www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маданият
0 470

ВИДЕО - Депутат Алтынбек Сулайманов менен Бек Борбиевдин дует ырынын кадыры жогорулап жатат

Видео 17-ноябрь 2019, 11:14 Аман Аскаров

“Адамдан амал качып кутулбайт” – дегендей айрым депутаттар шайлоо алдында элге жагынуу максатында кандай гана амал ойлоп табышпайт. Бириси социалдык тармактарда активдүүлүгүн көрсөтүп, байма-бай сүрөттөрүн жайгаштырып, “Google”дан уурдап аны кооз фразалар толуктап калышат, айрымы куудул болуп Күмөндөрдү туураса башкасы белгилүү ырчылар менен дует ырдай калышат. Алдыда кеп кыла турган инсаныбызга дагы чындыгында эргүү келгенби же шайлоого даярданыппы айтор белгилүү ырчы, Кыргыз ...

0 514

Ат-Башы "Лошадиная Голова" деп которулабы? Билим берүү министрлиги кайда жүрөт?

16-ноябрь 2019, 14:35 Айдар Нуралиев

Социалдык тармактарда Кыргызстандын орус мектептериндеги 4-класстагы Природоведение (жаратылыш таануу) сабагынын китеби кызуу талкууланып жатат. Тактап айтканда, китептеги жер-суунун аттарын кыргызчага котор деген тапшырма. Ошондо окуучулар Сары-Жазды - Желтая Весна, Жаман-Сууну - Грязная Вода, Чычканды - Мышка, Ат-Башыны - Лошадиная Голова деп которобу деп элдин башы маң. Ау, Билим берүү министрлиги, кылбаганыңар ушул эле калды беле? Булак: NazarNews.kg

0 218

Салтанат Максатбек кызы, актриса: “Актриса болом деп эч качан ойлогон эмесмин”

16-ноябрь 2019, 13:36 Айдар Нуралиев

Экран жүзүн көргөн «Келинка» сериалы көрөрмандар тарабынан жылуу кабыл алынып, үй-бүлөлүк тасмага айлана баштады. Ар бир сериясын качан чыгат экен деп күткөн күйөрмандарынын саны күн санап көбөйүүдө. Сериалдын режиссеру Эльдар Турдумамбетов, продюсери Мирлан Даанышман. Бүгүн сериалдын баш каармандарынын бири келиндин образын кенен ачып бергенге аракет кылган жаш актриса Салтанат Максатбек кызы менен жакындан тааныштырабыз, - деп жазып чыкты "Де-Факто" ...

0 294

Актердук билими жок эле атактуулукка жеткен Шахрух Кхан

16-ноябрь 2019, 17:38 Айдар Нуралиев

"Менин атым Кхан" аттуу тасмасы бүт дүйнөнү ыйлаткан..." Шахрух Кхандын ийгиликтүү ролдору анын Болливуддагы эң суроо-талаптуу актер болушуна алып келет. Жадагалса жылына 5-6 тасмага түшкөнгө үлгүрөт. 2007-жылы "Алга, Индия" тасмасында чөп үстүндө хоккей оюну боюнча кыздар командасын даярдаган тренердин ролун мыкты жараткан. Анын жаңы тартылган тасмаларынын бири - "Менин атым Кхан". Мында Шахрух Аспергер синдромунан жабыркаган мусулмандын ролун жараткан. ...

0 190

А сиз билесизби? Белгилүүлөрдүн белгисиз тагдыры...

16-ноябрь 2019, 11:52 Айдар Нуралиев

Стив Жобс, Аpple компаниясынын негиздөөчүсү Тарыхый жеңилүүсү: Дүйөнөгө белгилүү бизнесмен Стив Жобс Стэнфорд университетинен айдалган. Мындан тышкары өзүнө тиешелүү компанияда жумушунан айдалган.  Ийгилигинин тарыхы: Айдалгандан соң башка компания ачкан. Ал NeXT Inc деп аталган. Кийинчерээк аны 429 миллион долларга сатып, Аpple компаниясын башкаруу укугун кайра сатып ала алган.  Билл Гейтс, Microsoftтун негиздөөчүсү: Тарыхый жеңилүүсү: Гарварддагы окуусун таштап салган. Анын ...

0 213

«Ну, погоди!» кайрадан тартылат

15-ноябрь 2019, 14:18 Айдар Нуралиев

«Союзмультфильм» «Сениби, шашпа!» («Ну, погоди!») мультфильминин жаңы серияларын тартат. Бул тууралуу аталган киностудиянын жетекчиси Юлиана Слащева Санкт-Петербургда өтүп жаткан эл аралык маданият форумунда билдирди. Анын айтымына караганда, «Союзмультфильм» «Сениби, шашпа!» мультфильминин каармандарынын 50 жылдыгына карата дагы жаңы 26 серияларын тартат. Анын алгачкы эпизоду 2020-жылдын жай айларынын башында чыгып калат. Ушул жылдын июнь айында советтик «Сениби, шашпа!» мультфильми орусиялыктар арасында ...

0 177

Садык Шер-Нияз АКШнын атуулу болдубу?

15-ноябрь 2019, 11:46 Айдар Нуралиев

Депутат Садык Шер-Нияз АКШнын Калифорния штатындагы Калвер-Сити шаарынын ардактуу атуулу болду. Бул тууралуу өзү Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты. Садык Шер-Нияз Лос-Анжелестеги Asian World Film Festival эл аралык Азия кинофестивалынын негиздөөчүсү болуп саналат. Бул фестивалда азия өлкөлөрүнүн мыкты деген тасмалары көрсөтүлүп, айрымдары “Оскар” жана “Алтын глобус” сыйлыктарына көрсөтүлөт. Фестиваль жыл сайын октябрь-ноябрь айларында АКШнын Калвер-Сити шаарында өткөрүлөт. Булак: NazarNews.kg

0 111

Азиянын сулуу кызы ким экенин билесизби?

15-ноябрь 2019, 10:28 Айдар Нуралиев

Азиянын эң сулуу аялы болуп Түштүк Кореядагы Blackpink тобунун катышуучусу Лалиса Манобан табылды. Чыгыш өлкөлөрүнүн сулууларынын мындай рейтингин TCCAsia порталы түзүп чыккан. Аталган порталдын маалыматы боюнча, Лалиса ырчы эле эмес, ал бийлейт дагы, рэп дагы айтат жана аны менен бирге моделдик бизнесте эмгектенет. Рейтингедин экинчи тизмесинде япониялык ырчы Сакура Мияваки турса, үчүнчү орунду ошол эле түштүк кореялык Blackpink тобунун ...

0 434

Гүлжайна Атаканова: "Турмуш куруп, экинчи ирет эне болгум келет"

14-ноябрь 2019, 09:54 Айдар Нуралиев

8-ноябрда ырчы, алпаруучу Гүлжайна чыгармачылыкка аралашканынын он жылдыгын белгиледи. Концерт аншлаг менен өтүп, өзгөчөлүк катары ырчынын ата-энесине арнаган ыры, устаты Рахман Разыковго тартуулаган күлүгү болду, - деп жазып чыкты "Леди.kg" гезити. - Гүлжайна, концертиңиз аншлаг менен өтөт деп ойлодуңуз беле? - Концертим жогорку деңгээлде өтсүн деп күнү-түнү уктабай даярдандым. Эл жакшы келерине ишенип тургам, бирок залга батпай туруп көрүшөт деп ...

0 96

Республикалык “Карек” балдар жана өспүрүмдөр кинофестивалы өтөт

13-ноябрь 2019, 18:02 Айдар Нуралиев

Үстүбүздөгү жылдын 14-15-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында IV-республикалык “Карек” балдар жана өспүрүмдөр кинофестивалы өтөт. Аталган кинофестиваль КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, КР Билим берүү жана илим министрлиги, КР Кинематографисттер союзу, БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ), Кристенсен Фонду жана Айтыш коомдук Фондунун колдоосу менен ишке ашууда. Бул тууралуу "Карек" коомдук фондунан кабарлашты. Бул жылы өлкөбүздүн бардык аймактарындагы 10-17 жаш аралыгындагы жаш ...

0 656

ВИДЕО - Өзбек ырчысы бийликке чакырык таштады

Видео 13-ноябрь 2019, 15:58 Кызгалдак Жакыпова

Өзбекстандын белгилүү ырчысы Лола Юлдашеванын “Севгини менга айт-2” ырына видеоклип жарык көрдү. Клипте ал Өзбек бийлигинин кээ бир тармактарын мазактагандыктан,  клип бир нече сааттын ичинде өзбек шоу-дүйнөсүндө катуу талкууга түштү.  Клибинде Лола ата-мекендик шоу-бизнестеги тыюуларды шылдыңга алган. Клипке комментарий жазгандардын көпчүлүгү ырчынын бул кадамына суктанып жатышканын, клипти бийликке карата “чакырык” катары кабыл алышканын жазышкан. Ошондой эле, Лоланын айрым фанаттары ...

0 274

“Жаңы жүздөр”: “Жаштар жана шоу-бизнестин жалган таланттары”

13-ноябрь 2019, 10:26 Айдар Нуралиев

«Эмне үчүн жаштар театрга барбайт?», «Эмнеге шоу-бизнестин жалган таланттары сахнаны жана эфирди ээлеп алышты?», “Канткенде жаш таланттуу акын жазуучуларды жарыкка чыгарабыз?» Так ушундай орчундуу көйгөйлөр «Жаңы жүздөр» коомдук уюму уюштурган маданият маселелерине арналган тегерек столдо талкуу болду. Аталган тегерек столго Кыргызстандын белгилүү чыгармачыл инсандары келип катышып, маданияттын ар кандай тармагы боюнча өз пикирлерин билдиришти. Талкуу башатын баштаган «Жаңы жүздөр» уюму ...

0 262

Бийчисизби? Анда сынакка катышып, Америка жана Европа мамлекеттеринен бекер билим алыңыз

12-ноябрь 2019, 15:08 Айдар Нуралиев

Алгачкы жолу Бишкек шаарындагы балет мектептеринде билим алып жаткан окуучулар жана элдик коллективдердин арасында эл аралык «Youth America GrandPrix – Бишкек, Кыргызстан» сынагы өтөт. Бишкек шаарында 2019-жылдын 16-17-ноябрь күндөрү  Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен балет мектептеринде билим алып жаткан окуучулар жана элдик коллективдердин арасында эл аралык «Youth America GrandPrix – Бишкек, Кыргызстан» сынагы өтөт. Сынактын ...

0 175

Сакын Карабаев, КРнын эмгек сиӊирген артисти:"Чыңгыз хандын кино тасмасын тартканда...”

12-ноябрь 2019, 10:20 Айдар Нуралиев

Искусствонун кайсы тармагын албайлы, чын-чынында профессионалдуулук көөкөр таштай өзгөлөрдөн өзгөчөлөнүп турат окшобойбу. Тасма чыныгы жашоонун бир бөлүгү. Ал күзгү сымал өзүңдү чагылдырып көрсөтүп турат. Ошол күзгү аркылуу өткөн чактагы катабызды эскерип, келечекке карай багыт алып келебиз. Бул жолку каарманыбыз көптөгөн тасмаларда  роль жараткан мыкты актёр Сакын Карабаев. Талант, жөндөм, изденүүнү бир калыпка салган актёрдун тасма жаатында өз орду бар.

0 328

ВИДЕО - Колу кычышкандар "Ынтымак"паркындагы пианинону "айрып" кетишиптир

Видео 12-ноябрь 2019, 10:23 Аман Аскаров

Жайдын этегинде Бишкектин түштүк тарабында президенттин катышуусу менен жакшы бир эс алуучу жай ачылган. Ага дагы атайын эл ынтымактуу, биримдиктүү болсун деген ниетте “Ынтымак” деген ат ыйгарылган. Чындыгында, анысы жок деле Бишкектеги көрктүү аймактын үстүнө дагы бир көртүү жай кошулуп, жыргап калдык эле. Ал жерге убагында эл зээрикпесин, таланты ашып-ташкандар музыкалык аспапта ойноп, убактыларын көңүлдүү ...

0 3700

Министр Жамангулов Урмат Үсөнов канча айлык алаарын ачыктады

12-ноябрь 2019, 09:17 Аман Аскаров

Урмат Үсөновду маданият, маалымат жана туризм министринин кеңешчиси кылып дайындоо боюнча буйрукка азырынча кол коюла элек экен. Министр Азамат Жамангулов жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде, Үсөновду ал өзүнүн көз карашы бар, компетенттүү адис катары көрөөрүн айтып, ошондуктан аны кеңешчи кылууга ниеттенгендигин айтыптыр. Андан сырткары, ырчы толук штатка алына тургандыгын билдирип, эмгек кодексине ылайык ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 683

Клара Алибекова: "Эгер көңүлүмө жигит жагып, назарым түшүп калса, анда чын жүрөгүмдөн кабыл алам..."

11-ноябрь 2019, 12:45 Айдар Нуралиев

“Биринчи жана акыркы жолу” деген гезитибизде рубрика бар.  “Кыргызымдын жигиттерин” катыра ырдап, эл оозуна алынган Клара Алибекова карындашыбызды кепке тарттык, - деп жазат "АЗИЯnews" гезити. -- Биринчи жолу мектеп босогосун аттаганың эсиңдеби? -- Мектептик форма-фартук кийип, чачыма чоң ак бантик байлап мектепке жетелеп барышкан. Элдин баары бантигиме суктанып, кийин кыздардын баары меникиндей бантты сатып алышкан болчу. -- Биринчи жолу тамак ...

0 1344

ВИДЕО - Маркум Майра Керим кызынын уулу төкмө Акжолтой Канат каза болду

Видео 11-ноябрь 2019, 10:29 Айдар Нуралиев

Жаш төкмө акын, обончу, маркум төкмө акын Майра Керим кызынын өнөрүн уланткан уулу Акжолтой Канат уулу кырсыктан көз жумду. Бул боюнча акын Бердибек Жамгырчиев өзүнүн социалдык баракчасына жазып чыкты.  Маалыматтарга таянсак, Акжолтой Канат уулу Балыкчы-Кочкор унаа жолунда автокырсыкка учурап, анын кесепетинен үч адам каза болсо, дагы бир адам оор абалда ооруканага жеткирилген.  Булак: NazarNews.kg

0 1071

Комузчу Нурзат Орозалиева көз жумду

11-ноябрь 2019, 09:18 Айдар Нуралиев

Комузчу, бир нече күүлөрдүн автору Нурзат Орозалиева 44 жашында оорудан улам каза болду. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти. Маалыматка караганда, комузчу кечээ, 10-ноябрда көз жумган. Нурзат Орозалиева комузчу эле эмес, күүлөрү менен да белгилүү. Ал акыркы мезгилде Кыргыз улуттук консерваториясында эмгектенип келген. NazarNews.kg маалымат агенттигинин эмгек жамааты Нурзат Орозалиеванын жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат. Булак: ...

0 1360

ФОТО - Хюррем Султан менен жолуккан Болот Отунбаевдин бактысына чек жок

10-ноябрь 2019, 17:26 Аман Аскаров

Түрктөрдүн “Даңазалуу доор” тасмасы убагында далай өлкөлөргө тарап, дүйнөнү багынтканынан кабарыбыз бар. Кыргызстанда дагы бул кино башталаары менен үй ичи жым-жырт болуп, ашканадагы аял менен сыраканадагы эрдин башын сыналгы алдына бириктире калчу. Андагы айтылуу Хюррем Султандын ролун мыкты аткарган Мерьем Узерли Лос-Анжелесте Эл аралык Азия кинофестивалында (Asian World Film Festival) кыргыз делегациясын сый-тамакка чакырганын парламенттин ...

0 219

ФОТО - Президент маданий мекемелерге барды

10-ноябрь 2019, 10:04 Аман Аскаров

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 9-ноябрда, СССРдин Эл артисти, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовдун туулган күнүндө Г. Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм өнөр музейине барды. Мамлекет башчысы Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына жана анын жубайы — Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген кызматкер Салима Шабазованын элесине арналган «Эсимде» көргөзмөсүн көрдү. Көргөзмөдө Сүймөнкул Чокморов тарткан картиналары жана ...

0 1141

Гүлшайыр Садыбакасова, КРнын эл артисти: “Концертте көрүүчүлөр күтпөгөн сюрприздер бар...”

09-ноябрь 2019, 16:13 Айдар Нуралиев

Бул каарманымдын чыгармачылык чыйыр жолу ары татаал, ары кызыктуу. Эгер көрүүчү профессионалдуулуктун тартибинде коюлган  концерт менен кошо жашап көрсө, анда ошол кесипкөйдүн эмгеги. Мыкты жетекчинин күчтүүлүгүн мындан билгиле, ал кандай кырдаалга туш келбесин өзүнүн иш билги мүнөзү менен жеңип кете алат. Ийгилик мүмкүнчүлүктү ишке ашыруудан көз каранды. Иш жүзүнө ашкан мүмкүнчүлүк кайра-кайра жаңы ийгиликти чакырат. Ошентип, ийгиликтин арты менен ...

0 144

Волочкова  имиджин өзгөрттү

09-ноябрь 2019, 13:09 Айдар Нуралиев

Орусиялык белгилүү актриса, балерина Анастасия Волочкова өзүнүн Инстаграмм баракчасына тармал чачтарынан арылып, жаңы стили менен жылуу свитер кийип түшкөн сүрөтүн жүктөгөн. “Менин жаңылануум кандай экен?..” –деп суроо салган балерина. Анын айтымында, сырткы көрүнүшүн стилист Павел Назаров менен сүрөтчү Андрей Бацуев иштеп чыгышкан. Волочкованын баракчасындагы катталуучулары аны мактап жатышат. Булак: NazarNews.kg

09-ноябрь 2019, 13:09 | 144
0 647

Альбина Имашова, актриса: “Артисттерге карата элдин көз карашы  өзгөрдү”

08-ноябрь 2019, 13:58 Айдар Нуралиев

Театр жана кино жылдызы Альбина Имашованын  кыргыз киносундагы чыгармачылыгы ташкындап турган убагы, ал өзгөчө  тастаңдаган тың жеңелердин образын ийине жеткире  аткарган ролдору менен элибиздин купулуна толуп келет.  NazarNews актриса менен азын-оолак маек курду. - Саламатсызбы, жакында эле Бишкек шаардык кеңешинин Ардак громатасы менен сыйландыңыз, сурайын дегеним, эмгекти баалоо чыгармачылыкты шыктандырабы? - Саламатсыздарбы, маданият күнүнө карата Бишкек шаардык кеңеши Ардак ...

0 327

Сүрөт - Лос-Анжелесте кыргызстандыктар негиздеген кинофестивал старт алды

08-ноябрь 2019, 09:52 Бакыт Молдалиев

Лос-Анжелесте бешинчи Эл аралык Азия кинофестивалы старт алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты. Маалыматка караганда, кинофестивал кинорежиссер Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген. Калыстардын төрагасы болуп “Даңазалуу доор” сериалынын жылдызы Мерьем Узерли (Хюрем султан) шайланды. Фестивалдын ачылышында АКШда жашага кыргызстандыктар жана АКШдагы Кыргыз Республикасынын элчиси Болот Отунбаев катышты.  “Оскар” сыйлыгына койгон талапкерлер фестивалда ...

0 4114

“Андай чёрт кыялыңды көрсөтпө”. “Чыпалак баатыр” Ситорага сын айтты

Видео 07-ноябрь 2019, 11:46 Алтын Булат

“Эй, Ситора карындаш! Эмне Гүлнур эженин кнопкасын басасың, кызыл кылып. Мындай концертиңди токтоткун”. “Чыпалак баатыр”, “Күчмен” каймана аттары менен белгилүү Зарылбек Аликенов мына ушундай маанидеги видеокайрылуусун “NazarNews.kg” маалымат агенттигине жөнөттү. Өзү айтмакчы көп кырдуу талант ээси Аликенов бул кайрылуусунда өзбек эстрада ырчысы Ситорага таарынычын билдирген. Эске сала кетсек, “Чыпалак баатыр” Алматы шаарында өткөн “Азия таленттери” сынагында өнөрүн көргөзгөн. Бирок анын ...

0 201

Анна Семенович жаңы киного тартылууда

07-ноябрь 2019, 11:18 Айдар Нуралиев

Орусиялык белгилүү ырчы, актриса Анна Семенович Инстаграмм баракчасы аркылуу  жаңылыгы менен  бөлүштү. Ал “Кечээ менин легендарлуу  “Гардемариндер”  фильмине тартылган  биринчи  күнүм болду. Мен сьемка алдында абдан толкундандым,  бирок өзүмдүн кооз костюмумду, кооздугумду, фильмдеги өнөктөштөрүмдүн күчтүү идеясын көрүп, күн бою ырахат алып иштедим. Менин сүйүктүүлөрүм, бизге ийгилик каалап коюңуздар, жакында сиздерди абдан кызыктуу фильм күтөт. Биз болушунча аракет кылабыз”, -деп ...

0 262

Чыпалак баатыр Казакстанга иштеп береби?

07-ноябрь 2019, 10:20 Кызгалдак Жакыпова

Жакында эле Кыргызстанда депутаттык шайлоого аттанам деп элди дүрбөлөңгө салган, "Чыпалак баатыр" деген каймана аты бар Зарылбек Аликенов өзү тууралуу социалдык баракчасына үн катты.  Ал Казакстанда “Чыпалак баатыр” тууралуу мультфильм тартыла турганын жана анимациялык фильмдин режиссеруна ыраазычылыгын билдирерин кошумчалады. “Жакында мен жөнүндө мультсериалдын үстүндө иш баштайбыз. Аябай кызыктуу болот“, - деп белгиледи Чыпалак Баатыр. Ал эми фильм качан жарык ...

0 441

Нэна: "Үйгө кирип аялдын, эшикке чыгып эркектин жумушун жасайм"

06-ноябрь 2019, 13:39 Айдар Нуралиев

Ырчы, алпаруучу Нэна жакында эле экстремалдуу клип тартып, ал өзгөчө клиптердин катарын толуктады. Бул клип ырчы айымдын чыгармачылыгына эле өзгөчөлүк тартуулабастан, жеке жашоосуна да жаңылык киргизгендей болду. Андагы баш каармандын ролун ойногон жигит Нэнанын колун сураганын ырчы күйөрмандарына өзү кыйыткан, - деп жазып чыкты "Леди.kg" гезити шейшембиде чыккан санында. - Нэна айым, жакында эле “Сенин жаныңда” аттуу экстремалга бай ...

0 10848

Куудул баңги затын сактоого шектелип кармалды

05-ноябрь 2019, 18:15 Айдар Нуралиев

Шоу-бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн бири укук коргоо органдары тарабынан кармалганын жеке булактарына таянуу менен айрым басылмалар жазып чыгышкан. Маалыматка караганда, кармалган жарандын жанынан баңги заты табылып, бул факт "баңгизат сактоо" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Териштирүү иштери жүргүзүлүп, анын негизинде баш коргоо чарасын караган Ленин райондук соту 26-октябрда кылмышка шектүүнү 2 айга камакка алган. Бул маалыматты тактоо үчүн Бишкек ...

0 1127

Кайрат Кыргыз: “Мен депутатыкка келсем, саясат популярдуу болот”       

05-ноябрь 2019, 10:19 Айдар Нуралиев

Белгилүү эстрада ырчысы  Кайрат Кыргыз  кирпик коштуруп, коомчулукта кызуу талкуу жараткан эле. Андан кийин ал партиялардан сунуш түшүп жатканын айтып,  депутаттыкка аттанаарын маалымдаган. Бул тууралуу ырчынын өзү менен маек курдук. - Саламатсызбы, алгач чыгармачылыгыңыз тууралуу айтып берсеңиз? - Саламатсыздарбы, чыгармачылыгым өз учуру менен жылып жатат.  Мурун кандай иштесем, азыр деле ошондой эле.  Жакшы көргөн ырларды жаздырып иштеп жаткан мезгилим.  ...

0 246

Маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

04-ноябрь 2019, 14:33 Айдар Нуралиев

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Д.А.Жумабековдун, Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри А.С.Өмүрбекованын жана жалпы маданият кызматкерлеринин катышуусу менен өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.  Маалыматка караганда, майрамдык салтанатта  Кыргыз Республикасынын перезидентинин, Жогорку Кеңешинин жана өкмөттүн сыйлыктары маданият тармагында көп жылдан бери өзүрлүү эмгектенип келе жаткан ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 518

Ерке Есмахан менен Кайрат Нуртас ким кыйын деп талашууда

04-ноябрь 2019, 13:36 Айдар Нуралиев

Казакстандын ажарлуу эстрада ырчысы Ерке Есмахан  менен Кайрат Нуртастын апасы жана   продюсери Гүлзира Айдарбекованын ортосунда нааразычылыктар болгонун казак басылмалары жазып чыгышты. Маалыматка караганда, Ерке Есмахандын "Кайда?" аттуу ыры YouTube каналында 100 миллиондон ашуун каралган. Еркенин ыры баласыныкынан көп кароо болгонуна ичи ачышканбы же башка себеби барбы, айтоор, Кайраттын апасы Гүлзира Айдарбекова жергиликтүү журналистке мындай болушуна ишенбестигин айтып алган. Ал: ...

0 1017

"Чыпалак баатыр": “Гулнур Сатылганованы жакшы көрүп калдым” 

Видео 04-ноябрь 2019, 14:51 Айдар Нуралиев

“Мен мындан ары Гулнур Сатылганова ырчы эжеми өтө сыйлап калдым. Ага башымды ийип таазим кыламын. Ал өнөрдү терең түшүнгөн, ар бир нерсени өз убагында так, туура сезип, баалай билген айым экен. Жүрөгү кыргыз деп соккон баатыр эжемди бир күнү үйгө чайга чакырып сыйлаймын”, -деген пикирин билдирди NazarNews.kg маалымат агенттигине жакында эле өзүн “Күчмен” деп атаган “Чыпалак баатыр” каймана аттуу ...

0 159

Кош бойлуу жылдыздар өздөрүнө кантип кам көрүшөт?

03-ноябрь 2019, 12:34 Айдар Нуралиев

Кош бойлуулук – аялдын жашоосундагы эң бир жагымдуу учур. Ошол эле учурда жоопкерчилик да эки эсе күчөйт. Анткени айым мурункудай жалгыз эле өзүнө эмес, курсагындагы түйүлдүккө да кошо кам көрүүсү керек болот. Биздин учурдагы кош бойлуу жылдыздар кантип өздөрүнө кам көрүп жатышты болду экен? Асема Токтобекова, ырчы, актриса: “Эртең мененки көнүгүү бир күндүк энергия тартуулайт“ - Азыр ай-күнүм жакындап, ...

0 692

“Келинчегим, сага ыраазымын!”  Ырчы Ильяз Андаш экинчи ирет ата болду

02-ноябрь 2019, 15:26 Айдар Нуралиев

Кыргыздын эстрады ырчысы Ильяз Андаш бүгүн, 2-ноябрда уулдуу болду. Бул тууралуу ырчы өзүнүн Инстаграмм баракчасына жазып чыкты. “Сүйүнчү жакындарым, досторум, эл журтум!!! Жаратканымдын каалоосу менен уулдуу болдук! Кудайыма шүгүр!!! Кубанычым койнума батпай турган чагым!!! Келинчегим сага ыраазымын!  Мени кыздын жана уулдун атасы кылдың!!! Ата, Апа, Папа, Мама сиздер бар биз бактылуубуз!,-деп ырчы күйөрмандары жана интернет колдонуучулары менен жакшы жаңылыгы ...

0 627

Фарида Карбосова: Бүгүн ырдап чыгып эле , эртең "Эл артисти" намын алса таң калбайм

02-ноябрь 2019, 14:16 Айдар Нуралиев

- Наам алууга такыр аракет кылып көргөн эмесмин. "Маданияттын мыкты кызматкери" деген гана наамды алгам. Башка наамдарга чуркап да, кызыгып да көрбөптүрмүн. Наам адамга стимул болушу мүмкүн, бирок сенин чыгармачылыгыңдын чени эмес деп ойлойм. Бааны эл берет. Мага элдин сыйы менен колдоосунан өткөн наам да, баа да жок. Ал эми наамдардын берилиши боюнча айтсам, азыр эч нерсеге таң калбай турган ...

0 602

Айгерим Саматова: "Шоу чөйрөдө ордуңду табыш үчүн көп акча керек"

02-ноябрь 2019, 14:11 Айдар Нуралиев

Азыр интернетти ачсаң, социалдык тармактар аркылуу тараган вайндардан башың адашат. Вайн - кыскача тартылган күлкүлүү окуялар, тасмалар. Кыргыз жаштарынын изденип жатканын, улам жаңы идеяларды таап, жаңычылдык менен вайн, скетчтерди тартып жатканы кубандырбай койбойт. Дал ушул кыскача күлкүлүү тасмалар аркылуу калкка таанылган жаш актрисалардын бири Айгерим Саматова. Айгерим студент кезинде эле атактуулукка жеткен актрисалардын бири. Ийгилик ага кантип жылмайган жана ...

0 483

Данияр Эрматов: "...колдоо күтпөйбүз, эч нерсе да сурабайбыз"

02-ноябрь 2019, 14:00 Айдар Нуралиев

- Биз жеке ырчылар мамлекеттен эч кандай колдоо күтпөйбүз, эч нерсе да сурабайбыз. Сыйлык берсе алып коебуз. Себеби, биз мамлекеттик мекемелерде иштебейбиз, жеке ырчыбыз да. Ошол себептен эч кандай деле нааразычылыгыбыз деле жок. Болгону биздин өлкөдө заман талабына ылайык концерт кое турган бир имарат керек болуп турат. Бул пикирди көп эле кесиптештерим айтып калышат. Ооба, бизде Спорт ордосу бар, ...

0 236

Бүгүн, 2-ноябрь - маданият кызматкерлеринин күнү!

02-ноябрь 2019, 13:51 Аман Аскаров

Кыргызстанда бүгүн, 2-ноябрь - маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Бул күн 1995-жылдан бери белгиленип келет. Дата 1926-жылы 2-ноябрда биринчи жолу кыргыз тарыхында драматург Молдогазы Токобаевдин «Кайгылуу Какей» пьесасынын коюлушуна байланыштуу тандалып алынган. Кыргызстан эгемендик алган алгачкы жылдары маданият тармагы өтө кыйын абалга кептелип, соңку жылдары оңоло баштаганы айтылат. Мамлекеттик маданий мекемелерде иштегендер өлкөдө эң аз айлык алган кызматкерлердин катарында. NazarNews.kg ...

0 305

Бишкекте 2-ноябрь күнү “Маданият кызматкерлеринин күнү” белгиленет

01-ноябрь 2019, 10:52 Айдар Нуралиев

Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында 2-ноябрь күнү маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата “Жаңы ысымдар” аталышында гала-концерт  өтөт. Майрамдын алкагында, Кыргыз Республикасынын маданият жана искусство тармагынын өнүгүп өсүшүнө зор салым кошкон Кыргыз эл артисттери кызыл килем аркылуу өтүп, маданият министрлигине караган мекемелерден жана окуу жайлардан мыкты деп тандалган чыгармалар  жаңырат. Ошондой эле, филармониянын фойесинде жаңы чыгып келе ...

0 1894

Асема Токтобекова: "Ичим чоңоюп, өзүм шишип калдым"

29-октябрь 2019, 17:37 Айдар Нуралиев

Ырчы, актриса Асема Токтобекова "Леди KG" гезитине кош бойлуулугу кандай өтүп жатканын айтып, кош бойлуу айымдарга кеңештери менен бөлүштү.  - Азыр ай-күнүм жакындап, ичим чоңоюп, өзүм шишип калдым. Кош бойлуу кезде көнүгүү - айым өзүн сергек алып жүргөнгө, төрөттүн жеңил өтүшүнө абдан жардам берет. Интернет булактарынан кош бойлууларга арналган көнүгүүлөрдү карап алып, аны күнүгө эртең менен жарым сааттан жасап турам. Кош ...

0 234

3D ВИДЕО – Бишкектин келечектеги заманбап парктары

Видео 29-октябрь 2019, 14:26 Алтын Булат

Бассейн, спорттук жана балдар ойноочу атайын аянтчалар, автоунаа токтотуучу жайлар, сейил бактар, баардыгы тартипке салынган, баардыгы таза. Бул Бишкектин келечектеги “Түштүк” жана “Ден-соолук” аталышындагы эс алуучу жайлары. Албетте, азырынча бул шаардык архитекторлордун элестетүүсү, кыялдануусунан жаралган 3D план. Аны шаардын башкы архитектору Асхат Тулебердиев муниципалитеттин бүгүнкү, 29-октябрдагы жыйынында көрсөттү. Алдыда парктарды куруу ишиндеги сметаларды кайрадан карап чыгып, куруу чыгымын оптималдаштыруу ...

0 250

Егор Криддин ырлары өспүрүмдөргө зыян келтирет

26-октябрь 2019, 14:13 Айдар Нуралиев

Орусиянын байланыш, маалыматтык технология жана массалык коммуникациялар боюнча федералдык көзөмөлдөө кызматы Егор Криддин чыгармачылыгына карата чыгарылган экспертизанын жыйынтыгын жарыялады. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыгышты. Маалыматка караганда, экспертизанын авторлору ырчынын чыгармачылыгы өспүрүмдөрдүн психикасына, башкача айтканда калыптанышына терс таасирин тийгизип жатканын айтып, анын чыгармачылыгына чектөө коюу сунушун киргизишкен.  Коюлган чектөө боюнча Егордун ырларын 18 жаштан улуу адамдар гана уга ...

0 420

ВИДЕО - Ырчы Урмат Усенов саясатка олуттуу киришти

Видео 25-октябрь 2019, 17:41 Алтын Булат

Маданият кызматкерлеринин ичинен 2020-жылы парламентке депутат болуп келүүчүлөрдүн катарын ырчы Урмат Усенов да толуктады. Мындай билдирүүнү ал өзү “Санжыра” радиосунда маек берип жатып айтты. Айырмасы, башкаларга окшоп “мүмкүн” деген сөздү колдонгон жок. Тескерисинче, депутат болоруна бекем ишенет. - Өзүңдүн көкүрөгүңдүн ичиндеги ишеним 100 пайыз болбосо, башкалардын ичиндеги ишенимди ойготууга болбой турганын жакшы түшүнүүбүз керек. Анысы кандай, мендеги ишеним толук ...

0 3475

Самара Каримова: " Гимн ырдалганда 6 миңден ашык адам ордунан туруп ыйлап жатышты...”

25-октябрь 2019, 10:32 Айдар Нуралиев

Кыргыз ырчыларынан эң алгачкы болуп Кремлде  жеке концерт берген Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримованын 23-октябрда Москва шаарындагы Кремль сарайында өткөргөн жеке концерти жогорку деңгээлде аншлаг менен ийгиликтүү өттү. Концерт  тууралуу ырчы менен маек курдук.  - Саламатсызбы! Кремлде дүңгүрөтүп жеке концерт койдуңуз? Концерт  кандай өттү? - Саламатсыздарбы, "Nazarnews" маалымат агентигинин жалпы жамааты! Концерттен кийин акыбыл сурап, жакшы маалымат ...

0 2600

ВИДЕО - Айпери Кубик кызы: “Попамды” акырын кармап көрдү”

Видео 25-октябрь 2019, 12:28 Айдар Нуралиев

Ырчы Айпери Кубик кызы өзүнүн келбети боюнча социалдык тармагына жазып чыкты. Төмөндө өзү жөнүндө жазган пикири толугу менен: Кандайсыздар? Буга чейинки видеодо менин "попама" асылгандар көп болуптур. Негизи мен бирөөгө бирдеке далилдегенди анча жактыра бербейм. Унчукпай коеюн десем, таза жалаа жапкандар көп экен. Жасалма кийип алган, билинип турат дегендер. Эми силерге кантип далилдешти деле билбей ...

0 477

Аваз Акимов турмушка чыкты беле?

24-октябрь 2019, 16:45 Айдар Нуралиев

Кээ бир газеталардын негизги темасы эле ырчы. Биз аларга болгубуз келбейт сынчы. Жылдызмын дегендердин баш кошуп дүнгүрөтө той өткөргөндөрүн кызыгып окуйбуз. Арадан көп өтпөй аларды ажырашып кетти деп угуп чочуйбуз. Ал эми жакында эле таланттуу ырчылар Аваз Акимов менен Айдана Деканын баш кошкону маалым. Ылайым, экөө түбөлүккө жыттап жүрө беришсин сүйүү балын! Бирок, биздин айтайын дегенибиз башка, Эркектин турмушка чыкканын укпаптырбыз ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 4469

ВИДЕО - Самара Каримованын концертинде кыргыздар «эрежени» бузду

Видео 24-октябрь 2019, 14:00 Айдар Нуралиев

Кечээ, 23-октябрдын кечи Москвада Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримованын концерти мыкты деңгээлде болуп өттү. Аталган концерт Кремль сарайында болуп, көрүүчүлөр сахнага толгон. Учурда аталган концерт социалдык тармактарда каттуу талкуу жаратып, Самара Каримовага ыраазычылыгын билдирүүдө. Концертте кыргыз көрүүчүлөр тарабынан эрежени бузгандар да болду. Эске сала кетсек, Ибрагим Жунусовдун калемине таандык «Эламан» деген ...

0 1760

Чолпон Абыкеев, жазуучу: “Кыргыз ырлары Кремлде жаңырып тургандын эмнеси жаман?”

24-октябрь 2019, 12:55 Бакыт Молдалиев

Кечээ, 23-октябрда Москванын Кремль сарайында кыргыз ырчысы Самара Каримованын концерти өтүп, бүгүн интернет айдыңында ал концерттин өтүшү тууралуу эки тараптуу пикирлерди жараткан талкуу башталды. Ошентсе да албетте, оң пикирлер басымдуу. Алардын бири, жазуучу Чолпонбек Абыкеев Самарага ийгилик каалап, чыгармачылык жолдун татаал, азабы арбын болоорун, ага чыдаган гана инсан көздөгөн максатына жете алаарын кеңеш катары айткан пикирин жазды. “Самара кызыбыздын Кремлде ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83