www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экономика
0 422

Сурамжылоо: Жарандарга күйүмдүү делген 5 депутат

12-декабрь 2018, 13:01 Кызгалдак Жакыпова

Жогорку Кеңештин депутаттарынын ишмердүүлүгү боюнча сурамжылоонун жыйынтыгы жарыяланды. Ага жалпысынан 1600 адам катышкан болсо, алардын 25 пайызы парламенттин ишине кызыкпай тургандыгын билдирген. Ал эми катышкандардын 21% депутаттарга ишенбей тургандыгын айтып, мыйзам чыгаруу бийлигин пайдасыз орган деп эсептеген. Парламенттин ишине канаттанбагандар 47 пайызды түзсө, “жакшы” дегендер 28,4%, ал эми ар бир алтынчы катышуучу депутаттардын иши тууралуу маалыматы жоктугун айткан. Ал эми ысымы көбүрөөк аталып, ...

0 309

Айрым конуштарда электр жарыгы өчүрүлөт

12-декабрь 2018, 10:25 Жазгүл Урманбетова

Бүгүн, 12-декабрда Бишкек шаарынын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасы маалымдады. Электр жарыгын берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар: —  9:00— 18:00— Рухий-Мурас конушундагы 7-8-көчөлөрүндө; —  9:30— 18:00— Дордой конушунда; —  9:30— 18:00—  Чолпон-Ата көчөсүндөгү №2, 3, 7, 9 үйлөрүндө, Горький көчөсүндөгү №69, 75 үйлөрүндө; —  9:30— 17:00—  Шота Руставели көчөсүндөгү №69, 75 үйлөрүндө; —  9:30— 18:00—  Кызыл-Алма, Көкчө-Тоо, Түлөбердиев, Жеңиштин 50 жылдыгы көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Манас проспектиси, Караван туюк ...

0 465

"РусГидро" Кыргызстандан "Жогорку Нарын ГЭСтеринин" үлүшүн сатып алуусун талап кылды

11-декабрь 2018, 17:43 Айдар Нуралиев

Россиялык компаниядан "Жогорку Нарын ГЭС" долбоорунун курулушуна жумшалган каражат боюнча компенсация алуудан баш тартпай тургандыктарын айтышты. "РусГидро" акционердик коому кыргызстандык "Электр станциялары" ишканасынан жабык түрдөгү "Жогорку Нарын ГЭСтери" ишканасынын акцияларын сатып алууну талап кылат. Бул туурасында аталган компаниянын сайтында жазылып турат. Эске салсак, аталган ишкана Жогорку-Нарын каскадынын курулушу үчүн түзүлгөн. Россиянын "РусГидро" жана Кыргызстандын "Электр ...

0 370

Кыргызстандын ички дүң өнүмү быйылкы жылдын 11 айында 474,5 миллиард сомду түздү

11-декабрь 2018, 16:21 Жазгүл Урманбетова

Тактап айтканда, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,1 пайызга көбөйдү. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча «Кумтөр» кениндеги өндүрүштү эсепке албаганда 2018-жылдын январь-ноябрь айларында ИДӨнүн көлөмү 428,8 миллиард сомду түздү. Өнөр жай өндүрүмүнүн көлөмү 221,1 миллиард сомго чыгып, айыл чарбасында 2,4 пайыз, курулушта 8,4 пайыз, дүң жана чекене соодада 5,1 пайыз өсүш болду. Өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүсү 5,4 млрд. долларды түзүп, 2017-жылдын тиешелүү мезгилине ...

0 413

Айтмамат Назаров: “Институтту мындай акылбалга жеткиргендердин жоопкерчилиги каралышы керек”

10-декабрь 2018, 15:35 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, 10-декабрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети «К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине караштуу Кыргыз дыйканчылык илим изилдөө институтунда көчмө жыйын өткөрүп, бул илимий мекеменин бүгүнкү күндөгү абалы менен келечегин талкууга алышты. Кыргыз дыйканчылык илим изилдөө институтунун директору Нурудин Карабаев кызматкерлеринин эмгек акысынын төмөндүгүн (6-7 миң сом), борбор калаанын түштүгүндөгү Селекция айылындагы №2 лабораториялык корпустун капиталдык ...

0 289

Бюджеттин кирешесинин көлөмү 170 млрд. 459,8 млн. сом же ИДПга карата 28,2%га өсөрү болжолдонууда

08-декабрь 2018, 12:47 Жазгүл Урманбетова

2019-жылга карата мамлекеттик бюджеттин кирешесинин көлөмү мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эсепке алганда 170 млрд. 459,8 млн. сом же ИДПга карата 28,2%га өсөрү болжолдонууда. Бул тууралуу КРнын Каржы министринин орун басары Алмазбек Азимов билдирди. Анын айтымында, 2018-жылга каралган бюджетке караганда болжолдонуп жаткан кирешелер салык кирешелеринин 0,1%га жана расмий которуулардын 0,8%га түшүүсүнөн улам 0,9%га аз болот. 2018-жылга бекитилген бюджетке салыштырмалуу кирешелердин көлөмү номиналдык туюнтмасында 9%га ...

0 322

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду Кажы-Сай жолуна 30 млн. сом жумшады

07-декабрь 2018, 15:16 Жазгүл Урманбетова

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду айыл жергесинин инфраструктурасын жакшыртуу демилгесин кеңири колдоп, жылына ири суммадагы акча каражаттарын жумшап келет. Мисалы, аталган фонддун каржылоосу менен Тоң районунун Кажы-Сай айыл аймагынын борбордук көчөсүнө толугу менен асфальт төшөлүп, жол кеңейтилди. Ошондой эле, жолдун четиндеги суу өткөрүүчү лотоктор жарактан чыгып калгандыктан толугу менен жаңыртылды. Союз мезгилинен бери Кажы-Сай айылында жолдорду оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөгөндүктөн чириген бак-дарактар жол кыймылына ...

0 265

Кыргызстандын карызы төрт айда 16 млн. долларга көбөйдү

07-декабрь 2018, 13:45 Кызгалдак Жакыпова

Ноябрь айында Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызынын өлчөмү 4 млрд. 427,11 млн. АКШ долларын түздү. Бул июнь айындагы көрсөткүчтөн 16 млн. долларга көп. Анын басымдуу бөлүгүн тышкы карыз түзөт. Финансы министрлиги 7-декабарда тараткан маалыматка караганда, Кыргызстандын эл аралык уюмдарга жана чет мамлекеттерге карызы 3 млрд. 860 млн. доллардан ашат. Мамлекеттик ички карыз 620,21 млн. доллар деп көрсөтүлгөн. Маалыматка караганда, төрт айда ...

0 603

Кенжебек Бокоев, ЖК депутаты: «Мыйзамсыз иштеп жаткан мигранттардан эле бир жылда 600 млн. сом акча жыйнаса болот»

06-декабрь 2018, 14:10 Кызгалдак Жакыпова

- Кенжебек Сатымкулович, сиз чет элден келген эмгек мигранттар үчүн патент системасын киргизүүнү сунуштадыңыз. Эмне үчүн мындай чара керек деп ойлойсуз? - Менин маалыматым боюнча, биздин миллионго жакын мекендештерибиз сыртта мигрант болуп жүрүшөт. Алар ал жакка барганда жумушка кириш үчүн патент алып, орус тилин билүү боюнча экзамен беришет. А бизге келген мигранттар экзамен да бербейт, патент да албайт. Өкмөттүн максаты биринчи ...

0 351

Кыргызстан - акча жасаган шылуундар үчүн май-талкан өлкө!

04-декабрь 2018, 13:04 Кызгалдак Жакыпова

Эмнесин айталы, 27 жылдан бери жергиликтүү жана эл аралык аферисттер мамлекетибизди тоноп келе жатышат. Ушуларга түткөн Кыргызстан жана кайдыгер кыргыз эли кыйын экен. Алп экен, экөөбү тең. Бир кыбыр этип, бир чымыр этип койбойт го, чиркин. Ананле шайлоодогу 500, 1000 сом үчүн канча жаат болуп бөлүнүшүп, кырылышып, ит жебеген бокту жешип... Койчу, койчу. Бери жакта миллиондорду жеп атышат. А элге ...

0 324

2018-жылга карата Соцфонддун бюджетинин профицити 724 млн 578 миң сом көлөмүндө болжолдонууда

03-декабрь 2018, 12:19 Кызгалдак Жакыпова

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Соцфонддун 2018-жылга бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүн тактоо максатында сунушталган «КР Социалдык фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун үч окууда жактырды. Соцфонддун төрагасы Медет Ирсалиев 2018-жылга такталган бюджет кирешелер боюнча 51 млрд 151 млн 590 миң сом көлөмүндө же бекитилген бюджеттен 64 млн 702 миң сомго көп түзүлгөнүн ...

0 878

ВИДЕО- Атамбаев менен Темир Сариев берген убадалардын баары калп болуп... Журналисттик иликтөө

Видео 03-декабрь 2018, 10:19 Кызгалдак Жакыпова

Алтынбек Сулайманов менен Темир Сариевди айтыштырган  Евразиялык экономикалык биримдик коомчулукта ар кандай талкууланып келет. Талкуу жараткан келишим боюнча Адил Турдукулов менен Булат Сатаркулов Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден бери 4 жылда эмне тапты жана эмне жоготту деген журналисттик иликтөөсүнүн биринчи бөлүгүн аяктап, элдин назарына койду. Кененирээк төмөндөгү видеодон көрө аласыздар. Булак: NazarNews.kg

0 426

Мухаммедкалый Абылгазиев «Бишкексүт» ААК ишканасындагы жаңы технологиялык линияны ишке киргизди

01-декабрь 2018, 08:57 Айдар Нуралиев

Өкмөт башчы заводдун өндүрүштүк аянттарын көрүп чыгып, ишкана жетекчилиги жана эмгек жамааты менен маектешүүнүн жүрүшүндө фермердик чарбалар тарабынан өз-ара пайдалуу шарттарда сырье менен камсыздоонун жаңы формаларын киргизүү маселесин талкуулады деп билдирет өкмөттүн маалымат катысы. Андан соң Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баскыч аркылуу ишканадагы жаңы технологиялык линияны ишке киргизди жана Өкмөттүн атынан «Бишкексүт» ААК жана «PepsiCo» компаниясынын эмгек жамаатын бул окуя менен куттуктады. «Бүгүн ...

0 618

Аскар Мамбетжанов, “Алайку Органикс” компаниясынын башкы директору: “Бизден 100% натуралдык продукциялар чыгат”

30-ноябрь 2018, 11:11 Кызгалдак Жакыпова

Илгертен ата-бабаларыбыз ичип келген эзме курут, талкан чалынган таттуу суусундуктарды азыр көп жасап ичпей калганбыз. Заманбап газдалган суусундуктарга караганда биз сөз кылчу “Алайку Органикс”  компаниясынын суусундуктарын ичип эле жүрсөңүз керек. Экологиялык жактан таза, ар кандай химикаттарсыз жогорку сапатка ээ мындай продукцияны базарга чыгаруу көп убакытты талап кылаары белгилїї эмеспи. Изги тилек ишке ашып, азыр той-топурларда экологиялык таза суусундуктар суроо-талапка ээ ...

0 416

ВИДЕО: Кыжалат кылган тышкы карыз

Видео 29-ноябрь 2018, 18:46 Айдар Нуралиев

Азыр өлкөнүн ички жана тышкы карызы 4 миллиард 357 миллион долларды түзөт. Анын 3 миллиард 958 миллиону 90,8 пайыз — тышкы, 399 миллион 9,2 пайыз доллары — ички бересе. Бул мурдакы жылга салыштырмалуу 6 пайызга өскөн. Кыргызстандын жылдан жылга өскөн карызы, мамлекеттин эң биринчи көйгөйү болуп саналат. Карыздын мындай көрсөткүчү жыл сайын өсө берсе, Кыргызстандын алдыдагы каржылык маселеси төлөгөнгө мүмкүнчүлүгү жетеби? Толугураак кийинки ...

0 457

Кыргызстандын “Центеррага” койгон талабы

29-ноябрь 2018, 16:56 Айдар Нуралиев

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев стратегиялык келишим боюнча "Centerra Gold Inc." компаниясы менен болгон сүйлөшүү тууралуу депутат Жанарбек Акаевдин суроосуна жооп берди. Өкмөт башчынын айтымында, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков кол койгон келишим “Кыргызстандын кызыкчылыгын толук коргобойт”. - Келишим күчүнө кириши үчүн биздин да бир канча шарттар бар, - деди премьер-министр. - Ал келишимде биздин кызыкчылыгыбыз жакшы корголгон эмес. Күчөтүшүбүз керек, ачыгын айтканда экологиялык, социалдык өнөктөштүк ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 367

Кыргызстан коррупциялашкан 30 өлкөнүн катарына кошулду

29-ноябрь 2018, 15:19 Айдар Нуралиев

Дүйнөлүк экономикалык форум глобалдык атаандаштык индекси боюнча коррупциялашкан өлкөлөрдүн жылдык рейтингин чыгарды. Анда паракорчулукту кабылдоо индекси ыкмасы менен 140 өлкөдөгү коррупциянын деңгээлине 1ден 100гө чейинки упай менен баа берилген. 100 упай "өлкөдө коррупция жок" дегенди билдирет. Кыргызстан 29 упай алган. Ошол эле учурда Орусия 22, Тажикстан 21 упай алган. Мындан сырткары паракорчулук күчөгөн өлкөлөрдүн катарында Парагвай, Мексика, Лаос, Доминикан Республикасы жана Гондурас ...

0 370

Кыргызстан менен Түркия өз аймактарында расмий түрдө иштеген эмгек мигранттарынын эмгек стажысын эки тараптуу тааный баштайт

28-ноябрь 2018, 16:56 Кызгалдак Жакыпова

Жогорку Кеӊеште КР Өкмөтү менен Түркия Өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыздоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү деп билдирет Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы. Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиевдин айтымында, келишимге ылайык, эки өлкө өз аймактарында расмий түрдө иштеген эмгек мигранттарынын эмгек стажысын таанып, пенсия төлөй баштайт. «Мисалы, кыргыз жараны Түркияда 15 жыл иштесе, курагы жеткенде пенсия ала ...

0 341

Мамлекет кайрадан 12 млн доллар кредит алып жатат

26-ноябрь 2018, 14:26 Перизат Кутманалиева

Бул тууралуу каржы министри Адылбек Касымалиев Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кезектеги жыйынынын жүрүшүндө билдирди. Анын айтымында, Эл аралык өнөктүрүү ассоциациясы бөлө турган 24 млн доллар каражаттын 12 млн доллары грант, ал эми калган бөлүгү жеӊилдетилген насыя болуп саналат. насыя 38 жылдык мөөнөт жана 0,75 үстөк пайызы менен берилүүдө. Тармактык комитеттин мүчөлөрү “2018-жылдын 14-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз ...

0 442

“Северэлектро” ААК абоненттери электр энергияга болгон карызын 293 млн.сомго төмөндөтүштү

22-ноябрь 2018, 17:51 Кызгалдак Жакыпова

“Северэлектро” ААКнын абоненттеринин электр энергияга болгон карызы  биринчи ноябрга 493 млн. сомду түздү. Он айдын ичинде керектөөчүлөрдүн электр энергияга болгон дебитордук карызы 293,2 млн. сомго же 37,3 % төмөндөдү. Бул тууралуу маалыматты NazarNews.kgге «Северэлектро» ААК басма сөз кызматы билдирди. Карыздын 270,4 млн.сомго же 46 % төмөндөшү “калк” категориясында катталган. Бюджеттик уюмдар карыздарын - 11,4 млн.сомго же 17%; Айыл-чарба керектөөчүлөрү - 748,9 миң сомго же ...

0 336

2018-жылдынон айынын ичинде “Северэлектро” бөлүштүрүүчү компания тарабынан 6 млрд. 335 млн. сом чогултулду...

21-ноябрь 2018, 08:32 Айдар Нуралиев

Он айдын ичинде “Северэлектро” ААКнын бөлүштүрүү тармагына 4 млрд. 715 млн. кВт.саат электр энергия келип түштү, бул 2017-жылдын ушул эле мезгилине  салыштырмалуу 142,5 млн. кВт.саатка көбүрөөк. Бөлүштүрүүчү компаниянын өткөн мезгилге болгон товардык продукциясы 6 млрд. 54 млн. сомду түзүп, анын 6 млрд. 335 млн.сому (104,7 %) чогултулган. Өткөн мезгилде көрсөтүлгөн сумманын эсебинен төлөм чогултуу калк арасында 110 %, бюджеттик уюмдар – 100,9 %, башка ...

0 3401

Арзан алып, кымбат сатканды мыкты өздөштүргөн Атамбаевдин уулу

20-ноябрь 2018, 17:14 Кызгалдак Жакыпова

Минюст сайтында көрсөтүлгөн маалымат боюча ээси Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеитбек Атамбаев болгон «Автомаш-Энерго» энергетикалык компаниясы 1 кВтчты 36 тыйынга сатып алып, аны 700 кВтчка чейинки колдонгондорго 77 тыйындан сатышууда. 700 кВтчтан ашыкча колдонсо - 2 сом 16 тыйындан болууда. Мындай маалымат менен chyndyk.kg маалымат агенттиги бөлүшкөн. Басылмадан билдиргендей, компания жылына  402 млн. кВтчты 144 млн 720 миң сомго сатып алганда, орто эсеп менен 164 млн 820 миң сом пайда көрөт экен.  Булак: NazarNews.kg

0 538

Пенсияны көбөйтүүгө 659 млн 209 миң сом көлөмүндө каражат каралды

19-ноябрь 2018, 13:50 Кызгалдак Жакыпова

Социалдык фонддун аймактарда иштеген кызматкерлеринин эмгек акысы орто эсеп менен 9 миӊ сомду түзөт. Келерки жылы аны 15-20 пайызга көбөйтүү үчүн бюджетте 19 млн сом каралууда. Ал эми башчысынын маянасы 23 миӊ сом. Бул тууралуу Соцфонддун төрагасы Медет Ирсалиев Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде «КР Социалдык фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр каралып жатканда билдирди. ...

0 422

Өкмөт: Кыргызстанда болгону 914 миң киши салык төлөйт

15-ноябрь 2018, 16:54 Кызгалдак Жакыпова

Жалпы Кыргызстан боюнча 914 миң гана киши салык төлөй турганын премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Учурда депутаттар 2017-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2018-жылдын бюджети жана 2019-2020-2021-жылдарга карата божомол боюнча мыйзам долбоорун карап жатышат. Абылгазиев бүгүнкү күндө өлкө боюнча 647,2 миң пенсионер бар экенин белгилеп, аларды каржылоого Социалдык фонддон 50,3 миллиард сом жумшаларын айтты. Андан сырткары, 372,6 миң жаран 10 миллиард сомдун тегерегинде ...

0 1712

Бишкекте үйлөрүн ижарага бергендерге салык төлөтүлөт

15-ноябрь 2018, 15:01 Кызгалдак Жакыпова

Борбор калаадагы көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерин жана жер тамдарын ижарага бергендердин баарын салык төлөтүү аракети көрүлүп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Учурда шаардын райондорунда батирлерин ижарага бергендерди каттоо жана алардын жалпы маалыматтар базасын түзүү иштери жүрүп жатат. Райондук администрациялардын кызматкерлери Мамлекеттик салык кызматынын инспекторлору менен кошо батир жана үй ээлерин аныктап, эскертүү берип жатышат. Бир эле Свердов районунун ...

0 359

Бишкекте «АгроТехЭкспо-2018» көргөзмөсү ачылды

15-ноябрь 2018, 08:34 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов «АгроТехЭкспо-2018» айыл чарба техникаларынын көргөзмөсүнүн ачылышына катышты. «Айыл чарбасынын потенциалын күчөтүү атамекендик агрардык тармакты өнүктүрүүнүн маанилүү маселелеринин бири болуп саналат. Евразиялык экономикалык бирлигине киргенден кийин дыйкан-фермерлерибиз үчүн кеңири базардын ачылышы менен кошо катуу атаандаштык да пайда  болду. Буга байланыштуу биздин дыйкандардын жана кайра иштетүүчүлөрдүн жаңы технологияларды колдонуусу заман талабы болуп саналат. Биз өндүрүлгөн айыл чарба ...

0 366

Дүйнөлүк банк “«Digital CASA» - Кыргыз Республикасы” долбоорун каржылоо үчүн 50 млн доллар өлчөмүндө насыялык жана гранттык каражат бөлөт

14-ноябрь 2018, 09:44 Кызгалдак Жакыпова

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы «Digital CASA» - Кыргыз Республикасы” долбоорун каржылоо тууралуу макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин берген маалыматына караганда, Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциясы «Digital CASA» долбоорун каржылоо үчүн 50 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлүүгө даяр, анын 50 ...

0 409

Дүйнөлүк банк “«Digital CASA» - Кыргыз Республикасы” долбоорун каржылоо үчүн 50 млн доллар өлчөмүндө насыялык жана гранттык каражат бөлөт

13-ноябрь 2018, 14:07 Кызгалдак Жакыпова

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы «Digital CASA» - Кыргыз Республикасы” долбоорун каржылоо тууралуу макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.  Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин берген маалыматына караганда, Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциясы «Digital CASA» долбоорун каржылоо үчүн 50 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлүүгө даяр, анын 50 ...

0 526

Улуттук банк 13 млн. долларга жакын акчаны сатыкка чыгарды

13-ноябрь 2018, 11:21 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстандын Улуттук банкы 12 миллион 900 миң долларды сатыкка чыгарды. Бул тууралуу банктын расмий сайтында кабарланды. Бул тууралуу Азаттык билдирди. Муну менен өлкөнүн башкы каржы көзөмөлдөөчү мекемеси ноябрь айын эсепке алганда экинчи жолу, жыл башынан бери сегизинчи жолу интервенция жасады. Алты жолу доллар сатса (74,2 млн. доллар), эки жолу долларды сатып алган (20 млн. 550 миң доллар). Акыркы жолу, 5-ноябрда 10 ...

0 705

Кыргызстан Өзбекстанга картөшкө экспорттой баштады

02-ноябрь 2018, 14:33 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстан Өзбекстанга картөшкө жеткирүү боюнча макулдашты. Айыл чарба министрлиги кабарлагандай, октябрдын ортосунда эки тараптуу сүйлөшүүлөр өтүп, Өзбекстан картөшкө импорттой ала турган 17 компаниянын атын атаган. Маселен, Ысык-Көл облусунун ишкерлери менен «Наманган Универсал Савдо Инвест» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда келишимге кол коюлган. Ага ылайык, Ысык-Көл облусунан Өзбекстанга 66 тонна жашылча жөнөтүлгөн. Фитосанитардык сертификация өзбек тараптын талаптарына ылайык жүргүзүлгөн. Ал ортодо 2-нобярда Кыргызстандын Ташкенттеги элчилигинде ...

0 545

Равшан Жээнбеков: Президент да, премьер-министр да "Кумтөр" менен конфликке баргандан качат

02-ноябрь 2018, 14:14 Кызгалдак Жакыпова

NazarNews.kg маалымат агенттиги кандай маселе болсо да өз көз карашын ачык айткан экс-депутат Равшан Жээнбеков менен баарлашып, кытайларга сатылганы жаткан “Кумтөр” маселесинин айланасында ой бөлүштү. Равшан мырза, “Кумтөрдү” иштеткен “Центерра гольд” компаниясы кытайларга сатканы жатыптыр деп коомчулук чуру-чуу түшүп жатат. Кыргызстан кендин ээси катары саттырбай коё алабы? -Кыргызстан Центерранын кумтөрдөгү акциясын саттырбай койгонго акысы жок. Анткени, ал акция жеке менчик болуп эсептелет. Анын ...

0 489

Азизбек Келдибеков, журналист: “Кытайга аягы чукулдап бараткан “Кумтөрдүн” кереги деле жок”

02-ноябрь 2018, 13:29 Кызгалдак Жакыпова

www.nazarnews.kg маалымат агенттиги  айрым окурмандарга Кытайларга сатылганы жатат деген “Кумтөр” кенин Кыргызстан не кылсак, “Центерра гольд” компаниясына каршы чыгып, саттырбай  коё алабыз деген суроо салды? -“Кумтөр” кени Кыргызстанда болгондуктан бийлик "Кыргызалтын" жана кандай бир жолдор менен таасир эте алат. Бирок бийликтин саттырбоого кызыкчылыгы деле жок. “Кумтөрдө” "Кыргызалтындын" үлүшү бар. Центерра бул жерден алчусун алды эми аман-эсен чыгып кетиши керек. Кытайга ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 624

Тимур Саралаев: “Кумтөрдү” калыс чечпесе чыр жаралат, эл кытайларга берүүгө каршы чыгат”

02-ноябрь 2018, 13:06 Кызгалдак Жакыпова

www.nazarnews.kg маалымат агенттиги  айрым окурмандарга Кытайларга сатылганы жатат деген “Кумтөр” кенин Кыргызстан не кылсак, “Центерра гольд” компаниясына каршы чыгып, саттырбай  коё алабыз деген суроо салды? Тимур Саралаев, Эл аралык өнүгүү жана саясат агенттигинин директору: -“Кумтөрдү” сатттырбай каршы чыгыш үчүн биринчи кезекте саясый эрк,  чечкиндүүлүк жана  элдин ынтымагы керек. Инвесторлор элдин кен байлыктарын алып кете беришет.  Элдер кен иштеткенден калган ууга чыланып ...

0 732

«Чыңгыз Айтматов - 90 жыл» коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыкты

29-октябрь 2018, 10:28 Кызгалдак Жакыпова

Улуттук Банк бүгүн «Чыңгыз Айтматов - 90 жыл» коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыгарды. Монета кыргызча жана англис тилде жазылган. Монетанын оң бетинде Чыңгыз Айматовдун сүрөтү түшүрүлсө, сол бетинде Кыргызстандын герби түшүрүлгөн жана Ысык-Көл, Ак кеме, Бугу эненин сүрөттөрү чагылдырылып монетанын чыккан жылы жазылган.  Булак: NazarNews.kg      

0 503

Ош-Москва аба каттамы ачылды

29-октябрь 2018, 08:45 Кызгалдак Жакыпова

Москва-Ош каттамы боюнча Орусиянын “Аэрофлот” компаниясынын учактары уча баштады. Бул тууралуу “Манас” аэропортунан кабарлашты. Маалыматка ылайык, каттам боюнча алгачкы учак кече Ош аэропортуна конду.120 адамды камтыган "Boeing 737" үлгүсүндөгү учак учуп келген. Учакка Чыңгыз Айтматовдун ысымы берилген. Кыргызстандын Жарандык авиациясы жана Россиянын жарандык авиация тармагындагы мамлекеттик саясат департаментинин ортосунда бир жыл мурда келишим түзүлгөн. Булак: NazarNews.kg

29-октябрь 2018, 08:45 | 503
0 882

Кыргызстанда ири дарыканаларга кимдер ээлик кылып, канча салык төлөйт?

26-октябрь 2018, 15:10 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстанда жалпысынан 2500дөн ашуун дарыкана пункту бар. Бир аз мурда саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Жогорку Кеңеште депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, дары-дармек жаатында чакан бизнеси бар экенин айткан.Министрдин билдиргенине караганда, ал анча чоң эмес, үч дарыканага ээлик кылат. Бирок кийин аларды ишенимдүү башкарууга өткөрүп берген. Дарыкана бизнесинде дагы кандай аткаминерлердин "үлүшү" бар экенин билүү үчүн борбор калаада эң ири делип, эл оозуна ...

0 1226

ВИДЕО: Дастан Жумабековдун кыжырын кайнаткан аткаминер

Видео 25-октябрь 2018, 10:05 Кызгалдак Жакыпова

Айыл-чарба министрлигинин чабал иш алып баргандыгынан улам быйыл өлкө дыйкандары чоң чыгымга учурап отурушат. Мындай пикирин базарларда дүңүнөн айыл-чарба продукциясы менен соода кылгандар билдиришүүдө. Ал учурда парламентте аталган министрликтин орун-басары депутаттардан тил угуп, эл өкулдөрү министрликке канааттанбай тургандыктарын айтышууда. Түзүлгөн жагдай менен таанышууну эп көргөн президент кече айыл-чарба министри Нурбек Мурашевди кабыл алып, маселени чечүү боюнча бир ...

0 909

Аткаминерлер чет өлкөгө иш сапарга чыгуусу үчүн 622 миллион коротулат

22-октябрь 2018, 16:52 Кызгалдак Жакыпова

Парламентте аткаминерлер жылына канча каражатга чет өлкөгө иш сапарга чыгып келээри айтылды. Депутат Аида Касымалиева "мамлекеттен канча сумма аткаминерлердин иш сапарларына бюджеттен бөлүнөт же болбосо чет өлкөгө иш сапарларды төлөй турган каржы булактары тарабынан канча акча коротулаарына кызыкты. Министирликтерден бир гана тармактарды өнүктүрүү министирлери эмес. Ден-соолук, маданият жана билим министирликтери да иш сапарга канча каражат коротоорун тактап бергиле" деп суроо салды.  Мындан сырткары депутат диппаспорттор ...

0 509

ВИДЕО: Заманбап BMW Х7 автоунаасынын акыркы түрү чыкты

Видео 22-октябрь 2018, 09:56 Кызгалдак Жакыпова

Мюнхенде автомобиль чыгаруучу заводунан BMW автоунаасынын жаңы акыркы түрү BMW Х7 чыкты. Аталган унаа Range Rover менен Mercedes GLS унааларынан ашып түшкөндүгүн дүйнөлүк серепчилер айтып чыккан. BMW Х7 унаасы бирден бир унаа экендиги айтып, заманбап стилде чыгарылган.  Жол тандабаган BMW Х7 унаасына мурда чыгарылган Х5-тин кыймылдаткычы коюлган. Унаа чыгарган компания 16-октябрь күнү YouTube каналынын видеохостингине жарнамалык тасмасын койгон. Жарнама ...

0 445

Акыйкатчы менен “Сезим” кризистик борбору кызматташат

21-октябрь 2018, 14:46 Кызгалдак Жакыпова

Акыйкатчы институту менен “Сезим” кризистик борбору кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту. Макулдашуу документинин мөөнөтү беш жыл деп белгиленди. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди. Маалыматка ылайык, 18-октябрда акыйкатчы Токон Мамытов аялдардын жана балдардын укугун коргоо жаатында иш алып барган кызматкерлер менен биргеликте “Сезим” кризистик борборуна барып, уюмдун өкүлдөрү менен жолугушкан. Анда эки тараптуу кызматташуу ...

0 1279

Тоок жегенден корколу

16-октябрь 2018, 12:53 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстан Казакстандын тоок этин өлкө аймагына киргизбей койду эле, казак тарап бир жума өтпөй Кыргызстандын маддарынан ар кандай оорулар чыгып жатат деген шылтоо менен мал этин Казакстанга кийирүүгө тыюу салып салды. Өткөн алтынчы, дем алыш күндөрү Токмоктогу мал базарда малдын баасы түшуп, сатуучулар кыйналганы да маалым болду. Абалды оорлотуудан корккон кыргыз өкмөтү Казакстандын тоок этине болгон тоскоолдукту дароо алып салып, ...

16-октябрь 2018, 12:53 | 1279
0 813

Таласта атайын завод ачылганына карабай дыйкандар төө буурчактарын сата албай жатышат

15-октябрь 2018, 13:56 Кызгалдак Жакыпова

Талас облусундагы дыйкандар төө буурчактын быйыл көп өстүрүгөн лопатка деген сорту (ак түстө) сатылбай жаткандыгына нааразы болуп жатышат. Бакай-аталык дыйкан Алмазбек Жапаркуловдун айтымында, аталган сорттогу төө буурчагын 3 күндөн бери сата албай жатат. «Азыр тойлордун убагы. Тойго кошумча үчүн деп түшүмдүн четинен сатып жатабыз. Мына 3-4 күндөн бери Талас шаарындагы төө буурчак алуучу жайларга лопатка сортундагы төө буурчакты ...

0 482

Кыргызстан менен ЕАЭБ ортосундагы сооданын көлөмү азайды

15-октябрь 2018, 09:03 Кызгалдак Жакыпова

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2018-жылдын январь-август айларында Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер менен соодасы 1,5 миллиард долларды түздү. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,5 пайызга төмөн. Ошол эле маалда экспорт 5,2 пайызга өсүп, импорт 6,2 пайызга азайган. ЕАЭБ курамындагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан менен өз ара соода-сатыктагы эң көп үлүш Орусияга (66,5%) тиешелүү. Андан кийин 31,8 пайыз менен ...

0 931

ВИДЕО: Султан Жумагуловдун ишке ашпай калган пландары

Видео 13-октябрь 2018, 11:46 Кызгалдак Жакыпова

Төртүнчү жолу узак убакытка созулган дарылануусунан кайтып келгенден кийин, жума күнү учуп келип көп өтпөй кайрадан жумушка чыгып кетти. Эртең мененки жыйынга кирбей эле коюуну туура көрүп кабинетине кирген жокмун. Себеби суроолорду берип кыйнагым келген жок. “Жийде кана?” –деп издеткен экен, чакырып алды. Кирип келсем “Жийде, автоматтык түрдө кабинетке киришиң керек да, эмнеге кирген жоксун?” –деп айтты.  Ошентип эки күн катары ...

0 472

Дүйнөлүк банк соода тирешинин күчөшүнө даярданууда

12-октябрь 2018, 09:01 Кызгалдак Жакыпова

Дүйнөлүк банк учурда глобалдык экономикага таасир этип жаткан соода тирешине “абдан кабатырланып” турганын билдирди. "Соода тиреши" дегенде ириде АКШ менен Кытай бири-биринин товарларына тарифти көтөрүп жатышканы тууралуу кеп болуп жатат. Планетадагы экономикасы эң ири эки мамлекеттин соода согушу башка өлкөлөргө терс таасир этери буга чейин да айтылган. Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) мунун айынан быйылкы дүйнөлүк жалпы өсүш мурда болжолдонгондой 3,9% ...

0 700

«Кыргызстан Кремлдин жардамына таянат» дейт

11-октябрь 2018, 16:07 Кызгалдак Жакыпова

«Кыргызстан Орусиянын жардамына жана колдоосуна таянат» деп билдирди Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков. «Биздин Орусиясыз бир нерсе кылышыбыз кыйын, экономикабыз да аларга байланган. Биз аны дайыма сезип турабыз. Биз муну ачык эле айтабыз» деди Жумабеков кечээ Анталиядагы жолугушууда. Ал жерде Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин да бар эле. «Биз бири-бирибизге колдоо көрсөтүшүбүз керек» деп кошумчалады ал. Булак: "Азия ньюс"

0 538

Статистикадан чыккан, жөн эле суроо...

11-октябрь 2018, 12:11 Кызгалдак Жакыпова

Максим Бакиев 2009-жылы Кытайга барганда “Датка” жана “Кемин” подстанцияларын, “Датка-Кемин” электр өткөрүүчү линияны куруу үчүн протокол түзүп, 190 млн долларга курууну макулдашкан жана Келишимге кол коюшуп келген эле. Атамбаев бийликке келгенде, АШАнын кан жуткурлары «Датка” жана “Кемин” подстанцияларын, “Датка-Кемин” электр өткөрүүчү линиянын куруусуна чыгымды 389 млн. долларга көтөрүп, бир аз чаларак бүтүргөнсүп коюшту. Ошол эле жылы, Бишкек жылуулук берүүчү борборунун ...

0 515

Жакырчылык желкеден басканда...

09-октябрь 2018, 10:08 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстанда кедей жашаган адамдардын саны көбөйгөнүн Улуттук статистикалык комитети билдирди. Аталган комитет 2017-жылы жакыр адамдардын саны 1 миллион 600 миңден ашканын, булардын ичинен көбү, башкача айтканда 72%ы айылда жашагандар экенин маалым кылды. Жалпы өлкө боюнча алганда жа-кырчылыктын деңгээли 25,6%ды түзгөн. Бул дегендик, 2016-жылга салыштырганда 0,2%га көп. Минтип өлкө экономикасы өспөй, калктын турмушу жылдан-жылга төмөндөп, жакырчылык белчеден басып жатканда, биздин жетекчилер чет ...

09-октябрь 2018, 10:08 | 515
Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 688

ВИДЕО: Күн өткөн сайын жогорулаган базар баасы элди нааразы кылууда

Видео 08-октябрь 2018, 18:46 Кызгалдак Жакыпова

Базарлардагы  азык-түлүктүн  наркы өткөн жылга салыштырмалуу өзгөргөн жок. Бирок, өлкөнүн социалдык-экономикалык жагдайын эске алганда, базар баасы баары бир катардагы жөнөкөй кардарлардын капчыгына оң келе бербейт.  Жарандарыбыздын айтуусунда маянанын  өлчөмү  көбөйбөй эле азык-түлүктүн наркынын жогору болушу дисбаланстын сакталбай жатканын айгинелейт. Ага ылайык  Кыргызтандагы азык-түлүктүн баасы, тургундарды канчалык канаатандырат экенин билиш үчүн сурамжылоо жүргүздүк. Күнүмдүк тиричиликте суроо-талапка ээ азык-түлүктүн бүгүнкү баалары боюнча кененирээк төмөнкү видео материалдан тааныштырабыз. Булак: NazarNews.kg  

0 531

Бюджет жана финансы комитети Өкмөт тарабынан алынган кредиттердин жана гранттардын пайдаланылышы жана аларды кайтаруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат укту

08-октябрь 2018, 16:10 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, Бюджет жана финансы комитети Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан алынган кредиттердин жана гранттардын пайдаланылышы жана аларды кайтаруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу Өкмөттүн маалыматын укту. Финансы министри Адылбек  Касымалиевдин ырасташынча 1992-жылдан бери Кыргызстан сырттан 10млдр. долларга чукул насыя - грант алган.  Анын 72%насыя, 22%, же  2 млрд 777 млн доллары грант.  Негизги кредиторлор Кытай, Азия өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк, Оруссия. Каражаттын басымдуу ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83