркын 2015-жылкы парламенттик шайлоодо “Ата Мекен” партиясы жакшы эле пайдаланып, “үйлөнө” калып, Жогорку Кеңешке тыпыйып өтүп кеткен. Учурда парламентте эң аз сандагы фракция. Эгерде Мелис Мырзакматовдун “Улуттар Биримдиги” куу-мүнөз Текебаевге алданып калбаганда ...

0 471

ВИДЕО - Депутат Алтынбек Сулайманов менен Бек Борбиевдин дует ырынын кадыры жогорулап жатат

Видео 17-ноябрь 2019, 11:14 Аман Аскаров

“Адамдан амал качып кутулбайт” – дегендей айрым депутаттар шайлоо алдында элге жагынуу максатында кандай гана амал ойлоп табышпайт. Бириси социалдык тармактарда активдүүлүгүн көрсөтүп, байма-бай сүрөттөрүн жайгаштырып, “Google”дан уурдап аны кооз фразалар толуктап калышат, айрымы куудул болуп Күмөндөрдү туураса башкасы белгилүү ырчылар менен дует ырдай калышат. Алдыда кеп кыла турган инсаныбызга дагы чындыгында эргүү келгенби же шайлоого даярданыппы айтор белгилүү ырчы, Кыргыз ...

0 191

Учурда «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча салынып жаткан мектеп менен бала-бакчанын саны айтылды

16-ноябрь 2019, 17:13 Айдар Нуралиев

Учурда «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча 134 мектептин жана 26 бала бакчанын курулушу жүрүп жатат. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күнү жалпы билим берүүчү 2 265 мектепте 1 268 068 окуучу билим алат. Бул мектептердеги ашыкча жүкдү айтып турат. Мисалы, Бишкек шаарында 77 163 окуучуга ылайыкталган 96 мектеп бар. Бирок ички миграциялык агымдын себебинен иш-жүзүндө ...

0 324

Саймаитиге ок чыгарган төртүнчү адам кармалды

16-ноябрь 2019, 16:30 Аман Аскаров

Стамбулда өлтүрүлгөн Айэркен Саймаитинин өлүмүнө байланышкан дагы бир жагдай ачыкка чыкты. Буга чейин маалым болгондой анын өлүмүнө шектүү катары үч адам кармалган. Башында алардын экөөсү Кыргызстандын жараны деп божомолдонгон. Бирок, кийин ал маалымат мамлекеттик каттоо кызматы тарабынын четке кагылган. Эми бул кылмыш ишине тиешеси бар делип төртүнчү шектүү адам кармалып отурат. Бул тууралуу Haberler порталы маалымдайт. Кармалган адамдын ысымы Нормахамат ...

0 200

Айнуру Алтыбаева, ЖК депутаты: "Насвай сатууга таптакыр тыюу салынышы мүмкүн"

16-ноябрь 2019, 14:47 Айдар Нуралиев

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева насвай, тамеки тартууга бөгөт коюу боюнча мыйзам долбоорун сунуш кылып жатат. Ошол боюнча кеңири маек курдук, - деп жазып чыкты "Ачык саясат" гезити. - Айнуру айым, тамеки, насвай боюнча жаңы мыйзам долбоорун жазып, сунуштап жатасыздар. Ошол мыйзам боюнча элге жеткиликтүү кылып түшүндүрүп берсеңиз? - Биздин жаңы мыйзам долбоорубуздун негизги концепциясы - элибиздин ден ...

0 523

Жыргалбек Турускулов, ЖК депутаты: "Эл бизди парламенттен чыгып кеткиле, тарагыла" десе тарап кетишибиз керек"

16-ноябрь 2019, 14:24 Айдар Нуралиев

- Убагында шайлоо босогосун 9 пайыз көтөрүү маселесин колдогондордун көпчүлүгү бүгүн каршы добуш берип, шайлоо босогосун төмөндөтүү керектигин айтып жатышат го? - Бул коомдун талабы. Туура, убагында биз дагы шайлоо босогосун 9 пайызга көтөрүү маселесин колдогонбуз. Шайлоо жакындаган сайын кайчы пикирлер жаралып, шайтлоо босогосун төмөндөтүү маселеси көтөрүлүп жатат. Эл шайлоодогу чекти 9 пайыздан 3 пайызга түшүрүү керек дей ...

0 154

Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: “Биздин “Коопсуз шаар” долбоорунда кемчиликтер көп…”

16-ноябрь 2019, 14:16 Айдар Нуралиев

– Марлен мырза, Грузияга барып, үлгү алчу тажрыйбаларын үйрөнүп кайтыпсыз… – Грузия акыркы убакта баардык мамиледе алдыга озуп чыкты. Иш сапар менен ал жакка барып, бирдиктүү операциялык борбор жана кайгуул полициясынын кызматтык тейлөөсү менен таанышып келдим. Депутат кесиптештер менен жолугуштум. Мекенге кайткандан соң, айрым алган тажрыйбаларды колдонуп, биздин өкмөткө сунуштарды киргизип, Жогорку Кеңеште маселе көтөргөнү турам. Биз толугу менен ...

0 282

Тополоң каптаган Гонконгдон үч кыргызстандык студент чыгып кетти

16-ноябрь 2019, 13:57 Аман Аскаров

Гонконгдо билим алган үч кырыгызстандык студент шаардан чыгып кетти. Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги Пекин бийлиги жана Гуанчжоудогу КР Башкы консулдугу менен биргеликтеги аракети аркылуу Гонконгдогу кыргыз студенттерине колдоо көрсөтүүдө. Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги маалымдады. “Кыргызстандык студенттер элчилик менен дайыма байланышта. Кытай бийлигинин көмөгү менен студенттерибиз коопсуз аймакка жайгаштырылган. Сянганга КРнын Гуанчжоу шаарындагы Башкы консулу жөнөтүлгөн” –делет ТИМдин маалыматында. Андан сырткары, ...

0 354

Казакбаев коомчулукка коңгуроо какты

16-ноябрь 2019, 13:47 Айдар Нуралиев

ЖКнын "республика-атажуртчу" депутаты Руслан Казакбаев Кыргызстан бандиттик өлкөгө айланып баратканын жар салды, - деп жазып чыкты "Ачык саясат" гезити. Анын көз-карашында учурда ар бир кыргызстандыктын коопсуздугу коркунучта болуп калды. Акыркы айларда өлкөдө болуп жаткан кылмыштуу жагдайлар, жеке ишкерлерге кол салуу, өлтүрүү фактылары чынында коомго коркунуч жаратпай койбойт. Парламенттик республиканын бакандай болгон депутаты коомго, жарандардын коопсуздугуна коркунуч туулуп жатканы боюнча ...

0 111

Өкмөттүн көз ымдоосу, Примовдун примитивдүү сунушу...

16-ноябрь 2019, 12:39 Айдар Нуралиев

Кечээ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Жогорку Кеңештин алдына 2020-жылдын бюджетин алып келди. 2019-жылдагы бюджеттен кошумча алты миллиард сом мугалимдердин айлыгын көтөрүүгө жумшалып, келерки жылы да айрым бюджеттик мекемелердин айлыгын көтөрүү планда бар экенин эске алсак, кийинки жылга үч миллиард сом гана тартыштыкты жаратат дегени азыркы өкмөттүн жөө жомогуна жакын. Ырасында, бюджет азыр ит ыйлагыдай абалда, - деп жазып чыкты "Фабула" ...

0 152

Брежневдин айдоочулук күбөлүгү сатылды

16-ноябрь 2019, 11:50 Айдар Нуралиев

Леонид  Брежневдин  айдоочулук күбөлүгү 1 миллион 550 миң рублга сатылды. КПСС БКнын башкы катчысы Леонид Брежневдин айдоочулук күбөлүгү аукциондо сатылган. Бул тууралуу «Российская газета» жазып чыкты. Анын маалыматына караганда, аукционго Леонид Брежневдин айдоочулук күбөлүгүнөн тышкары эскертүүчү талону да сатыкка коюлган. Ал талонго мурун МАИ инспекторлору жол эрежесин  бузгандарга протокол түзүшчү.  Алганына канча жыл өтсө дагы Леонид Брежневдин күбөлүгү жапжаңы ...

0 198

Россиянын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев Президент Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады

16-ноябрь 2019, 11:25 Айдар Нуралиев

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады. «Сизди Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн  атымдан туулган күнүңүз менен куттуктайм. Достук, өнөктөштүк жана союздашдык принциптерине негизделген кыргыз-орус мамилелерин бекемдөөгө кошкон чоң салымыңызды өзгөчө белгилеп кетким келет. Барган сайын соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу өнүгүүдө, энергетика, өнөр-жай, инфраструктура, илим жана маданиятта биргелешкен долбоорлор ийгиликтүү ...

0 3306

Транспорт министрлигинде укмуштуудай коррупциянын бети ачылды. Министр "кыңк" этпейт го чиркин

16-ноябрь 2019, 11:24 Аман Аскаров

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (Финпол) транспорт жана жол министрлигинин чоң даражадагы кызматкерлерине байланышкан коррупция ишин тергеп жатат. Сөз 400 млн. сом тууралуу болууда. Транспорт министрлиги мурдатан эле өлкөдөгү коррупцияга белчесинен баткан эң чоң тармак экендигин бардыгы эле билет. Анын мурдагы министринин орун басары учурда курулуп жаткан түндүк-түштүк альтернативдик жолуна байланыштуу Италиялык компаниядан 500 миң АКШ долларын өндүрө ...

0 1648

Президент Жээнбековдун кызы “Любэнин” концертине барды

16-ноябрь 2019, 10:47 Айдар Нуралиев

Президент Жээнбековдун кызы Бактыгүл“Любэнин” концертине жолдошу менен барган. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын бири окурмандарынан келген сүрөткө таянып жазып чыкты. Маалыматка караганда, мамлекет башчынын кызы менен күйөө баласы башка көрүүчүлөр менен кошо киришип, өз орундарына отурган. Белгилей кетсек, президенттин кызы Жогорку Кеңештин депутаты Алярбек Абжалиевдин уулуна турмушка чыккан. Жээнбековдун күйөө баласы өкмөттүн аппаратынада иштейт. Булак: NazarNews.kg

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 157

Депутат Строкованын уюму социалдык фондго кокон тыйын которгон эмес

16-ноябрь 2019, 10:49 Аман Аскаров

Жогорку Кеңеште бир кездердеги Атамбаевдин жана КСДПнын “торпедасы” Евгения Строкова деген эл өкүлү бар. Ар дайым бир нерсеге капа болуп, “ыйлактап” жүрөт. Эсиңерде болсо, 2015-жылы парламенттик шайлоодо “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров шайлоочулары менен жолугушууда жүргөндө, сахнага чыгып алып ким концерт койду эле? Туура, дал өзү, Евгения Строкова “шефинин” буйрутмасы мененби же өз демилгеси мененби Адахан Мадумаров менен ...

0 277

Уран калдыктарын сактоочу жайларды реабилитациялоо үчүн Кыргызстанга 5,7 млн евро грант бөлүнөт

16-ноябрь 2019, 10:04 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Лондон шаарында өткөн Борбор Азия өлкөлөрү үчүн Экологиялык реабилитациялоо эсебинин донорлор ассамблеясынын IV жыйынына катышты. «Борбор Азиядагы уран калдыктарын сактоочу жайларды реабилитациялоо маселелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишиндеги маанилүү багыт болуп саналат. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына Донорлор ассамблеясынын жыйынында кабыл алынган Миң-Куш жана Шекафтар айылдарындагы мурдагы уран өндүрүшүндө рекультивациялоо боюнча эки долбоорду гранттык негизде каржылоого жалпы ...

0 149

ФОТО - Төрага Дастанбек Жумабеков Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Кайрат Нурпеисовду кабыл алды

15-ноябрь 2019, 18:00 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 15-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Казакстан Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Кайрат Нурпеисовду кабыл алды. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштардын учурдагы абалы талкууга алынып, парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу маселеси көтөрүлдү. Төрага Дастанбек Жумабек алгач Кайрат Нурпеисовду Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн ...

0 211

Куйругун түйгөн Алмаматовго өлкөлөр аралык издөө жарыяланды

15-ноябрь 2019, 16:41 Айдар Нуралиев

Ири өлчөмдөгү пара менен кармалып соттолгон Транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо боюнча Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Насирбек Алмаматовго КМШ аймагында мамлекеттер аралык издөө жарыяланды. Белгилей кетсек, ушул жылдын март айында Транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо боюнча Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Насирбек Алмаматов пара алып жаткан жеринен кармалган. Октябрь райондук соту аны 12,5 жылга ...

0 208

Жарык куну же эски заманга карай...

15-ноябрь 2019, 16:39 Айдар Нуралиев

Күз башында эле "Улуттук энерго холдингдин" төрагасы Айтмамат Назаров жарыкты үнөмдөп пайдалануу, Казакстандан электр энергияны импорттоо боюнча жыландын башын кылтыйткан, - деп жазып чыкты "Фабула" гезити бүгүнкү чыккан санында. Албетте, алгач "Энергохолдингге" төрага болуп бекигенде эле Айтмамат Назаров бул тармакта дилетант экени, арак сатып байып жүргөнү, олигархтардын жөөкөрү экени айтылып келген. Тилекке каршы, энерго системаны өркүндөтүп-өстүрүү боюнча эч нерсе дебей ...

0 297

Көргөн жоксуңарбы? УКМК 200 миң доллар жоготту

15-ноябрь 2019, 16:27 Айдар Нуралиев

Башкы прокуратуранын башкармалыктарынын биринин Улан Чалбаев деген жетекчиси коррупцияга айыпталып кармалган. Эсиңиздерден чыга элек болсо керек. Ал экс-депутат Карганбек Самаковдон соттун өкүмүн жумшартып чыгарып берем деп 200 миң доллар талап кылган. Ошентип ал 2018-жылдын апрель айында бул акчаны алып жатканда УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган. Кызыгы эми башталгандай, далил буюм катары сакталып турган Улан Чалбаев алды деген ошол 200 миң ...

0 280

Суракматов өз көмөчүнө күл тарта береби?

15-ноябрь 2019, 16:14 Айдар Нуралиев

Стратегиялык объект катары саналган Ак үйдүн батыш тарабында 5 кабат имарат салынып бүттү. Бул имарат Бишкек шаарынын мэри Азис Суракматовго таандык экени айтылып келет, - деп жазып чыкты "Фабула" гезити бүгүнкү чыккан санында. Кезинде имарат туура эмес жерге мыйзамсыз курулуп жаткандыктан Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, курулуш иши токтогон. Анан эле "май кармаган бармагын жалайт" болуп, Суракматов борбор калаанын ...

0 206

Кулматов көрсөтмө берүүдөн баш тартты

15-ноябрь 2019, 15:24 Айдар Нуралиев

Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматов сотто көрсөтмө берүүдөн баш тартты. Ал мындай кадамын судья кандай чечим чыгараары алдын ала эле белгилүү болуп калганы менен түшүндүрдү, - деп жазып чыкты "Фабула" гезити бүгүнкү чыккан санында. Буга чейин ушундай эле негиз менен мурдагы мэр Албек Ибраимов да көрсөтмө берген эмес. 4-ноябрдагы соттук жараянда Кулматов Кыргызстанда сот системасы кризисте экенин, бул тармакта башаламандык ...

0 213

Өкмөт парламентти алдап кетти

15-ноябрь 2019, 15:20 Айдар Нуралиев

Өкмөттө күзгү-кышкы сезонго даярдык боюнча өткөн жыйын учурунда маалымат берген өкмөт парламентти алдап кеткенин Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев маалымдады, - деп жазып чыкты "Фабула" гезити бүгүнкү чыккан санында. Бул туурасында: «Алар бардыгы жакшы, толук даярбыз деп туруп бир апта өтпөй, ал тургай кыш келе электе эле лимиттерди коюп, бардыгын көзөмөлдөөгө тапшырма берип коюшканы - бул чектөө. Алар парламентке келишкенде ...

0 194

Алмаматовду сыйпалап таппай калышты

15-ноябрь 2019, 15:16 Айдар Нуралиев

Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматов Жогорку сот чыгарган чечимге ылайык кайра абакка камалышы керек болчу. Тилекке каршы, укук коргоо органдары сыйпалап таппай калышты, - деп жазып чыкты "Фабула" гезити бүгүнкү чыккан санында. Учурда жоо кеткен соң кылычыңды ташка чап дегендей, издөө жарыяламыш болушуп алакан жайып отурушат. Шадиевди суу кечирип качырып жиберип ...

0 206

Кыргыз саясатчылары крокодилдерге караганда коркунучтуу

15-ноябрь 2019, 15:27 Айдар Нуралиев

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева Фейсбуктагы баракчасына пост жазды. Эмне деп жазды дебейсиздерби? Анын жазгандарына караганда крокодилдер кыргыз саясатчыларына караганда коркунучсуз болуп калат экен. Мына сага! Булак: NazarNews.kg

0 253

Бакировдун тумшугуна суу жеттиби?

15-ноябрь 2019, 14:09 Айдар Нуралиев

Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты, вице-спикер Мирлан Бакиров учурда алапайын таппай турган чагы. Көтөргөн маселелери да коомдо ар дайым сынга тушугуп, аброю да солгундап кетти. Вице-спикер болгондон кийин Асылбек Жээнбековдун этегин кармап, жылан чагып, жылкы теппей Төрөбаевге сыртын салып кетип, бүгүнкү күндө бармагын тиштеп турган чагы. Себеби ойлогон ою ордунан чыкпай, кайрадан Төрөбаевди шынаарлай баштады. Тумшугуна суу жетсе керек... Булак: ...

0 329

ФОТО - Доктурга кирүү үчүн эмчектеги балдары бар аялдар таңдан кечке сызда отурушу керекпи?

15-ноябрь 2019, 16:56 Аман Аскаров

Ооруканалар каралбай калды десек саламаттыкты сактоо министрлиги таарынат, сөздү асмандан алып, оюбузга келгенди жазып жаткандай. Фармакологияга эле көңүл бурулуп калды. Өлкөдө дары-дармектен көп неме жок. Сапаттуусу деле, сапатсызы деле жайнайт. Баасы асмандын башы. Анын себеби эмнеде? Себеби, саламаттыкты сактоо министринин фармакология тармагында бизнеси бар. Ал эми ооруканалар аны кызыктырбайт. Айрыкча жер-жерлердеги ооруган адамдарга бооруң ооруйт. ...

0 448

Мамлекеттик ипотекалык компания элди сыздатууда...

15-ноябрь 2019, 13:58 Айдар Нуралиев

Элмира Абжапарова деген кыйын чыкма «айымпааша» жетектеген Кыргыз өкмөтүнүн мүлк министрлигине караштуу Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) деген тармагыбыз бар. Негизги максаты үйү жок жүргөн жарандарыбызды турак жай менен камсыз кылуу. Бирок, кантип, кандай негизде, кандай план менен иштеп жатканын эч кимге белгисиз. Ал эми үй алуу максаты менен барган жаштарыбыз нааразычылыгын билдиришүүдө. Кененирээк айта турган болсок, үй алуу үчүн ...

0 398

Мавлянованын мээси жайындабы?

15-ноябрь 2019, 14:05 Айдар Нуралиев

Жогорку Кеңеште Кой-Таш окуясында каза болгон офицердин балдарына колдоо көрсөтүү маселеси көтөрүлүп, кызыктай сунуш айтылды. Кез-кези менен мээсине илине калган ойду айта койгону менен өзгөчөлөнгөн «Республика - Ата-Журт» фракциясынын депутаты Махабат Мавлянова "Маркумдун балдарынын турак жай маселесин чечүүдө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мүлкүн эске алуу зарыл" - дегенди айтып, Атамбаевдин мүлкүнүн эсебинен үй менен камсыз кылуу керек деген ойду каңкуулады.

0 273

Турсунбаев деген барбы?

15-ноябрь 2019, 13:39 Айдар Нуралиев

Бир кезде Бакиевдердин түкүрүгү жерге түшпөй турганда «Ак жол» партиясына кирип, Жогорку Кеңешке депутат болуп саясатка аттанган Азис Турсунбаев деген депутат бар. 2010-жылдагы революциядан кийин «Кыргызстан» партиясына кирип кайрадан депутат болду. Ушунча болуп элдин таламын талашып ооз ачкан учуру болгон жок. Турсунбаев деген депутат бар экенин Чаткал эли да унутуп калды. Унутканда кандай, барынан-жогу дегендей эле кеп. Анткени дал ...

15-ноябрь 2019, 13:39 | 273
Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 461

Атамбаев сепаратист эмеспи? Каптагаев аны сотко кантип алып келиш керектигин айтты

15-ноябрь 2019, 13:29 Аман Аскаров

Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланышкан кылмыш иши боюнча соттук отурум болмок. Анда негизги айыптардын бири мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге коюлган. Бирок ал соттук отурумга “барбайм, мунун бардыгы фарс” – деп калжаңдап жатат. Эми бул абалдан кантип чыгуу керек? Себеби, анын мындан аркы соттук отурумга келбеси дагы бышык, аны ...

0 194

Абылгазиев түшүнөн чочуганда

15-ноябрь 2019, 13:30 Айдар Нуралиев

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстанда жол салууда чет өлкөлүк компаниялар тендерди утуп, бирок жергиликтүү компанияларга тапшырып койгону коррупцияга айланганын айтып чыкты. Түшүнөн чочугандай эле болду. Бул маселе айтыла берип тамтыгы чыкты го? Өкмөт башчысы эми билип жатканы таң калтырат. Баарын билип туруп чара көрбөй, анан эл өкүлдөрү маселе көтөргөн учурда жаңы билдим дегендей куйка кашыган өлүмүштүктүн кандай кажети бар. Билмексен ...

15-ноябрь 2019, 13:30 | 194
0 370

Тынчтык Алтымышев: "Кыргыздарды кайдыгерлик кашайтууда. Жамшитбек Калиловго да кылмыш иши козголушу керек"

15-ноябрь 2019, 13:33 Айдар Нуралиев

Кыргызга кыянатчылык жасап, анча-мынча акча үчүн бюджеттен миллиондорду алдамчы түрктөрдүн сыртка чыгарып кетишине жардамчы болгон Нурбек Абдалиевдин көрсөтмөлөрү жана андан алынган "бир кузов" кагаздардан кийин мурдагы ТРАНСПОРТ МИНИСТРИ ЖАМШИТБЕК КАЛИЛОВго да иш козголушу керек. Шордуу элдин мойнуна каргыдай тагылчу 14 млн. доллардын "кулкунга сиңип" кетишине тиешеси бар, министрликтин жетекчилеринен ИБРдин консультанттарына чейин камакка алуу боюнча Баш прокуратура тез арада ...

0 239

Бакыт Төрөбаев Өмүркуловду жерге киргизди

15-ноябрь 2019, 13:35 Айдар Нуралиев

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев жыйында катуу күпүлдөдү. Ал Абылгазиевдин өкмөтүн отставкага кетүүсүн талап кылды. Ошондой эле, өкмөттү түзгөн коалицияга кайрылып, "Иса Шейшенкулович, бул сиздердин коалиция, адам өлтүрүүлөр көбөйдү, аймактарда, шахталардагы өлүмдөр, жасалма паспорттор чыгып жатат, бюджет толбой жатат, көмүрдүн баасы өсүүдө, электр энергиянын тарифин жогорулатуу боюнча сөз болуп жатат, жоопкерчилик кайда? Ошон үчүн коалиция чогулуп өкмөттү отставкага кетиргиле, же өзүңөр ...

0 152

Аскар Акаев Кыргызстандын карызынын жарымын төлөсүн...

15-ноябрь 2019, 13:01 Айдар Нуралиев

Урматтуу "Ордо" гезитинин редакциясы! Сиздердин гезиттин өткөн санында (08.11.2019-жыл, №32) президент А.Акаевдин 75 жылдыгына карата кыргыздын көрүнүктүү инсандарынын ой-пикирлери жарыяланыптыр. КРнын Баатыры Мамбет Мамакеев, СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаева, КРнын эл артисти Дарика Жалгасынова баш болгон дагы бир топ саясат жана илим чөйрөсүндөгү инсандарыбыздын гезитте айтылган ойлорун сыйлоо менен мен да өз оюмду билдирип коюуну туура көрдүм. Гезитте туңгуч президентибиздин ...

0 108

Түркия акысыз дарылануучу кыргызстандыктардын квотасын көбөйттү

15-ноябрь 2019, 12:48 Айдар Нуралиев

Түркияда акысыз дарылана турган кыргызстандык бейтаптардын жылдык квотасы дагы 50гө көбөйтүлдү. Бул тууралуу түрк өкмөтүнүн Resmi Gazete басылмасы билдирди. Маалыматка караганда, Түркия президенти Режеп Эрдоган 11-ноябрда Түркияда акысыз дарылана турган бейтаптардын квотасын дагы 50гө көбөйтүү тууралуу кошумча протоколго кол койгон. 50 бейтапты Түркиянын Бишкектеги элчилиги тандайт жана Түркия Саламаттык сактоо министрлиги бекитет. Бейтаптар транспорттук чыгымдарын өз каражатгарынын эсебинен төлөйт.

0 175

Билсе ачыкка чыгарсын да

15-ноябрь 2019, 12:47 Айдар Нуралиев

"Күйүүчү май аткезчилигине кимдердин тиешеси бар экенин билебиз" деген өкмөт башчы Абылгазиев, Кыргызстанга күн сайын бажы каттоосунан өтпөстөн 100 тоннадан ашык күйүүчү май алынып келинээрин парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Өкмөт башчы аткезчиликке бийлик өкүлдөрүнүн кимисинин тиешеси бар экенинин билерин да кошумчалады. "Импортту башкаруу маселеси көптөгөн жылдардан бери чечилбей келет. Биз эмнеден баштадык? Алгач күйүүчү майды автоунаалар менен алып ...

15-ноябрь 2019, 12:47 | 175
0 260

Өзгөчө чач жасалгалоонун ээси Атыргүл Сарыбаева КТРКнын байкоочу кеңешине тапталып жатабы?

15-ноябрь 2019, 15:35 Аман Аскаров

КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеев мындан эки-үч күн мурун өз каалоосу менен бул кызматтан кеткен. Ага ал коомдук каналды атына-затын жараштыра албай койгондугу менен түшүндүргөн. Демек, орун бош. Байкоочу кеңеште жалпысынан 15 мүчө бар. “Свято место пусто не бывает” – деп океңдер айткандай ал орун көпкө чейин сары майдай сакталып тура бербейт. Алардын 5 мүчөсүн президент, 5 мүчөсүн парламент, ...

0 108

Бийликтегилер "бийик" эмес, алар элдин "кулубу"?

15-ноябрь 2019, 12:43 Айдар Нуралиев

Кыргызстандын башкаруу системасындагы эң жаман адат - бул өзүнүн бийлигин "жараткандан берген ырыскы, кут түштү" дегендей түшүнүктө калыптантып, айланасына ач, "ат минбеген минип өлтүрөт" деген бир ууч топ топтолуп, эл ишенимин жеке керт баштарына пайдаланышканында турууда. Кызыкчылыктары, кызарган жерди кыйгап өтпөй жеп, талап, жонуп жок кылмай. Биз ошентип кантип өнүгөт элек? Бийликке келген ар бир президент, өкмөт, ЖК төрагасы ...

0 202

Мамбетжунус Абылов: "Атамбаевдин Кой-Таштагы колдоочулары, "Атамбаев бизди сатып, өзүнүн кара башын коргогонго өткөн турбайбы" деп катуу ызырынышыптыр"

15-ноябрь 2019, 12:26 Айдар Нуралиев

Мамбетжунус Абылов, коомдук ишмер: "Атамбаевдин Кой-Таштагы колдоочулары, "Атамбаев бизди сатып, өзүнүн кара башын коргогонго өткөн турбайбы" деп катуу ызырынышыптыр", деп "Жаңы Ордо" гезити менен маек курган. -Мамбетжунус агай. Атамбаевдин кечээги кайрылуусунда айткан сөздөрүн кандай кабыл алдыңыз? - Кайрылуусун окудум. Кой-Таштагы кандуу кагылышка бийликти айыптап, кармалган балдарды бошот, «өч алсаң менден өч ал» деп талап кылыптыр. Ошондуктан «Былгыткан кыз, жалааны ...

0 87

Алманбет Шыкмаматов: "Өкмөт башчы унчукпайт. Эмнеге эч ким жооп бербеши керек?..."

15-ноябрь 2019, 12:14 Айдар Нуралиев

ЖКнын "атамекенчи" депутаты, фракция башчысы Алманбет Шыкмаматов өлкөдөгү акыркы окуяларды эске салып, ичиндеги бугун чыгарды. Ал, "Мадина" базарында ишкерлик кылган бизнесмен өлтүрүлдү, аэропорттон кишинин сөөгү табылды, жакында стратегиялык ишкананын директору сабалды, 5 млрд сомдук салык жашырган Саймаити Түркиядан елтүрүлдү, ал эми шектүүлөрдө кыргыз паспорту бар экен. Саймаити айдаган автоунаа дипломаттык номур менен жүргөнү ачык болду. Эч нерсе көрбөгөндөй, укпагандай болуп ...

0 87

Атамбаев сотко дагы келбей койду

15-ноябрь 2019, 12:08 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 15-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум болмок. Бирок сот отуруму башталбай жатып 29-ноябрга жылдырылды. Буга мурунку президент Атамбаевдин соттук отурумга катышуудан баш тартканы жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановдун ооруп жатканы себеп болгон. Баса, соттук отурумга Атамбаевдин жан-жөкөрлөрү келишкен жок. Булак: NazarNews.kg

0 156

Рыскелди Момбеков: "Саймаитиге бири издөө жарыяласа, экинчиси аны машинесине жашырган"

15-ноябрь 2019, 12:06 Айдар Нуралиев

Рыскелди Момбеков, ЖК депутаты: Саймаитиге бири издөө жарыяласа, экинчиси аны машинесине жашырган, деп "Ачык саясат" гезитине маек курган. -Кызыл-Омполдо уран иштетүүнү баштап алган инвесторлор КР өкмөтүн сотко бергени турат, жоопкерчилик кимдин мойнунда? -Туура, 31-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө» мыйзам ...

0 200

Жеңиш Разаковго окшоп премьер Абылгазиев дагы тажиктин "тыңчысыбы?"

15-ноябрь 2019, 12:07 Аман Аскаров

13-ноябрда NazarNews.kg сайтында “Лейлектин контрабандисттери чек араны шылтоолоп шылуундук кылгысы келеби?” – деген макалабыз жарык көргөн. Анда Баткен облусунунун Катраң айылдык кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев тууралуу сөз болгон. Ал макала жарык көргөндөн кийин кеңсебизге Баткен облусунунун Катраң айылдык кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев өзү келип, аталган макалага жообун берип кеткен. Ал өз сөзүндө Баткендеги талаш аймактары тууралуу сөз кылып, Лейлек ...

0 166

Стамбулдагы мурдагы башкы консулу Сопоков мурда “шоопур” болуп иштеген....

15-ноябрь 2019, 11:03 Айдар Нуралиев

Кыргызстандын Стамбулдагы мурдагы башкы консулу, капысынан эле “сопу” боло калган Эркин Сопоковдун ишмердигин Тышкы иштер министрлиги, Башкы прокуратура жана УКМКнын өкүлдөрүнөн турган атайын жумушчу топ изилдегени Стамбулга сапар тартты. Белгилей кетсек, президенттин жарлыгына ылайык Эркин Сопоков кызматтан "тебилген". Ага себеп, Стамбулдагы консулдук кызматты аркалаган Сопоков уйгур улутундагы ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнөн кийин талкууга алынып, Саймаити өлтүрүлгөн кезде анын жанындагы «Рейнж ...

0 504

Чолпон Султанбекованы ким куугунтуктап жатат?

15-ноябрь 2019, 10:00 Айдар Нуралиев

Экс-вицепремьер-министр Чолпон Султанбекованын артынан бир жылдан бери куугунтук жүрүп жатканы белгилүү. Ага тиешелүү бизнестери текшерүүгө алынып, соода түйүндөрү таасирдүү адамдар тарабынан талашка түшүп жатканы боюнча маалымат алдык. Бакиев бийлигинин тушунда Баяман Эркинбаевге болгон куугунтуктун арты анын өлүмү менен аяктаган. Эми анын жубайы Чолпон Султанбековага карата жасалып жаткан чабуулдун арты эмне менен аяктаары белгисиз... Бул тууралуу "Ачык саясат" гезити жазып ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 297

Эркин Сопоков Түркиядан чыгып кеткени айтылууда

15-ноябрь 2019, 09:53 Айдар Нуралиев

Мындан улам, КРнын Тышкы иштер министрлигинин демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын​ Башкы прокуратурасынын, УКМК жана ТИМ өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык жумушчу тобу түзүлүп, Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн Стамбул шаарына барганы турушат. Эске салсак, жеке ишкер Айеркен Саймаити 10-ноябрда Стамбул шаарында өлтүрүлгөн. Саймаити өлтүрүлгөн жерде токтоп турган «Range Rover» үлгүсүндөгү жолтандабас Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоковго таандык экени ачыкка чыккан. ...

0 522

ФОТО - "Итбай-чотбайды" оюнга чогулткан Абылгазиев. Апас Жумагулов отурат "довольный" түр менен

15-ноябрь 2019, 12:08 Аман Аскаров

Кечээ, 14-ноябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо футбол боюнча Кыргызстан менен Япония курама командалары беттешти. Бирок, азыр кеп оюн тууралуу эмес. Оюндун коноктору тууралуу сөз кылалы деп турабыз. Бардыгыбыз күбө болгондой, оюнга премьер-министр өзү катышып, “12-оюнчу” болуп берди. Аны беттешке коштоп “итбай-чотбайдын” калың тобу барды. Бирок эң эле кызыктырган бир фигура отурду, убагында бардыгын кыйратып койгонсуп, “довольный” түр менен. Ал ким? Ал ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83