www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экономика
0 447

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

14-май 2019, 08:25 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 4-апрелинде кабыл алынган. Аталган Мыйзамдын максаты — Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналардагы салык режими боюнча салыктык укук мамилелерин жөнгө салууну жакшыртуу. Мыйзам 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш. Булак:NazarNews.kg  

0 386

MegaCom: 999 жаңы коду менен кооз номурлар!

Байланыштын сапатын жакшыртууга өзгөчө басым жасоо, жана да түйүндүн камтуу аймагын кеңейтүү боюнча аткарылып жаткан үзүрлүү аракеттер өз жемишин берип, MegaCom абоненттик базасы күн сайын өсүүдө. Эми дагы көптөгөн абоненттер MegaCom түйүнүнүн артыкчылыктары менен толук кандуу пайдалана алышат. 2019-жылдын 7-майы мобилдик оператордун тарыхында кызыл сызык менен өтүүчү өзгөчө күн катары белгиленет десек жаңылбайбыз. Дал ушул күнү уюлдук оператор 999 жаңы кодун ...

0 2797

Колуңуздагы 5 миң сомдук акчанын тарыхын билесизби? 2009-жылы Курманбек Бакиев президент болуп турганда...

Так ошол 5 000 миң сомдук акча 2009-жылдагы сомдор эң мыкты улуттук валюта болгон. Эми тарыхына көз жүгүртүңүз... 1991-жылдын декабрь айында СССРди Орусиянын президенти Ельцин, Украина президенти Кравчук жана Белорус Жогорку Советинин төрагасы Шушкевич бөлүп салган соң, 1992-жылы инфляциянын деңгээли 2000%дан ашык чекке жеткен. Кыргызстан КМШда биринчилерден болуп 1993-жылы улуттук валютанын киргизилишинен улам гана ...

0 357

Өзбекстан дүйнө жүзүндө алтын саткан өлкөлөрдүн алдыңкы тизмесине кирди...“К сожелению” Кыргызстан тизмеде жок...

2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында Өзбекстандын Улуттук банкы 6,2 тонна алтын саткан өлкөлөрдүн алыдыңкы тизмесине кирди. Бул тууралуу маалыматты дүйнөлүк алтын кеңеши World Gold Council билдирди. Андан сырткары январь-март айларында алтын сатуу боюнча 2-орунга Монголия чыгып,  алтынды экспорт кылган. 3-орунду 1 тонна алтын сатып Тажикстан алган. Буга чейин акыркы 6 жыл ичинде дүйнөлүк Улуттук ...

0 263

Экономика минитстри Олег Панкратов мынча не көбөт?

07-май 2019, 12:32 Айдар Нуралиев

Бүгүн Жогорку Кеңештеги Социалдык маселелер боюнча комитеттин жыйынында депутат  Алмазбек Токторов Экомика министри Олег Панкратовдун ишин сындап, министрликти тамеки өндүрүүчүлөрдүн товарын өлкөгө киргизүүгө жол ачканын айыптады. “Панкратов кандай иштеп жатканын көрүп жатабыз. Чет жакка чыкса, бизнесс-класс менен гана учат.  Командировкалап эле жүрөт. Чет жакта экинчи паспортун колдонот. Муну да көтөрүп чыгабыз”,- деп  айтты депутат.

0 373

Этти экспорттой баштайбыз

Бажы бирллигинин алкагында Кыргызстандын ветеринардык лабораториялар тутуму Евразия Экономикалык Биримдигинин ченемдерине туура келээри айкын болуп, мындай укукка ээ болуш үчүн Кыргызстан бир топ иштерди аткарып, лабораториялар менен жабдылып, ишкерлерге чыгарган өндүрүмүн коңшу өлкөлөргө экспорттоого шарт түзүлдү. Мындай чечимге өкмөт тарабынан кол коюлуп, ага ылайык, Кыргызстандын ветеринардык тутуму Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) ченемдерине эквиваленттүү деп таанылды. Кыргызстан ЕАЭБге кирген учурдан ...

0 1171

Бөдөш Мамырова: "Атамбаев Жээнбеков айткан баатырлыктан баш тартып койсо болмок"

Президенттин толкундануу менен айткан Указынан Атамбаев өзү дагы 6 жыл мамлекеттин башында олтурган, ак-караны башынан өткөзгөн адам катары “Мага элимдин берген баасынан жогору наам жок. Мен ыраазымын” деп баш тартып койсо жарашмак, деген пикирин саясатчы, Бөдөш Мамыроов "Жаңы ОРДО" гезитине берген маегинде айткан.  — 2017-жылы экөөбүз маектешкенде Сооронбай Жээнбековдун биринчи Указы боюнча талкуу кылып, Атамбаевге Баатырлыкты шашып берип жиберди деген ...

0 342

«Северэлектро» ААК Бишкек шаарындагы 6 800 абоненттердин электр энергиясын аралыктан өчүрүүнү мерчемдөөдө...

Шейшемби күнү, 7-майда, “Северэлектро” ААКнын электр энергияны коммерциялык эсепке алуу жана маалыматтык-ченөө автоматташтырылган системасы Бишкек шаарындагы төлөмдөрдү өз маалында жүргүзбөгөн 6 800 турмуш-тиричлик абоненттердин электр камсыздоосун дистанциондук түрдө өчүрөт. Алардын карыздарынын суммасы 12,8 млн. сомду түзөт. Бул тууралуу «Северэлектро» ААК басма сөз кызматы билдирди. Мусулмандардын ыйык Рамазан айынын күндөрүндө ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн акционердик коом абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз ...

0 944

Атамбаев өзү тууп коюп, Жээнбековдун бетин тырмап жатат

Кечээ, 2-майда КР Жогорку Кеңешинин жыйынында Кыргызстандын аймагында уран кендерин чалгындоо жана казуу иштеринин абалы боюнча КР Өкмөтүнүн маалыматы угулду. Ал жыйында айтылган маалыматтарды уккан адамдын төбө чачы тик турат. Кыргызстандын аймагында, эсил кайран СССРдин учурунда, 1945-1967-жылдары уран кендери казылып, андан СССРдин атом бомбалары жасалып, бир дүңгүрөгөн экенбиз. Бирок, СССР 1967-жылы бул ишти Кыргызстанда токтоткон эле. Андан мурас катары ...

0 193

“Центерра Голд” компаниясынын акционерлер кеңешине 3 кыргызстандык  кирди

03-май 2019, 10:00 Айдар Нуралиев

1-майда Торонтодо Канадалык “Центерра Голд” компаниясынын акционерлер кеңешинин жаңы курамын шайлашкан. Кеңешке Ричард В. Коннор, Стивен А. Ланг, Майкл Парретт, Жак Перрон, Скотт Г. Перри, Шерил К. Пресслер, Брюс В. Вальтер, Сьюзан Юркович мүчө болуп кирген. Ал эми аталган компаниянын 11 ададмдан турган жаңы курамына Кыргызстандын атынан Аскар Өскөмбаев, Дүйшөн Касенов жана Максат Көбөнбаев кирди. ...

0 2550

Атамбаевден биринчи никесиндеги уулу Сейтек электр энергиянын башында турат

Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн берген маегинде учурдагы президент кеңешин укпай жатканын айтып нааразы болуп, бакылдаган эле. Өзү президент болуп 6 жыл башкаруусунда өлкөнүн экономикасы артка кетип, мамлекетти карызга батырганы аз келгенсип, түштөн кийин кеңеш бергенин кандай түшүнсөк болот? Өгөй балдары, өз балдары, кудалары, шоопурлары, жансакчылары, кампачылары менен чогулуп алып Кыргызстанды мите курттай соруп, талкалаганын эмнеге моюнга албайт? ...

0 829

ВИДЕО: Уранды казбай “....” кыскылачы, тойбой өлүп баратасыңарбы, акмактар...

Видео 30-апрель 2019, 12:09 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстанда уран казуу маселеси чоң чыр жаратты. Жыйынтыгында кашкайган чындык билинип, сүткө тойгон күчүктөй болгон Зилалаевдин башы чыкты. Кызыл-Омпол уран кенинде кен издөө иштерин жүргүзүүгө лицензия берүүнүн тарыхына келсек, 2007-жылдан баштап Кызыл-Омпол уран кенине болгон кызыгуулар көбөйө баштайт. Ал кезде Дмитрий Медведев президент болуп турган Орусия Камбар-Ата-2 ГЭСинин аркасы менен 2 миллиард доллар насыя, 150 миллион доллар грант берүү ...

0 2351

Садыр Жапаров: “Биздин ишибизди Кудай өзү түздөдү”

Видео 29-апрель 2019, 18:44 Кызгалдак Жакыпова

2017-жылы 29-январда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин убагында камакка алынган Садыр Жапаровдон “Кумтөр” тууралуу NazarNews.kg cайтына маек алганбыз. “Кара сандыкка” катылган маекти окурмандарга кайрадан сунуштайбыз. --Садыр Нуркожоевич, сиз кайсы мыйзамдардын негизинде Центерра Кыргызстанга үч жарым миллиард доллар төлөсүн деп, эл аралык сотко бердиңиз? --Биздин баш мыйзамыбыздын 41-беренесинин 2-пунктунда ар бир жаран эгерде анын укугу бузулса же кандайдыр бир күчтөр жарандарыбызды ...

0 265

Бардык акча которуу сиситемалары Кыргызстанга чектөө киргизди

29-апрель 2019, 17:22 Айдар Нуралиев

12-апрелде, “Алтын корона – акчалай которуу”системасы Кыргызстандын коммерциялык банктарына  акча которуунун көлөмү бир айда 100миң сомго чейин чектөө киргизгенин билдиргенин Улуттук Банктан кабарлашты. Чектөө 16-апрелден баштап, РФнын  Борбордук банкынан сунушу менен киргизилген. Мындан соң, кээ бир коммерциялык банктар Орусиядан акча которуунун чектөөсү боюнча маалыматты өздөрүнүн сайтына жайгаштырышкан. “Азыр кардар 30 күн ичинде, Орусиядан Кыргызстанга 100 миң сомдон ашык акча которо албайт”- деп ...

0 2857

Уран тууралуу ЧЫНДЫК: Кыргызстандагы уран кенин казууга биринчи Медведев кызыктар болгон... Убактылуу Өкмөт ишке ашырган...

29-апрель 2019, 16:37 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстанда урандын тарыхы Кызыл-Омпол уран кенинде кен издөө иштерин жүргүзүүгө лицензия берүүнүн тарыхына келсек, 2007-жылдан баштап Кызыл-Омпол уран кенине болгон кызыгуулар көбөйө баштайт. Ал кезде Дмитрий Медведев президент болуп турган Орусия Камбар-Ата-2 ГЭСинин аркасы менен 2 миллиард доллар насыя, 150 миллион доллар грант берүү тууралуу сүйлөшүүлөр башталат. №151 мыйзам Орусия тараптан 450 миллион доллар келип түшкөн соң, ...

0 427

Жалил Атамбаев журналистти сотко берди

29-апрель 2019, 11:46 Айдар Нуралиев

Милициянын отставкадагы полковниги,түштүктөгү эң бай адамдардын бири  Жалил Атамбаев журналист Ыдырыс Исаковду иликтөөсү үчүн сотко берип, соттон 50 млн.сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү суранган. Эске  салсак, ушул жылдын апрель айында Азаттыктын “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнүн алкагында журналист Ыдырыс Айтбаевдин «Ош: салыктан буйтаган "ишкерлер"» аталыштагы видеоиликтөөсү көрсөтүлгөн. Анда, Кыргызстандын казынасына көмүскө экономиканын айынан 40 млрд. сом түшпөй ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 252

Канайым Бактыгулова, элчи: "Пекиндеги ЭКСПО-2019 аянтчасы Кыргызстандын продукцияларын сырткы рынокко чыгарууга өбөлгө түзөт"

29-апрель 2019, 09:45 Айдар Нуралиев

«Пекиндеги ЭКСПО-2019 аянтчасы Кыргызстандын продукцияларын сырткы рынокко, анын ичинде Кытай базарына чыгарууга жана таанытууга өбөлгө түзөт», - деп маалымдады Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси Канайым Бактыгулова. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Ал Кыргызстан биринчилерден болуп КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин «Бир алкак – бир жол» демилгесин колдоого алганын эске салды. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков ...

0 1365

Токторбек Бердибаев: “Кумтөр” чыгарып жаткан цианид урандан дагы уулуу зат”

27-апрель 2019, 18:20 Кызгалдак Жакыпова

Уран менен Кумтөрдүн айырмасы жок! Мындай пикирин Токторбек Бердибаев билдирди. Уран деген маселе көтөрүлгөндө ар бир Ысык-Көлдүктөргө эле эмес, дегеле бүткүл кыргызга миңдеген жылдар бою залакасы тиээрин эл жакшы түшүндү. Мекенин өз жанындай көргөн, балдарынын, неберелеринин тагдырын ойлогон ар бир кыргыздын жүрөгү жалындады. Эл жапырт көтөрүлүп чыгып, өрт өчкөндөй жалп өчүрдү. Уран казып кетебиз дегендердин жаагы жап эле болду. ...

0 299

Ахматбек Келдибеков, экс-спикер: "Уран кенин иштетүү - бул келечекке чыккынчылык кылуу"

26-апрель 2019, 14:44 Кызгалдак Жакыпова

Өкмөттүн уран казууну убактылуу токтоткону каршы чыккан элди сооротуубу же чындап эле анын зыяндуу жагын эске алып, өкмөт экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабы? - Бул боюнча Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт башчы кенен жооп берди. Негизи мамлекет үчүн эң негизги маселе - элдин саламаттыгы, экологиялык коопсуздук. Ошондуктан Орто Азия эле эмес, дүйнө суктанган көгүлтүр берметибизден уран кенин иштетүү - бул келечекке ...

0 197

Кыргызстандын капиталы сыртка агууда

26-апрель 2019, 10:44 Кызгалдак Жакыпова

Акыркы жылдары Кыргызстандан сыртка чыккан каражаттын көлөмү өстү. Акчанын сыртка агылышы боюнча жыл башынан берки рекорд коюлду. Ушул жылдын эки ай ичинде эле сыртка 74,8 миллион доллар которулду. Мындай жаңылык Улуттук банктын ачык маалыматтарында айтылат. Бул 2005-жылдан берки рекорддук көрсөткүч. Улуттук банктын сайтында дал ушул жылдан берки маалыматтар көрсөтүлгөн. Экинчи орунда 2018-жыл турат. Былтыр чет өлкөлөргө 2 айда 66 ...

0 764

Финполиция  Жалил Атамбаевдин сары изине түштү

25-апрель 2019, 09:03 Кызгалдак Жакыпова

«Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаков, «Ош: «салыктан буйтаган ишкерлер» аттуу видеоиликтөө даярдап, ал 17-апрелде эфирге  чыккан.   Аталган журналисттик иликтөөдөн соң, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) текшерүү иштерин баштады. Маалыматка ылайык, көрсөтүүдө айтылган фактылар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестерине катталды. «Иликтөө иштери Жазык кодексинин 232-беренеси («Салык төлөөдөн жана милдеттүү төлөмдөрдөн качуу») менен ...

0 675

Атамбаев менен Медведовдун ортосундагы акча кайда кеткен? Орусия Борбордук Азиядагы суу ресурстарына ээ болууну көздөп жатат

20-апрель 2019, 16:49 Кызгалдак Жакыпова

Орусия Борбордук Азиядагы суу ресурстарына ээ болууну көздөп жатат. Эгерде биздеги ГЭСтер Москванын колуна өтсө, Ташкент менен Нур Султан колго түшүп калат. Мындан бир нече жыл илгери Орусия менен Кыргызстан Нарын ГЭСин куруу боюнча келишим түзгөн. Ал аткарылган эмес, келишим бузулган, эми кайрадан Орусия бул келишимди кайрадан түзүүгө кызыкдар. Балким Ташкент менен Нур Султандын үстүнөн кайрадан көзөмөлдүк кылууга аракеттене баштагандыр. ...

0 372

Миллиондогон долларлык паспорт тендери чуу жаратты. Анда кандай мүчүлүштүктөр кеткенин айтып беребиз

20-апрель 2019, 11:32 Кызгалдак Жакыпова

Автор: Александра Ли  OCCRP үчүн Эдин Пашовичтин иллюстрациясы Кыргызстандын атайын кызматтары мурдагы жана учурдагы аткаминерлердин аракеттерин иликтеп жатышат: алар жаңы биометрикалык паспортторду даярдоого жарыяланган тендерди утуп алган литвалык компаниядан пара алууга шектелишүүдө. «Клооптун» жана OCCRPнин журналисттери тендер процедурасында кеткен мүчүлүштүктөрдү аныкташты. Кыргызстандын жарандары дүйнөнүн 17 өлкөсүнө гана визасыз саякаттай алышат — бул дүйнө жүзү боюнча эң төмөнкү көрсөткүчтөрдүн бири. Жаңы биометрикалык паспортторго ...

0 3354

Лейлектеги Катта-Туз мунай кенин Тажикстан алып койду

19-апрель 2019, 13:56 Кызгалдак Жакыпова

Баткен облусунун Лейлек районундагы 2013-жылы Кыргызстандын карамагына өткөн Катта-Туз мунай кени кайрадан Тажикстандын пайдалануусунда калды. Кен Кыргызстанга кайтарылганда, Катта-Туз кени жайгашкан аймакта иштеген тажик жарандары чыгарылган болчу. Мындан эки жыл мурун аталган тилкеге тажик жарандары кайрадан кирип, мунай кенин иштете баштаган. Мына эми ошол кенди кайрадан Тажикстан алып койду. Чек ара чырын атайлап чыгарып, биздин бийликтин алсыздыгынан пайдаланып шарт коюп, кенди ...

0 286

Агрардык университеттин 25 сотых жерин ким сатып жиберди?

19-апрель 2019, 13:53 Кызгалдак Жакыпова

К.Скрябин атындагы Агрардык университеттин 1963-жылдан бери окуу жайга тиешелүү болуп келген 25 сотых питомниги талашка түштү. Ал питомник Тыныстанов - Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Аталган окуу жайдын талашка түшкөн питомнигин 2 жыл мурун Урмат Салыкбаев деген жеке ишкер аукциондон 5 жылдык мөөнөткө ижарага алып, ал жерди тегерете курчап тосуп алган. Ишкер жыл сайын ал жер үчүн 350 миң сом төлөп жатканын ...

0 1355

Түрк жараны Йылмаз Эртугрул Кыргызстанды сызга отургузуп жатат

19-апрель 2019, 13:22 Кызгалдак Жакыпова

Туркиядан кылмыш иш козголуп качып кеткен Йылмаз Эртугрул Кыргызстанда өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип, мамлекетибизди сызга отургузуп каалаганын жасоодо. Бул эргулга Өзбекстандын укук коргоо органдары эл аралык издөө жарыялаган. Биздин органдар Эртугрулдун кылмыш ишине көз жумуп, кармабай жатышат. Башкача айтканда бул эргул 2013-жылы Икрам Илмияновго жол таап, Ош - Баткен - Исфана жолунун тендерин утуп алат. Анан алкымы ачылып, Икрамдын ...

0 2599

«Коопсуз шаардын» айып пулдарына эл ичинде нааразычылык кучөду

18-апрель 2019, 09:54 Кызгалдак Жакыпова

Карапайым эл ичинде «Коопсуз шаардын» айып пулдарына нааразы болгондор көбөйө баштады. Өкмөттүн «чийки долбоору» акыр аягы көпчүлүктүн нааразычылыгын жаратып, көчөгө чыгарбайбы? Биз башынан эле бул боюнча коңгуроо кагып келгенбиз. Өкмөт башчы Абылгазиевдин кыйраткан иши жок, анан карапайым калкыбыздын жонунан кайыш тилген «долбоору» 10 миңдеген айып пулдарды моюнга иле берсе, аягы чатакка айланбайбы? Негизи эле көзөмөлдөө камералары биздин жолдорго шайкеш келеби? Машина тыгыны ...

0 224

«Северэлектро» ААК Бишкек шаарындагы Бөкөнбаев/Логвиненко көчөлөрүнүн участкасында жаңы кабель тартууда

17-апрель 2019, 11:10 Айдар Нуралиев

Шейшенби күнү 16-апрелде «Северэлектро» ААКнын борбордук кабелдерди оңдоо кызматынын электр куроочулары Бөкөнбаев/Логвиненко көчөлөрүнүн участкасында жаңы кабель тартууга траншея казып жатышат. Жалпы бул участокто узундугу 1970 метр болгон 5 кабель алмаштырылат. Эски кабелдер 1956-1970-жылдары салынган, өткөрүмдүүлүгү (120-150 мм²) да аз болуп, азыркы шартка туура келбейт. Азыркы салынып жаткан, Россияда өндүрүлгөн кабелдин өткөрүмдүүлүгү 185 мм² болуп, эски кабелге караганда өткөрүмдүүлүгү бир ...

0 795

МАМЛЕКЕТТЕГИ ЧЫККЫНЧЫЛЫК: Куттуу-Сайда 22 миллиард доллардык байлык жатат...

16-апрель 2019, 16:17 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүнкү күнү кен байлыкты тескеген министрдин 2 орун басары тең жок. Илгери да өзүм билемдик болгон. Канадалыктар өкмөттөн “Куттуу-Сай” кенине лицензияны 2012-жылы сатып алганда бюджетке 300 сом эле төлөuy. “Куттуу-Сайдын” акциясын көп өтпөй Торонтодогу биржада 410 миллион долларга сатылган. Куттуу-Сайда 22 миллиард доллардык байлык жатса, кантип уялышпай 300 сомго лицензия беришкен? Мындай “Куттуу-Сай” сыяктуу сейрек кездешүүчү металлдардын кени дүйнөдө ...

0 515

Акылбектин аттын саттыбы же жолун таптыбы?

16-апрель 2019, 12:07 Кызгалдак Жакыпова

Мамлекеттин казынасынын негизги акча түшүү көрсөткүчү болгон салык тармагындагы коррупциялык иштердин ачылып жатышы ич жылытат. Бул сферадагы мындай кол ийрисине тарткан жагдайлардын бар экенин, ал турсун ак үй, көк үйүң деле күпүлдөп сүйлөгөн менен көмүскөдөгү колдоолор, жаап жашыруулар ошол жактан болуп жатканын деле сезчүбүз. Эми андай иштердин акыбети ачыкка чыгып, айрым адамдарды айтпаган да "атактуу" финансист, дегеле сүйлөсө элди ...

0 2904

Банк уячасындагы "уурдалган" акчалар кимге буюрган жана арасында Жээнбековдор барбы?

16-апрель 2019, 10:20 Кызгалдак Жакыпова

Илгери «уюм тууду» - дешип уячага коргоол салышып, тогуз коргоол оюнун ойношсо, бүгүнкү күндө уячага доллар салышып, ойноп жатыр. Тогуз коргоол оюну, кыргызга тиешелүү бирден-бир улуттук оюн. Көпчүлүк улуттук оюндар ат чабыш, көк бөрү, күрөш жалпы түрк улуттарына тиешелүү болуп кетет. 2010-жылдын апрель айында бийликти алгандар жана бийликтен кеткендер эки жаат болушуп, тогуз коргоол ойношот. Бийликтен кетирилген командада премьер-министр ...

0 289

Сүрөт - «Жалалабатэлектро» ААК 2019-2020-жылдын күз-кыш айларына карата даярдыктарды баштады

11-апрель 2019, 14:44 Кызгалдак Жакыпова

«Жалалабатэлектро» ачык акционердик коомунун карамагындагы бардык район электр тармактар ишканалары жер-жерлерде күз-кыш айларына карата даярдыктарды баштады. Пландын негизиндеги утурумдук жана капиталдык оңдоп-түзөө жумуштарынан сырткары, электр мамыларды орнотуу, чубалгыларды  тартуу жумуштарын алып барышууда. Бүгүн Сузак районуна караштуу Таштак айылынын аймагында 10 кВ жогорку чыңалуудагы «Телятник» жана «Плотина» аба чубалгыларын бири бирине кошуучу шакекченин кызматын аткара турган чубалгынын тилкеси курулууда. Аталган тилкенин узундугу ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 704

Россиянын базарында салык төлөнбөсө, ага Райым Матраимовдун кандай тийешеси бар?

11-апрель 2019, 11:33 Кызгалдак Жакыпова

Жалаа болбосоң коё кал. Дал ушул суроону чечмелейли, Эмне үчүн Райым Матраимовдун атын пайдалануу менен оюн жүргүзүп атышат? Эмесе, факты жана туура анализ менен чекит койсок. Жогорку Кеңештин бюжет жана каржы боюнча комитетинин 3-апрелдеги жыйынында «Республика - Ата Журт» фракциясынан ЖК депутаты Руслан Казакбаев Россиянын президенти В.Путин Федералдык коопсуздук кызматына Кыргызстан жана Казакстан аркылуу келип жаткан контрабандалык товарлардын күңүрт ...

0 356

“Коопсуз шаар”: 15 күндө 20,2 млн сом айып төлөндү

10-апрель 2019, 16:10 Айдар Нуралиев

Сыягы, бул долбоор бийликтегилер күткөндөй, какшыган бюджетке аз эмес киреше түшүрөт окшойт. Эң алгач уккан кулакты сүйүнтө турган жаңылык, “Коопсуз шаар” долбоору ишке киргизилген соң жол кырсыктарынан жабыркагандардын саны өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 44,4% кыскарган. Бул тууралуу ички иштер министри Кашкар Джунушалиев Өкмөттүн кезектеги жыйынында “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу маселесин кароо учурунда өзү билдирди. Анын маалыматы боюнча, жол кыймылынын эрежелерин ...

0 183

Туристтерден 27 миллиард сом түштү

10-апрель 2019, 10:20 Кызгалдак Жакыпова

Улуттук статистика комитети 2018-жылы Кыргызстанга жалпысынан дүйнө өлкөлөрүнөн 1 млн. 400 миң турист келгенин, алар биздин өлкөгө болжол менен 27 млрд сом таштап кеткенин кабарлады. Бул көрсөткүч ИДПнын 5 пайызын түзөт. Көпчүлүгү, тагырагы 900 миңдейи Ысык-Көлго эс алууга келишкен. 2017-жылы деле ушундай көрсөткүчкө жеткен. Ал эми чек ара кызматы өткөн жылы Кыргызстанга келип кеткен адамдардын саны мурунку жылдарга салыштырмалуу 1, ...

0 373

Куурайларды күйгүзүүнүн кесепетинен күчтүү жалын электр чубалгылары ээрип...

05-апрель 2019, 16:56 Кызгалдак Жакыпова

«Северэлектро» ААКнын Кант райондук электр тармактарындагы (РЭТ) электр куроочулар үчүн бейшемби күндүн кечи, 4-апрель, тынчсыз өттү. Бул тууралуу маалыматты  NazarNewsка "Түндүк электр" ААК басма сөз кызматы билдирди. Саат 19:50 дө жогорку вольттогу “Туз” көмөкчордонунан тараган 10 кВ аба электр чубалгысы авариялык түрдө өчүрүлгөн. Анын натыйжасында Ысык-Ата районуна караштуу Сары-Жон, Ленинское айылдарынын тургундары электр энергиясыз калышкан. Белгилүү болгондой, Сары-Жон айылындагы ...

0 337

ФОТОРЕПОРТАЖ - Адистер пайдалуу курт-кумурскалардын энелик материалдарын табыйгаттан жаңылоо иштерин аткарып бүтүштү

05-апрель 2019, 16:48 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Кыргызагробио борборунун түзүмдүк бөлүктөрүнүн энтомолог - адистери пайдалуу курт-кумурскалардын энелик материалдарын табыйгаттан жаңылоо иштерин аткарып бүтүштү. Бул тууралуу аталган мекеме NazarNews.kg маалымат агенттигине билдирди. Аталган мекеме Кыргызагробиоборбордо пайдалуу курт-кумурскалардын (энтомофагдардын) 5 түрү өндүрүлүп айыл чарба өсүмдүктөрүнүн 200дөн ашуун зыянкечтерин жок кылуу үчүн колдонула тургандыгын кошумчалады. Булак: NazarNews.kg

0 228

Экономика министрлиги: кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөлдүн күчөтүлүшү ЕАЭБдин нормаларын бузууда

03-апрель 2019, 13:58 Кызгалдак Жакыпова

Экономика министрлиги кыргыз-казак чек арасындагы абал боюнча кеңешүү үчүн Кыргызстандын Евразиялык экономикалык комиссиясынын коллегиясындагы мүчөлөрүн чакыртып алууну сунуштады. «Каржы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин маалыматына караганда, чек арада азыр төмөнкү документтер текшерилип жатат: CMR (эл аралык товар жана транспортту коштоп жүрчү кагаздар), ТТН (товар менен транстпортту коштоп жүрчү кагаздар), инвойс же эсеп-фактурасы,транспорт каражатынын техникалык паспорту жана чек арадан өткөндүгү тууралуу талондор. Мындай ...

0 263

Apple менен Google компаниясынан дагы кирешелүү бай компаниянын аты аталды

02-апрель 2019, 19:01 Кызгалдак Жакыпова

2018-жылдын эң бай компаниясын Moody's Investors Service маалымат агенттиги тизмектеди. Алсак, Саудия Арабиянын Saudi Aramco компаниясы 2018-жылы дүйнөнүн эң көп киреше тапкан дүйнөдөгү ири компаниялардын бири болгон. Saudi Aramco компаниясы өткөн жылы 111 млрд доллар киреше тапса, Apple (59,5 млрд доллар) менен Google (30,7 млрд доллар)атактуу эки компаниянын кирешеси биригип Aramco компаниясын кирешесине жеткен эмес. Сауд Арабиянын улуттук Saudi ...

0 240

ФОТОРЕПОРТАЖ - КР ЖК Төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйыны өттү

02-апрель 2019, 17:18 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, 2-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча кеңештин кезектеги жыйынын өттү. Анда Эркин экономикалык аймактардагы ишкердик ишмердүүлүгүнүн келечеги жана көйгөйлөрү талкууланып, бажы алымдарын төлөөнү камсыз кылуу үчүн кепилдик системасын киргизүүнү ишке ашыруу маселелери да көтөрүлдү. Ошондой эле ишкердик ишмердүүлүктү жөнгө салуучу мыйзамдарга баа берүү боюнча ченемдерди ишке ашыруу маанилүүлүгүн каралды.   Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, ...

0 297

Элдик революция жана алтын чатагы

02-апрель 2019, 12:20 Кызгалдак Жакыпова

Эгемен Кыргызстандын соңку жаңы тарыхындагы мерчемдүү даталардын бири болуп калган 24-март да артта калды. Бул ирет бул дата мурдагы жылдардагыдай ашкере-саясий-популисттик, пиар-пропагандалык шөкөттөөлөр менен коштолгон жок. Азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун абдан кыска Кайрылуусу гана жарыяланды. Ал элдик революциянын мааниси али жоголо элек. Биз жана биздин эл үй-бүлөлүк башкарууга жол бербейт деген мааниде… Бул кайрылуунун фонунда, жалпы элдик маанайдан өзгөчөлөнгөнү менен гана эсте ...

0 234

«Северэлектро» ААК Талас шаарында өзүн өзү кармап туруучу изоляцияланган зымдарды колдонуу менен 36 чакырымдан ашуун аба электр чубалгыларды реконструкциялайт...

02-апрель 2019, 12:01 Айдар Нуралиев

Март айынан тарта «Северэлектро» ААКнын Талас филиалы Талас облусунда жыл сайын мерчемделүүчү оңдоо, капиталдык курулуш, электр жабдыктарын техникалык жактан кароо иштерин алып барууда. Адистер Талас, Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас райондук электр тармактарындагы жана Талас шаарындагы 586 чакырымдан ашуун 10/0,4 кВ чыңалуусундагы аба электр чубалгыларын жана 189 даана трансформатордук көмөкчордондорду оңдоп, 335 чакырым аба электр чубалгыларынын боюндагы бак-дарактардын бутактарын кыркып, ...

0 293

Жерүй кенинен 20 жылда 600 млн. доллар көрөбүз

02-апрель 2019, 10:21 Кызгалдак Жакыпова

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков менен кызматташтык боюнча 16 документке кол коюшту. Ал кызматташтыктын ичинде өзгөчө өлкөгө экономикалык жактан ири көлөмдөгү акча алып келүү ниети бар Жерүй кенинин айланасында дагы сөз жүрдү. Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстан менен жаратылыш ресурстарын иштетүү боюнча кызматташуу башталарын маалымдап, алардын бири катары Жерүй кенине алдыңкы жыйырма ...

0 467

Карапайым калктын көзүн будамайлаган «Let, s go»

29-март 2019, 15:33 Кызгалдак Жакыпова

«Let, s go» деген аталыштагы муздак чай чыгарган компания бар эмеспи. Кызыл жана көк чайларды желим бөтөлкөдө чыгарып сатат. Анысы чайбы же «порошокпу» аныгын биле албайт экенбиз, курулай ураан менен элдин капчыгын кагып атканын жакшы билебиз. Эсиңиздерде болсо, былтыркы жаз алды менен «Let, s go» чайы байгелүү акцияны ойноткон. Анда жүздөгөн велосипед, миңдеген чыгырык дөңгөлөктүү скейт, миндеген чай, дагы ...

0 270

Бишкекте таштандыларды ылгоо заводу курулат

27-март 2019, 13:41 Кызгалдак Жакыпова

Бишкек мэриясы апрелде таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушуна тендер жарыялоого ниеттенип жатат. Бул тууралуу «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасынын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Адилет Маматов билдирди. Анын айтымында, май айында Бишкектин учурдагы таштанды полигонунан 500 метр алыстыкта жаңы таштанды төгүү жайы курула баштайт. Ал 2020-жылы жазында пайдаланууга берилгенден кийин, анын аймагында таштандыларды ылгоо заводу салына баштайт. Бул долбоордун жалпы суммасы 22 ...

0 299

«Северэлектро ААК Бишкек шаары боюнча 8000 турмуш-тиричилик абоненттерин аралыктан өчүрүүнү мерчемдөөдө...

Жума күнү, 29-мартта, “Северэлектро” ААКнын электр энергияны коммерциялык эсепке алуу жана маалыматтык-ченөө автоматташтырылган системасы Бишкек шаарындагы төлөмдөрдү өз маалында жүргүзбөгөн 8000 турмуш-тиричилик абоненттердин электр камсыздоосун дистанциондук түрдө өчүрөт. Карыздардын жалпы суммасы 12,5 млн. сомду түзөт. 30, 31-март күндөрү дем алыш күңдөргө туш келгендиктен “Северэлектро” ААК абоненттерди ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүүгө чакырат. Эске салсак, “Северэлектро” ААК төлөмдөрдү учур чак ...

0 256

“Северэлектро” ААК Бишкек шаарындагы 151,5 чакырым аба электр чубалгыларын реконструкциялайт...

“Северэлектро” ААК 2019-жылы Бишкек шаарындагы 0,4 кВ аба электр чубалгыларынын 151,5 чакырымын өзүн өзү кармап туруучу изоляцияланган зымдарды колдонуу менен реконструкциялайт.  Жаңы зымдарды монтаждоо жана тартуу иштери шаардын чыгыш бөлүгүндөгү Учкун, Алтын-Ордо, Кара-Жигач, Ак-Тилек, Чалбай, Каинды конуштарында; батыш бөлүгүндөгү  Көлмө, Киргизия-1, Ынтымак конуштарында, Махатма Ганди көчөсүнөн тарта чоң Чүй каналынын түндүк бөлүгүндө жана шаардын борбор бөлүгүндөгү кээ бир көчөлөрүндө жүргүзүлөт. Өзүн өзү ...

0 351

"Тендер" деген "коррупция" дегендин иниси

25-март 2019, 11:13 Кызгалдак Жакыпова

Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин "кара тизмесиндеги" 22 компания бул тизмеден 2 жылдан бери чыгалбай жатканы Кыргызстанда дагы деле болсо тууганчылык, жек жаатчылык, тааныш-билиштик мафиясы гүлдөп жаткандыгынан кабар берет. Мамлекеттик сатып алуулардагы бул коррупцияны азайтуу учүн "Электрондук каталог" киргизилгени деле ишке анча оң таасир эте албай жатат. Кийинки 2 жылда мамлекеттик сатып алуулар боюнча 50 кылмыш иши ачылган. Алардын көбү курулуш иштерине ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 926

Жан кейитпей, жасалма акча жасап жан баккандар

Маалыматка ылайык, 8-март күнү Алай РИИБдин кызматкерлери жасалма акча менен Алай районунун Чий-Талаа айылынын дүкөндөрүндө соода кылып жүргөн Ош облусунун Ноокат районунун жашоочулары 1997- жылы туулган Т уулу Б., 1997- жылы туулган К уулу М., жана 1996-жылы туулган З уулу А., аттуу жарандарды кармашкан. Аталаган жарандар, Чий-Талаа айылынын тургуну 1979-жылы туулган К.К., аттуу жарандын дүкөнүнө барышып 50 сомдук “Кока-Кола” суусундук, ...

0 797

Кубатбек Маматкулов: “Кыргызстандагы жаш ветеринардык врачтар чет өлкөгө жөнөп кетишти”

16-март 2019, 19:40 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз  Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин колдоосу алдында Ветеринардык  палата  менен Республикалык мал дарыгерлер коомдук бирикмесинин эл аралык байланыштарынын алкагында, Кыргызстандан 4 жаш ветеринардык адис Польша жана Япония өлкөлөрүнө тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине “Кыргыз Республикасынын  Ветеринардык палата” мекемесинин директору Кубатбек Маматкулов билдирди. --Жеке ветеринардык адистер Саалаев Талант жана Төлөмүшөв Сыргак Польша мамлекетинин ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83