www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экономика
0 152

Депутат Руслан Казакбаев кыргыз өкмөтү ЕАБК жыйынына даярданбай баргандыгын айтты

22-ноябрь 2019, 10:43 Аман Аскаров

Жакында ЕАЭБ мүчөлөрү Кыргызстандын үчүнчү өлкөлөрдөн автоунааларды киргизүүдө бажы төлөмдөрүнө жеңилдик берүү боюнча өтүнүчүн четке какты. ЕАЭБ биргелешкен комиссиясынын жыйынында бул өтүнүчтү вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана ЕАЭБги Кыргызстандын өкүлү Алмаз Сазбаков тааныштырган. Кечээ, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында бул тууралуу мурдагы тышкы иштер министри, учурдагы депутат Руслан Казакбаев сөз кылып, өкмөттү кескин сынга алды. “Эл аралык сүйлөшүүлөрдө Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо ...

0 102

ВИДЕО - “Лох болбогула!”, депутат Дастан Бекешев баңги зат саткандарга кантип акчасын алдатканын айтып берди

Видео 22-ноябрь 2019, 10:33 Алтын Булат

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Telegram аркылуу баңги зат сатып алууну көздөгөн. Бирок жыйынтыгында баңги заттан да, акчасынан да жок калган. Депутат муну эксперимент үчүн жасаганын, өзүнүн YouTube каналына чыгарган видеодо кеңири айтып, ар бир кыймылын башынан баштап көргөзүп берет. Анын айтымында, эл өкүлүнө кыргызстандыктар интернет аркылуу баңги зат саткандарга бөгөт коюп берүү талабы менен кайрылышкан. Видеодо байкалгандай, Телеграмдын ...

0 110

Кыргыз Республикасынын өкмөтү кепилденген минималдуу кирешенин көлөмүн жогорулатты

22-ноябрь 2019, 09:25 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кепилденген минималдуу кирешенин көлөмүн 900дөн 1000 сомго чейин жогорулатты. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев   кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Бул чечим 2019-жылдын 1-декабрынан тарта күчүнө кирет.  Кепилденген минималдуу кирешенин өлчөмү акыркы жолу 2016-жылы көтөрүлгөн жана бир нече жылдан бери 900 сом деңгээлинде кармалып турган.  Кепилденген минималдуу кирешенин көлөмүн жогорулатуу жөлөк ...

0 168

Премьерге окшоп президенттин кан кудасы Абжалиев дагы "чабан", бирок туугандары "бомж" экен

21-ноябрь 2019, 16:05 Аман Аскаров

Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик кызматкерлердин жылдык кирешесин жана ээлик кылган мүлкүн жарыялады. Белгилей кетсек, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жыл сайын кирешеси тууралуу декларация толтуруп турушу зарыл. Мыйзамдагы бул эрежени дагы далай чиновниктер аткарбайт. Ал эми аткаргандардын  басымдуу бөлүгү карапайым элден да бечара болуп чыга келет. Айтсак, декларациядагы маалыматка ылайык, өкмөт башчыга таандык 2,6 миллион сомдук 52 жылкысы, 880 миң ...

0 127

Төрага Дастанбек Жумабеков Кара-Буура районунун Бейшеке айылдык кеңешинин депутаттары менен жолугушту

21-ноябрь 2019, 15:30 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 21-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Кара-Буура районунун Бейшеке айылдык кеңешинин депутаттары менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда аталган аймактын социалдык-экономикалык көйгөйлөрү талкууга алынып, бир катар маселелер көтөрүлдү. Төрага Дастанбек Жумабеков аймактардагы жетишкендиктер өлкөнүн өнүгүшүнө өбөлгө болорун белгилеп: “Шаарлар менен алыскы айылдардагы жашоо-шарттын айырмачылыгын азайтуу аркылуу, калктын турмушун оңдоо мамлекетибиздин артыкчылыктуу багыттарынын ...

0 164

Өкмөттүн бүтүн жери калганбы? Бардык тармагы эле шалактайт

21-ноябрь 2019, 14:37 Аман Аскаров

Жогорку Кеңеште бүгүн өкмөткө сындар мөндүрдөй эле жаады. Чындыгында акыркы убакытта аткаруу бийлигинин аткарган ишинин жыйынтыгы жок болуп калды. Бардык тараптан “порожняк” болду. ЕАЭБден кокон тыйынча пайда көрбөдүк, УКМК, ИИМ, деги эле күч структуралары өзүлөрү коррупцияга малынып, чуулгандуу окуялардын чордонуна айланды. Мамлекеттик каттоо кызматы чет элдик издөөдө жүргөн кылмышкерлердин көбүн кыргыз паспорту менен камсыз кылды, бензинге, унга, ...

0 128

“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында айдоочулар канча айып пул төлөгөн?

21-ноябрь 2019, 11:34 Айдар Нуралиев

2019-жылдын 12-февралынан тартып “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирген. Долбоордун алкагында 19-ноябрга чейин жол эрежелерин бузуу боюнча 809 миң 550 токтом жазылып, автооунаа ээлерине жөнөтүлгөн. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Жогоруда айтылган токтомдордун 379 миң 464 эреже бузуусу боюнча айып пул төлөнгөн. Андан түшкөн акчанын суммасы – 456 миллион 529 миң сомду түзгөн.  Буга ылайык, камера ...

0 190

Бакыт Төрөбаев кыска, бирок терең ойду айтып, таң калтырды

21-ноябрь 2019, 10:37 Аман Аскаров

Парламенттин бүгүнкү жалпы жыйынында “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев бугун чыгарып алды окшойт. Себеби ага буга чейин өкмөт “оппозиция сунуш бербей жатасыңар, берсеңер болбойбу?” – деп койгон окшойт сыягы, бүгүн ал аткаруу бийлигинин сынына жооп берди. Анда ал конкреттүү сунуштарын жайнатты. Айтсак, Төрөбаевдин баамында Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин экономикабыз кайра чалкасынан кетип баратыптыр. Унга болгон баа күндөн күнгө кымбат, биримдикте акчанын ...

0 4217

Адам органдарын сатып жүргөн кылмыштуу топ кармалды

20-ноябрь 2019, 17:08 Аман Аскаров

Адам органын алмаштыруу көмүскөдөгү ири бизнестердин катарында. Бул тармакта ири суммадагы каражаттар жүгүртүлөт. Казакстанда адамдын органын трансплантациялоочу мыйзамсыз топ кармалды. Алардын катарында Кыргызстандын жараны дагы бар. Ага “адамдан мыйзамсыз ички органын алуу” жана “мыйзамсыз трансплантациялоо топто ишмердүүлүк жүргүзүү” беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Бул топ эки жылдан бери Казакстандын аймагында көмүскөдө адам органдарын алмаштыруу боюнча ...

0 114

Электромобиль өндүрүүнү каалаган инвесторлор салыктан бошотулушу мүмкүнбү?

20-ноябрь 2019, 15:44 Бакыт Молдалиев

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев Кыргызстандагы электромобиль өндүрүүнү каалаган инвесторлорду салыктан бошотууну сунуштады. Белгилей кетсек, Нурбаевдин айтуусунда, сырттан ташылып келинген автоунаалардын 90 пайызы 10-15 жыл колдонулуп, анан бизге алып келинген.   “Эски унаалар экологияга терс таасирин тийгизет. Кыргызстанда жеке пайдалануудагы автоунааларга техникалык текшерүүдөн өтүү деген да жоюлган”, -дейт ЖК депутаты. Эгерде бул сунуш Жогорку Кеңештен колдоо тапса анда ...

0 2146

"Ишкер-депутат" Жумалиев аялын жетекчи кылып, өзүнүн ысымын мектепке ыйгарып салганда кайда элеңер?

Видео 20-ноябрь 2019, 15:08 Аман Аскаров

2015-жылы парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңешке жалаң чала бандит, каракчылар, бизнесмендер, мамлекеттик мүлктү талап-тоногондор өтүп кетип эми ал элдин шору болду. 2020-жылдагы парламенттик шайлоого дагы дал ушул кудайдан жөө качкан эргулдар же болбосо алардын ойноштору, тууган-туушкан, жакын санаалаштары ат майданга чыгат. Карап гана туралы. Азыр алардын бирөөсү тууралуу сөз кылалы деп турабыз. Кубанычбек Жумалиевди билесиңер. Акаев убагында мамлекетти тизе бүктүргөндөрдүн ...

0 174

Кыргызстандын балы Америка, Түштүк Корея, Араб жана КМШ өлкөлөрүнө экспорттолуп жатат

20-ноябрь 2019, 12:04 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 20-ноябрда Бишкек эркин экономикалык аймагында “Бал Аман” ишканасынын ачылышы болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы Алмаз Жээналиев, Айыл-чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Статс-катчысы Максат Ташболотов, USAID уюмунун Кыргызстандагы өкүлү катышты. “Бал Аман” ишканасы Кыргызстандын балын чет өлкөгө экспорттоо менен алектенет. Ишкана эл аралык стандарттарга жооп бере турган лаборатория ...

0 405

Батька айтмакчы "на хрена такой союз?". Эми Россиядан жасалган "лохотронго" минесиңер

20-ноябрь 2019, 11:25 Аман Аскаров

ЕАЭБ мүчөлөрү Кыргызстандын үчүнчү өлкөлөрдөн автоунааларды киргизүүдө бажы төлөмдөрүнө жеңилдик берүү боюнча өтүнүчүн четке какты. Ага ылайык, эми 2020-жылдын 1-январынан тартып үчүнчү өлкөдөн киргизилген (ЕАЭБден сырткары) унааларга бажы төлөмү он эсеге кымбаттайт. Андыктан, Россия өзүнүн мүдөөсүнө жетип, эми өзүнүн аймагында өндүрүлгөн “лохотрондорду” Кыргызстандын рыногуна атаандаштыксыз киргизе алат. Кызыгы, андай тартип ЕАЭБ мүчөсү Арменияга тараган эмес. Армения өзүнүн талаптарын так жана убагында ...

0 127

Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү коомдук угууга катышты

19-ноябрь 2019, 19:37 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 19-ноябрда Бишкекте «Замандаш» саясий партиясы уюштурган Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ишмердүүлүгү боюнча коомдук угуу өттү. Коомдук угууга Айыл чарба миистрлигинин өкүлдөрү катышты. Иш-чарага өлкөнүн ар кайсы аймагынан дыйкандар, фермерлер, айыл-чарба ассоциациялардын төрагалары, азык-түлүк продукцияларын экспорттоочу уюмдардын жетекчилери жана жеке ишкерлер келишти. Айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев Республика боюнча Айыл чарба ...

0 243

ЕАЭСтен эмне утуп жатабыз?

19-ноябрь 2019, 14:15 Айдар Нуралиев

Бажы бирлиги бизди бир топ оор акыбалга алып келет, Кыргызстан пайдадан зыянын көп көрөт деп жан какшаганыбыз менен акырындык менен ал тараптагы пайдаларды сезе баштадык. Өзгөчө оор жүк ташууда артыкчылыктар байкалган. Маалыматтарга караганда ЕАЭСтеги ташылган оор жүктүн жалпы көлөмү 5 млрд. тоннага жакын болгон, - деп жазып чыкты “Факты.kg” гезити бүгүнкү чыккан санында. Евразия экономикалык комиссиянын чыгарган маалыматына ылайык, 2019-жылдын ...

19-ноябрь 2019, 14:15 | 243
0 169

Президент Жээнбеков: "Эки тараптуу негизде 11ден ашык өлкөлөр менен иш алып баруудабыз"

19-ноябрь 2019, 13:38 Айдар Нуралиев

«Бүгүнкү ишибиздин максаты — өнүгүүнү камсыз кылуучу реформаларды тездетүү, инвестицияларды зарыл болгон багыттарга буруу жана финансылык салымдардын натыйжалуулугун камсыз кылуу», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-ноябрда, Бишкекте эл аралык донордук уюмдардын, эл аралык финансы институттарынын, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн катышуусу менен өтүп жаткан «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» аттуу жогорку деңгээлдеги өнүгүү форумунда. Мамлекет башчысынын сөзү толугу менен берилет:

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 170

Бишкекте «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» донордук конференциясы өтөт

18-ноябрь 2019, 17:24 Айдар Нуралиев

2019-жылдын 19-ноябрында Бишкекте «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» жогорку деңгээлдеги донордук конференциясы өтөт. Анын ишине Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков катышат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев билдирди. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы маалымдады.  Форумдун максаты өнүгүү боюнча өнөктөштөр менен өлкөнүн милдеттери, реформалар, жетишкендиктер жана артыкчылыктары боюнча бирдиктүү ...

0 359

ВИДЕО - Иран эли бензиндин баасы үчүн Аятолланын бийлигин тактан шыпырып түшкөнү калды

Видео 18-ноябрь 2019, 16:58 Аман Аскаров

Өткөн жумада Иранда бензинге болгон баа 50 % га көтөрүлүп кеткен. Бул жагдай өлкөнүн калкынын нааразычылыгын жаратып, ирандыктар көчөгө чыкты. Нааразы эл бийликтен бензиндин мурдагы баасын кайра орнотууну талап кылышканы менен ал акция бара-бара саясий талаптардын жаралышына алып келди. Эми массалык митингдин катышуучулары Аятолланы бийликтен кетүүсүн талап кылышууда. Болжол менен полиция менен кагылышуу 40 шаарда, анын ичинде Ирандын борбору ...

0 215

Япон Өкмөтү Кыргызстанга 1 млрд 785 млн япон иени өлчөмүндө каражат бөлөт

18-ноябрь 2019, 14:57 Айдар Нуралиев

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети “Талас-Тараз  автожолундагы Үйүрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү кайра куруу” долбоору боюнча КР Өкмөтү менен Япон Өкмөтүнүн жана КР Өкмөтү менен Эл аралык кызматташтыктын Япон агенттигинин  (JICA) ортосунда “Талас-Тараз  автожолундагы Үйүрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү кайра куруу” долбоору боюнча Гранттык макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы ...

0 146

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 55 млн. долларлык насыя жана грант берет

18-ноябрь 2019, 13:59 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын 3-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы „Борбордук Азиядагы региондук жол катнаштарын жакшыртуу боюнча программанын үчүнчү фазасы (БА РЖКЖП-3)“ долбоору боюнча каржылоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 31-октябрында кабыл алынган. Аталган Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген ...

0 5172

ВИДЕО - "Батька" Россия, ЕАЭБ тууралуу "на хрена такой союз?", документтерге кол койбойм деди

Видео 18-ноябрь 2019, 17:41 Аман Аскаров

Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко Россия жана ЕАЭБ биримдиги боюнча өзүнүн терс пикирин парламенттик шайлоо күнү журналисттер менен болгон маегинде билдирди. Ал өз сүзүндө “Союз деген кечээги күнгө караганда бүгүн жакшы жашаш үчүн керек. Биз экономикабызда ар дайым жоготууларга дуушар болуудабыз. Кечирип койгула “”на хрена” бизге мындай союздун кереги бар. Жыл сайын кандайдыр бир чектөөлөр киргизилип жатат. Эгерде биздин конституциябызга, фундаменталдык принциптерибизге ...

0 1255

Россиянын "дохлый" унаасына отурбайм десеңер дуа кылгыла. Маселеге эртең чекит коюлат

18-ноябрь 2019, 12:16 Аман Аскаров

Жаңы жылдан тартып Кыргызстанга чет элден кире турган унаанын бажы төлөмү 10 эсеге жогорулаганы турат. Мындан ары Кыргызстандыктар Япония, Германия, АКШнын сапаттуу унааларынын ордуна Россияда өндүрүлгөн “дохлый” унааларына отуруп калуу коркунучу алдында тургандыгы зээнди кейитет тимеле. Бирок, кантсе дагы өчпөс үмүт бар. Жанданып турат. Дегенибиз, эртең, 19-ноябрда Евразиялык Экономикалык Биримдиктин биргелешкен комиссиясынын жыйыны Москвада болуп, анда КРнын Экономика министрлигинин өтүнүчү ...

0 135

Уран калдыктарын сактаган жайларды калыбына келтирүү үчүн Кыргызстанга 6 млн евро бөлүндү

18-ноябрь 2019, 10:43 Алтын Булат

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 5.7 млн евро бөлмөй болду. Каражат гранттык негизде, тагыраагы кайтарымсыз. Мындай чечим Борбор Азия өлкөлөрүндөгү Экологиялык реабилитациялоо маселесине арналган Лондондогу жыйында айтылды. Тагыраагы, аталган банк Миң-Куш жана Шекафтар айылдарында жайгашкан мурдагы уран өндүрүшүн рекультивациялоо боюнча эки долбоорду каржылайт. Жыйында белгилүү болгондой, рекультивациялык иштер 2020-жылдын биринчи кварталында башталат. Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ...

0 246

Дүйнөдө акчасы асман чапчыган байдын аты аталды

16-ноябрь 2019, 15:38 Айдар Нуралиев

Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс эки жыл ичинде миллиардерлердин рейтингинде эң алдыңкы орунга чыкты. Бул тууралуу маалыматты Bloomberg Billionaires Index https://www.bloomberg.com/ жазып чыкты. Bloomberg Billionaires Index агенттигинин маалыматына таянсак Гейтстин байлыгы 110 млрд долларды чапчыды. Экинчи орунду Amazonдун башчысы Жефф Безос алган. Анын байлыгы 109 млрд долларга бааланды. Үчүнчү орунду француз Louis Vuitton Moet Hennessy компаниясынын жетекчиси Бернар Арно алган. Анын байлыгы ...

0 319

Баткен облусунун калкынын жарымы Россияга кетип калган. Алардын так саны айтылды

16-ноябрь 2019, 15:27 Аман Аскаров

Кыргызстанда жумушсуздуктун айынан көптөгөн жарандарыбыз чет өлкөгө чыгып кетип жаткандыгы сыр эмес. Алардын басымдуу бөлүгү салттуу түрдө Россияны көздөй бет алышат. Көпчүлүгү Баткен, Ош, Жалал-Абад облусунун тургундарына туура келет. Акыркы жылдары эле аталган үч облустан Россияга 660 миң адам чыгып кетиптир. Тактап айтсак, расмий маалыматтар боюнча Ош облусунан – 200 миң, Жалал-Абад-облсунан дагы  - 200 миң, Баткен облусунан – 260 ...

0 388

Өлкөдө эң кымбат жана эң арзан көмүр каякта билесизби?

16-ноябрь 2019, 12:03 Аман Аскаров

Өлкөдө сентябрга салыштырмалуу көмүргө болгон баа 370 сомго жогорулаган. Баа Токтогулда эң максималдуу көрсөткүчкө жеткен. Ал жерде бир тонна көмүр сентябрдан бери 921 сомго көтөрүлүп, ал 20,5 пайызды түзгөн. Октябрдан бери болсо 1 тонна көмүр 127 сомго кымбаттаган. Ал 2,8 пайызга барабар. Кыргызстан боюнча эң кымбат көмүр Кара-Сууда – 8 миң 485 сом, Баткенде – 7 миң 455 сом, Нококатта ...

0 354

Уран калдыктарын сактоочу жайларды реабилитациялоо үчүн Кыргызстанга 5,7 млн евро грант бөлүнөт

16-ноябрь 2019, 10:04 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Лондон шаарында өткөн Борбор Азия өлкөлөрү үчүн Экологиялык реабилитациялоо эсебинин донорлор ассамблеясынын IV жыйынына катышты. «Борбор Азиядагы уран калдыктарын сактоочу жайларды реабилитациялоо маселелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишиндеги маанилүү багыт болуп саналат. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына Донорлор ассамблеясынын жыйынында кабыл алынган Миң-Куш жана Шекафтар айылдарындагы мурдагы уран өндүрүшүндө рекультивациялоо боюнча эки долбоорду гранттык негизде каржылоого жалпы ...

0 291

Министр Э.Чодуев кытайлык Дин Шуай менен айыл-чарба тууралуу сүйлөштү

15-ноябрь 2019, 18:41 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 15-нобярь күнү  Кыргыз Республикасыны Айыл чарба, тамак аш-өнөр жайы жана мелиорация министри Э.Чодуев Кытай Эл Республикасынын “Елинк Технологии” компаниясынын директору Дин Шуай мырза менен жолукту. Жолугушууда, тараптар айыл чарбасын санариптештирүү, заманбап  айыл чарба техникаларын колдонуу, мал чарбасын асылдандыруу, заманбап технологияларды колдонуу менен малга тоют даярдоо, айыл чарба продукцияларын экспорттоо-импорттоо жана сапаттуу үрөндөрдү өндүрүү боюнча талкуу болду. Талкуу учурунда ...

0 303

Мамлекетти кимдер жеп жатышат?

15-ноябрь 2019, 15:49 Айдар Нуралиев

2019-жылдын 3 кварталында бюджет тармагындагы кызматкерлердин кызматтык каттамдарына (командировка) -12,1 млн. доллар же 849 млн. сом корогон, - деп жазып чыкты "Фабула" гезити бүгүнкү чыккан санында. Башкача айтканда, 9 айдын ичинде "саякатчы" бюджетчилер бир күндө - 228 млн. сом, мейманканага - 309 млн. сом, жол киреге - 312 млн. сом сарптап турушкан. Мындан тышкары, телефондук байланыштарга кеткен жалпы чыгым - ...

0 1125

Бензиндин баасы боюнча Абылгазиев жооп берди. "Бээ десе төө" - деди

15-ноябрь 2019, 12:06 Аман Аскаров

Кечээ парламентте ысык болду. Премьер Мухаммедкалый Абылгазиев желдеттерин ээрчитип алып Жогорку Кеңешке келди. “Сексалю” атыккан депутат Тазабек Икрамов абдан маанилүү бир маселени козгоду. Ал өлкөдө бензин менен интернетке монополия орногондугун айтып, ага ээлик кылгандар ага каалагандай бааны коюп жаткандыгын айтып, өкмөт башчыдан Кыргызстандагы бензиндин баасы менен чет элдеги бензинге болгон баанын айырмасын сурады. Анан “бээ десе төө" деген Абылгазиев эмне деп ...

0 520

Жакшы жаңылык! Өзүбүздүн жүк ташуучу авиакомпаниябыз ишке кирди

14-ноябрь 2019, 14:21 Аман Аскаров

Кыргызстандын авиарыногунда ата-мекендик жүк ташуучу жеке компания пайда болду. Анын ээлери толугу менен кыргыз жарандары. Жаңы жүк ташуучу компания “Кыргыз авиалиниялар плюс” – деген ат менен ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Ал юстиция министрлигинен ушул жылдын октябрь айында кайра каттоодон өткөн. Анын негиздөөчүлөрү болуп Алмаз Матмусаев жана Жеңиш Орозбаев катталган. Министрликтин маалыматы боюнча Орозбаев компаниянын жетекчиси. 7-ноябрь күнү “Манас” эл аралык аэропортуна ...

0 97

Кубатбек Боронов: Биз Брекзиттен кийин Улуу Британия менен жаңы эки тараптуу макулдашууну түзүүгө даярбыз

14-ноябрь 2019, 11:06 Айдар Нуралиев

Биз Брекзиттен кийин Улуу Британия менен жаңы эки тараптуу макулдашууну түзүүгө даярбыз. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Лондон шаарында өткөн Кыргыз-британ инвестициялык форумунда билдирди.  Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов кыргыз-британ мамилелеринин динамикасын жогору баалап, Улуу Британиянын үстүбүздөгү жылдын 12-декабрында мөөнөтүнөн мурда жалпы шайлоодон кийин түзүлө турган кийинки өкмөтүн кыргыз тараптын  эки жактуу алакаларды өнүктүрүүдөгү жаңы демге умтулуусун ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 335

Кыргызстанда баа кымбаттап жатабы?

12-ноябрь 2019, 15:01 Кызгалдак Жакыпова

  Быйыл былтыркыга караганда уйдун эти 20 сомго кымбаттады. Бул жылы Кыргызстанда малдын эти эле эмес ун да кымбаттаган. 2019-жылдын октябрь айынын жыйынтыгы менен өткөн жылдын бул мезгилине салыштырмалуу 1-сорттогу ун 6,6 пайызга, жогорку сорттогу ун 3,3 пайызга кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети он айлык жыйынтыгын жарыялаганда маалымдалат.  2018-жылдын октябрь айында 1-сорттогу ундун баасы 29,25 сом, жогорку сорттогу ...

0 180

ФОТО - Жалал-Абадга 1,9 миллион евро өлчөмүндөгү грант бөлүндү

12-ноябрь 2019, 13:40 Айдар Нуралиев

Жалал-Абад облусунун жергиликтүү экономикасын өнүктүрүү жана калктын жашоо шартын жакшыртуу аракеттери колго алынууда. Бул багытта аймакта 2022-жылга чейин айыл чарба, туризм жана кайра иштетүү тармактарында колдоо тапкан долбоорлор жүзөгө ашырылат.  Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.  “Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү программасынын” алкагында жарыяланган сынакта 8 долбоор жактырылып, ишке ашуу алдында. Ага Европа биримдиги жана Германиянын экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү федералдык министрлиги (аткаруучу ...

0 140

Президент: Биздин дипломаттарга жана мамлекеттик органдарга жаңы багыттагы иштерди күчөтүү боюнча жаңы милдеттер коюлат

12-ноябрь 2019, 11:00 Айдар Нуралиев

“Биздин дипломаттарга жана мамлекеттик органдарга жаңы багыттагы иштерди - экологиялык дипломатияны күчөтүү боюнча жаңы милдеттер коюлат”, - деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-ноябрда, «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине 75 жыл. Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюму менен кызматташуусунун жыйынтыктары жана келечеги» форумунда. Мамлекет башчысынын сөзү толугу менен берилет: “Урматтуу дипломатия кызматкерлери! Ардактуу ардагерлер! Урматтуу айымдар жана ...

0 224

Кыргызстанга гранттык негизде 50 млн АКШ доллары өлчөмүндө финансылык жардам берилет

11-ноябрь 2019, 17:43 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын   8-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы —  1-чакан программа боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамга кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 24-октябрында кабыл алынган. Азия өнүктүрүү банкынын Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы соода жана инвестициялар чөйрөсүндө атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу, чакан жана орто ...

0 690

Коомдук унааларда жүрүү бекер болгон биринчи өлкө пайда болду

11-ноябрь 2019, 14:29 Айдар Нуралиев

 Люксембург – коомдук унааларда жүрүү толугу менен бекер болгон дүйнөдөгү биринчи өлкө. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.   Маалыматка караганда, бул шайлоо алдындагы убадалардын бири. Мындай чечим жалпы транспорт системасынын абалын жакшыртат деп эсептелүүдө. Ошондой эле тыгындарды азайтат. Луксембург шаарында 115 миңдей адам жашайт, дагы 400 миңдей адам шаарга күнүгө жумушка келип кетет. Франция, Бельгия жана Германиядан дагы ...

0 446

ВИДЕО - Көргөнү да, көрбөгөнү да арманда. "Газпромдун" "чудиктеринин" кылыгы боорду эзди

Видео 11-ноябрь 2019, 14:12 Аман Аскаров

Убагында Кыргызстан “Кыргызгазды” “Газпромго” 1 сомго сатып жатканда абдан кейидик эле. Ушундай дагы болобу? – деп. “Газпром” болсо тез аранын ичинде өлкөнүн бардык аймагын көгүлтүр от менен камсыз кылабыз деди эле, анысынын дайыны дагы жок. Эптеп Бишкектин бир эки районуна жеткирди окшойт газ түтүктөрүн 3-4 жылда. Бирок, биздин айталы дегенибиз башка. Мындай “чудик” компанияга убагындагы өлкө жетекчилерибиз кантип ишенди ...

0 1154

Чиновниктердин айлык акысын билгиңиз келеби? Анда көз жүгүртүңүз!

10-ноябрь 2019, 13:00 Аман Аскаров

Кайсыл чиновник кандай айлык алат болду экен? - деген суроону ар бир карапайым адам өзүнө өмүрүндө бир жолу берип көрсө керек. Негизи мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер жыл сайын кирешеси тууралуу декларация толтуруп турууга милдеттүү. Болбосо жоопко тартылышы керек эле. Бирок, “боло берет турмушта, особенно кыргызда” – дегендей айрым мамлекеттик кызматкерлериң бул норманы "уруп" дагы ойнобойт, жоопко дагы тартылбайт. Декларацияны толтурган чиновниктин ...

0 925

ФОТО - Ахматбек Келдибеков Шанхайда эмне кылып жүрөт?

09-ноябрь 2019, 18:07 Аман Аскаров

Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын төрагасы “Ата Журт” партиясынын тең төрагасы Ахматбек Келдибеков Шанхайда ѳтүп жаткан “Экспо-2019” экинчи эл аралык импорт көргөзмөсүн катышып жүргөндүгүн уктук. Ахматбек Келдибековго “Экспо-2019” көргөзмөсүнө чакыруу Кытай Өкмөтү тарабынан жөнөтүлгөн. Бул иш чара Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгына карата ѳлкѳ башчысы Си Цзиньпиндин демилгеси менен уюштурулган. “ЭКСПО‑2019” Кытайдын тарыхындагы ...

0 239

Финпол сап башында, милиция эң артында

08-ноябрь 2019, 15:48 Аман Аскаров

Президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен катуу күрөшөбүз деп жар салган. Ал үчүн атайын укук коргоо органдарынын бирдиктүү депозиттик эсеби дагы ачылган. Ал эсепке канча каражат түшкөнүн билесизби? Билбесеңиз анда маалымат үчүн окуп койсоңуз болот. Жалпысынан 2018-жылдын 2-июлунан 2019-жылдын 25-октябрына чейин андай иш чарадан 1 миллиард 700 миллион сомго жакын акча топтолгон. Тактап айтсак, ал ...

0 687

Чет элдик унааларга жаңы бажы төлөмү кирбей калышы мүмкүн

08-ноябрь 2019, 11:01 Аман Аскаров

19-ноябрда Москва шаарында Евразиялык экономикалык комиссиянын жыйыны болот. Анда, кыргыз тарап үчүнчү өлкөлөрдөн келген унааларга (иномарка) болгон бажы салыгынын жеңилдиктеринин мөөнөтүн узартуу боюнча маселе көтөрө турган болуптур. Чечим коллегиалдуу болот. Айтсак, 2020-жылдын 1-январынан тартып чет элден ташылып келген унаалар үчүн ЕАЭБдин эрежелери күчүнө кирип, бажы төлөмдөрү асманды чапчып, жарандарыбыз коопсуз немец, япон унааларынан ...

0 81

Кыргызстандын эл аралык резерви 2.2 млрд долларга бааланууда

08-ноябрь 2019, 10:44 Айдар Нуралиев

2019-жылдын акыркы 10 айында Кыргызстандын эл аралык ички резерви 2 млрд 294 млн 86 миңди түзгөн. Бул тууралуу Акчабар Улуттук банктын маалыматына шилтеме берип жазып чыкты. Улуттук банктын маалыматына ылайык, бир ай ичинде өлкөнүн резерви 9.13 млн долларга өскөн. Акыркы беш жыл ичинде (2014-жылдан тарта) 2019-жылдын август айынан сырткары (эл аралык резерв 2 млрд 335 млн 79 миң долларды ...

0 248

Эмил Үмөталиев, Kyrgyz Concept компаниясынын негиздөөчүсү: "ЕАЭБге киришибиздин айынан көп кыйынчылыктар күтүлөт"

07-ноябрь 2019, 13:01 Айдар Нуралиев

- Акыркы убактарда 2020-жылдан тарта автоунаалар гана кымбаттабай, 160 аталыштагы товарлардын баасы көтөрүлөрү тууралуу да айтылууда. ЕАЭБге киришибиздин өйдө-төмөнү тууралуу кандай пикирдесиз? - Мен «ЕАЭБге киребиз» дегенден бери эле пайдасына көзүм жетпей, факторлордун, мисалдардын жана ой жүгүртүүлөрдүн баары көбүрөөк зыян алып келерин далилдер менен бөлүшүп келгем. Андан бери он жылдай убакыт өттү. Ошондон бери массалык маалымат каражаттарына ачык ...

0 383

Абулгазиев бажынын "сол чөнтөгүн" тигеби?

05-ноябрь 2019, 18:17 Айдар Нуралиев

«Торугартка» жаңы стационардык инспектордук-текшерүүчү комплекс орнотулду. Ал жүктү кароодо Бажы кызматынын ишин ыкчамдатып, анын  айкын болуусуна шарт түзөт. Бул тууралуу Өкмөт башчы М. Абылгазиев Нарын облусундагы аталган көзөмөлдөп өткөрмө бекетинин   иши менен таанышуу маалында билдирди. Ошол эле учурда эл арасында айрым жарандар Бажы кызматынын ишине анча эле ишене беришпейт. Алар бажы жыйымдарынын кандайдыр бир бөлүгү кассадан тышкары кетет деп ...

0 206

Карызыбыз ар бир жаранга 700 доллардан тиет

05-ноябрь 2019, 14:50 Айдар Нуралиев

Кыргызстандын тышкы карызы 4.5 млрд доллар экени айтылып жүрөт. Кытайга эле 1,7 млрд доллар карызбыз. Буга чейин төлөгөн карыздарды эске алганда жалпы 9 млрд.долларга чейин карыз алганбыз. Аны кайтаруу лимити да жакындап келатканын адистер айтышат. Бул тууралуу "Факты.kg" гезити жазып чыкты.  Мамлекеттик карызды иликтей келгенде ар бир кыргызстандык жаранга орточо 700 доллардан тиет экен. Карыздан кутулуу үчүн жалпылап акча ...

0 202

Экономикасы эң ылдам өлкө кайсы экендиги айтылды

05-ноябрь 2019, 12:46 Айдар Нуралиев

Эл аралык валюта фонду экономикасы эң ылдам өскөн өлкө кайсы болорун айтып чыкты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка караганда, Гайананын экономикасы 2020-жылы 86 пайызга өсөт, бул жылы ал көрсөткүч 4,4 пайызды түзгөн. Өлкөнүн экономикасынын мынчалык ылдам өсүшүнө Exxon Mobil корпорациясынын нефть запастарын өздөштүрүүсү себеп болот. Гайананын жылдык ички дүң өндүрүмү бүгүнкү күндө орточо 4 миллиард долларды түзөт, ...

0 206

Бирдиктүү депозиттик эсепке 1,6 миллиард сом топтолду

05-ноябрь 2019, 10:51 Алтын Булат

2018-жылдын 2-июлунан 2019-жылдын 25-октябрына чейинки мезгилде «Жалпы мамлекеттик иш-чаралар – укук коргоо органдарынын бирдиктүү депозиттик эсеби» деген бирдиктүү депозиттик эсепте 1 млрд. 668,5 млн. сом топтоштурулду. Бул тууралуу   Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Атап айтканда: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына – 769 092 413,61 сом; - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 283

Илон Маск бир жумада 2 миллиард долларга байыды

04-ноябрь 2019, 13:56 Айдар Нуралиев

Space жана Tesla компаниясынын негиздөөчүсү Илон Масктын байлыгы 2 миллиард долларга көбөйүп, 22,9 миллиард долларга чейин жеткен. Бул Tesla 2019-жылдын үчүнчү чейрегинин отчетун бергенден кийин белгилүү болду. 23-октябрда рыноктун жабылышынан кийин, өндүрүүчү  бир акциядан 1,86 доллар киреше тапканын жарыялаган. Ал эми аналитиктер компания ар бир акциясынан 42 центке чейин чыгаша тартат деп күтүшкөн. Булак: NazarNews.kg

0 407

Кыргыздын атка, ой, “эшекке минерлеринин” иш сапарына канча акча кетип жатат?..

02-ноябрь 2019, 14:14 Бакыт Молдалиев

Ким болбосун чөнтөгүн “текшерип”, акчасынын эсеп-кысабын алып жүргөн “Акчабар” сайты бул ирет мамлекеттин бюджетинин эсебинен кыргыз чиновниктери канча акчаларды командировка деген шылтоо менен сапырып жүргөнүн жарыялады.    Эми сандарга карайлы: Аталган агенттиктеги маалыматка ылайык, ушул жылдын 9 айында мамлекеттик кызматерлердин бир суткалык чыгымдарына 228 миллион, мейманкаларга 309 миллион, жол чыгымдарга 312 миллион сом, мындан ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83