www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экономика
0 258

Кыргызстанда баа кымбаттап жатабы?

12-ноябрь 2019, 15:01 Кызгалдак Жакыпова

  Быйыл былтыркыга караганда уйдун эти 20 сомго кымбаттады. Бул жылы Кыргызстанда малдын эти эле эмес ун да кымбаттаган. 2019-жылдын октябрь айынын жыйынтыгы менен өткөн жылдын бул мезгилине салыштырмалуу 1-сорттогу ун 6,6 пайызга, жогорку сорттогу ун 3,3 пайызга кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети он айлык жыйынтыгын жарыялаганда маалымдалат.  2018-жылдын октябрь айында 1-сорттогу ундун баасы 29,25 сом, жогорку сорттогу ...

0 134

ФОТО - Жалал-Абадга 1,9 миллион евро өлчөмүндөгү грант бөлүндү

12-ноябрь 2019, 13:40 Айдар Нуралиев

Жалал-Абад облусунун жергиликтүү экономикасын өнүктүрүү жана калктын жашоо шартын жакшыртуу аракеттери колго алынууда. Бул багытта аймакта 2022-жылга чейин айыл чарба, туризм жана кайра иштетүү тармактарында колдоо тапкан долбоорлор жүзөгө ашырылат.  Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.  “Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү программасынын” алкагында жарыяланган сынакта 8 долбоор жактырылып, ишке ашуу алдында. Ага Европа биримдиги жана Германиянын экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү федералдык министрлиги (аткаруучу ...

0 106

Президент: Биздин дипломаттарга жана мамлекеттик органдарга жаңы багыттагы иштерди күчөтүү боюнча жаңы милдеттер коюлат

12-ноябрь 2019, 11:00 Айдар Нуралиев

“Биздин дипломаттарга жана мамлекеттик органдарга жаңы багыттагы иштерди - экологиялык дипломатияны күчөтүү боюнча жаңы милдеттер коюлат”, - деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-ноябрда, «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине 75 жыл. Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюму менен кызматташуусунун жыйынтыктары жана келечеги» форумунда. Мамлекет башчысынын сөзү толугу менен берилет: “Урматтуу дипломатия кызматкерлери! Ардактуу ардагерлер! Урматтуу айымдар жана ...

0 183

Кыргызстанга гранттык негизде 50 млн АКШ доллары өлчөмүндө финансылык жардам берилет

11-ноябрь 2019, 17:43 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын   8-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы —  1-чакан программа боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамга кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 24-октябрында кабыл алынган. Азия өнүктүрүү банкынын Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы соода жана инвестициялар чөйрөсүндө атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу, чакан жана орто ...

0 607

Коомдук унааларда жүрүү бекер болгон биринчи өлкө пайда болду

11-ноябрь 2019, 14:29 Айдар Нуралиев

 Люксембург – коомдук унааларда жүрүү толугу менен бекер болгон дүйнөдөгү биринчи өлкө. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.   Маалыматка караганда, бул шайлоо алдындагы убадалардын бири. Мындай чечим жалпы транспорт системасынын абалын жакшыртат деп эсептелүүдө. Ошондой эле тыгындарды азайтат. Луксембург шаарында 115 миңдей адам жашайт, дагы 400 миңдей адам шаарга күнүгө жумушка келип кетет. Франция, Бельгия жана Германиядан дагы ...

0 397

ВИДЕО - Көргөнү да, көрбөгөнү да арманда. "Газпромдун" "чудиктеринин" кылыгы боорду эзди

Видео 11-ноябрь 2019, 14:12 Аман Аскаров

Убагында Кыргызстан “Кыргызгазды” “Газпромго” 1 сомго сатып жатканда абдан кейидик эле. Ушундай дагы болобу? – деп. “Газпром” болсо тез аранын ичинде өлкөнүн бардык аймагын көгүлтүр от менен камсыз кылабыз деди эле, анысынын дайыны дагы жок. Эптеп Бишкектин бир эки районуна жеткирди окшойт газ түтүктөрүн 3-4 жылда. Бирок, биздин айталы дегенибиз башка. Мындай “чудик” компанияга убагындагы өлкө жетекчилерибиз кантип ишенди ...

0 1042

Чиновниктердин айлык акысын билгиңиз келеби? Анда көз жүгүртүңүз!

10-ноябрь 2019, 13:00 Аман Аскаров

Кайсыл чиновник кандай айлык алат болду экен? - деген суроону ар бир карапайым адам өзүнө өмүрүндө бир жолу берип көрсө керек. Негизи мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер жыл сайын кирешеси тууралуу декларация толтуруп турууга милдеттүү. Болбосо жоопко тартылышы керек эле. Бирок, “боло берет турмушта, особенно кыргызда” – дегендей айрым мамлекеттик кызматкерлериң бул норманы "уруп" дагы ойнобойт, жоопко дагы тартылбайт. Декларацияны толтурган чиновниктин ...

0 859

ФОТО - Ахматбек Келдибеков Шанхайда эмне кылып жүрөт?

09-ноябрь 2019, 18:07 Аман Аскаров

Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын төрагасы “Ата Журт” партиясынын тең төрагасы Ахматбек Келдибеков Шанхайда ѳтүп жаткан “Экспо-2019” экинчи эл аралык импорт көргөзмөсүн катышып жүргөндүгүн уктук. Ахматбек Келдибековго “Экспо-2019” көргөзмөсүнө чакыруу Кытай Өкмөтү тарабынан жөнөтүлгөн. Бул иш чара Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгына карата ѳлкѳ башчысы Си Цзиньпиндин демилгеси менен уюштурулган. “ЭКСПО‑2019” Кытайдын тарыхындагы ...

0 215

Финпол сап башында, милиция эң артында

08-ноябрь 2019, 15:48 Аман Аскаров

Президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен катуу күрөшөбүз деп жар салган. Ал үчүн атайын укук коргоо органдарынын бирдиктүү депозиттик эсеби дагы ачылган. Ал эсепке канча каражат түшкөнүн билесизби? Билбесеңиз анда маалымат үчүн окуп койсоңуз болот. Жалпысынан 2018-жылдын 2-июлунан 2019-жылдын 25-октябрына чейин андай иш чарадан 1 миллиард 700 миллион сомго жакын акча топтолгон. Тактап айтсак, ал ...

0 649

Чет элдик унааларга жаңы бажы төлөмү кирбей калышы мүмкүн

08-ноябрь 2019, 11:01 Аман Аскаров

19-ноябрда Москва шаарында Евразиялык экономикалык комиссиянын жыйыны болот. Анда, кыргыз тарап үчүнчү өлкөлөрдөн келген унааларга (иномарка) болгон бажы салыгынын жеңилдиктеринин мөөнөтүн узартуу боюнча маселе көтөрө турган болуптур. Чечим коллегиалдуу болот. Айтсак, 2020-жылдын 1-январынан тартып чет элден ташылып келген унаалар үчүн ЕАЭБдин эрежелери күчүнө кирип, бажы төлөмдөрү асманды чапчып, жарандарыбыз коопсуз немец, япон унааларынан ...

0 70

Кыргызстандын эл аралык резерви 2.2 млрд долларга бааланууда

08-ноябрь 2019, 10:44 Айдар Нуралиев

2019-жылдын акыркы 10 айында Кыргызстандын эл аралык ички резерви 2 млрд 294 млн 86 миңди түзгөн. Бул тууралуу Акчабар Улуттук банктын маалыматына шилтеме берип жазып чыкты. Улуттук банктын маалыматына ылайык, бир ай ичинде өлкөнүн резерви 9.13 млн долларга өскөн. Акыркы беш жыл ичинде (2014-жылдан тарта) 2019-жылдын август айынан сырткары (эл аралык резерв 2 млрд 335 млн 79 миң долларды ...

0 222

Эмил Үмөталиев, Kyrgyz Concept компаниясынын негиздөөчүсү: "ЕАЭБге киришибиздин айынан көп кыйынчылыктар күтүлөт"

07-ноябрь 2019, 13:01 Айдар Нуралиев

- Акыркы убактарда 2020-жылдан тарта автоунаалар гана кымбаттабай, 160 аталыштагы товарлардын баасы көтөрүлөрү тууралуу да айтылууда. ЕАЭБге киришибиздин өйдө-төмөнү тууралуу кандай пикирдесиз? - Мен «ЕАЭБге киребиз» дегенден бери эле пайдасына көзүм жетпей, факторлордун, мисалдардын жана ой жүгүртүүлөрдүн баары көбүрөөк зыян алып келерин далилдер менен бөлүшүп келгем. Андан бери он жылдай убакыт өттү. Ошондон бери массалык маалымат каражаттарына ачык ...

0 352

Абулгазиев бажынын "сол чөнтөгүн" тигеби?

05-ноябрь 2019, 18:17 Айдар Нуралиев

«Торугартка» жаңы стационардык инспектордук-текшерүүчү комплекс орнотулду. Ал жүктү кароодо Бажы кызматынын ишин ыкчамдатып, анын  айкын болуусуна шарт түзөт. Бул тууралуу Өкмөт башчы М. Абылгазиев Нарын облусундагы аталган көзөмөлдөп өткөрмө бекетинин   иши менен таанышуу маалында билдирди. Ошол эле учурда эл арасында айрым жарандар Бажы кызматынын ишине анча эле ишене беришпейт. Алар бажы жыйымдарынын кандайдыр бир бөлүгү кассадан тышкары кетет деп ...

0 171

Карызыбыз ар бир жаранга 700 доллардан тиет

05-ноябрь 2019, 14:50 Айдар Нуралиев

Кыргызстандын тышкы карызы 4.5 млрд доллар экени айтылып жүрөт. Кытайга эле 1,7 млрд доллар карызбыз. Буга чейин төлөгөн карыздарды эске алганда жалпы 9 млрд.долларга чейин карыз алганбыз. Аны кайтаруу лимити да жакындап келатканын адистер айтышат. Бул тууралуу "Факты.kg" гезити жазып чыкты.  Мамлекеттик карызды иликтей келгенде ар бир кыргызстандык жаранга орточо 700 доллардан тиет экен. Карыздан кутулуу үчүн жалпылап акча ...

0 196

Экономикасы эң ылдам өлкө кайсы экендиги айтылды

05-ноябрь 2019, 12:46 Айдар Нуралиев

Эл аралык валюта фонду экономикасы эң ылдам өскөн өлкө кайсы болорун айтып чыкты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка караганда, Гайананын экономикасы 2020-жылы 86 пайызга өсөт, бул жылы ал көрсөткүч 4,4 пайызды түзгөн. Өлкөнүн экономикасынын мынчалык ылдам өсүшүнө Exxon Mobil корпорациясынын нефть запастарын өздөштүрүүсү себеп болот. Гайананын жылдык ички дүң өндүрүмү бүгүнкү күндө орточо 4 миллиард долларды түзөт, ...

0 187

Бирдиктүү депозиттик эсепке 1,6 миллиард сом топтолду

05-ноябрь 2019, 10:51 Алтын Булат

2018-жылдын 2-июлунан 2019-жылдын 25-октябрына чейинки мезгилде «Жалпы мамлекеттик иш-чаралар – укук коргоо органдарынын бирдиктүү депозиттик эсеби» деген бирдиктүү депозиттик эсепте 1 млрд. 668,5 млн. сом топтоштурулду. Бул тууралуу   Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Атап айтканда: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына – 769 092 413,61 сом; - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 266

Илон Маск бир жумада 2 миллиард долларга байыды

04-ноябрь 2019, 13:56 Айдар Нуралиев

Space жана Tesla компаниясынын негиздөөчүсү Илон Масктын байлыгы 2 миллиард долларга көбөйүп, 22,9 миллиард долларга чейин жеткен. Бул Tesla 2019-жылдын үчүнчү чейрегинин отчетун бергенден кийин белгилүү болду. 23-октябрда рыноктун жабылышынан кийин, өндүрүүчү  бир акциядан 1,86 доллар киреше тапканын жарыялаган. Ал эми аналитиктер компания ар бир акциясынан 42 центке чейин чыгаша тартат деп күтүшкөн. Булак: NazarNews.kg

0 376

Кыргыздын атка, ой, “эшекке минерлеринин” иш сапарына канча акча кетип жатат?..

02-ноябрь 2019, 14:14 Бакыт Молдалиев

Ким болбосун чөнтөгүн “текшерип”, акчасынын эсеп-кысабын алып жүргөн “Акчабар” сайты бул ирет мамлекеттин бюджетинин эсебинен кыргыз чиновниктери канча акчаларды командировка деген шылтоо менен сапырып жүргөнүн жарыялады.    Эми сандарга карайлы: Аталган агенттиктеги маалыматка ылайык, ушул жылдын 9 айында мамлекеттик кызматерлердин бир суткалык чыгымдарына 228 миллион, мейманкаларга 309 миллион, жол чыгымдарга 312 миллион сом, мындан ...

0 323

Өмүрбек Бакиров: "Бажы биримдигине кирип пайда тапкан жопуз, тескерисинче утулдук"

01-ноябрь 2019, 14:04 Айдар Нуралиев

- Кыргызстан ЕЭБге мүчө болгонуна 4 жыл болду, эмне пайда таптык? - Биз Бажы биримдигине кирип пайда тапкан жокпуз, тескерисинче утулдук. Мына, 4 жылдан бери ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн продукцияларын Евросоюздун базарларына чыгара албай жатканыбыз ачуу чындык. Ачыгын айтканда, карапайым дыйкандарга эле кыйын болду. Буга Өкмөт, Айыл-чарба жана мелиорация министрлиги күнөөлүү. Ачык айтуу керек, Өкмөт дыйкандарга шарт түзүп бере алган ...

0 189

“Соростун” заманбап информатикасын Мамашева мактады

31-октябрь 2019, 12:15 Алтын Булат

Балдарга каталарга толгон китептерди эмес, заманбап билим берген сапаттуу китептерди беришибиз керек! Мына ушундай маселе, парламенттин бүгүнкү 31-октябрдагы “Ар түрдүү маселелер” жыйынында көтөрүлдү. Аны айтып чыккан Айсулуу Мамашева, “Сорос” фондусу иштеп чыккан информатика боюнча заманбап китепти, мектеп программасына тезирээк киргизүүнү дагы сунуштады. Депутат айымдын белгилөөсүндө, Кыргызстандын мыкты информатик адистери, ошол эле предметтен сабак берген мугалимдер бул китепке жогорку баа ...

0 808

Президенттин "жашыруун" кадамы...Бишкек СЭЗдин кыйрашы боюнча бир нече далилдер

31-октябрь 2019, 12:24 Айдар Нуралиев

Ушул жылдын август айында президент Сооронбай Жээнбеков салтка айлангандай эле Бишкек СЭЗге барды. Ал бир нече ишканаларды кыдырды. Бирок, президенттин сапарын СЭЗдеги субъектилердин көбү массалык маалымат каражаттарынан гана угушкан. Кээ бир ишканалардын жетекчилери президентке чыныгы абал тууралуу айта турган көп маалыматтары болгон. «Дүйнөнүн булуң-бурчунда эркин экономикалык аймакка бийлик тарабынан өзгөчө көңүл бурулат. Анткени, СЭЗ экономиканын жана адам дараметинин өсүүсүнө чоң таасирин ...

0 780

ФОТО - "Жооштон жоон чыгат" - деген ушул. Депутат Арапбаев асман чапчыган байлыгын жашырып койгон

29-октябрь 2019, 17:45 Аман Аскаров

Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев деген бар. Көбү бул кишини биле бербейт. Элге бир пайда тийе турган мыйзам долбоорун сунуштап, өзгөчөлөнүп деле көргөн эмес. Бир жылда бир бакылдап үнү чыгып калат, анан эле кайра жок болот. Көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы балдар бакчасы болот эмеспи. Ошол жерде өзү менен өзү кум-топурак ойной берген баланын эле элесин сүрөттөсөң болот. Сыртынан жоош, жүдөө ...

0 228

3D ВИДЕО – Бишкектин келечектеги заманбап парктары

Видео 29-октябрь 2019, 14:26 Алтын Булат

Бассейн, спорттук жана балдар ойноочу атайын аянтчалар, автоунаа токтотуучу жайлар, сейил бактар, баардыгы тартипке салынган, баардыгы таза. Бул Бишкектин келечектеги “Түштүк” жана “Ден-соолук” аталышындагы эс алуучу жайлары. Албетте, азырынча бул шаардык архитекторлордун элестетүүсү, кыялдануусунан жаралган 3D план. Аны шаардын башкы архитектору Асхат Тулебердиев муниципалитеттин бүгүнкү, 29-октябрдагы жыйынында көрсөттү. Алдыда парктарды куруу ишиндеги сметаларды кайрадан карап чыгып, куруу чыгымын оптималдаштыруу ...

0 233

Кыргызстанда кыңырылган миллиондор

29-октябрь 2019, 13:15 Айдар Нуралиев

Акыркы жылдары чет элдик жарандарга билим берген окуу жайлар жаандан кийинки козу карындардай эле жайнап чыкты. Алардын социалдык төлөмдөрдү, салыкты кандай төлөп жатканын саресеп салган киши жок. Жетекчилери айранды каалагандай чалып жаткан учур. Мына ушул маселени "Республика" партиясынын алдыңкы депутаттарынын бири Аида Исмаилова ЖКнын жалпы жыйынында айтып чыкты. Депутаттын маалыматы боюнча, Кыргызстандан окуган чет элдиктер чоң каражат төлөп билим ...

0 141

ФОТО+ВИДЕО – Бишкек мэри вице-мэрлерге нааразы

Видео 29-октябрь 2019, 13:07 Алтын Булат

Жаңы парктын курулушу, жылуулук берүү мезгили, жаңы автобустарды алып келүү, социалдык объектилердин абалы, шаардын кирешеси менен чыгымы – мунун баары муниципалитеттин бүгүнкү, 29-октябрдагы жыйынында талкууланды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы берген маалыматта айтылат. Анда айтылгандай, аталган маселелердин аткарылышын шаардык кызматтардын жана түзүмдөрдүн бөлүм башчылары менен бирге талкуулаган мэр Азиз Суракматов бир катар орун басарларына сын айткан. Шаар ...

0 279

Кыргызстан Кытайга 10 жыл мурун 10 миллион доллар гана карыз болсо, учурда ал 1,7 млрд долларга жетти!

26-октябрь 2019, 13:46 Бакыт Молдалиев

Эгемендүү Кыргыз Республикасынын коңшу Кытайга болгон карызынын көлөмү өлкөнүн ички дүң продукциясынын 30%ына чапчып барат. Бул тууралуу Дүйнөлүк экономика институтунун иликтөөлөрүнө шилтеме кылып орус басылмалары жазып чыгышты. Андагы маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын 2008-жылы Кытайга карата карызы 10 миллион доллардан ашкан эмес. Демек, 1,7 млрд доллар карыздын дээрлик баары 11 жыл ичинде үйүлгөн. Расмий Пекин мындай суммадагы карыз акчаларды негизинен Кыргызстандагы энергетика ...

0 143

Жашыл экономика менен экспортту көтөрүүгө аракет кылынууда

26-октябрь 2019, 12:01 Айдар Нуралиев

Жашыл экономика боюнча Дубай шаарында (Бириккен Араб Эмираты) өткөн Бүткүл дүйнөлүк саммитте вице-премьер-министр Замирбек Аскаров «Жашыл экономиканын» принциптеринин негизинде Кыргызстандын экологиялык таза продукциясын экспорттоону жүзөгө ашырууну пландап жатканын билдирди. Ал: «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында биз региондорду өнүктүрүү үчүн «жашыл экономика» принциптерин киргизүүгө ниеттенип жатабыз. Себеби ар бир аймактын өз артыкчылыгы бар. Суу-энергетикалык ресурстарга бай аймактарда жашыл энергетиканы өнүктүрүү, ...

0 333

Жаңы жылдан тартып 166 товардын жеңилдетилген бажы салыгы алынат

26-октябрь 2019, 10:14 Айдар Нуралиев

2020-жылдын 1-январынан тартып ЕАЭБдин алкагындагы 166 товардын жеңилдетилген бажы алымдары алынып салынат. Бул туурасында депутат Бакыт Төрөбаев ЖК жыйынында билдирди. "2019-жылдын 1-январынан баштап 5 кодекс, 2 мыйзам ишке кирген. Мында өкмөттүн, парламенттин дарегине кандай гана сөздөр айтылган жок. Керек болсо Жогорку Кеңештин алдына келип түкүрүп дагы кетишти. Эми болсо 1-январдан тартып 166 товардык позиция боюнча жеңилдиктер алынып салынат. Мисалы, ...

0 659

ФОТО - Ич күйөт. Мэр Суракматов чиновниктерин тайраңдаткыча, Ташкент мэри жаңы метро куруп салды

25-октябрь 2019, 16:09 Аман Аскаров

Бишкек шаары Кыргызстандын борбор калаасы. Бишкектин мэри Суракматов кыштан кантип чыгабыз, эки-үч чакырым жолду кантип жамайбыз, жаңы конуштарга кантип электр жарыгын тартып барабыз? - деп баш катырып отурганда, коңшу Өзбекстандын борбору Ташкент шаарынын мэри президент Шавкат Мирзиёевди жаңы курулуп бүткөн “Дустлик-2” жана “Охагарон” метро станциялары менен тааныштырып жүрөт. Эки станция кошулган жер алдындагы транспорттун жалпы линиясы 7 чакырымды түзөт. Ал “Сергеле” ...

0 233

Ысык-Көлдөгү туризмди өнүктүрүүгө деп 55 миллион доллар келе жатат!

25-октябрь 2019, 16:58 Бакыт Молдалиев

Эл аралык өнүгүү ассоциациясы Ысык-Көл облусундагы туризмди өнүктүрүү үчүн Кыргызстанга 55 миллион доллар бөлөт. Тиешелүү токтом долбоору ратификациядан өтүү үчүн парламентке жөнөтүлдү. Бул каражат Казакстан менен байланыштырган Түп - "Каркыра" көзөмөл өткөрүү бекетинин ортосундагы жолду оңдоп-түзөөгө жана “Каркыра” туристтик лагерине алып барчу жолду оңдоого жумшалат. Долбоордун алкагында жолдорду тейлей турган техникалар жана кар тазалоочу машиналар сатылып алынат. Каражаттын бир бөлүгү ...

0 263

Бакыт Төрөбаев: "Унаа ээлери растаможкага 5-6 миң доллар төлөп калышы күтүлүүдө"

24-октябрь 2019, 17:56 Айдар Нуралиев

"Өнүгүү-Прогрес" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев растаможкадагы боло турган өзгөрүүлөр тууралуу "Азияnews" гезитине айтып берди. - Бакыт Эргешович, келерки жылдан тарта бир топ товарлар кымбатташы мүмкүн экенин эскерттиңиз. Ал эмнеге байланыштуу? - ЕАЭБдин алкагына кирип жатканда 166 позиция боюнча бизге 3-4 жылга жеңилдик берилген. Анын ичинде автоунаалар да бар болчу. Эми келерки жылдын 1-январынан тарта автоунааларды растаможкалоо баасы 8-10 эсеге ...

0 391

Путин кедей өлкөлөрдү карыз кылуунун пайдасын көргөздү

24-октябрь 2019, 13:54 Алтын Булат

Орусия, Африканын $20 миллиарддан ашык карызын кыскартты. Бирок, муну менен орус бизнеси эми ал жакта гүлдөй турган болду. Мындай каалоосун Орусия-Африка форумунда орустардын лидери Владимир Путин ачык эле айтты. Анда айтылгандай, Орусиянын экономикалык өсүшүнө өбөлгө болушу үчүн расмий бийлик улуттук долбоорлорун чет өлкөлөрдө жайылткысы келет. Мына ушул багытта айрым өлкөлөрдөгү берген карыздарын пайдалана баштады. Өз учурунда Египеттин президенти Абдель ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 333

Пенсионерлер бир тыйынга зар кезде, мэр Суракматов чиновнигин Лондонго эмнеге жөнөтөт?

23-октябрь 2019, 16:25 Аман Аскаров

Жогорку Кеңештеги цирктин артынан Бишкек шаардык кеңешинде концерттик программалар башталды. Дегенибиз, мэриянын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Аида Рысбаеванын наамына түшкөн арызга карабай, аны Лондонго иш сапары менен жөнөтүп жиберишкен. Бул тууралуу шаардык кеңештин депутаты Гүлнара Молдобаева коңгуроо кагууда. Кеп эмнеде? Көрсө, шаар бийлиги жылына бир жолу аз камсыз болгон ардагерлерге жөлөк пул төлөшү керек экен. Бөлүнө ...

0 323

ФОТО - Финпол "левый" бензин менен шугулдангандарды аныктады

23-октябрь 2019, 14:18 Аман Аскаров

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) Бишкектин Ак өргө жаңы конушунда мыйзамсыз, уруксат кагаздары жок күйүүчү-майлоочу майларды сатып жаткан объектини аныкташты. Текшерүү маалында ал жерде эки миң тоннадай бензин чыккан. Бул жайда негизинен кардарларга АИ-92 маркасындагы бензин жана дизель майы сатылчу. Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши аяктап, Ленин райондук сотуна кароого жөнөтүлгөн. Учурда Кыргызстанда күйүүчү майларга болгон баа ...

0 124

Кыргызстандын аймагына мунайды автотранспорт менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды

23-октябрь 2019, 09:14 Бакыт Молдалиев

Кыргыз Республикасынын аймагына мунай жана мунайзаттардын айрым түрлөрүн автотранспорт менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салынып, тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматта айтылгандай, мунай жана мунайзаттардын айрым түрлөрүн автотранспорт менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу көмүскө экономиканы кыскартууга жана тиешелүү каттоосу жок, таризделбеген мунайзаттарды өлкөгө ташып келүүгө чектөө ...

0 266

Кен иштетүү лицензияларынын көбү кытайлыктарга берилген

22-октябрь 2019, 17:29 Айдар Нуралиев

Кыргызстанда эгемендик алгандан бери кен тармагын иштетүү боюнча 2415 лицензия берилген. Алардын ичинде казуу, чалгындоо боюнча лицензиялар. 2415 уруксат кагазынын ичинен 471и алтын казууга, изилдөөгө, чалгындоого. Ал эми, 102си металлдарга берилгени маалым болду. Алардын ичинен уран казуу боюнча да лицензиялар бар. 22 лицензиясы казууга, 80 лицензиясы изилдөө менен чалгындоого уруксат берчү документ. Ал эми, көмүр кени боюнча 337 лицензия берилсе, ...

0 515

Кыргызстан өткөн кылымга, Монголия келечекти карай багытта

22-октябрь 2019, 11:34 Аман Аскаров

2015-жылы Кыргызстан ЕАЭ биримдигине кирип алып, капканга түшүп калган. Бир четинен капкан деп деле айтуу кыйын. Бир топ эле артыкчылыгы бар. Болгону “эшегине жараша тушагы” – дегендей, бийлик төбөлдөрүбүздүн иш билгилиги төмөн, экономикалык көрсөткүчтөрдү алдын ала көрө албагандыгынын айынан биримдик бизге орго айланды. Мына, баарыбыз билгендей жаңы жылдан кийин Кыргызстанга чет өлкөдөн кире турган автунааларга бажы төлөмү асманды чапчыйт деп, таманыбыздын ...

0 181

Кыргызстанды Кудай сактаптыр! Эң көп мамлекеттик карызы бар 10 өлкөнүн аты аталды

22-октябрь 2019, 10:39 Алтын Булат

Эл аралык валюта фонду ички дүң продукцияга салыштырмалуу мамлекеттик карызы башынан ашып кеткен өлкөлөрдү атады. Ал маалыматта, 2018-жылдын октябрь айынан ушул жылдын октябрь айына чейин бир жыл ичинде анализ жүргүзүлгөн. 1. Япония — 238% 2. Греция — 182% 3. Барбадос — 157% 4. Ливан — 147% 5. Италия — 132% 6. Эритрея — 131% 7. Конго — 131% 8. ...

0 411

Өлкө экономикасы артка кетти

19-октябрь 2019, 11:17 Айдар Нуралиев

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусунун натыйжаларын анализдеп сынга алды. Депутат өлкөбүздүн аталган уюмга кошулганына 4 жылдын жүзү болгонун белгилеп, акыркы 8 айдын жыйынтыгы боюнча талдоо жүргүзгөнүн билдирди. Ал өз сөзүндө 8 айдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын экспорту төмөндөп кеткенин  айтты. Республика боюнча өнөр жайдын флагманы болгон кийим тигүү тармагында экспорт 60 пайызга азайган. Ал эми сыртта жүргөн ...

19-октябрь 2019, 11:17 | 411
0 191

Кытай карызы уйкуну качырат...

18-октябрь 2019, 15:20 Кызгалдак Жакыпова

Кытайдын Эксимбанкынан алынып Бишкек ЖЭБине коротулган 586 млн долларды кайтаруунун максималдуу мөөнөтү - 20 жыл. Бир жагынан бул өтө кыска мөөнөт болсо, экинчи жагынан анын үстөгү да кымбат. Т. а. 386 миллионду 492 млн доллар кылып кайтарышыбыз керек. Мындай шарттар бир эле ЖЭБге эмес Кытайдан алынган Датка-Кемин  ЛЭПти Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолун куруу боюнча долбоорлорго да тиешелүү. Баштагы Каржы министри ...

18-октябрь 2019, 15:20 | 191
0 313

Абылгазиевдин шайлоосу элди "шок" кылды

18-октябрь 2019, 09:52 Кызгалдак Жакыпова

Келээрки, 2020-жылдагы парламенттик шайлоо "эң кымбат" шайлоо болот. Бул тууралуу өкмөт башчы өз оозу менен айтты. Капчыгы калың соодагерлер менен олигархтардын бийликке келишине эми кыргызстандыктар мурдагыга салыштырмалуу 5 эсе кымбат төлөшөт. Тактап айтканда, 2020-жылы өтө турган өлкөнүн парламенттик шайлоосуна Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинен 1 миллиард 200 миллион сом корото турган болушту (Азыркы парламент "олигархтар парламенти" деп сынга алынып келген. Ал эми ...

0 380

Бакыт Төрөбаев: "Өзүбүз жергиликтүү дыйкандарды колдобосок, чет элдик компанияларга көз каранды боло беребиз"

17-октябрь 2019, 18:06 Айдар Нуралиев

- Бакыт Эргешович, бул тармактагы адис катары кандай деп ойлойсуз, ун кымбатташы мүмкүнбү? - Биздин ун базардын 95 пайызын казак компаниялары тейлеп, көзөмөлдөйт. Баа боюнча дагы, көлөм, сапаты боюнча дагы. Биздин жергиликтүү тегирмендер иштебей жатат, алардын уну да, буудайы да жок. Демек, казак компаниялары каалаган баасын коёт. Өзүбүздүн жергиликтүү дыйкандарды колдобосок, биз дайыма чет элдик компанияларга көз каранды боло беребиз. - Антимонопололиялык комитет ...

0 250

Сооронбай Жээнбеков: "Аймактык өнүктүрүү саясатынын башкы багыттарынын бири кичи жана орто ишкерликти колдоо"

17-октябрь 2019, 17:32 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-октябрда, Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Кара-Тектир айылындагы «Аселим» тигүүчү цехтин ишмердиги менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, мамлекет башчысына учурда ишканада 90 адам иштеп, өндүрүлгөн продукция Россия Федерациясына экспортко кетип жатканы боюнча маалымат беришти. Өндүрүш линиясын кеңейтүү максатында жаңы объектини куруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу ...

0 127

Мамкаттоонун орун басары Туйбаева кимдерди "туйлатып" жатат?

17-октябрь 2019, 16:59 Кызгалдак Жакыпова

«Бир карын майды бир кумалак чиритет» дегендей, мамкаттоонун төрага орун басары Айнура Туйбаева акыркы кездери интригага белчесинен батып, кол астындагыларга кыргыйдай тие баштаптыр. Анан калса, «көчүк чукумай» жагынан да адистешип кеткенин айтышууда. Айдоочулук күбөлүк берген автомектептердин директорлоруна куугунтук кьлганы, ишке тоскоолдук жаратканы кандай? «Унаа» мамлекеттик ишканасынын директору Алымжан Козубаев системадагы коррупцияга каршы күрөшүп, коллективди тазалап, заманбап шартка жараша жаңы мекемелерди ачып ...

0 183

5 миллионду жеп, 1 миллионду сотко берип актала берсе не болот?

15-октябрь 2019, 18:36 Айдар Нуралиев

Акыркы кездерде кыргыз сотторунан үй камагына чыгып, сырттан сурак берген учурлары көбөйүп кетти. Кызыгы алардын көпчүлүгү мамлекеттик чиновниктер экени белгилүү. Болгондо да миллиондорду сугунуп, болуп көрбөгөндөй кылмыштар мойнуна илинип, бирок ээн эркин басып жүргөнү коомчулукта жакшы эле нааразычылыктарды пайда кылууда. Эмнегедир акыркы кезде мындай жолго баруунун ыкмаларын да өздөштүрүп алышкандай. Кайсыл гана чиновник абакка алынбасын, бир ай өтпөй оорулуу ...

0 161

Кыргызстан 300 миллион доллар зыян тартса ким жооп берет?

12-октябрь 2019, 12:12 Айдар Нуралиев

Өткөн жумада каржы министрлигинде тинтүүлөр өткөрүлгөнү боюнча «дуу» эткен жаңылык тарады эле, бирок, көп деле терең көңүл бурулган жок. Кеп өкмөттүн чет өлкөлүк соттордо юрист компаниясын коррупция менен дайындалганы шегинде болуп атабы? Азыркы учурда бул маселеге башкы прокуратура кийлигишип, баардыгын токтотуп койду. Бирок, эмки айда эл аралык арбиртраж чуулгандуу «Мегаком» боюнча чечим чыгарышы күтүлүүдө. Бир канча жылдан бери ал ...

0 135

Ири көлөмдөгү “контрабанда” товарлар кимдики?

11-октябрь 2019, 11:52 Алтын Булат

Мыйзамсыз ташылып келе жаткан товарлар кыргыз-казак чек арасынан бери өткөрүлгөн жок. Бул тууралуу Салык кызматынын билдиргенине караганда, тонналаган азыктар менен катар ири мүйүздүү малдар, курулуш шаймандары жана унаа тетиктери дагы бар. Тагыраагы, көзөмөл-өткөрмө пункттарына жакын жерден - 9 тонна ун, 50 тонна буудай, 35 баш ири мүйүздүү мал, ар биринде 40 тонна көлөмүндөгү күйүүчү май ташуучу цистернасы бар 2 ...

0 295

Таанышып алгыла, Илья Медведев!

11-октябрь 2019, 11:50 Аман Аскаров

Таанышып алгыла! Илья Медведев, РФнын премьер-министри Дмитрий Медведевдин уулу. 24 жашта. АКШнын жараны (!). Мындайча айтканда, россиянын эл аралык аренадагы душманы аталган америкада супермаркеттердин тармагына жана май куюучу жайларга ээлик кылат. Англис тилин мыкты билет. Эми ойлонгула, ошол супермаркет, май куюучу жайларын бажы биримдигине кирген өлкөлөрдүн бирине (Россия, Беларусь, Армения, Казакстан, Кыргызстан) курса, иштетсе болот ...

11-октябрь 2019, 11:50 | 295
Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 472

Өкмөт! Унаалар боюнча бажы төлөм кайра каралбаса, жазга жетпейсиңер! Россиянын "хламы" кереги жок

10-октябрь 2019, 15:55 Аман Аскаров

Жаңы жылдан тартып чет элден киргизилген унаалар үчүн бажы төлөм он эсеге кымбаттайт деп жатышат. Чет өлкөдөн башка бизде өзүбүздүн машина куруу өндүрүшүбүз бар беле? Бардыгыбыз импортко муктаж эмеспизби. Импортко, болгондо дагы бардыгы сапаттуу, арзан унаага муктаж. Ошондой сапат, ошондой баа менен бизди Россиянын “таштанды унаалары” камсыз кылабы? Өкмөт эмнеге ушунун үстүнөн иштеген жок? Же өкмөт аралда жашайбы? Континенталдык ...

0 335

Ушул өлкө жетекчилери жанды кайнатат да ушинтип

10-октябрь 2019, 13:22 Аман Аскаров

Бүгүн Бишкектеги инвестициялык көргөзмөнүн ачылышында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эмне деди дебейсиңерби? “Туризм келечекте Кыргызстандын негизги экономикалык тармагы болот" - деди. Эч нерсе тааныш учураган жокпу? Ой ботом, быйыл өлкөбүздүн эгемендигине канча жыл болду? 28 жыл ээ. Мейли 7-8 жылды ары бери, эсибизге келгенче, шалактап жүрдүк дейли. Мейли дагы 3-4 жыл Баткен коогалаңынан араң айыгып, оюбузду жыйнадык ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83