www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саясат
0 281

Эркингүл Иманкожоева, экс-депутат: "Атамбаев мындай билдирууну камала электе айтса болмок"

20-ноябрь 2019, 18:41 Айдар Нуралиев

- Атамбаевдин: "Мага каалаган мөөнөтүн беришсин, бирок башкалар бошотулсун" деген талабына көз карашыңыз? - деп суроо салган "Майдан.kg" гезити. - Атамбаевдин бул кайрылуусу кеч болуп калды. Мындай билдирүүнү камала электе айтышы керек эле. Тергөөдөн качпай, болгонун, болбогонун ошондо айтса болмок. Эми болбой калды, тарапташтары да жасаган иштерин айта баштады. Алар да мойнуна алды көп нерселерди. Булак: NazarNews.kg  

0 188

Алманбет Шыкмаматов, ЖК депутаты: "Атамбаев ал адатты унутушу керек"

20-ноябрь 2019, 18:37 Айдар Нуралиев

- Атамбаевдин: "Мага каалаган мөөнөтүн беришсин, бирок башкалар бошотулсун" деген талабына көз карашыңыз? - деп суроо салган "Майдан.kg" гезити. - Ал маселени сот мыйзамдын гана талабына ылайык чечиши керек. Президент Жээнбековдун да, экс-президент Атамбаевдин да сотко кийлигишүүсү мыйзамдуулукка карама-каршы келет. Атамбаев өзү сотторго жеке буйрук берип, каалагандай өкүм чыгартчу. Ал адатты унутуш керек, толук кандуу мамлекет курабыз десек. Булак: ...

0 153

Уран Рыскулов, укук коргоочу: "Арзан шоу"

20-ноябрь 2019, 18:34 Айдар Нуралиев

- Атамбаевдин: "Мага каалаган мөөнөтүн беришсин, бирок башкалар бошотулсун" деген талабына көз карашыңыз? - деп суроо салган "Майдан.kg" гезити. - Бул саясий шоу. Атамбаев өзү түзгөн системанын курмандыгы болду. Тарапташтарын коргомуш болуп, "мени кама" дегени арзан шоу болуп калды. Башкача айтканда, өзүн жакшы көрсөтүштүн жолу десек болот. Булак: NazarNews.kg    

0 135

Ыргалай Бекмуратова, "Мээр жазы" уюмунун башчысы: "Атамбаевдин кайрылуусу эске алынса, мыйзамды бузган болобуз"

20-ноябрь 2019, 18:27 Айдар Нуралиев

- Атамбаевдин: "Мага каалаган мөөнөтүн беришсин, бирок башкалар бошотулсун" деген талабына көз карашыңыз? - деп суроо салган "Майдан.kg" гезити. - Анын кайрылуусун эске алынса, мыйзамды бузган болобуз. Ким кылмыш кылса ошол адам мойну менен тартыш керек. Эгерде Атамбаевдин жалгыз күнөөнү мойнуна алып калгандарды бошотсо, баардык элдер эле кылмышты жасап алып бир байкушка шылтап кылмыштуулук күч алып, бей бечаралардын шору ...

0 162

Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер: "Атамбаев бир жыл мурда ушуну айтып чыкса, салмактуу угулмак"

20-ноябрь 2019, 18:24 Айдар Нуралиев

- Атамбаевдин: "Мага каалаган мөөнөтүн беришсин, бирок башкалар бошотулсун" деген талабына көз карашыңыз? - деп суроо салган "Майдан.kg" гезити. - Эске ала тургандай деле кайрылуу эмес го дейм, учурлаштыгы жок, маанисин жоготуп койгон да эбак эле мындай сөз. Бир жыл мурда айтып чыкса болмок, салмактуу угулмак.  Булак: NazarNews.kg  

0 331

Адил Турдукулов, жарандык активист: "Атамбаев активдүү саясатчы экенин көрсөттү"

20-ноябрь 2019, 18:07 Айдар Нуралиев

- Атамбаевдин: "Мага каалаган мөөнөтүн беришсин, бирок башкалар бошотулсун" деген талабына көз карашыңыз? - деп суроо салган "Майдан.kg" гезити. - Бул кайрылуусу менен Атамбаев саясаттан кетпегенин, камакта болсо дагы активдүү саясатчы экенин көрсөтүп жатат. Ошондой эле саясий күрөшкө даяр экенин да билгизет. "Мени камап, менден башкаларын чыгаргыла" дегени тарапташтарына "сынбагыла, мен дагы деле бийликке сес көрсөтөм, аягына чейин күрөшөм"- ...

0 108

Жалил Сапаров, журналист: “Президенттин жүргүзүп жаткан саясатына дегеле коошпойт - проформа»

20-ноябрь 2019, 18:12 Айдар Нуралиев

Ошентип, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги өлкөдөгү райондук гезиттерди биротоло жоюп, деги эле өкмөттүк гезит (кагаз) журналистикасынын өз алдынчалыгын алып салып, аны жергиликтүү телевидениенин алдында аракет кылуучу бир бөлүмүнө айландыруу аракетин көрүп жатат. Кыскасы, мурда өз алдынча чыгып келаткан областтык гезиттер эми өз алдынча юридикалык жак болбой эле областтык телердиокомпаниялардын бир бөлүмү болуп калышат. Дүйнөдө жок мындай ...

0 403

Жарым миллиард доллар пара алган Өзбекстандын мурунку башкы прокурорунун үйү аукционго коюлду

20-ноябрь 2019, 17:33 Айдар Нуралиев

Өзбекстандын мурунку башкы прокурору Рашид Кадыровдун  үйү аукционго коюлюп, анын алгачкы баасы 10 миллиард 7 миллион 940 миң сумду (1 млн доллардан ашуун) түздү.  Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты. Аукционго коюлган үй Ташкенттин Мирзо-Улугбек деген районунда орун алган. Ал мурунку башкы прокурордун жубайынын наамына катталган. Эске салсак, Рашид Кадыров Өзбекстандын Башкы прокуратурасын 15 жылдай жетектеген. Ал 2018-жылдын февраль ...

0 491

ВИДЕО - Белгилүү “прическанын” соодасы бүттү. Трамп кийме чачын чечти

Видео 20-ноябрь 2019, 17:17 Алтын Булат

Сапырылган сары чачтуу, өзгөчө стилдеги АКШ президентинин чачы кийме экенин билчү белеңиз. Телеграм-каналдардын биринде пайда болгон бул видеодо Дональд Трамп кайсы бир курулуш объектисинин жанында сүйлөп жатат. Ал аңгыча шамал анын чачын жулуп кетти. “NazarNews.kg” маалымат агенттиги бул видеонун изи менен кызыгып иликтеп чыгып, тасма абдан дыкат шөкөттөлгөнүнө күбө болду. Аны биринчи жана ...

0 133

Соттордун реформасы былжырак сөз! Министр Жунушалиев айткан «криминал көзөмөлдө» дегенди кандай түшүнөбүз?!

20-ноябрь 2019, 16:49 Айдар Нуралиев

Мезгил өткөн сайын мамлекетибиздеги абал начарлап жаткандай болот. Бул жерде биз абалды «арсар келер чак» кылып жымсалдап жаткандагыбыз, болбосо, түз качырып «абалыбыз начар» деп айтсак, анда деле калпы жок болор! Илгери өңдө эмес, түшкө кирбечү көрүнүштөр азыр кадыресе күндөлүк окуяларга айланып турат, - деп жазып чыкты "Багыт.kg" гезити.  Айталы, зордуктап туруп өлтүрүү, өз кызын зордуктоо, киши өлтүрүү, өлтүргөндө да ...

0 235

Мадумаровдун ишин УКМК текшерип жатат

20-ноябрь 2019, 16:48 Бакыт Молдалиев

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров 2009-жылы Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда Ош – Баткен - Исфана жолун оңдоого жана көпүрө курганга деп 275 метр узундуктагы 5 гектар жерди тажик тараптан 49 жылга ижарага алуу боюнча протоколго Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин ошол кездеги катчысы Амиркул Азимов экөө эки тараптуу келишимге кол койгон. Бул боюнча эки тараптуу протоколду Улуттук коопсуздук ...

0 410

Жакында москвич, жигули волга сатыкка чыга баштайт. Шору каткан шоркелдей...

20-ноябрь 2019, 16:37 Айдар Нуралиев

Евразиялык Экономикалык Биримдиктин өкүлдөрү  Кыргызстандын үчүнчү өлкөлөрдөн автоунааларды киргизүүдө бажы төлөмдөрүнө жеңилдик берүү боюнча суранычын канааттандырбай, четке каккан.  Ага ылайык, 2020-жылдын 1-январынан тартып, ЕАЭБдин курамынан тышкары өлкөлөрдөн кирген автоунаалардын бажы төлөмдөрү он бир эсеге кымбаттайт. Эске сала кетсек, КРнын Экономика министри бул маселе боюнча дагы 2-3 жылга жеңилдик берүү боюнча суранычын жолдоп, кечээ, 19-ноябрда Маскөөдө өтүүчү ЕАЭБдин комиссиясынын жыйынында ...

0 160

Чыныбай Турсунбеков Аспеков 11 миң доллар акча талап кылган дейт

20-ноябрь 2019, 16:11 Айдар Нуралиев

Депутат Чыныбай Турсунбеков активист Мелис Аспековдун үстүнөн УКМКга арыз жазды. Депутат активист андан 11 миң доллар талап кылган дейт. Анын УКМКга жазган бул арызы социалдык тармактарда тарап жатат. Арызда 2019-жылдын 4-июнунан 9-сентябрына чейин Аспеков Турсунбековду коркутуп, андан акча талап кылганы көрсөтүлгөн. Эске салсак, Башкы прокуратура Бишкектеги ликер-арак заводунун мыйзамсыз банкротко кептелиши боюнча мурун жабылып калган кылмыш ишин ...

0 247

ВИДЕО - Төрөбаевдин өзүнүн деле башы айланып калды. Бир Атамбаев, бир Жээнбеков

Видео 20-ноябрь 2019, 16:28 Аман Аскаров

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев тууралуу улам-улам китеп жаза берсе болот. Убагында коопсуздук кеңешинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кандай гана таттуу сөздөр менен “уктаткан” эсиңердеби? "Бизди бышырдыңыз, такшалттыңыз, сизди сыйлайбыз" - деп кеңештин катышуучуларынын көзүнө жаш алдырган. Эми ал жакында жергиликтүү ЖМКлардын бирине интервью берип, учурдагы президент тууралуу жылуу сөздөрү айтыптыр. Анда ал: “Эки ...

0 157

Карыпбековдун ичи күйүп жатабы? Ал КТРКны жабуу керек деп калыптыр

20-ноябрь 2019, 15:41 Алтын Булат

Бир кездери “медиа” тармагы боюнча сайрап жүрүп, атамбаевдик бийликке жагып КТРК деген “кара жашиктин” “жүгүн көтөргөн” тапан бар Илим Карыпбеков деген. Мына ошол учурунда чаң жугузбай келген тармагын эми “жабыш керек” деп калыптыр. Ал муну эки күн мурун, тагыраагы 18-ноябрда Твиттердеги баракчасына жазып чыгыптыр. Эми муну кандай түшүнсө болот?.. Албетте, кеткен катын мурдагы ...

0 151

Түрктөр Кыргызстандын жолун куруудагы коррупцияга жооп берүүдөн баш тартууда

20-ноябрь 2019, 15:29 Айдар Нуралиев

Билесиздерби, кыргызстандын жолун куруу боюнча тендерден утуп алган түрк фирмасынын башчысы Йылмаз Хун Эртугрул эл аралык издөөдө жүргөн киши болуп чыкты. Аны олуттуу алдамчы деп биздин өлкө дагы, кошуна Өзбекстан дагы айыптоодо. Бул киши   издөөдө экени коомчулукка белгилүү болгондон кийин, Кыргызстандын  жолун курууда миллондордун уурдалганы белгилүү болгонсуйт. Бул коррупциялык ызы-чууга биздин өлкөбүздүн Транспорт жана жол министрлигинин жетекчилиги да аралашкан.

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 2690

Айткулов: Сейфтен уурдалган акчаны УКМК кызматкери казиного уттуруп салган

20-ноябрь 2019, 15:13 Аман Аскаров

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын тергөө башкармалыгынын мурдагы кызматкери, юрист Икрамидин Айткулов vesti.kg сайтына маек куруп, УКМКдан 200 миң доллар жоголгондугу тууралуу маалыматты ведомство кылдаттык менен жашырып жаткандыгын айтыптыр. Себеби, андай чоң кылмыш үчүн УКМКнын бардык жетекчилери жоопкерчиликке тартылат – дейт ал. - Кылмыш иши боюнча сотто далил буюм катары 200 миң доллар көрсөтүлбөгөндүгү ал акчаны колдонуп ...

0 289

ФОТО - Лукашенконун "жүрөгүнүн ээси", 22 жаштагы кыз парламентке депутат болду

20-ноябрь 2019, 14:31 Аман Аскаров

Өткөн жекшембиде Белоруссияда парламенттик шайлоо өтпөдүбү. Мына ошол добуш берүү маалында “Батька” баягы белгилүү “на хрен нам такой союз?” – деген атактуу сөзүн айтып жатпайбы. Бирок, азыр кеп ал тууралуу эмес. Башкада. Мына ошол өткөн парламенттик шайлоодо 22 жаштагы "Мисс  Беларусь — 2018" конкурсунун жеңүүчүсү  Мария Васильевич парламентке депутат болуп шайланып отурат. Жаш кыз жалпы 11 583 адамдын колдоосуна ээ болгон. Эми ал ...

0 168

ЖКнын экс-депутаты шериктери менен бирге казак тарапка 120 миң доллар төлөп берди

20-ноябрь 2019, 14:19 Айдар Нуралиев

Казакстандын Алматы шаардык сотунда 6-ноябрь күнү трансулуттук  уюшкан кылмыш  тобунун мүчөлөрүнүн апелляциялык даттануусу боюнча соттук отурум болгон. Бул кылмыш иш боюнча Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Дамирбек Асылбек уулу, Е.Жапасов, У.Мурадилов, Ч.Абакиров, С.Саулембаев, М.Нурманов, М.Тыныбаев, Д.Коджамкулов, Н.Аульбеков, К.Байгелов, М.Казакпай айыпталган.  Алматы шаардык сотунун берген маалыматы боюнча, У.Мурадилов, Е.Жапасов жана алардын жактоочуларынын даттануусу жарым-жартылай канааттандырылды. Е.Жапасовдун аракети Казакстандын Кылмыш-жаза кодексиндеги 287-берененин ...

0 409

Бекболот Талгарбеков: "Кыргыз элинде экинчи Атамбаевдей адам туулбасын!"

20-ноябрь 2019, 18:05 Айдар Нуралиев

- Атамбаевдин: "Мага каалаган мөөнөтүн беришсин, бирок башкалар бошотулсун" деген талабына көз карашыңыз? - деп суроо салган "Майдан.kg" гезити. Бекболот Талгарбеков, экс-министр: "Алмазбек Атамбаев түрмөдөн сабак албаптыр" - УКМКнын СИЗОсунда күн өткөрүп жаткан мурдагы президент кеңири убакыттан пайдаланып, өткөн-кеткен окуяларды терең талдап, керектүү жыйынтыктарды чыгарат го деген үмүт бар эле. Бирок, тилекке каршы, Атамбаев эч өзгөрбөптүр. Кой-Таш кайгылуу ...

0 188

ВИДЕО - Текебаевдин кара жолтой парламенти

Видео 20-ноябрь 2019, 14:39 Аман Аскаров

Азыр парламентте “чалагайым”, каракчылар, уурулар, контрабандисттер, ишкерлер топтолуп алгандыгын баарыбыз көрүп дагы, угуп дагы бүттүк. Айтып, какшап атып тажадык. Бир маданияттуу, элдин камын ойлогон жан жок. Албетте, бир-экөө болсо керек. Бирок “один на поле не воин” деп коёт эмеспи океңдер. Ошондой эле болуп калды. Парламенттин ОПГга айлангандыгына ким күнөөлүү билесиңерби? Азыркы Конституциянын “атасы” атыккан, коррупцияга айыпталып жүргөн Текебаев күнөөлүү. И-и-и, дал ...

0 197

Шаирбек Маматокторов, медиа-эксперт: "Атамбаевден бийлик эмес, өзү дайындаган айыл өкмөтү да коркпой калган"

20-ноябрь 2019, 13:51 Айдар Нуралиев

- Атамбаевдин: "мага каалаган мөөнөтүн беришсин, бирок башкалар бошотулсун" деген талабына көз карашыңыз? - Атамбаевдин минтип айтканы - курулай эрдемсенгени гана катары түшүнсө болот. Ал, азыркы бийликке ультиматум койгонго моралдык укугу да, реалдуу мүмкүнчүлүгү да жок. Себеби, кимдир бирөөгө ультиматум койуу үчүн, бир нерсеге же факторго таянып туруп шарт койуу керек. Ал фактор кандай болушу мүмкүн? Биринчи, ири мамкызматтарда, ...

0 136

Муфтият коррупцияга каршы үгүт айтсын!

20-ноябрь 2019, 13:11 Айдар Нуралиев

Улам жарып чыккан жерин баса калып кескен менен тамырда каны менен кошо айланып жүрсө аны кесүүдөн пайда жок. Тескерисинче, өз денеңди өзүң кордоп зыян тартасың. Убактылуу басылган ооруга кубанабыз, үмүт кылабыз. Бирок эртеңи кандай жана кайсы жеринден жарып чыгарын билбейбиз. Ал үчүн кандын өзүн тазаласак жетиштүү. «Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат» деген кыргыздын сөзү бекеринен айтылбаган чыгаар. Бир ооруну ...

0 174

200 миң доллар пара алган прокурор 5 жылга эркинен ажыратылды

20-ноябрь 2019, 12:51 Айдар Нуралиев

Башкы прокуратуранын башкармалыгынын мурунку башчысы Улан Чалбаев 5 жылга эркинен ажыратылды. Белгилүү болгондой, Бишкектин Биринчи Май райондук соту мындай чечимди кечээ, 19-ноябрда чыгарган. Эске салсак, Улан Чалбаев Карганбек Самаковдун өкүмүн жумшартып берүү үчүн андан акча талап кылган. УКМКнын кызматкерлери 2018-жылдын апрель айында Башкы прокуратуранын башкармалыгынын мурунку башчысы Улан Чалбаевди 200 миң доллар пара алып жаткан учурда кармаган. Баса, дал ...

0 324

Атамбаев беттештирүүдөн жаны чыккыча коркуп жатат. Эмне үчүн?

20-ноябрь 2019, 12:50 Айдар Нуралиев

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук кароолор жүрүп жатат. Ал иш боюнча айыпталгандардын саны-19, алардын ар кимисинин күнөөсү канча экендигин сот аныктайт, бирок ал ишти уюштуруп, түздөн түз көрсөтмө берген мурдагы президент Алмазбек Атамбаев экендиги эч кимде шек туудурбайт, - деп жазып чыкты "Майдан.kg" гезити. Эгерде мамлекет башчысынан команда болбосо, өкмөт башчысынын ...

0 165

Өкмөт башчы Абылгазиев караштыргандан башка дагы эмне билет?

20-ноябрь 2019, 12:43 Алтын Булат

Сокулук районунун Асыл-Баш айылындагы 80 пайыз үйлөрдүн документи жоктугуна байланыштуу, азыр көпчүлүк жарандар балдарына паспорт ала албай жатат. Мына ушундай маселени бүгүн 20-ноябрдагы парламенттин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева көтөрдү. Болгондо дагы депутат айым, “жок Мухаммедкалый Дүйшекеевич, айтсаңыз, азыр телевизор көрүп жатышса, эмне кылуу керектигин билип алышсын”, - деп маселени кабыргасынан койду. Кызыгы жаш балача жер карап, “баардык жерде эле ...

0 1729

"Ишкер-депутат" Жумалиев аялын жетекчи кылып, өзүнүн ысымын мектепке ыйгарып салганда кайда элеңер?

Видео 20-ноябрь 2019, 15:08 Аман Аскаров

2015-жылы парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңешке жалаң чала бандит, каракчылар, бизнесмендер, мамлекеттик мүлктү талап-тоногондор өтүп кетип эми ал элдин шору болду. 2020-жылдагы парламенттик шайлоого дагы дал ушул кудайдан жөө качкан эргулдар же болбосо алардын ойноштору, тууган-туушкан, жакын санаалаштары ат майданга чыгат. Карап гана туралы. Азыр алардын бирөөсү тууралуу сөз кылалы деп турабыз. Кубанычбек Жумалиевди билесиңер. Акаев убагында мамлекетти тизе бүктүргөндөрдүн ...

0 196

Азиз Канатбек, эксперт: "Шайлоо босогосу 9%дык чекте калтырылышы керек..."

20-ноябрь 2019, 12:15 Айдар Нуралиев

Шайлоо алдында саясатчылар шайлоо босогосун 5%га, ал турмак 3%га чейин азайтуу боюнча талкууну башташты. Бирок мындай өзгөртүү мамбашкаруунун бардык системасына тобокелчилик жаратат. Эмнеге Жогорку Кеңешке шайлоонун 9 пайыздык босого чегин жок дегенде бир шайлоодо сынап көрүү керектигин саясий жана юридикалык илимдердин достору Азиз Канатбек айтып берди, - деп жазып чыкты "Майдан.kg" гезити. - Мен БШКнын мүчөсү болуп турганымда шайлоолорду ...

0 160

Ырысбек Өмүрзаков, журналист: "Кийинки чакырылышта деле баягы эле "калың бет", калың капчыктуулар келет..."

20-ноябрь 2019, 12:03 Айдар Нуралиев

- Агамбаевдин акыркы билдирүүсү ынанымдуу эле болдубу же саясий шоу болуп калдыбы? - "Мени канча жыл камасаңар да, менин тарапташтарымды бошоткула», - деген Атамбаевтин билдирүүсүн бийлик эске ала турган болсо, Атамбаевтин тарапташтарын бийлик өзү кыйла көбөйтөт. Тескерисинче, Атамбаевдин ушундай билдирүүсүн тараткан адамдарын камаш керек. Анткени, Атамбаев ансыз деле түрмөдөн эле тарапташтарын башкарып жатканын жашыра албайбыз. Андай билдирүүсү менен ...

0 100

Жергиликтүү кеңештин депутаты жогорку билимдүү болушу керекпи?

20-ноябрь 2019, 11:42 Алтын Булат

Айылдык депутаттардын билими парламенттеги бир катар эл өкүлдөрүн түйшөлткөн маселеге айланды. Тагыраагы, бүгүн, 20-ноябрдагы ЖКнын “Ар түрдүү маселелер” жыйынында эл өкүлдөрүнүн кароосуна келип түшкөн мыйзамдын ушундай чийки жактары каралууда. Мыйзам долбоору ушунчалык таасир калтырса керек, төрага Дастан Жумабеков сөз алып аталган маселеге кайрылды. “Биз анда мектеп директору, башкы дарыгерлерге мүмкүнчүлүк берели. Алар дагы жергиликтүү кеңештерге депутат болсун. Себеби дипломдору ...

0 150

Жеңиш Разаков Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жыйынына катышты

20-ноябрь 2019, 11:34 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин вице-премьер-министрлеринин жана ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисяндын катышуусунда Москва шаарында өткөн (Россия Федерациясы) Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.  ЕЭК Кеңешинин жыйынынын күн тартибине ички рыноктун иштөөсү, миграция, бажылык жөнгө салуу, техникалык жөндөө, баа түзүү, өнөр жай, соода тармагында жана өз ...

0 145

УКМК жоголгон 200 миң долларды кайра таап алдыбы?

20-ноябрь 2019, 11:39 Айдар Нуралиев

УКМКдан 200 миң АКШ доллар суммасындагы акча каражаты жоголгону туралуу Интернет тармактарында жана ЖМКларда жайылтылып, коомчулукта активдүү талкууланып жаткан маалыматка байланыштуу УКМК төмөнкүлөрдү маалымдайт. Башкы прокуратуранын башкармалыгынын башчысы Ч.У. пара алуу боюнча кылмыш ишинин тергөөсү аяктап сотко жөнөтүлдү. 2019-жылдын 19-ноябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан тергөө иштерине чогултулган материалдардын жана жогоруда айтылган далил катары алынган акча кажаттарынын ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 139

Жогорку Кеңеште жергиликтүү кеңештин төрагасына айлык төлөө сунушу айтылды

20-ноябрь 2019, 11:32 Алтын Булат

Бүгүн, 20-ноябрдагы парламенттин “Ар түрдүү маселелер” жыйынында эл өкүлдөрү жергиликтүү кеңешти шайлоо боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү биринчи окууда карашты. Бул мыйзам долбоору каралып жаткан депутат Тазабек Икрамов жергиликтүү кеңештин төрагасы менен анын катчысына айлык берүү сунушун киргизди. Депутаттын пикиринде, эгер айлык чегерилсе ал айыл өкмөтүндө жоопкерчилик болот. Буга демилгечи депутат Акылбек Жапаров каршы эмес экенин айтып, маселе буга чейин ...

0 345

Батька айтмакчы "на хрена такой союз?". Эми Россиядан жасалган "лохотронго" минесиңер

20-ноябрь 2019, 11:25 Аман Аскаров

ЕАЭБ мүчөлөрү Кыргызстандын үчүнчү өлкөлөрдөн автоунааларды киргизүүдө бажы төлөмдөрүнө жеңилдик берүү боюнча өтүнүчүн четке какты. Ага ылайык, эми 2020-жылдын 1-январынан тартып үчүнчү өлкөдөн киргизилген (ЕАЭБден сырткары) унааларга бажы төлөмү он эсеге кымбаттайт. Андыктан, Россия өзүнүн мүдөөсүнө жетип, эми өзүнүн аймагында өндүрүлгөн “лохотрондорду” Кыргызстандын рыногуна атаандаштыксыз киргизе алат. Кызыгы, андай тартип ЕАЭБ мүчөсү Арменияга тараган эмес. Армения өзүнүн талаптарын так жана убагында ...

0 290

АША кыргызга миң жылда бир келчи апаат – факты (же мурдагы президенттин билдирүүсү жөнүндө)

20-ноябрь 2019, 12:17 Айдар Нуралиев

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жакында УКМКнын убактылуу кармоочу жайында жаткан жеринен Кой-Таштагы хан сарайында 7-8-августта болгон окуялар жөнүндө билдирүү жасады. Ал саясатка аралашкандан бери адекваттуу эместиги менен айырмаланып келсе, тилекке каршы, аны аталган билдирүүсүндө дагы бир ирет ырастады. Алардын бардыгына ирети менен токтолобуз, бирок биз аны АШАнын бийликтен кеткенден берки иш аракеттерине, азыр СИЗОдо жаткан жоруктарына түп тамырынан карама ...

0 963

Чуулгандуу тасмадан кийин “жоголгон” депутат Алтынбек Сулайманов Америкадабы?

20-ноябрь 2019, 11:18 Айдар Нуралиев

Кытай жараны, уйгур тектүү Айеркен Саймаити жакында Түркияда атылып өлтүрүлдү. Анын ысымы алгачкы жолу “Азаттыктын” Кыргызстандан 700 миллион доллар чыгарылып кеткен изилдөөсүндө айтылган. Андан сырткары, ал “Алдамчылык” иши боюнча айыпкер катары өтүп, ага байланыштуу укук коргоо органдары ага издөө жарыялашкан. Алардын бири 2014-жылы Ош аэропортундагы ишкерлердин көп суммадагы акчасын карактоо иши. Эске салсак, ...

0 226

Элнура Кулуева "красапчик" министр Азамат Жаманкуловдун короосуна таш ыргытты

20-ноябрь 2019, 11:05 Айдар Нуралиев

Журналист Элнура Кулуева жаш, сулуу, тыкан маданият министри Азамат Жаманкуловдун короосуна таш ыргытты. "Азамат Капарович, Сиз Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри болсоңуз, аймактардагы маданият үйлөрүн кыдырып, маданият өкүлдөрү менен жолугушууңуз керек. Жаш министрлердин бирисиз. Иштейм деген күчүңүз бар. Маданият министринин имаратында эле айланып жүрө берген болбойт. Мен сиздин ордуңузда болсом 1 ай маданият кербенин уюштуруп, чоң концепция ...

0 202

Жалганчы согушкер генералдын баласы Чомоев Нурландын кызматтык секириги

20-ноябрь 2019, 10:44 Айдар Нуралиев

Чомоев Нурдин деген генерал бар. Бакиевдин учурунда Коргоо министринин орун басары болуп иштеген. Анын атагы Ооган согушуна катышпагандыгы ачыкталып, Ооган согушунун жалган ардагери экендиги атайын комиссиянын текшерүүсүнөн улам аныкталгандан кийин чыккан, - деп жазып чыкты "Багыт.kg" гезити бүгүнкү чыккан санында. Ал жалганчы ардагерге ошондон кийин кылмыш иши козголуп, 2010-жылдан 2018-жылга чейин ай сайын өкмөттөн 6 миң сомдон алып келген ...

0 120

Жээнбаеванын "жегени" унутулдубу? 4,5 миллион сом "аш" болуп кеттиби?!

20-ноябрь 2019, 10:56 Айдар Нуралиев

Каржы министри Бактыгүл Жээнбаеванын башына жакында кара булут каптап жатты эле. Ал тургай анын иш кабинетин укук коргоочулар тинтип, кылмышка шектүү деп эсептешкен кагаздарды алып кеткени айтылган, - деп жазып чыкты "Багыт.kg" гезити бүгүнкү чыккан санында. Каржы министрлиги Соттук өкүлчүлүк борборуна 1,5 млн. сомдун ордуна кошумча акча катары 6 млн. сом бөлгөнүн жана акча дарексиз пайдаланылганы айтылган. Ошол учурда ...

0 1360

Депутат Алтынбек Сулайманов жана “иргелген” иликтөөлөр... Сайматинин өлүмүнө Атамбаев шектүүбү?

20-ноябрь 2019, 10:43 Айдар Нуралиев

Кытай жараны, уйгур тектүү Айэркен Саймаити жакында Түркияда атылып өлтүрүлдү. Анын ысымы алгачкы жолу "Азаттыктын" Кыргызстандан 700 миллион доллар чыгарылып кеткен материалында айтылган. Андан сырткары, ал “Алдамчылык” иши боюнча айыпкер катары өтүп, ага байланыштуу укук коргоо органдары ага издөө жарыялашкан. Анын “Алдамчылык” ишинде канчалык ролу болгонун эми укук коргоо органдары негизги фигуранттын катышуусуз тергөө ...

0 138

УКМКдан жоголгон 200 миң долларга депутат Канат Исаевдин кандай тиешеси бар?

20-ноябрь 2019, 10:09 Айдар Нуралиев

УКМКнын тергөөчүсүнүн сейфинен 200 миң доллар уурдалганы белгилүү болду. Бул акча Башкы прокуратуранын башкармалыгынын жетекчиси Улан Чалбаев пара менен колго түшкөндө алынган акча экени айтылууда. Айрым маалымат каражаттары бул ишке депутат Канат Исаевдин күйөө баласы Бакай Ишенгулов шектелип жатканын жаза башташты. Ишенгулов акча уурдалганга чейин УКМКнын Бишкек шаары боюнча Башкы башкармалыгында иштегени дайын, - деп жазып чыкты "Майдан.kg" гезити бүгүнкү чыккан ...

0 179

Сонунбүбү Кадырова: "Жапаровдун Сооронбай Шариповичтен ырайым сураганы туура"

20-ноябрь 2019, 10:14 Айдар Нуралиев

Азыркы президентибиз Сооронбай Жээнбековдон саясий туткунга алынган Садыр Жапаровдун ырайым сураганын туура түшүнүү керек. Мындай пикирин КР жазуучулар союзунун мүчөсү, акын, тележурналист Сонунбүбү Кадырова билдирди.  Биринчиден, ал Жээнбековдун учурунда камалган жок. Мурдагы, адамды адам катары баалай албаган өзүмчүл, акыл-парасаты аз президенттин убагында күчкө салынып камалган. Элди эл дебей, баланы бала дебей чыркыратып террористти кармагандай кармап барып камаганынын өзү мыйзамсыздык. Эгер ...

0 93

Мамлекеттик ММКлар корпорацияга биригиши мүмкүн

20-ноябрь 2019, 09:54 Айдар Нуралиев

Кыргыз өкмөтү мамлекеттик ММКларды бириктирип, корпорация түзүү маселесин кароодо. Максат - бюджет чыгымдарын оптималдаштыруу. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште 2020-жылдагы бюджеттин долбоорун кароо учурунда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди. Мамлекеттик басылмалардын чыгымдарын азайтуу сунушу менен депутат Дастан Бекешов кайрылган, - деп жазып чыкты "Майдан.kg" гезити бүгүнкү чыккан санында. - Мамлекеттик массалык маалымат каражатарына жумшалчу чыгашаны кыскарталы десек, силер тескерисинче ушул жылда 40 ...

0 207

Гульмира Тыналиева, журналист: "Азаттык", Лукашенко айтмакчы “на хрена”​​​​​​​ силердин мааниси жок изилдөө"

20-ноябрь 2019, 10:14 Айдар Нуралиев

Орус тилдүү журналист Гульмира Тыналиева Айеркен Саймаити тууралуу "Азаттыктын" иликтөөсү боюнча үн катты. "Чындыгында, “Азаттыктын” ызы-чуу жараткан материалында эмне себептен Айеркен Саймаитинин 2014-жылы Ош аэропортунда орун алган карактоо ишине тиешеси бар болгондугу тууралуу бир дагы сөз козголгон эмес? Материалда көрсөтүлгөндөй, дал ушул Саймаити кытайлык бизнесмендерди 7 миллион долларга “отургузуп” кеткендиги тууралуу көрсөтүлгөн. Ал эми анын Ош шаарынын чайханаларынын биринде айрым ...

0 466

Таластык Апрель Баатырлары кайрадан "дүрбөлөңгө" түштү

20-ноябрь 2019, 08:57 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү М.М.Мураталиевге, “Таза коом үчүн” коомдук бирикмесинин төрагасы, Апрель элдик революциясынын Баатыры, Талас облусунун Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаты, Талас районунун ардактуу атуулу Р.Сарногоев Кайрылуу жазды.  Урматтуу Марат Молдонович! Биздин Сизге кайрылуубуздун себеби, өз калыс сөзүбүздү айтууну чечтик, бул кадр маселеге байланыштуу. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ...

0 308

ВИДЕО: Аткаминер журналисти "гей", "они твари последние" деди

Видео 19-ноябрь 2019, 20:09 Айдар Нуралиев

Ташкент шаарынын мэри Жахонгир Артыкхожаевдин журналисттерге айткан сөзү, ташкенттик кесиптештерди чуу көтөрдү. Учурда  бул тууралуу жазбаган жергиликтүү ММК калган жок. Жахонгир Артыкхожаевдин үн тасмасында журналистерге болгон нараазчылыгын ачык айткан. “Бир апта мурун менин заводум чыгарган азык-түлүктөрдү боктон алып кайра бокко салдыңар. Монополия "Artel" аталасы чыккан дейт. Бир аптадан кийин 10 миң доллар берип койсо, ошол чыгарылган продукцияны жарнамалык негизде ...

0 120

Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү коомдук угууга катышты

19-ноябрь 2019, 19:37 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 19-ноябрда Бишкекте «Замандаш» саясий партиясы уюштурган Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ишмердүүлүгү боюнча коомдук угуу өттү. Коомдук угууга Айыл чарба миистрлигинин өкүлдөрү катышты. Иш-чарага өлкөнүн ар кайсы аймагынан дыйкандар, фермерлер, айыл-чарба ассоциациялардын төрагалары, азык-түлүк продукцияларын экспорттоочу уюмдардын жетекчилери жана жеке ишкерлер келишти. Айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев Республика боюнча Айыл чарба ...

0 1922

АУДИО - Алтынбек Сулайманов кантип “кызга” айланды?

Аудиофайл Видео 19-ноябрь 2019, 18:38 Айдар Нуралиев

Учурда социалдык тармактарда Түркияда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин айланасындагы окуялар күтүүсүз багытка бурулуп, ЖКнын "Бир Бол" фракциясынын депутаты Дүйшөн Төрөкулов (Душка) менен маркум Айеркен Саймаити Ош шаарындагы чайканалардын бириндеги чогуу түшкөн сүрөтү талкуу жаратты.   Аны менен бирге эле Саймаити, Дүйшөн Төрөкулов жана Алтынбек Сулаймановдор Ош шаарында бир топ жылдар чогуу иштешкен деп жазылганы менен  "Азаттык" Саймаитинин бизнес ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 229

“Отко салса күйбөс” чиновниктердин сап башында Исаев турабы?

19-ноябрь 2019, 18:20 Айдар Нуралиев

Коом учурда эски саясатчылардан тажады. Ачык эле өздөрүнүн жеке пикирлерин түз айтып макала жазганы мындан, соц. желелерде тилдеп, “саясий система өзгөрсүн, жаңы жүздөр келсин” дегендери андан көп. Чындап, эски системадан баардыгы чарчап бүткөндөй. Буга азыркы саясий системанын элди эмес, жеке керт баштарын ойлогон, бизнесин коргогон бир ууч топтун эле кызыкчылыгы корголгон система курулуп калганы себеп болду окшойт. Айтор, ...

0 2425

Дүйшөн Төрөкулов, Саймаити, Сулайманов,... "Азаттыкка" Дүйшөн Төрөкулов эмнеге маек берген?

Видео 19-ноябрь 2019, 22:31 Айдар Нуралиев

Түркияда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин айланасындагы окуялар күтүүсүз багытка бурулууда. Bespredel.kg баракчасы жазып чыкты. Аталган баракчага ЖКнын "Бир Бол" фракциясынын депутаты Дүйшөн Төрөкулов (Душка) менен маркум Айеркен Саймаити Ош шаарындагы чайканалардын бириндеги чогуу түшкөн сүрөтү жарыяланды. Маалыматта Саймаити, Дүйшөн Төрөкулов жана Алтынбек Сулаймановдор Ош шаарында бир топ жылдар чогуу иштешкен деп жазылган. Ошондой эле "Азаттык" Саймаитинин бизнес өнөктөштөрү ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83