www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маек
0 78

Марлен Маматалиев: "Бизге Орусиянын же батыштын саясатын колдоо ультиматуму коюлуп жаткандай"

22-ноябрь 2019, 17:20 Айдар Нуралиев

- Кыргызстанга автоунааларды киргизүүдө бажы төлөмдөрүнө жеңилдик берүү суранычын ЕАЭБ четке какты, эми жаңы жылдан тарта баягы автоунаалардын баасы 5 эсеге кымбаттайт. ЕАЭБге кирип эмне пайда таптык? - Кыргызстан ЕАЭБ эркин соода чөлкөмүнө киргенде, элге жалаң жакшы жактары айтылган. Эсиңиздерде болсо, күйүүчү май арзандай турганын, эгер биз ЕАБЭге кирбесек күйүүчү майга болгон баа көтөрүлөөрү айтылган. Экинчиден, четте иштеп ...

0 122

Борбо кызы Рабия, табып: "Табыпчылык менен көзү ачыктын айырмасы чоң"

22-ноябрь 2019, 16:53 Айдар Нуралиев

Жыйырма алты жылдан бери табыпчылык менен алектенип, тамыр кармап бейтаптарга шыпаа берген Рабия айым менен маек. - Рабия айым, канча жылдан бери табыпчылык менен алектенип келесиз? - 1995-жылдан баштап ооруган адамдарды көрө баштадым. Ошондон бери түрдүү оорулууларга шыпаа берип, колдон келишинче сыркоолордун оорудан сакайып кетишине жардам берип келем. Эл көрүп, табыпчылык менен алектенгениме быйыл жыйырма алты жыл болуп ...

0 129

Мыктыбек Абдылдаев, ЖК депутаты: "Мыйзамдын нормаларын иретке келтирүү керек"

22-ноябрь 2019, 16:24 Айдар Нуралиев

- Жергиликтүү депутат жогорку билимдүү болушу шартпы? - Конституциянын нормасына ылайык, ар бир жаран 21 жаштан шайлоого талапкер катары катыша алат жана шайлай алат. Маселен, биз Жогорку Кеңештин депутаты жогорку билимдүү болушу шарт деп жазып жатабыз. Бирок, 18 жашында мектепти бүтсө, 21 жашында 3-курсту окуп жаткан болот. Бул маселени сессияда бир эмес, бир нече жолу көтөрүп, мыйзамдын нормаларын ...

0 165

Нурлан Насиптин эжеси Элзада: Нурлан мурда сырдашым болсо, эми чыгармачылыгымдагы колдоочум болду"

22-ноябрь 2019, 09:43 Айдар Нуралиев

Нурлан Насип элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон шоу-бизнес өкүлү. Жакында бул мырзанын бир тууган эжеси да ырчылык дүйнөсүнө кадам таштады. Дал ушул Элзада айымга ийгилик каалап, өзү, иниси тууралуу азыноолак кеп курдук, - деп жазып чыкты "Леди.kg" гезити. - Элзада, ырдоо өзүңүздүн кыялыңыз беле же буга иниңиздин кандайдыр бир таасири тийдиби? - Ырчылык менин балалык кыялым болчу. Окуучулук кезде мектеп, ...

0 131

Замир Айылчиев, дипломат: "Түркиядагы ишкерлердин, мигранттардын көйгөйлөрү, үндөрү жогору жакка жетпей келет"

21-ноябрь 2019, 15:03 Айдар Нуралиев

- Замир мырза, Түркиянын Стамбул шаарындагы Кыргызстандын башкы консулдугу кызматын аткарып жаткан Эркин Сопоковдун иши чырлуу аяктады. Ал орунга талапкерлигиңди сунуштап жаткан экенсиң. Ал жактагы көйгөйлөрдү чечүүгө кандай идеялар бар? - Бул кечээ, же бүгүн эле жаралган идея эмес. Мурда Түркияда беш жылга жакын эл аралык компанияларда иштегем. Кесибим боюнча дипломатмын. Кыргызстандын мигранттарынын көйгөйүн жонтерим менен түшүнөм. Ал жактагы көптөгөн ...

0 178

Таабалды Тиллаев, ЖК депутаты: "Биздин өкмөт уктап калган..."

21-ноябрь 2019, 14:22 Айдар Нуралиев

- Таабалды мырза, «УКМКда жоголду» деп чуу болуп аткан 200 миң доллардын жоголбогону, ал мамлекетке өткөрүлүп берилгени расмий айтылды. Анда эмнеге ушул маалымат 3-4 күндөн бери эми айтылып жатат деп ойлойсуз? - Мекеме 20-ноябрда расмий маалымат таратты: «Эч кандай 200 миң доллар тергөө маалында жоголгон жок» дешти. Бирок, туура, 2-3 күндөн бери бул маселе укмуш чуу салып, элдин ...

0 132

Шухрат Сабиров, антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору: "Баалар кескин өсчү болсо, тиешелүү чараларды көрөбүз"

21-ноябрь 2019, 13:37 Айдар Нуралиев

- Шухрат Маматалиевич, акыркы кездерде товарлардын кээ бир түрлөрүнө баалар өскөнү байкалууда. Мунун себеби эмнеден? - Товарлардын баасы сезонго, инфляцияга жараша кээде кымбаттап, кээде арзандап турат. Биз базар экономикасынын шартында жашап жатабыз да. Акыркы кездерде көмүрдүн баасы бир аз кымбаттады. Мунун себеби, кар жаап, көмүр ташыган унаалардын чыгымдары көбөйдү. Ундун баасы да бир аз өстү. Анткени, бизде өндүрүлгөн буудайдын ...

0 99

Алмазбек Токторов: "Казактар жок контрабанданы шылтоолошуп, депутат Дамирбек Асылбек уулун ак жеринен камашкан"

21-ноябрь 2019, 13:10 Айдар Нуралиев

- Алмазбек Сатиевич, Казакстанда соттолгон экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстанга экстрадицияланып, Жогорку сот Алматы сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырды. Бул чечим боюнча сиздин оюңуз кандай? - Казактар тарабынан Дамирбек Асылбек уулуна туура эмес чечим болгон. Өзү контрабанда деген жок нерсе. Юридически жок. Азыр чек аралар ачылган, бажылык досмотр деген жок. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда товарлар, кызмат көрсөтүүлөр, жумушчу күчү эркин ...

0 186

Таалайбек Масабиров, ЖК депутаты: "Букмекерлер ачылып, казинолор азыр деле иштеп атышат"

21-ноябрь 2019, 12:40 Айдар Нуралиев

- Таалайбек мырза, депутат Примов «казинолорду кайра ачалы, бюджетке акча түшөт» деп чыкты. Казинолордон казынага канча каражат түшөт? - Казино - кумар оюну. 2011-жылы кумар оюндары катары казинолордун жабылышын талап кылышып, атайын мыйзам кабыл алынган. Анткени, кумардын залакасы бир нече үй-бүлөлөргө тийди, өмүрлөр кыйылды, кылмыштар көбөйүп кеткен. Иштеп турган кезде бул тармактан «жылына 500 млн. сомго чейин казынага ...

0 148

Нурбек Тотонов: "Айылдык кеңеш депутаттарынан жогорку билимди талап кылсак, коррупцияга жол ачабыз"

21-ноябрь 2019, 12:28 Айдар Нуралиев

- Кыргызстан Бажы биримдигине киргенине 5 жыл болду. Кандай пайда көрдүк? - Биримдиктин пайда-зыяны тууралуу сөз кылуута али эрте да. Мен депутат болуп келгенге чейин ишкерчилик кылчумун. Дайыма өз оюмду айтып келгем. Кыргызстан тогуз эшикти жаап, бир эшикти ачтык. - Мааниси эмне? - Мааниси: бир топ мамлекеттер менен соода-сатык алакаларыбыз бар эле. Айрымдары менен мурунку бийликтин убагында ...

0 133

Кенжебек Бокоев: "Аким отчетту бир эле өкмөт башчыга эмес, элге, же жергиликтүү кеңештин депутаттарына да берсин"

21-ноябрь 2019, 12:01 Айдар Нуралиев

- Кенжебек Сатымкулович, акимдер тууралуу мыйзам долбоору парламентте аябай чоң талкууну жаратты. Бул боюнча сиздин позицияңыз кандай? - Бул жерде Конституциянын багытына, салык, бюджет жөнүндөгү кодекстерге жана бир топ атайын мыйзамдарга каршы келген нормалар сунушталууда. Мындайча айтканда, демилгечилер акимдерди текшерүүчү, мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүчү орган кылып коюшмакчы. Мыйзамда «мамлекеттик көзөмөл» деген түшүнүк жок. Жергиликтүү кеңеш эки жолу айыл өкмөтүн ...

0 72

Манас Саматов, фермер: “Бажы биримдигине каршы чыкканыбыз туура экенин турмуш өзү көргөзүп койду”

21-ноябрь 2019, 11:49 Айдар Нуралиев

Манас аке менен дыйканчылык боюнча азыноолак маектештик. Бу киши башынан эле «фермермин» деп келет. Айыл чарбасында эмгектенген мыкты адистин бири. Кант кызылчасы болсун, же багбанчылык, айтор, иштин көзүн билген адис. Учурда фермерлердин абалын, деги эле айыл чарба абалы, Бажы биримдигинин биздин экономикабызга, анын ичинде айыл чарбасына тийгизген таасири тууралуу айтып берди. – Манас аке, Кыргызстанда фермерлик абал кантип атат?

0 370

Тынчтык Шайназаров, ЖК депутаты: "Бакыт Төрөбаев президентти мактаса, мен да колдойм"

21-ноябрь 2019, 11:42 Айдар Нуралиев

- Тынчтык мырза, Евразиялык экономикалык комиссия кеңеши Кыргызстандын өкмөтүнүн автоунааларга бажы төлөмдөрү үчүн жеңилдикти узартуу сунушун колдогон жок. Муну айрымдар ЕАЭБдин диктатурасы катары кабылдап жатышат. Сиздин оюңуз кандай? - «ЕАЭБдин диктатурасы» дегенибиз бир аз копол сөз. Бизге жеңилдик катары үч жылдык мөөнөт берилген. Биз ал мөөнөттү колдондук. Анан эми ар бир мамлекет өзүнүн экономикасынын өсүшүнө, өндүрүшүнүн алдыга жылышына ...

0 296

Аалы Карашев: "Коррупция менен соттолгондордун кайра кызматка дайындалганга моралдык укугу жок"

21-ноябрь 2019, 11:24 Айдар Нуралиев

- Аалы Азимович, мыйзамга жергиликтүү кеңештерге жогорку билими барлар гана шайлана аларын белгилеген норманы киргизүү сунушталууда. Укуктук жагынан алганда бул туурабы? - Бир жагынан туура. «Жергиликтүү кеңештердин деңгээли көтөрүлсүн, сапаттуу болсун» деген ой турат. Бирок, ошол эле мезгилде «жалаң эле жогорку билимдүүлөр шайлансын» дегенге мен каршымын. Биздин Конституцияда «ар бир адам шайлоого жана шайланууга укуктуу» деп жазылып турат. ...

0 144

Акылбек Усупбаев: "Биздин жогорку чиновниктер жалганчы фирмаларды коргоп жатышат"

21-ноябрь 2019, 11:05 Айдар Нуралиев

- Тармактык маркетингдердин «Здоров» аттуу бетмайлары сиздин атыңыздан реклама болуп жүрөт. Бейтаптар буга ишенээр-ишенбесин билбей, бизге кайрылышты... - Бул «Здоров» деген бетмайды жайылткандар интернеттен чыгып жатат. Орусиянын фирмалары экен. Биздин мамлекетте врачтар дарыларды каалагандай реклама кылганга акысы жок. Бизде клиникалык протокол деп коёт, дартка жараша белгиленген дарылар бар. Мунун баарын жайылткандар - алдамчылар. Орусия, Украина ж.б. өлкөлөрдөн бизге ...

0 167

Каныбек Осмоналиев, коомдук ишмер: “Коопсуздук маселесин биротоло кытайларга өткөрүп бердик”

21-ноябрь 2019, 10:58 Айдар Нуралиев

Нuman Rights Watch уюму Кытайдын Кыргызстанга орнотулган кишинин жүзүн аныктоочу камералары тууралуу расмий билдирүү таратты. Анда «Коомдун, жол кыймылынын коопсуздугу деген себеп менен Кыргызстанга орнотулуп жаткан жүздү аныктоочу санариптик система жергиликтүү элдин жеке маалыматын чогултуп, топтоп жатат. Ал маалыматтарды андан ары эмне кылары белгисиз. Кыргызстан калкынын жеке жана башка маалыматы кантип чогултулуп, кайда сакталат жана кимге берилет – бул ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 360

Бабановдон көңүлү калбаган Ташиев кайра биригеби?

21-ноябрь 2019, 10:43 Айдар Нуралиев

– Камчыбек мырза, көрүнбөй кеттиңиз. Кээ бир саясатчылар эмитен шайлоого кам көрүп башташканы байкалууда… – Өзүңүз жакшы билгендей, биз саясаттын босогосун жаңыдан аттап аткан же алды-артын ойлобогон алабарман саясатчылардан эмеспиз. Ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, балын да таттык, жакшылыгын, жаманын да көрдүк дегендей. Биз Кудай кааласа шайлоого даярбыз. «Чабал өрдөк мурда учат» дегендей, эрте эле чуркап даярданып алуу оюбузда жок. ...

0 325

Эркингүл Иманкожоева, экс-депутат: "Атамбаев мындай билдирүүнү камала электе айтса болмок"

21-ноябрь 2019, 08:30 Айдар Нуралиев

- Атамбаевдин: "Мага каалаган мөөнөтүн беришсин, бирок башкалар бошотулсун" деген талабына көз карашыңыз? - деп суроо салган "Майдан.kg" гезити. - Атамбаевдин бул кайрылуусу кеч болуп калды. Мындай билдирүүнү камала электе айтышы керек эле. Тергөөдөн качпай, болгонун, болбогонун ошондо айтса болмок. Эми болбой калды, тарапташтары да жасаган иштерин айта баштады. Алар да мойнуна алды көп нерселерди. Булак: NazarNews.kg  

0 217

Алманбет Шыкмаматов, ЖК депутаты: "Атамбаев ал адатты унутушу керек"

20-ноябрь 2019, 18:37 Айдар Нуралиев

- Атамбаевдин: "Мага каалаган мөөнөтүн беришсин, бирок башкалар бошотулсун" деген талабына көз карашыңыз? - деп суроо салган "Майдан.kg" гезити. - Ал маселени сот мыйзамдын гана талабына ылайык чечиши керек. Президент Жээнбековдун да, экс-президент Атамбаевдин да сотко кийлигишүүсү мыйзамдуулукка карама-каршы келет. Атамбаев өзү сотторго жеке буйрук берип, каалагандай өкүм чыгартчу. Ал адатты унутуш керек, толук кандуу мамлекет курабыз десек. Булак: ...

0 165

Уран Рыскулов, укук коргоочу: "Арзан шоу"

20-ноябрь 2019, 18:34 Айдар Нуралиев

- Атамбаевдин: "Мага каалаган мөөнөтүн беришсин, бирок башкалар бошотулсун" деген талабына көз карашыңыз? - деп суроо салган "Майдан.kg" гезити. - Бул саясий шоу. Атамбаев өзү түзгөн системанын курмандыгы болду. Тарапташтарын коргомуш болуп, "мени кама" дегени арзан шоу болуп калды. Башкача айтканда, өзүн жакшы көрсөтүштүн жолу десек болот. Булак: NazarNews.kg    

0 140

Ыргалай Бекмуратова, "Мээр жазы" уюмунун башчысы: "Атамбаевдин кайрылуусу эске алынса, мыйзамды бузган болобуз"

20-ноябрь 2019, 18:27 Айдар Нуралиев

- Атамбаевдин: "Мага каалаган мөөнөтүн беришсин, бирок башкалар бошотулсун" деген талабына көз карашыңыз? - деп суроо салган "Майдан.kg" гезити. - Анын кайрылуусун эске алынса, мыйзамды бузган болобуз. Ким кылмыш кылса ошол адам мойну менен тартыш керек. Эгерде Атамбаевдин жалгыз күнөөнү мойнуна алып калгандарды бошотсо, баардык элдер эле кылмышты жасап алып бир байкушка шылтап кылмыштуулук күч алып, бей бечаралардын шору ...

0 180

Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер: "Атамбаев бир жыл мурда ушуну айтып чыкса, салмактуу угулмак"

20-ноябрь 2019, 18:24 Айдар Нуралиев

- Атамбаевдин: "Мага каалаган мөөнөтүн беришсин, бирок башкалар бошотулсун" деген талабына көз карашыңыз? - деп суроо салган "Майдан.kg" гезити. - Эске ала тургандай деле кайрылуу эмес го дейм, учурлаштыгы жок, маанисин жоготуп койгон да эбак эле мындай сөз. Бир жыл мурда айтып чыкса болмок, салмактуу угулмак.  Булак: NazarNews.kg  

0 513

Адил Турдукулов, жарандык активист: "Атамбаев активдүү саясатчы экенин көрсөттү"

20-ноябрь 2019, 18:07 Айдар Нуралиев

- Атамбаевдин: "Мага каалаган мөөнөтүн беришсин, бирок башкалар бошотулсун" деген талабына көз карашыңыз? - деп суроо салган "Майдан.kg" гезити. - Бул кайрылуусу менен Атамбаев саясаттан кетпегенин, камакта болсо дагы активдүү саясатчы экенин көрсөтүп жатат. Ошондой эле саясий күрөшкө даяр экенин да билгизет. "Мени камап, менден башкаларын чыгаргыла" дегени тарапташтарына "сынбагыла, мен дагы деле бийликке сес көрсөтөм, аягына чейин күрөшөм"- ...

0 83

Нурадин Рустамбек уулу, Азия чемпиону: "Финалга чыккычакты абдан оор болду"

20-ноябрь 2019, 18:03 Айдар Нуралиев

11-ноябрдан 17-ноябрга чейин Монголиянын борбор калаасы Улан-Батордо болуп өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатынан биздин спортчулар ийгиликтүү кайтып келишти. Бул таймашта 18 жаштагы Нурадин Рустамбек уулу 69 кг салмакта Азия чемпиону болуп баарыбызды кубантты. Ал төрт мушкер менен бет келишип финалдык беттешүүдө Өзбекстандан барган Нурислом Исмаиловду, болгондо да учурдагы Азия чемпионун утуп алган. 19-ноябрда эртең мененки саат 9.30да Улан-Батор-Бишкек багытындагы ...

0 216

Камчыбек Ташиев, Улуттук бокс федерациясынын вице-президенти: "Биздин мамлекетте чоң майрам"

20-ноябрь 2019, 17:54 Айдар Нуралиев

11-ноябрдан 17-ноябрга чейин Монголиянын борбор калаасы Улан-Батордо болуп өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатынан биздин спортчулар ийгиликтүү кайтып келишти. Бул таймашта 18 жаштагы Нурадин Рустамбек уулу 69 кг салмакта Азия чемпиону болуп баарыбызды кубантты. Ал төрт мушкер менен бет келишип финалдык беттешүүдө Өзбекстандан барган Нурислом Исмаиловду, болгондо да учурдагы Азия чемпионун утуп алган. 19-ноябрда эртең мененки саат 9.30да Улан-Батор-Бишкек багытындагы ...

0 100

Абдыкулова Дарика, Нурадин Рустамбек уулунун апасы: "Эненин жүрөгү назик болот экен"

20-ноябрь 2019, 17:50 Айдар Нуралиев

11-ноябрдан 17-ноябрга чейин Монголиянын борбор калаасы Улан-Батордо болуп өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатынан биздин спортчулар ийгиликтүү кайтып келишти. Бул таймашта 18 жаштагы Нурадин Рустамбек уулу 69 кг салмакта Азия чемпиону болуп баарыбызды кубантты. Ал төрт мушкер менен бет келишип финалдык беттешүүдө Өзбекстандан барган Нурислом Исмаиловду, болгондо да учурдагы Азия чемпионун утуп алган. 19-ноябрда эртең мененки саат 9.30да Улан-Батор-Бишкек багытындагы ...

0 237

Советбек Урманбетов, белгилүү обончу: «Мажүрүм талды» 20 мүнөттө жазгам”

Видео 20-ноябрь 2019, 15:46 Айдар Нуралиев

«Мажүрүм тал жапжаш элең» же «Сабакка баруучу жолуңан тосоюн” деп баарыбызды ырдатып, сыздатып келген обончу Советбек Урманбетов учурда Бишкекте өзүнүн «Фольксфаген-пассаты” менен эл ташып, такси кызматын көрсөтөт экен. Биз ал кишиге жолугуп, маек курдук, - деп жазып чыкты "Багыт.kg" гезити. —Советбек байке, “Мажүрүм талды” көпчүлүк билген менен, сиздин таржымалды билгендер аз. Өзүңүз жөнүндө айтып бериңизчи. —Мен Жети-Өгүздүн Саруу деген ...

0 553

Бекболот Талгарбеков: "Кыргыз элинде экинчи Атамбаевдей адам туулбасын!"

20-ноябрь 2019, 18:05 Айдар Нуралиев

- Атамбаевдин: "Мага каалаган мөөнөтүн беришсин, бирок башкалар бошотулсун" деген талабына көз карашыңыз? - деп суроо салган "Майдан.kg" гезити. Бекболот Талгарбеков, экс-министр: "Алмазбек Атамбаев түрмөдөн сабак албаптыр" - УКМКнын СИЗОсунда күн өткөрүп жаткан мурдагы президент кеңири убакыттан пайдаланып, өткөн-кеткен окуяларды терең талдап, керектүү жыйынтыктарды чыгарат го деген үмүт бар эле. Бирок, тилекке каршы, Атамбаев эч өзгөрбөптүр. Кой-Таш кайгылуу ...

0 231

Шаирбек Маматокторов, медиа-эксперт: "Атамбаевден бийлик эмес, өзү дайындаган айыл өкмөтү да коркпой калган"

20-ноябрь 2019, 13:51 Айдар Нуралиев

- Атамбаевдин: "мага каалаган мөөнөтүн беришсин, бирок башкалар бошотулсун" деген талабына көз карашыңыз? - Атамбаевдин минтип айтканы - курулай эрдемсенгени гана катары түшүнсө болот. Ал, азыркы бийликке ультиматум койгонго моралдык укугу да, реалдуу мүмкүнчүлүгү да жок. Себеби, кимдир бирөөгө ультиматум койуу үчүн, бир нерсеге же факторго таянып туруп шарт койуу керек. Ал фактор кандай болушу мүмкүн? Биринчи, ири мамкызматтарда, ...

0 220

Азиз Канатбек, эксперт: "Шайлоо босогосу 9%дык чекте калтырылышы керек..."

20-ноябрь 2019, 12:15 Айдар Нуралиев

Шайлоо алдында саясатчылар шайлоо босогосун 5%га, ал турмак 3%га чейин азайтуу боюнча талкууну башташты. Бирок мындай өзгөртүү мамбашкаруунун бардык системасына тобокелчилик жаратат. Эмнеге Жогорку Кеңешке шайлоонун 9 пайыздык босого чегин жок дегенде бир шайлоодо сынап көрүү керектигин саясий жана юридикалык илимдердин достору Азиз Канатбек айтып берди, - деп жазып чыкты "Майдан.kg" гезити. - Мен БШКнын мүчөсү болуп турганымда шайлоолорду ...

0 184

Ырысбек Өмүрзаков, журналист: "Кийинки чакырылышта деле баягы эле "калың бет", калың капчыктуулар келет..."

20-ноябрь 2019, 12:03 Айдар Нуралиев

- Агамбаевдин акыркы билдирүүсү ынанымдуу эле болдубу же саясий шоу болуп калдыбы? - "Мени канча жыл камасаңар да, менин тарапташтарымды бошоткула», - деген Атамбаевтин билдирүүсүн бийлик эске ала турган болсо, Атамбаевтин тарапташтарын бийлик өзү кыйла көбөйтөт. Тескерисинче, Атамбаевдин ушундай билдирүүсүн тараткан адамдарын камаш керек. Анткени, Атамбаев ансыз деле түрмөдөн эле тарапташтарын башкарып жатканын жашыра албайбыз. Андай билдирүүсү менен ...

0 137

Урмат Усенов: “Кандай гана кызматта иштебейин, эл арасында болом”

20-ноябрь 2019, 11:01 Айдар Нуралиев

Урмат Усенов кыргыз шоу дүйнөсүндө орду бар инсан экени жалпыбызга маалым. Учурда ал Маданият министринин кеңешчиси кызматына келип, кыргыз маданиятынын өнүгүүсүндө алгылыктуу иштерди аткаруу алдында турат. “Буюрса, министр менен биргеликте алдыга карай өнүгүү пландарын коюп жатабыз. Маданиятыбыздын мыкты деңгээлге чыгышына болгон күч-аракетибизди жумшайбыз” деген каарманыбыздын эми мамлекеттик кызматкер статусунда берген маегине ортоктош болуңуздар, - деп жазып чыкты "Леди.kg" гезити.

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 243

Айнуру Алтыбаева, ЖК депутаты: "Насвай сатууга таптакыр тыюу салынышы мүмкүн"

16-ноябрь 2019, 14:47 Айдар Нуралиев

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева насвай, тамеки тартууга бөгөт коюу боюнча мыйзам долбоорун сунуш кылып жатат. Ошол боюнча кеңири маек курдук, - деп жазып чыкты "Ачык саясат" гезити. - Айнуру айым, тамеки, насвай боюнча жаңы мыйзам долбоорун жазып, сунуштап жатасыздар. Ошол мыйзам боюнча элге жеткиликтүү кылып түшүндүрүп берсеңиз? - Биздин жаңы мыйзам долбоорубуздун негизги концепциясы - элибиздин ден ...

0 612

Жыргалбек Турускулов, ЖК депутаты: "Эл бизди парламенттен чыгып кеткиле, тарагыла" десе тарап кетишибиз керек"

16-ноябрь 2019, 14:24 Айдар Нуралиев

- Убагында шайлоо босогосун 9 пайыз көтөрүү маселесин колдогондордун көпчүлүгү бүгүн каршы добуш берип, шайлоо босогосун төмөндөтүү керектигин айтып жатышат го? - Бул коомдун талабы. Туура, убагында биз дагы шайлоо босогосун 9 пайызга көтөрүү маселесин колдогонбуз. Шайлоо жакындаган сайын кайчы пикирлер жаралып, шайтлоо босогосун төмөндөтүү маселеси көтөрүлүп жатат. Эл шайлоодогу чекти 9 пайыздан 3 пайызга түшүрүү керек дей ...

0 182

Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: “Биздин “Коопсуз шаар” долбоорунда кемчиликтер көп…”

16-ноябрь 2019, 14:16 Айдар Нуралиев

– Марлен мырза, Грузияга барып, үлгү алчу тажрыйбаларын үйрөнүп кайтыпсыз… – Грузия акыркы убакта баардык мамиледе алдыга озуп чыкты. Иш сапар менен ал жакка барып, бирдиктүү операциялык борбор жана кайгуул полициясынын кызматтык тейлөөсү менен таанышып келдим. Депутат кесиптештер менен жолугуштум. Мекенге кайткандан соң, айрым алган тажрыйбаларды колдонуп, биздин өкмөткө сунуштарды киргизип, Жогорку Кеңеште маселе көтөргөнү турам. Биз толугу менен ...

0 252

Салтанат Максатбек кызы, актриса: “Актриса болом деп эч качан ойлогон эмесмин”

16-ноябрь 2019, 13:36 Айдар Нуралиев

Экран жүзүн көргөн «Келинка» сериалы көрөрмандар тарабынан жылуу кабыл алынып, үй-бүлөлүк тасмага айлана баштады. Ар бир сериясын качан чыгат экен деп күткөн күйөрмандарынын саны күн санап көбөйүүдө. Сериалдын режиссеру Эльдар Турдумамбетов, продюсери Мирлан Даанышман. Бүгүн сериалдын баш каармандарынын бири келиндин образын кенен ачып бергенге аракет кылган жаш актриса Салтанат Максатбек кызы менен жакындан тааныштырабыз, - деп жазып чыкты "Де-Факто" ...

0 270

Бактыбек Райымкулов, ЖК депутаты: “Ташиев туура эмес айтты, аны теледебатка чакырдым”

14-ноябрь 2019, 12:33 Айдар Нуралиев

– Бактыбек мырза, өткөнкү сандардагы маегиңизде «Ата Журт» партиясынын шайлоого баруу мүмкүнчүлүгү тууралуу пикириңизге партиянын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев ачууга алдыруу менен жооп берди. Андан кийин сиз кайра аны дебатка чакырдыңыз. Түшүнбөстүк ким тараптан болуп жатат? – «Азия Ньюс» гезитинин журналистине «Республика» менен «Ата Журттун» шайлоого барар шансы кандай?» деген суроосуна жооп катары мен «Ата Журттун» шансын айта албайм, шайлоого ...

0 206

Динара Аляева: "Онкологиялык оорусу бар балдарга камкордук көрүлбөй калды"

14-ноябрь 2019, 12:31 Айдар Нуралиев

- Динара айым, балдар онкологиясындагы 35 млн. сомдук дары жетишсиздиги тууралуу айтып чыктың. Бийликтен камкордук көрүлүп жатабы? - Дары-дармек көйгөйү ар убак болуп келген. Учурда да курч маселелердин бири. Бирок, тилекке каршы, өкмөт дагы, министрлик дагы эсеп-кысап менен оорулуу балдарга камкордук көргөн жери жок. Мисалы, балдардын онкологиялык ооруларына болгон дары жетишсиздиги депутаттардын капарларына да келбейт. Онкологиялык ооруларга чалдыккан ...

0 311

Кенжебек Бокоев, ЖК депутаты: “ОПГ бийликке согуш жарыялаганга жакын калды”

14-ноябрь 2019, 12:00 Айдар Нуралиев

- Кенжебек мырза, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө иш жүрбөй жатканын айтып, өкмөттү сындап жатасыз. Кайсы маселеде нааразысыз? – Депутаттар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн биздин мамлекетте жана биздин мамлекеттен тышкары жерлердеги киши өлтүрүүгө катышкан окуяларды көтөрүп жатышат. Мен ойлойм, бул маселени парламентте атайын маселе кылып киргизип, кароо керек. Биз 5-чакырылышта уюшкан кылмыштуулукка каршы аёосуз күрөшүү жөнүндө мыйзам кабыл алганбыз. Бир ...

0 167

Расул Умбеталиев, электр энергиясы боюнча эксперт: “Ош, Жалал-Абадда күнүнө 50-60 айылда электр энергиясы өчүрүлүүдө”

14-ноябрь 2019, 11:49 Айдар Нуралиев

– Кыш жакындап, суук түшө баштаганда Кыргызстанда электр энергиясын үнөмдөө максатында лимит киргизилди. Кыргызстандагы жети облустагы өкмөттүн өкүлдөрү электр кубатына киргизилген лимиттин сакталышын катуу көзөмөлгө алганы билинүүдө. Мунун кандай кесепеттери бар? – 2019-жылы 16-октябрда өкмөт өзүнүн токтому менен лимит киргизди. Ар бир облус, аймактарга, шаарларга, айылдарга ар башкача лимит кирди. Лимит – бул түздөн-түз чектөө. Нанга, унга мындай жок ...

0 460

Гүлжайна Атаканова: "Турмуш куруп, экинчи ирет эне болгум келет"

14-ноябрь 2019, 09:54 Айдар Нуралиев

8-ноябрда ырчы, алпаруучу Гүлжайна чыгармачылыкка аралашканынын он жылдыгын белгиледи. Концерт аншлаг менен өтүп, өзгөчөлүк катары ырчынын ата-энесине арнаган ыры, устаты Рахман Разыковго тартуулаган күлүгү болду, - деп жазып чыкты "Леди.kg" гезити. - Гүлжайна, концертиңиз аншлаг менен өтөт деп ойлодуңуз беле? - Концертим жогорку деңгээлде өтсүн деп күнү-түнү уктабай даярдандым. Эл жакшы келерине ишенип тургам, бирок залга батпай туруп көрүшөт деп ...

0 179

Өлкөдөгү көзгө басар пластикалык хирургдардын бири Султан Тукешов менен маек...

13-ноябрь 2019, 18:04 Айдар Нуралиев

Султан Тукешов өлкөдөгү көзгө басар пластикалык хирургдардын бири. Он жылдан ашуун убакыттан бери ал адамдардын сырткы келбетине оңдоп-түзөө киргизип келет. Бир күндө бир нече операцияны башынан өткөргөн хирург эмне себептен бул тармакты тандап алганын төмөндө айтып берди. - Султан Конокбекович, сейрек кездешүүчү кесипти тандоого сизге ким түрткү болду эле? Мен Ысык-Көлдүн Тоң районунан болом. Көбү ата-энеңдин жолун жолдодуңбу ...

0 230

Табылды Акеров: “Чыңгыз Айтматов Осмоновго Е. Примаков Ю. Абдрахмановдун баласы деп айткан экен”

11-ноябрь 2019, 13:38 Айдар Нуралиев

– Сиз кыргыз саясатчылары жөнүндө көп окуяларды билсеңиз керек. Ошолордон бирин айтып бербейсизби? – Азыркылар жөнүндө айтсам, заказдай болуп калат го. Бул маек 7-ноябрь майрамына туш келип жатпайбы. Ошого карата Ю. Абдрахмановдун тегерегинде айтылып жүргөн сырлардын бирине токтоло кетейин. Балким, кимдир бирөөлөр изилдеп, тактап чыгаар. Мен «Кыргызалтында» иштеген кезде, Курманбек Осмонов деген аксакал менен иштешип калдым. Өзү Москва районунун ...

0 690

Клара Алибекова: "Эгер көңүлүмө жигит жагып, назарым түшүп калса, анда чын жүрөгүмдөн кабыл алам..."

11-ноябрь 2019, 12:45 Айдар Нуралиев

“Биринчи жана акыркы жолу” деген гезитибизде рубрика бар.  “Кыргызымдын жигиттерин” катыра ырдап, эл оозуна алынган Клара Алибекова карындашыбызды кепке тарттык, - деп жазат "АЗИЯnews" гезити. -- Биринчи жолу мектеп босогосун аттаганың эсиңдеби? -- Мектептик форма-фартук кийип, чачыма чоң ак бантик байлап мектепке жетелеп барышкан. Элдин баары бантигиме суктанып, кийин кыздардын баары меникиндей бантты сатып алышкан болчу. -- Биринчи жолу тамак ...

0 230

Турсунбай Бакир уулу, экс-депутат: "Бизде да коррупционерлерди кытайдай же ислам өлкөлөрдөгүдөй жазалаш керек!

08-ноябрь 2019, 10:35 Айдар Нуралиев

- Турсунбай мырза, бийлик Илмияновду камагандай неге башкаларды жазалай албай жатат. Илмиянов Атамбаевдин кадры болгон үчүн запкы тартып жаткан жокпу? - Сооронбай Жээнбековго чейин президенттер өзүнө караштуу адамдарды камабай, жалаң бөлөк партиядагы, өзүнө жат адамдарды камачу. Эми ажо кечээги эле досторун жана партиялаштарын каматып, ага чейинки президент камагандарды четинен бошотуп жатат. Менимче, бул кыйла адилеттүү болууда. - Коррупция менен ...

0 2466

Бильярд клубдун жанында аёсуз сабалган абышканын иниси: "Мени коргойм деген укук коргоочум ушундай кадамга барып жатса..."

Видео 07-ноябрь 2019, 16:57 Аман Аскаров

30-октябрга караган түнү Бишкектин Түштүк магистраль менен Тынчтык проспектисинин кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 60 жаштагы күзөт кызматкерин ошол үйдө жайгашкан “Паво” бильярд клубунун кардарлары сабап салган.  Ошол убакта “NazarNews” маалымат агенттиги жабырлануучунун бир тууган иниси Руслан Ботокановго байланышып, окуя тууралуу маалымат алган. Руслан Ботоканов агасы 4-шаардык ооруканасында жатканын жана аны сабагандар издөөгө алынганын айтып берген. Кызыгы, аны сабагандардын ...

0 199

Замирбек Нуров, блогер: "Биз Сингапурга жетүү үчүн адамдык капиталды чыңдайлы"

07-ноябрь 2019, 13:58 Айдар Нуралиев

- Замирбек, Кыргызстан менен Сингапурга жакшы салыштыруу айттың... - Маалымат чогултуп, изилдөө жүргүзүп, анализ кылып, анан бир нерсе айтса болот. Кыргызстандын территориясы 199 951 кв/км. Элдин саны 6 млн. адам. Калктын ички дүң продукциясы 2500 доллар. Бизнес жүргүзүү боюнча 67-орундабыз (189 өлкө боюнча). Адамзаттык өнүгүү индекси 0.622 (125-орунда) Ал эми Сингапурдун территориясы 719 кв/км. Элдин саны 5,5 млн. ...

0 307

"Бажа-гейттен" кийин Абылгазиевдин жакындары кайрадан бийликти уят кылышты

07-ноябрь 2019, 14:08 Айдар Нуралиев

Өкмөт аппаратында иштеген аткаминерди жана экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрага орун басарын «пара алды» деп айыптаган ишкер Эмир Эмилканов ачыкка чыкты. Видео аркылуу чыккан билдирүүсүндө ал өмүрүнөн кооптонуп турганын белгилеп, Бакыт Калмуратов менен Эмил Жамгырчиев андан акча алганын ачык эле айтып чыкты. Бирок,«өрдөк эти» деген ат менен таанылган иштин экинчи тарабы айыптоолорду, ишкердин айткандарын төгүндөп жатат. Экономикалык ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 248

Эмил Үмөталиев, Kyrgyz Concept компаниясынын негиздөөчүсү: "ЕАЭБге киришибиздин айынан көп кыйынчылыктар күтүлөт"

07-ноябрь 2019, 13:01 Айдар Нуралиев

- Акыркы убактарда 2020-жылдан тарта автоунаалар гана кымбаттабай, 160 аталыштагы товарлардын баасы көтөрүлөрү тууралуу да айтылууда. ЕАЭБге киришибиздин өйдө-төмөнү тууралуу кандай пикирдесиз? - Мен «ЕАЭБге киребиз» дегенден бери эле пайдасына көзүм жетпей, факторлордун, мисалдардын жана ой жүгүртүүлөрдүн баары көбүрөөк зыян алып келерин далилдер менен бөлүшүп келгем. Андан бери он жылдай убакыт өттү. Ошондон бери массалык маалымат каражаттарына ачык ...

0 252

Максат Сабиров, ЖК депутаты: "Көп партия келип алып, парламентте кырылышып отурса да жаман"

07-ноябрь 2019, 12:44 Айдар Нуралиев

- Максат Эсенович, уран, торий чыккан жерлерди иштетүүгө байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндөгү мыйзам долбоору парламентте чоң талаш-тартышты пайда кылды. Кандай дейсиз, биосфералык аймактарда дегеле кендерди иштетүүгө тыюу салыш керекпи, же кээ бир депутаттар айткандай, радиоактивдүү кендерге гана тыюу салып, калгандарына уруксат бериш керекпи? - Бизде корголгон аймактар бар да. Ал жерде экологияга зыян келтире турган эч кандай өндүрүш ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83