www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экономика
0 177

Бишкектеги май куюучу жайлардын көбү жабыла турган болду

09-октябрь 2019, 16:56 Алтын Булат

Бишкектеги 96 май куюучу бекет бар, анын ичинен баардык талапка жооп берген 40 бекет калат. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда болгон шаардык кеңештин жыйынында, вице-мэр Уланбек Азыгалиев билдирди. Жыйында жергиликтүү депутаттар борбор калаадагы май куюучу бекеттерди текшерген жумушчу комиссиянын жыйынтыгын угушкан. Анда шаар башчысынын орун басары, калган май куюучу бекеттердин айрымдары Бишкек шаарынын четине чыгарылып, таптакыр талаптарга жооп бербегендери жабыларын ...

0 564

Кыргызстандагы карызын Кытай кантип аларын ачык айтып салыптыр

09-октябрь 2019, 15:13 Алтын Булат

Кыргызстандын карызынан бир тыйын дагы кыскарта албай турганын Кытай тарап ачык эле билдириптир. Мындай жоопту финансы министри Бактыгүл Жээнбаева дагы ачык эле айткан. Тагырагы парламенттин сентябрдагы жыйынында, министр айым кытайлык “Эксим банк” менен карызды кечүү боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатканын айткан. Анан анын айткандарына Спутник жооп сураган. Финансы министрлигинен берилген ал жоопко таянсак, Кытай тарап кыргыз финансисттерин далыга таптап, Кыргыз ...

1 816

Министр Чодуевдин “кечиккен махабаты” Беккулуева “Береке” пансионатын мыйзамсыз менчиктештирип алганбы?

07-октябрь 2019, 10:14 Айдар Нуралиев

Улуттук көчмөндөр оюндарындагы шаан-шөкөттөр жалпы коомчулуктун назарын өзүнө буруп, мамлекеттин эсебинен Кытайда эс алдырууга жибермекчи болгон министр Эркинбек Чодуевдин «кечиккен махабаты» Анаркул Беккулиева тууралуу уу-дуу кептин багыты башка жакка бурулуп кеткенсиди. Кыргыз журту мындай ыплас ишти көз жаздымда калтырбашы керек, моралдык жактан бузулган жана мыйзамсыз иштерди жасаган адамдарды жогорку бийликте манчыркатпастан, юридикалык жоопкерчиликке тартылышын талап кылышыбыз шарт. Биринчиси, Чодуев ...

0 354

Кайсыл депутат байлыгын жашырып жүрөт билесизби?

06-октябрь 2019, 11:47 Аман Аскаров

Бирдиктүү салык декларациясын милдеттүү түрдө бардык жарандар толтурушу керек. Анда адамдын бир жылдык кирешеси, кыймылдуу, кыймылсыз мүлкү, топтогон байлыгыбы ж.б тууралуу маалымат бериши керек. Бирок, чиновниктер ар дайым бул мамлекеттик эрежени сактабай келет. Айрымы толтурса айрымы толтурбай же кечиктирип жүрөт. Кечиккендердердин арасында лидерликте Мамлекеттик каттоо кызматы жана Жогорку Кеңеш турат. Булар укмуш ийкемдүү келишет бул маследе. Ийкемдүү дегенибиз, ары бери ...

0 912

Нурбек Токтакунов, адвокат: "Жакында көп нерсени угабыз"

04-октябрь 2019, 16:38 Айдар Нуралиев

ТЭЦти модернизациялоо боюнча тергелип жаткан иште таң калычтуу абал жаралды. Анткени, мамлекеттик айыптоочуларТЭЦте 111 млн доллар чыгаша болгондугу тууралуу факты боюнча эксперттерди сурагысы келбей жатат. А сот болсо адвокаттарга кааласаңар өзүңөр чакырып алгыла дейт. Эмнеге мындай болуп жатат? Эмне үчүн мамлекеттик айыптоочулары эксперттердин көрсөтмөсүн ишке тиркегиси келбей жатат? Эмне үчүн сот ар тараптуулук үчүн аларды уккусу келбей жатат? Сотто адвокаттар ...

0 102

Миңден ашуун мамлекеттик кызматкер салык декларациясын тапшырган эмес

04-октябрь 2019, 13:57 Айдар Нуралиев

Мамлекеттик салык кызматы 2018-жыл үчүн бирдиктүү салык декларациясын өз убагында тапшырбаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын тизмесин жарыялады. Маалыматка караганда, 2019-жылдын 3-октябрына карата 1 202 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер декларациясын тапшырган эмес. Эске салсак, былтыркы жылга салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 1-апрелде аяктаган. Булак: NazarNews.kg

0 310

Самсунг Кытайда телефон чыгарбай турган болду

03-октябрь 2019, 10:52 Айдар Нуралиев

Samsung Кытайда уюлдук телефон чыгаруусун токтотууну чечти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматка караганда, буга смартфондорду чыгарган жергиликтүү өндүрүш менен болгон атаандаштыктын күчөшү жана Кытайдагы экономикалык каатчылык себеп болгон. 2018-жылы корпорация смартфондорду өндүрүүчү Кытайдагы бүт заводдорун жаап, Гуандун провинциясындагы Хойчжоу шаарында жайгашкан гана заводу иштеп жаткан. Мартта Sony корпорациясы да Кытайда өндүрүшүн токтотконун билдирген. Компания смартфондорун ...

0 142

Алтындан түшкөн акча экология менен экономикага жумшалат

01-октябрь 2019, 19:44 Айдар Нуралиев

Өкмөт менен Centerra Gold Inc. компаниясынын ортосунда курчап турган чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча стратегиялык келишимди ишке ашырууну талкуулаган кеңешме өткөрдү. Буга чейин кыргыз өкмөтү “Кумтөрдүн” акчасына Кыргызстандын экологиясын коргой турган фонд түптөгөн. Анда “Кумтөр Голд Компани” алгач бир жолку төлөм иретинде 50 миллион доллар бөлүп, андан сырткары, жылына 2,7 млн. доллар берип турмакчы болгон. Өкмөттөгү жыйында аймактарды ...

0 266

Албек аймаган миллиондордун учу чыгыптыр

01-октябрь 2019, 13:01 Алтын Булат

“Манас” аба майданынан беш миллион доллар уурдалган. Учурда ал уурулардын сары изине Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы түшкөнүн билдирүүдө. Маалыматтарга караганда, 2014-жылы аэропорттун жетекчилигинде тургандар, аэропорттун карамагындагы “Топливный центр” ЖАКтын 100 пайыз акциясын 5 миллион долларга соодалап жиберишкен экен. Тагырагы, ал акчанын дайыны жок. Болбосо ага чейин аталган тармакты 7 миллион долларга сатып алуу боюнча Кипрден сунуш ...

0 188

Ушул жылдын 8 айында өлкөнүн жалпы кирешесинин көлөмү 98,4 млрд. сомду түздү

29-сентябрь 2019, 12:43 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, 2019-жылдын январь-август айлары аралыгында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин жалпы кирешеси 98,4 млрд. сомду, анын ичинен республикалык бюджеттин кирешелеринин көлөмү – 86,1 млрд. сомду (бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын жана МИП гранттарын эсепке алганда), жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин көлөмү 13,9 млрд сомду түздү.  Булак: NazarNews.kg

0 2274

Абылгазиев кол алдындагы адамды "асып" кое жаздады

27-сентябрь 2019, 15:12 Аман Аскаров

Пенсия,  айлык акы жана башка социалдык төлөмдөр боюнча кечиктирүүлөр болбойт деди бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Ал үчүн бюджеттен жетиштүү түрдө акча каражаттары дагы каралыптыр. Деги, социалдык төлөмдөр мыйзамда каралган акча каражаттары. Ал эми анын кол алдындагы Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиев болсо кечээ күнү каражаттын жетишсиздиги байкалып жаткандыгын айтып, 2020-жылдын алдыңкы айларында пенсия, пособие, айлык акылар боюнча төлөмдөр кечеңдетилип ...

0 1095

Көз тийбесин! Премьер оңолуп калгандай

27-сентябрь 2019, 11:57 Аман Аскаров

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Россиянын борбордук банкы эмгек мигранттары тарабынан жөнөтүлгөн акча которууларына чектөө киргизилгендиги ЕАЭКтин нормаларын бузгандыкка жатат деп билдирди Бишкекте өткөн “Евразия жумалыгы” иш чарасында. Мындай чектөөлөр ушул жылдын апрель айында киргизилген. Чектөөлөр Вьетнам, Казакстан, Кыргызстан жана Кытай жарандары үчүн киргизилген. Ал дагы тең салмактуу эмес. Айтсак, Кыргызстандыктар мекенине ай сайын 100 миң ...

0 414

Бухарада жел электр станциясынын курулушу башталды, Кыргызстан "шапка" сурап "качырган"

26-сентябрь 2019, 08:44 Айдар Нуралиев

22-сентябрда Бухара облусунун Гиждуван аймагында жел электр станциясынын курулушу башталды. Бул тууралуу Өзбекстан Тышкы иштер министрлиги билдирди. Бул тууралуу маалыматты Борбордук Азия жаңылыктары кабарлады.  Министрликтин маалыматына караганда, долбоордун жалпы наркы – 1,8 миллиард доллар, кубаттуулугу 1,5 миң МВт. Долбоор үч айлампадан турат. Өзбекстан 2017-жылы орду толукталып турчу энергия булактары тууралуу программа кабыл алган. 2018-жылы Өзбекстан Орусия менен атомдук электр ...

0 1392

Шаршенбек Абдыкеримов бактысыз экен, аны кечээ съездде өзү байкабай айтып алды

23-сентябрь 2019, 11:45 Аман Аскаров

Шаршенбек Абдыкеримов, экс-депутат, “Кыргызстан” партиясынын “кол башчыларынын” бири. Партиянын кечээ өткөн съездинде партиялаштарынын, жыйынга келген коноктордун алдында “менин үмүтүм - өнүккөн Кыргызстан! Элибиз бай болсо биз бактылуу болобуз” -деп дүркүрөгөн кол чабууларды сууруп кетти. Дегенибиз, залдагылар эле өнүгүп, бай болуп кетпесе, филармониянын эшигинен ары чыкканда эле реалдуу жашоо. Айтсак, ушул жылдын июнь айында Кыргызстан Global Finance журналынын версиясы боюнча ...

0 130

Мыйзамсыз ташылып келе жаткан кургатылган жемиштер кармалды

18-сентябрь 2019, 11:15 Кызгалдак Жакыпова

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Ыкчам” бажысынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарында Кыргыз Республикасынын жараны Т.Н.Снын башкаруусундагы “МАН 12232” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты токтотулуп текшерилген. Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 2640 килограмм мейиз, 490 килограмм кургатылган ...

0 107

УКМК коррупцияга каршы күрөштөн 19 миллион сом өндүрдү

17-сентябрь 2019, 10:45 Кызгалдак Жакыпова

2019-жылдын 16-сентябрында КРнын УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 298-токтомуна ылайык КР Каржы министирлигинин Бирдиктүү депозиттик эсебине кезектеги акча төлөмдөрү, 19 млн. 831 миң. 075 сом өлчөмүндөгү акча каражат которулду. КР УКМК коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы ишмердүүлүгүнүн алкагында мамлекетке кайтарылган каражаттардын жалпы суммасы депозиттик эсептин ачылганынан бери 303 млн. 646 миң 362 сомду түздү. Булак: NazarNews.kg

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 501

Айбек Мырза: “Жер-Үйдө кенинде мамлекеттин үлүшү жок. Бул деген кылымдын аферасы”

16-сентябрь 2019, 11:02 Нурбек Айдар

Биз "Жер-Үй: кечээ, бүгүн, эртең" элдик жыйынын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин төрагасы Айбек Мырза менен маектешип, элдик жыйын тууралуу суроолорубузга жооп алдык. - Сиздер өткөрүп жаткан элдик жыйынды өткөрүүнүн себеби эмнеде? - Президент С. Жээнбековдун Коопсуздук кеӊештин жыйынында "Тоо-кен тармагы мамлекеттин көзөмөлүнөн чыгып кетиптир" деп коррупцияга каршы күрөш жарыялап, элди көмөктөшүүгө чакырганы болду. - Элдик ...

0 108

Айыл чарбасындагылар 5 млрд сомдук насыя алды

13-сентябрь 2019, 18:27 Кызгалдак Жакыпова

Быйылкы жылы чыйыр салган изги саамалыктын бири январь айында сапар алып, элеттегилерге жеңилдетилген насыя бериле баштаган эле. Финансы министрлиги 6-сентябрга карата отчетун жарыялап, «Айыл чарбасын каржылоо - 7» долбоору боюнча 4 миллиард 854,5 миллион сомго 9823 жеңилдетилген насыя берилгенин билдирди. Атап айтканда, өсүмдүк өстүрүү максатында 2793 адам 1 миллиард 96,4миллион сомдук насыя алган. Мал чарбачылыгы жаатына 2 миллиард 606,3 ...

0 265

Токтогул ГЭСи менен Орто Токойдогу суу Казакстанга сатылдыбы?

12-сентябрь 2019, 09:37 Кызгалдак Жакыпова

Энергетика тармагында эксперт болуп бул багыттагы коррупциялык иштерди көп айтып жүргөн Расул Умбеталиев  жай мезгилинде  Токтогул ГЭСинен 2 миллиард куб суу Казакстанга агызылганын айтты. Ал өкмөттүн “Казакстанга 300 млн. куб суу агызылды” - деген билдирүүсү чындыкка дал келбей турганын баса белгилеп, “Улуттук энергохолдинг” компаниясы калп айтып жатат деди. Умбеталиев:  “Токтогул  ГЭСиндеги суу Казакстанга секдасына 140-250  кубга чейин агызылып жатты. Демек, ...

0 302

Кубанычбек Кожоев: “Темир Сариев өкмөт башчы болуп турганда чыккынчылык кылган”

11-сентябрь 2019, 16:39 Нурбек Айдар

Кыргызстандын Орусиядагы соода өкүлчүлүгүнүн мурунку жетекчиси Кубанычбек Кожоев Кыргызстандын Москва шаарындагы маданий-көргөзмө борбору ошол убактагы премьер-министр Темир Сариевдин айынан талкаланып, дагы деле иштебей турганын айтты. Кыргызстандын Орусиядагы соода өкүлчүлүгүнүн мурунку жетекчиси эми ал павильон кайра калыбына келеби же келбейби деп бушайман. Төмөндө биз Кубанычбек Кожоевдин катын жарыялайбыз. “Кечээ жакында Москва шаарында казак эли үчүн тарыхый ...

0 291

Кыргызстанда 7 жылдан кийин минималдуу айлык 5 миң сом болот

10-сентябрь 2019, 09:58 Алтын Булат

Учурда, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги айлык акыны көтөрүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгып, аны коомдук талкууга чыгарды. Ага ылайык, айлык акы этап-этабы менен жогорулайт. Сунуштамада айтылгандай, бул республикалык бюджетке оордук келтирбөөгө максатталган. Бүгүнкү күндө айлык акынын минималдуу өлчөмү 1750 сомду түзөт. Ал эми, Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, 2019-жылдын II-кварталында эмгекке жарамдуу жаштагы калктын минималдуу керектөөлөрү 5292,61 сомду ...

0 202

Тарых музейин оңдогон немис компаниясына карыз төлөнө элек

09-сентябрь 2019, 10:39 Айдар Нуралиев

Кыргызстан Улуттук тарых музейин оңдогон немис компаниясына 225 миң евро суммасындагы карызды төлөй элек. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, карыз кандай негизде, качан төлөнөрү чечиле элек. Министр музейдин ачылышы качан болору дагы белгисиз экенин билдирди. Музейдеги коррупция бир жыл мурда ачыкка чыккан. Кийинчерээк Башкы прокуратура аны оңдоп-түзөөдөн мамлекеттик бюджет 101,6 млн. ...

0 163

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын тейлөөгө 16,2 млрд сом жумшалды

08-сентябрь 2019, 16:57 Кызгалдак Жакыпова

2019-жылдын январь-август айлары аралыгында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик (тышкы+ички) карызын тейлөөгө республикалык бюджеттен 16 млрд 204 млн сом сарпталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги билдирди. Анда: мамлекеттик тышкы карыз боюнча – 8 млрд 398,5 млн сом; мамлекеттик ички карыз боюнча – 7 млрд 805,5 млн сом. Булак: NazarNews.kg

0 548

Мамлекеттик карыз 28 млн. долларга азайды

08-сентябрь 2019, 14:03 Кызгалдак Жакыпова

Финансы министрлигинин маалыматына караганда, 2019-жылдын жети айына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 млрд. 453,99 млн. долларды (310 млрд. 667,54 млн. сомду) түздү. Анын ичинен 3 млрд. 767,49 млн. доллары мамлекеттик тышкы карыз болсо, 686,50 миллиону ички карызга кирет. Буга чейинки маалыматтарга салыштырып караганда, жыл башынан бери мамлекеттик карыздын өлчөмү дээрлик 28 млн. долларга азайган. Ал эми сегиз айда мамлекеттик ...

0 583

МАИ ар бири 60 миң сомго бааланган алкотестер сатып алат

06-сентябрь 2019, 17:32 Алтын Булат

Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулардын ичимдик ичкен, ичпегенин текшерүүчү атайын аппараттарды (алкотестер) сатып алат. Бул боюнча Мамлекеттик сатып алуулар порталында тендердин шарттары жайгаштырылды. Ага ылайык, ведомство 160 даана алкотестерди 9 миллион 568 миң сомго сатып аларын көрсөтүлгөн. Демек ар бир аспап 59 миң 800 сомго бааланат экен. Эми кызыктар тараптар сынакка документтерди 27-сентябрга чейин тапшыруулары керек. Биз ...

0 500

АУДИО - Мелис Аспеков: Кара-Балтадагы кытайлар кыргыз мыйзамдарын "уруп ойношпойт"

Аудиофайл 05-сентябрь 2019, 18:02 Алтын Булат

Кара-Балтадагы “Жунда” заводу өз билимдик кылып, санитардык нормаларды бузуп жатат. Бул тууралу жарандык активист Мелис Аспеков NazarNews.kg сайтына билдирди. Айтымында, жергиликтүү тургундар ага телефон чалып, жеринде иликтеп берүүнү суранышкан.  Активистке жеткен маалыматтарга караганда, кытайлар заводдун айланасындагы дачаларды сатып алышкан. Учурда документ боюнча 18 гектардай жер, 11 кашар калган. Муну “Чайна Петрол Компани (Жунда)” 2013-жылы 800 миң АКШ долларга сатып ...

0 261

АУДИО - Кубанычбек Исабеков: “Кумтөргө” кайсы жерлер берилгенин билбейм. Эгерде 2010-жылы кол коюлган жерген болсо, анда корук жерлер берилди”

Аудиофайл 05-сентябрь 2019, 14:02 Алтын Булат

“Кумтөр” менен түзүлгөн келишим күчүнө кирди. Ошол эле учурда эки тараптын ортосундагы соттук териштирүүлөр токтотулганын жакында эле кыргыз өкмөтү жарыялады. Бул учурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев, буга чейинки өкмөт башчы Сапар Исаковдун колу коюлган мурдагы келишимди “өлкө кызыкчылыгына жооп бербейт” деген жүйөө менен четке каккандан кийинки жаңы келишим. Эми ага ылайык, “Центерра” кыргыз тарапка 150 миллион доллар төлөөрү айтылууда. ...

0 211

ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келинген 5,5 тонна “Лазер” күрүчү Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды

04-сентябрь 2019, 18:16 Кызгалдак Жакыпова

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Баткен” бажысынын кызматкерлери тарабынан Баткен областында Кыргыз Республикасынын жараны К.А.Анын башкаруусундагы “МАН М02” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты токтотулуп текшерилген. Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 5500 кг., ...

0 164

Алматылыктар Жанаозендиктерди колдоо акциясына чыгышты

04-сентябрь 2019, 12:39 Алтын Булат

Кытай заводдорунун курулушуна каршы болгон Жанаозен шаарынын тургундарын алматылыктар дагы колдоорун билдирип, ондогон адамдар акимиат алдына чогулушту. Бул тууралуу казак маалымат булактары жазышууда. Чогулгандар жанаозендүктөрдү колдоо сөздөрүнөн тышкары, коррупцияга шектелип абакта жаткан "Казатомпром" уран казуу компаниясынын мурдагы башчысы Мухтар Жакишевдин бошотулушун да талап кылышкан. Эл алдына акимдин орун басары Сапарбай Туяков чыгып, сүйлөшүү үчүн ичкери кирүүнү сунуштаган. Бирок буга ...

0 128

ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келинген жер жаңгак жана кургатылган компот аралаштырмасы Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды

03-сентябрь 2019, 13:50 Кызгалдак Жакыпова

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Баткен” бажысынын кызматкерлери тарабынан Баткен областында Кыргыз Республикасынын жараны Т.Н.Анын башкаруусундагы “Камаз” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты токтотулуп текшерилген. Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 4000 кг., болгон ...

0 152

АУДИО - АКШ - Кытай соода согушу күч алды

Аудиофайл 02-сентябрь 2019, 12:26 Кызгалдак Жакыпова

Жакынкы аралыктарда 13%га жакын компания Кытайды таштап кетүүгө камынууда. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп журналисттерге маалымат берип жатып айтты. Маселени Кытай пошлинасына такаган Америка президенти бул сан дагы өсүшү мүмкүн экендигин белгилейт. Анткен менен сөз чет элдик же жалгыз эле америкалык компаниялар тууралуу болуп жатканын тактаган эмес. Мурдараак дагы Трамп, 1-сентябрдан тарта көлөмү 300 миллиард долларлык  Кытай өлкөсүнөн кирген товардын ...

0 101

Кыргыз ишкерлеринин саны бир жылда 12 миң адамга көбөйгөн

31-август 2019, 13:37 Кызгалдак Жакыпова

Улуттук статистика комитетинин берген маалыматтарында, Кыргызстанда 401,7 миң жеке ишкер бар. Бул өткөн 2018-жылга салыштырмалуу 3,1% га (12.000 адамга) көптүк кылган. Ал эми Кыргызстандын элинин учурдагы так саны 6,39млн адамды түзөт. Өлкөгө кирген инвестициялардын ичинен Бишкек шаарына эле 2019-жылдын биринчи кварталында 43,5млн доллар жеке инвестиция тартылган. Бул 2018-жылга салыштырмалуу 21% га көбүрөөк. Булак: NazarNews.kg

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 121

7 айдын ичинде социалдык жөлөк пулдарга 4 млрд төлөндү

30-август 2019, 14:31 Кызгалдак Жакыпова

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги 7 айдын ичинде социалдык жөлөк пулдарга 4 млрд. 366 млн. сом төлөдү. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди. 2 015,5 млн. сом ай сайын социалдык жөлөкпулдарды алуучуларга, 1982,6 млн. сом «үй-бүлөгө көмөк» алуучуларга жана «балага сүйүнчү» бир жолу берилүүчү төлөмгө 368,0 млн. сом республикалык бюджеттен жумшалган. Жалпысынан республика боюнча «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулдун орточо өлчөмү 855,8 сомду ...

0 135

“Түндүкэлектр” ААКсы Бишкек шаарындагы аба электр чубалгыларын реконструкциялоо иштерин улантууда...

28-август 2019, 14:28 Кызгалдак Жакыпова

“Түндүкэлектр” ААКсы 2019-жылы Бишкек шаарындагы 0,4 кВ аба электр чубалгыларынын 151,5 чакырымын өзүн-өзү кармап туруучу изоляцияланган зымдарды колдонуу менен реконструкциялайт.  Бүгүнкү 27-августка карата жаңы зымдарды монтаждоо жана тартуу иштери дээрлик 70 пайызга аткарылды. Алсак: шаардын чыгыш бөлүгүндөгү 50 чакырым, батыш бөлүгүндөгү 48 чакырым аба чубалгылары өзүн-өзү кармап туруучу изоляцияланган зымга алмаштырылды. Мындан тышкары эскилиги жеткен жыгач тирөөчтөрдү алмаштыруу иштери да ...

0 228

АУДИО - Кытай бензин менен жүрүүчү унааларга тыюу салышы мүмкүн

Аудиофайл 27-август 2019, 15:24 Кызгалдак Жакыпова

Кытай бийлиги ичинен күймө кыймылдаткычтуу, тактап айтканда, бензин менен жүрүүчү жаңы унааларды сатууну жарым-жартылай же толук тыюу салуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Мындай чектөө бүт өлкө боюнча же айрым региондордо ишке ашышы мүмкүн. Кытайдын Өнөр жай жана маалыматтык технологиялар министрлиги алгач бензин менен жүрүүчү унааларга болгон талаптарга анализ жасап, зыяндуу заттардын чыгындысынын санын изилдеп чыгышмакчы. Анын жыйынтыгына карап бензин менен ...

0 209

Дүйнөнүн эң бай адамдары бир күндө 14 миллиард доллар жоготушту

26-август 2019, 18:11 Кызгалдак Жакыпова

Ушул жылдын 23-август күнү дүйнөнүн эң бай 10 адамы 14 миллиарддан ашуун акчасынан кол жууду. РИА Новостинин маалыматына караганда, бул АКШ менен Кытайдын ортосундагы соода чыр-чатагынан жана дүйнөлүк биржанын төмөндөшүнөн улам болгон. Байлыгы 1 күндө 3,25 миллиардга кыскарган Amazon компаниясынын башчысы Жефф Безос эң көп акчасын жоготкон.  Ошондой эле, Facebook компаниясынын негиздөөчүсү Марк Цукербергдин, Microsoft компаниясын негиздеген Билл Гейтстин жана башка ...

0 286

Унаа салыгын төлөй элексизби? Эми салыкты калкты тейлөө борборлорунан төлөөгө болот

26-август 2019, 17:09 Кызгалдак Жакыпова

Эми жарандар Бишкек шаарындагы калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) барып, транспорт жана кыймылсыз мүлк боюнча салыктарын төлөй алышат. Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, жарандардын салыктарды өз убагында төлөөсүн камсыздоо үчүн калкты тейлөө борборлору да тартылды. Бул аймактардагы салык башкармалыктарынын, банк филиалдарынын жана почта бөлүмдөрүнүн ишин жеңилдетүүгө багытталган. Жарандар салыктарды төмөнкү даректер боюнча саат 9:00дөн 18:00гө чейин төлөй алышат: · КТБ №1 — ...

0 247

Бийликтин котур ташы..."...Күндүк өмүрүң калса, түштүгүнө жорго минби?"

26-август 2019, 16:52 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстандын 1% үлүшү жок, экологиялык жактан абдан опурталдуу Шамбесай (Кадамжай районунда жайгашкан) алтын кенин ачууга бийлик жашыруун кам көрүп, тийиштүү күч операциясын даярдап койгону бизге ушу август айынын соңунда маалым болду. Күч операциясынын планы Кадамжай райондук милициясында турат. Ал планга ылайык, кенди ачууга каршылык көрсөткөн активисттер кармалып, башка райондорго чыгарылып кетет экен. Аларга катуу чаралар көрүлөт. Мына ошентип элдин ...

0 269

Кубанычбек Исабеков: "Кумтөрдөгү" кыргыз үчүн кыянатчыл келишим"

26-август 2019, 09:48 Кызгалдак Жакыпова

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Кубанычбек Исабековдун китебинде "Кумтөр" алтын кениндеги коррупциялык ишмердүүлүктүн мамлекетке зыян келтирген далилдери камтылган окуяларды NazarNews.kg маалымат агенттигине кезек-кезеги менен чыгарып турууну туура көрдүк.  Бүгүнкү китептин уландысында,  КЫРГЫЗ ҮЧҮН КЫЯНАТЧЫЛ КЕЛИШИМ окурмандарга сунушталат.  КЫРГЫЗ ҮЧҮН КЫЯНАТЧЫЛ КЕЛИШИМ “Центерра голд инк” компаниясынын түзүлүшү боюнча ошол убактагы Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны дагы катуу талкуулаган. 3 токтом кабыл алган. Андагы депутат Орозбек ...

0 177

Кыргызстан сотто канадалык компанияга утулуп калды

23-август 2019, 15:25 Кызгалдак Жакыпова

Эл аралык арбитраж «Кутессай-II» жана «Калесай» кендерин өнүктүрүү боюнча түз чыгымдардын айрымдарынын гана жана соттук чыгымдардын бир бөлүгүнүн ордун толтуруу менен «Stans Energy Corp» жана ОсОО «Kutesay Mining LLC» компанияларынын Кыргыз Республикасына карата 6% азыраак доо талаптарын канааттандырды. Ошону менен бирге калган доо талаптарынан баш тартылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Эскерте кетсек, 2015-жылы «Stans Energy Corp» жана ОсОО ...

0 211

Бишкек - Москва поезд каттамынын билеттери арзандайт

23-август 2019, 10:18 Кызгалдак Жакыпова

Жүргүнчүлөр үчүн Бишкек — Москва поезд каттамынын баасы арзандайт. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасы менен россиялык «Российские железные дороги» ААКсы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жол кирени арзандатуу чечимине келишкен. Анын негизинде 2020-жылдын башынан тарта билеттердин баасы вагондордун категориясына жараша 18,1 жана 19,9 пайызга чейин төмөндөйт. Ошондой эле ушул жылдын сентябрь ...

0 801

Кубанычбек Исабеков: "Кумтөр" алтын кенинде аферанын башында - Акаев менен Танаев турган"

22-август 2019, 15:03 Кызгалдак Жакыпова

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Кубанычбек Исабековдун китебинде "Кумтөр" алтын кениндеги коррупциялык ишмердүүлүктүн мамлекетке зыян келтирген далилдери камтылган окуяларды NazarNews.kg маалымат агенттигине кезек-кезеги менен чыгарып турууну туура көрдүк.  Бүгүнкү китептин уландысында, "Кумтөр" алтын кенинде аферанын башында - Акаев менен Танаев турган окуя окурмандарга сунушталат.  АФЕРАНЫН БАШЫНДА - АКАЕВ МЕНЕН ТАНАЕВ “Камеко” компаниясынын Кыргызстанга зыяны көп болгонун дагы да баса айткым келет. Себеби, ...

0 172

Кой-Таштагы башаламандыктан улам келтирилген зыян 8 млн. сомдон ашты

21-август 2019, 16:42 Кызгалдак Жакыпова

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Кой - Ташка жакын жердеги Беш-Күнгөй айылында милиция бөлүмүн жана машиналарды өрттөөдөн улам келтирилген зыяндын суммасы 2,1 млн. сомду түзгөнүн билдирди. Ошондой эле тартипсиздиктердин учурунда Бишкекте 34 видеокамера жабыркаган, алардын ичинен жетөөсү “Коопсуз шаардын” камералары. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинен кабарлашкандай, залал келтирилген камералардын алдын-ала суммасы 4 млн. сомдон ашкан. Бишкек мэриясынын маалыматына ...

0 458

Өзбекстан алтын казууда дүйнөдө алдыңкы орунга жетти...Кыргызстанчы?

20-август 2019, 14:32 Кызгалдак Жакыпова

2019-жылдын январдан июль айына чейин Өзбекстан башка мамлекеттерге караганда 3,4 млрд.долларлык алтын сатты. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк алтын кеңеши (World Gold Council) билдирди. Акыркы 5 жылда Өзбекстан бир нече жолу алдыга чыккан. Мисалы, 2015-жылы 823,9 миллион доллар, 2016-жылы 738,2 миллион доллар, 2017-жылы,1,6 миллиард доллар чапчыган алтын казып алышкан. Ал эми июнь айында эле алтын үчүн 1 унция 1 миң 397,7 ...

0 180

Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду насыяларынын чыныгы кардарын табабы?

20-август 2019, 14:25 Кызгалдак Жакыпова

Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду улуттук валюта менен берилген кредиттин пайыздык ченин төмөндөттү. Бул тууралуу аталган фонддун өкүлдөрү билдирүү таратышты. Ал маалыматта пайыздык ченди төмөндөтүү кичи жана чоң бизнес менен алектенген атамекендик ишкерлерди колдоо программасынын алкагында жасалат. "Улуттук валютада берилген насыялардын жылдык пайыздык чени 10 пайыздан 9 пайызга төмөндөйт. Мындай жеңилдиктер айыл чарба, жеңил өнөр жай, машина куруу сыяктуу тармактарга берилет. Ошондой эле Бишкектеги ...

0 340

Быйыл чөп кымбатпы?

20-август 2019, 13:55 Кызгалдак Жакыпова

Аймактардагы дыйкандардын айтымында жылдагыга караганда быйыл чөптүн түшүмү начар. Күндүн болуп көрбөгөндөй ысышы сыягы чөптөрдүн түшүмдүүлүгүн начарлатты. Демек, аяктарда чөп кымбат. Ушул кезде тоолуу алыскы райондордо чөптүн экинчи чабыты аяктап, айрым жерлерде чабылуу алдында турса, кээ бир аймактар үчүнчү чабыгына белсенишүүдө. Ушул тапта Ысык-Көл облусунда чөптүн экинчи чабыгы эми башталган. Ал тарапта бир түк чөп биринчи чабыкта 120 сомдон сатылса, ...

20-август 2019, 13:55 | 340
0 188

ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келинген кургатылган өрүктөр Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды

20-август 2019, 12:38 Кызгалдак Жакыпова

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Баткен” бажысынын кызматкерлери тарабынан Баткен областында Кыргыз Республикасынын жараны К.Н.Анын башкаруусундагы “Мазда Бонго” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты токтотулуп текшерилген. Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 7 000 ...

0 272

Кубанычбек Исабековдун "Кумтөрдөгү "Алтын" МАФИЯ" китебиндеги коррупциялык ишмердүүлүктүн мамлекетке зыян келтирген далилдери...

20-август 2019, 11:45 Кызгалдак Жакыпова

Мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген экономисти, юридика илимдеринин кандидаты, айыл чарбасынын отличниги. КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын “Шериктештик” ордени, СССРдин, Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын 17 орден-медалдары менен сыйланган Кубанычбек Исабековдун калемине таандык "Кумтөрдөгү "Алтын" МАФИЯ" китебиндеги коррупциялык ишмердүүлүктүн мамлекетке зыян келтирген далилдерин окурмандарга тынымсыз жарыя кылып турабыз. БЕКЕР БЕРИЛГЕН ЖАЙЫТТАР 1993-жылы Өкмөттүн токтому менен ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 201

ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келинген кургатылган жемиштер Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды

19-август 2019, 13:48 Кызгалдак Жакыпова

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Баткен” бажысынын кызматкерлери тарабынан Исфана-Баткен авто жолунда Кыргыз Республикасынын жараны Н.А.Рнын башкаруусундагы “Мерседес - Бенц Актрос” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты “HESW- HWTRAS2494” үлгүсүндөгү чиркегичи менен токтотулуп текшерилген. Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып ...

0 1625

Кубанычбек Исабеков: "Кумтөрдөгү алтын "МАФИЯ"

19-август 2019, 10:57 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз элине белгилүү саясатчы Кубанычбек Исабековдун калемине таандык "Кумтөрдөгү алтын мафия" китебин NazarNews.kg маалымат агенттиги окурмандарга сунуштайт.  ИСАБЕКОВ КУБАНЫЧБЕК САТИНДИЕВИЧ 1957-жылдын 20-февралында Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылында туулган. 1973-жылы орто мектепти аяктаган. Эмгек жолун 1973-1974- жылдары “Чолпон” бут кийим фабрикасында жумушчу болуп баштаган. 1974-жылы Львовдогу жогорку аскердик-саясый окуу жайына тапшырып, аны 1978-жылы бүтүрүп, офицер болуп чыккан. 1978-1988-жылдары Советтик Армиянын бөлүктөрүндө офицердик кызматты аркалаган. ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83