www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маек
0 206

Айнуру Алтыбаева, ЖК депутаты: "Насвай сатууга таптакыр тыюу салынышы мүмкүн"

16-ноябрь 2019, 14:47 Айдар Нуралиев

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева насвай, тамеки тартууга бөгөт коюу боюнча мыйзам долбоорун сунуш кылып жатат. Ошол боюнча кеңири маек курдук, - деп жазып чыкты "Ачык саясат" гезити. - Айнуру айым, тамеки, насвай боюнча жаңы мыйзам долбоорун жазып, сунуштап жатасыздар. Ошол мыйзам боюнча элге жеткиликтүү кылып түшүндүрүп берсеңиз? - Биздин жаңы мыйзам долбоорубуздун негизги концепциясы - элибиздин ден ...

0 531

Жыргалбек Турускулов, ЖК депутаты: "Эл бизди парламенттен чыгып кеткиле, тарагыла" десе тарап кетишибиз керек"

16-ноябрь 2019, 14:24 Айдар Нуралиев

- Убагында шайлоо босогосун 9 пайыз көтөрүү маселесин колдогондордун көпчүлүгү бүгүн каршы добуш берип, шайлоо босогосун төмөндөтүү керектигин айтып жатышат го? - Бул коомдун талабы. Туура, убагында биз дагы шайлоо босогосун 9 пайызга көтөрүү маселесин колдогонбуз. Шайлоо жакындаган сайын кайчы пикирлер жаралып, шайтлоо босогосун төмөндөтүү маселеси көтөрүлүп жатат. Эл шайлоодогу чекти 9 пайыздан 3 пайызга түшүрүү керек дей ...

0 156

Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: “Биздин “Коопсуз шаар” долбоорунда кемчиликтер көп…”

16-ноябрь 2019, 14:16 Айдар Нуралиев

– Марлен мырза, Грузияга барып, үлгү алчу тажрыйбаларын үйрөнүп кайтыпсыз… – Грузия акыркы убакта баардык мамиледе алдыга озуп чыкты. Иш сапар менен ал жакка барып, бирдиктүү операциялык борбор жана кайгуул полициясынын кызматтык тейлөөсү менен таанышып келдим. Депутат кесиптештер менен жолугуштум. Мекенге кайткандан соң, айрым алган тажрыйбаларды колдонуп, биздин өкмөткө сунуштарды киргизип, Жогорку Кеңеште маселе көтөргөнү турам. Биз толугу менен ...

0 219

Салтанат Максатбек кызы, актриса: “Актриса болом деп эч качан ойлогон эмесмин”

16-ноябрь 2019, 13:36 Айдар Нуралиев

Экран жүзүн көргөн «Келинка» сериалы көрөрмандар тарабынан жылуу кабыл алынып, үй-бүлөлүк тасмага айлана баштады. Ар бир сериясын качан чыгат экен деп күткөн күйөрмандарынын саны күн санап көбөйүүдө. Сериалдын режиссеру Эльдар Турдумамбетов, продюсери Мирлан Даанышман. Бүгүн сериалдын баш каармандарынын бири келиндин образын кенен ачып бергенге аракет кылган жаш актриса Салтанат Максатбек кызы менен жакындан тааныштырабыз, - деп жазып чыкты "Де-Факто" ...

0 259

Бактыбек Райымкулов, ЖК депутаты: “Ташиев туура эмес айтты, аны теледебатка чакырдым”

14-ноябрь 2019, 12:33 Айдар Нуралиев

– Бактыбек мырза, өткөнкү сандардагы маегиңизде «Ата Журт» партиясынын шайлоого баруу мүмкүнчүлүгү тууралуу пикириңизге партиянын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев ачууга алдыруу менен жооп берди. Андан кийин сиз кайра аны дебатка чакырдыңыз. Түшүнбөстүк ким тараптан болуп жатат? – «Азия Ньюс» гезитинин журналистине «Республика» менен «Ата Журттун» шайлоого барар шансы кандай?» деген суроосуна жооп катары мен «Ата Журттун» шансын айта албайм, шайлоого ...

0 186

Динара Аляева: "Онкологиялык оорусу бар балдарга камкордук көрүлбөй калды"

14-ноябрь 2019, 12:31 Айдар Нуралиев

- Динара айым, балдар онкологиясындагы 35 млн. сомдук дары жетишсиздиги тууралуу айтып чыктың. Бийликтен камкордук көрүлүп жатабы? - Дары-дармек көйгөйү ар убак болуп келген. Учурда да курч маселелердин бири. Бирок, тилекке каршы, өкмөт дагы, министрлик дагы эсеп-кысап менен оорулуу балдарга камкордук көргөн жери жок. Мисалы, балдардын онкологиялык ооруларына болгон дары жетишсиздиги депутаттардын капарларына да келбейт. Онкологиялык ооруларга чалдыккан ...

0 283

Кенжебек Бокоев, ЖК депутаты: “ОПГ бийликке согуш жарыялаганга жакын калды”

14-ноябрь 2019, 12:00 Айдар Нуралиев

- Кенжебек мырза, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө иш жүрбөй жатканын айтып, өкмөттү сындап жатасыз. Кайсы маселеде нааразысыз? – Депутаттар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн биздин мамлекетте жана биздин мамлекеттен тышкары жерлердеги киши өлтүрүүгө катышкан окуяларды көтөрүп жатышат. Мен ойлойм, бул маселени парламентте атайын маселе кылып киргизип, кароо керек. Биз 5-чакырылышта уюшкан кылмыштуулукка каршы аёосуз күрөшүү жөнүндө мыйзам кабыл алганбыз. Бир ...

0 151

Расул Умбеталиев, электр энергиясы боюнча эксперт: “Ош, Жалал-Абадда күнүнө 50-60 айылда электр энергиясы өчүрүлүүдө”

14-ноябрь 2019, 11:49 Айдар Нуралиев

– Кыш жакындап, суук түшө баштаганда Кыргызстанда электр энергиясын үнөмдөө максатында лимит киргизилди. Кыргызстандагы жети облустагы өкмөттүн өкүлдөрү электр кубатына киргизилген лимиттин сакталышын катуу көзөмөлгө алганы билинүүдө. Мунун кандай кесепеттери бар? – 2019-жылы 16-октябрда өкмөт өзүнүн токтому менен лимит киргизди. Ар бир облус, аймактарга, шаарларга, айылдарга ар башкача лимит кирди. Лимит – бул түздөн-түз чектөө. Нанга, унга мындай жок ...

0 435

Гүлжайна Атаканова: "Турмуш куруп, экинчи ирет эне болгум келет"

14-ноябрь 2019, 09:54 Айдар Нуралиев

8-ноябрда ырчы, алпаруучу Гүлжайна чыгармачылыкка аралашканынын он жылдыгын белгиледи. Концерт аншлаг менен өтүп, өзгөчөлүк катары ырчынын ата-энесине арнаган ыры, устаты Рахман Разыковго тартуулаган күлүгү болду, - деп жазып чыкты "Леди.kg" гезити. - Гүлжайна, концертиңиз аншлаг менен өтөт деп ойлодуңуз беле? - Концертим жогорку деңгээлде өтсүн деп күнү-түнү уктабай даярдандым. Эл жакшы келерине ишенип тургам, бирок залга батпай туруп көрүшөт деп ...

0 169

Өлкөдөгү көзгө басар пластикалык хирургдардын бири Султан Тукешов менен маек...

13-ноябрь 2019, 18:04 Айдар Нуралиев

Султан Тукешов өлкөдөгү көзгө басар пластикалык хирургдардын бири. Он жылдан ашуун убакыттан бери ал адамдардын сырткы келбетине оңдоп-түзөө киргизип келет. Бир күндө бир нече операцияны башынан өткөргөн хирург эмне себептен бул тармакты тандап алганын төмөндө айтып берди. - Султан Конокбекович, сейрек кездешүүчү кесипти тандоого сизге ким түрткү болду эле? Мен Ысык-Көлдүн Тоң районунан болом. Көбү ата-энеңдин жолун жолдодуңбу ...

0 229

Табылды Акеров: “Чыңгыз Айтматов Осмоновго Е. Примаков Ю. Абдрахмановдун баласы деп айткан экен”

11-ноябрь 2019, 13:38 Айдар Нуралиев

– Сиз кыргыз саясатчылары жөнүндө көп окуяларды билсеңиз керек. Ошолордон бирин айтып бербейсизби? – Азыркылар жөнүндө айтсам, заказдай болуп калат го. Бул маек 7-ноябрь майрамына туш келип жатпайбы. Ошого карата Ю. Абдрахмановдун тегерегинде айтылып жүргөн сырлардын бирине токтоло кетейин. Балким, кимдир бирөөлөр изилдеп, тактап чыгаар. Мен «Кыргызалтында» иштеген кезде, Курманбек Осмонов деген аксакал менен иштешип калдым. Өзү Москва районунун ...

0 683

Клара Алибекова: "Эгер көңүлүмө жигит жагып, назарым түшүп калса, анда чын жүрөгүмдөн кабыл алам..."

11-ноябрь 2019, 12:45 Айдар Нуралиев

“Биринчи жана акыркы жолу” деген гезитибизде рубрика бар.  “Кыргызымдын жигиттерин” катыра ырдап, эл оозуна алынган Клара Алибекова карындашыбызды кепке тарттык, - деп жазат "АЗИЯnews" гезити. -- Биринчи жолу мектеп босогосун аттаганың эсиңдеби? -- Мектептик форма-фартук кийип, чачыма чоң ак бантик байлап мектепке жетелеп барышкан. Элдин баары бантигиме суктанып, кийин кыздардын баары меникиндей бантты сатып алышкан болчу. -- Биринчи жолу тамак ...

0 228

Турсунбай Бакир уулу, экс-депутат: "Бизде да коррупционерлерди кытайдай же ислам өлкөлөрдөгүдөй жазалаш керек!

08-ноябрь 2019, 10:35 Айдар Нуралиев

- Турсунбай мырза, бийлик Илмияновду камагандай неге башкаларды жазалай албай жатат. Илмиянов Атамбаевдин кадры болгон үчүн запкы тартып жаткан жокпу? - Сооронбай Жээнбековго чейин президенттер өзүнө караштуу адамдарды камабай, жалаң бөлөк партиядагы, өзүнө жат адамдарды камачу. Эми ажо кечээги эле досторун жана партиялаштарын каматып, ага чейинки президент камагандарды четинен бошотуп жатат. Менимче, бул кыйла адилеттүү болууда. - Коррупция менен ...

0 2416

Бильярд клубдун жанында аёсуз сабалган абышканын иниси: "Мени коргойм деген укук коргоочум ушундай кадамга барып жатса..."

Видео 07-ноябрь 2019, 16:57 Аман Аскаров

30-октябрга караган түнү Бишкектин Түштүк магистраль менен Тынчтык проспектисинин кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 60 жаштагы күзөт кызматкерин ошол үйдө жайгашкан “Паво” бильярд клубунун кардарлары сабап салган.  Ошол убакта “NazarNews” маалымат агенттиги жабырлануучунун бир тууган иниси Руслан Ботокановго байланышып, окуя тууралуу маалымат алган. Руслан Ботоканов агасы 4-шаардык ооруканасында жатканын жана аны сабагандар издөөгө алынганын айтып берген. Кызыгы, аны сабагандардын ...

0 197

Замирбек Нуров, блогер: "Биз Сингапурга жетүү үчүн адамдык капиталды чыңдайлы"

07-ноябрь 2019, 13:58 Айдар Нуралиев

- Замирбек, Кыргызстан менен Сингапурга жакшы салыштыруу айттың... - Маалымат чогултуп, изилдөө жүргүзүп, анализ кылып, анан бир нерсе айтса болот. Кыргызстандын территориясы 199 951 кв/км. Элдин саны 6 млн. адам. Калктын ички дүң продукциясы 2500 доллар. Бизнес жүргүзүү боюнча 67-орундабыз (189 өлкө боюнча). Адамзаттык өнүгүү индекси 0.622 (125-орунда) Ал эми Сингапурдун территориясы 719 кв/км. Элдин саны 5,5 млн. ...

0 300

"Бажа-гейттен" кийин Абылгазиевдин жакындары кайрадан бийликти уят кылышты

07-ноябрь 2019, 14:08 Айдар Нуралиев

Өкмөт аппаратында иштеген аткаминерди жана экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрага орун басарын «пара алды» деп айыптаган ишкер Эмир Эмилканов ачыкка чыкты. Видео аркылуу чыккан билдирүүсүндө ал өмүрүнөн кооптонуп турганын белгилеп, Бакыт Калмуратов менен Эмил Жамгырчиев андан акча алганын ачык эле айтып чыкты. Бирок,«өрдөк эти» деген ат менен таанылган иштин экинчи тарабы айыптоолорду, ишкердин айткандарын төгүндөп жатат. Экономикалык ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 242

Эмил Үмөталиев, Kyrgyz Concept компаниясынын негиздөөчүсү: "ЕАЭБге киришибиздин айынан көп кыйынчылыктар күтүлөт"

07-ноябрь 2019, 13:01 Айдар Нуралиев

- Акыркы убактарда 2020-жылдан тарта автоунаалар гана кымбаттабай, 160 аталыштагы товарлардын баасы көтөрүлөрү тууралуу да айтылууда. ЕАЭБге киришибиздин өйдө-төмөнү тууралуу кандай пикирдесиз? - Мен «ЕАЭБге киребиз» дегенден бери эле пайдасына көзүм жетпей, факторлордун, мисалдардын жана ой жүгүртүүлөрдүн баары көбүрөөк зыян алып келерин далилдер менен бөлүшүп келгем. Андан бери он жылдай убакыт өттү. Ошондон бери массалык маалымат каражаттарына ачык ...

0 247

Максат Сабиров, ЖК депутаты: "Көп партия келип алып, парламентте кырылышып отурса да жаман"

07-ноябрь 2019, 12:44 Айдар Нуралиев

- Максат Эсенович, уран, торий чыккан жерлерди иштетүүгө байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндөгү мыйзам долбоору парламентте чоң талаш-тартышты пайда кылды. Кандай дейсиз, биосфералык аймактарда дегеле кендерди иштетүүгө тыюу салыш керекпи, же кээ бир депутаттар айткандай, радиоактивдүү кендерге гана тыюу салып, калгандарына уруксат бериш керекпи? - Бизде корголгон аймактар бар да. Ал жерде экологияга зыян келтире турган эч кандай өндүрүш ...

0 609

Рыскелди Момбеков, ЖКнын депутаты: “Саясаттан четтеп, эс алсамбы, чарбачылык иштер менен алек болсомбу...”

07-ноябрь 2019, 12:28 Айдар Нуралиев

– Рыскелди байке, Текебаевди үйүңүзгө чакырып чай бергениңиз аябай саясатташып, ар кандай ракурста талкууланып жатат. Негизи, саясатчылардын чайлашуусу ушунчалык чоң темабы? – «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Чиркешович менен фракция лидери Алмамбет Насыркановичке саясаттагы жолум жанаша келатат. Бул кишилер, Дүйшөн Чотонов үчөө тең кырсыкташты. Кырсыктаганы ошол, кылмышка айыпталышып, оор күндөрдү баштан кечиришти. Ошондон биротоло кутулуша элек болсо да, буюрса ...

0 498

Зарина: "Уулумду таппай калсам кантип жашайм деп коркуп келем"

07-ноябрь 2019, 11:18 Айдар Нуралиев

36 жаштагы Зарина 2018-жылдын 22-декабрында Чүй облустук аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө эгиз уул төрөгөн. Бирок “балаңдын дене табы көтөрүлүп жатат” деп медайым алып кеткен бойдон эне уулун экинчи көргөн эмес. Эки сааттын ичинде “балаң чарчап калды” деп, бирок ымыркайдын сөөгүн көрсөтүшкөн эмес. Он айдан бери Зарина өлгөн бала аныкы эмес экенин, баласын алмаштырып коюшканын далилдей албай келет, - деп ...

0 441

Нэна: "Үйгө кирип аялдын, эшикке чыгып эркектин жумушун жасайм"

06-ноябрь 2019, 13:39 Айдар Нуралиев

Ырчы, алпаруучу Нэна жакында эле экстремалдуу клип тартып, ал өзгөчө клиптердин катарын толуктады. Бул клип ырчы айымдын чыгармачылыгына эле өзгөчөлүк тартуулабастан, жеке жашоосуна да жаңылык киргизгендей болду. Андагы баш каармандын ролун ойногон жигит Нэнанын колун сураганын ырчы күйөрмандарына өзү кыйыткан, - деп жазып чыкты "Леди.kg" гезити шейшембиде чыккан санында. - Нэна айым, жакында эле “Сенин жаныңда” аттуу экстремалга бай ...

0 263

Кенжебек Бокоев, ЖК депутаты: "Мен 6-классымда эле өз алдымча тирилик кылып калгам"

06-ноябрь 2019, 11:44 Айдар Нуралиев

- Мен Талас облусунун, Кара-Буура районуна караштуу Грозный айылында туулгам, азыр Аманбаев айылы деп аталып калган. Өзүм 10 бир туугандын эң кичүүсү болом. Ошондуктан, атымды Кенжебек деп коюшкан. Балалыгым туулуп өскөн айылым менин жашоом байланыштуу, андыктан айылымды дайым эстейм, - дейт Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев "Факты.kg" гезитине берген маегинде. Жыл өткөн сайын өзүбүз менен кошо айылыбыз дагы өзгөрөт экен. Анан ...

0 282

Төрөбай Зулпукаров, ЖК депутаты: "Өз ата-эне менен чоң ата-эненин тарбиясы эки башка болот"

06-ноябрь 2019, 10:29 Айдар Нуралиев

«Өз ата-эне менен чоң ата-эненин тарбиясы эки башка болот» - Мен туулуп өскөн, балалыгым өткөн жер Ноокат районуна караштуу Кара-Таш айылы, - дейт Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров "Факты.kg" гезитине берген маегинде. Кара-Таш айылы тоо боорунда жайгашкан, тоо тарабынан Кыргыз -Ата суусу Найман каналы аркылуу өткөн өтө кооз айыл. Ата-энебиздин 5 уул 3 кызы болгон. Биз сегиз бир тууганбыз. ...

0 177

Жаныбек Абиров, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы: «Шаарда турганыбыз менен айылдыкмын деп өзүмдү эсептейм»

06-ноябрь 2019, 09:58 Айдар Нуралиев

- Ата-энем көптөн күткөн уулунун жаны, ден соолугу бек болсун деп атымды Жаныбек коюшкан экен. Себеби, мен үч кыздан кийин келген уулмун, - дейт Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров "Факты.kg" гезитине берген маегинде. Балалык кезим Ысык-Ата районунда жана Токмок шаарында өткөн. Шаарда турчубуз, бирок атам мени ак кол болуп калбасын деп, мал-жанга аралаштырып өстүрдү. Атка минип кой кайтарган күндөрүм ...

0 506

Абдыгул Чотбаев, генерал-полковник: "Чоң атам отун жарып, чоң энем калама бышырып, үчөөбүз казанды тегеректеп отурчубуз"

05-ноябрь 2019, 18:19 Айдар Нуралиев

- Кемин районунун Тар-Суу айылында төрөлгөм. Мен чоң атам менен чоң энемдин колунда өстүм. Чоң апам дайыма калама жасайт эле. Чоң атам экөөбүз отун жарып жанында, казанды тегеректеп отурчубуз. Каламанын жыты, чатырап күйгөн оттун илебин азыркыга чейин эстеп, ошол күндөрдү эңсеп калам, - дейт генерал-полковник Абдыгул Чотбаев "Факты.kg" гезитине берген маегинде. Чоң атама, чоң энеме эркелегеним менен өз ата-энемден ...

0 312

Эркингүл Иманкожоева, экс-депутат: "Айылдагы жумуштун көптүгү окуума тоскоол болчу эмес"

05-ноябрь 2019, 16:56 Айдар Нуралиев

- Менин балалык кезим Ысык-Көл областынын кооз жеринин бири болгон Жети-Өгүз районунун Чоң-Жаргылчак айылында өттү. Ошондой эле Дархан айылында биринчи класстан баштап таята, таянемдин колунда тарбияланып, мектепти аяктагам, - дейт экс-депутат Эркингүл Иманкожоева "Факты.kg" гезитине берген маегинде. Өзүм сегиз бир тууганмын, атам 45 жыл Жети-Өгүз районунун токой чарбасында карагай ташып, айдоочу болуп эмгектенди, көптөгөн медаль, ордендердин ээси. Райондук кеңешке ...

0 269

Айнуру Алтыбаева, ЖК депутаты: "Балалык кез адам болуп калыптануудагы маанилүү учур"

05-ноябрь 2019, 16:24 Айдар Нуралиев

- Адам баласынын басып өткөн жолундагы эң таттуу эсте кала турган учуру болуп балалык кез эсептелет. Адам баласынын балалык кези менен кийинки жашоо турмушу тыкыс байланышта болот. Бала кезде урушуп талашуунун курчоосунда өткөн бала өксүк болуу коркунучу болот. Кудайга шүгүр деп айтат элем менин балалык кезим ойдогудай өттү, - дейт ЖКнын депутаты Айнуру Алтыбаева "Факты.kg" гезитине берген маегинде. Үйдүн ...

0 1017

"Чыпалак баатыр": “Гулнур Сатылганованы жакшы көрүп калдым” 

Видео 04-ноябрь 2019, 14:51 Айдар Нуралиев

“Мен мындан ары Гулнур Сатылганова ырчы эжеми өтө сыйлап калдым. Ага башымды ийип таазим кыламын. Ал өнөрдү терең түшүнгөн, ар бир нерсени өз убагында так, туура сезип, баалай билген айым экен. Жүрөгү кыргыз деп соккон баатыр эжемди бир күнү үйгө чайга чакырып сыйлаймын”, -деген пикирин билдирди NazarNews.kg маалымат агенттигине жакында эле өзүн “Күчмен” деп атаган “Чыпалак баатыр” каймана аттуу ...

0 602

Айгерим Саматова: "Шоу чөйрөдө ордуңду табыш үчүн көп акча керек"

02-ноябрь 2019, 14:11 Айдар Нуралиев

Азыр интернетти ачсаң, социалдык тармактар аркылуу тараган вайндардан башың адашат. Вайн - кыскача тартылган күлкүлүү окуялар, тасмалар. Кыргыз жаштарынын изденип жатканын, улам жаңы идеяларды таап, жаңычылдык менен вайн, скетчтерди тартып жатканы кубандырбай койбойт. Дал ушул кыскача күлкүлүү тасмалар аркылуу калкка таанылган жаш актрисалардын бири Айгерим Саматова. Айгерим студент кезинде эле атактуулукка жеткен актрисалардын бири. Ийгилик ага кантип жылмайган жана ...

0 533

Табылды Акеров: "Президент Жээнбеков жумшак мамиле кылып жаткандыктан, Абылгазиев өтө бактылуу премьер болуп жатат"

01-ноябрь 2019, 17:45 Айдар Нуралиев

Саясат талдоочу, тарых илимдеринин кандидаты Табылды Акеров Кыргызстандагы азыркы абалды, өкмөт, оллигархтар жана "Коопсуз шаар" долбоору тууралуу "Жаңы Ордо" гезитине маек куруп берди - Табылды мырза, Кыргызстандагы бүгүнкү абалды бир ооз менен кандай баамдай аласыз? Туура жолдо баратабызбы? - Албетте, Сооронбай Жээнбеков бийликке келгенден бери өлкөнү кайрадан демократия жолуна алып келүү боюнча бир топ чаралар көрүлдү. Өлкө турукташуу жолуна ...

0 338

Айжан Чаначева, "Кыргызстан сулуусу-2019" сынагынын жеңүүчүсү: "Азырынча жигиттер менен сүйлөшкүм келбейт"

31-октябрь 2019, 12:33 Айдар Нуралиев

Өткөн апталарда Маданият, маалымат жана туризм  министрлигинин колдоосу менен "Кыргызстан сулуусу-2019" сынагы өткөрүлдү. Ал сынактын жыйынтыгында Нарын облусунун атынан чыккан 21 жаштагы Айжан Чаначева жеңүүчү аталган. Эми ал "Дүйнө сулуусу" сынагына катышат. "АЗИЯnews" гезити Айжан менен маек курду.  - Айжан, алгач үй-бүлөң тууралуу токтолсоң, ата-энең кайсы чөйрөдө иштешет? - Атам чакан ишкерлик менен алектенет. Апам болсо туризм тармагында, конок ...

0 225

Турсунбек Акун: "3%ды сунуштаган партлидерлер мандат сатып, капчыгын акчага толтурууну көздөп жатышат..."

30-октябрь 2019, 15:06 Айдар Нуралиев

Экс-акыйкатчы Турсунбек Акун "Майдан.kg" гезитине алдыда боло турган курултай жана шйлоо боюнча маек куруп берген. - Турсунбек мыра, күзүндө болоору алдын-ала айтылган Элдик курултайдын кезектеги жыйыны эмнеге 21-декабрга белгиленди? -  21-декабрга жылгандыгынын бирден-бир себеби - биротоло жылды жыйынтыктоо максатын көздөйт. Анын үстүнө, Кой-Таштагы окуяны иликтеген коомдук комиссиянын иши да жыйынтыкталсын деген ойдо болдук. Анткени, курултайда аталган комиссиянын да жыйынтыгы ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
1 1528

Жылдыз Жолдошева: "Коррупционерлерди каматпай, кустуруш керек"

30-октябрь 2019, 11:25 Айдар Нуралиев

Экс-депутат Жылдыз Жолдошева азыркы убактагы коррупционерлердин акча төлөө менен жазадан кутулуп жатканы тууралуу "Майдан.kg" гезитине маек куруп берди. - Жылдыз эже, Унааларды каттоо жана айдоочулукка күбөлүк берүү департаментинин Бишкектеги башкармалыгынын башчысы Насирбек Алмаматов ири суммадагы пара алганы үчүн 12 жарым жылга кесилип, бирок 3 миллион 300 миң сом айып пул төлөгөнү үчүн эркиндикке чыкканы маалым болду. Коррупционерлер айып төлөсө ...

0 246

Калдарбек Баймуратов: "Үйдө урушту көбүнчө мен баштайм..."

25-октябрь 2019, 12:51 Айдар Нуралиев

Жогорку Кеңештин депутаты Калдарбек Баймуратов менен "De-Факто" гезити саясаттан алыс, эркектерге тиешелүү темалар менен маек курду. - Калдарбек Шакирович, «Жигиттин сөзү өлгөнчө, өзү өлсүн» деп коюшат, Сиз жигитче берген сөзүңүзгө турасызбы? - Албетте. Айтылган сөз - атылган ок да. Сөз берсем аны аткарганга болгон аракетти жумшайм. Анткен менен кээде турмуш-шартка, кырдаалга байланыштуу айтылган сөздөрдүн айрымдары аткарылбай калган учур болот. Бирок, ...

0 3476

Самара Каримова: " Гимн ырдалганда 6 миңден ашык адам ордунан туруп ыйлап жатышты...”

25-октябрь 2019, 10:32 Айдар Нуралиев

Кыргыз ырчыларынан эң алгачкы болуп Кремлде  жеке концерт берген Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримованын 23-октябрда Москва шаарындагы Кремль сарайында өткөргөн жеке концерти жогорку деңгээлде аншлаг менен ийгиликтүү өттү. Концерт  тууралуу ырчы менен маек курдук.  - Саламатсызбы! Кремлде дүңгүрөтүп жеке концерт койдуңуз? Концерт  кандай өттү? - Саламатсыздарбы, "Nazarnews" маалымат агентигинин жалпы жамааты! Концерттен кийин акыбыл сурап, жакшы маалымат ...

0 827

Тынчтык Шайназаров: «Мыйзамды урганым жок, мамлекетиңди урганым жок...»

25-октябрь 2019, 09:21 Айдар Нуралиев

"Өнүгү-Прогресс" фракциясынан ЖК депутаты Тынчтык Шайназаров "Азияnews" гезитине ИИМдин акыркы учурда иштеп жаткан абалы тууралуу маек куруп берди. - Тынчтык Ураимович, кесиптешиңиз Жанар Акаев Бишкектеги «Мадина» кафесинин ээсинин мыкаачылык менен өлтүрүлүшүн мисалга тартып, «криминал баш көтөрө баштады» дегендей пикир айтты. Сиз бул пикирге кошуласызбы? - Ар бир кылмышты «көзөмөлдөн чыгуу» деп таанысак болот. Ички иштер министрлиги, атайын кызматтын кээ ...

0 155

Кожобек Рыспаев: "Профсоюз уюму мафиянын туу чокусуна жетиптир"

24-октябрь 2019, 15:11 Айдар Нуралиев

ЖК депутаты Кожобек Рыспаев азыркы профсоюздун иштеп жаткан иштери боюнча "Азияnews" гезитине маек куруп берди. - Кожобек мырза, профсоюз уюмунун ишин текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлгөнү жатат. Бул мекемеде кандай калпыстык иштер бар экен? - Профсоюз бирикмеси негизи аябагандай коррупциянын очогуна айланган, эл нааразылыгын арбыткан мекемеге айланды. Булардын иши менен мурдараак түзүлгөн жумушчу топ иштеп жатат, Демилгечилер улам мыйзам алып ...

0 208

Ишенбай Кадырбеков: "Шайлоодо 9 пайыздык чек коркунучтуу... Аягы төңкөрүшкө алып барат"

24-октябрь 2019, 11:59 Айдар Нуралиев

Келээрки жылдагы парламенттик шайлоого 9%дык босого туурасында коомдук ишкер Ишенбай Кадырбеков менен "Азия news" гезити маек курду. - Келээрки жылдагы парламенттик шайлоого болгон 9%дык босого ушул бойдон калчудайбы же өзгөрүүлөр күтүлөбү? - Өзгөрүүгө мумкүнчүлук дайым бар. Бүгүнкү бул чечимди кабыл алабыз (!) деп жаткандар түшүнүшү зарыл. Ачар бийликти менчиктештирип албашы керек. Биринчиден, Баш мыйзамда жазылган шайлоочулардын укугун сыйлашы шарт. 9%дык босогонун ...

0 244

Каныбек Осмоналиев: "Кыргызстанда убагында Жек Лондон сүрөттөп жазган "Алтын лихорадкасы" башталды!"

24-октябрь 2019, 09:17 Айдар Нуралиев

Билим берүү тармагын ийне жибине чейин билген профессор Каныбек Осмоналиевди кепке тартып, билимди экспорттоонун оң жана терс жактары тууралуу "Майдан kg" гезитине маек курду. - Каныбек агай, акыркы мезгилде Кыргызстандан медицина тармагы боюнча билим алгандардын саны көбөйө баштады. Билимди экспорттоп, акча тапканыбыздын келечекте мамлекетке кедергиси тие турган терс жагы жокпу? - Билим берүү кызматын экспорттоо - бул ар кандай өлкөнүн ...

0 161

Санжар Ибраимов: "Жыл башынан бери өлкөбүздө 461 митинг өттү..."

23-октябрь 2019, 18:12 Айдар Нуралиев

ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Санжар Ибраимов "Майдан kg" гезитине жыл башынан бери өлкөбүздө иш чаралар жана митинг тууралуу маек куруп берди. -Санжар мырза, айтсаңыз, үстүбүздөгү жылдын 9 айында республика аймагында эл аралык жана масштабдуу бир топ иш-чаралар өткүрүлдү. Бул иш-чараларды өткөрүү учурунда милиция кызматкерлери тарабынан кандай аракеттер көрүлдү? -   Айта кетсек, эл аралык денгээлдеги коомдук-саясий, ...

0 740

Жамбыл Камчиев: "Жубайым толук эркиндик берген үчүн мен Жамбыл болдум"

22-октябрь 2019, 16:03 Айдар Нуралиев

Жакында эле белгилуу куудул агабыз Жамбыл Камчиев 37 жылдан бери түтүн булатып жашап келе жаткан, турмуштун оош-кыйышын бирге көргөн өмүрлүк жары Буусара Асанованы жоготуп, кабыргасы кайышып турат. Элибизге "өзү өлсө дагы сөзү өлбөйт" деген жакшы кеп бар. Андыктан Буусара эжебизди эскерип, ал тууралуу жолдошу Жамбыл Камчиев  “Леди KG”  гезитине маек куруп берди. -Жамбыл агай, жубайыңыздын ыйманы саламат болсун! Кайгыңызды ...

0 2877

СҮРӨТ - Турдакун Усубалиевдин раритет унаасы кимге буйруду?

26-октябрь 2019, 11:00 Айдар Нуралиев

Кечээ, 20-октябрда Кочкор районунда Турдакун Усубалиевдин алгачкы унаасы “Бадырак” фирмасынын жетекчиси Өмүралиев Бакай Асылбековичке  берилди. Унаа 43 жылдан бери айдалбай Абдылдаев Жуманасырдын гаражында турган. Бул илгерки унаа көпчүлүктүн кызыгын арттырып, талашка түшкөн. Ошого карабастан унаанын ээси райондук бизнесменге берүүнү чечкен. Раритет унааны белек кылган Жуманасыр Абдылдаев менен маек курдук: - Жуманасыр Буларович, Турдакун Усубалиевдин алгачкы унаасы сиздин колуңузга кандайча ...

0 332

Ангелина Гагарина:"Башкаларды шыктандырам деген максатыма жеттим"

19-октябрь 2019, 18:57 Айдар Нуралиев

"Кыргызстан сулуусу-2019" сынагына катышып, вице-мисс наамын утуп алган , 19 жаштагы Ангелина Гагарина башынан өткөргөн кыйынчылык күндөрү жана "Кыргызстан сулуусу-2019" сынагына катышуусу тууралуу "Леди KG" гезитине айтып берди. "Бийлегенге муундарым чоюлуп калды деп ойлогом" - 2011-жылдын жай айына чейин менден өткөн бактылуу адам жок эле. Ата-энемдин сүйүктүү кызы, жалгыз эжемдин сүйкүмдүү сиңдисимин. Апам мени кичинемден бийге берип, "Ак кайың" ...

0 402

Назира Жетигенова: "Куудулдарга карата айтылган сындарга кошула да, каршы да чыга албайм"

19-октябрь 2019, 15:27 Кызгалдак Жакыпова

Белгилүү алып баруучу, куудул Назира Жетигенова келе жаткан ноябарь айында боло турган концерт боюнча "Фабула"  эксклюзивдүү маек куруп берди. Ноябрь айынын башында  «Алина»  тобу концерт бергени жатыпсыздар, сөзүбүздү ушул  концерт  туурасында баштасак. -  Ооба, «Алина тобуна -25 жыл» деген аталыш менен 5-6-ноябрда Бишкек шаарыбызда чоң программадагы концерт бергени жатабыз. Концертти «Алина» тобунун кийинки мүчөлөрү болгон Фарида Карбосова, Мирлан, Нурлан ...

0 572

Келдибек менен Жамбылбек

19-октябрь 2019, 11:53 Кызгалдак Жакыпова

- Жамбылбек, кээде дөөдүрөп сүйлөгөнүң  төп келип калган убактар болчу эле. Делбектеп президент болом деп кол чогултуп жүрдүң. Депутат болом деп алдамчыларга аябай алданып мыш болдуң. Иши кылып чоң саясатка аралашам деп аябай эле салпактадың. «Таздар» партиясын түзөм дедиң эле, аныңдан дайын жок. Иши кылып куудулдар арасында саясатка аралашкан сөрөй катары бир-эки суроого жооп бер? Кийинки кездерде убактылуу өкмөтчүлөр камалып ...

19-октябрь 2019, 11:53 | 572
0 1110

Элнар Дайыр:"Интернетке тараган видеодон кийин тойлорго чакыруулар көбөйө баштады...

19-октябрь 2019, 10:35 Кызгалдак Жакыпова

Тойдо «Суунун боюнда, сени күтөмүн» деп чачты ары-бери силкип ырдаган кичинекей Элнар аттуу жигит канча күндөн бери интернет айдыңында абдан популярдуу болуп жаткан учуру. Жаш таланттын өзгөчө бийи, кыймыл-аракети миңдеген адамдардын алкоосуна татып, айрым телеканалдар мейманга да чакырганга үлгүрүштү. Таланттуу жеткинчек менен "Фабула" гезити да баарлашкан. - Элнар, интернетке тараган видеодон кийин күйөрмандарың көбөйдүбү? Атактуу болгон кандай экен? - ...

0 265

Дастан Бекешов:"Мен эч качан Алмазбек Шаршеновичке жаман айткан жокмун"

19-октябрь 2019, 09:12 Кызгалдак Жакыпова

-Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова Батукаевдин иши боюнча экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берди. Бирок, Салянова буга чейин Атамбаев ага эч кандай көрсөтмө бербегенин айтып келген? Буга эмне себеп болду деп ойлойсуз? -Ооба, Аида Жеңишбековна Батукаевдин иши боюнча Атамбаевге каршы көрсөтмө берди. Эми, бул жерде Аида айым өзүнө ыңгайлап көрсөтмө берүүдө. Ал анын укугу. Тергөө иши жүрүп жатканда көрсөтмө ...

0 645

Айчүрөк Иманалиева: "Үй-бүлөм үчүн өзүмдү курмандыкка көп чалам"

18-октябрь 2019, 15:06 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, сахна жылдызы Айчүрөк Иманалиева “Жаңы Ордо” гезитине акыркы жаңылыктарынан бөлүшүп эксклюзивдүү интервью берди. — Арыбаңыз Айчүрөк эже! Маданият ааламында жүргөнүңүзгө отуз жылдан ашып калды. Ошондон бери өчпөй, жыл сайын популярдуулугуңузду жоготпой, сактап келесиз. Мунун да сыры болсо керек? — Ырахмат, бар болуңуз! Ким кай кесипти аркалабасын, өмүр өткөнчө ошол сүйгөн кесибинин аркасынан баар табат. ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 304

Исхак Масалиев: "Журт атасы" деген кызмат орду эмес

18-октябрь 2019, 09:22 Кызгалдак Жакыпова

- Исхак Абсаматович, мэрди шаардык кеңештин депутаттары эмес, түз шайлоо сунушу көтөрүлүп жатат. Буга кандай карайсыз? - Бул маселеде менин пикирим башкачараак. Ачык эле айтайын, бизде улуттук маселе деген түшүнүк бар. Айрыкча түштүктө. Эртең шайлоо болгондо, улуттар арасында кандайдыр бир талаш болуп кетиши мүмкүн. Ошого жеткирбеш үчүн азыркы жол - мэрди депутаттар шайлаганы туура. Ал эми түз шайлоо системасын киргизе турган ...

0 385

Бакыт Төрөбаев: "Өзүбүз жергиликтүү дыйкандарды колдобосок, чет элдик компанияларга көз каранды боло беребиз"

17-октябрь 2019, 18:06 Айдар Нуралиев

- Бакыт Эргешович, бул тармактагы адис катары кандай деп ойлойсуз, ун кымбатташы мүмкүнбү? - Биздин ун базардын 95 пайызын казак компаниялары тейлеп, көзөмөлдөйт. Баа боюнча дагы, көлөм, сапаты боюнча дагы. Биздин жергиликтүү тегирмендер иштебей жатат, алардын уну да, буудайы да жок. Демек, казак компаниялары каалаган баасын коёт. Өзүбүздүн жергиликтүү дыйкандарды колдобосок, биз дайыма чет элдик компанияларга көз каранды боло беребиз. - Антимонопололиялык комитет ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83