www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саясат
0 328

Жаңы депутат Сыдыгалиевдин ити чөп жей баштаптыр

09-октябрь 2019, 16:36 Алтын Булат

Депутат Бектен Сыдыгалиев Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине мүчө болду. Мындай чечим парламент жыйынындагы депутаттардын добуш берүүсүнөн кийин кабыл алынган. УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын мурдагы башчысы Бектен Сыдыгалиев 2019-жылдын 11-сентябрында Жогорку Кеңеште ант берип, «Кыргызстан» фракциясынан депутат болгон. Ал депутаттык ыйгарым укуктарын өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда токтоткон Насыр Мусаевдин ордуна келген. Булак: NazarNews.kg

0 532

Кыргызстандагы карызын Кытай кантип аларын ачык айтып салыптыр

09-октябрь 2019, 15:13 Алтын Булат

Кыргызстандын карызынан бир тыйын дагы кыскарта албай турганын Кытай тарап ачык эле билдириптир. Мындай жоопту финансы министри Бактыгүл Жээнбаева дагы ачык эле айткан. Тагырагы парламенттин сентябрдагы жыйынында, министр айым кытайлык “Эксим банк” менен карызды кечүү боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатканын айткан. Анан анын айткандарына Спутник жооп сураган. Финансы министрлигинен берилген ал жоопко таянсак, Кытай тарап кыргыз финансисттерин далыга таптап, Кыргыз ...

0 308

Ленин качып кетти

09-октябрь 2019, 14:46 Айдар Нуралиев

Эквадордун өкмөтү президент Ленин Морено менен кошо ушул түнү өлкө борборунан качып кетишти. Өлкөдө күйүүчү майга болгон баа өтө кымбаттап кеткендигине байланыштуу массалык каршылык башаламандыктар болуп жатат. Октябрь айынын башынан бери күйүүчү майдын баасы эки эсе кымбаттап кеткен. Шаарда коомдук унаалар токтогон, көчөлөр тосулган, бардык жерде топтошкон элдер. Каршылык көрсөткөндөр нефть чыгуучу 5 жерди басып алышкан. Өлкө борбору Китого ...

09-октябрь 2019, 14:46 | 308
0 273

Атамбаев өзүнө элдик республика түзүп алып эмне кылмак?

09-октябрь 2019, 15:40 Аман Аскаров

СДПКнын активдүү мүчөсү, учурда Кой-Таш окуясы боюнча камакта жаткан Алга Кылычев Кой-Таш айылындагы спецназды барымтага алуу операциясын Кундуз Жолдубаева уюштурган деген көрсөтмө бериптир. Буга чейин дагы Кылычев тергөө менен кызматташуу боюнча макулдашкандыгы тууралуу кабарланган. Аны Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина дагы тастыктаган. Эми Алга Кылычевдин көрсөтмөлөрүнө токтолсок. Анын айтымында Алмазбек Атамбаев бир гана ...

0 302

Чындыгында келгенде баары эле бир банда, бир топ...

09-октябрь 2019, 14:21 Айдар Нуралиев

--Кыргызстанда аш-тойлор да саясаттышып, салтанаттуу аянтчага айлана баштадыбы же келишкис эки жээктеги саясатчылардын бир столдо отурганы эки жүздүүлүкпү? Жолдошбек Бусурманкулов, акын, журналист, полковник: “Саясатчылардын эки жээкте жүрсө да бир столдо отурганынан саясат издебешибиз керек” --Мен эки жээкте жүрсө да, тойдо бир столдо отурган саясатчыларды сындагандан алысмын. Анткени, тойго барган саясатчылар үчүн эмес, той ээси үчүн барасың. Ошондуктан, талкууга түшкөн ...

0 273

Кундуз Жолдубаева сурак берүүдө

09-октябрь 2019, 13:55 Аман Аскаров

СДПК партиясынын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева ИИМдин башкы тергөө башкармалыгына келди. Ал башкармалыкка кызынын коштоосунда барган. Белгилей кетсек, бүгүн Жолдубаева өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына ага суракка келүүгө чакыруу жөнөтүлгөндүгү тууралуу маалымат жазган. Булак: NazarNews.kg

0 218

Турак жайды милдеттүү камсыздандыруудан кимдер бошотулат?

09-октябрь 2019, 13:11 Алтын Булат

Жаратылыш кырсыктарынан Кудай сактасын! Ошентсе дагы “жаман айтпай, жакшы жок” деген кеп бар эмеспи. КР мыйзамында турак жайды камсыздандыруу “милдеттүү” деп бекитилгенине карабай, анчалык ашыкпагандар көп экен. Балким буга бир чети мыйзамдардагы ачаке-жумакейлер деле себеп болуп жаткандыр. Ошентсе дагы милдетин албай койгон жарандарга кандай чара көрүлө турганы деле айтылбайт. Болгону айтылбаган кырсык болуп кетсе, мамлекет дагы анын милдетин албай ...

0 178

Ушул дагы парламентпи?

09-октябрь 2019, 13:11 Аман Аскаров

Биздин Жогорку Кеңеш, андагы эл өкүлү өңдөнгөн немелерди билесиңер да э? Баягычы, бири "бандит", экинчиси "чала спортик", үчүнчүсү "чала соодагер", төртүнчүсү "чала баш менен акылдуу", бешинчиси телефон чукулаган "механиктерди". Мына парламентте  бүгүн жолдогу эрежелерди бузуу боюнча салынган айып пулдардын өлчөмүнүн кыскартылышы тууралуу маанилүү маселе каралып жатканда 120 депутаттын ичинен 30га жетпегени отурду. Бирок, эртең менен эле катталганда ...

09-октябрь 2019, 13:11 | 178
0 134

Үйүн камсыздандыргандар көбөйөбү же тескерисинче азаябы?

09-октябрь 2019, 13:04 Алтын Булат

Бүгүнкү күнгө карата турак жай камсыздандыруу мамлекеттик фондунда 300 миллион сом бар. Бул тууралуу ЖКнын 9-октябрындагы, “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзам долбоорун кароо учурунда белгилүү болду. Анда айтылгандай, мыйзамда “милдеттүү” деп жазылганы менен камсыздандыруучулар элди мажбурлай алышпайт. Ошондуктан мыйзам чыккандан берки эки жарым жылдын ичинде 94 миң 575 обьект гана камсыздандырылса, анын ичинен 64 ...

0 110

Уран Рыскулов: “9 пайыздык тоскоол чекти ким ойлоп тапканы табышмак. Буга биздикилердин мээси жетмек эмес!”

09-октябрь 2019, 12:29 Айдар Нуралиев

Уран Рыскулов, коомдук ишмер: “9 пайыздык тоскоол чекти ким ойлоп тапканы табышмак. Буга биздикилердин мээси жетмек эмес!”, деп "Майдан.kg" гезитине маек курган. --Уран мырза, Кой-Таштагы окуяны иликтеген мамлекеттик комиссия адилеттүү чечим чыгарат деп ишенсек болобу? --Кой-Таштагы окуяны азыркы түзүлгөн комиссиянын курамында чындык ачыкка чыкпайт деп ойлойм. Анткени, комиссиянын курамына жогору жактагылар өздөрүнүн сөзүн эки кылбай турган адамдарды киргизишкен. Алар ...

0 184

Баткен ОИИБи: Атамбаевдин мурунку жан сакчысына тиешелүү унааларга айып пул салынды

09-октябрь 2019, 12:27 Айдар Нуралиев

“Кыргыз патриоту Эркин Мамбеталиев Баткендеги чек арачыларга эки жип белек кылды”. Мына ушундай жаңылык айрым маалымат каражаттарына чыкты. Андагы маалыматтар боюнча, ишкер Эркин Мамбеталиев чек арачылар менен жолугуп, алардын мекен алдындагы жооптуу ишин жогору бааларын, чек арада кез-кези менен кооптуу жагдайлар түзүлүп жаткандыктан, алардын материалдык-техникалык шартын жакшыртуу керектигин айтып, «Шевролет Субурман» үлгүсүндөгү 2 унаасын белекке берген. Чек ...

0 163

Турак жайды камсыздандырууга өзгөртүү киргизилет

09-октябрь 2019, 12:09 Алтын Булат

Тынымсыз жааган жамгыр турак жайды милдетүү камсыздандыруудан алынып салынат. Бул тууралуу ЖКнын 9-октябрындагы, “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзам долбоорун кароо учурунда айтылды. Экинчи окууда каралып жаткан бул мыйзам долбоор эгер колдоо тапса, мыйзамда каралган 18 жаратылыш кырсыгына карата камсыздоонун саны кыскартылат. Бул эл аралык практикада бар экенин финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик ...

0 653

Бош турган идиш жетишпестикти чакырат

09-октябрь 2019, 11:56 Айдар Нуралиев

Маани бербейбиз, же анчалык маанисин тереңдеп түшүнө албайбыз, кай бирибиз аны дегеле ырым кылбайбыз - сумка, куту, сандыкча, алтургай коробкаларды, банкаларды, чоң идиштерди куру эле бопбош жыйнап кое беребиз. Бардык бош жыйыналып турган нерсе жетишпестикти шартточу бир белги экенин эскертишет касиеттүүлөр. Бир четинен алып карасаң, азыр техника өнүккөн заманда кийим же буюмду кой, сүт-айранды да мыкты идишке куюп, дагы ...

0 173

Айылчы Сарыбаев: “Парламенттик башкарууну жогору жак дагы, ылдый жак жана өзүбүз да ашмалтайын чыгардык…”

09-октябрь 2019, 11:37 Айдар Нуралиев

Айылчы Сарыбаев, профессор: “Парламенттик башкарууну жогору жак дагы, ылдый жак жана өзүбүз да ашмалтайын чыгардык…”, деп "Майдан.kg" гезитине маек курган. --Айылчы агай, парламенттик шайлоо жакындап калды. Кыргызстанда парламенттик башкаруу өзүн-өзү актадыбы? Кийинки шайлоону партиялык система менен өткөрсөк туура эле болобу? --Мен парламенттик башкаруу болсо дегендердин бири болчумун. Себеби, партия жазылган программасына жараша иштесе деп партиялык системаны колдогондордун арасында болуп, ...

0 618

Бекназаровдун Атамбаевди үй камагына чыгаруу демилгесин колдойсузбу?

09-октябрь 2019, 11:18 Айдар Нуралиев

Мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров президент Сооронбай Жээнбековдун Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен болгон жолугушуусунда Алмазбек Атамбаевди ТИЗОдон бошотуу тууралуу да маселе көтөрүлгөнүн билдирди. Бекназаров Жээнбековго мурдагы президентти үй камагына коё берип, аны кайтарууга алынган “Ала-Арча” мамрезиденциясынын аймагына жайгаштырууну сунуштаган. “Кыргыздарда эч качан өз башкаруучуларын соттошкон, камакка алышкан эмес. Биздин заманбап тарыхта начар окуя башталды. Мындан улам мен Алмазбек Атамбаевдин ...

0 198

“ААЛАМДЫН ЭЭСИ” эмне дейт?

09-октябрь 2019, 11:15 Айдар Нуралиев

Ааламдан агылгандарды канар каптарга шыкагандар Кыргыздын саясаты улуттук колориттен сырткары мезгилдик өзгөчөлүктөргө да ээ. Адатта бизде митингдер, пикеттер, саясый опур-топурлар, опузалап опуруу-жапыруулар күздө, жазда күчөйт. Аны биз күздө элдин жыйым теримден колдору бошой түшсө, эрте жазда жазгы талаачылык иштеринин кызый электиги менен түшүндүрүп жүрсөк, медицина жаатындагылардын айтымдарында, анын башка себептери да бар экен. Адатта бул мезгилдерде өнөкөт ооруулардын баары ...

09-октябрь 2019, 11:15 | 198
Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 138

Жолдубаева суракка чакырылды

09-октябрь 2019, 10:58 Айдар Нуралиев

КСДП партиясынын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева ИИМге суракка чакыртылды. Бул тууралуу Жолдубаева маалымдап, чакыруу бүгүн, 9-октябрга саат 12:00гө белгилегенин жазды. "Криминалдык милиция саат 12:00гө тергөөгө деп чакыруу алып келди. Ага карабастан, алар мени өздөрү менен кошо азыр Башкы тергөө башкармалыгына барууга мажбурлоодо. Анда чакыруунун эмне кереги бар эле?", - дейт Жолдубаева. Булак: NazarNews.kg

09-октябрь 2019, 10:58 | 138
0 183

Мэрди унаага байлап, көчөдө сүйрөшкөн

Видео 09-октябрь 2019, 09:57 Айдар Нуралиев

Мексиканын Лас-Маргаритас шаарынын мэрин жергиликтүү тургундар унаага байлап, көчөдө сүйрөшкөн. Бул тууралуу чет өлкөлүк басмылмалар жазып чыгышты. 8-октябрда Мексиканын түштүгүндө жайгашкан Чьяпас штатындагы Лас-Маргаритас муниципалитетинин башчысы Хорхе Эскандон жергиликтүү тургундардан жабыр тарткан. Тургундар аны унаага жип менен байлап, шаардын бир нече көчөсүндө сүйрөтүшкөн. Полиция келип бошотпосо, Хорхе Эскандон эмне болмок, белгисиз? Буга калктын мэрдин ишине нааразылыгы себеп болгон. Мэр ...

0 130

Эл агартуунун отличниги күрөштөн коло медаль алды

09-октябрь 2019, 09:17 Айдар Нуралиев

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов ардагерлер арасында күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда коло медаль утуп алды.   Ардагерлердин дүйнө чемпионаты 8-13-октябрь аралыгында Грузиянын баш калаасы Тбилиси шаарында өтүүдө. 45 жаштагы Тазабек Икрамов грек-рим күрөшү боюнча 70 килограмм салмакта күч сынашты. Булак: NazarNews.kg

0 458

Атамбаевдин ичи көөп жатыптыр, жарылып кетпесин

08-октябрь 2019, 15:43 Алтын Булат

Сурактагы суроолорго жооп берүүдөн баш тарткан Атамбаев “талкан сугунма” ыкмасына өтүп алды. Мындай ашыкча сүйлөбөгөн кардары менен анын жактоочусу Сергей Слесарев сыймыктанып дагы алды. Маалыматка караганда, Азиз Батукаевдин абактан бошотулушу боюнча кылмыш ишинин алкагында суракка чакырылган мурунку президент Алмазбек Атамбаев тергөөчүлөрдун суроолоруна жооп берген эмес. Бир кездери сурагы жок эле, саясаттын шорпосун тили менен кайнаткан экс-ажонун “балп” этмеси, айткан ...

0 245

Бети калың «Бульдозерди» ким тыят?

08-октябрь 2019, 15:12 Айдар Нуралиев

Буга чейин Бекназаров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жоопко тартып эле тим болбой, аны кустуруу керектигин мындан 4 ай мурда курултайда айтып чыккан. 7-октябрда болсо маалымат жыйын өткөрүп анда, кайра АШАны үй камагына чыгарууну сунуш кылды. Анын логикасына таянсак, элди эзип, мамлекетти сызга олтургузгандар түрмөгө камалбашы керек экен. Үй камагында гана жылуу-жумшак отуруп, кааласа тергөөчүлөргө сурак берсе болот имиш. Бекназаровдун бул айткандары ...

0 561

Абактагы Алга Кылычев сагызгандай сайрап, СДПЧларды дүңүнөн "сатып жатат"

08-октябрь 2019, 13:32 Аман Аскаров

Мурдагы президент, азыркы тапта бир катар кылмышка шектүү катары өтүп жаткан Алмазбек Атамбаевдин катарында Алга Кылычев деген эргул бар болчу. Ошол эргулду убагында Атамбаев кантип командасына кошкон ким билсин, далай кызматтарды берди убагында, ал кызматтардан ызы-чуу менен кетип жүрдү. Негизинен эле жүзүнөн саткын, ишеничтүү эмес экени байкалып турчу.  Атамбаевдин тарапташтарына эми жетсе керек. Айтсак, мурдагы президенттин ...

0 148

Иранда кармалган Юлия Юзик тыңчыбы?

08-октябрь 2019, 11:50 Аман Аскаров

Тегерандын укук коргоо кызматы тарабынан кармалган Юлия Юзикти Иран бийлиги тыңчылыкка (шпионаж) шектеген жок. Мындай маалыматты Иран ислам республикасынын өкмөтүнүн мүчөсү Али Рабии маалымдады. Буга чейин Юлия Юзик дал ушул шек боюнча колго түшүрүлдү деген маалымат тараган болчу. Али Рабиинин маалыматы боюнча азыркы тапта бардык маалыматтар тыкыр изилденип, текшерилип жатат. Белгилүү болгондой, россиялык журналист Тегеранга ...

0 594

ВИДЕО - "Сооронбай Жээнбеков ааламдын мыйзамын билбейт, Арстан Алай ааламдан буйруган"

Видео 08-октябрь 2019, 11:02 Аман Аскаров

Таттуу жана Сагындык аттуу эки жаран кимге видео кайрылуу жөнөтүп жаткандыгын биз деле түшүнгөн жокпуз, президенткеби, элгеби же ааламгабы? Алардын айтымында, азыр өлкөнүн иши жүрүшпөй жаткандыгына жалгандык себепкер экен. Андан сырткары, учурдагы президент ааламдын мыйзамын билбейт, ал эми Арстан Алай бардыгын кыйратат имиш. Бардыгын жогорудагы видеодон көрүп, жыйынтык чыгарып алсаңыздар болот.  Булак: NazarNews.kg

0 321

УКМК: “Абдуллаевдин видеосуна биздин тиешебиз жок”

07-октябрь 2019, 18:05 Айдар Нуралиев

2019-жылдын 5-августунда КР Башкы прокуратурасы тарабынан Алина Шаиковага карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жызы кодексинин 319-беренеси (коррупция) боюнча кылмыш кылгандыгы тууралуу билдирме жөнөтүлүп, ал издөөгө жарыяланган. Сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Алина Шаикованы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы маалымдады. Маалыматка караганда, соцтармактарда жарыяланган «ИНФОКОМ» Мамлекеттик ишканасынын мурунку директору Талант Абдуллаевдин видеосуна УКМКнын эч кандай тиешеси жок. Эске салсак, YouTube ...

0 218

ВИДЕО - Алина Шаиковага каршы Талант Абдуллаев көрсөтмө бергени чынбы?

Видео 07-октябрь 2019, 18:06 Аман Аскаров

YouTube каналында “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору Талант Абдуллаевдин видео   көрсөтөмөсү жарык көрдү. Анда ал мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Алина Шаикова жалпы жарандык паспортторду даярдоо үчүн өткөрүлө турган тендерде Литвалык “Гарсу Пасаулис” компаниясын колдогондугу тууралуу айтылат. Бул колдоо үчүн Талант Абдуллаев өзү дагы 20 миң доллар өлчөмүндө пара алгандыгын тастыктап жатат. Бул видео материал качан, ...

0 219

Экс-мэрлердин сотуна Мусажан Макелекти күч менен алып келүү боюнча чечим чыкты

07-октябрь 2019, 17:57 Айдар Нуралиев

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда өтүп жаткан мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук отуруму уланды. Анын жүрүшүндө Ибраимовдун адвокаты Сергей Слесаревдин өтүнүчү менен кошумча күбө катары мурдагы финансы министри Ольга Лаврова жана Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) мурдагы директору Асылбек Чекиров көрсөтмө берди. Жыйындын жүрүшүндө ТВЕА компаниясынын өкүлү Мусажан Макелекти сот отурумуна мажбурлап алып ...

0 2266

Окуучуну сүзүп, качып кеткен депутат кармалды

07-октябрь 2019, 17:35 Алтын Булат

Жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн өтүп бара жаткан баланы сүзүп кеткен учур ондогон адамдардын көз алдында болуп өттү. Маалыматтарда айтылгандай, кырсык 4-октябрда, Новороссийск шаарында болгон. Range Rover унаасын башкарып бара жаткан жергиликтүү думанын депутаты Виталий Бут балага жардам бергендин ордуна из жашырып кеткен. Депутат Бут ал учурда мас абалда болгон. Бул анын качып бара жаткандагы унаасын эринбестен ээрчип барып, короого ...

0 382

“Эч кимди унутпаптыр. Дипломатпы же чекистпи?”

07-октябрь 2019, 17:09 Айдар Нуралиев

Социалдык тармактарга кайнаса каны кошулбаган 3 адамдын чогуу түшкөн сүрөтү жарыяланып, ал сүрөт элдин эрмегине айланды. Сүрөт Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаевдин уулунун үйлөнүү тоюнда тартылган. Биз бул сүрөт боюнча өз ойлорун айткандардын айрымдарын жарыяладык. Булак: NazarNews.kg

0 339

Опурулган Опумбаев УКМКнын башчылыгынан кетет дейби?

07-октябрь 2019, 15:56 Алтын Булат

Ушул жума ичинде УКМК башчысы Орозбек Опумбаев кызматтан кете турганы айтыла баштады. Учурда бул маалыматка ишенбегендер, таң калган жана алдын ала куттуктап ийгендер дагы бар. Ал эми азырынча, Опумбаевдин кете турган себептери айтыла элек. Анткен менен Ак үй, Көк үй тараптан күбүрт-шыбырт угулгансыйт. Эми буга Опумбаевдин “опкасынан” сайылган операциялары себеп болгон өңдүү. Эске салсак, Кой-Таштагы №1 тероррчу кармалгандан кийинки ...

0 243

Козу карын терген Путин. Орус ажосунун туулган күнүнүн алдында эс алган учурдагы сүрөттөрү

07-октябрь 2019, 15:01 Айдар Нуралиев

Орусия президентинин маалымат кызматы Путиндин туулган күнүнүн алдында тайгада жаратылыш койнунда эс алган сүрөттөрүн жарыялады. Сүрөттөрдөн орус лидеринин Коргоо министри Сергей Шойгу менен бирге тоого чыгышканын, козу карын теришкенин көрүүгө болот. Белгилей кетсек, бүгүн, 7-октябрда Владимир Путин 67ге толду. Булак: NazarNews.kg

0 538

"Элчи болдум" деп элирген чалдын калпы чыкты

07-октябрь 2019, 14:18 Айдар Нуралиев

Саясатчы Азимбек Бекназаров президент Сооронбай Жээнбеков ага ар кандай кызматтарды сунуш кылып келе жатканын бүгүн басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, учурда ал кызматка баруу боюнча чечим кабыл ала элек. — Президент мага «сиз канча жылдан бери жумушсуз жүрөсүз. Бардык президенттерге мокочо болуп көрүнүп келе жатасыз. Мен сизди түшүнөм, экөөбүз чогуу депутат болгонбуз» деди. Бирок мен «биз эки жолу ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 989

ВИДЕО - Мирбек Атабеков депутат болот окшойт...

Видео 07-октябрь 2019, 13:33 Аман Аскаров

Белгилүү ырчы Мирбек Атабеков атагы алыска кеткен Руслан Казакбаевдин тоюнда “мой друг” аттуу ырын жандуу ырдап, тойдогу адамдардын көбүн жашытып алды. Мирбек Атабеков Өмүрбек Бабанов, Руслан Казакбаев, Мирлан Жээнчороев ж.б. үлкөндөргө обон созуп жаткандыгында бир нерсе бардай көрүнөт.  Депутат болобу деп турабыз. 2020-жылкы парламенттик шайлоодо “Республика” партиясы марага жетишип калса албетте. Эмнеси бар? Кыргыз саясаты ушундай экен. Мисалы, ким ...

0 113

Жээнбеков Путинди туулган күнү менен куттуктады

07-октябрь 2019, 11:25 Аман Аскаров

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-октябрда, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады. «Сиздин акылдуу жана көп тармактуу саясатыңыз, алысты көрө билүүчүлүк жогорку даражаңыз жана масштабдуу коюлган милдеттер, Россиянын ар тараптуу өнүктүрүүгө жана гүлдөп өсүүсүнө багытталгандыгы, россия элинин жана жалпы дүйнөлүк коомчулуктун сый-урматына жана жогорку ишенимине татыктуу. Сиздин жеке көңүл бурууңуз жана ...

0 920

Жоомарт Сапарбаев кайда?

07-октябрь 2019, 10:52 Аман Аскаров

Өмүрбек Текебаевди көрдүңөр “тезкасы” жана Кадыр Атамбаев менен бирге түшкөн сүрөтүн. Бирок бир нерсе эске түштү. Убагында дал ушул Текебаевдин партиясына жан үрөп жүргөн, “Ата Мекен” партиясын 2010-жылы парламентке өтүшүнө зор салымы бар Жоомарт Сапарбаев кайда? Айрымдары аны Америкада, айрымдары Чоң-Арыкта жашайт, айрымы анын парламенттеги орду соодага түшүп, үлкөндөр менен таарынышып кеткен дейт. Бирок, бир чындык бар, бул жигит партияга убагында опол-тоодой ...

07-октябрь 2019, 10:52 | 920
0 996

Каршылаштар күндүз урушат, кечинде тойдо "өбүшөт" деген чын

07-октябрь 2019, 09:45 Аман Аскаров

Руслан Казакбаевдин баласынын тою тимеле сенсациялардын булагы болду көрүнөт. Эми тойдун өзү тойдой эле өтсө керек. Кептин баары ал жерде чогулган бомонддордо болууда. Эки Өмүрбекти эл бирикпей турган оппоненттер деп ойлоп жүргөн. Бирок саясатың ушундай сасык экен дейсиң. Эл айтса калп айтпайт дейт эмеспи, анысы сыңарындай саясатчылар күндүз бири-бирине душман көрүнөт, кечке маал бир тойдо көрүшүп, “өбүшүп” калат дегени чын ...

0 524

Шарабидин Токтосунов: “Жапаровго илинген кылмыш УКМКнын мурдагы башчылары тарабынан ойлонулуп табылган”

07-октябрь 2019, 09:21 Алтын Булат

Садыр Жапаров күнөөсүз камалганын кыргыз атпай журту кан какшап айтып келет. Ал турсун жакындан бери “Жапаровду колдоо” топтору түзүлүп, алар миллиондогон элдин колун чогултканга жетишкени айтылууда. Кыскасы, Жапаровдун учурдагы акыбалынан тарта мына ушул карапайым элдин тынчсыздануусуна чейин анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов менен маектештик. - Шарабидин ага, мына Садыр Жапаров камалгандан бери, апасы, атасы жана баласы өтүп кетти. Бул ...

0 244

Эки Өмүрбек жана Атамбаев бириккенде

07-октябрь 2019, 09:52 Аман Аскаров

Эки Өмүрбек, бир Атамбаев. Бир сүрөттө. Ушуну бирөө айтса ишенет белеңиз? “Миң уккандан бир көргөн артык”. Өмүрбек Бабановдун кан досу Руслан Казакбаевдин тоюна далай үлкөн чогулду. Бирок ал кызык эмес. Баарын кызуу талкууга алган Текебаев, Бабанов жана Кадыр Атамбаевдин сүрөтү болуп турат азыр. “Атам өлсө өлсүн, атамды көргөн өлбөсүн” дегендей эле. Бир туруп сүйүнөсүң, бир туруп таң каласың. Мүмкүн, ...

0 234

Абылгазиев: "Бюрократиялык процедуралар убакыттан уттуруп, жарандардын нааразычылыктарына алып келет"

07-октябрь 2019, 09:53 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ош шаарына жумуш сапарынын жүрүшүндө Ош аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын «Бирдиктүү терезе» бөлүмүнүн иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев «Бирдиктүү терезе» тутумунун иштөө системасын тааныштырды. Бөлүм жарандардын арыздарын кабыл алат, «Бирдиктүү терезе» тутуму ...

0 409

КУЛАКТАНДЫРУУ: Боом капчыгайында жол жабык болот

06-октябрь 2019, 15:09 Айдар Нуралиев

Поезд жана автомобиль каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2019-жылдын 7-октябрынан тартып, 11-октябрга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт автомобиль жолунун Боом капчыгайындагы 131- чакырымында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдирди. "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы Боом капчыгайында таштарды күч менен кулатуу иштерин улантат. Таштарды кулатуу иштери автомобиль жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан, 2019-жылдын 7-октябрынан тартып, ...

0 2653

ВИДЕО - Бишкекте белгилүү чиновник катуу таяк жеди. Аты-жөнү такталып жатат

Видео 07-октябрь 2019, 09:54 Аман Аскаров

Бишкекте добуш сатып алам деген бир бай-манап таяк жеди. Учурда териштирүү иштери жатат. Жабырлануучунун айтымында “бардыгы эле ойдогудай жүрүп жаткан. Кайсыл маалда “добушун сата” турган адамдын көңүлүнө жакпай калдым, билбейм” дейт ал өз көрсөтмөсүндө. Ал эми айыпталып жаткан адам болсо “бардыгы жабырлануучу айткандай, бирок кылган ишиме өкүнбөйм” дейт. Булак: NazarNews.kg  

0 464

ФОТО - Азизден Таалайбектин эмнеси кем?

07-октябрь 2019, 10:07 Аман Аскаров

Кийинки убакта Ош шаарында жакшы жышаандар арбып бара жатат. Мындан көп эмес убакыт мурун шаардын Токтогул паркы оңдоп-түзөөдөн өткөн. Эми “Ак Ниет” сейил багы ачылды. Анын ачылышына премьер-министр дагы катышты. Ал өз сөзүндө “Ош шаары стратегиялык географиялык абалда жайгашкан. Кийинки күндөрдө шаарда завод-фабрикалар курулуп жатат. Бул жакшы жөрөлгө”- деп келди. Мындайча айтканда, “Манастан Чубак кем бекен” дегендей “Азизден Таалайбектин эмнеси  ...

0 466

Депутаттар айлыгы аздыгына нааразы

07-октябрь 2019, 10:10 Айдар Нуралиев

Бери жагы 40-50 миң долларлык кымбат баалуу унааларды айдаган Жогорку Кеңештин депутаттарынын айлыктарынын өлчөмүнө коомчулукта кызыгуу чоң экени талашсыз. Көбүнесе эл өкүлдөрүнүн басымдуусу маяналарын жашырып, ачык айтышпайт. Анткен менен арасында элдин өкүлү болгон эмгегине айына канча акы алып жатканын жашырбагандар да бар экен. Мисалы, депутат Карамат Орозова массалык маалымат каражаттарынын бирине айлыгы 25 миң сом экенин айтса, Ата-мекенчи депутат ...

0 574

Ири курулуш базарына ээлик кылган депутатты аюу өлтүрүп салды

07-октябрь 2019, 10:15 Айдар Нуралиев

Орусия Федерациясынын Якутия республикасынын парламентинин мурдагы депутаты Александр Крылов аңчылыкка чыккан учурда аюунун тиш салуусунан улам каза болду. Бул тууралуу “Якутия жаңылыктары” порталы Оймякон башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Игорь Водовозовго таянуу менен жазды. Басылма кабарлагандай 45 жаштагы Крылов өзү аткан аюуну өлгөнүн текшерүү үчүн жанына барган учурда жырткыч ага кол салып, өлтүрүп койгон. Якутск шаарындагы ири курулуш базарына ээлик ...

0 1444

Экс-спикерлер кеңеши Жумабеков менен Жээнбековго шайлоо боюнча сунуш берди

06-октябрь 2019, 12:43 Айдар Нуралиев

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин экс-спикерлеринен куралган кеңеш жаңы отурумга чогулуп, өлкөдөгү саясий кырдаалды, чек арадагы абалды жана алдыдагы парламенттик шайлоого даярдыкты талкуулады. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган кеңештин мүчөсү, парламенттин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев билдирген. Анын айтымында, алар шайлоо боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн азыркы төрага Дастан Жумабековго жана депутат Асылбек Жээнбековго сунуштарды беришти. - Бизде мыйзам долбоорун сунуш кылуу укугубуз жок. Ошондуктан аларга ...

0 370

Эмилбек Каптагаевдин сөзүндө калет жок ...

06-октябрь 2019, 11:45 Айдар Нуралиев

Убагында Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, губернатор болгон коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына: "Саясий мейкиндикти толугу менен кыргыз тилине өткөрүүгө эч кандай акча-каражаттын кереги жок", деген пикирин жазып чыкты.  Бир окуп, көз жүгүртсөң сөзүндө калет жок!  -Саясий мейкиндикти толугу менен кыргыз тилине өткөрүүгө эч кандай акча-каражаттын же кошумча саясий чечимдин зарылчылыгы жок! Саясий жана коомдук терминдер толугу менен калыптанган, кандай ...

0 340

Кайсыл депутат байлыгын жашырып жүрөт билесизби?

06-октябрь 2019, 11:47 Аман Аскаров

Бирдиктүү салык декларациясын милдеттүү түрдө бардык жарандар толтурушу керек. Анда адамдын бир жылдык кирешеси, кыймылдуу, кыймылсыз мүлкү, топтогон байлыгыбы ж.б тууралуу маалымат бериши керек. Бирок, чиновниктер ар дайым бул мамлекеттик эрежени сактабай келет. Айрымы толтурса айрымы толтурбай же кечиктирип жүрөт. Кечиккендердердин арасында лидерликте Мамлекеттик каттоо кызматы жана Жогорку Кеңеш турат. Булар укмуш ийкемдүү келишет бул маследе. Ийкемдүү дегенибиз, ары бери ...

0 618

Отунбаеванын көкүрөгү тазабы?

06-октябрь 2019, 10:25 Айдар Нуралиев

Негизи Азимбек Бекназаровдун “тигилерден” артыкчылыгы алды, артын тегиз караганында дегенге негиз бар. Маселен, ал өзгөлөрдөй болуп толорсукту тиштеп тура бербей, кое бере турган мезгилде тим коер эрдиги бар. Өткөндө башкалар кылгысы келбеген иштен качпай, Атамбаевди жоктотпой эс алчу жайга бак отургузду. Башкасы буга даамак тургай ичинен Алмаздын жоктугуна кудуңдап турушту. Ошол эле күнү президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушканда көзүн ...

06-октябрь 2019, 10:25 | 618
Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 126

Өткөөл мезгил жана парламенттик өлкө

06-октябрь 2019, 10:12 Айдар Нуралиев

Азыркы күзгү оомал-төкмөл, туруксуз аба-ырайы Кыргызстандагы учурдагы коомдук-саясий кырдаалдын күзгүдөн так чагылып турган элеси сымал да сезилет. Бир жагынан карасаң, быйыл кыш абдан катуу болот экен, өтө эле эрте жана күтүүсүз түшөт экен дешсе, экинчи жагынан - эч нерсе болбогондой эле, баягы көнүмүш, жана да азырынча эч кандай оптимисттик маанайларга негиз бербей турган илең-салаң турмуш агымы өтүүдө… Парламенттик республикага өтүү ...

0 134

Мухаммедкалый Абылгазиевдин Ош жана Баткен облустарына жумушчу сапары

06-октябрь 2019, 08:50 Айдар Нуралиев

5-октябрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ош жана Баткен облустарына, Ош шаарына жумушчу сапары менен барды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы С.Токторов атындагы мектептин жана Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылдык округундагы суу менен камсыздоо тутумунун ачылышына катышты. Ошондой эле Ноокат районунун Кара-Таш айылдык округундагы бала бакчанын, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы шифер заводунун курулуш иштеринин ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83