www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маек
0 2227

Эдил Байсалов: "Балдардын каны менен келишип, ошол антты бузушкан, мобулардын уурулугу жүз эсе жийиркеничтүү "

Коомдук ишмер Эдил Байсалов менен байланышып, Албек Ибраимов жана иши кыскарды деп көп талкууга жем таштаган Молдомуса Конгантиев тууралуу суроолорубузга жооп алдык. – Эдил мырза, Албек Ибраимов ишиндеги кетирген катачылыгы үчүн кызматынан алындыбы же Атамбаевдин кадры болгон үчүн мэрликти таштап кетүүгө аргасыз болдубу? – Мурунку президенттердин – үйбүлө-кландык башкаруу учурунда мамлекеттик бийлик президенттин аялы, балдары, бир туугандарына бөлүштүрүлүп, энчиленип берилсе, Атамбаев бийликти ...

0 1533

Исмаил Исаков, экс-депутат, генерал: “Атамбаев өзү башкы режиссёр, актёр, башкы сценарист болду”

Кыргыз армиясынын абалын, аскерлер жөнүндө мыйзамды жакшы билген экс-депутат, генерал Исмаил Исаковду кепке тартып, жалган документ менен “Ооган согушунун катышуучусу, афганец” болуп алып, мамлекеттин бюджетине зыян келтирди деген сөздөргө жооп алууга аракет кылдык. - Исмаил Исакович, сиз аскер адамдарынын турмушун, жашоосун, алар тууралуу жазылган мыйзамдары жакшы билесиз. Коомдо жаман тенденция башталып, акыркы убакта “150дөн ашык аскер адамы жалган документ менен афганец ...

0 1639

Адиль Турдукулов: Жээнбековдун КСДП партиясын басып алууга муктаждыгы деле жок

— Адиль, сен экс-президент Атамбаевдин жанында жүрүп калбадыңбы. Азыр партиялаштары “Атамбаевсиз КСДП” деген ураан менен Атамбаевди КСДПдан чыгаруу аракетин күчөтүп жатат. Алар КСДПнын лидери болгон Атамбаевди партиядан чыгара алышабы? — КСДП Кыргыз жаңы тарыхындагы эң тажрыйбалуу партиялардын бири. Башында 1993- жылы бийликтин долбоору болуп, анан кайрадан оппозицияга ооп, башынан көп нерсени өткөрдү. Ошол кыйчалыш жолдо партияны алдыга жылдырган адам сөзсүз түрдө партиянын анабашы ...

0 943

Айбек Мырза: "Атамбаев менен Отунбаевага бериле турган суроолор көп"

— Айбек, күздө курултай өткөзүп президент С. Жээнбековдон отчёт алабыз деп атасыңар. Курултайга Жээнбеков макул болуп келеби? — Президентибиз Сооронбай Шариповичтин “Мен элге таянам” деген сөзү бар. Элге таянам деген киши элге отчёт бере билиш керек. Менимче Сооронбай Жээнбеков курултайга келип, элдин алдында жасаган иши боюнча отчёт берүүдөн качпайт. Туруктуу элдик кеңеш (ТЭК) С. Жээнбековго күзгө чейин Кумтөрдүн тегерегиндеги ызы-чууга, Дача- СУда кулаган кандуу жүктүн ...

0 3995

Сабыр Жапаров, Садыр Жапаровдун бир тууган агасы: «Атамбаевдин бийлиги Садырды сындыра албагандан кийин биротоло жок кылабыз деп ойлоду окшойт»

Сабыр Жапаров, Садыр Жапаровдун бир тууган агасы: «Атамбаевдин бийлиги Садырды сындыра албагандан кийин биротоло жок кылабыз деп ойлоду окшойт» — Сабыр байке, кандай жүрөсүз? Мурункудай кысым болбой калдыбы? Камактагы иниңиз Садыр Жапаровдун ден-соолугу кандай? — Күнүмдүк тиричилик деп жүрөбүз да. Жапаровдордун үй-бүлөсүнө болгон мурункудай кысым жок. Садырга кирип чыгып атам. Ден-соолугу жакшы. — Садырга темир тордун артындагы кысым токтогонбу? — Азыр эч жактан кысым жок. Кудайга шүгүр, баары жакшы ...

0 1072

Төрөбай Зулпукаров: "Эшек бизнесин мага жабыштыргандар бактысыз, байкуш адамдар"

– Төрөбай мырза, көптөн бери ЖМКларда түштүктөгү эшек бизнеси сизге тиешелүү катары жазылып келет. Ушул боюнча жооп берип койсоңуз болобу? -Ар бир жамандоого көңүл буруп отура берсең да болбойт экен. Каралоого алган байкуштарга боорум ооруйт. Биринчиден, жалган жалааны таркатышып, чоң күнөө жасап жатышат. Экинчиден, алар бул дүйнөдө түбөлүк жашашпайт да, убагы келгенде Кудайдын алдында абалдары өтө оорлошот… – Эшек сатып алып, минип ...

0 738

Жылдызбек Турганов, апрель жана июнь окуясынын катышуучусу: “Мээрбек баатыр болгондо бирөөлөрдүн айтканын сүйлөп, адамдардын сөзүн ташымак эмес”

12-июль 2018, 11:01 Кызгалдак Жакыпова

- Учурда бир учурда “хит” болуп андан кийин “ит” болгон Мээрбек Мискенбаевди дебатка чакырган экенсиз, ал жооп бердиби? - Ооба, М.Мискенбаевди дебатка чакырганым чын. Бирок, интернеттеги баракчасы аркылуу кайрылсам жооп бербей жатат. - Аны кандай максатта дебатка чакырып жаттыңыз эле? - Ал өзүн баатыр көрсөтүп жатпайбы, бирок кыргыз элинин баары баатыр. Апрель жана июнь окуясына катышкандардын баары эр жүрөк жигиттер. Эмне бир ...

0 796

Туратбек Мадылбеков: “Туйгуналы айткандай Атамбаевге коюлган диагноз чын болуп, камайын десеңер справкасын сууруп чыкса - эмне кыла аласыңар?”

Эригип суу жээгинде отурсак экс-депутат Туратбек Мадылбеков байке келип калса болобу. Аркы беркини кеп салышып отурдук. Ошо көп кептин ичинен, өзү менен макулдашып жаздырып алган, азыркы коомчулук тарабынан кызуу талкууга алынып жаткан маселелер боюнча берилген эки соболубузду элге чыгарып коюуну эп көрдүк. - Туратбек байке азыркы бийликтин коррупцияга каршы күрөшү тууралуу кандай ойдосуз? Саясый куугунтук дегенге кандай карайсыз? - Саясый куугунтук болуш ...

0 579

Гүлмира Шакирова: Реформалар сындалуусуз жүрбөйт

Реформалар сындалуусуз жүрбөйт Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыздандыруу департаментинин ишмердүүлүгү жана бүгүнкү күндө аткарып жаткан иштери жөнүндө биздин суроолорго департаменттин башкы директору Гүлмира Шакирова жооп берди. – Гүлмира Абидиновна, учурда  департаменттин  дарегине айтыла калып жаткан айрым сынпикирлерге сиздин көз карашыңыз кандай? – Өлкөбүздө чейрек кылымдан бери өнүгүп келе жаткан демократиянын чоң жетишкендиктеринин бири – бул ...

0 1387

Кеңешбек Дүйшөбаев, УКМКнын мурунку төрагасы: «Атамбаев элге берген антын, жакшы жашоо келсе экен деп жанын берген балдардын максаттарын, эрдигин акча үчүн сатты»

07-июль 2018, 14:20 Кызгалдак Жакыпова

-Кеңешбек Асанбекович, сиз курал менен бийликти басып алууга даярдык көргөн деп айыпталып, азыр соттук процесси жүрүп жаткан Канатбек Исаевди коргоо комитетинде иш жүргүзүп келатасыз. Өткөн жумада райондук соттук процессте Исаевге козголгон кылмыш иштеринин бири кыскарды. Соттун бул чечими сиздерге Канатбек Исаев толук акталып чыгат деген үмүттү жандырдыбы? — Канатбек Исаевдин тарапташтары, колдоочулары соттун мындай чечимине ыраазы болдук. Биз башынан эле мурунку бийлик ...

0 2550

Ташболот Түлеев, Нариман Түлеевдин атасы:“Атамбаевдин учурундагыдай башаламандык мурда эч качан болгон эмес!”

20-июнь 2018, 17:19 Айдар Нуралиев

Акыркы кездерде Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевге карата атамбаевдик бийликтин тушунда чыгарылган сот чечимдеринин тегерегинде кайрадан талкуу башталды. Буга бир чети атамбаевдик чөйрөнүн Түлеевге каршы үстөккөбосток малыматтык чабуул коюп, каралоосу себеп болууда. Бир катар күбөлөр, эксперттер, юристтер Түлеевдин өзүн камакка алуу, соттоо, мүлктөрүн тартып алуу ал кездеги ажо А.Атамбаевдин түздөн-түз буйругу менен жасалганын тастыкташты. Башкача айтканда, Түлеев АШАга тизелеп барып, кечирим ...

0 1166

Сабыр Муканбетов: "АШАчылар коррупцияны кайрадан гүлдөтүп, жыргал турмуштарын улантууну көздөп жатышат"

13-июнь 2018, 15:58 Айдар Нуралиев

Сабыр байке, бүгүнкү маекти коррупциялык иштер боюнча камакка алууларга бурайын деп турам. Буга чейин коомчулук коорупция менен болгон күрөштөргө ичи чыкпай, “майда-бечек, ортозаарлар камалууда, акулаларга тиш сала албай жатат” дешип жаны бийликти сындап келгенин билесиз. Эми минтип мурунку премьер-министр Сапар Исаков, Бажынын мурунку жетекчиси Кубанычбек Кулматов, депутат Осмонбек Артыкбаевдер камакка алынса “саясый куугунтук” деп чыккандар болууда. Коомдогу пикирлер тууралуу ой ...

0 4653

Нуржигит Кадырбеков, акын: "Эч качан өзүмдү акылдуу, кыйын ойлогон эмесмин"

12-июнь 2018, 12:31 Айдар Нуралиев

Нуржигит Кадырбеков. “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун жетекчиси, акын, жазуучу. Көкүрөгүндө чыгармачылык уялаган мырза менен кызыктуу маек. -Кайсы мезгил, кайсыдоор болбосун адамдын эсине түшкөндө ууртуна жылмаюу сүрткөн мезгил балалык эмеспи. Сиздин балалык оюңузга алгач эмнени салат? -Балалык дегенде чоң атам менен чоң энем эсиме түшөт. Алар тууралуу “Ант” деген романымда баяндап жазгам. Үйлөрүбүз эки бөлөк болсо да, бир короодо эле. Кышта эртең ...

0 1019

Турсунбек Акун: “Президенттерди ачуу сөздөр менен сындадым, демократиянын өнүгүшүнө да салым коштум!”

06-июнь 2018, 14:00 Айдар Нуралиев

- Турсунбек мырза, Садыр Жапаров жабырлануучусу жок эле камалганы баарыбызга белгилүү. Ал тургай, Садыр Жапаровго каршы көрсөтмөнү да күч органдары ур-тепки менен алышканы ачыкка чыкты. Жогорку сот адилеттүү чечим чыгара алабы? - Негизи Садыр Жапаров саясаттын курмандыгы болгонун, күнөөсү далилденбесе дагы, жабырлануучу жок болсо да камакка алынганын элдин баары билет. Ал тургай, анын көрсөтмөсү менен барымтага алынды деген Эмилбек Каптагаев да ...

0 8454

Камчыбек Ташиев: “Жалал-Абаддагы мэр шайлоодо талапкерлердин бирине да жардам бербейм”

06-июнь 2018, 11:35 Айдар Нуралиев

Жакында, так айтканда – үстүбүздөгү жылдын 11-июнунда Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо болот. Учурда бул кызматка бир эле “Ата-Журт” партиясы эки талапкер чыгарган. Бири шаардык кеңештин төрагасы Муратаалы Тагаев, экинчиси Шаирбек Ташиев. Мына ушул жагдайдан улам биз Камчыбек Ташиевге байланышсак, тоодо эс алып жүргөнүн айтып, суроолорубузга капыл-топул жооп берди. - Саламатсызбы, Камчыбек Кыдыршаевич? Сизге Жалал-Абад мэрин шайлоо боюнча суроолорубуз бар эле, кайдасыз? - ...

0 1347

Дүйшөн Керимов: «Кыргызды Кытай кредити улуу күчкө бириктирет…»

02-июнь 2018, 14:58 Гүлжан Шерипбаева

— Дүйшөн агай, интернет булактарында жана эл арасында “КСДПчылар революция жасаганга даярданып жатышабы?” ж. б.у.с. ой-пикирлер жаандан кийинки козу-карындардай эле жайнап кетти. Өзүңүз эл арасында жүрөсүз, буга ой-жүйөөңүз кандай? — Кыска айтсак, КСДП деп тергеп отурбай эле Алмаз Атамбаевдин өзүн айта берели, 2010-жылкы кандуу-булоон революциядан кийин, ошондогу өздөрүн революция жол башчылары деп аташкан “14 оёндун” ичинен дал ушул Атамбаевди колдоп-жолдоп макалалар серияларын жазган элем. ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 9850

Зарылбек Рысалиев, ЖК депутаты: Мен Батукаевди бошотуу үчүн кимдер канча акча алгандарын билем

02-июнь 2018, 13:06 Гүлжан Шерипбаева

-Зарылбек Кылычбекович, башкы прокурор парламентте отчет берип жатканда сиз Азис Батукаевдин маселесин көтөрүп, “Мен браттарымды сотко берип, ар бирине 100 млн. сомдон доо коёюн деп жүрөм…” деп айттыңыз. Ушул боюнча кенен айтып берсеңиз?.. – Мен бул маселени көтөргөнүмдүн себеби, жөнү бар. Мына азыркы кезге чейин кылмышкер Азис Батукаевдин абактан чыгып кетиши боюнча ар түрдүү сөздөр токтой элек. Жакында эле Феликс Кулов ...

0 2029

Азамат Байматов, “Кайрымдуу бол” фондунун негиздөөчүсү: «Кайдыгерликти жойбосок оңолуунун айкын жолуна түшө албайбыз»

30-май 2018, 20:28 Айдар Нуралиев

Өткөн жумада ушул фонддун жүзөгө ашырган иштери тууралуу баяндама бергенбиз. Ошондон кийин ар кайсы аймактардан түркүн суроолор менен редакцияга кайрылгандар көп болду. Ошондуктан башкы каарманыбыздан эксклюзив маек алууну туура көрдүк. Анда эмесе ошол чын дилден айтылган кептерге орун берели. Окурмандар өздөрү мунун жыйынтыгына баасын беришсин. — Анда эмесе баарлашуубузду баштайлы. Оболу өзүңдүн таржымалыңа бираз токтоло кетсең? Андан кийин качан, эмнеден улам фонд ...

0 2363

Равшан Жээнбеков: «Атамбаев Жээнбековдун алдына кечирим сурап барбайт»

28-май 2018, 13:11 Айдар Нуралиев

— Бул парламенттин Алмазбек Атамбаевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн кол тийбестигин алып салууга духу жетеби? — Эгерде парламенттин өз эркине коё турган болсок, Атамбаевдин иммунитетин алганга кудурети жетет. Атамбаевге таарынгандары көп, анын командасынын ичинде болсо да буга чейин бугун чыгара албай, кыйналып жүргөндөр толтура. Азыркы саясий абал булардын баарына таасир берет. — Добушту түшүнбөй калып берип коюптурбуз деген КСДП депутаттары чыгып жатпайбы? — Алар Атамбаевдин арты менен ...

0 1970

Камчыбек Ташиев: «Орозодон кийин айтчу сөздөр көбөйүп кетти…»

28-май 2018, 10:39 Айдар Нуралиев

-Камчыке, Алмазбек Шаршенович тарабынан сизге сунуш түшкөнү кеп болууда. Эмне мааниде? Мындай маалыматтардын чын-бышыгын тактап койбойсузбу? – Мага эч кимден эч кандай сунуш түшкөн жок. Бул боюнча сунуш болушу да мүмкүн эмес. Мен андай маалыматтарды төгүнгө чыгарам. Бирдемени жазарда кичине кайрылып, тактап коюш керек да. Биз азыркы президентибиз Сооронбай Шариповичти колдогонбуз жана алдыда да колдойбуз. Бул кишинин мамлекеттин түйшүгүн көтөрүүдөгү ишине тоскоол ...

0 3055

ВИДЕО - Мирбек Атабеков: айрым ырчылардын жүрүм-турумуна зээним кейийт

Видео 26-май 2018, 13:44 Жазгүл Урманбетова

Мирбек Атабеков деген ысым узун элдин учу менен калың элдин кыйырына жетти деп айтсам ашыкча болбос. Себеби он жылдан ашык убакыттан бери кыргыз эстрадасында ордун жоготпой келет. Ооба, мага чейин деле нечендеген журналситтер маек алган. Бирок Атабеков баарлашуунун соңунда "сизге ачык жооп бердим" деди. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Мирбек Атабеков менен маек куруп, белгилүү болуп жаткан "Мурас" ырынын тарыхы, чыгармачылыгы, үй-бүлөсү ...

0 1385

Айбек Султанкулов, 7-апрель баатыры: "Саясий буйрутма менен камалгандар, саясий чечим менен бошотулушу керек"

    nazarnews.kg сайты "Ата Мекен" партиясынын белдүү мүчөсү, 7-апрель баатыры Айбек Султанкулов менен ат жалында маектешип, айрым кызыккан суроолорго жооп алдык. -Айбек мырза, негизи саясый өңүттө камоого мыйзам жол бербейт. Бирок, Атамбаев мына ошондой нерселерди жасоодон бошогон жок. Же кыргыз президентине башка мамлекеттер кийлигишип, ошондой нерселерди жасоого мажбурладыбы?   -Атамбаев Кыргызстанда мамлекеттик- мафиялык режим орнотту. Ашанын мафиясы бүтүндөй мамлекеттик бийлик органдарын анын ичинде күч түзүмдөрүн, ...

0 2882

Турсунбек Акун, экс-акыйкатчы, коомдук ишмер: “Сооронбай Жээнбеков Атамбаевдин өйдө-ылдый сөздөрүнө териккен жок, анын туура эмес иштеринен ирээнжиди”

19-май 2018, 10:42 Айдар Нуралиев

- Турсунбек мырза, Сапар Исаков “саясый куугунтук башталды, мен саясаттын курмандыгы болуп жатам”- деген ойду ачык айта баштады. Сооронбай Жээнбеков Атамбаев баскан жол менен кетип жаткан жокпу? - Азыр Сооронбай Шарипович саясый куугунтук менен эмес, мамлекетти Атамбаевдин татыксыз кадрларынан тазалоонун аракетин көрүп жатат. Ал саясый куугунтук кылбайт. Эгер Сооронбай Шарипович кыска ойлонгон, жеке кызыкчылыгын жогору койгон адам болсо, буларды эбак эле ...

0 1194

ВИДЕО - Актер, ырчы Макс Мырза кайсы сулууга ашык болду?

Видео 21-май 2018, 12:16 Кызгалдак Жакыпова

Ырчылыкта бир аз тыныгуу жасап кайра жаңы ырларды жаздырып, жаздын деми менен жанданып иштеп баштаган Макс Мырза буга чейин эч бир ырчы кыз менен дует ырдаган эмес. «Сулууга» деген ырды репертуарына кошконуна караганда кайсы сулууга ашык болуп калды экен деп, ырчынын өзүнө байланышканыбызда бул атайын бир теле долбоорго дует катары Үмүтай Абдышева менен аткарганы белгилүү болду. Белгилей кетсек«Сулууга» деген ...

0 1470

Күлүйпа Жумабекова элдик дарыгер, кыл тамырчы: “Эмчек рагы сезгенүүдөн, эмчекти чоочутуп алуудан, бойдон алдыруудан, жатындагы инфекциядан пайда болот”

Элдик дарыгер, айыккыс дарттарга даба тапкан, көп элдин сообуна калып, онтогон ооруудан айыктырган Күлүйпа эже менен жылдан жылга жашарып бараткан эмчек рагы жана аялдар көп кабылып жаткан жатын рагы, жатындын түшүп кетиши жана анын кесепеттери, кант диабетинин себептери  тууралуу сүйлөштүк. - Акыркы мезгилде аялдар көп кабылып, жылдан жылга жашарып бараткан  эмчек рагы көпчүлүк учурда  чоочутуп алуудан  же байкабай турганда  муздак суу ...

0 2803

Турсунбек Акун, экс-акыйкатчы: “Сооронбай Жээнбеков Атамбаевдин кылган иштеринен ирээнжип ушундай кадамдарга барууга аргасыз болду

  «Nazarnews.kg” сайты Турсунбек Акун менен мамлекетибиздеги орун алып жаткан жагдайлар боюнча жана мурунку жана азыркы президенттердин ортосундагы мамиленин курчушу тууралуу баарлашып, айрым суроолорго жооп алдык.  -Турсунбек  мырза, Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы мамиле чындап эле курчуп баратабы  же экөөнүн тирешкенин каалаган күчтөр түрдүү боёк сүртүп, кырдаалды татаалдаштыруунун айланасында ушундай иштер орун алып  жатабы? -Чынында мурунку жана азыркы президенттердин мамилеси курчуп, кыл ...

0 1974

Мукар Чолпонбаев: "Оңой акчага ээ болгусу келгендер векселге көз артып, интриганы күч алдырган"

2010-жылдагы революциядан кийин коомчулукта  вексел тууралуу маалымат тарап, ага байланыштуу түрдүү имиштер күч алган. Бири Салянова бир пайызын алып, Казакстанга чыгарып берген десе, экинчиси векселдердин пайдасын ошол кездеги бийлик башындагылар көрүптүр дешет. Кыскасы, бул маселенин чын-бышыгы коомчулукка ачык жарыялана элек болгон үчүн тирдүү имиштерге жем таштады. Биз бу  сапар ошол векселдер тууралуу кеп кылып, алгач вексел деген эмне, ал кандайча ...

0 692

Сүрөт - Амир Аскаров, ырчы: “Шоу-бизнесте достук жок. Шоудон дос күтпөй эле койгон оң”

28-апрель 2018, 14:53 Айдар Нуралиев

“Алдадың” , “Сени эстеп”, “Периштем” деген ырлары менен эл оозуна алынып популярдуу болгон, жаш кыздардын жүрөгүнөн түнөк тапкан, өзүн ар дайым стилдүү алып жүргөн ырчы мырза Амир Аскаровду таанысаңыз керек. Амир Аскаров шоу бизнеске кайтып “Сени сүйөм дайым”, “Девочка моя”, “Замираю”, “Кызганам” деген ырларын угармандарына тартуулап турган чагы. Амир чыгармачылык кризистен чыгып, угармандарына жага турган ырлардын үстүндө иштеп жаткандыгы тууралуу, ...

0 1749

Эрнис Бөрүбаев, тамада: "Кээ бир акчалуулар тойлоруна ырчыларды 8000- 9000 долларга чакырат"

25-апрель 2018, 14:52 Айдар Нуралиев

– Маегибиздин башында чыгармачылыкка аралашып калганыңыз туурасында айтып кетсеңиз? – Атам Кабыл Бөрүбаев белгилүү ырчы Бек Борбиев жаңы ырдап чыккандан тартып эле 2000-жылдарга чейин менеджери болуп иштеген. Атамды ээрчип жүрүп, кичине кезимден эле чыгармачыл чөйрөгө аралашып чоңойдум. Ошонун таасиринен уламбы ырдап, ырчы болгум келип жүрүп, биринчи жолу сахнага Манас Бердибеков менен чыктым. Кийин «Бешилик» тобу түзүлүп, Рахман Разыков агайдын тобунда ...

0 721

Табылды Акеров, саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты: «Мирзиёев Борбордук Азиянын түптүү элдери сый-урматта жашаса боло тургандыгын көрсөтүп жатат»

23-апрель 2018, 13:01 Айдар Нуралиев

— Табылды мырза, бул жолку маекте өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин Манас айылын жаңыртып, жаңы дем бергени тууралуу сөз кылсак дейм. Мирзиёевдин бул кадамы соцтармактарда өтө чоң талкууга алынып, ыраазычылыктар айтылып жатат. Бул өзбек өлкө башчысына чоң аброй алып келди көрүнөт. Ал киши бул иши менен эмнени көрсөткүсү келип жатат? Мында бизге белгисиз кандайдыр бир сыр барбы? — Мирзиёевди дүйнөнү өзгөртүүгө дарамети бар ...

0 1765

Качкынбек Булатов, укук коргоочу: "Абдилдин накта саткын жүзүн көрбөй калдык"

12-апрель 2018, 17:28 Перизат Кутманалиева

Качкынбек Булатов, укук коргоочу: -Качкынбек мырза, Абиль Сегизбаев Атамбаев менен Жээнбековдун тиреши башталганы үчүн кызматынан кеттиби? -Абдил Сегизбаев кызматтан эчакта эле кетсе  болмок. Анткени, ал Атамбаевдин адамы катары дагы кызматты ээлеп турганга моралдык укугу жок болчу. Бирок, көк беттенип туруп ушу убакытка чейин иштеп келди. Соронбай аны кичине эркелетип дагы анча мынча мактап койсо чыныгы жүзү ачылып, Атамбаевге каршы чыкмак. Өкүнүчтүсу, ...

0 904

Турсунбек Акун, экс-Акыйкатчы: «Атамбаев ашыкча сүйлөп, элге алып чыкпай турган нерселерди жарыялап салды»

12-апрель 2018, 17:09 Перизат Кутманалиева

Турсунбек Акун, экс-Акыйкатчы: -Турсунбек мырза, коомчулукту мурунку президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы ажо Сооронбай Жээнбековдун ортосунда тиреш башталганы  боюнча түрдүү пикирлер арбын айтыла баштады. Атамбаевдин тымызын башкарам, баары мен каалагандай болот деген саясатына Жээнбеков макул болбой койгонбу? -Мурунку жана азыркы президент КСДПнын съездине жакын   төрт жарым саат сүйлөшкөнүн Атамбаев журналисттер менен болгон жолугушууда айтты.  Сооронбай Жээнбековдун  ишин сындап,  ТЭЦ, Райым миллиондун иши ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 6598

Кубанычбек Исабеков, экс-вице спикер: "Атамбаев, Кыргызстан сенин менчигиң эмес"

06-апрель 2018, 15:10 Айдар Нуралиев

Кубанычбек мырза, апаңыз катуу ооруп, жандандыруу белүмүндө жатканын уктук.                  Апаңыздын сакайып кетишине тилектешпиз. -Рахмат. Ооба учурда апам катуу ооруп, ооруканада кислород менен дем алып жатат. Жүрөгүм ооруп, бук болуп турам. Апам 28 жашында жесир калып, көптөгөн кыйынчылыктар менен бизди багып өстүргөн. Дарыгерлер апамдын сакайып кетиши үчүн колдон келген аракеттерин көрүп жатышат. -Учурдагы саясий кырдаалды көрүп жатасыз. Жаңы президент менен ...

0 1474

Нурлан Өмүркул уулу, ТЭЦтин экс-директору: «Жаманкуловдордун династиясына шек келтирбөөгө бүткүл аракетибизди жумшайбыз»

05-апрель 2018, 10:29 Айдар Нуралиев

Редакциянын астанасын аттап күтүлбөгөн конок келди. Баарлашып отуруп тынчтык бербеген ичтеги бугун байкадык. Акыры жазылып, эмне максатта келгенин ачык айтты. Көрсө анын дарегине түшкө кирбеген сандырак кептер айтылып жатыптыр. Не себептен ТЭЦтеги болгон окуянын себептерин коомчулукка чыгарып жибергенин, кимдер дайыны жок илешмелерди чубалтканын, бозала болгон чиновниктердин суранычтарын ортого салды. Эмесе, ТЭЦтин мурдагы жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу менен болгон баарлашууну окурман ...

0 756

Эркин Эгембердиев, актер: Менин тукумумда окуган, жогорку билим алган адам болгон эмес. Театр менин багымды ачты

Кыргыз маданияты-нын, анын ичинде театр маданиятынын өкүлдөрүнүн арасында жигердүү, креативдүү, ар кылган ишинен май-нап чыгарган жаштар-дын бар жени кубандыр-бай койбойт. Алардын бири Эркин Эгембердиев. ДЕМ театр студиясынын, Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы театрдын эң мыкты актеру, кино жана театр жылдызы, түрдүү роликтерде мыкты образдарды жаратып келген актер менен жылуу суйлөштүк. – Эркин мырза, чыгармачылыгыңыздагы жаңылыктар менен кеп баштасак… – Чыгармачылыгымдагы эң акыркы ...

0 1060

Сүрөт - "ПРЕЗИДЕНТ ЖАНА БОМЖ-3: Ханзаада сүйгөн айылдык кыз”

30-март 2018, 10:04 Айдар Нуралиев

Аскат мырза, сизди элдин көпчүлүгү "Айыл өкмөттөгү" участкалык милиционер катары билишсе, "Президент жана бомждон" кийин башка өңүттө көрүштү. “Участковый бойдон каламбы деп коркчу эле, “Президент жана бомждон” кийин элдин көз карашы өзгөрдү” деген пикириңизди окуганбыз. Азар “Президент жана бомж-3тө” көркөм жетекчи болуп атыпсыз. - Ооба, “Президент жана бомждон” кийин мени актёр катары башка олуттуу ролдон көрүштү. Ал эми “Президент жана бомж-3тө” ...

0 963

Шоола Чотой: Жаштардын кыргыздын үрп - адатын билбей туруп «Мен Кыргызмын» деп айткандары жанды кейитет

Кыргызстанда жаңыдан аты чыгып келе жаткан патриот кыз, «Манас» дегенде жанын берген, жаш активист, «Ысык-Көл Жаштар Деми» коомдук фондун негиздөөчүсү, Президенти Шоола Асанованы бүгүн кайрадан кепке тарттык. -Саламатсызбы Шоола! Буга чейинки маегибизде бир гана иш жөнүндө кеп салдык эле…  Бүгүн бир аз өзүңүз жана үй-бүлөңүз жөнүндө айта кетсениз? -Саламатсызбы! Иштерибиз жакшы буюрса! Мен Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев ...

0 607

Тазабек Икрамов: "100 сомдон калпак сатылышы бул уят"

1. Мен улуттук баш кийимибиз болгон ак калпакты тойлорго барганда, чет өлкөгө чыкканда көп кием. Өзгөчө чет жакка чыккаңда баш кийимибизге кызыгып караган адамдарды көп жолуктурам. Биздин калпак кооз жана өтө ыңгайлуулугу менен көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурат. 2. Калпак күнүн официалдуу түрдө белгилөө боюнча токтом чыгаруу боюнча демилгени мен 2016-жылы көтөрүп чыккам. Туура, ага чейин 5-март Ак калпак күнү катары ...

0 1824

Рыскелди Момбеков: Жаңы машинанын эски мотору же жаңы шыпыргынын эски сабы

- Рыскелди Чыныбекович, ооруп ооруканада жатканыңызды уктук, жак-шы элесизби? - Быйыл ит жылы эмеспи. Башталганы иттерге бай болуп чыктым. Фарингит, ларингит, гайморит, гастрит, панкреатит, холецистит, айтор оорунун баары ит менен бүтөт эмеспи. Оболу ошондой иттерден он чакты чыкты. Азыр арсылдаган канчыктар менен кармашып, дөбөттөр менен арбашып жаткан убагым. - Жаман кабарыңыз бар экен, жакшы болуп кетиңиз. - Рахмат. Итти ит кабат демекчи, "аппетит" деген ...

1 706

Улугбек Ормонов: "Бүгүнкү күндө саясий кырдаал коркунучтуу чекке жете элек"

— Улугбек Зулпукарович, жакында парламенттин жыйынында Максат Сабиров тарабынан Ысык-Көлдүн жээгине курула турган эс алуу жайларына байланышкан мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча талкуу болбодубу. Бул тууралуу сиз кандай пикириңизди билдирдиңиз? — Жогорку Кеңештин жыйынында экинчи окууда мыйзамга “Ысык-Көлдө курула турган эс алуу жайлары көлдүн жээгинен 300 метр алыс болсун” деген өзгөртүүнү киргизип алып келишиптир. Мурунку мыйзам боюнча 100 метр эле болчу. Бул мыйзамдын жазылганына ...

0 594

Мавлян Аскарбеков: “Жетишет!” деп ачык айтууга убакыт жетти!"

Кыргызстандагы Сөз эркиндигин коргоо комитетинин жана “Жаңы муун” саясий кыймылынын жолбашчылары Ош чөлкөмүнүн жаштары менен жолугушту. Маңдай-тескей сүйлөшүүнүн жүрүшүндө калктын активдүү катмары президент Сооронбай Жээнбековдун корупцияга каршы күрөшүн ачык кубатташаарын, бирок, бул аеосуз таймашта бийликке кесипкөй жана мекенчил кыз-жигиттерди байма-бай тартуу зарылдыгын дагы баса белгилешти. – Ар мамлекетке ат тезегин кургатпастан сапарлап, тилемчилик кылып акча сурап, мамлекетибизди олчойгон карызга батырдык. А ...

0 1260

Мээрбек Мискенбаев: Сооронбай Шарипович Алмазбек Шаршеновичтин жолун улайт

– Президент Сооронбай Жээнбеков эмне үчүн Фарид Ниязовдун отставкасын кабыл алган жок? Ал “экс президент экөөбүздүн ортобузда тиреш башталды” деген сөзгө жем таштаймбы деп корктубу? – Президент Фарид Аблезимовичтин от­ставкасын кабыл алгандыгынын себеби бар. Фарид Ниязов мамлекетибиздин саясатында алгылыктуу иштерди алып барып келген, мамлекетибиздин саясий туруктуулугун сактоодо жана бекемдөөдө профессионалдуулугу менен зор салым кошкон десек жаңылышпайбыз. Ал эми бул иш президент ...

0 977

Рита Карасартова: Фарид Ни­язовду жумуштан кетир­генге эмес сотко бергенге дагы негиз бар

28-февраль 2018, 17:39 Перизат Кутманалиева

– Президент Сооронбай Жээнбеков эмне үчүн Фарид Ниязовдун отставкасын кабыл алган жок? Ал “экс президент экөөбүздүн ортобузда тиреш башталды” деген сөзгө жем таштаймбы деп корктубу? – Атамбаев айтты эле: “Соке досум, мени билесиң, бир нерсе болсо өзүм алып түшөм” деп. Досунан корктубу? Билбейм. Негизи Фарид Ни­язовду жумуштан кетир­генге эмес сотко бергенге дагы негиз бар. Мисалы, жакында эле Орусияга барып КСДП партиясынын ...

0 553

Турсунбек Акун: “Европада журналисттер Кыргызстандагыдай ушак жазса өпкөсүн үзөт”

28-февраль 2018, 11:17 Перизат Кутманалиева

 — «Чек арасыз кабарчылар» уюму Кыргызстандагы медиа эркиндигинин абалы тууралуу тынчсыздануусун билдирип, журналисттерге коюлган доолорду токтотуу өтүнүчү менен президент Сооронбай Жээнбековго кайрылыптыр. Алар Кыргызстанда көз карандысыз журналисттерди опузалаган көрүнүштөр көбөйүп жатканын белгилеген. Чын эле биздин өлкөдө эркин журналисттерге куугунтук күч алдыбы?  -Жалпы жонунан Кыргызстанда тоталдуу куугунтук жок деп ишенимдүү айта алам. Мен өзүм укук коргоочу катары журналисттерди көп суммадагы доого жыгууну ...

0 646

Турсунбек Акун: “Коррупционерлердин тизмесин түзүү - күлкү келерлик нерсе!”

28-февраль 2018, 10:41 Перизат Кутманалиева

- Турсунбек мырза, президенттин 100 күндүгүн утуралай анын ишмердүүлүгүнө баа бериле баштады. 100 күндүн ичинде мактоого арзый турган иштери болдубу? - Мен президентти жакындан билген киши катары айтсам, ал аз, анан саз сүйлөп, көп иш бүткөргөн киши. Кыскасы, эмнени айтса, ошону жасайт. Мен президенттин Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөгөн сөздөрүнүн өтөөсүнө чыгаарына ишенем. А дегенде эле УКМКны тазалай баштады. АКСтин башчысы Дүйшөнбек ...

0 1213

Курманбек Дыйканбаев: "Өмүрбек Бабанов менден кетти деп кечирим сурады"

26-февраль 2018, 23:48 Перизат Кутманалиева

—Курманбек Сапарович, капыстан эле президенттин Жогор­ку Кеңештеги өкүлү болуп калганыңызга түшүнбөй калдык. Бабановду «сатып» кеттиңизби ошондо? —Эч кандай сатып кетүү деген болгон жок. Өмүрбек Токтогулович менен дайыма сый-урматта элебиз. Ал киши менен чогуу 5-чакырылышта иштедик. 2015-жылы шайлоого барып 30 миң добуш алып бердик. Алдын ала убадалаган 3 мандат берем деген убадасына турбай койду. Ошондуктан мамилебиз солгундап калды. 10-сентябрда президенттик шайлоо болоордун алдында жолугуп 4 саат ...

0 1459

Чубак ажы Жалилов: "Ойлоп калам, ушул темадан өксүк болгондор ушуларды жата калып окуйт экен да, жок дегенде окуп ырахат алалы деп…"

26-февраль 2018, 14:33 Перизат Кутманалиева

Заманыбыздын залкар инсаны, аалым Чубак ажыга интеллектуалдык, руханий багыттарда маектешүүгө ниеттенгем, бирок, окурмандардан ондогон каттар келе баштады, өзүмө да телефон чалышат, болгону “бытовой” суроолор, күнүмдүк көр тирликтин аксиомасынан кеп козгошуп… Эмне кылабыз? Элимдин айтканын ажыкеге жеткизип, ортодон “далдалчы” болуп атат окшойм…  (Башы өткөн сандарда)  — Чубак ажы, 23-февралды кандай мааниде урматтап, майрамдасак болот? Бул күн мекенибиз үчүн өтө маанилүү дата болсо керек?.. — ...

0 1738

Таалайбек Байсекеев: "Жылына 1500дөй варикоз дартына чалдыккандарды даарылайбыз"

26-февраль 2018, 14:09 Перизат Кутманалиева

Убакыттын өтүшү менен варикоз дарты кеңири жайылып, улам жашарып баратат. Шаарыбыздагы, алыскы аймактардагы бул дартка чалдыккандардын көбү Бишкектеги улуттук госпиталдын кан тамырлар хирургиясы бөлүмүнөн дарыланып кетишет. Аталган бөлүмдүн жетекчиси, медицина илимдеринин кандидаты  Таалайбек Байсекеев менен бул оорунун келип чыгышы, белгилери жана алдын алуу, деги эле варикоз дарты тууралуу маек курдук. — Сиз жетектеген улуттук госпиталдын кан тамырлар бөлүмүнө кайрылган адамдардын саны кандай? ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 684

ТИмур Саралаев: "ИИМде деле айлыктан- айлыкка иштеген, жөө жүргөн, чынчыл офицерлер көп"

25-февраль 2018, 18:24 Перизат Кутманалиева

– Президент Сооронбай Жээнбеков сот-прокуратура, укук коргоо органдарындагы коррупцияны ооздуктоо боюнча катуу чараларды көрөрүн айтты. Мамлекет башчысы бул убадаларынын өтөөсүнө чыга алаарына, милициядагы тамырлап кеткен коррупцияны тыйганга күчү жетеби? – Президенттин күч органдарындагы, анын ичинен милициядагы гүлдөгөн коррупцияны толук болбосо дагы, бирок анын жогору тепкичтериндеги токтотууга албетте күчү жетиши керек. Кыргызда жакшы сөз бар, “балык башынан сасыйт” деген. Ошол сөзгө жараша, ...

0 941

Зарылбек Рысалиев, ЖК депутаты: 500–600 миң доллар берип, мандат сатып алган бир катар депутаттар элге ак ниет кызмат кылганы келди деп ойлойсузбу?! Эч качан антип ойлобойм

24-февраль 2018, 14:29 Перизат Кутманалиева

— Президент Сооронбай Жээнбековдун 8-февралдагы коопсуздук кеңешинин жыйынында күч катмарларынын, сот органдарынын жетекчилери жана жооптуу кызматкерлери менен жолугушууда айткан коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнүн зарылдыгы тууралуу кескин талабы сизге кандай таасир калтырды? — Бул актуалдуу маселенин коюлушу мен үчүн күтүлгөндөй эле болду. Өлкөнүн соңку чейрек кылымдык саясий тарыхындагы туюкка капталып, өлкөдө жалпы кризистин улам күчөп жүрүп отурушундагы коррупциянын терс таасирин тийгизген кесепеттерин эске ала ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83