www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саясат
0 147

Премьер-министр мамлекеттик тилди канчалык билет?

19-октябрь 2019, 18:25 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн мүчөлөрү менен бирге «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесине барып, мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктаган тестирлөөдөн өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, өкмөт башчы С1 - жогорку деңгээли боюнча тест тапшырып, тестирлөөнүн бардык негизги критерийлери боюнча эң жогорку балл алган. Премьер-министр ошондой эле «Кыргызтест» мекемесинин иши жана кыргыз тилин үйрөнүүдөгү ыкмалардын ...

0 70

Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгы белгиленет

19-октябрь 2019, 18:07 Айдар Нуралиев

26-октябрда Баткен облусунда Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгы белгиленет. Мааракенин алкагында, А.Орозбеков тууралуу даректүү тасма даярдалып, илимий-практикалык конференция өткөрүү, театрлаштырылган сахнада оюн көрсөтүү, концерттик программа жана спорттук иш-чараларды өткөрүү пландалууда. Маалым болгондой, А.Орозбековдун 130 жылдык иш чарасын уюштуруу жана өткөрүү планына ылайык, облуста А.Жалилов атындагы көчөгө асфальт төшөлүп, А.Орозбеков атындагы музейдин тегереги көрктөндүрүлдү. Ага байланыштуу, Кадамжай шаарындагы А.Орозбеков атындагы көчөнүн ...

0 211

"Бизге америкалык армиянын кереги жок!” Ызы-чуу салган студенттерди кармап кетишти

19-октябрь 2019, 16:58 Алтын Булат

Тосмодон ашып киришкен түштүк кореялык студент-демонстранттар АКШ элчиси Гарри Харристи “бул жерден жогол” дешти. Айтылгандарга караганда окуя кечээ, 18-октябрда Сеулда катталган. Анда айтылгандай, элчинин резиденциясына каршылык акцияга чыккан студенттердин он тогузун Сеул полициясы кармап кеткен. Учурда студенттер укук коргоочуларга сурак берип жатышат. Белгилей кетсек, студенттердин нааразы болушуна ушул жылдын июнь айында АКШнын расмий бийлиги Түштүк Кореянын аймагындагы америкалык аскерлерди ...

0 81

Майкөл-сүткөлдөн арылбаган бактылуу "вирус" Салайдин Айдаровбу?

19-октябрь 2019, 16:16 Айдар Нуралиев

Салайдин Айдаров деген депутат бар экенин билесиңерби? Билбесеңер деле керек. Элден жаа бою качкан неме, кандай жолун таппасын Жогорку Кеңешке кирип алып отурат. "Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү Салайдин Айдаров 2015-жылы мандат алып келген. 4 жылдан бери төрт маселе көтөргөнгө жараган жок.  Депутат деген макамына маашырланып, күн өткөрүп, ЖКга кирип-чыкканына кубанып олтурат.  Кезинде бул эргул Бакиевдин акчаларын адалдап тургандардын бири деген ...

0 271

3 жылдан бери жүрбөгөн унаа үчүн бензин менен айдоочусуна 500 миң сом короткон

Видео 19-октябрь 2019, 15:52 Айдар Нуралиев

Чүй облусуна караштуу Панфилов районунун Орто айыл өкмөтүнүн жетекчилиги 2016-жылдан бери жүрбөгөн Нива унаасына 500 миң сомдой чыгаша кетиргени тууралуу видео Фейсбук баракчасына жарыяланды. Маалыматка караганда, бул унааны оңдоого жана күйүүчү майына жылына 170 миң сом кетет. Айыл өкмөт башчысы инисине шопур кылып айлык берет экен. Ал эми айыл өкмөттүн бюджети болгону 3 миллион сом экен. Булак: NazarNews.kg

0 318

Жээнбековду өзүнүн командасы жарга түртөбү?

19-октябрь 2019, 15:18 Айдар Нуралиев

Мына ушундай темадагы макаласын казактардын "Политазия" сайты жазып чыкты. Биз төмөндө ал макаланы айрым кыскартуулар менен бермекчибиз. Жээнбековдун президенттик мөөнөтүнүн экинчи жылы аяктап бараткан чакта көңүл жубатарлык эмес алгачкы жыйынтыктарды чыгарууга болот. Жээнбековдун командасы президенттин жемиштүү ишин республикалык деңгээлде камсыз кыла алган жок, учурдагы өлкө башчысынын ишинин оң жыйынтыктарын жарандарга байкалган жок. Мындай натыйжасыз иштин себеби эмнеде? 1. Алсыз кадрдык курам. Жээнбековдун айланасында ...

0 149

Коррупцияга каршы күрөштү соттор талкалап жатышат

19-октябрь 2019, 14:05 Айдар Нуралиев

УКМК кызматкерлери 2018-жылдын 2-ноябрында Мамлекеттик каттоо кызматынын автоунааларды жана айдоочулар курамын каттоо боюнча Бишкек шаардык бөлүмүнүн башчысы Насирбек Алмаматовду коррупциялык ишмердиги боюнча кармап, “Автоунааларды каттоо жана кайра каттоо иштеринде, айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык схема түзгөн” деп айып койгону жалпы журтка маалым. Ал көп убакыттан бери күнүнө 100 миң сомду пара катары алып келгени айтылган. Көп өтпөй,  2019-жылдын 25-мартында Октябрь ...

0 228

Назарбаев Лондондун көчөсүн шыпырат

19-октябрь 2019, 13:12 Алтын Булат

Нурсултан Назарбаевдин Британияда жашап жаткан небереси Айсултан Назарбаев шарттуу түрдө соттолду. Муну дүйнөлүк булактар чагылдырып жатышат. Маалыматтарга таянсак, эми ал өкүмгө ылайык Назарбаев 1300 доллардын тегерегиндеги айып пул төлөйт жана берилген 18 айлык сыноо мөөнөтүндө, Айсултан 140 саат коомдук жумуштарда иштейт. Ошондой эле маңзатка болгон көз карандылыктан арылыш үчүн атайын сабактарга барышы керек болот. Ушул жылдын июнь айларында Лондондогу ...

0 112

Аскар Акаев Кыргызстанга келүү үчүн алынын жетишинче кошоматтын камчысын чаап жатабы?

19-октябрь 2019, 13:25 Айдар Нуралиев

Кыргызстандын экономикасын тыптыйпыл кылып талкалап, айыл жана дыйкан чарбалардан тарта завод-фабрикалардын бирин калтырбай саттырып, өлкөнү сөөк өчтү душмандан бетер карандай сызга отургузуп качып кеткен Аскар Акаев жергиликтүү басылмалардын биринен жагымпоздук кылып  жаңшанып, бир топ кишиге кошоматтын коюн союптур. “Чү” деген жерден эле президентке жагалданып: “Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн өнүгүүсү үчүн бардык аракетин көрүп жатат” дептир. Дагы бир тобун мактаптыр. Андан ...

0 680

 Аскар Акаев: "Төңкөрүш болбогондо, күзүндө Кыргызстанды бир да доллар тышкы карызы жок өлкө катары кийинки президентке өткөрүп кетмекмин"

19-октябрь 2019, 11:18 Бакыт Молдалиев

Мындай пикирин Кыргызстандын алгачкы президенти Аскар Акаев "Азия news" басылмасына берген маегинде билдирди.  Анда ал эгемендүү Кыргызстандын алгачкы жылдарында сырттан канча акча карыз алгандыгы, канчасы кечирилгени, кандайча 2005-жылдын күзүндө Кыргызстанды тышкы карыздардан толук кутулта ала турган пландары болгону тууралуу кеп салат.  "Эгемен Кыргызстандын алгачкы 14 жылында (өтө оор мезгилде) чет жактан биз 1,8 млрд. доллар карыз алганбыз. Анын 550 млн. ...

0 157

Өзбекстанда сырттан келчү кымбат автоунааларга бажы төлөмү жоюлуп жатса, Кыргызстанда 11 эсе көбөйгөнү турат

19-октябрь 2019, 10:46 Бакыт Молдалиев

Өзбекстанда импорттогу бажы салыктары жана өлкөгө алып келинген товарларга салынуучу кошумча салыктарга өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда. Андагы маалыматтарга ылайык, 2020-жылдын 1-январынан баштап Өзбекстанга ташып келинүүчү кымбат автоунаалар, тагыраагы, заводдон чыкканына 2 жыл болгон, баасы 40 миң доллардан жогору жеңил автоунааларга 20 пайыздык бажы төлөмдөр жокко чыгарылат. Ал эми Кыргызстанда тескерисинче, 2020-жылдын 1-январынан тарта өлкөгө ...

0 44

Мейманкана, фитнес клуб, арка экономиканын көрсөткүчүбү?

19-октябрь 2019, 10:04 Кызгалдак Жакыпова

Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов, Маданият министри Азамат Жаманкулов, бизнесмен Бозулан Мамазаиров, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Кара-Суунун акими Тилек Матраимов жана бир катар Жогорку Кеңештин депутаттары Ошто 12-октябрда жаңы беш жылдыздуу “Jannat Resort Osh” отелинин ачылышына катышып, кызыл лента кесишти. Буга дейре екмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев 13-октябрда Бишкекте “Dasmia” фитнес клубунун ачылышында кызыл лента кессе, ал эми ...

0 131

"Коррупция менен күрөшөбүз!" деген ураанды айтууга мындан ары эч кимдин моралдык укугу жок

19-октябрь 2019, 10:06 Бакыт Молдалиев

Бул тууралуу мурунку Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев соцтармактагы өзүнүн баракчасына жазып чыкты. "Коррупция менен күрөшөбүз" - деген ураанды айтууга мындан ары эч кимдин моралдык укугу жок... күрөштүн жыйынтыгы ушундай болуп жаткандан кийин... Пара алып, анысы далилденип 12 жылга соттолгон кылмышкер бир жылда бошоп, эркиндикке чыгып жатса, эми президент Сооронбай Жээнбеков элге чыгып эмне деп айтат, билбейм... ...

0 138

Дастан Бекешов:"Мен эч качан Алмазбек Шаршеновичке жаман айткан жокмун"

19-октябрь 2019, 09:12 Кызгалдак Жакыпова

-Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова Батукаевдин иши боюнча экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берди. Бирок, Салянова буга чейин Атамбаев ага эч кандай көрсөтмө бербегенин айтып келген? Буга эмне себеп болду деп ойлойсуз? -Ооба, Аида Жеңишбековна Батукаевдин иши боюнча Атамбаевге каршы көрсөтмө берди. Эми, бул жерде Аида айым өзүнө ыңгайлап көрсөтмө берүүдө. Ал анын укугу. Тергөө иши жүрүп жатканда көрсөтмө ...

0 92

Атамбаевден "экс-президент" макамын алуунун мыйзамдуулугу каралат

19-октябрь 2019, 09:18 Бакыт Молдалиев

Жогорку соттун Конституциялык палатасы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден экс-президент деген макамды алуунун Баш мыйзамга ылайыктуулугун 23-октябрда карайт. Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) маалымат кызматы билдирди. Жогорку Кеңеш быйыл 27-июнда «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиги» жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизип, Алмазбек Атамбаевди экс-президент деген макамдан ажыраткан. Парламенттин мындай чечимин Атамбаев таануудан баш тартып, Конституциялык палатага кайрылган. Алмазбек Атамбаев Конституциялык палата ...

0 832

Кара дүйнөдө таасир талаш күч алды, Камчынын көзүн тазалашабы?

19-октябрь 2019, 10:13 Кызгалдак Жакыпова

Учурда  криминалдык чөйрөдө дагы ахыбал анчейин эмес болуп тургандай. Ош облусунун "смотрящийи" Кадыр Досонов, каймана аты "Женго" барган сайын кандайдыр бир таасирдүү саясий күчкө таянып алып, мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаевден таасир талашып жатканы ачык эле белгилүү болуп жатат. Кара дүйнөнүн өзүнө тиешелүү ички мыйзамдарына баш ийбей, өз алдынча ар кандай кыймыл-аракеттерди жүргүзүүдө. Тээ Бакиев бийлигинде криминалдар укук коргоо органдарын ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 179

“Кудайга” кылмыш иши козголду

19-октябрь 2019, 10:14 Бакыт Молдалиев

Бишкек милициясы тарабынан айтылуу “Зима не будет” - Арстан Алайдын "Кудаймын" деп айткан сөзү боюнча "расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар ортосундагы кастыкты козутуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын билдирди. Андагы маалыматтарга ылайык, бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Эскерте кетсек, буга чейин “Зима не будет” ...

0 305

(Уландысы) - Акаевдин калпы. Барымтадагылар тагдыры. Уурдалган миллиондор. Генералдын көз жашы...

19-октябрь 2019, 10:30 Бакыт Молдалиев

 (уландысы) “Чолпон Баекованын жардам катары берген “Волга” менен жансакчы Гармдан нары жарабай калды” ...Ошол жерден эжекебиз “Бизден кандай жардам керек? Моджахеддер биз менен (бийлик менен –ред.) сүйлөшпөй коюшту” деп айтып калды. Мен дароо эле “биринчи кезекте барымтадагыларды бошотуу керектигин, ал эми жардам катары бир машине, анан бир жансакчы бериңиз, анткени жолдо тигинисине да, мунусуна да баш ийбеген эки жинди талаа командирлери бар ...

0 194

Эки жыл эмне берди? Же Сооронбай Жээнбековдун президенттикке шайланышынын эки жылдыгына байланыштуу ойлор

18-октябрь 2019, 17:38 Айдар Нуралиев

Ушул жумада Сооронбай Жээнбековдун президент болуп шайланганына эки жыл толду. Алдыда дагы толук төрт жылдык убактысы бар. Демек, алдын ала ченелген, мыйзамда каралган өлчөлүү жолдун жарымы да али бүтө элек!.. Ошентсе да, айрым бир алдын ала чыгарылган жыйынтыктарды жасап, артта калган убакытка, баскан жолго кылчайып карап, азыноолак саресеп салуу ашыктык кылбас. Анан калса, байыркы, акылман кыргыз элибизде адеп алгачкы ...

0 118

Акча жесең деле, тергөөдө шакылдап турсаң камалбайсың

18-октябрь 2019, 17:21 Айдар Нуралиев

Кылмышка шектелип кармалган “Манас эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун Бишкек филиалынын директору Мирлан Бегалиев үй камагына чыгарылды. Тергөөдө башкаларга да көрсөтмө бергени аны СИЗОдо эмес, үйүндө жылуу-жумшак жатышына шарт түздү. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы ушул жылдын 30-сентябрында Мирлан Бегалиевди кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген болчу. Ал аталган мамлекеттик ишканадан 5 миллиондон ашуун долларды кымырып алган деген кылмышта ...

0 110

Махабат Мавлянова: "Жеке ишкерлерди колдошубуз керек"

18-октябрь 2019, 17:01 Айдар Нуралиев

ЖК депутаты Махабат Мавлянова: "Жеке ишкерлерди колдошубуз керек", -деп "Ачык саясат" гезитине маек курган.  - Акыркы кезде жеке ишкерлер мейманкана ачса деле, фитнес клуб ачса деле, ачылышына президентти, премьер-министрди, жок эле дегенде, депутаттарды, мэрлерди чакырып калышпадыбы. Буга эмне дейсиз? - Жеке ишкерлер маданий тармакка көңүл буруп, аны өнүктүрүүгө аз да болсо салым кошуп жатса, биз эмнеге колдобошубуз керек? Тескерисинче, ...

0 253

СҮРӨТ - ЖК депутаттары “оптом” алмашты

18-октябрь 2019, 18:05 Алтын Булат

Жогорку Кеңеште 2020-жылдын бюджети талкууланып жатат. Жыйындар залындагы көрүнүш адаттагыдай эмес. Парламент депутаттарын таблодогу аты-жөнүнөн гана таанып-билбесе, өңү-түстөрү, ал тургай айрымдарынын жынысы дагы таптакыр башка. Чындыгында эле булар башкалар. Тагыраагы, эл өкүлдөрүнүн ордуна өкмөт менен жарандык коомдун өкүлдөрү олтуруп алышкан. Алар деле кадимки депутаттардан кем калышпай, кызуу талаш-тартышта. Айтмакчы, булардын сөзүн уккан 2-3 эле депутат бар. Ал эми калган ...

0 225

Кадр кызматына кадр табылбай турат…

18-октябрь 2019, 16:17 Айдар Нуралиев

Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Акрам Мадумаров Өкмөттүн Баткен облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлү болуп кеткенден бери 6 айдын жүзү болду. Андан бери мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик кадр саясатын иштеп чыгып, жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу орган болуп эсептелген Мамлекеттик кадр кызматына жетекчи дайындала элек. Мааниси, функциясы олуттуу мекеме жарым жылдан бери жетекчиси жок иштеп келет. Буга тынчсызданган деле ...

0 209

Канат Исаев Чүйдү тарталбай калчудай

18-октябрь 2019, 15:50 Айдар Нуралиев

Экс-президент Алмазбек Атамбаевге таарынычы күч болуп жүргөндөрдүн бири ЖК депутаты Канат Исаевдин саясий салмагы Чүйдө анчейин болбой турат. Айрыкча Алмаз Атамбаев камакка алынгандан кийин таптакыр эле жердештери тарабынан колдоого алынбай калгандыгы байкалат. Эми парламенттик шайлоодо бийликтин партиясына татыктуу добуш алып бере алабы? Кеп ошондо жатат. Болбосо саясий аренадан кетип, жаштарга, билимдүүлөргө, жаңы, таза жүздөргө орун бериши керек, - дейт "Ачык ...

0 168

Улугбек Ормонов: "Ар кимдин өз абийирине коелу"

18-октябрь 2019, 15:48 Айдар Нуралиев

Улугбек Ормонов,ЖК депутаты, "Бир бол" фракциясы: "Өз абийирине коелу", деп "Ачык саясат" гезитине маек курган. - Кечээ жакында Аида Салянова Атамбаевге каршы көрсөтмө берди, бул жоопкерчиликтен качуу эмеспи? - Ар бир  адамдын өз абийирине коёлу. Кандай болгон күндө  да Аида Жеңишбековна акыйкаттык үчүн, калыстык үчүн болгонун болгондой айтып бергени оң. Менимче  Салянова саясий заказ аткара турчу айым эмес. Ал азыркы ...

0 329

Акыйкатчы Атамбаевге жолугуп чыкты, бирок эмне тууралуу сүйлөшкөндөрүн айтпайт. Институт качантан бери жашыруун болуп калган?

18-октябрь 2019, 15:38 Бакыт Молдалиев

Акыйкатчы Токон Мамытов институттагы өзүнүн тобу менен Улуттук коопсуздук кызматынын абагында жаткан мурунку президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, сүйлөшүп чыкты. Бул тууралуу ал өзү бир топ маалымат каражаттарына билдирүү жасады. Тилекке каршы, өлкөнүн башкы укук коргоочусу Атамбаев менен эмне тууралуу сүйлөшкөнүн сыр кылып айтпайт экен. Акыйкатчынын айтымында, баардык маалыматты ачыкка чыгарууга болбойт, кыскача гана “Атамбаев тарабынан ...

0 171

Азимкан Жусубалиев эмне үчүн адилетсиз оор статьялар менен соттолуш керек?

18-октябрь 2019, 15:32 Айдар Нуралиев

     Кыргыз Республикасынын  Президенти С. Ш. Жээнбековго   КАЙРЫЛУУ Биз, коомчулуктун төмөндөгү өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын мурдагы транспорт жана жол министринин орун басары Жусубалиев Азимкандын УКМК тарабынан коррупцияга шектелип камалганына он айдан өтүп, анын тергөө иштери аяктагандан кийин, ал иштин биринчи инстанциясы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда каралганынан кабарыбыз бар. Ошентип тергөөнүн версиясы боюнча, Азимкан италиялык “Тодини Конаруциони ...

0 139

Сооронбай Жээбеков: “Кудай буюрса, Токтогул ГЭСинин иштөө мөөнөтү 35-40 жылга узарат”

18-октябрь 2019, 14:26 Бакыт Молдалиев

«Токтогул ГЭСин реконструкциялоонун үч фазасы тең аяктаганда, ГЭСтин иштөө мөөнөтү 35-40 жылга узарат» Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоору боюнча иштер менен таанышуу учурунда сүйлөгөн сөзүндө айтты. Мамлекет башчынын айтымында, электр энергиясын иштеп чыгуунун көлөмү 20 пайызга көбөйсө, жалпы экономиканын өсүшү 1,5 пайызга жогорулайт. Ошондуктан энергетика тармагы - өлкөнүн өнүгүүсү ...

0 416

Текебаев дагы деле нааразы...

18-октябрь 2019, 13:55 Айдар Нуралиев

"Ата Мекен" партиясынын лидери  Өмүрбек Текебаев дагы деле нааразы. Текебаев менен Чотонов орусиялык жаран Маевскийден пара алган деген айыптоого  байланыштуу кылмыш иши Биринчи Май райондук сотунда кайрадан каралып баштаган. Кечээ дагы бир соттук териштирүү болуп өттү. Бирок, Текебаев сотторго дагы деле нааразы экенин билдирди. Алар алып келген күбөлөрдүн көрсөтмө берүүсүнө ишти караган судья Айнура Сатарова тоскоолдук кылып, анын айткандарын укпай, ...

18-октябрь 2019, 13:55 | 416
0 207

“Таштанды челекке ташташ керек.” Паракор чиновниктерди сиз кантип жазаламаксыз?

18-октябрь 2019, 13:07 Алтын Булат

Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын кайсы бир чиновникти колунан жетелеп келе жатат, аңгыча жер ачылып тиги чиновник ал жакка түшүп кетти. Видеого тартып жаткан оператор эмне болгону түшүнбөй таң калып карап калды. Мына ушундай кыска кыймылдуу сүрөт интернетте пайда болду. Албетте бул шөкөттөлгөн. Бирок, ал социалдык түйүндөрдө олтурган кыргыз коомчулугуна жагып жаткан учуру. Жарандардын жазгандарына караганда мындай механизм, ...

0 161

Бири Атамбаевден куугунтук көрдүм деп качса, экинчиси Атамбаевди колдойм деп качып кетти

18-октябрь 2019, 15:08 Айдар Нуралиев

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин мүчөсү, журналист Мирбек Айтикеев үй-бүлөсү менен Швецияда экенин Азаттык жеке булактарына таянуу менен жазып чыкты. Бирок, анын качан жана кандай жол менен өлкөдөн чыгып кеткени белгисиз. Ал 7-8-августта Кой-Таштагы окуялардан кийин Мирбек Айтикеевдин кармалганы айтылып, бирок ички иштер министрлиги бул маалыматты төгүндөгөн. Кийин журналист турган жери белгисиз болуп, анын ...

0 399

Экс-депутат Лунара Мамытова Жогорку Кеңештеги айрым “шабашка” болчу жагдайды ачыктады

18-октябрь 2019, 12:47 Бакыт Молдалиев

Чындыгында Жогорку Кеңеште элдин кызыкчылыгы үчүн иштейм деп келген депутаттар бар, бирок өтө аз. Өз кызыкчылыктары үчүн иштеген депутаттар да бар. Бул тууралуу мурунку депутат Лунара Мамытова азыркы депутат Тазабек Икрамовдун “Азаттыкка” берген маегинде “депутаттар - өлкөнүн патриоттору” деген билдирүүсүнөн улам “Vesti.kg”нин суроосуна жооп берип жатып билдирди. - Мен Тазабек Икрамович менен таанышмын, ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 100

5 миллион долларды сугунган Мирлан Бегалиев камактан чыгып кеттиби?

18-октябрь 2019, 11:09 Кызгалдак Жакыпова

1-октябрь күнү Каржы полициясы «Манас» аэропортундагы беш жыл мурдагы мыйзамсыз иштер аныкталганын жар салып, 2014-жылы аэропорттун жетекчилиги жеке кызыкчылык менен 5 миллион долларды оффшордук компаниялар аркылуу чыгарып кеткенин билдирген. Мыйзамсыз ишке барыш үчүн компаниянын ошол кездеги жетекчилиги банкротко учураган ишкананын акцияларынын 100 пайызын сатып алуу боюнча келишимге кол койгонун да кошо айтышкан. Ага улай, 30-сентябрь күнү дароо аталган иштин алкагында 2014-жылы ...

0 111

Сооронбай Жээнбеков калкты таза суу менен камсыздоо анын жеке көзөмөлүндө экендигин айтты

18-октябрь 2019, 10:06 Бакыт Молдалиев

Президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад областына болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Токтогул районунун Кара-Тектир айылын таза ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты. Мамлекет башчысына маалымдалгандай, долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө жаңы суу түтүгүн орнотуу, айылдын колдонуудагы суу менен камсыздоо түйүндөрүн толугу менен алмаштыруу каралган. Курулуш иштери АРИС линиясы боюнча айылдарды ...

0 124

Равшан Жээнбеков: «9 пайыздык чек - бул адилетсиз жана коркунучтуу"

18-октябрь 2019, 10:44 Кызгалдак Жакыпова

- Кыргызстандагы шайлоо процессинин босогосу боюнча коомчулукка кайрылып,  ачуу пикир айттыңыз. Бул чектин кандай терс таасири бар? - Бүгүнкү күндөгү 9%дык чек - бул адилетсиз жана коркунучтуу болуп эсептелет. Эмне үчүн адилетсиз? Анткени парламент мамлекеттеги ар кандай социалдык катмарлардын, ар кандай идеологиялык көз караштын мүмкүнчүлүгү болуп эсептелет. Ал эми бүгүнкү күндөгү 9% чек менен парламентке жөнөкөй адамдар, колунда жок адамдар, ...

0 292

Аскар Акаев: “Жакын адамдардын саткынчылыгы жанды кейитет”

18-октябрь 2019, 09:54 Бакыт Молдалиев

 “Ошондой эле сени оор мезгилде сатып кетпеген тарапташтарыңды мезгил өткөн сайын өтө баалап каласың”. Мындай пикирин учурда Москвада жашап-иштеп жүргөн Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев "Азия news" гезитине берген маегинде билдирди. “Саткынчылык - жашоо сыяктуу эле түбөлүктүү. Саткынчылык баардык элде кезигет, кыргыздарда деле бар. Бирок, ар дайым жакын адамдардын саткынчылыгы жанды кейитет. Ал менин башымдан да өттү. Бирок, тилекке жараша, мен жаратылышыман ...

0 253

Дубайдын мураскор ханзаадасы Өзбекстанда аңчылык кылып жүрөт

Видео 18-октябрь 2019, 09:45 Айдар Нуралиев

Дубайдын мураскор ханзаадасы шейх Хамдан ибн Мохаммед Аль Мактум Өзбекстанга келип, куш салып аңчылык кылып жүрөт. Өзбектер сыйлуу коногуна Навои облусунда аңчылык тур уюштуруп беришкен. Бул тууралуу ханзаада өзүнүн Твиттердеги баракчасына жазган. Новои облусунда тоодактарды көбөйтүү жана сактоо боюнча борбор бар. Борбор 2008-жылы Дубайдын эмири Мохаммед ибн Рашид Аль Мактумдун демилгеси менен ачылган. Бул убакыт ичинде борбордун кызматкерлери 10 ...

0 226

Абылгазиевдин шайлоосу элди "шок" кылды

18-октябрь 2019, 09:52 Кызгалдак Жакыпова

Келээрки, 2020-жылдагы парламенттик шайлоо "эң кымбат" шайлоо болот. Бул тууралуу өкмөт башчы өз оозу менен айтты. Капчыгы калың соодагерлер менен олигархтардын бийликке келишине эми кыргызстандыктар мурдагыга салыштырмалуу 5 эсе кымбат төлөшөт. Тактап айтканда, 2020-жылы өтө турган өлкөнүн парламенттик шайлоосуна Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинен 1 миллиард 200 миллион сом корото турган болушту (Азыркы парламент "олигархтар парламенти" деп сынга алынып келген. Ал эми ...

0 204

Аскар Акаев: “Өмүрбек Текебаев - Кыргызстандагы эң тажрыйбалуу депутат”

18-октябрь 2019, 09:53 Бакыт Молдалиев

"Эми анын, ошондой эле Садыр Жапаровдун акталып чыгышына жол ачылды". Мындай пикирин Кыргызстандын алгачкы президенти Аскар Акаев "Азия news" гезитине берген маегинде билдирди. «Өмүрбек Текебаев Кыргызстандагы эң тажрыйбалуу депутат» десем жаңылбасам керек. Өлкө парламентинин ишинде ал дайыма өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп келген жана мыйзам чыгарууда олуттуу салым кошо алды. Акыркы жылдары саясый куугунттукка да туш болду. Эми анын, ошондой эле Садыр Жапаровдун акталып ...

0 193

Исхак Масалиев: "Журт атасы" деген кызмат орду эмес

18-октябрь 2019, 09:22 Кызгалдак Жакыпова

- Исхак Абсаматович, мэрди шаардык кеңештин депутаттары эмес, түз шайлоо сунушу көтөрүлүп жатат. Буга кандай карайсыз? - Бул маселеде менин пикирим башкачараак. Ачык эле айтайын, бизде улуттук маселе деген түшүнүк бар. Айрыкча түштүктө. Эртең шайлоо болгондо, улуттар арасында кандайдыр бир талаш болуп кетиши мүмкүн. Ошого жеткирбеш үчүн азыркы жол - мэрди депутаттар шайлаганы туура. Ал эми түз шайлоо системасын киргизе турган ...

0 121

Тынчтыкбек Конушбаев: "Айып пул менен чектелбей, браконьерлерди кылмыш жоопкерчилигине тартыш керек"

18-октябрь 2019, 09:19 Кызгалдак Жакыпова

- Тынчтыкбек Кадырбекович, комитетте Ысык-Көлдү коргоо боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатканда, сиз браконьерлик боюнча маселе көтөрдүңүз. Бул маселе бүгүнкү күндө канчалык актуалдуу? - Браконьерлик чындыгында чоң көйгөйгө айланды. Тоодогу эчки-текелерди, аркарларды, көлдөгү балыктарды аёосуз кырып жатышат. Аларга катуу чараларды көрүү керек, ансыз булар токтобойт. Айып пулун төлөп эле кете беришет экен. - Бирок, азыр деле аларга карата өтө катуу чаралар каралган да. Мисалы, ...

0 228

Аскар Акаев: "Аксы трагедиясы - бул менин өкүнүчүм, кайгым"

18-октябрь 2019, 09:21 Бакыт Молдалиев

Мындай пикирин Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев "Азия news" гезитине берген маегинде билдирди. "Аксы окуясы үчүн өлкө президенти катары менде моралдык жоопкерчилик бар экенин ачык айтып келгем. Аксы трагедиясы - бул менин өкүнүчүм, кайгым. Эгерде укук коргоо органдарынын, жергиликтүү бийликтин катачылык иш-аракеттери жана чагымчылдардын кыянаттыгы болбогондо, Аксы окуясына жол берилмек эмес. Ал окуя болгон күнү мен чет жерде командировкада элем. Бишкекке ...

0 278

Журналист Бекен Назаралиев менен Сооронбай Жээнбековдун мамилеси... 60 жаш...

17-октябрь 2019, 19:01 Айдар Нуралиев

Өзүм адабияттын бардык жанрларында тең иштеп, көбүнчө сатиралык калемимди тиштеп, чыгармаларым аркылуу окурмандардын жүрөгүнө аз да болсо жылуулук тартуулап жүргөнүм менен, гезит сатуу аркылуу эптеп тирилик кылып келем. Кээде коомдун мителерин жайлап, жазсам да тамашаларды кайнак, андан чыга элек азырынча майнап. Себеби, сатириктерге чоңдор тарабынан болбойт экен колдоо. Андан көрө жыргамак экем болсом эгер молдо. Муну мен чыгарып жазып ...

0 130

Депутаттар тескери кийилген “көлөчтөрдү” оң кийгизип оңолуп кетмекпиз" дейби?

18-октябрь 2019, 09:40 Айдар Нуралиев

Минтебиз, тигинтебиз дегенден азыр деле эч кандай майнап чыкпайт. Эгерде чындап эле натыйжалуу жыйынтык чыкса алда качан тескери кийилген “көлөчтөрдү” оң кийгизип оңолуп кетмекпиз. Ошондуктан жөнү жок эле тырактаганыбыз жарабайт. Парламент мөөнөтүнөн мурда тараган күндө да, акырына чейин иштесе деле карапайым калкка пайдасы жок. Ошондуктан ар кимибиз өзүбүздүн мээнетибиз аркылуу жаныбызды бакканыбыз оң. Ал эми колу боштор, жолу кенендер ...

0 288

"Акмак болбо!" Трамп Эрдоганга сезимин билдирген кат жазды

17-октябрь 2019, 17:50 Алтын Булат

Ишенүүгө мүмкүн эмес. Бирок чын экендигин эки тарап тең ырасташкан. Анда, Түркия Сириядагы операцияларын баштаар алдында ал өлкөнүн лидери Режеп Тайип Эрдоганга АКШ президенти Дональд Трамптан кагаз кат келген. Анда, "Урматтуу президент мырза, келиңиз, жакшы келишимди талкуулайлы! Сиз миңдеген кишилердин өлүмү үчүн башкалардын айыптоосуна кабылууну каалабайсыз. Мен болсо, түрк экономикасын уратып, жоопкерчиликти өзүмө алгым келбейт",-деп баштаган Трамп каттын аягында ...

0 288

“Убакыт кандай гана өзгөрдү”. Бир сүрөттүн баяны

17-октябрь 2019, 17:29 Айдар Нуралиев

2016-жылдын январь айында атактуу актер Арнольд Шварценеггер Инстаграмм баракчасына өзүнүн коло статуясы тургузулган көчөдө жаткан сүрөтүн жүктөп, астына: “убакыт кандай гана өзгөрдү”, -деп жазган. Алгач анын бул кадамына көпчүлүк түшүнгөн деле эмес. Айрымдар артист артисттигин кылып жатат деп да чыгышкан. Анын себеби кийинчерээк гана белгилүү болгон. Биз бүгүн ошондо актердун эмне айткысы келгенине кайрылмакчыбыз. Арнольд Шварценеггер Калифорниянын губернатору болуп ...

0 218

Сооронбай Жээнбеков: "Аймактык өнүктүрүү саясатынын башкы багыттарынын бири кичи жана орто ишкерликти колдоо"

17-октябрь 2019, 17:32 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-октябрда, Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Кара-Тектир айылындагы «Аселим» тигүүчү цехтин ишмердиги менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, мамлекет башчысына учурда ишканада 90 адам иштеп, өндүрүлгөн продукция Россия Федерациясына экспортко кетип жатканы боюнча маалымат беришти. Өндүрүш линиясын кеңейтүү максатында жаңы объектини куруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу ...

0 288

БШК: Парламенттик шайлоону 2020-жылдын октябрында өткөрүү пландалууда

17-октябрь 2019, 16:57 Айдар Нуралиев

2020-жылдын октябрь айында Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын шайлоо пландалууда. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 16-октябрда Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусу учурунда билдирди. Шайлдабекова жакынкы эки жылдын ичинде өтчү шайлоолор тууралуу маалымат берди. Алар: 2020-жылдын апрелинде 31 жергиликтүү кеңешке шайлоо (айылдык жана шаардык), 2020-жылдын октябрында Жогорку Кеңешке шайлоо, 2021-жылдын апрелинде 417 жергиликтүү кеңешке шайлоо (айылдык жана шаардык), ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 214

Депутат ИИМге берген Эркин Мамбеталиевдин белеги тууралуу үн катты

17-октябрь 2019, 15:24 Кызгалдак Жакыпова

Парламенттин депутаты Исхак Масалиев эсептегендей, мыйзам боюнча Алмазбек Атамбаевдин мурунку жан сакчысы Эркин Мамбеталиев ИИМге  жип белек кылууга укугу бар. Экинчиси, бул маселенин моралдык жагы. Депутаттын айтымында, Мамбеталиев жаран катары унаа белек кылууга укуктуу. "Ал 2010-жылы акталган. Башкача айтканда азыр ал соттолуучу эмес жана мыйзам менен эч каңдай көйгөйү жок. Бирок, ИИМ бул унааларды алууда карманса болмок. Жакшы иш кылгысы келсе, башка ...

0 113

Президент Сооронбай Жээнбеков Токтогул районунун жашоочулары менен жолугушууда

17-октябрь 2019, 14:02 Бакыт Молдалиев

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-октябрда, Жалал-Абад облусуна эки күндүк иш сапарынын алкагында Токтогул районунун жашоочулары менен жолугушууда. Мамлекет башчысы өз сөзүндө президенттикке талапкер кезинде бир катар убадалардын катарында аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу убадасын бергенин эске салды. «Региондорду өнүктүрүү зарылдыгы элет жеринде жашаган адамдардын жашоо турмушун жакшыртуу, жаӊы жумуш орундарын түзүү, элди иш менен камсыз кылуу аркылуу миграциянын агымын токтотуу зарылдыгынан келип чыкты. Буга чейин ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83