www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саясат
0 179

Ырыс Окенова "Азаттыкты" сотко берди

15-октябрь 2019, 11:27 Айдар Нуралиев

Калп маалымат жазган үчүн "Азаттык" үналгысын жаш да болсо, эл оозуна алынып, жалпы журтка белгилүү болуп калган режиссер Ырыс Окенова сотко берди. Ырыс Окенованын сотко кайрылуусуна "Акшоола" сериалы тууралуу "Азаттык" үналгысынын чындыкка дал келбеген макаласы себеп болгон. Эске салсак, режиссер Ырыс Океновадан тактабай эле, божомолдун негизинде "Азаттык" үналгысы "Мамлекет же КТРК тарабынан "Акшоола" сериалына 250 миң доллар бөлүнгөн" деп ...

0 407

Атамбаевдин "Форумун" сатып алган Субихи Пархати кармалды

15-октябрь 2019, 10:45 Айдар Нуралиев

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевге карата козголгон кылмыш ишинин алкагында ишкер Субихи Пархати кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жеке булактарына таянуу менен жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Субихи Пархатиге кылмыш жасоого шектелип жаткандыгы тууралуу билдирүү берилген. «Буга чейин ишкерге издөө жарыяланган. Биринчи Май райондук соту ага карата сыртка чыкпоо тууралуу баш коргоо чарасын тандаган. Алдын ала маалыматка таянсак, Субихи Пархати кирешелерди ...

0 133

Төрага Дастанбек Жумабеков Латвия Республикасына расмий иш сапар менен барды

15-октябрь 2019, 10:41 Айдар Нуралиев

Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы Латвия Республикасына расмий иш сапар менен барды. Сапардын алкагында бир катар жолугушуулар өтөөрү мерчемделген. Анын ичинен Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган делегация Латвия Сейминин Төрайымы Инара Мурниеце, Президенти Эгилс Левитс жана тышкы иштер министри Эдгар Ринкевич менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

0 503

ФОТО - Бойдок президент Касым-Жомарт Токаевдин жалгыз уулунун сүрөтү алгачкы ирет жарыяланды

15-октябрь 2019, 10:59 Бакыт Молдалиев

Саясатчы жана Мангистау областынын акиминин штаттан сырткаркы кеңешчиси Ербол Едилов Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаевдин жалгыз уулу Тимур Токаевдин сүрөтүн жарыялаганын казак басылмалары жазып чыгышты. Аны менен бирге ал Едилов Тимур Токаев тууралуу да учкай маалымат тараткан. Андагы маалыматтарга ылайык, Тимур Токаев 2009-жылы Казакстандын Батыш өлкөлөрүнө болгон стратегиялык кадамдары тууралуу кандидаттык диссертациясын жактап, саясий илимдеринин кандидаты илимий даражасын алган. Тимур Токаев 1984-жылы туулган. Учурда ...

0 926

Арстан Алайдын айтканы төп келбей Атамбаев камалып калган...

15-октябрь 2019, 10:24 Айдар Нуралиев

Кыргызстанда учурда социалдык тармактарда  актар менен каралар согушу күч алып, социалдык тармактын бетинде айрым обу жоктор оозуна келгенди оттоп, каалаганын калчап жатышат. Алардын алдыңкы катарында, кызуу талкуу жаратып, элди кыжырданткандардын бири, “президентмин”, "Кудаймын" деп тааныткысы келген Арстан Алай. Ал Кой-Ташта ызы-чууда жүргөн саясатчы Равшан Жээнбековдун телекомпаниясында иштеп, телекөрүүчүлөргө өзүн Кудаймын деп ишендирүүдө. Учурда бул "Кудай" социалдык тармакта катуу талкууга алынып жатат. ...

0 144

Баку: Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев эмне тууралуу “кобурашты”?

15-октябрь 2019, 10:08 Бакыт Молдалиев

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков 14-октябрда Баку шаарында түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТТМКК) 7-жыйынына катышуу учурунда Казакстантын мурунку президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту. Жолугушуу Баку шаарына учуп бараары менен Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортунда өттү. Маалыматтарга ылайык, “бисмилла” дегенде эле Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевдин Түрк кеңешинин ардактуу төрагасы болуп шайланышы жана Түрк ...

0 338

Өлкөдө өзгөчө оргиналдуу куудул бар

15-октябрь 2019, 10:04 Алтын Булат

Керек болсо ал дүйнөдө жалгыз экземпляр Арстан Алай деген. Ии ошол, ошонун эми тамашасын мен... анан көптөр түшүнөт. Бирок өзү түшүнбөйт, образга кирип кетет. Чын айтам ал киши тамашаны ушунчалык ишендире айткандыктан, ал айткандарына кийин өзү кошо ишенип алат. Эми анын айткандарын талдай кетели. Мына бир кездери ал уктап жатып түшүндө кыш болбой калганын көрөт. Анан чоочуп ойгонуп, олтуруп ...

0 130

5 млн. долларлык иш үчүн кармалган Мирлан Бегалиев үй камагына чыккан

15-октябрь 2019, 09:06 Айдар Нуралиев

2014-жылы «Манас» аэропортуна келтирилген 5 миллион доллар өлчөмүндөгү зыян боюнча шектүү катары кармалган аэропорттун Бишкек филиалынын директору Мирлан Бегалиев үй камагына чыгарылган. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары билдирди.  Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 2-октябрда кабыл алган. Бул тууралуу маалыматты соттун өкүлдөрү 14-октябрда ырасташты. Ага ылайык, Бегалиев 30-ноябрга чейин үй камагында болот. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик ...

0 256

Сот Курсан Асановду үй камагында калтырды

14-октябрь 2019, 17:18 Бакыт Молдалиев

Ички иштер министринин мурунку орун басары, милициянын генерал-майору Курсан Асановдун баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калып, ал сотко чейинки өндүрүштө 23-декабрга чейин үй камагында болот. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Биринчи Май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.   Асанов ушул жылдын 13-августунда "кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишеничтен кетти" деген негиз менен кызматтан алынган болчу. Эске сала кетсек, 7-августта Кой-Таштагы ...

0 372

СҮРӨТ (18+) - Playboy журналынын модели президент болом дейт

14-октябрь 2019, 16:57 Алтын Булат

“Саясат – бул менин экинчи сүйүүм” деп билдирген хорватиялык экс-модель Ава Карабатич президенттик шайлоого даярдана баштады. Мындай билдирүүнү ал өзү социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан. Президент болуу демилгесин модель өз өлкөсүндөгү бийлик менен элдин ортосунда жаралган кризистен улам бышып жетилгенин белгилеп, ал постунда, "Менин өлкөмдө болуп жаткан жаман иштерге мындан ары көз жумуп кое албайм. Жаштар кетип жатат, төрөлүүнүн ...

0 786

Атамбаев УКМКнын эшигин тепти

14-октябрь 2019, 17:17 Бакыт Молдалиев

Бүгүн, 14-октябрда Биринчи Май райондук сотунда өтмөк болгон кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук алдын ала уктуруу УКМКнын СИЗОсунда жаткан мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин келүүдөн баш тарткандыгы үчүн дагы жылдырылды. 11-октябрда да ушинтип баш тартып койгондугу үчүн соттук алдын ала уктуруу жылган. Адвокат Замир Жоошевдин журналисттерге берген маалыматына ылайык, Атамбаев “ишти менсиз деле карай бергиле” деп талап кылып ...

14-октябрь 2019, 17:17 | 786
0 323

Атамбаевди сотко алып баруу үчүн атайын операция керектелеби?

14-октябрь 2019, 15:27 Айдар Нуралиев

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча сот отурумуна дагы катышкан жок. Бүгүн, 14-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча алдын ала угуу отуруму улантылды. Бул отурумга да Атамбаев келүүдөн баш тарткан. Эми аны сотко мажбурлоо менен гана алып баруу калды окшойт. Мурунку президент УКМКнын СИЗОсунда да таштарды чогултуп, баррикада кылып албады бекен ...

0 237

Пара алган чиновник айып пул менен чектелсе, албаганы абакта чирийби?

14-октябрь 2019, 14:54 Алтын Булат

Укук коргоо, сот органдарынын ишине таң калып бүтө албайсың. Аларда, “Пара алып, анын пайызын бөлүшсөң кутуласың, бербей койсоң ак болсоң да тутуласың” деген саясат башкы негиз болуп алгандай. Буга бир эле мисал, мурдагы Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматов кечээ жакында Бишкек шаардык сот тарабынан 3 миллион 300 миң сом айып ...

0 1676

ВИДЕО - “Манас” аэропортунда абал тынч эмес

Видео 14-октябрь 2019, 13:21 Алтын Булат

Эл аралык “Манас” аба майданынын кызматкерлери иш таштамакчы болуп жатышат. Мындай маалыматты ал жактагы булактар билдиришти. Маалыматтарга караганда, аталган мекеменин элүүдөй коопсуздук кызматкери мыйзамсыз иштен алынып жатат. Мындан улам алар, жетекчиси Данияр Абдыкаровго каршы митингге чыгышмакчы. Эске сала кетсек, Данияр Абдыкаров, "Манас" эл аралык аэропортунун авиациялык коопсуздук дирекциясын өткөн жылдын аягынан тарта жетектей баштаган. Ага чейин Ички иштер министринин ...

0 188

520 миң доллар пара талап кылган чиновниктин жазасы жеңилдетилди

14-октябрь 2019, 12:07 Айдар Нуралиев

Өтө ири өлчөмдөгү пара алган деп айыпталып жаткан Транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиевдин жаза мөөнөтүн 9-октябрда Бишкек шаардык соту эки жылга кыскартты. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматынан билдиришти. Белгилей кетсек, мындан мурун Бишкектеги Биринчи Май райондук соту экс-чиновникти күнөөлүү деп таап, 14 жылга эркинен ажыраткан болчу. Эске салсак, Транспорт жана жолдор министринин орун ...

0 405

Айдарбеков суфлеру жок деле сөз сүйлөйт дейби?

14-октябрь 2019, 11:13 Алтын Булат

Бүгүн 14-октябрда Азербайжандын баш калаасы Баку шаарында, Түрк тилдүү мамлекеттердин Тышкы иштер министрлери кезектеги жыйыны болот. Ага өлкөнүн министри Чыңгыз Айдарбековдун катышары тууралу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти кабарлады. Маалыматка караганда, тараптар 15-октябрда өтө турган Түрк кеңешиндеги мамлекет башчыларынын жыйынына даярдыкты талкуулашат. Белгилей кетсек, жыйынга катыша туруучу ТТМККга мүчө-мамлекеттердин министрлеринен тышкары Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов жана Венгриянын ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
1 2479

Сооронбай Жээнбеков Атамбаев калтырып кеткен мусорлорду тазалап жатат, өлкө өнүгүү жолуна түштү

14-октябрь 2019, 11:08 Алтын Булат

Учурда мамлекетте саясий жана экономикалык абал туруктуу. Элдин аӊ-сезимин бузуп, чагымчылдык чакырыктар менен алаксыткан эски саясатчылардын саркындысы дагы азайды. Жалпысынан мамлекет бардык тармактан алдыга жылууга багыт алды. Салыштырып айтканда: Мамлекет сырттан карыз алганды токтотту. Буга чейинки өлкө башчылар, айрыкча Алмазбек Атамбаевдин убагында карыз алуу дээрлик жогорулап кеткен. Ал тышкы саясатты, сыртка жасаган сапарларын карыз сурап, тилемчилик кылуу менен эле ...

0 202

Батукаевдин иши боюнча бүгүнкү өтчү соттук отурумга Атамбаев катышабы, же?..

14-октябрь 2019, 11:01 Бакыт Молдалиев

Бүгүн, 14-октябрда “мыйзамдагы ууру” атыккан Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум өтөт. Бул тууралуу Биринчи Май райондук соттун басма сөз кызматы маалымат таратты. Ошол эле учурда аталган соттук отурумга мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин УКМКнын СИЗОсунан чыгып катышууга макул болобу же жокпу деген маселе көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып турган учур. Себеби, ушул эле Батукаевдин иши боюнча 11-октябрда өткөн соттук отурумга ...

0 238

“Батукаев” сериалы улантылат

14-октябрь 2019, 10:02 Алтын Булат

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушу боюнча сериалдын уландысы бүгүн, 14-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда улантылат. Жалпысынан бул тасмада, 14 саясий актер, ой, мурдагы мамлекеттик кызматкерлер роль жаратары айтылып жаткан. Бирок, башкы кейипкер Алмазбек Атамбаев эмнегедир берилген ролду ойноого караманча каршы болуп койгон соң, андагы соттук отурум тууралуу эпизод жылдырылган болучу. Жабык өткөрүлүп жаткан бул соттук процессте мурдагы президенттин ...

14-октябрь 2019, 10:02 | 238
0 1082

Ырысбек Өмүрзаков: "Карамушкина, Сооронбай Жээнбековду айтса "күлкү приходит"

13-октябрь 2019, 15:39 Айдар Нуралиев

Карамушкина: "Сооронбай Жээнбековго эл ишенбей калды", - дегенде, "күлкү приходит". Эл - Карамушкина болсо, - байкуш кыргыз эли "жыргаган" экен, шордуу.  Карамушкина элби?! Чындыгында президент Жээнбековдун азырынча дагы эле элди өзүнө буруп алуу мүмкүнчүлүгү бар. Чечкиндүү болушу керек... Атамбаевтин сотуна эч ким келбегенин көрүп турабыз. Мындай пикирин Ырысбек Өмүрзаков билдирди.  Эске сала кетсек, 10-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, ...

0 1520

Исхак Масалиев: “Депутат болбой эле койдум”

13-октябрь 2019, 16:00 Айдар Нуралиев

Исхак Масалиев, ЖК депутаты: “Башка партияга барбайм. Депутат болбой эле койдум”, деп "АЗИЯnews" гезитине маек курган. --Исхак Абсаматович, парламенттик шайлоого чейин дагы бир жыл бар. Бирок, ага даярдык эмитен эле жүрө баштаган чыгар… --Аракеттер болуп атат. Анча-мынча саясатчылар бири-бири менен кучакташып, шыбырашып, пикир алмашуу жүрүп жатат. Мындай процесс Жогорку Кеңештен сыртта да жүрүүдө. Бул турган иш. Баары эле «президент ...

0 373

Жапаров ачыгын айтты

13-октябрь 2019, 14:31 Айдар Нуралиев

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров: “Кыргызстан бюджеттин эсебинен жашаган чиновниктердин баарына ыңгайлуу шарт (комфорттук зона) түзүп берип койгон. Алар айлык албаса да, салыктарды казынага жеткирбей чөнтөгүнө буруп коюп жашай берет” — деп билдирип, жыл сайын 350 миңден ашуун адам бюджеттин эсебинен жан багаарын, алардын маянасына эле 72 млрд. сомдой акча кетээрин жар салды, - дейт "Фабула" гезити. Булак: NazarNews.kg

13-октябрь 2019, 14:31 | 373
0 289

Жумабеков плюс кылбай эле минус кылып жатат

13-октябрь 2019, 13:58 Айдар Нуралиев

Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабековдун чала сабаттыгына көптөн бери күбө болуп келебиз. Анын Казакстанга болгон акыркы визити биздин өлкөнү бир топ эле уяткарып койду окшойт. Ошентсе да бети кызарып уялып койбогон неме экен чиркин. Анын айынан бийликке да бир топ сын-пикирлер айтылууда. Балким ал азыркы бийликке Таластан аброй алып берем деп жаткандыр. Эгер антсе терең жаңылышат. Таласта Жумабековду эмес, ...

0 254

Ишенбай Кадырбеков: “Бийлик ээрчиме парламентти каалап турат”

13-октябрь 2019, 15:01 Айдар Нуралиев

Саясатчы Ишенбай Кадырбеков «бийлик парламент депутаттарын эл эмес, биз шайлайлы» деп преференциалдык шайлоо ыкмасына каршы болуп жатканын билдирди. Бул туурасында: «Кеп өкмөттүн курамын түзүү эмес, эл өкүлдөрүн шайлоодо. Депутаттарды партия лидери, президенттик аппарат тизмеге киргизип калган. Алар тил уккандарды киргизет, добуш бере турган кишилерди кошот. Бүгүнкү бийлик ою жок, ээрчйме добуш берүү институтун (парламентти) каалап турат» — деп белгиледи.

0 409

“Үлүшкө отурууну” каалаган аткаминер ким?

13-октябрь 2019, 13:44 Айдар Нуралиев

Ар бир министр, ар бир чиновник 10-15% үлүштө отурушат. Бул тууралуу депутат Эльвира Сурабалдиева (КСДП) экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында билдирди. Депутат Бельгиянын фонд ачууну каалаган өкүлчүлүктөр менен жолуккан учурда, алар Улуттук банк менен экономика министрлиги кабыл албай жаткандыгын айткан. Депутаттын айтымында, Европалыктар долбоор тууралуу кайрылганда 9 аткаминер үлүшкө отурууну» каалашкан. Бул боюнча: «Мен аларды мекендин саткынчылары ...

0 1207

Алга Кылычев "сасыды"…

13-октябрь 2019, 13:40 Айдар Нуралиев

Кой-Таш окуясы боюнча камалган Алга Кылычев экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берүүдө. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев жар салды. Анын айтымында, Алмазбек Атамбаев бийликти басып алып, мамлекеттик төңкөрүш жасоого белсенгенин, ошондой эле КСДПнын мүчөлөрү Кундуз Жолдубаевага, Амантур Жамгырчиевге, Мээрбек Мискенбаевге жана жан сакчы Канат Сагынбаевге тополоң уюштурууга жана барымтага алууга тиешеси бар деген көрсөтмө берген, - дейт "Фабула" гезити.

13-октябрь 2019, 13:40 | 1207
0 342

Мирлан Жээнчороев: "Бабанов кааласа келет, кааласа өлкөдөн чыгып кетет"

13-октябрь 2019, 14:26 Айдар Нуралиев

ЖК депутаты, Мирлан Жээнчороев: "Бабанов кааласа келет, кааласа өлкөдөн чыгып кетет", деп "Ачык саясат" гезитине маек курган. --Мирлан мырза, Өмүрбек Бабановдун Москвага болгон табышмактуу сапары боюнча айтсаңыз? Биринчиден, Өмүрбек Бабанов мен сыяктуу, сиз сыяктуу Кыргызстандын жараны. Каалаган убагында келет, каалаган убагында чет өлкөгө чыгып кетет. Экинчиден, Өмүрбек Токтогуловичти эл саясатчы 2 эмес, бизнесмен деп билет. Ансыз да акыркы эки ...

0 915

Аида Касымалиева модель болсо таза кууратмак окшойт…

13-октябрь 2019, 14:25 Айдар Нуралиев

Төрөбай Зулпукаровдон кийин эле вице-спикер Аида Касымалиева пиар иштерин күчөтүп, соцтармактардагы сүрөттөрүн улам жаңыртып, барган жеринен мактанычын манчыркай жазып, алдыга гана чыгуунун амалында келатат. Модель болсо таза кууратмак окшойт. Учурда мамлекеттик телеканалдардан баштап, радио, интернет желелеринен бери Аида айымды көрө берип, тажагандай деле болдук. «Чабал өрдөк эрте учат» болбой, кичине тизгинди тарта туруп, шайлоо башталганда деле теминип чыкса болбойбу? ...

0 139

Эркин Мамбеталиев Баткен милициясына белек кылган 2 жол тандабасын кайра алабы?

14-октябрь 2019, 09:11 Бакыт Молдалиев

Бул тууралуу ал өзү “Азаттык” радиосунун суроолоруна жооп берип жатып ушундай мааниде айткан. Анда Мамбеталиев: “Россияда күч органдарында иштеген досум бар. Ошол досум экөөбүз машине сатып, ишкерлик кылалы дегенбиз. Чек арада чыр болуп кеткенде ага чалып, "ушундай болуп жатат, белек кылып койбойлубу" деп айттым. Ал дароо макул болду. Муну пиар деле кылгыбыз келген эмес. Интернетке эмне болуп чыгып кеткенин ...

0 275

Бажалар башкарган заман

13-октябрь 2019, 11:35 Айдар Нуралиев

Соода-өндүрүштүк палатасы өлкөгө инвестиция тартып экономиканы көтөрүүнү максат кылбастан, ич ара кызмат талашып кырылышып жатканын маалымат каражаттары жазышуда. Башкача айтканда, Соода-өндүрүштүк палатасынын вице-президенти Асанкул Искаков менен Соода-өндүрүштүк палатасынын түштүк боюнча дагы бир вице-президенти Эргешов Орозбек экөө мекемеде өз билгендерин жасап, өтүктөрүн төргө илип алышканы сынга алынууда. Мекемеде ким жакпаса иштен алуу, кимди кааласа кызматка койгон өнөкөт күч алган. Мындай ...

13-октябрь 2019, 11:35 | 275
0 265

Төрөбай Зулпукаров: “Бүажар эжекебиз ар бир сабагын жан дили менен өтчү”

13-октябрь 2019, 10:47 Айдар Нуралиев

Төрөбай Зулпукаров, Жогорку Кеңештин депутаты: “Бүажар эжекебиз ар бир сабагын жан дили менен өтчү”, деп "Де-Факто" гезитине маек курган. --"А" деген арипти тааныткан биринчи мугалимиңиз ким эле? --Мага алгачкы тамга тааныткан мугалимим Бүажар эже. Эжекебиз Ош областына караштуу Ноокат районундагы ошол убактагы Калинин мектебинде билим берген эң мыкты мугалимдердин бири болгон. Бүажар эже балдарды эркелетип, урушпай, акырын айтып ...

0 185

Чодуев калпычыбы?

13-октябрь 2019, 10:40 Айдар Нуралиев

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева: “ЕАЭБге кирген мамлекеттер Кыргызстандын канча айыл чарба продукциясын өткөрбөй артка кайтарды?” – деп Айыл чарба министри Эркинбек Чодуевге суроо узаткан. Министр оозу-мурду кыйшайбай туруп “ЕАЭБ мамлекеттерине жөнөтүлгөн товарларды чек арадан өткөрбөй койгон фактылар жок” – деп так кесе айткан. Мына 23-сентябрдан 3-октябрга чейин Россельхознадзордун Оренбург облусу боюнча башкармалыгы Россиянын федералдык коопсуздук ...

13-октябрь 2019, 10:40 | 185
Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 517

Сооронбай Жээнбековдун тышкы саясаттагы кадрлары кимдер? (тизме)

13-октябрь 2019, 10:18 Айдар Нуралиев

Айтылуу бульдозер Азимбек Бекназаров өзүн жана балдарын майлуу-сүттүү жумушка орноштурууга катуу киришти. Катып-үткөн акчалары түгөнгөн окшойт. Маалымат каражаттары аркылуу бийликке ар кандай сигналдарды жиберип, бир Малайзиянын, бир Түркиянын, бир Азербайжандын аттары аталууда. Бекназаровдун айтымында, Президент өзү аны бир нече жолу чакырып, элчилик кызматтарды сунуштаган. Мындай маалыматтардан кийин серепчилер чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык кызматтарга дипломатияга тиешеси жок адамдар дайындалып жатат деп ...

0 1401

Акылбек Жапаров: “Кытайдын карызы жумшалган долбоорлордун баары акча алып келбей турган долбоор болуп, эффективдүүлүгү нөлгө барабар десем болот”

13-октябрь 2019, 09:47 Айдар Нуралиев

Акылбек Жапаров, ЖК депутаты: “Кытайдын карызы жумшалган долбоорлордун баары акча алып келбей турган долбоор болуп, эффективдүүлүгү нөлгө барабар десем болот”, деп "Жаңы Ордо" гезитине маек курган. --Акылбек Үсөнбекович, жакынкы аралыкта өлкөбүз үчүн чоң коркунуч жарата турган тышкы карыз болуп турат. Азыр бул маселеге көптөр баш ооруткусу келбегендей түр көрсөтүшүүдө. Сиз Бюджет Кодексин иштеп чыгып, аны парламент бекитти. Ушул Кодексте ...

0 319

Ренат Самүдүнов: “КСДП” келечекте “Алга Кыргызстан” менен “Ак Жолдун” кейпин кийет

12-октябрь 2019, 19:22 Айдар Нуралиев

Ренат Самүдүнов, жарандык активист: “КСДП” келечекте “Алга Кыргызстан” менен “Ак Жолдун” кейпин кийет, деп "АЗИЯnews" гезитине маек курган. КСДПнын мурдагы мүчөсү, партия тууралуу жакшы билген жарандык активист Ренат Самүдүновго “КСДПнын мындан аркы тагдыры кандай болот?” деген соболубузду узаттык. --Бир топ адамдар КСДПдан четтетилди. Экиге бөлүндү. Партиянын мындан аркы саясый багыты кандай болот? Бүгүн-эртеңи тууралуу кандай пикирдесиң? --КСДПнын келечеги көп ...

0 1029

АУДИО - Надира Нарматова өкмөт башчы Абылгазиевге Кайрылуу кат жолдоду

Аудиофайл Видео 12-октябрь 2019, 20:54 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысы урматтуу Абылгазиев Мухаммедкалый Дүйшөкеевичке КАЙРЫЛУУ КАТ, деп өз пикирин социалдык тармак аркылуу Надира Нарматова жолдоду. УРМАТТУУ МУХАММЕДКАЛЫЙ ДҮЙШӨКЕЕВИЧ! Мен, төмөндө Баткен облусунда жайгашкан чек ара кызмат бөлүгүнүн чек ара кызматкери Муминов Равшанбектин кызмат үстүндө каза болуп, артында калган үй бүлөсүнүн бүгүнкү күндөгү оор абалы жөнүндө сизге кайрылууну туура көрдүм. Баткендеги окуя, чек арачынын өлүмү, үй ...

0 261

Ак болсон кел да, озондой бербей!

12-октябрь 2019, 17:52 Айдар Нуралиев

Кылмыш иши козголуп, натыйжада куйругун түйүп  Кыргызстандан чыга качкан Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматовдун: "Ак жеримден күйдүм, куугунтук жедим, кардан таза, сүттөн акмын, жакында барам" - деп тоту куштай сайрап жатканына жараша ак болсо коркпой - үркпөй келип жатканына көп болду. Сайраганына жараша ак болсо коркпой-үркпөй келип, мыйзам алдында актыгын далилдегенге эрки жетпейт. Сыягы, оозу менен бирди айткан менен ...

0 464

Аскар Акаев белгилүү журналист Бекен Назаралиевди куттуктады

12-октябрь 2019, 19:39 Айдар Нуралиев

КРнын биринчи президенти, Аскар Акаев "Жаңы Ордо" гезитинин башкы редактору Бекен Назаралиевди куттуктады. Анын куттуктоосун аталган гезит бетине чыгарды.  Аскар Акаевдин куттуктоосун төмөндө эч өзгөртүүсүз беребиз: Кыргыздын азамат уулдарынын бири Бекен Назарлиевдин 60 жашка толгонун угуп, өзүмдүн пикир, каалоомду айтууну туура көрдүм. Мындан беш жыл мурда Назаралиевден мага маек куруу сунушу түшкөндө менде таң калуу сезими болгон эле. Анткени ал ...

0 632

Ж. Баласагын атындагы "Университет" пансионатында 15 жаштагы кыз иштеп жүргөнбү?

12-октябрь 2019, 17:32 Айдар Нуралиев

Ж.Баласагын атындагы "Университет" пансионатынын директору Үмөт Акбашович сизге наалаттан башка сөз жок! 15 жаштагы небереңиздей кыздын көз жашынан корккон жоксуз. Зыркыратып биздин көз алдыбызда айлык маянасын толук бербей ыйлатып кетирдиңиз. Мыйзам чегинде 15 жаштагы кыздарды ишке албашыңыз керек эле. Менин көз алдымда 15 жаштагы кыздардан экөөнү иштетип жүрдүңүз. Болуптур иштетиңиз... Жети бир тууган, майда бөбөктөрү болгон үчүн ата-энесине жүк ...

1 3446

Мавлян Аскарбековго Мелис Турганбаевдин иниси үн катты

14-октябрь 2019, 12:27 Айдар Нуралиев

NazarNews.kg  сайтына “Макый Дан” аттуу компаниянын жетекчиси Бакай Өмүралиев аттуу жаран кайрылып, Бишкектин Биринчи Май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбековго эл алдында айта турган сөзүм бар эле, жеткирип бергиле деп суранды. Айтымында, акимдин орун басары маалымат булактарынын бирине Турганбаев тууралуу аны жакшы иштебей жаткандыгын айткан экен. Өз кезегинде төмөндө биз анын айткандарын толук жарыяламакчыбыз: “Урматтуу, Мавлян Аскарбеков! Сен ...

0 596

Турсунбай Бакир уулу: “Матраимовду сот күнөөлүү десе гана кылмышкер дей алабыз”

12-октябрь 2019, 17:07 Айдар Нуралиев

Турсунбай Бакир уулу: “Матраимовду сот күнөөлүү десе гана кылмышкер дей алабыз”, деп өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты. Мен трайбалист эмесмин. Бирок Кара-Суулук экенимден чанбайм. Ооба, Матраимовдор жердешим болуп кетишет экен - коңшулаш айыл өкмөттөн. Бирок Кара-Суу районунун калкынын саны Нарын жана Талас облустарынын калкынын саны менен тең! Жүз миңдеген жердештерим бар. Кээде «”Раим-миллион” жердешиңиз болот, ошол үчүн аны камалсын ...

0 337

Бийликтин жасалма лидерине айланган Жеңиш Молдокматовдун жели чыгабы?

12-октябрь 2019, 16:32 Айдар Нуралиев

Жеңил пиар элге жукпасын кийинки чыгып келаткан саясатчы болумуштар түшүнүшпөйт окшойт. Соңку жылдары “Замандаш” партиясына мине калып, бийликтин колдоосу менен жасалма түрдө коомдук ишмерге айланып келаткан Жеңиш Молдокматовду мисалга алалы. Башта кожоюндар Молдокматовду белгилүү эксперттердин, депутаттардын катарына коштуруп, жаттама ой-пикирин айттырып келген. Эми болсо саясатчылар аны мактай башташыптыр. Таппасаң сыйпалап кал! Лидер деген жеңил-желпи эле чыга калып, оңой-олтоң ордун ...

0 210

КСДП парламенттик шайлоого катышабы?

12-октябрь 2019, 16:26 Айдар Нуралиев

Он жылга чукул бийликти бир тизгин менен башкарып келген азыркы КСДП партиясынын келечектеги парламенттик шайлоого катышаар-катышпасы көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып турат. Лидери камакта, партия чилдей тарады. Ала кушту атынан атап айтканда, азыркы бийлик башындагылар бир партиянын кудугунан суу ичип жүрүшүп, акыры кожоюндун өзүн зынданга салышты. Экс-президент Алмазбек Атамбаевден кутуулунун жолу ал бийлигин өткөрүп бергенден кийин эле башталган.. Анын бир мисалы ...

0 284

“Мыйзамдагы ууру” жана уурдалган мыйзамдар

12-октябрь 2019, 15:35 Айдар Нуралиев

Дүйнөлүк геосаясаттын эң четки бир бучкагында калган Кыргызстандын даңкын далайга угузуп, узак убакыт бою дүйнөдө “дүңгүрөтүп” келе жаткан “Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу тергөө аяктап, сотко өткөрүлгөнү жарыяланды. Бул соттук териштирүүдө Батукаевден кийинки эле эң башкы фигуранттардын бири - мурдагы президент, азыркы кезде аталган кылмыштан башка дагы бир нече оор кылмыштар боюнча күнөөлөнүп жаткан Алмазбек Атамбаев ...

0 247

Аликбек Жекшенкулов эң алдынкы элчи катары бааланууда

12-октябрь 2019, 15:30 Айдар Нуралиев

Россия Федерациясындагы Кыргызстандын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкулов дасыккан жетекчи катары купулга толууда. Жогорку ишенимге татып, элибизге кам көрүү аракеттери ачык көрүнүүдө. Жакында тележурналист Андрей Малахов чырлуу окуянын чоо-жайында айтып атат: “Кыргыз элчиси мигранттардын укуктарына ашкере кийлигишүүдө” деген мааниде. Мунун өзү эмнени билдирет? Албетте, Жекшенкулов мекендештерибиздин укуктарына, алардын келечегине кам көрүүдө. Аны Малахов сыяктуу бузукулар башкача түшүнүктө ...

0 788

Табылды Акеров: "Сооронбай Жээнбековдун миссиясы Кыргызстандагы ички саясаттын алдыга жылуусуна, өнүгүп-өсүшүнө жол ачуу"

12-октябрь 2019, 14:57 Айдар Нуралиев

Табылды Акеров, саясат таануучу: “Сооронбай Жээнбековдун миссиясы Кыргызстандагы ички саясатты, парламентти турукташтырып, коомдун эркиндигин камсыз кылып, анын алдыга жылуусуна, өнүгүп-өсүшүнө жол ачуу”, деп "Жаңы Ордо" гезитине маек курган. Экс-президент А. Атамбаев камалса, өлкө тынчыйт беле дегендер туура болуп чыкты көрүнөт. Экс-президент А. Атамбаев өз аракеттери менен көпчүлүктүн үшүн алып, дагы эмне болуп кетет деп бушайман кылды эле. Өлкө тынчыды. ...

1 658

Курманбек Бакиев белгилүү журналист Бекен Назаралиевди куттуктады

12-октябрь 2019, 16:42 Айдар Нуралиев

Экс-президент Курманбек Бакиев "Жаңы Ордо" гезитинин башкы редактору Бекен Назаралиевди куттуктады. Анын куттуктоосун аталган гезит бетине чыгарды.  Курманбек Бакиевдин куттуктоосун төмөндө эч өзгөртүүсүз беребиз: "Урматтуу Бекен иним! Бүгүн 60 жашка чыгып жатасың! Мен сени тааныганыма 30 жыл болду. Убагында бийлик сен жетектеген гезиттерди жаап, анын ичинде “Криминал”, “Ордо”, “Кыргыз ордо” бар, азыр болсо “Жаңы ордо” гезитинин редакциясын жетектеп чындыктын ...

0 402

Темир Сариев: “Ак Шумкар” шайлоого сөзсүз барат, сүйлөшүү жүрүүдө, биригебиз”

12-октябрь 2019, 14:19 Айдар Нуралиев

Темир Сариев, “Ак Шумкар” саясий партиясынын лидери: “Ак Шумкар” шайлоого сөзсүз барат, сүйлөшүү жүрүүдө, биригебиз”, деп "АЗИЯnews" гезитине маек курган. --Темир Аргембаевич, сизди акыркы учурларда тоо-таштарда, марафондордо чуркап жүргөнүңүздү көрүп калып жатабыз. Спортту таштабайсыз. А саясатта кандай жаңылыктарыңыз бар? --Саясатчы катары мамлекеттин коомдук турмушуна, саясатчылар менен ар кандай маселелер боюнча жолугушууларга активдүү эле катышып жатам. Орчундуу окуялар боюнча ойлорумду ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 130

Мурдакы спикерлердин сунушу

12-октябрь 2019, 13:52 Айдар Нуралиев

Парламенттин экс-спикерлеринен турган кеңеш шайлоодогу 9 пайыздык барьерди 5 пайызга чейин түшүрүүнү сунуштады. Мурдагы төрагалар азыркы босого көптөгөн партияларды саясаттан четтетип, бийликке келүүсүнө тоскоолдук жаратып жатканын айтышууда.  15 экс-спикерден турган кеңеш 2010-жылы түзүлгөн. Бирок, ушул жылдын март айында гана алгачкы жыйынга чогулган. Мурдагы төрагалардын кезектеги отурумунда каралган маселелердин бири парламенттик шайлоого даярдык тууралуу болду, - дейт "АЗИЯnews" гезити. Булак: ...

12-октябрь 2019, 13:52 | 130
0 285

Садыр Жапаровду колдогон карапайым калктын саны арбып баратат

12-октябрь 2019, 13:23 Айдар Нуралиев

Саясый куугунтуктун желаргысы менен соттолуп кеткен Садыр Жапаровду Кыргызстандын булуң-бурчунан бери колдошуп, түрмөдөн чыгаруу үчүн кол топтоп атышкан карапайым элдин катары калыңдоодо. Демейдеги иш-чараларда каражаттын күчү менен мындай демилгелер араң өтчү эле. Ал эми Жапаровду колдоодо акчанын жыты да жок экени, жалаң патриоттор баш көтөрүшүп, чындык үчүн күрөшүүгө бет алышканы олуттуу көрүнүш болууда. Эч бир күнөөсү далилденбеген эл уулунун ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83