www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саясат
0 201

АУДИО - Темирлан Султанбековдун Асылбек Жээнбековго асылганынын сыры эмнеде?

Аудиофайл 25-октябрь 2019, 13:24 Айдар Нуралиев

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жанында жүргөн Темирлан Султанбеков деген бар эмес беле. Унута элек болсоңор керек, «Кыргыздын душманы - кыргыз, Манасты кыргыздар өлтүргөн» -деп, «Форумдун» алдында шолоктоп ыйлаган так ушул Темирлан Султанбеков эмес беле. Боорду эзген бул чунак экс-спикер Асылбек Жээнбековду ЖЭБдеги коррупцияга айыптап, Башкы прокуратурага арыз жолдоптур. Албетте, мунусу суу кечпейт деңизчи. Анткени, ошол маалдагы Координациялык кеңештин чечиминен кийин өкмөт ...

0 1204

Нурлан Мотуев: "Камчынын таасири деле калбаптыр. Батукаевден бийлик чочулап, түрмө жетекчилери коркуп турушчу”

25-октябрь 2019, 09:24 Бакыт Молдалиев

“Чынында эле ушундай. Эки жыл мурда менин түрмө жетекчилиги менен салгылашканыма бийлик да, “мыйзамдагы ууру” Камчы да кайдыгер карап коюшкан. Кайра өзүмдү күнөөкөр кылып, бир жыл зонага айдап жиберишкен. Ошондо эле түңүлгөм, “уурунун” таасири деле калбаптыр деп. Батукаев бар кезинде, андан бийлик чочулап, түрмө жетекчилери болсо коркуп турушчу”. Мындай пикирин коомчулукка ар кайсы күтүүсүз кадамдары, чакырыктары менен белгилүү болгон ...

0 221

СҮРӨТ - Жогорку Кеңеште жомоктогудай добуштар берилди

25-октябрь 2019, 09:03 Алтын Булат

Парламенттин кечээги, 24-октябрдагы жыйынындагы добуш берүү таблосунда көрсөтүлгөндөй, 109 депутат катталган. Каралган маселелерге депутаттардын дээрлик баардыгы тең “макул” деген добуш беришкен. Кызыгы, жыйындар залында олтурган реалдуу депутаттардын санында болуп жатат. Анда табло көрсөткөн сандын жарымы да жок. Тагыраагы, бир депутат олтурса, жанындагы эки кресло бош турат. Эми эртең бул жактырылган мыйзамдардын ичинен талаштуу жагдайлар жаралып калса, азыр залда жоктор, ...

0 1151

Бакыт Төрөбаев: “Мен кайра-кайра депутат болуп келе бергенден уялбайм!”

25-октябрь 2019, 09:07 Бакыт Молдалиев

Мындай маанидеги пикирин Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев “Марал” радиосунун “Айлампа” берүүсүндө радио угармандын суроосуна жооп берип жатып билдирди. Анда угармандардын бири: “Мурунку депутаттар, тагыраагы, кайра-кайра депутат боло бергендер эмне үчүн ал жерден кеткиси келбейт? Эмне, алар депутаттыкты менчиктештирип алганбы? Ошон үчүн партия лидерлери шайлоонун сценарийин өздөрү түзүп жатышат. Анан өздөрү билип, шайлоо тизмесине бул кирсе болот, бул болбойт ...

0 311

Жалал-Абад: Мэриядагы уурулук. Мыйзам билбеген депутаттар...

25-октябрь 2019, 09:28 Бакыт Молдалиев

Аталган шардык кеңештин өткөн сессиясында депутаттар “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгынын башчысы Төлөн Бакировго ишенбөөчүлүк көрсөтүү маселесин карашып, бирок, алар кабыл алган токтом мыйзамсыз экенин шаардык прокуратура көздөрүнө сайып көрсөтүп берип койду. Эми депутаттар жана аларды “көмүскө” тукурган болушу мүмкүн болгон айрым күчтөр эмне кылышаарын билбей, баштарын кашып турган чагы. Ошол эле Төлөнов жергиликтүү аткаруу бийлиги ...

0 523

Өзбекстанда блогер кызды эркектердин көзүнчө жылаңач чечиндиришип, жиндиканага жаткырып коюшкан

25-октябрь 2019, 09:19 Бакыт Молдалиев

21-октябрда Өзбекстандын акыйкатчысы башында турган атайын комиссиянын мүчөлөрү психиатриялык клиникага мажбурлап жаткырылган блогер Нафосат Оллашукурова менен жолугуп чыгышты. Комиссиянын курамындагы активисттердин бири Нафосат Оллашукурованын иши боюнча толук баяндама жакынкы убактарда жарыялана турганын билдирди. - Оллашукурова комиссия мүчөлөрүнүн баардык суроолоруна так жана логикага ылайык жооп берди. Үч саатка созулган сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ал 37 жолу оорулуу эмес экенин айтып, 21 жолу бул клиникадан чыгарууну өтүндү. ...

0 818

Тынчтык Шайназаров: «Мыйзамды урганым жок, мамлекетиңди урганым жок...»

25-октябрь 2019, 09:21 Айдар Нуралиев

"Өнүгү-Прогресс" фракциясынан ЖК депутаты Тынчтык Шайназаров "Азияnews" гезитине ИИМдин акыркы учурда иштеп жаткан абалы тууралуу маек куруп берди. - Тынчтык Ураимович, кесиптешиңиз Жанар Акаев Бишкектеги «Мадина» кафесинин ээсинин мыкаачылык менен өлтүрүлүшүн мисалга тартып, «криминал баш көтөрө баштады» дегендей пикир айтты. Сиз бул пикирге кошуласызбы? - Ар бир кылмышты «көзөмөлдөн чыгуу» деп таанысак болот. Ички иштер министрлиги, атайын кызматтын кээ ...

0 1430

Өөхх... ий! Дастан Артисбекович дагы тантыды

25-октябрь 2019, 10:52 Алтын Булат

Эскертүү! Түшүнүп, кайра-кайра окуп чыгыңыз! “...конведенц..., исынын..., администард...труд...сы...труд, банка...а... банкы, ребе... ыы, ребальтациялоо, гранат... ой, грант, Жусум, жусу...”, -деп спикердин тили дагы сынды. Парламент төрагасы Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин бүгүнкү 24-октябрдагы “Ар түрдүү маселелер” жыйынындагы күн тартибинде карала турган мыйзам долбоорлордун тизмесин окуп чыкты. ПыСы: Албетте, мында Дастан мырзада айып жок. Аны беймазага салган ошол долбоорлордун темасы күнөөлүү. Аны ...

0 310

Макгрегор Путинге виски белек кылды

24-октябрь 2019, 17:41 Айдар Нуралиев

Ирландиялык ММА мушкери Конор Макгрегор Орусиянын президенти Владимир Путинге Proper 12 вискисинин бир бөтөлкөсүн белек кылганын билдирди. Анын Москвада маалымат жыйында минтип айткан сөзүн Лента.ру жазып чыкты.   Макгрегордун сөзүнө караганда, бул бренддин астында биринчи өндүрүлгөн бөтөлкө Путинге тийген. Макгрегор вискини уу бар-жогун текшерип көрүүсү үчүн орус лидеринин жан сакчыларына калтырган. Эске салсак, Макгрегор Путин менен 2018-жылы футбол боюнча ...

0 275

Эми митингге балдарды ээрчитип чыгууга болбойт

24-октябрь 2019, 17:03 Айдар Нуралиев

Казакстан парламентинин төмөнкү палатасынын депутаттары сенат депутаттарынын митинг боюнча сунушун колдоп беришти. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты. Маалыматка караганда, эми жашы жете элек балдарын каршылык акцияларына алып чыккан ата-энелер жазага тартылмакчы. Жаза катары – айып пул же 10 күнгө чейин камакка алуу каралган. Буга мурда митингге балдары менен кошо чыгып жүргөнү себеп болгон. Депутаттардын ою боюнча, балдарды митингдерге ...

0 165

Оорулууга жан кайгы, дарыгерге пул кайгы

24-октябрь 2019, 16:33 Алтын Булат

Кыргызстандын баш мыйзамында “медицина бекер” деп жазылганы менен, ал гүлдөгөн бизнеске айланганы анык. Бул маселени парламенттин бүгүнкү 24-октябрдагы “Ар түрдүү маселелер” жыйынында депутат Максат Сабиров да айтып чыкты. - Мына бизге миңдеген каттар келип жатат. Депутаттардан жардам сурап атышат, “операцияга акча бергиле, саламаттыкты сактоо кызматына жазып кичине арзандатып бергиле” – деп. Бирок биздин айлабыз кетип билбей жатабыз. Кайсы тариф ...

0 121

Мухаммедкалый Абылгазиев Орусияга кетти

24-октябрь 2019, 16:34 Бакыт Молдалиев

Бүгүн, 24-октябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Россия Федерациясынын Москва шаарына иш сапар менен учуп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. Андагы маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында өкмөт башчы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына, ошондой эле ушул жылдын 25-октябрында өтө турган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги отурумуна катышат. Айтылгандай, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында күн ...

0 398

Беш депутат аркар, кулжа атканы аңчылыкка чыкмай болушту

24-октябрь 2019, 21:45 Айдар Нуралиев

Жогорку Кеңештин депутаттары Тынчтык Шайназаров, Исхак Пирматов, Алтынбек Сулайманов, Алмамбет Шыкмаматов жана Аалы Карашев чогулуп сүйлөшүп отурушат. Бир убакта Алтынбек Сулайманов: “Кыргызстандагы элик, бугу, арка, марал жана башка сейрек кездешкен жаныбарларды атууга тыюу салдык, эми качан “охотага” чыгалы” -дейт кесиптештерине карап. Тынчтык Шайназаров: - Мен макулмун, жакшы сунуш экен. Исхак Пирматов: - Кимдер менен баралы? десе, Аалы Карашев, колун ...

0 135

Молдомуса Конгантиев ысымы көчөгө ыйгарылгандыгына каршы эмес

24-октябрь 2019, 15:50 Аман Аскаров

Жакында Аламүдүн районунун Алтын-Ордо конушундагы көчөлөрдүн бирине 2008-2010-жылдары ички иштер министрлигин жетектеген Молдомуса Конгантиевдин ысымы берилгендиги тууралуу маалымат тараган. Ал жаңылык  коомдо кызуу талкууга алынып, далай талаш-тартышты дагы жаратканга үлгүрдү. Бул боюнча Конгантиев жергиликтүү маалымат агенттигинин бирине өз оюн билдирип, ал боюнча кабарды жакында эле уккандыгын айтып, негизинен ысымы кайсыл бир көчөгө ыйгарылгандыгына каршы эмес экендигин билдириптир. "Көчөгө атым ...

0 356

Мадеминов, Касымбеков, Карамушкина, Кодурановалар Алмазбек Атамбаевдин алдында эмне үчүн карыздар болуп калышты эле?

24-октябрь 2019, 15:49 Айдар Нуралиев

Эки күндөн бери, тактап айтсак, 23-октябрдан бери Конституциялык палата мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс-президент деген статусунун алынганынын мыйзамдуулугун карап жатканы белгилүү. Буга себеп Атамбаевдин тарапташтары анын кол тийбестигинен ажыраганына нааразы болуп, Конституциялык палатага арыз менен кайрылышкан. Ошентип Конституциялык палатанын эки күндөн берки соттук коллегиясына Жогорку Кеңештин депутаттары болгон Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, Мурадыл Мадеминов, КСДПчы экс-депутат Нурбек Касымбековдор таңдан кеч ...

0 912

Бүгүн Жогорку Кеңештен “тирүүлөй” үч депутат жоголду

24-октябрь 2019, 15:51 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеӊештин «Ар түрдүү маселелер» саатында депутат Тынчтык Шайназаров тергөөчүлөрдүн ишмердүүлүгүнө токтолду. Бул тууралуу ЖК Басма сөз кызматы жазып чыкты. «2019-жылдын 1-январынан бери жаӊы кодекстер иштеп келе жатат. Ошондон бери бардык күч органдарындагы тергөөчүлөрдүн өндүрүшүндөгү иштер болжол менен үч эсе өстү»,- деген депутат буга сандык маалыматтарды келтирди. Эл өкүлү акыркы алты айга талдоо жүргүзүп, тергөөчүлөр тарабынан каралган ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1188

Кылмыш дүйнөсүнө кылкандай сайылган Жанар Акаевди атып кетишпейби?

24-октябрь 2019, 15:18 Айдар Нуралиев

Жогорку Кеңештин эркин депутаты Жанар Акаев буга чейин “Мадина” кафесинин ээси өлтүрүлгөнүн, кылмыш дүйнөсү баш көтөргөнүн, ИИМ иштей албай атканын, ишкерлер корголбой калганын жар салып, дегеле укук коргоо органдарында саясий эрктин жок экенин баса белгилеген. Айтып оозду жыйгыча түндө дагы бир ишкердин жансыз денеси “Манас” эл аралык аэропортунан табылып, жанындагы ири суммадагы каражаты тонолгону ачыкталды. Дал ушул маселени да ...

0 380

"Депутаттарды" атууга болот десе ДОБУШ берет белеңиз?

24-октябрь 2019, 15:07 Айдар Нуралиев

15-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков «Ак илбирсти сактайлы» аталышындагы алгачкы эл аралык кайрымдуулук марафонуна катышып, Жогорку Кеңештин депутаттары менен бирге 5 чакырым аралыкка чуркаган. Иш-чаранын соңунда төрага, «2013-жылы Бишкекте ак илбирсти сактоо боюнча Бүткүл дүйнөлүк форум өткөн. «Ак илбирсти сактайлы» аталышындагы эң чоң байге фонду менен эл аралык кайрымдуулук марафону жана Борбор ...

0 147

Кожобек Рыспаев: "Профсоюз уюму мафиянын туу чокусуна жетиптир"

24-октябрь 2019, 15:11 Айдар Нуралиев

ЖК депутаты Кожобек Рыспаев азыркы профсоюздун иштеп жаткан иштери боюнча "Азияnews" гезитине маек куруп берди. - Кожобек мырза, профсоюз уюмунун ишин текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлгөнү жатат. Бул мекемеде кандай калпыстык иштер бар экен? - Профсоюз бирикмеси негизи аябагандай коррупциянын очогуна айланган, эл нааразылыгын арбыткан мекемеге айланды. Булардын иши менен мурдараак түзүлгөн жумушчу топ иштеп жатат, Демилгечилер улам мыйзам алып ...

0 593

КАЙРЫЛУУ: Сооронбай Жээнбековго курултайчылар "эсиңе кел" деп кат жазды

24-октябрь 2019, 14:40 Айдар Нуралиев

Кыргыз элине Кыргыз Республикасынын президентине Кеп 9 же 3 пайызда эмес... 2019-жылдын 22-октябрында эгемен Кыргызстандын саясатында кыргыз улутунун, мамлекеттин кызыкчылыгынан өздөрүнүн кызыкчылыгын ар дайым жогору коюп келишкен, кыргыз жерлеринин коӊшу өлкөлөргө берилишине, кен байлыктарынын чет элдиктерге таланышына, президенттик жеке башкаруунун орношуна чоң салым кошушкан, ал эми элдин көйгөйлүү, түпкүлүктүү маселелеринде Конституциялык деӊгээлде  үнүн чыгарышпаган саясатчылар: Ф. Кулов, А. Мадумаров, К. ...

0 532

Шайлоо-2020: Президентти колдогон партия пайда болду

24-октябрь 2019, 14:45 Айдар Нуралиев

Президенттер алмашып, мамлекетти башкаруунун формасы өзгөрдү, Бирок бийликтин шайлоодогу амалкөй жүрүштөрү ошол бойдон. Бул ирет башкача сценарий болушу мүмкүн эмес — кийинки шайлоого президенттин «батасын» алган жаңы партия аттанып жатканы айтылууда. Эгемен Кыргызстандын жарандары кийинки жылы жетинчи ирет Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлайт. Кезинде Акаевдин «Алга», Бакиевдин «Ак жол», Алмазбек Атамбаевдин КСДП партиялары бардык рычагдарды колго алып, жеңишке жетип келгени жашыруун эмес. ...

0 295

ВИДЕО - Жанар Акаев: "Кылмыш дүйнөсү камалгандан коркпой калды. Себеби..."

Видео 24-октябрь 2019, 14:23 Бакыт Молдалиев

“Криминал боюнча Өкмөт башчы, Ички иштер министрлиги мага эмес, элге - коомчулукка, ишкерлерге жооп берсин!” Бул менин же премьердин жеке маселеси эмес, жалпы жарандардын маселеси. Кылмыш дүйнөсү камалгандан коркпой калды, анткени алар соттон акталып чыгып кетүүнү адат кылып алышкан!” Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев бүгүн парламенттин жалпы жыйынында айтып өттү. Буга чейин депутат Жанарбек Акаев өлкөдө криминал таасирин чыңдап жатканын ...

0 225

Эрдоган менен Путиндин жолугушуусу орус басма сөзүндө...

24-октябрь 2019, 14:12 Айдар Нуралиев

Орусиянын Сочи шаарында президент Режеп Тайип Эрдогандын Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуусуна кеңири орун берген Орусиянын басма сөзү, эки өлкөнүн Сириянын тагдырын белгилеген кадамдарды таштаганын маалымдады. Орус басма сөзү кечээ, Сочиде болгон Эрдоган-Путин жолугушуусуна баа берди. Орусиянын маалымат агенттиги РИА Новости, «Путин менен Эрдоган тагдырды белгилей турган билдирүүлөрдү жасашты» темасы менен берген кабарында эки өлкөнүн тең Сириянын жеринин ...

0 1132

АУДИО - Надира Нарматова: “Келерки парламентке элге күлкү болгон "тантыктардын" кереги жок!"

Аудиофайл 24-октябрь 2019, 21:43 Айдар Нуралиев

Келерки жылы болуучу парламенттик шайлоодо парламентке өтүүчү партиялардын босого чени 9 пайыз болушу керек мыйзам 1-январдан баштап күчүнө кирет. Бул мыйзам коомчулукта түрдүү талкуу жаратууда. Бул боюнча Жогорку Кеңештин экс-депутаты Надира Нарматова да өз оюн билдирди. Төмөндө Надира Нарматованын пикири толугу менен: "Эптеп 3 пайыз алган партия же талапкер кантип элдин өкүлүмүн деп парламентке келип, мандат алып олтурат. Бизде ...

0 389

Путин кедей өлкөлөрдү карыз кылуунун пайдасын көргөздү

24-октябрь 2019, 13:54 Алтын Булат

Орусия, Африканын $20 миллиарддан ашык карызын кыскартты. Бирок, муну менен орус бизнеси эми ал жакта гүлдөй турган болду. Мындай каалоосун Орусия-Африка форумунда орустардын лидери Владимир Путин ачык эле айтты. Анда айтылгандай, Орусиянын экономикалык өсүшүнө өбөлгө болушу үчүн расмий бийлик улуттук долбоорлорун чет өлкөлөрдө жайылткысы келет. Мына ушул багытта айрым өлкөлөрдөгү берген карыздарын пайдалана баштады. Өз учурунда Египеттин президенти Абдель ...

0 2126

Тайырбек «тосток» кылмыш жообуна тартылабы? Паспорттогу жок болгон кыргыз улуту!

24-октябрь 2019, 13:45 Айдар Нуралиев

Кыргызстанда Тайырбек Сарпашев деген “тосток” көз Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси болуп турганда биометрикалык паспортун керегинче мактап, атты ээрсиз минип, колуна камчы албай, тили кургаганча сүйлөп, ой-тоону карабай чапкылап, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин башын айлантып атып өзү ойлоп тапкан «улуту жок» деген системаны киргизген. Ал тургай, бул “тостоктун” сөздөрүнө таянып, бийлик “Биометрикалык паспорттор бир жыл бою бекер ...

0 173

Рыскелди Момбеков: "Транспорт министрлиги коррупцияга белчеден батты"

24-октябрь 2019, 12:47 Айдар Нуралиев

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков өлкөдөгү жол куруу иштери боюнча "Азия news" гезитине маек куруп берди. - Рыскелди мырза, Тараз-Талас-Суусамыр жолуна байланышкан чыр боюнча эмне айта аласыз? - Тараз-Талас-Суусамыр жолунун 3-фазасын утуп алган «Чакыр-Япы» деген түрк фирмасы бир эле ал жолду эмес, Ош-Баткен-Исфана жолун да утуп алган. Былтыр билинди, ал Ташкенттин соту тарабынан эл аралык издөө жарыяланган Эртугрул аттуу ...

0 133

Бардыгы эле соттук реформа жүрүп жатат дейт. Реформанын өзү кайда?

24-октябрь 2019, 12:52 Аман Аскаров

Бүгүнкү Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев соттордун ишин көзөмөлдөө керек деген пикирин билдирди. Себеби, милиция же башка күч түзүмдөрү кылмышкерлерди кармап бергени менен, алар бир-эки жылга жетпей соттордун чечими менен боштондукка чыгып кетип жаткандыгына нааразы болду. Чындыгында, жагдай ошондой. Акыркы учурдагы бүйүр кызыткан бир эле мисал келтирели. Мамлекеттик каттоо кызматынын Бишкек шаары боюнча автотранспортторду каттоо ...

0 140

Президент Сооронбай Жээнбековдун Японияга болгон иш сапарынан сүрөттөр

24-октябрь 2019, 12:03 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков 21-23-октябрда иш сапары менен Японияга барды. Мамлекет башчысы Япониянын императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышты. Токио шаарындагы Император сарайында өткөн такка отургузуу аземине дүйнөнүн 195 өлкөсүнөн мамлекет башчылары, түрдүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышты. Сапардын алкагында президент Сооронбай Жээнбеков Япония президенти Синдзо Абэ менен жолугушуп, анда кыргыз-япон эки тараптуу өз ара ...

0 202

Ишенбай Кадырбеков: "Шайлоодо 9 пайыздык чек коркунучтуу... Аягы төңкөрүшкө алып барат"

24-октябрь 2019, 11:59 Айдар Нуралиев

Келээрки жылдагы парламенттик шайлоого 9%дык босого туурасында коомдук ишкер Ишенбай Кадырбеков менен "Азия news" гезити маек курду. - Келээрки жылдагы парламенттик шайлоого болгон 9%дык босого ушул бойдон калчудайбы же өзгөрүүлөр күтүлөбү? - Өзгөрүүгө мумкүнчүлук дайым бар. Бүгүнкү бул чечимди кабыл алабыз (!) деп жаткандар түшүнүшү зарыл. Ачар бийликти менчиктештирип албашы керек. Биринчиден, Баш мыйзамда жазылган шайлоочулардын укугун сыйлашы шарт. 9%дык босогонун ...

0 449

Турсунбай Бакир уулу: “Фейсбукка кирсеңер, толтура мумиялар бар”

24-октябрь 2019, 11:51 Айдар Нуралиев

Мурунку акыйкатчы, экс-депутат, экс-элчи Турсунбай Бакир уулу Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, анда ал айрым адамдарды “мумия” атаган. Төмөндө анын постун толук бермекчибиз: “Мумия-теңирчилер жөнүндө мурдагы жылы жазган постум бүгүн да маанилүү: бирөө өзүн «кудаймын» дейт, экинчиси өзүн «Махдимин» дейт, үчүнчүсү болсо өзүн «периштемин» дейт... Мамлекет чара көрбөсө эртеге дагы эмне деп чыгышат экен?!  Гүлзат Аалиева баш болгон мээси кургап, ...

0 141

Президент Сооронбай Жээнбеков  дипломатия кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

24-октябрь 2019, 11:38 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-октябрда, өлкөнүн дипломатия кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти: «Урматтуу дипломатиялык кызматкерлер жана ардагерлер! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Дипломатия кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм! Сиздер мамлекетибиздин улуттук кызыкчылыгын эл аралык аренада коргоонун  алдыңкы сабында турасыздар. Кыргыз Республикасы прагматикалык, көп векторлуу жана ырааттуу тышкы саясатты жүргүзүп келет. Биздин тышкы саясатыбыз өлкөбүздүн узак ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 668

ВИДЕО - “Ха-ха”. Медведев менен Назарбаеванын таанышуусу

Видео 24-октябрь 2019, 11:16 Алтын Булат

Москва шаарында, орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен казак мажилисинин спикери Дарига Назарбаеванын жолугушуусу болду. Медведев: - Биздин таанышканыбызга көп болду. Менимче анда мен, администрация башчысы болсом керек эле, ошондо сиз келгенсиз, анда 2003-2004-жылдар бекен... Назарбаева: - Ооба, аны эстөө дагы коркунучтуу… Булак: NazarNews.kg

0 566

Атамбаевдин жардамчысы Темирлан Москвадагы атактуу "жиндиканада" каттоодо турабы?

24-октябрь 2019, 11:16 Айдар Нуралиев

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ашынган колдоочусу Темирлан Султанбековду көпчүлүк ушул жылдын июль айындагы "Форум" имаратынын астында өткөн митингден бери жакшы тааный баштады Бул чунак жигит ыйлактап сүйлөп, Атамбаевди Ленин, Сталинден өйдө коюп көпчүлүктүн оозун ачырган эле. Айрымдар ойду-тону айтып, публикада өзүн кармана албаган Султанбековдун психикалык саламаттыгына ошондо эле шектенген. Акыл-эси ордунда, ден соолугу чың адам мындай болбойт дегендер чыккан. Соцтармактардагы айрым колдонуучулар ...

0 236

Өрдөк мафиясынын "крышасы" ким?

24-октябрь 2019, 09:01 Айдар Нуралиев

Бул жума өкмөттөгү жогорку кызматты ээлеп турган жетекчилерге байланыштуу коррупциялык жаңжал менен башталды. Мындай жаңжалга жогорку даражалуу чиновниктер аралашкандыгын "Кактус медиа" порталы жазып чыкты. Андагы маалыматка ылайык, окуянын төркүнү 2018-жылга барып такалат. Ал учурда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын тергөөчүлөрү Кытайдан мыйзамсыз жол менен ташылып келаткан 80 тонна өрдөк этин кармашат.  Аталган агенттиктин маалыматы боюнча, андан ары бул этти ...

24-октябрь 2019, 09:01 | 236
0 208

Жээнбеков «Ротобо» япон бизнес-ассоциациясынын жетекчилиги менен инвестициялык кызматташтыктын келечегин талкуулады

24-октябрь 2019, 09:18 Бакыт Молдалиев

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-октябрда, Токио шаарында «Ротобо» япон бизнес-ассоциациясынын жетекчилиги менен жолугушуп, анда Кыргызстан жана Япониянын инвестициялык кызматташтыгынын жана ишкерлик чөйрөлөрдүн мамилелерин жакшыртуу келечеги боюнча пикир алышуу болду. «Ротобо» ассоциациясынын өкүлдөрү алар үчүн Кыргыз Республикасынын президенти менен жолугушуу сыймык экенин белгилешип, КМШ, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү инвестициялык кызматташтык жана экономикалык ишмердигин кеңейтүү боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө айтып беришти. Эки өлкөнүн 100дөн ...

1 269

Чыпалак баатыр да депутат болом дейт. Добушуңузду бересизби?

Видео 23-октябрь 2019, 17:50 Айдар Нуралиев

 “Чыпалак баатыр” деген каймана ат менен белгилүү болгон Зарылбек Аликенов эмдиги жылы болуучу депутаттык шайлоого катышарын билдирди. Шайлоого катышаары тууралуу айткан “Чыпалак баатыр” күйөрмандарына атайын видокайрылуу жолдогон. Анда ал: “Мени колдогон фанаттарым, канаттарым, солдаттарым, Америкадагы, Орусиядагы досторум мени “депутаттыкка бар” деп жатышат. 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоодо мендей адамдарды колдосоңор, Кыргызстанды өнүктүрүп бутка тургузабыз, өзгөчө кылабыз. Менин ...

0 399

Парламентте бир партиядан чыгып, кийинки партияларга “тийе” берген “саясий эмелердин” тизмеси жарыяланды. Кимдер алар?

23-октябрь 2019, 17:27 Бакыт Молдалиев

Борбордук шайлоо комиссиясы жалпы кыргызстандыктарга эртеңки – 2020-жылдын 4-октябрында өтүүчү Жогорку Кеңешке карата шайлоого карата старт бергени - парламентте канча жылдан бери ал жактын “кумарын” татып алган карт бөрүлөр көнгөн адат боюнча кезектеги саясий-шахматтык жүрүштөрдү жасоого киришти. Бирок, азырынча ал тууралуу так маалыматтар ачыкка чыга элек болгону менен Kaktus.media буга чейин кайсы депутат кайсы партиялардын канатында күн көрүп, ал ...

0 333

Пенсионерлер бир тыйынга зар кезде, мэр Суракматов чиновнигин Лондонго эмнеге жөнөтөт?

23-октябрь 2019, 16:25 Аман Аскаров

Жогорку Кеңештеги цирктин артынан Бишкек шаардык кеңешинде концерттик программалар башталды. Дегенибиз, мэриянын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Аида Рысбаеванын наамына түшкөн арызга карабай, аны Лондонго иш сапары менен жөнөтүп жиберишкен. Бул тууралуу шаардык кеңештин депутаты Гүлнара Молдобаева коңгуроо кагууда. Кеп эмнеде? Көрсө, шаар бийлиги жылына бир жолу аз камсыз болгон ардагерлерге жөлөк пул төлөшү керек экен. Бөлүнө ...

0 348

Парламентке өтпөй калуудан кайсы “коркок” партиялар чочулап жатышат?

23-октябрь 2019, 15:51 Айдар Нуралиев

Бүгүнкү күндүн актуалдуу темаларынын бири – бул шайлоодогу 9 пайыздык тосмо болууда. Тактап айтсак, парламенттик шайлоого катышкан партиялардын кимиси 9 пайыздык чекке жете албаса, демек ал парламент сыртында калат. Бул мыйзам мурдагы президенттин убагында эле кабыл алынган болчу. Азыркы тапта ошол тосмону 3, 5 же 7 пайызга түшүрүү керек деген ар кыл пикирлер айтылууда. Көбүнесе, 3%, 5% дегенди айткандар ...

0 623

"Бир Бол”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Кыргызстан” партияларын Атамбаев шайлоого жакын өзү эле түзүп салган!

23-октябрь 2019, 15:11 Бакыт Молдалиев

Мындай пикирин саясат талдоочу Табылды Акеров бүгүн, 23-октябрда "Марал" радиосунун суроосуна жооп берип жатып билдирди.  - 2015-жылы “Бир Бол”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Кыргызстан” жана башка партияларды Атамбаев өзү эле түзүп салган. Бул партиялар парламенттик шайлоого 6 ай калганда катталышкан. Ошондуктан “өлкөнү эң алдыңкы мамлекеттердин катарына кошобуз, пенсияны, маянаны чоң өлчөмдө көбөйтүп, Казакстан менен теңейбиз”- деген сыяктуу катуу убадаларды айтышкан. Бул эптеп парламентке өтүү ...

0 227

"Жерүй" шайлоо алдында саясий куралга айландыбы?

23-октябрь 2019, 14:46 Айдар Нуралиев

Кыргызстанда 2020-жылы болчу саясий жарышка даярдык акырындык менен күч ала баштады. Партиялар жана саясатчылар кайрадан электораттын саясий упайына ээ болууга аракеттене башташты. Айрымдары эл менен жолугушууга аймактарга аттанышса, кээ бири эски схема менен иштеп, жарандардын аң-сезимине чабуул жасашууда. Ошондуктан жакын арадан бери саясатчылар алтын кен казуучу жайлар темасын активдүү апыртып жатышканы таң калычтуу эмес. Бул жолу алар "Альянс Алтын" ...

0 255

Синдзо Абэ, Япониянын премьер-министри: «Мен Кыргызстанга барсам, кубанычта болом»

23-октябрь 2019, 14:21 Бакыт Молдалиев

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-октябрда, Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен Токио шаарында жолугушуп, анда кыргыз-япон эки тараптуу кызматташтыктын келечеги талкууланды. Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон алгачкы жолугушуусуна жана анын Японияга визит менен келгенине кубанычта экенин белгиледи. Япониядагы жакында болуп өткөн тайфундун кесепетинен адам курмандыктарына байланыштуу жылуу колдоо сөздөрү үчүн да ыраазычылык билдирди. Парламенттер ортосундагы мамилелер, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу тармактарында ...

0 1309

Бийликтин партиясы «Биримдик», кимдер ага кириптир?

23-октябрь 2019, 13:11 Алтын Булат

Жогорку Кеңештеги КыСыДыПы фракциясынын келерки тагдыры тайкы болуп турган чак. Анын кадыр-баркы мурдагы өлкө башчы Атамбаев менен бирге күм-жам болгон. Мындан улам анын курамына кирген айрым жанбакты депутаттар кантип жаңы бийликке жагынып, анын партиясына кирүүнү ойлоп жатышат. Эми болсо, бийликке тиешелүү жаңы партия пайда болуптур, аны ушул эле депутаттар сатып алыптыр деген сөздөр жүрүүдө. Ал партия учурдагы президент Сооронбай ...

0 1555

Экс-депутат Бекназаровдун тоюнда буркурап ыйлап, аксылыктардан кечирим сурады

23-октябрь 2019, 12:39 Бакыт Молдалиев

Бул тууралуу тойдун күбөсү, аксылык аксакалдардын бири Баялы Саркулов бүгүн, 23-октябрда соцтармактагы баракчасына жазды. Төмөндө пикирди толугу менен беребиз: - Бир кезде "Курманжан датка" деген ылакап атка ээ болгон чыныгы коммунист, акыйкаттык, чындык, Кыргыз мамлекетинин бүтүндүгү үчүн зор эмгекти жумшаган Аксы окуясы боюнча эл менен кошо ыйлап, сыздап чындык үчүн күрөшкөн Авлетина Проненко эжекебизди бүгүн көптөр унутуп калды. Кечээ, ...

0 1116

Камчыбек Ташиев ичиндеги сырын айтып салды

23-октябрь 2019, 12:23 Айдар Нуралиев

"Урматтуу шайлоочулар! Менден жаңы шайлоо мыйзамы, кодекси тууралуу өтө көп сурап жатышат, мен өзүмдүн жеке оюмду билдирип коюну туура таптым", -деген пикирин саясатчы Камчыбек Ташиев Фейсбук баракчасына жазып чыкты. Ага кошумча, "Ооба, 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоонун өтүү босогосу 9% болуп белгиленген. Азыркы маалда ошол босогону ылдыйга түшүрөлү деп айтып жүргөн саясатчылар ушул норма кабыл алынганда унчугушкан эмес, көпчүлүгү ...

0 305

Асылбек Жээнбековдун мурунку кеңешчиси Атамбаевдин экс деген статусун алынуусун карайт

23-октябрь 2019, 12:08 Айдар Нуралиев

Асылбек Жээнбековдун мурунку кеңешчиси Карыпбек Дүйшеев судьялар коллегиясынын мүчөсү катары Атамбаевдин экс деген статусун алынуусу боюнча маселени карай турган болду. Буга чейин Атамбаевдин жактоочусу Нурбек Токтакунов судьялар коллегиясында Асылбек Жээнбековдун мурунку кеңешчиси Карыпбек Дүйшеев да бар экендигин айтып, аны соттук коллегиянын курамынан чыгаруу тууралуу өтүнүч келтирген. Бирок, муну кеңешкенден кийин сот Карыпбек Дүйшеев коллегиянын курамында кала бере тургандыгын чечти.

0 277

Парламенттин, жеке Асылбек Жээнбековдун Бишкек ТЭЦи боюнча күнөөсү барбы?

23-октябрь 2019, 12:07 Айдар Нуралиев

"Фактыларды бурмалоо", "Коомдук пикирдин нугун буруу", "Көңүл буруунун борборун башка бирөөгө буруу" сыяктуу маалыматтык согуш талаасында калыптанып калган "тактикалар" бар экени ырас. Бул "тактикаларды" учурда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин маалыматчылары, тарапташтары эч тартынбастан эле, апачык пайдаланышууда. Мисалы, Атамбаевдин эң жакын адамдарынын бири болгон эл өкүлү Ирина Карамушкина буга чейин парламент отурумунда: "Эмне үчүн Бишкек ТЭЦин модернизациялоого алынган кредиттик келишимди ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 451

“Шоопур” УКМКнын калпын чыгарууда. Ал “каралардан” качып, өзү колго түшүп бергенби?

23-октябрь 2019, 12:12 Бакыт Молдалиев

Бишкектин Октябрь райондук сотунда бүгүн, 23-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс-кеңешчиси, президенттик аппарат башчысынын мурунку орун басары, коомчулукта “шоопур” каймана ысым менен белгилүү болгон Икрамжан Илмияновдун иши боюнча  соттук процесс уланды. Кызыгы, соттук териштирүү жүрүшүндө Икрамжан Илмиянов аны эч ким Казандан кармап келбегендиги, ага кылмыш иши козголгонун туугандарынан телефон аркылуу уккан соң өзү Россиядан учуп ...

0 145

Көтөргөн маселеси актуалдуулугу, өзгөчөлүгү менен айырмаланган Жанар Акаев

23-октябрь 2019, 11:42 Аман Аскаров

Жанар Акаев деген бир «чыгаан» депутат бар Жогорку Кеңеште. Көтөргөн маселелери актуалдуулугу жана өзгөчөлүгү менен айырмаланып турат. Бул жагынан сөз жок. Мына бүгүн дагы парламенттин жалпы жыйынында ички иштер министрлиги криминалга моюн сунуп берип салгандыгын айтып, анын айынан өлкөдөн инвесторлор качып жаткандыгын айтты. Чындыгында, укук коргоо органдары өтө чабалдыгынан ушундай абалга кептелип турат. Айрым учурда ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83